Latin

Куттуу билим - 15

Total number of words is 4070
Total number of unique words is 2117
27.8 of words are in the 2000 most common words
41.5 of words are in the 5000 most common words
48.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Айтолду,— деди Элик,— түщүнүп ал,
Жообум соболуңа мына ушулар!»
Айтолдуңун Эликке
айткан жообу
Айтолду этегине тооп кылып:
«Адилет, кылган ишиң баары улук,
Эл бийлээр, узун болсун өмүр-жашың,
Эл үчүн эсен болсун асыл башың!
Бектердин улуулугу өөрчүп мыкты,
Жакшылыгы ээрчитсин — жакшылыкты!
Алардын бийлик, күчү арта берсин.
Кубаты аскар тоодой өсүп-өнсүн!
Бүтпөсүн жоомарттыгы артып турсун!
Дөөлөтү босогосун түнөк кылсын!
Бакытың соолбостон ашып-ташсын,
Душманың соолуп, куурап өлүм тапсын.
Жакшыларга кызмат бер жакындатып,
Эл бактысын табышсын эшик ачып».
Ойлочу, айткан сөзүн билермандын,
Кызматтын көзүн таап биле алгандын: —
«Баш уруп кызмат кылгын татыктууга,
Татыктуу сый аябайт кызматыңа!
Кызмат кыл жоомарттарга — үйү анын,
Жайнаган алтын-күмүш болот дайым.
Сараңга өмүрүндө кызмат кылба,
Уятка чөмүлөсүң, таппай арга.
Өзүнөн өзү аяйт сараң адам,
Бирөөгө бир күкүм нан арттырбаган»
Айтолду бүттү сүйлөп, туруп кетти,
Ыраазы сүйлөшкөнгө, үйгө жетти.
Ак кызмат кыла берди күндөн күнгө,
Күндүзү кызмат кылып, түндө үйдө.
Аткарды өз милдетин абдан жакшы,—
Эликтен түбөлүктүү достук тапты.
Арадан мезгил өтүп, иш аткарып,
Ак иштен Айтолдунун жүзү жарык.
19.АЙТОЛДУ ЭЛИККЕ ТИЛДИН ЖАКШЫ САПАТТАРЫ ЖАНА СӨЗДҮН ПАЙДАСЫ
ТУУРАСЫНДА АЙТАТ
Бир жолу Элик кайра көңүл бөлдү,
Чакыртты Айтолдуну, орун берди.
Айтолду жерди карап үн катпады,
Кысылып, тынч отурду, унчукпады.
Эликтин Айтолдуга берген суроосу
Элик ага кайрадан суроо койду,
«Сен неге унчукпайсың, эмне болду?»
Айтолдунун Эликке айткан жообу
Айтолду айтты: «О, кутман, бектин беги,
Бегин көргөн кулуна сөз келеби?
Мен сөздү уруксат жок баштайм кантип,
Мен биринчи сөзүмдү таштайм кантип?
Бир акылман айтыптыр, эске сакта:
«Бербесе сага суроо,— оозуңду ачпа».
Чакырса — керектирмин, кезек келет,
Ким чакырса, сөздү ошо баштоо керек.
Сурабаса жулкунба, болот жаман,
Адеби жок мал тура дешет анан!
Бегине орунсуз сөз айткандарды,
Акылсыз дөдөй дешет элдин баары.
Кызыл тил — өмүрүңдү кыска кылат,
Жашайм десең жакшылап оозуңду жап.
Оозу бек бир адамдын айткан сөзү,
Бектиктен көп нерсеге жеткен өзу:
«Кара баштын кас душманы кызыл тил,
Канча башты жутту, дагы жутат — бил.
Болсун десең баш аман, тилди карма,
Болбосо — башың кетет, түшүнүп жүр!»
Эликтин Айтолдуга айткан жообу
Элик айтты: «Айткан сөзүң түшүндүм,
«Тилсиз — өлүк» — дегенди эске түшүргүн.
Тилсиз киши эки — түрлүү — билерсиз,
Бири дудук, бири — наадан, жигерсиз.
Дудук байкуш үн чыгарбас моло таш,
Билимсиздин сөзү адамды жарытпас.
Билимсиздин тилин тыйган ылайык,
Акылмандын айткан сөзүн угалык.
Билимдүүнүн сөздөрү суудай аккан,
Жер ичип, шалбаа көктөп гүлүн ачкан.
Билимдүүнүн жакшы сөзү арыбайт,
Булак суусу эч тартылбайт, карыбайт.
Билимдүү — сазда сууга окшоп турат,
Басканда — изиң сууга толуп чыгат.
Билимсиздин көңүлү — чөлдүн куму,
Каптаса да ным калбайт көлдүн суусу!
Айтолдунун Эликке айткан жообу
Айтолду айтты:— «Элигим акыл, көзсүз,
Өмүрдү заардуу тил кыят сөзсүз
Тирүү адам сүйлөбөй коё алабы?
Ичтеги ою жайына койбойт аны.
Суроо берсе жашырбай баарын айткын,
Сурабайбы — оозуңду бекем жапкын.
Суроо — эркек, ойлоп көрсөм Элигим,
Жооп — катын танат экен аны ким.
Аялдын бир күйөөсү эркек келет,
Жемиши ал экөөнүн эгиз делет!
Эликтин Айтолдуга берген суроосу
«Түшүндүм, баары чындык,— деди Элик,
Бир суроо оозума турат келип.
Сен айттың азыр эле тил зыянын,—
Айтчы эми, а пайдасы барбы анын?
Зыянынан чочулап унчукпасаң,
Жакшы сөздөр жарыкка чыгат качан!»
