Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 03

Total number of words is 3923
Total number of unique words is 2280
27.6 of words are in the 2000 most common words
39.3 of words are in the 5000 most common words
46.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
конок катары келип, «Манас» дастанынын мааракесине катышты, өзү терең
урматтаган жана эл аралык коомчулукка пропагандалаган жазуучу Түгөлбай
Сыдыкбеков, тилчи Кусейин Карасаев, кытайлык манасчы Жусуп Мамай сыяктуу
кыргыз залкарлары менен Бишкекте жолукту.
Өз киндик каны тамган Атажуртуна, Ысык-Көл кылаасына келип, элдин ага берген
чыныгы баасы тээ совет доорундагы расмий каралоолордон таптакыр башка экенине
өз көзү менен күбө болду.
Анын эскерүүсүнөн бир шиңгил суна кетели:
“-жыл. Бир көчөнүн башында Турумтайдын тукумдары жашаар эле, экинчи үй
Байзактыкы, үчүнчү үй биздики болсо керек, төртүнчү Муканбеттики эле. Ошентип
катар- катар тураар элек. Экөөбүз сокмо там куруп жатканда атам бак тигишти
жактырар эле, арыктын жээгине жети-сегиз терек тиктик. Бизге берилген огород
деген жерге картошка, сабиз өстүрдүк. Атам тамеки да тикти. Эшиктин алдынан арык
өтөт, аларды сугараар элек.
1995-жылы Манастын миң жылдыгына барганда өзүм тигип, өзүм өстүргөн ал
теректерди көрүп бир чети кубаныч, бир чети кайгы менен ал теректерди
кучактадым”.
Азамат агай кайтыш болгондо, анын айылына барып, куран окуттук, эл менен жыйын
өткөрдүк. Бул эскерүү жолугушуусун уюштурууга укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова
эжекебиз жана анын уюму, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Азамат аганын жакын
туугандары жана жээндери, “Азаттыктын” жамааты чоң салым кошушту.
Ошондо барганда мен дагы алиги байтеректерди көрдүм. Тамыры терең, залкар
байтеректер...
Азамат Алтай менен Нью-Йорктогу жолугушуу
1997-жылы ноябрда мен Сан-Франңиско шаарынын жанындагы Беркли (Berkeley)
шаарчасына илимий жыйынга барып калдым. Сапарым Нью-Йорк аркылуу
болгондуктан, бул шаарга токтогонумда Азамат Алтай ага менен жолугууга мүмкүн
болду.
Ал киши Нью-Йорктогу үйүнө алып келип, жубайы Сания апа менен да тааныштырды.
Ал кезде Сания апа оорукчал болуп калган экен, кээде эмне кылып жатканын унутуп
да коёт экен. Бирок ошол күнү ал жадырап-жайнап, тамашалап сүйлөп, абышкасына
назданып сүйлөп турду.
Дал ушундай жароокер жана сулуу айым Азамат агайыбыздын бозгундагы азаптозогун татыктуу көтөрүшүп, тар жол, тайгак кечүүдө бирге жүргөнүн угуп, Азамат агай
турмушуна каниет кылган жагдайлардын бири - өмүрлүк жары туура тандалгандыгы
экенин аңдадым. Алардын бир гана арманы - баласыз өтүшкөнү болду.
“Кыргыз улан-кыздары, силер баарыңар тең менин балдарымсыңар”, - деп айтаар
эле, ыраматылык Азамат агай.
Азамат агай өзүнүн бай китепканасын да көрсөттү. Кыргызстандан жаңы келген
китептердин арасында Кеңеш Жусупов агай жарыялаган көп томдуу “Кыргыздар”
китеби да бар экен. Кыргызстан тууралуу ар тараптуу кабардар экенине баарлашуу
маалында толук ынандым.
Кечки Нью-Иоркту кыдырып көрдүк, эртеси компүтер сатылган жайларга бардык.
Азамат агай мени өзүмдүк машинеси менен кайра аба майданына жеткирип койду.
Аны менен сүйлөшкөн ар мүнөтүм мага канат байлагансып, ушунчалык толкунданып
кайттым.
Прагадагы маараке
2003-жылы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын мурдагы советтик жумурияттарга
берүү уюштурган канатынын (Radio Liberty) 50 жылдык мааракеси салтанаттуу
белгиленип калды. Алыстагы ардагерлерди чакырууда каражат жетишсиз болуп
калганын билген соң, биз, Кыргыз кызматынын (“Азаттык” үналгысынын) Прагадагы
өкүлдөрү, өзүбүз эле тыйын чыгарып, Азамат Алтай аганы Нью-Йорктон чакырдык,
анын учак белетин сатып алып бердик.
83 жаштагы аксакалыбыз Прагадагы ошол ири эл аралык мааракенин көркү, аксакалы
болду. Ал Борбордук Азия аймагынан бул мааракеге катышкан жападан-жалгыз
ардагер аксакал болду. “Азаттыктын” тийешелүү кызматынын башатында турган
интеллектуал, публицист жана журналист катары ал жыйындарга жана тойго жандуу
катышканын кубануу менен кыстара кетсек да болот.
