Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 01

Total number of words is 3852
Total number of unique words is 2185
27.2 of words are in the 2000 most common words
38.3 of words are in the 5000 most common words
44.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
1
Тоо элинин бозгундагы абазы
Жыйырманчы кылым кыргыз улутун дүйнөлөшүү жараянынын тегирменине салган
өзгөчө олуттуу сыноолордун жаңы доорун баштап берди. Дал ошол доорду бүгүнкү
кыргыздар бир катар мамлекеттерди байырлап баштан кечирүүдө.
Эгерде Биринчи дүйнөлүк согуштун ирегесинде (1914-жыл- га карата) кыргыздар
негизинен падышалык Орусиянын, Цин сулалеси ойрон болгондон кийинки
Кытайдын жана Улуу Британиянын үстөмдүгүн биротоло орнотууга каршы айыгышып
күрөш жүргүзгөн Ооганстандын курамында үчкө жиктелип калса, ал эми Экинчи
дүйнөлүк согуштан соң кыргыз топтору дүйнөнүн башка аймактарына да жайылды.
Тээ Улуу Үркүн маалында Кытайга жана башка мамлекеттерге өтө качкандарды,
Сталин доорунда үй-бүлөлөрү менен же коколой башы Сибирге же Украинага
айдалгандарды айтпаганда, жыйырманчы кылымдын алгачкы үчилтигинде анчамынча гана кыргыз улан-кыздары башка өлкөлөргө байырлаган. Ал эми 1939-1945жылдардан соң бул жараян ого бетер канатын кеңири жайып, кыргыз баласы тээ
Америкага, Батыш Европага, Австралияга жана Африкага аттанды.
Арийне, улут болгон соң, анын сандык эмес, сапаттык жагын арттырган, анын жаркын
болочогун камсыз кылууга белсенген кулундары болбой койбойт эмеспи.
Жыйырманчы кылымдагы кыргыздардын үнүн да, үмүтүн да бүт дүйнөгө угузган,
бозгун болуп жүрүп да өз тагдырын алыста калган Атажуртунун жаркын келечеги үчүн
күрөшкө баш ийдирген инсандарынын сабын баштап берген кыргыздын чыгаан уулу Кудайберген Кожомбердиев (Азамат Алтай) эле.
Бул улуу инсан кыргыз үнүн эл аралык журналистиканын деңгээлине чыгаруу
жараянынын башатында турду. Кыргызга демократия, ачыктык, айкындык, терең
маалымдуулук, адам укуктарын кадырлоо идеяларын ырааттуу таркаткан Азамат
Алтай агабыз улутубуздун кийинки тагдырына терең из салган, акыркы деми чыкканга
чейин сөзү менен да, иши менен да өрнөк болгон кадырман аксакалыбыз катары
түбөлүккө эсте калмакчы.
Ата-теги тууралуу учкай сөз
Дароо эскерте кетээрибиз, бул залкар публицист жана журналисттин азан
чакыргандагы ысымы - Абдымурза болгон экен. Эки айдан соң гана ага Кудайберген
деген ысымды жергиликтүү молдо берген. Атасы - жашынан жалчы болуп,
мээнеткечтиги менен акырындап орто чарбага ээ болгон, өтө байып да кетпеген,
өзгөчө жакыр да болбогон Кожомберди Теке уулу.
Ал бугу уруусунун ичиндеги кыдык уругунун Асан уулдарынан чыккан.
Кожомберди 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнөн кийинки азаптуу Улуу
Үркүн маалында Кытайга качып барып, падыша өкмөтү кулаган соң кайтып келген.
Батышта бозгунда жүргөн уулунун аманчылыгын тилеп жүрүп, Кожомберди 1963жылы сентябрь айында дүйнөдөн өткөн.
Атасынын саймедирлеп айткан санжыралык баянын Азамат Алтай өз эскерүүсүндө
учкай келтирет (бул чакан эмгегибизде Азамат Алтайдын буга чейин жарыялана элек
эскерүүсүн булак катары кеңири пайдаландык; Азамат аганын жээни Гүлнара терген
жана кесиптештерим Венера Сагындык кызынын, Султан Жумагуловдун, Кубат
Чекировдун жана менин редактордук “анча-мынча сыдыргыбыздан” өткөрүлгөн бул
эскерүүнү жакын арада жарык көрө турган китептен окуй аласыздар):
“Биз төрт атанын балдарыбыз. Борукчунун төрт уулунан тарагандардын көбү - Айтбай
тукуму, анан Алтыбай, үчүнчүсү - Мырзабектер, төртүнчүсү - биз, Асан тукуму...”
Энеси Кантике Черикчи кызы - тоңдук саяктардан экенин да ал өз эскерүүсүндө
белгилейт.
Атасы менен энеси 1918-жылдын соңунда баш кошушат.
“Төркүнүнө жуучу жибердим. Кантике сунушумду четке какпады. Ошентип үй-бүлө
курсам деген тилегим ишке ашып, 1918-жылдын аягында мен түбөлүк түндүк
көтөрдүм. Кыялымдын чорттугуна карабастан алганым мен кыйналсам кыйналды,
кубансам кубанды дегендей, маган жөлөк болду. Акырында адам катарына кошула
баштадык. Биз үйлөнгөндөн кийин бир жыл сегиз айдан кийин сен төрөлдүң...” - деп
атасы Кожомберди айтып калчу экен.
