Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 15

Total number of words is 4012
Total number of unique words is 2202
26.6 of words are in the 2000 most common words
37.3 of words are in the 5000 most common words
42.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Адашпасам, азыркыдай жакшы адамдарга жолугат белем, жок белем - ким
билет, түнкү кооздуктун кереметин көрөт белем - аны да бир Кудай өзү билет.
Бирок Азамат Алтайды түн уйкусунан калтырып, ушунча күттүргөнүм - уят
жосун. Шоопурдун ою менен болсом, дале баягы “эми билдимин" угуп жүрө
бергидеймин. Ой-боюна койбой, эми СССРдин ООНдогу Туруктуу өкүлчүлүгүндө
иштегендер жашаган жерге айдатып бардым. Делегация Нью-Йоркко
келгенден Вашингтонго кеткенче ошерде жатканбыз. А жерден жол билген
башка бир шоопурду кошуп алып, Азамат Алтайдыкын түн ортосунан кийин
гана таап бардык. Азамат Алтай уктабай, күтүп отуруптур. А киши менен
буга чейин үч ирет жолугушканбыз. Бирок кенен-кесири сүйлөшүшкө чамабыз
болгон эмес. Эми сөзүбүз түгөнбөй, дагы далайга жатпай отурдук.
Эртеси өзүм ойгондумбу же күүнү туйдумбу - билбейм, айтор, уйку-соонун
ортосунда "Сынган бугу" кулагымда тургансыды. Нечен күн уйкусу канбай,
катуу чарчап уктаган адам ушинтип делоорсуп ойгонот. Анын үстүнө жетисегиз күн бою мамлекеттик делегациянын тыным алдырбай, күндүр-түндүр
чымын-куюн жүгүрткөн кызыктуу түйшүгүнөн бошонгондон кийин да боюмду
таштап ийсем керек, кайда, кимдикинде жатканымды түшүнө албай, жалдырама
тийип жаттым. Аңгыча столдун үстүндөгү машинкеге, кабат-кабат тектирчедеги
архив-папкаларга көзүм уруна түштү эле, кайда экенимди дароо эстедим.
Саатты карасам, тогуздан өтүп кетиптир. Жердин жети катар түбүнөн келип
алып, бирөөнүн үйүндө дардайып уктаар чакпы ушу! Көзүм умачтай ачылды.
Ыргып турдум да, спорт шымымды арыдан-бери кийе салып, залга чыксам,
Азамат Алтай мен быяктан жаздыра барган ыр-күүлөрдү угуп, үн чыгарбай,
көзүнүн жашын куюлтуп ыйлап отуруптур. Бирөөнүн көз жашы бирөөнү
оңтойсуздандырган учур болот. Мен ошондой болдум, байкамаксан ваннага өтүп
кеттим. Жуунуп чыкканымча магнитофондон дагы эки күү чертилип бүттү. Анан
"Карагул ботом" башталганы угулду. 60-жылдары Ашыралы Айталиев адеп
ырдап чыккан өтө таасирлүү, дене-бойду титиреткен мыкты вариантын
жаздырып баргам. Баятан бери унчукпай жашын куюлткан Азамат Алтай эми
кармана албай калды окшойт, мен ваннадан чыкканда:
- Карагул ботом!.. - деп, буулуга бир унчугуп алды да, эчкирип коё берди.
- Бексултан! Сен мени атайы боздоткону ушуну алып келдиңби?!
келдиңби? " дегендин ордуна "кетирдиңби" деп, түркчөсүнөн айтты).
(“алып
Менин да муунум бошоп кетти, бирок кармандым:
- Чакырганга көнбөдүңүз. Эл-жерге барып, чер жазышты каалабасаңыз, көз жаш
төгүп, черин жазсын деп, атайы апкелгем буларды, - дедим толкундана.
Дароо жооп болгон жок. Мурда мен же бу кишинин сырын, кыял-жоругун
билбесем, азыркыдай айтаарын айтып алып, эмне дээр экен деген ойдо сестенип
турдум.
Ырахмат... - Азамат Алтай көптөн кийин ийнинен тына акырын
улутунгансыды. Боюн токтотушка алы жетпей, жаш балача шолоктоду. Аңгыча
ашкананын алдында көздөрүн жайната бизди карап турган чыканактай
кичинекей ичке байбичени көрсөтө ээк жаңсады, тоголоктоп уучтай кармаган
бетаарчысы менен көзүнүн жашын кайта-кайта сүрткүлөй берип:
-Сание жеңең, учураш, - деди.
Калың көз айнегинин ары жагынан Сание жеңенин эки көзү эки башкадай
көрүндү мага. Бири кылыйып кичирээктей, экинчисинин кареги бадырайып өтө
эле чоң сыяктанды. Көрсө, анын жөнү бар экен. Бир көзүн сойдуруптур, эми
экинчи көзү качан "бышат" деп, сойдураар маалын күтүп жүргөн учуру экен.
Чамасы, жеңе ашканасынан жаңы эле чыккан болуу керек. Болбосо, Азамат
Алтай ”учураш” дегенге чейин эле байкайт элем го аны.
- Саламатсызбы? - дедим бери жактан баш ийип.
Сание жеңе күлүмсүрөп, мага колун сунду. Деги эле күлүмсүрөбөй, бизчилеп
үтүрөңдөшүп мамилелешкен америкалыктарды бир айча жүрүп, көрө албадым.
