Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 18

Total number of words is 4147
Total number of unique words is 2235
27.4 of words are in the 2000 most common words
38.5 of words are in the 5000 most common words
43.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
- Бир аз илинчек калса, жанын сактап калышка болот, - деди камаарабай.
- А өзүңүз кандайсыз, аба?
- Айыктым, Бексултаным. Азыр чыгып кетсем да болоор.
Таң калдым. Кезинде Американы ашата сөкчү элек ко. Бала болуп башыбызга
жүн чыкканы Американын турмушун да, америкалыктардын адамгерчилигин
да, окуу системасын, медицинасы менен кошо боктоп, кымындай да жерин
жактырчу эмес элек ко. Көрсө, өз көчүгүбүздүн жыртыгын бу жыртык эмес жыргал деп, акчыланыш үчүн ошентчү турбайбызбы. Ошол себептен совет
адамын чет өлкөлөргө өтө эле аз чыгарып, чыгарса да, коркутуп-үркүтүп,
элеңдеп жүрүп келгидей абалга жеткирип туруп, чыгарчу турбайбы. Башка
элдердин, айрыкча Америка сыяктуу өскөн элдин адамча жашап, адамча
турганын көрсөтпөө керек болгон тура бизге. Чындыгында Америка мокочо
эмес экен. Ырас, алар да бизди бокточу. Бирок социалисттик түзүлүштүн жакшы
жактарын уялбастан эле өз жашоо-максатына ылайыктап, сиңирип алган
учурлары көп болуптур. Маселен, медицина. Ооруканага түшкөн адам соткесине
миң доллардын аржак-бержагын төлөйт экен. Муну укканда кымбаттыгына
төбө чачым тик турса да:
- Ушунча акы төлөгөндөн көрө, оорубайле койбойсузбу! - деп тамашаласам,
Азамат Алтай:
- Оорубайле коёт элем, бирок акынын сексен процентин, силердин тил менен
айтканда, социалдык фонд төлөйт. Дары-дармек алсак да ошондой. Калган эки
жүз долларды төлөп коюштун оорчулугу жок, - деди.
Демек, бул бекер дарылаганга эле тете экен да. Ал эми дарылоо сапатын,
жоопкерчилиги менен көңүл бурганын айтпайле коёюн! Кан басымы катуу
көтөрүлүп кеткен адамды үч күндө айыктырып чыгарат дегенди уга элек
болсом керек.
Бу саам ооруканага Али экөөбүз келгенбиз, кечээкидей эле түшкү экиден кийин
гезит сатып алып.
- Архив туурасында ойлондуңбу? - Азамат Алтай мени кетирбей алып калышты
мурунтан эле каалап турганбы, ”чеч” деп, курткамды чечтирип, "отур" деп,
жанына отургузду.
- Миссия башчысынын биринчи орунбасары менен сүйлөштүм. Ноябрдын
аягында Москвага жүк кетет экен, ошого кошуп, жөнөтүп жибермей болду.
Үйдө болсо кечке архивиңиздин, папкаларыңыздын жанында ыкшыйып отурам,
- деп, тамашаламыш болуп койдум.
- Өзүңө керектүүлөрдү иргей бер. Бөлүштүрүп койсоң, ар жагын өзүм тейлейм, деди Азамат Алтай. Аңгыча Али да курткасын чечип, отурууга камынды эле,
Азамат Алтай:
- Сен кете бер, о заман бир жакка бараарсыңар, - деп кайнисин узатып ийди да,
анан мага карап, - эми жай отуруп, тууганча маектеше берсек болот, - деп
көңүлдүү каткырды.
Сание жеңе экөөбүз кечээ келип кетээрде: “Аягыбыз жеңил болсун, аба, тез
сакайыңыз”, - дегеним эмнегедир азыр эсиме түштү. Эл ичинде айтыла жүргөн
демейки алкоону айтсам, Азамат Алтай көптөн бери укпай, унутуп жүргөн бир
жакшы кабарга кулагы сүйүнгөнсүп, көзү жадырай байбичесине мактана калган:
- Кандай жакшы тилек. "Аягыбыз жеңил болсун!" Мындай жакшы тилекти
кыргыздар гана айтат! Мүмкүн, казактар да айтаар, бирок мен аны билбейт
экем...
Кыргыз жөнүндө, кыргыздын жакшы салты, наркы туурасында азбы-көппү
азыркыдай жылуу сөз укса, Азамат Алтай жаш баладан бетер жагалданып
кубанган адам экен. Улам күн өткөн сайын ушул мүнөзүнө көзүм каныга
берди. Кемчилигибизге күйүп-бышып, туталанып кетээрин да көрдүм.
Кичинекей эле кемчилигибиз аны аябагандай кейитет. Мүмкүн, өмүр бою
четте калып, эл-жерине такай кусадар жашаган адамдын сезими ошондой
болоор? А балким, бул сезим Азамат Алтайда курч жаралгандыр? Аны
башкалар менен салыштырууга менде мүмкүнчүлүк болбоду. Салыштыруунун
кажети деле жоктур. Биз быякта, өзүбүздө жүрүп, өз кемчиликтерибизге бышы
кулак болуп, ашмалтай болуп алгандайбыз. Кемчиликтерибизге чанда гана
кейимиш болбосок, чындап күйүп-бышкан учурубуз аз. “Боло берет” деген
жаман адатыбыз бар. Ишти чала бүтүрсөк, убадага турбасак, “боло берет” деп
кенебейбиз. Үйрөнгөнбүз ошого. Бирок дээрибиз, ата-бабадагы наркыбыз
андай эмес эле го! Демек, оңолуп кетүү биздин тукумдагылар үчүн деле түйшүк
эместир, колдон келе турган каныбыздагы сапат да! Азамат Алтайдын
ооруканага жатып калганы мени архиви менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берди.
