Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 08

Total number of words is 4047
Total number of unique words is 2235
21.9 of words are in the 2000 most common words
29.5 of words are in the 5000 most common words
33.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Өзүмдүн көргөн күнүм деле иттикинен жакшы эмес, ошон үчүн эмне кылсаңыз
да, сиздин жоопкерчилигиңизге койдум. Кош, менин Досум! Эмнеге бактысыз
айбан сени бактым экен. Менде эмне айып, сенин К.” деп кат жөнөттүм.
Коңшуларымдын бир-экөөнө да шыбаа болуп калар деген үмүттө "Мүмкүн,
кийинчерээк шартым оңолоор, Досумду ошондо алып кетээрмин" деген кат да
жибердим. Бирок пендечилиги күчтүү адамдар итке өчөшүп алса, аны соо койчу
беле, үч жумадан кийин Досумду аттырып салышканы туурасында каңырыкты
түтөткөн кабар алдым. Ошону менен иттин түйшүгү да бүттү. Айтор, көрүнгөн
жерде иш табылса иштеп, табылбаса жок, жүрүп-жүрүп, акыры кайра Парижге
келдим.
Алгачкы макала, эмиграциядагы изденүү
Ошол жылдары Америкада, Нью-Йоркто меньшевиктердин "Социалистический
вестник” деген журналы чыкчу, ал эми эсерлер партиясынын жетекчиси
Зензинов деген “3а Свободу" деген журнал чыгарчу. Акыры бир күнү кармалып,
Советтер Союзуна айдалсам, ажалымдын жеткени эле. Немис туткунуна түшкөн
киши согуш мезгилинен бери чыккынчы деп жарыяланганы белгилүү, албетте,
мага аёо жок болчу. Тагдырымды түшүндүрүп, эки журналга узун бир кат жазып
жибердим. Көп өтпөй "Социалистический вестник" катымды кыскартып,
"Түркестанец” деген ат менен "Исповедь молодого киргиза” деген темада
макаланы журналга чыгарышты.
СОЦИАЛИСТИЧЕСКИЙ ВЕСТНИК
номер II (591) 26-ой год издания.
23 ноября 1946.
Вести о России
ИСПОВЕДЬ МОЛОДОГО КИРГИЗА
от редакции: Печатаемое ниже письмо получено нами из Франции от
молодого киргиза, бывшего члена ВКП, бывшего военнопленного, сейчас
даже не “невозвращенца", а беглеца из "советского рая". Автор еще плохо
владеет русским языком и письмо его полно ошибок. Мы поправили
ошибки, опустили кое-какие детали, но в остальном печатаем его
страстную исповедь так, как он написал ее.
Я, вчерашний полудикий деспот, который помогал деспотическим властям.
Правда, я не понимал, что делал. Если бы понимал, я бы не помогал сталинским
террористам. Родился я при советском обманном режиме в 1920 году.
Родители мои крестьяне. По национальности я киргиз. Среднюю школу закончил
на киргизском языке. С 1937 года член Комсомола, с 1940 года член ВКП. До 1941
года я верил каждому слову компартии, считал, что агитаторы и
пропагандисты советского правительства учат правде, что только у нас
счастливая жизнь и советский рай, и сам был агитатором и пропагандистом. Я
работал в Комсомоле и в киргизских газетах. Русского языка я не знал, научился
ему - да и то плохо – уже будучи в рядах Красной Армии.
Я был призван в конце 1940 года и отправлен в Каунас в стрелковый полк на
защиту нашей западной границы. Здесь я был курсантом полковых курсов, когда
началась война. С первых же дней войны с Гитлером полк наш участвовал в боях,
но вскоре по приказу военных властей должен был начать отходить. К началу
августа мы дошли до Новоржевска в Калининской области. Во время
отступления красноармейцы и сержанты исчезали без счета, и под
Новоржевском их оставалось в нашем полку лишь 42 человека. В начале августа
немцы нас окружили. Мы долго бродили по лесам, пытаясь выйти из окружения,
но голод заставил нас выйти из леса, и мы попали в плен.
Тут мы натерпелись горя. Писать об этом не стоит. Это всем хорошо известно.
В ноябре я бежал из плена из городка Ошмяны, в 50 километрах от Вильны. В
течение года я скрывался в Западной Белоруссии. Тут я многое понял, понял,
каким ядом отравляли нас большевики. Здесь же я вступил в ряды партизан
Западной Белоруссии, чтобы бороться за освобождение от немцев. Раньше я
воевал за Сталина и за партию. Теперь я уже не мог за них бороться, но мы
решили, что какова бы ни была власть, мы должны спасти русскую землю.
Там меня с группой партизан однажды захватили немцы. Нас отвезли в Вильно и
посадили в Лукишскую тюрьму, где нас за попытку побега только что не убили.
