Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 12

Total number of words is 3847
Total number of unique words is 1991
25.7 of words are in the 2000 most common words
35.5 of words are in the 5000 most common words
40.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
"Менин таанышым, бул кыз орусча китептерге заказ берип, аларды алдыра
билет”, - деп рекомендация бердим. Жорж Люби деген биздин башчы
Валентинаны ишке алдырды. Ошентип, кыргыздарды жакшы билген бир адам
биз менен барабар иштей баштады.
1970-жылы 28-июлда Стамбул университетинин профессору Тогандын
дүйнөдөн кайткандыгын уктум. Заки Валиди профессор Тогандын чыныгы аты.
Валиди 1917 - 18-жылдарда Ленин менен келишим түзүп, Башкырстанга аскер
курган, жетишкен профессор эле. Ал агай мен Түркияга келген жылдарда
университетке киришке жетишээрлик даражасы бар деп рекомендация берген
эле. Маган эң жакын караган, бүтүн түркстандыктарды жактаган окумуштуу
болучу. Заки Валиди аганын бир канча китептери чыккан. Анын кайтышы мени
кайгыртты. Не кыласың, үйгө кээ бирлерин чакырып келип, жакын көргөн
адамымдын арбагына багыштап, куран окуттум. Бул менин милдетим эле.
Германиядан Рысбай деген Гүлчөлүк агай келип кетти. "Кар Кожо" деген
казактардын эпосубу, поэмасыбы, алып койгон элем, Рысбай кетип баратканда
Дөөлөт Тагиберлиге берип жибердим. Заки Валиди аганын эстеликтерин түрлүү
китепканаларга таратып, андан түшкөн акчаларын кийин Сүбөтай деген уулуна
бердим.
1971-жыл да келди. Мурдарак татарлар комитети түзүлүп, мен төрага болуп
шайланган элем. Татарлар, кыргыздар болуп майрамдарда чогулуп турат элек.
Ал үчүн Колледж пойнт деген көчөдөн үй сатып алдык, ошол жерде топтошуп,
майрам өткөрөбүз. 1971-жылы 3-апрелде татар комитетинде Абдылда Тукай
кечесин өткөрүп, ал туурасында мен баяндама жасадым. "Абдылда Тукай түрк
жерлеринде" деген кыргызча, өзбекче китептеринен шилтеме кетирдим.
Татарлар комитети ушу күнгө чейин ишин алып барат. Азыр аны жетектеген
бизден кийинки жаштар.
1971-жылы 12-апрелде китеп жыйначу бөлүмдү жабышты да, биз менен барабар
иштегендерди
түрлүү
бөлүмдөргө
жиберишти.
Мени
"Каталогдор
департаментине" кетиришти. Анда Советтер Союзунан келген орус тилиндеги
китептерди каталогдоштуруу керек эле. Китептин кыскача мазмуну менен
таанышасың да, кийин ал китепти кайсы бөлүмгө жиберишти чечесиң.
Департменттен Галя деген еврейка биздин жасаган иштерди текшерип турат.
Англисче өтө жакшы билбегендиктен, бир жерлеринде жаңылыш да кылып
жүрдүм. Анын баардыгын өзү түзөтүп жүрдү. 1972-жыл, 2-август. Франклин
авенюда, силерче айтканда, кооператив квартирам бар эле, аны сатып, азыркы
турган Парсонстондогу үйдү сатып алдык.
Библияны он беш жылдай кыргызчалоо
1973-жылдын 20-августунда Парижге келдим. Себеби, Библияны кыргызчага
котортуш аракетин кылып жүргөн, улуту югослав Борис Арапович деген басып
чыгаруучу: "Сенден башка кыргыз табалбадым, Библияны которуп бер", - деген
эле. 1973-жылы 22-августта "Жаңы осуятты" которуу келишимине кол коюлду.
Библияны которууга он беш жылча убакыт кетти. Оболу орусчасынан,
түркчөсүнөн, французчасынан Библия кандай которулгандыгын өздөштүрүп
алып, андан кыргызчалай баштадым. Дин китеби ыйык, андыктан, ыйыктын
ырасмисин сактап, келишим боюнча котормочунун ысымы жазылбайт, котормо
кайталанып басылган сайын калем акыны да кайра-кайра албайт. Адегенде гана
бир алуу парз. "Евангелие" деген грек сөз орусча "Добрая весть", ал эми
кыргызчасы "Жакшы кабар" делгени туура. Ошол күндөрдө Парижди көрөйүн,
балдарыма көргөзөйүн деп Төлөмүш үч кызы, аялы Магира болуп келишти.
Кийин Парижди кыдыртып, Версаль деген шатосуна алып барып, 28-августта
Женеваны көздөй Швейцарияга кеттик. Швейцарияда Сергей деген досум бар
эле, аны менен телефондон байланыштык. Европаны, Парижди кыдырып жүрүп,
1973-жылы 6-сентябрда автомобиль алып, Машанын (Маша - Беннигсендин
улуу кызы) үйлөнүү тоюна келдим, тойдо эң жакын достор катарында кабыл
алышты. Машаны мен бала чагынан чоңойтуп келгендиктен, үйлөнгөн күнү:
“Эми менин балдарымды да чоңойтушканга жардам берээрсиң”, - деп
тамашалады. Түштүк Францияда бир канча күн саякаттап, эски достор менен
жолугушуп, жакшы күндөрдү өткөзүп, Америкага кайтып келдим. 1974-жылы 5февралда "Жаңы осуяттын" бир бөлүгүнүн акчасы келди. Ишимдин үзүрүн көрө
баштадым.
