Latin

Куттуу билим - 02

Total number of words is 4179
Total number of unique words is 2141
28.6 of words are in the 2000 most common words
41.3 of words are in the 5000 most common words
47.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Чиркей да бир жабышса күчтүү келет,
Чакканда пилди дагы бир секиртет!>>
Кастыкты жакшы билген жоокер сөзү,
Өмүрүн чабыштарга берген өзү:
«Душманым кичине деп бой көтөрбө,
Коркпойм деп, сөз азабын тартып жүрбө.
Осол болбой касыңа сак бол дайыма
Душманга душман болуп дос бол, доско!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Акдилмиш жооп кылып айтты аган:
«Кулак сал, көңүлгө алып эми маган.
Бул дүйнөнү кудайым төп жаратты,
Жеп, ичер тамагыңды адалдатты.
Жакын болсо эгер ким жакшы менен,
Андайдын иши, жолу мыкты экен.
Адамга пайдасы бар жанга дос бол,
Эмгек кылса элине мыкты ошол.
Бактысыз, мерез болот жалгыз кыпчак,
Өмүрүн текке жумшап өзүн кыйнайт.
Эл үчүн иштебеген — өлүк адам,
Өлүк болбой, күч барда иште абдан.
Жакшы адамдын көп болот дос-тууганы,
Таралат эл ичине атак-даңкы.
Өмүрдө каалаганга колу жетет,
А дүйнө кылган иши сооп дешет.
Кырсыкка сен чалынсаң — башың саят,
Сен жетсең урмат-сыйга — бакыт табат...
Жакшылыгың арттырып жаят элге,
Жамандыгың жашырып турат жерде.
Адамдын душман гана тынчын алат,
Жакшылык, жамандыгың жайып турат.
Душманы улуп-жулуп турбаса көп,
Жакшыларга атак-даңк кайдан келмек?
Адамдын канча болсо атак-даңкы,
Ошончо артып турат кас-душманы.
Ким болсо адилеттүу, чынчыл ашкан,
Ичи тарлар көбөйөт бардык жактан.
Жакшы адамдын душманы миң-сан болот,
Наадандар өлүк сымал, душманы жок.
Билип ал: жаман көрсө кимди душман,
Ал анда жакшы адам мыкты чыккан.
Душман менен чабышкан атак табат,
Касы жоктор акыры унут калат!
Сөзүн ук, айткан экен баатыр адам.
Эрдик менен максатын кабылдаган:
«Миңдеген душманынан эчен-эчен,
Миң каргыш укпаган эр эркек бекен?
Кайрылып коет бекен көкжал бөрү,
Миң дөбөт чуу көтөрүп үргөн менен?»
Сен айттың, четтедим деп элден жалгыз,
Жашайм деп ушак-айың сөздөн алыс.
Айтасың ашык көрүп кайсы жанды,
Жалгызсың, айланада адам барбы?
Адам менен болот да адам деген,
Урмат-сыйга жетесиң сөзүң менен.
Оройбу сага бирөө — болгун сылык,
Жаман сөзгө — жакшы сөз айткын буруп.
Өз жүгүңдү өзүң тарт көмөк көрсөт,
Адам бол, жамандыкты жеңгин тепсеп!
Жүрөгүңдөн айдап чык кекти, өчтү,
Ачык айтып, туу туткун асыл сөздү.
Адилет адам айткан уккун кепти,
Ани үчүн атак-даңкка ошол жетти:
«Таарынычтын бир сөзүн оозуңа алба,
Таарыныч эч кетпеген азап жанга.
Мактагын эгер бирөө сени сөксө,
Жакшы атак сага калат, ага жектөө.
Жамандыкка жакшылык кылуу милдет,
Жакшылык — адам иши, жаман — илдет!
Четтеп кетсе өзүңдөн тууган-урук,
Жакындаш, жолун тапкын өзүң чыгып.
Таарынтса, кек санабай унуткунуң,
Кечиргин, ыйык жолуң болот узун.
Күң-кулдардын күнөөсүн кечирип кой,
Кечирдиңби — сыйлай бил дал ошондой.
Өз жүгүн өзү тартсын эр азамат,
Чыдам менен күңүндү өткөр жашап!»
Бул жерде күн көрөсүң жалгыз-жалаң,
Күткөндө мындан кайсы алар пайдаң?
Көрбөйсүң жыргалын да, пайдасын да,
Алтын-күмүш албайсың акысына.
Жер ээлеп, сарай-үйдү курганың жок,
Байлык жок, байлык түгүл, балдарың жок!
Билбейсиң бийлик күчүн, эл башкараар,
Түшүнгүн, бийлик болсо атак алаар!
Жоготтуң тапканыңды жылдап, эң көп,
Аташат элден безген календер деп.
Аз нерсеге алмашса ашкан көптү,
Элден безип тентирөө андайга энчи.
Бул энчи — кыйындыктан качкандыкы,
Бар иши — ыйлап-сыктап тапкандыкы.
Каалаганга кол сермеп жеткен мыкты,
Көңүл кош олжо-сыйга болгон жакшы.
Бей-бечара кедейге жеп, ичирсе,
Кудайды көкүрөккө бекем түйсө.
Байлык келсе жүрөгү жарылбаса,
Байлык кетсе ый-муңга малынбаса.
Ойдогусун орундап, бекем тутса,
Көңүл, тилин дагы да чынчыл кылса.
Буга ылайык айтылган жакшы сөз бар,
Көңүл бур, негиздүү сөз, түшүнүп ал:
«Кандай түйшүк болсо да көтөргөн эр,
Кубаттуу, күчү ташып турса жеңер.