Көңүл оорутушпай жашоого көнгөн эл окшобойбу.
- Дайыма ушу... - Жеңе дале күлүмсүрөп, акырын сыпаа, сылык сүйлөдү.
Күйөөсүн ал асан чакырып койгондогу атынан атайт экен. - Кудайберген
ушинтип бирдемесин коюп коёт деле, ыйлай берет-ыйлай берет... Элге барып,
бугун чыгарып алса болот эле. Барып кел деп канча айттым! Кааласаң, келбей
элиңде калып кал деген да күндөрүм болду. Көнбөйт. Барсын, сиз айтыңыз,
тилиңизди алат, - Жеңенин көздөрү көз айнегинин ичинен жалооругандай
жалдырап турду.
- Айткам, - дедим мен. - Кат жазып чакыргам. Болбой койгон.
- Мен силерге барып, көз жашымды ого бетер көлдөтүштү каалабайм! Азамат
Алтай ыйдан соолуга баштаса да, таасиринен таза кутула албагандай сөзүн
таптап-таптап кесе айтты.
- Себеп? - дедим мен.
- Силердин жаман жашоону, Ысык-Көлдүн соолгонун, тоңгонун көрбөй өлгөнүм
жакшы!.. - деди Азамат Алтай дале боюн токтото албай.
Ушул элеби шылтоосу? Биздин “жаман жашообуз”, “Көлдүн соолгону” эле
коркутабы аны? Же эл-жерге баргызбай, колу-жолун байлаган башка себеп
барбы? А, балким, Азамат Алтай үчүн совет элинин жашоосу чын эле
жамандыр? “Ысык-Көлдүн соолгону” анын үрөйүн үркүткөн чоң шылтоо болсо,
өзүбүз андай жашоого көнүп алып, ашмалтай болуп, кенебей калгандырбыз?
Ошондон улам Азамат Алтайдын айтканын мен шылтоо катары көрбөй жаткан
чыгаармын? Азамат Алтайдын жообуна ынанбай жатканым, балким, ал сезгенди
мен сезбей жаткандырмын? Анын сезиминдеги түшүнүк менен менин
сезимимдеги түшүнүктө, көндүм адат, көндүм көз-карашта асман-жердей
айырма бардыгын билип эле тургансыйм. Бирок билип турганың бир жөн,
түшүнгөнүң бир жөн. Адам кан-жанына сиңген түшүнүгүнөн оңой менен
кутула албайт. Өмүр бою бир түшүнүктүн туткунунан чыга албай, же чыккыбыз
келбей кыйынсынган пендечилигибиз көп! Адам болгон соң болот ошондой.
Бирок аны эстен чыгарып, башкаларды, башкалардын түшүнүгүн, көз-карашын
айыптаганга кыйынбыз. Башкалардын түшүнүгүн өз түшүнүгүбүзгө
багынтууну, баш ийдирип окшоштурууну туура көрмөй ит адатыбыз күчтүү.
Көнгөнбүз ошого. Көндүрүп коюшкан. Айтор, деген менен, эми эле эл-жерин
эсине салган ыр-күүлөрдү укканда кармана албай, көз жашын көлдөткөнү бу
болсо, анда неге эңсеген ата-бабасынын жерине, киндик каны тамган
Мекенине барбайм деп көшөрөт? Барам десе, баргызбай коёр, же баргызып
алып, камап жиберээр баягы заман өттү го азыр? Бала чагынан кулагында
түбөлүк калган керемет ыр-күүлөр, же анын өзүнө гана тааныш, биз үчүн
түшүнүксүз дүйнөгө каптаар, же эч кимибиздин акылыбыз жетпеген өтө
тымызын ойлорго салаар аны? Деги эмнеси болсо да, эл-жерге кусасы катуу
болуп туруп, бирок кусасын жазганы элге барбайм деген жосуну мен үчүн
табышмак.
Согуш адамга сан түркүн оор азабын алып келип, акылга сыйбас мүшкүлдөрдү
башына үйөөрү шексиз. Ошон үчүн согуш да! Согуштун мүшкүлү - өлүм эле эмес,
өлүмдөн да катуу азабы менен тозогу турганы турган. Айталык, окко учкан адам
өлүп тынат. А тирүүлөй эл-жерден ажыраган шордуу кантет? Анын кусалыгы,
түбүң түшкөн сагынычы, уйкусуз кечирген сары убайымы, сансыз түндөрү
өмүр бою жүрөгүн көңдөйлөп, мыжыга берээрин, өзөгүн өрттөп, куйкалап
тураарын өзүнөн башка жан түшүнө да, сезе да билбес?! Билгиси да, түшүнгүсү
да келбеген "ак жүрөктөрүбүз" дале чыгаар арабыздан. Азамат Алтайдын
арман-бугу, эл-жеринен келген ыр-күүнү угуп отургандагы төккөн жашы
ушундай терең табышмактардын күбөсүдүр? Бугунун канча бири сыртка
чыкса, канча бири сыртка чыкпас туюк сырдыр? Мүмкүн, биз үчүн ал
жандырмагы жок табышмактыр? Атайы океан кечип келип, ал табышмактын
анча-мынчасын болсо да жандыра албай кайта кетсем, менин да арманым
тоодой болоор?..
- Аба, жеңем сизди элге барып кел десе, кыйыктанганыңыз кандай? Аялдын
тилин кемде-кем ала жүрүш да керек ко... - мен тамашага бурган болуп, а-бу
дегенимче Азамат Алтай:
- Катындын тилине кирип, мен эми кыргыз болбой калайынбы! - деп каткырып,
тамашаны жиреп жиберди.
