Latin

Куттуу билим - 05

Total number of words is 4193
Total number of unique words is 2208
29.0 of words are in the 2000 most common words
42.1 of words are in the 5000 most common words
49.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Эгерде өз денеңди сактап жүрсөң,
Ден соолугуң темирдей болот бекем.
Эң мыкты дарыкердин айтканын ук,
Кеңешин кабыл алып түйшүктү унут:
«Мен сенин негизиңди айтып берем,
Кызыл-сары, кара-ак сенин денең.
Булар кас бир бирине — элдешпеген,
Бөтөндү эч батырбайт бөтөн деген.
Акылдуу өз денесин сактай жүрөт,
Жагаар тамак денеге даба берет.
Адамдын айбандардан айырмасы,
Тамагын таап ичет, болгону ушу!»
Ак чачтуу кары айткан тыңша сөздү,
Эй, уул, билип алгын айткан кепти:
«Кырк жашында бир өзүн билбеген жан,
Айырмасы жок болот анын малдан.
Илим жолун тааныбас чоркок жанбы,
Адам деп атабагын досум — аны.
Көп жашап, бирок жөндү билбегенди,
Андайды жылкы десе болот жөндүү.
Ким өткөрсө өмүрүн көөдөк бойдон,
Андайды адам дебей,— мал деген оң!
Илгери эмчи айткан, жаңы эмес:
«Тамакты тартып жеген, кеселдебес».
Эгерде кесел менден качсын десең,
Тааныш бол «чакта» деген дары менен.
Эгерде жаным жайлуу болсун десең,
Этти же, эл кадырлап «тил» 1 деп жүргөн».

Тамактын сиңимдүүсүн ич деген мааниде айтылып жатат.
66. АКДИЛМИШ ӨТКҮРМҮШКӨ КОНОККО ЧАКЫРУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУН
АЙТАТ
Мейманды чакырсам деп калсаң өзүң.
Дайындап, көздөгүнүң иштин тезин.
Идиш-аяк, үй-жайың болсун даяр,
Тамак-аш, төшөк болсун жерге салаар.
Даамдуу болсун ашың, ичкилигиң,
Коногуң эч калтырбай баарын ичсин.
Болсо начар, мейли эле — жалгыз ичсең,
Даамсыз аш жүз жанга болбойт берсең!
Байкагын, берген ашың болсун таттуу,
Коногуң ичип-жесе сага жакшы.
Алыс-жакын, дос-тууган баарын чакыр,
Бөлбөгүн жакшы-жаман элди такыр.
Келген келсин, келбесин каалабаган,
Баарына айттың — таарыныч болбойт саган.
Таарыныч чыкса тамак, кекиртектен,
Өлгөнчо өчөгүшүү калбайт экен!
Байкагын баары ичсин, тоё жешсин,
Кечиккен да тамакка тоюп кетсин.
Тамак жесе, ичимдик даяр кылгын,
Ичиштиби,— дагы бер ашып калсын.
Аш көп жерде, көп керек ичимдик да,
Жеп, ичүүнү тең кылуу — милдет сага.
Аш жеген соң болбосо ичимдиги,
Тамактын анда жеген болбойт жөнү.
Каалаганга ачкыл бер, ширени бер,
Шербет десе шербетти, бал бере көр.
Берүүну ичимдиктен дагы кандай,
Мен эмес, билгендерден сурагын жай.
Аксакалдар тойдубу тамак-ашка,
Кичүүлөрдү тамакка сыйлап башта.
Көз салгын, тамак-ашың толук жетсиң,
Тойгузгун баарын тегиз, ач кетпесин.
Тоюштубу тамакка, конокко бер,
Кургаган, жаңы жемиш, таттуу шекер.
Колдон келсе, матадан тарат белек,
Баарына бирдей кылып бөлүү керек.
Болдубу конокторуң ичип-жешип,
Эшикти ач, конокторуң калсын кетип.
Конокко чакыргандын төрт түру бар,
Коноктун да төрт түрү болот катар.
Бири бар чакырганга дароо келет,
Бергениңди ичип-жеп кете берет.
Бирөө бар эл чакырбайт, болот камсыз,
Тамагын баш көтөрбөй ичет жалгыз.
Үчүнчүсү конокко келет шашып,
Кезегинде чакырат даамын чачып.
Төртүнчүсү чакырган жерге баспас,
Үйүндө да эшигин бөтөнгө ачпас.
Андайлар өлүк делет, тируү дебе,
Достошом деп кыйналба бекерге эле.
Бирөөлөр бар барганды турбайт самап,
Конок келсе бар малын союп салат.
Мындайлардын артык да акыл-эси,
Мактай турган адам да мунун өзү.
Барасыңбы конокко, барбайсыңбы,
Соо болосуң чактап ич тамагыңды.
Тойбос, соргок — оорулуу, кесел келет,
Өңү купкуу, соргоктук бир сөлөкөт.
Бир дарыгер айтыптыр буга мисал;
Ден соолуктун сырларын так билген ал:
«Тамак менен аласың дарттын баарын,
Дарт картайтат, кыскартат өмүр сабын.
Кекиртекти тыя алсаң — оорубайсың,
Кызыл өңүң кубартаар ашказаның!»
Адеп ушул ашка да, ичимдикке,
Конокко барасыңбы, келеби үйгө*.
***
Баарын айттым, сөзүмдү уктуң өзүң,
Жетет деп бил ушуну, бүттү сөзүм.
Жол-жосуну дүйнөнүн мына ушундай,
Эстей жүр эл ичинде унуткарбай.
О, олуям, шооласы акыйкаттын,
Сөз маанисин ойлонуп өзүң тапкын!
67. ӨТКҮРМҮШ АКДИЛМИШКЕ БУЛ ДҮЙНӨНҮН КӨЙҮН УНУТУП, БОЛГОНГО
КАНИЕТ КЫЛУУНУ АЙТАТ
Жооп берди Өткүрмүш: «Уктум сени,
Айтайын жооп берип, тыңша мени.