Эң мыктысы өзүнө катаал келер,
Миң тилеги төп болуп турса да эгер!»
Өткүрмүштун Акдилмишке айткан жообу
«Чын айтчы, Акдилмишим, угайын мен,
Жүрөккө кандай тилек каткан элең?
Не десем да сөзүмдү бөлдүң кесип,
Жообуңду катаал кылып, темселетип.
Оюңда эмне сөз бар айтчы мага,
Көңүлдөгү сырыңды чеччи, кана!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
«Айтайын,— деди Акдилмиш,— мени тыңда,
Буйруктун күчү айдап келдим мында.
Күнтууду Элик көп угуп мактоо кепти,
Чакырып кел сени деп тез жөнөттү.
Көрүүгө сени катуу эңсеп калды,
Чаптырды, менде милдет алып баруу.
Канчалык кыйылсаң да баруу керек!
Эликке бир көрүнүп келүү себеп!
Элик — бул өкүмдар да, мыкты султан,
Бүт элдин ишенчине жетип чыккан!
Элик жүзүн көргөндөр бакыт табат,
Эки дүйнө төрүндө бейиш жанат.
Элди, жерди бийлеген адам айткан,
Акыл менен бийликтин даамын таткан:
«Адилет, чынчыл бектер куттуу келет,
Кутун төгүп элине бакыт берет.
Куттуу бектин кай жерден атын уксаң,
Бакытка бөлөнөсүң, турба аттан!
Андайдын туусу калыс, адилеттик,
Адилеттен тайыса, кулайт түркүк!
Эгерде бек турбаса тартип сактап,
Кудайым, жети кабат жерди бузмак.
Бектин жүзүн көргөнгө бакыт конот,
Иши жүрүп, күнөөдөн алыс болот!»
Билесиң — мен да мына адам болдум,
Себепчиси Элик да, жөлөөр колум.
Кудай мага акыл-эс, билим берди,
Көп жакшылык иш өтөө — колдон келди.
Иштеги ийгилик да, кудай эрки,
Эл үчүн эринбестен жүк көтөрүү.
Элик сени келсин дейт калбай бүгүн,
Чогуу болуп чечсек дейт иштин түйнүн.
Чакыргын деп жиберди мени сага,
Жөнөтпө мени жалгыз, баатыр аба.
Кат жазды Элик сага өз колунан,
Окуп көр, маанисине кангын абдан!»
***
Чыгарып Өткөрмүшкө катты берди,
Ал ачып, көзүн албай окуп кирди.
Өткүрмүштун Акдилмишке берген суроосу
Катты окуп, узак ойлоп баш катыра;
«Элик — дейт — жакшы кабар берди мага.
«Келгин»— деп Элик мени чакырыптыр,
Шакшы сөздөр катта көп айтылыптыр.
Чоң ишеним мен үчүн мунун баары,
Не кылсам, кеңешиңди берчи дагы!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Акдилмиш айтат: «Элик сага жазган,
Эми сен катты жоопсуз калтырбасаң.
Катта өзүңдү атаптыр, ал да — урмат,
Каалаптыр бир өзүңдү, күтүп жатат.
Арзыса көңүл кимге, болсо жакын,
Оозунан түшүрбөйт да анын атын.
Окуп ал, ашык жандын айтканы бар,
Арзыгандын ак жүзү — жанга кумар:
«Сүйгөнүңдүн элеси көздөн учар,
Канчалык карасаң да канбас кумар.
Арзуу тилек көңүлдү ээлеп турса,
Ооз ачсаң сөздөрүң өзү чыгар!»
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу
Эмне кылсам, берсеңчи кеңешиңди!
«Айтчы,— деди Өткүрмүш,— эми өзүңдү,
Сен мага — жакын тууган, жөлөгүмсүң,
Акыл кош,— ал туугандык өз милдетиң.
Суранам, жардам бергин кеңеш айтып,
Бул иште сенин гана оюң артык!
Сен — туугансың, эми сен досум болгун,
Дос — туугандын бир кылып кошкон жолун.
Жакынсың, бар дитимди койдум сага,
Ишенем, не кылайын, айтчы мага?»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Акдилмиш жооп айтты: «Эмне үчүн,
Суроого мага жооп бердиресиң?
Мен сага кабарчымын Элик жактан,
Кеңештин кереги эмне менден уккан?
«Жөнөйлү»— бир гана сөз айтам сөзсүз,
«Калгының» деп айтканым мага жөнсүз!
Мага жакшы сени менен бирге жүрсөм,
Жөлөк болуп, оюмдун баарын билсең!
Билимдүү чигил 1 айткан сөздү тыңша,
Билимсиз, бой көтөрүп чектен чыкпа;

Ошол чактагы күчтүү түрк урууларынын бири.
«Өзүмчүлдөн сураба акыл-кеңеш,
Айтканы анын сага пайда берет,
Кеңешсең, акылдашкын тууган менен,
Өз пайдасын эч качан көздөбөгөн.
Өзүмчүл, өз максатын көздөп турар,
Ал кеңеш түз жолуңдан адаштырар.
Ойдогу ишти жашырбай — элге салгын,
Ар ишти жүрөк менен тандап алгын.
Ишенгин жалгыз гана өзүңө өзүң,
Чыкпасын башкаларга, ашык сөзүң!»
Өзүңө өзүң гана кеңешчисиң,
Кереги эмне мен айтар кеп-кеңештин?
Алыстан келдим алып кетейин деп,
«Камдангын узак-жолго»— мен айтар кеп!
Эл ичинен табылчу жыргалчылык,
Бул жерден таба албайсың, билгин угуп.
Жыргал табар шаарлар, кыштак канча,
Сага айттым, каалаганың өзүң танда.
