Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 14

Total number of words is 3906
Total number of unique words is 2361
26.9 of words are in the 2000 most common words
37.8 of words are in the 5000 most common words
43.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
менен талашып-тартыша кетип, сотко барууга аргасыз болдук. Ошол учурда сот
да ошол өңдүү маселени карап жатыптыр. Күнөөлүү адам сот менен узак
талашып, өзүнүкүн туура дей берди, сот болсо ар бир каяша айтылган сайын
айыптын көлөмүн көбөйтө берди. Ошентип, 100 долларга жеткенде тигинин
мээсине жетти окшойт, күнөөсүн мойнуна алды. Андан соң кезек маган келди.
“Күнөөңдү мойнуңа аласыңбы?” деп оозунан чыга электе эле “ооба, күнөөлүмүн”
деп жооп бердим. Талаш баары бир пайдасыз экендигине көзүм жеткен эле.
“Эмесе 5 доллар айып төлөйсүң” деп мени чыгарып жиберди.
Таякем Кудайберген Чыңгыз Айтматов менен кез-кези телефон аркылуу
сүйлөшүп турат экен. “Азаттык” радиостанциясында иштеп турганда Аким
Өзгөн, Чыңгыз Айтматов болуп түшкөн сүрөттөрүн көрдүм. Кошмо Штаттардын
борбор калаасы Вашингтондо болгон саякатыбыз да өзгөчө кызыктуу болду.
Чоң-чоң шаарларды байланыштырган транспорт жолдорунун айрымдары
жердин алдына салынгандыгы бизди кызыктырбай койгон жок. Мунун ичинен
Голландия туннели өзгөчө таасир калтырды. Жердин астына салынган жолдун
үстүнөн белгилүү Гудзон дарыясы агып өтөт. Ал дээрлик 8 чакырымга созулат.
Жер астындагы шоссе Нью-Йорк шаары менен Нью-Жерси штатын бириктирип
турат.
Биз Вашингтондо Али деген казак туушкандыкында болдук. Анын Саида аттуу
татар улутундагы жубайынын колунан даам сыздык. Алар үч уул-кызды
тарбиялап өстүрүшүптүр. Улуу кызы Вашингтонго жакын жердеги Манасис
деген шаарчада, уулу Жумаш Нью-Йорктогу Бруклин районунда, кичүүсү Азиз
Калифорнияда жашашат экен. Алиникинде, дегеле Штаттардагы түрк
тукумундагы көпчүлүк мусулмандардыкында мейманда болгон учурлар бизге
да, аларга да өзгөчө майрамдык маанайды тартуулап, кыйлага эстен чыккыс
болуп калды. Мусулман демекчи, дагы бир белгилей кетүүчү нерсе: бизде
кыргызчага жаңыдан которулуп, “Кыргызстан маданияты” гезитине үзүндүлөрү
басылып жаткан Куран аякта өзбек тилине эбак эле которулуп, атургай алтын
тамгалар менен басылып чыгыптыр. Ал китеп ар бир мусулмандын үйүндө
ардакталып сакталуу.
Аякта жол курууга өзгөчө маани берилери салынган жолдордун өзүнөн эле ачык
көрүнөт. Айрым жерлерде жети катар жолдор бар. Ар биринин багыттары бир
тараптуу. Анда темир жол транспорттору жана автотранспорттун ар кыл
түрлөрү жүрөт. Көзүм менен көргөн дагы бир нерсени айта кетейин. Таякемдин
үйүнүн жанындагы бир чакан аянтчага биз баргандан аз күн өтпөй эки кабат
үйдүн курулушу башталган болучу. Куруучулар аны жыйырма күнгө жетпей
толук бүтүрүшүп, пайдаланууга беришти”.
Тойчубектин аңгемеси ушуну менен соңуна чыкты. Алардын кызыктуу сапарын
учкай сүрөттөгөн аңгеме-маегибизге чекит коюудан мурун алар тарттыра
келген тасмадан, айткан кептеринен улам пайда болгон ойлорумду да ортого
сала кеткеним туура болоор дедим окурмандар үчүн.
Мен айылдаш бир тууган агам Тентимиш Осмоевди адабиятчы, акын жана
журналисттер союзунун мүчөсү катары кадырлап сыйлайм. Экөөбүздүн
ымалабыз да дурус. Анын уулу Урматбек менен кичинебизде чогуу ойноп, бирге
өскөнбүз. Анын дурус сүрөтчү болуп өсүп бара жатышы жеке эле мени эмес,
бүтүндөй жердештерин сыймыктандырат. Урматбектин колуктусу Динара да
чебер сүрөтчүлөрдөн экенин укканым бар. Ал да Америка Кошмо Штаттарында
болуп, Кудайберген Кожомберди уулунукунда тогуз күн түнөп кетиптир.
Динараны Кудайберген ага өз кызындай көрүп узатыптыр. Динара болсо ал үйгө
караган кишини өзүнө туткундай турган татынакай пейзаждык сүрөттү тартып,
эстелик катары калтырыптыр.
Кудайберген Кожомберди уулу азыр пенсияда. Жакында эле жапондук
фирмадан чыккан жеңил машине сатып алган. Ал 250 чакырым жолго он литр
гана май ичет. Машинага номер алуу да өз каалаганындай жүргүзүлөт экен.