Туулган жери, күнү жана азан чакыргандагы аты
Кудайберген Кожомберди уулу (Азамат Алтай) агабыз 1920-жылы 15-сентябрда
Кыргызстанда, тактап айтканда, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Корумду
(кийинчерээк - Кызылчек, андан соң - Бөкөнбаев) айылында туулган.
Өз киндик каны тамган айылды Азамат ага “Жайлоо дейин десең жайлоо эмес,
кыштак деп аташка да негиз жок. Жака болуп жайкалган буудай бышпайт, жайлоо
болуп чайпалган тулаң өспөйт. Үч тарабы тоо,” - деп эскергени бар.
Корумду айылынын тургундары кийинчерээк колхоздор акырындап ирилеше
баштаганда айылдан 30 чакырымдай төмөндөгү ири кыштакка (азыркы Бөкөнбаевге)
көчүрүлгөн.
Албетте, 15-сентябрды Кудайберген жарык дүйнөгө келген нагыз күн катары айтуу
кыйын, анткени ал бул датаны өзү эле (тээ совет кыргыз жазуучулары 7-ноябрды
өздөрүнүн туулган күнү катары тандаган сыяктуу эле) төрөлгөн күнү катары тандап
алган:
“15-сентябрь - менин өзүмдүн коюп алган күнүм. Биздин заманда качан, кайсы күнү
туулгандыгыбыз жөнүндө эч кимдин кабары жок. Болгону атамдын айтканы боюнча “күздүн күндөрү” дегени гана боюнча болжолдоп жазылган күн”, - дейт Азамат ага.
Баарынан кызыгы, эске тутуусу айрыкча мыкты болгон Азамат Алтай ага өзүнүн
эскерүүсүндө ата-энесинин жана жакындарынын өзүнө койгон ысымдарын чыпчыргасын коротпой эскерип жазат:
“...Атыңды бир канча жолу котордук. Жакын туугандарыбыздын ар кимиси өз
көңүлдөрүнө жаккан аттарын коё беришти. “Уул төрөлдү” дегенди укканда, азан
чакырып, биринчи оозума келген атың Абдымурза болгон. Эмне үчүн оозума ушул ат
келгенин ушу күнгө чейин билбейм” - дечү эле атам. Эжем Турдукандын койгон аты
Мудуң. (Чамасы, менин кыйналып- кысталганымды ойлогондон болсо керек). Кийин
жеңелериң ушул ат менен тергешчү.
Он коюм он алтыга жетти. Ороодо даным, короодо малым бар. Кунаным ат болду.
Уюбуз сүт берип турат. Жаңы турмуш баштаган адамга бу жакшылык эмей эмне?
Уулум төрөлгөндө кой союп, туугандардын башын бириктирип, жентек бердим. Мына
ошентип катындын эри, баланын атасы болдум. Бу күндөрдө өзүмдү бактылуу
адамдарданмын деп санаар элем. Бир-эки ай өткөндөн кийин сенин туулганыңа эл
чакырып, той кылдым. Сага ат койдук. Ошондо Акун молдокем саган азыркы атыңды
койду Кудайберген деп. Сен акжолтой болдуң. Артыңдан карындаштарың төрөлө
берди,” - атасынын бул айткандары Кудайбергендин жадында унутулгус болуп
жазылып калыптыр.
Жазмыштын ныгырган мүшкүлү
Үй-бүлөсүн өзү үчүн чеп сезген, эмгекчилдиги, топуктуулугу менен айырмаланган
Кожомберди үчүн Улуу Үркүндө Кытайга Чейин барган турмуштук тажрыйбасы өтө чоң
рол ойносо керек.
Жер айдап, эгин эккенден сырткары, тээ 1920-жылдары Кожомберди да айдап
(“Ысык-Көлдүн кызыл апийимдери тасмасы эсиңизде дедир), апийимди Кытайга
каттаган
соодагерлерге берип жиберип, ал жактан үй-бүлөсүнө кийим-кечек алдырган
учурлары да болгон экен.
1930-жылдардын башы. Колхоздоштуруу жараяны жүрүп жатты. Мурдагы жалчы
Кожомбердинин үй-бүлөсү турмуш каатчылыгын акырындап жеңип, тыңыраак жашай
баштаган чак болду. Бирок айылда дарыгердин жоктугунун айынан Кожомбердинин
үй-бүлөсүнө мүшкүл түштү, анын беш кызы дээрлик удаа чарчап калды.
Мезгилсиз “учуп кеткен” карындаштары тууралуу Кудайберген Кожомберди уулу
мындайча эскерет:
“Биз сегиз элек. Мен 1928-жылы мектепке барган элем, 1929-жылы карындашым
Бейшеканбы, Дүйшөканбы, экөөсүнүн бирөө менен мектепке барчу элем. Ал эми
1930- жылы үчөөбүз барып жүрдүк. Маркум Кантике энем кызылча чыгып бетинде
бир аз чаары бар эле. Атамдын боюндай бою келишкен, капкара чачы бар эле.