Билесиң, жалганы жок, бул сөзүмдүн,
Жакшылык каалаганым сага менин.
Эмнеге жерип кеттиң эл-жериңди?
Элге бар, элге көрсөт эмгегиңди!
Жардамдаш, ишин өтө мусулмандын,
Кудай сага бейишин берери чын.
Пейил, тилди кудайга түздөй билгин,
Кайда жүрсөң жакшылык иштей жүргүн.
Жалгыз жүрбөй, эл ичин кылгын ордо,
Элдин айбын көрбөстөн, өзүңдү оңдо!
Бул тууралуу айтылган ырда жакшы,
Маанисин эске тутуп, окуп алчы:
«Кайда жүрсөң, жакшылык болсун тилек,
Даража эмес, пейлиңди жүргүн түзөп.
Эстүү киши, өз ишин тескей жүрөт,
Адашпай ак жолунан доорон сүрөт*.
Пейли ак көгөрөөр болсо кайда,
Миң кубаныч бир келээр дайым ага.
Жакшы иш — бардык жерде жакшы болот,
Жакшылыкты жасасаң бакыт конот.
Жакшылык кыл, эч кимге кылба зыян,
Кайда барсаң, чочубай шилте кадам!»
42.ӨТКҮРМҮШ АКДИЛМИШКЕ БУЛ ДҮЙНӨНҮН КӨЙҮН АЙТАТ
«Жооп берди Өткүрмүш:— Айттыңыз сиз,—
Кулак сал сөз кезегин айталы биз.
Бул дүйнө сени чырмап алган экен,
Жакшы дейсиң, кемчилик четин көрсөң.
Таң калба, макал сөз бар жалган дебе:
«Сүйгөнүңдүн айыбы — уят эмес!»
Бул дүйнөгө сен катуу чалыныпсың,
Кемчилиги сага ак болоору чын.
Ашыктардын мындайча айтканын ук:
«Сүйгөнүңдө эч качан болбойт кынтык».
Сүйгөндүктүн белгиси, жаман ишин,
Сүйгөнүңдү осол деп түшүнбөйсүң.
Бул дүйнөнү жаныңдай көрөсүң сен,
Андыктан тозогу да — бейишке тең.
Эгер сен бул дүйнөнү туу көтөрсөң,
Мен анын миң айыбын айтып берем.
Кудайым күнөөсү үчүн адамдарга,
Бул дүйнөнү айланткан түнөк жайга.
Түнөктөн эмне издеп тапмак элең!
Бейиште табар энчиң, тилеген сен!
Кудайым колдойм десе момун кулун,
Дүнүйө эмес, ондогон басар жолун.
Көр дүнүйө кут эмес, колдун кири,
Кудай де,— бекем тутуп ишенимди.
Калк байыса — арылат каада-салты,
Кедейликте көңүлдүн таза баркы.
Күнүмдүктү көздөгөн жакшы болбойт,
Ишенимди кетирип, илдет жолдойт.
Мен кудаймын дегенди кудай көргөн,
Бүт дүйнөнү алам деп, итче өлгөн!
Бай адам кекирейме осол келет,
А кедей — жаны, дилин ишке берет.
Жылаңач төрөлгөнсүң, жылаңач сен,
Өлөсүң дүйнө жыйноо бекер экен.
Эмне үчүн калгансыйсың болуп түркүк?
Сен — конок, бу жашоодо эки күндүк!
Билесиң, төрөлгөнгө өлүм да бар,
Кезегин ажал күтүп турат даяр!
Баш баксаң бир эшиктен дагы эшик,
Ачылат, өлүм баарын кетет тизип!
Эки күндүк бейбана өмүр үчүн,
Күйдүрбө өмүрүңдү бекерге өзүң!
Бул өмүр өзгөрүлмө, жыргалы жат,
Бергенин ошол замат кайра алат.
Өлүм үчүн бек да бир, кедей да бир,
Жакшыны, жаманды да бөлбөйт эч бир.
Бирине жашоо берип, кайра анын,
Ордуна камдайт күндө башкаларын.
Ойлосоң көлөкөдөй өмүр өзү,
Куусаң — качат, а качсаң — ээрчийт сени.
Бул тууралуу жакшы сөз айтылыптыр,
Аны угуп, маанисине сен топук кыл:
«Бу дүйнө куусаң качат сыртын салып,
Сен качсаң, кайра жөнөйт ээрчип алып.
Ойлогун, бул жыргалдын арты зыян,
Бул дүйнөнүн душманы динде анык!»
Бул дүйнө — селки сымал куп жасанган
Көрөр замат жүрөктүн тынчын алган.
Көңүл түшүп калган соң — жүзүкара,
Жакаңа чан жармашып, минет сага!
Кылыгы, кылган иши анын жаман,
Беги менен үч ай да туралбаган!
А кокус көңүлүңдү берип койсоң,
Өмүрүң тозокто өтөр ошол бойдон!
Адамга жашоодогу өмүр кымбат,
Пайдасыз ишке бербей, өткөр кылдат.
Өмүр-жашоо, жемиши жакшылыктан,
Өмүрүңдү кетирбе текке, кутман!
Бу дүйнөнүн көйүндө үч нерсе бар:
Арам, адал, үчүнчүсү орто заар.
Адалга сый, арамга — жаза,— делет,
Орто заарды салмактап көрүү керек.
Бул дүйнө бир азгырып, таштап кетет,
Ойнойт да — жүзүн буруп кыйгап өтөт.
Эркелетип семиртет, бирде жанды,
Бирде азгырып, кайгыга көмөт жанды.
Кубанычтын акыры кайгы болот.