Айтолдунун Эликке айткан жообу
Айтолду айтты: «Сөздөрдүн пайдасы чоң,
Орду менен жигердүү айтылган соң.
Жаман сөз билими жок тилден чыгат,
Билимдүү журт нааданды — мал деп турат.
Негизсиз сөз — акылсыздын айгагы,
Ойсуз башка түшөт каңгып кайдагы.
Көп сүйлөсөң ойлонбой — кырсык келет,
Акылдуу сөз ар дайым пайда берет.
Түркөйлөр тоюп алса — жаткан өгүз,
Себепсиз мөөрөй берет, кыш-пыш, семиз.
Тоюп алса оонап жаткан мал, демек,
Ошондуктан малдын баары мал делет.
Акылмандар — карын эмес, ой багар,
Билим менен акыл табар, ой табар...
Ден семиртер тамак ооздон сиңет да,
Жан семиртер — сөз кулактан кирет да.
Билимдүүнүн болот эки белгиси —
Жүзү жарык, аны билген эр киши.
Бири напси, бири тили — тыйса аны,
Бакыт ага дайра болуп куйганы.
Билимдүү жан тыят дайым кулкунун,
Тыя алган кадырманы журтунун».
Эликтин Айтолдуга берген суроосу
Түшүндүм мунун баарын,— деди Элик,
Сөз асылын, пайдасын калдым билип.
Сөз жолу кайдан чыгып, кайда кетет,
Жооп айтуу ушуга келди кезек.
Канча сүйлөп, качан токтоо жөн экен,
Бул тууралуу акылмандар не деген?
Айтолдунун Эликке айткан жообу
«Сөз маанисин,— деди Айтолду,— билбейбиз:
Онун ойлоп, бирин гана сүйлөйбүз.
Бирин айтып, тогузун тый — керексиз,
Кажетсиз сөз — капта калсын демекпиз!»
Эликтин Айтолдуга берген суроосу
«Сөздүн пайда, зыяндарын — мыктылап,
Түшүндүрчү мага, Айтолду, жакшыраак?»
Айтолдунун Эликке айткан жообу
Айтолду айтты: «Жүйөлүү сөз — зор атак,
Орундуу сөз кулду көккө чыгарат.
Сөзү орундуу адамдар кандай сонун,
Урматталып берилет төрдөн орун.
А эгер сөзүң болсо орой, түркөк,
Асмандан алып түшүп, көргө түртөт!»
Эликтин Айтолдуга берген суроосу
Дагы сурайт: «Айтчы сөздүн өлчөмүн,
Азы кайсы, көбү кайсы? Айт чегин?»
Айтолдунун Эликке айткан жообу
Айтты Айтолду: Көп сөздүү — маңыз делет,
Мааниси жок, жадатып сүйлөй берет.
А сөзүң берген суроонун жообу болсо,
Так болсо — барктуу болот ал ошончо.
Бул тууралуу бир акын ачык айткан,
Ал сөзү өтө баалуу тактык жактан:
«Ойлоп сүйлө сөзүңдү, айта турган,
Сураса жообуң болсун таамай, ылдам.
Көп тыңшап, аз сүйлөгүн — орду менен —
Кемибейт акыл-ойду арка кылган».
Эликтин Айтолдуга берген суроосу

Дагы бар,— деди Элик,— суроо сага,
Түшүндүр, жооп берчи ачык мага.
Кимди тыңшайм? Айт мага — кимде сөз ак?
Кимге айтамын сөзүмдү кайра тактап?!
Айтолдунун Эликке айткан жообу
«Сөзүн ук — деди Айтолду,— акылдуунун,
А анан түркөйлөргө айтып чыккан.
Улуунун сөзүн уксаң, оюн анын,
Кичүүгө жеткирүүнү унутпагын!
Көп тыңшап, аз сүйлөгүн — акылдуулар,
Ушинтип мага айткан баалуу сөз бар.
Көп сүйлөгөн маңыз да, акылы аз,
Көп тыңшаган акылдуу, сөзүнө баш.
Тилин кармай билгендер билим алар,
Маңыз жандар билимди кайдан табар!»
Эликтин Айтолдуга берген суроосу
Түшүндүм,— деди Элик,— баарын билдим,
Дагы бир суроом бар, жооп бергин.
Ичте сырды чыгарбай жашырсакпы,
Же айтсакпы калтырбай, кайсы жакшы?
«Сөзүмдү ук,— деди Айтолду,— кутман
Элик, Сөз чыкпаган жерлерде — билим өлүк.
Сөздү сөгөөр, тилди сөгүү жарабас,
Сөздө жакшы, жамандары аралаш.
Адамдарды курчайт сансыз макулук,
Өз тилинде кудайлашат ак уруп.
Миң-сан калкты теңир өзү жаратты,
Тилдүү — сүйлөп, тилсиз — үнсүз карашты.
Тирүү жанга эки нерсе керектир,
Бири — тили, бири — дили ак көңүл.
Сөздү, дилди жаратты адилет деп,
Жалганчылар — жалынга күйгөнү эп.
Туура сөздөн чексиз пайда табарсың,
Жалган сөздөн каргыш-сөгүш аларсың.
Туура сөздү — сүйлөй билгин тартынбай,
Кыйшык, калптан — качкын, өчүк касыңдай.
Үндөбөсөң — «дудук го»— деп айтышат,
Көп сүйлөсөң — «маңыз» наамы жабышат,
Адамдардын эң начары — былжырлар,
А жакшылар — көңүлү түз, сыйлуулар».
***
Бул сөздөргө Элик чексиз кубанды,
Көктү карап бата кылды, кол жайды.