Кийинки жылдары менин аркамда төрөлгөн беш карындашым бир жылдын ичинде
биринин аркасынан бири өлүп кетишти. Ошол жылдары “кызылча” деген оору бар
эле, догдур деген жок, ошого карабастан эл арасынан чыккан бирин-серин эмчидомчулар келип эмдешчү. Кыз бечаралар көтөрө алышпады, мен көтөрүп чыктым да,
тирүү калдым.
Ушул беш карындашымдын бирөөнү атамдын сүйгүнчүктүү карындашы Турдукан
эжем багып алган эле, ошол кыз да так ошол жылдары кайтыш болду. Энемдин
капкара чачы бир жылдын ичинде агарды, карылыкка анчалык моюн бербесе да,
бирден кейпинен кетип, турмушу оордогонун ушунчалык сезсе керек. Кайгы деген
кайгы да...”
Бул кайгы энесинин саламаттыгына өтө оор кесепетин тийгизген экен.
Жазмыш деген ушул да, кээде опол тоодой жакшылыгын, кээде улам жаңы азаптозогун жиберет тура!
Дал ошондой оомал-төкмөл учурда кыздуу болуп, ата-энесинин чечекейи чеч болуп
кубанып турган көз ирмем бат эле алай-дүлөй бороондуу маанайга орун берет:
Кантике апанын акыбалы төрөттөн кийин кескин начарлайт. Бул каргашалуу учур 1932-жыл болчу.
Энеси Кантике Черикчи кызы өзүнүн “көкүрөк күчүгү” - кызы Күлшараны дүйнөгө
алып келип, бирок төрөттөн тыңый албай көз жумганын Кудайберген (Азамат) ага өзү
мындайча эскерет:
“Бала туулгандан кийин жети күн өттү. Үйдү ары-бери айланып жүргөн элем, бир
убакта идиш-аякты, жууркан- төшөктөрдү эшикке чыгара башташты. Жүрөгүм “солк”
дей түштү. Атамдын көзүнөн чыккан жаш мени да бакыртты. Кайдандыр колума таяк
тийди. Үй алдында боздоп ыйлап турам.
Кайдандыр тез арада эле андан-мындан топтолгон көп адамдар өкүрүп келип
жатышты. Анда-санда жанымдан өтүп бара жатышып «Төркүнүнө кабар» деген
сөздөрүн кулагым чалып калат. Таякелериме кабар кеткен. Алар биз жашаган жерден
40-50 чакырым алыс.
Экинчи күнү болгондо алар ат арыта жетип келишти. Менин «энекелеп» боздогонума
таякелеримдин “бир боорум” деген кайгылуу үндөрү жуурулушту. Аял-эркек дебей
бизге кошулуп, көз жаштарын төгүп жатышты...”
Энесинин сөөгүн түбөлүк жайга узатаарда өспүрүм Кудайбергенге көрсөтүшкөн эмес.
Ал эми ымыркай карындашына ат тандаганда, туугандарына тээ Улуу Үркүн маалында
Чыгыш Түркстанга (Ак-Суу шаарына) чейин качкан учур эске түшөт. Ошондо аларга
тээк болуп, ачкачылыктан куткарган кытайлык кыргыздын бир кызынын ысымын
Кожомбердинин кызына беришет:
“...Кичинекей кызга эки күн илгери ат коюшкан, 1916-жыл- дагы орус падышасына
каршы козголоңго катышкан бир агалар. (Алар) Кытай жергесине качып көп
кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Ошол кыйынчылык, ачарчылыктын тумандуу
күндөрүндө Кытайдын Түркстанында жашаган бир кыргыз үй-бүлөсүндө калып,
жанын сакташка жардам берген кичинекей кыргыз кызынын кадырына карап, ошол
кыздын атын койду. Аты Күлшара эле”.
Ал эми Күлшарадан башка дагы бир карындашы - Каргадай. Ал 1930-жылы төрөлгөн.
Аны атасы Кожомбердинин карындашы - Турдукан эжеси менен Аламан жездеси
багып, “канаттууга кактырбай” бапестеп чоңойтконун Азамат ага эскерет.
Советтик доордогу жаштыгы
Азамат ага совет доорундагы өзгөрүүлөрдүн баарын тең эле четке кага берген эмес.
Тоталитардык доордун запкыларын жана коомду чидерлеген кедерги системасын
ашкерелеген менен, совет заманы кыргыздарга билим-илим, көркөм өнөр жаатында
ири мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнүн да Азамат Алтай баса белгилеп айтаар эле.
Өзү да совет мектебинин таалимин алып, анын үзүрүн бозгунчулукта жүргөндө көрүп,
Батыштын экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки доордогу “турмуштук” университети
аркылуу чет жердеги бараандуу кыргыз интеллектуалына айланган. Түркияда
университетте бир нече ай окуганын да өз эскерүүсүндө учкай баяндаган.
