Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 21

Total number of words is 3855
Total number of unique words is 2223
26.8 of words are in the 2000 most common words
37.3 of words are in the 5000 most common words
43.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
башында тургандарга, ошондой эле алардын акырынан жем күүшөгөн
сателиттерге андай "шаан-шөкөттүн" түк да кызыкчылыгы жок экен. Демек,
"Манас" эпосунун мааракесин Кыргызстан эгемен өлкө болгондо гана өткөрүү
мүмкүн эле. 1991-жылы эркиндикке чыкканыбыздан кийин гана, Президенттии
Указы боюнча "Манастын" 1000 жылдык мааракесин чындап өткөрө турган
болдук. Ошондуктан, барган жердин баарынан “камылгаңар кандай? 25-августка
чейин
үлгүрөсүңөрбү?
Уят
кылбайсыңарбы?”
дегендей
жандилден
тынчсызданган эңсөөнү угуп жаттык. Ансайын жоопкерчиликтин оордугу
сезилип, жүрөгүбүз опкоолжуду. Буга кошумча Азамат Алтай, өзү айткандай,
күч-кубатта, аман-соо келип берсе экен” деп тиленем, анткени анын келишин
күткөндөр көп эле.
Миң
жылдыктын мааракеси башталаар күн - 25-август жакындагандан
жакындай берди. Аңгыча Нью-Йорктон жүрөктү опкоолжуткан кабар жетти:
Азамат Алтай капыстан катуу ооруп, үч-төрт күн эс-учун билбей жатыптыр
деген. Ошол учурдагы Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу
өкүлү Аскар Айтматов ооруканада такай жанында болгонун угуп, жүрөгүм
жылыды, ыраазы болдум. Бирок Азамат Алтай бу саам да эл-жерине келбей
калабы, Кудай анын маңдайынан андай ырыскыны таптакыр өчүрүп салганбы
деп кооптондум. Анткен менен а киши эрки күчтүү адам, өзүн өзү жеңе билген
адам, мүмкүн, ооруга да моюн бербес, “Ала-Тоому көрүп өлсөм” деп, жаратканга
миң мертебе жалынганы ага дем-күч берээр деген күдөрүм үзүлбөдү.
Чындыгында да ошондой болду. 1995-жылдын 18-августунда Азамат Алтай
ПРООНдун каражаты менен Ташкент аркылуу “Манас” аэропортуна келе
турган болду. Ал күндөрү мен "Манас - 1000" мамлекеттик деректирлигинин
көркөм жетекчиси жана сценарийдин автору катары эпос боюнча
театрлаштырылган негизги спектаклдин репетициясына катышып, Таласта
элем. 17-августта кечке маал, көздүн начарлыгына карабастан, түнү менен
“Жигулимди” айдап, Бишкекке чыктым. Эртеси Азамат Алтайдын уялаш бир
туугандарынан тирүү калган жалгыз карындашы Гүлшара эже уул-кыздары,
тууган-туушкандары, жакшы санаалаштары, радио-телевидение кабарчылары
Азамат Алтайды тостук. Анын чет элдеги турмушун эле эмес, Ата-Мекенине
келгенин да эл арасында көп сурайт. Баарын айтып отурсак, оңой менен
байыбаган узак сөз, ошондуктан, айрымдарын гана айта кеткеним жөндүр.
Азамат Алтай Америкадан кыргыз жерине келип түшкөндө, "Манас"
аэропортунда жер кучактай калып ыйлады. Чолпон Баекова чыканагынан
жөлөп, тургуза койбогондо асфальт баскан кыргыз жерин жыттап жатып алышы
да мүмкүн эле. Перрондон сыртка чыгып келатканыбызда телевидениенин жаш
кабарчысы мага микрофонун сунду:
- Агай, кыргыз телевидениеси үчүн Азамат Алтайдан суроо сурап коюңузчу?
- Өзүң сура, - десем:
- Сүрдөп атам, - деди. Микрофонду Азамат Алтайга тостум:
- Аба, эңсеген элиңизге келдиңиз...
- Элүү беш жыл көздөн учкан эл-жериме жеттимби ыя?! - Азамат Алтай андан
ары сөз айтууга дарманы жетпей, шолоктоп ыйлап жиберди. Түгөлбай
Сыдыкбеков менен көрүшкөндө, анда да кармана албай, көзүнөн жаш
томолонду. Америкада деле кыргызды, кыргыз жерин эстеген сайын “АлаТоому көрбөй өлөмбү!" деп ыйлай берчү.
Киндик каны тамган Тоңго алпаратканыбызда Ысык-Көлгө жүзүн чайып алып:
- Эми өлсөм, дүйнөдөгү эң бактылуу адам мен болоор элем! - деп буркурап
ыйлап жибергенде, мен тамашалап:
- Кокуй, аба, биздин колдон чыкканча, өлбөй коё туруңуз, - десем боору калбай
каткырды.
Баса, сөз арылап кете электе Түкөмө кайрылбасам, чекилик болуп калат.
