Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 19

Total number of words is 4048
Total number of unique words is 2263
28.6 of words are in the 2000 most common words
41.4 of words are in the 5000 most common words
47.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Саида жеңе деген казакча жакшы ырдаган татар жеңебиз бар экен. Казак эри
тирүүсүндө эле Ашырды өзүнө ини кылып, каттатып жүрүптүр, азыр ошол
жеңебиздин колунан чай ичтик. Ашыр ага былтыр эки айга элге барып
келиптир.
- Жакшы жүрүп келдиңизби? - деп сурап калдым.
- Бардым, - деди көңүлдөнбөгөнсүп, - илгери ээн жаткан жердин баары кыштак
болуптур. Жолдор көп...
“Жаккан экен”- деп жандана түштүм да:
- Кайсы-кайсы жерлерди көрдүңүз? – десем:
- Эчтеме деле көрө албадым. Бир короодо отуруп, кайра келдим, - дебеспи.
- Иэ кокуй, ал эмнеңиз?! - деп эчтеме түшүнбөгөнүм менен, алда немеден
шектене түштүм.
- Жаныма инимин баласын кошуп беришкен. “Тиякка барышка уруксат жок,
быякка барышка уруксат жок” деп келет, - Ашыр аганын калп сүйлөөр түрү жок,
өмүр бою кара жумуш иштептир, ошонукубу, буту ооруйт экен, көкүрөгү да соо
эместей. - Анжыйанда туугандарым бар илгери эле кеткен. Ошолордо он-он беш
күн жүрүп келейин десем, НКВД бир түнөгөнгө эле уруксат берди. Өзгөндө
таякелерим бар. Аларга да бир күндөн ашык жүргүзбөдү. Курманжан датканын
тоюна барсам деп, аябай эңседим. Аякка барсаң, камап салышат деди. Дал менин
тушумда көңтөрүш (ГКЧП - Б. Ж.) болуп, жанымын чыкканын айтпа, иним, бир
жума короодон эмес, үйдөн чыкпай калбадымбы, - деп күлгөн болду.
Мен жаным кашайып, аң-таң калдым. Мындайда эмне дейсиң?
- Өзүңүз көрүп келсеңиз, азыр андай жок деп айта албай турам, аба, бирок чын
эле баягыдай эмес. Нааданчылык кылышкан! Көңүлүңүздү катуу калтырган
экен, иттер! - деген сөз гана оозума келди.
Дагы Ашыр аганын "эки ай көп экен, бир айга эле барсам болмок окшойт”
дегенин да угуп туруп, кимге ачууланарымды билбедим. Ашыр ага өзү айткан
алиги короодо тууган-туушкандары чогулуп, кубанып, жетине албагандарын
видеого тарткан тасмадан көрдүк. Ашыр тууганы менен жүз көрүшүп отурганга
баары ыраазы. Ага-туугандарына Ашыр да ыраазы. Бирок Ашырга элүү жыл
эңсеп жеткен эл-жерин кыдыртпай, аны алдап, коркутуп-үркүтүп, жүрөгүнүн
үшүн алгандар ким болду экен? Элүү жыл эңсеп көргөн жеринен көңүлүн үч
көчкөн журттай калтырып, суу сепкендер ким болду экен?! Андайларга
наалатты ким айтаар экен? Наалаттан эле сестенип корко коюшабы ошолор?
Адамдын кусалыгына жаны ачыган, көңүлүндөгү черди түшүнбөгөндөр
балээнин сестенгениби?! Ашыр агадай өмүр бою өз мекени жөнүндө тетири
пикир, тетири кабарда жүргөндөргө чындыкты чындыктай көрсөткөн
адамгерчиликтүү, айкын, ачык мамиле керек эле го! Ансыз да алар эл-жери
көздөн учуп, көздөн учкан ага-туугандарынын, кыргыз деген боордошторунун
мээримин эңсеп келди го! Андай адамдар үчүн ата конуш бир короо менен эле
чектелбейт. Бүткүл эле кыргыз жери кандай болуп калды экен деп, эңсеп
келгендер алар. Жат адамга да жанагыдай мамиле болбос! Көчөгө чыгып
коштошуп атсак:
- Эл-журтка пайдаң тийсин, иним, биз болсок бүттүк, - деди эле каңырыгым
түтөдү. "Биз” деп өзүн айткандай болду. Көңүлү чөккөн адамдын сөзү да бул.
- Ага, минтпеңиз, эмне үмүтсүздөй сүйлөйсүз? - десем, шашып кетти:
- Элге учурашып келип, анан бир жолу кетсемби деген ниетте бардым эле, эми
кетпейм, - деди да, саал туруп менин көңүлүмдү улады көрүнөт, - а мүмкүн, дагы
да барып калаарбыз тирүү болсок. Эл-журтка салам де, үкам, - деди.
“Үке” деген сөздү биринчи айтты. Анда-санда күрс этип, жөтөлөт экен. Кезеккезек алаканы менен көкүрөгүн басып коёт. Ашыр аганы эстеген сайын жаным
ачыйт. Андан уккандарымды айтпай кетишке акым жок. Ошондон бери өзүмө
өзүм суроо коём: биз, кыргыздар, четте калган боордошторубузга чындап боор
тартабызбы, же андай адамгерчиликтен ажыраганбызбы? Бир кезде аларды
"чыккынчы", ''душман”
дегенге ишенип жүрүп же боорубузду жоготуп
койгонбузбу? Же кыяктагы көр оокаттын түйшүгү боордоштук сезимден
кудуреттүү болуп кеттиби?! Деген менен, алыстагы тууганга караан болуу
намыстуу элдин милдети го!