Мы прожили здесь 11 месяцев и в марте 1944 года были увезены во Францию, где
мы работали на побережье. Через два месяца мне удалось бежать. Я жил среди
французов, но они боялись долго скрывать меня. Потом мне помогли поляки и,
наконец, я встретил одного русского старого эмигранта, который скрывал меня
до освобождения и помогал мне во всем.
Когда союзники нас освободили, я увидел настоящую жизнь. Я жил среди
французских рабочих и крестьян, познакомился с ними, ходил к ним, видел, как они
живут. Они очень жаловались на свою жизнь, говорили, что до войны жили
гораздо лучше. Но меня их теперешняя жизнь поразила. Вот это жизнь.
Когда здесь собрали русских военопленных, я попал сначала в Парижский, а затем
в Версальский лагерь. Мы советовались друг с другом и решили ехать на родину.
Во-первых, мы надеялись, что после того, как страна перенесла такие жертвы и
одержала такие победы, режим изменится.
Во-вторых, нас пугала мысль, что нам не позволят остаться во Франции и
повезут силком, а тогда нам будет, конечно, хуже.
8 го августа 1945 года нас увезли из Версальского лагеря и через пять дней мы
прибыли в город Эйзенах, недалеко от границы русской зоны в Германии. Тут нас
рассортировали, отвели в баню, наголо остригли (чтобы тайные агенты – или
“тайники” могли легче опознать нас в случае побега) и повезли дальше. Нас
держали в лагере номер 237 под Цербстом (близ Магдебурга). 6 - го сентября
1945 года, без всякого повода с нашей стороны, наш лагерь обстреляли из
пулемётов и 18 человек убили и более 20-ти человек ранили. Убитых мы сами
тут же похоронили. В лагере было более 25 000 человек и волнение этот обстрел
вызвал страшное. 3а неделю 27 человек повесились.
С группой товарищей я из этого лагеря бежал, чтобы попасть к англичанам или
американцам, но почти у самой границы нас задержала советская охрана. Мы не
потерялись, заявили, что идем от англичан к своим. Нас долго допрашивали,
затем отвезли в лагерь ном. 234 близ Бранденбурга. Здесь нас проверяла
фильтрационная комиссия. Тут было немало туркестанцев, почти не
понимавших по-русски, и меня взяли в канцелярию писарем и как бы переводчиком.
Шла демобилизация и многим нужно было выправлять документы. Наше
начальство были кадровые офицеры, но были тут и “тайники”, которые за нами
зорко следили.
С туркестанцами я мог говорить свободно, так как “тайники” ничего, кроме
ругательных слов по-нашему не понимали. От них я узнал много грустного.
В конце ноября я встретил бывшего начальника школы курсантов в Каунасе,
который хорошо знал меня. Благодаря его содействию меня, когда демобилизация
окончилась, зачислили в 33-ю гвардейскую дивизию, который служит на границе.
Я попал в пограничный полк, служил до января 1946 года, а затем бросил оружие,
бежал за границу и пробрался вновь во Францию.
С тех пор я молчу, здесь друг с другом боятся говорить, со здешними
эмигрантами и трудно, и опасно: то они белые, то они "патриоты Советского
Союза”, а то есть еще и чекисты. С работой я устроился, с документами тоже.
Но я хочу бороться за правду и за свободу моего народа.
Туркестанец.
Булар антикоммунистик журналдар эле. Ошентип Зензинов менен Щварц экөө
көрүшкөндө менден кат алганын айтышып, бирибиз гана чыгарсак жетиштүү
болоор деп макулдашкан. Кийин аларга дагы кайрылып, Европада жашоо кыйын
болуп баратат, Америкага кетиштин айласын тапсам деген мүдөөмдү жазсам,
алар мага Парижде жашаган түбү пензалык Роман Гуль деген жазуучунун
дайнын беришти. Гуль менен кат аркылуу таанышып, үйүнө барып турдум.
Ишсиз жүргөн кезим. Парижде россиялык еврейлердин бир уюшмасын түзгөн
лаборатория барын, анда мага окшоп ишсиз жүргөн мурдагы совет адамдарын,
россиялыктарды ишке жайгаштырышы мүмкүн дегенди Гуль айтты.
Лабораториянын деректири Александр Андреевич Титов деген бай адам экен.
Аялы Мария Петровна Титова илгерки социалисттерден, ар айдын биринчи
шейшемби күнү эмигранттарга тамак-аш берчү. Ал жерге орустардын далай
атактуулары келчү. Россиядагы атагы чыккан, революцияга чейинки
жазуучуларынан Иван Бунин деген жазуучуну да чайга чакырат эле. Ошентип,
чай үстүндө эмигранттык атактуу жазуучу Бунин менен тааныштым. Бунин
менен таанышканда менин кыргыз экенимди, советтик зонага барып, кайра
качып келгенимди айтсам, ал:
- Мындай тирүү кыргызды биринчи ирээт көрүп отурам, - деди.
- Кыргызды сизге тааныштырып олтурганыма кубанычтамын, - деп жооп
узаттым.
