Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 05

Total number of words is 4035
Total number of unique words is 2190
27.6 of words are in the 2000 most common words
40.4 of words are in the 5000 most common words
46.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
болду. Бата тартылган соң эл жапырт аттарына миништи. Келиште канча жай,
акырын келсек, эми тез жетүү үчүн аттардын оозун коё бердик. Айылга бир
чакырымча калганда алдыңкы катардагылардан өкүргөн үндөр чыга баштады.
Биздин үй аялдарга толгон. Балдар да көп жүрөт. Атам “асылым, кайраным",
таякелерим "бир боорум” дешип атамдын жанында. Менин чылбырымды
айылдаштардын бири жетелеп баратат. Анда-санда “энекелеп” үнүм зорго
чыгат. Кубатым жок. Туш-тарап ызы-чуу, кулак тунат. Союлган малдардын
эттери бышырылып, табак-табак бууланып, элге тартылып жатты. Тамактан
кийин да куран окулду. Эл бата тилешкен соң тарай башташты. "Кудайдын
буйругу, кайрат кылгыла" деп бизге көңүл айткандар да көп. "Мен да сен окшоп
кичинемде эле жетим калгамын, эми минтип чоңойдум, эчтеке эмес, сен да
жетилесиң”, - деп өздөрүн мисал кылып сүйлөгөндөр да жок эмес. Коноктордун
акыры болуп таякелерим да кетишти. Эки-үч күндөн бери жаныбызда
кайгыбызды бирге бөлүшүп жүргөндөрдүн бир-бирден тарап кетип жатышы
энемди экинчи ирет жоготкондой акыбалга алып келди. “Энесиз жалгыз калуу
ушул тура,”- дедим ичимден.
Күндөр өтүп жатты. Ичимдеги сары санаа чоңойгонсуп келет. Эртели-кеч
чыкыроон тартып, күз да келди. Жакага көчүүгө камынгандар көбөйдү. Эгин
орулуп бүтөйүн деп калды. Апийим тилинип жатат. Жылдык эмгектин
натыйжасы көзгө көрүнө турган мезгил. Быйыл менин кайсы мектептен
окуурум да белгисиз. Корумдуда жалгыз төрт жылдык мектепти бүтүргөм. Эки
жыл бир класста калтырышпайт. Эгер калтырышса, бир жылым бошко кетери
анык. Күн-Чыгыш кыштагында толук эмес орто мектеп бар. Анын алдында
колхоз жаштары мектеби болгондуктан, жатып окуш үчүн ашканасы жана
жатаканасы уюшулган. Менин максатым да ал тарапта. Тилекке каршы, биздин
айыл жакын болгондуктан, ал мектепке алышпады. Мектептен алыс болсом да,
бир күн да кечикпестен, дарстарыма өз учурунда барып турдум. Ошентип,
биздеги жыргалдуу турмуш кайгылуу турмушка айланды. Энем өлгөн жылдарда
колхоз деген балаасы күчөп, атам байкуш колхоздун ишинде. Бүтүн үй иштери
менин мойнума жүктөлгөн. Сабактан кийин бөбөктөрүмө тамак-аш белендөө да
мага тапшырылды. Айтор, жетимдиктин алгачкы ачуу күндөрүн өткөрүүдөбүз.
Анын көкөйгө тийгенин айтпа! Талаадан саман жыйнайм, аны көтөрүп келип,
жарма бышырам. Бир заманда энесине эркелеп, колуна эч нерсе албаган
баланын турмуштун татаал жолунда күндөрү өтүп жатты. Жаргылчак тартыш
ушунчалык оор иш экенин ошондо билдим. Ошол кара кийген күндүн ачуусу
арадан узак мезгил өтсө да, көкүрөктө түбөлүк сакталып калды.
Ушуга карабастан, атам эмнелерди гана үйрөтпөдү? Он эки жашымда орок оруп,
чөп чабышты үйрөндүм. Алардын баары кийин эч жамандык көрсөтпөй, адам
катарына кошту. Балама жеңилдик болсун деп 28-30 жаштагы бир аялга
үйлөндү. Ал аял, менимче, Жети-Өгүз же Каракол тараптан болуш керек эле.
Атам үйлөнгөндөн кийин менин ишим жеңилдебеди. Баягы жаргылчак, соко,
жарма жасамай, жалгыз гана уй саай албайм, Сонунбүбү жеңем саап берээр эле.
Талканды сүткө чылап жеп, тоюп алам. Атамдын алган аялы да колхоздо
иштеди. Кийин менин баламды бага албайсың деп, ажырашып кетишти. Арадан
бир канча убакыт өткөндөн кийин айылдагы кулак болуп, сүргүнгө сүрүлгөн бир
байдын токолу Салипа деген аял байдын туугандарынын жанында калган эле.
Атам байкуш кандайча кылып биздин жетимдик турмушту унуттурушту аракет
кылып "менин Кудайбергенимди багып бер, бирге турмуш куралык" деп таклип
кылганда Салипа макул болгон. Салипа энем келгенде менин турмушум
бүтүндөй өзгөрдү, жаргылчак, саман, жарма, талкан - баарынан кутулдум.
