Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 02

Total number of words is 3641
Total number of unique words is 1996
23.7 of words are in the 2000 most common words
33.6 of words are in the 5000 most common words
39.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
офицерлери жана жоокерлери кыргынга учураган. Жалпысынан, Советтер
Биримдигинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий
бюросунун 1940-жылдын 5-мартындагы чечимине таянган СССР Ички иштер эл
комиссариатынын үчилтиги 21 857 поляк туткунуна карата өлүм жазасын өкүм
кылганы 1990-жылдары ачыкталган Орусиянын архивдик даректери аркылуу
тастыкталды.
Башканы кой, ал түгүл Польшанын мурдагы “кремлчил” мамлекет башчысы Войцех
Ярузельский да жаш кезинде Литвада (1940-жылы) камакка алынып, дээрлик үч
жылдай Алтайда сүргүндө жүрүп, токойлордо карагай кыйган.
Советтик басылмалардан бул каргашалуу окуялар тууралуу эч нерсе окубаганы менен,
Азамат Алтай сыяктуу совет жоокерлери Чыгыш Европадагы (Польша менен
Балтиядагы) поляк тегиндеги калайыктын СССРдеги системага карата жек көрүү
сезимине өздөрү күбө болушкан.
“Поляктардын бизди кордоп сүйлөгөн сөздөрү: коммунисттер, комсомолдор, холера,
большевик эле. Холера эң начар оору экенин билесиздер. Кем адам болгонуңду
ушундай жерден сезесиң.
Ушинтип бир топ күн өттү. Жалданып иштегендердин аялдарына этимдин
кирдегенин, бит басканын, түнкүсүн уктай албасымды, Стефандын аялынан
коркконумду айтсам: “Токойдон отун көтөрүп кел, мончо жагам, көйнөгүңдү чеч,
сууга кайнатып биттен куткарамын”, - деп жардам берди ал дагы полячка. Мына
көрүңүз, кандай түрдүү мүнөздүү адамдар бар экенин”, - деп эскерет Азамат ага.
Дагы башка поляктар ага бир эле жайда узакка тура берсе колго тез түшөөрүн
эскертишип, мындан соң ал Стефандыкынан да кетүүгө аргасыз болот.
Саат басып жолдо капысынан полицайларга тутулуп калат. Бирок Азамат Алтай аларга
ачкадан өлбөс үчүн лагерден качканын “чын сөзүм” деп айткан соң, беркилер аны
туткундар азыраак болгон (демек, тамак-ашы көбүрөөк делген) башка абакка
жеткиришет. Бул абак Ошмуяни деген шаарчада жайгашкан экен.
Партизандар
Андан соң Азамат Алтай уруш аяктаганга чейин ар кыл фашисттик абактарда да болду,
арасында партизандардын арасында да күрөшкөн учурлары болду.
Беларус токойлорунда айрым өзүн партизан жарыялаган топтордун кылмыштуу
жорук-жосундарына, карапайым дыйкандарга жасаган зулумдугуна да күбө болот.
Алардан да качат.
“1943-жылдын 23-апрелинде бирөөнүкүнөн тамак ичип, түнөп калдым. Үйдөгү аял
төлгө ачып: “Бүгүн «казённый домго” (өкмөт казынасынан каржыланган үйгө, балким,
абакка. - Т.Ч.) туш болосуз, сиздин тагдырыңыз өзгөрөт, океандын ары жагына
кетесиз, сиздин бактылуу номериңиз 58”, - деп айтты.
Төлгө “төп” келип, ошол эле түнү Литва полицайлары үйдү тегеректешти да, “чык,
болбосо гранат таштайбыз” деп бакырышты. Үйдөгү аялдар «чыкпасаң бу
шерменделер баарыбызды жардырып өлтүрөөрү бышык” деп жалбарышты.
Колумдагы саатты төлгө ачкан аялга чечип бердим да, тапанчаларды чакадагы сууга
салып, бир мылтык бар эле, ошол мылтыкты көргөзүп, колумду көтөрүп тышка
чыктым.
Полицайлардын бири гранаттын сабы менен менин кашымды канжалата жара
муштады. Дагы ура турган болгондо экинчи полицай урдурбай арачалап калды”, - деп
эскерет Азамат агай.
Дегиңкиси, совет кыргыз адабиятында баатыр жоокерлер, ооруктагы күжүрмөн
эмгекчилер, Ысмайыл сыяктуу дезертирлер тууралуу арбын жазылды, Ысык-Көлдөн
кетип “чыккынчы болгон” киши тууралуу көркөм тасма да чыкты, бирок согуш туткуну
болгон кыргыздардын тагдыры эски идеологиялык чидерден эркин чагылдырылган
чыгармалар эгемендик доорунда гана пайда боло баштады.
Азамат аганын өмүр таржымакалы улуу майдандын эки тарабында тең кишилердин
тагдыры “ак жана кара түскө” гана бөлүнүп, үстүрт баяндалбашы керектигин
айгинелейт.
