Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 10

Total number of words is 3883
Total number of unique words is 2164
26.3 of words are in the 2000 most common words
38.1 of words are in the 5000 most common words
43.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Экинчиден, адам көтөргүс оор иштерде жана берген тамактарынын
начарлыгынан ачка шейит болушкан. 1917-жыл 2-мартта Кокон аймагынын
башчысы минтип кабарлайт: "Ишчилер оорулуу болуп кайткандыктан, алыста
адамдардын ачкалыктан жана катуу суукта өлгөндөрүн айткандыктан, калк
корко баштады”. Калк козголоңунун таасири жардыланды. Падышасы зулум,
желдеттери жуткуч, ачкөз болгондугунан арыздангандан эч пайда жок экенин
билишкен.
Мына ушинтип, 1916-жыл биздин миллиондогон кишилерибиздин улутчул
боштондугу үчүн канга боёлгон жылыдыр. 1916-жыл биздин элдин башына бир
келген зор кылымдык мүшкүл болду, калкыбыздын эсинен эч убакта чыкпоочу,
кара кийип, кан жуткурган жылыдыр. Бу өзүнүн мамлекеттик жолун издеген
жылдардын биридир. 1916-жылы кайгы-капага баткан калк дагы бир жолу орус
падышасынан жакшылык жок экендигин эстеринде калтырышты. Акырында
биз 1916-жылды сот алдындагы сүйлөнгөн Түркстандын бир уулунун сөзүн
толук бойдон беришти бу жерде ылайык табабыз. Түркстан калкынын
жактоочусу Убайдулла Ножа сотто мындай сүйлөгөн эле: "Орустар Түркстанга
баскынчы катарында келишти, ошол түрдө акырына чейин калышты. Илгертен
кулдукту билбеген, ушунчалык акыйкатсыздыкты, башка душман кол алдында
эзилип көрбөгөн Түркстан калкы бу залимдикти жалгыз орустардан гана
көрүштү. Эмне үчүн Түркстан калкы согушка өтө керектүү болгон иштерди
иштешти? Кимдин пайдасы жана не үчүн? Бир жагынан силер аларды
каалашыңарча өлтүрүп, кишилигин басмырлап жатканыңарга карабастан дагы
аскерлерди кара жумушка чакырып жатасыңар. Эгер силердин жийиркеничтүү
аракеттериңерге жооп беришсе, алардын үйлөрүн, айылдарын, шаарларын
өрттөп, чал-кемпирлерди жана балдарды ырайымсыз өлтүрдүңөр. Орусия
акыйкатсыздык принцибинде курулган, силер Түркстанда көпкө кала
албайсыңар. Биздин адатыбыз - көрүнгөн адамды өлтүрө бербей,
талоончуларды гана өлтүрүү. Мен ушуну менен түркстандыктар өч алсын деп
айткым келбейт, эгер алар силерге каршы күрөш ачса, аларды асып өлтүрүш
керек эмес деп айтмакчымын. Эгер силер чындыгында аларды айыптуу деп
жоопкерчиликке тартууну кааласаңар, анда биринчи иретте ошол башкы
айыптууларды табууңар керек. Башкы айыптуулар Петербургда, калган
жардамчылары Түркстанда отурушат. Заңдуу, акыйкаттуу талаптарга ким
каршы чыкса, аларды өлтүрүү айыптын эң жогорку белгиси болуп эсептелет".
Менин макалам 1953-жылдын январ-февралында К. Кошой деген псевдоним
менен “Түрк Эли“ журналына жарыяланган эле. Биздин журналдарды Ооганда,
Түркияда, Пакистанда жашаган түркстандыктарга жиберип, ал жерлердеги
согуштан тирүү калган башка туугандардан кимдер бар деп издедик. Беш-алты
кыргыздын бул жерлерден даректерин алдык. Кийин биздин журналдарды
алган маалыматтар келип турду, бирок окуп түшүнгөндөр ал мамлекеттерде,
менимче, жетишээрлик даражада болбоду. Кыргыздын ханы Рахманкулга да бир
канча санын жибердик, бирок алар бизди көп түшүнүшө алышпады. Түркияга
барган туугандар журналыбыздан кабарлары бар экенин билдирип турушту.
Казактардан келген каттарды Карис ага менен Дөөлөт Тагиберли деген казак
карап чыгышат. Кыргыздардан келген каттарды мен Төлөмүш экөөбүз,
өзбектерден келген каттарды Ахметжан Салими деген өзбек, түркмөндөрдөн
келген катты Аманберди Мурат, Ташмурат Мурат карашаар элек. Тажиктерден
адам болбогондуктан, тажикче кат келсе, биз түшүнө албачубуз. Ошентип, чет
элде калган түркстандыктардын саясий комитетине айландык. Журналдар
чыгып турду, ар бир жыйылыштарга катышып, өзүбүздүн дартыбызды айтып,
Түркстанды башкаларга, Батыш мамлекеттерине, айрыкча Америкага
тааныштырыш үчүн колубуздан келген аракеттерди жасап турдук. Америка
конгресси эгерде өзүбүздүн оюбузду, салт-санаабызды совет граждандарына
жеткириш үчүн биздин басма сөздөрүбүз жетпесе, радио аркалуу чечебиз деген
чечимге келишти да, “Азаттык” радиосун ачышка мүмкүнчүлүк жаратышты.