Өзү да Кыргыз кызматынын жамааты менен менен байма- бай жолугуп, жалпыбызга
өз батасын берип, эми “Азаттыкта” эгемен Кыргызстандын өзүнөн келген, азыркы
Ала-Тоодогу кыргыздардын адабий тилинде камчы салдырбай сүйлөгөн жаш
кесиптештери иштеп калганын ыраазылык менен баса белгиледи.
Тээ Мүнхенде аны менен чогуу иштеген орус жана башка тилдердеги кызматтардын
ардагерлери Прагадагы мааракелик салтанаттар маалында аны менен кучакташып
көрүшүп жатышты. Аны алар “Берген” деп атап жатышты.
Көрсө, обого чыккан жана жарык көргөн макалаларында ал өзүн Азамат Алтай деп
тааныштырганы менен, кесиптештери анын азан чакырып коюлган атын
(Кудайберген) кыскартып, “Берген” дешчү тура.
Бул ысымы тууралуу жумшак юмор катылган эскерүүсүндө Азамат Алтай мындайча
жазат:
“...Кудайберген деп менин эски досторум да чакырат. Бирлери “Кудай” деп да чакыра
башташты да. Кудай дегендерге “Жок, силер мени “Кудай” дебегиле, толук айткандан
зериксеңер анын экинчи бөлүгү бар “Берген” деген. “Берген” деп чакыргыла десем,
ошентип айтып жүрүштү”.
“Азаттыктын” ардагерлеринин бири-бирине көп жылдык сагынычын басып кучак
жайганына күбө болуп, тээ айтылуу “кансыз согуш” маалында, алардын күлгүн жаш
кезинде Мүнхенде өткөргөн орток күндөрү ал учурда дүйнөгө келе элек мага да
элестелип кеткенсиди.
Соңку маектери
Кийинчерээк да Азамат ага менен телефон аркылуу маал- маалы менен баарлашып
турдук. “Азаттыктан” Нью-Йоркко каттаган кабарчыларыбыз (Кыяс Молдокасымов,
Кабыл Макеш ж.б.) да анын үйүнө башпагып, маек куруп турушту.
Ат тезегин кургатпай улам келген ала-тоолуктарга ал өтө кубануу менен мамиле
кылчу.
Соңку курган маектеринде да ал Кыргызстандагы окуялардан өтө мыкты кабардар
экенин айгинелетип, эгерде тигил же бул маселе боюнча өлкө бийлигине ичи
чыкпаган болсо, анысын ачык эле айтып, сын пикирин эч жашырчу эмес. Эч кимге
көшөкөрдүк кылбаган, оюн “саясатташтырбай” ачык билдирген аруу жан эле.
Акыркы сапар
«Азаттык» үналгысынын ишмердигинин башатында турган, Кыргызстандагы
демократиялык жараянга бараандуу салым кошкон коомдук ишмер Азамат Алтай рак
оорусунун айынан 2006-жылы 23-майда Нью-Йорк убактысы боюнча таңкы саат
06:25те дүйнөдөн кайтты.
Маркумду акыркы сапарга узатуу ырасымы Нью-Йоркто өткөрүлдү. 27-майда анын
сөөгү өзүнүн керээзине ылайык Нью-Йорктогу мусулман көрүстөнүндө маркум
жубайы Сания апанын кабырынын жанына коюлду.
Бүт дүйнө жүзүнөн көңүл айтуу каттары бизге келип жатты. Анын жакындарынын
жана жалпы эле кыргыз элинин азасын бөлүшүп, көңүл айткандардын бири - чыгаан
жазуучубуз, коомдук ишмер, элчи Чыңгыз Айтматов (1928-2008) болду.
Кыргызстанда да өкмөттүк деңгээлде маани берилип, жергиликтүү гезиттерге расмий
өкүлдөр, журналисттер жана коомчулук өкүлдөрү кол койгон аза-кат (некролог)
жарыяланды.
“Азаттык” үналгысынын жамааты Бишкекте жана Азамат Алтайдын киндик каны
тамган айылда (азыркы Бөкөмбаев шаарчасында) жергиликтүү бейөкмөт уюмдар
менен биргеликте уюштурган эскерүү кечелери “Азаттык” үналгысы жана кыргыз
улуттук сыналгы каналы (азыркы Коомдук Теле жана Радио Корпорациясы) аркылуу
жалпы кыргыз элине кеңири чагылдырылды.
Калыс баанын зарылдыгы
Өткөн доорго жана ошол таптагы биздин чыгаан инсандарыбызга карата Азамат агай
учурунда ар кыл жекече баасын айтып, жазып келген. Бул баалар дайыма эле
позитивдүү боло берген эмес. Кээде тигил же бул тарыхый инсан ал тарабынан
эмоциялуу жана курч сынга кабылган учурлар да орун алган.
Ошону менен катар эле, советтик доордо деле жана Кеңеш өкмөтү ыдырап,
Кыргызстан эгемендикке жетишкен чакта деле, Азамат Алтай тууралуу ачуу сын пикир
айткандар жок эместигин акыйкаттык үчүн белгилей кетүүбүз абзел. Алардын баары
эле калыс сын болгон деп айтуудан алыспыз.
Азамат Алтайга карата олуттуу сын пикирлердин эң башкысы - аны Советтик
мамлекетке “чыккынчылык кылды” деген доого барып такалат.