Франциядагы антифашисттик күрөш
1944-жылы 4-мартта туткундарды Франциянын Брест шаарына поезд менен алып
келишет.
Аларды кайра Германияга ташып баратканда, ошол жылдын май айынын башында ал
поездден түшө качат, Францияда эптеп жашырынып баш калкалап жүрөт.
Азамат Алтайдын айтымында, ал фашисттерге каршы күрөшкөн Француз каршылык
көрсөтүү кыймылына да катышат.
1944-жылы июнда ал турган жер Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан
боштондукка чыгарылып, Азамат ага акыры мурдагы нацисттик туткун болгон
советтик аскерлердин убактылуу лагерине кабылат.
Сатар Алмамбет менен жолугуу
Тактап кетүү зарыл болгон жагдай - Кудайберген Кожомбердиев эч качан «Түркстан
легионунда» кызмат кылган эмес. Кыргызстандагы айрым мезгилдүү басма сөздөгү
Азамат Алтайды алиги легион менен байланыштырган маалыматтар дарекке
негизденбеген, чындыкка таптакыр коошпогон жоромол болуп саналат.
Албетте, Түркстан легионунда кызмат өтөгөн кыргыздар да болгон. Муну эч ким
танбайт. Ал түгүл Берлинде сүргүндөгү Түркстан жумуриятынын өкмөтү түзүлүп, 1942жылы жазында “Түркстан легиону” расмий калыптанып бүткөн. Анын башчысы - теги
өзбек саясатчы Вали Каюм-хан болгон (ал 1922-жылы Германияга окууга жиберилген,
Берлин университетинде окуган. Кийинчерээк СССРге кайтпай, Берлинде кала берген
жана акыры нацисттер менен кызматташып кеткен). Анын орун басарларынын бири кыргыз жазуучусу Сатар Алмамбет эле.
Учурда Лондондо Би-Би-Сиде иштеп жаткан тарыхчы, публицист жана жазуучу Арслан
Капай уулу Койчиев интернеттеги өз макалаларынын биринде “Мюнхенде жашаган
бир өзбектин чакан китепканасында согуш жылдарында Берлинде жарык көргөн
“Миллий Түркстан” журналынын сандарын барактап отуруп, “Бет Алман” деген
авторго көзүм түштү. Бул Сатар Алманбетовдун легиондогу аты эле”, - деп жазат.
Сатар Алмамбет ал түгүл немистердин каражатына “Манас” дастанынын үзүндүсүн
китеп кылып жарыялоого жетишкени да маалым.
“Түркстан легионунун” фашисттик “тактеке” (марионетка) катары ролун эч
бурмалабай сыпаттоо менен катар, алардын өкүлдөрүнүн маданиятка кошкон
салымын калыс иликтөө маалы да келип жетти го дейм.
Баса, Азамат Алтай да Сатар Алмамбет менен согуш аяктап калганда Франциядагы
мурдагы советтик туткундар Батыш ынтымакташтары тарабынан убактылуу кармалган
лагерден жолукканын, Сатар Алмамбетке “фашисттер менен кызматташкан” деп
шектелип камалгандардын абагынан бошонуп чыгууга жардам бергенин, акыры
Сатар Алмамбет өзүн абак күткөнүнө карабастан өз ыктыяры менен СССРге кайтканын
эскерет.
“ГУЛАГга” кайтуу керекпи, же боштондукпу?
Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, мурдагы фашисттик туткундар үчүн эки ача жол
турду. Анын бири - өз Атажуртуна кайтуу эле. Бул татаал жол - Сибир сүргүнү, айтылуу
ГУЛАГ (лагерлердин башкы башкармалыгы), кордоо, кыйноо, эс алуусуз күнү-түнү
иштетүү аркылуу өтчү.
Миллиондогон мурдагы туткундар, алардын ичинде 20-30-жаштын күлгүн курагында
болгондор, өз киндик каны тамган жерге жете албай, ошол сталиндик лагерлерде
мезгилсиз эле ажалын табышкан.
Анча-мынчасы гана Сталин өлгөндөн кийин акталып, өз айылына же шаарына кайтып
келишкен.
Кыстарып айта кетсек, ошолордун бири - биздин жакын тууганыбыз, эчки-башылык
Абдыракман Алиев эле. Ал эки ирет нацисттик концлагерден качып, югославиялык
партизандарга кошулуп Балкан аймагында нацисттерге каршы күрөштү уланткан
миңдеген мурдагы фашисттик туткундардын бири болду. Жүзү жарык эл-жерине келе
жатканда, сталиндик жазалоочулар Абдыракманды дароо камашып, көп жылдык
абакка кесишип, анын туугандарынан бери куугунтук коркунучуна кабылышкан.
Кийин гана ал акталып эл-жерине келип, бирок эр ортону жашына жетип-жетпей каза
болду. Бул - он миңдеген жазыксыз запкы жеген кишилердин биринин гана тагдыры.