Мектепке барып келип, сабакка даярданыш. Энем өлгөндөн кийин мектепке
жетишиш үчүн кандай оор болгонун айтып отуруштун кереги жоктур. Салипа
энем келгенде аны “эне” деп айта албадым, калктын түшүнүгү боюнча байдын
токолу болсо да, мага чоң энедей көрүндү, чоң эне дээр элем. Кийин мен толук
эмес орто мектепте 4 - 5-класс окуп жүргөндө мектептен келип, атам топурактан
сокмо там сала баштады. Бул 1936-жыл. Бир көчөнүн башында Турумтайдын
тукумдары жашаар эле, экинчи үй Байзактыкы, үчүнчү үй биздики болсо керек,
төртүнчү Муканбеттики эле. Ошентип, катар-катар тураар элек. Экөөбүз сокмо
там куруп жатканда атам бак тигишти жактырар эле, арыктын жээгине жетисегиз терек тиктик. Бизге берилген огород деген жерге картошка, сабиз
өстүрдүк. Атам тамеки да тикти. Эшиктин алдынан арык өтөт, аларды сугараар
элек.
1995-жылы Манастын миң жылдыгына барганда өзүм тигип, өзүм өстүргөн ал
теректерди көрүп, бир чети кубаныч, бир чети кайгы менен ал теректерди
кучактадым. Адам кандай ойлосо да, тагдырыңа жазылгандан башка жакка кете
албайсың. Тагдыр мени кайда гана сүрбөдү? Маркум атам иштен коркпогон, ар
нерсени өзү кылган адам эле. Коңшулар кышында тоңуп отурганда биздин
үйүбүз жылуу эле, анткени, атам тезек жыйнап, чамынды топтоп жүрөөр эле.
Кыштын узун түндөрүндө меш жагып, үйүбүз жылуу, Салипа энем үчөөбүз
отураар элек. Анда-санда Гүлшара келет. Турдукан эжем багып алган Каргадай
деген карындашым 30-жылы төрөлсө да, биз көргөн оор турмушту көрбөдү.
Турдукан эжем аны эркелетип чоңойтту. 1940-жылы мен аскерге кетээрдин
алдында Турдукан эжем эри Аламан жездебиз менен жылкы багып сыртта
жүргөндүктөн, Каргадайды биздикине алып келип окутушту. Айтор, үй-бүлө
акырындап чогула баштадык.
Өспүрүм чак
1936-жылы мектепте окуп жүргөн убагым. Сагынтаев деген мугалим, ал дагы
биздин тоңдук болуш керек эле, алтынчы классты бүтүргөн беш балага: "Бул
мектеп силерге эч кандай өнөр үйрөтпөйт. Мындан көрөкчө элибиз мал менен
жашаган калк, малдарды дарылаш үчүн ветеринарлар, зоотехниктер керек”, деп бизди ээрчитип, Түптөгү зооветтехникумга алып барды. Ошол жылы окуум
эң жакшы болгондуктан, экзамени жок эле техникумга кабыл алышты. Бир бала
кайтып Тоңго кетип калды. Төрт бала техникумдун биринчи курсунда окуй
баштадык. Окуп жүргөнүмдө үйдөн кабар келип турду. Атамдын башына
кайрадан оордук түшө баштаган экен. Сонунбүбү жеңем да колхоздо
иштегендиктен, бала бага албайт. Гүлшара дагы жетимдик турмушун өткөрүп
жатат дегенден кийин биринчи курсту бүтүрүп, 37-жылы атама жардам берейин
деп, кайра Тоңго келдим. Келгенден кийин карындашымды карап, өзүм
мектепке барышты уланттым. Анда М. Горкий атындагы орто мектеп болуп
калган эле. Анда мен тогузунчу класстан баштадым. 1930-жылдарда ата-энем
менен жайлоодо жүргөндә жаңыдан чыккан кыргыз китептерин коңшулардан
көчүрүп алып, кечинде башкаларга окуп берээр элем. Ал убакта Тоңго китептер
аз келээр эле, сатып ала албайсың. “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” деген
китептерди бир аз үн чыгарып окуп, алардагы кайгылуу жерлерине келгенде
кемпир-абышкалар ыйлашаар эле.
Түптө окуп жүргөндө комсомолго өткөн элем. Комсомолдук документтеримди
Тоңго алдырттым. Атама, Салипа энеме бир аз пайдам тийсин деп кызмат сурап
жүрдүм. Ошо кезде Токмокто пионер бөлүмүн башкаруучулардын Кыргызстан
боюнча алты айлык комсомол курсу ачылган. Ал курска Тоң районунан мени
жиберишти. Мектептеги жаштарга кандай жетекчилик кылыш керек, аларды
кандай тарбиялаш керек деген темада алты айлык курсту бүтүрдүм. Мына ушул
жылдарда бүтүн Кыргызстан түндүгүнөн, түштүгүнөн эң узактагы
райондорунан келген жаштары менен таанышып, алардын жери, эли, адаттары
дагы кызыктыраар эле.
Курсту бүтүрүп келген соң, Тоң райком комсомолунда пионер бөлүмүндө иштей
баштадым. Райком комсомолу райком партия менен бир имаратта турчу эле.