Болбогондо, "жаман айтпай жакшы жок” дегендей, а киши мени, убадасы
боюнча Американын штаттарын кыдыртып кетсе, бу күндөрдүн көбү негизги
максатыма туура келбей калмак окшобойбу. Американы аралап чыкпаганыма,
албетте, саал өкүнөм. Бирок өмүрүмдө архив аңтарган иштөө тажрыйбам
болбогондуктан, көз май түтөтө ыкшыйып отуруп, эски кагаздын жытына
чүчкүрүп-бышкырып
кыйналсам
да,
аркы-беркилерин
ажырата
баштагансыдым. Бу да болсо мен үчүн олжо эле. Ооруканага жатканына үч эле
күн болгондо Азамат Алтай эртең чыга турганын айткан. Бирок чыгаар күнү
архив карап отурсам, үйгө телефон чалды:
- Канымда бир нерсе, рубин деди го, сыягы, жетишпейт экен, ошону кечки саат
беште консилиум өткөзүп тактайт. Канымдагы заттар жетиштүү болсо
чыгарат. Жетпесе, анда дагы жатып калам. Сен аппаратыңды алып, экиден
кийин маган келе аласыңбы?
- Келе албагандачы! - айтпса да келээрим бышык, өзүм да ошол саатты
чыдамсыздык менен күтөм. - Көп сөздү укпай кетсем, арман чоң болбойбу! дедим.
Эртеси саат экиде диктофонумду, окууруна гезит сатып алып, ооруканага
барсам, Азамат Алтай көңүлү ачык, жайдары экен. Түндө мен архивин оортопондоп, алып кетчүлөрүмдү иргеп бүткөм. Башынан архив менен иштеп
көнбөгөн адамга тажатма иш экен. Анын үстүнө, ар тилде латын тамгасы менен
жазылгандар мурда окуп көнбөгөндүктөн, кыйнап жибергидей. Бирок эмнеси
болсо да, көшөрүп отуруп, жүзгө жакын папкадан жыйырмадан ашыгын иргеп
коюп келсем, Азамат Алтай ооруканадан бүгүн да чыкпай турганын айтты :
- Консилиум беште эмес, түнкү он бирге калыптыр, демек, бүгүн да мында
түнөшкә мажбурмун, - деди.
- Сизден атайы эле дагы бир күндүн миң долларын алып калуунун амалы да
бу! - мен кеткенче Азамат Алтай чыкпайт тура деп, туталана түштүм.
- Жок, быякта антип арамзаланса, ишинен ажырап калат, - Азамат Алтай токтоо
түшүндүрдү. - Консилиумга катышчу врачтардын бир-экөө түнкү 11ге чейин
бош эмес экен. Анын үстүнө, консилиумдун чыгымы, катышкан врачтарга
төлөш керек да, менин эсебиме кирбейт.
- Анда эмне, өкмөт төлөйбү?
- Жо-ок. Мени дарылаган врач өз жанынан төлөйт. Ошондуктан, госпиталда
артык баш күн калыш врачка гана зыян. Дагы эгерде туура эмес дарыласа,
менден алган акчаны кайрып берет.
Мунусу мыкты экен деп ойлодум ичимден. Бизде өлтүрүп алса деле жооп берүү
болбойт ко. Жакшы жактарыбыз да бар дечи, маселен, бекер дарылануу, дарыдармектерибиз арзан. Бирок сапат жагынан, жоопкерчилик жагынан төмөн
экенибизди салыштырып, ызаланасың, таңыркайсың.
Жашообуздагы мурда өзүбүз билип-билбей жүргөн кемчиликтерибизди
“перестройка - кайра куруу” оңойт деген үмүтүбүз чоң эле. Ал үмүтүбүз дале
үзүлө элек, бирок адегендегидей эмес, көңүлүбүздө күмөнсүнүү көбөйө
баштаган учур болчу.
- Аба, - мен сөздү дал ушуякка бурдум, - архивиңизге чала-була көз жүгүртүп
отуруп, буларды түшүндүм: кайра куруу учурунда гана айтыла баштаган,
өзүбүздү өзүбүз сындаган кемчиликтерибизди сиз, силер о-о жылдары эле
айтып жүрүпсүңөр. Тил маселеси, адам укугу, улуттар эркиндиги.
Большевиктерден кымындай кемчилик тапчу эмес элек, кемчиликтери тургай,
кылмыштары да толтура экен. Аларды да перестройка ачты. Ага чейин силер
тынбай какылдапсыңар. Бу эмне, акыры Советтер оңолот деген ишеним силерде
болгон үчүн сындап келдиңер беле, же ызаңарды чыгаруу үчүн гана Совет
бийлигин жек көргөнүңөрдү билдирүү үчүн гана ошенткенсиңерби?