Мурдагы фашисттик туткундар үчүн дагы бир жол бар эле. Ал - Батыш өлкөлөрүндө
кала берүү. Бул жол инсанды ГУЛАГдын чеңгелинен куткарган менен, эли-жерин
сагынуу, куса болуу, моралдык жактан өзүн бозгун, мусаапыр, байкуш сезүү сыяктуу
азаптардын тузагына салаар эле.
Кыргыздын дагы бир көрүнүктүү кулуну, “Азаттык” үналгысынын жүгүн Азамат
Алтайдын колунан өткөрүп алып, 1984-жылга чейин “Азаттыкты” жетектеп келген
Төлөмүш Жакып уулу (1926-1992) да согуш туткундарынын бири болчу.
Элине кайтып келе жаткан мурдагы согуш туткундарына СССРде өзгөчө ырайымсыз
Мамиле жасалып жатканына күбө болуп, ал да Азамат агай сыяктуу эле Батышта
калууну чечкен.
Ыраматылык Төлөмүш агай кээде эл-журтту сагынып, жүрөктөгү зил кыйнаганда,
Бавария жергесинде Мүнхендин сыртындагы токойго барып, эч ким жокто өксүпөксүп ыйлап алаар элем деп айтканы эсимде.
Батыш тарапка өтүү
Азамат Алтай ага өз эскерүүсүндө совет бийлигинин өкүлдөрү мурдагы согуш туткуну
болгон өз жоокерлерине алар советтик башкаруу аймагына өтөөр замат эле
ырайымсыз мамиле кыла баштаганын өз жон териси менен сезип, алардын далай
кордугун көргөнүн айтат.
Мындай запкыдан соң, ал 1946-жылдын 1-январында Батышка качып өткөнүн
мындайча айтат:
“Ошентип, 1946-жылдын биринчи күнү советтик куралды, шинелди таштап,
гимнастёркамдын үстүнө костюмумду салдым да, англичан зонасына өттүк. Смоген
жол билет, мен жашаган жерге баралык деп, бир шаардан бир шаарга чейин жөө
жүрүп, арадан он күн өткөндөн кийин Германиянын түндүгүндөгү Олденбург
шаарына келдик...”
Андан ары Азамат агай поездге жармашып, эптеп Францияга өткөн. 1946-жылдын 10январында Парижге келип түшкөн.
“Советтер Союзунда туулганыбызды жашырып, (Фритьоф) Нансен паспорту деген
эмигранттык паспорт менен жашоого туура келди.”, - деп жазат Азамат агай.
Атажуртунан айрылып, эч мамлекеттин атуулу болбогон мигранттар үчүн бул
“нансендик” паспорт бюрократиялык тоскоолдуктарды жеңген документ болду,
ошондуктан ал атажуртунан четке калган бозгундар үчүн аба менен суудан артык
колдоо эле.
Коомдук ишмердик айкалышкан тирилик
Батышта калып, көрпенделик тирилик кылуу менен чектелген мурдагы согуш туткуну
болгон кыргыздар жана кыргызстандыктар абдан эле арбын болду.
Ал эми улуттун сыймыгына айланган азганактай гана киши бозгунда жүрсө да кыргыз
деп күйүп, кыргыз руханий турмушу үчүн коломтодогу отту алоолонтуп жагып
турушту.
Алардын бараандуу өкүлдөрү - Азамат Алтай жана андан кийинчерээк - Төлөмүш
Жакып уулу болду.
Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) 1940-жылдардын аягында Батыш
Европада жашап калган Борбор Азиялык бозгундардын «Түрк эли» уюмунун
ишмердигине жигердүү катышкан. «Түрк эли» уюму Борбор Азиядагы советтик
жумурияттардын көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу,
демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн.
Азамат агай катаал турмушту баштан кечирип жатканына карабастан, убакыт өөнөп,
калем кармап, өз турмушун баяндоо аркылуу четте калган кыргыз кулунунун
тагдырын чагылдыргысы келет.
Бозгундагы чыгармачылык
1946-жылы 23-ноябрда Азамат Алтайдын бир макаласын орусиялык эмигранттардын
журналы жарыкка чыгарган. Бул тууралуу Азамат ага мындайча эскерет:
“Ошол жылдары Америкада, Нью-Йоркто эски меньшевиктердин «Социалистический
вестник” деген журналы чыкчу, (анан) дагы эсерлер партиясынын жетекчиси
Зензинов деген “За Свободу» (“Эркиндик үчүн”) деген журнал чыгарчу. Акыры бир
күнү кармалып, Советтер Союзуна айдалсам, ажалымдын жеткени эле. Немис
туткунуна түшкөн киши согуш мезгилинен бери чыккынчы деп жарыяланганы
белгилүү, албетте, мага аёо жок болчу. Тагдырымды түшүндүрүп, эки журналга узун
бир кат жазып жибердим. Көп өтпөй «Социалистический вестник» (“Социалисттик
кабарчы”) катымды кыскартып, «Түркестанец” деген ат менен «Исповедь молодого
киргиза” (“Жаш кыргыз жигитинин ыймандай сыры”) деген темада макаланы
журналга чыгарышты”, - дейт Азамат агай өз эскерүүсүндө.
