Latin

Куттуу билим - 13

Total number of words is 4203
Total number of unique words is 2146
30.1 of words are in the 2000 most common words
44.3 of words are in the 5000 most common words
51.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
6. АДАМ БАЛАСЫНЫН ЭҢ ЖАКШЫ САПАТТАРЫ - БИЛИМИ МЕНЕН
АКЫЛЫНДА ЭКИНДИГИ БАЯНДАЛАТ
Адамзатты жаратты жандан артык,
Акыл, билим, өнөрдү берди калпып.
Ак пейил тилди, ойду кошо берди,
Жаркын жүз, жакшынакай келбет, өңдү.
Билим берди — адамзат улуу болду,
Окуу менен көп ачты сырдуу жолду.
Кудайым акыл, билим кимге берсе,
Ак жолун ачып тураар миң-сан эсе.
Билим бийик түгөнбөс окуу — улук,
Адамда ушул эки артыкчылык.
Бул сөздүн тактыгына өтөм күбө,
Акылдан каалашыңча алгын, үрө.
Окугандар акылдуу, улук болоор,
Билимдүүгө түгөнбөс байлык коноор.
Окуу — билим, акылдуу — акыл курап,
Билимдүү ойдогусун кабыл кылат.
Билимдин маанисин бил, айтканын ук,
Акыл ал, ар балээден кутулуп чык.
Түркөйгө оору, кырсык жакын болот,
Дарылан — ансыз өлүм алат тороп.
Түркөйүм, тилге кирип дарылангын,
Ойгонгун, колго тийер бактыңды алгын.
Билим тизгин — сүрөгөн алга карай,
Адымда максат-тилек ойду самай.
Окуган жан өзү көрөөр жемишин,
Тоскоолдук жок акыл-эстүү эр үчүн!
Билим менен эмгек ишти бүткөрөт,
Билим бекти муратына жеткирет.
7. ТИЛДИН АСЫЛ САПАТТАРЫ ЖАНА ПАЙДА-ЗЫЯНЫ ТУУРАСЫНДА
БАЯНДАЛАТ
Илим менен билимге көпүрө — тил,
Көкөлөткөн адамды тили деп бил.
Тил адамды бакытка бөлөп салат,
Тил адамды шорлотот, башын алат.
Тил арыстан босогоңдо комдонгон,
Бошоп кетсе — өзүңдү да жеп койгон.
Эсиңе түй — тили заардын айтканын,
Болсун сенин сабырдуулук адатың;
«Заар тилим салды далай азапка!
Тилди кесем, башты сактоо максатта.
Сөздү карма, башың кесип салбасын,
Тилди карма, тишиң сынып калбасын!»
Кудай сага сүйлөөрүңө берди тил —
Башың коргоп, сөздөрүңдү тескей бил!
Тагдыр катаал болбойт десең өзүңө.
Тилиң тиштеп, сак болгунуң сөзүңө.
Орундуу сөз акыл-эстен от алат,
Орунсуз сөз ийиниңден баш алат.
Маңыз сөздүн көрө албадым пайдасын,
Көп сүйлөсөң чалынасың сен бачым.
Көп сүйлөбө, а көрөкчө так сүйлө,
Түмөн сөздүн — оң мааниси бир сөздө.
Бийлик, атак адамдарга тил берет,
А ашык сөз — уят кылат, өлтүрөт.
Көп сүйлөсөң «Кур бабырак»-деп коет,
Унчукпасаң «дудук» деген ат конот.
Сен анда так ортосун бекем туткун,
Түбү бир — каармандык, токтоолуктун.
Тил такта башың аман болору чын,
Сөздөрүң накыл болсо — өмүр узун,
Чыгаша, киреше да тилден делет,
Андыктан тилди мактап, тилди сөгөт.
Дайыма сөздү ойлоп айтуу керек,
Жакшы сөз сокур үчүн көздөй делет.
Билбегенди сокур дешет, ал ырас,
Түркөйлөрүм билим алып, көзүңдү ач!
Өмүр кыска, туулган соң өлмөк бар,
Жакшы сөздөр түбөлүктүү, өлбөйт ал.
Азаматты эки сапат багыттайт:
Чындык сөзү, ак эмгеги карытпайт.
Адам өлсө, сөзү калат артында,
Жакшы атагы жашай берет калкында.
Түбөлүккө өлбөйм десең сен эгер,
Ачык сүйлөп, ак ишиңди улай бер.
Сөздүн баарын кармап калуу эң кыйын,
Керектүүсүн эске тутуп, так урун.
Эр уулума акыл айттым эң кымбат,
Маанисине жетсе болду ал тыңдап.
Сөздөрүмдү созуп айттым, о уулум,
Кеңешимди кабыл алгын, кулунум!
Билим ал менден калар — алтын, күмүш,
Аларды сөзгө болбойт теңештириш.
Күмүштү ишке салсаң бүтүп калат,
Сөзүмдү ишке салсаң күмүш табат.
Адамга сөз калтыруу болгон адат,
Ал андан миң мертебе пайда алат.
Бүркөбө кабагыңды билерманым,
Кечиргин, таппай айтсам сөздүн дайнын!
8. КИТЕП ЭЭСИ КЕЧИРИМ СУРАЙТ
О акылман, сөз асылы кармаганым,
Анымды урпактарга арнагамын.
Байкагын, сөз айтарда ойлоп сүйлө,
Кордукту орой сөздөн тартып жүрбө.
Ашык сөзүң — атак-даңкты пас кылат,
Көрө албастык өз башыңды жеп тынат.