1974-жылы июнда Көпжашар Нарынбаев деген Казакстандын министрлеринин
бири келди. Аны менен таанышып, үйгө чакырып конок кылдым. Көпжашардын
аялы аппак болгон орустун кыздарынан эле. Каралар жашаган Карлем деген
районду көргөзүңүз деп өтүндү. Мен аларды автомобилге отургузуп алып,
Карлем районун көргөзүп, кубандырып узаттым.
1974-жылы 24-июнда Моисеевдер дегендердин концерти келди. Анда кыргыз
комузчулары да келген, аларды кийин үйгө чакырып, конок болуп кеткиле
десем уруксат беришпейт дешти. Кийин Колумбия университетинен жумушта
отурган жеримден телефон чалып: “Кыргыздардын салты боюнча, келген
адамдарды чакырып конок кылыш, сыйлаш менин милдетим болсо, чакырган
жерден чай ичип кетиш алардын милдети”, - деп түшүндүрсөм, башчысы
концерттерге убагында кечикпей келип турушса барышсын деди. Уруксат
алгандай кийин Садык тууганга телефон бердим. Бруклинден Ашыр тууган
келди. Алар алты-жети киши эле. Бир автомобилге сыйбайт. Садык экөөбүз
барып, аларды үйгө алып келдик. Ошол күнү биздин үй бир кыргыз үйүнө окшоп
кетти. Анда төрт жигит, үч аял болсо керек эле, комуз чертип, кыргыз ырларын
ырдап, абдан көңүлдүү отурдук.
1974-жылы Украинанын опера театрынын солисткасы, анын күйөөсү,
сиңдисинин күйөөсү Риам Балалиддинов деген татар экен, ушулар качып
келишти. Алар Болгарияга, андан Югославияга өтүп, Югославиядан качкындар
уюшмасына кайрылып, Америкага келишкен. Риам Украинадагы сүрөтчүлөр
союзунун мүчөсү болгон, атагы чыккан жаш жигит экен. Мында келип, Толстой
кору деген уюшмада турганда, Шамиль уулу Муканбет деген татар анын
каражатын төлөп, бир бөлмөлүү квартира алып берип, сүрөттөрүн тарттырып
баштады. Качкындар көргөн кордуктарга бул байкуш да түшпөсүн деп, аны
алып, Флоридага кеттим. Ошол убакта профессор Александр Беннигсен
досумдун уулу Виктор Колумбия университетине келип окумак болду. Бирок
анын каражаты жок эле. Биздин бир аз жыйнап жүргөн акчаларыбыз бар эле,
аларга карызга бердим. Арадан бир канча жыл өткөндөн кийин алар бүтүн
карыздарын кайтарып беришти. 1975-жыл 7-мартта Колумбияда иштеп жүргөн
башчыларымдын бири келип: "Сен жакшы иштеген адамсың, сени иште
калтырабыз", - деди. Көрсө бир канча адамдарды иштен чыгарышкан экен.
Кыргыздын чыгаан уулдары Чыңгыз менен Болотко кездешүү
1975-жылдын 30-майында Германиядан Дөөлөт келген эле. Ага кошуп Рамазан
деген татар досум бар эле, аны дагы чакырып, конок кылдым. Ошондон көп
өтпөй эле Мира Гинзбург деген аял “Ак-Кемени” которо баштап, көп сөздөрүн
жакшы түшүнбөй менден сурап, акылдашып которгон эле. Чыңгыз ал аял менен
кат алышып турат. Чыңгыз “мени Америкага чакырт" деп кат жазса, Мира
болбой коёт. "Солженицынга каршы кол койгондугу үчүн чакыртпайм” деген.
Анан Нью-Йорктун бир театры “Фудзияманы” коймок болуп, спектаклдин
программасына реклама катары кыргызча текст жазууну туура көрөт. Бирок
кыргызча которуп берээр киши таппай, Колумбия университетине кайрылышат.
Аяктагылар мени сунуш кылат. Колумда "Фудзияманын" "Жылдыз" журналына
басылган казакчасы бар болчу. Аны мага Саим Балмуханов жиберген эле, 30
мүнөттө кыргызчаладым да, кийин програмасынын мукабасына жабыштырып,
менин кол жазмамда Чыңгыздын пьесасынын программасы таратылды.
Театрдан телефон чалып "Театрга абонемент билет берели, гонорар төлөйлү"
дешти. “Мага билет да жибербегиле, гонорар да албайм. А көрөк Айтматовду
чакыргыла” дедим мен аларга. Алар Чыңгызга чакыруу жиберишти. “Айтматов
келгенде, албетте, сени менен байланышат, ага жолуккум келет, мени айт”, - деп
Мира Гинзбургдан өтүнсөм, ал: “Мен айтпайм, өзү жолуккусу келсе гана сага
кабарлайм”, - деди.