Ошол жылдары ал кыргыз, казак, орус, өзбек, түркмөн тилинде Мүнхенде чыккан
«Түрк эли» журналына да кыргыздардын тарыхы, маданияты, советтик бийликтен
запкы жеген кыргыз жазуучу, илимпоздору жөнүндө макалалар жазып, айрым
сандарына редакторлук кылып турган.
Ал кезде ал “Кудайберген Кошой” деген да адабий атты (псевдоним) колдонгон.
Орус жана борбордук азиялык интеллектуалдар менен бирге
Азамат агай Батышта бозгунчулукта өмүр сүрүүгө аргасыз болгон белгилүү орусиялык
диссидент Александр Керенский, окумуштуу, советолог Александр Беннигсен
(Alexandre Bennigsen, 1913-1988), Мустафа Чокайдын жесири Мария Яковлевна
Чокаева, поляк чыгышпозу Ананиаш Зайончковский (Zajaczkowski) менен да, улуту
башкыр, либерал- демократ жана көрүнүктүү түрколог Ахмед Зеки Велиди Тоган жана
башка интеллектуалдар жана коомдук ишмерлер менен тыгыз байланышып турган.
Азамат Алтай бозгунда жүргөн казак, өзбек, татар-башкыр, ногой интеллектуалдары
менен да байма-бай байланышып турган.
Ыраматылык советолог окумуштуу Александр Адамович Беннигсендин кызы,
көрүнүктүү саясат таануучу, журналист, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча адис
Мэри Беннигсен Броксуп (Marie Bennigsen Broxup) айым менен 1990-жылдары АлаТоо жергебизде жана Лондондо бир нече ирет жолуккан элем. Ал айым өз атасы
Александр Беннигсен Азамат Алтайды өтө урматтаганын, алар Францияда турганда
үй-бүлөлүк деңгээлде да тыгыз карым-катнаш жүргүзгөнүн эскерип айтты.
Беннигсен мырза Орусияда туулган. 1919-жылы ата-энеси Эстонияга көчөт, 1924жылдан тартып Парижде жашап калат. Беннигсен Экинчи дүйнөлүк согуш маалында
Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкан. Ислам дүйнөсүнүн арабдардан тышкаркы
бөлүгүнүн, СССРдин курамындагы мусулман элдеринин тарыхы боюнча ири адис
болгон.
Азамат Алтай болсо Беннигсен мырзага Борбордук Азиянын түрк калктарынын
тилдериндеги мезгилдүү басылмалардын материалдарын илимий максатта
жалпылоо үчүн кыргыз, казак, өзбек тилдеринен которуп берип турган.
Ал 1950-жылдардан тартып Франция, Германия, Америкада кыргыздардын тарыхын,
маданият-салтын изилдеген окумуштууларга жардам көрсөтүп, кыргызча булактарды
англисчеге которуп, жалпы Батыштагы борбордук азиялык элдерге тийиштүү
адабиятты жалпылап, чоң каталог түзүүгө катышкан.
Мустафа Чокайдын жесирине жардам
Ошол 1946-52-жылдардагы өзүнүн чыгармачыл ишмердүүлүгүн учкай эскерип, 1949-
жылы Мустафа Чокай тууралуу китепти даярдоого кол кабыш кылганын Азамат ага
мындайча жазат:
“1949-жылдары Мария Яковлевнанын бир аз, чамасы 20-30 миңдей франкы болсо
керек. Ошого Мустафа Чокайдын арбагына эскерме китепчесин чыгармак болуп
калды. Мени иштетти. Мен кубанып иштедим. Материалдар чогулттум. Украинанын
мурдагы тышкы иштер министри Шульгин Мустафа Чокайды тааныгандарга жиберет,
мен барып иштин жөнүн айтам, алар эскермелерин жазып беришет. Мустафа Чокай
өзү уюштурган «Жаш Түркистан” журналынын атын коюп, Мария Яковлевна, Алим
Алмат үчөөбүз эскерүү китепчени чыгардык. Кириш сөзүн «Жума” деген ат менен мен
жаздым...”
Белгилүү казак коомдук ишмери Мустафа Чокайдын (1890-1941) жесири, теги орус,
мурда опера ырчысы болгон Мария Яковлевна Чокаева (Горина) менен жолугуп,
Азамат Алтай бул айымга Мустафа Чокайдын илимий жана публицистикалык
макалаларын топтоп, айрымдарын кайра жарыялоого олуттуу көмөк көрсөткөн.
Мустафа Чокай болсо Түштүк Казакстандын Ак-Мечит жергесинде (азыркы
Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Чиели/Шиели ооданында) 1890-жылы туулган.