Сталинчил доордон калган бул айыптоо тээ 1920-40-жылдары советтик тоталитардык
түзүлүштү негиздеген жана жетектеген Иосиф Сталин согуш туткундарына ырайымдуу
мамиле кылууну талап кылган эл аралык келишимдерди четке каккан учур менен
түздөн-түз байланыштуу. Сталиндин тоталитардык системасы үчүн ар бир советтик
жоокер эч качан туткунга түшпөөгө тийиш эле. Жоокер туткунга алынаарда бир келген
өмүрүнөн өзү баш тартышы абзел болчу.
Кийинчерээк гана биз Францияда жана башка Батыш өлкөлөрүндө тартылган Экинчи
дүйнөлүк согуш тууралуу чындык камтылган көркөм тасмаларды көрүп айран-таң
калдык: француз туткундары нацисттик лагерлерде жүрүп боштондуктагы өз үйбүлөсү же сүйүктүүсү менен эркин кат алышып-беришип, өздүк көркөм
чыгармачылык менен алектенип, туткун болсо да өзүнө карата инсандык сый-урматты
талап кыла алган экен.
Ал эми СССРде болсо нацисттик туткундарды мындай кой, миллиондогон жазыксыз
советтик атуулдарды (арасында 1989-91-жылдары гана акталган кыргыздын
нечендеген чыгаан уулдарын) абактарда, лагерлерде тутуп, ырайымсыздык менен
жазалап келишкен эмеспи. Атуулдар өз өлкөсүнүн абагында шору катып жаткан чакта,
башка өлкөдө калган согуш туткундары тууралуу Кызыл Кремл ойломок беле!
Негедир, Азамат Алтайды “чыккынчы” дегендер Абдыкерим Сыдыков, Жусуп
Абдыракманов, Евгений Поливанов сыяктуу чыгаандарыбызды жазыксыз жеринен
соттоп, айоосуз аттырган жергиликтүү “лөктөрдү” айыпташпайт, согуш туткунуна
айланышы ыктымал болгон начар куралданган жоокерлерди (“беш кишиге бир
мылтык берип”) күргүштөтүп кан майданга айдаган, алардын укугу тууралуу башын
оорутпаган Сталинди жана анын режиминин аткаруучуларын “чыккынчы” дешпейт.
Ооба, Чолпонбай Түлөберди уулу сыяктуу чыгаан баатырларыбыз дзотко боюн
таштап, эрдик көрсөтүп курман болушту. Бирок эгерде Чолпонбай ошол акыркы
чабуулунда оор жаракат алып, тирүү калып, фашисттик абакка жеткирилген болсо,
деги биз анын өмүрүн тилейт белек, же Сталинчилеп өлүмүн тилешибиз керек беле?
1999-2000-жылдары өздөрүн “Өзбекстан исламдык кыймылынын” өкүлдөрү деп
атаган террорчулар колго түшүргөн атуулдарыбыздын (анын ичинде аскер
кызматындагылардын) ар биринин өмүрүн тилеп, аман-эсен боштондукка чыгышын
гана тилеп отурбадыкпы!
Советтер бийлиги ыдыраган соң, менимче, коомубузга өмүр тууралуу жаңыча (же
тагыраак айтканда, 70 жылдай унутулган) кишиликтүү түшүнүк орной баштады жана
дал ушундай түшүнүк Азамат Алтай жана Төлөмүш Жакып уулу сыяктуу XX кылымдагы
бозгунда жүрсө да, эл-жери үчүн кызмат кылган чыгаан атуулдардын өмүр жолун
калыс таразалап, алардын ишмердигине калыс баа берүүгө кайрадан жол ачты.
Мындай жаңыча аңдоо болбосо, анда тээ 1930-жылдары Кытайга өз жанын сактап
качып кетүүгө мажбур болгон (башкача айтканда, Советтик түзүлүшкө “чыккынчылык”
кылган) айтылуу тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулунун (1875-1942) Өктөбүр
төңкөрүшүнө чейин эле китеп болуп жарыяланган эмгектерин эгемендик доорунда
кайра баспайт элек да.
Азамат Алтайды кыргыз коому туура баалай алды
Айтмакчы, Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Болот Миңжылкиев, Төлөмүш
Океев сыяктуу азыр дүйнөдөн өткөн залкар агаларыбыз тээ Совет доорунда эле
Азамат Алтай сыяктуу бозгундагы кыргыз журналисттеринин коомубуз үчүн тарыхый
салымын баамдап, өз учурунда аларды баалап-урматтай алышкан.
Жазуучу Казат Акматов, комузчу Чалагыз Исабаев, окумуштуу-сөздүкчү Жолдош
Жусаев, коммунист, коомдук ишмер Бейшен Мураталиев сыяктуу агаларыбыз да
ошол эле опурталдуу заманда “Азаттыктын” кызматкерлери жана ардагерлери менен
тайманбай баарлашкан.
Азыр да уучубуз куру эмес. Эгемен Кыргызстандын энциклопедиясына, окуу
китептерге Азамат Алтай жана анын шакирти Төлөмүш Жакып уулу тууралуу
макалалар байма-бай жарыялана баштады. Кыргыздын белгилүү драматургу
Бексултан Жакиев да Азамат ага тууралуу калыс сөздөрүнөн жанбай келет.