Менин кол жазмам жакшы болгондуктан, райкомпартиянын жашырын
документтерин жазган техкатчылыкка да алышты. Жашырын бөлмөнүн темир
каалгасын партиянын биринчи секретары гана ачып-жапчу. Мен алтынчы
класста окуп жүргөнүмдө Сабыр Калканов деген бала менен бир партада
отураар элек. Сабырдын макалалары "Кыргызстан пионери”, "Ленинчил жаш"
газеталарына чыга баштады. Кийин сенден мен кемминби дегендей
атаандашып, өзүм макала жаза баштадым. 1936-жылы "Китептердин дайны
жок" деген макаламды "Кызыл Кыргызстан” газетасы жарыялады. Ошентип, мен
басма сөзгө кызыга баштадым.
Так ошол жылдары сельсоветтин төрагасы болуп жүргөн Күчүбаев деген жигит
бар эле. Ал Мария деген аялын 2-З баласы менен үйүнөн кууп, талаага калтырды.
Сабыр экөөбүз биригип, "Күчүбаевдин күйгөнү, Марияны жаш кезинде сүйгөнү"
деп биринчи сабын мен тапсам, экинчи сабын Сабыр таап, ушинтип бир
фельетон жаздык. Фельетон чыккандан кийин Күчүбаевдин туугандарына сот
тарабынанбы, не болсо да бийлик тарабынан кысым кыла башташты. Анын
туугандары атама келип: “Уулуңду тый, ичибиздеги жамандыктарды тышка
чыгара бербесин”, - деп айткан сөздөрүн уктум. Бирок, биз чындыкты,
адилеттүүлүктү издедик да, бул ыймансыз адамдын кылыктарын ачуудан
коркподук.
40-жылдын август айларында райком комсомолдон дем алыш алып, жайлоого
Турдукан эжемдин жанына кеттим. Ал жерде тоолорду кыдырып, жездем
жылкычы эле, жылкысын багышка жардам берип, кулундарын байлап,
кымызын ичип, күндөр өткөрдүм. Жолдо кетип баратканда Нарынга куйган
Жылуу-Суу, Балгарт деген суулар биздин Тоңдон чыгат. Ушу Жылуу-Сууга
жазуучу досун оорудан айыктырыш үчүн Жоомарт акын алып келиптир деп
уктум. Ошол жылдары биздин айылдык Жунушбай аганын кызы Тенти
Жоомартка турмушка чыгыптыр деп уккан элем. Тенти менен бир класста чогуу
окудук. Эркек балдардын кийимин кийип, чүкө атып биздин көпчүлүгүбүздү
утуп алар эле. Ушундай тың, сулуу кыз эле. Эми ошол кызыбыз келин болуп,
боюнда бар экен, жакында бала төрөдү деп уктук. Жолдо кетип бара жатканда
жакага алып бараткан кымызымдан бир чанач кымыз сурап алып, Жоомарт
агаларга бараткан биринен берип жибердим. Кайтып Күн-Чыгыш айылына
келгенде "Кызыл-Кыргызстан" газетасынан Жоомарт аганын “Бүркүттүн
канаты” деген ырын окудум. Анда: "Бир убакта асманда, асмандын абасын жиреп
учуп жүргөн элең. Мына ушинтип эми сенин тагдырың башкача болуп
канатташтарыңдан айрылып, жерге түшүп кургай баштадың, байкуш” - деп
зарданып ырдалган эле. Кийин тагдырдын жазмышы менен өзүм туткунга
түшүп жалгыз калганда, Жоомарт аганын ошол ырын эстеп, асманда калкып
жүргөн куштун түшкөн канатындай жалгыздыкты сездим.
Ошол жыл мени аскерге чакырылган жылым эле. Сентябрь айы. Бизди
жөнөтөбүз деп аскер комиссиясынан өткөндөн кийин атайын үч тонналык
машиналарды алып келип, бизди ошого салып, Ысык-Көлдүн Тоңдогу
станциясына жеткирмек болушту. Калк жыйналды. Бул адаттагы аскерге
чакыруу убагы эле. Согуш коркунучу деген нерседен кабар жок эле. Ошого
карабастан, биздин айылдыктар жолубузду тороп, машиналарды жылдырбай
коюшту. Ушуну айта кетишти тилейм да. Азиз Салиев деген менин жердешим
бар, кийин мен чет элде калганда мени элден өз эрки менен кетти, сүйүнүчтө
кетти деп мен тууралу начар бир макала жазды. Сүйүнүчтө кетиш менин жолум
эле. Согуш жок, тынч эки жылдык аскердик милдетиңди аткарасың да, кайтып
элиңе келесиң. Ошондо 1938-жылы аскерге чакырылгандар кайтып келип
жаткандар бар эле. Салиев өзү да согушка катышып, көзүнөн ажыраган, мен
жөнүндө жалган жазганга ачынам. Атасы төмөнкү класстарга сабак берген
мугалим эле, азыр толук эсимде жок.