Согуш бүткөндөн кийин, албетте, эмигранттардын көпчүлүгүнүн турмуштары
оор болду. Украинанын революциядан кийинки премьер-министри Владимир
Виниченко менен тааныштым. Виниченконун турмушу Буниндикине караганда
жакшы эле. Анын жазган көп китептери бар эле. Ал жазуучу да, саясатчы да
болгон. Ошонун “3акон” деген пьесасын украиналыктар Парижде театрга
койдурушту. Украиналыктар менен орустардын өз ара мамилелери начар эле.
Мына ошондо украин сепаратисттери орустарды анчалык жактырышпасын,
Украина өзүнчө мамлекет болушу керек деген талапты койгонун көрдүм.
Виниченкенун аялы Роза Яковлевна мени да пьесаны көрүүгө чакырды. Мына
минтип антибольшевиктик аракетте жүргөн адамдар менен акырын-акырын
тааныша баштадым. Виниченко Ленин менен Швейцарияда, Женева шаарында
көрүшкөнүн айтып, Лениндин бөлмөсүндөгү стулдарды көчөгө чыгарып алып,
Россиянын келечек тагдыры туурасында талашкандарын айтып берди.
Виниченко түштүк Францияда жашачу. Маган адресин берип, эгерде Женева
шаарына барсаң, бизге кайрыла кетип жүр деди. Кийин Виниченконун үйүнө
барсам, бир баракта жашап, машинасын тыкылдата романдарын жазып жаткан
экен. Украиналыктардын да өз ичинде бир канча партиясы болгон. Муну кийин
биз антибольшевиктик уюшмалар уюшулганда билдим. Ошентип, Александр
Андреевич Титовдун аялы Мария Петровна Титова мага көп жакшылык кылды.
Эринин лабораториясына жумушка орноштурду. Лаборатория тиш чайкай
турган дары-дармек чыгарат. Менин жумушум - дары куйчу майда-майда
бөтөлкөдөн күндө 200-250нү бирден жууп-тазалап кургатыш. Чыпалактай
кибиреген флакондорду кол менен жууп, кычык-кучугун чукулап тазалаш тозок
иш. Бир окумуштуу химик жигиттен серная кислотанын формуласын билдим да,
флакондорду топ-тобу менен чайкап жиберсе, таптаза болуп калаар амал
үйрөнүп алып, жыргап
калдым. Убактым эми кенен. Титованын бай
китепканасы бар эле. Текченин үстүндөгү суурмага орус классиктеринин
китептерин салып коюп, окуй берчү болдум. Бирөө келатса, бөтөлкө жуумуш
болуп калам.
Мустафа Чокайдын китепканасы,
антибольшевиктик чөйрөгө аралашуу
Бир күнү Мария Петровна бул жакта, Ножан шаарында Түркстандын президенти
болгон адамдын аялы жашайт деп айтты. Көрсө Мустафа Чокайдын жесири
Мария Яковлевна Чокаеваны айтыптыр. Издеп таап бардым. Парижден жети
чакырым жерде, Мустафа Чокай тирүү кезинде сатып алган төрт-беш бөлмөлүү
үйдө турат экен. Үйүн таап барганымда анда немис туткунунда болгон Алим
Апсаламов деген казак жигит жүрүптүр, мени көрүп кубанды. Кийин ал атын
Алим Алмат деп өзгөртүп, азыр да ошол ат менен Түркияда жашайт. Мария
Яковлевна опера ырчысы болгон, эмиграцияга келгени ырдабай калган. Эри
Мустафа Чокай 1890-жылы Казакстандын Акмечит (кийин Кызыл-Ордо)
шаарында туулган. Атасы жагынан да, энеси жагынан да тектүү болгондуктан,
кичинесинен жакшы билим алган. Адегенде казакча окуп, анан Ташкенде орусча
гимназия бүтүргөн. Петербург университетинин юридикалык факультетинин
дипломун алган. Жаштайынан илим-билимге гана умтулбастан, саясий иштерге
да аралашып, түрк элдеринин эркиндигин көздөп чыккан. 1917-жылы орус
падышачылыгынын кулашын ал чоң үмүт менен тосуп, Кокон автономиясын
түзөт да, жетекчиси болуп көтөрүлөт. Бирок большевиктер бирлиги Кокон
автономиясын тез эле жоюп жиберет. Мустафа Чокай чет өлкөгө кетүүгө аргасыз
болот. Ал аякта 1929-жылы "Жаш Түркстан" журналын негиздеп, саясый
иштерди, түрк элдеринин тарыхын изилдөөнү уланткан. 1941-жылы 22-июнда
фашисттик Германия СССРге согуш ачкан эле күнү Францияда эмиграцияда
жашаган Россия империясынын граждандарын камакка алган. Ошолордун
арасында Мустафа Чокай да болгон. Кийин фашисттер Түркстан боштондук
комитетин түзүп, Мустафа Чокайды башына койгон. Бирок Мустафа Чокай
немистердин мүдөөсүн, алардын талабын кың дебей аткарган адам болбой
калат. Туткундагы түрк элдерин Советтер Союзуна каршы үндөөгө көнбөйт,
тескерисинче, ылайыгы келген учурда эбин таап, туткундарды жеңилирээк,
тамак-ашы бар жумушка, аздыр-көптүр кесип үйрөнүп алчу иштерге
жайгаштыруу далалатын жасаган. Кыскасы, коммунистерди, советтик
түзүлүштү жактырбаса да, Мустафа Чокай немистердин ою менен болбогону
үчүн 1941-жылдын 27-декабрында Берлинде анын күнү бүтөт. Албетте, анын
өлүмүн немистер уюштургандыгы, киши колдуу болгондугу бештен белгилүү,
бирок сопсоо адамдын кантип, кандай шартта, ким колдуу болгонун
немистерден башка эч ким билбейт.