Азамат Алтай оюн топтогонсуп, бир аз унчукпай турду да:
- Силердеги турмуштун ушундай абалга жеткени мындан ары узашы мүмкүн
эмес деген ойдо элем. Көпчүлүк кыял ишке ашабы-жокпу? - өзүм айтаарын
айтып коюп, өзүм ишенбеген күндөрүм да болгон. Эгер дүнүйө тарыхын карап
көрсөң, ар кандай диктатура келет, аны айтыш үчүн пайгамбар болуп жаралыш
керек. Мен огон пайгамбардык кылбадым. Бирок силерде өзгөрүү болоруна
көзүм жетти. Жаман тарабына өзгөрүп кетиши мүмкүн деп да чочуладым.
Дагы Кудай таала адамга үмүт берет да. Жакшылыктын да шооласы элге тиер
деген үмүтүм жок эмес эле. Мен Франция революциясынын тарыхын окуп
чыктым. Кандай бийликтер Францияда алмашып турду? А калк кала берди.
- "Бетеге кетет - бел калат, бектер кетет - эл калат” деңизчи? Туура, бийликтер
көп алмашты, өзгөрөт экен, эл кала берет. Бирок көбүнчө эле шору менен кала
берди, - мен да өз оюмду айткым келди.
- Иэ, шору менен калат, - Азамат Алтай айтканымды жактады да, кайра дароо
тактап койду. - Бактыга жеткен учуру да бар. Бирок аз, сейрек.
- Адамды жакшылыкка, жакшы сапаттарга үмүт жакындатат болуш керек.
- Үмүт адамды дагы жашартат. Эгер адам үмүтүн үзсө, анда анын жашоосунун эч
кимге кереги жок.
- “Үмүтсүз адам - шайтан” деген да кеп бар эмеспи.
- Иэ, үмүтсүз адам - шайтан.
- Бизде азыр кайра куруу жүрүп жатат. Бирок созулуп кетти, - десем, Азамат
Алтай:
- Дагы созулат, - деди.
- Ооба, созулуп калды. Бөлөк кишилердин колуна түшүп кеткен сыяктуу, Азамат Алтайга суроолуу кайрылдым. - Оюңузду уккум келет. Кайра куруунун
башталышы кандай болду? Азыркы жүрүшү, келечеги не болот?
- Албетте, кыялымда кайра курууну көрөм деген үмүтүм жок эле. О келди.
Көрдүк. Ага чет элде жашаган эмигранттар аздыр-көптүр үлүшүн кошту.
Арасында мен да бармын. Сага мурда айтканымдай, 70 жылдык оорудан айыгып
кетиш кыйын.
- Ырбатып албасак болду.
- Туура, ырбатып алышыңар да мүмкүн. Горбачевду, эгер ал путчуга өзү
катышпаган болсо, баатыр деп аташ керек. Ушунчалык системага, өзүнүн
партиясынын тамырына балта чапты. Албетте, балтаны биринчи Хрущев чапты.
О доңуз! - Азамат Алтай акырын күлүп алды. - Өзүнүн доңуздугу менен,
нааданчылыгы менен чапты, билбестен туруп чаап койду. Менимче, Горбачев
кайра курууга билип, акылы менен келди. Өзү болбосо да, анын
айланасындагылар ушуга келтирди. Албетте, Россия сыяктуу зор мамлекетти
жетелеш жеңил бир иш эмес. Горбачев партократиядан чыккан, ошого
сугарылган адам. Өзү баштаган кайра куруунун аягына чыкпай калабы деп
тынчсызданам. Путчту өзү уюштурду деген пикирим да жок эмес.
- Себеп?
- Себеби, өзү уюштурбаса, КГБ, милиция, аскер башчылары, бийликтин башка
жетекчилери катышкан жерде, андан бир ок мененби, же башкача жол мененби,
өлтүрүп кутулуш оңой эле. Антишпеди. Бул мени шектендирет.
- Шектенүү бизде да бар. Сыры ачылаар бекен?
- Ачылат.
- Мына азыр тергөө жүрүп жатпайбы, - мен күмөнсүнө үн каттым.
- Тергөөдө бири болбосо бири айтат.
- Бизде көп эле сырлар жабылып калчу эле.
- Айта турган кишилери өзүн өзү жоготтулар. Бирок өзүн өзү өлтүргөндөрдүн
үй-бүлөсү, сырдаштары бар, ушулардан билиниши мүмкүн. Бул, албетте, дароо
ачылчу маселе эмес, ондогон жылдар өтүшү мүмкүн.
- Таптакыр билинбей калышы да мүмкүн. Бийликтин табышмагы да бул.
- Туура, бийликтин табышмагы.
- Тээ байыркы атамзамандан бери мындай оюндар көп ойнолгон, бирок көбүнүн
сыры чечилген эмес. Көмүскө кала берген. Менимче, муну кийин бийликке
келгендер деле билсе да, билмексенге салып, айтпай коёт ко дейм. Себеби, алар
да ушул оюнду ойноп калышы ыктымал да.
- Иэ, карга карганын көзүн чокубайт. Өзүңдү өзүң жашырбасаң, ким жашырат?
