Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 13

Total number of words is 3962
Total number of unique words is 2255
28.2 of words are in the 2000 most common words
40.3 of words are in the 5000 most common words
46.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
17-февралда Памир кыргыздарын Аляскага көчүрүш туурасында сүйлөштүк.
Америка Конгрессинен адамдар кыргыз бөлүмүнө келип, памирлик
кыргыздардын абалын айтып берүүнү өтүнүшкөн эле. Биз билгенибизче айтып
бердик. Март айынын ортолорунда Парижден келген конок кайтып кетти. 29мартта мистер Кукка кирип, Акимди курска жибериш туурасында сүйлөштүм.
Анда курстарга башка редакциялардан эч кимиси кетпеген эле. Редакциянын
ишин жакшылап түзөө үчүн эч кур дебегенде өзүмө ылайыктуу бир кадр
даярдап коюшту чечтим. Аким Американын Орто Азия элин үйрөнө турган
университетине кетмек болду. "Түрк Эл" комитетинде иштеп жүргөнүмдө “Түрк
Эли” журналынан жана радиодон документтеримди жыйнап, келечектеги
пенсияма документ даярдадым.
Ошол күндөрдө Кыргызстандан Абдрасул деген жигит келип, Төлөмүш кой
союп, колубуздан келишибизче сыйладык. Ошол жигит Төлөмүш экөөбүздүн
ортобузга отуруп алып, “агалар, силердин сүйлөгөн сөздөрүңүздөн, радиодон
бергениңерден кабарым бар, баатырларсыңар” деп мактап койду. Бизди да элде
билет экен деп, бир чети сүйүндүк. Мистер Кукка кирип, Төлөмүштүн аялы
Махираны ишке алыш керек дедим. Мистер Кук мага ачык жооп бербей, дагы
көрөбүз дегендей кылды. Лондондон
Симонду тосуп
алып, отелге
жайгаштырдым. Аны менен бир канча күн "Жаңы осуят" туурасында
аңгемелешип, котормомдун түзөткөн жерлерин көрдүм. Түндүк кыргыздардан
болгонумдан, эшектин кандай бөлүнөрүн билбеймин да. Ошон үчүн Ыйса
пайгамбар минген эшекти мен “такай” деп которгон элем. Көрсө ал такай эмес
экен. Аны түштүк тарапта кодик деп айтышат экен. Ошону менен кодик болуп
калды. Ал күндөрү мен 10-15 сааттан иштедим. Симон ушунчалык таң калды,
чарчабаган адам экенсиз деп мактап да койду.
Кук болсо бир күнү менин сүйгүнчүктүү кыргыздарым деп бүтүн кыргыздарды
конокко чакырды. Албетте, бул биздин кылган аракеттерибиз эле. Анткени,
башкаларга караганда биз өзүбүздүн ишибизди активдүү алып бардык. 5августта Шарипти Түркияга узатышка туура келди. Албетте, мындай учурда
билет алышка каражатты алар суратпастан берээр эле. Шарип мырза Түркияга
келген памирлик кыргыздарды тосуп алды. Алардын жетекчиси Рахманкул ага
менен көрүшүп, Түркиянын кайсы жерлерине жайгаштырышты сүйлөшүп,
аларга колунан келген жардамын берди. Чалагыздан Шарипке кат келген, мен
катты анчалык жаза албайм деп катты окуй албастан, мага алып келди. Мен
Чалагыздын катына жооп бердим. Биз да мистер Кукту конокко чакырып,
кыргыздардын атынан сыйладык. 11-ноябрда Брежневдин кайтыш болгонун
кабарлады. Ал күндөрдө көп материалдарды даярдап, Брежневдин Казакстанда
башкы секретарь болгонунан баштап, анын Казакстанда кетирген
кемчиликтери туурасында сындап, өлгөн адам жөнүндө жаман сөз айтылбайт
деген тартипти да буздук, Брежневди колубуздан келишинче шылдыңдадык.
Албетте, биз мындай иштерге көптөн көнгөнбүз.
25-апрелде Махира телефон чалып, Карис агайдын кайтыш болгонун айтып
ыйлады. Мен ошол күнү Карис ага туурасында макала жаздым. “Түрк Эл”
комитетинде, “Түрк Эли” журналында иштегенибизде чынында мени
Германияга келтирген Карис агай эле. Биз өз арабызда ага-инидей жакын
болчубуз. Сигаретин тартып, виносун ичип, келген кыргыз-казактарга агалык
жолун көрсөтүп, акыл-насаат сөздөрүн айтып тураар эле. Ошентип, мен
сыйлаган агайым көз жумду. Көзгө жаш келди. Карис аганын өмүр баяны бүткүл
туткунда калган түркстандыктардын көпчүлүгүнө белгилүү. Салмактуу, аз
сүйлөгөн, көп тыңшагандардын бири болучу. Карис ага “Советтер Союзун
иликтөө” илимий институтунун жетекчилеринен эле. Антибольшевиктик
комитетти курганда да башка СССРден келген саясатчылар катарында Карис ага
чечкиндүү киришип, өтө көп иштерди жасады. Казактар, кыргыздар менен
биригип, "Алаш Ордо” күнүн өткөрөөр элек. Ал күнү адаттагыдай кой союп,
куран окутуп, андан соң кыскача өзүбүз билгенибизче айтып берээр элек. "Алаш
Ордо” туурасында сөз сүйлөгөн, материал жыйнагандардын бири мен. Ушинтип
биз чет элде калган кыргыз, казактар "Алаш Ордону” 1917-жылдарда баштаган
Алихан Бүкөйханов, Ахмет Байтурсунов, Миржакып Дуулатовдор баштаган
өкмөтү менен сыймыктанар элек. "Алаш Ордо” өкмөтүнө кыргыздардан кимдер
катышт деген суроого жооп издээр элем. Бирок, тилекке каршы, таба албадым.