1975-жылы 17-июлда Москванын атактуу Чоң театры Америкага "Борис
Годуновду" коюп келди. Гастроль Нью-Йорктон башталган, Борис Годуновго
Миңжылкыевди эмес, башка Нестеренко деген ырчыны алып келишкен. НьюЙорктун газеталары Нестеренко менен Синявскаяны "Борис Годуновго"
жарабайт деп сындашты. Сындан кийин Миңжылкыев деген опера артисти
келиптир деп газетага жазып, Орто Азия менен Кытайдын ортосундагы
мамлекетте туулган адам экен деп кабарлашты. “Москвадан Миңжылкыевди
түнү менен алдырышка аргасыз болду” дегенди окудум. Миңжылкиев кыргыз
же казак болсо керек деген ойдо мейманканасына барып, телефон чалдым.
- Колумбия университетинде иштеймин, мен бир четте калган кыргызмын, сени
менен көрүшкүм келет, - дедим Болотко.
- Мен дагы кыргызмын, агай, пять минут, - деди да, беш минутта чуркап чыкты.
Болот менен тааныштым.
- Бир жерге барып отуралы, кааласаң үйгө баралы, - десем Болот:
- Бүгүн бошмун, кайда десеңиз, бара берем, - дегенде, телефондон Саниени
"тамак даярдап тур" деп үйгө келгенбиз.
Ошондо үйдө отурганыбызда Мира мага телефон чалып: "Айтматов сени сурап
жатат", - деп Чыңгыздын телефонун берди. Чыңгыз менен телефондон сүйлөшүп
алып, Болот экөөбүз автомобилим менен жетип бардык. Кучакташып көрүштүк.
Үйгө чакырдым. Чыңгыз менен биринчи жолугушуубуз ушундайча болгон. Анын
атагы чыга баштаганына, кыргыз наамын алыска угузганына сыймыктандым.
Ал жөнүндө “Азаттыктан” зыяныбыз тийбегендей угузалы деп, өзүмдү да,
жигиттерди да дайым этиеттикке чакырып турдум. Эңсеп жүргөн,
кыргыздардын атагын дүнүйөгө тараткан бир кыргыз да менин үйүмдө болуп
кетти. Мендеги Чыңгыздын китептерин жыйнап алып, Болот менен Чыңгыздын
отелине кеттик. Отелинде эки сакчы бар эле. Бири КГБнын сакчысы, экинчиси
ЦРУнун сакчысы. Санжарды барымтага кармап, чыгарбай коюшуптур. Мен ал
жерде кыргыздын үч уулу менен отурдум. Чыңгызды сыртынан билер элем.
Санжарбек менен Болот өзүлөрүнчө орусча сүйлөшүп отурушту. Мен Чыңгыз
менен сүйлөшүп отуруп, кайтып үйгө кеттик. 19-июль күнү Ашыр, Курманбек
болуп Болотту Эргеш агага алып бардык. Эргешти чет элде калгандардын
аксакалы катары “агай” дейбиз. Эргеш ичип алса, “агай” деген сөзүңөрдөн
айланайындар деп көзүнүн жашын төгөт.
Июлдун 20сында Чыңгыз биздин үйгө келүүгө макулдугун берди. Мен анын
отелине барып, автомобилиме отургузуп, үйдү көздөй чыкканда ушундай
жамгыр төктү. Чыңгыз да таң калды бул жерде укмуштуудай жамгыр жаайт экен
деп. Радиону ачсам, биз кете турган жолду суу басып, жабык болуп болуп
калыптыр, автомобилдер тыгылып турат деп кабарлады. Башка жолго салып,
Чыңгызды үйүмө алып келдим. Чыңгызга кошуп, Абдулла Бапалы деген татар
досумду чакырдым. Абдулла аялы Уркуя менен келип, Чыңгыз менен тамак
жешип, ар нерсени сурашып отурдук. Абдулла татарча жакшы ырдачу эле,
чечилип ырдап берди. Чыңгыз менен сыймыктанганын айтты. Уркуя да
Чыңгыздын бүтүн чыгармаларын окуп чыккандардан эле. “Чыңгыз, ушунчалык
талантты кантип башыңа батырасың?” - деп Уркуя тамашалады. Саат 9-10дордо
отелге жеткирип кой деген Чыңгыз менен биздин үйдө 3кө чейин отурдук.
Абдулла ал тарапка кете турган болгондуктан, “сен убара болбо, мен Чыңгызды
өзүм таштайм” деп алып кетти. 1975-жылы 21-июлда түнкү саат 11лерде
Чыңгыз Вашингтондон телефон чалып, кетип бара жатканда бизге ырахматын
айтып, Абдулла менен Уркуяны мактап, жакшы досторуңуз бар экен деди деп
кой дейт.
