Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 04

Total number of words is 4169
Total number of unique words is 2287
29.7 of words are in the 2000 most common words
43.5 of words are in the 5000 most common words
49.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
койдук. Ошондо Акун молдокем саган азыркы атыңды койду Кудайберген деп.
Сен акжолтой болдуң. Артыңдан карындаштарың төрөлө берди. Он коюм он
алтыга жетти. Ороодо даным, короодо малым бар. Кунаным ат болду. Уюбуз сүт
берип турат. Жаңы турмуш баштаган адамга бу жакшылык эмей эмне? Ушу
1910-жыл болсо керек чамасы, байдын коюн багып жүргөн убакта бир коюн
карышкырга жедирет. Сен менин коюмду карышкырга жедирдиң деп, эки
жигитине эки колун байлатып, Тоңдун шаркырап агып турган суусунун
ортосуна кармап сабатат. Кийин 1929-28-жылдары байларды кулакка тартып,
бирлерин Сибирге, бирлерин Украинага, узакка сүргүнгө айдашты. Ушул байдын
малын бөлгөндө “Жалчы” деген кедейлердин комитеттери уюшулган. Аерде
“Кожомберди, ушу байдан таяк жеген элең, кордук көргөн элең, азыр ушул
адилеттүү Кеңеш мамлекети курулду, ошолорго айтсаң, өчүңдү алып берет”, дешти. Бирок Кожомберди барып даттанбады, “Алардын жазасын кудай өзү
берет, мен эч качан кек албайм”, - деп жооп берет.
Карагер кантип мени тебелей калды
Бечара атам өз оокатына тың, сарамжалдуунун бири болчу. Кечээ гана
байлардын жалданма ишинен кетип, өз алдынча турмуш кура баштаганына
бир-эки жыл болгон. Энем да атама окшоп түйшүкчүл, үйдөгү, тыштагы оокатты
бирдей жасап, атама дайыма жөлөк болууга аракеттенчү. Экөө бирдей үйгө
тиричилик топтоого аракеттенип, бизге камкордук көрчү. Турмушубуз жаман
эмес. Сокмо там устун менен жабылган, үстүнө күзүндө топтоп алган тоют
чөбүбүз үйүлгөн. Алдында мал короолор. Биринде койлор, экинчисинде уйлар
турат. Жылкылар, аттар турган короолор да өзүнчө. Бул сарайдын артында
жыйнаган отунубуз, тезек-көң үйүлүп жатат. Казаныбыз куру эмес. Күн сайын
ысык тамак ичебиз. Аттар болсо семиз. Эртең менен кечинде жетелеп чыгып
сугарабыз. Жылкынын канчалык адамга жакын болгонун атам нуска катары
мага минтип айтып калаар эле: “Ал кезде сен жөргөлөп жүргөн чагың. Сууга
бошотулган карагер кунандын оюн салып, кутуруп турган убагы. Бир күнү энең
экөөбүздүн коркконубузду сураба! Сенин жөргөлөп аттын акырынын жанында
жүргөнүңдү көрүп, жаныбыз оозубузга келе түштү. Карагер да атырылган
бойдон келди да, жөргөлөп жүргөн сенден кош аяктап так секирип, арткы
туяктарын сенин бир жериңе да тийгизбей өтүп кетти. Андан соң сени карап
турду да, артынан өзүнө удаалаш келаткан тайларга жол бербей, сени
коргогонсуп турду. Аңгыча биз да жете келдик”.
Атамдын аңгемесинен ошол атына мактанганы, анын акылына өмүр бою
ыраазы болгону сезилип турчу. Анын Камбарата тукумуна жогору баа бергени
анын балдарынын көкүрөгүндө уялап калган болчу. Биресе атына ыраазы болсо
да, ошондогу коркконунан ичиндеги ызасын, жинин энем байкуштан чыгарган
тура. Эч күнөөсүз болсо да, насыя жеген таяк туурасында ар убак атабызга
болгон таарынычын ал жокто энем кеп салып берээр эле. Биз - уул-кыздары
боорубуз ооруп, атабызга ачуулансак да, ага эч убакта ооз ачмак жок. Энем
бечара өзү канчалык ачууланса да балдарына “Атаңарды урматтагыла дегенден
башка сөз айтчу эмес. Менимче, ал убактагы көпчүлүк кыргыз аялдарынын
башындагы эрксиздиктин жана динди, улуттук ырым-жырымды катуу
туткандан улам болуу керек.