Эми 80 жашка келип, 2000-жылдын соңку күндөрүндө биздин кыргыздардан
Абдыкерим ага Сыдыков деген катышканын билдим. Анын кызы Абдыкерим ага
ал өкмөттүн курултайына катышкан элем дегенин эстелик кылып жазган.
Ошентип, мен божомолдоп жүргөн кыргыздардан да табылды. Менимче,
Абдыкерим ага жалгыз болбосо керек. Алардын аттарын мен табалбасам, кийин
кыргыз тарыхчылары табат го деген ойдомун.
1982-жыл жамандоолор менен башталса да, биз үчүн ал жыл жемиштүү жыл
болду. Акимди ишке алдырдым. Махира да ишке кирди. 1983-жылдын башында
Карис аганын кыркын өткөрүп, дээрлик мусулмандар келишти. Анын
каражатын казак редакциясы менен кыргыз редакциясы бөлүшүп, өзүбүзгө
алдык. Бул жылы Кыргызстандын гезиттери мени таштап, эми чабуулду
Төлөмүшкө коюшту. Төлөмүш туурасындагы жазганын ошол жылдагы
гезиттерден табуу мүмкүн. Америкадан Юлай деген бала келди, алар Сват деген
казак баласы менен университетте окуп жүргөн жаштар эле. Юлайды мен
Колумбия университетинде иштеп турганымда таанычумун, ал ошол жерде
окуйт эле. Колумдан келген кеңешимди айтып, китептерди көргөзүп, кандай
иштер керектигин айткан элем. Анын атасы менин замандашым болгондуктан,
аны кичинесинен билээр элем. Ал университетти бүтүргөн акылдуу бала болду.
Азыр Висконсиндеги университетте профессор болуп иштейт. Акыркы
жылдарда “Манас” туурасында телефондон сүйлөшүп, ал эпосту англисче
которуу милдетин алган эле. Аны менен Ашым Жакыпбек уулу Уланды
тааныштырдым.
3-мартта “Эрте келген турналарды” көрдүк, кубанганымдан 10-15 билетти алып,
тааныбаган адамдарга таркаттым. Чыңгыздын чыгармасын ишке ашырган
режиссерлор менен сыймыктанып, кубанычыбыз ичибизге батпай жүргөн заман
эле. Мен Америкадан келип иштегенимден, ар бир эки жылда бир айга дем алыш
беришээр эле. Ошентип, дем алыш күндөрүмдү Нью-Йорктон өткөрүштү чечтим.
Ахмед Кудаяр деген кыргыз бар эле Ооганстанда төрөлгөн. Кыргызчага
кызыгып, бир аз үйрөнгөн болчу. Анткени, Түркияда жүргөндө кыргыздар
туурасында китеп жазам деп жүрдү эле. Бирок, ал бечара акырында аракечтикке
берилип, Нью-Йорктогу кыргыздардын арасынан кетти.
Бул убакта радиодо улуттук бөлүмдөрдүн башчылары алмашылды. Куктун
ордуна Пенар деген эстониялык адам келди. Жон Пенарды көптөн бери тааныр
элем, “Советтер Союзун иликтөө” институтунда чогуу иштегенбиз. Ахмедди
Америкадан алдырыш үчүн көп аракет кылдым, ал келип бизге ишке жарамак
турмак, тамекисин түтөтүп, бир макаланы 5-6 ирет жазып, иштей албады.
Акыры аны кайтып Америкага жиберишке туура келди. Биз ал күндөрдө эң курч
маселелерден болгон Ооганстан маселесин таштабадык. Ооганстандын өзүнүн
басылып алынышы бир болсо, экинчиси ооган кыргыздарынын турмушу бизди
кайгыртаар эле.
1983-жылдын акырында аркамдан аңдып жүргөн эки кишини сезе баштадым.
Булар орустардын тыңчылары экенин туйдум. Мен кайда барсам, ошол тарапта
болушат. 1984-жыл да келди. Иштен чыгып баратканда карап тургандарын
бурчтан көрүп калам. Бир көпүрө бар эле, көпүрөдөн жөө өткөнүмдө аркамдан
жете келет, бирок мен тез басып кетип калам. Элге аралашкандан кийин
алардын куйругу үзүлөт. Ар күнү түндө телефон чалат, ким экенин айтпай,
таштап коёт. Ушинтип 1983-жылдын декабрь айынан 1984-жылдын январь
айынын ортолоруна чейин шектүү адамдардын аркаман жүргөнүнөн чочулай
баштадым. Бир күнү көчөдө кетип бара жатсам, баягы эки адам аркамдан
түшкөнүн байкадым, ал аңгыча алдымдан Татьяна Вербицкая чыкты. (Татьяна
туурасында баш жакта жазгамын). Аны көргөндөн кийин алар житип кетишти.
