Latin

Куттуу билим - 07

Total number of words is 4266
Total number of unique words is 2132
29.4 of words are in the 2000 most common words
43.4 of words are in the 5000 most common words
49.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Не кылам мындан ары, кантем эми,
Ийилген бел кайрадан түзолөбү?
Бектик эмне! Мага оор салмагы анын,
Көңүл калып, кайгырып кыйналамын!
Аскери жок болбойт да эл башкаруу,
Бир бек үчүн эң кыйын так аткаруу.
Аскер үчүн, албетте, байлык керек,
Байлыксыз аскер топтой алат белек!»
Аскер баштап көнгөн эр акыл айткан;
Бийликти да колунда жакшы туткан:
«Бектин күчү — казына, аскер келет,
Эки тирек бек болсо бийлик да бек.
Бул эки күч бар болсо, бек дагы бар,
Жок болсо ушул экөө таажы кетет!»
Аскер баксаң киреше арбын керек,
Мал, дүнүйө күч менен өзү келет.
Менде бирөө — ийин дагы, моюн дагы,
Оор го мынча жүгүн элдин алуу?
Албетте, мусапыр да күнүн көрөт,
Өлүм дагы баарыга бирдей келет!»
72. АКДИЛМИШ ЭЛИККЕ ЭЛ БАШКАРУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУН АЙТАТ
Жооп кылды Акдилмиш: «Кут, бак конуп,
Бардык ишиң оңолсун жолуң болуп!
Жаман сөздү эзели оозуңа алба,
Акылманым жамандык болот анда.
Бектигиңди сен сурап алган жоксуң,
Теңир буйруп берген соң, жолдуу болсун
Кадырлан бир өзүңө бектик берди,
Шүгүр дегин ушуга, кутман билги.
Көңүлүңдү ак тутуп, кудай дегин,
Элиңе адилеттүү жашоо бергин.
Ачуу келсе кармагын акыл менен,
Напсиң келсе арбагын билим менен.
Тарбиячы адамдын акылын ук,
Напсисин билим менен жүргөн тыйып.
«Түзсүңбү — сындыр кумар кыр аркасын,
Жолуң түз, эч убакта бузулбайсың.

Бек болуп, көр напсиге алдырбагын,
Болбосо ишенимден кур каласың!»
О, Элик, мынча неге алсырайсың,
Ак жол үчүн алп тоодой кубатың чың!
Мынчалык кайгы муңга неге баттың,
Эмне үчүн бул дөөлөттөн келет качкың?
Аскер күчтүү колуңда, казынаң мол,
Акыл менен билимиң өбөлгө зор!
Аскериңе казнадан дүнүйө бөл,
Андан соң ойдогуңду бүткөрө бер!
Айтыптыр душманына каардуу жан,
Алтынга каршы турбайт эч бир душман
«Согушта жеңиш колдо болсун десең,
Аскериңди марытын, мактай бил сен.
Баарын бер да, буйрукту кошо бергин,
Тилегениң төп болот, аны билсең!»
Аскер көп күт, баарына бергин белек,
Керек кезде аскериң жанын берет.
Аскер менен душманды талкалагын,
Кудайдан кубат тиле — ошол камың.
Капыр үчүн аскерди даяр карма,
Капыр өлсө, бат эле чыгат кайра.
Жайын бузуп, буддасын кошо сындыр,
Жамаат түзүп, жана да мечит курдур.
Кызын күң, уулдарын кул кылгының.
Байлыгына казнаңды толтургунуң.
Мусулман кыл, шариат жолун ачкын,
Атың чыгын, урмат-даңк ашып-ташсыи.
Мусулманга колуңду көтөрбөгүн,
Мындайды жакшы көрбөйт Көк теңирим.
Мусулманга мусулман тууган келет,
Тууган менен чырдашпай жардам берет.
Калың элге камкор бол, жардам кылгын,
Атыңды атан ар дайым дуба кылсын.
Кубанчыңды кур койбой кудай берер,
Эки дүйнө эшиги ачык келер!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
«Эң жакшы, — деди Элик — ушул сабак,
Колдон келсе ушундай кылам талап!
Жетүүнүн буга канча жолдору бар,
Жардам берчи, көрсөтчү кандай алар?

Элди тескеп, өлкөнү башкаруу эп,
Ички-тышкы иштерди жөндөш керек.
Ишенимдүү адамды баалап, сыйлап,
Ишенимсиз жан болсо жазалоо бат.
Чыңдоо керек өлкөнү эң биринчи,
А дегенде жоготуп ичкиликти.
Калкка берүү эң жакшы, бекем заңды,
Тазалап эл ичинен, калп, жалганды.
Башкаруунун оң жолун билбейм өзүм,
Ишке иштер уланып, жумбайм көзүм!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
«Карап турба, о бегим,— деди Акдилмиш,—
Айтканыңды аткарып жасагын иш.
Кылар ишти эмнеге созуу керек?
Кечиктирсең — мезгилиң өтүп кетет!
Бүгүн калса бир ишиң, эртеңге күч,
Иш көбөйсө үйүлөт, кыйын бүтүш!
Эртеңкиге калтырбай бүгүн жогот,
Эртең ишти бүтүрүү кыйын болот.
Бардык ишти дит менен анык аткар,
Эртең сени өз элиң алкаар, мактаар.
Баары менен жакшы бол, жаманга кас,
Колуңду таза карма, күнөө калбас.
Чынчыл, түз, адилеттин жолун жолдо,
Кыйшык, жалган алпарбайт жакшы жолго.
Өжөр гана өз ишин билбей жүрөт,
Бузуп алып, артынан оңдоп кирет.