Анын атасы Чокой бий Торгой датка уулу - орто жүздүн кыпчак уруусунун шаты
уругунан чыккан тектүү киши болгон. Мустафа 1902- 1910-жылы Ташкенде эркектер
гимназиясында окуп, аны эң мыкты баа менен аяктайт (анын классташтарынын бири кийинчерээк Убактылуу өкмөттүн башчысы болгон Александр Керенский эле).
Чокай 1910-1917-жылдары - Санкт-Петербург университетинин укук факультетинде
таалим алган. Студент кезинде эле саясатка аралашып, IV Мамлекеттик думанын
Мусулман фракциясынын катчысы жана анын бюросунда Түркстандын өкүлү болуп
иштейт (1914-жыл). 1917-жылы жаңы түзүлгөн Алаш партиясына мүчө болот.
Мустафа ошол эле 1917-жылы башка борбордук азиялык либерал демократтар менен
бирге демократиялуу Орусия Федерациясын түзүү ураанын таштайт. Алардын
мүдөөсүнчө, жалпы Түркстан аймагы бул федерацияга автономиялык макам менен
кирүүгө тийиш эле.
Дал ошол мүдөөнү көздөгөндөр 1917-жылдын 22-26-ноябрында Фергана
өрөөнүндөгү Кокон шаарында жалпы мусулмандардын кезексиз Төртүнчү курултайын
чакырышат. Курултай болсо Түркстан автономиясын жарыялайт (баса айтсак, бул
автономия - коммунисттик эмес, демократиялуу Орусия федерациясынын курамына
кирүүгө тийиш болчу).
Кокон автономиясынын өкмөтүнө жергиликтүү мусулман калктарынан тышкары,
славян тектүүлөр да мүчө болгон. Мустафа Чокай оболу Кокон өкмөтүндө каржы
министри, андан соң тышкы иштер министри, ал эми Мухаметжан Тынышпаев баш
министр кызматынан кеткен соң, анын ордуна өкмөт башчы болуп иштеген.
1918-жылы 18-февралда большевиктер менен солчул эсерлерден турган Кызыл
армия жоокерлери Коконду басып алып, кандуу террор уюштурушуп, Мустафа Чокай
жана башка лидерлердин тирүү калгандары башка жактарга качууга аргасыз
болушкан.
Мустафа Уфа, Грузия жана Түркия аркылуу Европага жетип, 1922-жылдан бери
Францияда туруп калган. 1927-1931-жылдары “Жаңы Түркстан”, 1929-39-жылдары
болсо “Жаш Түркстан” журналдарын чыгарып турду.
1940-жылы сентябрда герман фашисттери Парижге кирип келген. Ошондон тартып
Мустафа Чокайдын азыр да кызуу талашка түшкөн турмушу башталган. Соңку
маалыматтарга караганда, ал фашисттик Германия туткундаган советтик Борбордук
Азиядан келген кишилердин оор ал-акыбалын концлагерлерди кыдырып жүрүп
көрүп, фашисттик бийликти сынга алган.
1940-жылы 27-декабрда ал белгисиз жагдайда кайтыш болгон. Ал өлгөндөн үч ай
өткөн соң нацисттик Германия “Түркстан легиону” деген аскердик бирдикти расмий
уюштурган.
Айтмакчы, казак тасмачысы Сатыбалды Нарымбетовдун 2008-жылы чыккан “Мустафа
Чокай” көркөм тасмасында анын ролун жаш кыргыз актеру Азиз Болот уулу
Бейшеналиев (1971 -жылы туулган) аткарган. Бул тасманын айрым бөлүктөрү
Францияда жана Чехияда тартылды.
Мустафа Чокайдын жесири Мария айымды Азамат ага өз жарын сүйгөн жана анын
идеалдарын колдогон, өз акчасына маркум күйөөсүнүн эмгектерин чыгаруу үчүн
белсенген эстүү, адамгерчиликтүү, инсан катары жогору урматтап эскерип келди.
“Азаттыктын” алгачкы кыргызча берүүсү
1953-жылы ал башкеңсеси Мүнхенде жайгашкан «Азаттык» үналгысына (азыркы
«Эркин Европа-Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматы ал кезде тек гана Түркстан
кызматынын бир бөлүмү болчу) ишке кирди.
Ошол жылдын 18-мартынан тартып ал “Азаттыктын” “Түркстан кызматынын кыргызча
берүүлөрүн даярдап, обого алып чыга баштады.
Кудайберген Кожомбердиев кыргызча берүүнүн бир эле учурда редактору, автору
жана алып баруучусу болгон. Кийинчерээк анын жолун Төлөмүш Жакып уулу (19261992) уланткан.
5-марттагы Иосиф Сталиндин өлүмүнөн 13 күн өткөн соң ишин баштаган “Азаттык”
үналгысы, ошентип, кыргыз үнүн эл аралык радионун алкагында дүйнөгө чыгарган,
кыргыздын улуттук кадыр-баркынын символдорунун бирине айланган маанилүү
маалымат каражаты болуп телчиге баштады.