“Бийлик элге таандык" деген алдоонун төркүнү ушунда, - Азамат Алтай
каткырып алды да, ары жагын олуттуу улады. - Алсыз боло баштаганда,
пайдасы азайганда бийликтин жашырмайы көбөйөт. Кайра куруу ачык
айтканды, маалымдуулукту жаратты. Жакшы жактары көп. Кайра куруу
болбогондо, элүү жыл көрбөгөн карындашымды көрө албастырмын. Бул бир
гана мисал. Кайра куруунун “кесепетинен” силерге окшогон туугандар менен да
көрүшүп отурабыз. Мурда бул түшкө кирбей турган жосун эле да. Келечегиңер
туурасында эмне
айтсам? Советтер Союзунда азыр курулуп жаткан
республикалардын эркиндиги Америка Кошмо Штаттарына окшогон бир
мамлекетке алып келээр деген да оюм жок эмес. Бир президент шайланып, он
бештен көп штат болушу мүмкүн. Якут туугандарыбыз өзүнчө штат болуп
кирүүгө татыктуу.
- Хакастар... - келечектеги “штаттарыбызды" санаша коёюн дедим эле, Азамат
Алтай:
- Жок, - деп мени токтотуп койду, - Хакас, Тува, Тоолуу Алтай... буларды
бириктирип, бир штат куруу мүмкүн, башка бирөөнө кошуп жиберүү да мүмкүн.
А якуттар болсо бүткүл түрк калкынын ичинде жаңы маданиятка биринчи
кадам шилтеген улут. Алардын бир атактуу профессору жети томдук сөздүктү
өткөн кылымда чыгарган. Падышачыл заманда орус революционерлери,
народниктери, декабристтер Якутияга көп сүрүлдүлөр, ошолор якуттарга
“Силер калксыңар, өз маданиятыңар, тилиңер, тарыхыңар бар, аны сактап
калышыңар керек” деген сезимди жеткирген. Мындай сезимди орус
революционерлеринен биздин кыргыздар ала албады, анткени, чыныгы ак
ниет революционерлер Кыргызстанга сүрүлбөдү. Якуттар турмуш шартынын
оордугуна карабастан өскөн эл. Өзүнчө штат болчулар, албетте, Татарстан,
Башкырстан, Чуваштар... Каракалпактар да татыктуу. Советтер Союзунда
жыйырма бир түрк калкы жашайт. Олордун майдаларын бир штатка
бириктирсе болор. Бул эми менин бир божомолум. Кандай өнүгөсүңөр, аны
келечек көрсөтөт.
- Аба, оюңуз кызык экен. Бирок Кошмо Штаттарга окшогон мамлекет түзүүгө
маданиятыбыз, даярдыгыбыз жетишпес, - дедим мен. - Биздеги бийликтин
оорусу маселени “ цивилизованный" жолу менен чечилишине жолтоо болот
дегеним да.
- Иэ, мунуңузга толугум менен кошулам.
- Архивиңизде дагы бир нерсе мени таң калтырды. Орусча жазган өмүр
баяныңызды окудум. Сизди тоңдук деп укчу элек. Тоңдук экениңизди өзүңүз
деле айтып отурасыз. Бирок жазган өмүр баяныңызда Түп болушундагы ТалдыСуу айылында 1920-жылы туулгам депсиз. Чындыгы ушундайбы, же мында бир
табышмак, сыр барбы? - чийелешкен чаташ окуя, кызыктуу детектив укчудай
боолголоп турдум эле, Азамат Алтай:
- О кезде КГБны буйтатыш үчүн ошенткенбиз, жаным, - деп, шаабайымы суутуп
койбоспу! - Архивди не кылдың? Канча папка ала тургансың? - деди Азамат
Алтай.
Колумдан келишинче ала тургандарымды иргеп бүткөнүмдү айттым. Мен
чыкканда коробкага салып, почта аркылуу эле жөнөтөбүз, - деди Азамат Алтай.
- Миссия аркылуу жөнөткөнүбүз оң го, - дедим мен. - Туруктуу өкүлдүн
биринчи орунбасарынын убадасы бар салдырып жиберем деген.
- Сен кеткенден кийин архивди ким келип алып кетет? Мен кимди издейм?
- Өзүм Миссияга жеткирип, коробкаларга адресими жазып, табыштап кетем, десем, Азамат Алтай:
- Бу жакшы экен, - деп, санаасы тынчып калды.
- Деги эртең чыгаарыңыз бышыкпы, аба? Же ушинтип эле архивиңиз менен
госпиталыңыздын ортосунда темтейип жүрүп, элге кетип каламбы? - деп
тамаша-чынды аралаштырып сүйлөсөм, Азамат Алтай каткырды.
- Буюрса дейли. Буюрса, консилиуму каныман өлтүрүп жиберчү эчтеме деле
таппас...
Азамат Алтай дагы жыргап каткырды.
- Эмесе, кечки саат сегизге чейин маегибизди улантсак, чарчаган жоксузбу? дедим.
- Көп сүйлөтсөң, кан басым жогорулап, температура көтөрүлүп кетиши да
мүмкүн...
- Анда бүгүнчө токтотолу?
- Жок, мен дегинкисин гана айттым. Эгер бирдеме болсо, врачка түшүндүрөм,
оорудан эмес, интервьюдан көтөрүлдү дейм, - Азамат Алтай күлдү да, - сурооңду
бере бер, - деди.
- Өмүрүңүздө көп ачуу айыптарды уктуңуз. Өзүнүз айткандай, биз сизди "далай
боздоттук". Ошондой эле быякта өзүңүз менен чогуу иштешип, чогуу жүргөн
адамдар менен мамилеңер дайыма эле бирдей болушу мүмкүн эмес, өөдөтөмөнү болгондур. Кыскасы, сиз кекчилсизби? Кечире билесизби, же андай
айыптарды такай угуп жүрүп, бышы кулак болуп көнгөнсүзбү?