Титовдун лабораториясында сегиз саат иштейм, кечинде шайтан арабама
отуруп алып, Мустафа аганыкына барып, китептерин, жазган макалаларын
түнкү 12ге чейин окуп отурам. Макалаларын орусча жазып, анан чагатай тилине
которчу экен. Түнкү 12де шайтан арабамы минип, баш пааналаган отель
сөрөйүмө жөнөп
кетем. Мустафа аганын китепканасында түрдүү-түрдүү
китептер көп эле. Көпчүлүгү орусча, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан,
Татарстан, айтор, Советтер Союзундагы түрк тилдүү республикалардан, Москва,
Ленинграддан гезит-журналдар алдырып турчу экен. Ошол гезит-журналдарда
жарыяланган макалалардын негизинде “Түркстан под властью Советов" деген
китебин жазыптыр. Мустафа аганын архивинен болобу, китептеринен болобу,
эмнени кааласам, ошонун баарын окушка Мария Яковлевна мага уруксат берди.
Бир күнү “Кудайберген Мустафа Чокайдын китептеринен Мустафа Кемал
Ататүрктүн үчүнчү томун уурдады” деп Алим Алматка айткан экен. Алим Алмат
“жеңебиз ушул китепти жоготуп, сага ачуулу” деди. Ал китептин 3-4-тому бирге
чыкканы тууралу жеңебиздин кабары жок экен. Мен Мария Яковлевнага барып
көргөздүм, кийин менден кечирим сурады.
Ошентип жүргөн кезимде Мария Яковлевна мени профессор Ганс Бензинг менен
тааныштырды. Бензинг Франциядагы немис элчилигинде кайсы бир атташеси
болсо керек. Ал Түркстанды, түрк элдеринин тилдерин мыкты билгендиги үчүн
Мустафа Чокай кадырлаган окумуштуулардан экен. Мен таанышкан учурда ал
кыргыз тилин үйрөнүү далалатында жүрүптүр, ага кыргызча билген адам керек
болуптур. Кыргыз тилин да үйрөнүп, Бензинг бүткүл түрк тилдеринде сүйлөйт.
Маселен, кыргыз, казак, түркмөн, өзбек, татар, дагы башкалар менен чогуу
отурса, ар бири менен өз тилинде сүйлөшө берет. Ошондон ушу күнгө чейин
Бензинг менен кол үзүшпөгөн досторбуз. Кийинки жылдары биз Америкада,
алар Европада дегендей, аз көрүшөбүз. Бирок кат жазышып, майрамдарда
куттукташып турабыз. Жашыраак кезибизде Европага келген сайын сөзсүз
алардыкына түшчүбүз. Кийин ал Германиянын Түркиядагы баш элчиси болуп
иштеди. Ошол жылдары Сание экөөбүз адеп таанышканда шампан ачып,
экөөбүздү алгач куттуктаган да Бензинг болгон. Ал Америкага такыр келбеди,
анткени, өзү антифашист болсо да, Германия жеңилип, согуш бүткөндөн кийин
америкалыктардан запкы жеп, көңүлү калыптыр. Немис болгон үчүн эле
камакка алынып, басмыртталгандар көп болгон да ал учурда. Профессор
Бензингдин кандайча түрк тилдерине кызыгып калганын сурасам, анын тарыхы
20-30-жылдарга кетет экен. О жылдары Германияда жашаган Ыдыриси деген
татар Мустафа Чокай экөө акылдашып отуруп, Советтер Союзунда жашаган түрк
тилдүү элдердин жаштарын Европада окутуп, европалык адистикке үйрөтүү
далалатын көздөшөт. Элүү-алтымыштай казак, татар, өзбек, түркмөн жигиттер
Европага барып, агрономия, юстиция, тиги-бу тармактарды окуп билим алат.