Азамат Алтайдын Түгөлбай Сыдыкбеков менен жолугушуусун ПРООНго берген
программага мурда эле кошком. Анын жөнү бар. Түкөм “Азаттык” радиосун беш
ирекет намазын жазбай окуган адамдай такай укчу. Командировкалап кетпесек
биз деле укчубуз жашырынып. Башка жакта узагыраак жүрүп кайтканыбызда,
“Азаттыкта”
эмне кеп-келеч бар, Түкө?” десек, “Мен
силерге
сөз
ташыгычмынбы?” деп борсулдап күлүп, тамашалап коюп айтып берчү. Ага өз
оюн кошуп, толуктап да сүйлөчү. Кээде сураттырбай өзү эле айтчу. “Азаттык"
радиосу жөнүндө качан, кандайча кабардар болгонум эсимде жок. 60жылдардын башында шаар четиндеги "частный" квартирабызда радиобузду
кырылдатып-шырылдатып, сөздөрүнүн кээсин уксак, кээсин укпай, кулак
төшөп баштаганбыз. Балким, Түкөмүн: “Азаттыкта” Азамат Алтай, Төлөмүш
Жакып уулу деген жалтанбаган эр-азаматтар иштейт. Бактыгүл деген тили
таттуу да, так да кыргыз кызы диктору, ушуларды угуп жүрөсүңөрбү?”
дегенинен кийин радиодон “Азаттыктын" толкунун издеп калгандырмын?
Түкөмдүн дагы бир сөзү эсимде: “Бизде айтылбаган чындыкты "Азаттык"
айтат, кулак сала жүргүлө, мадыра баштар” дегени. Деги эле Түкөм бизге
тийишип, тамашалашканды жакшы көрчү. Жолугушуп калсак "кана, мени
күлдүргүлөчү" деп турчу. Биз дегеним: Төлөмүш, Салижан, Мар, Ашым
ыраматылык. Түкөмүн бизден жакын көргөндөрү да бар болчу. Аларды Түкөм
дайым колдочу, калкалачу, чыгармаларына жолдомолор жазып берчү. Алар да
үйрүчүктөп Түкөмүн үйүнөн чыкчу эмес. Ошондой жакындарынан экөөнүн
бирөө өтпөсө, бирөө өтөөр деген ниетте Түкөм Теңдик Аскаров Турдакун
Усубалиевдин
"куйругу"
катары
Жазуучулар
Союзунун
биринчи
секретарлыгынан түшө турган болгондо, Борбордук Комитетке барып,
Аскаровдун ордуна койдурганы жүрүптүр деп угуп калдык. Темике да өз
жигитин түртө баштаганы, дагы башка аксакал жазуучуларыбыздын далалаты
угулду. Аларды укканда Насирдин Байтемиров: “Ой, чоң жазуучулардын баары
эле бирден торпогун жетелеп, ЦэКада жүрөт дейт ко" деген сөзү боорубуз
эзилгенче күлдүрүп, дуу таркаган. Деги Насыке мыкты сүйлөп койчу эле.
Кийин 1987-жылы Казакстанда Кыргыз адабиятынын Күндөрү өттү. Элүү-
алтымыштай жазуучу барып, топ-топко бөлүнүп, Казакстанды бүт
кыдырганбыз. Кайтып келгенде кайсы топ кандай жүрүп келгени туурасында
ийри отуруп, түз баарлаштык. Түкөм ошондо көп жакшы жактарыбыз менен
бирге айрым бир жашы кичүү жазуучулардын улууну улуу дебей, кичүүнү кичүү
дебей, адепсизирээк жүргөнүн, көбүрөөк сөз талашканын айтты эле, Түкөмүн
бул айтканы баягы Аскаровдун ордуна коём деген эки жигитинин бирине
карата экен. Жигити турду да “качанка дейре силерден сөз да артпай, устукан,
белек да артпай, куржалак жүрө беребиз” деп, Түкөмдү талкалап түштү.
Жыйналышыбыз бүткөндө, тышка чыгып баратсам, Түкөм томсоруп, ышкырчу
кишидей "шү-шү-шүлөп", терезеде отуруп калыптыр.
- Түкө, эмне ышкырыгыңыз чыкпай, шилекейиңиз мишайт этип калган?- деп
тамашаласам, күлгөн жок:
- Торпокторумдан көрдүм да кордукту, - деди.
“Торпокторум” деп, көптүк түрүндө айтканынын себеби, мурда, Апсамат
Масалиев бийликке жаңы келгенде, жазуучулардын чоң жыйыны болуп, Түкөм
эки саатка жакын тил жөнүндө, маданиятыбыздын абалы, тарыхыбыздын
бурмаланып келаткандыгы, деги толгон маселелер жөнүндө букту чыгара катуу
сүйлөгөн. Аскаровдун ордуна койдурам деген торпокторунун бири жаңы
бийликке жагынгысы келди окшойт, сөз алып, Түкөмдү көмөлөтө сүзгөн болучу.
Азыр мына ошо өзү өстүрөм деген эки жигитинин кылыктарына күйүп:
- Торпокторумдан көрдүм да кордукту! - деп отурбайбы.
Капа болуп турган адамга мындайда тамаша дары. Жан тарткан болуп, болуша
сүйлөсөң, ызасы ого бетер күчөйт.
- Түкө, - дедим тамашага оодаргым келип, - сиз Кең-Сууңузданбы, ТалдыСууңузданбы, шаарга качан кеттиңиз эле? 27-жылы келгемин деп жүрөсүзбү?
Ошончо жылдан бери шаарда жашап, малдын сырын унуткансыз да.
- И?
