Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 22

Total number of words is 3519
Total number of unique words is 1989
28.9 of words are in the 2000 most common words
40.7 of words are in the 5000 most common words
46.6 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
алгандыгына шаттанам. Сиздер бу "жинди суудан" сактаныңыздар. Аянычтуу.
Орустардын калтырып кеткен өтө начар бир жосуну. Кийин анын зыяны өтө
көп болушу мүмкүн. Мен Чынара Жакыпова менен көрүштүм. Чынараны
көргөндө анын жанында бир профессор бар эле. Ага айттым: "Менин кан
басымым жогору, эгерде Ысык-Көлгө барсам, өлүп каламбы?” деген коркунуч
бар десем, ал профессор мындай деп жооп берди: “Сиз тоодо туулган адамсыз,
ден соолугуңуз мыкты, кандай
оору болсо да, сиз
көтөрөсүз. Мында
өлгөндөрдүн баардыгы арактан өлүп атат. Арак ичпесеңиз өлбөйсүз”, - деди.
Андан Чолпон Баекованы кердүм, жанга бир жакындыгын көрсөттү. АКШга
келгенде мага кабар берет, мен кандай да болсо Чолпонду көрүшкө
аракеттенем. 1998-жылы декабрдын 8инде саат төрт чамаларында Чолпон
Баекова телефон чалып, аман-эсенчиликти сураштык. “Атын атаса, куту
сүйүнөт” эмеспи. Кайда турганын, отелин, телефонун Бириккен Улуттар
Уюмундагы Кыргыз элчилиги берет деди. Арадан көп убакыт өткөрбөй
элчиликке чалдым. Андакы кызматчы Муратбек Байкожоев “Пенсилвания”
отелинде калышканын айтып, телефон номерин берди. Азыр иш заманы деп,
кечке жуук отелге чалсам, Баекова деген ысым жок дешти. Бир аз убакыт
өткөрүп дагы чалдым. Баягы жооп. Андан соң элчиликтеги Марат Юсупов менен
байланыштым да, Чолпондун телефонун
сурасам, аны
менен
кошо
Бакир уулу Турсунбайдын телефонун берди. Отелде анын ысмы да жок.
Элчиликтеги Марат 270-бөлмөдө дегенинен отелге кайра телефон ачып, 270бөлмөдө ким турат десем, Эшманбетова деген конок турат дешти. Эшманбетова
Замирага телефон чалсам, Чолпон Баекова кайсы бөлмөдө экени эсимде жок
деди. Бир аздан кийин өзү кайра чалып, Баекова 931-бөлмөдө турат деди.
Отелдин каттоо бөлүмүндө 931де Ибрагимов деген киши турат дешти. Көрсө
биздин кыраакы дипломаттар Баекованы Ибрагимов, Бакир уулун Эшманбетова
кылып коюшуптур. Элден келгендер менен көрүшүп калышты эңсесең, баатыр
болсоң, таап алчы дегендей.
“Элчи” деген сез элди жакындаштыруу деп түшүнчү элем. Бул жашка келгени
мындай митаамчылык кылынаары кыялыма келбестир. Телефондун көп
номерлеринин улам бирин алмаштырсаң да, издеген адамыңды таба албайсың.
Элчилик милдетин терс аткарганы үчүн Замира Эшманбетова кызыма чоң
ырахматымды айтып коюуну чечтим. Эл үчүн эмгектенген жакшы санаалаштар
менен көрүштүрбөйүн
десе керек дештен башка себеп жок.
Бул окуяны жазганымдын себеби: эгемендүү элдин элчиликтери милдеттерин
туура аткарышсын дегеним.
(Азамат Алтайдын архивинен алынды).
"Республика", 9-15-декабрь, 1997-жыл.