Көбү кайра эл-жерине кетет. Ончактысы кетпей, калып калат. Тайыр Чагатай,
Октай, Ибрагим Ахмеджан, татар жазуучусу Эдил, Урал өкмөтүн курган
саясатчы, илгери падышачылык доордо сүргүндө жүргөн Аяз Исхаки, дагы
башкалар. Мен Аяз Исхакини көрүп калдым. Ал азыр Советтер Союзунда
акталып, бүтүн эмгектерин басып чыгарышты. Профессор Бензинг ошолордун
тилине кызыгып, алар менен чогуу жүрүп, атактуу түрколог болуп калган. Ал
мени 1949-жылы Швейнингендеги үйүнө биринчи жолу чакырганда бай
китепканасынан кыргызча “Жаныш-Байыш", “Курманбек” сыяктуу китептерди
көрүп сүйүнгөм.
1949-жылдары Мария Яковлевнанын бир аз, чамасы 20-30 миңдей франкы
болсо керек, ошого Мустафа Чокайдын арбагына эскерме китепчесин чыгармак
болуп калды. Мени иштетти. Мен кубанып иштедим. Материалдар чогулттум.
Украинанын мурдагы тышкы иштер министри Шульгин Мустафа Чокайды
тааныгандарга жиберет, мен барып, иштин жөнүн айтам, алар эскермелерин
жазып беришет. Мустафа Чокай өзү уюштурган "Жаш Түркстан” журналынын
атын коюп, Мария Яковлевна, Алим Алмат үчөөбүз эскерүү китепчени чыгардык.
Кириш сөзүн "Жума” деген ат менен мен жаздым. Ал кезде өз атыңды аташ
кыйын эле. Китепче чыккан соң 1950-жылы декабрда Мария Яковлевна экөөбүз
Германияга барып, Мустафа Чокайдын өлгөн
күнүнө карата эскерүүсүн
өткөрдүк. Мустафа Чокайдын китепканасына жаным ачыйт, бүгүн да кейийм.
“Түрк эли” комитети түзүлгөндө жеңеге кайрылдык, бирок китептерин
комитетке берген жок. Китепканасынын Парижде гана сакталышын көздөдүбү,
же атайын Мустафа Чокайдын китептерин сатып алуу үчүн америкалыктар
“Түрк эли” комитетине берген 15-20 миң долларды аз көрдүбү, жеңебиз "Чыгыш
тилдер институтуна" атайын бир бөлмө ачтырам деп, белекке берди. Бирок,
китептери алфавит боюнча ар кайсы китепканаларга чачылып кетти. Кийин
Колумбия университетинде ташталган китептердин арасынан Мустафа аганын
"Война в песках” деген китебин көрүп калдым да, аны сатып алдым. Ошентип,
Мустафа аганын китепканасы сакталбай калды. Мария Яковлевнага Америкадан
майрамдарда куттуктоо жөнөтүп турчубуз. Алтымышынчы жылдардын аягында
ошондой бир куттуктообуз кайра өзүбүзгө келди. Жеңенин көзү өткөнүн
түшүндүк. Кийин Төлөмүш Жакып уулу, аялы Бактыгүл үчөөбүз мүрзөсүн
кыйналып таап, гүл коюп, көңүлүбүздү соороттук...
Мен мурунку ишимди улантып келе жаттым. Буниндин, Троцкийдин
китептерин, антикоммунистик материалдар менен тааныша баштадым. Кийин
ушу чет жерде калган эмигрант-качкындардын турмушунан жазылган
макалаларды окудум. Айтор, мен антибольшевиктик материалдар менен
сугарыла баштадым. Кийин украиналыктарга окшоп кыргыздардын таламын
талашамын деген ой-пикир мени бүтүндөй башка дүйнөгө кошуп койду.
Сталиндик турмуштан ушундай таң калганым: биринчи мен Литвадан көргөн
элем биздин алданып келгенибизди, кийин Батыш мамлекеттериндеги
эмигранттык турмуш менен таанышып, мен да саясий көз карашымды өзгөртүш
жолуна түштүм. Лабораторияда иштеп жүргөнүмдө жетишээрлик убактым бар
эле, антикоммунистик уюшмалардын жыйналыштарына катышып турдум.
Өткөндө Роман Гуль туурасында айткан элем. Согуштан кийинки жылдары
Францияда турмуш анчалык жеңил болбоду. Бир күнү алардын үйүндө кечинде
калып, Ольга Андреевна бизге картошка кууруп берип жеп отурсак, Роман
Гулдун үйүнө бир жаш жигит келди. Көрсө ал жигит Франциянын тышкы иштер
министрлигинде иштеген адам экен.
- Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстандан газеталар алабыз. Бизди кызыктырган
нерселер бар. “Правда Востока" деген Ташкенден чыккан газетада 1949-жылы
Өзбекстан Компартиясынын биринчи секретары Усман Юсуповдун доклады
орусчасында төрт бет, ал эми "Кызыл Өзбекстан” газетасында алты бет, ошо
өзбекчесинен орусчага которгондо жашырылган материалдарды Франциянын
тышкы иштер министрлиги билгиси келет. Ушу тилдерди билген адамдарды
таба албай атабыз, - деди.