Өзүнө жаккан номерди тиешелүү жерлерден регистрациядан өткөзүп,
бекиттирип алат экенсиң. Кудайбергендин жаңы алган машинасынын артына
“Ала-Тоо” деген жазуу бар экен. Ушундан улам өзү Америкада болгону менен
санаасы, жүрөгү ушул тоолордо экенин сездим.
Гүлшара эженин балдары менен бирге Америка Кошмо Штаттарына болгон
сапары карып, азыр өзүнүн тоо койнундагы Жер-Үй айылында өмүрлүк жубайы
Жумадил болуп кайрадан күндөлүк турмуштун түйшүгүнө киришкен. Алардын
үйүнө күнүнө Америкадан тарттыра келген кинотасманы көрүүгө
ынтызарланып келгендердин аягы үзүлбөйт. Атургай көпчүлүктүн суроосу
менен райондун борбору Бөкөнбаев айылынын айрым мекеме-ишканаларында
да коюп берип, ал жактын турмушу менен кабардар кылды.
Мен дале болсо жанаша өскөн кош теректи, анын жанындагы жапырайган үйдү...
анан да ушул кубанычтуу күндү көрбөй да, элестете да албай кеткен
Кожомберди атанын жайдары элесин көз алдыма тартам. Сөзүмдү
жыйынтыктоонун ордуна “Бар бол, соо бол, Кудайберген ага!” - деп чын дилден
айткым келди.
Жетимиш Турдукеев, журналист.
Проза
АЗАМАТ АЛТАЙ
Бексултан Жакиев
(Повесть-эссе, үзүндүлөр)
“... чыккынчылык жолуна түшкөн Азамат Алтайдын жийиркеничтүү иштери
кыжырланууну, жек көрүү сезимин жаратууда”. Советбек Байгазиев. “Түпкүрдү
карай томолонуу”. “Кыргызстан маданияты”, 25-март, 1982-жыл.
“Изменник киргизского народа Кожомбердиев спустя несколько месяцев после
победы советского народа над фашистской Германией сбежал на Запад”. Ст.
“Презрение народа”. “Советская Киргизия”, 29 октября 1987 года.
“Наибольшую активность в пропаганде националистических идей на
республику проявляет сегодня киргизская редакция радиостанции "Свобода”.
Там работают изменники Родины Азамат Алтай (он же Кожомбердиев
Кудайберген), Джакупов, внуки бывшего главаря банды басмачей Сагынбаева”.
А. Масалиев, первый секретарь ЦК КП Киргизии, из доклада на собрании
партактива. "Советская Киргизия", 21 февраля 1987 года.
Азамат Алтайдын дайнын мурунтан угуп, тагдыры дайым көңүлүмдө жүрсө да,
аны менен кат жазышам деген оюмда жок эле. Миң тогуз жүз токсон
биринчи жылдын марты же апрели болсо керек, Кыргыз илимдер
академиясынын илимий секретары Жаныбек Шаршеналиев үйгө телефон
чалды. Америкага барарын айтып: "Азамат Алтайга кат жазып бер, тааныша
келейин”, - деди. “А киши мени тааныбайт” десем, "Кантип эле жердешиң
болуп туруп мамилеңер болбосун?” деди. “Ой Жаке, детдомдо чоңойгонуңду
оозуңдан түшүрбөйсүң, жердештиктин даамын кайдан таткансың?” - оюнчындан дээрин дедим да, кайра сүйүнүп кеттим. Анткени, жакында эле илимий,
чыгармачыл интеллигенция филармониянын чоң залына чогулуп, "Кыргыз эл”
коомун уюштурганбыз. Ага мен теңтөрага болуп шайлангам.
Эркиндиктин илеби боюбузду балкытып, элиртип турган чак анда. Ойлогон
оюбуздун баары каалаганыбыздай ишке ашчудай, колубуз жетпегенге жетип,
жыргал заман келе калчудай көрүп, мен эми Азамат Алтайга кат жөнөтүү
мүмкүнчүлүгү
табылганга
сүйүндүм.
Каттарыбызды
"Кыргызстан
маданиятында” жарыялагандан кыскартыбыраак бердим.
"Салоом алеким, кадырлуу Кудайберген аба!
Сизге кат жиберип турганымдын себеби, киндик кан тамган Мекениңизди,
жалпы кыргыз журту менен бирге Тоң элин, анын ичинде өз туугантуушкандарыңызды сагынып, кусадар жүргөнүңүздөн күмөнүм жок. Тууган
жерди бир көрсөм деп, ак эткенден так этип, эңсеген күндөрүңүз көп болгондур.
Эгерде эл-жерге келип, анча-мынча чер жазып дегендей, жүз
көрүшүп
кайткыңыз келсе, биз сизге жардам кылышка даярбыз! Биз дегеним – "Кыргыз
эл" коому. Бул коомдун түзүлгөнүнө төрт-беш айдын жүзү болуп калды. Анын
максаты - ар кандай себептер менен чет өлкөлөрдү жердеп калган, ошондой эле
башка республикаларда жашаган кыргыз тукумуна, - мейли бирөө жашасын,
мейли миңи жашасын, - боордоштук кам көрүшүп, маданий, гуманитарлык,
этнография, салт, ырасмилер демекчи, улуттук
жагдайларыбызды
жакындаштырып, баштагыдай бытырабай, ой-тилектерибизди бириктирсек
деген ниет. Мурдагы саясаттын кесепетинен өзүңүз сыяктуу аёосуз жалаага
дуушар болгон "чет өлкөлүк” боордошторубузду таптаза актатуу - "Кыргыз эл"
коомунун башкы максаттарынан болуп эсептелет. Өзүм жөнүндө бир ооз сөз.