Жакшылыктын аягы азап-тозок.
Дөөлөттүн аягында мээнет келет,
Башында азап тарткан, бакыт көрөт:
Билип ал акылмандын айткан кебин:
«Азгырыкка алданба — шоруң сенин!»
Бүгүнкү сенде байлык — кедейлигиң,
Кембагалды азыркы — бай деп билгин.
Сага ким тил тийгизсе, болбо аксым,
Кара жерге киргенде өч аласың,
Курганыңдын бардыгы урап калар,
Чогултканың акыры бүт чачылар.
Бу дүйнө узак эмес, кетет өтүп,
Алдыда келечегиң чын түбөлүк.
Бардыгы бул омүрдө жашап өтөт,
Сага да, кача албайсыз, кезек жетет.
Эстүү жан көр дүйнөгө азгырылбайт,
Акылман келечекти бүгүн кармайт!
Өлүмүн унутпаган, шашуу билбейт,
Өлөрүн ойлой жүргөн, кекирейбейт.
Жолоочу түйшүктөнбөйт там курам деп,
Көчмөндүн ашык жүксүз болгону эп.
Жолоочусуң, бул өмүр — аялдама,
Үмүт кылып жол карап көпкө турба!
Байлыкка умтулгандык бөөдө кырсык.
Өзгөртөт кулк-мүнөздү такыр бузуп.
Календерлер байлыкка колун сунбайт,
Шакирттери жыргалга азгырылбайт.
Турмуш сага тузакчы көрүнбөгөн,
Кадам сайын тузагын камдап жүргөн.
Алаңгазар адамдын көзү тойбойт,
Торго түшүп жатса да жалкып койбойт.
Сөздү баккан бир акын айткан экен,
Акыл менен бүт баарын сезе жүргөн:
«Жем көрүнөт, көрүнбөйт тузакчысы,
Көздү алат колуктунун жасалгасы.
Ачкөздөр, эрки да жок алаңгазар,
Илинсең капкан болуп чабар катуу!»
Мисалы, эл чогулткан байлык-дүйнө,
Миң жылдан өмүрүңө жетет мүлдө.
Пайда канча, баары бир барар жериң,
Караңгы көрдүн түбү, бир бөз кепин,
Өз өмүрүң өзүңө энчи келет,
Эмне берсең өмүргө, кайра берет.
Өкүнбөгүн, бул жашоону оюн кылба,
Кызматыңа жыл, Ай, Күн күбө тура!
Өмүрдө топук кылар үч нерсе бар,
Үчөөнөн тең адамзат жыргал табар.
Биринчи — ичкен тамак, жеген ашың,
Экинчи — өмүр кошкон аял затың.
Үчүнчүсү ден соолук, тирлигиң,
Бул үчөөнүн сактоо керек бирдигин.
Бул үч нерсе — өмүргө кубанч берер,
Үч зыян бар — сен андан алыстай көр!
Ичкен-жеген — жашоого зарыл, керек,
Андан да кээде адамга зыян келет.
Үч манжадан тамакты жегин ченеп,
Ашыгы ашказанга күч келтирет!
Сиңирбесе тамакты — ич бузулат,
Ич бузулса — сыркоого жол ачылат!
Сыркоолук — ал ажалдын чабарманы,
Өлүм жаман, кутманым, куугун аны!
Да бир жыргал — кошулган аял затың,
Муздак сууга чайканып чыккандайсың!
Андан кийин төрөлөт бала-чака,
Өстүрүү уул-кызды — түйшүк таза.
Угуп ал бул жөнүндө жакшы ырды,
Айтылган аял, бала, сен тууралуу:
«Эң жыргал — жакын болуу аялыңа,
Зыяны — муздак суусун чачканы да.
Зыяны жок жыргалдар болор бекен?
Жыргалдан тапкан пайдаң ачуу тура!»
Самайбыз биз өмүрдөн дайым жыргал,
Бул жолдун буйткасы көп, күтөт куурал.
Канчалык таттуу болсо өмүр сүргөн,
Ошончолук катаал да өлүм деген!
Өмүрүңдүн душманы — үчөө делет,
Ак пейилим, жообун уккун, демек!
Бир душманың — кумарың, дагы — денең,
Эки душман бириксе чырмайт бекем.
Азезил, шайтан — болот үчүнчүсү,
Сактасын бул кырсыктан, кудай өзү!
Өз денең — жамам ишке түрткү берер,
Кырсыкка, кесепетке баштап жүрөр.
Кудай десең, качат да азезилиң,
Кумарыңды, тыя алсаң — тийет күнүң.
Өз денеңди өзүңдөн бөлө албайсың,
Ажал жетсе ажырап калары чын!
Акыл жүгүн көтөргөн адам айткан,
Акылдуу кеңешти угуп, ойлон, сактан:
«Өз денем — кайра өзүмдү кыйнап тынды
Бирде күлкү, а бирде берет — ыйды.
Бүт дүйнөнү имер деп кысат, шыкап,
Бирде ачка, бирде ток тарттым азап.
Бирге жетсем, да бири сунат колду,
Ойлоймун ушуга эле жетсем болду.
Бул балээден кутулар күч таппадым,
Арылта көр азаптан, бир кудайым!»
Ал туура, денең — душман, улам тилеп,
Семирип кетээрлигин гана билет!
Өтө семиз байталың азоо келет,
Чабандести жыгат да, качып кетет!
Өтө семиз тайган да ууга жүрбөйт,
Аң уулоонун амалын такыр билбейт.
Карды тойсо — унутат чуркаганды,
Кеп эмес өз ээсинин кыйкырганы.
Дене да кичинекей кереметтей,
Тойдубу, керек жакка безип кетмей.