- Торпок тандай албай калган өзүңүздөн көрүңүз.
Түкөм эки бөйрөгүн бүлк-бүлк эте саал-паал күлгөн болду.
- Эмесе, мени үйгө чейин узатып кой, - деди.
Ошондон кийин Түкөм экөөбүздүн мамилебиз мурдагыдан жакыныраак болуп
калды. Айрыкча Түкөмдүн “паркинсон” дарты күчөп, сыртка чыга албай
калганда, кез-кез үйүнө барып турдум. Кээде телефонду бирөөгө тердирип
алып, үйгө шыңгыратчу “колуң бош болсо, келип мени күлдүрүп кетпейсиңби”
деп. Кантсин анан кайран Түкөм, же бир нерсе окуганга дарманы жетпесе, же
калем кармап жазганга, үйрөнүп алган машинкесин чыкылдатышка жарабаса,
акылы туптунук адам зеригет да! Америкадан келгенимде атайы Түкөмө
барып учурашсам, Азамат Алтай жөнүндө талбай сурады. Мен да талбай айтып
бердим.
- Мен ойлогондой эле бар экен анда ал агаң, - деген Түкөм сыймыктана да,
тамашалап да.
Түкөмдү Азамат Алтай да абдан кадырлай турганын Америкадан угуп-көрүп
келгем. Экөөнүн жолугушуусун программага кошконумдун жөнү мына
ушуларда. Түкөмдү дарты калтыратып-титиретип, тургузбай салган оор учуру
эле анда.
- Азамат Алтайдын сиз менен жолугушуусун Программага кошсом, каршы
эмессизби, Түкө, кежир элеңиз, советтик кыргыздарды уят кылбай,
капиталисттик кыргызга кежирлигиңизди билгизбеңиз, - деп тамашаласам,
Түкөм бөйрөктөрүн бүлкүлдөтө акырын күлүп алып:
- Азамат Алтайды мен сыртынан жакшы билем, көрсөм деген тилегим бар эле,
бирок ушул абалымда мени көргөзбөй койгонуң эле жөндүү болоор? - дегенде,
- Түкө, а киши сизди, Кусейин Карасаевичти, Чыңгызды өтө барктайт, жолукпай
койсоңуз, күнөө менин мойнумда калат, - десем,
- Чай бере турган Асылгүл апаңардын көзү тирүү эмес, кимге жалдырайм? –
деди.
- Америкалыктар чай берген-бербегениң менен иши жок, сонун эл көрүнөт, ал
жагын көрмөксөнгө салып коёлу, - деп тамашаласам,
- Чынын айтсам, Азамат Алтайдан сүрдөп да турам, - деп, оюн-чындан борсулдап
күлгөн. Анан эмнегедир мурда болгон бир ишти эстеп: - Бексултан, баягыда
Азамат Алтай мага берип жиберген миң долларды эмнеге жумшаганымды сага
айттым эле, ошону Азамат Алтайга билдирдиң беле? – деди.
Ал мындайча. Азамат Алтай жиберген долларын Түкөм киши жалдап, толгон
папка, коробкалар саттырып алып, том-том архивин тейлетиптир болчу.
Ошонусун көрсөткөнү Түкөм мени үйүнө чакырып, Азамат Алтайга жазган
катын окуткан. “Түкө, катыңызды гезитке бастырып койбойсузбу, гезит
чыкканда, Азамат Алтайга салып жиберейин” десем, туура таап, гезитке берген
эле. Түкөмүн катын Азамат Алтайга жибергем. Азыр Түкөм ошону тактап отурат.
Азамат Алтай келгенде “Түкөмкүнө барып тургула” деп Жалил Садыков, Кеңеш
Жусуповдорго телефон чалдым да, Азамат Алтайды Түкөмө алпардым. Буларга
чалган себебим, Жалил - Азамат Алтай жактырган кыргыз акындарынын бири,
Кеңештин болсо “Ала-Тоо” журналы каражаты жок чыкпай калаарда Азамат
Алтай акча жиберип, бир жылча чыгып турган. Мына эми өмүрү жолугушпаса да,
бирин бири көз караштарынын, ой-санаа, пикирлеринин жакындыгынан
сыртынан сыйлашып: эл деп, тил деп, маданиятыбыздын баркы кетпесин деп,
бири тыякта, бири быякта кыргыз намысын коргоп, жакшы да, жаман да
көрүнгөн, бирок чындыкты тайманбай айткандыктары үчүн жалпы кыргыз
журтчулугунун сый-урматына ээ болгон эки кыйын кыргыз кучакташып
көрүшүп турду. Түкөм кучагын жая албагандыктан, бул кучакташуу бөксө
көрүнгөнү менен тилеги бирге эки жүрөктүн табышкан учуру эле.
Баса, Тоңго жөнөөрдүн мурунку күнү “Манас-1000” уюштуруу комитетинин
төрагасынын орунбасары, вице-премьер-министр Осмонакун Ибраимовго
кирип, Азамат Алтайды айлына алпарып келейин, - десем, Осмонакун:
- “Манас - 1000дин” температурасы 42 градус болуп атса кетип каласызбы,
ордуңузга башка киши табыңыз! - деди да, өзү айткан сунушун эстей койду. –
Азамат Алтайга Улуттук университеттин ардактуу профессору деген наам
беришке сиз экөөбүз эле эмес, чоңдор да макул. Апас Жумагулович да колдоду.