Ошондой болсо да, ал жаш чагындагы билимге умтулуусун, Ысык-Көл кылаасында
алган таалимин өтө жогору баалаар эле. “Атаганат, Ооганстандагы Памир
кыргыздары биз көргөн билимдин четин да көрбөй, түркөйлүктүн туткунунда кала
беришпедиби”, - деп айтып калаар эле.
Анын жаштык кезеңинин айрым урунтуу учурлары тууралуу сөз козголгондо, Тоң
аймагынан чыгып, көл кылаасынын түндүк-чыгышына - көп улуттуу Түп районуна
келип окуп кеткен кезин да сөзсүз белгилөө абзел. Баса, Түптө жүргөндө комсомолго
өткөн экен.
Түптөгү зоветтехникумдагы окуусун акырына чейин уланта албай калганы - үй-бүлөгө
жардам берүү зарылдыгынан улам болгонун ал мындайча жазат:
“(Түптө) биринчи курста окуп жүргөнүмдө үйдөн кабар келип турду. Атамдын
башына кайрадан оордук түшө баштаган. Сонунбүбү жеңем да колхоздо
иштегендиктен, бала бага албайт. Гүлшара дагы жетимдик турмушун өткөрүп жатат
дегенден кийин биринчи курсту бүтүрүп, 37-жылы атама жардам берейин деп кайра
Тоңго келдим. Келгенден кийин карындашымды карап, өзүм мектепке барышты
уланттым. Анда М. Горкий атындагы орто мектеп болуп калган эле. Анда мен
тогузунчу класстан баштадым.”
15 жашында Түп районундагы зооветтехникумда бир жылдай чала-була окуп
келгенден кийин комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды
тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүрдү. Бул үчүн ал атайын Токмок шаарына жиберилип,
андагы пионер бөлүмүн башкаруучулардын Кыргызстан боюнча алты айлык
комсомол курсун бүтүргөн.
Аскерге чакырылаар алдында (1940-жылы жай мезгилинде) Кудайберген
коммунисттик партияга да мүчөлүккө алынган болчу.
Жаш калемгер
Кудайбергендин (Азамат Алтайдын) журналисттик чыйыры 1936-жылдан башталат.
Жаштык күлгүн учурунда кантип кабар жазууга кызыгып калганы тууралуу Азамат агай
мындайча эскерет:
“...Мен алтынчы класста окуп жүргөнүмдө Сабыр Калканов деген бала менен бир
партада отураар элек. Сабырдын макалалары «Кыргызстан пионери, «Ленинчил
жаш» газеталарына чыга баштады. Кийин “сенден кембимби” дегендей атаандашып,
өзүм макала жаза баштадым. 1936-жылы «Китептердин дайны жок» деген
макаламды «Кызыл Кыргызстан” газетасы жарыялады. Ошентип мен басма сөзгө
кызыга баштадым...”
Жарык көргөн макаласы аны ого бетер шыктандырып, калемин андан ары “бүлөй”
баштайт. Досу Сабыр экөө бир ирээт калемдешип фельетон жазып, айылдык
кеңештин төрагасы Күчүбаев дегендин өз жубайына көрсөткөн кордугун
ашкерелеген.
Айтылуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин жубайы, акын Тенти Жунушбай кызы
(Адышева) Кудайберген Кожомберди уулунун классташы болгон.
1940-жылы августта Тенти бала төрөгөнүн угуп, Кудайберген каттоочу аркылуу
Жоомарттыкына бир чанач кымыз жиберген.
Ал кезең кыргыздардын жапатырмак билимге умтулган учуру эле. Айыл-кыштактарда
чогулган калайык сабаттуу балдарга китеп-гезиттерди үн чыгара окутчу. Нечендеген
дастандар, ырлар, аңгемелер жалпы жамаатка окутулган. Чыгармаларды мыкты окуп
берген уландарды жеңелери кээде “молдо бала” деп тергеген учурлар болгон.
Азамат Алтайдын мууну латын арибин өздөштүргөн, ал эми 1928-29-жылдарга чейин
таалим алгандар болсо кыргыздын арап арибин өздөштүргөн. Алардын бир даары
үчүн жаңы латын ариби чоочун болуп, жаңы арипти өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк ала
албаган мурдагы билимкөйлөр алеки заматта “сабатсыз” болуп калышкан. (Бул
кейиштүү тагдыр кыргыздын кирил жазмасы үстүртөдөн таңууланган 1940-жылдан
тартып латынча билген далай кыргыздар үчүн да кайталанды).
Орус тилин жана адабиятын өздөштүрүү аркылуу 1930-жылдардагы чүйлүк жана
ысык-көлдүк кыргыздар кирил жазмасын да дурус билишкен.
Айтмакчы, Азамат Алтай өзү арап арибин ыктыяры менен өз алдынча үйрөнгөн экен
(бул тууралуу ал “Касым ага менен Молдо Кылычты окуй билиш үчүн мен араб
тамгасын үйрөндүм,” - деп эскерет).