“Азаттыкты” кыргызча алып баруунун башаты
Ошо кезде Мүнхенде ”Советтер Союзун иликтөө" институту уюшулуп,
китепканалар ачылып, антикоммунисттик аракеттеги адамдардын башын
кошуп турган, антибольшевиктик комитеттер уюшулган. Ар бир калк өкүлдөрүн
жиберип, конференциялар өтүп турду. Согуштан кийинки Советтер Союзундагы
оор турмуштан ар кандай жолдор менен алынган маалыматтарды басма
сөздөрдө, радиодо кабарлап турушту. Биз да ошондой аракетке кирдик.
“Азаттык” радиосун биздеги пантүркчүлүк салт-санаага таянып, "Түркстандык
редакция” деген атта ачтык. Анда баш редактор, редактордун орунбасары жана
спикер деген наамдар бар эле. Немистер менен иштешкендиктен, Карис
Канатбай ага менен Ахметжан Оморканды радио кабыл албады. Редактор кылып
Асан Кайгы деген казакты дайындадык. Асан Кайгы - согуштан алган аты. Өз
аты Мавликеч эле. Асан ага Ленинград университетин бүтүргөн, согуш убагында
Хайдарбек университетинде окуган, жеткен окумуштуу адам эле. Аган орунбасар
кылып Вели Зунун деген өзбек, айтышына караганда, согушка чейин “Кызыл
Өзбекстан” газет редакциясында кызмат кылган журналист экен. Кийин
немистерге туткунга түшкөндө түркстандык миникомитет дегенде иштеп, анда
да журналистик ишин улантса керек. Калкынын саны боюнча кыргыздар үчүнчү
болуп, Түркстан редакциясындагы спикер деген наамды кыргыздарга беришти.
Спикер мен болдум. Төртүнчү орундагы түркмөн туугандардан катчылыкты
Мурат Ташмурат деген жигитке ыйгардык. “Түрк Эл” комитетинин атынан
антибольшевиктик ордонун координациялык борборунда түркстандыктардын
өкүлү болуп Мүнхен университетин бүтүргөн, укук факультетинде окуган
Аманберди Мурат тууганыбыз дайындалды.
Так ушул күндөрү Сталин кайтыш болду. Ошондо чечен туугандардан
Абдрахман Афтарханов деген жигит "Укмуштуу адамдарды жок кылган
мыкаачы Сталин өлдү” деген узун макала жазды. СССРде жашаган калктардын
он бир тилинде радио берүүбүз бар эле. Ушул макаланы биз өз тилдерибизге
которуп, радио аркылуу бердик. Мен өзүм которгон макаламды окуганымда
биринчи жолу микрофонго сүйлөгөндүктөнбү же мени да көптөгөн кыргыздар
угуп жатышат деген таасирге туш болдумбу, колум титиреп, окуй албай, эмне
болсо да акырына чейин окуп чыктым. "Түрк Эл” комитетине кириштин
алдында ”Советтер Союзун иликтөө" институтунун китепканасына ишке кирип
алган элем. Ал китепкананы түзүш үчүн америкалыктар акча аябады. Бүткүл
дүйнөдөгү Советтер Союзуна тиешелүү китептер жыйналган. Деректири
Евгений Щульц деген киевдик врач. Бул китепкана 70-жылдары жабылды.
Чамасы азыр Германиянын Көлн шаарында болуш керек. Ушул китепканада
иштеп турган кезимде күйөөсү Щварц деген меньшевик Вера Александрова
деген
жазуучу
аялдын
жардамы
менен
Нью-Йорктогу
Колумбия
университетинин китепканасына которулдум. Ишим китепканага келген
китептерди каттап, каталогдорго бөлүп туруу. “Түрк Эл” комитетинин
президенти Карис Канатбай агабыз комитеттин акчасын бир аз өз пайдасына
жумшап, кийин мен бул иштен кеттим деп түркстандыктардын улуттук
башчыларына кат жазып жиберди саясатка катышпайм деп. Саясатчы болуп
төрөлгөн адамдын саясатка катышпайм деп кеткени кыйын экенин мен ошондо
көрдүм. Албетте, Карис ага саясаттан кетпеди. Саясат менен Германия
заманында иштеген адам кантип кетсин? Ушуну менен “Түрк Эл” комитетинин
жыйналышы болуп, мени комитеттин президенти кылып шайлашты.