Ректор менен сүйлөштүңүз беле?
- Сүйлөшкөм. Токтомушев макул экенин сага айтканым качан, бирок силер
тараптан да бир шыңгыратып койсоңор?
- Айтабыз. Ордуңузга киши табыңыз, - деп Осмонакун дагы айтты.
Коридорго чыксам, Казат Акматов жолукту. Ал дагы Азамат Алтайдын үйүндө
үч-төрт күн конок болуп келиптир болчу.
- Азамат Алтайды айылга алпарып келесиңби? – десем:
- Келейин, машине берсеңер, - деди ал.
- Кудайды карасаңчы, менчик машинең бар, служебный турат. Мен өз машинем
менен эле өөдө-төмөн чапкылап жүрөм “миң жылдыктын” иштерин бүтүрүп, десем:
- Болуптур, сурабайын, - деп күлдү.
Азамат Алтайды Казат Акматов жеткирээрин кабарлап, Тоңго телефон чалдым.
Тоңдук туугандарым чалкасынан кетти.
- Сенсиз Азамат Алтай менен сүйлөшө да албайбыз. Казат Акматовдуңдун бизге
кереги эмне? – деп.
Кайра чоңдорго кирдим. Осмонакун Апас Жумагуловдо экен. Эртең кечки саат 56да чыгып, бүрсүгүнү эртең мененки саат 10дон калбай келейин десем, уруксат
беришти. Эртеси жолдо баратып, Азамат Алтайга Улуттук университеттин
ардактуу профессору деген наам ыйгарылаарын айтсам, Азамат Алтай:
- Ал наамыңарды албайм! - дебеспи. - Мен окумуштуу эмесмин, журналистмин!
- Анда журналисттерге мүчө болуңуз.
- Берсеңер, алам ону.
Кудай жалгап, айта койгонума ичимден сүйүндүм. Кийин университетте
ардактуу профессор деген наам ыйгарылып, Азамат Алтай “албайм” деп отурса,
уят болмок экенбиз да.
Түнүчүндө Кескен-Белге келсек, тоскондор толтура. Машинелер батпайт.
Кучакташуу, өбүшүү дегендей, кучак-кучак гүлдөр тапшырылды. Караңгыда
кимдин-ким экени бири таанылса, бири таанылбайт. Райондун акими Сагын
Матанов:
- Аба кененирээк машинеге отурсун, - деди эле, мен:
- Өзүң алып кел дегенсиңер, өзүм жеткизем, - деп тамашаладым.
Азамат Алтай да:
- Бексултандын Суркоёнуна көнүп алдым, ошону менен кете беребиз, - деди
күлүп.
Бөкөнбаев кыштагына келсек, көчө тептегиз, суу себилген. Эл жыкжыйма.
Прожектор жаркырайт. Атаганат, дайым ушундай болсочу!
- Атам экөөбүз тиккен теректерибизди көрсөткүлөчү, - деп Азамат Алтай жерге
бут коёр замат суранды да, теректерин кучактап алып, өпкө өпкөсүнө батпай
ыйлады. Терек анын ыйык Мекениндей сезилди мага. Ошол ыйлаганынан кийин
гана көксөсү сууду окшойт, ыйлаганын көргөн жокмун.
Эртеси убадам боюнча саат алтыда чыгып, тогуздан анча-мынча өтө бергенде
Бишкекке жете келдим. Айылда эки түнөп, Азамат Алтай, кошо барган жээндери
Гүлнара менен Тойчу, телевидениенин жигит-кыздары, К. Акматов 24-августта
кайтып келишти. 25-август “Манас - 1000” мааракесинин ачылыш күнү эле.
Азамат Алтай “Манас - 1000дин” бардык программасына катышты. Мааракеден
кийин Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы университет менен ЖалалАбад университетине өзү алпарып, мурунтан берип жүргөн беш жүз доллардан
стипендияларын тапшырды. Ошондой эле Оштогу, айыл-апа, мекемелердеги
жолугушуулары, журналисттер, окумуштуулар менен маеги, айрыкча “Манас 1000” мааракеси, кыскасы, Кыргызстанда жүргөн күндөрү, Азамат Алтай өзү
айткандай, аны “дүйнөдөгү бактылуулардын катарына кошту”. Кыргыз
мамлекеттик улуттук университетинин окумуштуулары менен бир жарым
сааттан ашык маектешүүсү болду. Окумуштууларыбыз толгон-токой
суроолоруна мурда угуп-билбеген жоопторду угушту. Маектешүү бүткөндө
окумуштуу Качкынбай Артыкбаев Азамат Алтай жөнүндө “билбегендин баарын
билет экен, ардактуу профессордон бекер отказ кылыптыр, мындан татыктуу
ким болот?” - деди.
Баса, Азамат Алтай Жалал-Абад университетине барганда китепканасынын
жупунулугун байкаган экен, кийин мага кат да жазды, телефон да чалды,
“университеттин китепканасына кошумча болсун, мендеги “Кыргызстан
маданияты” менен “Ала-Тоо” журналын берейин, алдырып алуунун жолун ойлоп
көргүлөчү” деп. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” демекчи,
кедейчилигибизден улам бул иш колубуздан келбесине көзүбүз жеткенде, ар
кайсы эл аралык уюмдарга кайрылсак, ЮСАИД Азамат Алтайдын көп жылдар
бою чогултуп жүргөн “Кыргызстан маданияты” жумалыгы менен “Ала-Тоо”
журналынын таңгактарын Нью-Йорктон Бишкекке жеткиртип берди. Өтө
ыраазыбыз бул уюмга. Ошол кездеги билим жана илим министрибиз Аскар
Какеевге телефон чалдым:
- Азамат абанын атынан тапшырып келсеңер жакшы болот эле, - деп.