«Азаттык» үналгысынын тарыхына учкай кылчайсак, адегенде, 1949-жылы, мурдагы
коммунисттик Чыгыш Европада жашаган калктар үчүн “Эркин Европа” радиосу
түзүлгөн. Ал эми 1953-жылдан тартып мурдагы СССРде жашаган элдер үчүн “Азаттык”
радиосу ачылган.
1967-жылы “Азаттыктын” “Түркстан редакциясы” экиге бөлүнүп, анын бирөө “Түштүк
Түркстан” деп аталып, өзбек, тажик, түркмөн тилдеринде, экинчиси “Түндүк Түркстан”
редакциясы болуп түзүлүп, бул кызмат кыргыз, казак, уйгур тилдеринде берүүлөрдү
уктурган.
1975-жылы аталган редакциялар өз-өзүнчө бөлүнүп, Кыргыз кызматын (азыркы
“Азаттык үналгысын”) Төлөмүш Жакып уулу (1975-83/84) жетектеп калды.
Кийинчерээк бул кызматты Азамат Алтай (1984-88), Аким Өзгөн (1989-95),
Мамашарип Газы (1995), жана америкалык түрколог, доктор Чарльз Карлсон (СЬаг1ез
Саг1зоп; 1996-2002) башкарып келди.
2003-жылдын 1-январынан тартып ушул тапка (2010-жылдын сентябрына) чейин
аталган кызматты ушул саптардын ээси жетектеп келди.
Айтмакчы, “Эркин Европа” жана “Азаттык” деп аталган бул эки компания 1975-жылы
бириктирилген. “Эркин Европа/Азаттык” үналгысы (Radio Free Europe/Radio Liberty)
деп аталып калган бул компания АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат. Ал ушул
тапта дүйногө 28 тилдеги берүүлөрдү уктуруп келет.
Нью-Йорктогу чыгармачылык
Мүнхенде бир аз убакыт иштеп турган соң (1956-жылдын 15-сентябрында) Азамат
Алтай бул шаардан Нью-Йоркко (АКШга) көчүп келет да, саал көп узабай Нью-Йорк
китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп калат.
“1956-жылдын 26-декабрында Нью-Йорк китепканасынын эшигин аттап, Славян
бөлүмү, Чыгыш бөлүмү деген эки бөлүмү бар, ага ишке кирдим. Буга менин Мүнхенде
“Советтер Союзун иликтөө” институтунун китепканасында иштегеним жөлөк болду.
Мүнхенден кетип жатканда “китепканада иштеди” деген күбөлүк алган болчумун.
Мына ошол күбөлүктүн аркасы менен иш да, дос да таптым”, - деп эскерет Азамат
агай.
Нью-Йоркто да ал «Азаттык» үналгысы менен тыгыз кызматташып, апта сайын ар кыл
материалдар даярдап жиберип турду.
Маселен, 1967-жылдын 2-3-июнунда Канаданын Монреал шаарында ЭКСПО-67
жармаңкесинде Кыргызстандын күнү өткөрүлүп, Азамат Алтай бул окуя тууралуу
“Азаттыктан” “Баракелде, кыргыздар!” деп репортаж уюштуруп турган.
“Эркин Европа” жана “Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматынын үзгүлтүксүз иштеп
турушуна, чет өлкөлөрдө жашап калган кыргыз жаштарын бул кызматка тартууга
Азамат ага чоң салым кошту.
Санияга үйлөнүү
Кудайберген Кожомберди уулу 1958-жылы Мекеге зыярат кылат. Мекеде жүрүп
кыргызстандыктар менен жолугат. Сузактын Ачы айылынан келген кыргыз зыяратчы
аркылуу кат жиберип, атасы Кожомбердиге өзүнүн аман-эсендигин билдирет.
Стамбул аркылуу кайтып, боордош казак айдыңы Алим Алмат менен жолугуп,
аныкынан Сания апа менен таанышат. Ага чейин да нечендеген мусулман кыздар
менен тааныштырылган экен, бирок бирисине өзү жакпаса, экинчисин өзү
жактырбай, үчүнчүсүнүн ата-энеси Кудайбергендин “каапыр өлкөдө” жашаганын
жактырбай келишкен экен.
Досу Алим эже-сиңди эки кызды чакырып келип тааныштырат:
«Мүмкүн жактырышарсыңар, мүмкүн, үйлөнөөрсүңөр. Анан «китепти ордуна
койдуңбу?» деп сурасам, демек, жактыбы дегеним, деп Алим мага пароль (сырсөз)
үйрөттү...
Ошо китеп - менин Санием. Жанындагысы синдиси Нажие экен. Ал күнү кыздарды
үйүнө жеткирип койдук. Эртеси энеси менен жездесинин алдынан өтүп, дагы эки
күндөн кийин мечитте нике кыйдырдык”, - деп жазат Азамат Алтай.