Мен артыман бирөөлөр аңдып жүргөнүн, телефон чалып, коюп коюшаарын,
үйдөгү жарыкты күйгүзбөстөн, терезеден карасам, ошол тегеректе туруп,
кайсыл үйдүн жарыгы күйөт деп аңдышарын айтсам, Татьяна коопсуздук
кызматыбызга билдириш керек деди. Радионун коопсуздук кызматынын
башчысына кирип, баарын айтып бердим. Комински деген адам эле, ал
коркпоңуз, биз аларды табабыз деп жооп берди. Кийин карасам, мени аңдыган
экөөнүн аркасынан биздикилерден экөө жүрөт. Акыры бири-бирин аңдып
жүрүп, жок болушту.
Ошентип, Мүнхенде 1979-жылдан 1989-жылга чейин иштедим. Беш жыл мурун 65ке чыкканда кетишим керек эле пенсияга. Кыргыз жоктугунан мени дагы
төрт жыл кармап келишти. Мен үчүн мунун зыяны болбоду. Пайдасы болду.
Анткени, алты жылдык пенсия менен 10 жылдык пенсиянын айырмасы асман
менен жердей. Радиодогу кыргыз бөлүмүн да сактап калдым. Аким Өзгөн дагы
сегиз ай Америкада окуп, англисчесин түзөтүп келген соң өзүмдүн ордумду
бердим да, кете бердим. Кубануу менен кеттим. Аким Өзгөндүн кызы
төрөлгөндө Чыңгыз келди Германияга. Мария келди, уулу Элдар, кызы Ширин
да бар эле жанында. Акимдин баласына Чыңгыз ат койсун деп күтүп жүргөнбүз.
Чыңгыз келгенде “Баланын аты түрк калктарынын, кыргыздын аттарынан
болсун, Европа тилдеринде оңой жазылсын” деп шарт койдум. Чыңгыз ары
ойлонду, бери ойлонду, акыры Нойон деген ат койду. Нойон деген атты
“Манастан” жолуктурабыз.
50 жылдан кийин ага-туугандан кабар алуу
1990-жылдын январь айында Аким аркылуу элдеги (Кыргызстандагы) жээним
Тойчубек менен байланышка кирдим. Тойчубектен кат алдым. Колумбия
университетинен пенсиянын чеги келди. Ашырдын үйүнө Кыргызстандан
инисинин баласы Жусупбек келген эле, алар менен шаарда болдук. Капитолго
алып барып, аган китептер алып берип, үйгө кайттым. Март айында Жусупбекти
элге узаттык. Телефон аркылуу карындаштарым менен байланыштым. 24мартта саат алтыда Тойчубек атасы Жумадил, карындаштарым Гүлшара,
Каргадайлар менен сүйлөштүрдү.
“Советтик Кыргызстан” гезити, 3-август, 1990-жыл.
Маекти жүргүзгөн: Абдиламит Матисаков.
Көпчүлүк күткөн кездешүү
“КЕТЕЛЕК ЖАТЫП САГЫНДЫМ...”
Аким Өзгөн Мүнхенде жашаганы менен Түркиянын атуулу. Анын “Азаттыктын”
кыргыз бөлүмүн жетектеп жатканына эки жылдан ашты. 72 жаштагы Азамат
Алтай (бөлүмдүн мурдагы директору) азыр АКШда жашайт. “Азаттык”
үналгысында Кыргызстандан мейманда болгон Ч. Айтматов, К. Акматов, Т.
Ишемкулов бир нече ирет маектешүү өткөрүшкөн.
- Тоңдогу Азамат Алтайдын урук-тууганына учурап, жүз багышташсаңыз болмок
экен...
- Шашпаңыз, ага да келебиз. Аларга жолукпай кантип кетмекмин? Айтайын
дегеним, айтылуу Ак-Суу, Жылуу-Булак айылындагы дары суулар жөнүндө.
Мүрөктүн суусу деген өзү ошо да. Денеңди көшүлтүп, сөөгүңө чейин жибитип,
дартты тазалоочу касиетин өз боюм менен туйбадымбы. Дарылоо шарттарын
жакшыртышса болмок экен. Анан жана сиз озунуп айткан Тоңго тизгин бурдук.
Азамат Алтайдын тууган-туушкандары чыдамы кетип, күтүп жатышыптыр.
Жолугушуу түз эле чоң көчөнүн ортосуда өтүп жатты. Отуздай адам элек алгач,
анан эле көбөйүп отуруп, көчөгө эл батпай кетти. Азамат менен комсомолго
өтүп, бирге окуган Озуйпа апанын аңгемесине кулак төшөп, уялаш чукул
туугандары менен кең-кесири ал-жай сураштым. Азамат майданга аттанган үй
бузулуп кетиптир, бирок өз колу менен отургузган байтеректердин чокусун
тиктесең, калпагың төбөңдөн кулайт. Армияга бирге жөнөгөн Аскар Байзак
уулун, айылдаштарын, тууган-уругун, отургузган байтеректерин сүрөткө
тартып, эл менен коштошуп, Көл боюндагы жумурткадай чакан жайга өргүү
жасадык да, эртеси Пишпекке жол тарттык...