- Ой, Беке, өзүң эле берип келе калбайсыңбы, - деди Аскар тамашалап. –Же бир
орунбасарымды жиберсемби?
- Өзүң тапшырганың оң. Билим үчүн гезит-журналдын баркын сезсин да
студенттер.
- Ырас айтасың. Мен тим эле сени кантээр экен деп атсам, - Аскар Какеев
телефондон каткырды. Анан олуттуу айтты: - Аксакалга чоң ырахмат. Бул азыр
табылгыс, өтө баалуу белек да. Кабарлашсаң, ыраазычылыгыбызды айтып кой.
Гезит-журналды Аскар Какеев Жалал-Абадга өзү алпарып, университетке
тапшырып келди. Эл-жерде жүргөн учурунда, “Кыргызстанга биротоло келе
турган оюңуз барбы?” - деген суроого Азамат Алтай бир жердеги жолугушууда
мындайча жооп берди:
- Алжыбасам, күч-кубатым азыркыдай өзүм басып-турсам, бир жылы жеңеңер
менен жайында Ысык-Көлгө келип, эс алып, экинчи жылы Калифорнияда эс
алсак деген тилектемин. Ал эми биротоло келүү жөнүндө айтсам... өлгөндө
сөөгүм келип көмүлсө, биротоло келгеним ошол эмеспи...
Сыртка чыкканыбызда:
- Аба, “өлгөндө сөөгүм келсе” дедиңиз, кандайча түшүнсөк болот? – дедим.
- Жеңеңе керээзимди айтып, сөөгүмдү элге жеткирээр акча-тыйынды бүт берип
койгом, - деди Азамат Алтай.
- Аба, Кудай тааланын өз графиги бар. Сизден мурда жеңе өлүм калса кантесиз? десем, Азамат Алтай таңыркай түшүп:
- Ырас эле, жаным, мен аны ойлобопмун. Кудай таала андайды жазса, Америкада
уюмдар бар, тыйынын төлөсөң, айтканыңды бүт жасайт, - деди.
Сөз өлүм жөнүндө болсо дагы ушул учурдагы бактылуу адамдын айткан сөзү
эле.
Бирок Азамат Алтайдын Ала-Тоосуна келгенин, элүү беш жыл эңсеген кыргыз
жериндеги кызыктуу да, сыйлуу да жолугушууларын, элдин ага эбегейсиз
урматын көрсөтүп, анын кыргызым деп жашаган ар-намыстуу өмүрүнө
“Азаттыктан” чындыкты уктуруп турган жылдарынан бери таң бергендигине
“улуттук баатырдан бетер көкөлөтөсүңөр” деп ичи тарыган бирди-жарым көрө
албас “атка минерлерибиз” да болду. Буга эмне демекчимин? Мурда
айтканымды дагы кайталайм: “Бир кыргыз жалпы кыргызга күйбөсө, жалпы
кыргыз бир кыргызга күйө билбесе, биз, кыргыздар, чийки бойдон кала
беребиз”.
Ушундан чочуйлу.
Аягы.
“Манас - 1000” мааракесине баргандагы эң жакшы элестер
Бишкекте бир тууганым, карындашым Гүлшара баштаган жоон топ кара көз,
кызыл жүздүү бир боор элим, кыргыздар тосуп алышты. Канчалык кайратымды
жыйып жашыбайын десем да, ал эркиме баш ийчүбү. Көзүмдөн жаш куюлду. 55
жылдык өктөөсү көп өмүрүмдү, ичиме жыйнап келген бугумду, эли-жериме
болгон сагыныч-көксөөмдү көз жашымдан чыгарып алдым. Акыры көздөн учкан
көк жээк уктасам түшүмдөн, ойгонсом өңүмдөн кетпеген касиетиңден
кагылайын жарыктык Ысык-Көлүмдү көргөнүмдө кантип жүрөгүм жарылып
кеткен жок, билбейм. Көл жээгине токтоп, Ысык-Көлүмө жүзүмдү чайып, көпкө
үн-сөзсүз отурдум. Бир башкача шарпылдаган доошу бар, анан калса тынымсыз
жээкке урулган толкундарга карай бердим. Ак жал толкундар... Кадимки ЫсыкКөлүмдүн толкундары. Анан мындай ойго баттым. Көрсө, толкундар жээкте
жоголбойт экен. Ооба, жоголбойт тура. Толкундар толкунга учкашып, жээкте
көркүнө көрк кошоорун көрдүм.
Туулган жерге ашыкканымдын башкы себеби, ата-энемдин, эжекарындаштарымдын жаткан жерине куран окутуу парзы мойнумда эле. Бул
милдетимден кутулдум. Тели-теңтуштардын көпчүлүгү өтүп кеткен экен.
Теңтуштарга келгенде биздин Асан уруусунан менден улуусу жок окшоду.