Кээде өзүмчө ойлоп койом: эгерде Азамат Алтай Кыргызстанда жүргөндө эле латын
арибин өздөштүрбөгөн болсо, анда анын Батыштагы жазма маданиятка
ыңгайлашуусу канчалык узагыраак болмок эле? Эгерде ал Түптө жана Токмокто
кошумча окубаган болсо, классташы менен атаандашып чыгарма жаза баштабаган
болсо, анда ал “Азаттык” үналгысын түптөөгө катышат беле?
Тоңдун элеттик чөйрөсүндө туулуп-өсүп чоңойгон, өз мууну үчүн ортороок эле
билимдүү болгон Азамат ага дилгирлиги, тыңдыгы, өжөрдүгү, изденгичтиги жана
тынымсыз мээнети менен улам жаңы сынактарга татыктуу туруштук берип, улам
жаңы серелерге чыга келсе керек.
Балтиядагы аскердик кызмат
Азамат агай 1940-жылы сентябрда Кызыл аскерге чакырылды. Тоңдон “Киров” деген
кемеге түшүп, Балыкчыга жетишти. Андан жүк ташуучу машине менен Бишкекке
келишти.
Пишпек темир жол бекетинен аскерлерди узатуу жөрөлгөсүнө ошол кездеги
Кыргызстандын аскер комиссары, генерал Иван Васильевич Панфилов (1892-1941) да
катышканын Азамат ага учкай эскерет.
Анын 1940-жылдагы окуялар тууралуу эскерүүсүнө кылчайсак:
“Биздин эшелон 17 күн дегенде Литвага келди. Ал убакта Литванын борбор шаары
Каунас эле. Каунаста бизди аскерий бөлүккө бөлүштү. Менин жанымдагы балдардын
арасындагы жогорку билимдүүлөрдү бир ротага бөлүндү. Бул келечектеги запастагы
орто командирлер. Мен андан-мында окугандыктан, 8-класстагы билимим бар деп
жаздырып койгомун. Полктун кенже командирлерин даярдай турган курсанттардын
катарына кошушту....”
Бул жыл - бир чети, Советтер Биримдиги экинчи дүйнөлүк согуштун алоо отун өзүнөн
Молотов-Риббентроп келишими аркылуу оолактаткысы келген, ошол эле учурда,
Балтика боюндагы эгемен жумурияттарды жана башка айрым аймактарды каратып
алуу аркылуу, иш жүзүндө улуу согушка Гитлердин аргасыз ынтымакташы катары
катыша баштаган учур болсо, экинчи чети, басып алынган жерлерде сталиндик
“тазалоолор” жүргүзүп, аскер күчү менен балтиялык калктарды байлап-матаган кезең
эле.
Балтиялык калктардын совет режимине карата жек көрүү сезимин биз өз убагында эч
бир тарых китептен окуган эмес элек. Эсимде, 1977-жылы Ысык-Көл өрөөнүндө
студенттик кошуундардын эл аралык фестивалы өттү. Ошондо литвалык студенттер
менен да жолуктук. Жыргалаң курортунун аймагында литвалык студенттер менен
чогуу да туруп калдык.
Ошондо бир литвалык тарыхчы студент мага өз элинин маданияты “орустукунан
ашса-ашат, бирок кем калышпайт, биз музей көрүү үчүн Ленинградга барбайбыз,
өзүбүздүкү жетиштүү” дегендей оюн айтып, таң калдырган.
Ала-Тоодо Михаил Горбачовдун убагында гана айкындуулуктун желаргысы менен
Балтия боюндагы калктардын саясий маанайынан кеңири кабардар боло
баштаганбыз.
Ал эми Азамат Алтай жаңы гана эгемендигинен айрылып, өзгөчө күйүт тарткан
балтиялык жергиликтүү калайыктын Советтер Биримдигине карата терс мамилесине
ошол 1940-жылы өз көзү менен күбө болгон экен.
Жергиликтүү калк үчүн Кызыл армия “баскынчы аскер” катары кабыл алынганын ал
мындайча эскерет:
“Бизди литвалык калк анчалык көңүлдүү тосподу. Тоспогондун себеби бар экен.
Советтер Союзу “Литвалык парламент бизди чакырды” деп өз аскерлерин киргизип,
Балтика жээгиндеги Латвия, Литва, Эстонияга Кызыл Армия куралдуу күчтөрүн
киргизип өзүнө каратып алган. Мына ушул мамлекетке мен баскынчы аскер
катарында келдим.
Ошол жылдын суугу ушундай катуу болду. Кийин уктум, Советтер Союзунун аскерлери
өздөрү гана келбестен, Орусиянын суугун кошо ала келишти деп даттангандарын...”
Дагы бир жагдай - жаш кыргыз жоокеринин жергиликтүү карапайым литвалыктардын
турмушуна, алардын маданий- этнографиялык өзгөчөлүктөрүнө өтө кызыгуу менен
үңүлгөндүгүндө.