Германиядагы кыргыздардын Америкага кетүү аракети
Батыш Европадагы түркстандыктар, алардын ичинен биз - кыргыздар Америка
Кошмо Штаттарына же болбосо башка мамлекеттерге кетип, турмушубузду
түздөп алышты эңсеген элек. Анткени, советтик бийлик тушунда элге кайтыш
мүмкүнчүлүгүбүз жок экендигин билгенбиз. Ошол күндөрү радиодо иштеген
кызматчыларын америкалыктар түркүн майрамдарына чакырып, сыйлап
жүрүштү. Ошолордун биринде тамак ичип отурганыбызда Американын ишкер
адамдары да бар эле. Кыргыздар кандай калк экендиги туурасында сөз болгондо
калкымды мактап койгондугум үчүн “Кудайберген мырза, эгерде Америкага
кетебиз десеңер, сиздерге жардам беришке мүмкүнчүлүгүм бар” деп бир узун
бойлуу адам мага сунуш кылды. Кыргыздардан 5-6 адам бар элек, баарына
айттым. Германиядан Америкага кетебиз деген кыргыздарды акчасыз самолет
мененби же пароход мененби, кандай жол болсо да бүт каражаттарын мойнуна
алышты. Эргеш агай Ала-Букадан, Төлөк Кетмен-Төбөдөн, Бакей Кара-Көлдөн,
Төлөмүш Нарындан, мен Көлдөн болуп, тизмесин бердим. Анкетаны
толтургандан кийин Төлөмүш менен Бакей немистердин түрмөсүндө
отургандыктан, аларды албайбыз деген кагазын алдык. Себеби, Америка өзүнө
өткөрүүдөн мурда аякка барып жашоону каалаган башка өлкөнүн өкүлдөрүн
катуу текшеришип, согуш убагында немис туткунундабы, же башкача жол
мененби, фашисттерге кызмат көрсөткөндөрдү жолотпойт экен. Туберкулёз
менен ооругандарды да алышпайт. Төлөккө, Эргешке, өзүмө, Ашырга анкетасын
толтуруп бердик. Арадан бир канча айлар өткөндөн кийин биздин Америкага
кетишибизге мүмкүнчүлүк жаралды деген кабар алдык. Америкага кетиш
далалатында жүрсөм, Мельгунов деген орус тарыхчысы ичитарлык кылып,
"Кудайберген акча уткан эмес, ал советтердин шпиону, акчаны советтерден
алган" деп чыкты. Кудай жалгап, миллион уткан заманымда документ алып
койгон элем. Андай квитанция болбогондо Мельгуновдун күнү тууп, ушагы мени
Америкага кабыл алдырмак эмес.
Ошентип, мен спикерлик ишимди таштап, Америкага кетишти чечтим. Ал эми
“Азаттык” радиосун ачкандан кийин "Түрк Эл” да ишин кыскартты. Ордума
Төлөмүш Жакып уулун таклип кылсам, аны менин ордума спикерликке албады.
Билими жетишпейт, тажрыйбасы аз деп бизди төмөн түшүрүштү.
Түркмөндөрдөн Ташмуратты спикерликке көтөрүп, Ташмураттын ордуна
Төлөмүштү калтырып, Америкага кетишке даярдык көрө баштадым. Төлөк
Ишенаалы уулу деген Кетмен-Төбөлүк тууган кеме менен өтө жаны кыйналып,
Америкага келип алган. Төлөк ага Америкага барган алгачкы кыргыздардан эле,
Нью-Йорк шаарында Советтер Союзундагы жашаган элдердин ырдаган
пластинкалары, китептери сатылат экен деген сөздү угуп, бирөөлөрдүн
жардамы менен дүкөнгө барып, кыргыз пластинкаларынан сатып алган да,
бизге Германияга жөнөткөн. Биз Германиядан угуп шаттанып, бул жерден
алалбасак да, Америкадан алыш мүмкүн экен деп ойлодук. Элдин сөзүн угууга
зар болгон бизге окшогон бечаралардын изи жоголбойт экен. Мен ошондо
көрдүм, чаласабат Төлөк ага кыргызмын деген жерде жанын атып аракет
кылгандардан эле. Ушул жерден айтып кетейин: четте калган кыргыздар
элибизди жаманатты калтырбас үчүн уурулук кылбадык, ушак сүйлөбөдүк,
кыргыз деген сөздүн намысын сактап калышты ар кимибиз терең түшүнөөр
элек. Андан кийин Ала-Букалык Эргеш Эраалы деген тууганым эки уулу, аялы
төртөө самолет менен келишти. Кемеде балдарды кийиндириш, балдар менен
жүрүш өтө оор болмок. Себеби, Эргеш ага согушта колунан жарадар
болгондуктан, чоркогураак эле. Ашыр аялы, уулу Курманбек, кызы Айчүрөк
төртөө келип алышты. Америкага келгенде бир уул, бир кыздуу болушту.
Уулунун аты Козубек, кызынын аты Зуура. Төрт баланын атын өзүм койгон
элем. Балдарын мен абдан жактыраар элем, дем алыш күндөрүмдө Ашырга
барып, балдары менен ойноп, кыргызча сабак үйрөтөөр элем. Курманбек
кыздарга караганда кыргыздар тууралуу көп сурап, кыргыз сөздөрүн жаттап,
барып келсек деп тилечү. Бир жолу “мени көмөр балам жок” деп кейисем, ”мен
турбаймынбы” деп далымдан таптады эле, өзү көмүлүп кетпедиби!... Курманбек
полицияда иштеп жүргөн, 1989-жылы 12-августта бирөөлөр атып кетиптир.