Ургаачылардан Бекбоонун энеси Сонунбүбү гана калган көрүнөт. Байкуш
Осуйпага зээним кейийт. Уулу Октябрды Бишкекте көрдүм.
Кескен-Белде мени тосуп турган казканактаган элди көрдүм. Айтор, айыл бүт
көчүп келишкенби. Мынчалык урмат-сый көрсөтүп тосуп алышаарын көз
алдыма элестеткен эмесмин. Көбүн тааныбайм. Кол алышып учурашып, өбүшүп,
ыйлап, көрүшүп жатабыз. Ошол жоон топ бир туугандарымдын арасынан менин
жатындаш инимдей болуп калган Жолдош Жусаевди көрдүм. Эт жүрөгүм эзилип
кетти, мен ага, ал мага кучак жайдык. Акыры киндик каным таамп, балалыгым
калган айылыма келдим. Кыргыз элимдин кең пейилине, алардын сыйына
балкып-чалкып турдум. Түндөсү Жолдош жана башка туугандарым,
Гүлшаранын балдары, Каргадай карындашымдан калган жээндерим менен
сыртка чыгып, Бөкөнбаевден атамдын көзү өткөнчө ушул жолдор менен нечен
ирээт баскан издерин издеп, бир аз сейил курдук.
Жылдыздар маган ушунчалык жакын көрүндү. Кол созсом эле аларга жетчүдөй
делөөрүп турдум. Жарыктык атам мен бала кезде: “Бул Жетиген, Аркар жылдыз,
мунусу болсо Үркөр, Алтын казык бүгүн өтө жарык чыккан тура”, - деп ар бир
жылдыздын кайда жайгашканын айтып берчү. Мен ошол жылдыздарды
кайрадан көрдүм дагы, береги бала кезде нечен кой кайтарып ташына,
тикенегине бутум тилинген кырка тоолордун бардык ачуу-таттууну, кубанычкайгыны солк этпей көтөргөн жер-эненин өзгөрүлбөс, өчпөс түбөлүктүүлүгүн
ойлодум. Татаал тагдырым дүнүйөнүн көп жерлерин айландырды. Бирок,
Корумду жайлоосундай ажайып, керемет жерди эч жерден кезиктирбедим.
Тулаң чөбү, шар аккан тунук суусу, канчалык кере-кере жутсам дагы эч
моокумуң канбаган сан байлыкка алмашкыс таза абасы кантип жүрөгүмдү
тилбесин, анан кантип аны карегиме батырбайын. “Элүү жылда эл жаңы” деген
сөздүн мааниси терең. Анын турмуштук мыйзамы бар. Бөкөнбаев айылымдын
бир топ эле өзгөрүлгөнүнө, өсүп-өнгөнүнө кубандым. Каргадай карындашым
төрт жашка чыкканда, Гүлшара карындашым жаңы төрөлгөндө каза таап,
жетимдикти бала күндөн көтөргөм. Атам экөөбүз бөбөктөрүмдү багуу, аларды
кыштан аман-эсен алып чыгуу үчүн ылай чылап там соктук эле. Эсимде, жаан
жааган күнү ылай эзилип, үйдүн төбөсүнөн тамчы өтүп, далай азабыбызды
берген. Аталаш бир тууганымдын атын атабай эле коёюн, огородунда жержемиш, алма-өрүк жок, жайдак турат. Чөбүн чабымыш болуптур, анысы да чала
жыйналып, ар кайсы жерде чачылып жатат. Огородун көрсөң, жүрөгүң айныйт.
Биз атам экөөбүз анда эмнелер гана жетиштирбедик. Маркум атам бир орустан
картошка алып келип өстүрдү. Коңшулаш туугандар Кожомберди шайтандын
жумурткасын өстүрдү деп ушакташканы эсимде. Арадан 10 жыл өткөндө
жансактаткан ошол картошка болгонуна күбөмүн. “Эл эмгегин жер жебейт”
деген кеп бар го. Демек эмгектенсең, эмгегиңди жер эч качан жебейт.
Жалкоолукту мойнубуздан дагы эле ала элек экенбиз деп ойлоп койдум.
Кыргызстанда демократиянын салтанат курушу тууралуу маалыматтар бизге
жеткенде аябай кубангам. Бирок, демократиянын маани-маңызына терең
талдоо жүргүзүп, ага терең түшүнүү мамилеси анча өнүкпөгөнүн байкап калдым.
Мен мындай ойду айтууга, балким, укугум жоктур. Мунум туура эместир.
Ошентсе да айта кетейин, демократия бул ким эмнени кааласа иштей да, сүйлөй
да берчү коомдук түзүлүш эмес. Дагы бир байкаганым – “тост” деген сөздү көп
колдонот окшойсуңар. “Тост көтөрүп коёлу” деп айрымдар маанисиз, маңызсыз
сүйлөй берчү адатты жакшы өздөштүрүп алышыптыр.
Мен кудайга шүгүрчүлүк кылам, бул үчүн элиме миң мертебе ыраазымын,
келгенден бери оозум тамактан бошобой, жалаң сыйдын үстүндө жүрдүм. Бул
көзүм көрүп, жүрөгүм сезип турган нерсени тышка чыгарбай да коё албайт
окшойм. Кыргызстанды дүйнө эли таанып-билип жатат. Андыктан, төгөрөктүн
төрт бурчунан республиканын экономикасына, социал-маданий ал-абалына
кызыгып, каттап тургандар да арбын чыгаар. Ошол чет элдик меймандарга,
дегеле өзүңүздөр үчүн да керек эмеспи, ойдогудай дааратканалардын жоктугу
жанымды кейитти.