Наадандарга жолобо — бузуп тынат,
Чынчыл менен бир болсоң, түзөп турат.
Тыңша сөзүн ак пейил, чынчыл жандын,
Көңүлү түз, тили ачык болгон анын:
«Жаманга жакындаба, чынчыл, түз бол,
Жалганчыга бардыңбы — жалганчы ошол.
Жаман адат кырсыкты алып келет,
Чынчылдарга жакындап, адилет бол!»
Болбосо колдо аскериң, тынчтык болбойт,
Аскер сени калкалап жоодон коргойт.
Аскер күчтөн, аларга олжо тарат.
Байлык бергин кедейге, ачка — тамак.
Кызматчылар жүгүрүшөт үмүт менен,
Кетип калат чыгышса ишенимден.
Алдыңда кызматчылар түрлүү келет,
Ар бирине ар башка кароо керек.
Жакшы көрөт — бири анын, сыйлаганды,
Сый көрсөтүп, кубанткын анда аны.
Дагы бири олжону жакшы көрөт,
Аяба байлык андан — жанын берет!
Үчүнчүдө олжо да, даңк да тилек,
Андайды ат-тон берип, мактоо керек.
А эгер баатыр болсо, күмүш бергин,
Кылыч алып жооңду жеңип берсин.
Билими, илими бар акылманды,
Жоомарт болуп сый тартып кадырлачы.
Жаман зулум, көөдөктү көтөрбөгүн,
Жол бербегин чоң кырсык табат элиң.
Мактанчаакка башкадай олжо бербе,
Андайлардан азап-шор келет элге!
Билип алгын маанисин асыл сөздүн:
«Байып кетсе зор көрөт жаман өзүн».
О кутман, эси жокту байытпагын,
Байыган соң, пейилин бузат аның.
Жакшынын эгер болсо колу кыска.
Ийилер анын бели муктаждыкка.
Жакшыны эгер кокус кайгы басса,
Жаман болот айласыз, жакшы адам да.
Жамандарды жазалап, оң жолго сал,
Жакшыларды көтөргүн — оңолот ал.
Ишенимдүү, изгини ишке чеккин,
Абийирсизди жолотпо, алыс кетсин.
Кимден пайда, кимдердин жок найдасы,
Айрый билгин акылман адам кайсы?
Билип ал кимдер жакшы, жаман көрөт,
Жакшыга — өз, каска — өрт болуу керек.
Өзүңдөн бөлүнгөндү жинин кагып,
Жакындатпа ишиңе, каарыңа алын.
Чын, жалганды кошпостон таанып билгин,
Жарактуу, жараксызды айрып жүргүн.
Бир ишти тапшырбагын эки жанга,
Тапшырдыңбы, ал ишиң жылбайт алга.
Аткара алчу адамга тапшыр ишти,
Ишти билбес адамда шылтоо күчтүү.
Кошоматчы-шашмага иш бербегин,
Тандап бергин адамдын жөндөмдөрүн.
Өзүңө, элиңе да камкор болуп,
Бирөөдөн жардам күтпө, аның кордук.
Талап кылба өзүңө элден байлык,
Адат алып кетесиң өзүң айнып!
Жакшылык сага кылса — кайтар толук,
Пайдасызды жолотпо — катаал болуп.
Акыреттүү адамды баалай билгин.
Ар дайым иш тапшырып кармай жүргүн.
Сен аткарар кызматтар мына ушулар,
Аткарсаң өлкөң бүтүн гүлдөп турар.
Бакыт тапкын өзүңдүн даңкың артат.
Урмат кылып артыңдан атыңды айтат.
Эл байып, бийлик бекийт мындан дагы,
Карк кылып толтура бер казынаңды.
Атактуу адам айткан тыңша сөздү,
Даңкы, сөзү төп келген дайым жакшы:
«Кайсы жерде бек болсо адилеттүү,
Ал элдин байлыгы мол, ачык күнү.
Эл байлыгы бекке да байлык болот,
Экөөнө тең керек камкор болуу!»
Кыштак, шаарды арылткын уурулардан,
Кербен жолун коргогун бекем абдан.
Өлкө ичинен жоготкун Козголоңду,
Тоноо, талоо тазарсын тыштан болчу.
Жаза берип түзөгүн жамандарды,
Кынтык ишке катуу күч болот дары.
Зынданга сал бузукту, акылсызды,
Оңдой турган аларды жолуң ушу.
Эл ичинде адамдар түрлүү келет,
Айрып тааны — ошондо найда берет.
Арасында илимдүү, даанышман бар,
Илимдүүлүк — бакыттын жолун табар.
Сен аларды ардактап, сөаүн аткар,
Шариаттын жолун тут, көңүлгө ал.
Аларга акы төлөп, тамак-аш бер,
Түйшүк билбей жашасын, камкордук көр.
Алар күндө арттырып улам күчүн,
Наадандарды оң жолго үйрөтүшсүн.
Булардан башка дагы мухтасиб 1 бар,
Кубаттуу, күчтүү колдуу болсун алар.
Алар — бузук, бейбашты жолго салат,
Жалпы журт, мечиттерди күзөткө алат,
Алдыңда дагы да бар кызматчылар,
Тескебесең — терс жолго качып турар.
Жүк көтөрбөс аларың, алар жүгү,
Мойнуңа бир өзүңдүн бүт илинүү.
Булардап башка дагы жалпы журт бар,
Адилет, тартип түзүп, колуңа ал.
Жалпы журттун, билип кой үч түрү бар,
Бардыгын кошуп койсоң чатак чыгаар.