Алкыш айтып жаратканга жалынды:
«О, кудайым, боорукерим, кайрымдуу!
Ырайымын көрдүм төккөн нуруңдун,
Кайрымы жок, мен күнөкөр кулуңмун.
Тилегимди бердиң түгөл калтырбай,
Дүр дүнүйө, дөөлөт, байлык, шайма-шай.
Сенин бул марттыгыңды кантип актайм?
Кудайым — өзүң кубат, дайым мактайм!»
Деди да казынасын ачып салды,
Бей-бечара, кедейге чачып салды.
Айтолдунун кадыр-баркын ашырды,
Жылуу сөзү, сан байлыгы чачылды.
Ал ага увазирлик наам берди,
Мөөр, түпөк, идиш, соот кошо келди.
Баарынан күчтүү кылып берди бийлик,
Душмандар жүгүндү ага башын ийип.
Айтолду кызмат кылды күлүк аттай,
Бактылуу сезип өзүн, үмүт актай.
Калкы байып, элинин бактысы артты,
Эли болсо Элигин даңктап жатты.
Кут даарыды, өстү калктын өрүшү,
Бир жайылды козу менен бөрүсү.
Заң түзүлүп акыйкат, бекемделип,
Жыргал күндө жашады куттуу Элик.
Мына ошентип айлар — жылдар жаңырды,
Жыргап эли, издегени табылды.
Жаңы калаа, жаңы жайлар салынды.
Алтын-күмүш казынага агылды.
Кубанды Элик, алыс айдап санааны,
Бүт дүйнөгө атак-даңкы тарады.
20.КУТТУН КУБУЛМАЛЫГЫ МЕНЕН ДӨӨЛӨТТҮН ТУРУКСУЗДУГУ ТУУРАСЫНДА
АЙТЫЛАТ
Түгөл болду Айтолдунун тилеги,
Арзан бактың бирок көпкө жүрөбү.
Акылдуулар ачык айткан сөз чынын:
“Мал табылар, аны багыш эң кыйын”
Угуп ал, эске алуучу кеменгер сөз:
“Табарсың байлык, дөөлөт – өмүр күтпөс”.
Төп айтылган билимдүүнүн кеп-сөзү,
Түркөйлөргө көрө турган көз дечи:
«Жаткан — турар, турган кайра — жыгылар,
Жанган — өчөр, чарчагандар — тыныгар.
Не иштесең: баарын толук бүтүргүн,
Жакшы бүткөн ар ишинде үзүр бар!»
Айтолдунун баарына колу жетти,
Баары бар, бирок учуп өмүр өттү.
Толук Ай, мына кемип батып барат,
Жай өтүп, суук кышка калды карап.
Дененин төрт кубаты тил табышпайт,
Бири — соо, калган үчөө бир кырсыктайт.
Карын да жайында эмес, тамак сиңбейт,
Кырсык басып, кошулуп көңүл кирдейт.

Күчтөн тайып, баш көтөрбөй үңүлдү,
Айла барбы шыңга бою бүгүлдү.
Келген кесел чалып жерге кулатты,
Муңга батып, төшөгүндө ал жатты.
Эмчи-домчу тамыр кармап келишти,
Кеселдүүнүн жайын айтып беришти.
Бири айтты: кан чыңалган жайы бар,
Кан алдырса, куландан соо айыгар.
Бири айтат: заң катыптыр ичине,
Жакшы болот ич өткөрүү кичине.
Ар кандай таттуу шире, муздак сууну,
Дары-дармек, эритме көп ичирди.
Баарын жасап, кылбаганы калбады,
Эм болоор деп көптүн башын кармады.
Тамак ичпей, күндө күчөп кесели,
Алдан тайып жөөлүйт, сууп төшөгү.
Билип ал акыл-эстүү бир адамдын,
Ак жолго алпарат деп айткандарын:
«Дары да, чөптөр дагы, ачуу уулар,
Уу дары жана кошмо таттуу суулар,
Эмчи да, бүбү дагы — байыртадан,
Ажалга эч бир дабаа боло албаган.
Эй тирүүлөр, туталанып буулукпа,
Тирүү жүрүп, өлүм барын унутпа!»
Айтолдунун кеселин Элик укту,
Алчу ажал тооруптур ал байкушту.
Көрөйүн деп абалын Айтолдунун,
Келди Элик, жатат ал, алы кыйын.
Эликтин Айтолдуга берген суроосу
Элик сурайт: «Табитиң, алың кандай?
Эмнең ооруйт, көңүлүң, жайың кандай?»
Айтолдунун Эликке айткан жообу
Айтолду айтты: «Элик, кыйын кеселим,
Кутултпайт го, таба албадым эч эмин.
Толгон Айым бара жатат кетилип,
Күнүм батар, жакшы үмүттөр кесилип.
Толуп турган Айдай эле сүрүлдүм,
Күнүм батты, мен жашоодон түңүлдүм.
Кубанчым, өмүрүм да качып барат,
Жарык дүйнө жүз буруп шашып барат.
Жыргал, бакыт бүт артымда калабы,
Кайгы-мээнет мага сугун кадады.
Айрылып бара жатам мен өзүңдөн,
Ажал, өкүнч алдыдагы энчим экен.
Угуп ал бир жакшы адам айткан кептен,
Эл ичине кадыры, даңкы өткөн:
«Кандай жыргал, бактың айнып кетпесе,
Жүрсө бирге, чык деп сыртка теппесе.
Бек бийлиги дайым өргө өрдөсө,
Жакшы болмок ажал бөөдө келбесе.