Байкап көрсөм, менин жүгүм жеңилдей,
Менде — милдет — сөзүм чууруп төгүлмөй.
Неге десең, сага айтаарым мына бул,
Айтам сөздү, чындык кепке топук кыл.
Күнөкөр деп айтышат «адам-затты»,
Күнөөлүү «адам» өзү жана «заты».
Жаңылбас адам барбы, айтчы мага,
Жаңылган миң-сан жанды айтам сага.
Билимдүү — аз, эң арбын — билимсиздер,
Акмактар көп, эң эле аз илимдүүлөр.
Акмактар акылдууга душман келет,
Акмактар акылдууну бузуп жүрөт.
Адамдарда айрыма көп билинген,
Эң башкысы — илим менен билимден.
Сөзүмдү айтып билимдүүгө кайрылам,
Сөздү билбес акмактарды не кылам.
Акылсызга айтар сөздү таппаймын,
О, акылман, кызматыңа мен дайын.
Сага гана арнап сөздүн үзүрүн,
Ыйбаа кылып, сурап турам кечирим.
Жок эмес кээде сөздөн ката кетет,
Түшүнгөн — алат аны оңдоп-түзөп!
Сөз деген — төөгө окшош буйлаланган,
Жетелесең моюнун толгоп турган.
Адам көп сөздү тактап сүйлөй билген,
Мыктысын көкүрөккө таасын илген.
Баарысын бул жашоодо билим табар,
«Илим-көккө чыгарат» -деген сөз бар.
Сөзүңдү акыл менен ченеп билгин,
Илимдүү адамдарды сыйлап жүргүн.
Сөз бизге кудай буйруп көктөн түшкөн,
Адамдын артыктыгы ушул сөздөн.
Киши көөнү түпсүз деңиз ашынган,
Билим — бермет эң түбүнө катылган.
Колу жетип ала албастар берметти,
Бермет, таштын айрымасын билмекпи?!
Алтын гана жер түбүнөн алынган,
Өкүмдардын тажысына тагылган.
Акылдуу эр айтар сөзүн билбесе,
Андай акыл болот жайсыз таш десе!
Укмуштардын эң укмушу — билим, ой,
Аны ээрчисең көккө учасың токтобой:
Эске түй өкүмдардын айткан кебин,
Билимдүү, илимдүү да билсең жөнүн:
«Өкүмдарлык акылдуунун энчиси,
Элин — баатыр, ойчул кылат ал киши.
Башкаргандар билимдүү да акылман,
Жалпы журтту жолго салат жакшы заң!»
Мына ошондон биздин ата-бабалар,
Жакшы заңды жандооч кылып келди алар.
Ал мыйзам мурун дагы, кийин дагы,
Даража илимдүүнүн энчи, багы.
Илим менен кырсык, кемтик түзөлөт,
Билим менен — эл кыйыры бүтөлөт.
Бул экөөнөн эч бир майнап чыкпаса,
Кылыч карма, жол жок андан башкача.
Мыкты өкүмдар акыл менен башкарат,
Тартипсизге — кылыч мизи жол салат.
Эгер болсо өкүмдарың кеменгер,
Акыл менен эл башкарат андай эр.
Ага ушул эки сапат баш ийсе,
Ал өкүмдар — бардык жерге, бүт элге.
Эки дүйнө калам деген азамат,
Ак иш менен өзүнө жол ача алат.
Сен өзүңө курам десең жыргал күн,
Сөздү коюп, эмгектенгин күнү-түн.
Баары өтөт, түбөлүктүү — жакшы атак,
Жакшы адамдын ишин айтып макташат.
Сен да өтөсүң, калтыр жакшы атыңды,
Атың калса, сактаганың даңкыңды.
9. ЖАКШЫ ИШТЕРДИН СОНУН САПАТТАРЫ ЖАНА ПАЙДАСЫ ТУУРАСЫНДА
АЙТЫЛАТ
Эл үстүнөн бийлик кылчу кишинин,
Тагы жакшы сөзү менен ишинин.
Жаштык өтөт, өмүр бүтөт элирген,
Бу дүйнө — түш, сен да өтөсүң өмүрдөн.
Өмүрүңдү Ата-журтка арнасаң,
Жыргап-куунап кор болбойсуң эч качан.
Эстүүлөрдүн айткандарын билгин сен,
«Эч ким качып кутула албайт өлүмдөн».
Бул дүйнөгө далай эрлер келишкен,
Жашап, өнүп, кез келгенде өлүшкөн.
Бек болсоң да, кул болсоң да,— бүт баары,
Өлөт бир күн, артта калат аттары,
Эми келди сенин дагы кезегиң,
Моюн сунуп, жакшы ишиңди өтөгүн.
Тирүү өлөт кара жерди төшөнүп,
Аты жашайт, калса дагы өзү өлүп.
Өлгөнүңдө эки собол сураган,
«Жакшы беле», «Жаман беле»— бул адам?
Жакшыны алкап, жамандарды каргашат,
Кайсынысы сага ылайык — өзүң айт?
Жакшы болсоң — мактап, ыйлап узатат,
Жаман болсоң — энчиң каргыш, жаман ат.
Байка, Заххак 1 , алды неге каргышты,
А Фаридун 2 кантип алды алкышты?
Бири эле ардактуу жан — алкыш алды,
Бирөөсү жаман эле — каргыш алды.
Карам көр: асыл менен жаман атты,
Тандап ал: алкышпы, же каргыш жакшы?