- Мына, ал тилдерди билген адам мында отурбайбы, - деп Ольга Андреевна мени
көрсөттү.
- Эртең бизге келип кетиңиз, - деп ал жигит даректерин берип кетти. Бирде иш
болсо, бирде болбой жүргөн убагымда кандай да болсо акча таап, карынды
тойгузуш маселеси турган эле. Эртеси телефон чалдым. Жолугуштук. Бир
кишилик бөлмөгө киргизип, бул адам орусча билет, калган маселени ушул адам
менен чечээрсиз деп, менден улуураак адам менен тааныштырды. Ал адамдын
аты Александр Адамович Беннигсен - профессор, прибалтикалык графтардан.
Францияда немистерге каршы күрөшкөн аскерлерден, кийин партизан
отряддарын уюштуруп, немистерге каршы чыккан адам экен. Аны менен
сүйлөшүп отурдум.
- "Кызыл Өзбекстан" газетасындагы пантүркизм, панисламизм деген сөздөрдү
гана билебиз, калгандарын ушу орусчасына кайсы жерлери айырмалуу болсо,
бизге ушуну которуп берсеңиз. Кааласаңыз орусчага, болбосо французчага
которсоңуз болот, - деди. Мага материалдарды бергенден кийин түшкү тамакка
мени менен жүрүңүз деп үйүнө алып келди. Үйүнө келсек, астыбыздан бир
кичинекей кыз тосуп чыкты, аны менен тааныштык, тамагын жедик. Орусча,
өзбекче газеталарын алдым.
- Сөздүгүңөр барбы? - деп сурадым.
- “Чыгыш элдерин үйрөнүү” деген китепкана бар, ошого барсаңыз, ал жерден
сөздүктөрдү таба аласыз, - деп китепкананын дарегин берди. Ошол жылдары
орусча-өзбекче сөздүк жаңыдан чыга баштаган. Ал жерге барып, сөздүктөн
орусчага кирбей калган сөздөрдү издеп таптым. Мени менен тааныш (Мустафа
Чокайдын аялыныкында таанышкан адам) Алим Алмат Ташкенде
консерваторияны бүтүргөн, менин жашымдагы казак тууган эле. Ага барып,
өзбекче түшүнбөгөн сөздөрүмдү ал түшүндүрүп, экөөлөп которулбаган
жерлерин орусчага котордук. Көрсө, докладда айтылган түрк элдеринин түбү
бир, тили, дини бир экендиги, Чыңгысхандын баскынчылары болгону менен
башка элдердин динине, салтына, наркына кыянаттык кылбагандыгы сыяктуу
жерлерин “Правда Востока” газетасынан алынып ыргытылыптыр. Демек, бул
өзбектерде улутчулдук, пантүркисттик арам ой бар, андай ой жалпы эле Орто
Азия калктарына таандык деген ич күптүлүк менен жасалган иш да. Ушул
айырмачылыктарды тактап бергенимден кийин иштешип калдык. Ошентип,
Беннигсенден “Кызыл Кыргызстан”, “Казахстанская правда”, “Социалисттик
Казакстан” газеталарын алып, элдеги болуп жаткан кабарлар менен тааныша
баштадым. Турмуш акырындап оңоло баштады. Профессор Беннигсендин көзү
өткөндөн кийин ишин эки кызы улантып жүрүшөт.
Далай кишиге сообу тийген миллион франк утуш
Айтса, мен Францияда лотереядан бир миллион франк утуп алган элем. Анын
тарыхы мындай. 1947- 48-жылдар. Атактуу МХАТ театры Парижге барды. Бир
досум экөөбүз Мария Титованын тамагында, анда болбосо метронун оозунда
жолугушуп, МХАТтын спектаклине бармакпыз. Досум Владимир тамакка
барбагандыктан, метронун жанында күттүм. Бул эмиграциядагы эски артисттер
уюштурган театр эле. “Без вины виноватый” деген Островскийдин пьесасын
көрмөкпүз. Француздардын лотерея сыяктуу оюну бар. Бекер турганча 20 франк
койсом, 3 билет чыкты. Бул үчүнчү күн, эртеси төртүнчү күндүн газеталары
уткан билеттердин номерин жарыялады. Ким билет алган болсо, газета сатып
алып, ошол күнү караар элек. Мен да карадым, алты номерим тең туура.
Ишенбедим, кайра башка жерге барып, дагы газета сатып алдым, анда да ошол
сандар. Эч кишиге айтпадым. Тоноп же өлтүрүп кетиши мүмкүн. Шайтан
арабама олтуруп алып, түнкү тамакта досум Беннигсендикине барып көргөздүм.