Болот Нью-Йоркто турганда мен Мүнхенге телефон чалып: “Биякта
Миңжылкыев деген инибиз америкалыктарга кыргыздын атагын чыгарып,
мыкты ырдап атат, келип көрүп кеткиле”, - деп Төлөмүшкө кабар бердим. Ал
аялы, үч кызы менен келген 1975-жылы 23-июнда Болот Чоң театр менен
Вашингтонго которулуп кеткен эле. Эртеси биз автомобилге отуруп алып,
Болоттун аркасынан Вашингтонго келсек, билет жок экен. “Борис Годуновду“
ырдаган Миңжылкыевдин туугандарыбыз, атайы Европадан келдик десек да
“билет жок” дейт. Анда Миңжылкыевге жолуктургула десек да болбойт,
гримденип отурган учуру дейт. Болоттун гримденип отурган жеринин
телефонун билип алып чалсам, “киргизет, киргизбей көрсүнчү” деди Болот. Бир
маалда, чамасы театрдын администратору болуу керек: ”Миңжылкыевге келген
кимдер?” - деп бирөө сыртка чыкты. Төртөөбүз экенибизди көрүп, “эки кишиге
гана орун бар” деди. Алар мурун көрбөгөндүктөн, мен кыздары менен спектакль
бүткөнчө автомобилимде калдым. Төлөмүш менен аялын алып кирип кетишти.
Болоттун эрдиги аркасында Төлөмүштү аялы менен кайда отургузушканын
билесиңерби? Америка Кошмо Штаттарынын президентинин ложасына!
Көрсө мен телефон чалгандан кийин Болотко да “орун жок” деген сөздү
айтышкан. Болот “анда мен ырдабайм” деп чапталган сакал-мурутун жулуп
ыргытып, гримденбей кетиптир. Айлалары кеткенде Төлөмүштү аялы менен
президенттин ложасына отургузушат. Болоттун эрдиги дагы алдыда.
Ариясынбы, дуэтинби ырдап аяктаган сайын ырчылардын элге жүгүнгөн урматсыйы бар да, Болот адегенде ложадагы Төлөмүштөргө жүгүнүп, анан элге
жүгүнүп турат. Анткен сайын залда отургандар кайсы бир өлкөнүн атактуу
королубу, же падышасы катыны менен отурган экен дегендей, ложаны карай да
беришет, Болоттун талантына дүркүрөтө кол да чаба беришет. Эл-жерден
бозгон, өз мекенинде кордолгон агаларынын сөөгүн Болот ошентип агарткан!
Болоттой керемет үнү бар эр-азаматтын кыргыздан чыкканына мактаныш да,
шаттаныш да керек. КГБнын полковниктеринин бири чакырып алып: “Болот,
сен душмандарыбыз менен көрүшөсүң, аларга жакындаба”, - дегенде, аларга
каршы турганын мага кийин жанындагы балерина айтып берген эле.
“Сиздердин Ивановуңуз кетсе, Петровуңуз калат. Биз аз калкпыз, биз бирибирибизге караан болбосок, жок болуп кетебиз”, - деп жооп кайтарган экен. Анда
полковник да жумшарып: “Болот, сага айтканымдын себеби - жаныңдагы
жолдошторуңдун бири келип, көрө албастык кылып, сени жамандап жатат”, деп Болотко эскерткен экен. Көрсө, сыртка чыккан советтик артисттердин
бозгундар менен көрүшүүгө акысы жок экен.
Вашингтондогу Салих Пайз деген татар досум дем алышка Калифорнияга кетип
жатып, мага өз үйүнүн ачкычын таштап кетишкендиктен, биз театрдагы
артисттерди чакырып, сыйлашка мүмкүнчүлүк жаралды. Төлөмүштөрдү үч
баласы менен аялына Американын дагы кайсы жерлерин көргөзөлүк деп
кыдыртып, Ниагара шаркыратмасына кеттик. Ошондо Махира ыраазычылыгын
айтып “Азамат ага, сиз бизге атабыз көргөзбөгөн жакшылыктарды кылдыңыз”
деди. 1975-жылы 22-августта Төлөмүштөр кайтып Германияга кетишти. Биздин
Европадагы жакын туугандарыбыз Американы көрүп, Кыргызстандан келген
Болотту көрүп, аябай кубанышты. Октябрь айында Европадан Борис Арапавич
деген Библияны котортуу иниститутунун директору да келди. Аны менен
Библиянын “Жаңы осуятын” кандай которуш туурасында көпкө аңгемелештик.
Декабрь айларында Аманберди Мурат деген түркмөн тууган университетке
келди. Анткени, “Азаттык” радиосунун Нью-Йорктогу Түркстан редакциясынын
мүчөсү эле. Ошол күндөрдө Төлөмүш жүрөк оорусуна дуушар болуп, студияга
келгенде жазып келген макалаларын окуй албай калган. Ошондо Төлөмүш
аялына сен оку деген. Крым татары аялы биздин арабызда болгондуктан, чалабула кыргызчалаштырып окуп, эфирге жиберилди. Советтер
Союзунда
“Азаттык” радиосун ушундай муунтуп турган убак болчу. ”Азаттык” радиосун
өзүң баштаган элең, эгерде Төлөмүш ишин алып бара албай калса, сени
Германияга чакырткан жатышат”, - дешти. Мен анчалык ыраазы болбодум.