Кетээр учурум жакындаган сайын сурабайын десем деле болбой, Азамат
Алтайдан ''эл-жерге барам” деген так жообун укпасам да, жибигенин көрүп
кетсем деп самадым. Эртең жолго чыгам, буюрса. Түнкү саат бирден өткөнчө
Азамат Алтай экөөбүз ажырашкыбыз келбей сүйлөшүп отурдук. Ушунча күндөн
бери бири-бирибизге көнүшүп калдык эле. Ооруканадан чыкканы кайда барсак
да ээрчишип, бирге жүрдүк. Мүмкүн, Азамат Алтай, Сание жеңе менден тажай
баштагандыр? Мен аны сезбедим. Бирок ойлойсуң да кээде, жумалап конуптүнөп жатсаң. Мен үйдү сагынсам да, Азамат Алтайдан тажабадым. Дагы далай
сөздөр айтылбай калгансыйт. Эми мен кеткенден кийин далайга а киши мага
жетпечүдөй сезилет, а кишиде болсо жалгызсыроо көбүрөөк орун алчудай
туюлат. Мүмкүн, андай эместир. Мүмкүн, бул мендеги бир жөө кыялдыр? Канча
кылган менен ал киши мага караганда бардыгына бышкан, ар кандай жагдайга
өзүн-өзү көндүрө билет. Ошондо да эл кумурскадай жайнаган чоң шаарда адам
жалгыз экен. Көчөлөрүндө бирине бири жылмайып, жакшынакай мамиле
кылганы менен да, чоң шаарда адамдар жалгыз. Албетте, Азамат Алтай өзүнө
эрмек табат, баарлашчу адамдары бар. Буюрса, жумасына бир ирет болсо да,
Нарынбек, Ныязаалылар менен жолугушуп турат дечи. Кыргыз тилин үйрөнгөнү
Кетлин да келип тураар. Бирок ошондо да, коштошуу, ажырашуу кимге болбосун
оор. Бирок баарынан оору - бул эл-жер кусалыгы, ондогон жылдар бою
көкүрөктө үзүлбөгөн сагыныч. Ал сагынычты, оор кусалыкты бөксөртүүнүн бир
гана дабаасы - эл-жерге барып, киндик кан тамган жердин топурагын жыттап,
боорго кысуу. Ушундай ыйык сезимден улам болсо керек, адеп мени үйүнө
келгендин эртеси эле Азамат Алтайдын: "Бексултан, мен сенин элге бар деп,
үгүттөшүңдү каалабайм" дегени эсимде дайыма турса да, “үгүттөбөйм” деген
убадамды бузуп, мурда айткан суроомду дагы бир жолу айтып калгым келди да:
- Аба, - дедим. - сиз госпиталыңызга жатып калгандын эртеси жеңе экөөбүз
барганыбызда, “ата-бабанын жерине буюрса, барып да калаарбыз” дедиңиз эле.
Ошол сөздү сиз өмүрүңүздө биринчи айттыңызбы, же?..
- Жоок, биринчи айтпадым, - Азамат Алтай олуттуу жооп берди да, анан
адатынча тамашага буруп кетти. - О заман Аким Өзгөндү президент шайлап
алалы деп, гезитиңер жазды да. Жеңеңе айттым: "Сание, дедим, жүр элге барып
жашайлы. Четтен баргандарды оңой эле президент шайлап алышат окшойт,
мени президент шайласа, сен жөнөкөй катын эмес, падыша катын болосуң”
дегем, - деп, Азамат Алтай жыргап каткырды.
Мен күлдүмбү, күлбөдүмбү - эсимде жок, чамасы, күлгөндөй деле болгонум жок
окшойт.
- Тамашага бурбаңыз, - дедим.
Азамат Алтай унчукпай ойлонуп турду да, козгогон сөзүмдүн төркүнүнө карата
жооп кайырды.
- Мени элге чакырган жалгыз сен эмессиң.
Мен эмнегедир оңтойсуздана түштүм да:
- Ко-ош? - дедим.
- Чыңгыз да чакырган менин үйүмдө туруп. ”Барбайм” десем “Азамат ага,
“Манастын” миң жылдыгына келүүгө тийишсиз” деген... - Азамат Алтай унчукпай
токтоп калды.
- Анан сиз эмне дедиңиз? Барам дедиңизби? - акырын сурадым. Азамат Алтай
билинер-билинбес ийнинен тынгансыды да:
- Жооп айтпадым. Барам деп да, барбайм деп да айтпадым, - деди.
- Унчукпай кутулган кыйындык деле эместир, - дедим мен акырын.
- Иэ, жаным. Кыйындык эмес, кыйналгандык. Демек, менде
"барбайм" деген ой болгон эмес, "барам" деген тилек жашаган.
жалгыз
гана
Кудай кааласа, Азамат Алтай акырындык менен жибип баштаган экен деген ой
келип, ичимен кым дей түштүм. Эртең жолго чыга турган болгон соң, жатып
укташым керек эле. Бирок дале сүйлөшүп отургубуз бар. Азамат Алтай
демейдегидей тамашасы жок, суз, ойлуу. Кусалык каптадыбы, эмнегедир алыскы
жылдарды эстеди.