Тандагын бул экөөнүн жаккан бирин,
' З а х х а к — Ирандагы легендарлуу өкүмдар, ал өтө каардуу, жеткен мерез болгон.
Ф а р у д и н — Заххакты тактан кулатып, элге жеңилдик берген.
Артынан аттиң ай деп өкүнбөгүн.
Угуп алгын сынчы адам айткан макал,
Сынчынын айта турган акысы бар:
«Жакшы адам тирүүсүндө алкыш алат,
Жамандар — өлсө дагы каргыш табат!»
Зулумдуктун залалын жакшы билем,
Өлгөндөн соң — күчү өлөт өзү менен!
Айрымдар качанкы осол иши менен,
Өмүр бою азап жейт, көрүп жүрөм!
Жамандык — өрт сыяктуу тутанган соң,
Туш келгенин калтырбай мойсоп койгон.
Байкачы, бизден мурун өткөндөрдү,
Жөн адам же болбосо баатыр, эрби? —
Кимиси кызмат кылса акыл менен,
Өлкөсүнө, элине барктуу экен.
Акылман өкүмдарлар — баары баштан,
Элине жакшы мыйзам тартуулашкан.
Азыр деле элдин камын жегендер,
Жакшы ат алып — эл башкарчу эрендер.
Элин сүйүп, жакын болсо билимге,
Жакшыларды жакын кылар түбүндө.
Бардык ишин шашпай иштеп ойлонуп,
Эл башкарат илим, билим колдонуп.
Баарын колдоп, кедейлерге көз салат,
Оңго жолдоп, заңдан чыкпоо анда адат.
Жакшы адамдар иши менен даңк алат,
Даңктуу өлсө — артында ызат, сый калат.
Өлөм го деп, бирок иштен качнаган,
Урпактарга аты калар жакшы адам.
Окугандар унутушпайт жазганды,
Сурагандар жакшы жолго — баштанды.
Артык жок го бу дүйнөдө илимден,
Түркөй адам — чыкпайт жеме, сөгүүдөн.
Укчу сөзүн көзү ачык адамдын,
Көптү көргөн, көп жашаган абаңдын:
Төрдөн орун тийген болсо нааданга,
Улагада калганыңа арданба.
А акылман улагада калса эгер,
Анда ал жер — ардактуу деп биле бер.
Акылына жараша да сый-урмат,
Ага төр да, улага да жарашат!»
Эки түрлүү адам баалуу башынан:
Бири — бек да, бири — акылман деп угам,
Башкасы көптүн бири, жылкы саны,
Карап көр же мунусун, же бир аны.
Айтчы, сен — кимисисиң бул экинин:
Бири бол, тандабагын үчүнчүсүн.
Кылыч менен элди жөнгө саласың,
Калем менен жарык жолду табасың.
Бабалардан калган бизге жакшы адат,
Ал мурастан эл-журт өсүп, куралат.
Өлгөндөрдөн тирүүлөргө сөз калат,
Аны уккан чексиз пайда, сый табат.
Наадан көрбөйт, сокур анда көкүрөк,
Ач көзүңдү, билимге умтул тезирээк.
Киши көркү сөз дешет, сөздү баала,
Адам сөзүн даңктаймын тилим барда.
Түрктөрдө бир макал бар ушул өңдүү,
Айтууга мына ошону кезек келди:
«Кеп көркү — тил, ойдун көркү — сөз болот,
Кишиде — жүз, жүздүн көркү — көз болот!»
Адам ою айтылат го сөз менен,
Сөзү жакшы — сүймөнчүктүү жүзгө тең.
Түрк бектерде даңктуулары көп болгон,
Кадыр, баркы артык болгон көптөрдөн.
Арасында Алп Тонгадай баатыр бар 1,
Бардык жерге анын даңкы таанымал.
Улуу болчу, баатыр болчу-даңкы ашкан,
Акылга бай, ак жол, айкөл, даанышман.
Канча күчтүү, өкүм, айкөл баатырды,
Жалган дүйнө үнсүз моло таш кылды!
Аны тажик Афрасиаб 2 аташат,
Ал өз элин алга баштап, жол салат.
Акыл менен баатырдыгы айкашып,
Баш ийдирди нечен өлкө, эл басып.
Тажиктерде ал китепке жазылган,
А болбосо билет элек биз кайдан?
Баатыр эрден калган экен жакшы кеп:
«Чийме түйүн — чечкиндүүлөр чечет»-деп.
Өкүмдарга дайым керек миң айла,
Куланды алат күчтүү арстан кумайда.
Өкүмдарга миң сан эрдик, күч керек,
Анда өкүмдар элге бейпил, кут берет.
Душманына өткүр болсун кылычы,
Тууган элин сактап турар эр ушу.
10. ОКУУ МЕНЕН БИЛИМДИН ПАЙДАСЫ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ БАЯНДАЛАТ
Айткым келди, о акылман, сөз жайын,Окуу, билим пайдасынан баштайын.
Окуу — түндө, алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.
Окуу, билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.
Сокур дешет билимсизди — жөн дебе,
Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.
Заң бар жерде, элде бейпил жашоо бар,
Байыркы түрк элинин эпикалык баатыры.
Афрасиаб— Фирдоусинин Шах Намесинде бардык түрк элдеринин өкүмдары делинет.
Анын аты кылымдарга даңкталар.
«Билим менен-деп айтыптыр акылман,—
Күнөкөр да тозокто оттон кутулган!»
Мыйзам жүрүп, эл байыды абыдан,
Жакшы ат алыи, доорон сүрдү ал улам.