Теги урал татарларынан болгон, Орусиядан Кытайга, анан Жапонияга өтүп, акыры атаэнеси Түркияда байырлап калган Сания апа Түркиянын атуулу болчу. Ал эми
Германиядагы түрк консулдары Кудайберген менен Санияны расмий никеге
тургузбай бир нече ай бою кыйнашат. 1959-жылы АКШнын Мүнхендеги баш
консулунун бир уй тилиндей колдоо катынын күчү менен гана Түркиянын Мүнхендеги
консулу эки күндө нике кагазын бүтүрөт.
Андан соң Сания апа дээрлик үч айдай Кудайбергендин Мүнхендеги досу Виктор
Вербицкий менен анын жубайы Таня Вербицкая (Зотованын) үйүндө америкалык
визаны күтүп жашайт. Акыры Сания апа мухиттин ары жагына келип, күйөөсүнө
кошулат.
“Азамат Алтай” ысымын алуу
Кудайберген Кожомбердиев АКШда жүрүп, 1961-жылы ноябрда гана Азамат Алтай
деген ысымды алган.
«Алтай» сөзү аркылуу кыргыздын тарыхый тамырын Ала-Тоо менен чектебестен,
Алтай, Эне-Сай менен да байланыштыргысы келсе, «Азамат» сөзү аркылуу эл-жерине
карата атуулдук сүйүүсүн, жүрөк толтосунда аздектеген сезимин чагылдырган:
“...Мени жамандагандар да, жамандабагандар да менин жашырын аттарым жөнүндө
каалагандай жазышты. Немистерде мен “Асан”, ”Кадыр” деген аттар менен жүрдүм.
Француздарда өз атым менен, Түркияда - “Кыргыз”. “Кыргызсыңбы? Демек, атың да
ошондой болот”, - деп өздөрү атап алышкан. Журналисттик атым - “Кошой”.
Америка граждандыгын (атуулдугун) алганда фамилияңды да, атыңды да кандай
өзгөртөм десең өзгөртүп, сага алардын заңы боюнча жаңы документ берет.
Биринчиден, элим үчүн азаматтарча кызмат кылайын, экинчиден, байыркы заманда
кыргыздар Алтайда жашагандыктан, кыргыздардын мекени, сүйлөшкө да жеңил, деп
Азамат Алтай болуп кала бердим,” - деп жазат Азамат ага.
Айтмакчы, совет доорунда кыргыздын көөнө тарыхынын Эне-Сай, Алтай, Монголия
жана Чыгыш Түркстандагы бөлүнгүс баскычтары расмий түрдө жерилген алатоолук
кыргыздар үчүн Азамат Алтайдын ысымы дары сыяктуу эле туюлган.
Ал совет бийлиги тарабынан расмий түрдө “чыккынчы” катары айыпталып келгенине
карабастан, карапайым кыргыздар балдарына Азамат жана Алтай деген ысымдарды
беришип, бул улуу инсан таркаткан идеяларга тилектештигин билдиришкен.
Китепканачылык. Китепкөйлүк
Азамат Алтайдын Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан тарыхы менен
адабиятына болгон кызыгуусу өтө зор болгондуктан, ал тээ 1920-жылдардан бери
Кыргызстанда чыккан гезит-журналдарды почта аркылуу АКШга алдырып, илимий
китепканага чогултуп келген. Кыргыз адабиятына кызыккан батыштык изилдөөчүлөр
окусун деп, Касым Тыныстановдун китебин кириллицадан латын арибине которуп
жазып чыккан. Бул китепти азыр АКШдагы (Нью-Йорктогу) Колумбия университетинен
таап окуса болот. Азамат Алтай аталган университетин илимий китепканасында да
көп жылдар иштеген.
Белгилүү америкалык тарыхчы жана китепканачы, “Ички Азия тарыхы”
монографиясынын автору, улуту чех, доктор Сват Соучек (Svatopluk Soucek) деген
окумуштуу менен Прагада жолугушуп калдым. Ал Нью-Йорктогу коомдук китепканада
(the New-York Public Library) Азамат Алтай менен тыгыз кызматташып иштеген чагын
эскерип, Азамат аганы мээнеткеч жана терең билимдүү инсан катары өзгөчө урмат
менен баалады.
“...Жети жыл Нью-Йорк китепканасында, он беш жыл Колумбия университетинде
китепканачы болуп иштедим,” - деп эскерет Азамат ага.
Азамат ага 1960-жылдары Эдуард Олворс (Edward Allworth) жарыялаган баалуу
түркологиялык библиографиялык жалпылама эмгектерди даярдоого да чоң салым
кошкон. Бул тууралуу Нью-Йорктогу коомдук китепкананын каталогунда айрыкча
белгиленет.
Азамат Алтай Париждеги басылманын өтүнүчү боюнча 1973-жылдан тартып
алгачкылардан болуп “Библияны” «Ыйык инжил китеби» деген аталышта кыргызчага
которо баштаган, бул ишке 10-15 жылдай убакытын сарптаган. Бул котормочулук
эмгеги аркылуу ал кыргыз коомчулугун диний сабырдуулукка, дүйнө таанымынын
мейкиндигин кеңейтүүгө чакырган.