Кандай сонун, жаш адам картайбаса,
Чачы агарбай, чарчабай, түп-түз басса!»
Эликтин Айтолдуга айткан жообу
Элик айтты: «Айтолду андай дебе,
Мындай сөздү сүйлөбө, болот күнөө.
Эми болот ар бир дарттын тооруган,
Жалгыз эле сен эмессиң ооруган.
Жаман сөздү неге оозго аласың,
Айтчы андан кандай пайда табасың?
Мен өзүңдү жүрүүчү элем дем кылып,
Жаман сөздү айттың неге кем кылып?
Жардамынан кур койбос жаратканым,
Көңүлүмдү сыздатып оорутпагын!*
Айтолдунун Эликке айткан жообу
«Кутман Элик,— дейт Айтолду,— сөзүн козгоп,
Бул ооруга билемин, эч дабаа жок.
Белгилүү да, төрөлгөнгө — өлүм бар,
Тике турган — акыр бир күн куланар.
Асмандагы күндө дайым батуу бар,
Сүйүү — күйүт, таттуусуна — ачуу бар.
Мен өзүңө айткан элем акыл кеп,
Бул дүйнөнүн жалгандыгын билгин деп.
Аяп мен алдын-ала камың жегем,
Мен өлгөндө кайгырбай жүрсүн дегем.
Кайгырба, кейибегин — мен кетемин,
«Төрөлгөн — өлбөйт»— десе ишенбегин!
Ынанбайт деп айыптап сөкпө мени,
Жалган дүйнө жазгырып алдайт сени.
Уяткарба таш боор деп, бул сөзүм ак,
Сени кыйнаар шум дүйнө катуураак.
Көзүңдү ач, менден кийин сенде кезек,
Шум дүйнөнүн алдоосу, жалганы көп!
Сен мага ченеми жок жоомарт элең,
Өтөй албай баратам кеселимден.

Аргасыз өлүмгө мен моюн сунам,
Буйрукту өзгөртө албайм, кандай кылам.
Өлүмгө арга жок да, чыдайм эми,
Кутулууга чара жок, аттиң деги...
Жок нерседен жаралып, өсүп келдим,
Бала элем, мына улгайдым өзүң көрдүң.
Айдай жүздү саксайтып сакал басты,
Кузгундай кара элем, болдум ак куу.
Жебедей түптүз элем, бүктөп белди,
Өмүрүм бүттү менин, өлүм келди.
Айтыптыр бир акылман — окумуштуу,
Жылдыздуум, ал айрынын сөзүн укчу:
«Аккуудай карасы жок болсо чачың,
Анда эле жарык нурдай жан тазарсын.
Мурдагы түптүз бели ийилсе анын,
Түзөткөнү калганы эми жанын!
Кара чачты агартып басса кыроо,
Буктурмада өлүмүң турганы ошо!»
Бул тууралуу акын да жакшы айтыптыр,
Эстүү киши, аны угуп тобокел кыл:
«Агарса кара чачың — өлүм жакын,
Ансайын ардактагын жашоо баркын.—
Түгөтөөр ашка кошо өмүрүңдү,
Өлүм алаар сени да, болгон дайын».
Эликтин, Айтолдуга айткан жообу
Элик айтты: «Чыда Айтолду сабыр эт,
Оору — күнөөң, алыс сага акырет.
Ооруган ар бир адам өлө берсе,
Жер үстүндө жан адам калбайт эле.
Баарына жардам берер, кудай өзү,
Тынч жаткын, көңүлүңдү чөгөрбөчү!»
«Сактай көр» — деп элик дуба табынды,
Колун жайып, жаратканга жалынды.
Ордунан, анан туруп көңүл чөгүп,
Кайра келди ордого кайгы жеңип.
Кем-кедейге мал таратты, сүйөр деп,
Үмүт кылып, сообу акыры тийер деп.
Күмүш жанды сактай алса ажалдан,
Колдо барын чачып салмак далай жан!
Дүйнө берип өлбөс болсо адамдар,
Өлбөс болуп калмак анда жакшылар.
Айтолдунун күндө кыйын абалы,
Өчүп барат ак жүзүнүн жамалы.
Деди өкүнүп: «Ашып-ташты зар-муңум,
Капарга албай өткөзүпмүн бардыгын.
Жанталашып иштедим, осол болуп,
Жаштык кетти камгактай тоголонуп.
Өтөм десем секирип жолтоолордон,
Ажал мени алыптыр бекем колдон!
Чогулттум мал-мүлкүмдү суктук кылып,
Баары калат — мен өзүм кетем жылып!
Көз караш, сөзүм менен барктуу элем,
Ажал мени алыптыр кекиртектен!»
Өкүнүп тагдырына ал ыйлады,
Өлүмүм — өкүнч ыйын барк кылбады.
Канчалык шорго буткөн адам колу,
Каалаганга жеткирбейт турмуш жолу!
Тилек арбын, а жетээр — өмүр кыска,
Көксөгөндүн баарына жетүү жок да.
Текебердик кесепет, азга топук,
Кыласың жаратканга колуң созуп.
Даңкың артса корсоюп текеберсиң,
Ажал келсе, калтырап өкүнөрсүң.
Карды токтор буурадай бурк-бурк этет,
Ачса карды ылгабай баарын жешет.
Токтукту көтөрбөйбуз, ага таңбыз.
Жашоо баркын билбеген байкуш жанбыз.
Күрсүнүп Айтолду анан сөзүн коштойт:
«Аттиң ай, ак жолумдан тайдым окшойт.
Пайдасы не, жыйган күмүш, алтындын,
Таратпадым, сообун алып жардынын.