Сөзүңдүн маанисине жеткен адам,
Тилегени дайыма келет аган.
Тириликти эл менен кылам деген,
Түшүнүп, көп нерсени билгени жөн.
Чогултса адам дүйнө түйшүк менен,
Көрбөсө көпкө үзүрүн, керек неген?
Берилсе күнүмдүккө адам өзү,
Кудайымдын жолуна зыян дечи.
Сен мына алыс жерден келдиң маган,
Сыйынуунун жолуна кылдың зыян.
Бир кишиден ушунча залал таптым,
Көпкө мени кошул деп кыйнабагын!
Айылга, шаарларга кирсем өзүм,
Киши менен болот да ишим, сөзүм.
Анан качан сыйынам? Анда мага,
Дарбазасы бейиштин жабылат да!
Жаш эмесмин, күн сайын карып барам,
Кудайга кулдук уруу — максат маган.
Максатсыз түйшүктөргө кайра кайтуу,
Жарашабы өзүмө боорум айтчы?
Билими дайра адам айткан акыл,
Кутманым, терең ойлоп болгун макул:
Карылыкты ойлой жүр жаш убакта,
Карыларда күч аз да, мезгил кыска.
Кудай де жаш чагыңдан, күтпөйт мезгил,
Пайдасы карыганда, ошону бил.
Жашыңдан зыярат кыл, кайра жанат,
Карыган соң кайратың кетип калат.
Жигиттик кез жалындап күйүп турат,
Жалпы журтуң жан-дилден урмат кылат!
Байкуш болуп карыган адам көп го,
Жан өмүрүн өткөргөн бекер, текке!»
Тириликтин жыргалы өмүр үчүн,
Өмүр бүтсө — кереги ташка тийсин.
Чогултасың байлыкты, түйшүк менен,
Калтырасың кимге аны, өзүң өлсөң?
Сен айткандай Эликке кирдим дейли,
Досту күтүп, эл жайын билдим дейли.
Пайда кайсы? Ажал да табар олжоң,
Эки кулач бөз энчиң кокус өлсөң!
Мынчалык күйүп-бышып эмне керек,
Максат экөө — жок мүдөө андан бөлөк
Анын бири — байлыгың арбын болсо,
Экиничиси — бийликте, сыйда жашоо.
Өлбөс болсо адамдар түбөлүктүү,
Бул экөө анда адамга керек дечи!
А бирок бул экөөнү алды өлүм,
Айтчы боорум, кереги не бул дүйнөнүн?
Куттуу жандын чырайы жаркып турат,
Байлыгы артып, ырайы балкып турат.
А эгер болсо адамдын кутсуз жолу,
Карыганда артылар арман-шору.
Өтө жакшы айтыптыр бир даанышман,
О, жигитим, пайдалуу аны уксаң:
Адамдын эң асылы — карыганча
Жамандыксыз, жакшылык дайым калса.
Адамдын бактысызы — карыса да,
Напсисинин артынан кууп турса!»
Канакей бүт ааламды жеңген күчтүү,
Темир капка сепилди курган киши 1
Кайда дөбөт ааламды кезип чыккан,
Алп кара куш ат кылып көккө учкан? 2
Кайда эми «Кудаймын!» деп жүргөн неме,
Теңир аны чөгөргөн көк деңизге 3.
Жер жайнаган байлыкка тойбой кайра,
Жер соргон Карынбайың азыр кайда?
Чыгыш менен Батышты баскан кайда,
Бийлигин кең тараткан бардык жайга? 4
Жылан тилдүү кармаган таягынан,
Деңизди тең жарылткан кайда адам? 5
Бүт айбаңат, ит-кушту, курт-кумурска,
Багынтып улук болгон адам кайда? 6
Канакей өлгөнгө жан берген киши,
Өлүмгө туткун болду акыры өзү? 7
Кайда азыр кудай сүйгөн пайгамбары?
Бул дүйнө ансыз эми тул калдыбы!
Ушулардын баарысын өлүм алды,
Сен эмне, өлбөс болуп калгың барбы?!

Ушундай жашоо заңы, түзөп болбойт,
Ирандын шахы Шагдат жөнүндө айтылып жатат.
Мифтик падыша Намруд жөнүндө айтылууда.
Фараон (Фираун) куранда өзүн кудай деп эсептеген каарман.
Александр Македонский (Искендер) жөнүндө сөз болуп жатат.
Сөз Муса пайгамбар жөнүндө болуп жатат.
Курандагы жан-жаныбарлардын тилин билген Сулайман (Соломон) жөнүндө болуп жатат.
Бул курандагы Иса (Иусис) Пайгамбар жөнүндө.
Жагабы же жакпайбы сурап койбойт!
Ушунча сансыз жандар кирген экен,
Кара жердин карыны тойду бекен?
Кара жердин катмарын көрсө ачып,
Канча асыл жандарды алган катып!
Канча бектер жатышат турпак болуп,
Канча билгир жоголду түпсүз соолуп.
Билип болбойт бекпи, же кул экенин,
Кедей-байбы — өлүмгө бир эсебиң.
Бой көтөрмө, нечендер оорубаган,
Жер алдында кыймылсыз жатып калган.
Канча жан кача албай жер төшөндү!
Түбөлүк тирүү калчу биз бекенби?
Адам деген — жолоочу, багыты алыс,
Улуу жолдо үй куруу болбойт калыс!
Менде жок теңириме арзуу, тилек,
Мени кой, бир кудайым болсун жөлөк!
Кул кылат адамдарды сараңдыгы,
Жетишет мага баары, укпайм аны.
Айткан сөзүн угуп ал, жетик абдан,
Бул дүйнөгө көңүлү тойгон адам:
«Каалаганым турмуштан толук алдым,
Ачкөздүк, курмандыктын кечкем баарын.