Бири — байлар колунда байлыгы бар,
Эл ичинде — кубаттуу келет алар.
Дагы бири болушат орто чарба,
Теңтайлашуу бай менен болсун кайда.
Булардан соң — болушат кембагалдар,
Бардыгынан буларды камкорго ал.
Өлкөдө тартипти, заңды көзөмөлдөөчү адам.
Орто адамга байлардын жүгүн артпа,
Бузулуп, болор ишти тартат артка.
Орто жүгүн көтөртпө кембагалга,
Алы жетпей, жыгылып өлөт анда.
Кембагалды көтөрсөң — орто болор,
Ортолорго — кадимкй байлык конор.
Орто болгон кедейден киреше бар,
Байып кетсе Элик да байлык табар!
Эл бактылуу, өлкө бай өмүр сүрөөр,
Калың эл бир өзүңө өмүр тилээр.
Үч-Ордонун ханынын айтканын ук,
Жакшы атыңды калтыруу болсун ыйык:
«Артында ким калтырса жакшы атак,
Калың эл дайым жүрөт атын атап!
Эл кимди, өлсө дагы эстеп жүрсө,
Ал үчүн бир өмүрү миңге тете.
Сен жерде тирүүсүңбү, өлүк көрдө.
Жакшы атың жашап калсын дайым элде.
Сен өлөсүң, артыңда атың калсын,
Калган атың түбөлүк өмүр тапсын!»
Билип ал, эл алдында үч парзың бар,
Кармоо болбойт күч менең, аткарып кал.
Биринчиси — эң таза болсун күмүш,
Казганда тазалыктан болот буд иш.
Экинчиси — заң бергин элге адилет.
Бири-бирин эзбесин эл тебелен.
Үчүнчүсү — жолдорду коопсуз кыл,
Каракчы, талоончуну тек тыйып тур.
Мына ошондо өтөйсүң милдетиңди,
Анан кийин сурай бер жалпы элиңди.
Бийлик берген өзүңдө үч укук бар,
Не сурарды элиңден түшүнүп ал.
Элиңдин бир милдети — жарлыгыңды,
Ыйык тутуп, ар бирин так аткаруу.
Экинчиси — так төлөө казына акы,
Учурунан өткөзбөй турса жакшы.
Үчүнчүсү; жек көрүп душманыңды,
Жакшылап урмат кылуу досторуңду.
Эгер сен өз милдетиң так аткарсаң,
Анда болот элиңден талап кылсаң.
Чыкпас болсун бек өзү ушул жолдон,
Кол алдында эли да жолдуу болгон.
Эл көрсө өз бегинин жакшылыгын,
Чыгарат бир ооздон атак-даңкын.
О, Элик, энчи болсо, мындай бакыт,
Эки дүйнө өзүңө жыргал ачык!
Мындан башка дагы бар илимдүүлөр,
Элге түрлүү, ар кандай билим берер.
Дагы да муктасиб бар. Эл аралап,
Жамандыктан эл ичин таза кылат.
Соодагерлер көздөсүн аманатын,
Уздар болсо кооз буюм көп жазасын.
Дыйкандар жери менен алек болсун,
Малчынын мал-салына жайыт толсун.
Сага кызмат кылуучу аскериң бар.
Милдети — душманыңды талкан кылар.
Таратып аскерге олжо, ардактай жүр,
Башка ишке жумшабастан сак кармай би
Эрдигине жараша энчи кошкун,
Ар жоокериң күчтүү да, бай да болсун.
Кас душманга тап болсун курал-жарак,
Каска — өлүм, досторго болсун канат.
Бардык жагың ошондо гүлдөн турар,
Бардык ишиң тептегиз орундалар!
Эки дүйнө өзүңө кубанч берет,
Эч түйшүксүз, кудай деп жашоо керек!
Мына ушу сопулук-такыва бол,
Каалаганга жеткирер ушул ак жол.
Туура жүрсөң теңирим мээрим салат,
Элге кылба, кыянат тике карап.
Пейли жакшым айтылган ук кеңешти,
Бул мисал чын далилдин өзү эмеспи:
«Козголбос чындык сымал көкто асман,
Өзгөрбөйт жемиш, чөптөр жерде бышкан.
Сен дагы адилет бол кыйшайбастан,
Чынчыл адам адилет жолун тапкан!»
Билгенимди мен сага айттым Элик,
Жабыкты, ачыкты да айттым бөлуп.
Эки дүйнө тең татыйт айткан сөздөр,
Ал тууралу айтылды далай кептер.
Жакшы атны, же жашоонун жыргалыбы,
Танда өзүң бүгүндү же эртеңдиби!
Канчалык чөгултсаң да байлык кетет!
Жакшы атыңды ойлогун — өмүр өтөт!
Бул тууралуу айтылган жакшы сөз бар,
Мааниси үндөш келген сөзго тон ал:
«Өзүм өлсөм, артымда атым калсын,
Тирүүлүгүм калса эгер жакшы атым.
Жакшылык кыл, калтыргын жакшы атак,
Жашап турат түбөлүк атак-даңкым!»
***
Уккан жоопко кубанды Элик абдан,
Жүзү жаркып, көңүлдөн шаттык тапкам.
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Акдилмишти алкады көп сөз менен:
«Билгениңди эң жакшы айтын бердиң.
Буюрса көктө Теңир мындан ары,
Сен айткан акыл менен иш кылалы.
Өзуңдөй жардамчыны берген кудай,
Тилегимди берер дейм да бир курдай.
Керегиңди кудайым сага берген,
Жардамыңды мага да кон бсрдиң сен.
Мындан ары чыныгы көңүлүңдөн,
Көмөгүңдү анбай берсең экен!