Төлөмүштү кудай аман-эсен койсун деп, менин барышымдын кереги жоктур
дегендей жооп айттым.
1976-жылы 18-февралда Беннигсендин жүрөгүнө операция кылынды. 1976жылдын март айларында “Ыйык апостолдордун иштери” деген бөлүмүн менин
атымдан бир аз жардам болсун деп, Төлөмүштүн балдарына которуп бердим.
Анткени, ден-соолугунун начардыгынан Төлөмүш аны которо албайт эле. Кийин
кыздарынан ырахматын уктум. 1976-жылы
майдын 20сында Зунундун
дүйнөдөн кайткандыгы туурасында Төлөмүш шашылыш кат жиберди. Зунун
Вели “Азаттык” радиосундагы Түркстан бөлүмүнүн башчысы болуп келген. Ал
адам менен мамилем өтө начар эле. Өз ара “Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса
бытпылдык" деп күлөр элек.
1976-жылы 22-майда түрк жазуучусу Яшар Кемал Колумбия университетинде
лекция окуду. Ошондо экөөбүздүн аңгемебиз Чыңгыз тууралуу болду. Албетте,
Яшар Чыңгыз менен да сыймыктанды. Көрсө ал эски замандарда келген
түркмөндөрдөн экен. Бул жерден да чыгыш түрктөрүнүн өз ара жакындыктары
сезилди.
1976-жылы 16-июлда биз Монреалга, ачылганына жаткан Олимпиадага бардык.
Олимпиадага келген кыргыздардын арасынан Жоробек Өмүрзаковду көрдүм.
Ал бизге “Азаттык” радиосунун уктуруусун тоого чыгып, балык уулаган убакта
уккандарын айтып берди. 29-сентябрда Аманберди Мурат Мустафа Чокайдын
Берлинде чыгарган "Жаш Түркстан” деген журналдын 1929 - 39-жылдарда
чыккан сандарын ксерокопия кылдырдык. Кийин ал материалдарды бүтүн
түркстандыктарга тараттык. Анын кайсы бирлери Казакстанга жеткенинен
кабарым бар.
1977-жылы март айында Вероника Энштейн менен таанышып, “Интернэшнл
лайбрел” борборунан антибольшевиктик, антикоммунисттик китептер ала
баштадым. Алардын баардыгын келген-кеткен адамдардан берип жиберебиз
деп келишим түзгөн элек. 1977-жылы 23-декабрда Алим ага о дүйнөгө кетип,
аны көмгөндө барып, мүрзөнүн үстүндө инилик милдеттимди аткарып сөз
сүйлөдүм.
1978-жылы сентябрь айларында “Азаттык” радиосунун директорлорунун бири
Таг деген мырза Нью-Йоркко келди. Мени Нью-Йорктогу офисине чакыртып,
отуруп аңгемелештик. Ошондо: "Сиз “Азаттык” радиосун баштагандардансыз,
кыргыз бөлүмү анча жакшы эмес. Төлөмүш Жакып уулунун оору экенинен
кабарыңыз бар. Ушу өзүңүз баштаган ишти улантпасаңыз, кыргыз бөлүмү
жабылыш коркунучунда турат. Албетте, башкалардыкындай шарт эмес,
өзүңүздүн аракеттериңизге байланыштуу даражаңыз да көтөрүлөт. Акчасы,
материалдык тараптан жакшы шарттар түзүлөт”, - деп айтты. Эми барып,
Төлөмүштүн жанында иштеп, кыргыз деген атты улантпасам болбосо керек
деген ойго келдим. Ошентип, Германияга кетишке туура келди. Нью-Йорк
китепканасында жети жылдык, Колумбия университетинде он беш жылдык,
бардыгы биригип жыйырма үч жыл иштеген ишти таштап, аякка кетиш кандай?
Ошондо келечегимде пенсия маселеси кандай болорун түшүндүм. Колумбия
университетиндеги биздин бөлүмдүн башчысына келип, “Азаттык” радиосуна
барып иштейин да, кайтып келгенде пенсия маселесин узартыштын шартын
түзүп бериңиз дедим. Ал аял менен менин өз ара мамилем анча жакшы эмес эле,
көп нерсеге ыраазы болбоду. Ыраазы болгон-болбогонуна карабастан, мен
Колумбия университетин калтырып, Германияга сапарга чыгышты чечтим.
Өзгөчө 1980-жыл
Мен адаттагыдай күндөлүк жазам. 1980-жылдын биринчи күнүн, Карис
Канатбай, Темирбек, Дөөлөт агаларага жаңы жылын куттуктап, бактылуу жыл
болушун тилеп, телефон чалдым. Бул бөтөнчө бир жыл болду. Советтердин
Ооганстанга баскынчылык кылып кириши дүнүйөнү толкундатты. Радиодон
күндүр-түндүр Ооганстан туурасында маалымат берип турдук. “Азаттыктын”
Вашингтон, Нью-Йорк, Париж, Лондон, Римдеги кабарчылары ал мамлекеттеги
таасирлер туурасында жазып турушту. Биз аны которуп турдук. Менин
келечектеги орунбасарым Аким Өзгөн Германияда калыш үчүн Грешина деген
немкага үйлөндү. 10-февралда Москва радиосу Чыңгыздын сүйлөгөн сөзүн,
“Эрте жаздагы турналар” туурасында кабар берди. Абдрахман Афтарханов
баяндама жасап, 70ке жакын адам чогултту. Бул эмиграциядагы чоң жыйылыш.