Ыргыттым күнүмдүктүн азгырыгын,
Тилек бүттү, сөзүм жок, бейпил жаным!»
Бул дүйнө — ачык талаа, билгин жана,
Эмне эксең, ошол чыгат жайнап ага.
Уругуң жакшы болсо, өнүм жакшы,
Демек сен, ашка токсуң, кийим жаңы.

Жаман эксең — түшүмү болот начар,
Оор түйшүк эртеси сени басар.
Бүгүн сен кумарыңды тыя албасаң,
Жакшылыкты көрбөйсүң сен эч качан!
Бул дүйнөнүн түйшүгүн ташта, унут,
Калсынчы туйбаган соң эстен чыгып.
Ыргытпасаң сен өзүң, ал ыргытат,
Жармашсаң өзүң ага — четтеп турат.
Биргесиңби? Эмнеге? Эмне берет?
Ал сени булгаганча — алыс жөнөт!
Муну таштап, эртеңки күнүңдү ойлон,
Табасың, бейпил тынчтык ошол жолдон.
Андан да жогорусун кылсаң максат,
Экөөнү тең ойлобой, койгун таштап!
Эки дүйнө ээ болгон жанга жүгүн,
Ошондо биригишкен эртең, бүгүн.
Ал түзгөндүн баарысын сен аласың,
Жаралганды ошондон таба аласың.
Жаралгандан коркпогун, таштоо керек,
Жараткандан корккунуң, сага жөлөк.
Жаратканга жалынбай, унутуп сен,
Жаралганга кайрылуу болот бекен?
Сыйынуунун ак жолу экөө гана:
Ким сыйынса дилинен, урмат ага.
Жарабаса жасаган аракети,
Өмүрү текке кетип, эрксиз дечи.
Жакшы ишиңди өкүмдар өзү көрөт,
Жаман болсоң уяттан жүдөйт, демек.
Ачсыңбы же токсуңбу, тынба чыдап,
Бек — жатат, а кулдары — эмгек кылат.
Чыкпаса пайда, майнап эмгегиңден,
Анда өмүрүң бапасыз өтөт экен.
Кызматчыга бул иштен пайда кайсы,
Канакей ал кызматтын ырахаты?
Ылалык бир адамдын айтканын ук,
Иш кылуунун маанисйн билген толук:
«Бек кызматын аткаруу кыйын жумуш,
Көп кылсаң да, аз болот алкоо алыш.
Жагып калсаң — туткунсуң чыгалбаган,
Жакпайсыңбы — жек көрүү энчи саган.
Кызматыңа кубанба, билип алгын,
Ишиң үчүн акыры кетет башың!
Кубанат го десең сен — сөгүп турат,
Колдойт десең — кайрадан жүзүн бурат.
Билип болбойт эч качан кылыктарын,
Алып бүтпөйт ойдогу иштин баарын!»
О, уулум бул өмүрүң шамал белем,
Көлөкө го, эч качан жай билбеген.
Ал закым: бир көрүнүп, оюн курган,
Кармайм десең жолобой качып турган!
Дөөлөт кетет көрүнүп, келер замат,
Ал шашма, ишенимсиз, эскирет бат!
Керексиз бул дүйнөнүн көйү мага,
Пайдасы жок мен үчүн дөөлөтү да!
Теңиримдин аты эле — мага кубат,
Анын жолу кубаныч берип турат.
Теңир сүйсүн, калгандан пайда кайсы?
Шайтан-душман теңирге, мага дагы!
Жашоодо кубаныч да, үмүт ошо,
Калка болор таяныч, сүйүнүч ошо!
Кийгеним — кой териси, арпа-ашым,
Жетет ушу, унуткам мен башкасын.
Кудай деген бир адам айткан сөзү;
Календерче жашаптыр тоодо өзү:
«Ыраазымын, жетишет мага дечи,
Ашым — кебек, кийгеним — кой териси.
Балдан таттуу мен үчүн иче-карын,
Шайыдан артык чепкен үстүмдөгү!»
Тамак жетет иче бер жарылганча,
Бир мага тоюш үчүн жетет арпа!
Бышкан нан же, көжө ич — өмүр улап,
Баарын аймаар малдыктан болгун ыраак.
Кызыкпа тартуу, сыйга — ачуу берер,
Таттуу үчүн табаарың — казылган көр!
Таттуу тамак — кекиртек, ашказанга,
Ашказанга алдырсаң — малсың анда.
Адам сүйөт кымкап тон кийингенди,
Кутманым, жапсаң болду уят жерди!
Карынды бир тойгузсаң — эки күн да,
Бир тон кийсең, жетишет — эки жылга.
Экөө үчүн өзүмдү кулдай кылып,
Кызмат кылсам жарайбы билип туруп.
Бийик тоодон, төмөнкү түзгө чейин,
Тирүү жандар азапта кармайт өзүн.
Муң билбеген бир гана кудай өзү,
Муңдууларга кайрылар жөлөк дечи.
Багыштадым оюмду бир кудайга,
Тилегим, оюм дагы менин анда.
Биримдиги кудайдын мага маалим,
Көңүлүмдөн ишенем ага дайым.
Уйку көрбөй тилеймин жакшылыгын,
Кайдан табам, бегисиз мага аным!
Тилегим теңиримде көз ирмебей,
Ишин көрөм, жүрөмүн өзүн көрбөй,
Издеген жан уктабайт, көздөйт дайым,
Таппай калсаң тагдырга таарынбагын.
Изде тынбай — жол узак, жолдон калба,
Жетпеймин деп козголбой жатып алба.
Тилегендер эс алып жатып болбойт,
Жаткандарга жанашып бакыт конбойт.
4785Далбас урган тилекке кантип жетпейт?,
Далдайып жатып алган нени көксөйт!