Америкадагы кандашыбыз АЗАМАТ АЛТАЙ:
"Мен бактылуу адаммын"
Үстүбүздөгү жылы ноябрдын 27-28деринде Нью-Йорк шаарында бир конуп
кетүү шыбагасына ээ болдум. Сан-Франциско жана Беркли шаарларындагы
илимий жыйындардан кайтып келе жаткан элем. Нью-Йорк шаары дүйнө
калкын "Эркиндик" аттуу көк тиреген үйлөрдүн чордону, Бириккен Улуттар
Уюмунун үйү жана башка жагдайлары менен кызыктырып келсе,
кыргызстандыктарды дагы бир жагы менен өзүнө тартат: бул жерде совет
доорундагы айтылуу кыргыз диссиденти Азамат Алтай жашап келет. Биз
аксакалыбыз менен учураша кетүүнү парыз эсептедик. Драматург Бексултан
Жакиев, жазуучу жана публицист Кеңеш Жусупов, журналисттер Мелис
Эшимканов ("Асаба"), Айнур Эсенкул кызы ("Азаттык" үналгысы) ж. б. көптөгөн
мекендештерибиз Азамат Алтай менен баарлашып, ал тууралуу байма-бай
жазып келишүүдө. Совет доорунда аны сындап каралоо «эрдиктин үлгүсү»
болсо, эми Азамат Алтай агай тууралуу эскиче илеп менен жазгандарга
караганда, анын инсандык бейнесинин жаңы кырлары менен элибизди
тааныштырууга умтулгандар арбыныраак. Мен да экинчи топтогуларга
кирээрим ушул макалабыздан айгинеленээр. Азамат Алтай агабыз тамашакөй
да, курч сүйлөгөн киши экени мурдатан маалым. Өзүнүн азан чакыргандагы
ысымы - Кудайберген экенин, фамилиясы - Кожомбердиев экенин дурус билсек
да, өзү менен сүйлөшкөндө адабий (журналисттик) ысымы дароо эле
тилибиздин учуна келе түшөт.
Азамат агайыбыз улутубуздун патриарх аксакалы Түгөлбай Сыдыкбековдун
кайтыш болгонун терең кайгыруу менен укту. Кыргыздын дагы бир жаркын
жылдызы - маркум Болот Миңжылкыев тууралуу да саймедиреп айтып берди.
Бир ирет Азамат Алтай мырза жазуучу Чыңгыз Айтматовду АКШга чакыртуу
тууралуу америкалык илимий-маданий чөйрөлөргө кайрылат. Арийне, Чыңгыз
агай АКШга келген чакта (бул анын алгачкы сапары экен) өзү ага
кабарлашпайт. Дал ошол маалда Болот Миңжылкыевдин концерти АКШда
уюштурулган экен. Азамат агай аны концерттен соң үйгө келип, даам сызууга
чакырат. "Бүркүт кабак, эр жүрөк Болот шагымды сындырбай, үйүмө келип,
сыйымды көрдү. Чечекейи чеч болуп жатканда Чыңгыз да телефон чалып
калса болобу, - дейт Азамат агай. Кыргыздын даңк-даңазасын бүт дүйнө жүзүнө
чыгарган Чыңгызга эч асылбай эле жүрүшсө"... Нью-Йорктогу кадырман
карыябыз Ала-Тоодон келген адабиятты үзбөй окуйт экен. Балким, Жаныбек
Жанызак мырзанын жазгандары да көзүнө чалдыкса керек.
Азамат Алтай Кыргызстандын бүгүнкү президенти Аскар Акай уулуна да өтө
астейдил, ызаат менен мамиле кылат экен. Авторитарлык өлкөлөрдөн
Кыргызстандын айырмаланып турушу жалаң гана демкүчтөрдүн эмес, азыркы
президенттин 90-жылдардын башындагы саясаты менен да байланыштуу
болгонун биз деле танбайбыз. Топчукебиз (Т. Тургуналиев) да 1990-1993жылдардагы саясий багыты тууралуу оң баа берип келет эмеспи.