Алар жетине албай сүйүнүштү. А мага эч кандай таасир болбоду. Ошол күндөрдө
метро, автобустарда забастовка болор эле. Бир жумадан кийин Александр, энеси,
мен үчөөбүз акча алышка бардык. Энеси саксактап, бизди аркабыздан карап
турду. Беннигсен экөөбүз ичке кирдик. Беш-алты адам тейлеп турган экен. Бизге
берген миллион франк ушундай жыйылып турду. Ал жерден балдар үчүн,
сокурлар үчүн, журналист үчүн деген уюшмаларга деп олтуруп, отуз-кырк
миңдей франкты таштадым. Ойдо жок жерден байлык келсе, ошентесиң да.
Бир черкес аял бар эле, Бэла деген жалгыз кызы экөө турчу. Бир күнү барсам,
кызым кургак учукка чалдыгыптыр, каражат жок дарыланышка, айласы не
болот деп ыйлап отуруптур. Атасын да немистерге кызмат кылгансың деп,
француздар атып салган. Боорум ооруду. Акча утканымды айтпастан,
караштырайын дедим. Дарыланарына акча алпарып бердим, миллионермин да.
Ошентип ал кызды Швейцария курортуна жөнөтүп, ал жактан жакшы болуп
келди. Швейцария курортунда жүргөндө да үч-төрт жолу кийим, тамак-аш алып
барып бердим. Кийин Америкага кетип, азыр Нью-Жерсиде жашайт. Неберечөбөрөлүү, турмушу бай. Биз Сание экөөбүз катташып турчубуз. Кийин бир саам
үйүндө болдук. Эми андай кокустук болот да, дасторконго сорпобу, бирдеме
төгүп алса, эри черкестердин ушунчалык майдасы экен, үтүрөңдөп, биздин
көзүбүзчө аябай капаланды. Ошондон кийин катнашты үздүм.
Америкага камдануу
Элүүнчү жылдардын орто ченинде Америкага кетүүнүн далалатында болдум.
Документтеримди жыйнап, Америка консулуна келсем, сиз Азиянын үч
бурчунда туулган экенсиз, биз азияттарды албайбыз деп ачыгын сүйлөдү.
Америкага кетем деген ниет үзүлдү. Француз коммунисттери мендей
бозгундарды “силер бул жерде не кылып жүрөсүңөр?” деп советтик элчиге
кармап берип жүргөн убагы эле. Не болсо да Франциядан качыш аракетин кыла
баштадык. Албетте, мен жалгыз эмесмин, жанымда маган окшогон качкындар да
бар эле. Борагар лагеринен жолго чыгып кетип бара жатканда “биз кетпейбиз,
бизди туткунда болду деп кыйнашат” деген кыздар, балдар бар эле. Кийин
алардын бир канчасы Канадага кетишти. А мени болсо кабыл албады. Бир
тараптан кайгырып, бир тараптан укуксуз экендигиңе нааразы болуп, эмне
болсо да башка мамлекетке кетиш жолун издеп жүргөнүмдө профессор Акдес
Немат Курат, кийин өзү башкыр, Стамбул университетинин профессору Заки
Балиди Тоган менен тааныштым. Заки ага Ленинди 1917-1918-жылдарда
алдаган адам болгон экен. Кийин Заки Балиди ага менен өтө жакын таанышта
болуп, өмүрү өткөнчө дос катары калдык. Мени Америкага албай койду деп
даттансам, Түркияга кел, бир университетинен окуурсуң, стипендия алып
бериш үчүн аракет кылабыз деген кеңештерин айтты. Ал жылдары Курат ага
Анкара университетинин ректору экен. Курат ага, Заки ага Кудайбергендин
университетке кире турган даражадагы билими бар деген рекомендация
беришти. Ошону менен мен Анкара университетинин студенти болуп кирдим.
Түркияга келген абалым
Түркиянын баш элчисине профессор Курат менен барган элек. Баш элчи биз
түрк атанын баласы болсок да "Кыргызлары мусулманбы?” деп сурады. Дүйнөгө
белгилүү мамлекеттин дипломатынын ушундай суроо бергенине таң калдым.
Демек, бизди эч ким тааныбайт. Эмнеси болсо да түпкү атабыз түрк эмеспи деп
Түркияга кетишти чечкенден кийин Курат менен барабар бир кемеге отуруп,
Стамбулга бет алдык. Жолдо толкун болду, толкунга чыдай албайт экемин,
кусуп өтө кыйналып, көп азаптарды тарттым. Ушу кемеде Ахмед Бели Венгер
деген татарлардын соодагерин көрдүм. Ал кыргыз-казактардын үрп-адаттарын
жакшы билген адам экен, сүйлөшүп отурсак, казак улутчулдарынан Миржакып
Дуулатов деген акын жана саясатчыларынан болгон адамды билет экен. Аны
менен бир мектепте окуптур. Миржакып Дуулатов падыша заманында “ойон
кыргыз" деген узун бир поэма чыгарган казактын талантуу, атактуу уулдарынан
болгон. Акыркы жылдарда улутчулдар, элибиздин намысын талашкан адамдар
мени кызыктырар эле. Кийин Бели ага пароходдогу эң жакшы байлар бара
турган бир чоң ресторанынан тамак жедирип, ушуларды айтып отурганда бул
адамдан эмнелерди үйрөнөр экемин деген ойго келдим.