Ана бөбөк жашы толук жете элек,
Окуш үчүн кантип калам көтөрөт.
Болсо эгер, ал билимдүү — кары чал,
Унут болоор алган билим, дени шал.
Кеңкелести ким эсепке алуучу,
Өлүм болот аңдайлардын дарысы.
Сен сурасаң түркөй кандай жандар деп,
Айтаар элем: оозго алып не керек?
Билимдүүнүн иши дагы салмактуу,
А түркөйлөр — майда, жеңил, камгак бу.
Бул тууралуу эл ичинде деп коет:
«Ойсуз наадан — намыздан да кур болот».
Байкап көрсөң калети жок бул сөз ак,
Илим-билим алган адам акыйкат.
Кимде ким окуй билсе, олжо табар,
Кимде ким билим алса — бек аталаар.
Акылы бар адамдар асыл делет,
Билим күчү бектерге өтө керек.
Адамдар ар нерсеге жетиш үчүн,
Жумшаган колдун күчүн, илим күчүн.
Акылдуу, илимдүүлөр асыл жандар,
Билим менен бек күчү ишке ашар.
Жеткирди миң-миңдеген ачылышка,
Сага даңк илим күчү — урмат сага!
Өнөргө ээ болосуң окуу менен,
Аз болсо да, билимде пайда кенен.
Төрт нерсе бар көлөмү аз, күчү көп,
Даанышмандар алданба дейт,— азго деп.
Алардын бири — жалын, бири — душман,
Үчүнчүсү — көр тирлик сени туткан.
Мындан башка дагы бири, ал — билим,
Алалаба бул төртөөнүн эч бирин.
Буларда эки жактуу натыйжа бар:
Белгисиз — жакшылык же кайгыбы алар.
Даңк, байлыкка жеткирет илим деген,
А билим байлык каткан казнага тең,
Билимдин жыпар менен мааниси окшош,
Экөөнү өзгөлөрдөн катып болбос.
Жыпарды канча катсаң жыты чыгат,
Билимди айткан сөзүң дайын кылат.

Билим — байлык, четин эмес кыпынын,
Эң айлакер ууру алалбайт, мунум чын,
Акыл, билим окшош болот кишенге,
Түшсөң эгер чыгамын деп ишенбе.
Жанга жакын күлүк атты минерде,
Жатка бербей кармап турат чидерде.
Тушоолуу ат алыс кетпейт жаныңда,
Ээсин күтөт, эркин өтөйт маалында.
Билим болсо — жан кыйышпас дос саган,
Илим болсо — кесиптешиң, кошунаң.
Илим, билим — түркөй жанга алыс, жат,
Соо жүрсө да эки кырсык жабышат!
Бул тууралуу түрк элинде макал бар,
Аны угуп, көкүрөккө түйүп ал:
«Илимдүүгө окуу жолдош, бир тууган,
Түркөй айдайт кулагынын сыртынан.
Билимдүүгө окуу — кийим, аш болот,
Билимсиздер — ушак менен дос болот!».
О, билимдүү! Ачууңа сен жеңдирбе!
О, акылдуу! Сыймыгыңды бүлдүрбө!
Каар менен, ачуу менен иш кылба,
Майнабы жок, өкүнүч ал — миң жылга.
Ачуулуу жан кийин кейийт, кыйналат,
Кызуу кандуу — дайым калат кур жалак.
Бекке керек ашып-ташкан күч кайрат,
Туруу керек Күндөй, Айдай нур жайнап.
Ага керек боорукердик, токтоолук,
Жана билим, илим керек төп болуп.
Окуу болсо — билим үчүн жол салат,
Билим болсо — иштин көзүн ал табат.
Жакшыны алып, жараксызды көрө алаар,
Керектүүнү керексизден бөлө алаар.
Бардык ишке зирек болгун барыктап,
Ала билгин керегиңди аныктап.
Мына ошондо иш оңолот карагын,
Билимдүүлөр чийки жебейт тамагын,
Андай адам каалаганын аткарат,
Эки дүйнө өзүнө кең жол салат.
Кек менен өч — эркек үчүн кемчилик,
Экөө жеңсе — качат сенден теңчилик.
Акылмандын айтканына акыл кош,
Аткар аны абийирдүү жан кур болбос:
Ачуу жеңсе, акыл качат өзүңдөн,
Ачуулуу жан акылы кем көргө тең,
Ачуу — душман, акыл — дос да адамга,
Ачуулансаң орой, осол сен анда!»
Сөздөрүн билермандыи унутпагын,
Жакшы сөз — жанжыргалы болот дайым:
«Адамдын адаштырар көп душманы,
Аларга жакындаса буэат аны.
Бир душман — тили болот, айтаар ушак,
Да бири — кур убада тарткан тузак.
Үчүнчү — ичимдикке берилгендик,
Белгилүү анын арты: тирүү өлүк.
Өжөрдүк — ушул дагы жаман адат,
Өжөрдөн сыймык менен урмат качат.
Дагы бир жаман сапат — оройдугуң,
Бүтүндөй жүргөн жери — чатак мунун.
Да бири — заар сөзүң — көңүл калат,
Жаныңдан адамдарды кууп салат.
Болсо эгер пендесинде мунун баары:
Анда анын өмүр бою куураганы!
Андайга тагдыр берер жаза катаал,
Бузуктан адам четтеп, алыс качаар!»
Ук муну, оң жолго сал эстүү киши,
Адамды сыйга бөлөйт жакшы иши.
Угуп ал жакшы адамдын айткандарын,
Ал билет адам көйүн, адам жанын:
«Жакшы адам жылдар өтсө карып койбойт,
Мактоо менен жаманды түзөп болбойт.