"Азыркы атуулдардын ичинен Чыңгыздан кийин анын чыйырын улантып,
кыргызды кылымга даңазалагандардын бири – Аскар Акай уулу", - дейт Азамат
Алтай. Арийне, потенциалдуу ынтымакташы болчу айрым саясий күчтөрдөн
президенттин өзүн оолак тута баштаганы, өлкөдө саясий кермен даамы бар
сот жараяндары 1996-1997-жылдары үстөккө-босток жүргөнү тууралуу айтып,
карыябыздын көңүлүн чөгөргүм келген жок. Маркум Түгөлбай ата да
президенттин жалаң гана жакшы жагын көрүп, ага карата сын-пикирди
теригүү, жактырбоо менен кабыл алаар эле. Карыялардын мындай сырын
билген соң, алардын көңүлүн карап, унчукпай коюу эзелтеден келген
салтыбыз эмеспи. Арийне, сыңар өтүгү майрык болобу (адатта, эч нерсе
жасабагандар гана сындан кутулат деңизчи), ылайым коомдук пикирдин
күзгүсү болгон сынчылар чыгып турса экен! Өзү үчүн Жаныбек Жанызак
керек экендигин, балким, башкаларга караганда Чыңгыз агай дурус түшүнөөр.
Анын акын Мухтар Шаханов менен бирге жазган эмгегинин стимулдарынын
бири да Жакебиз болгондур...
Бул ойлорумду Азамат агайга айтууга мүмкүнчүлүк таба албадым. Бирок
мени ал киши башка суроолорумду тастыктап берүүгө куштарлантып жатты.
Лондондо мен "Борбор Азияны иликтөө" – Central Asian Survey журналынын баш
редактору Мэри Беннигсен - Броксуп менен жолуктум. Ал айым Сизди өз
атасындай көрөөрүн айтты. Мэринин атасы Александр Беннигсен менен абдан
жакшы достордон болгон экенсиз. Бул тууралуу советолог Вимбуш да бир
эскерген эле... - дедим. Азамат агай шаттана калды:
-Ооба, ооба! Мен Парижде жүргөндө тиричилик кылышым үчүн гана эмес,
илим жана котормочулук чөйрөсүнө сүңгүшүм үчүн да Беннигсендин ролу чоң
болду. Мэри алардын кыздарынын эң улуусу эле. Көз алдымда чоңойушту.
Алардын тойлоруна да сый конок катары үзбөй катышып келдим. Мен
Александр Беннигсендин англисче бир макаласын эске салдым. 50-жылдарда
жарыяланган бул макалада сталиндик режимдин мыкчегерлери азербайжан,
түркмөн, өзбек, казак калктарына каршы "реакциячыл" деп чабуул койгону дал
ошондо саны да аз, интеллигенциясы да чабал көрүнгөн кыргыздар өз дастаны
"Манас" үчүн байма-бай чыкканын, өкмөттүк гезиттердин беттеринде орусча-
кыргызча макалаларда айдан-ачык кайым айтышуулар уюштурушканын
Александр Беннигсен тен бере жазган эле.
- Ошол макаладагы орто азиялык түрк тилдериндеги материалдарды
Александрга мен которуп бергем, - деди Азамат Алтай жылмайып.
Агайыбыз поляк чыгышпозу А.Зайончковский менен да, улуту башкыр,
либерал-демократ жана көрүнүктүү түрколог Ахмед Зеки Белиди Тоган менен
да жакындан тааныш болгон экен. Алардын мурастары эми алатоолук
илимпоздорго да дайын экенин угуп, Азамат Алтай ыраазы болду.
Сөз арасында ал өзү жөнүндө да айта калып жатты.
- Менин тилим жаман. Кээде анын курчтугунун, "балп" этип айтып салган
адатымдын азабын да жеп жүрдүм. Бир ирет бир университеттик китепканада
библиограф катары иштеп жатсам, "керексиз китептердин тизмесин" түзүү
сунушу менен мүдүр мага кайрылып калды. Мен: " Китепканадагы пол жууган
аял да китепти эч ыргытпас", - деп кесе айтып алган экенмин. Кийинчерээк
акчасы көбүрөөк бир илимий ишке өтөөрүмдө алиги сөзгө сынган мүдүр
"тили жаман" деп мүнөздөмө берип, алиги иштен куру жалак калган учурум да
болду", - дейт Азамат агай.
"Азаттык" үналгысына ал 70-жылдардын акырында кайтып келип, Төлөмүш
Жакып уулунун деректирлиги алдында иштеп калыптыр.
- Бир ирет кыргыздарды "жалкоо" деп макала окусам, Төлөмүш ага “катуу
кетип калдың”, - деп айтты.