Мен сага ишенемин, өзүм өңдүү,
Жашырба эми менден кеңешиңди.
Ушул күн мага күндөй жарык берди,
Жакшылыкты жүрөгүм сенден көрдү.
Көңүлү түз адамдын ук айтканын,
Сөзү, иши төп чыккан дайым анын:
«Ишенимдүү адамың — күзгү сымал,
Ким караса — өз жүзүн көрүп турар.
Жакшы адам — күзгү да көргөндөргө,
Аны карап пейлиңди оңдо, түздө!
Кимдин көөнү өзүңө жакын болсо,
Ишен дагы, жакында ага ошончо.
Кеңеш сура, керекте ишенгенден,
Айтканына жараша иште да сен!»
***
Жооп кылып Акдилмиш «Макул» деди,
Нур чачып жайнап турду анын өңү.
Ошондо Элик тынчып, сөзүн бүттү,
Акдилмиш тез козголуп жолго түштү.
Тынчтык билбей иштеди анан Элик,
Өз элинин, жеринин камын көрүп.
Нааданды алыстатып, жакшыларды,
Көтөрүп, наам берип жанына алды.
Өлкө гүлдөп, эл-журту жыргап калды,
Алмашты Күн, Ай, жылдар улам жаңы.
Эл бактына өнүктү өмүр гүлдөн,
Кубанычка чулганды жер менен көк.
Аябады олжону Акдилмиштен,
Ишенимди көрсөттү бардык иштен.
Акдилмиш күн өткөрдү кыйла, нечен,
Сүйрөдү мезгил жүгүн, түйшүк менен,
Артын карап көрдү кылган иштерин,
Өчкөн оттой жигиттик чак кеткенин.
Көңүлү куйкаланып, жүрөктү эзген,
Арылууну эңседи оор жүктөн.
73. АКДИЛМИШТИН ӨТКӨН ӨМҮРГӨ КЕЙИП, ТОБО КЫЛЫШЫ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
«Жашаптырмын,— деди ал,— максаты жок,
Өтүптүр кайран өмүр шамалга окшоп!
Күч да кайтып, алы жок колум менен,
Өзүмө таяк менен жардам берем!»
Ал кейиди: «Токтолбой күндөр өтөт,
Өмүр бүтүп, алдыда ажал күтөт!
Өмүрүмдү жептирмин мал катары,
Малдай жашап — билбепмин максат табуу.
Өткөрүпмүн өмүрдү ойнон-күлүн,
Болуптур бар билгеним бекерчилик!
Жигиттигим өтүптүр талаа менен,
Өкүнөм жаштык кезим бошко кеткен.
Төрүмдөн көрүм жакын, өлүм мына,
Ажалга дабаа барбы, айла канча!
Боз ала болду чачым шумкар сымал,
Куураган чөпкө окшоду байкуш сакал.
Отуз эки тишим да чирип эми,
Бермет тизген жип турат үзүлгөнү.
Көрөр эле көздөрүм күндүк жерди,
Карайлап, карыш жерим күүгүмдөндү.
Алыс жерди укчу эле сак кулагым,
Бүгүн мен дүлөй болуп жаңсап калдым.
Кузгундай кара эле кайран башым,
Аккуу конуп төбөмө, өттү жашым.
Өлүм жакын, кудайга жалынайын,
Күнөөм үчүн кечирим мен сурайын.
Артка кетчү арымым ылдам кетер,
О кудай, күнөөм болсо кечире көр.
Жараксыз кыялымды таштадым мен,
Көңүлүмдө кынтыкты куусаң экен!»
Суроого кечиримди даяр эле —
Кудайдан эгер өзү кылса күнөө.
«Жок болбойт,— деп ойлоду, шашпоо керек,
Шашкан — шайтан, ал жаңы күнөө берет.
Эң алгач бул тууралуу кеңешейин,
Күнөөдөн арылуунун жолун, жөнүн.
Ар бир ишти кеңешип баштоо керек,
Кеңешти укпаганга кырсык келет.
Сөзү таамай адамдан айтылган кеп:
«Бардык ишке кеп-кеңеш — дары келет».
Кеңешсең — кеңеше көр жакыныңа,
Бардык иш кеңеш менен бүтөт тура.
Кеңеш менен ар адам жолун түзөйт,
Кеңешнеген адамда кырсык күчөйт.
Барайын тууганыма көрүшкөнү,
Эң керек мага анын кеңеш сөзү.
Жактырабы — аткарам ойдогуну,
Жактырбайбы — кеңешин билсем болду.
Адам билбейт маанисин өз ишинин,
Сүйлөшүп, кеңешин ук жат кишинин.
Кеңешкенден кеңейет акыл-оюң.
Кеңешке билим кошсо андан сонун!
Угуп ал кеңешчинин айткан сөзүн,
Кеңеш уксаң, алгалайт сенин ишиң:
«Ишиң барбы — кеңешкин иш жөнүндө,
Сөз укпаган адамды досум дебе.
Кеңеш алып, ишиңди анан башта,
Тилекке жетүү үчүн алга жөнө!»
Кечте жатып, таңында эрте турду,
Аттын башын ордону карай бурду.
Жол сурап, көрүшүуну самап калды,
Урмат кылып, Элик тез кабыл алды.
Акдилмиштин Эликке берген суроосу
Кайрылды өкүмдарга суроо мөнен:
«Оюм бар тууганымды көрсөм деген.
Барайын өзүңүздөн болсо уруксат,
Сүйлөшүн бүтор замат, кайтамын бат!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
«Барсаң бар — деди Элик,— акылманым,
Менден салам өзүнө айта баргын.