Жамандар — өкүнүчтө калат карып,
Жакшынын өмүрү узун: ою жарык!
Жакшынын ой-тилегин кудай берет,
Кайгы-муң жамандарды коштоп жүрөт!»
11.БУЛ КИТЕПТИН АТЫНЫН БЕРИЛИШИ ЖАНА КАРЫЛЫК ТУУРАСЫНДА
БАЯНДАЛАТ
Китеп атын «Куттуу билим» деп койдум,
Кутун алсын окуган — терең ойдун.
Китепке өз оюмду жазуу менен,
Эки дүйнө кыябын айтсам дегем.
Эки дүйнө кур болбосун бакыттан,
Бул сөздөрдүн сырын чечип окушкан.
Эң алгач Күнтуудуну мактап жаздым,
Сөздөрүм адилеттин жолун ачсын.
Андан соң Айтолдуну даңктап жаздым,
Ырлардан Дөөлөт жарык нурун чачсын.
Күнтууду — Адилеттин улуу заңы,
Айтолду — Дөөлөт атап койдум аны.
Артынан Акдилмишти баян кылдым,
Барынан акыл-ою артык анын.
Акыры Өткүрмүшкө кезек жетти,
Ал өзү Каниет делет, албас көптү.
Төрт касиет туурасында баяным,
Оку, түшүн маанисине сен анын.
Эй жигит, көкүрөгүн үмүт тепкен,
Ук мени көңүл менен, ак дил менен!
Терс кетпей адилеттин жолун жолдо,
Жаштыкты кор тутпагын турса колдо.
Жаштык өтөт көз ирмемде — баалай бил,
Кармасаң да өмүр бүтөт — билип жүр.
Жаштыгыңды болбос ишке коротпо,
Тобоо кылып, жаман ойду жолотпо.
Кайда жаштык! Кээде катуу өкүнөм,
Пайдасы эмне, сөздү бүттүм эми мен.
Кимдин жашы кырктан өтсө болжолу,
Жаштык менен кош айтышып койгону.
Карып калдым, элүүдө менин жашым,
Кап-кара кузгун эле, аккуу башым...
Алтымыш «кел бери* деп үндөп турат,
Барармын жыгылбасам жолдон сулап!
А кийин, алтымыштан ашкан адам,
Жай өтүп, суук кышка кирет анан.
Отузда чогултканың — элүүдө жок,
Алтымышта не калып, эмне болот!
Элүү жташым — сага барбы жазганым?
Кай күнөөмө кырсык айдап баштадың?
Жаш кезимде баары кубанч, күлкү эле,
Эми ичкеним — уудай ачуу бир неме!
Ийилбес жебе элем, жаадай болдум,
Жүрөгүм учкан жебе, толбойт ордум.
Жаш кетти карылыкка берип кезек,
Бул үлүш менден өтүп, сага жетет.
Жардам бер акыйкатчым, көңүл ^ушман —
Карыдым, жылдар мага болду душман!
Чидерсиз түз басалбай чалыштаймын,
Байкушмун, көз начарлап көрбөй калдым.
Күлкү жок, көкүрөктөн жалын өчтү,
Чакырба, күтпө эми — жаштык өттү.
Көзүңдү ач, эй кексе чал, өлүмүң ак,
Жоктогун өткөнүңдү ыйлап, муңдап...
Көп күнүн өмүрүңдүн өзүң жедиң,
Өлгөнчө көп жалынып, кечир дегин.
Жараткан түбөлүктүү, муң билбеген,
Тирүүгө — өлүм буйруп койгон белең!
Сага айтып, жалгыз гана тилейм сенден,
Көрөр күн, өмүрдү узун кылсаң экен.
Тобоо кылып, баянымды баштайын,
Жол бере көр, толук бүтүп таштайын!
Тилим макта, жараткандын кубатын,
Себеп болуп — ак ишимди уласын.
Мени жасап, көп ичинен башкача,
Өмүр жолум ачык жана таптаза,
Караңгы эле, жарык чачты алдыма,
Түнт зынданга шамды койду жандыра.
Жолго салды адашканды кайрадан,
Тозок отун кечмек элем кайнаган!
Мени бөлүп мыктылардан бөпөлөп,
Бузук жолдон алып чыкты жетелеп.
Жүрөгүмө атак отун жандырды,
Сөздөрүмө акыл отун шам кылды.
Мага берди жанды, көздү, акылды.
Баарын айтаар сөздү ичиме батырды.
Бардык жерде пайгамбарым жол салып,
Колдоп келет, ак жолуна алпарып.
Мунун баары — кудурети кудайдын,
Бир кулуна берген көмөк, ырайым|

Даңкташ үчүн кандай сөздү таба алам,
Эгер дагы өмүр берсең сен маган!г
О, жараткан, мен алсызмын — билесиң,
Жашым төгүп, кайгымды айтам мен өзүм.
Келбейт колдон сени даңктоо, колдой көр,
Андай сөздү табышыма жардам бер!
Түз басайын, ак жолду кесе көрбө,
Топук тонум үстүмөн чече көрбө!
Чыккан кезде менин жаным денемден,
Ыйман, оюм сени менен болсо экен!
Жаткан кезде, чым жамынып кара жер,
Ырайым кыл, рахымың бере көр,
Күнөөсү арбын сенин шордуу кулунуң,
Кечип көйгун, о боорукер, улугум!
Момундардын кече көргүн күнөөсүн,
Ак жолунан адаштырбас бир өзүң.