Унутупмун элден соопту алганды,
Неге сөктүм жазыгы жок жандарды?
Жакшылыкты жасасам улам кайра,
Болмок экен жүз эсе жанга пайда!
А эми кейигенден пайда барбы?
Ажал кысып сүйлөтпөйт сууруп жанды!
Акыйкатчыл бир адам айтканын ук,
Чындык десе күйчү экен сызгырылып:
«Ажал — бул тирүүлөргө ачык эшик,
Тирүүлөр кутулган жок качып өтүп!»

Өмүр эмне, өлүм эмне — ойлочу —
Кайдан келдим, кайда барам — болжочу?
Неге туулдум — акыры өлөр болгон соң?
Неге күлдүм? — Кайгы күтүп турган соң?
Коркунучтуу эч нерсе жок ажалдан,
Төрөлгөн соң — өлөт экен ар адам.
Бул тууралуу бар экен акын сөзү,
Уккандардын ачылсын эми көзү: —
«Өлүмдөн ашып түшкөн каргыш барбы,
Ойлосоң өлүмүңдү жашоо кайгы!
Өлүм деген уч-кыйры жок көк деңиз,
Түбү терең чыгарбас түшкөн жанды!»
Бул жашоодо, өлбөйм дебе түшүнгүн,
Ажал келсе таш — талканы — ишиңдин.
Байлыгыңа чиренбегин алданып,
Ажал келсе, күнүң бүттү, сен карып.
Ач көздуккө азгырылган пенделер,
Ажал келсе, эч ким чыкпайт дем берер.
О, силер, кур кыялга алдангандар,
Денеңер чирип жерде жатып калар.
Дөгүрсүп көтөрбөгүн сен башыңды,
Өлгөндө көлдөтөрсүң көз жашыңды.
Билимдүү жан айткан сөзгө сал кулак,
Эсиңе түй, калган сөздөр — сандырак:
«Келечекте болом десең таптаза,
Эки дүйнө күнөө кылбай ак жаша.
Жамандыкка баспагын эстүү адам,
Дайым түз бол — сөзүңдө да, иште да!»
Айтолду көп өкүндү, жашын төктү,
Өкүнчү өтүп кеткен кимге жетти?
Кедейлерге алтын-күмүш таратты,
Тууган, доско белек берип каратты.
«Жараткан!— деп көз кадады асманга,—
Эгем сенсиң! Адилет да, адал да!
Сен мени жараткансың, өстүргөнсүң,
Ырайымың арттырып көп бергенсиң!
Өзүңдөн ак кызматым аябадым,
Ажал келди, калбады дарман-алым.
Кутулуш жок ажалдан, мейли өлсөм,
Дитим сенде — өзүңдөн мээрим көрсөм!
1155Суранам, күнөөм да көп, болсо эгер,
О кудай, райым, кыл кечире көр!
Убактым, өмүрүм да бошко кетти,
Бийликтен жаман сөзүм көпкө өттү!»
Токтотту алдан тайып айтар сөздү,
Уулун карап, көлдөтүп жашын төктү.
21.АЙТОЛДУ УУЛУ АКДИЛМИШКЕ АКЫЛ-НАСААТЫН АЙТАТ
Бар эле Айтолдунун бир балам,
Балтыр эти ката элек, жаш чамам.
Атам — Акдилмиш, сүттөн ак дили таза,
Жүзү жарык, мүнөзү андан аша.
Чакырды уулун, өзүнө алып жакын,
Кучактап, мончоктотту көздөн жашын.
«0 уулум,— деди Айтолду,— мен да өтөм,
Сага калды — орунум, жыйган дүйнөм.
Мен үчүн сен көзүмдүн кареги элең,
Мен өлөм — сен өмүр сүр аман-эсен.
Бир түрктүн урпактарга насаатым ушул:
«Көрөр көздүн жарган — кыз да уул.
Уул-кыздын түйшүгү түптүз деңиз,
Кызыл жүздү саргайтар дагы эсепсиз!
Болсо анын үйдө аялы, уул-кызы,
Ал байкуштун келе койбос уйкусу.
Уул-кыз деп ата тынчып жаталбас,
Ата затын уул — кызы барк албас!»
О, уулум,— деди Айтолду,— кулак салгын,
Сөзүмдү көңүлүңө түйүп алгын.
Мен атаңмын — Айтолду атым менин,
Эске түй, али алдыда — насаат кебим.
Айтолду арманы жок жашап келди,
Шум ажалдан кутулбайт ашып белди.
Өмүр — таттуу, ачуусу — шумпай ажал,
Чалындым жайган торго таппай амал.
Бул жашоого дитим берип табындым,
Жалт бурулуп, ала качты, жаңылдым.
Ээликтирип жалган дүйнө арбады,
Көңүл бурсам, сыртын салып алдады.
Капа кылып, дүйнө алды кутумду,
Байкагын сен, аксатпасын бутуңду.
Керектүү жигитин баарын актабадым,
Керексизин четтетип таштабадым.
Бороон болуп токтобой өмүр өттү,
Отурам пайдасы жок өкүнүчтүү.
Пара берип, оңолуучу ишим жок,
Колдон кармап сүйөп коёр кишим жок.
Угуп ал бир адамдын — эстүү, билгир,
Өлүмдүн маңыз-жайын айтканын бир:
«Ажал келсе — эстүү жан да жаңылар,
Билимдүү да айла таппай тарыгар!
Кандай катуу шум ажалдын чеңгели,
Бир чеңгелдеп ким болсо да жеңгени!
Ак сарайды ажал бузуп сапырат,
Бар байлыктын кутун алып качырат!»