Эң алгач өзү мага көңүл бөлдү,
Эми мен ага арнадым өмүрүмдү.
Абалы өзү мени келсе деген,
Эми мен жалгыз аны эңсеп келем.
Теңиримди ушундай кантип сүйбөйм,
Тынчтыгымды жоготуп дайым издейм?
Кайгы, кырсык келгенде теңир жөлөк,
Күнүмдүктөн куткарып коргоп келет.
Абалы өзү тапты, көргөздү жол,
Эми ага ак дилимден сунамын кол.
Ал жаратты өзүмдү, танбайм аны,
Өстүрдү, тарбиялап жолго салды.
Элди таштап ошого бойду каттым,
Ар балаадан асырап сактаары чын!
Жалгызмын, бирок өзү көкүрөктө,
Теңир аты жүрөктө, күндүз, түндө.
Теңир мага ишенич, жөлөк, калканч,
Мага тамак кээ күндө болгондо ач.
Кудай деген адамдын ук айтканын,
Кир жукпаган таптаза дили анын:
«Көңүлдөгү сырымды ачам сага,
Кыялымда бир сен деп учам сага.
Кудай менин кубанчым таянычым,
Калганынан качамын, безип сага!»
О дүйнө үчүн алгансың бу дүйнөнү,
Таштабасаң мунусун — күтпөйт тиги!
Бул дүйнөдөн жүзүңдү буруп кеткин,
0 дүйнөгө ошондо колуң жетсин.
Бүгүнкүнү оюңдан чыгарбасаң,
Эртеңкини табасың кантип анан!
Бул дүйнө коркунучтуу, тамчысы — уу,
Тазалык, тунуктукту издесеңчи!
Күнүмдүктүн түйшүгүн унут бачым,
Ак жолуңду эртеңден табарың чын.
Акдилмиш бүт чындыкты билип алгын,
Билгенимди айтайын, кулак салгын!
Төрт тоскоолду талкалап таштабасаң,
Төрт ишиңди бүтпөйсүң сен эч качан.
Кумардыктын дүйнөсүн унутпасаң,
О дүйнөнүн эшиги бекем саган.
Кетпесең элди таштап өзүң алыс,
Ойлобо кудайыма болдум калыс!
Кумардыктын аркасын сындырбасаң,
Ак жолуңду таппайсың канча бассаң.
Кумардыкты оюндан алып ташта,
Ошондо кудай жолун болот тапса.
Дүйнө жай — мусулманга түнөп өтөр,
Жыргадды түнөк жайдан күтүү бекер!
Напсиңди тый, дайыма алып колго,
Мына ошондо чыгасың туура жолго.
Тек өткөрбө күнүңдү желдей сызган,
Билип кой кайра келбейт колдон чыккан.
Өмүрүң текке кетсе — күтөт тозок,
Бир өмүр колдон чыкса — башкасы жок!
Акылман айткан сөзү, ою деңиз,
Ою бийик, а өзү жөнөкөй, түз:
«Бир журттан башка журтка көчсөң анда,
Көччү жолду тандагын алдын ала.
Жолдуу болот, көчкөндө даяр адам,
Алдын ала кам көрсө өзү аган.
Шашсаң да, шашпасаң да көчүү абзел,
Көчүңдүн барар жери — караңгы көр!
Бексиңби же кулсуңбу — түшүн өзүң,
Түбөлүктүү эмессиң, күтөт өлүм.
Жашайсыңбы миң жашты, же он сегиз,
Сен өлөсүң — артыңда калтыргын из!
Байсыңбы, кедейсиңби, турбайт ылгап,
Өткөн күн, жыл жок кылат баарын аймап.
Жетсе да атак-даңкың төбөң көккө,
Кирип жатар орунуң кара жерде.
Ким өткөрсө өмүрүн пайдасы жок,
Өзүн өрттөйт, мал окшоп айласы жок!»
Денеси чың, а болсо ою арам,
Опосуз андай жашоо, көз артпа аган!
О, боорум, сен мен үчүн азап чекпе,
Өзүңө ыйла, сен эми өзүңдү эсте.
Күнүмдүктүн акыры тарткан тузак,
Азгырылба сен ага — бекем тутат.
Бүгүн сенин дөөлөтүң ашып-ташса,
Ишенбе, эртең анын жолу башка.
Өлүмүңдү унутпа, ажалга алат,
Буктурмадан чыккандай тосуп калат.
Далай эрди калтырбай өлүм жеди,
Далай байлык чачылды калбай изи!
Көрөгөч бирөө айтып эскерткен сөз,
Өлүм-балээ, анысын унутпа эч:
«Көп адамга көр оозун өлүм ачты,
Өлүмдү ойлогондо төгөм жашты.
Өкүмдарлар жок болду менменсинген,
Аскери, куралы бар, аттуу-баштуу!»
Өмүр өтөт ирмемде унутпагын,
Өткөн күндү кайрууга келбейт алың!
Бейпил күнгө алданба, учуп өтөт,
Бактыңа ишенбе өтүп кетет!
Баатырмын дегенди да ажал эңди,
Улукмун дегенди да ажал жеңди.
Өлүм бузду шаарды, кыштактарды,
Өлүм бузду ордону, сарайларды.
Жер алдында миңдеген өлүк жатат,
Тирүүлөрдү чакырып күтүп атат.
Көзүңдү ачып аларга назар салчы,
Жаткандын беги кайсы, кулу кайсы?
Карабайт өлүм сенин даражаңа,
Өлүмдү жеңген барбы айтчы кана?!
Пайгамбарды калтырбай өлүм алган,
Бул балээден кутулар барбы аргаң!
Бул дүйнө ишеничсиз, азап жанга,
Алдамчы, катаал жана азгырылма!
Алмашылып, улам чубап күндөр өтөт,
Жакшы-жаман, туурасы өтөт-кетет.