Корумду
Корумду - жердин аты. Жайлоо дейин десең жайлоо эмес, кыштак деп аташка да
негиз жок. Жака болуп жайкалган буудай бышпайт, жайлоо болуп чайпалган
тулаң өспөйт. Үч тарабы тоо. Түштүк тарабы бетинен жайдыр-кыштыр агарган
ак кар менен көгөргөн көк муз кетпеген Тескей Ала -Тоо. Түндүгүндө жайкалган
Ысык-Көл. Бул тарапта тескейдегидей кышкысын кар жатканы менен күндүн
нурунан уялгансып, кээде кышында карсыз калган учурлар болот. Чыгышына
көз жүгүртүп карасаң, куушурулуп келип эки тарап тоолордун башын кошот да,
Жети-Өгүз аймагы. Батышы Балыкчыга карап күн батат. Тар жолдор аркылуу
белестерден өтүп, калкыбыз малын багат. Эки унаа барабар өтө албаган тар жол
да, тайгак кечүүлөр да бул жакта. Тоолордун күнгөй тараптагы эриген кардын
суулары же жазгы жамгыр убагындагы селдердин күчү менен чулу таштар ойду
карай акырындап топтолуп, сай-сайларда корум болуп калган. Бир канча
кылымдардан бери келе жаткан бул корум тоо этектерин толтуруп жаткандан
кийин ушул суу да Корумдунун суусу деп аталат. Ушул корум таштардын
арасынан чыккан суунун жээгинде биздин боз үйүбүз турар эле. Үй жанында
сокмо тамыбыз. Мына ушул жерде менин киндигим кесилгенин ата-энем айтып
сүйүнгөндөрү али эсимден кете элек.
Биз ал кезде көчүп жүргөн калк элек. Ошондуктан, ал жер биздин дайыма тура
турган жайыбыз эмес эле. Тунук булактуу тоолордун ортосунан орун алып,
ондогон чакырым созулуп жаткан мейкин талаа - менин турмушумдагы эң
жакшы көргөн жерим. Менин дүйнөгө келишиме күбө болгон да ошол Корумду.
Андай жер башка жакта жок. Канча жылдар адашып четте жүрсөм да, Корумдум
эсимде. Корумдудагы бала чакка эмне жетсин! Күндө көргөн-уккан нерселер
көңүлдөн өчкүс болуп орун алган. Корумдудагы жааган кар, мөндүр, күндүн
күркүрөшү да бөтөнчө эле. Мөндүргө мен атайын башымды тосуп, анын
тызылдатып черткенге окшоп турганын негедир жактыраар элем. Мөндүрдүн
ачынтканы, андан соң ысытып албыртканы мага ошончолук тамаша өңдөнүп
көрүнчү.
Корумдудагы көңүлүмө октой кадалып калган бир окуя жөнүндө айта кетейин.
Курман айтпы же Орозо айт беле - так эсимде калбаптыр. Ушул эки айттын бири
болуу керек. Биз жалаң эркек балдар аталарыбызды ээрчип, мечитке келдик.
Анда адамдар толгон. Имамдын сөзүн кайталайбыз. Намазга жыгылган соң топтоп болуп кайтып баратканбыз. Аталардын жандарында чакырган коноктору да
бар. Анткени, айтта арбактарга багышталып ар бир үйдө мал союлган.
Башкаларды коноктоп, арбактарга куран окутуш - мусулманчылык парз.
Кимдин үйүнө канчалык арбын адам келсе, ошончо кут киргендей чексиз
сүйүнүч. Тиги күн батышта созулуп кетип бара жаткан кызыл-тазыл – бул
биздин айылдагы жаш келиндер жана бойго жетип калган кыздар. Алар
жасанып кийинип алышканда ушундай сыйкырдуу көрүнүп калчу. Мындай
ажайып көрүнүштү кийин эч жерден көргөн да, байкаган да жокмун.
Ошентип айлар, жылдар өтө берди. Атама окшоп тырышып, күн көргөн
адамдарды башкалардан көрбөдүм. Жер айдады, апийим айдап, анысын Кытайга
каттаган соодагерлерге берип жиберип, ал жактан кийим-кечек алдырып турду.
Энем атаңа азык алып барып кел деп түндө жиберээр эле. Караңгыда
бадалдардын көлөкөлөрүнөн коркоор элем. Бир күнү атама тамак алып барсам,
колунда орок, айдын жарыгына салып, арпа оруп турган заманы экен, ошол
эсимде калды. Ошентип, мал топтолду. Мал менен жайлоого да чыгып жүрдүк,
мен да ортоктошмун кой багышка. Ушу кой багышып жүргөндө биздин айылда
Турумтай деген чал бар эле. Бир күнү ошол Турумтай деген чал экөөбүз
ортоктош болуп кой кайтардык, бүтүн күн бою койду аякка айда, биякка айда,
ышкын терип кел деп мени төштөргө жумшайт, мен терип келген ышкынды
устарасы менен тазалап аарчып жеп, андан соң ал тарапка жүтүртүп, бул тарапка
жүтүртүп, андан энеңди деп сөккөндө ызама чыдабай, таягын арыктын аркы
өйүзүнө ыргытып жиберип, койлорду айылды көздөй айдап жөнөдүм. Ал адам
таяксыз жүрө албас эле. Кийин колхоздун жумушунан келе жаткан
дыйкандарды көрүп чакырган. Дыйкандардын арасында менин атам да болгон,
таягын алып берип, атына мингизишкен. “Мен сенин уулуңду өлтүрөм!” - деп
кыйкырып үйгө келди. Турдукан эжем жолобо деп чалды кубалап жибергени
жакшы эсимде.
Кудалашуу
Калкыбыздын кылымдар боюнча сакталып келе жаткан уулдуу киши кыздуу
кишиге барып, куда түшүш деген ата салты бар. Балдарынын башын байлаш.
Келечектеги келини үчүн калың бериш. Бул ырым-жырымдардын көпчүлүгүн
кыргыздар жакшы билгендиктен, алардын түрлөрүнө токтоп отурбайын.