Өлтүргөндөр табылган жок. Балким, кызматы боюнча өчөшүп калган
кылмышкерлерби, аялы негр эле, балким, полиция күйөөсү курман болгондо
берилүүчү пенсияга кызыгып, ошол кылдыбы, айтор, ар кыл жоромол кылышат.
Ашыр арип тааныбайт бечара, өмүр бою кара күч менен жан бакты.
Экинчи ирет төрөлүү, Америкадагы жаңы ысым
Ал убакта самолёт менен келиш ошончолук кымбат тураар эле. Не болсо да
бизди алдырамын деген адам баардыгын тууралады. Мына ошентип, менин
кетиш күнүм да келди. 25-августта Америкага кетесиң деген кабар алдым. 1956жылы 13-сентябрда Америкага учушум керек эле, абанын бузулушуна
байланыштуу 14-сентябрга калды. 14-сентябрдан Америкага келгиче Америка
убактысы боюнча 15-сентябрь болуп калды. 15-сентябрда мына ушул жерге
келип, экинчи төрөлдүм деген маани чыгарайын деп ушул датаны ар убак
сактап келдим. Ал кезде Кеннеди аэропорту деген жок болчу. Нью-Йорк
аэропортунда жалпак жалгыз бир гана имарат бар эле. Эми ошондон бери 2000жылга чейин ошо бир үй өзүнчө шаар болду. Болгондо да кандай шаар!
Дүнүйөнүн тамыры болду. Бул жерден азыр дүнүйөнүн түрлүү тараптарына саат
эмес, мүнөт сайын самолеттор учат. Аэропорттон мени Толстой корунда
иштеген адамдар тосуп алышты. Бул Лев Толстойдун кызы Александра Львовна
уюштурган уюшма эле. Менин Америкага келишим үч доллар турду, үч
долларды мен аэропорттон тосуп алган адамдарга беришим керек болчу.
Албетте, аны берип кутулдум. Мени тосуп алган соң бир отелге
жайгаштырышты. Бул отель Колумбцеркелден узак эмес жерде эле.
Эми Колумбцеркелдин таржымалын айтып берейин. Христофор Колумбдун
Американы ачканы тууралуу кабарыңыздар бардыр. Колумбцеркел деген НьюЙорк шаарынын борбору деп эсептелинет. Анткени, бүтүн тарапка жол ушул
жерден башталат. Менден мурда келген казак баурларым Алим ага, Дөөлөт
Тагиберли, анын аялы Салима да мени тосуп турушуптур. Алар да Нью-Йоркко
жайгаштырыштын аракетин кылышты. Албетте, мен аларга жүк болушту
каалабадым. Алардан башка менин таанышым эски социал - демократ
партиясынын мүчөлөрүнөн болгон Соломон Майеревич Щварц, аны менен
илгери кат жазышып жүргөм. Дагы бир таанышым Василий Бутенко -француз
армиясынын полковниги, Орусиянын журналисти, христиан партиясынын
жетекчилеринен болгон адам эле. Мен мистер Бутенко менен көрүшкөн
жылдарда Парижде уктабай көчөдө жүрүп, Советтер Союзундагы дыйкандардын
турмушун айтып бергениме кызыгып, мени сүйлөттүргөн эле. Мен кыргыз
дыйкандардын, өзүмдүн атамдын дыйканчылык турмуштарын айтып берген
элем. Ошол Василий Бутенко фамилиясы украиналык болгону менен орусчул,
орустарды жактаган, окумал, жетишкен адамдардын бири эле. Нью-Йоркто
”Новое русское слово” деген газета чыгат эле (азыр да чыгат). Европадан кандай
качкындар, кандай эмигранттар келип жатат Америкага деп газеталарга кабар
берип турушаар эле. Албетте, менин келишим туурасында да Кудайберген
Кожомбердиев Мүнхенден Америкага келди деп кабарлашты. Василий Бутенко
маган украиналыктардын үйүнөн бир бөлмөлүү жай таап берди.
Нью-Йорк маган чоң таасир калтырды. Көчөлөрүнә автомобилдин толгондугу,
асман тиреген үйлөрү, чоң-чоң көчөлөрү, узун авенюлары мени, албетте,
биринчи күндөрү аябай таң калтырды. Адамдардын бири-бирине жакшы
мамиле кылгандарын өз көзүм менен көрдүм. Мына ошондо большевиктик
пропаганданын жалган экендигин түшүндүм. Нью-Йорктун жалпы турмушу
жөнүндө Жон Бунтер деген жазуучунун "Кошмо Штаттарды кыдырып" деген
китебин окуп чыккан болчумун. Ошол китепте Нью-Йоркко күнүнө канча
миллион адам метро, автобустар менен келет, канча миллион адам телефон
сүйлөшөт - баардыгы миллиондор менен башталат. Башка өлкөлөрдө аз санда
сүйлөшсө да, Америка туурасында бүтүн баардыгы чоң сандар, адам өлсө да көп,
адам сүйүнсө да көп. Жамгыр жааганын көрдүм, жамгыры да чакалап төгөт.
Мына ушундай бир мамлекетке келип, эми мындан аркы күн көрүштүн
аракетине өттүм. Европада жүргөнүмдө кыргыз макалдарын жыйнаган элем.