Аскердик милдет алыскы сапарга аттантты
“Киров” деген пароходго түшүп, Балыкчыга келдик. Балыкчыдан Бишкекке
кандай келгенимди унуттум. Менимче, бизди бир жүк ташыган автомобилге
салышты. Боом капчыгайдан өтүп баратканыбызда чаң-топуракка оролгонубуз
эсимде. Бишкекке келгенде жашыбызга карап, аскер комиссарынын чечими
боюнча кимдер аскердин кайсы бөлүктөрүндө милдет аткарат, кимдердин ден
соолуктары кандай бөлүккө туура келет деп текшерди. Мен комиссиядан
өткөндө жөө аскер деген бөлүккө киресиң деп айтышкан. Бишкекке
Кыргызстандын башка облустарынан, райондорунан дагы келип жатышты.
Караколдогу педтехникумда окуп жүргөн жолдошторум ата-энелери менен
көрүшө албай калды. Ата-энелери кайгырып: “Кожомберди, сен бактылуусуң,
элиңдин батасын алып, уулуңду үйүңдөн узатып жатасың, биздин балдарыбыз
башка шаарлардан, башка жерлерден ата-энесин көрбөстөн кетип жатат”, - деп
айткан сөздөрүн уккан элем. Биз Бишкекке келгенде орто бойлуудан бир аз
төмөнүрөөк генерал бар. Ушул генерал Панфилов Кыргызстандын аскер
комиссары болгон адам. Пишпек станциясынан темир жолго отурдук. Ар бир
вагонго 20-30дан адам киргизишти. Вагондун жетекчиси кылып тыңыраак
сүйлөй билген балдарды коюшту. Ошондо бир вагондун старшинасы болуп
келдим. Воронежден поездден чыгарып, жөө айдашты. Бир ашканадан тамак
беришти, жолдо кетип бара жатканыбызда ар бир станциядан ысык суу алып,
нан, аскердик паёкторунан берип келишти. Биздин эшелон 17 күн дегенде
Литвага келди. Ал убакта Литванын борбор шаары Каунас эле. Каунаста бизди
аскерий бөлүккө бөлүштү, кийимдерибизди чечтирип, аскер кийимдерин
беришти. Менин жанымдагы балдардын арасындагы жогорку билимдүүлөр бир
ротага бөлүндү. Бул келечектеги запастагы орто командирлер. Мен анда-мында
окугандыктан, 8-класстагы билимим бар деп жаздырып койгомун. Полктун
кенже командирлерин даярдай турган курсанттардын катарына кошушту.
Аскердик милдетимди "курсант" деген сөз менен баштадым. Элден кетип бара
жатканда, июлдабы же августтабы, Коммунисттик партиянын катарына өткөн
элем. Маган жолдомону Тоң райкомунун экинчи секретары Турсунов деген агай
берген эле, экинчини дагы бири берген эле, эсимде жок. Ал убакта 10 жылдык
партиялык стажы бар адамдан экөө рекомендация бериши керек эле. Аскерде
бизди “националдар” деп айтышат эле, орустардын кээ бирлери “азиаттар”
дешээр эле. Бизди литвалык калк анчалык көңүлдүү тосподу. Тоспогондун
себеби бар экен. Советтер Союзу Литвалык парламент бизди чакырды деп өз
аскерлерин киргизип, Балтика жээгиндеги Латвия, Литва, Эстонияны Кызыл
Армия өзүнө каратып алган. Мына ушул мамлекетке мен баскынчы аскер
катарында келдим. Ошол жылдын суугу катуу болду. Кийин уктум, Советтер
Союзунун аскерлери өздөрү гана келбестен, Россиянын суугун кошо ала
келишти деп даттангандарын. 40 градус суукка карабастан, бизди тактические
занятия деген окуусуна кубалап жүрүштү. Талаада жүргөнүбүздө мен айылдагы
дыйкандардын турмушу кандай деп кызыгып, үйлөрүнө кирдим. Үйлөрү
таптаза, керебеттер коюлган, терезелери ачык, үйлөрү ысык, ушундай бир
жыргалдуу турмуш сыяктуу көрүндү. 40 градус суукта тышта занятияда
жүргөндө үйлөрүнө кирсең, бейишке киргендей сезесиң. Орусча сүйлөй алышчу
эмес, өзүлөрүнүн тилинде сүйлөшчү, жаңсап түшүнүшчүбүз. Мен келгенде "сен
орус эмессиң, сен да бизге окшогон башка калктансың” деп мага боору ооруп,
тамактарын беришчү. Занятиялардан келгенден кийин “Капиталистик
мамлекеттерде ачкадан өлгөн дыйкандар көп" деп Советтер Союзу эмне үчүн
бизди ушунча алдап келди?” деп ойлончумун. Ошол күндөрү бизди кароолго
коюшчу кыштын суугунда. Биздин полктон эмес, башка полктон уруксат алып,
тышка чыккан командирлерди литвалык кыздар ээрчитип барып, Неман
дарыясына ташташат экен да, алардын сөөгү башка жерден чыгат экен деп
уктук. “Бул не деген шумдук, биз аларды эркиндикке чыгарып, аларга
жакшылык кылып жатсак, булардыкы не деген кылык?” деген ойго келээр элем.