12.БАЯНДЫН БАШКЫ КААРМАНЫ, ЖЕТКЕН АДИЛЕТ КҮНТУУДУ ЭЛИК
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Илим сенин — акылыңды арттырат,
Жарык дүйнө түркүн сырын жат кылат.
Бул дүйнө сулуу сымал карып калган,
Кыялы кыз бойдон да — жашы картаң.
Кээде ал — кудум кыздай кыял күтөт,
Кылт берип, бир көрүнүп качып кетет.
Өзүнө жармашканга — жапайы элик,
А качса, бутка оролот өзү келип.
Азгырып кээде карап, кээде качат,
Кээде ал көрбөгөнсүп ойлуу басат.
Кээде ал бир карайт да, жүзүн буруп,
Көз кысып, кызыктырат орн куруп.
Картайбай, карытты го далай бекти,
Чубуртуп, төгүп турду түркүн кепти.
Бир бек болду дүйнөдө өзү баатыр,
Сөз — ишинен тамырдай тарады акыл.
Ал Күнтууду — дүйнөгө атагы ашкан,
Бактылуу, бардык жакта даңкы дастан.
Адилет, түз сүйлөгөн, сурай билип,
Калпы жок, сөзү, ою көктөй бийик.
Ал болчу акыл-ойлуу, ишке чапчаң,
Бузукка — күйгөн жалын, каска — капкан.
Тартынбай, ишти адилет чече билди,
Күн санап анын даңкы арта берди.
Эң жакшы сапаты эле ошол бектин,
Өз оюн багындыруу эркине иштин.
Бийликти саясатка байлап жүрдү,
Саясатты бийликке кынай билди.
Ага бар төп келгендей акын сөзү,
Окугандын ачылып — жеткен көзү:
«Эр адамга аракет, кайрат керек,
Кек, кастыкты алыска айдаш керек.
Керек болсо кайрат, ынтаа экөө тең,
Ал экөөнүн тең болгону эрде жөн»
Күнтууду үлгү эле ушул жактан,
Күн менен Айдай болуп нурун чачкан.
Илимдүүнүн бардыгын колуна алды,
Билимдүүнү чакырып ишке салды.
Келишти көп жерлердин акылманы,
Акылы артык жандар анын баары.
Коңшулаш өлкөлөргө кеңдик берди,
Жан тартып жакшыларын ишке бөлдү.
Өз ишине көмөккө чегип салды,
Колу узарып, көңүлү тынып калды.
Бир жолу кейип калды ойлоп өзү:
«Бийликтин иши татаал, ачуу сөзү.
Түйшүктүн көптүгүнөн баш адашат,
Акылдуу адам керек — жөндөөчү бат.
Мен үчүн иш башкаруу барат оорлоп,
Акылдуу адам болсо, көмөк болмок.
Акылы терең болсо ал адамдын,
Башкарып кетчү болсо элдин баарын.
Адилет, ак көңүл да — керек ушул,
Өзүмө — көөнү, сөзү болсо чынчыл.
Так кылып буйругумду орун кылса,
Айттырбай ичти, тышты билип турса».
Укчу эми көптү көргөн сынчы сөзүн,
Көп жашап, көп өткөргөн баштан ишин:
«Акылдуу жарДамчылар керек ишке,
Иш үчүн жанын таштаар талап этсе.
Таба алчу адам болсо иштин көзүн,
Акыл менен максатка тез жетесиң.
Көп болсо берер көмөк, кубаттуу бек,
Мыйзам так, өлкө бейпил ишиң да төп.
Ар бир ишке жардамчы керек делет,
Айрыкча бек ишинде — өтө керек.
Болбосо жардамчысы өкүмдардын,
Өзү аткарат аргасыз, иштин баарын.
Андайда артат түйшүк, күндө толгон,
Кырсыктарга батасың жалгыз болсоң!»
Бул тууралуу айтылган чындык сөз бар,
Акылмандын айтканын түшүнүп ал:
«Жыргалыңдын артынан кырсык кирет,
Кубанычты кубалап кайгы жүрөт.
Даңкың канча чоңойсо, ошончо жүк,
Баш чоң болсо — а кийген бөркүң түйшүк!
Өкүмдарга белгисиз болбойт нерсе,
Көзү да, кулагы да болсо элде».
Жарамсызды өз колунаң жазалап,
Эси жокту — элден койду тазалап.
Бийлик кылды, элин камкор башкарып,
Бактысы артты күндөн күнгө даңкталын.
Кыраакылык — ар бир ишке дем берет,
А бийликте — көрөгөчтүк эң керек.
Сен болсоң көрөгөч да, сак да, калыс,
Бейпилсиң, кырсык сенден болот алыс.
Бир акын айткан сөз бар бул тууралуу,
Ал сөздөр ушуга төп, мааниси улуу:
«Сыймыкка, даңкка тете — кыраакылык,
Куруткан далайларды — шалакылык!»
Ишиңде болсун тактык, кыраакы эсеп,
Көңдөйлүк эки дүйнө зыян дешет.
Дардаңдык адамдагы жаман адат,
Капыстан душманынан өлүм табат.
Билин ал жеңишчил эр айткан кепти,
Так эсеп, амал менен жеңген көптү:
«Өкүмдар — ойчул, сак бол миң бир эсе,
Сак бол дейт шариат да колдон келсе.
Шалакы — жалкоолукка чөккөн туткун,
Кубаттуум, жалкоо болбо, сак бол, мыктым!»