“...Талаада (аскердик машыгууда) жүргөнүбүздө мен айылдагы дыйкандардын
турмушу кандай экен деп кызыгып, үйлөрүнө кирдим. Үйлөрүнө кирсем таптаза,
керебеттер коюлган, терезелери ачык, үйлөрү ысык, ушундай бир жыргалдуу турмуш
сыяктуу көрүндү алардын турмушу. 40 градус суукта тышта аскердик сабакта
жүргөндө үйлөрүнө кирсең, бейишке киргендей сезесиң. Жылынып алып, - орусча
сүйлөй алышчу эмес, өзүлөрүнүн тилинде сүйлөшчү, - жаңсап түшүнүшчүбүз. Мен
келгенде «сен орус эмессиң, сен да бизге окшогон башка калктансың” деп мага боору
ооруп, тамактарын беришти. Аскер сабактарынан келгенден кийин “Эмне үчүн
Советтер Союзу «капиталисттик мамлекеттерде ачкадан өлгөн дыйкандар көп» деп
бизди ушунча алдап келди, деп ойлончумун...”
Азамат Алтай, албетте, буга чейин эле айрым советтик үгүт өнөктүктөрүнө бүдөмүк
болсо да макул болбой келгенин эскерет.
“...Мен коммунисттик мамлекеттин гражданы (атуулу) болсом да, алданып
келгенимди 1937-38-жылдан бери элден билет элем. Касым Тыныстановду эл
душманы, феодалчыл, байчыл, улутчул деп каралашкан эле. Касым агага окшогон
кыргыздардын көзүн ачкан, тамга тааныткан адамды каралоого эч кимдин акысы жок
деп ойлоор элем,” - дейт Азамат Алтай.
Албетте, Балтия жергесинде өзү үчүн ачылган турмуш чындыгы тууралуу жаш жигит
жанындагыларга айтпай койо алган жок. Тике сүйлөп, оюн тайманбай туюнткан жаш
жигиттин бул кылыгы ал үчүн партиялык белеттин кунуна турат:
“Азыр ушул Литвадан баштайын да. Анда партиялык комитеттин жыйналышы болду.
Жыйналышта коммунист Кожомбердиев литвалык дыйкандардын турмуштарын
көрүп, жанындагы жолдошторуна айтып жүрөт деген шылтоо менен мени
коммунисттик партиянын катарынан чыгарып коюшту. Ошентип, менин партиялыгым
узакка кетпеди, бир жыл да болбоду...” - деп эскерген Азамат Алтай.
Литвадагы аскердик кызмат анын советтик коомдун ачуу- таттуу турмушу тууралуу көз
каранды эмес талдоосу башталган учур болуп калды.
Улуу согуш
Кийинки, 1941-жылы 22-июнда Улуу Ата мекендик согуш башталып калды. Азамат ага
бул улуу согушка Балтия аймагында, Неман дарыясынын өрөөнүндө жүрүп кирди.
“Мына ошентип 1941 -жылдын июнь айындагы окуялар келди. Биринчи күнү
немистер каршы алышты. Немистердин танкалары көпүрөдөн өтүп жатты. Бизди
талаага жайлаштырып, «атышкыла» деген команда беришти. Душман келди.
Ошондо Белов деген старший (ага) сержант майдан талаасында өлдү. Взводдун
командири Зубков деген лейтенант эле, ал мага: “Бооруң менен сойлоп барып,
Беловдун комсомол билетин алып келесиң!» деген буйрук берди...”
Жаш кыргыз жоокер жаадырылган окко карабастан, алдыга сойлоп жөнөйт. Эптеп
Беловдун сөөгүнө жетип, анын кансырап өлгөнүн көрөт:
“...Мына ушунда түшүндүм, биздин ага чейинки согушка даярданганыбыз жалган
экенин, эми адам өлдү, анык согуш башталган экен деп түшүндүм. Солдаттын
жанында эки адрес болот: бири үйүнүн адреси, экинчиси кайсы бөлүктөн экендиги,
ошолорду да кошо ал деп буйурду. Мен сойлоп жетип, (Беловдун) комсомол билетин
алдым, адрестерин да алдым.
Немистер атып турду. Мен өлүктү үстүмө жаткырып коюп алдым. Кайтып артка
сойлогонумда да, өлүктү бир аз жерге кошо сүйрөдүм октон калкаланып. Кудайым
мени сактады, немистердин огу жаныма эле түшүп турду....” - деп эскерет Азамат
Алтай.
Ал жааган октон эптеп качып чыгып, бирок өзүн күтпөстөн чегинип кеткен өз
батальонун дароо таба албай калат. Бир нече күндөн соң гана акыры өз бөлүгүнө
кайтат.
Аскердик машыгуу советтик жаш жоокерлер үчүн жетишсиз болгонун, аскердик
жетекчиликтин өксүктөрүн, жапатырмак чегинүүдөгү баш-аламандыкты өз башынан
кечирген жоокер кийинчерээк бул тууралуу мындайча жазат:
“...Ушул батальон менен биз чыгышты карай эмес, түндүк- чыгышты карай качып жүрө
бердик. Мына ушинтип август айынын аягына чейин согушка катыштым. Бир советтик
танканы, бир советтик самолётту (учакты) көрбөдүм.