Советтердин келечеги жөнүндө сөз козгоду. Албетте, оогандар туурасында
биздин алган кабарларыбызга караганда, Кабулда дүкөндөрдө эмнелер сатылса,
биринчи араб тамгасы менен, экинчи орус тамгалары менен жазылган, орус
сөздөрүнөн айтылган рекламалар кылынган. Ооганстан Советтер Союзунун 16республикасы деп эсептээр элек. Ошого карабастан, алар басып киришти.
Стокгольмдогу Бористен кат алдым. Мен "Жаңы осуятты" которуп бүтүп калган
элем. Бир күнү Айша Рубик деген кыз келди. Ал румыниялык татар эле. Көрсө ал
профессор Александр Беннигсендин студенти болгон экен да. Азыр Айша Калифорния университетинде түрк калктарынын тарыхы боюнча профессор.
Апрелдин алтысында Карис аганы интервью берүүгө үндөдүм. “Түрк Эли” айлык
журналынын тарыхын жазалык
деп келиштик. Аянычтуусу, эч нерсе
жазылбады. 19-апрелде элден келген биринчи диссидент менен уйкусуз таң
атырдым.
Бишкектеги кыз-келиндер институтунда марксизм-ленинизм экономикасын
окуткан Маметти Мүнхенде алып калыш үчүн колдон келишинче аракет кылып
көрдүк. Төлөмүш Маметти конокко чакырып кетип, бир аз одонолук кылдыбы,
“сен тыңчысың” деп аны кубалап жиберген экен. Биз эртеси Мамет менен Карис
агага кеттик. Караколдук Бакей Шадык уулунун мазарына барып, куран
окуттук. Бул күндөрдө Американын заңы боюнча Хомлив деген программа бар.
Анда чет элде иштеген америкалыктар ар бир экинчи жылы дем алышка кетип,
үйлөрүн көрүп келишсин деген тартиби бар. Ушул күндөрү төрт-беш чакырым
жөө басышты тартип кылган элем. Вокзалга жетип, жолоочуларды көрүп, бир аз
чарчап, үйдү көздөй бет алдым. Үйгө жакындап келе жатканымда радио
тараптан бир нерсе жарылгандай добуш угулду. Эмне жарылганын кайдан
билейин? Үйгө келип киргенден кийин Абдрахман ага “Азыр немистердин
радиосу кабар берди, силердин станцияны жардырышты” деп телефон чалды.
Эртеси ишке эртерээк бардым. Адамдар жыйылган, полиция биздин имаратты
курчап алышкан. Бул имарат согуш заманында курулган да, ооруканага
ылайыкташтырылган. Бирок азыр “Азаттык” радиосунун жана “Эркин Европа”
станциясынын бүтүн адамдары анда иштечү. Ушул баракка окшогон имаратта
миңге жакын киши иштээр элек. Бомба так кыргыз редакциясынын жанында
жарылган. Чехословакия, андан бери кыргыздар, кийин татар-башкырлардын
редакциясы турчу. Чехословакия бурчта туруп, бир аз караңгы болгондуктан,
бомбаны ал жерге койсо керек. Бомбанын жарылыш күчү Чехословакия
радиосуна көп зыян келтирген. Экинчи зыян биздики эле. Төлөмүш отурган
бөлмөдөгү машинкалар кыйраган, талкаланган айнектер бурчтагы архивдерге
жабышкан. Эгерде бул маалда Төлөмүш ал жерде болсо, тирүү калмак эмес экен.
Чехословакия бөлүмүндө түндө дежур болуп отурган бир аял жана 2-З киши
жарадар болгон. Татар-башкырлар тараптагы жардырыш биздикинен азыраак
болгон, аларда да машинкалар кыйраган. Айтор, бизди 23-февралдын түнүндө
кыйратмакчы болушкан. Бул жерге келиш үчүн имараттын тегерегине дубал
коюлбаган эле. “Коюн алдырып, короосуна кулпу салдырган” дегендей, булар
андан кийин бийик дубал, кароолчу коюп сактанышты. Жарган
кылмышкерлерди издейбиз деп радио аркылуу айтып, газеталарга жазышты.
Бирок алардын эч кимисин таппады. Ошентип, биздин талкаланган
машинкаларды жаңыдан сатып алышка, жаңы буюмдарга ээ болушка туура
келди. Биздин аркабыздан душман жүрөрүн илгертен билер элек.
Телефондордон Париж, Нью-Йорк, Стамбулдан бизге чалып, амандыгыбызды
сурап жатышты.