Жалгыз өз башыма келген мисалга токтолоюн да, болгон ишти болгондой
сиздерге айтып берейин. Туулганыма үч гана күн болгон кезде мага догдурлук
кылган эжемдин айылындагы бир тууганынын аялы кыз төрөйт. Агатуугандары менен кеңеш кылып, эжебиздин акылы аркылуу карагер
атыбыздын башына ак кебез байлап, жанына түрлүү малдан бирден кошушуп,
узактагы айылды көздөй жөнөп калышат. Бул калк арасында күчтүү адаттардан
болгондуктан, жеткен жеринен “жок” деген сөз эшитпесине биздикилер түздөнтүз ишенишет. Эки тараптагы ата-эне уулу менен кызына кантип жамандык
каалашсын? Күйөө бала бойго жеткенден кийин гана агаларынан, жеңелеринен
кайсы айылда кимдин кызы келечектеги анын өмүрлүк жары экендигин билет.
Айтору, "күйөө бала - колуктунун” туулгандан башы байлануу. Алардын
келечектеги тагдыры азыртадан чечилип коюлган. Ал убактагы көз менен
караганда мындай салт деле эч бир таң калаарлык болбосо керек. Мүмкүн, алар
бактылуу болоор? Мүмкүн, бактысыз болушаар? Ал бир белгисиздикти алып
келет да, жипсиз тушап коёт.
Ал кезде мал - биздин байлыгыбыз. Малды биз баксак, мал бизди багат. Ошондо
ар бир адамдын өзүнүн башка малдан артыгыраак көргөн, кээде бир тутам
чөптү ага ашыгыраак берген малдары болор эле. Мына ушундай менин да бир
өгүзүм бар эле. Бул өгүздөн мен көп нерселерди көргөм. Эсимде, ал кезде мен 56 жаштамын. Атам эгин жыйнайт. Мен да бир үйдүн “эркеги” болгонумдан, атам
өзү менен кошо ошол талаа жумуштарына ала кетет. Мына ушундай жай
күндөрдүн биринде аны мага карматып коюп, атам чийнеге эгиндерин толтуруп
жаткан. Мен өгүздүн тешилген мурдуна байланган мурунтук менен ойноп, анын
мурдун ачыштырдым. Өгүз канчалык нааразы болсо да, чыдашка мажбур. Бирок
ар нерсенин чеги болушу керек да. Айбан да болсо өзүн-өзү сакташка акысы бар.
Кандайча болгонун билбейм, мурдумдан кан агып, өгүздөн эки-үч кадамдай ары
жакта томолонуп жатыптырмын. Көрсө ал мени жакшылап туруп гана сүзүп
жиберген тура. Айбан десе. Атам аны таяктады. Күнөө кимде экенин сурабады.
Өз күнөөмдү өзүм жакшы сезгендиктен, бир чети жан таттуу эмеспи, оозумду
ачкан жокмун.
Мына ушул мен бөтөнчө артык көргөн өгүздүн да калыңга кетээр учуру келди.
Мен аны бердирбеске аракет кылдым. Бакырып ыйлап олтуруп алдым. "Уулум,
ыйлаба, биз аны бир аз күнгө гана берип жатабыз," - деп алдай башташты. Биз
аны мурда көп адамдарга карызга берип жүргөндүктөн, кайра беришээр деген
үмүт менен акыры макулдугумду бердим. Ар жыл сайын калыңга бирден бодо
мал берип турууга шерттешкендиктен, быйыл өгүздүн ирети келгенине
кийинчерээк гана акылым жетти. “Убактылуу” делген өгүз кайтып биздин
короого кирбеди. Жылдар өткөн сайын түйшүк көбөйдү. Кайын ата менен кайын
эне анда-санда биздикине кабарлашпастан эле конок болуп келе беришчү болду.
Алар келгенде кайда жүрсөм да кабар беришет. Аларды көрбөсөм, алардын
сынынан өтпөсөм деп тилек кылып, кетенчиктеп башка жакка жашынаар элем.
Ал күндөрдө тамак-ашты да убагында жеш жок менде. Эжемдин айылына бир
нече күнгө кетип калышты жан деп каалап жүрдүм. Эркимче ойноп, көңүлүм
сергир эле. Үйдөгүдөй биринин аркасынан бири чубап чыга келген иштер аз.
Соңку убактарда бул тынчтыгым да бузулду. Жаш бала болгонума карабастан,
айылдын бойго жеткен кыздары, уландары, кээде келиндери да "жездеке”,
“күйөө бала" деп тергей башташты. Бул сөздү укканда эле бетим кыпкызыл
болуп, албырып чыкчумун. Сөз таап, аларга каяша айтууга кубатым жетчү эмес.
"Колуктумду" али ушул убакка чейин көрө элекмин. Кандай кыз экенин башка
курбуларымдын айтуусунан гана түкшүмөлдөп билемин. Ар түрлүү адамдар
аркылуу жеткендиктен, кыз да ар башкача мүнөздөлөт. Кээси укмуштуудай
сулуу, эстүү, билгич кылып айтышса, экинчилери мүнөзү анча эместигин, кээ
бир кылык-жоруктары жараксыз экенин айтышат.