Ушундай башаламандыктын себеби эмнеде болду? Бизди аскерде жүргөндө чабуулга
чыгышты үйрөтүшкөн, Кызыл армиянын трагедиясы - бизге чегиништи
үйрөтүшпөгөнүндө. Чегингенде башаламандык болду, ким кимди башкарат, ким
кимдин командири, кайда баратабыз, ким менен согушабыз, менимче, (бул
суроолор) эч кимдин акылына барбады. Бир жерге барганда биздин батальондо 500600 солдат болсок, бир жерде миңдеген аскерлерге кошулуп калабыз. Немистердин
самолеттору (учактары) асмандан бизге ок жаадырышат, октордон канчаларынын
өлгөнүн көрдүм...”
Азамат Алтай өзү жоокер болгон батальон август айында артка чегинип отуруп бир
канча күндөн кийин Калинин облусуна келет. Ошол күндөрү ал бир аз убакытка чакан
аскер тобун жетектегенин да эскерет:
“...Полктун командири адъютантын жиберип, менин атымды суратты. Мен:
“Кожомбердиев Кудайберген - биздин батальондогу кенже командирлердин
курсантымын» десем, полковник азыр сага приказ берет деди. “Жолдош
Кожомбердиев, батальонду башкарыңыз, азыр немистер келет, атакага деп
чакырыңыз” деди.
Мен “Атакага!” (чабуулга) деп чакырганда “За Сталина, за Родину вперёд!” (“Сталин
үчүн, Мекен үчүн алга!”) - деп окоптон чыктык. Ошондо биздин батальондун ичинде
татарбы же башкырбы, кырктарга чыгып калган адам бар эле, ошол адам аркамдан
чыгып келе жатып: “За колхозы! (“Колхоздор үчүн!”) дебейсиңби», - деди. Албетте, ал
сөздүн маанисин кийин гана түшүндүм, эмне үчүн айтылганын...”
Начар куралданган, чаалыккан, ачка кызыл армия жоокерлери улам токойго,
бадалдарга баш пааналашат:
“Жашынып жатканыбызда жаныбыздан немис мотоциклдери куралдары менен өтүп
жатты. Биз кайда барышты, эмне кылышты билбейбиз...”
Окшошконго мушташкан болуп, алардын полкунун комиссары Луговой деген киши
полк байрагын ич кийимине катып алып, качып жоголот.
Туткунга түшүү
Ошол эле 1941 -жылы августта Азамат Алтай жанындагы башка жоокерлер менен
бирге Литвада, Калинин облусунда германдык фашисттерге туткунга түшүп калды.
1941 -жылы туткунга түшкөн алгачкы учурун Азамат агай мындайча эскергени бар:
“...Биз анын (туткунга түшөөрдүн) алдында Великие Луки деген шаар үчүн бир канча
ирээт согушка катышкан элек. Тамактын айынан токойдон чыгып, бир кыштакка
киргенибизде, колго түштүк. Жашыл кийимчен аскерлер келип, бизди тегеректешти.
Испандардын «Голубая дивизия” (“Көгүлтүр дивизия) дегени бизди туткундаган, алар
бизди немистерге өткөрүп беришти. Немистер бизди бир лагерге алып барып тыкты”.
Туткунга түшкөндөрдүн акыбалы өтө оор болду:
“Адам көп. Кечке лагерге туткундар толду. Түнкүсүн жамынып жатаарга көбүбүздүн
тыш киймибиз жок, биринчи эле согушкан жерде калган. Түндүктүн ырайымсыз суугу
күн баткандан эле титиретет. Айла жок көндүк. Көптөн бери артка ачка
чегингендиктенби, же тамак-аштын лагерде да өтө тартыштыгыбы, туткундардын
баары арык, кээсинин басууга дарманы да жок,” - деп эскерет өзүнүн алгачкы
туткундагы күндөрү тууралуу Азамат Алтай.
Анын айтымында, таң аткандан тартып эле өзөк жалгаш үчүн идиш кармап тизилген
туткундар кармалган адамдын көптүгүнөн түш оой араң аш салып жаткан ашпоздун
алдына жеткен учурлар көп болду.
“...Тамактын жетишпегендиги тууралуу ооз ачсаң, таяк жейсиң. Арабыздан немисче
сүйлөп, немистин камчысын чапкандар да чыкты. Алардын кордугу немистердикинен
ашса ашат, кем эмес. Айтор, бу жерде таяк менен богооз сөздүн күнү тууду.
Күндөрдүн биринде сегизден катарга тизип, мал айдагандай кылкылдатып,
туткундарды белгисиз тарапка айдады. Күнүнө 30 чакырымдан тындырбай жөө
айдайт. Мурда берип жүргөн ысык суу тургай, эми ичээрге муздак суу да жок. Баса
албай артта калгандарды атып таштап кете беришет...”
Ошентип, он күнчө жүргөндөн кийин туткундарды Латвияга алып келишет.
Туткунда жүргөндө ал башка кыргыз жигиттерге жолугуп калып, алардын кайрымдуу
мамилесин көргөнүн да эскерет: “...Суук. Түнкүсүн шинелдери бар эки кыргыз жигит
мени ортолоруна алып жатпаганда тирүү калаарымды кудай билет эле .