Аларды совет элин үйрөнүүчү институттардын бирине сунуш кылдым. Ошол
институттун Нью-Йорктогу бөлүмү "Америкэн фольклор” деген журналга
кыргыз макалдарын жарыялайбыз деп, кыргызча жазган макалаларымды немис
түркологдордун бири Густав Бурилейге котортушту. Маган автордук акымды
төлөштү. Кийин кыргыз макалдары көбүнчө малга тиешелүү болгондуктан,
америкалыктарга түшүнүксүз деп баш тартышты. Кыргыз макалдары
"Америкэн фольклор" журналынан жолдуу боло албады. Биринчи күндөрү иш
табыш, албетте, мен үчүн оор эле. Тил билбейсиң, бул жердин турмуш шарты
анчалык тааныш эмес. Мен “Азаттык” радиосунан кол үзбөгөндөн кийин
жумасына бир ирет "АКШдан репортаж" деген макала жазып турдум. Репортаж
бериш өтө жеңил эле. Анткени, Американын ар бир штаты туурасында сүйлөсөң
эле 50 программа. Кайсы штаттын канча калкы бар, кандай шартта жашайт,
ушулардан маалымат бериш биздин милдетибиз эле. Бул макалаларым үчүн
жумасына алтымыш доллар акча берип турушту. Алтымыш доллар анда көп
акча эле. Маселен, жата турган бир бөлмөлүк жай айына 35-40 доллар. Ошентип,
мен анчалык иш издешке шашпадым.
Соломон Щварцтын аялы Вера Александровна картайган кемпир, бир аз аксап
жүрөр эле, бир канча китептери чыккан болучу. Орусиянын адабиятчыларынан
болгондуктан, ошол жылдарда “Чехов басмаканасынан" көптөгөн китептерди
чыгарышкан. Вера Александровна алардын баш редактору болучу. 1956жылдын 20-декабрында “Кудайберген, Нью-Йорк китепканасына барышым
керек эле, эгерде убактың болсо мени алып барасыңбы?”- деп суранды. Албетте,
Вера Александровнаны алып барышка ыраазы болдум. 24-декабрда китепканага
келдик. Ушул китепканада Вера Александровна абройлуу адам экенин көрдүм.
- Раечка, - деп бир аялды чакырып, мени тааныштырды. - Европадан биздин өгөй
уулубуз келди, эми Кудайбергенге иш керек.
Раиса Павловна “сейчас, Верочка, сейчас” деп жүгүрүп кетти да, бир аздан соң
кайтып келип, сиздин өгөй уулуңуз 26-декабрда келип иш баштасын деди. 25декабрь христиандардын Крисмасс майрамы болгондуктан, китепкана жабык
болот.
1956-жылдын 26-декабрында Нью-Йорк китепканасынын эшигин аттап, Славян
бөлүмү, Чыгыш бөлүмү деген эки ишке кирдим. Буган менин Мүнхенде
“Советтер Союзун иликтөө” институтунун китепканасында иштегеним жөлөк
болду. Мүнхенден кетип жатканда китепканада иштеди деген күбөлүк алган
болчумун. Мына ошол күбөлүктүн аркасы менен иш да, дос да таптым. Эч кандай
кыйналбастан Америка мага эшигин ачты. Ушуну менен өмүрүмдүн китепке
байланыштуу болгонун сездим. Көрсө адамдын тагдырында, адамдын баскан
жолунда кайчылашкан, бирине-бири туура келген жерлери болот экен. Мен
Ысык-Көл зооветтехникумунда окуп жүргөнүмдө “Кызыл Кыргызстан”
газетасына “Китептердин дайны жок” деген бир макала жазган элем. Ошол
макалам 16 жашымда 1936-жылы чыккан эле. Ошентип, өмүрүм китепке
байланыштуу болду, китеп тарбиялады, акыл берды, жол ачты. Китепканада
ишти Түркстанга тиешелүү китептердин картотекаларынан баштадым. Ал
жерден Касым Тыныстановдун, Молдо Кылычтын чыгармаларын, араб тамгасы
менен жазылган китептерин таптым. Мектепке 1928-жылы барганымда араб
арибин үйрөнө албай калган элем. Менден мурда 1925-26-жылы окуган
кыргыздар араб арибин билишчү. Касым ага менен Молдо Кылычты окуй билиш
үчүн мен араб тамгасын үйрөндүм.
Меккеден ажы болуп кайтуу
1958-жыл да келди, ушул жылы Меккеге бардым. Ал жерден Кыргызстандагы
мусулман динин тейлеген Муслим Жээнбеков деген адам менен тааныштым.
Мен ага жөн-жайымды айткан элем. Кийин такси жалдап, айылыма атама
барыптыр. Коюн сойдуруп жеп, уулуң тирүү деп сүйүнчүлөптүр. Маган жазган
каттарында "Меккеден табышкан акыреттик досум" деп эзилип жүрдү. Өзү
Базар-Коргондук чала молдо эле. Бок жүрөк адам экен. КГБдан коркконунан
мага таңбаган айыбы жок, “төрт разведкада иштеген, атын дайым алмаштырып
турган неме” деп жазды. Корккон күндө да ушунчалык пастыкка түшпөсө боло!