Бул тууралуу жакшы айтылган бир ырда,
Маанисин бил, билимдүүлөр сөз тыңда:
«Нерсе барбы бул дүйнөдө дабаасыз?
Ар нерсенин өз дабаасын табабыз.
Ар нерсенин тапса болот амалын,
Бир өлүмгө жетпейт биздин чамабыз!»
Акдилмиштин Айтолдуга берген суроосу
Угуп уулу айткан ата сөздөрүн,
Жооп берди, буруп нурлуу көздөрүн.
«Атаке, бир сөзүм бар айтар сага,
Аны угуп, өз оюңду айтсаң мага.
Атаке, жашадыңыз жаман эмес,
Билим, кайрат — бардыгы болду теңдеш.
Тыңшап, сурап, көп нерсени болжодуң,
Баарын баамдап, тереңдеди ойлоруң.
Ажалга да табылаар дейм ылаажы,
Пайдаланып көрсөк кантет биз аны.
Эгерде башка арга таппай койсоң,
Чачалык казынаны колдо болгон.
Казына ачып, жараса — тарат үлүш,
Эсен болсоң табылаар алтын-күмүш.
Уксаңыз жоомарт адам айткан сөзүн,
Тараткан койбой чачып дүнүйөсүн:
«Жеп, ичир — адамдарга ырахат бер,
Чач байлыкты — а байлык өзү келер!
Алтын башың соо болсо казна качпайт,
Кушка салган даныңдан байлык азбайт,
Тирүү болсоң — тилек-ой сени менен,
Башың барда — максат жок жеңилбеген!»
Айтолдунун Акдилмишке айткан жообу
Айтолду айтат: — «Асыл уулум түшүнгүн,
Сөзүмдү угуп, үмүт үзүп түңүлгүн.
Өлүмгө дабаа болбойт алтын-күмүш,
Өлүмдү токтото албайт билим же күч.
Өлүмдү байлык чачып токтото алса,
Өлбөс болуп алышмак бектер анда.
Акылдууга акылы жардам бербейт,
Эстүүлөр эс-оюнан пайда көрбөйт.
Өлүмгө дабаа болсо дары-дармек,
Эмчилер өлүм билбей жүрө бермек!
А ажал мансаптууну албайт десе,
Пайгамбарлар алиге жүрбөйт беле!
Төрөлгөн соң — тирүүлөргө бар өлүм,
А ажалга баш ийбеген барбы, ким?
Бул дүйнө — аялдама, келип — кетер,
Ажыдаарды сорбойт деп айткан бекер!»
Акдилмиштин Айтолдуга айткан жообу
Айтты Акдилмиш: «Уктум, ата, бардыгын
Өлүм барда бул дүйнөнүн тардыгын.
Ак жашап, кара иштерден алыс качтың
Эмнеге азап чегип, кыйналасың?
Артта калар, эмне үчүн дүйнө жыйдың,
Бербейсиңби таратып анын баарын?
Эгерде оюн-зоокто өтсө күнүң,
Күнөөсүнө ылайык — өч демекмин.
Кой ата, кейигенден чыкпайт пайда —
Канчалык кыйналсаң да болбойт арга!»
Айтолдунун Акдилмишке айткан жообу
Айтолду айтты: «Э, уулум, тыңда, мени
Түйшүгү келечектин күтөт сени.
Мен акылсыз, түркөй экем, куладым,
Кайталаба осол болуп чырагым!
Төрөлгөн соң, адамга өлмөк да бар:
Качсаң да, кууп жетип ажал алар!
Туткунбуз биз — ажалга, күнүң бүтсө,
Чалмасынан чыгарбайт бутуң түшсө,
Бул тууралу акындын бар айтканы,
Дал келет мына ушуга анын баары.
«Дүйнөдө ар нерсенин чеги болот,
Тирүү жан бул дүйнөгө келген конок.
Өткөндөй күн, ай, жылдар — өмүр өтөт,
Өткөн күндөр өмүргө эсеп коёт*.
Абайла уулум,- деди, көргүн мени,
Мен көргөн кырсыгымды сен көрбө эми
Өкүнөмүн, сенсиң кайгы-арманым,
Кичинеңден жетим болуп калганың.
Менсиз уулум, көргөн күнүң не болот,
Аны ойлосом эки көзгө жаш толот.
Ата жолун көрсө бала тегинде,
Көнүп кетет оорго да жеңилге.
Бала өссө ар тараптуу таалим алып,
Ата-эненин андайда жүзү жарык.
А уулуң өскөн болсо эрке-талтаң,
Үмүт да — адам чыкпайт андайлардан.
Уулум толсун десең акыл-эске,
Билим бер, жаштайынан көндүр ишке.
Билип ал, жолун айткан тарбиянын,
Көп жашап, көп балалуу бир атанын:
«Эрке өстүбү балдарың — жаман адат,
Өмүр бою кайгыда — жашың агат.
Эрке өстүрсөң балаңды корсуң анда,
Күнөө атада, бирөөгө доомат кылба,
Балдары орой болсо сөз укпаган,
Күнөөнү издөө керек эне-атадан.
Таалим берип өстүрсөң уул-кызды,
Арылтасың кырсыктан асыл башты,
Балдарды жакшы карма таалим менен,
Анда ата ар кырсыктан алыс экен.
Уул-кызың билимди алса — терең,
Кор болушпай, көңүлдүү жашайт деген!»
Акдилмиштин Айтолдуга айткан жообу
Жооп кылып Акдилмиш айтты:
«Ата, Кайгың тартып, мен күйдүм болуп капа.
Сенсиз мен тирүү калып жашай албайм,
Азабың көрүп туруп кантип чыдайм!