- Салижан Жигитов агай да мурч-калемпирлүү сөздөрүнүн айынан кээде
кекээрге кабылып жүрөт. Бирок түпкүлүгү сын-пикир элди оңолтуп-ойготуу
үчүн айтылаарын калк дурус аңдаса керек, - дедим. Ичимден ойлондум:
"Айрым сынчы инсандарыбыздын өздөрү деле эркин гезиттен кем эмес керек.
Аларсыз каяктан эркин маалымат каражаты түптөлсүн? ".
Азамат Алтай агайыбыз "Азаттык" үналгысына кошулуп, Би-Би-Си да кыргызча
маалымат таркатып жатканынан кабардар. Прагага Кыргызстандын өзүнөн
келген тың журналисттер топтолгонун, Ала-Тоонун өзүндө да "Азаттыктын"
ээн-эркин иштеп, ар тараптуу маалыматтарды жарыялап жатканын белгилеп:
- Мен - бактылуу адаммын, "Азаттык" үналгысына Ала-Тоонун өзүнөн жогорку
билимдүү, терең интеллектуалдык угуту бар жигит-кыздар келишти.
Кыргызстан өзү да демократиячыл жаңылануу нугун тандады. Эгемен мамлекет
катары өз байрагын Бириккен Улуттар Уюмуна тикти. Роза Отунбаева, Мурат
Иманалиев сыяктуу дипломаттары тышкы саясат тармагын тейлөөдө... Ушундай
жаңы турмушту өз көзүм менен көргөн мен бактылуу болбогондо ким болот!
Калетсиз сөздүр...
Тынчтыкбек Чоротегин,
тарых илимдеринин кандидаты, КМУУнун доценти.
"Теңири Манас" туурасында
Билбейм, менин ким экенимди билесинерби? Билбейсиңерби? Мен чет жерде,
бөлөк элде, тагдырдын жазганы боюнча 79 жашка чыккан кары Азамат Алтай
дегем ысым менен жашаган Кыргыздын бир уулумун.
55 жылдан кийин Кудайым буюрган экен, элимди-жеримди көрүп, касиеттүү
Ысык-Көлүмдүн үстүндө чайкалдым. Айтсаң сөз, жазсаң кагаз жеткиз күндөрдү
өткөрдүм. Кубаныч-кайгы аралаш! Буларды түшүнүштү тилегендер өзүлөрүн
менин ордума коюштары керек.
1998-жылдыл соңку күндөрү. Күтүлбөгөн жерден телефонум шыңгырады.
Менин атым Улан, атамын аты Ашым Жакыпбек деди. Чет элде көп жылдар
"Азаттык" радиосунда кыргыз бөлүмүндө иштегенимден, элдеки белгилүү
ишмерлеринен кабарым бар эле. Ашым ысымы мага тааныштай сезилди.
Үйүмө кабыл алыш мүмкүнчүлүгүмдүн жогунан келип-кет дештен башка чарам
жок эле. Улан келди, кыргыз калпагын кийгизди, атасынын "Теңири Манас"
деген китебин өз атынан сыйлык кылды. Мен чексиз кубанычка бөлөндүм. Өзүм
Манас-Бакайлар менен сыймыктангандардын биримин. "Манасты" ыр менен
башка дүйнөгө жеткириш мүмкүн эместигин жакшы билем. Мындай чоң
өлчөмдөгү поэманы башка элге жеткириш мүмкүн эмес. "Манас" эпосу үчүн,
кыргыздын элдик поэмасы үчүн күрөшкөн агаларым эсимде. Алардын
бардыгынын ысымдарын атабайын: Ыскак,Түгөлбай жана башкалар. Башка
дүйнөгө, башка элге жеткириштин чарасын Ашым иним тапты. Кара сөз менен
жазып чыкты. Өзүм "Теңири Манасты" күндүр-түндүр окуп чыктым,
толкундандым, ыйладым! Эми "Манасты" дүйнөгө жеткириштин жолун Ашым
иним ачты. Аны улантыш мен Кыргызмын дегендердин милдети деп түшүнөм.
Ашым о дүйнөдө болсо да, ага өз ыраазылыгымды билдирем.