Ошол жылдарда бир журнал чыгаар эле "Аларда жана бизде" деген. Биздин
турмушту мактап, алардын турмушун жамандачу. Коммунисттик мамлекеттин
гражданы болсом да, алданып келгенимди 1937-38-жылдан бери билет элем.
Касым Тыныстановду эл душманы, феодалчыл, байчыл, улутчул деп каралашкан
эле. Касым агага окшогон кыргыздардын көзүн ачкан, тамга тааныткан адамды
каралоого эч кимдин акысы жок деп ойлоор элем. Аалы Токомбаев ар бир
жыйналышында каралап тураар эле. Азыр ушул Литвадан баштайын да. Анда
партиялык комитеттин жыйналышы болду. Жыйналышта коммунист
Кожомбердиев литвалык дыйкандардын турмуштарын көрүп, жанындагы
жолдошторуна айтып жүрөт деген шылтоо менен мени коммунисттик
партиянын катарынан чыгарып коюшту. Менин партиялыгым узакка кетпеди,
бир жыл да болбоду. Аскер кызматын ак ниетим менен аткардым. Жанымдагы
кыргыз балдар тактический занятияларга чыкпаш үчүн температураларын
көтөртүп, жаңылыш маалымат берип жүрүштү. Мен аны кылбадым. Аскердик
милдетимди ак аткарам деп ант берген элем, мен аны аткардым. Ушинтип бизди
жазгы лагерге кетиришти. Ар күнү занятияларда атышуу, коргонуу, сактануу
ыкмаларын үйрөтүшөт. Ок атылат, замбиректер атылат, бирок өлгөн адам жок.
Эгер согуш ушундай болсо, анчалык коркунучтуу эмес экен деген ойго келесиң.
Бир күнү тревога болду согуш башталды деген. Чек арада роталар бар эле окоп
казып жаткан. Биздин ирээтибиз келбегендиктен, ал жерге бара элек болчубуз.
Биздики да жакында келет, биз да барып окоп казып, аскердик линия курабыз
деп жүргөн заман эле.
Кандуу согуш
Мына ошентип, 1941-жылдын июнь айындагы окуялар келди. Биз немистерди
каршы алдык. Немистердин танкалары көпүрөдөн өтүп жатты. Бизди талаага
жайлаштырып, "аткыла!" деген буйрук беришти. Душман келди. Ошондо Белов
деген старший сержант майдан талаасында өлдү. Взводдун командири Зубков
деген лейтенант эле, ал мага буйрук берди: “Бооруң менен сойлоп барып,
Беловдун комсомол билетин алып келесиң!". Мен Беловго жакын жерде элем,
акырын жылып жетип, Беловго келсем, андан кан агып жаткан экен. Биздин ага
чейинки согушка даярданганыбыз жалган экенин мына ошондо түшүндүм, эми
адам өлдү, анык согуш башталган экен деп түшүндүм. Солдаттын жанында эки
адрес болот: бири үйүнүн адреси, экинчиси кайсы бөлүктөн экендиги, ошолорду
да кошо ал деп буюрду. Мен сойлоп жетип, комсомол билетин алдым,
адрестерин да алдым. Немистер атып турду. Мен өлүктү үстүмө жаткырып коюп
алдым. Кайтып артка сойлогонумда да өлүктү бир аз жерге кошо сүйрөдүм
октон калкаланып. Кудайым мени сактады, немистердин огу жаныма эле түшүп
турду. Билбейм канча сойлогонумду, мүмкүн, узактыр же аздыр, айтор өтө эле
ыраак сойлогондой болдум. Бир заманда карасам, биздин взводдон эч ким жок.
Мен акырын артка жылдым да, бир аңдан чыгып, ачык талаада качып жүрдүм.
Немистер окчачар менен атып турушту, октору күрөгүмө, шинелиме тийип
турду. Ошентип, өзүмдүн взводум эмес, батальонду таба албадым. Биздин
полктун башка батальондоруна туш келип, ошолор менен Неман дарыясынан
өтүшкө туура келди. Өзүм сууда сүзүштү жакшы билбесем, бул суудан сүзүп
өтүш коркунучтуу эле, ушундай шар аккан жерине туш келдик. Башка
батальондун аскерлери сууга түшүп, замбиректерин атка сүйрөтүп өтүп жаткан.
Көбү өттү. Өтө албай, чөгүп өлгөндөр да болду. Бир коммунист командир
батальонго даттанып, мен сууда сүзө албайм, чөнтөгүмдө партбилет суу болот
десе, ошондо берки командир “Сенин партбилетиңди...!” деп сөккөнүн да уктум.
Ушул сөздү уккандан кийин акырын сууну жээктеп кете бердим. Кетип бара
жатып, суунун үстүндө кайыкчан литвалык адамга “кел” десем келбеди. Колумда
ППШ деген 72 октуу окчачарым бар эле, анын ары жак, бери жагына аткыласам,
келип, аркы өйүзгө чыгарып койду.