Буюрса, жогоруда учкай белгиленгендей, жакын арада Азамат Алтайдын эскерүүлөрү
жана замандаштарынын ага берген баасы тууралуу китеп жарык көрмөкчү. Китептин
түзүүчүлөрү Азамат агайдын айтканын же жазганын эч цензурадан өткөрбөстөн
(Азамат агай өзү да коммунисттик жана башка ар кандай цензурага каршы
тайманбастан күрөш жүргүзүп келбедиби!), анын эскерүүлөрүн так өзүндөй
жарыялоону эп көрүп жатат.
Мындай тарыхый окуяларды объективдүү таразага салуучу мамилени мен да кош
колдоп, мемуарларды бурмалабастан чыгарууга белсенген башка кесиптештерге да
өрнөк катары сунуштаар элем.
Азамат Алтай пост-советтик Кыргызстандагы саясий жараянга дайыма калыс баасын
берип келген, кыргыз мамлекетинин демократиялык нуктан тайбай өнүгүүсүнө ар
дайым күйөрман болгон публицист жана коомдук ишмер катары да тарыхта
калмакчы.
Болочокто Азамат Алтайдын өмүр жолуна, журналисттик жана коомдук
ишмердүүлүгүнө, кыргыздын руханий жана демократиялык өнүгүү жараянындагы
таасын ролуна арналган нечендеген илимий, публицисттик эмгектер, мултимедиялык
(анын ичинде интернеттик) маалыматтар, драмалар, поэмалар, романдар, көркөм
жана даректүү тасмалар жаралаары шексиз.
Тынчтыкбек Чоротегин,
тарых илимдеринин доктору, профессор, “Азаттык”
үналгысынын деректири.
Прага шаары. Баш оона (август) айынын 27си. 2010-жыл.
Узак жан тайгак жол
Түзүүчүдөн:
Колуңуздагы китеп – дүйнөлүк экинчи согушта немистердин колуна туткунга
түшүп, Атажуртуна кайта албай, тагдыр жазмышы менен акыры Америкага
барып, түбөлүк отурук алып калган кыргыз баласы Кудайберген Кожомберди
уулу тууралу баяндама. Бул адам жамы журтка Азамат Алтай деген ат менен
белгилүү. Китептин өзөгүн Азамат Алтайдын бала чагынан эсинде калган
баяндарынан тарта өмүрүнүн акырына чейинки окуя-таржымалдары түзөт.
Андан тышкары бул татаал жана таңгаларлык тагдырга туш болгон адам менен
баарлашып, жандүйнөсүнө, күндөлүк тиричилигине аралашкан адамдардын
эскерүүлөрү орун алган.
Кыргыз жеринен кеткенден кийин Германияда, Францияда, Түркияда жашап,
акыры Америкага барып, байыр алып калган Азамат Алтай 55 жылдан кийин
гана киндик каны тамган жердин топурагын таткан. Илгери кеткен бойдон эне
тилине жалаң ар кайсы булактар аркылуу аралашып келген бул инсандын өзүнө
таандык тил кайрыктары көп өзгөртүлбөстөн сакталды. Өмүрлүк жары татар
кызы болгондуктан, айрым учурларда татарча кеткен сөздөрдү окурман
түшүнүү менен кабыл алат деген үмүттөмүн.
Азамат Алтайдын эскермелеринде кыргыздын бир катар таанымал саясый жана
өнөр инсандарынын аты аталат жана алар менен Америка жергесинде
кездешкен кездеги өз ара мамиле тууралу кеп болот. Ошо замандагы
идеологиялык жана саясый жагдайдан улам Азамат Алтай айрым өз
жердештеринен насыя кагуу жеп, катуу ызага баткан экен. Бул окуялар азыр
кимдир бирөөлөрдүн атына шек келтириши мүмкүн. Бирок, тарыхый
чындыктын талабына жана Азамат Алтайдан керээзине жараша биз андай
жерлерди атайы сыпайылабай, кандай болсо, ошондой калтырдык.
Атажуртуна кайта албай, атурсун “чыккынчы” атыгып, терең ызага баткан
Азамат Алтай ага карабай, Ала-Тоосуна сырттан туруп да кол кабыш кылып,
айрыкча улутунун руханий, маданий жана билим деңгээлинин өсүшүнө бар
күчүн үрөгөнү урпактарга чоң таалим жана сабак болор деген тилек менен бул
китепти сунуп турам, азиз Окурманым!
Венера Сагындык кызы
Ата менен Энеден сөз баштайын
Менин атам Кожомберди Теке уулу, Кыдыктын Асан уруусунан.
1916-жылдагы бүтүн Түркстандагы козголоңго байланыштуу туугандары менен
Кытайга качышкан. Козголоңдун кандайча башталганы туурасында
тарыхчылардын маалыматы бар, ошондой болсо да мен аны эскертип кетишти
тилеймин.
Орус падышасы Түркстанды басып алганда кыргыздар Кокон хандыгынын
алдында болгон. Ошондогу келишим боюнча орус падышасы 50 жылга чейин
түркстандыктар милдеттүү түрдө аскерге чакырылбайт деп убада берген.