Тогу да, ачы дагы аман калбайт,
Бек, байы, кедейи да кутула албайт.
Жыргалың, кууралың да өтөт, демек,
Болбоско чырылдашып эмне керек?
Айтайын айткан сөзүн акылмандын,
Көңүл-сөзү төп болгон дайым анын:
«Мактанчаак аз иштерге кагат төшүн,
Көккө теңеп көтөрөт андай өзүн.
Ажал келсе андайлар мөгдүрөшүп,
Көксөсүн өлүм басаар, жаап көзүн!»
Ылымсырап сөз айттым мен өзүңө,
Кутманым көңүл бөлүп, кулак төшө!
Бул чындыкты ким таанып, баалай билсе,
Жалган дүйнө ал үчүн болбос нерсе,
Жигиттик кезим өттү, жаш эмесмин,
Кара чачым агарды, башка сезим.
Ажалды ойлонууга мезгил жетти,
Кутманым өлүм жакын, жаштык өттү.
Ажал жакын, кубаныч алыс калды,
Өлгөндөн соң башка да жумуш барбы!
Балээни өзүм сезип туруп, анан,
Эликтин кызматына кантип барам?
Эликке менден такыр жокко жардам,
Ишенсең айткан сөзгө, ушул пайдам.
Ал ойлойт мени тирүү жашайт го деп,
Мен кеткем бул дүйнөдөн — ойлошу эп
Жаратканда кудайым адамды ушул,
Эки түйшүк — эки ишке жаратыптыр.
Бирине — бейиш, бирине — тозок берген,
Бирин тепсеп, көтөрөт бирин жерден.
Бейишти тилегенге жол көрсөттү,
Тозок жолун жашырбай айта кетти.
Өтөйм деген кулуна турат дайым,
Кудайым көмөк кылып көрөт камын!
Кудайым бир ал кулум десе болду,
Ачык болот ар дайым анын жолу.
Ал сыйынса күнү-түнү дитин ачып,
Миң түркүн жакшылыктын эшиги ачык.
Билгенимди калтырбай бул турмуштан,
Кутман досум, жашырбай айттым саган.
Акыл болоор асыл сөз сага керек,
Мына булар, чынында өткүрүрөөк:
«Акыретти издесең — түз жол мына,
А байлыктын жолдору — дайын сага.
Тагдырда жолдуу болсоң, бакыт улап,
Тилегениң баарысы келет даана!»
Башканы кантип анан тилей алам,
Тилегим жардам берүү дайым саган!
Тапшырсын Элик мени теңириме
Дуба окуюн атына анын күндө.
Түшүндүң билгенимдин баарын айттым,
Бүт уктуң, калтырбастан айта баргын.
Түшүн мага, а эгер түшүнбөсөң,
Эрте-кечпи чындыкты түшүнөрсүң.
Акылы — деңиз адам, айткан экен,
Тыңшагын, жүзүң жарык болосуң сен:
«Айткан сөзүм бүгүн сага түш болор,
Акыл тутсаң адилеттүү иш болор.
Айтканды угуп, ар сөзү эсте калсын,
Укпагандар — бир балээге туш болор!»
Кечирсин бар күнөөмдү Элик менин,
Таарынычын жазууну ойлон өзүң.
Машакаттуу эмгегиң, жолуң алыс,
Кудайым өзү болсун сага калыс.
О, боорум оорутпачы көңүлүмдү,
Үзө көрбө достукту, соз колуңду!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Жооп кылып Акдилмиш айтты:
«Ишен, Ак жолуңду түшундум айтып берген.
Кулак төшөп тыңдадым айтканыңды,
Сүйлөбөйм, ак сөзүңдөн көңүл тынды.
Чындык бар, адилет бар айтканыңда,
Калгандары бүтүндөй жалган тура.
Туура айтасың, бул ишим окшойт оюн,
Моюн сундум, чындыкка кул болоюн.
Мен кеттим, тургун эми аман-эсен,
Э, адам, эки дүйнө көйүнө өткөн!
О, боорум, кудай сага кубат берсин,
Дубаңда бизди унутпай эскерерсиң.
Мен үчүн да кудайдан кылгын тилек,
Ак жолуна чыгарып болсун жөлөк!*
***
Сөзүн бүтүп, ордунан турду дагы,
Коштошту — үйүн көздөй багыт алды.
Атка минип үйүнө кирип келди,
Үйгө кирип, жамбаштап алды өргүү.
Тамак ичип, жайланып ойго батты,
Уккандарын оюнда тактап жатты.
Күн жүзүнө жамынды кара парда,
Дүйнө жүзү оронду караңгыга.
Рум кызы байкатпай жүзүн жапты,
Кара чачы каптады туш-туш жакты 1.
Бүт аалам кара кулдун өңүн кийди,
Куш учпай, баскан кадам жолун тыйды.
Даарат алып, намазын окуп бүттү,
Салдырып, төшөгүнө жата кетти.
Бир аз уктап, ойгонуп баш көтөрсө,
Кыйшайыптыр Марс жылдыа карап көрсө.
Караса Үркөр ооп кеткец экен,
Чыгышка Чаян тууп өткөн экен.
Көпкө жатты көз ирмеп уктай албай,
Калтырап безгек болгон кесел жандай.
Көпкө чейин уйкусуз жатты ойлоп,
Супа салат чыгыш жак түндү козгоп.
Асман али көө сымал караңгы эле,
Жарык нуру таралды болуп жебе.
Күн чыкканда караңгы тарап кетти,
Алтын түстүү байрагын көкөлөттү.
Акдилмиш жуунган соң туруп бачым,
Билгенинче окуду багымдатын.
Көтөрүлүп Күн шашке болгон ченде,
Акдилмиш хан сарайга келип кирди.
Кирсин-деди уккан соң Элик аны,
Кол куушуруп бооруна, кирип барды.