Жарым кылымдык сагыныч жарым айда таркап бүтмөк беле? Бирок, көзүмдүн
тирүүсүндө эл-жер менен көрүшкөнүмө жөн гана өзүмдү бактылуумун деп
эсептебеймин. Жаштарыбыз жалкоолуктан алыс болуп, элим деп, жерим деп
эмгектенсе, аракеттенсе, бөлөк элдерге теңелгенге умтулса, жакшынакай
мамлекет болот деп ойлоймун. “Манас - 1000” мааракесин ушунчалык
уюшкандыкта, ажайып сонун өткөрүп алдыңар. Демек, Манас атанын арбагы
тирүү, ал бизди колдоп жүрөт дегим келет. Толкунданган күндөрдү башымдан
өткөрдүм. Азыр да жер менен асман арасында жүргөндөй бир мезгилдемин.
Караколго барганда инилериңиз менен таанышыңыз деп эки жигитти
көргөзүштү. Мен да колдорун кысып, көп кыргыз жигиттеринен экен деп
ойлодум. Көрсө алар менин аталаштарым экенин кийин билдим.
Кожомбердинин уулдарыбыз дегенге жарашпады. Же атасынын атын аташтан
уялыштыбы? Мына бул билген бирине кордук.
Менин Бекбоо тууганыма келгенде, өткөн эскермеде айтып берген элем. 1965жылы Жолдош Жусаев мен жөнүндө сүйлөгөндө:
- Андайды тааныбайбыз, - деп үйүнө киргизбеген Бекбоо. Мен анын
кылыктарын Жолдошко Бөкөнбаевдеги жолугушууда айттырбадым. Өтөр иш
өттү дедим. Караколдо аялы экөө аркамдан калбай бир уулумду АКШга алып
барып окутуңуз деп жүрдү. Менин бул жакта карылык менен жанталашканым
менен иши жок.
Караколдон Жалал-Абадга учтук. Жолдош, жээним Гүлнара үчөөбүз, бизди
аэропорттон тосуп кабыл алышты. Жалал-Абаддыктарга ырахматымды айтам,
анткени илгертен эңсеп келген Сулайман тоосуна чыгарышып, Бабурдун үйүн
көрсөтүштү. Бул унутулгус эстелик эле. Жалал-Абад университети жаш
болгондуктан, жыйнап келген “Ала-Тоо” журналы айлыгы менен “Кыргызстан
маданияты” газетасы бир канча жылдык сандары бар эле, ошону сыйлык
кылышты чечтим.
Атабыз “Манаска” тийиштүү эпостун 1000 жылдык салтанатына жана
Кыргызстандын эгемендүүлүгү күнүн барабар өткөрүү, бактылуулукту
маңдайыма жазган Алла-тааланын шыбагасы экен. Буларды сөз менен
жеткириш кыйындай түйшүктөндүрөт. Жолоочулук саякат жанымдагы
дипломаттардын
аркасында
жакшы
өттү.
Соо
болушсун,
аябай
жардамдашышты. Эсенчиликте болушса экен деп алкышымды айтам. Аскар
менен Анара колдоруна көтөрүп, алып барып келишти.
Нью-Йоркко келгенимде жумадан ашса да, дагы эле элде жүргөндөй сезем.
Мындай сезимди башынан өткөргөн киши өзү гана туйса, чындыкка жакын
болоор деп кыялданам. Эл-жерде жана бир боордоштордон, тууган-уруктардан
сыйланыш, жакшы күндөрдү өткөрүш өмүрүмдө эстен чыккыс сонун түш
катарында сакталат. Быяктагы күндөр гана эмес, жумалар өз ирети менен өтүп
жатат. Картайбастын гана аракетин ойлоном. Убактысыз “алжый башташты”
ким тилесин. Күндүз төрт-беш саат “бинго” деген оюнда өткөрөм. Аларда терең
ойлонуп мээни чарчатпайм. Анда-санда колго карга чычып койсо да сүйүнө
бербейм.
Азыр Бириккен Улуттар Уюмунан Жеңиш тууган телефон ачты. Бүгүн анда
Манастын эстелигин коюшат экен. Элден келген өкүл туугандарды көрсөм керек
деп сүйүнүп отурам. Алар мында бир канча күндөн бери эле. Убактыларын
албайын деген элем. Кудай буюрса көрүшөбүз. Алардан элден кабар алаармын.
Жакшы боло сүйүнүп, жаман болсо күйүнүп тим болом да. “Манастын” айкелин
президент кабыл алды. Куттуктоолор сүйлөндү. Бириккен Улуттар Уюмундагы
жигиттер, кыздар тамак-аш берди. Тосттор айтылды. Мен биринчи сүйлөп
куттуктадым.
1996-жыл да бир нече сааттан кийин келет. Жаңы жылды телчип келаткан
кыргыз дипломаттары арасында өткөрдүк. Алып кетип, алып келип коюшту.