- Жалпы жумуриятыбыз боюнча максат кылган саякатыңыз соңуна чыкканы
турат. Ушу саналуу күндөрү көңүлүңүзгө башкача бир жагымдуу таасир
калтырган окуя катары кайсыны бөлүп көрсөтөөр элеңиз?
- Аларга ондогон жылдар бою тагдырдын буйрук-жазмышынан улам элинен,
киндик каны тамган топурагынан ажырап калган Азамат Алтай (Кудайберген
Кожомберди уулу) жана Төлөмүш Жакып уулу төрөлгөн айылда болуп, алардын
көз тумарына айланган асылкеч элине, урук-туугандары менен бетме-бет
жүздөшкөнүм, кереметтүү Ысык-Көлдүн көркөм турпатын көзүмө сүртүп,
жээгинде аяк талыганча кыдырганым, тунук суусуна чөмүлгөнүм жана өзгө
дегенде өз ашын кармата берген, ким менен болсо бир сындырым нанын тең
бөлүшкөн меймангерчиликтүү элдин мүнөзүнө ыраазы болгонумду
айтмакчымын.
(Тартиптештирген Азамат Алтай. 19-январь, 1991-жыл).
Ушул жылдын июнь айларында Роза менен Гүлнара Токонун үйүнөн телефон
аркылуу сүйлөштүк. 1930-жылы туулган улуу карындашым Каргадайды,
кичүүсү 1932-жылы туулган карындашым Гүлшараны жана дагы жээним,
Гүлшаранын уулу Тойчубекти чакыруу тууралуу сүйлөштүк. Кийин кат аркылуу
улуу карындашым Каргадай кан басымым жогору, самолетту көтөрө албасам
керек деп келе албады. Эгерде таежем кете албаса, анда мен барайын деп
Гүлшаранын кызы Гүлнара келди. Анткени, мен үч кишини чакырткан элем.
Карындашым
Гүлшараны
уул-кызы
менен
Америкага
чакырып,
көрүшпөгөнүбүзгө 52 жыл болгонуна карап, 52 күн Америкада калтырдым.
Горбачевдун маалымдуулук, кайра куруусунан кийин үзүлгөн үмүт жанданып,
жарым кылым көрбөгөн бир боорумду, жээндерим Гүлнара менен Тойчубекти
көрдүм. Бул мени бактылуулардын катарына кошкондой болду. Горбачевге
баарыбыз ыраазычылыгыбызды айттык. Акылдуу адам эле, акылсыз бир иш
кылды. Өзү ЦКнын секретары болуп туруп, анан президент болом деп эки
кайыкка бир отурду. Эки кайыкты бир киши айдай албайт. Эмне кылалы? Бирок,
анын кылган жакшылыктары унутулбайт.
Америкадагы Азамат Алтай бир тууган карындашы менен өткөргөн 52 күн
“Эмгекчил” гезити, 30-январь, 1991-жыл.
Күн сайын эртели-кеч бадага мал кошуп же кайра тосуп келатып, чокусу көк
тиреген жанаша өскөн эки чынар теректин жанынан өтөөр элем. Аны көргөн
сайын санаам санга бөлүнүп, күлүк кыялым тээ алда кайда кетүүчү. Чынында
биздин көчөдө андай учу асманга серпилген теректер көп. Бирок алар мага
өзгөчө эле. Эсимде, бала кезимде ушул теректердин ары жагында үстү балык
жон болуп, топурак менен жабылган эки бөлмө там бар болчу. Анда Кожомберди
деген киши жашачу. Кийин алтымышынчы жылдардын орто чениндеби, же
аягындабы, колхоз ал тамды түп-орду менен бузуп, ошондой эле эки бөлмөлүү
мурдагысынан алда канча көзгө толумдуу көрүнгөн тамды салган. Ал кезде атам
да тирүү болуучу. Мен эс тартып калган убак. Атам колунан көөрү төгүлгөн уста
болгон. Устаканасына мен тааныбаган бейтааныш адамдар көп келүүчү. Биздин
үйдөн алысыраак болгон менен Кожомберди деген карыя да атам менен
баарлашып калганын көзүм чалчу. Өз ара кызуу маекке киргенде алардын
сөзүнүн төркүнүнөн кусалануунун, сагынуунун илеби сезилип турчу.
Кожомберди тиги Батыш өлкөлөрүндө жүргөн тун уулу Кудайбергенди эңсеп
сагынса, атам үркүндө Кытайга ооп кеткен жакын бир туугандарын сагынчу
экен. Андан бери көп убакыт өтүп, бир кезде суктана караган теректерди да,
анын жанындагы жепирейген кичине тамды да, атамдын ынак курбуларынын
бири Кожомберди карыяны да эсимден чыгарып бараткам...
Өткөн жылы Октябрь майрамына жакын редакциянын тапшырмасы менен ХХII
партсъезд атындагы колхозго кезектеги командировкага баргам. Ошондо
чарбанын башкы сарамжалчысы Турсунбек Жангорозов менен пикир алышып
отуруп, Кудайберген Кожомберди уулунун бир тууган жээни, колхоздун Жер-Үй
талаачылык бригадасынын бригадири Тойчубек Турганбаевдин Америкага
сапар тартып кеткенин уккам. Эмне экен, азыр чет өлкөгө көп эле адамдар
барып келип жатышпайбы, ошолордун бири эмеспи деп койгом көңүлүмдө.