- Суроолоруңду бир-бирден бергин.
- Жаадырбайбы? - дедим тамашалап,
- Жаадырба. 72 жаш курагымда жыйнап туруп, баардыгына жооп кайтарыш
мен үчүн бир аз кыйын, - деди да, Азамат Алтай суроолорумду бир-бирден кайра
кайталатпай, жообун айта баштады. - Элден келген кыргызды бир көрүүгө зар
болуп жүргөн заманымда мени ботодой боздоткондордун кайсы бирлери о
дүйнө сапарына кетти, алар менден кечирим сурай албайт, ошондуктан, алар
туурасындагы мурдагы оюмда калам. Муну кекчил
дейсиңби, кекчил
дебейсиңби, ал сенин ишиң. Ильгиз Гилязиддинов "кыргыз нанын жеген татар
да мени көөлөгөн” деп жаздым эле го сага, ошол Ильгиз кечээ жакында
Нарынбек Нью-Йоркко стажировкасына жөнөп жатканда, Нарынбек экөө
Бишкекте кошуна жашагандар, “Азамат Алтайды бирөөлөрдүн түрткүндүсү
менен жамандап жаздым эле, кокус жолугуп калсаң айт, кечире алса, кечирсин”
деген.
- Кечире алдыңызбы анан?
Кечирдим, жаным! Андайда кечириш керек! - Азамат Алтай жоопту шак эле
кайтарды. – Мени гезитке жамандап жазып, кийин кечирим сурагандарды
кечирем. – Анан айтаар ою өзүнө жага түштү окшойт, каткырып алды да, “Жабылып жүрүп баарыбыз жалгыз Курманбекке алыбыз жетпеди” деп
калмактын каны айткандай, Касымаалы Жантөшевдин драмасында болсо керек
эле ушул сөз, анын сыңары, жабылып жүрүп топ кыргыз жалгыз татарча боло
албадыңар. – Дагы жыргап каткырды.
Тамашасы заардуу болгон үчүнбү, күлө албадым. Чынында эле кемчилигибизди
сезип, билип турсак да, кечирим сураштан намыстанабыз. Атүгүл күнөөнү
башкадан издеп, бөлөккө жалаа жаба салмай бет тырмаарчылыгыбыз канча!
“Эмне кыз эмне кыздын бетин тытат” деген мыкты макал бекеринен айтылган
эмес да.
Калган күндөрүмдө Азамат Алтай мени машинесине салып алып, шаар
кыдыртты, Атлантика океанынын жээгиндеги Брайтон Бич деген Нью-Йорктун
бир атактуу булуңуна алпарды. Анын атактуулугу илгертен а жерде уурукескилердин жашап келгендигинде экен.
- Брайтон Бичте өмүр бою мафиози негрлер өкүм сүрүп келген. Аларды кийинки
эле жылдары Советтер Союзунан келгендер сүрүп чыгып, эми силердин
мафиозилердин күнү тууп турган заман, - деп Азамат Алтай күлдү.
Брайтон Бичтин жанында эле Атлантика океаны, жээгинде сүрөткө түштүк.
Анан башка жакта бир дүкөндөн архив папкаларды сала турган бышык
коробкалар, чаптаарына ленталар сатып алып, үйгө келгенде архивди
таңыштырдык. Далай жумуш экен. Нарынбек да келип калыптыр, экөөбүзгө
Азамат Алтай ишене бербедиби, же көп жылдап жыйган байлыгына акыркы
ирет кол тийгизип калгысы келдиби, а балким, өзүнүн эле тыкандыгыдыр,
айтор, мен алып кетчү папкаларды коробкаларга өзү салыштырып, тыкыйтып
бүт тейледи. Нарынбек экөөбүз Азамат Алтайдын айткандары боюнча гана
жардамдашып турдук. Төрт коробкага жыйырма канча папка, Советтер
Союзунда тыюу салынган орус тилиндеги беш-алты чоң-чоң китеп, Библиянын
мурдагы жана кийинки осуяттары бириктирилген толук басылышы, Куран
таңылган соң:
- Эми өз колуң менен адресиңди жаз, - деди Азамат Алтай мага.
Мен “быссмылда!” деп, төрт коробкага бакыйта-бакыйта Бишкекте иштеген
жерим – Кыргызстан театрлар ишмерлер Союзунун адреси боюнча өз атыма
жаздым да, ичимен кудуңдап, тышкы иштер министрибиз Муратбек
Иманалиевдин Туруктуу өкүлчүлүктөгү отурган жерине телефон чалдым.
- Мурат, Азамат аба архивин белендеп койду, ошону Миссияга жеткизип,
Александр Алексеевичке тапшырып келейин, машине жибертесиңби?
- Нет проблем, байке, - деди министрибиз. Ал ашыкча сөзү жок, убадалуу жигит
экенин ошо Америкада жүргөндө көрдүм.
Александр Алексеевич Равзин да убадасына турду. Мен кеткенден кийин 1991жылдын 22-ноябрында дипломатиялык жүккө кошуп, архивди Москвага
жөнөттү. А кишиге мен абдан ыраазымын. Кенедей да керкейүүнү билбеген,
дипломатка эмес, советтик кинолордогу шоопурга окшош, узун бойлуу, арык,
чап жаак жакшы орустун элеси эстеген сайын көз алдымда. Архив эмнегедир
Москвада эки айдан ашык жатып калды. Жоголот экен деп, чый-пыйым чыкты.