- Үркүндө, - деди ал улутунуп. - Теке деген чоң-атабыз Кожомберди деген уулун
ачкачылыктан аман сактап, өздөрү элге жетсек деген ниетте Калдык деген
кызын уйгурга бир пуд унга сатат. Жалгыз бээсине чана сыяктуу бир нерсе
чиркеп, ага эне-атасын отургузуп, Кожомберди Көлгө жол тарта жолдо адегенде
чоң атам, анан чоң энем өлөт. “Ошентип, атамдын тилине киребиз деп, жалгыз
карындашымдан ажыраганбыз” деп атам ыраматылык көп айтчу эле. Кийин
комсомолго өткөнүмдө “чет өлкөдө тууганың барбы?” деген суроону беришти.
Мен чынын айттым. Ушундай атамын карындашы калыптыр деп. Чет өлкөдөгү
эжесин эңсейт деп, ошондон кийин мени дайым кодулап жүрүштү. Кийин чет
жерде жүргөнүмдө ошол эжемди табаармын деген тилекте Кытайдагы
уйгурларга, тааныган-билгендериме каттар жаздым. Эжем Үч-Турпан, Үрүмчү,
Какшаал, дагы башка жерде болсо, өзүнө же бала-бакырасына тийер деген ойдо,
баягы Чеховдун "деревня дедушкасындай" каттарды да далай жөнөттүм. Жооп
болбоду, - Азамат Алтай дагы улутунуп койду. - Быйыл иАла-Тоо” журналынын
60 жылдыгын өткөрмөкчү болгонсуңар. Бул ката. "Ала-Тоонун" чыкканы 1928жылдан башталат. Анда ал "Жаңы маданият жолунда” деп аталган. Аны Касым
ага биринчи чыгарган редактор болуп. Журналдын биринчи жана экинчи
сандары ушул Нью-Йорктун элдик китепканасында, бардык сандары
Стокгольмдун китепканасында. “Жаңы маданият жолунда" журналын өчүрүп
таштап, тарыхты бурмалаганыңар кандай?!
- Бул, мүмкүн, Касым Тыныстановдун атын атоодон коркуп келген мурдагы
түшүнүгүбүздүн таасиридир? Же, балким, Тыныстановду азыр баары эле эл
алдында мактап-жактаган болуп көрүнгөнү менен, ниетинде жактырбагандар
да бардыр? Ошондойлордун атайылап эле Касым аганын "Маданият
жолундасын” унутуп коюп жатканы болушу да мүмкүндүр? - деп божомолдодум
эле, Азамат Алтай:
- О аныңарды билбейм? Бирок бул жакшы эмес, - деди.
Анан жаталы дедик. Анын үстүнө менин камылгам чала. Азыркы
сүйлөшкөндөрүбүздү, күндүз көргөн уккандарымды жазып коюшум керек.
Азамат Алтай да жатпай, кагаздарын шуудуратып, бир нерсе иштеп
отургансыйт.
Эртеси уктап ойгонсом, саат 7 экен. Азамат Алтай телевизор карамыш болуп
отуруптур. Учураштык .
- Ии, тууган, ушунда-ай... - Азамат Алтай таарынчысы бардай ийнинен тына
акырын улутунуп койду. Мен анысын ажырашуунун чукулдап калганына
жорудум. Түштө эки машина болуп аэропортко жөнөп кеттик. Кыргыз тилинен
сабак алыш үчүн Вашингтондон келип калган Кетлин экөөбүз Азамат Алтайдын
машинесине түштүк. Жолдо баратканда Кетлин аркы-беркини сурады.
Суроосунун көбү кыргыз аялдары, алардын укугу, абалы жөнүндө болду. Бир
маалда баягыда ООНдо Кыргызстандын Күнүн өткөрүп жатканымда ушу
суроону сурагандар менен сүйлөшүп алгансып, Кетлин да:
- Кыргызстандагы эң мыкты аял ким азыр? - деди.
- Менин аялым! - деп, ошо ООНдо айткан жообумду дароо кайталай салдым.
Азамат Алтай каткырып жиберди да, жообумду Кетлинге которуп берди.
Кетлин да каткырды.
Ушул жылдардагы жакшы ой-пикирдеги, жанга жакын адамдардан алган
каттар жана ага жооптор. Элден чыккан газеталарга жарыяланган маектер
“Ала-Тоо”, 11-саны,1991-жыл.
Чыңгыз Айтматов:
"Ала-Тоо” журналынын фондусуна чакырык. Турмуш дагы да далилдеп турган
жокпу - саясый режимдер бири келип, бири кетип турган дүйнө экен. Ал ортодо
элдин түбөлүктүү руханий мүлкүн өзгөчө ойлойт экенсиң. Мына азыр ошондой
учур. Азыр ыдырап, анын ордуна жаңы кудуреттер пайда болуп жаткан чакта
элибиздин келечеги жөнүндө санаа жүгүртүп, тынчы кетпеген кыргыз баласы
жок чыгаар. Башкаларды айтпайын, мына өзүм кызмат жагдайыма
байланыштуу алыста, Европада жашап жүрсөм да, ушул маселелер качан болсо
жүрөгүмдү өйүйт, тынчымды алат. Ал эми менин жайым түшүнүктүү го,
башынан чыгармачылык ишим менен да, конкреттүү аракет, демилгелерим
менен да, адабий чөйрөнүн казанына кайнап келем, бул маселелердин
тегерегинде нечен кур айтып да, жазып да жүрөмүн. Те Америкада, дүйнөнүн
тиги четинде, Нью-Йоркто тагдырдын буйругу менен орун-очок күтүп, жети
атасы турак кылган куттуу Мекенинен эбак алыстап калган Азамат Алтай
тууганыбыз да мага жолуккан сайын, телефондошуп сүйлөшкөндө
маданиятыбыздын, адабиятыбыздын жөн-жайына абдан кызыгып, баарынан да
кыргыз тилинин акыбалын, улуттук басма сөздүн, өзгөчө "Ала-Тоо”, “Кыргыз
маданияты” сыяктуу журнал, гезиттердин азыркы тагдырын ойлоптүйшөлгөнүн айтсам????