“Хирург” эжем жанымда алып калды
Арадан канча жылдар өткөнүнө карабастан, көз алдымдан кетпеген бир
касталык калды. Түнү бою уйку деген жок. Бүтүн денең бир бармакка байланып
калгандай, жаным ошол жерде. Булкулдатып катуу-катуу ооруйт. Кандай
касталык экенин билген киши кезикпейт. Шишиги күндөн-күнгө чоңоюп, жанды
кыйнап чыдатпайт. Канча кыдырсак да, мындай ооруну жакшылап билген
бакшы-табып таба алган жокпуз. Бирлери билгендей болуп келишет да, дубасын
окуп, кайра кете беришет. Баары бир алардан жардам жок. Ата-энемдей мен да
алардан дабаа табылар бекен деп үмүттөнөм. Кыйналып чарчагандыктан, андасанда көзүм жумулуп кетет. Мына ошондо гана жанды кыйнап, уйку бербеген
ооруну унута түшкөнсүйм.
Эсимде, бир күнү биздин үйгө киши чогула баштады. Бизден бир күндүк жерде
жашаган атамдын бир тууган карындашы да келди. Бул эжебиз биз дегенде
ичкен ашын жерге коёт тимеле. Менин жаным кыйналып жатат деген кабар
жетип-жетпей, бир коюн сойдуруп, атына бөктөрүп алып, биз жакты көздөй
жөнөптүр. Эжебиз билгенин эрине да, айылдаштарына да жасатат. Баарына
бийлик кылган ушул эжебиз. Акыйкаттуулугунан бир тараптан урматтап,
экинчи жактан өкүмчүлдүгүнөн тартынышат. Биринин мээнетин, маңдай тер
менен тапканын экинчисине кол салдырбайт. Мына ушул эжебиз келгенде бизде
той, майрам өзүнчө. Анын барында биз жаш балдар не дегенибизди кылабыз.
Оюнубуз канганча ойнойбуз, берген ишин да колдон келишинче жасайбыз.
Жанымдын кыйналып жатканын көргөн эжебиз жанындагы отургандарга
буйрук бере баштаганы эсимде. Атам да анын айткандарын аткаруу менен алек.
Ал убакта биздин жерде догдур эмес, догдур деген сөздүн өзү жок. Эжебиздин
буйругу боюнча бир жиликтин сөөгүн өтө курч кылып уучташты. Анын учун
жалынга өзү кармап турганын гана көргөмүн. Бир убакта атам айылдагы
туугандарыбыздын бирин-экисин ээрчитип тышка чыкты да, тез эле кайра
киришти. Көрсө эжем “хирург” болгону жатыптыр да, кимиси бутумдан, кимиси
колдон кармашты үйрөткөн экен. Оорудан жаным көзүмө көрүнөт. Учталган
сөөк бармакты жарып жиберди. Кан аралаш ириң менен узундугу бир жарым
сантиметр, жоондугу да ошончолук ак курт сойлоп чыга келди. Оору тып
басылды! Бармак эми өзүмдүкү эле болуп калды. Мынаке, кат тааныбаган
эжемдин жалгыз турмуш тажрыйбасы менен ушунчалык устаттыкка жеткен
билгичтиги.
Он эки баш устукан
Кыргыздарда эркек балдарды өтө эле жаш чагынан атка мингизип үйрөтүшөт.
Албетте, адегенде аттардын эң жоошторун даярдашат. Ээр токуму да аларга
өлчөнүп чакан. Кээде алар "айырмакча" да минишет. Үзөңгү боолор кыска,
тердик, көрпөчөлөр да балага ылайыкталган. Көмөлдүрүк, куюшкандар да
балдардын табиятына жараша кооздолгон. Тизгин, чылбыр баланын кичине
колуна ылайык жасалган. Уулдарына арнап, ат жабдыктарын жасатыш ар бир
атанын парзы саналат. “Баланчанын баласынын ат жабдыгы жакшы экен"
деген сөз ата үчүн өзүнчө бир сыймык. Атка жаңы мингизгенде аларды акырынакырын жетелеп үйрөтүшөт. Бара-бара ат да, бала да бири-бирине үйүр алышып
калышат. Ошондон баштап жетелетпейт, өз алдынча бастырып кетишке
көнүшөт. Балдар эң эле кичине кезинен ат мингенге тез эле үйрөнүп кетишет.
Тыңдары алты-жети жашында өз тайын өзү токуп, өзү минишке жарап калышат.
Ат токуп минишке, аны жарыштырышка мен да өтө куштар элем. Жакшы
тапталып минилген ат үстүндө туулган жериңди кыдырып, анын сонун-сонун
көркөмдүү жерлерин көрүп, ошону менен сыймыктанганга не жетсин!
Биз ал кезде Корумдудабыз. Атамдын мүнөзү өзүнчө бир катуу. Үй ичинен
тышка керектүү болгон бир буюмду таба албаса, бүтүн күнөө энем бечарада.
Энем өтө боорукер, атама караганда өтө салмактуу. Түшүнбөстөн туруп жөн
салды сөз чыгарбай турган адаты бар. Кээде акыйкатсыздыктан таяк да жейт.
Андай кезде биз аны тегеректеп курчайбыз да, урдурбаска аракет жасайбыз.
Кээде жардам бериштин ордуна зыяныбыз тийген учурларыбыз да болгон.