- Ой, аба-а, сиз илгерки эле бойдон турбайсызбы. Сиздейди биз аялга феодалдык
мамиле жасаган эскинин калдыгы дейбиз, - деп тамашаны мен да күчөткүм
келди.
Тамаша аралашса сүйлөшүү, түшүнүшүү жеңил. Азамат Алтай бир топко жыргап
күлдү да, басылган соң:
- Бексултаным, мен сенин элге бар деп үгүттөшүңдү каалабайм, - деди муңайып.
Үгүттөш ансыз деле оюмда жок, "барбайм" дегени мага жазган каттарында
даана айтылган. Эми аны кайра-кайра мыжып, тажата берүүнүн кажети не?
Бирок "барбайм” деген шылтоолору канчалык жөндүү же жөнсүз экендигин
билүү - максатым. Ар ким ар кандай айтып жүргөн сөздөрдү Азамат Алтайдын
өз оозунан угуп, ал жөнүндө мүмкүн болушунча чындыкты көбүрөөк түшүнсөм
деген ниетте Мамлекеттик делегациябызды эл-жерге узатып жиберип, атайы
Нью-Йоркто калып отурбаймынбы. Ушуну айтсам, Азамат Алтай:
- Иэ,түшүнөм, - деди.
Азамат Алтайдан анча-мынча кабары бар кыргыздар тагдырына аябай
кызыкканбыз. Дүйнөгө чокусу көрүнгөн Нью-Йоркко дейре жетип, бөтөн эл,
бөтөн жерлерде ырыскысын талатып ийбей, аяктагылар менен тең атадай
жашоого жеткен кыргыз оңой кыргыз эместир? Ушул суроо, менимче, Азамат
Алтайдын кабарын адеп уккандан бери ар кимдин оюнда. Аны сыйлагандарга
да ушу суроо кызык, сыйлабай андан "ЦРУнун агентинен" башка соо адамды
көргүсү келбегендерге да ушу кызык. Деги нью-йорктук бул кыргыз жөнүндөгү
алгачкы кабар качан угула баштады эле бизге? Өңгөнү билбейм, Азамат
Алтайды мен биринчи жолу 1959-жылдын аяк чени бекен, кудай ай, же 1960жылдын башталышыбы? - даана эсимде жок, атактуу казак жазуучусу Мухтар
Ауэзов менен Кыргыз жазуучулар союзундагы жолугушууда уккам. Ал кезде
Америка менен СССР кырды-бычак, аңдышып турган чагы. Кыйла жылдар бою
совет жазуучуларынан Америкага барганын уга элек болчубуз. 1959-жылы
Леонид Соболев деген СССР жазуучулар союзунун катчысы баштаган тогуз
жазуучу "Америка Кошмо Штаттарына кетти, Америка Кошмо Штаттарында
жүрөт, Америка Кошмо Штаттарынан кайтып келди" деген кабарларды окуп
турганбыз. Ошо тогуздун ичинде Мукаң да бар болчу. Биз ага аябай
сыймыктанганбыз. Мукаң кыргыз жазуучуларына Америкада көргөнбилгендерин айтып отуруп, бир маалда:
- Нью-Йоркто силердин бир кыргызыңар бар экен, жолугуп келдим, - деди
эле, отургандар:
-И, ал эмне болгон кыргыз экен? - дешип, билгенче эт-бетинен шаштырып
калышты.
- Керемет жигит, билимдүү. Нью-Йорктогу Колумбия университетинде атактуу
библиотекасы бар. Ошонун восточный отделениесин башкарат экен. Кызмат
даражасы, бизче айтканда, илим-изилдөө институтунун деректирине барабар, Мухтар Ауэзов баарыбызды өтө кызыктырып салды.
Кызыкпагандачы! Ал кезде кыргыз тукумунун Америкадай сүрдүү мамлекетти
мекендеп, ишин иштеп турмак, түгүл чет өлкө аты бар Монголия сыяктуу эле
бир кичинекей мамлекетке беш-он күн барып келиштин даңазасы канча эле!
Ауэзов айткан кабар кыргыз жазуучуларын уу-дуу түшүргөн ошондо. Алиги
кыргыз жигити "Нью-Йоркко качан, кандайча барып калган, каяктын кыргызы
ал?” дегендей суроолордун жообун тезирээк биле калгылары келип, Америка
Кошмо Штаттарынын дал өзүндө билимдүү кыргыздын жашаганына ичтеринен
сыймыктанып тургандай сезилген мага. Мен да сыймыктангам.
Ошондо Мухтар Ауэзовдун:
- Согушта туткунга алыныптыр. Ысык-Көлдөн экен. Тоң районунда, Ленин
колхозунан, - дегенине кимдир бирөө:
- Кайдан эле ошондой кыргыз Тоңдон чыга койсун, башка жактык ко, - деп
куудулданган болчу.