Далилдүү болуш үчүн ошол жылдары жазышкан "Амандык хаттарынан" жана
ага кайтарган менин жоопторумдан кыскача-кыскача үзүндү келтирейин.
Амандык хат!!
Урматтуу Кудайберген, сизге амандык хат жазуучу киргиз елиңин Жалал-Абад
шаарында
Базаркоргондо
дин
ислам
шариаттарын
мусулмандарга
түшүндүргүүчү достуң хажи Муслимден чин жүрөктөн чыккан жалындуу ысык
салам.
Ахиреттик достум Кудайберген хажи, кандай саг-саламат жакшы агбалда жашап
турасызбы? Сизди хажи деп жаздым, сабаби хажи болуш мусулманчиликта абдан
катта иш. Мен сиздин хатыңызды алгандан соң хат жазган Киргизстандын
Жазуучулары деген китепти сураган екенсиң, салип жибергем. Берки сураган 2
китепти али таба элекмин. Бар деп уктум, ани да таап салам. Сизден хатха жооп
келбеди. Тез жооп күтөм. Кудайберген, Түркиялик кызди алпарип алдыңбы?
Менин жообум:
"Ардактуу достум Муслим, сенин бул айдын экисинде жазган, бизди чексиз
сүйүндүргөн, аман-эсенчилигиңди билгизген катыңды кечөө гана алдык. Көпкөп ырахмат, достум. Жаңыдан үй-бүлөлүк турмуш курушум, аны алыш керек,
муну алыш керек. Илгери үй буюмдарым жок эле. Эми квартира алганыбызда
аларды жабдышыбыз керек болуп калды. Эми, достум, жиберген китебиң үчүн
дагы-дагы ырахмат. Азырынча келип жетпеди, бул күндөрү келип калар деген
үмүтүм чоң.
Достум, сиздин катыңызда бир катар сүйлөмдөрдүн түзүлүшү, кээ бир сөздөр
мени таң калтырды. Бир кыргыздын азаматы өз эне тилине башка сөздөр
киргизип, кат жазышы ойлонто турган маселе эмеспи? Мүмкүн, Ташкенде
окугандын таасириби же көп убакыттар өзбек туушкандарыбыздын арасында
жашагандыгыңызданбы, айтор, көп өзбек сөздөрүн кезиктирдим”.
Жээнбеков Муслимдин жазганынан:
"Амандык кат. Урматтуу достум Кудайберген, сиздин үйлөнүшүңүз менен
куттуктайм! Алла Таала егемен сураймын, көп балалар беришин кыргыз элинин
сани көбөйүшүнү... Сиз айтыпсыз жазган хатыңда өзбекче сөздү учураттим
дегенсиз, туура мен 7-8 жылдан бери Өзбекстанда окуймун жана биздин ЖалалАбадда өзбек кариндаштар көп, ошон үчүн өзбек сөздөргө тил үйрөнүп калган...
Кудайберген дос, мен дин жолунда Алла Таала егемин разимлигин талап кылган
бир адаммин. Менин миндан бөлөк еч максатим жок. Куда кааласа март айинин
ахиринда Ысык-Көлгө сиздин үйгө барамын. Сабаби мен ошол тараптагы
мачиттардин диндар мусулмандардин иштери үчүн 20 күн командировкага
чыгабыз. Ошондо сиздин үйгө барып, есенчилигиңизди,
Маккадаги
учурашканыбызди ата-ене, ага-туугандарыңызге айтармин. Сага кайсы китеп
керек болсо айт, салып жиберемин жана емине керек болсо айт”.
Менин жообум:
“Ардактуу тууганым жана достум Муслим, Кыргызстаным менен ЫсыкКөлүмдөн жиберген саламдар үчүн бир кыргыз уулунун жүрөгүнөн ырахматын
кабыл алыңыз. Кыргызстаным мен үчүн канчалык кымбаттуу экенин сөз менен
жазыш кыйын. Аны жалгыз жүрөк менен сезе билерсиз. Жүрөктө не болуп, не
койуп жатканын ээси гана билээр... Жиберем деген китептер үчүн да көп ирет
ырахмат. Менин бир кичине китепканам бар. Китептеримин саны 600дөн ашты.
Бул тизмедекилери. Дагы каттабагандарым бар. Алар менен 700гө жетер бекен
деп, кубанып койуп жүрөм”.
Жээнбеков Муслимден:
“Амандык кат!!! Кымбаттуу ахреттик достум Кудайберген, сизге амандык хат
жазуучу достуң хажи Муслимден екен деп билес. Кудайберген дос, менден
көптөн көп Аяшка салам айтас... Биз жакында той кылмакчыбыз. 1-чи сени
чакыраар элем, өзүң тойду башкарар елең, бирок алыссың го. Сенин жакшы
ахвалда ден соолугуң болушун жараткан Алда Таала егемен тилеп
турмактамын... Менин адирисим: Кирг.ССР. Ош обл. Сузакский р-н Ачи с-с к-з
Карил Маркис,
Жээнбеков Муслим".