Унутпай мага арнап дуба кылсын,
Бир кудайга сыйынын дайым турсун,
Теңиримден кубатты сурап алсын,
Жараткан бар күнөөмдү кечип салсын!»
***
«Болуптур!» деп Акдилмиш туруп кетти,
Үйгө жетип, кең жайды көкүрөктү.
Бүтүн дүйнө алтындын өңун алды,
Күн бети кызыл жакут жалтылдады.
Асман түйүп кабагын, күүгүмдөндү,
Адамдарды аз-аздан уйку жеңди.
Намаз окуп, ал жатты төшөгүнө,
Көзүн жумуп, чөмүлдү ой көлүнө.
Көз илинип, ойгонду чочуп кайра,
Ойлоду күн чыкты го алда кайда.
Төшөк салып уктады эч кыймылсыз,
Чочуп кетип ойгонсо,— айлана тынч.
Ошол бойдон жолобой уйку качты,
Ойго батып кыймылсыз тыптынч жатты.
Кара куш 1 көрсө чыгып Чыгыш жактан,
Жалындай канат менен көктү жапкан.
Тайгандын топ жылдызы жылт-жулт сонун,
Тараза жылдыз көктө чийди жолун.
Кыргоол куш көтөрүлдү улам бийик,
Жан алгыч жаркылдады отсуз күйүп 2
Чыгыштан күн баш бакты көтөрүлүп,
Кара жерге ак нурун чачып ийип.
Бүт ааламга ал жарык нурун чачты,
Асман бети жалындан кызгылт тартты.
Бүт дүйнө жылмайгансын жайнай түштү,
Кайгы качып, кубаныч болду күчтүү.
Кайра туруп жуунду, намаз өтөп,
Атын токуп, жөнөдү тоо этектеп.
Чаап келип, акырын эшик какты,
Тууганы туруп келип эшик ачты.
Салам айтты ийилип Акдилмиш да,
Алик алды эң сыпаа Өткүрмүш да.
Кол кармашып экөбү үйгө кирди,
Сөзгө сөздөр уланып сүйлөшүлдү.
Өткүрмүштүн Акдилмишке берген суроосу
«О, боорум,— деп сурады,— айтчы мага,
Көрүшкөнбүз, өттү го бир ай гана.
Көрүп турам, көңүлүң кайгы баскан,
Кызыл жүзүң саргайып өңүң азган?
Кандай кайгы ичиңди эзип турат,
Ачылып, бар сырыңды айтсаңчы бат!»
Юпитер жылдызы.

Эртең мененки асмандын түсүн салыштырып жатат.
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Жооп берди Акдилмиш: «Кутман боорум,
Тагдырдын огу менен оору болдум.
Жакшы тагдыр жолдосо үгүт, насаат,
Өлгөн жүрөк тирилет кайра жашап!
Уйкуда элем эң катуу козголбогон,
Тагдыр мени ойготуп, угүттөгөн.
Жүрөк сезип, кулагым угуп калды,
Адашып жүргөн жаным оңго салды.
Өмүр өтүп, салмактуу алган жүгүм,
Ар күнөөдөн арылсам деймин бүгүн.
Эл үчүн сарыптадым өмүрүмду
Кудайыма бурбапмын көңүлүмдү!
Күнүмдүк тирилик деп өмүр сүрдүм,
Өмүр өтсө — калат да, тирчилигиң.
Өмүр үчүн ааламды алсам дедим,
Өмүр өттү, талаага кетти эмгегим!
Мынакей, бүгүнкү күн өтөт-кетет,
Алдыда келчү түндө эмне күтөт?
Куураган көк чөп болду башта чачым,
Шумкардай бопбоз болду сакал, башым.
Эртеңимди ойлонуу мага кажет,
Эртең үчүн кыйналдым азапты жеп!
Айтмакчы, бул тууралуу жакшы сөз бар,
Акылдуум мен айтайын көңүлгө ал:
«Өмүр өттү, өкүнөм өткөн күнгө,
А дагы канча өмүр калды менде?
Жигиттик күндөр өттү келбей күугө,
Калган күндү арнаймын ак жүрүүгө!»
Алдыңда келер күндү ойло деген,
Акылмандын ак сөзүн уккан элем.
Бүгүн мен бир кудайга моюн сунам,
Сообу, бир күн тиер күтүп турам.
Максатсыз жашаптырмын, көр тамак деп,
Ачкачылык карынды кармашы эп!
Семирипмин жей берип ар нерсени,
Арыктоонун кезеги келди эми.
Жыргалда, токчулукта уктай бергем,
Ойгондум, турчу кезек келген экен.
Каршылашып таапмын көп душманды,
Жардам берип кубантам эми аларды.
Эл-журтка иште, сөздө катаал экем,
Даярмын кечиримди суроого мен.
О, кутман элге бекер кысым кылдым,
Болбогон манчыркоону жоюп, тындым.

Мен байкуш — кудайынан качып күндө,
Күнөөгө, ыпыласка баттым мүлдө.
Кайрылайын мен эми келме кылып,
Кечиримди сурайын моюн сунуп.
Өлгөнүмчө бузбаймын убадамды,
Өлгөндөн соң баары бир билбейм аны!
Билимдүү адам айткан сөздү тыңша,
Эй таш боор, акыл болот баары сага:
«Тирүү кезде сыйынган, зорлоп жанды,
Өлгөндөн соң — баарысы артта калды.

Сыйынгын мүмкүн болсо тирүү кезде,
Жакаңдан бек муунтар өлүм келсе!