"Жылкыңа ченеп ышкыра албаган соң, эмнеге покту жедиң, архивимди тапкын!"
- деп океандын аркы өйүзүнөн туруп, Азамат Алтай бетиме жаба түкүрчүдөй
сезилди. Архивдин кармалган себебин түк түшүнбөдүм. Америкадан келатып
Москвадагы өкүлүбүз Акматбек Нанаевге катуу табыштабаганымда, ага кайракайра телефон чалып, мазасын кетирбегенимде, кыскасы, Акматбек Нанаев
болбогондо, мүмкүн, архив Кыргызстанга жетет беле, жок беле? - билбейм.
Архивди Москвада КГБ аңтарып жатабы деп да жорудум. Жок, бөөдө эле КГБнын
күнөөсүн көтөрүпмүн. Коробкалар Азамат Алтай чаптаган боюнча кебелбей
келиптир. Бирөөнүн гана капталында алакандай жер булайып оюлуп калыптыр.
Ошол кезде Москванын аэропортунда жүргүнчүлөрдүн чабадандарын ачып,
буюмун уурдамай, таңгагы менен жүктөрдү жымырмай күч алып турган учур
болчу. Демек, кимдир бирөөлөр коробканын ичинен буюм издеп, кагаз
мукабаны көргөндө окшош коробкаларды жайына тим койгон да.
Эгемен мамлекет болуп, эркиндик алганда, максатыбыз көп эле. Ошонун бири Азамат Алтайдын архиви колума тийип жатканда “Кыргыз эл" коомубуздун
алдында түрк элдеринин китепканасын негиздесек, архивди ошого өткөрсөм
деген тилегим бар болчу. Тилек ишке ашкан жок. "Кыргыз эл” коомун өз
кызыкчылыгына жумшап, туйтунгандар чыкты. Коомдун ишине тууралап, анын
теңтөрагалары катары Жалил Садыков экөөбүз гана бир жолу афгандык шордуу
кыргыздарга үч-төрт машине күрүч, ун, кийим-кечек уюштуруп жөнөттүк. Бул
ишке эмгек сиңирген артисибиз, азыр эл артиси Жумабай Кыпчаков
жардамдашып, Афганистандагы боордошторубузга жүктү жеткирип барып
келди. Ал эми айлык алып иштеген үчүнчү теңтөрагабыз ушул ишке турганы
куйрук карматпады. Ошентип "Кыргыз эл” деген коомубуз кимдир бирөөлөрдүн
кулкунуна кирип, жашоосун токтотту. А балким, аты тымызын сатылып, ар
кимден акча-тыйын чогултулуп, дале бирөөгө жем болуп жүргөндүр?.. Архивди
Нью-Йорктогу Туруктуу өкүлчүлүккө жеткирип, Александр Алексеевич Равзинге
тапшырып келгенден кийин деле Азамат Алтай менен маегибиз улана берди,
бирок мурдагыдай үстөкө-босток болбой, эс алып дегендей, аркы-беркиге
алаксый баштадык.
Ата-бабасындагы атжандуулук Азамат Алтайда катуу сакталгандай. Мунусу,
балким, эл-жердин кусачылыгынан болушу да мүмкүн. Азамат Алтайдын: ”Ат
жарышты карап отурганымда Ала-Тоом, бала кезимде көрүп жүргөн жайлоолор
көзүмө элестейт” дегенине ипподромдо отурганыбызда ишендим. Күлүктөрдүн
аткан октой сызып келатканы анын көзүн жайнатып, жүзүн жашартып ийгендей
сезилип турду мага. Ипподром быякта мыкты экен. Болгону эки эле кабат. Бирок
экинчи кабатка эскалатор менен көтөрүлөт. Көрсө, ипподромго келгендердин
баары дебейин, жүздүн токсон-токсон беши пенсиядагы кары-картаңдар.
Ошондуктан, аларды жөө кыйнабас үчүн эскалатор орнотуптур. Экинчи кабатта
кенен-кенен залдар, туш-тушта илинген телемониторлор. Сырттагы трибунага
чыккысы келбегендер тегеренме креслолорго отуруп алып, күлүктөрдүн
жарышын ушу залдан көрө берсе да болот. Бирок жаан-чачында эле ошондойлор
болбосо, залда бирин-серин буту баспагандар гана калат окшойт. Залдын ар
кайсы жеринде кафелер, ресторандар, туруп туруп шам-шум этме жай.
Каалаганыңа барып, тамактансаң болот. Сурасаң отурган жериңе чай, кофе,
суусундук, сендвич алып келип берет. Тамеки тарттырбайт. Пиводон баштап,
ичкиликтин бир да түрү сатылбайт. Ал эми бизге окшоп, өздөрү ала келип ичмей
булардын салтына жат жосун экен. Кыскасы, ипподромго келгендер үчүн
ыңгайлуу, ылайыктуу шарттын баары түзүлүптүр. Айрыкча кары-картаңдарга
ипподром табылгыс эрмек өңдөнөт. Нью-Йоркто эле бул өңдүү ипподромдон
бир нечеси бар дейт. Биринде жарыш бүткөндө, машинеси жокторду автобус
менен ташып жеткирмейин, кийинки ипподромдо оюн башталбайт имиш.