Бирок, бул убада, түзүлгөн келишим аткарылбады, келишимге кол коюлбаган
болсо да, Түркстандагы хандар, эмирлер жок болуп кеткенден кийин ал
документтер да жок болсо керек. Эми 1914-жылы биринчи дүйнө согушунда
орустардын акылына Түркстан кирет. Түркстандыктарды аскерге эмес,
аскерлерге окоп казып берип, алардын жанын сактап калыш үчүн иш кылып
беришин талап кылып, мобилизация жарыялайт. Албетте, ал иш бүтүн
түркстандыктарга жакпайт, жакпагандан кийин аларды зордуктап аскерге,
жумушчулукка ала баштайт. Менин оюмча, эгерде бизди адам катарында санап,
өзүнүн гражданы деп эсептешсе, биздин адамдар үчүн жумушчу эмес, аскер
болуп барыш дагы урматтуурак болоор эле. Орус падышасынын бул жерде
кылган саясаты биздин түркстандыктарды акылы кем, мылтык алышка
жарабаган, жер казышты гана билген адамдар катарында кордогондуктан, алар
орус падышасына каршы куралдуу көтөрүлүшкө аттанат. Албетте, колдорунда
курал болбосо да, салт-санаа боюнча булар бизди төмөн көрдү. Кийин утурумдук
жумушчу катарына алып, окко тозмокчу деп түркстандыктардын дыйкандары
көтөрүлүшкө чыкты. Анын үстүнө да жаз убагы болуп, талаага айдаган эгинпахталары ээсиз калмак болгон. Демек, түркстандыктарды тирүүлөй кыйнап,
ачарчылыкка туш кылат деген ой менен алар колунан келишинче орус
падышасына каршы чыгышты.
Атам жөнүндө
Менин атам азыркы замандагы Түркстандагы миллион аталардын бири. Бай
болуп көрбөгөн, атамдын ата-бабаларында да байлары болбоптур. Кедейчилиги
да өтө ашынып кеткен эмес. "Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын" демекчи, АллаТааланын жазганын көргөн көптүн бири болгон. Атасынын мал мүлкү үч
уулуна бөлүнгөндө жардылык башына түшкөн. Менин атам жалданып иштеген
адамдардын катарына кирген. Маган анын берген тарбиясы, ишке үйрөткөндүгү
кайда болбосун зыяны тийбеди. Атамдын эмгекчилдиги ушу бүгүн да эсимде.
Жана ал эмгекчилдигинин натыйжасында өзүнө ылайыктуу орунда баркы
болгондугу. Эртең менен эрте туруп, кечке чейин иш кылчу. Отун-сууну дайым
дайындап койгондуктан, биз кыштан жылуу чыкчубуз. Элдин көбү атам
жөнүндө жакшы сөз айткандарын гана билем. Атам маган агартуу, окутуу
жагынан жардам бере албады. Аган себеп өзү сабатсыз эле. Бечара атамдын
айткандарын жана өзүм көргөндөрдү жазуу менен мен атамды мактап
көрсөткүм келбейт. Менин атамдай ата башкаларда деле бар. Чындыкты жана
көргөн-уккандарымды гана жазамын.
Ошентип, атаман уккандарым:
Мен көп жылдар бою байларда жалданып иштедим. Иш акым үчүн айына бир
койдон беришер эле. Ошол учурда бу күнү-түнү мал баккан малчынын акысы
болучу. Мал жыйнап, өзүмчө бир үй-бүлө күтүп, адам катарына кошулсам деген
тилек алдыга жетеледи. Ушинтип жүрсөм да тилегим орундалбады. Тун агабыз
Кызалак атка минээр болду да, карыздап ала берип, болбогон жерден карызга
башы малынды. Башкача жашоого мойну жар бербеди. Аргасыздан анын
береселерин төлөп жүрдүк. Кыйынчылыктан аны мен куткарбасам, ким
куткарат? Бир туугандык жана уялаштык сезим мени төлөп бер деп, моюн
сундурат. Кедейчиликтен ошентип башым чыкпады. Карыган ата-энемди да
багышым керек. Инимдин жаштыгы, агамдын ат үстүндөгү бизге келтирген
чыгашасы жардылыктан баш көтөртпөдү. Ата-энени багыш карындашым
Турдукандын жана менин милдетим болчу. Оор турмуш, ачарчылык бизди
канчалык кыйнаса да, жалданып иштеп алган аз малга кошуп мени иштеткен
байым жаз, жай айларында боору ооругандыктанбы, же мага акыны аз
төлөгөндүктөнбү, кээде бизге саан берип жүрдү. Алла-Тааладан сураганым:
жалгыз ата-энемди, өспүрүм иним Муканбетти, карындашым Калдыкты эптепсептеп багып-өстүрүү. Барлыгын багышым керек деген ой мени тынбай
иштөөгө мажбурлады, жоопкерчилигиме жоопкерчилик кошулду. Балалыктын
бактылуу эркелешин мен билбедим. Себеби, ата-энеңдин ардактаган туну, же
эркелеген көкүрөк күчүк кенжеси эмес, ортончусу болуп калгандыгым. Агам
жана инилеримдин кылган кылыктарын кылыш менде жок эле. Алардын
тентектиктеринин кесепети да маган тийчү. Жашымдан жалданып, байдын
малын бактым. Иштеш, иштеген ишимден алган акым менен баарын баксам
кандай жакшы болоор эле деген тилектер жол издетип, ата-энесин ачтан
өлтүрүптүр дедирбести алдыма койгомун. Чоңойгон сайын акырындап
жеңилдей баштады. Азыр менде илгерки коркунуч жок.