Моюн сун күч-кубаттуу жаш кезиңде,
Карыган соң каруу-күч калбайт сенде!
Тирүүлүктү баалагын, кудай дегин!
Өлөрүңдү унутноо парзың сенин.
Ойлонгун — ажал сени арбаганча,
Ажал келсе, алышсаң пайда канча!»
Ушул ойлор жай бербей сага келдим,
Жашырбай жакшы ойлонуп кеңеш бергин.
Караан тутуп келип турам мен сага,
Боордошум, эмне кылам айт мага!
74. ӨТКҮРМҮШТҮН АКДИЛМИШКЕ БЕРГЕН КЕҢЕШИ ТУУРАСЫНДА
АЙТЫЛАТ
«О боорум,— деди Өткүрмүш жооп кылып,—
Айта турган кеңешти алгын угуп.
Ой-тилегиң көздөгөн өтө бийик,
Кудайым жөлөк болсун көңүлү ийип!
Бир гана түшүнгөнүң аздык кылат,
Көп нерсе билүү, иштөө башкы талап.
Эң алгачкы белгини ойго салгын,
Ар бир ишти так билип, колго алгын!
Азыр сага ордодо болуу абзел,
А мага ылайыктуу мына ушул жер.
Сенден журтуң жакшылык, пайда көрөт,
Пайда кетсе, чыр-чатак, уруш келет.
Элик берди сага күч эл башкарар,
Ишиң арбын, элиңден алкоо алар.
Эл байып, өлкө күчү ашып-ташты,
Эл ичинде атагың орун тапты.
Угуп ал айткан сөзүн жоомарт адам,
Жакшылык — жакшы сапат адам саган:
«Ишенгин, ошол гана адам делет,
Ким элге байлык жана бакыт берет!
Эл үчүн пайдасы жок — адам кору,
Элге кызмат кылгандан — ырыс келет!»
Чын көңүлүңдөң ниети болсо жакшы,
Ал анда ойлогонун толук тапты.
Ниети жакшы адамдан жакшылык бар,
Ишке ашпаган -ою да эсте калар!
Тартип болсо, эл болот жайчылыкта,
Элик да, элиң дагы сүйөт анда.
Жакшы заң, катуу тартип болсо элде,
Бузуку, куйту, жаман болбойт эле.
Булардын баарын таштап кетсең андан,
Өкүнөсуң, бардыгы болот жаман!
Тартип менен таалимди бузуп койсоң,
Өлкө кыйрап, анда эле болот ойрон.
Ордуңа начар жанды алып келер,
Азабын, артык шорун элиң көрөр.
Эссиз адам терс жолго элди бурат,
Жаман иш ынтымакты бузуп тынат.
Муну сенден кудайым эртең сурайт,
Күнөөңдөн атагың да куткаралбайт.
Жаман жүрбө, бузуку ишке барба,
Жамандарды көкүтүп бузуп алба.
Угуп ал көңүлү түз адам сөзүн,
Жакшы кеңеш жемишин сага берсин:
«Жамандарга кошулба, тартип өссүн,
Бузук менен кырсыктын жолун кескин.
Жакшы иш кылын, чыңдагын тартип чегин,
Эки дүйнө ачылат жолуң сенин!»

Кудай сага ишиңде болсун жөлөк,
Ак жолуң жакшылыкка алып келет.
Жакшы ишиңди бузасың эмне үчүн,
Жалаасына каларсың бекер өзүң.
Элге зыян, күч келсе сага зыян,
Кандай пайда табам деп келдиң маган?
Андан көрө кутманым айтам сөздү,
Улам-улам кайталап айткан кепти.
Өмүрүмдө күтпөдүм байлык, дөөлөт,
Издебедим жашоодон эч бир сөөлөт.
Эл менен байланыш жок катышпадым,
Бектерге жүгүнгөн жок байкуш башым.
Көргөнүм жок дүйнөнүн байлыктарын,
Адамдын же жакшысын, же жаманын.
Өзүм каалап келгемин ушул жакка,
Ташташым бул ишимди болбойт мага!
Адамга алтын-күмүш кармабаган,
Аралашса бузулуп болот жаман.
Кытайдан келе жаткан сарттар 1 башы,
Айтканын ук, ааламды көргөн жакшы:
«Өмүр бою жарыбас кедей адам,
Байып кетсе кыялы болот жаман.
Байыса кедей киши кырсык басат,
Өткөн күнүн унутуп аксымденат.
Бактысыздын колуна тийсе бакыт,
Бузулат, элди калат каргыш басып.
А кокус жамандарга тийсе бийлик,
Өз элин эрксиз кууруп, болот шүмшүк!»
Сен көрдүң байлыкты да, бийликти да,
А бирок бой көтөрүү чоочун сага.
Көзүң тоюп, коңүлүң бузулбады,
Элик менен эң мыкты доссуң дагы.
Мунун баарын өзүңө кудай ,берди,
Жакшы жашоо, жаркыган көңүлдөрдү!»
75. АДИЛЕТКЕ – АДИЛЕТТИК АДАМГЕРЧИЛИККЕ - АДАМГЕРЧИЛИК КЫЛУУ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
«Бул болсо,— жашообуздун бир тарабы,
Ачайын экинчисин, уккун аны.
Көзүң көрбөй, буздуңбу пейилиңди,
Кандай иарда жашырат бул ишиңди?
Билерсиң, алат тура миң-сан мактоо,
Адам үчүн ар иши адал болсо.
Бул дүйнөнү башкарат — билебиз заң,
Ал өзү адамгердик, карап турсаң.
Соодагерлер башы, кербен башы деп жатат.