Тойгон соң, туралбайсың, умтулсаң да,
Дененин көп талабын кабыл кылба!
Тирүүлүктүн маңызы үч гана күн,
Калганы — көргөн түш да, караңгы түн.
Кечээки күн, да бири түн алдагы,
Эртеңди — элдин баары көрө алабы?
Андан өтсө санаба тирүүлүк деп,
Эстебе жашоого деп, болбогон кеп.
Аял менен катнашуу — заматтык иш,
Денедеги эркектик отту өчүрүш.
Өчүрөсүң тез эле кумар отун,
Мейли сулуу, а мейли көрксүз болсун.
Кекиртектин айласы карын камы,
Карды тойгон көздөбөйт көп пайданы,
Карын тойсо халва да, арпа да бир,
Калганы арбын калат — бербейт үзүр!
Жегениң шекер беле, халва беле,
Турасың ачка бойдон эртең эле.
Сөздү ук бир акылдуу кедей айткан,
Жүрөгү ак, көрөгөч келген абдан:
«Сен жедиң ширин тамак, казы-жалын,
Мен жедим — жалаң кебек, ичек-карын,
Бир тоюп экөөбүз тең уктап калдык,
Ушинтип өттү өмүрлөр, таң калбагын!»
Жыясың, дүйнө-мүлктү — калсаң өлүп,
Эки кез кенин менен коет көмүп!
Байсыңбы, кедейсиңби — ажал билбей,
Жашырат, көр ичине — мансап бирдей.
Болгону эки күндүк өмүрүңө,
Жанталашып арзыйсың мынча неге?
Байлыкты, дүнүйөнү дейсиң жыйсам.
А ажал сени аңдыйт жылдырбастан,
Кезегиңде өмүрүң сенден качаар,
Шум ажал тамырыңды кыйып салаар.
Төрөлгөн соң өлөсүң, аргаң барбы,
Кайсы күнү өлөрүн билген барбы?.
Жаш кезекте самайбыз сакал-мурут,
Сакал чыкса — эңсейбиз илгери үмүт.
Агарса сакал-мурут — өлүм келет,
Өлүмгө дабаа болор күч жок демек!
Байлык деп отко салба өмүрүңдү,
Оорутпа зордоп, күчтөп көңүлүңдү!
Байлык деген ойлосоң шор суу келет,
Канча ичсең да канбаган суусун демек!
Адамдар ачкөз, окшоп чөлдө кумга,
Дайраны куйсаң дагы, калбайт ным да!
Тирүулүктүн түйшүгү закымга окшош,
Жакындасаң алыстап, эч жолотпос!
Ал закым көрөр замат көздөн учат,
Артынан түшүп куусаң, алыс сызат.
Бекем кармап ким өзүн — кылса кызмат,
Бул оору жармаша албайт, алыс турат.
Азгырылып шайтанга сунба моюн,
Кумар— анын максаты, тилеги — оюн.
Өткөн өмүр токтолбой кетет ары,
Эч ким билбейт канчасы калды дагы.
Булгаба өмүрүңдү таза тургун,
Өлүмгө моюн сунуп, дуба кылгын.
Угуп ал ак пейил эр айткан сөзүн,
Ар кырсыктан тазартып туткан өзүн:
«Өткөрдүң куюндай бул түнүңдү,
Өткөрөсүң ошондой эртеңиңди.
Өмүрдө көнөсүңбү, көнбөйсүңбү,
Тыныгуу аз, кыйнаба сен өзүңдү!»
Көп болду мында келдим, кырсык билбейм,
Күндөр өтүп, напсимди тыйгамын мен.
Сен мени шаар, элге чакырасың,
Напси кетсе — канткенде кутуламын?
Напси душман тараган бардык элге,
Тузагын жайып койгон бардык жерге.
Алданба, тыя жүргүн аны өзүң,
Акыл менен иш кылсаң сен жеңесиң,
Эрки бек түшүнүктүү мындай айткан,
Сөзүн ук, пейлин түзөп өзүн туткан:
«Өз денеңдин туткуну боло көрбө,
Туткун болсоң, ошого курманмын де.
Алдашандар азгырык кумарына,
Акылсыз алсыз жандар болот тура.
Напсиге эгерде ким берсе сыйын,
Андайды акылдуу деп айтуу кыйын.
Акылсыз деп айтабыз адамдарды,
Карынынын камында калгандары!»
Билими жок кишилер — жансыз өлүк,
Курсак тойсо ошону жыргал көрүп.
Бул дүйнөнүн кемтиги мына ушундай,
Түшүнгүн, айтып бердим эч жашырбай!»
43.АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ - БҮГҮН КЫЗМАТ ӨТӨӨ МЕНЕН, ЭРТЕҢКИГЕ ЭЭ
БОЛУУ ЖОЛУН АЙТАТ
Айтты Акдилмиш: «Урматтуу, кутман адам!
Көңүл коюн тыңшадым жообуңду айткан.
Угуп ал бул сөзүмдү айтам ачык,
Акыл менен билимге болоор азык.
Бул дүйнөдө жоготуу, ачуу келсе,
Аны неге күчтөйсүң сен жүз эсе?
Кең дүйнөнү анчалык кылбагын тар,
Кулуна кудайымдан ырайым бар.
Азабына жараша жыргалы бар,
Күнөкөрлөр алардан сооп табар.
Азаптан корк, үмүттөн рахым де,
Сен сыйынсаң сообу — бир өзүңө.
Айыл, шаардан адамдар келип калса,
Оор жүгүн көтөрүп тоого барса,
Бүт дүйнө алар үчүн болмок өлүк,
Уланбай эл уругу, өсүп-өнүп.