Чындыгында да эне-тилди сактап, аны кастарлабаган эл эл болуп, узап кете
албайт. Ал эми тилди, дилди байытып-асыраган көркөм адабиятты байма-бай
калк катмарына жеткирип турган дал ошол журналдар, гезиттер го!
Асыресе, журналдар туурасында кеп козгоп калганым жөн жерден эмес. Биздин
көзгө басар бир эле адабий-көркөм журналыбыз бар, ал - “Ала-Тоо”. Жазма
адабиятыбыз жаңыдан телчигип, калктын кат-сабаты жаңыдан жоюла баштаган
убактан бери "Ала-Тоо"журналы маданият турмушубуздун дал чордонунда
аракет этип, улуттук адабий процессте уникалдуу дегендей орунду ээлеп
келатат. Мени кабатырланткан нерсе - ушул уникалдуу журналдын бүгүнкү
абалы. Мынабу кайрылуумун себеби да бир кезде тиражы 70 миңге чаап кеткен
"Ала-Тоо"азыр араң 30 миң нускада чыгып жатканына көпчүлүк көңүлүн
бурайын деген ниет. Жаңыдан канат жайып келаткан базар экономикасы
кагаздын наркын алда кайда көкөлөтүп, натыйжада журналдын жазылуу баасы
жогорулап, айтор, азыр бирден-бир адабий журналыбыздын эртеңки тагдыры
кыл учунда турган убак. Ушул кездин өзүндө журналыбыздын 160 миң сом
карызы бар кагаз үчүн жана басма үчүн.
Менин баамымда, "Ала-Тоону” сактап калышка эки гана ылаажы бар.
Биринчиси: журналга ар бир маданияттуу кыргыз баласы жазылышы кажет.
Экинчиси: Кыргызстан жазуучулар союзунда атайын "Ала-Тоо"фондусун ачып,
анын счетуна кыргыз маданиятына кайдыгер эмес адамдар, интеллигенттер,
уюмдар, ишканалар каражат топтошу зарыл. Бул демилгени өзүм баштап жаткан
соң жакында басмадан чыга турган "Чыңгызхандын ак булуту" аттуу
повестимдин калем акысын - 19 миң сомду бүтүндөй ушул Фондуга арнап
отурам жана да алыскы Америкада жашаган Азамат Алтай табыштаган
аманатты да (1000 доллар) журналдын редакторунун өз колуна тапшырдым.
Нечен жылдардан бери чет жерде жашап, башка мамлекеттин тургуну болсо да,
ошол жакта кыргызча радио сүйлөтүп, өз эли үчүн ак кызматын кылып жүргөн
боордошубузга ыраазы болбогондо нетесиң?
Баса, “ Ала-Тоо” журналынын фондусун ачуу туурасындагы идея да Азамат Алтай
менен кайсы бир жолу туугандарча сырдашып отурганда жаралды.
Адабиятыбыздын ар кайсы жаңылыктарын, жетишкендиктерин чагылдырып
турган көзгө басар журналыбыздын келечек тагдырын жаны күйүп ойлогону,
чынын айтайын, мени да козгоду, мени да түйшөлттү. Сыягы, башынан адабий
процесстин ички агымы менен кошо сермелип, анын өйдө-ылдый
көрүнүштөрүнө жедеп көнүп калган адамга караганда сырттагы күйөрмандар
орчундуу кем-карчтарыбызды дайыныраак көрүп турат окшобойбу. Неси болсо
да, быйыл жазда бир катар Америка университетттеринде лекция окуп жүргөн
чагымда Азамат Алтай мага атайылап аэропорттон жолугуп, кыргыз элинин
рухий муктаждыгы үчүн сарпталса деген аманатын берди. 1000 доллар - сомго
айландырса, зор акча. Анан калса кеп акчанын көп же азында эмес, кеп -ниетте,
ак дилден жанып чыккан асыл умтулушта. Андыктан, кайда жүрсө да, элижуртуна кызмат кылган, азыркыдай кыйын кезеңде биздин ички ташпишибизге
колдон чыккан каржысы менен көмөк эткиси келген аксакалыбызга өз элимдин
атынан чын жүрөктөн ыраазычылыгымды айтмакчымын.