Жакшылыкка жакшылык кылуу керек,
Бир иш кылсаң — он эсе кайрып берет:
Азамат уулу болсо ким атанын,
Бардык камы эл үчүн болот анын.
А эгер энеси анын болсо бузук,
Тапкан уулу элге жут, жарып-бузуп.
Сен Эликтин жакшылыгын унутпа,
Дайыма көрүп жүрөт камын сага.
Акылдуусуң, билгирсиң, көпкө жеттиң,
Элик сага эшигин ачты көнтүн.
Сени сыйлап, көтөрдү атагыңды,
Жоомарттыгың өзүңдү даңктуу кылды.
Унуттуңбу, жакшылыгын сен эми,
Татыктуу жооп берер кезиң келди.
О, боорум, сөздү кесе айттым белем,
Жүрөгүңдү кайгыга чулгаба сен!
Адилет сөз, көбүнчө ачуу келет,
Ага чыдап гүшүнсөң, пайда берет.
Туура сөз сага айтса, таарынбагын,
Ачык сөздүн өзөгү чындык дайым.
Бул тууралуу мындай сөз айткым келет,
Кулак төшө, кутманым акыл берет:
«Чындык ачуу болсо да чыдоо керек,
Чындык сөздөн өзүңө пайда келет.
Бетке айтылган сөздөрдө заар болбойт,
Андан ашкан асыл сөз кайсы делет?»
Көз жумганда өз атаң, кичине элең,
Чоңойбодуң бир болуп атаң менен.
Элик сени колго алып бапестеди,
Маалим болду ушундан адам жөнү.
Кул-күңүң да, кең талаа үйүр жылкы,
Эликтин эрки менен сага тийди.
Жетиштиң сан байлыкка, бак-дөөлөткө,
Жайылды атак-даңкың, узак, көнкө.
Ойлочу, эми сага жарашабы,
Душман болуп өзүнө, аны тануу?
Тийерде ага пайдаң — кетип калуу,
Тете эмеспи сыздатып кеткенге аны.
Эликтин сыйы сага чексиз эле,
Кезеги го, ага тете акы төлөө!
Бардык элдер өзүңдү алкап жүрөт,
Эл ичинде атыңды зор деп билет.
Жакшы адамдын оозунан айтылган кеп,
Чыныгы адам дайыма боорукер деп:
«О, кутман, боло көргүн кишиликтүү,
Киши болчу адамдын жолу ушу!
Адам үчүн дайыма адамдык кыл,
Адам деген атагың болот күчтүү!»
Элик сага март эле миң эселеп,
Андан артык эмгегин кайруу керек!
Жакшы адамдар боорукер, жолдуу болор,
Эл кишиси, аталар адам ошол!
Түшүнбөгөн, билбеген кичине элең,
Жөлөп таяп бакытты Элик берген.
Ага сен аябагын жан-дилиңди,
Тыным албай, кызмат кыл күнү-түнү.
Жакшылыкка кайтаргын жакшылыкты,
Кудай сага кур койбой берер кутту!
Ук сөздү, чын көңүлдөн оюн айткан,
Адамдыкты жогору койгон адам:
«Тузун таткан адамдын кылгын ишин,
Жакшылыгы артылып тийери чын.
Акылдуу актайт дайым жеген нанын,
Аябайт керек болсо жалгыз башын!»
Тилегениң ишке ашса, жолуң таза,
Жакшылыкка жакшылык ишти жаза!
Кийгениң көз тайгылткан парча, дечи,
Көрө албастын токтойбу ушак сөзү.
Эми сен Элигимдин атын чыгар,
Душман көрүп моюнун сунуп турар.
Миңдеген мансап олжо энчиледиң,
Букадай жоон тартты мойнуң сенин!
Элик үчүн жумшагын күч кубатты,
Элиң тилээр кудайдан узак жашты.
Сен байсың, түркүн дүйнө турат колдо,
Алдыңа токуп миниң арап жорго.
Бул байлыкты иштетип, Эликке арна,
Ою орундап, ачылсын жүзү анда.
Отурсун Элик такта көңүлү жай,
Душманы башын ийсин тик карабай!
Элик сага зор бийлик, сөздү берди,
Жакса да, жакпаса да эл баш ийди.
Ушун үчүн ага сен өмүр тиле,
Доөлөткө ээ болосуң өзүң көпкө.
Адамдын асылдары жакшылыктуу,
Түбөлүк атак-даңкты алчу ушу.
Арапта так айтылган жакшы сөз бар,
Жакшы адамды таанууну сен билип ал:
«Адамды баалоо керек иши менен,
Адам иши өзүнө жараша экен.
Иши жакшы адамдын өзү жакшы,
Иши бузук адамды бузук деген»
Пейли Эликтин бузулса өзүң оңдо,
Жаман иштен калкалап, дайым колдо.
Жакшылыктын баарына — Элик башчы,
Четте калбай жанаша турган жакшы!
Мага ишенип, кеңешти сурап келдиң,
Билгенимдин баарысын айтып бердим.
Билгениңди айтканга салыштыргын,
Керегиңдей ишиңди улаштыргын!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
«О, боорум,— деди Акдилмиш көңүлүнөн,
Айтканыңдай баарысын улай берем.
Сөздөрүңдүн бардыгын туура айттың,
Чечилбес түйүнүмдүн учун таптым.
Бул сөздөр мен түшүнбөс туман эле,
Үртүгүн анын ачтың, сен өзүмө.
Калтырдым болгон арзуу, тилегимди,
Кудайым жөлөк кылам бир өзүңдү.
Теңирим көңүлүмдү ачык кылсын,
Көөнүмдөн жамандыкты кууп турсун.