Кудайым кулдарына жайды коштоп,
Куруптур, бири — бейиш, бири — тозок.
Адамзат — түйшук тартат күнүмдүккө,
Күн өтөт алмашылып күндөн күнгө.
Тозокко — түшөт жандар кудай дебес,
Бейиш деле ачык го, жабык эмес!
Көз, кулакты жараткан эки кылып,
Турсун деп эки дүйнө көрүп, угуп.
Адамга эки колду берген эптүү,
Кармаганга бүгүндү, акыретти.
Адамга эки бутту берген тура,
Эки дүйнө такалбай басарына.
Ашкан эстүу кеменгер адам айткан,
Аны уккандар жашоодо атак тапкан:
«Акылы бар адамдар силерге айтам,
Сак болгула, абайлап ар кырсыктан!»
Эки дүйнө кудайым түзүп койду,
Келдиң бүгүн, эртеңге тарткын жолду!
Жараткан жаратыптыр адамды да,
Кумар менен напсиге тойбос кыла.
Карынга — аш, кийүүгө — кийим керек,
Түйшүк менен эмгекте өмүр сүрөт.
Тирүүнүн көр оокатсыз күнү болбойт,
Кийим кийип, курсагы тойбой койбойт!
А эгер тапкан болсоң адал дүйнө,
Кедейге энчисин бөл, алсын күндө.
Мол болбосо ичерге тамак-ашың.
Кыйналаар азап тартын кайран башың.
Кудайдан корк, а бирок кудай дегин,
Үмүтүң мээриминен үзүлбөсүн.
Ушул эки ой — милдетиң, унутпагын,
Кудай ден ак жолуңдан адашпагын.
Акылдуу адам сөзүн уккун тактап,
Нааданга ушул сөздөр акыл-насаат:
«Коркуу, үмүт — үзүлбөс эки канат,
Кармаган бул экөөнү — бакыт табат.
Кудайдын буйругун ук, күнөөкөр кул,
Азаптан мына ушул алып чыгат!»
Үмүт, коркуу — учууга эки канат,
Ар адамды асманга алын барат.
Үмүт кыл, коркно өткөн күнөөң үчүн,
Кудайыма дитиңди бергин бүтүн.
Кул өмүрүн арнасын кызматына
Кул болгон соң кулдуктан танбасын да.
Сөздү угуп, ошого моюн сунса,
Осол болбой ой-ишин туура кылса.
Кедейсиң, тобо кылгын карап турбай.
Түшүнгүн, кедей деген күнөөгө бай.
Эл ичинде, түшүнгүн, алсыз сенсиң,
Бардык элге иш-сөздө ак дил берсин!
Мынакей, билгенимдин баарын айттым,
Кеңешти угуп, ак сөздөн баар тапкын.
Албасаң эгер кабыл — айтканымды,
Түшүндүр, мен угайын, бар сырыңды?
Узун сөздөн пайда жок айткан менен,
Маңыз сөздүн мааниси болбойт экен!»
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу
Башын мыкчып Өткүрмүш көпкө туруп,
Кайрадан коногуна жүзүн буруп:
«О, боорум,— деп баштады — мага кыйын,
Чыныгы айттың сөзүн туугандыктын.
Жакшылык мага тилеп айтып өттүң,
Теңирим тилегиңди кабыл этсин!
Байкап көрүп бул иштен, таппай турам,
Пайда жагын, баатырым эмне кылам?
Көңүлү чаппагандан адам — качат,
Көңүлсүз бүткөн ишиң кайра — азап.
Акыл менен иш кылган адам айткан,
Эл сүйүп, элге жакшы сезим тарткаң:
«Кандай ишке келсе эгер киришкин,
Эң оболу көңүл менеи кеңешкин.
Адамдарга айтып берип акылдаш,
Көңүл чалса, мына ошондо жакындаш.
Баарынан өзүңө өзүң эң жакының,
Көңүл чаппас иш болсо урунбагын!
Көңүлсүз бүткөн иштен чыкпайт майнап,
Пайда эмес, зыян чыгат анда жайнап!»
Мындай ишке жүрөгүм чаппай турат,
Бул сөздөн аиан кантип майнап чыгат.
Кечирип кой өзүмдү, сурайм эми,
Өз жайыма койсоңчу тийбей, мени!
Мен Эликке эч пайда бере албаймын,
Жайыма кой, эч кайда бара албаймын.
Элден качып жашагам — ушул чөлдө,
Кайра кантип артыма,барам элге?
Кудайга деп өмүрдү касам ичкем,
Эми кайтуу артыма,болбойт, ишен
Жөн кой мени, сыйынып теңириме,
Сен үчүн да дуба окуймун, эми күндө.
А кокус мени дагы көргүң келсе,
Мен барайын өзүңө, издеп келбе.
Мен куурайын, сен гүлдөп, бүрдөп өнгүн,
Эликке кызмат өтөп, убай көргүн.

Мээрман адам айткан сөздү тыңша,
Жакшылык кылган жакшы жакынына:
«Эл үчүн көңүлү оорур ачык адам,
Ишке ашат тилек-ою — ардактаган!
Ак пейилден жол жүрүп, жетем деген,
Өз тилегин чарчабай табат экен.
Адамды бийлеп алса асыл максат,
Чарчабайт, ак тилегин акыр табат!»
Айтыптыр элге жаккан адам жакшы,
Чынчылдыктан ал тапкан атак-даңкты:

«Көңүл чапса ыраак жер жакын болот,
Жакшылык көңүлүңө болсун конок.