Айтса-айтпаса төгүнбү, “нью-йорктук кыргыз Тоңдон” дегенге көп ишене
бербей, мүмкүн, Мукаң апыртып койдубу дегендей күдүксүнүү менде да
болгон. Кайра туруп, жылт эткен үмүт да келген мага. Мен тоңдукмун. Мукаң
атаган алиги Ленин колхозу - менин колхозум. 1939-жылы аскерге кетип, 41жылы фашист кол салганда, "согушка кирдим" деген катынан кийин дарексиз
жоголгон Асылбек байкем ошол ”нью-йорктук керемет жигит” болуп жүрбөсүн
деп, үмүт кылгам. Ленин колхозу 50-жылдардын башына чейин алты колхоз
болчу Орто-Арык, Кызыл-Чек, Күн-Чыгыш, Киров, Таш-Дөбө, Туура-Там
делинип. Ушул алтоонун кайсынысынан болду тиги жердешибиз? Мукаң ошону
да айтса экен деп күткөм. ”Орто-Арык айлынан барыптыр” деген кабарды
укчудай, жүрөгүм элеп-желеп туйлаган. Бирок мурунку алты
айылдын
кайсынысынан экени айтылган эмес. Айтылбаса да Мухтар агабыз жолугуп
келген нью-йорктук жердешибиз эмнегедир эле согуштан кайтпай калган өз
байкелеримдин бириндей сезилип туруп алган. Таш-Жондо күндө кечинде
айылдын абышка-кемпирлери менен кошо Абийир атамдын жанына отуруп
алып, согуштан келбей калган байкелеримди кичинемде мен да жол карап,
далай күткөм. Балким, ошодондур? Күтүүнүн күчтүү таасири, күдөрү менде
түбөлүк калгандыктандыр?..
Кийин, 1967-жылы Монреалда Бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болуп, ага
Компартиянын Борбордук Комитетинин катчысы Бейше Мураталиев
жетектеген Кыргызстандан да делегация, туристтер, артисттер катышып
келген. Азамат Алтайдын аты ошондо экинчи ирет дуу-дуу болуп тынчыган.
Анда чет өлкөгө ким баратпасын, ЦКнын торко элегинен токсон тогуз өткөрүп,
ата-теги, өмүр баянын миң сыйра териштирип, аякта ээн-эркин
"келжиребегендей", бирөөлөр менен жолугушпагыдай, жолугушса да өз
көлөкөсүнөн өзү коркуп тургандай абалга жеткире жүрөктөрүн өлтүрүп туруп,
анан көчүккө тээп, чыгарып коюшчу. Ал аз келгенсип, КГБнын
аңдыгычтарынан, узун кулак, баканооз тыңчыларынан кошуп жөнөтүшчү.
Ошондой шартта ким тыңчы, ким тыңчы эмес - билип көрсүн, эр болсо! Демек,
“коркконго кош көрүнөт” болуп, ак жүрөксүнүү, сактануу ар кимдин көкөйүндө
турчу анда. Бирок ошондо да...
Гапар Айтиев Монреалда Азамат Алтай деген кыргызды "ЦРУнун агентисиң!”
деп кууп чыгыптыр, Бүбүсара Бейшеналиева менен Асек Жумабаев аны "ашата
сөгүптүр” деген, эмнегедир мактаныч, эрдемсинүүлөр адегенде Фрунзеге, анан
айыл-апага дейре жеткен. Монреалдан жаңы кайтып келген кездеги ар кандай
жолугушууларда
айтылган
дешет
мындай
сөздөр.
Айтиевдин,
Бейшеналиеванын, Жумабаевдин өз-өз оозунан уктук дегендер болгон. Дешсе
дешкендир, дешпесе дешпегендир. Монреалдыктардын эч кимисинин
коомчулукка катышкан атайы жолугушууларында болгон эмесмин. Андай
жолугушууларда кимиси эмне айтканын уккан учурум жок. Жөн эле жай
сүйлөшүп отуруп, Бүбүсара эже менен Гапар аганын өздөрүнөн башканы уккам.
Мүмкүн, Азамат Алтай сыяктуу элсиздеги кыргыздарыбызды "чыккынчы",
"ЦРУнун агенти", “а-бу” дештен мурда, ошого далил керектигин кийин түшүнүп,
алгач айтып келгендерин "редакциялашка",
оңдоп айтышка аргасыз
болушкандыр алар, же идеологиялык үгүттүн кысымына алдырып, аша чаап
кеткендерин кийин сезгендир алар, а балким, түз айтылган сөздү орто
жолдогулардын алымча-кошумчасы бузуп, бурмалап жибергендир?
Айтор, эмнеси болсо да, өз ооздорунан укканым бөлөк. Бүбүсара Бейшеналиева:
"Көчөдө баратсам эле бирөө артыман колтуктай калды атымды айтып, карасам,
мен тааныбаган жигит. “Кимсиз?” десем, “Нью-Йорктон келдим, сага жолугайын
деп” деди. Коркуп кетип, “мен сизди тааныбайм, тааныбаган киши менен
сүйлөшпөйм деп, колумду тартып алып, басып кеттим” деген. Ошонусунан
эженин кыйынсынганын мен байкаган
эмесмин, тескерисинче, "бекер
ошентипмин" дегендей өкүнүчүн туйгам. Бүбүсара эжеден Азамат Алтайды
атайылап деле сураган эмесмин. Эмнедендир улам сөз чыгып кетип, өзү айткан.
Жеке мага
эмес, 1969-жылы
кыргыз адабияты менен искусствосунун
Латвиядагы жумалыгы аяктап, эртең менен эрте Фрунзеге учаарыбызды күтүп,
уйкусуз таң атырган түнү "Рига" мейманканасында маданияттын жоон топ
ишмерлери отурганыбызда айткан.