1916-жыл. Бул учурда мен жигит болуп турган курагым. Күндөн-күнгө башка
түркүн ой-санаа түшөт. Бу жылы биздин калк орус падышасына жана орустарга
каршы козголоң чыгарды. Биздин калктан илгерки замандарда аскер алынчу
эмес эле. Биз жай гана бир калыпта жашап, жан багып, күнүбүздү өткөрчү элек.
“Аскер ишинин артында аңдар казыш үчүн эмгек кол керек” деген падышанын
буйругу чыккан. Бул күтүлбөгөн буйрук бизди катуу нааразы кылды. Калк
көтөрүлдү. “Уулдарыбызды бербейбиз!" деп буйругуна көнбөгөндөн кийин
падыша өзүнүн жазалоочу аскерлерин жиберди. Биз аларга каршы турдук.
Капчыгай-коолордо усталар мылтыкка ок куюшту. Атчандарыбыз союл, найза
менен куралдандык. Биздин эң мыкты куралыбыз эле мергенчинин мылтыгы
болду. Беш атар, окчачарлар (пулемёттор – А. А.) менен куралданган падыша
аскерлерине каршы тура албадык. Үркүп жөнөдүк. Уюшкандык бизде жокко эсе
эле. Кытайга качарыбызды ким ойлоптур. Тайгак кечүү, тар жолубузда ак кар,
көк муздуу, кылымдар бою кебелбей жаткан мөңгүлөр. Өмүрү адам ашып
көрбөгөн ашуулардан өттүк. Турмуш кысты. Жашашка мүмкүнчүлүк аз.
Баарынан өткөн кыйынчылык ачарчылык болду. Ажал көзгө көрүнүп, үрөйдү
учурду. Өлүмдөн качып, башка жерден мекен, башка элден журт издедик. Башка
жер канчалык жакшы болсо да, киндик кан тамган жерге жетпесин
карыларыбыз какшап айтты. Көчүп көп азап, тентип темселеп жүрүп, эптеп
Аксуу шаарына келдик. Картаң ата-энемди да жеткирдик.
Эмне үчүн туулуп-өскөн өз Ата-Мекенибизден
качып чыгышка мажбур
кылышты! Кайсы күнөөбүз үчүн? Ушу суроолорго жооп табыш ал учурда кыйын
болду. Ачарчылык бу жакта элдекиден алда канча оор болду. Ысык-Көлүбүздү
сагына баштадык. Кусадар болуп, өңү-түсүбүздөн аздык. Ачарчылыкка элжерден ажырагандык кошулуп, ого бетер мүңкүрөттү. Жерин сагынгандыктан,
баарына кайылбыз деп, адамдар кайта кайтып жатышты. Канчаларынын сөөгү
калды узак жолдо? Санат жетпейт. Кара жер карыптарды өзүнө тартып жатты.
Өлгөндүн сөөгү көмүлбөдү. Аларды карга-кузгун талап тойлоду. Ошол учурдагы
оор күн эң көп адамдардын тилегин таш каптырды. Ысык-Көлгө кайра жетип,
кайрадан эл болобуз деген үмүт үзүлүп калган. Кытайга качкан кыргыздар
кыйын күндөрү жөнүндө ыр чыгарып, "Кайран эл” деп атады. Бул узак ырды
мен азыр көпчүлүгүн эсимден чыгара баштадым. Бир аз эсимде калгандары
төмөнкүлөр деп, атам ырдап берген. Жазып алып, мен да үйрөндүм.
Айгыр ат менен атан төө
Арык кылды кайран эл
Өлгөнүнүн терисин
Чарык кылды кайран эл
Сактап жолдун боюна
Бозо сатты кайран эл
Жаман менен жакшысын
Кошо сатты кайран эл
Эскилерин жаңыртып
Сырдап сатты кайран эл
Киндик кан тамган жерге кайра айланып жетип өлсөк деген ар кимибизде
тилек боло баштады. Кытайда качкындар көптүгүнөн иш табыш кыйын эле.