Ал фашисттердин туткундарды мазактаган учурларын да сыпаттайт.
“Ачкачылык адамды намыстан ажыратып, арсыз кылып салат. Бир тамдын үстүндө
отурган немис аскерлери туткундарга нан ыргытты Туткундар нан талашып, төө
бастыга түштү. Оозго нан жетпейт. Абадан нанды бир кол тосуп алса, аны экинчи кол
жулат, анан үчүнчү, төртүнчү кол... күкүм да калбайт. Жерге түшкөн нандын артынан
кошо жыгылып, топуракка аралаштыра болсо да жалмап калайын дегенге
жалматтырышпайт. Немистер болсо моокуму кана жыргап каткырып, нандан улам
ыргытып коюп турушту да, мазактап.”
Эскерүүсүндө Азамат Алтай туткундагы жоокерлер ачкадан өлбөс үчүн жада калса
иттин этин жеген учур болгонун да жашырбай жазат.
Туткундан качуу аракеттери
Жаш кыргыз жоокери азап-тозокко мүңкүрөп калбастан, эркиндикке чыгуу үчүн бар
аргасын жасоону чечет.
1940-жылы кеч күздө Азамат ага туткундан качып чыгат, бирок кайра тутулат, кайра
качат.
Ал окуялар тууралуу да Азамат ага өзүнүн эскерүүсүндө узун сабак кеп кылат. НовоВеликие деген шаарчанын жанындагы Валейка деген лагерден бир нече кыргыз
качып чыккан. Алардын арасында бир кочкордук жигит да болуп (ал тууралуу: “Ушу
кочкорлук жигит бар эле, орусча менден жакшыраак билген, аскердик милдетти
менден илгери аткарган жигит. Мага тың көрүндү,” - деп аны эскерет Азамат ага).
“...Мына ошентип, жамгыр жаап турганда ушу жыртылган каптарды, чүпүрөктөрдү
зым темирдин үстүнө салып, качып чыктык. Бу, менимче, ноябрдын соңу, декабрдын
башы болуш керек. Талаага чыкканда жарты кар баскан капусталарды көрдүк.
Ачкалык адамды эмне гана жедирбейт! Кээде басып, кээде чуркасак да, чарчоо
билбей, тоңгон капустаны кемирип жеп бара жаттык.”
Качкындарга жергиликтүү поляктар тымызын жардам беришет.
Бир күнү Азамат Алтай берки кочкордук жигиттен бөлүнүп, кыштактан кыштакка өтүп
жүрүп, акыры Стефан деген поляктыкында жалчылык кылып калат (эки качкын бирге
жүрсө аларды кармоо коркунучу күчтүү болот эмеспи, ошондуктан берки шериги
башка үй-бүлөгө барып жалчылык кыла баштайт).
Стефандыкында жалчы болгон кези
“...Бир кыштактан бир кыштакка өтүп отуруп, Стефан деген жашабыраак калган
дыйканга туш болдум. Сылтып басканы болбосо, жаны тынбаган чарбачыл, оокатка
тың, жылдыздуу киши болуп чыкты. Жалгыз уулу Сибирге айдалып кетип, аялы экөө
эле экен. Ошентип Стефандын үйүндө калдым, отунун жарып, көрсөткөн жерге
көтөрүп барып ирет-ирети менен жыйып, малын багып, чөбүн туурап, сугарып күн
өткөрө бердим. Бирок менин иштегендерим Стефанга жакса да, катынына жакпады.
Стефан маган боору ооруйт, түндө чөптөрдүн арасына барып жатканымда одеял алып
келип берсе, артынан аялы ачууланып келип, одеялым бит болот деп анын колунан
жулуп кетет. Тамак-аш бергенде да кемсинтип босого тарапка отургузат. Маган бөлүп
берет, өздөрү эти менен чай ичип отурушат да, мага картошка менен суу берет, мен
ага да ыраазымын. Куу кекиртектин айынан буга окшогон кемсинтүүлөргө чыдабаска
арга жок. Туткун деген сөз кордук экенин кыргыз эпосторунан окуган элем. Ушу ЭрТөштүктүн жер алдына кирип, ач болуп көргөн кордуктарын ошол абалда көз
алдымдан өткөрөөр элем”.
Азамат Алтайдын айтымында, Стефандын болжол менен жыйырмалардагы уулу
1939-жылы Польшаны фашисттик Германия менен Советтер Биримдиги бөлүп
алгандан кийин Советтер Союзуна туткунга кеткен экен. Ал Сибирдин бир жеринен
ата-энесине кат жазган экен.
Айтмакчы, коммунисттик түзүлүштү кабыл алгысы келбеген миңдеген поляк
интеллектуалдары, аскер кызматкерлери, жумушчу жана дыйкандары сталиндик
жазалоочу системанын жазыксыз курмандыгы болгонун көпчүлүк кыргызстандыктар
СССР кулаган соң гана билишти. Ошондой окуялардын бири - Орусиянын Смоленск
облусунун Катын (орусча Катынь) токоюнда орун алган. Мында миңдеген поляк
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 02