Элик анда отур деп берди жайды,
Адеп сактап отурду ал сыпайы.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу

Түн түштү деген мааниде.
Аздан соң Элик өзү сөз баштады:
Жооп берчи кутманым, сурайм дагы
Тууганың эмне деди? Ишиң кандай?
Эмне келдиң? Жаныңа кошуп албай?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Жооп кылып Акдилмиш айтты кепти,
Болгон сөздү, калтырбай сүйлөп өттү.
Экөөнүн ортосунда сүйлөшүүнү,
Жооп кылып Эликке айтты жөндүү.
Элик турду ойго батып камыгып,
Көздөн жашы шорголоду агылып.
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
«Сенин бооруң,— деди ал, ачык айтты,
Анын сөаү адилет, чындык жакшы.
Зордодук өзүбүздү биз өзүбүз,
Зордук менен ага да келтирдик күч.
Бул өмүр өтүп кетет, калбайт изи,
Келгени да токтобой, кетет дечи.
Түбөлүктүү күндөрүң кийин келет,
Жакшы, жаман токтобойт, өтө берет.
Түбөлүктүү дүйнөгө жеткен жакшы,
Демек ал, көп жакшылык, сыймык тапты.
Туура айтат бир бооруң, көптү билет,
Чакыруу бизге аны — өнбөс тилек.
Баарыбыз туткунубуз напсибиздин,
Бекер тура түйшүгү күнүмдүктүн!
Айтканын ук, пейли кең айкөл адам,
Акыл сөзү андайдын сабак саган:
«Напсиңди тыя албасаң,— кумар жеңет,
Азабыңа эки эсе өзүң себеп,
Напси жеңсе көңүлүң өлүп калып,
Көңүл өлсө, ишеним өчөрү анык.
Көңүлүбүз өлүкпү, туткунбуз биз,
Кумар багы чоңоюп жооноёт жүз».
Улуктук, бийиктик да, дөөлөттүү кез,
Кутманым, түбөлүктүү дайым эмес!
Турмуштун жыргалы аз, кууралы көп,
Сыркоо, каргыш жармашат жаныңды жеп.
Эң акылдуу адамдын жакшы сөзү,
Көп көрүй бул турмушту билген өзү:
«Улук болсоң кубанба мансабыңа,
Улуктардын түйшүгү арбын тура.
Кубанычтын кайгы жүрөт соңунда,
Ыракат, мээнет коштоп келет сага!»
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
Элик айтты кайрадан: «Акдилмишим!
Чакырган себебимди билгин өзүң.
Эгер андан пайданы көрөм десем,
Мынчалык сан түйшүккө түшпөйт элем!
Катуу турду, келүүгө ынабады,
Тууган, достун коюну тартпады аны.
Ашык кетпей айтыптыр чындык сөздү,
Күчкө салып мажбурлоо болбойт эми.
Эмгегиңден чыкпады эч бир майнап,
Жол азабын, көп тарттың жанды кыйнап.
Кутманым шашылбайлы, күтөлүчү,
Кандай болуп аяктайт анын иши.
Келечек күн белгисиз, караңгыда,
Нурлары жарык кылар күн чыкканда!
Мезгил өзү — тартылган жаага тете,
Жыргал, кырсык жебесин атар нече.
Бүт ишиңди кудайдын эрки деп бил,
Жоктон барың жаралат — жетсе мезгил.
Чыкпаса иштериңдин ырахаты,
Кутманым, күтө турчу шашылбачы.
Турмуш деген ушундай куусаң качат,
Таштап койсоң, чакырып жолуңду ачат.
Сабыр кылып бир азга сынайлычы,
Колубузга бир конор бакыт кушу!
Тек койгун, өзү эңсеп издеп келер,
Далай жолу толгонуп, ойлоп көрөр!»
***
Элик сөзүн ушинтип аяктады,
Акдилмиш сылык туруп, калтырды аны.
Мезгил учуп, күн өттү күн артынан,
Элик батат сан ойго улам-улам.
68. КҮНТУУДУ ЭЛИК ӨТКҮРМҮШТҮ ҮЧҮНЧҮ ЖОЛУ ЧАКЫРТКАНЫ
ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Элик дагы чакырып Акдилмишти:
«Тапшырамын өзүңө ушул ишти.
Чакырыкка келбеди бир тууганың,
Тилегимди ойлогон мен таппадым.
Таштадым унуткарып ак тилекти,
Түйшүктөнтүп башка ой кыйнайт мени.
Оюмда башка максат жатат менин,
Беттешип, бир бооруңду көрсөм деймин.
Мен барамбы, болбосо ал келеби,
Бир сүйлөшүп калалы келсе жөнү.
Мейли, келип кеңешин берип кетсин,
Кайра барып өз ишин кыла берсин.
Мага пайда, а ага залал эмес,
Тазарып, күмөн иштер калбасын өч!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Жооп айтты Акдилмиш: «Кутман Элик,
Бул сөзүңдөн чындыкты турам көрүп!
Элик айтса — жолума камданайын,
Жүйөсүн келтирүүнүн мен табайын.
Өзүм барып сөзүңдү билдирейин,
Элик барбайт, мен аны келтирейин.
Жана дагы бир катты жазсын Элик,
Шек санабай ишенсин катты көрүп!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Элик айтты: «Кагаздын кереги эмне?
Каттан көрө ишенет ал өзүңө!
Чабарманга ишенбес катты берет,
Сенден артык ишеним эмне делет?
Ягма 1 беги айтканын угуп алгын,
Акыл экен сөздөрү бүтүн анын:
«Ишенимдүү элчиге, катың ашык,
Ишендиңби, кайтпагын кайра шашып.
Сөзүңдү айт, уккунуң айткандарын,
Пайдасы эмне кагазга койсоң жазып!»
Бул милдетиң сен үчүн татаал эмес
Чочугандай мынчалык катаал эмес!