Жээкке чыккандан кийин өзүмдүн батальонумду таптым. Ушул батальон менен
биз чыгышты карай эмес, түндүк-чыгышты карай качып жүрө бердик. Ушинтип
август айынын аягына чейин согушка катыштым. Бир советтик танканы, бир
советтик самолётту көрбөдүм. Ушундай башаламандыктын себеби эмнеде
болду? Бизди аскерде жүргөндө чабуулга чыгышты үйрөтүшкөн, Кызыл
армиянын трагедиясы бизге чегиништи үйрөтүшпөгөнүндө. Чегингенде
башаламандык, ким кимди башкарат, ким кимдин командири, кайда баратабыз,
ким менен согушабыз, - эч кимдин акылына барбады. Бир жерге барганда
биздин батальондо 500-600 солдат болсок, бир жерде миңдеген аскерлерге
кошулуп калабыз. Немистердин самолеттору асмандан бизге ок жаадырышат,
октордон канчаларынын өлгөнүн көрдүм.
Качып отуруп, бир канча күндөн кийин Калинин облусуна келдик. 5-6 аскер бир
үйгө келсек, 30 жаштардагы аял “Акмаксыңар, эмне үчүн согушасыңар?
Коммунисттерден кандай жакшылык көрдүңөр? Ошолордун жыргалы үчүн
согушасыңарбы?!” - деп 20 жаштардагы бизди сөгө баштады. Кийин ошол аялга
жаныбызда сактап жүргөн тамактарыбызды берип, ысыттырып жедик да, ары
түндүк-чыгышты карай жүрө бердик. Луговой деген биздин полктун комиссары
бар эле, бизди өз алдынча топтоп, азырынча ушул куралдарыңар менен жүрө
бергиле, согушка биз даярдана албай жатабыз деди. Беш-алты күндөн кийин
биздин полктун командирин таптым. Луговой бизди аларга жеткирди. Бир
дөбөгө чыгып, окоп казып, немистерге каршы ок ата баштадык. Немистер
атчандары, жөөлөрү, танкасы менен эч кандай коркпостон, жылып келе
беришти. Биздин окчачарлар анчалык алыс аталчу эмес. Мен да аттым, бирок ок
жеттиби-жетпедиби, жыгылган немис көрбөдүм. Ушундай бир согушта биздин
полктон 40-50дөй киши калганбыз. Командирлерибиз жок.
Полктун командири адъютантын жиберип, менин аты-жөнүмдү суратты.
“Кожомбердиев Кудайберген - батальондогу кенже командирлердин
курсантымын" десем, полковник “Жолдош Кожомбердиев, батальонду
башкарыңыз, азыр немистер келет, атакага чакырыңыз”, - деди. Мен “Атакага!”
деп чакырганда “3а Сталина, за Родину вперёд!” - деп окоптон чыктык. Ошондо
биздин батальондун ичинде татарбы же башкырбы, 40тарга чыгып калган адам
бар эле, ошол адам аркамдан чыгып келе жатып “За колхозы дебейсиңби" деди.
Албетте, ал сөздүн маанисин кийин гана түшүндүм эмне үчүн айтылганын. Ошол
жерден биз качып, Луговой менен токойго кирдик. Немистер эч кандай
коркпостон, жайбаракат келе беришти. Бизге чегингиле деген команда берилди.
Он киши Луговой менен бадалдардын арасына кирип жашындык. Жашынып
жатканыбызда жаныбыздан немис мотоциклдери куралдары менен өтүп жатты.
Биз кайда барышты, эмне кылышты билбейбиз. Батальондун комиссары
Луговой бир чемодан ташып жүрөөр эле полктун командиринин жанында атка
чегилген арабанын үстүндө. Ошондо биздин полктун байрагын алганын көрдүм.
Арадан 2-3 күн өткөндөн кийин Луговой даарат кылып келемин деп бизден
бөлүнмөкчү болду. Артынан карап турсам, ошол чемодандагы полктун байрагын
алып, гимнастеркасынын ичине ороп алды. Мен ошондо түшүндүм мунун ою
жаман экенин. Байрак өлсө полктун өлгөнү экенин курсант болуп жүргөндө
үйрөнгөн элем. Бир аз күттүк, бирок Луговой келбеди. Немис мотоциклдери
жаныбыздан тырылдатып өтүп жатты. Полктун командири кайда кеткенин
түшүнө албайм, жалгыз Луговойдун ушу байракты белине таңып, качканын
көрдүм, биздин полктун иши бүттү деп ойлодум. Тамак-аштын түгөнгөнү
качан...
Туткунчулуктун тирүүлөй тозогу
Биз тамактын айынан токойдон чыгып, бир кыштакка киргенибизде колго
түштүк. Жашыл кийимчен аскерлер бизди тегеректешти. Испандардын
"Көгүлтүр дивизия” дегени бизди туткундаган, анан немистерге өткөрүп
беришти. Немистер бизди бир лагерге алып барып тыкты. Кечке лагерге
туткундар толду. Түнкүсүн жамынып жатаарга көбүбүздүн тыш киймибиз жок,
биринчи эле согушкан жерде калган. Түндүктүн ырайымсыз суугу күн баткандан
эле титиретет. Көптөн бери артка ачка чегингендиктенби, же тамак-аштын
лагерде өтө тартыштыгыбы, туткундардын баары арык, кээсинин басууга
дарманы да жок. Тамак алыш үчүн күн чыга идишибизди кармап, катарга
тизилебиз да, адамдын көптүгүнөн түш оой араң жетебиз. Күндөн күнгө турмуш
оорлоду. Адамдын саны да көбөйгөндөн көбөйдү. Тамактын жетишпегендиги
тууралуу ооз ачсаң, таяк жейсиң. Арабыздан немисче сүйлөп, немистин
камчысын чапкандар да чыкты. Алардын кордугу немистердикинен ашса ашат,
кем эмес. Айтор, бу жерде таяк менен богооз сөздүн күнү тууду. Күндөрдүн
биринде сегизден катарга тизип, мал айдагандай кылкылдатып, туткундарды
белгисиз тарапка айдады. Күнүнө 30 чакырымдан тындырбай жөө айдайт.