Эми Гапар Айтиевдин Монреалдагы жолугушуусун өз оозунан укканымды
айтуудан мурда Казак илимдер академиясынын ошол кездеги мүчөкорреспонденти Саим Балмухановдон укканымды айта кетүүнү туура көрдүм.
1968-жылы август айында Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Комсомол айылына
Төлөмүш Океев экөөбүз бала-бакырабыз менен эс алганы барып калсак,
коктунун аркы өйүзүндөгү сүрөтчүлөр пансионатында Гапар ага жаныбыздагы
Карыпбай деген кышкысын мугалим, жайкысын соодагер шуулдаган жигиттин
алма-өрүктүү жакшынакай огородуна чатыр тигип, эки уулу, орус аялы болуп,
казак окумуштуусу, онколог Саим Балмуханов эс алып атыптыр. Абдылас
Малдыбаев, байбичеси Батипа эже, келини Сагын, неберелерине кошулуп, биз
композиторлордун
пансионатындабыз.
Казак
боордошторубуз
менен
таанышып, чайга чакырып дегендей, чогуу көлгө түшүп, баарлашып калган
кезибизде:
- Көлдүн тиги өйүзүндө Тоң деген районуңар бар экен го? - көлөкөдөгү столдо
чай ичип отурганыбызда Балмухановдун ушинтип сөз баштаганы эсимде. Ошо Тоңдон бир мыкты азаматыңар Нью-Йоркто жашайт.
Бул казак Мухтар Ауэзовдон укканын эле өзү көрүп келгенсип, көйрөңдөнмөй
болду го деген ойго кеттим. Жок, андай эмес экен. Өзү Нью-Йоркто онкология
боюнча изилдөөсүн, тажрыйбасын бышыктап, алты ай жүрүп, жакында эле
келиптир. Азамат Алтай менен ал такай жолугушуп, ишинде, үйүндө далай
ирет мейман болуптур. Далай ирет сырдашып, Азамат Алтайдын бала кезден
берки тагдырын угуптур. Казак менен кыргыздын тамагын сагынасың деп
Алтайлар аны бешбармакка, күлчөтайга чакырып турганын айтып келип,
Азамат Алтайдын абдан билимдүү жигит экенин, түрк элдери, кыргыздар
жөнүндөгү сейрек болуп кеткен китептерди дүйнөнүн булуң-бурчунан бери
чогултуп жүргөнүн суктануу менен айткан эле. Жерге-сууга тийгизбей казак
мактап атса, Төлөмүш экөөбүз турабызбы. “О кокуй, а киши биздин
жердешибиз, бир колхоздонбуз!” - деп, оюн-чындан көкөлөгөнбүз.
- Элге келе турган ою барбы? - деп сурасак, Балмуханов:
- “Кыргыздын топурагын жыттап өлсөм, арманым болбос эле” дейт ал
тууганыңар, - деген жоопту айткан.
“Ушул чогултуп жүргөн китептеримди кийин картайганда элге көтөрүп барсам,
мени куугунтуктабас беле?” дегенин, “буларды азыр да алпарсаң азыр да
кечирет сени“ десем, “жок, мен азыр барсам, өңгө жаманчылыктарыңар
болбосо да, мага эч иш бербей, көчөгө темтейтип бастырып коёсуңар, андайга
мен чыдабайм” деди. Айла канча, анысы чын. Киши катарынан чыгарып, “тирүү
өлүк” кылып коёрубуз анык болчу.
Азамат Алтай жөнүндө Мухтар Ауэзовго караганда Саим Балмуханов
ченебегендей көп билет экен. Толгон суроолор сурадык. Мурдагы алты
колхоздун кайсынысынан кеткенин да билдик. “Кызыл-чектик” Кожомбердинин
үйүндө 1920-жылы туулуптур. Өз аты Кудайберген. Демек, дайынсыз жоголгон
Асылбек байкем дале дайынсыз кала берди. Бирок жалган экенин билип турса
деле адам үмүттөн тажабайт. Куру болсо да үмүт болуп турса, кандайдыр бир
каниет күтүп калгансыйсың. Буга чейин да нечен үмтөткөн күндөрүбүз болгон.
Комсомол айлында эс алып жүргөн учурубузда шаардык жорожолдошторубуздун көлгө путевка таппаган бир далайы үй-бүлөсүн ээрчитип,
өзүбүз батышпай атканыбызга карабай, опур-топур конуп-түнөп, үстүбүзгө
кирип алышкан. Ошондой бакма теңтуштардын кимиси сөз баштаганы азыр
эсимде жок. Айтор, ошолордун бирөө болсо керек эле. Азамат Алтай жөнүндө
Балмухановдон укканын кеп салайын дегиче болбой, арабызда отурган Гапар
Айтиев:
- Мен да жолуккам ага Монреалда...- деп, сөздү өзү улап кеткен. - Курмангалы
Каракеев экөөбүз отурсак, "атсалому алейкум, Гапар ага! Атсалоому алейкум,
Курмангалы ага!" деп эле шыпылдаган бир жигит мейманканага кирип келди.