Арадан күндөр өтүп жатты. “Нооруз” майрамы да келди. Аскар чакырды, анда
барып “Ноорузду” тостук. Ушинтип менин карылык күндөрүм өтүп жатат.
1996-97-жылдары Вашингтондогу элчиликте иштеген Роза Отунбаева телефон
чалды. “Азамат ага, мен билем сизди, элиңизди сагынып, кыргыздарды көрүшкө
кусадар болуп, кыргыздар менен сүйлөшүп чер жазышты көптөн күтүп
жүргөнүңүздү. Бул АКШда жашаган 20дай кыргызды үйүмө чакырдым. Эгерде
өзүңүзгө кыйынчылык болбосо, келип кетиңиз”, - деп мени да чакырды.
Албетте, мен дагы бардым. Роза коноктор келгичекти огородду тазалап
койгулачы деп төрт студент балдарга кайрылды. Бири өзүнүн уулу, экинчиси
Акаевдин уулу Айдар, дагы эки бала бар эле. Алардын бригадири болуп огородун
да тазалап бүттүк. Төрт балага 100 доллардан бердим. Кечке жуук коноктор да
келишти. Алардын арасында окумуштуулары, жазуучулары, өкмөт адамдары,
студенттер да бар эле. Кече көпкө созулду. Ырдашты. Ичкиликтер да ичилди.
Мен үчүн жакшы күндөрдүн бири болду. Бир канча күндөр өттү арадан. Роза
мага телефон ачып: “Сиз бул жактагы студенттерге акча бериптирсиз. Эгер
туура көрсөңүз, мен ошолордон кайра жыйнап алып, Кыргызстанга жөнөтөйүн.
Себеби, бул жердеги студенттер акчага муктаж эмес, ал эми элдеги студенттер
муктаж”, - деди. “Роза, мени ошол төрт баланын астында өлтүрөсүң, сен алардан
алба. Бергенин алган жамандын иши, ичкенин кускан чабалдын иши”, - дедим.
Эгерде Кыргызстандагы студенттерге керек болсо, мен өзүмдүн пенсиямдан эки
университетке жөнөтүшкө макулмун. Түндүк-түштүк деп бөлбөстөн, бири
Жалал-Абадга, экинчиси Каракол университеттерине жөнөтүшкө даярмын
дедим. Бул түштүк-түндүк деп бөлүнгөн трагедия өтө бир начар нерсе. А мен
аларга бирдей көз караштамын. Ошентип Караколдогу Касым Тыныстанов
атындагы университетине 500 доллар жана Жалал-Абад мамлекеттик
университетине 500 доллар жылына бир маал жөнөтүп турам. Эки
университеттен ыраазылык каттарын алып турам.
Урматтуу Азамат Алтай аба!
Уюткулуу кыргыз элинин ардактуу кулуну, белгилүү журналист, коомдук
ишмери Азамат Алтай аба, сиз жиберген баалуу белектерди алдык. Сизге
ушунчалык ыраазы экендигибизди чын ыкластан билдиребиз. Себеби, 1967жылдан 1991-жылга чейинки аралыктагы "Кыргызстан маданияты" жумалыгы
жана коомдук-саясий адабий "Ала-Тоо" журналынын 1956-жылдан 1991-жылга
чейинки сандарында студенттер жана окутуучулар үчүн эң керектүү
материалдар жарык көргөн. Бул басылмалардагы эмгектер табылгыс казына.
Учурдагы окуу-методикалык адабияттардын жетишсиздигин туура түшүнүп,
айкөлдүк кылганыңызды Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин
ректораты, профсоюздук кошуну, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын
коллективи болочок балдарыңызга болгон аталык камкордук деп түшүнөт.
Ошондуктан, ардактуу Азамат Алтай аба, сизге узун өмүр, Ала-Тоодой күч-кубат,
үй-бүлөңүзгө бейкутчулук тилеп, үйүңүздөн кут кетпесин демекчибиз.
Арыбаңыз, бар болуңуз сүйүктүү Азамат Алтай аба!
ЖАМУнун ректору
Бекболотов Т. Б.
Профсоюздук кошундун
төрагасы
Эшкожоев Т. Э.
Кыргыз тили жана адабияты
кафедрасынын башчысы
Калчакеев К. Б.
Китепкананын директору
Торобекова Т.
Ошентип Розамдын аркасынан эки университетке өзүмдүн пенсиямдан
жылына бир жолу жөнөтүп турам. Мен Роза Отунбаева менен кабарлашып
турам. Телефондон да
сүйлөшүп
турабыз. Жылына жаңы жыл менен
куттуктаган карталарын алып турам. Розага мен абдан ыраазымын. Кыргыздан
ушундай бир дипломат аял чыкканына. Америкага келип, кыргыздарды
таанытыш үчүн америкалыктар эшигин ачпаса, терезесинен кирди. Элечегин
кийип
алып, Бириккен Улуттар Уюмунда сүйлөгөн
сөздөрүн уктум.
Вашингтондо кайсы мамлекеттин өкүлдөрү чакырса, элечекчен барат. Элечек
Розага ушундай жарашат.
Мен ушу өмүрүмдө көрбөй турган адамдарды көрдүм: пантуранчыларды,
пантүркчүлөрдү... Кыздарыбыздын акылдуулугуна мен шаңданам да, кубанам.
Эркектер арактын артынан кеткендиги үчүн азыр кыздар тизгинди колго
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 22