Атым - Бексултан, атам - Жакый. Чоң атам - Абийир. Мен ошол Абийир атамдын
колунда чоңойгом. Мүмкүн, ал киши сиздин эсиңизде бардыр, анткени, Абийир
бүт кыдык-саякка таанымал, кадыр-барктуу, калыс, сөзмөр киши болгон! Биз
силердин Кызыл-Чекке чектеш Орто-Арыктан болобуз.
Азамат Алтай деген кабарыңызды биринчи жолу 60-жылдардын
башталышында Мухтар Ауэзовдон уккан элек. А киши сизге жолукканын, НьюЙорктогу бир залкар чыгыш китеп мекемесин башкарган илим-билимдүү
кыргыз экениңизди айтып берип, жүрөгүбүздү толкуткан. Анда Мухтар ага
сиздин үйүңүзгө бара албай калганын катуу өкүнүп айткан. Андан соң 1968жылы Көлдө казак окумуштуусу, онколог-илимпоз, атасынын аты, калп
айтпасам, Нурмуханов боло турган эле (чынында, Балмуханов Саим экен -Б.
Ж.), Нью-Йоркто 6 -7 ай бою илимий стажировкада болуп, сизге такай
жолугушуп турганын, далай ирет үйүңүздө мейман болгонун, сиздин абдан
билимдүү экениңизди, кыргыздар жөнүндө китептерди чогултуп жүргөнүңүздү,
анан кийин картайган кезде “ошол китептерди көтөрүп алып, эл-журтка барсам”
деп эңсегениңизди айтып, сөөгүбүздү жашытып, каңырыгыбызды түтөткөн.
Айтор, жалпы кыргыз элиңиз, айрыкча тоңдук туугандарыңыз сиз жөнүндө
жаман ойдо болгон эмес. Ал эми айдактаса, “арр” этип, сиздейлерге асылгандар
эл эмес да! Азыр андайлардын доору өттү, буюрса. Келүүнү кааласаңыз,
кабарлашыңыз, биз быяктан "Кыргыз эл” коому аркылуу келип-кетүүңүздүн
аракетин жасайлы.
Ысык саламым менен иниңиз Бексултан.
20-апрель 1991-жыл. Бишкек шаары”.
Азамат Алтайдан төмөндөгүдөй жооп келди:
иНью-Йорк, Бугунун
2-күнү, 1991-жыл
Ардактуум Бексултан,
Сенин чынкуран айынын 20сында жазып, Жаныбек туугандан берип жиберген
жагымдуу катыңды алдым. Аман-эсенчиликте болгонуңду угуп шаттандым.
Берген кабарларың үчүн алкышымды айтам. Мени менен коңшулаш айылдан
экениңди жазгансың. Чынын айтсам, башымдан өткөргөн оор күндөр көп
нерсени унуттурду. Албетте, чоң атаңды таанышым керек. Бирок азыр эсимде
жок. Тааныйм деп жалган айтышты тилебейм. 1959-жылы Мухтар ага менен
көрүшкөнүмдө
өзүмдү
бактылуумун
деп
эсептегем.
60-жылдарда
Балмухановдун менде болуп, сыр чечишкенибиз чын. Саим “Кыргызстандан
сага жер табылбаса, биздин жерибиз кең, келгин” деп чакырганы ырас. Кийин
быяктагы Совет элчилигиндеги кара тизмеден ысмымды өз көзү менен көргөн
соң сунушун кайтарып алды. Казак боорлор менен көрүшкөндө так ошолор
айткандай тилекте элем. Жыйнаган китептерим менен архивимди алып, элге
кетем деп эңсечүмүн. Кийин ал үмүттү колуңардан келишинче көөлөдүңөр.
Бөкөнбайлык беш камандын жазгандары эсиңдедир. Аларга академик Азиз
Салиев да кошулду. Кыргыз нанын жеген татар Ильгиз Гилязиддинов алардан калышпады.
67-жылы Монреалда Гапар менен Бүбүсара ботодой боздотушту. Кайсы күнөөм
үчүн? Күнөөм - ти рүү калып, чет элде болсо да, кыргыз деген ыйык ысымды улантканым! Көңүл
калгандан кийин мурунку кыял алмашты. 5000 том китебим бар эле. Жарымын арзанга болсо да
саттым. Жарымын Германиядагы Майнс университетине сыйлык кылдым. Анда профессор
Бензинг Алтай бөлүмүн ачтырды. Ырахмат катын жиберди. Профессор Бензинг Батышта таанылган
түрколог, исламдыизилдөөчүжанадипломат.
Азыр архивим гана калды. Илгери кайсы папкада кандай материал жатат - жатка билер элем.
Картайганда бардыгы эстен чыгарын убагында эске албаганыма , карточка жазып койбогонума
өкүнөм. Кеч болду. Силер тарапта үч уктаса түшкө кирбес абал болду. Үзүлгөн үмүт жалгашып, 50
жыл көрбөгөн карындашым менен көрүштүм. Бул мени бактылуулардын арасына кошту.