Чыкыя кийинген! Кыргыз делегациясынын мүчөсү го деген ойдо “иним,
тааныбайт экенбиз, бизден башкага келгенсиң го?" десем, “Гапар ага, мен ньюйорктук кыргызмын, - деди, - Асан чакырып койгон атым Кудайберген. Атамын
аты Кожомберди. Быякта Азамат Алтаймын. Согуш толкуну менен келип калган
жанмын” деди. “ЦРУнун агенти болсоң, сүйлөшпөйбүз, чыгып кет. Жөн келсең
кеп башка” десем, “кыргыздын үнүн укканга зар болуп жүрсөк, айтаарыңыз
ушубу? Мага окшогон дагы алты түтүн кыргыз эртең Кыргызстандын күнүнө
карата келет” деди. "Кай жерликсиң?” дедим мен. "Ысык-Көлдүн Тоң
районундагы Күн-Чыгыш селсоветиненмин. Азыркы Бөкөнбаев кыштагы”
дегенде, мен "Курмангалы, бу сенин иниң экен го" деп, Каракеевди чымчый
калсам, тиги жигит: "Сиздин да иниңиз бар, Гапар ага. Баткендик Садык деген"
деди. Эртеси Монреаль көргөзмөсүндө Кыргызстандын күнү өткөрүлдү. Азамат
Алтай айткан алты түтүн кыргыз да келип, залда отурат дегенди угуп, артыма
кылчайсам, айткандай эле отурушуптур өңдөрүнөн таанымал болуп. Жүрөгүм
шуу дей түштү, көзүң жамандыкты көрбөсүн, тигилердин арасында боз костюм
кийип Мукай Элебаев отурат! Ушинтип туткунга түшүп, чыккынчы болуп
кеткенин көрмөк экемин да деп, коркконуман бурулуп кетип жана бир
кылчайып карасам, кудай жалгап, бир караганда бетинин чаарынан бери
Мукайга түспөлдөш бөлөк бирөө экен”. Гапар агадан ушуну угуп, ыраазы
болгонбуз. Бирок а киши Азамат Алтайдан башка америкалык кыргыздардын эч
кимиси менен, атүгүл "баткендик иниси” Садык менен деле бетме-бет отуруп,
баарлаша албаптыр. Ал эми Комсомол айлындагы бизге айткан ошол маегинде
Азамат Алтайды ал жамандаган эмес. Тескерисинче, сөздү таамай таап сүйлөгөн
курчтугун, өткүрлүгүн баалаган болчу.
- Менин баамымда, - деген Гапар ага, - ал билбеген балээ жок окшойт. Көп
окуп, көптү көргөнүн түшүнүү кыйын эмес.
1970-жылдардын этегинен тартып, перестройкага чейин гезиттерде Азамат
Алтайды дагы бир ирет катуу ”дүңгүрөтүштү”. Аны “чыккынчы”, “чет өлкөлүк
разведкалардын агенти” дегендей боктоолор такай уюштурулуп турду. Муну
туткунда кошо жүргөнсүп, чыккынчылык кылып атканда жанында тургансып,
Азамат Алтайды өмүрү көрбөгөндөр, билбегендер жазганына күлкүң келет.
Кейийсиң. Элсизде калгандай жалгыз эле Азамат Алтайды эмес, Төлөмүш
Жакыповду, Жаныбек казынын “Азаттык” радиосунда иштеген неберелерин
кошо мокочо көрсөтүп турушту. Минтиш кимге керек эле? Албетте, ЦКнын
идеологиясын тейлегендерге, КГБга керек болгон. “Түн уйкусун бузуп, өлкөнү
душмандан коруп жаткандарын” эл көрүп-угуп турбаса болобу! Анан дагы
“Азаттык” радиосунан такай эле быяктагы эл билбеген чындыктар чуулдап,
чоңдорубуздун быкыйын чукуй берсе, алардын да жаны кашайбай коёбу?
Болуптур, алар го алар, бийлигине чаң жугузгандарды көөлөш милдети дейли.
Же антип жок
жерден
болсо да душман жаратыш берки майда
чиновниктеринин кесиби, карьерасы дейли, а кошоматка кой сойгондорго эмне
жок? Душман болгон күндө да, адамдын душмандыгы эмнеде, өмүр жолу
кандай? - билбей туруп, “ушуну сөгүп бер” десе эле сөгүп жатып калганды эмне
дешке болот? Албетте, кошоматчылыкты үкүнүн уясы кылгандар аз эмес. Бирок
канчага чейин андан туйтунуп турмак? Кошоматчылыктын да күнү бүтөөрүнө
ишенгендер болор. Же... Ким билсин? Так жооп табыш кыйын го буга. Заман
өзгөрүп, диктатура дейбизби, тоталитаризм дейбизби, айтор, идеологиялык
катаал системадан кутулуп, демократия жолуна түшкөн күндө деле бийликке
жагынуучулук, бийликке көшөкөрлөнүү, бийликтен сүрдөп жашоо боло берет
окшобойбу. Андайларды башкалардын башындагы кырсык, таңуулаган айып,
төтөн асыя тепки менен ур-токмок өзгөчө ырахатка, жыргалга бөлөйт
окшобойбу. Бирөөлөрдү канжалатып турганда гана табасы кангандар болот
тура бу жалганда. Айрымдары аны "жашоо үчүн күрөш" деп деле баатырдык
иштен бетер баасын көтөрмөлөп, актоого ниеттенип алыптыр. Ал "күрөш"
эмес, андайды акмакчылык, пасчылык дейт! Аты чыкпаса жерге кошуп
ыйманын кошо өрттөчүлөр дейт аларды! Деген менен андай "ак жүрөктөрдүн"
арасында деле эртедир-кечтир ак-караны ылгоого ниеттенип, бирөөлөрдү
каралаган күндөрүнө өкүнө баштаган кирди-чыкты эстүүлөрү да бардыр?..