Убактысы, оюндардын башталаар жана бүтөөр расписаниеси ошончолук так
өлчөнүптүр. Кары-картаңдар көп барган, дагы кечки “Бинго” деген оюну бар.
Анда да ичкилик ичилбейт, тамеки тартылбайт. Жылуу, ыңгайлуу жай. Мында
да ипподромдогудай бирөө менен бирөө байге сайышпайт, байге сайгысы келсе,
ар ким өзү менен өзү ойнойт. Ал үчүн, маселен, ипподромдо эки доллардан
жогорку бир сумманы билет алганда төлөп коёсуң да, “алдыга келет” деген
күлүгүң чыгып келсе, жарыш бүтөөр замат билетиңди кассага алпарсаң,
компьютерден байгең шарт чөнтөгүңө түшөт.
- Байге сайыштын жол-жобосу кандай? - десем, Азамат Алтай:
- Чыгып жүргөн фаворит күлүккө койсоң утушуң аз болот. Начар же белгисиз
күлүккө койсоң, утуш көбүрөөк, - деди.
- А фаворит же фаворит эмесин кантип билебиз?
- Тизменин өөдө жагында фавориттер, төмөн жагында начар, же белгисиз жаңы
күлүктөр жазылат.
- Эмесе, мен эң акыркы атка сайдым, эки доллар! - мен жөн эле оюн кылгым
келип, кассирге эки доллар сундум.
Азамат Алтай күлүктөрдүн тизмесин карап:
- Туура кыласың. Жокейи мыкты, - деди. Менин күлүгүмдүн чабандеси Шмит
деген кыз экен.
- Сиз эмне, баарын билесизби? - Азамат Алтай менин көңүлүмдү улаш үчүн эле
айтып койдубу десем, андайы байкалбайт.
- Баарын болбосо да көбүн билем, - деди ал.
Ипподромдун тээ алыскы учунан күлүктөрдү коё беришти. Жарыктык
жылкынын көркү чуркаганда! Бири биринен үзүлүшпөйт, аткан ок сымал
үзөңгүлөш сызып келаткандары моокумуңду кандырат, каныңды кызытат.
Ипподромду бир гана айлангандыктанбы, ооздукту көп тарта беришпегенсийт.
Алдыдагы үч күлүк ипподромдум ортосундагы килейген экрандан көрүнүп
турат экен. Күлүктөр ипподромду ортолоп калган кезде Азамат Алтай:
- Бексултан, күлүгүң алдыда! - деди.
- Кокуй, айтпай коё туруңуз, көз тийип кетет! - мен өзүм таптап чапкан
күлүгүмдөн бетер жүрөгүм опкоолжуп чыкты. - Ка-ап, эртерээк коё берген
турбайбы жеткенче дагы!
Күлүктар марага жакындап келатты. Меники дале алдыда. Бирок аз эле экинчи
аттын тумшугу басмайылына жетээр-жетпес калгандай. Аңгыча экинчи атты
камчылана баштады эле, күлүгүнүн кулагы менин күлүгүмүн кулагына
теңелейин деп калды. Мына-мына эми озуп чыкчудай түрү бар. Күлүгүм калып
калбагай эле деп, жаным чыкты, же бир чабандесим камчыланып койсо боло!
Артындагы аттын демин эмне укпайбы?! Марага аз эле калды. Эми алдыдагы
эки күлүктүн кулактары теңеле түшкөнсүдү. Ошондо гана менин чабандесим
тизгинди саал бошото берип, камчысын ат соорусуна басып алды эле, астындагы
күлүгү сунала түшүп, марадан биринчи өттү. Коңгуроо “заң” этти.
Мен сүйүнгөнүмдөн кыйкырып тура калып, асманга бир секирген экем,
тегерегибиздеги отургандар дуу каткырды.
- Бексултан, сен катуу секирдиң го, - деди Азамат Алтай.
Олдоксон иш кылган экем деп, оңтойсузданганымдан отура калдым.
- Эмне, аба, туура эмес кылдымбы?!
- Жо-ок, ушунуң жакты буларга, - деди Азамат Алтай жадырап.
- Өх-х! - дедим мен оюн-чындан.
- Жүр, Бексултан, - Азамат Алтай ордунан турду. Карасам, элдин баары эле
жамырап, ордунан кетип атат.
- Эмне, бүттүбү?! - кетет экенбиз дегенда сестене түштүм. Ипподромго бир
доллар алып киргизгендери үчүн бир жарыш менен эле бүтүрөт турбайбы деген
ойго кеттим. Аңгыча Азамат Алтай:
- Дагы сегиз жарыш бар, - дегенде санаам тынчыды. - Азыр барып, байгеңди
алалы.
Кассага билетимди өткөрдүк. Эки долларым 14 доллар 20 цент утуптур. Дагы
бир саам 10 доллар уттум. Азамат Алтай да эки жолу утту. А киши алдыга келчү
үч күлүктү атап, байгенин татаал түрүн ойнойт экен. Акыркы жарышта Азамат
Алтайды туурагым келип:
- Аба, уткан акчамды бүт сайсам болобу? - дедим.
- Ал өз эркиң, жаным.