Дагы бир маанилүү учурду айта кетмекмин. Республикабыздын Президенти
Аскар Акаев бул фондунун демилгесин кубаттай, өз жанынан кошумча каражат
берерин убада этти. Рахмат, Аскар Акаевич! Кабарым бар, азыр бизде фонду
деген көп. Ар биринин өзүнчө жүгү, өзүнчө максаты бар. Бирок да "Ала-Тоо”
фондусунун максаты, көздөгөн мүдөөсү өзгөчө десем жаңылбайм. Биз кийинки
урпактарга не руханий мүлк, не өчпөй-оңбой турган зат калтырабыз? Не бир
катаклизмдерге такаат кылып, кылымдар элегинен экчелип өтүп келаткан
руханий убакта чайпалтып төгүп ала турган заманбы? Руханий дүйнөбүздүн бир
булагы болгон “Ала-Тоону” жер үстүнөн өчүрүп ийебизби? Кеп мына ушунда,
калайык.
Ырас, азыр ар бирибизде түйшүк көп, күндөлүк көр оокат ар кимдин ийнинен
ныгыра басып турган кез. Заман эми кай жагын карай октос беришин болжоп да,
алдын ала айтып да болбойт. Мына ушундай учурда ынтымактыктан кетпей,
айрыкча улут келечегине керектүү коомдук институттарыбызды, маданий
булактарыбызды түп көтөрө сүрөп турбасак, кийинки келе турган урпактар
бизди кечирбейт да, түшүнбөйт. Руханий зоболобуздун канчалык бийик,
маданий-интеллектуалдык кыртышыбыздын канчалык бекем экендигин биле
турган мезгил келди.
ФОНД ДАРЕГИ:
“Ала-Тоо”
журнал редакциясы, АКБ "Кыргызстан”, Бишкек шаары, коду—
7010109, номер 000700497-эсеп.
“ЭМГЕКЧИЛ” гезити, 20-февраль, 1992-жыл, 13-саны.
Азамат Алтайдан келген белек
Бөкөнбаев айылында жашоочу согуштун жана эмгектин ардагери, журналист
Сабыр Калкановго АКШдагы Азамат Алтайдан эң баалуу эстелик белек келди.
Өнүккөн өтө бай мамлекеттин өндүрүшүнөн чыгарылган бул буюмдарды көз
тийбесин деп, дароо атай салыштан өзүбүз да ыйбаа кылып турабыз.
Кутучаларынан али ачыла элек бул белектердин "сырын" азырынча эч ким
билбейт. Бир билсе Азамат Алтайда - Америкада, былтыр болуп келген анын
Жер-Үйлүк бир тууган жээни билээр. Белек ээси эми аны жардамга чакырчу
ниети бардай.
(Белек ээсинин Азамат Алтай менен байланышы, кандайча тааныштыгы бар
экендиги жөнүндө маекти гезитибиздин жакынкы сандарынын биринен окуй
аласыздар).
“Эмгекчил” гезити, 12-март, 1992-жыл, 16-саны.
“КУРБУ ДЕГЕН СӨЗ КАНЧАЛЫК ЖАНГА ЖАКЫН!”
Америкада жашап турган бир боор жердешибиз Азамат Алтайдын (Кудайберген
Кожомбердиевдин) карыя журналист Сабыр Калкановго жиберген эстеликбелеги туурасында мындан бир аз мурда гезитибизде эки ооз сөз айтып, белек
ээсин маекке тартууга убада берген элек. Биз бүгүн окурмандар алдындагы
ошол парзыбыздан кутулуп коюуну эп көрдүк.
Кабарчы:
Алды
менен
бир
“секретти” ачып
алсак
дейм,
аба.
Гезит
окурмандарыбыз сизге келген белектин эмне экендигин билгилери келип
жатышса керек. Ал биздин өгүнкү “чып этме” макалабыздан белгилүү эмеспи.
Эми ошол “сыр сандыктын” капкагын ачып бербейсизби?
С. Калканов: Анын бири – диктофон. Беш кассетасы менен жөнөтүптүр. Тунук
жазат. Ар биринин иштетилүү мөөнөтү эки жаккы бетин кошуп эсептегенде 180
мүнөткө созулат. Батарейка менен иштейт. Жазып алып, угуп да көрдүк.
Экинчиси – фотоаппарат. Чынын айтыш керек. Азырынча ачып көрө элекпиз.
Билбеген киши уу ичет дейт эмеспи. Бузуп алабызбы деп чочулайбыз.
Кабарчы: Биринчисинен ысыгыңыз тараганча тигинисинин тилин билген
бирөө чыгып калаар?
С. Калканов: (Күлөт). Катылуу буюм кайда качмак эле? Балдардан келип калса,
барылап ошого киришебиз го...
Кабарчы: Буларды документ толтуруп эле өзүбүздүн почтадан колго
тийгиздиңизби?
С. Калканов: Кайдаан. Чет өлкөдөн алынуучу буюм-теримдердин өз-өзүнчө жолжобосу бар деп мурда кулагым чалчу. Бир күнү эле ойдо жок жерден Кыргыз
Республикасынын тышкы иштер министри Муратбек Сансызбаевич Иманалиев
кол коюптур, сизге белек бар, келип алып кетиңиз дептир.
Кабарчы: Ошону менен эле жөнөп калдыңыз?
С. Калканов: Карап турчумунбу, дароо Бишкекти көздөй чу койдум.
Кабарчы: Аба, ачыгын айтсак, көрүнгөн эле киши бирөөгө белек тартуулай
бербестир. Бул кыйышпас адамдардын гана аткара турган иши. Сиздерди
байланыштырып турган кайсы күч экендигинен кабардар болсок дейбиз?