Өкүмдар жакшы болсо өлкө гүлдөйт,
Жыргалда баары жашап, кырсык билбейт.
Күнтууду башкарганда эли байып,
Калыптыр кой, бөрүнү жошо жайып.
Жашады мактоо менен ойноп-күлүп,
Душманы келип турду башын ийип.
Айрымдар ага келчү маанек издеп,
Айрымын үмүт кууп келчү күчтөп.
Кубанат акылмандын сөзүн уккан,
Ал сөздөр — жердин гүлү жазда чыккан:
«Бийлик менен улуулук урматталат,.
Чындык менен укукту жүрсө кармап.
Бийлиги жакшы бектин — мактоого тең,
Андан да — заңы артык элге берген.
Адилеттүү болуп турса бек иши,
Ошончолук жыргал болот эл ичи.
Эл бактысы — болсо эрдин кесиби,
Өмүр бою куттуу болот эшиги.
Бактылуу, элге ардактуу өкүмдарлар,
Эгерде кишиликтүү болсо алар».
Ал элин адилетке баштап койду,
Дүйнөгө атагы ашкан улуу болду.
Даңкы артып, өмүр тилеп дүйнө мүлдө,
Бактысы арта берди күндөн — күнгө.
Дүйнө эли келип турду колун сунуп,
Жоомарттык, байлыгына улам тунуп.
Бакыттын куру менен курчанды эл,
Козу менен жайылды көк бөрүлөр.
13.АЙТОЛДУНУН КҮНТУУДУГА КЫЗМАТКА ӨТКӨНҮ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Акылман Айтолду угуп ошол кепти,
Эмгегин элге арноону макул чечти.
Жаш болчу, басмырт жана сыпаа эле,
Акылдуу, көптү билген, ойчул неме.
Адам эле жүзү жарык, жылдыздуу,
Сөзү балдай, таамай айткан чындыкты.
Үйрөнбөгөн өнөрлөрү калган жок,
Ал өнөрүн ишке ашырып талган жок,
Ал өзүнчө күңгүрөндү, айтып чын:
«Өнөрүм көп, бирок элден алысмын!
Неге минтип бул жерде ишсиз жүрөм,
Өзүм барып Эликке ишке кирем!
Иш кылам өкүмдарга, пайда аган,
Бекерпостун чепкенин силкип салам.
Айтышат акыл-эстүү өкүмдар деп,
Өз түйшүгүн оорлоп жүрсө керек!
Илимдүү илимдүүнү тааный билет,
Акылдуу акыл баркын баалап жүрөт».
Мындайды акын айткан ырга салын,
Ал ырда асыл чындык бардыгы анык:
«Түшүнөт билим баркын акылмандар,
Билимди сыйлай билет окугандар.
Билчүбү акылсыздар билим баркын,
Билимди тааный билет эстүү жандар!»
Айтолду аты-тонун даярдатты —
Кызмат издеп, сапарга жолун бакты.
Өзүнө керектүүнү камдап алып,
Жөнөдү Элик беттеп, жолго салып.
«Даярмын,— деди өзүнчө — жакка бөтөн,
Өкүмдар Элигиме кызмат этем».
Бөтөн жер оор келет көнгөнүңчө,
Акылман да мындайдан болбойт четте.
Алтынды, күмүштү да жыйна арбын,
Пайдасын көрөм десең сен алардын.
Улуу акылман, деңиздей терең билим,
Адамдын айтканын ук, о өспүрүм:
«Кызматка өтөм деген адам үчүн,
Эки нерсе эң керек, ага бул чын:
Эң алгач куландан соо, өргө чапсын,
Анан ал ак эмгектен баар тапсын.
Жана да алтын керек кармай барар,
Ак иште алтындын да кереги бар.
Ошондо иште болот тартип, тактык,
Билгенге бардык жерде эшик ачык!»
Анан ал алтын-күмүш салды жанга,
Болоор деп кыйындыкта жанга пайда.
Андан соң узак жолго кетти жөнөп,
Жол катар далай конуп, далай түнөп.
Акыры жетти Эликтин ордосуна,
Көңүл көксөп, арзыган жайың мына.
Кыйналып, арып-азып кирди шаарга,
Жатарга орун чыкпайт, кенен шаарда!
Түнөдү мусапырлар жатчу жайга,
Муңайды, капа болду, барбы арга.
Акылдуу адам айткан сөздү тыңда,
Акылдын уюкткусу жатат мында:
«Жашоосу кыйын болот таанышы жок,
Жапжалгыз, досу жоктун — жолдошу жок.
Бөтөн элге келгенде эң көп азап,
Жалгызды жабыркатып кайгы басат.
Жалгыз жан — сокур сымал билбейт жолду,
Адашса — жемелебей сунгун колду!
Жолоочу чоочун элде унутулуп,
Унчукпас келин болор — тилсиз дудук.
Акылдуум, жолоочуга боорукер бол,
Эс алдыр, ичип-жегиз, көрсөткүн жол.
Конок тоссоң кабагың жарык болот,
Конок түшсө — үйүңө бакыт конот.
Адамга керек дайым борукердик,
Көмөк барда — тоскоолдун баарын жеңдик!»
Айтолдунун бөтөн жерди басканы,
Кыйналуудан өңү тартты керсары.
Элдер менен тил табышып достошту,
Түндүк тапты жашоосу элге окшошту.
Дос, таанышты жакындатып көбөйттү,
Кары, жашка бирдей болду, сөзү өттү.
Ошол жерден бир белгилүү дос тапты,
Аны менен баарлашып, кеп бакты.