1980-жылы 12-июнь - Төлөмүш Жакып уулунун Жамыйла деген кызынын
туулган күнүнө кой союп, керчөөсүн куйкалатып келип, "мунун татымын Азамат
ага билет" деп астыма койду. Шарип, Мамет болуп “Азаттыкка” макала жазып
отурганбыз. Шарип:
- Социалисттик
Эмгектин Баатыры деген наамды сиздин заманыңызда
алгандардан билесизби?” - деп мага суроо берди. Мен Зууракан Кайназарованын
атын атадым.
- "Түркстан” деген сөздүн мааниси эмне? Кыргыз жергесинде Түркстан деп
аталган бир нерсе барбы? - деп Шарип дагы сурады. Мен Түркстан деген ирак
сөзү, бизче "жер", “жай" дегенди билдирээрин, демек, "түрктөрдүн жери, жайы,
түрктөр өлкөсү” деген мааниде дедим. “Кыргыз жеринде Түркстан деген бир
нерсенин аты барбы?” деген суроосуна “Өзбекстан менен Кыргызстандын
ортосунда "Түркстан тоо кыркалары” деген тоо бар” деп жооп бердим. Анда
Төлөмүш "Азамат ага Сабырга окшоп, бардыгын биле баштаптыр го” деди.
Сабыр деген - каракалпак. Ташкенде окуган. “Түрк Эл” комитетинин катчысы,
журналистикага бир аз катышып жүргөн адам эле. Сабыр менден беш-алты жаш
улуу, Мүнхенде жашайт, беш сөздүн төртөөнү жалган сүйлөйт. Мени ошол
калпычыга теңегени үчүн көңүлүм суу сепкендей муздады. Дагы “Бишкек менен
Кара-Балтанын аралыгы канча чакырым?” суроо берди. Алтымыш чакырым
экенин билсем да, "билбейм” дедим. “Стачка эмнени түшүндүрөт?" деп дагы
сурады. Аны да "билбейм” дедим. Ошондо Төлөмүш "Азамат аганы таарынтып
алдым окшойт" деди жигиттердин көзүнчө. Таарынтып алганын билип туруп,
кечирим сурашка оозу барбады. Кечирим сураса, кең пейилдигимден кечирээр
элем. Буга Төлөмүш жарабады. Ушундан кийин Төлөмүш экөөбүздүн
ортобуздакы бир туугандык, жакындык сууду. А ишибиз жүрө берди. Адамдар
менен бирге жашап, бирге иштегенден кийин ата менен балада да, эри менен
катынында да, кесиптештер арасында да сөз талашуу болот. Айрыкча арнамысыңа тийсе, ушундай кыжың-кужуң сөз чыгат. Бирок ишибиз улана берген
соң байланыш да улана берди. Аялы, кыздары жакшы адамдар. Алардан кол
үзүшкө да акым жок эле. Кайсы бир жерде кызык окуя жүрүп жатса, Төлөмүштү
да үй-бүлөсү менен көрүп калышын тилечүмүн.
46-жылы чет мамлекетке кеттим, ошол жылдан тартып китеп жыйнадым. Беш
миң том китебим бар эле. Аны Чыңгыз үйдө болгондо көрүп: “Бул китептериңди
кайда алпарасың?” - деген. Кийин Германияга ала кетип, бир бөлүгүн түрк
редакциядагы адамдарга арзанга саттым. Кийин эки миң беш жүз китепти
Майнс университетине белек кылдым. Майнс университетинде чет элде
биринчи болуп кыргыз грамматикасын жазган окумуштуу, түрколог, исламовед,
чоң элчи Бензинг иштечү. Стамбулда Германиянын элчиси болуп алты жыл
иштеп келген. Исламды үйрөнүп, түрк тилин билгени үчүн ошого китептеримди
тартуу кылдым. Профессор Бензинг 24-февралда келип, ошол китептеримди
алып кетти, университетте “Алтай бөлмөсүн” ачтырды. 26-февралда Лондондогу
Симондон кат алдым. Ал катта которуп жаткан Инжил туурасында эле. Ушул
күндөрдө Американын президенти Рейганга кол салышып, жарадар кылынды.
1-апрель күнү мен Нью-Йоркко учтум. Биз Сание экөөбүз сиңдиси Нажие болуп,
8-апрелде Панамага учуп, дем алууга кеттик. 31-апрелде мен кайтып Мүнхенге
келдим. Мени Виктор тосуп алды. 1981-жылдын 1-август Орозо майрамында
намаз окудук. Сентябрь айында китепканага Чыңгыздын 30 китебин алдым.
Сүлүктүдөн бир кыргыз кыз телефон чалып, иш издеп жүргөнүн айтып,
сиздерде кандай иш бар экенин билейин дедим эле деди. Мен аган биздики
антикоммунисттик иш экенин айтып бердим, эч нерсесин жашырган жокмун. Ал
кыз, албетте, коркту, биз менен байланышын үзүп койду.