Азамат Алтай
Нью-Йорк калаасы, 1999-жыл.
18-май, 1999-жыл,
"Манас ааламы"
АДАБИЯТ «ЗАМАН-КЫРГЫЗСТАН»
АТА ЖОЛУН УЛАНТЫП
Памирбек Казыбаев
Алыскы Америкада билим жана турмуш тажрыйбасын тастыктоодо жүргөн
Ашым Жакыпбековдун уулу, иним Уландан жакында кат алып, кубандым.
"Теңири Манас" поэмасын ушул кезге чейин орус тилине сапаттуу котортуу
аракети каражат жоктугунан ишке ашпай жатканы белгилүү. Ал эми ушул
чыгарманы алары менен окуп чыккан жана аны Америкада которууга астейдил
киришкен айтылуу аксакал Азамат Алтайдын атуулдугу суктандырат...
Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылган эмгекке элинен алыста жүргөн
Азамат Алтайдын жүрөгүнөн чыккан нукура баасы төмөнкүдөй: "Мен 80
жашка" келгени "Манастын" кара сөз түрүндөгүсүн, ушунчалык көркөмдөлүп
жазылышында биринчи окушум. Мага бул китеп өзүнчө бир рухий азык болуп,
жүрөгүмө ушунчалык жакын таасир берди. "Манаска" сыйынуумбу, айтор,
"Алмамбетти", "Чоң Казатты" окуп жатып ыйлап жибериптирмин. Атаңа рахмат!
Арбагы сени колдой жүрсүн. Мага ини катары болсо да, мен да анын арбагына
тооп кылам. Мындай киши чанда туулат. "Теңири Манастын" стилистикасын
байкаган соң, Ашымдын талантына тан бердим. Мынчалык деңгээлге жеткире
дагы ким жазаар экен? Атаң жөнүндө сыртынан билчүмүн. "Кыргызстан
маданиятында" иштеп жүргөндө Чыңгыздын Ашым деген иниси чыгармаларын
кыргызчалатканын, Чыңгыздын өзүндөй сүйлөткөнүнө, ушунчалык мыкты
которгонуна ыраазы болгон элем. Мына эми "Теңири Манасты" окугандан
кийин Ашым Жакыпбектин автордук дареметин даана сездим", - деп айтканын
Улан иним жетине албай жазган эле. Деги бир кубанычы - Азамат Алтай
китептин бир нускасын англис тилине котортуу үчүн башка бир штатка
жөнөткөнү.
Ушундан улам өзүмдөн кеткен кемчиликти эстеп, аябай өкүттө калдым.
Анткени "Манас – 1000" майрамы убагында Азамат аксакал менен маектешип,
сүйлөшүп эле жүргөн кезде "Теңири Манасты" бербегениме таңмын. Ал киши
которбойт дегеним го... Которуу маселесин колго аларын ойлобоптурмун да.
Аттиң, эмгиче "Теңири Манас" англисче жарыяланып калмак экен. Эми деле
кеч эместир? Алла Тааланын амири менен Азамат Алтайга күч-кубат берип,
алиги баштаган ишин аягына чыгаруусун тилейм.
Уландын дагы бир кызык жаңылыгы - "Манастын" 1943-жылы Гестапо
кызматкери Кайым Валихандын редакциялоосу менен чыгарылышына
байланыштуу. Көрсө, Кайым Сатар Алманбетов деген кыргыз киши экен. Аны
Азамат Алтай таанырын жана ал жөнүндө эскерүү жазып берерин билдириптир.
Чындыгында эле бул адамдын сыр сандыгын көзү барында ачып, өзүнүн
жардамы менен жарыялаганга чыгынып койсок жакшы болчудай. Уландын
баамында, Азамат аксакал абдан билимдүү, тамашөкөй, бир жагынан каардуу,
көз карашы терең, курч адам жана кебете-кешпиринен эле көп нерселерди
башынан өткөргөнү сезилип турат. Улан окуусу менен бирге ушундай
кызыктуу адамдарга жолугуп, атасынын "Теңири Манасын" окурман журтуна
жайылтууга аракеттенип жатканы алкоого арзыйт. Эмки максатын Америкадагы кыргыздар уюмун, маданий борборун түзүүгө багыттасын деген
мааниде жооп кат жазып жибердим. Бул деген коомдук уюмдар аркылуу
адабият, маданият кенчтерибизди дүйнө жүзүнө таанытууга көмөк түзмөкчү.