Айтолдунун ал досу — акыл-эстүү,
Көпкө сүйкүм — Күсөмүш аты дешчү.
Ага ачылып Айтолду айтты кебин,
Максатын жана өзүнүн ким экенин.
Аттанып тууган жерден келгендигин,—
Сүйлөдү төкпөй-чачпай билгендерин.
Эликтин хас — хажиби болор эле,
Эрсиг аттуу ханына жакын неме.
Күсөмүш бир күндөрү ага келди,
Укканын, көргөндөрүн айтып берди.
Хас — хажиб анын сөзүн кайра сурап,
Толуктап бүт максатын тактап угат.
Күсөмүш кайра баштан айтып баарын,
Туюнтту ким экенин, максаттарын.
Хас-Хажибдин Кусөмушкө
айткан жообу
«Ал киши,— деди хажиб,— мага келсин,
Бетме-бет баарлашып жүзүм көрсүн.
Өкүмдарга билдирем баарын тактап,
Кабыл алчу күндү ал өзү айтат».
Кусөмуштун Айтолдуга
айткан сөзу
Күсөмүш андан чыгып келди жаркып:
«Айтолду, сенин күнүң тууду чалкып!
Баргының, хас — хажибке өзүң киргин,
Оюңду, максатыңды айтып бергин.
Ал даяр сени көрүп, угуш үчүн,
Баарын айт, ачык, тактап — ал түшүнсүн.
Мен ага айтып бердим айткан сөзүң,
Айтаарсың менден жакшы аны өзүң».

Акыйкатчыл бир адам айткан экен,
Түз кеңешти түшүнүп алгын терең:
«Бирөөнүн сөзүн айтып сүйлөгөн бар,
Өз ишин ар ким сүйүп болот кумар.
Адам бар ой-тилеги сага жакын,
А бирок, бир өзүңдөй боло албайсың.
Эгер сен өзүңө ак болом десең,
Үндөбө — өздөн өткөн болот бекен?»
Айтолду тонун кийип, эшикти аттап,
Күсөмүш алып чыкты жолду баштап.
Жакындап дарбазаны ачып салды,
Хажибдин кызматкери тосуп алды.
Күсөмүш кирип кетип, чыкты кайра,
Мейманды чакырышты кирчү жайга.
Отургузуп төрүнө, Хажиб аны
Сый көрсөтүп, кебине кулак салды.
Хажибдин айтолдуга
берген суроосу
Аман-эсен жеттиңби?— деп сурады,
Жаткан жериң жайлуубу?— деп сурады.
Барбы дейт — биздин жерде дос-тууганың
Көз болчу жакындарың, ичер ашың.
Сурады ой-максатын, кылар ицшн,
Өзүнөн кандай жардам керектигин.
Айтолдунун хажибке
берген жообу
«Урматтуу хажиб,— деди кепке келе,—
Күнтууду деген хан бар дешкен эле.
Алыстан уккам даңкын дүңгүрөгөн,
Акылы, билим, сөзү бийик деген.
Максатым эшигине эптеп жетүү,
Алымча ак дилимден кызмат этүү.
Хажибке сөзүм өөн болбос бекен,
Элик даңкын чыгаруу оюм десем».

Хажиб дароо Айтолдуну жактады,
Тил жеткенче касиетин мактады.
Жүзү жарык адамдардан түңүлбө,
Акниеттик — деди Хажиб,— түрүңдө.
Жактырды жүрөгүнөн, дити менен:
Эликке кызмат өтөөр адам экен.
Эстеп ал: сүйүү жолун кылган сабак,
Сүйүүнүн көзү сокур дешип калат.
«Сүйгөнүң кылган күнөө аз көрүиөт,
Кас кылса кылдай күнөө — тоо деп билет».
Буга бир далил сөз бар эл ичинде,
Угуп ал, адептүү жан, болгун күбө:
«Сүйгөн соң баары сонун болуп чыгат,
Заматта бүт күнөөсү унутулат.
Сүйгөндө баары ордунда, сонун сапат,
Көздөрүң кемчилигин көрбөй калат».
Хажибдин Айтолдуга
айткан жообу
Хажиб айтты Айтолдуга: «Күт эми,
Ишен мага ийгилик көп келери.
Эликке айтып барам сөздөрүңдү,
Өзү айтат кабыл алчу саат, күндү.
Алгач угуп ал билсин, өзү — анан,
Чакырат, атак-даңкты берет саган.
Керегим тийсе, дагы мен даярмын,
А түгүл, жан дилимден аткарамын!»
Анан да көпкө сүйлөп жакшы кептен,
Көмөккө, белин буун туруп кеткен.
Элде бар кандай укмуш азаматтар,
Эл тиреги, эл үчүн тайманбастар!
Тыңшачы, эч калетсиз айтканы чын,
Эл башкарып, сөз билген азаматтын:
«Бак конуп, эгер бирөө так алган соң,
Жакшы мыйзам, тартипте башкаруу оң.
Бирөөгө тийген болсо бийлик күчү,
Боорукердик дайыма болсун иши!
Ал болсо эл талабын жазбай тапчу,
Сөзү токтоо, иши оң болгон жакшы.
Айныма бакыт өзү: бир көрсөң жок,
Бир көтөрүп, бир кайра таштама шок.
Айкөл бол, бакыт деген айныма азап,
Бүгүн турса жаныңда, эртең качат!
Ишенбе өз бактыңа! Болбо ынак,
Эшиктен өзү кирген, өзү чыгат!
Бактылуум! Дайым жолдуу жашайм десең,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 14
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.