Бир карыш Батыш, Чыгыш аралыгы,
Ишеним коштой жүрсө сени жолдоп!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Жооп берди Акдилмиш:— «Айткан сөзүң,
Эшиттим,угуп тургун эми өзүң.
Өзүң бил, жете бергин тилегиңе,
Зордобойм, кир сактаба жүрөгүңө.
Сөз бүттү, жашай бергин аман-эсен,
Уят кылбай кат жазгын, ала кетем!
Элик сага кат жазган өз колунан,
Барбайсыңбы, кат жазгын, ала барам!
Анда мен жообуңду ала кетем,
Он толгонуп оюңду жазсаң экен.
Толук жазгын калтырбай, унутпагын,
Мен жөнөйүн Эликке, тетик жаным!»
44.ӨТКҮРМҮШ ЖООП ЖАЗЫП ЖӨНӨТКӨНДҮГҮ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Жооп берди Өткүрмүш: «Тетик адам,
Керек десең кат жазып берем саган»
Сурап алып кагазды, сыя, калам,
Эликке катты жазды баштап анан,
Кудайды атап тобо кылып демденди,
Жаратканым кечирээрсиң пендеңди.
«Мен кудайга тобо кылам дилимден,
Миң мертебе ыраазымын бүгүн мен.
Ал жасады» асман-жер, Айды-Күндү,—
Күн жарыгын жана да көөдөй түндү.
Жан жаныбар жаратты мин-сан кылып,
Тирилигин улантты аш-жем сунуп,
Өзү жалгыз жаратты эки дүйнө,
Сөз менен айтуу кыйын, болот күнөө.
Ал жалгыз, бардык жерде, көрүнбөгөн,
Кездешкен оюң менен, көңүл менен.
Ал жалгыз , күчтүү жана бийик турат,
Кадырлап аалам эли тооп кылат.
Кол алдында тургандын — баарын түздү,
Мээрим менен бөпөлөп тегиз күттү.
Түн эле ушул дүйнө капкараңгы,
Эрки менен теңирим Күн жаратты.
Үстүбүзгө жаратты көк асманды,
Кошо түздү Күн, Айды, жылдыздарды.
Кара жердин үстүнөн суу агызды,
Салкын желди жүргүзүп от тамызды.
Жерди, сууну, ысык менен аптапты,
Баарын түздү, бардыгына жай тапты.
Бардыгы анын эрки: кызмат — сыймык,
Жасалма сыйынганга наалат кылдык.
Ал каалап «Бол» дегени болуп турат,
Айтканы ошол замат орундалат.
Миң алкыш кудайымдын элчисине 1
Жол көрсөткөн дайыма пендесине.
Эликке дуба кайрып, жооп жаздым,
Дени сак жеткире көр, өзүң бачым.
Элик мага кат жазып, урмат кылды,
Аны окуп, көз ачылып, көңүл тынды.
Кубанам акыл-насаат. сөздөрүнө,
Ак сөзү баалуу сыйлык бир өзүмө.
Өкүмдардын өтө зор убадасы,
Курсак ток, кийим бүтүн, сыйың жакшы.

Мындай сый-урматтарды көргөн адам,
Тартынбайт ааламды алты айлангандан.
Сый көрсөм өтөбөстөн кызматыңды,
Кыйын болоор баалашым жакшылыкты.
Бирок мунун зыян жагын карагын,
Барсам сага кийин тийээр залалым.

Курандагы Мухаммет пайгамбар туурасында айтып жатат.
Биринчиден — билбеймин иштин жайын,
Кызматым кыйын болоор элге дайым.
Иш кылуунун билбейин жол-жобосун,
Билбесең үрп-адатты начар кулсуң.
Экинчиден, бул дүйнө катаал экен,
Чагымынан күнөөгө батаар бекем?
Бир кудайга ишенип, сыйынамын,
Кудайым ыйманымды сактайт дайым!
Ичер тамак, киерге кийим демек,
А мага мындан бөлөк эмне керек!
Жакам бүтүн, ичээрге тамагым бар,
Буйруганы кудайдын болор даяр.
Теңирим өмүр берди, сактап келди,
Дагы да бир кудайым жөлөөр эми.
Энчиңди берген экен кудай сага,
Эмнеге мерез болсун анан мага.
Күүлү болсом, кедейлигим,байлыгым,
Бир кудайдан, кубаныч же кайгы, муң.
Тобо кылып, бактым кудай эшигин,
Эң акыркы барар жерим, чечимим!
Мейли барып босогоңдо түнөйүн,
Жашоо үчүн анда эмне тилейин?
Экөөбүз тең бир кудайдын кулубуз,
Алдында анын бирдей тагдыр, кунубуз.
Кулга кулдун бөйнөңдөшү болобу,
Кулга кайра кул болгондор оңобу!
Адамдын намыс-ары күчтүү болсо,
Кудайга кулдук урсун ал ошончо.
Дили таза бир адам жакшы айтыптыр,
Кулак алып ушуга, көңүлдү бур:
«Ачка-токко сыйынба, текке турат,
Ал ишиңден акыры эмне чыгат?
Бир кудайга сыйынуу болсун адат,
Күнү-түнү сыйынган баар табат!»
Төрт өтүнүч айтайын уккун, Элик,
Дуба кылам өзүңө көңүл бөлүп;
Түбөлүк өмүр берип, өлбөс кылгын,
Жашайын жигит бойдон, карытпагын.
Ден соолугум чың кылгын, оору бербей,
Бай кылгын, кедейликти өтсөм көрбөй.
Аткарсаң төрт тилекти кулмун дайым,
Өмүрүмдү өзүңө сарп кылайын.
Өтүнчүмдү кабылдап уксаң эгер,
Кулуңмун, өмүр бою кызмат өтөөр.