2000-жыл
2-3 жылдан бери алган жарым Сание оорулуу болуп калды. Акылын жоготуп,
астындагы сиңдиси жардамдашып турат. Бирок ал дагы кары, канчага чыдаары
белгисиз. Элге телефон чалып, Гүлнара менен сүйлөштүм, ал Саниени карап
беришке макулдугун билдирди. Мен чакыруу жөнөттүм. 2000-жылдын 2августунда келди. Бир аз жашоо оңолуп
калды. Элде
80 жылдыкты
карындашым Гүлшара бала-бакырасы менен белгилейбиз деп жатканы
тууралуу Гүлнара мага сүйлөдү. Мен болсом Гүлнара 15-сентябрь менин
езүмдүн коюп алган күнүм, биздин заманда качан, кайсы күнү туулгандыгыбыз
жөнүндө эч кимдин кабары жок. Болгону атамдын айтканы боюнча күздүн
күндөрү дегени гана боюнча болжолдоп жазылган күн десем Гүлнара: "Таяке,
ар ким 80 жашка чыга бербейт, той беребиз дешсе беришсин, каршы болбоңуз", деп суранды. Ошентип, 80 жаш тоюмду менин элдеки жакын тааныган
адамдарым өзүнчө бирге белгилешти. Кийин кассетасын бизге жөнөтүшкөн.
Анда Жалил Садыковдун жазган поэмасы маган абдан жакты. "Ырахмат,
Жалил" дегенден башка не айтам? Ошентип карылык күндөрүм ирээти менен
өтүүдө. Гүлнара келгени маган чоң жөлөк болду. Сание каралуу, кийими жуулу,
тамагым бышылуу, үйүм таза, кудайга миң мертебе ыраазымын. Гүлнара өз
ата-энесин карагандай карайт.
«Кыргыз Руху»
10-ноябрь, 2000-жыл
Жалил Садыков,
Кыргыз эл акыны
АЛЫСТАГЫ АЗАМАТ АЛТАЙ (КУДАЙБЕРГЕН) АБАМА
Кан майданга жөнөгөндө Мекен деп,
Ар ким ойлоор согуш отун кечем деп.
Бирок, бирок... Ким ойлосун андайда,
Капысынан колго түшүп кетем деп...
Болгон ишти азыр болбос танганда,
Жүрөк түтөп өкүнүчтө арманда.
Бүтүндөй полк былк эталбай багынды,
Душмандардын курчоосунда калганда.
Болбой калды гранатты жарганга,
Болбой калды колго курал алганга
"Колго түшсөң өзүңдү атып сал» дешчү,
Болбой калды өзүн атып салганга.
Согуш... согуш... Кан майдандын талаасы…
Күйүп жатат, түтөп жатат карачы!
Кырчылдашып жетпей калды максатка,
Кырсык тура каш кабактын арасы...
Колго түшүп, чынжыры жок байланып,
Былк эткендер бир ок менен жайланып.
Кеп-сөзү жок кете берди шордуулар,
Батыш жакка, абактыга айдалып...
Айтуу кыйын ал кездеги чактарды,
Колго түшсөң актанууга чак барбы?!
"Элин саткан чыккынчылар" -деген ат,
Баарысынын маңдайына чапталды.
Ал учурда кандай эле заманы,
Өткөндөрдү бир аз талдап алалы:
Сталинчил жалындаган жаш улан
Өз эркинче колго түшө калабы?
Оо, ал кезде жабыш оңой жалааны,
Ошол бойдон "чыккынчы" - деп таштадык
Он сегизге жаңы чыккан баланы.
"Чыккынчы!" - деп өзү жатса камалуу,
Биз ырбаттык жүрөгүндө жараны.
Көз жаш төгүп канча жүрдү чет жерде,
Көздөн учуп Ысык-Көлдүн карааны?!
Ал саргайып тартып жүрсө санааны,
"Душман! " - деди "Үч тамгалар" тарабы...