Бексултан, "Кыргыз эл" коомун уюштурганыңарды ооруканада жатып үйрөндүм. Өткөн
жылы да операциядан кутулган элем. Быйыл да ооруканага түшүп, операция
кылып, 4-5 күн канды тургуза алышпады. Так ошол күндөрдө "КМнын"
(Кыргызстан маданияты" - Б.Ж.) өткөн жылдын 51-саны келди. Анда коомуңар
жөнүндө баяндама жарыяланган. Бир тараптан кан агуусу турбаса,
баяндамадагы ачуу чындыкты окуп алып, көзүмдүн жашын агыздым. Көзгө тың
көрүнгөнүм менен карылык өз жолун талашмакта. Күнүнө төрт ирет дары алуу менен жашайм.
Ошондуктан, узак жолго чыгыштан сактанам. Баяндамадагы айтылгандар менин черимди
жазбайт. Азырынча сапарга аттанмак мүмкүнчүлүгүм жок. Чакырыгыңа дагы бир
жолу чоң-чоң ырахматымды айтам. Ошондуктан чакыртып, убара болбо демекчимин. Азыр
кыргыздар дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө жашайт. Жалгыз ачынганым, араларында
окуп, билим алгандары аз (Азамат Алтай кийинки бир катында афганстандык
кыргыздардын ханы Рахманкул Кабул бийлигиндегилерге аралашып жүрүп, өңгөлөрдүн
балдарын мындай кой, өз балдарынын бирин да жогорку окуу жайынан окутуп албаганына жаны
ачып жазганы эсимден кетпейт. Чет жердеги кыргыздар арасында билимдүүлөр болсо алардын
өздөрүнө гана эмес, быяктагы кыргыздарга деле пайдасы тийер эле деген Азамат
Алтайдын оюна толук кошулам - Б. Ж.).
Азыр замана күндөн-күнгө өзгөрүп, жакшылыктын шооласы көрүнө баштаганда
өмүрдүн өтүп баратканына ачынат экенсиң. Кудайым ушундай жараткандан
кийин көнбөскө чара жок экенин да жакшы билем. Алдыда дагы кандай окуялар чыгары
белгисиз.
Дагы
жашап,
силердин
турмушуңардын
жакшырышына
тилектештигимди билдирем. Элибиз көп жылдар ыйман деген сонун адаттан ажырап, ар ким өз
көмөчүнө күл тарткан шартты баштарынан өткөрдү. Бул оорудан тез айыгыш жеңил
болбосо керек деп корком.
Өзүбүздөн кыскача кабар берейин. Аялым - Эдил татарларынан. Кытайда
эмиграцияда бойго жеткен. Биз Стамбулда таанышып, 59-жылы 40ка
жакындаганда үйлөнгөнбүз. Экөөбүз тырышып иштеп, кунун 25 жылда
төлөйбүз деп, 68 миң долларга үй сатып алганбыз. Кичинекей бакчабыз бар.
Жашообуз жаман деп айта албайм. Кудайга тообо кылабыз. Айта турган арман
көп, аны бүтүрө албайм. Ошондуктан, бул жерде чекит коюп, өзүңө узун өмүр,
ден-соолук, ишиңе ийгилик тилөө менен бүтүрөм. Соо бол, айланайын.
Агаң Азамат".
Азамат Алтай жогоруда калкка эмгеги сиңген кадыр-барктуу айрым
адамдарыбызга катуу ызада жүргөндүгүн, аттарын жашырбай ачык атаганын
илгерки адатыбызча билмексенге салып, көмүскө калтырсак туура болот беле?
Антип жаныбызды жегенде, калпычылыктан башка эч аброй тапмак эмеспиз.
Болгонду
болгондой,
укканды
уккандай
айтып
үйрөнүү
элдин
маданияттуулугунун гана белгиси. Ошентип Азамат Алтай эл-жерге келе
албасын айтты. Мен ага төмөндөгүдөй жооп жаздьм.
"Салоом алеким, ардактуу Азамат аба! Бугу айынын экисинде жазган катыңызды
Жаныбек тууган жагалдануу менен колума тапшырган эле, окуп алып, абдан
толкундандым. Аз да болсо өзүңүз менен сыр тартышып, баарлашкандай
болдум. Жан кейиткен жерлерин окуганымда, алдыңызда кымындай айыбым
болбосо да, өзүмдү күнөөлүдөй сездим. Кантебиз, башкалардын жорукжосундары үчүн бетибиз чымыраган учурларды башыбыздан далай эле
кечирип келбедикпи! Бирок элиңиз айкөл, аба. Ак-караны туюп жашаган
акыйкат, зээни таза агаиндериңиз кайсы бир көөдөктөрдүн сизге жапкан уулуу
жалаалары менен унутулгус ызаларын эстеп, жүрөгүңүз ачышкан сайын бүткүл
элиңизге, ошонун арасында Сиз жөнүндө жакшы ой, түз пикирде жүргөн
боордошторуңузга ич күптүңүз болбосо экен, алардан көңүлүңүз калбашын
Жараткандан тилээр элем.