Ачарчылыктан кээ бир жигиттер "Эбин тапкан эки ичет, эси кеткен бир ичет”
болуп, уурулук кылды. “Эмне болсо ошо болсун, уулум, сөөгүбүздү Ысык-Көлгө
жеткирип, кыргыз жерине көмгүн”, - деген ата-энемдин мүдөөсүн орундатууну
көздөдүм. Ата-энемдин айтканын аткарбасам, жерибизге жеткире албасам, мага
атанын наалаты тийээр деп жазганаар элем. Эми өздөрү “Кыргыз жерине
жеткизип көмгүн”, - деген тилегине жеткирмек колумдан келишинче менин
милдетим эле. Ата-энемди жылуулап ороп, мына бүгүн-эртең кайтабыз деп
турганыбызда узак жолго азык керек эле. “Кайдан-жайдан болсо да он чакты
күнгө жеткидей тамак-аш берсең да бергин, бербесең да бергин”, - деп Кудайга
жалынып, боздоп ыйлап турдум. Ата-энесин узак жолдо ачка кетирбейин
дегенби, же менин ыйлаган көзүмдүн жашынанбы, карындашым Калдык
бирөөгө барып, бир пуд ун үчүн бу жерде калмак болуптур. Бир пуд ун ал учурда
кыздын калыңы эле. “Ушу бир пуд ун силерди кыргыз жерине жеткизсе, мен
ыраазымын, - деп ыйлабастан кайраттуу кеңешин айтты. - Мен да ата-энеме,
сага кыйын учурда бир таяныч болсом деген тилекте элем, азыр мындан башка
колумдан келбейт. Ошондуктан, узакка кармалбагыла, күн өткөн сайын акыбал
кыйын болот, эгер кетпей кала берсеңер, бул аз ун тез эле түгөнөт. Анан дагы
кайдан табабыз?”. Акыйкат сөз эле. Бул жерден тез арада айрылышыбыз керек
болчу.
Калдык аякта калды. Ой чиркин турмуш, бизге эмнелерди гана көргөзбөдү?
Коштоштук. Арабызда алыс жол. Кайрылып келип көрүшөрүбүзгө ишенбедик.
Жүзүбүздү жашка, көкүрөгүбүздү дартка жуудук. Ата-эненин элге жеткирип,
сөөгүбүздү көмгүлө деген тилегин орундатсак дегенден башка бизде ой
болбоду. Алдыда турган азап-тозоктун баарына бел байладым. Муз-Арттын
белин ашып, кыргыз жеринин чегине келээрде картайган сөөк чыдабады да,
аркы дүйнөгө кете берди. Бу ашуунун аркы бети - кыргыз жери. Эми өлүк болсо
да мурунтан айткан тилегин орундатыш үчүн токтобой жүрө бердим. Бийик
ашуу. Ышкырган борошолуу кышкы суук, узак жолдо чарчагандык менин да
дарманымды кетирди. Баш көтөрүшкө алым жок. Акыбал оор болсо да ашууну
ашышка тырыштым. Кытайда чийнеге окшогон бир нерсе жасагам. Атамдын
сөөгү менен картаң энем ошондо. Тартып келе жаткан бээбиз да арык, карды
тээп оттошко алы жок. Өзүм өлө албай жүрүп, кардын алдынан бээге тулаң
жулуп берем. Азап-тозок менен Муз-Артты эптеп ашып түшүп, атамдын сөөгүн
көмдүм. Бизге окшоп чубап келе жаткан качкындар көп. Мындай жерде
жардамдашайын десе да, эч кимдин кубаты жетпейт. Көбүнүн алы меникинен
жакшы эмес. Атамдын өлүмү, энемдин сыркоолугу. “Бээбизди ачтан өлтүрө
көрбө, Кудайым”, - деп жалынам. Энемдин да мууну бошой баштады. Сыркоосу
күчөп, ачарчылыктан мына-мына жерибизге жетерибизге аз калганда энем да о
дүйнө салды. Экинчи жолу жакын адамымдан ажыраш менин да алымды
бүтүрдү. Ата-энем Ысык-Көлгө жетпей өлдү. Буйрук ушу экен! Кудай башка
салса, көтөрбөскө айла жок! Киндик кесилген өскөн жерге, кир көйнөктү
кургаткан күнгө,
буркураган атыр жыттуу Ысык-Көлдүн желине кайра
кайрылып, ордунда калган журтума келип кошулдум.
Калдыктан куу турмуш бизди тирүүлөй ажыратты. Турдукан карындашымдан
эч кабар жок. Агайым Кызалак кайда? Эмне үчүн бизди минтип ажыратып, жер
үстүндө чачыратып бөлдү Жараткан? Турдукан карындашым кайсы бир айыл
менен бирге тоо арасына жашырынып калыптыр деген кабар уккам. Анысы
чынбы? Же алардын да күлүн көккө сапырганбы орустар? Ал көрбөсө болду биз
көргөн азапты. Деги аман-эсен болушса экен деген гана тилегим. "Өлбөгөн адам
алтын аяктан суу ичет” дегендей, тирүү болушса, акыры жакшылыктын четин
көрөөр деген үмүт. Бир туугандарымдын дайынсыз болуп жоголгону санаамды
санга бөлүп кыйнады мени. Айла канча, баарына көнөт экенсиң. Адам баласы
башынан эмнелерди өткөрбөйт, жалгыздыкты да, ачарчылыкты да баштан
кечирсем да, акырында жер-суу, тоо ташыма, жайкалып жаткан Ысык-Көлүмө
жеткеним, жамандыр-жакшыдыр туугандар бар деген ой жашоого
шыктандырды. Өлгөндөн калгандары баары бирдей кайда болушса да, азаптозоктун калбырынан өтүшсө да, мага окшоп Ысык-Көлдүн бооруна
тарткандыгынын натыйжасында туулган жерге жетишкен.