С. Калканов: Баарыдан мурда биздин балжууран балалык кезибиздеги
теңтуштугубуз. Ээй, бул жөнүндө каты чөнтөгүмдө жүрөт. Ошону эле окуп
койсоң, жанагы сурооңо ачкыч болуп берет.
Кабарчы: Көлөмдүү жазылыптыр.
С. Калканов: Жок, узун десең, мен белгилеген жерлерин эле окуп көрчү. Ошондо
түшүнөсүң.
КАТТАН КЕЛТИРИЛГЕН ҮЗҮНДҮЛӨР:
"Курдашым Сабыр, курбу деген сөз канчалык жанга жакын! Сенин үчтүн айынын
З1де жазган, байыркы заманды эске түшүргөн, кол койуп алыш шартында
жиберген катыңды аялым жалган курандын 9унда алган. Өзүм Шаршеналы
Усубалиев менен көрүшүш үчүн Калифорния штатындагы Лос- Анжелес
шаарына кеткен элем. Кат капчыгынан Сабыр деген ысымды көрүп,
сабырсыздануу менен ачтым. Окуп чыгып толкундандым. Көзүмдү жаш басты.
Бул жерде бардык берген маалыматтарың үчүн ырахматымды айтышка уруксат
берерсиң.”
Кабарчы: "Эски дос эстен кетпейт" деген ушул эмеспи, аба. Курбуңуздун да
элесинде күнү бүгүнкүдөй жүрүпсүз. Сиздин да Кудайберген аба жөнүндө эсте
түйүп жүргөндөрүңүз бардыр?
С. Калканов: Албетте, бар. Бала чагын ким унутат? Өзгөчө ошо кездеги
курбуларың көзгө ысык, жакын да сезилет. Кудайберген да катынын бир
жеринде “Катыңды кайталап-кайталап окумактамын. Ар бир окуганымда түрдүү
жаңыларын табам. Азы үчүн кубансам да, көбүнө кайгырам” деп жатпайбы. Ооба,
сөзсүз ал да тээ илгеркилерибизди эсине түшүрүп жатат. Эсимде калганы – көп
сүйлөчү эмес, бир мүнөздүү эле. Айтканын аткарчу.
Кабарчы: И, эми өзүңүз жагдайынан кеп учугун улай түшүңүз?
С. Калканов: Оболу ийне-жибине чейин терип-тепчип жазууга чама-чарк да
келбестир, иним. Мен мүмкүн болушунча кыскартыбыраак, бирок ток этер
жерлеринен гана айтайын.
Кабарчы: Кулак сизде.
С. Калканов: Мен “Кеңеш” жети жылдык мектебинде (азыркы СПТУ-84
жайгашкан жерде) биринчиден 7-класска чейин Кудайберген менен чогуу
окудум. Экөөбүз парталаш элек. Ал менден кичирээк эле. Танаписте качма топ
ойночубуз. Окуудан тарагандай кийин ойногонубуз чүкө атышмай, чикит
чапмай. Бири-бирибиздин үйлөрүбүздө да болуп калчубуз. Анда анын атаэнесинин көзү тирүү. Менин энем гана бар. Экөөбүз энелерибизди аяш эне деп
чакырчубуз. Экөөбүз китеп беришип окуганды жакшы көрчүбүз. Кызыкканыбыз
Союзмер дегендин зоология боюнча китеби. Аны “Сүзмөнүн китеби” деп атап
алганбыз. Чынын айтыш керек, мен эсептен “үчтөн” ашыра баа алуучу эмесмин.
Мага караганда Кудайберген тың болчу. Үй тапшырмасын аткарууда мага
жардамы көп тийди. Эсепти чыгаруунун жол-жобосун шадыратып айтып берчү.
Эми бир кызык окуя эске түшүп жатат. Ошону айтып берейин.
Кабарчы: Дал ошонусу керек. Айта бериңиз.
С. Калканов: Кудай билет, 4-класста окуп калсак керек. Бир жолу тентектик
кылып койдум сабакта. Мени мугалим жазалап, досканын жанына чыгарып, эки
колумду асмандата көтөртүп койду коңгуроо кагылганча. Танаписке да чыктык.
Мугалимибиз Дөөлөтов деген калмак киши. Сыртка чыксам, ал эки колун
аркасына алып, ары-бери басып турат. Мен арыктын жээгинде сары гүл ачкан
каакымдарга коно калып жүргөн жапайы бир чоң аарыны кармап алдым да,
баягы мени “жазалаган" мугалимдин колун чактырып салып качтым. Ал чочуп
кетип, бир эсе таңданып, мени кармамакка балдарды кубалаттырды. Ошону
менен үйгө келип, 3-4 күн сабакка барбай койдум.
Кабарчы: Таарыныппы же ызаланыппы?
С. Калканов: Балакеттиби, коркуп жатпаймынбы, алда не болуп кетет деп. Төрт
күн өткөн соң Кудайберген үйгө келип: "Ой жүрү, окугун!” деп мени шердентип
үндөдү. Оболу мен ынабадым. Ошондо ал мектептин директору Үчкемпиров
дегенге барып, “Өзү зээндүү эле, окуганга көндүрө албай койдум. Ал сөзсүз
окушу керек, агай” деп айтыптыр. Муну Кудайбергендин өзү да келип айтып
берди. Акыры директорубуздун өзүнө да жолуксам: "Сен эмне үчүн окубайсың?"