14-ноябрда Валентина менен мени Аким Лозанга алып барды. Лозандан кыргыз
концертин көрө албашыбызды угуп, кайтып кетишке туура келди. 1-декабрь
күнү кыргыз концертин көрөбүз деп Шарип менен Цюрихти карай жол
тарттык. Аба ырайы өтө начар, кээ жерлерде муз тоңгон. Ошого карабастан
Цюрихке келдик. Ал жерден Болот Миңжылкыев, Чалагыз, Чолпон менен
Айсулууларды көрдүм. Концертте Кайыргүл Сартбаева биздин жаныбызга келип
отуруп, ырдап берди. Болот мындан бир канча жыл мурун Нью-Йоркко келгенде
аппараттарын уурдатып, биз - кыргыздар анда жыйылып, Болотко магнитофон
алып берген элек. Мен ошол аппараттын ордун бастырыш үчүн Болотко 200
доллар берген элем. “Агай, мен муну кантип сизге кайтарып берем?” деп өзүнчө
милдет алгандай кайгырган эле. Цюрихте концерттен кийин “ушул шапкенин
терисин өзүм атып, өзүм жасаттырган элем” деп шапкесин берди. Алардын
жанында шимшип жүргөн КГБнын адамын да көрдүм. Болот менен Чалагыздын,
Айсулуу менен Самарбүбүнүн аркасынан жүргөн адам мени аябай таң калтырды.
Татынакай бир кыргыз баласы өзүнүн туугандарына тыңчы болгону көзгө толук
көрүнүп турду. Биз таксиге отурдук, барга кирип, жигиттер ичкилик ичебиз
дедик. Барда отурганда Болот, Чалагыз, Шарип ичкилик ичишти, бир тыңчы эч
нерсе ичпестен, алардын аркасынан жүрдү. Ошол бардан эки-үч бөтөлкө арак
алып, отелге келдик. Чолпонбек “Азамат ага, элден көрүшөөрбүз, бактылуу бир
турмуш болоор” деп тост көтөрдү. Тост көтөрүштүн шарттары элде кандай
экенин биз ошондо үйрөндүк. Ар кимиси аман-эсенчиликтерин тилешип туруп
алышат экен. Биз Шарип экөөбүз дагы куру калбадык, алардын айткандарын
улантып, Кыргызстан, кыргыздар келечекте эркиндикке чыгаар деген
тилегибизди айттык. Өзүбүздүн иштерибиз туурасында, албетте, эч нерсе
айтпадык. Ошентип, Швейцариядан кыргыз концертин көрүп, ичибиздеги
черибиз бир аз тарагандай болуп, эртеси Мүнхенди карай жолго чыктык. Ошол
күндөрдө АКШдан Дөөлөт Тагиберли казак тууганым телефон чалып, өзүнүн алахыбалын айтып берди. Анын жүрөгүнө операция кылынган эле.
1981-жылды бүтүрүп 1982-жылды тособуз деп Нускар деген досум, Парижден
Нина, Мүнхенден Лена келип, менин үйүмө жыйналышты. 1982-жылды менин
үйүмдө гитар менен орустун эски ырларын ырдап тостук. Нина орус ырларын
өтө жакшы билер эле. Анткени, Париждеги орус чиркөөлөрүндө ырдап жүргөн
болучу. Ресторандан тамак алдырып, 1981-жылды шаңдуу узатып, 1982-жылды
күттүк. 26-январда Шарипти Англияга эки айга курска жиберишти.
“Кансыз согуштун” капшабы менен мени каралашты
1982-жылы 5-февралда чыккан "Советская Киргизия", "Советтик Кыргызстан"
газеталары келди. Бул газеталардын орусчасында “А караван идет" деген узун
бир макала жазылды. Кыргызчасы "Эл-жерден безген жердешке кат” деген
макала. Алар бири-биринен которгондор. КГБнын агенттери менин изиме
түшүп, кайда иштегеним, кандай иштер кылганым туурасындагы маалыматты
биринчи жолу ачык жазышты. Андай макалалар мени менен чогуу иштешкен
жолдошторум казак, татарларга бир канча ирээт чыккан болучу. Бул убакка
чейин мен туурасында жамандаган, чыккынчы деп атаган, элди-жерди саткан
деген сөздөр менен макала чыкпаган эле. Албетте, мен тууралуу жазылган
макалада кайсы бир туура жерлери да бар, жок эмес. Ал мени кайгыртпады,
ансыз да мен туурасында Кыргызстанда түрлүү ушактар тарап жүргөн убак
болучу. “Ошол күнү эч кур дебегенде ишке чыкпассың” деген сөздөрү бар эле.
Эмне кыласың? Булардын ушундай деп жазаарын көптөн күтүп жүргөн элем.
Бирок аяктан топтогон материалдарынын кайсы бирлери жаңылыш экенин
өзүлөрү билген. Аны мен кийин билдим. Мени менен бирге окуган эң жакын
досторумдун бири Сабыр Калканов деген журналист бар эле. Тоңдук. Ошонун
үйүнө полковник бир орус, бир кыргыз экөөсү келип, мен туурасында материал
жыйнаганын
уктум. Сабырга “бирге окуганым чын, бирок кабар алып
катышпайм” деп койсоң эле болду деп акыл үйрөткөм.
Ошентип, Шарипти Англияга узатып, англисче жакшы окуп келишин тиледик.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 13