Мурда берип жүргөн ысык суу тургай, эми ичээрге муздак суу да жок. Баса
албай, артта калгандарды атып таштап кете беришет. Он күнчө жүргөндөн
кийин Латвияга кирдик.
Суук. Түнкүсүн шинелдери бар эки кыргыз жигит мени ортолоруна алып
жатпаганда тирүү калаарымды кудай билет эле. Ээн талаада бир казармага
камашты. Тамакты беш чакырымдай жерге айдап барып, катарга тизип, өзөгүң
карарганча күттүрүп, анан бирдеме жалмалаткан соң, кайра артка айдап
жөнөшөт. Жолдо келе жатканда картошканын аңызынан бирин-экин үшүгөн
картошканы сабагы менен жулуп алсак, багыбыз ачылгандай сүйүнөбүз. Сепилге
барганда бышырып жеш үчүн жыгач-жугач термелейбиз. Кокус картошканы же
жыгачты катардан чыга калып теребиз дегендер болсо, кайтаргычтар атып
салат. Деги койчу туткундагы азапты! Немис аскерлери бир итти атса, ит
каңшылап, адамдарды көздөй чуркаганда өлө элек итти басып калганыбызчы!
Жүздөй туткундун арасынан тоңдук бир жигит иттин шыйрагын жулуп чыгып,
ошол шыйракты куйкалап, беш-алтообуз сорпо кайнатып ичип жыргаганбыз.
Ачкачылык адамды намыстан ажыратып, арсыз кылып салат. Бир тамдын
үстүндө отурган немис аскерлери туткундарга нан ыргытты. Туткундар нан
талашып, төө бастыга түштү. Оозго нан жетпейт. Абадан нанды бир кол тосуп
алса, аны экинчи кол жулат, анан үчүнчү, төртүнчү кол... күкүм да калбайт.
Жерге түшкөн нандын артынан кошо жыгылып, топуракка аралаштыра болсо да
жалмап калайын дегенге жалматтырышпайт. Немистер болсо моокуму кана
каткырып, нандан улам ыргытып коюп турушту да мазактап. Вильнодогу
лагерде турганыбызда ачкалыктын айынан кийин оюн-зоок куруш үчүн
көйнөгүбүздүн ичине колубузду салсак, битке толгон, ак кагаздын үстүнө
биттерибизди коюп, ортосун сызып, кимдин бити биринчи чектен чыгат деп бит
жарыш уюштурган күнүбүз да болду.
Казак туугандар 40-50 киши, өзүлөрүнчө бөлмө алышкан. Арасында сабаттуу
адамдары бар болсо керек. Анда-санда баш багып карасам, казактардын жомок,
уламыштарын айтып жатканын угаар элем. Бизди казак туугандар тууганбыз
деп айтышпады. Мен мурун бизге боор тартышат, агалык кылышат деп уккан
элем. Ооба, аларды айыптай албайм, согуштук туткунда болгондон кийин ар ким
өзүнүн күнүн көрүштүн аракетин кылышты да.
Вильнодогу аскерий казармасында турганыбызда орустардын генералдары
туткунга түшкөн экен, ушул генералдарга эркиндик берип, тротуарларда
жүрүшөт экен. Узун бойлуу генералдарын көрдүм, кийин сураштырып көрсөм,
Власовду Вильнодогу лагерде кармаган экен, кийин аларды алып кетишти.
Кимди кайда алып кетти - аны бир кудай өзү билет. Бизди ошол казармадан
чыгарып, Ново-Великие деген шаарчада аскер аттарын сактап турган эски
сарайга алып келип камашты. 40-50 миң адамды темир зым менен оролгон
тордун ичинде сакташты.
Туткундан кутулуунун амалы - качуу
Ошондо оюма качыш келди, жыртылган каптарды, чүпүрөктөрдү жыйнап жүрө
бердим, арадан бир канча күн өткөндөн кийин ошондогу кыргыздар менен
кеңешип, качпасак өлөбүз деп айттым. Ошондо Финляндия согушуна катышкан
бир кыргыз бар эле, ага таклип кылдым. Жаныбыздагы кыргыздар бизди ала
кеткиле, биз да качалы деп өтүнүштү. Мен алардын өтүнүчтөрүнө ыраазы
болбодум. Көп качсак колго түшүп, көбүбүз өлүп калабыз, өлсөк да аздан өлөлүк,
биздин да кутулуп кетээрибиз арсар деген пикиримди айттым. Алар макул
болушту. Ушу кочкорлук жигит бар эле орусча менден жакшыраак билген,
аскердик милдетти менден илгери аткарган жигит тың көрүндү. Ушу жигит
менен соңку жылдары байланышка кирдим. Ошол тууганым бир лагерден
качканыбызды өзү далилдеп, кат менен кабар берди. Көрсө, бүтүн туткунга
түшкөндөр лагерлерге, түрмөлөргө салынбаган. Кандай бир себеп менен, кандай
бир жол менен анын тирүү калганына азыр да көзүм жетпейт. Анын маган
жазган каттары, менин аган жазган каттарым архивимде сакталып турат.