дейт ал кабатырланып. "Кантип окумак элем, агай уруп коёт” деп чынымды
айттым. Кыскасы, менин улантып окуп кетишиме курбулук кылып Кудайберген
өзү кам көрдү. Узартып жиберген жокмунбу?
Кабарчы: Жоок, аба, уланта бериңиз.
С. Калканов: Мынча болду, эми дагы бир окуяны баяндайын. Бир жолу
"Кыргызстан пионери" гезитине "Качан жагоолуу болобуз?” деген туңгуч
кабарым чыкты. Болгону 14 эле сап. Ошого жетине албай сүйүнгөнүмдү айтпа,
Кудайберген да буга көңүлү түшүп, кызыгып калды. Ал экөөбүз биргелешип, бир
чакан макала жазып, "Кыргызстан пионерине” салып жибердик. Тез эле
"Мазмуну жок, чыкпай калды” деген жооп кат алдык. Кийин мен өзүмчө дагы
бир макала жазсам, чыгып калды. Ошондон кийин эле мен ”бала кабарчы”
аталып, көпчүлүккө таанылып, териме батпай кеттим. Кыскасы, биз 1937 З8-жылдары мектепти бүтүп кеттик. Ошол эле жылы мен Каракол педокуу
жайына кабыл алынып, окуп жүргөнүмдө "Ленинчил жашка” жазып турдум.
Макалаларым удаа-удаа жарык көрө баштады. Кийин каникулга тарап, айылга
келээрим менен ооруп калдым. Анда Кудайберген комсомолдун райкомунун
пионер бөлүмүн башкарып иштеп туруптур. Айтор, айта берсек сөз көп. Мен
кийинчерээк Самансур Бөлөкбаевдин жардамы менен "Ленинчил жашка”
кызматка алындым да, борбор калаабызда иштеп калдым. Мына ошондон
тартып Кудайберген да жаштар гезитине тындырбай жаза баштады.
Кабарчы: Экөөңөр теңтуш болгон соң чыгармачыл алакаңар да ого бетер күч
алгандыр?
С. Калканов: Ооба, аны да бир башынан айтканы турдум эле. Бир жолу
дебейсиңби, ал экөөбүз моралдык темада фельетонду биргелешип жазмакчы
болдук. Анын мазмуну - өз аялын коё берип, төшөк жаңырткан бир адам
жөнүндө эле. Аталышы эсимде калбаптыр. Ал "Ленинчил жашка" чыккан. Кийин
билсем, фельетон чыккандан кийин каармандын жээк-жааттары автордун бири
катары Кудайбергенди кысмакка алышыптыр. Бат эле бизден бир кабарчы
барып, айтор, чырды басты.
Кабарчы: Кудайберген аба менен акыркы кездешүүңүз качан болгон эле?
С. Калканов: Кыркынчы жылы ал аскерге кеткендей болду. Мени болсо
редакция алып калган. Ошону менен көрүшпөй калдык. Мен аскерге
кийинчерээк кеттим. 1945-жылы келдим. Үйүнө учурашканы барсам, атасы буту
сынып, төшөктө жатыптыр. Балыктын майы дарылыкка миңдин бири
дегенинен аны таап бердим. Кийин ошондон айыгып кетти. Ээй, көп жашасаң,
түркүн окуялар кете берет тура бул алтын баштан.
Кабарчы: Өткөн өмүр барактарынан дагы бири көз алдыңызга тартылып жатат
го дейм?
С. Калканов: Ооба, баштап алган соң эми аягына чыгамын. 1958-жыл. Мен
"Кызыл Күн-Чыгышка" редактор элем. Эки киши - бири орус, бири кыргыз үйгө
келишиптир. Кеч болуп, конуп калышты. Кыргызын таанычумун. Кылычев
деген киши эле, анда КГБ деген капарымда жок. Коноктодум. Орусу мас болуп
уктап калды. Эшикке чыктык. Ошондо Кылычев мага акырын күбүрөдү:
“Жанымдагы орус майор Кожомбердиевдин үстүнөн материал топтогону
келиптир. Аны менен байланышым жок, кат-кабар алышпайм” дегин... Ошону
менен алар кетип калышты. Мен кийин Кудайбергендин атасы менен
байланышта болуп жүрдүм. Өткөн жылы карындашы АКШга барып келбедиби.
Түлөөсүнө чакырыптыр. Бардык. Ошондо агасынын мага биринчи саламын
айтты. Мен адресин алып, ага алгачкы салам-дубайымды жөнөттүм. Ошондон
тартып кат алышып турабыз. Көрүшпөсөк да көрүшкөндөй болуп калдык.
Экөөбүз тең жашташпыз. Тагдырдын буйругуна айла барбы? Мүмкүн, туз-насип
буюруп, көрүшүп да калаарбыз.
Кабарчы: Сүрөт алыша элексиңерби?
С. Калканов: Азырынча алыша элекпиз. Эми алышабыз го, кудай буюрса...
Кабарчы: Маегиңиз үчүн ырахмат.
Маектешкен Ч. ТАКЕНОВ, гезиттин атайын кабарчысы.
“ЗАМАН КЫРГЫЗСТАН”
16-30 июнь, 1993-жыл.
АЗАМАТ АЛТАЙДАН КАТ
ТӨЛӨН ШАМШИЕВ.
Согуштун ардагери.