Биз өз эркибизге караганда бирөөнүн эркине көп жетелетип, башканын эркине
көзкаранды жашап келгенибизди ойлодум.
Акыркы жарышта утканымдын баарын кайра уттуруп ийдим. Чыгат деп, үч
күлүк атасам, бирөө гана туура келди. Ипподромду жазганымдын себеби - ат
жарыштын кызыгы же кумары эмес. Бизде деле ардагерлерибиздин эрмегине
ушул сыяктуу барар жери болсо гана, атаганат! Андайдын жогунан Бишкекте
жашаган атактуу карыларыбыз кыштын чилдесинде да күндө кечинде
Дзержинский бульварында бир аз басып, анан муздак скамейкаларда
аденомаларына сыз өткөнчө отуруп, төбөлөрүнө карга чычса, ”ырыскы болот,
байлык келет” деп өздөрүн өздөрү жооткотуп коюп, түн бир оокумда зеригезериге үйлөрүнө тарашаарын эстедим. Ошого зээним кейигенден жаздым.
Элге кайтар күнүм жакындаган сайын бала-бакыраны көбүрөөк сагына
баштадым. Анын үстүнө түнкүсүн мурдагыдай архив карабай бошмун. Азамат
Алтай менен сүйлөшүп отуруп, жат-жатка келгенден кийин дароо жатпай, бир
нерсе жазам. Үй-бүлөмдүн сүрөтү маңдайымда. Неберелеримдин улуусу Салима
сүрөткө жакшы түшчү эле, бу саам эмнегедир, өтө эле "серьезный" турат.
Жаннатым мени тиктейт. Баары эле мени карап жакшынакай. Өзүм да өзүмдү
саал мазактагандай карайм "ики, кантип барып келер экенсиң?" дегендей.
Америкага жөнөөр алдында түшкөн сүрөтүбүз эле.
Кетээриме эки-үч күн калганда Азамат Алтай мени Ашыр деген анжыяндык
кыргыз мекендешибиздикине алпарды. Ал дагы согушта туткунга түшкөн.
Учурунда Америкага көчүп келген 6-7 түтүн кыргыздын кенжеси болсо керек.
Нью-Йоркто дагы Садык аке деген баткендик тууганыбыз бар экен. Өз аты
Сыдык, КГБдан жашырыныш үчүн Садык деген инисинин атын коюп алыптыр.
Азамат Алтай анын үйүнө далай жолу телефон чалып, алалбаган соң, а кишиге
жолуга албай
келгем. Кийин Бишкекте өткөн Кыргыздардын биринчи
курултайына келип баргандан кийин көзү өтүп кетиптир. Азамат Алтай Ашыр
ага менен мени адегенде телефондон тааныштырды. “Иним, үйгө келип кет” деп
чакырган ал мени. Садык телефонго келсе эле, баарыңын башыңы өзүм биздин
үйдө кошом деп, Азамат Алтай Ашыр агага айтаарын айтып алып, өзү
ооруканага жатып калды. Америкадагы туткун кыргыздардын эң улуусу Эргеш
ага деген тууганыбыз Флорида штатында жашайт экен, көзү көрбөй, карыя
болуп калган имиш.
- Мурда
бири-бирибиздикине барышып-келишип, такай
меймандашып
турчубуз, - Азамат Алтай ооруканада жаткан күндөрдүн биринде Сание жеңенин
сөзү муңайымдуу башталгансыды. Экөөбүз түшкү тамакты ичип отурганбыз. Айтташчубуз. Майрамдашчубуз. Кийин антпей калдык. Бешбармак, күлчөтай
жасачубуз. Мен аларды унуттум! Камыр кескенди унуттум! - деп дале кейип
айтты.
- Эми эмне катташпай калдыңар? Эмнеге анттиңер? - дедим мен акырын.
Көңүлдөрүндө жүрөк сыздаткан жара бардыр, ошого тийип албайын деп
кооптонгон үчүн акырын сурадым.
- Картайып атабыз, - деп суз жылмайып койду Сание жеңе. - Баарыбыз азыр
оорукчанбыз. Пенсиядабыз. Садыктын аялы, үч жыл болду, өлгөн. Балдары үйжай куруп, бөлөк жашайт. Өзү жалгыз калды, көп ичет, телефон албаганы да
ошондон. Ашыр жакшы, оозуна ичкилик албайт. Курманбек деген 26 жаштагы
сонун уулу бар эле, Нью-Йорктун полициясында иштечү кылмышкелерди
тапкан. Үйүндө уктап жатса, атып кетишти. Ошондон кийин Ашырдын аялы
акылынан айныды, үйүнө киши барса көргүсү жок, бөлмөсүнө кирип, чыкпайт.
- Быяктагы кыргыздардын балдарында кыргызбыз деген сезим барбы, же
америкалык болуп кетиштиби? - дедим.
- Америкалык болуп калышкан, - деди жеңе. Анан акырын улутунуп койгонсуду.
- Ушундай тура, үйдө аялдын жөнү болбосо эле катташпай калат экенбиз...
Сание жеңе кибиреп, шашпай идиш-аягын жыйнай баштады. Мен да унчукпай,
негедир зээним кейип туруп, жеңенин идиш-аягын жыйнаша баштадым эле:
“коюңуз, өзүм эле жетишем!” - деп чырылдап жиберди.
Ашыр аганыкына келгенибизде, эки кабат үйдүн биринчи кабатын ээлеген
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 19