Муну иштөөгө келбесе, алы-күчүң,
Айырмаң не өзүмдөн, айтчы өзүң!?
Ичээрим, кийерим да — менде даяр,
Жана да керегимди кудай табаар.
Кудайымдан жакшы атак, жаман үлүш,
Эрки анын узак өмүр, өлүм бериш.
Түшүнүп кабыл туткан — эстүү, бийик,
Башкача жолу барбы, айтчы Элик?
Бир кудайым өзүмө таяныч-жөлөк,
Бул жүктү өзүңө алып эмне керек?!
Сага өтсөм, өзүм сени коргоом керек,
Бул жерде кудай мага коргонч — көмөк!
Сен тойбосоң, тамак жок мага дагы,
А кудай өзү жебейт, менде камы.
Көңүл чөксө кыйналбайм айтамын деп,
Айттырбай ойдогуну өзү билет.
Күзөтчүсүз жашаймын, чочуу болбойт,
Бардыгынан бир кудай өзү коргойт.
Жаза бассам бир жолу кечирбейсиң,
Миң күнөөмдү кудайым кечет бүтүн.
Күнөөлүүнүн сөзүн ук таамай айткан,
Көңүл сырын апачык даана тапкан:
«О, кудайым, мээрманым, теңирим,
Бийлик кылат, сенин адил амириң!
Көңүлсүздүн сенсиң сүйөк-өбөгү,
Жардылардын сенсиң арка-жөлөгү.
Сыркоого — шыбаа өзүң, муңга — дабаа,
Кырсыкта — көмөкчүсүң, дос — жалгызга.
Кубанчым, сүйүнчүм да менде болгон,
Жараткан, бир өзүңдөн — алган олжом.
Теңиримдин алдыңда күнөөм арбын,
А сенин мээримиңе жетпей калсын!
Кечир мени, сага оңой, күч өзүңдө,
Кыйнаганда не пайда? Кыйнай көрбө!
Күнөөкөрмүн, а артык сенде мээрим,
Байкуштардын кечиргин күнөөлөрүн!
Жазабы — татыктуумун,— жазалагын!
А кечсең — сен кененсиң, кечир баарын!
Билесиң ушул жерде мен жалгызмын,
Билемин алыс жерде сен жалгызсың,
Күнөкөрмүн, кыйналам кайгы тартын,
Сен — боорукер, жакшылык сенде артык.
Дилим ак — аманатка жаным даяр,
Таппадык башка аманат сага жарар!»
Бул дүйнө көз ирмемдей кыска,
Элик, Башталат да, тез эле кетет өтүп!
Кур кыялга алданып эмне керек,
Күнүмдүккө баш уруу эмне берет?
Карасаң: атаң, иниң баары өтөт,
Энең да, уул, бүлөң баары кетет!
Ажал жеткен өлөт да, калган тирүү,—
Кара жерди жамынат бүтсө күнү.
Бошоң болбо, чечкиндүү болгун Элик,
Өмүрүңдө жакшы атың болсун бийик.
А эгер өткөн өмүр кетсе текке,
Келечекки күнүңдү булгап өтпө.
Алгының өткөн күндүн жакшыларын,
Эртеңкиге кам көрүп даяр баргын.
Мен болсом, акыл толгоп, тапкан ак сөз,
Бул жерден сага баруу зарыл эмес!
Жүрөгүмдөн жеридим бул өмүрдү,
Ишенгеним кудайым, жок бөлүнүү.
Жайыма кой, өзүмчө өмүр сүрөйүн,
Мында сага дуба окуп жүрөйүн.
Барганымдан пайдам кандай сен үчүн,
Өзүңдү өзүң колдой билгин, кеңешим.
Мага окшоп алыс болгун адамдардан,
Мага да, сага да жок пайда андан.
Ушул жерде өткөрүп калган күндү,
Жаратканга өтөйүн милдетимди.
Жетиштүү мага баары — калганы бош,
Бул өмүр негизи жок, көңдөйгө окшош.
Өмүр өтөт токтолбой бороон болуп,
Бу дүйнөдөн түңүлдүм, эми толук.
Карыным — ток, кийим — бүтүн турушум,
Пайдасы жок жыйган байлык курусун!
Кийми бүтүн, карды ток киши айткан:
«Колунда бар киши эле өзүнчө хан!»
Ыраазы киши айтыптыр тагдырына,
Эркиндикти байлыктан тапкан тура:
«Бергенине тагдырдын карыным ток,
Кийимим — үстүмдөгү, башкасы жок.
Тирүү болсом табаармын ырыскымды,
Кудайымдан ырайым калбас токтоп!»
Кызмат кыл деп чакырса Элик мени,
Менде жок, акыл менен билим жөнү.
Эл ишине жарайт деп жүрсө эгер,
Ачык айтам, менде жок андай өнөр!
Иш тууралуу сөз болсо — начар жанмын,
Миң киши үчүн иш кылат бир тууганым.
Мени мактап, о Элик, келсе айткың,
Өзүңдү жакшы тутуп, өздөн тапкың.
Миң жакшылык кылам деп жулкунбагын,
Ак жолуңа бет буруп жакындагын.
Миңдеген мыктыларды топтоп көптөн,
Кызматына өзүнүн Элик чеккен.
Эликке менден кандай жардам болот?
Пайдасы жок ишиңдин — майнабы жок.
Суранам кыйнай көрбө мени бекер,
Жайыма кой, кыйналбай, күнүм өтөр.
Көп нерсени айтканга куштар элем,
Калганын бир тууганым айтаар кенен!»
***
Сөзүн бүтүп, бүктөдү катты бекем,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 03
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.