Келечекте согуш туткундарынын тагдырына кызыккандар болсо ошолордон
үйрөнөт деген үмүттөнөм.
Мына ошентип, жамгыр жаап турганда ушу жыртылган каптарды, чүпүрөктөрдү
зым темирдин үстүнө салып, качып чыктык. Бу, менимче, ноябрдын соңу,
декабрдын башы болуш керек. Талаага чыкканда жарты кар баскан
капусталарды көрдүк. Ачтык адамды эмне гана жедирбейт! Кээде басып, кээде
чуркасак да, чарчоо билбей, тоңгон капустаны кемирип жеп бара жаттык.
Караңгыда алды жактан дүкүйгөн караан көрүндү. Үй экен, терезесин каксак,
дабыш жок. Дагы каксак, терезеге бир эркек киши келип:
-Кимсиңер? - деди.
Биз лагерден качканыбыз тууралуу, ачка экенибизди шыбырап айтып бердик.
-Канчоосуңар? - дейт үй ээси.
-Экөөбүз, Валейка лагери бу жерден алыспы? - деп сурасак.
- Бир жарым чакырымдай болот го, - деди үй ээси.
- Араң элеби?
Биз таң калдык, же айланып эле жүрө бергенибиз белгисиз. Үй ээси жарыгын
тамызпастан айран, нан берди.
- Чырак күйгүзсөк, отту көрүп, жетип келишет. Үйдүн артынан түз баса берсеңер,
кыштак бар, эли жакшы, мүмкүн, силерге жардам кылаар, - деп жөнөтүп
жиберди.
Таң атып, үйлөрдөн түтүн чыга баштаганда кыштактын четиндеги үйгө келдик.
Андан курсактарыбызды тойгузуп, аскер кийимдерибизди эски-үскү жөн
кийимдерге алмаштырып беришти. Эмнеси болсо да туткундан качкандарга
колунан келишинче жардам бере турган адамдарга туш болдук. Эми туткун
азабынын соңунан качкын азабы башталды. Кыштын суугунда күндүз токойдо
темселеп жашырынып жүрүш деле, немистер басып алган чоочун
кыштактардагы белорус, поляктардан түнкүсүн келип, тамак-аш сурап жан
багуу деле эки качкын үчүн алда канча кыйын, коркунучтуу экенине көзүбүз
жетсе да, далай күндөр бою бөлүнүп кетпей, чогуу жүрдүк. Немистер,
полицайлар жок кыштактарда дыйкандардын отунун жарып, ишин жасап,
чыгышты карай жол тарта бердик. Ишин иштеткен дыйкандар тамакка
тойгузуп, түнкүсүн үйлөрүнө, болбосо сарайына түнөтөт. Бир үйдө эки кишиге
орун жок экенин айтып, алсыздыгыма боору ооруса керек, мени алып калышты.
Ал эми кочкорлук жолдошум башка үйгө кетти. Мен үйүндө калган дыйкан
бечаранын беш-алты баласы токойдун арасында болчу. Эртеси: “Мында калба,
азыр немис аскерлери, полицайлары келип калышат, сени көрсө качканыңды
билип коюшат. Аларга кармалсаң, атып салышы мүмкүн”, - дешти.
Андан качып, дагы бир айылга келдим. Жолдошум келбеди. Көрсө, кийин келген
экен. Арадан бир канча жумалар өттү. Бир кыштактан бир кыштакка өтүп
отуруп, Стефан деген жашабыраак калган дыйканга туш болдум. Сылтып
басканы болбосо, жаны тынбаган чарбачыл, оокатка тың, жылдыздуу киши
болуп чыкты. Жалгыз уулу Сибирге айдалып кетип, аялы экөө эле экен.
Ошентип, Стефандын үйүндө калдым, отунун жарып, көрсөткөн жерге көтөрүп
барып, ирет-ирети менен жыйып, малын багып, чөбүн туурап, сугарып, күн
өткөрө бердим. Бирок менин иштегендерим Стефанга жакса да, катынына
жакпады. Стефан маган боору ооруйт, түндө чөптөрдүн арасына барып
жатканымда одеял алып келип берсе, артынан аялы ачууланып келип, одеялым
бит болот деп, колунан жулуп кетет. Тамак-аш бергенде да кемсинтип босого
тарапка отургузат. Өздөрү эти менен чай ичип отурушат да, мага картошка
менен суу берет, мен ага да ыраазымын. Куу кекиртектин айынан буга окшогон
кемсинтүүлөргө чыдабаска арга жок. Туткун деген сөз кордук экенин кыргыз
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 06