Жаңы жылдын алгачкы жумасында Азамат Алтайдын жээни АКШдан кайтып
келиптир деген сөз желдей тарады. Эки кишинин башы кошулган жерде эле сөз
ошол Америкага барып келгендер жөнүндө болуп калды. Мен да алардын
көргөнүн өз ооздорунан угуу үчүн Жер-Үйдү көздөй сапар тарттым. Ондогон
жылдар бою бирин-бири сагынып, куса болгон боордош бир туугандардын
АКШдагы кездешүүлөрүн видеомагнитофондон көрдүк, бизге чыккынчы катары
белгилүү Кудайберген аганын жүзүн көрүп, үнүн уктук. Мурда кол эмес, ой
жетпеген кездешүүгө жол берген азыркы демократияга ыраазычылыгыбызды
билдирдик. Ошентсе да, Гүлшара эже менен Тойчубектин аңгемеси мага өзгөчө
таасир калтырды.
- Мен төрөлгөн 1932-жылы, - деп баштады Гүлшара эже аңгемесин, Кудайберген агам эс тартып калган он экидеги бала экен. Мен жарык дүйнөгө
келгенден көп өтпөй эле энем көз жумуптур. Толгоосу катуу болгонбу, төрөттү
көтөрө албаптыр. Кийин мен жаңыдан эс тартып келатканда Кудайберген агам
эр жетип, аскерге чакырылып кетти. Ошол бойдон көрө алган жокмун.
Алтымышынчы жылдарга чейин кат алышып, кабарлашып турганбыз. Андан
кийин ал сейректеп, ал тургай үзүлүп да калды. Анын соңунан эле үрөйдү
учурган түркүн кептер айтыла баштады. Республикалык басма сөздөр
Кудайбергенди чыккынчы деп жарыялай башташты. Ошондон кийин эртедиркеч көрүшүүдөн толук үмүт үзгөн элек. Анда бизде да кайра куруу болоорун
кайдан билиптирбиз.
- Гүлшара эже, “Жол азабы - көр азабы” деп бекеринен айтпаса керек. Чындыгында
силер жердин бир учунан экинчи учуна бардыңыздар. Ушул узак сапарыңар оор
болгон жокпу?
- Ооба, уулум, жанагы өзүң айткандай жол азабы да жеңил болчу беле? Бирок,
жөнү жок жерден кудайга акаарат кылган болбойт эмеспи. Жолубуз шыдыр
болгон үчүн минтип элибиз, жерибиз менен кайрадан жүз көрүшүп, силерге
окшогон бир туугандарыбыз менен бир дасторкондон даам сызып
жатпайбызбы. Агам Кудайбергенден чакыруу кагазы келип, камылгабыз 13октябрга чейин эле бүттү. Анан ошол эле күнү айылдаштарыбызды, туугануруктарыбызды чогултуп, ак батасын алдык да, жолго чыктык. Тойчубек
экөөбүз Фрунзеге келип, кем-карчтарыбызды толуктаган соң финансы
техникумун бүтүрүп, автобазада эсепчи болуп эмгектенип жаткан кызым
Гүлнараны кошуп алып, 18и күнү кечке жуук Москвага учуп кеттик.
Документтерибиз толук болбой, анда эки жумача кармалып калдык. Анан көп
күттүргөн саат да келип жетти. 31-октябрдын чак түшүндө Шереметьево
аэропортунан учуп, Нью-Йоркту карай бет алдык. Чынымды айтайын, ошол
самолетто бараткан саналуу сааттар агам менен көрүшпөй калган жарым
кылымга тете болду. Бир кезде самолеттон биз бараткан шаардын көк тиреген
үйлөрү көрүнө баштады. Ого бетер толкундандым. Саам убакыттан кийин
самолетубуз конгону сезилди. Жүргүнчүлөр кезеги менен түшүп жатышкан
тепкичке бут койбой жатып, тосуп чыккандардын арасынан агамдын элесин
издедим. Санаам уйгу-туйгу болгондуктан, эч нерсе көрө албадым. Биз менен
көп эмигранттар барган экен, узатып жүрүүчү бизди да ошолорго кошуп
таштаса болобу. Жаңыдан ачык аянтка чыга бергенде көз жашын көл кылган
бирөө кучагын жайып, бизди көздөй арымдай, шашыла келатат! Ошондо
бооруна бекем кысып көтөргөн, ойноткон, өзүндөгү бүтүндөй жылуу мээрими
менен мени жанындай көрүп эркелеткен агамдын элеси, андан соң мен сагынган
жыты келди буркурап. “Баа” деп кыйкырып ийгенимди да билбептирмин. Ошол
кубанычтын минуталары кандай өткөнүн азыр да билбейм. Бир боор агамды
көрбөгөнүмө, жүздөшпөгөнүмө туура 52 жыл болгон эле.
Кудайберген агам өзүнүн машинасына салып алып, бизди үйүнө алып барды.