Атабыздын ачуусу кандай тез келсе, ошончолук тез тараганы да бизди
сүйүндүрчү.
Кеч күздөрдүн бири. Жайлоодо мал семирип, жакага көчө баштаган кез. Эгиндер
жыйналган. Калктын курсагы ток. Мына ушундай күндөрдүн биринде башка
айылдардын биринде чоң той болот деген кабарды
эшиттик. "Тойдун
болгонунан болот дегени кызык" эмеспи, бул тойго айыл көп күн даярданды.
Анысы менин сезимимен эч бир кеткис так салды. Андагы көргөн тойду эч бир
жерден, ушул күнгө чейин көргөн жокмун. Бул көчмөн кыргыз калкынын
отурукташаарынын алдындагы көрүнүш катары түбөлүк эсимде калды.Тойго
деп тигилген ак боз үйлөр. Андай кооздолгон жана талаа көркүн чыгарган
үйлөрдү мен экинчи көрбөдүм. Шаттуу үндөр туш тараптан угулат. Чет
айылдагылар эртерээк камданып жолго чыгышкан. Тоо башынан башталган
кичинекей гана сел улам көбөйгөндөй тойго жол тарткандардын карааны
уламдан улам калыңдоодо. Жакындаган сайын үндөрү катуу да, сүрдүү да угула
баштады.
Кыргызды көргүң келсе, аны ат үстүнөн көр. Жөө жүрүш кыргыздын көркүн
бузат. Ат үстүндө анын олтурушу ат жалыны менен чоңойгондугун ырастап
тураар эле. Жаштарына карата бөлүнүшүп аңгемелешип келишти. Ар бир топтун
өз сөздөрү, өз аңгемелери бар. Карылары салмактуу. Жандарында бирин-серин
мага окшогон аттарын жетелеп келе жаткан жаш балдар. Жигиттер өзүнчө.
Алардын анда-санда шаттуу күлкүлөрү да угулат. Саган да убакыт али алдыда
дегенсип, атым да салмактуу басат. Мен ал таза аба, шаттуу күлкүлөрдү алигиче
унутпадым. Ошондон жетимиш жылдан ашса дале кулагымда жаңырып турат.
Той берген айылга келдик. Ар тараптан калың эл топтолууда. Калк арасында
ким аксакал? Бирлери анын башкасынан бир-эки жаш гана кичүү экендигин
козгосо, экинчиси өткөн бир тойдо жыл сүрүштүрүп, андан улуу экендигин
аныктагандыгы ачыкка чыга келет. Айыл аксакалдары ал урматтуу адамга
салам берүүгө өкүл жиберээр эле. Муну менен кыргыздар аксакалдарын
канчалык кадырлаганын билесиң. Айыл башчылары кеткен тобу менен кайра
келишти. Ар бир аксакалдын өзгөчөлүктөрү айтылды. Кандай гана жылуу
сөздөр сүйлөнбөдү!
Топ адамдар арасынан эч бир аял кишини көрбөйсүң. Бир гана эркек балача
кийиндирген секелектерди көрүүгө болот. Аялдар тиги түтүн чыккан тарапта.
Аларда да өз улуулары, өз тартиптери бар. “Тең теңи менен, тезек кабы менен”
дегендей, ар ким өз орундарын алышты. Бизге болсо орун жок. Жандарына
жакындап барсак, сүйүшпөгөндүгү көрүнүп турат. Келгенибизге бир далай
болуп калды. Учурашуу, саламаттыкты, мал-жайды сурашууга деле убакыт кете
берет тура. Той берген айылдын тамак берүүчү адамдары бизге жакындады.
Аппак дасторкондор жайылды. Табактап ташылган кыпкызыл боорсоктор
жайната төгүлдү. Буркурап буусу чыккан чайнектер менен чай келди. Ашты
эңсеп турган коноктор даамга карап, жапырт чай ичүүгө өтүштү. Аксакалдарга
бир канча сапар сунулду, жашыраактарына бирден сыйра, маган окшогондорго
эч нерсе жок. Үй менен тойдун айырмасын мына ушунда бир билдик. Аталар
болсо балдарынын карап турганын сезип турушса да, башкалардан ыйбаа
кылып, эч көңүл бөлбөгөндөй көрүнүшөт. Байкатпастан бир-эки боорсок алып
бере коюшат да, бир аз ойноп келгин деп жумшашкан болушат. Дасторкондор
жыйналат. Анда канчалык көп боорсок калса, келгендердин тартиптүүлүгү, үрпадатты кармаганы билинет. Намыс сакташ андай жерде ар бир кыргызга
сыймык. Кээде намыс деп ач калса да кайыл. Дасторкондор жыйналгандан
кийин анын артынан кумгандарын көтөрүшкөн жаш балдар келишти.
Колдорунда суу жоолуктар. Суу да куюлду. Кайрадан дасторкон салынды. Келген
коноктор жашына, жолуна ылайык табактарга бөлүнүштү.