Азамат аба! Сиздин өмүр, башыңыздан кечирген жашоо-тагдырыңыз, киндик
кан тамган Мекениңизден кыйла жылдар бою бир ооз жылуу сөз укпасаңыз да,
кыргызым деп жашаган кусалуу күндөрүңүз кыргыз калкына кенен-кесири
бурмаланбай жете турган учур келип жетти. Ошондуктан, башыңыздан өткөн
тагдырды, ой-санааларыңызды кагаз бетине түшүрүп калууну өтө зарыл деп
эсептейм. Аны өзүңүз жазасызбы, же башка бирөөгө айтып бересизби, айтор,
сиз жана сизге окшогондор жөнүндө китеп жазылып, быяктан басылып
чыкканы туура болот. Кандай бир себептер менен сиз туурасында чындыкты
жаза албай өткөрүп жиберсек, анда эле эл алдында, келечек урпактар алдында
биз да, сиз да өкүнүчтүү ката кетирип коёрубуз бышык. Ансыз да эл-жерге
келе албайм дегениңиз мени абдан өкүндүрдү. Анча-мынча болсо да сизге
жагымдуу иш иштеп койсом төбөм көктө болмок. Айла канча...
Баса, өзүм жөнүндө өткөндө айткандарыма бир-эки ооз кошумча. Жазуучумун.
1984-жылдан бери искусство институтунда сабак да берем. Эки жума болду,
Бакудан барып, доцент деген наамын жактап келдим. Негизги иштеген жерим
Театр ишмерлер союзунда башкармасынын катчысымын. Бир уул, бир кызым,
дагы неберелерим бар. Келиниңиз маданият министрлигинде экономист болуп
иштейт. Студент кезибизде баш кошуп алганбыз. Кудайга шүгүр, жашообуз
жаман эмес. Эсенчиликте бололу деп ,
иниңиз Бексултан.
Бишкек шаары 27.VI.1991-ж”.
Көп өтпөй Азамат Алтайдан жаңы кат алдым
"Нью-Йорк. Теке айынын 13ү. 1991-ж.
Ардактуум Бексултан,
Сенин өткөн айдын 27синде жазган катыңды Кайберен айлары
болгондуктанбы, айтор, адаттан илгери жеткирди. Катыңдагы жылуулуктун
илеби, өзүң жазгандай, мени да толкундантып алды. Бул айрыкча менин
абалымдакылардын турмушунда сейрек учурай турган сезим. Билем, мени
силер ботодой боздотподуңар. Бирок алар силердин араңарда. Далилди узактан
издебейлик. Бул күндөрдө "Ала-Тоонун” 4-саны
келди. Анда Советбек
Байгазиевдин ысымын учураттым. Азамат ага кекчил экен деп корутунду
чыгарба. Ал окумуштуу сөрөй бир убакта чириген системаны жактап, мени
“Түпкүрдү карай томолонуу” деген ушагын "КМда" жарыялаткан болучу. Эми
терисин алмаштырып, кайра куруу тарабына өткөн.
Бул күндөрү "КМнын" 17-саны келди. Андан "Кымбаттуу кыргыз
боордошторду!" окудум. Анда менин да ысмымды атагансыңар. Ырахмат. Сени
менен бирге аттары аталгандардан Жалилдин ыр-поэмаларын жактырып окучу
элем. Анын катарына Байдылда менен Сооронбайды кошом. Мактагандык эмес,
алар чыныгы акындар. Албетте мен үчүн. Акыркы убактарда силер тарапта
түрдүү коомдор уюшула баштады. Аларды санап бүтүрүш кыйын. Соңу
кайрымдуу болсо экен деген гана тилектемин. Алдым-жулдумга илгерки
көнгөн адаттарын кайталабаса болгону.
Эми сенин катыңда козголгон эстелик маселесине келейин. Өзүң жазгандай,
менин тагдырым өтө татаал, көп кырдуу, терең сырдуулардан экендигин өзүм
да тана албайм. Аны кагаз бетинде калтырышты, биринчиден, профессор
Беннигсен сунуш кылды. Кайра куруу, маалымдуулуктан кийин элден, бир
канча өзүң окшогон жакшы санаалаштар да сен койгон талапты коюшту. Мен
алардын кайсы бирөөлөрүнө картайгандыкты шылтоо кылып, “байланган ит
ууга жарабаса керек” деп жаздым. Туурасын айтсам, бүтүн өмүрүмдү иш менен
өткөрдүм. Жаш менен жалкоолук да өз энчисин талашмакта. Чыны мага окшоп
тырышып, өзүн өзү жетиштиргендер сейрек. Ошондуктан, сенин ”ойсанааңызды кагаз бетине түшүрүп калуу өтө зарыл” деген сунушуңду
кабылдайын деген пикирге келдим. Анын канчалык маанилүү экенин келечек
көрсөтөөр.
Бексултан, эгерде сен өзүң келип, менден алган материалдар менен китеп
чыгарсаң, “жердештик кылмак да" деген атка калаарыңды ойлодуңбу? Мен
сенден сырымды жашырбайм. Барлыгы айкын болушу керек. Мен сени чакырта
албайм. Чакыртыш үчүм бир тууган болуш керек. Пенсияда жашагандыктан,
жол каражатын төлөй албайм. Өзүң башкарган уйушма ал каражатты үстүнө
алсын. Менимче, буга кубатыңар жетет. Быякта отелдер кымбат. Бүгүн жеңең
экөөбүз кеңештик. Биздин үйүбүздө бир бөлмөбүз бар. Анда меним архивим
турат. Аган өзүңдү жайлаштыралык деп макулдаштык. Тамак-аштын чарасы
табылар. Чыны менин баскан татаал жолум өзүм менен көргө кетсе, келечек
муун аны кечирбес. Ошентип, элим алдындакы күнөөмдү көбөйтүп аларымды
өзүң эскерттиң. Мына иним, тилегиңе макул дедирттиң. Эми аракет өзүңдө.