Арга канча, 80 жашка келгиче,
Аяп жүрдүм Кудайберген абаны!..
II
Не болорун алыс жүрсө ким элден,
Аз да болсо өз башыман билем мен.
Аргам кетет чет жерлерге барганда,
Адам өңдүү ичер суусу түгөнгөн.
Азга кетсем, Ата журтту сагынып,
Аккан суусу кулагыма жаңырып.
Керме тоолор көз алдымда тартылып,
Кете жаздайт эт жүрөгүм жарылып...
Мен ошентип жер кыдырып барганда,
Көкүрөгүм толуп чыгат арманга!
А тиякта Кудайберген абабыз,
Көнгөн тура тагдыр башка салганда...
III
Арасында жазып жүргөн достордун,
Мен абама Нью-Йоркто кез болдум.
Андагынын барын санап олтурбай,
Бир нерсеге келип турат токтолгум,
Ресторандын бир бурчунда, капталда.
Баарыбызды абам сыйлап жатканда,
- Бара тургай ой барбы? - деп сурадык.
Биротоло туулган айыл жактарга.
Ал ошондо бир тунжурай калды да:
-Иничектер, баарың угуп алгыла,
Ачык сырым: туулуп өскөн айылыма,
Азыр десе, аябаймын жанды да.
Аз жыл болду, кырсык тооруп жолумду,
Алган жарым болуп калды оорулуу.
Азыр менин кыйнап турат жанымы,
Алсыраган ошонун ден-соолугу.
Эгер өмүр, жашоо десек бир күндүк,
Анын көбүн жашаганга үлгүрдүк.
Аялыма кыйын кезде баш кошуп,
Кыйындыкта бирге жашап, бир жүрдүк...
Өрттүү күндөр, өксүк күндөр кечээги,
Тирүү туруп, эстен чыгып кетеби?
Кууралдардын баарын азыр унутсак,
Кудай, биздин күнөөбүздү кечеби?!
Туудай бийик туулуп өскөн Мекеним,
Жүрөгүмде дайым ыйык сеземин!
Бирок тигил ооруп жаткан зайыбымды,
Ушул алда кантип таштап кетемин?
Ошон үчүн ооруп жаткан чагында,
Алыс кетпей жүрөм анын жанында.
Ал ыраазы болсун деген оюм бар
Эч болбосо, менин көзүм барында…
Ушул сөздөр - жай айтылган жагымдуу,
Бир дүргүтүп алды менин канымды.
Өзүм менен алек болдум бир топко,
Өчүралбай жүрөктөгү жалынды...
Ар бир сөзүн угуп жатып абамын.
Аяп кеттим ошондогу абалын...
Анан кайра чексиз ыраазы болдум да,
Адамдыгын өтө бийик бааладым!
…Туулган жерге барбаса да, аялын –
Ушул алда таштабашын кааладым!..
Сентябрь, 2000-жыл.
Уландын каты
Мен Ашым Жакыпбектин уулумун, атым Уланбек. Азамат Алтай чоң атам менен
таанышканым үчүн Теңирге терең ыраазычылыгым менен сыймыгымды
билдиргим келет.
Мен Азамат Алтай чоң атам менен 1998-жылы декабрда Нью-Йорк шаарында
тааныштым. Албетте, чоң атам жөнүндө Кыргызстанда жүргөндө көп уккам.
Атам Ашым мага: "Америкада Азамат Алтай деген кыргыздын улук карыясы
жашайт", - деп айтчу эле. 1994-жылы атам кайтыш болду, ошондо жетимсиреп
жүргөн күндөрдө мен Азамат Алтай чоң атам менен АКШда таанышып, ал мага
атамды жоктотпой, мен ага өз баласындай болуп каларым түшүмө да кирген
эмес.
АКШга бара жатканда атамдын жакын досу Бексултан Жакиев Нью-Йорктогу
Азамат Алтайдын телефонун мага берди, артыман Азамат Алтайга телефон
чалып, алдын-ала кам көрүп коюптур. Ошол 1998-жылдын декабрь айында
Нью-Йорк шаарында абдан суук болду. Келээр замат чоң атама бара алган
жокмун – сүрдөнүп жүрүп, декабрдын ортосунда телефон чалдым.