Бир маалда катар-катар тизилген жаш жигиттер бууланган чоң-чоң жыгач
табактарга жасалган эттерди алып келип, элге тартышты. Бөлүнгөн адамдар
коноктун эң негизги сый тамагы катары саналган этке киришти. Биз баягыдай
эле устукан аңдып турабыз. Убакыт өтүп жатты. Биздин айылдан келгендер
энчилерин жешип бүткөндө өз айылдарынан келген балдарды издеп,
устукандарын бере башташты. Алдымда кандайча болуп устукандар толтолуп
калганын мен билбейм. Өзүң жебесең да, карап туруп, анын көптүгүнөн
курсагың тоёт. Баш устуканын берерде жанында отургандарга сенин ким
экениңди жана ага кандай иштериң менен жакканыңды мактап туруп, “сыйлык”
кылып тапшырат. Тез эле он эки баш, бир жанбаш устукан чогулду. Аларды
жоолуктарга ороп, куржунга салып, жетишинче бата тиленип, колдор жуулду.
Аттанып жолго чыкканча күн түш ооп кетиптир. Тизгиндештирилип байланган
аттарыбызга келдик. Куржундагы кешикти атам менен жолдошу көтөрүп
келишти да, менин атыма арта салышты. Узаткандарга ыраазылыгын айтып
жаткан адамдардын кеп-сөздөрү анык угулбайт. Канча сууларды кечип, канча
адырларды аштык. Бүгүн адамдардын оозундагы сөзү жалаң той туурасында.
Кара кийген күн
1932-жылдын жазы. Биз “ак аркасынан” деп жайлоого чыктык. Эжебиз
Турдукандын айылындабыз. Өз айылыбыз болсо башка тараптагы жайлоодо.
Колхоздон калган менчик малдарыбыз да бул кудаларыбыздын малынын
арасында. Саанын саап, малдарын бирге багышабыз. Мен иреттешип кой
багышам. Козуларыбызды өзүм байлап, кой саан убагы келгенде аларды
кошоктоймун. Атабыз колхоз жумушунда. Анда-санда келип, азык-түлүк алат да,
кайра кетет. Жамандыр-жакшыдыр өз туугандарыбыздын айылдарына көчүп
кетсек деген тилекти энем бечара көпкө талап кылып жүрдү. Атам анын
тилегине көнбөсө керек, биз эски калыпта кала бердик. Август айы. Дагы бир
айдан кийин мен мектепке кетишим керек. Ал убакта биз сөзсүз өз айылыбызга
кайтабыз. Энем да ушул ой менен өзүн тынчыткандай көрүндү. Бирок,
аракетинде кандайдыр бир коркунуч бар сыяктанат. Айтылган тилеги
орундалбагандан кийин ичинен гана сыздап тим болгон.
“Бул бала башкалардай эмес, мүмкүн, менин түбүмө жетчүдөй сезилет”, - деп
энем атама бир канча ирет арызданганын уккан элем. Атам аялынын бул сөзүнө
катуу, оор сөз менен жооп бергенинде энем бечара улутунуп, катуу үшкүрүп кала
берчү. Күтүлбөген жерден атамда бир өзгөрүш пайда болду. Энемдин тилине
кирди. Кандайча болуп бу өз дегенинен кайра эч убакта тартпаган атам буга
көндү? Бул суроо ошондон бери арадан канча көп жылдар өтсө да, мен үчүн
чечилбеген табышмак болуп калды. Туушкандарыбыздын айылынан көчмөкчү
болдук. Жолго эки түнөп, өз айылыбыздын элине келип кошулдук. Бул күндөрү
энем өзүн бактылуунун бактылуусу катары сезчү. Энем үйдөн чыгып, оокатка
илээшкенин кыскарта баштады. Үй жумуштарынын көпчүлүгү менин мойнума
жүктөлгөн. Кубатым жетпеген иштерди кошунанын аялдары жасап беришет.
Биринин аркасынан бири келип, энемдин ал-жайын сурашат. Энем алардын
баардыгына ыраазы. Көзүндө кубаныч. Атам адатынча жумушуна кетип, колу
бошой калганда бизге жетип келет. Ар келген сайын отун-суу даярдап бериш
анын иши. Коңшуларыбыздагы унааларды жыйнап алып, карагайга отунга
даярдандык. Бир нече өгүзгө отун жүктөп келдик. Толгоо башталды. Энем
байкуштун өз жаны менен алпурушуп, кыйналганы биздин баарыбызга башкача
таасир калтырды. Бүткөн боюнан тер кетти. Энемдин кыйналганын көрбөө үчүн
мал тарапка кетем, бирок ал жакта да көпкө чыдай албай, кайра келем. Атам да
энемдин ал-жайын байкап, ичинен сызып, убайым тартууда. Эртеден бери
тамак-аш ичүүнү унутканбыз. Алла-тааланы ооздон түшүрбөстөн, ал дубадан
бир сүрөө, бул дубадан бир сүрөө айтып, жанын коёрго жер таппайт. Үйдөн алыс
кетүү деген жок анда. Үй ичинде бир канча бакшы кемпирлер. Эмнеси болсо да,
кыйноодон кийин дүйнөгө кыз келди деген кабар эшиттик. Сүйүнчүбүз чексиз.
Атамдын эки сөзүнүн бири эле: "Бар, баабедин". Кой союлду. Жентек да берилди.