Нью-Йорктун өзүндө жашайт экен. Бышкан кирпичтен салынган үч кабат үйгө
келдик. Аны “Азаттык” радиостанциясына ишке өткөнгө чейин эле Колумбия
университетинин китепканасында иштеп турганда алган экен. Кийин Европада
жүрүп, пенсияга чыккан соң бул жерге биротоло көчүп келиптир. “Европага
караганда Америка Кошмо Штаттарында турмуш-тиричиликти өткөрүү бир
кыйла жеңил”, - деп айтты бизге. Ал жерде элди улутка, расага бөлүү деген
болбойт. Адамдарга бардык жерде бирдей мамиле дейт. Ошол үч кабат үйдүн
биринчи кабатында өзүнүн бир тууган Нажие деген балдызы туруптур көптөн
бери. Үйүнүн экинчи кабатынан биз үчүн үч бөлмө даярдап коюптур. Мен абаман
“жалгыз бөлмөгө кантип жатам, кызым менен чогуу болоюн” деп суранып,
Гүлнара менен бир бөлмөдө болдук. Ар бир комнатасында түстүү телевизор,
видеомагнитофон коюлуптур. Ал жерде биз канча жыл көрүшпөй калсак,
ошончо күн болдук. Түрк, мусулман элдеринин 20дан ашык көркөм жана
даректүү фильмдерин көрдүк. Бизге бардыгынан казактын “Кыз Жибек”
фильми өзгөчө таасир калтырды.
Эртеси эле бизди Американын шаарларын көрсөткөнү алып чыкты. Оболу биз
кечээ учуп келген Кеннединин ысымы ыйгарылган аэропортуна бардык.
Толкунданып жатып, аэропорттун сырткы келбетине көп маани берген эмес
экемин. Кооз жашыл килем жамынган бул жер мага кандайдыр кереметтей
сезилди. Шаардын учуна көз жетпеген өтө бийик үйлөрүн көрдүк. Азыркы
техниканын, илимдин жетишкендиктерине таянуу менен аялдардын үй
жумушун жеңилдеткени кызым экөөбүздү өзгөчө суктандырды. Абамдын
үйүндө канча күн конок болдук, күнүнө үч маал, кээде андан да көп тамактанып
жаттык. Бирок жеңемдин бир да жолу колун сууга малып, идиш-аяк жууганын
байкаган жокмун. Атайын даярдалган аппарат тамактанган идиш-аягын жууп,
түр-түрү менен көмкөрүп жыйнап коет. Шаарда мерчемдүү жерлерде кир жууган
аппараттар бар экен. Болгону бир доллар төлөп, 25-30 минутанын ичинде эле
жуудуруп, таптатып аласың. Эки айга жакын жашап жатып, үч кабат үйдүн бир
бөлмөсүнөн ашыкча бир чачылып турган буюмду көрө алган жокпуз.
Дүкөндөрдө товардын толгон түрү турат. Акчаң болсо каалаганыңды аласың.
Бир сапар дүкөндөн эт алып келип, үстөлдүн үстүнө коюп жатып Кудайберген
агам:
- Айланайын Гүлшара! Кой союп берген жок деп таарынбайсың! Көрдүңбү,
дүкөндөн койдун мүчөсүнөн күндө бирден алып келип жатамын. Баарын
бириктирсек койдукунан ашып кетти, - деп тамашалады.
Аяктагы азык-түлүктүн баасы биз айтып жүргөндөй өтө кымбат эмес экендигин
өз көзүбүз менен көрүп ынандык. Дагы бир кызыктуу саякатыбыз Вашингтонго
багытталды. Бул калаанын Нью-Йорктон айырмаланып турушун байкоо
анчейин деле кыйын эмес. Мында чокусу көк тиреп турган үйлөр жокко эсе.
Нью-Йорктон бул борбор шаарга жеңил унаа менен 4-5 саатта гана жетип
келдик. Мезгил эбак күзгө таяп калса да, АКШнын борбору жашыл баркыт
жамынгансып, көркүнө көрк кошулуп турат экен. Тарыхый музейлеринде,
парктарында болдук. Ак үй менен эң жакындан тааныштык. Өкмөттүк аянтты
кыдырып жүрүп, ал жерде Ирак менен согушпоо жөнүндөгү пикирлерин
билдирип, ачкачылык жарыялап отурушкан ондогон адамдарга жолуктук.
Алардын арасында жаштар да, жашы улгайып калгандар да, энелер да жүрүшөт.
Алардын моюндарында илинген жазуулардан “Балдарыбызды согушка
бербейбиз. Иракты экинчи Вьетнам кылууга тыюу салуу керек” деген сөздөрдү
агам мага которуп айтып берди. Чынында дүйнө жүзүндөгү энелердин тилеги
бир, ал – бейкуттук.
Ак үйдөн анча алыс эмес жерде бийик мунара бар экен. Ага чыкканымда
Вашингтон алаканга салгандай боло түшөт. Ушул Американын борбор
шаарынан Эргеш деген 80 жаштагы өзбек аксакалдын үйүндө конок болдук. Биз
барган учурда Эргеш ата кубанычы койнуна батпай жатыптыр. Абам, мен уулкызым менен үйүнө барышыбыз сүйүнүчүн ого бетер арттырып, келгенибизге
жетине албай турду. Бизди Ташкенттен жаңы эле келишкен уул-кыздары менен
кошо коноктоду. Ал күнү Эргеш атаныкында өзүнчө майрам, бир башкача той
болду. Кудайберген агам экөөбүздөй эле Эргеш ошол барган кызын 50 жыл
көрбөптүр. Эргеш ал жаш экенинде кетиптир. Мына эми алардын да ондогон
жылдардан берки сагынычы жазылып, ага биз да ортоктош болдук. Биздин
кубаныч, сүйүнүчүбүздү алар да тең бөлүшүп жатышты.