Жардам кылып, батаңды бергин мага,
Эстей жүр, ишенгеним өзүң гана!»
***
Ал туруп, сөзүн бүтүп, кош айтышты,
Атын токуп, алыскы жолго чыкты.
Үйүнө келип түштү, малдаш урду,
Тамак жеп, суусун ичип, тыным кылды.
Асман бүркөп кабагын, жаап калды,
Үстүнө жесир аял киймин салды.
Жайгансыды алтын күн чачын, көргүн,
Дүйнө жүзү кундуздун алды өңүн.
Салдырды да төшөгүн, жатты эс алып,
Татты уйкуга чөмүлдү уктап калып.
Ойгонуп, ошол замат көзүн ачты,
Кыз күлкүсүн кең асман төгүп жатты.
Күн көтөрүп кабагын, нурун чачты,
Бүт дүйнө аккуу болуп канат какты.
Акдилмиш туруп келди, орунунан,
Жуунуп, намаз окуп, тамактанган.
Атын минип ордого кайра барды,
Төркү жайдан Эликти таап алды.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Элик сурайт: «Өткүрмүш кандай экен,
Дени чың, жалгыз жаны эсен бекен?
Дуба кылып ал мени алабы эске,
Кылган дуба кырсыктан сактайт көпкө.
Сыйынуудан адамзат сооп алат,
Сыйынган жан бейиштин жолун табат!
Болбосо жакшы дуба бул ааламда,
Жамандыкгар күч алып, кетмек анда!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
«Туура айтасың,— деп айтты анда Акдилмиш,
Эң туура, эң акылдуу жасалды иш.
Боорум, эми элетте өзү жалгыз,
Биз үчүн дуба кылат, муңда алсыз.
Бизден ашкан күнөөлүү адам барбы?
Биз күнөөлүү, түйшүгүн тигил алды!
Элик үчүн тынбастан дуба кылат!
Эт жүрөгү бүтүндөй актан турат!
Мындан ашкан адилет адам кайда?
Өзүң таштап, биз үчүн издейт пайда!
Элигим, бизден ашкан осол ким дээр,
Текке кеткен өмүрдү берет кимдер!
Жыргал күнгө семирип жүрө бердик,
Көз ачылбай оюндан күн откөрдүк.
Денебизди жем кылар курт-кумурска,
Өкүнүчтөн башка жок жаның чыкса!
Угуп ал акылдуунун айткан сөзүн,
Ишиңе ушул кеңеш, негиз дегин:
«Жылан, курттун жемисиң — семирбе көп.
Эртең кетер коноксуң элирбе көн.
Өмүрүң түш сыяктуу, өтөт-кетет,
Ага далил — чуурган күндөр эсеп!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
«Акылманым,— деди Элик,— түшундүрчү,
Кантип өзүн ар дайым кармайт киши?
Сенден артык беделдүү жок адамым,
Сага ишенем, мен сага ынанамын.
Мен жатам ордо ичинде, эч капарсыз,
Иш деген ойдон чыккан менден алыс.
Козүм да, кулагым да — сен өзүңсүң,
Жакпай калса сен оңдоп иштей бергин.
Керек болсо жардамым — кабар кылгын,
Ылажысын ишиңдин мен табармын.
А кокус кызматкерлер чатак салса,
Жайыма кой, сен менин тынчымды алба!
Элге зулум адамдар болбосун эч,
Жаман өлүп, жашасын ак, акыл, эс!
Эл байып, өлкө гүлдөп турсун дайым,
Тирек болуп даң салып мен турайын!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Акдилмиш жооп кылын айтты: «Бегим,
Кудай болсун жөлөгүң, бир өзүңүн!»
Тилегим, оюм дагы мына ошондо,
Теңирим ак жолумду ачкан болсо!
Элик дайым бактылуу жашай берсин,
Эмгек, түйшүк дайыма мага келсин!
Курман болсун өзүңө жалгыз жаным,
Бейпилдикте өмүр сүр, өкүмдарым!
Бирок сага бир гана өтүнүч бар,
Ак пейилден кубанын аткарып сал.
Билесиң го, бек тутса кимди жакын,
Ушак кылып эл айтар анын атың.
Канчалык мени жакын, өз кылбагып,
Кабагың карыш түшөр уксаң — чагым.
Кулак сал айкөл баатыр айткан сөзүн,
Кабыл алып кеңешин, туура дечи:
«Эт сымал — адам көөнү, бат бузулат,
Кутманым, аны ыйык сактоо максат.
Кулак салбас болсоң да чагым сөзгө,
Ишенесиң кээде сен ушак кепке.
Бек канчалык акылдуу болсо дагы,
Ушак укса, залалы басат аны.

Жүрөк — бек да, мүчөлөр — элге татыйт,
Ара сөзгө бир үшүп, бирде ысыйт.
Кишинин денесинде төрт душман бар 1.
Бири — ойнотсо, да бири — капа кылар.
Бири — шашса, да бири сабыр кылат,
Бири — күлсө, да бири ыйлаттырат.
Кубанарда — кайрадан көңүл чөгөт,
Кырсык күтсөң, сүйүнтүн кубанч келет!»
Кутман Элик, чынында ойлоймун мен:
Ушакчылар жаман да жолбун иттен!
Көңүл ооруп, тескери буруласың,
Жакпай калар андайда ак кызматым.
Өзүңдөн сурай турган бир тилегим;
Ушак айтса үстүмдөн сурай көргүн.
Түбүнө жете билип, так сурагын,
Тактап алгын уккандан анын баарын.
Чагымчынын өзүн да тактап сура,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 08
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.