Кытайдан кайра кайтып келе жатканыбызда жолдон кезиктирген, үркпөй
ордунда калган адамдардан уккан кабарларга караганда, орустун ак падышасы
тактан кулаган имиш. Орус мамлекетинде көңтөрүлүш! Кедейлер өкмөтү
курулуптур. Байлардын доору бүтүптүр. Кедей-кембагалдардын жыргалдуу
турмушу үчүн Илелин деген адам өкмөт башында имиш. Жарды-жалчыга
жардамчы, жер ээлеринен аларга жер бөлүп берет, ар түтүнгө бирдей малсыздарына мал бердирет, теңчиликтүү бир мамлекет курулуптур мурдагы
акыйкатсыз падышанын ордуна деген кабарларга көзүм көрмөйүнчө
ишенбедим. Кедейчиликтин запкысын катуу тарткандыктанбы, буга ишениш
кыйын эле.
Арадан жылдар өттү, жаштык да билинбей жылып бара жатты. Теңтуштарым
өкмөт тарабынан энчилерин ала баштады. Алардын айдап келе жаткан малын
көрүп, мен кембагалга да бир буюрган энчи тургандыр деп элеп-желеп болдум.
Иним Муканбет өкмөттүн партия деген бир уюмуна кириптир, эми ал өкмөт
кишиси экен деп, ар ким айтып келе баштады. Мен ага ишене бербедим. Жер да
берет экен деген кабар укканымда чын дилимден сүйүндүм. “Эр эмгегин жер
жебейт” деген макалдын жөндүү экенин жакшы билчүмүн. Муну укканда
Корумдудан жакага жөө келдим. Аралыгы 30 чакырымдай. Эртең менен чыгып,
күүгүм киргенде Калсөпкө (кийин Бөкөнбаев – А. А.) кыштагына жеттим.
Бирөөнүкүнө түнөп алып, эртеси мал, жер берип жаткан жерге келсем,
уккандарым чын экен: он чактыдан кой-эчки, бирден уй, жылкы айдап чубаган
элди көргөндө баардыгы туура экенине ишендим. Биздин Борукчу уруусунун
ирети жакындап калыптыр. Жакшылык, Торгой, Кутчудан кийин биз экенбиз.
Баарын тейлеген кедей болуш бар экен. Барып жайымды айтсам, атымды,
атамдын атын сурашты. Айтып бердим. Тизмеден атымды табышканда таң
калдым. Демек, мен дагы киши катарына илинипмин деген ойго кеттим. Менин
энчиме сегиз гектир жер, он кой, бир ат, бир уй жазылыптыр. Койчулар он
койду четинен санап чыгарышты. Бир кызыл уй тийди. Баарынан да мени
кубантканы карагер кунан болду. "Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” деп, бу
кунандын жакында эле ат болооруна ишендим да, бүгүн болбосо, эртең уччудай
кыялдандым. Жерди кайдан, кантип бөлүштүрөөрдү да айтышты. Колума мал
тийгенден кийин үй-бүлө куруштун далалатын көздөдүм.
Биз төрт атанын балдарыбыз. Борукчунун төрт уулунан тарагандардын көбү
Айтбай тукуму, анан Алтыбай, үчүнчү Мырзабектер, төртүнчүсү биз Асан тукуму.
Биздин түтүнүбүз он үчтөн ашпайт. Себеби, Асан уулдардын кенжеси
болгондуктан, тентек, тил албаган кежир, чатак неме, энесинин каргышына
калган имиш тукумуң он үчтөн ашпасын деген. Ким билсин, мүмкүн, чын эле
каргыш тийгендир, же Алла-Тааланын жазганы ошондойдур? Айтбай уулунан
бирөө төрөбөйт деп катыны менен ажырашыптыр. Төркүнүнө жуучу жибердим.
Кантике сунушумду четке какпады. Ошентип, үй-бүлө курсам деген тилегим
ишке ашып, 1918-жылдын аягында мен түбөлүк түндүк көтөрдүм. Кыялымдын
чорттугуна карабастан, алганым мен кыйналсам кыйналды, кубансам кубанды
дегендей, маган жөлөк болду. Акырында адам катарына кошула баштадык. Биз
үйлөнгөндөн кийин бир жыл сегиз айдан кийин сен төрөлдүң. Кубантып, бизди
дагы жакындаштырдың, ымалабызды ого бетер ысык кылдың. Атыңды бир
канча жолу котордук. Жакын туугандарыбыздын ар кимиси өз көңүлдөрүнө
жаккан аттарын коё беришти. Уул төрөлдү дегенди укканда азан чакырып,
биринчи оозума келген атың Абдымурза болгон. Эмне үчүн оозума ушул ат
келгенин ушу күнгө чейин билбейм. Эжем Турдукандын койгон аты Мудун.
Чамасы, менин кыйналып-кысталганымды ойлогондон болсо керек. Кийин
жеңелериң ушул ат менен тергешчү. Сен төрөлгөндө кой союп, туугандардын
башын бириктирип, жентек бердим. Мына ошентип, катындын эри, баланын
атасы болдум. Бу күндөрдө өзүмдү бактылуу адамдарданмын деп санаар элем.
Бир-эки ай өткөндөн кийин сенин туулганыңа эл чакырып, той кылдым. Сага ат
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 04