Оозунан эне сүтү эми эле кеткен жапжаш Кудайберген Кожомберди уулу аскер
катарына чакырылды. Эки бети кыпкызыл, кара көзү бакырайган, баатырдай
бат-бат сүйлөгөн өспүрүмдүн жанына барып Кудайберген олтурду. Ал анын эң
жакшы көргөн сүйкүмдүү курбусу боло турган. Шайыр мүнөз, шамдагай ошол
курбу аскерге чакырылгандарды көздөй ырдап жиберди:
Оргон чөп менен белимди
Бууган экен энекем.
"Оруска аскер болгун" деп,
Тууган экен энекем!
Бул ыр узакка созулган жок. Кимдир бирөө көзү бакырайган, ырдаган баланын
оозун колу менен жаап койсо болобу!
- Мындай ырды ырдаба, - деди.
А көрсө ал комсомолдун секретары болуп иштеген неме экен. Көп убакыт өткөн
жок. Жүк ташуучу машинага жаштарды отургузуп, Көлдү бойлоп, Батышты
көздөй автомашина учуп баратат. Бу сапар 1941-жылдын бугу айынын башы
боло тургай.
Согуш!.. Сен кандай азап-тозокторду көрсөтпөдүң! Кан төгүлгөн жолдорду
басып, окоптон-окопко чуркап өтүп, 1418 күн-түн башыбыздан өтпөдү беле! 27
миллион эр-жигиттер, аялдар, балдар, чалдар кара топурак жердин астында
калышты.
Согуштун майыптары, ардагерлери, согуштун отун-чогун, тозогун көргөндөр
жылдан жылга катарлары азайып калды.
Кээ бири олтурганда “бөйрөгүм” дейт.
Кээ бири согуп турган жүрөгүм дейт.
Арманын айтат экен ардагерлер:
"Канаттуу жаштык доор кайта келбейт”.
Менин колумда Азамат Алтайдын (Кудайбергендин) каты турат. Кудайберген
өзүнө “Азамат Алтай” деп ат коюп алган. Туура, сен азаматсың. Алыста, чет элде
жүргөн тууганыбыздын катын окуп, чын азаматтын өзү экен деп, колума калем
кармадым. Азамат Алтай - чын Баатыр, өз кыргыз эли үчүн түбөлүккө
берилгендиги байкалды. Анын ата-энеси чоң үмүт менен "Кудайым берди” деп
сүйүнгөнү бүткүл Көл жакасына угулган.
Азамат Алтай азыр 70 жаштан өтүп, сексенди көздөй чабак уруп бара жаткан
мезгили. Согушта, фашисттердин лагеринде көргөн азабы ден-соолугун бир топ
кыйнап койду. Бирок ошондой болсо да, акылы тунук, көңүлү ачык, эмгектенип
жатканына кантип кубанбай койбойбуз! Мындай эр жүрөк, кадырлуу, барктуу
адамдарыбызды элибизге таанытып койгонубуз жакшы.
Кудайберген Көл кылаасында туулуп, мектепти бүтүрөөр замат жогорку окуу
жайына барууга аракет кылган эле. Күтүлбөгөн жерден согуш башталды. Эми
эле гүл турмушту көрүүгө аракет кылып жаткан кыргыз жаштары чогуу, бүт
бойдон күн батышты көздөй сапарга чыгышты. Алар кимдер эле? Кой кайтарган
койчулар, жылкы асырап, укуругун колунан түшүрбөгөн жылкычылар, уйторпок багып семирткен бадачылар эле. Кетменин колунан түшүрбөгөн дыйканколхозчулар эле. Билимдин кенине кол куушуруп кирип окуп жаткан студенттер
эле. Ушулар фашисттердин алдын тосуп, катуу сокку берип, мурдагы СССРди
сактап калууга ант беришкен.
Өтө катуу кармашууда катардагы жоокер Кудайберген жарадар болуп, эс-учунан
кетип, жыгылган кезде фашисттер кыргыз кулунун кармап алган. Туткундагы
Кудайберген Кочкордон барган досу менен бирге качып жөнөгөн. Чоң жерге
(фронттогу сөз: Большая земля) өтүү жолу жабылгандан кийин Батыш
Белорустун бир кыштагында мал кайтарып, жан бакты. Фашисттер көрүп калып,
лагерге алып барып камап таштады.
Тагдырдын өзү эмнелерди көрсөтпөдү.
Эми Азамат Алтай алыскы Америкада жатса да, жүрөгү Кыргыз жергесине
арналган. Мына анын мага жазган каты:
“Чоң урматтуу Төлөн агай!
Сиздин "КМга" жазып чыгарган макалаңыздын канчалык толкундантканына
алкыш айтып, сөзүн табалбаймын. Чоң-чоң ырахмат!
Аскерге кетеримден илгери өзүңүздү узактан гана көргөмүн, уулуңуз Болотбек
Германияга келип кеткенинде көрө албай калганыма өкүнөм. Анын элибиздин
сыймыгы болгон "Ак кемесин", "Эрте келген турналарын" көрүп, элди, жерди,
көлдү көрүп, көзүмдүн жашын кубанычымдан агызгамын. Болотбектей уул
жетиштирген өзүңүзгө канчалык алкыш айтсам аз. Катыңызда 80 жаштан сөз
козгогонсуз. Ага жетемби, жокпу - бир кудай билет. Алдын алып куттуктап
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 20