Энемдин көп убакыттан бери жентекке деп жыйнаган эки карын сары майы да
ачылды. Жаңы төрөлгөн кыздын оозуна май салышты. Айылдагы баардык
туугандар чогулушту, мындан бир аз мурдараак будаланган атамдын сүйүнүчү
ичине батпайт. “Акжолтоюм" деп мага да көңүл бурулду. Биздин бул
кубанычыбызды эжебиз да бөлүштү. Аттиң, канчалык кубансак да, энем байкуш
тыңый албады. Жатканы жаткан. Төшөктөн башы көтөрүлбөйт. Кээде эсакылынан танат. Тамыр кармоочулар да көбөйдү. Бири бирди сүйлөсө, экинчиси
аны башкага жоруйт. Аларсыз эле кыйналган энемдин ого бетер жаны төрт
чарчы. Акыбалы кыйындаган энем мурда айылдагы эскиче көрүнүп жүргөн
табыбын талап кыла баштады. Тилекке каршы, ал киши дал ошол бизге керек
учурда айылда жок болуп чыкты. Айылдан алыс болгондуктан, ага киши
чаптырышты. Алар жетишкенче ырайымсыз ажал сүймөнчүктүү энемди алып
тынды. Ал учурда биздин жерде догдур жок эле.
Бала туулгандан кийин жети күн өттү. Үйдү ары-бери айланып жүргөн элем, бир
убакта идиш-аякты, жууркан-төшөктөрдү эшикке чыгара башташты. Жүрөгүм
“солк” дей түштү. Атамдын көзүнөн чыккан жаш мени да бакыртты. Кайдандыр
колума таяк тийди. Үй алдында боздоп ыйлап турам. Тез арада эле анданмындан топтолгон көп адамдар өкүрүп келип жатышты. Анда-санда жанымдан
өтүп бара жатышып "төркүнүнө кабар бер" деген сөздөрүн кулагым чалып
калат. Таякелериме кабар кеткен. Алар биз жашаган жерден 40-50 чакырым
алыс. Экинчи күнү болгондо алар ат арыта жетип келишти. Менин "энекелеп"
боздогонума таякелеримдин “бир боорум” деген кайгылуу үндөрү жуурулушту.
Аял-эркек дебей бизге кошулуп, көз жаштарын төгүп жатышты. Энемдин
өлгөнүнөнбү, же көз жаштын көп төгүлгөнүнөнбү, ичибиз ушунчалык ачышты,
ал ушул күнгө чейин эсимде. Маган энемдин сөөгүн көрсөтүшпөдү. Кичинекей
кызга эки күн илгери ат коюшкан 1916-жылдагы орус падышасына каршы
козголоңго катышкан бир агалар. Өздөрү Кытай жергесине качып, көп
кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Ошол кыйынчылык, ачарчылыктын
тумандуу күндөрүндө Кытайдын Түркстанында жашаган бир кыргыз үйбүлөсүндө калып, жанын сакташка жардам берген кичинекей кыргыз кызынын
кадырына карап, ошол кыздын атын койду. Аты Гүлшара эле.
Биздин кичине карындаш эне сүтүн эмбесе да, эптеп күндөн-күнгө чоңоюунун
ичинде. Атамдын кичүү иниси Муканбеттин аялынын төрөгөнүнө эки-үч ай
болгондон кийин баласы чарчап калган. Ал жеңебиздин эмчегиндеги сүт байый
элек, энесиз жетим калган кызга апа табылды, Гүлшараны алып багышка алар
макул болушту. Биз сегиз элек. Мен 1928-жылы мектепке барган элем, 1929жылы карындашым Бейшеканбы, Дүйшөканбы, экөөсүнүн бирөө менен
мектепке барчу элем. Ал эми 1930-жылы үчөөбүз барып жүрдүк. Маркум
Кантике энем кызылча чыгып, бетинде бир аз чаары бар, атамдын боюндай бою
келишкен, капкара чачтуу эле. Кийинки жылдары менин аркамдан төрөлгөн
беш карындашым бир жылдын ичинде биринин аркасынан бири өлүп кетишти.
Ошол жылдары “кызылча” деген оору бар эле, догдур деген жок, ошого
карабастан, эл арасынан чыккан бирин-серин эмчи-домчулар келип эмдешчү.
Кыз бечаралар көтөрө алышпады, мен көтөрүп чыктым да, тирүү калдым. Ушул
беш карындашымдын бирөөнү атамдын сүйгүнчүктүү карындашы Турдукан
эжем багып алган эле, ал кыз да так ошол жылдары кайтыш болду. Энемдин
капкара чачы бир жылдын ичинде агарды, карылыкка анчалык моюн бербесе
да, кайгы менен санаа жеп койду көрүнөт. Биздин айылда атамдын теңтушу
Жунушбай деген адам бар. “Эй, Кожоке, сенден өткөн бай адам болбойт, карачы,
кыздарың биринен өткөн бири сулуу" деп тамашалап калаарын уккан элем.
Ошентип, ошол сулуу кыздары дагы өлүп кетишти.
Энемдин кара ашына мал союлду, коноктор кабыл алынды. Жаназасын окуттук.