1982-жылдын 23-мартындагы "Советская Киргизия” менен "Советтик
Кыргызстан” гезиттеринде "Тщетны потуги отщепенцев" жана анын "Эл
айыптайт" деген котормосу басылган. Акыреттик досумдун айткандарынан:
"Мен аны 1958-жылы Сауд Аравиясында жолуктурдум. Мени менен
сүйлөшкөндө эл-жерди сагынган, чет жерде аргасыздан жүргөн мусаапырдын
кейпин кийип, атүгүл көзүнө жаш алып, а бирок СССРден барган башка улуттун
өкүлдөрүнүн арасында "Түрк элдери жоголуп кетмей болду, маданияты, тили
жоюлмай болду" деп талаш козгоп, биздин кишилердин маанайын байкап,
жанталашып түркүн суроолорду берип, таптакыр башка адамдын кейпин кие
калып жүргөнү мени таң калтырган. Ошондо бузук сөздөрдү айтканы үчүн
советтик граждандардан кагуу жегени эсимде. Ошондон кийин гана
Кудайберген да, аны менен ээрчип жүргөн үчөө да бизден оолактап жүрүүгө
аргасыз болушкан”...
Ошондо эле "оолактап жүрүүгө аргасыз болгон бузукуга" кийин кайсы кара теке
сүзүп, үзүлүп түшкөнчө кат жөнөтүп калды экен? Меккеге зыярат кылган ажы
болуп туруп, Кудайга күнөөкөр болуштун кажети не эле?
Түркиядан буюрган түбөлүк жубай
Меккеден келе жатып, Анкарадагы досторума кайрылдым, түрк, казак, татар,
дагы башка досторум көп эле. Сыйлаштык. "Үйлөн, картайып баратасың" дешип,
мени ортого ала башташты. "Ылайыктуу аял жолукпады" деп тамашаласам,
биринин күйөөгө бере албай жүргөн балдызы, биринин карындашы, дагы
биринин дагы бирдемеси дегендей, карадалы кыздары даяр окшобойбу. "Биз
сага катын таап беребиз" дешип, чындап эле кыздарды көрсөтө башташты. Үчтөрт күндө он бештей аял тандашты. Досторум "чубатуудан өткөргөн" он-он беш
кыздын бирине мен жакпадым, бирлерин мен жактырбадым. Натыйжада НьюЙоркко дале бойдок кете турган болдум. Чет элде кыргыз же казак кызын
табыш мүмкүн эмес эле. Эч кур дегенде бир мусулман кызына үйлөнсөм деп,
башкаларга ниетимди бурбадым. Албетте, байланышканым бар, ал турган нерсе,
табияттын талабы. Анын үстүнө алардын ичинде да көңүлдү тапкан кишичилик
түс жолугуп калышы мүмкүн. Радиодо иштеп калган кезим. Орусча билген бир
немис кыз менен, аты да Ольга, ресторанга кирдик. Анда таптаза фашисттер
отурган. Ары өтүп барып, орун ээледим. Кыз артымдан ыйлап келди: "Немисче
түшүнбөгөнүң жакшы, тигилер таза кандуу арий кызыбыз жаман монголду
кайдан таап алган деп угуза эле мазакташты”, - деп. “Ыйлаба, мындайга
ыйлаштын кереги жок, сен өзүңдүн таза кандууларыңа кет, мен өзүмдүн таза
эмес кандууларымды таап алаармын”, - дедим да, ошону менен биз ажыраштык.
Досторум катын ал дебесе деле максатым үйлөнүү болчу. Сүйүү качан келет деп
күтүшкө убакыт калбай баратканда сүйүү ойго келбейт. Үйлөнүшкө гана
шашасың. Анкарада бир черкес кызын көрсөтүштү. Жактырдым. Бирок атасы
каапырлар өлкөсүндө жашаган немеге кызымды бербеймин деп кашайды.
Ошондон кийин Стамбулга келип, Алим Алмат деген казак досумдун үйүндө
жатып, кыздардын алигидей "чубатуусунда” болдум. Алим Алмат менен
Парижде Мустафа Чокайдын үйүндө таанышканбыз, көп кыздын ичинде ал мени
өз балдызына үйлөнткүсү келди. Бирок кайын атасы картайган бир татар экен,
ал дагы каапырлар өлкөсүнө кызым барбайт деп койду. Кийин ошол кызы баары
бир каапыр өлкөгө, Германиядан казак эр таап кетти. Чолпон деген татынакай
кызы еврейге тийди. Тагдыры ушундай экен, кыздарынын күйүтүнө чыдабай,
атасы өлүптүр деп эшиттим кийин. Эң соңунда:
- Дагы бир кыз көрсөтөйүн, - деди Алим.
- Кызыңа барбайм, көп болсо бойдок өтөрмүн, - дедим.
- Кызга барбасаң, кызды мында алып келебиз, - деп Алим эки кызды алып
келди.