Мүнхенге кайтуу. Жетекчилик кызмат
Ыраматылык Төлөмүш Жакып уулу “Азаттык” үналгысынын деректири болуп турган
чагында, 1970-жылдардын аягында, Азамат Алтайды Нью-Йорктон кайра Мүнхенге
кайтууга улам-улам үндөй баштайт.
Ал түгүл анын кайра келишин “Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Кыргыз
кызматынын сакталып калыш көйгөйү менен да байланыштырат.
Акыры Азамат агай бул чакырыкка акыры макул болуп, Германиянын Мүнхен
шаарына кайтып келет жана “Азаттыкта” туруктуу кызматкер болуп иштей баштайт.
Ошол тапта, башкача айтканда, Совет доорунда, «Азаттык» үналгысы (“Эркин
Европа/Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматы) өз берүүлөрү бүт дүйнө жүзүнө
кыска толкун аркылуу таркаган кыргыз тилиндеги көзгө басар объективдүү маалымат
каражаты болгонун азыр пост-советтик адабият да (анын ичинде “Кыргыз
энциклопедиясы” да) ачык-айкын чагылдырып калды.
Бул жараянга Азамат Алтайдын Азаттык” үналгысынын деректири (1984-1988) катары
кошкон салымы да залкар баага арзыйт.
Ал Түркиядан таалим алып, түркиялык кыргыздарга таандык акцент менен сүйлөгөн
боордошторуна Ала-Тоодогу кыргыздардын тилин жана акцентин үйрөтүп,
журналисттик жана тил жаатында ырааттуу кеп-кеңешин берип жүрдү. Алардын
ичинен өзүнө мураскорду жетекчилик ишке убактылуу дайындап, жөндөмүн байкап,
тажрыйба аркылуу тандоо жолу менен иргеди.
Азамат Алтай 1988-жылы пенсияга чыгып, ордуна өзү тарбиялаган шакирти Аким
Өзгөн деректир болуп калды.
Нью-Йорктогу кадырман жашоо
Ардагердик эс алууга чыккандан көзү өткөнгө чейин Азамат Алтай агабыз АКШнын
Нью-Йорк шаарында жашап келди.
Анын бул шаардагы үйү АКШга барган миңдеген кыргыз боордошторунун зыярат
жайына айланды. Алардын ичинде Кыргыз өкмөт мүчөлөрү, депутаттары, элчилери,
жазуучулары, журналисттери, публицисттери, маданият жана спорт өкүлдөрү
болушту.
Алардын бири - драматург Бексултан Жакиев мырза Азамат Алтайдын архивинин бир
бөлүгүн Ала-Тоого алып келгени эсте.
Азамат Алтай 1995-жылдан тарта Жалал-Абат менен Караколдогу университеттердин
мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын 500 доллардан сыйлык
берип келди. Анын батасын жана стипендиясын алган нечендеген студенттер эми
илимий даражага жетип, айрымдары коомдук ишмер болуп жүрөт.
Эгемен Кыргызстандын учурдагы президенти, өлкөбүздүн алгачкы тышкы иштер
министрлеринин бири, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы туңгуч элчиси,
мурдагы оппозициячыл депутат Роза Отунбаева эжебиз Азамат Алтай тээ 1990жылдардын башында Кыргызстандан АКШга келген студенттерге улам эле туш келди
акчалай жардам бере бергенин эскерет.
“Бул балдарга караганда, Ала-Тоодогу элеттик университеттерде калган
студенттердин акыбалы оорураак, андан көрө ошолорго көмөк кылсаңыз дурус
болмок”, - деген Роза Исак кызы эженин кеңешинен улам, Азамат Алтай жогоруда
айтылган эки университетке өз атынан стипендия ирээтинде акча жөнөтө баштаган
экен.
(Бул тууралуу кийинчерээк, 2006-жылы май айында, Роза эже да Азамат Алтайды
эскерүү кечесинде дагы бир ирет тастыктап айтты). Кыргызстанга жыл сайын акча
салганына карабастан, Азамат Алтай баары бир АКШга келе калган
кыргызстандыктарга берешендик менен каржылык жардам көрсөтө берди, алардан
нуска сөзүн, кеңешин эч аябады.
Азамат агай өзү 1950-жылдардан бери кыргыздын тарыхы, маданияты, адабияты
боюнча чогулткан архивинин бир бөлүгүн 1995-жылы Кыргызстандагы Жалал-Абат
университетине тартуулады. Кийинчерээк Жалал-Абат университетиндеги Илимий
китепканада Азамат Алтайдын бурчу ачылды. Ушул тапта андагы студенттер чет
өлкөдө жашап жүрүп дүйнөдөн өткөн улуу мекендешинин өз эли үчүн жандилинен
жасаган эмгегине музейдеги экспонаттар аркылуу күбө боло алышат.
Эгемен Кыргызстанга унутулгус сапар
Азамат агай 1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 03