Агаң Азамат Алтай”.
Элүү жыл элге кетем деп, эңсеген адамдын жообу ушундай болду. Эми минтип
заман оңолуп жатса, келбейм дегени эмнеси? Башым катты. Себебин ар нерсеге
жорудум. Же чын эле бир кездерде биздин гезиттер жазгандай, эл алдында,
Мекен алдында кечиримсиз күнөөсү барбы? Азамат Алтайдын тагдырына
ансайын кызыктым, ансайын сырын билгим келди. Өзүң каражат таап кел
дегенине эле Америкага жөнөп кетчүдей дегдедим. Бирок кантип? Аякка жетээр
каражат табыш кайдан эле оңой болсун! А кезде Америкага барат деген түшкө
да кирчү эмес. Досторум кеңеш салды. “Парижде СССРдин ЮНЕСКОдогу өкүлү
Роза Отунбаевага кат жаз, ЮНЕСКОнун акчасы саман да“ деп. Розаны сыйлайм.
Ал деле мени жаман көрбөсө керек. Бирок ошондо да каражат сурап, кат
жазышты туура көрбөдүм.
Ошентип, ЮНЕСКОнун жардамын көңүлдөн чыгарып турган кезимде, Роза өзү
жолукту. Ал жолуккан күн өзгөчө бир Кудайдын улуу, ыйык күнү эле. 1991жылдын августунда Чоң-Ташта 1938-жылы тымызын “соттолуп“, тымызын
атылган 137 адамыбыздын сөөгүн жайына берип жатканыбызда жолукту. Элүү
үч жыл жаназасы окулбай, бир тар чуңкурда күм-жам болуп, басырылып жаткан
шейиттердин жаназасы эми окулуп, бейиттерине эл дуба түшүрүп, топурак
салып турганда жолукканы жакшылыктын жышаанындай сезилди мага.
Ичимен тобо кылдым. Тилекке каршы, ЮНЕСКОдон жардам болбойт экен.
Бирок Роза аракет кыларын айтты. "Америкада бир жакшы теңтуш кызым
бар. Ошого кабарлайын, чакыртат", - деди. Ага көңүлдөнбөдүм. Эч тиешеси жок,
бөтөн бирөөгө жүгүмдү артышка дитим даабады. Кудай деген куру калбайт
демекчи, дал ушул ыйык күндө асмандан күткөнүм жерден табылгандай болду.
Шейиттерге топурак салып, куран окулган соң, төмөн машиналарды карай
басып келатсак, чарчы бойлуу, тармал чач, томолок жигит учурашты да, акырын:
"Аскар Акаевич октябрда Америкага барат. Делегацияга сизди да кошту. Эч
кимге айтпай туруңуз", - деди. “Айтпай калайын! Аялыма да угузбайм", - дедим
кубанганымды билгизбес үчүн
тамашага чалган болуп. Бул жигит
Президенттик администрациянын эң алгачкы жетекчиси Эднан Карабаев экен.
Кийин чогуу иштешип да калдык. Анан Чыңгыз Айтматов мени көрүп "Сага
айтыштыбы?" деди. "Эмнени?" десем, "Кечинде стекляшкада атабызга куран
окутабыз, кел" деди. Шейиттерге куран окутуу - парз. Кечинде өкмөттүн
"стекляшка" аталган Ала-Арча-4 дачасында эл көп болду. Бу жерден эми бая
Эднан Карабаев айткан жакшы кабарды Аскар Акаевич өзү айтты. "Америкага
камдана бериңиз”, - деди учурашып калганыбызда. Сүйүнгөнүмдөн "Ырахмат"
дедимби-жокпу, эмгиче эсимде жок.
Ошентип, буюрса, Америкага жол тартуу маселеси чечилгенсиди. Мен кудай,
арбакка тооп кылып жашаган жанмын. Кыйналып-кысталган учурларымда
Абийир атамдын арбагы колдоорун жакын санаалаштарыма айтсам, кээси
ишенсе, кээси ишенбегенсийт. Мейли, ишенсе, койсо - ар кимдин өз эрки.
Ишендирейин деген деле ниетим жок. Атүгүл андайды айткандан айтпаган
туура окшойт деген да ойго кетем кээде...
Ушул бүгүнкү ыйык күндө да, мүмкүн, арбак колдоп, Президенттин көңүлүнө
туура келип калгандырмын деп жорудум. Президент Аскар Акаев жетектеген
Мамлекеттик делегация 1991-жылдын октябрь айынын 18инде адегенде НьюЙоркто, анан Вашингтондо болуп, 26-октябрда элге кайтты. Мен Америкада
калып калдым. Анда мурдагы союздук республикалар өздөрүнчө
згемендүүлүгүн жарыялап, бөлүнүп алышкан менен, СССР таркайлек, эсен-соо
кези. Ошол учурда ООНдун Нью-Йоркто өтүп жаткан Башкы Ассамблеясынын
сессиясына алардын ар биринен делегация болбосо да, тышкы иштер
министрлери катышып, СССРдин ООНдогу Туруктуу өкүлчүлүгүнө жүк артмай
дале бар экен. Биздин делегацияга да машинелерди, тилмеч таап берип, виза
ачуу, самолетко билет алуу, каякта, кимдер менен качан жолугушаарыбызды
уюштуруу сыяктуу демейдегидей
түйшүктөр да Туруктуу өкүлчүлүктүн
мойнунда болду. Бирок анын кызматкерлери быяктан баргандарга илгерки
адаттарынча кыр көрсөтө
албай
калыптыр. Ишибизге
кийлигишпей,
тартыныбыраак жүргөндүгү мага аябай жакты.