Бизге Америка Кошмо Штаттарынын борбордук калаасынан өзгөчө таасир
берген дагы бир нерсе – бул өлкөдөгү жалпы мусулмандар үчүн салынган мечит
болду. Анын жасалгасын айтпа. Кымбат баалуу люстралар, килемдер, дегеле
мусулман калкына мүнөздүү болгон оймо-чиймелер менен кооздолуп
жасалгаланган дубалдары, түндүгү көргөн адамдын көз жоосун алат. Бул
мечитте жалпы Кошмо Штаттарындагы мусулмандар Орозо айт, Курман айтка
келишип, намазга түшүп, өздөрүнүн башка ырым-жырымдарын, үрп-адаттарын
жасап турушат экен. Ушул көркү көз талдырган мечиттен узап бара жатып,
негизинен мусулмандар жашаган Орто Азиянын ушул сыяктуу мечити жоктугу
ичибизди ачыштырбай койгон жок.
Абам менен 52 күн бирге жүрдүм. Ошол күндөрдүн ичинде Москвадагы Кыргыз
элчилигинде жолуккан эки жаш кыргыз жигиттин аманаттарын айта албай
калганыма өкүнөм. Азамат Алтай менин бир тууганым экенин, ага
баратканымды угушуп, атайын мага келиптир. Алар оболу өздөрүнөн салам айта
барууну өтүнүү менен борбор шаарыбызга жакшы мечит салына баштаса
материалдык, айрыкча валюта жагынан жардам берүүсүн суранышкан. Абам биз
үчүн көп кам көрүп, ал өлкө менен таанышууга мүмкүн болгон шартты түздү.
Ошонун баары эле бекер болбогонун түшүнөм. Абам экөөбүздүн сүйлөшүп
олтурганда минтип айткан сөзү кулагымдан кете элек:
“Окудум, өзүбүздүн кыргыз тилибиз мамлекеттик укук алыптыр. Бул кабар
мени чексиз сүйүнттү! Чынында мен эне тилим КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ көп
карыздармын. Ушул урмат-сыйга, даражага жеткизген ошол эне тилим болду.
Мен андан эч нерсени аябайм. Мүмкүн болушунча жардам берүүгө даярмын”.
Гүлшара эженин аңгемеси ушуну менен соңуна чыкты. Ал күнү анын уулу
Тойчубек таякеси Кудайбергендин аманатын аткарып, Каракол шаарына
кетиптир. Эртеси Гүлшара эже үй-бүлөсү менен Бөкөнбаевдеги туугантуушкандарына келип, абасынын салам-дубасын айтып, аяктан тарттыра
келишкен көркөм тасмадан өздөрүнүн көргөн-жүргөн жерлерин көрсөтүштү.
Ошол жерден Тойчубек Турганбаев менен маектештик. Анын аңгемеси да уккан
адамды кайдыгер калтырбайт.
- “Мурда апамдан таякем жөнүндө көп жолу уксам да, алыскы Америка Кошмо
Штаттарына барам деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бирок менин
аңгемем түшүнүктүү болушу үчүн сөзүмдү алгачкы байланышуудан баштаганым
оң болоор. Ал 1989-жылдын күзү болучу. Улуу демократ акын Токтогул
Сатылгановдун 125 жылы белгиленип, ал даңазалуу тойго “Азаттык”
радиостанциясынын кыргыз бөлүмүнүн башчысы Аким Өзгөн да чакырылып,
анын Кыргыз Республикасынын басма сөзүнө берген маегин окуп калдым. Анда
адрестери толук жазылган экен. Тартынбай эле аны менен кат аркылуу
байланышууну туура таптым. Ошондон бир нече ай өткөндөн кийин Аким
Өзгөндөн да, таякем Азамат Алтайдан да кат алдым. Ал өткөн жылдын 2-январы
болчу. Андан соң кат алышуубуз улам тездеп, акыры бизди ушул алыскы сапарга
аттандырган чакыруу катын алдык. Анан камынып жолго чыктык.