Жараткан азабыңды мага берсин,
Башка түшкөн кырсыкты ала көрсүн!
Ажал келсе дабаа жок, алаар жанды,
Пешенеге жазылса, айла барбы.
Кайгы менен ыйыңдан чыкпайт пайда,
Жараткандын буйругу — жок да айла!
Бул жашоону, дүнүйөсүн кыя албай,
Көптөр өткөн, ачуу жашын тыя албай.

Кыйналба сен, өмүр — өлүм арбашсын,
Тирүүлүктү күчтөп кармай албассың.
Миң-сан адам кабыргасы сөгүлүп,
Сага чейин өткөн жашы төгүлүп.
Бул дүйнөнүн опосузун түшүндүң,
Ал — алдамчы, аны эске түшүргүн.
Канча байлык жыйган менен көз толор,
Алар энчиң эки кулач бөз болор.
Эскерип тирүүлүктү кайгырасың —
Кайгыр, ыйла — көз жашың кургабасын.
Өткөн күндөр кайра келбейт кашыңа,
Өткөн — өттү, түнүң түштү башыңа.
Бир мен болсом бар кайгыңдын себеби,
Коюңузчу, анын эмне кереги!
Төрөлгөнбүз — тирүүгө өлүм ак да,
Түбөлүктүү — бир кудай, жок да башка.
Ата болуп, кам көрдүң, кылбадың кор,
Бир кудайдын ырайымы андан да зор.
Ал жаратып берди ырыс, кут өзүңө,
Мени андан кур калтырсын несине?
Байкушту барктуу кылуу — кудай эрки,
Кичүүгө, улууга да берет энчи.
Акылмандын айткан сөзү, сал кулак,
Сокур үчүн түндө күйгөн шам чырак:
«Бир кудай өзү даңктуу, атак берет,
Кааласа урмат-сыйга салат бөлөп.
Ал кубат алсыздарга, азга — айбат,
Жакшыга урмат-сый да, жөнгө — жөлөк!»
Айтолду даана туйду уул сөзүн,
Бата кылды көтөрүп көккө көзүн.

Жалынды бир кудайга алкыш айтып,
Акыл берген уулуна жандан артык.
Айтолдунун Акдилмишке айткан жообу
«Бар тура уулумда да мендеги акыл,
Бакыт берсин кудайым, өлсөм макул.
Акыл сөздү көн окуп эсиңе түй,
Көзүңдү ачат, маанисин жаныңдай сүй!
Кудай кимге берсе акыл, билимди,
Колдоп жүрөт бардык жерде ишиңди.
А кимдин кулк-мүнөзү болсо жарык,
Күн менен Ай нур төгүп, жолу ачык.
Жакшыга — жакшы иштери байлык берет,
Боорукерге сан байлык өзү келет!»
Айтолду кайра көккө созду колун,
Жаадырды жаратканга алкоолорун:
«0 кудай,— деди Айтолду,— бүт жараттың,
Өмүр бердиң, жээр ашын тараттың.
Жараткан мага бакыт, атак бердиң,
Күнөөкөр кулуң элем кечиргиниң!
Акыл берип, мени дайым колдодуң,
Бакыт бердиң, ишке ашты ойлорум.
Баарын бердиң, ыраазымын тагдырга,
0 жараткан, карыздармын алдыңда.
Келди өкүмүң, мен аттанып барамын,
Калды артымда жалгыз уулум, карагым!
Ата элем ажал мени алып барат,
Кут берип өмүрүнө, бакыт жарат.
Кырсыктан алыс кылып кутка бөлө,
Эки дүйнө эш болуп өзүң жөлө.
Эстүү кылгын, бурба жаман адатка,
Муктаж кылба кийер кийим, тамакка!»
***
Дили менен берилип дуба кылды,—
Ал дубадан ар кырсык алыс турду!
Акылдуу бир адамдын сөзүн укчу,
Ал экен элге башчы, чынчыл, мыкты:
«Кудайым алкулум деп мээрим төккөн,
Эки дүйнө ырахат сүрөт экен.
Кайсы кулга тийсе кудай жөлөгү,
Эки дүйнө болуп турар тилеги.
Кудай пейлин төксө ишиң оң болор,
Итиң чөп жеп, бардык ишиң оңдолор!»
Айтыптыр да бир адам акылы артык,
Акылдуу сөздү туткан — табар бакыт:
«Колдосо кудай кимди — жолу болот,
Тилеги кабыл болсо — колу толот.
Кул пейли жаратканга болсо аппак,
Андайга кайгы-кырсык койбойт жолоп!»
Айтолду уулуна айтат: —«Сөз тыңшачы,
Акыры баары өлөрүн унутпачы.
Ишенбе тирүүлүккө — өтөт-кетет,
Бу дүйнө унут калат, желдей көчөт!
Тапшырдым бир кудайга уулум сени,
Өзүңө жөлөк, көмөк болсун эми.
Мына эми мен өзүңдөн айрыламын,
Өкүнүч ыйга эзилип кайгырамын.
Менсиз өтөр өмүрүңдүн сыры арбын,
Айтайын, баарын түгөл угуп алгын».
22.АЙТОЛДУНУН ӨЗҮНҮН УУЛУ АКДИЛМИШКЕ АЙТКАН НАСААТТАРЫ
ТУУРАСЫНДА БАЯНДАЛАТ
Тил, көңүлдү кудайга туура тутуп,
Эртеңди ойлоп иш кыл, болбой бузук.
Бардык ишти кудайдын буйругу де,
Ага ишенип, ак кызмат ишин өтө.
Керегиңди теңирден сурап алгын,
Жардамы сага тийет бир гана анын.