Делегациянын мүчөлөрү Чүй жана Ош облустарынын акимдери Апас Жумагулов,
Батыралы Сыдыков жана Эднан Карабаев менен Вашингтондон коштошуп,
Нью-Йоркко СССРдин Туруктуу өкүлүнүн биринчи орунбасары Александр
Алексеевич Равзин, аялы Валентина Петровна үчөөбүз кеттик. Аскар Акаев,
Майрам Акаева, Президенттин кеңешчиси Леонид Левитин эртең менен
Флоридага учуп кетишкен. Делегациянын дагы бир мүчөсү - тышкы иштер
министрибиз Муратбек Иманалиев ООНдун Нью-Йоркто өтүп жаткан Башкы
Ассамблеясынын сессиясына эртең кайта турган болуп, бир күндүк
жумуштары менен Вашингтондо калды. Өткөндө Нью-Йоркто ООНдун
коомчулугуна Кыргызстандын Күнүн мен жалгыз өткөрүп, ага катышып
отурган Александр Алексеевич Равзин ишиме абдан ыраазы болуп, жакшы
таанышып калганбыз. Машинесин ал өзү айдап келатты.
- Шоферуңуз жокпу? – десем:
- Акчаны үнөмдөш керек. Быякта командировка кымбат, - деди.
Жол кенен, тегиздигин айтпа! Равзиндин Вашингтондон чыга берерде муздасын
деген шылтоо менен ичпей, эки орундуктун ортосундагы тектирчеге коюп
койгон кофеси Нью-Йоркко жеткенче чайпалбай келди. Чамасы, атайы эле
мени көрсүн деген окшойт. Беш саатка жакын тынбай айдады. СССРдин
Туруктуу өкүлчүлүгүнө кечки саат төрттөрдө келдик. Ал жерден Азамат
Алтайдыкына жетип алайын десем, Александр Алексеевич мага башка машина,
жаңы эле Москвадан келген орус шоопур берди. Баратканымды телефондон
айтып коюп, Азамат Алтайдыкына жөнөдүк. Буюрса, бир сааттык жол.
Шоопурдун колунда айдагычтар адашпас үчүн атайы чыгарылган Нью-Йорк
көчөлөрүнүн картасы бар. Улам-улам карап коёт. Көчөлөрдөгү, айрыкча
бурулуштардагы жол белгилерди түшүнө бербегенсийт. Шектенсем да,
шоопурдун көңүлүнө кетпесин деген ойдо унчукпай жүрүп отурдум.
Бир саат өттү. Эки саат өттү. Караңгы кирди. Же бир жетсекчи!
- Адаштык... - десем, шоопур жанталашат:
- Жок, жок! Башка жолго салгам, ыраак тура, - деп.
Дале кете бердик, кете бердик. Түнкү жолдор машинанын жыштыгынан дайра
болуп агып жаткан от сымал шумдуктуудай кооз көрүнөт. Ушинтип адашып
жүрө беришке деле макул элем, Азамат Алтай биздин каякка житип
кеткенибизди билбей, зарыгып отурганын ойлоп, санаам чыдабай, аргам
түгөндү. Шоопур эмнегедир адашканын мойнуна ала турган түрү жок. "Адеп
чыккан жерибизге кайра баралы, кайра баштан жөнөсөк, оңой табасың" , -десем
да болбойт. Жөө киши көрүнгөн сайын сурап ал десем, же сурабайт. Тил
укмайынча акылына кирбеген наадандар болот. Бу дагы ошондойдун бири
окшобойбу, сөксөм, дароо көндү. Эпилдеп-жепилдеп:
- Сиз отуруп туруңуз, мен сурап келе калайын, - деп, жолдун четинде бараткан
бирөөгө чуркап кетти. Бир аз сүйлөшкөн болуп, кайра жүгүрүп келди.
- Эми билдим, - деди.
Дале жетпедик. Айлана түн. Бирде токой, бирде үйлөр... Шоопур машинеден
чыкканымды каалабагандай. Адатынча "отуруп туруңуз” деп коюп, улам
бирөөлөрдөн сураган болот деле баягы "эми билдимин" айтып, жетип келет.
Барган сайын анын "билдимине" ишенбей, шектене баштадым. Түн ортосуна
жакын токойдун ичинде бир кичинекей ресторандын жанында токтодук.