Кыргызстандын Москвадагы элчилигиндеги 1-катчысы Марат Асанкулович
Жумабековдун биздин документтерибиздин толтурулушуна өзгөчө жардам
бергендигин айта кетким келет. Документтер да, билет да 31-октябрда даяр
болуп, “Панама” авиокомпаниясынын “Боинг-747” самолетуна олтуруп, туура
тогуз саат он минута учкандан кийин Нью-Йорктун Кеннеди аэропортуна
кондук. Бул шаар бизче беш райондон турат экен. Мурда бул шаар төбөсүн көк
тиреген үйлөр боюнча дүйнөдө биринчи орунда турса, азыр үчүнчү орунда
калыптыр. Манхэттен району шаардагы эң ири райондордун бири экен. Мында
дүйнөгө белгилүү болгон Колумбия университети жайгашкан. Ушул жогорку
окуу жайынын алдындагы китепканасында таякем 15 жыл, же 1963-жылдан
1979-жылга чейин эмгектенген. Таякем иштеген алгачкы жылдарда мында түрк
элдеринин адабиятынан бир да нуска китеп жок экен. Азыр анын жалпы
нускасы 18 миңден ашып кетиптир. Ошонун ичинен кыргыз адабиятчыларынын
эле 1292 китеби бар экен. Ал жерден аксакал жазуучубуз Түгөлбай
Сыдыкбековдун, Чыңгыз Айтматовдун жана ошондой эле жердешибиз, акын
Тенти Адышованын китептерин окууга болот. “Манастын” бардык варианттары
боюнча чыккан китептер да бар. Нью-Йорк шаарынын дагы бир ири району –
Бруклин. Мында да чоң-чоң окуу жайлар, тарыхый музейлер бар экен. Райондун
аталышы илгертен келаткан тарыхый мааниге ээ дейт. Ал эми шаардын Квинс
деп аталган районунда биз учуп келген Кеннеди атындагы аэропорт суткасына
2880 самолетту тейлеп, ар бир отуз секундда бирден самолет учуп-конуп турат
экен. Ошондо да кезек күткөндөрдү көрө албадык. Күтүү залы да тейлөөнүн
дүйнөдөгү эң жогорку үлгүсүн көрсөтөт. Ар бир отургучка ыңгайлаштырып
жасалган түстүү телевизор турат. Болгону 25 цент төлөйсүң да, каалаган
программаны көрөсүң. Сага эч ким келип, жолтоо болбойт.
Кошмо Штаттарында азык-түлүккө өзгөчө этият мамиле жасашкандыгы өзгөчө
көңүл бурууга арзыйт. Тамак-аштан калдык калтырышпайт. Дүкөндөрдөн ар
ким өзүнө жетишээрлик гана алышат. Нандын же башка азыктардын артканы
болсо, андан башка тамактын түрлөрүн жасап коюшат. Бул азык-түлүктү
өндүргөн фермерлердин эмгектерин жогору баалагандык болсо, экинчиден,
өздөрүнүн бюджетине өзгөчө сарамжалдуу мамиле экендигин көрсөтөт.
Америкада төрт түтүн кыргыз улутундагы үй бүлө бар экен. Анын үчөө НьюЙоркто турса, Эргеш деген киши Флорида штатында жашаарын билдик. Башка
кыргыздардын баарында конокто болдук, бирок алыс болгондуктан,
Эргештикине бара алган жокпуз. Оболу биз Бруклин районунда жашаган Садык
Алдаш уулунун үйүнүн босогосун аттадык. Ал көп жылдар бою ар кандай
жумуштарда иштеп жүрүп, пенсияга чыгыптыр. Жубайы немка. Сейитмурат
деген уулу, Айша аттуу кызы бар. Алардын бардыгы эр жетип, очор-бачар өз
алдынча турмуш куруп, үйлүү-жайлуу. Ушул эле райондо жашаган Али уулу
Жоробай да бизди өз үйүндө кучак жая тосуп алды. Анын кичүү уулу Козубек
өткөн жылда эле күтүүсүз кырсыктан каза тааптыр. Улуу уулу Курманбек
полицияда кызмат өтөп турган жерден атып кетип, ал дагы кайтыш болгон экен.
Айчүрөк, Зуура аттуу кыздары окуп үйлөрүндө.
Дагы бир көңүлдө сакталып калган окуяны айтып берейин. Таякем экөөбүз
шаардык ипподромдон ат оюндарын көрүп кайтып келатканбыз. Ипподромдо
лотерея сыяктуу оюн ойнолот экен. Акча төлөп, жарышта кайсы аттын марага
биринчи келээрин белгилейсиң. Белгилеген атың чыкса - утуш сеники. Чыкчу
күлүктү туура тандаганы үчүн таякем бир сапар 170 доллар утуп алды. Биз ушул
ийгилигибизди өз ара кызуу талкуулап келатып, жол эрежесин кандайча
бузганыбызды да байкабай калган экенбиз. Жолду көзөмөлдөп турган полиция
кызматкери басып келип, кичи пейил учурашты да, жол эрежесин
бузгандыгыбызды түшүндүрдү. Менин чындыгы чыйпыйым чыга түштү.
Жашырганда эмне, бизде ГАИлерге кармалсаң эле бүттү, балакетке каласың.
Шоферлорго карата төрөпейил мамилесичи? Таякем гана кабатырланбай,
машинасында олтуруп, полицейдин айткандарын кунт коюп укту да,
айткандарына макул болду. Ал ошол эле жерден айып төлөөчү 65 долларлык
чекти айрып берип, биздин мындан ары жол эрежесин бузбашыбызды каалап,
жылуу коштошту. Бу салынган айыпты эртесинен калтырбай тиешелүү банкка
төкпөсө, ал күндө кошулуп туурун, алтургай сот андан көп суммадагы айыпты
салып коёру мүмкүн экендигин айтты.
Ушундан улам таякем өз башынан өткөн дагы бир окуяны айтып берди.
“Мындан бир нече жылдар мурун, - деп баштады сөзүн ал, - кокустуктан дал эле
ушуга окшогон кырсыкка кабылып калдым. Анан жол күзөтүндө турган полицей
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 14