Айтар сөзгө каттын жок кошумчасы,
Кат — өзүң да урматтуум асылбачы.
Мага келсе, тез эле кайра кетет,
Зордобоймун, эркине кылбайм бөгөт.
Кошумча сага айтар менин оюм,
Жөн чакыр, эч убакта зордобогун.
Эгерде өзү каалап келбейт экен,
Өзүм барып көрүшүп, кайра келем!»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу

«Куп болот,— дейт Акдилмиш,— бардык тилек,
Төп болот бир кудайым болсо жөлөк.
Кызматыңды талбастан кылып берем,
Арзыган тилегиңди өтөп келем.

Ошол кездеги түрк уруусу.
Турсаң болду сен өзүң аман-эсен,
Тилегиңди кудайым берсе экен!»
Тышка чыгып, аттанып үйгө келди,
Аттан түшүп, чечинип тонун илди.
Кызыл күндүн ажары, сары болду,
Бүт дүйнөнү алтынга ороп койду.
Күндүн бети боелду сары күрөң,
Асман көпкөк жамынды шейшеп менен.
Кабак бүркөп көк бети күүгүмдөндү,
Аалам жүзү чүмкөндү кара өңдү.
Тамак ичип, намазын окуп бүттү,
Кыйшайып төшөгүнө уктап кетти.
Булбул сайрап жаңыртты теребелди,
Ойгонуп, кайра уйкусу эч келбеди.
Уйкусуз көпкө жатып,- кулак салды,
Кайрыгына булбулдун кумар канды.
Түн узарды, а уйку келбейт такыр,
Таң супасы кубантты аны азыр.
Асман ачты жакасын кара түндүн,
Чачылды бийик тоодон нуру күндүн.
Кыз ырайы жылмайып күлүп ийди,
Нуру менен ааламды мээрим сүйдү.
Жайнап турду асмандан күндүн көзү,
Жарыкка толуп чыкты аалам бети.
Туруп анан жуунуп, кийим кийип,
Намаз окуп, ойлонду илгери үмүт.
Токутуп минген атын жолго чыкты,
Бир бооруна бет алып, ою сызды.
Жетип анын жайына ээн сайда,
Аттан түшүп жакындап басты кайра.
Эшик какты, жанына токтоп туруп,
Чыга келди тууганы, үндү угуп.
Өткүрмүштүн Акдилмишке берген суроосу
Акдилмишти көргөн соң кабак түйүп:
«Чаалыкпайсың сен меге сапар жүрүп?
Неге өзүңдү мынчалык шорго салдың,
Эмне үчүн улам-улам тынчымды алдың?
Киреличи үйгө эми, айт кебиңди,
Кайрадан мага келген иш-жөнүңдү?»
Экөө кирди. Календер уйгу-туйгу,
Таарынычын кабагы айтып турду.
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
«О, боорум, деп сүйлөдү келген киши,—
Бүркөбөй кабагыңды укчу мени.
Калтырбай толук бойдон айткандарды,
Эликке айтып бергем жөн-жайыңды.
Кулак салып бардыгын укту Элик,
Ар сөзүңө атайын маани берип.
Зордобойт Элик сени, ишенип кой,
Бирок анда туулду башка бир ой.
Жиберди мени сага бир сөз менен,
Кар жаадырып кабактан караба сен.
Ар бир иштин өз чеги, ченеми бар,
Өз ишиңди кыйратып кылба залал!
Акылдуу сөздү айткан адамды ук,
Ар нерсеге кереги калат чыгып:
«Узартпагын, ар иштин бузба чегин,
А бузулса — ал ишти өлдү дегин!
Баарынын өз ченеми, орду болот,
Орду менен бүткөн иш болбойт төгүн!»
Элик кайтты мурдагы талабынан,
Бир көрүшүп алсам дейт өзү саган.
Барасыңбы сен ага, же ал сага,
Сени көрүп сүйлөшүү муктаж ага.
Мунун сага, о боорум, залалы жок,
Кабак ачып, кайтарчы омоктуу жооп.
Элик өтө ак пейил, акылдуу бек,
Кедейлерге көрсөткөн мээрими көп!»
Өткүрмүштүн Акдилмишке айткан жообу
Жооп берди Өткүрмүш: «Жылыйт чекем,
Мурункуңдан бул сөзүң жөндүү экен!
Мусулманга мусулман адам менен,
Көрүшүп сырдашышса болот деген!
Кабыл алам дилимден чакырыгын,
Бүгүн эле барууга мен даярмыл.
Билесиңби алиге барбаганды,
Максаты анын эле жардам алуу!
Эми ал туура жолду тандап алды,
Адилет жол мага да кымбат, баалуу.
Келбесин Элик мында, мен барайын,
Жол түйшүгүн ал эмес — мен алайын.
Элик деген элге баш болот, демек,
Ал үчүн урмат дагы, даңк да керек.
Ал баарын иш, сөз менен, оңго салат,
Жамандыкты четтетип, жолун табат.
Акылы терең деңиз адам сөзү,
Жөнөкөй, акылдуу да, ачык өзү:
«Сен кулсуң, сага закон бектин сөзү,
Баш ийет ага баары — улуу кичүү.

Бекти сыйлап, буйругун эки кылба,
Кул болсо да сатылып келген өзү!»
Жарлыгы Элигимдин мага ыйык,
Өзүм барам мен ага, таасим кылып.
Эми кайтып Эликке, айт сөзүмдү,
Келатат де, урматтап бир өзүңдү.
Чыгамын күн киргенде уясына.
Барамын жай даярлап койгун мага
Күндүз чыксам — адамдар мени көрөт,
Сөз кылышып, ар түрлүү жоруй берет.
Үйүңө бар күткүнүң, өзүм анан,
Уктабагын, бат эле жетип барам.
Мен барайын, экөөбүз чогуу болуп,
Эмне кылып, кантишти ойлонолук!»