Кабыл тутуп, аткар теңир буйругун,
Сага берээр бүгүн же эртең сыйлыгын.
Жалган эмес, чындыктын жолун жолдо,
Чынчыл, түз бол — сен асты кежир болбо.
Мен өлөм, өмүрүмдү жашап бүттүм,
Не берди мага турмуш, ой жүгүрткүн!
Өзүңдү отко салба байлык үчүн,
Бирөөнүн жибин алба, салба күчүң.
Дүйнө жыйдым, жанталашып тердедим,
Күнүм бүттү, эч пайдасын көрбөдүм.
Байлыктар сеники эми, ала кетпейм,
Пайдалан, бактылуу бол, артыңды эстейм!
Мен жыйган дүнүйөнү кармай билсең,
Эки дүйнө кемибес болосуң сен.
Кармабасаң чачаарсың, түтпөйт байлык,
Саргаясың, узарат жолуң айнып.
Ишиңде адилет бол, түз жүргүнүң,
Бактылуу чынчыл киши сен билгиниң!

Адилет бир адамдын ук айтканын,
Эки дүйнө ак жолду тапкан жандын:
«Өмүр сүрөм дегендер бейпил, момун,
Калыстыктан издесин анын жолун!
Эгер сен бек болууну калсаң самап,
Адилеттик — байлыкты өзү табат.
Эгерде уулум, элди бийлейм десең,
Адилет бол, эл камын дайым жегин.
Адам пейли калыс, түз, таза болсо,
Эки дүйнө жыргалда жашайт ошо!»
Айтолду дагы айтты:— уулум, уккун,
Жакшылыкты туу кылгын атың чыксын.
Жакшылык кыл — алыс бол жамандыктан,
Анда олтурган орунуң болот кутман.
Ачуу — душман, алдырба ага деги,
Жаман иш — уулуу жылан чагар сени.
Жойпуларга ишенбе, келсе кезек,
Жойпулар кылчаңдабай сатып кетет.
Ушакчыны жолотпо жан-чөйрөңө,
Сырыңды жайып салат бардык элге.
Жолдош бол, жакшы менен, адил менен,
Байлыгың ашып-ташып болот кенен.
Баарын ук, бирок шашпа тыянакка,
Сырыңды өз ичинде бекем сакта.
Бирөөгө көз артпагын, шарап ичпе,
Бул экөө — алып барат жаман ишке.
Чыгарба аялыңды үйдөн алыс,
Төкпөсүн кокусунан абийир-намыс
Бөтөнгө эшик ачпа, арың кетет,
Акылдуу досту тандап, сынап күтөт,
Топук кыл күнүмдүккө алдырбагын,
Адилдик сан байлыктын табат баарын.
Буга окшош бир макал бар, аны билгин,
Эсиңе эрежедей тутуп жүргүн:
«Жакшыларга ылайык асыл сапат,
Керектүүсүн калтырбай дароо табат
Жаманга — байлык, малдын пайдасы жок,
Колдо барын коротуп, чачып салат!»
Уятсызга жолобой алыс болгун,
Уяттууга миң алкыш — менден болсун.
Сабырлуу бол, бар ишти ойлоп иште,
Сабырдуулар аткарат ишин мүлдө.
Баарында, бардык иште — токтоо, түз бол,
Токтоолук — бакыт тапчу ырыстуу жол.
Тилди тыйып, жөнү жок жаман айтпа,
Аз ичкин, арам ашка көзүң артпа. «
Бузулган адамдарга жолобогун,
Азгырма адамдардан алыс болгун.
Уга бербе сөздөрүн жалаң бектин,—
Жакшы сөздү туу тутуп көкөлөткүн.
Ойлобо зыян ишти, кылба залал,
Напсиңди тый дайыма жүргүн адал.
Кирчү болсоң, байкагын чыкчу жерин,
Кор болорсуң чыга албай калсаң өзүң.
Ачуу келсе, токтоткун акыл менен,
Чыдамкайлык — бакыттын жолу деген.
Айтканын ук, чыдамкай баатыр эрдин:
«Сабыр кылсаң — ийри ишти түзөтөөрсүң.
Чыдамдуу бак-дөөлөттөн куру калбайт,
Чыдамкайлар көктөгү кууну кармайт!»
Энчиңе туура келип азап тартсаң,
Чыдагын, кубанч сага келет арттан.
Алдыңдан бакыт жапса дарбазасын,
Чыда, күт: аны акыры сен ачасың.
Сабыр кыл, сабырдуулук жакшы сапат,
Сабырдуулар асманга шаты салат.
Алдыда өлүм барын эсте дайым,
Унутпа абалыңды болсун дайын.
Эл ичинде токтоо болгун, эсирбе,
Ач көздөнүп, абийириңди кетирбе.
Кирериңде чыкчу жерди билип ал,
Ойлоп сүйлө, шашмалыктын чыры бар.
Жалган сөздү жашоодо айта көрбө,
Жалганчы шылдың болот калың элге.
Дос-тууганды ала жүр жакын кылып,
Кичүүгө, улууга да болгун сылык.
Туз, даамың кенен болсун адамдарга,
Күнөөсүн кечирип кой, уяткарба.
Кудай деп кызматыңды аткар калыс,
Түз болуп, күнөө иштен качкын алыс.
Бак ачылса буркан-шаркан ташыба,
Жакшылык кыл, жыйылсын эл кашыңа.
Кубанба байлыгыңа оомал-төкмөл,
Ишенбе дөөлөтүңө, а да бекер.
Өмүрүң — көргөн түштөй заматта өтөт,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 16
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.