Адамды каралоо оңой. Ага башкаларды ишендирүү да кыйын эмес. Ал эми
бирөөлөрдүн жакшы жагын издеп, аны таба билиш адептүүлүк, дээри таза,
тарбия көргөндүктүн белгиси.
Баса, элсизде калган дагы бир жердешибизге жолукканыбызды айта өтөйүн.
Анда да Азамат Алтайга тиешелүү сөз болгон. 1975-жыл болсо керек эле. Май
майрамы дем алыштарды кошкондо төрт күнгө созула турган болуп калды.
Бала-бакырабыз менен Чоң-Ташка чыгып кеттик. Бешим ченде жеңил
машинеге эки чоочун киши салып, шаардан Төлөмүш Океевдин бир иниси
келди. Меймандардын алтымыштар чамасындагы, чымыр немеси менен
Төлөмүш кубангандан кыйкырышып, кучакташып калышты. Көрсө, Төлөмүш
Батыш Германияга кайсы бир кинофестивалга барып, аяктагы кыргыздар менен
кошо ушу Рысбек жердешибиз менен да таанышып келиптир. Согушта туткунга
кеткен мусаапырларыбыздан экен бу дагы. Түркиялык болуп калыптыр.
Иштеген жери Мюнхенде экен, машиненин тетиктерин алып-сатам дейт.
Киндик кан тамган мекени - Оштун Совет районундагы Ленин колхозу. Берки
жапалдаш, далылуу жаш жигит ошол Ленин колхозунда баш бухгалтер,
парторгдун милдетин кошо аткарып турган чагы экен, Рысбектин инисинин
уулу болгондуктан, акесинин эки айлык путевкасы аяктаганча чогуу жүр деп,
жанына кошуп коюшуптур. Түштүктөн Фрунзеге келээри менен Төлөмүштүн
шаардагы үйүнө издеп барып, анан быякка жөнөшүптүр. Ошондо төрт күн
чогуу болдук. Арабызда ыраматылык Экия бар эле. Болот Шалтаев... ал да өтүп
кетти. Рысбек аганы "кайсы өлкөдөн" келди, "душман", "туткун", "агент”, а-бу
деген сезим оюбузга да кирген эмес. "Тиякта, - деген ошондо Рысбек ага. Советке барсаңар эле учактан (самолеттон) түшөөр замат көк шапкелер шап
кармап, түрмөгө тыгат, же Сибирге айдайт деп коркуткандарына ишенип, келе
албай жүргөм. Акыры пайгамбар жашымда не болсо да көрө жатайын,
түрмөдө чирисем да ата-бабанын жерин бир кучактап өлөйүн деп, тобокел
менен келдим эле, эч деле корко турган неме жок экен. Көк шапкелер кызыл
болуп өзгөрүптүр, алардын мени менен иши жоктой. Жер-суу да аябай
өзгөрүптүр. Илгери ээн жатчу жерлер кыштак болуп кетиптир. Жакшы
жактарыңар менен бирге жаман жактарыңар да көп экен. Жердин кунун
кетирип, каршы-терши жолдоруңардан чаң эле ызгыйт. Батышта дагы бир
үгүт бар: "Кыргыздар кыргызча сүйлөбөй калган, кыргызча ырдаганды унуткан
деген" деп, оозун жыйып алгыча болбой, чөкөтаандай чөбүрөгөн балдаркыздарыбыз орусча чуру-чуу түшүп, кырдан чыга калышпаспы? Аялдарыбыз
уялгандай:
"Аай, кыргызча сүйлөгүлө!" деп бери жактан чайылдамыш
болушкан. Рысбек тууганыбыз жандан түңүлүп: "Батыштагылардын айтканы
төгүн эмес экен да! Балдарыңар орус болуп калган турбайбы!" деп, аябай
кейиген. Ага эмне дейбиз? Актанабызбы? Бир аздан кийин ырдай баштаганбыз.
Кыргыэдын эски, жаңы ырларын жакшы ырдай албасак да, а кезде көп
билчүбүз. Рысбек ага эски ырларды унутпаптыр. Бизге кошулуп, ал да ырдай
баштаган. Акырындап жарпы жазыла берди. Баарынан да Экиякын ырлары,
комузу, айрыкча, тамашасы аны ыйлатканга чейин жеткирген болчу. Биз аны
атайы ошенткенибиз жок. Демейдеги, көндүм болгон турмушубузду жасаганбыз.
5-майда а киши 62 жашка толгонун белгилеп, ”Ала-Тоо” ресторанына чакырган
баарыбызды. Ошондо түнкү Дзержинский бульвары менен кыргызча ырларды
кызып алган жаныбыз кыйкырып ырдап жүрүп отуруп, “Кыргызстан”
мейманканасына дейре узатып барганыбызда, "кыргыз жоголбойт турбайбы!
Ээн басып, ээн ырдайт зкенсиңер" деп, Рысбек тууганыбыз эреркеп ыйлаган.
Ошол күндөрдүн биринде:
- Тыяктагы кыргыздар ынтымагыңар кандай? - деп сурап калсак, Рысбек ага
адегенде ойносо да оюндагысын:
- Кыргыз бардык жерде кыргыз да. Аякта деле тим жүрбөй, чукулаша
кетмейибиз болот. Андайда Азамат Алтайга калыска түшөбүз. Жөнгө салып коёт.