Акдилмиштин Өткүрмүшкө айткан жообу
Акдилмиш чын кубаныч жооп айтты:
«Адилетсиң, мына эми сөзүң жакшы!
Барайын мен Эликке, жетер замат,
Келериңди айтайын, ал кубанат.
Сөзүңө бекем болуп, артымдан кел,
Макулдашкан мезгилде так келе көр!»
Убаданы бекемдеп чыгышты алар,
Көңүлдөр жай, жайдары кабак-каштар.
«О боорум,— деди конок эске салып,—
Сөзгө бек бол, келериң болсун анык!
Күн көшүлүп уясына жатканда,
Дүйнө жүзү көмүр түскө батканда.
Келгин үйгө күтөмүн,— деди, — сени,
Камымды шай кылайын, көрүп эми!»
Атка минип Эликке жетин келди,
Кирүүгө уруксатты сурап көрдү.
Баарын айтты калтырбай уккан сөздү,
Сүйүнүп Элик ,жүзү жарк дей түштү.
Эликтин Акдилмишке берген суроосу
«Эң сонун,— деди Элик,—жакшы кабар,
Сөзүңөр да силердин бирдей чыгар.
Качан келет, айтчы эми акылманым,
Кайсы жерден көрө алам аны бачым?»
Акдилмиштин Эликке айткан жообу
Жооп кылып Акдилмиш узатты сөз:
«Караңгы түшөр менен ал келет тез.
Келмек болду ал алгач — биздикине,
Качан десең келебиз сиздикине!»
Эликтин Акдилмишке айткан жообу
Элик айтты: «Кыйналып көп жүгүрдүң,
Кайырымын кайтарар зор теңирим!
Бир дартымдын давасын таап бердиң,
Көкөлөдү качанкы пас көңүлүм.
Үйдө күткүн, кабарла келер менен,
Чуркатамын, чакырар жан жиберем.
Кошо келгин сен дагы камдан ылдам,
Көзүн көрүп, сүйлөшүп, тооп кылам.
Бул тууралуу акылдуу сөз айтылган,
Маңызын тааный билгин угун андан:
«Киши көөнү эңсесе жакшылыкты,
Камчыланып үмүтүн күтөт жакшы.
Орундалса ойдогуң жүрөк эргип,
Ал тууралуу токтолот сөздү айтуу!»
***
«Албетте» — деп Акдилмиш айтты дагы,—
Үйгө кетти, конокко камынганы.
Күн жашынды көрүнбөй тоо артына,
Жер оронду кара түн туманына.
Көзгө сайса көрүнгүс түн да кирди,
Дүйнө жүзү жесирдин киймин кийди.
Жан-жаныбар тынчыды, кетти уйкуга,
Жым-жырттык, ызы-чуу жок, баары уйкуда.
69. ӨТКҮРМҮШТҮН АКДИЛМИШКЕ КЕЛИШИ ТУУРАСЫНДА АЙТЫЛАТ
Белгиленген мезгилде келди Өткүрмүш,
Кучак жайып, сый менен тосту Акдилмиш.
Саламдашты, конокту колдон алып,
Экөө тең үйгө кирди катар басып.
Сый көрсөттү, тамак-аш, даам келди,
Келди деп Элигине кабар берди.
Элик угуп, кайрадан ошол замат,
Чакырды келишсин деп, күттү самап.
70. КҮНТУУДУ ЭЛИКТИН ӨТКҮРМҮШ МЕНЕН ЖОЛУККАНЫ ТУУРАСЫНДА
АЙТЫЛАТ
Токтолбой экөө бирдей жөнөп калды,
Көрүп Элик урматтап тосуп алды.
Ийилип Элик өзү салам берди,
Календерди биринчи төргө өткөрдү.
Календерден амандык жай сурашып,
Кабыл алды аларды көңүлү ачык.
Өзүнүн катарына отургузду,
Ар тараптан көргөздү ызаат-сыйды.
«Өткүрмүш, жолуң алыс, татаал болду.
Сен мында,— түйшүк тартып жөө келдиңби?»
Өткүрмүштүн Эликке айткан жообу
Айтты Өткүрмүш: «О, менин ачык козүм,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Куттуу билим - 06
  • Parts
  • Куттуу билим - 01
    Total number of words is 4136
    Total number of unique words is 2112
    28.7 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 02
    Total number of words is 4179
    Total number of unique words is 2141
    28.6 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 03
    Total number of words is 4162
    Total number of unique words is 2042
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 04
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2126
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 05
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2208
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 06
    Total number of words is 4193
    Total number of unique words is 2136
    28.3 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 07
    Total number of words is 4266
    Total number of unique words is 2132
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 08
    Total number of words is 4177
    Total number of unique words is 2095
    29.8 of words are in the 2000 most common words
    42.6 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 09
    Total number of words is 4187
    Total number of unique words is 2249
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 10
    Total number of words is 3773
    Total number of unique words is 2124
    22.6 of words are in the 2000 most common words
    34.7 of words are in the 5000 most common words
    42.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 11
    Total number of words is 3611
    Total number of unique words is 1728
    20.4 of words are in the 2000 most common words
    30.1 of words are in the 5000 most common words
    35.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 12
    Total number of words is 3865
    Total number of unique words is 2076
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.1 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 13
    Total number of words is 4203
    Total number of unique words is 2146
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 14
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 2000
    30.7 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 15
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2117
    27.8 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 16
    Total number of words is 4131
    Total number of unique words is 2124
    29.0 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    51.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 17
    Total number of words is 4107
    Total number of unique words is 1911
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 18
    Total number of words is 4135
    Total number of unique words is 1978
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 19
    Total number of words is 4176
    Total number of unique words is 1950
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Куттуу билим - 20
    Total number of words is 482
    Total number of unique words is 346
    39.5 of words are in the 2000 most common words
    58.7 of words are in the 5000 most common words
    66.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.