"Жаныңа жанаша отурган кыз менен сүйлөш, мүмкүн жактырышарсыңар,
мүмкүн, үйлөнүшөөрсүңөр. Анан "китепти ордуна койдуңбу?" деп сурасам,
демек, жактыбы дегеним деп Алим мага пароль үйрөттү... Ошо китеп - менин
Санием. Жанындагысы сиңдиси Нажие экен. Ал күнү кыздарды үйүнө жеткирип
койдук. Эртеси энеси менен жездесинин алдынан өтүп, дагы эки күндөн кийин
мечитте нике кыйдырдык. Мүнхенге учушум керек эле, кыздарды тандап жатып
кечиккенмин. Мүнхенге келсем, Кудайберген үч жума жоголду, Советтер
Союзуна качыптыр деген сөз таркап кетиптир. Оо тарапта кыз тандап жүргөнүм
менен иштери барбы? Мүнхенден Меккеге саякатым туурасында кичине
репортаж берип, Америкага кеттим. Сание Уралдык татарлардан. 1920-жылдары
Кытайга кетишкен. Аяктан атасы өлүп, жетим калган үч кыз, уулу Али энесин
ээрчип, Японияга келишкен. Андан кайра Түркияга келип туруп калышкан.
Стамбулда булардын бир эжеси, калгандары мында. Саниени никелешкен
колуктум деп, Америкага чакыртуунун далалатында жүрдүм, бирок өтүнүчүм
өтпөдү. Үйлөнүү өкмөт тарабынан да, дин тарабынан да кабыл болгондо гана
эрди-катын делинип, чакырып алышка уруксат. Сание экөөбүзгө мусулманча
нике кыйылган менен, мен Түркия гражданы болбогонуман, өкмөт тарабы
никелешүүнү уккусу да келбей койгон. Германиянын беш шаарында
туристтерди никелештирет. Ошол шаарлардын биринде башыбызды ачып
алаарбыз деген тилекте 1959-жылдын июль айында Германияга жол тарттым.
Түркиядан Сание да келди. Түркиянын Мүнхендеги баш консулуна кайрылдык.
"Түркия гражданы болбогонуңуздан, сизди түрк кызына үйлөнтө албайм" деген
тетири жообун айтты. Франкфурттагы Түркиянын баш консулунан да ушуну
уктук. Көлндөгү Түркиянын баш консулу түбү түркмөн экен, туугансыдыбы, кепсөзгө келген болуп:
- Силерди үйлөнтөйүн, бирок Түркиянын Германиядагы баш элчисин аттап
келгениңер үчүн эртең эле мени иштен айдайт, - деди.
- Сизди жазалатып коюп, багыбыз ачылбас, - деп ыраазычылыгыбызды айттык
да, кете бердик.
"Башка түшсө - байтал жорго” демекчи, Мүнхендеги Американын баш консулу
эсиме түштү. Анын жөнү мындайча. Нью-Йоркто бүтүндөй Азия элдерин
жактырган бир элүүлөрдөгү аял Чыгыш өлкөлөрүнөн келген студенттер үчүн
шерине уюштурган, аган мени да чакырган. Ал аялга Меккеге бараарымды,
кайтып келатып Мүнхенге кайрылаарымды кеп салсам, Мүнхендеги
Американын баш консулу менин агам, кат алышпаганыма он жылча болду
дегенде кат жазып бериңиз, ала барып берейин деп, катын алып барып, консулга
тапшырганымда консул “сизге жардам керек болсо, уялбай кайрылыңыз" деген.
"Мага эч нерсенин кереги жок, карындашыңыздын гана катын алып келдим”
дегем мен. Эми аргабыз түгөнгөндө Американын ошол консулуна кайрылууга
туура келди. Аты Пейч эле. Визиткасын алды да, Түркиянын Мүнхендеги баш
консулуна
"ушул адамды үйлөнтүп коюшуңузду өтүнөм" деп жазды.
Америкалыктарды кудайындай көргөн түркиялык консул визитканы окуур
замат ордунан ыргып турду. “Ой, бу мистер Пейчтен экен! Силерди дароо
үйлөнтөбүз, эртең эки кишиңерди ээрчитип келгиле!" деп тимеле үстүбүзгө
үйрүлдү. Ошентип, бир жыл бою бүтпөгөн бюрократия бир заматта бүттү да
калды.
Эми Америкага виза алыш үчүн Сание дагы үч ай күтүүгө тийиш эле. Арга канча,
күттү. Мүнхендеги Виктор Вербицкий деген орус досумдукунда жатып күттү.
Виктордун болочок келинчеги он беште кезде мен жыйырма жетиде болсом
керек. Ооба, Таня менин кичүү карындашым Гүлшара менен жашташ, алардан
мен он эки жаш улуумун. О заманда америкалыктардын карамагындагы скаут
(пионер демекчи) лагеринде тамак куйчумун. Танянын агасы араба менен
лагерге азык ташыйт. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы болгондуктан, Танянын
тамагына каралаша жүрсөң деп өтүнгөн. Мен Таняга тамактан көбүрөөк куюп
койчумун. Америкалыктар шоколад алып келип калса, бирлерине жетсе,
бирлерине жетпейт. Таняга, анын жакын курбуларына шоколад
катып
берчүмүн. Таня анда Зотова болчу. Кийин Викторго турмушка чыкты. Ошо
бойдон достугубуз сакталып калды. Европадан бүтүндөй материалдарды мага
Таня жөнөтүп турчу. Кийин Сание визасын алып, Америкага келип алды.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 11