Ал баарыбызга тең, калыс адам, - деген болчу.
Ошентип, Азамат Алтай жөнүндө мен жалаң эле жакшы пикир, жылуу сөз
угуп келген кишимин. Ауэзовдун оозунан, Балмухановдон, Айтиевден, Рысбек
боордошубуздан укканым, уккандардын таасиринен куралган жакшы ой, Азамат
Алтайга
сый-урматым
80-жылдардын
башындагы
“ак жүрөктүк”
макалалардагы “боктоолордон” кийин ого бетер күчөсө күчөгөндүр, бирок
кемибеди. Ошо калыбыман жазбай, Азамат Алтай менен мамиле куруп,
адегенде кат жазыштым, анан туз буйруп, Америкада өзү менен жүз көрүштүм.
Нечен күн үйүндө конуп-түнөп сүйлөшсөк сөзгө канбай, Сание жеңенин чайын
ичип дегендей, сыйын көрүп келдим.
Рысбек тууганыбыз Кыргызстандан кайра Германияга кетээринде, эл-жерге
биротоло кайтып келүүнү каалаган арызын жазып берип кетиптир деп
укканбыз. Туулган жерге сөөгүм коюлса деген тилегин айткан эле бизге.
Арызына да ошону жазган имиш. Бирок арыздар аякта чечилимиш болсо, биз
жакта чечилбей, биз жакта чечилимиш болсо, аякта чечилбей, бюрократия
дегениң адамды бардык өлкөдө бирдей сандалтат тура. Рысбектин арызы эч
каралбай, ушу бүгүн деле бир жерде кагаздарга басырылып, борсуп жаткан
чыгаар...
Нью-Йорк беш районго бөлүнөт экен. Бала чагыбызда сүрөттөрдөн, кинолордон
көрүп жүргөн, кадимки төбөсү асман тиреген бийик үйлөр Нью-Йорктун
бүткүл турпаты эмес, ал океандын булуңундагы аябагандай бир зор таштын
үстүнө курулган Манхэттен деген гана району. Калган төрт районунун
үйлөрү анчалык асмандабайт. Ал эми Азамат Алтай жашаган Флашинг району
көбүнесе эки-үч кабат особняктардан турган көк жайыктуу, бак-дарактуу
курортко окшогон ажайып таза жай. Азамат Алтайдын балконунда Нарынбек,
Ниязаалы төртөөбүз отуруп, Рысбек боорубуздун дайнын сурасам, Азамат
Алтай:
- Ал агаңдын ичээр суусу бүткөн, жаным, кайтыш болуп калган. Ата-бабанын
жеринен топурак буюрбады. Сөөгүмдү Түркияга койгула деген керээзин
орундатып, Түркияга жеткирип көмгөнбүз. Башында өзүм турдум, - деди. Ушундай... Мен да ушу Америкада көмүлөм...
Баятан бери аркы-беркини, самолеттордун күркүрөп, тынымсыз учуп-конгонун,
аба-ырайын сүйлөп, жайдары отурдук эле, дароо тым-тырс боло түштүк. Анан
мен:
- Ата-бабанын жери, киндик кан тамган жер деген да бар эмеспи... - дегенимче
болбой:
- Кудайдын топурагы бардык жерде бир топурак! - деди Азамат Алтай.
- Бардык жерде бир эмес! - дедим мен.
- Жок, бир ! - Азамат Алтай кесе айтты.
- Бир эмес! - дедим мен да кесе.
- Мен үчүн бир!
- Сиз үчүн ошондой болуп калышы мүмкүн, а мен үчүн бирдей эмес! - мен да
көшөрдүм.
- Сен эмне, Тоңдун топурагына көмүлгөндү тилейсиңби? - Азамат Алтай мени
мыскылдагансып күлүп сүйлөдү.
- Ооба, мен ошону тилейм! - дедим мен күлбөстөн. - Ал эми көзүм өтсө кандай
кылып көмөт...
- Аны сен билбейсиң, - сөзүмдү бүтүрбөй Азамат Алтай каткырып жиберди.
Эмнегедир ызалуу каткырды.
- Аны кудай билет. Тирүүлөр билет, - дедим мен. - Илгери бирөө керээз
калтырса, керээзин аткарчу экен. Баланча жерге көм десе, көмчү экен. Кийин
керээздер аткарылбай калган... - меним бул айтканымды Азамат Алтай күлбөй
тыңшап укту да:
- Мен сеникиндей пикирден узактамын, албетте, - деди.
- Ал өз ишиңиз. Өз пикириңиз өзүңүзгө буюрсун. Меники да өзүмө буюрсун.
Бирок, бардык жердин топурагы бирдей деп, сиз өзүңүздү акташ үчүн айтып
атасыз, көңүлүңүздү сооротуш үчүн айтып атасыз, - дедим. Азамат Алтай:
- Иэ, - деп жоошуй түштү.
- Ушундай болуп атат, - башка айтсам, катуу кетемби
калдым.
деп, оңтойсузданып
- Ушуну алдыбы? - Азамат Алтай диктофонду көрсөттү.
- Алып атат. Өчүрөйүнбү? - дедим.
- Калсын... Сеники туура, жаным. - Азамат Алтайдын үнүндө кандайдыр бир оор
аргасыздык, терең куса пайда боло калгандай туюлду. - Менде антип ойлоодон
башка эмне арга бар?!
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 16