Түнү бою өлүк жанында туруп окуган эки молдого биз анда-санда тамак-аш
ташып берип турдук. Менин колумда таяк. Жанымда караан тутканым таякелеримдин эң кичүүсү Чөйтөнөй. Биз уйкусузбуз, бирлери келип, акылнасааттарын айткан болушат. Андай учурда энекем дагы көз алдыма келип,
жетим болдум деген ачуу ой ыйлашка алып келет. Таякем Ысакты кучактап
ыйлайм, эң жакын эжесинен ажыраган ал да көз жашын көлдөтөт. Бизди
көргөндөрдүн баары ыйлайт. Баласыздар бизди көрүп: “Биз өлгөндө ким
минтип жоктоп ыйлайт?”, - деп буркурашат.
Биздин үйдөн бул биринчи чыккан өлүм болбосо да, энемдин кайтыш болушу
өзгөчө кайгылуу болду. Ыйлап-ыйлап адамды кайра дүйнөгө келтирсе, байкуш
энем өзүнөн мурун көз жумган беш кызын эбак тирилтип алмак. Жок, анте
албады. Мезгилсиз көз жумган кыздары энемдин далай кубатын ала кетти.
Мүмкүн, ошол кайгынын өзү кыздары кеткен кайткыс жолго салган чыгаар. Түн
ортосу маалда өлүк жаткан үйгө дагы бир молдо келди. Алар куранды үн кошуп
окушту. Таякем Ысак атактуу молдо болсо да, аны куран окутушка киргизбеди.
Анткени, бир тууган адамдын дубасы туура келбейт имиш. Ошол эле күнкү
молдолордун талыкпастан, чарчабастан окуган курандары чындыгы мага
башкача таасир калтырды. Жаныма келип, сооротуп турган бул молдолордун
талыбастыгын, чаалыкпастыгын сурадым.
- Уулум, - деди карыя мага үңүлө карап, - бардык дүйнөнү, жан-жаныбарды, жер,
суу, тоо-таштарды жараткан Алла-Таала. Ага ким бекем ишенсе,
чыдамдуулукту,талыкпастыкты өзү көтөрөт.
Бул сөз менин кудайга ишенүү сезимимди күчөттү. Ошол талыкпастыкка,
алкышка жетишкен молдо болсом деген үмүт ошондо оюма түшө калды. Таң
атты. Ага-туугандар, сөөк-тамырлардын эркектери топтолду. Аксакалдар, айыл
билермандары менен кеңешилди. Энемдин сөөгүн кайсы мүрзөгө коюуну
чечишти да, көр казганга адамдарды жиберишти. Аралык узак. Илгери биз
жашаган Корумдудагы калың коргондуу мазар. Бул мазарда кандай гана
коргондор жок? Узундугу бир канча чакырым шумдуктуу кара жер кимдерди
гана өз койнуна имере тартпады! Мына ошол мазарга энемди узатканы жатабыз.
Мал жанында калган эркектер болбосо, калгандары ат үстүнде. Кыялап түшкөн
жайлоо жолу. Энемдин сөөгү өз колубузда жетилип телчиккен, кулун кезинен
баккан карагер атыбыздын үстүндө. Атка жеңил деп мени отургузуп, такта
коюп, анын үстүнө энемдин сөөгүн коюшту да, кармап ал дешти. “Өзүмдүн ак
милдетимди актайын, эч кимиңерге сыр алдырбайм” деген кыязда жай аяк
таштап, карагер атыбыз да келүүдө.
Сөөктөн алдыга эч ким чыкпайт. Ал адат, салт. Эң жакындары артында өз
ичтеринде күйүп, ирети менен жол артышат. Эртең менен эрте чыксак да,
жолубуз арбыбайт. “Жакшынын кадыры өлгөндө билинет” дечү элде. Өлгөн
кишинин барктуулугу анын мүрзөсүнө канчалык көп адам барып, топурак
салгандыгында. Биздин аркабызда келаткандардын саны бир канча он. Демек,
менин энем барктуулардан экен деген жылуу сезим мени бир аз жубатты. Жолдо
тобубузга кошулуп жаткандар да болду. Түш чамасында мазарга келдик.
Аттарды чиркеп, бир далайы чийге байланды. Менин атымды да бири алып
кетти. Сөөктү мүрзө жанына алып келишти. Баш тарабы Меке тарапка
каратылды. Акыркы коштошуу. Куран окулуп, сөөктү таякем Ысакка беришти.
Ондогон минут муңдуу окулган дубадан кийин сөөктү мүрзөгө кийришти. Адат
боюнча сөөк казанакка жайгаштырылгандан кийин эң жакындары биринчи
болуп топурак салышы керек экен. Биринчилик бул жерде да мага тийди. Анан
калган туугандар салышты. Тешиктен кепиндин бир бучкагы көрүнүп турат.
Энем болсо дал биздин арабызда тургандай туюлат. Тешикти калдайган чийдин
дүмүрү менен жабышты. Бул жерде корккондуктанбы, же түбөлүккө
ажырашканданбы, бакырык салып жибердим. Мени көпчүлүк алдап-соолоп
токтотту. Ыйлабаган адам калбады! “Өлгөндүн жазасы көмгөнгө” дегендей,
күрөк-күрөк топурак ыргытылып, мүрзө заматта дүпүйүп чыкты. Жер алдынан
чыккан топурак эми мүрзөнүн үстүнөн орун алды. Калк мандаш токунуп, биз
чөгөлөп отурдук. Ысак таякем куран окуду. Дубасы илгеркиден бир аз кыска
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 05