"Токто!" деп катуу айтып, токтотууга туура келди. Шоопурдун бу жолку "отуруп
тур" дегенине болбой, артынан барсам, кырк-элүүнүн ортосун жашап калган
он чакты эркек-аял тойлоп отурган экен, шоопур аларга бирдеме жаңсап, кармай
барган картасына сөөмөйүн жөргөлөтүп, түшүндүрө албай жатыптыр. Мени
көрө сала көзү алаңдап, коркуп кеткенсиди. Бу шордуу менден бешбетер
англисче билбеген кокуй болуп жүрбөсүн деген ойго кеттим. Бирок күнөөсүн
көтөргүм келген жок, кантип эле англис тили кайнаган шаарда иштеген неме
англисче билбесин? Башка бир мандеми болбосо, билүүгө тийиш. Бирок кандай
мандем болушу мүмкүн? СССРден эгемен өлкөлөр жамырап чыгып, Башкы
Ассамблеянын сессиясына келген делегаттардын саны көбөйүп кеткендиктен,
аларды ташып жүрөөр айдагычтарды Москвадан жалдашыптыр. Менин
шоопурум ошолордун арасына, мүмкүн, жаңылыш кошулуп калгандыр? А
балким, жаңылыш эмей эле, акысына "доллар алса, турмушу оңолоор" деген
бирөөсү атайы түртө салгандыр? Мындай болушу ыктымал. Тил билбегенин
Туруктуу өкүлчүлүктүн чоңдору укса, Москвага кайта айдап жиберет деп
корккондон тил билбеген айыбын мени көрбөсө экен деп, бирөөдөн жол
сураштырарда жалгыз далбастап жүгүргөн себеби да ушудур? Менин да тил
билбесимди ресторандагы америкалыктар кайдан сезсин, мени тилмечтен бетер
тегеректеп калышты. Дөөдүрөшүп отурамбы, визиткамды көрсөттүм. СССР
менен АКШнын ортосу оңолуп турган жакшы учур. Визиткамды окуп алып, “Оо,
рашн! (бизче - "орус") дешип, колумду кыса-кыса силкилдетип, жаалдап
киришти. Шоопурдан "эмне деп атышат?" десем, "эчтеме, ичип алышкан тура"
дебеспи! Жаным кашайды, бирок сыртыман сыр бербей, береги
америкалыктарчасынан жылмайган болуп туруп, шоопурду "ты что, ни хрена
не понимаешь?!" деп каарып калдым эле, бир аял "та-та, ми не понимаай, не
понимаай!" деп, тишин жаркырата каткырды.
Америкада телефон-автоматтан бир долларлык күмүш теңге салып чалат.
Барменден кагаз акча майдалаттым да, Азамат Алтайга адашып жүргөнүбүздү
"сүйүнчүлөп", телефон чалдым. Азамат Алтай үнүмдү тирүү укканга кубанып:
- Сен азыр кайдасың?! - деди.
- Кайда экенимди билсем адашпайт элек ко... - күлөөр бекен деп, бура
сүйлөгөн болдум эле, күлгөн жок. Мен өзүмдү ого бетер күнөөлүдөй сездим.
- Жаныңда ким бар, берчи, - деди.
Америкалыктардын бирине трубканы бердим. Сүйлөшө баштады. Убакыт бүтүп
баратканда, автоматка доллар салайын десем, салдырбай, өз долларын салып
жиберди. Ал сүйлөшүп жатканда беркилер да биринен бири озо долларларын
белендеп, бизге жакшылык кылуунун далалатында болушту. Тиги киши
телефондон Азамат Алтайды угуп турду да, каткырып жиберди. Анан
беркилерге бирдеме деди эле, беркилер да боору эзилгенче күлдү. Шоопур
экөөбүз ар кимдин күлгөнүн тиктеп, макоо немелердей турдук ырсайып. Тиги
киши акыры трубканы мага сунду. Дале тигилердин күлкүсү тыйылбайт.
Бекер оюн көргөнсүп, өз ара жыргап атышты.
- Бексултан, - деди Азамат Алтай телефондон, - силер бөлөк штатка кирип
кеткенсиңер...
Демек, ресторандагылар ошого, толгон сааттан бери адашып жүргөнүбүзгө
боорлору катканын түшүндүм.
- Айдагычың өзүңө окшоп тил билбеген байкуш... - Азамат Алтайдын ушинтип
улаган сөзүн укканда эми мен каткырдым. - Силерге англисче айткан менен
түшүнбөйсүңөр, андыктан, айдагычтын колунда карта бар. Жолду чийдирип
алсаңар, таап келишиңер мүмкүн. Мен сүйлөшкөн адам биздикине келээр
жолду жакшы билет, - деди.
Шоопурдагы карта Нью-Йорк шаарынын гана картасы экен, азыр биз адашып
жүргөн штат ага түшпөгөндүктөн, кудайдын айтканын көрө жатарбыз деп,
коштошуп жөнөп кеттик. Бизде өмүр бою америкалыктарды, Америкасын кошуп
жамандап окутуп, жамандап жазып келишкен. Америкага келгени жан
кейитээр жамандыктарын байкабадым. Буларда деле жамандык бардыр?
Мүмкүн, толуп да жаткандыр? Ансыз эл болбойт. Бирок жамандашуунун да
маданияты болуш керек да. Биз ошондой маданиятка тарбияланбай, көнбөй
өскөнбүз. Деги эле башкалардан жамандык издебей жашаган сапаттын болушу
адамдын каны менен бирге жүгүрүп тураар дээрденби, же тарбия,
саясаттанбы? Менимче, дээрден да, беркилерден да болуу керек.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 15