Ошентип, Стамбулга келдик. Стамбулда түрктөрдүн бүтүн түркүй калкына
кылган жакшылыгы бу - ким гана болбосун: якутпу, кыргызбы, казакпы,
өзбекпи - баары Түркиянын жерине келгенде өз граждандыгын беришти. Бул
алардагы бүтүн түркүй калктарына кылган ырайымы. Албетте, бул биз үчүн
сүйүнүч эле. Жетип биринчи документ алганда Кудайберген Кожомбердиев
десем, катчы болуп отурган картайган бир адам:
- Уулум, түрктөрдө Кудайберди деген аттар бар, бирок Кожомберди деген ат
жок. Атыңды Кудааберди, өзүң кыргыз экенсиң, фамилияңды Кыргыз коёбуз, деди.
Минтип биринчи түрк документин жазып бергенде Кудааберди Кыргыз болдум
да калдым. Профессор Акдес Немат Курат Анкарада үйүмө жатып окуйсуң деген
эле. Катынынан корктубу – билбейм, убадасына турбады. Бирөөлөрдүн үйүнө
жайгаштырышка аракет кылды, бирок таба албады. Кийин Зираат институтунун
жатаканасына жайгаштырды. Заки Балиди Тоган, Акдес Немат Курат - эки
профессор рекомендация берип, кол койсо, ал сенин дипломуң болуп
эсептелинет экен, Анкара университетине студент болдум. Түркиянын окуу
министрлиги стипендия берет деп убада беришкен эле, бирок стипендия бере
алышпады, жарды мамлекет, каражаттары жок. Кыскасы, миллиондон калган
акчамды төлөп берип, окуй баштадым. Түркияда агезде театр дегенди билчү
эмес. Көчөлөрү ыплас, камырчылар, начар кийинген кедей адамдары көп жүрчү.
Биздин Кыргызстанда театр бар, операларыбыз бар деп жатаканада чогуу
жаткан студенттерге мактанып калчумун, көрсө арабызда бакан ооздор бар
окшобойбу, мактанганым Түркияга каршы тетири үгүт катары бааланып,
артыман аңдытып коюшту.
Универстеттин тил-тарых факультетинде тарыхчылардан Осмон Туран деген
профессор пантүркчүлөрдөн экен. Профессор түрк тарыхынан жалпы түрктүк
идеяларды окутат экен. Мен анын классына отурдум. Маган биринчи түрк тилин
үйрөтүш үчүн орусча билген бир доцентти жаныма кошуп беришти. Тарыхтан
түрктөрдүн кандай сүйлөгөнүн үйрөнүп алсын деп. Баса, ушул доцент
Тургеневдин "Эненин жүрөгү" деген повестин окуп чыгып, аны түркчөгө
которуп алып, өзүнүн атын жазган мен жаздым деп. Ал өзү орусча билет, аны
сынга ала турган, териштире турган эч ким жок да. Кычыраган бир ботинкеси
бар эле, кычыратып студенттердин арасында жүрө турган. Түркияда
жүргөнүмдө Фатих деген татар менен тааныштым, ал бир чоң компаниянын
инженери эле. Анын үйүнө барып тураар элем. Фатих Элмира аттуу кыздуу
болушту. Кызын мага карматып коюшуп, өздөрү танцыга кетишээр эле. Кийин
Америкага, Нью-Йоркко келишти. Бу жакка келгенде иши жок, үй тазалагыч
болуп, кыйналып жүрдү. Бир күнү биз эч жакка бара албайбыз, бизди бир жээкке
алып барып келесиңби деп суранганынан Сание экөөбүз аларды эс алдырышка
алып кетсек, үйүнө ууру кирип, алтындарын тоноп кеткен.
Ошентип, мен Анкара университетинде үч жарым семестр окудум.
- Каражатым бүтүп баратат, стипендия бере албадыңыз, маган иш таап бериңиз,
болбосо мага Францияга кайтып кетишке уруксат бериңиз, - деп тышкы иштер
министрлигине кирейин деп турсам, эшигинин алдында турган катчысы:
- Сенин министрде эмне ишиң бар? - деп мени кубалады.
Бир убакта министр өзү чыгып келди, жаш түрк, профессор Осмон Турандай
пантүркчүлөрдөн сабак алган адам экен. Мени көрүп, кабинетине киргизди.
- Тууганым, биздин абалыбызды көрүп турасың, стипендия бере албайбыз,
ишибиз да жок, эгер Францияга кайтып кетем десең, паспортуңду бердирейин,
кете бер, - деди. Акыркы калган акчама Францияга билет алып, кайтып келдим.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 09