- Салом алейкум, Азамат Ата, менин атым Уланбек, Ашым Жакыпбектин
уулумун, -дедим.
- Алейким салаам, Бексултандан сен жөнүндө кабарым бар, жаным, кел үйгө, деп мени конокко чакырды. Жүрөгүм толкуду, кубанычка баттым, бөтөн жерде
жүрүп, чүнчүй түшкөндөн болсо керек. Кийинки күнү шашып-бушуп, досум
экөөбүз чоң атага бардык. Эшикти Азамат Алтай өзү ачты, бетимен өөп, үйгө
киргизди. Атамдын "Теңири Манас" китебин Азамат Алтайга тартууладым, ак
калпак кийгиздим. Чоң ата абдан сүйүндү, мени олтургузуп, ата-тегим,
жеримди сурады. Байбичеси Сания Апа менен тааныштырды.
- Азыркы кезде "киргиз" дегендер көп, сен кайдан кыргызча жакшы билесиң? деди.
- Атам мени № 5-чи кыргыз мектепке берип, кыргызча билбесең, сен киши
болбойсуңдеген", - деп мен күлүмүш болдум.
- Атаңа чон ыракмат, кыргызча билбесең, мен сени менен азыр сүйлөшпөйт
болчумун, - деп Азамат Алтай курч көзү менен мени тик карап, тамашалаган
жок. Мен кайсы жерге кирип кетеримди билбей, ичимен атама абдан ыраазы
болдум.
- Курсагыңар ач экенин билем, Кыргызстандан алыс жүргөндө этти
сагынганыңарды да билем, бирок мен кемпирим менен үйдө силерге тамак
жасап бергенге алым жок, жүргүлө, сырттан тамак ичели, - деп чоң ата бизди
ресторанга алып барды, курсагыбызды тойгузду.
Ресторандан тамак ичип жатканда кыргыздар, кыргыз жери, саясат, тарых
жөнүндө сүйлөшүп олтурдук. Мен өзүм университетте тарых факультетин
бүтүргөм, бирок чоң атамдын көп суроолоруна жооп бере алган жокмун.
- Мындан кабарың жокпу? - деп Азамат Алтай ачууланды.
Мен биринчи күндөн эле Азамат Алтайдын билиминин тереңдигине, ар бир
окуянын күнү-саатын так айтканына, сөзүнөн, жообунан эч жаңылбаганына
таң калдым. Ошондой эле чоң атамдын Сания апама болгон "жентелмендик" жигиттик мамилеси мен үчүн чоң үлгү болду. Ресторандан кийин чоң атам
машинесин айдап, кайра бизди үйгө алып келди, досум экөөбүздүн колубузга
жуз доллардан карматты. Биз жок деп айтсак да болбой, чоң атам: "Мен деген
диктатор болом, колумду уялтпай алгыла", - деп катуу айтканда биз багындык,
чоң атага абдан ыраазы болуп, үйүбүзгө жөнөдүк.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин мен ошол акчага диктофон сатып алып, атама
телефон чалдым, үйүнө бардым. Максатым - чоң атамдын айтып берген
аңгемелерин кассетага жаздырып алыш эле. Чоң атам мени кучагын жая тосуп
алды. Келээр замат атамдын "Теңири Манас" китебин алып келди.
- Улан, мен атаңдын "Теңири Манас" китебин окуп бүттүм, толкундандым,
ыйладым, сүйүндүм. Атаңа чон ыракмат, Ашым менден кичүү болсо да о
дүйнөгө менден мурун кетти, ошондуктан, Ашым менден улуу, мен Ашымдын
арбагына таазим кылам. Ушул ыр менен айтылган океандай "Манас" эпосунун
маңызын, көркөмдүүлүгүн, кереметин кемитпей, кайрадан асманга -Теңирге
көтөрүп, төкпөй-чачпай жазганына чоң ыракмат, буйруса "Манастын" дүйнө
тилдерине которула турган китебин Ашым жараткан экен, - деп атам жөнүндө
айтып жатканда мен чоң атамды өз атамдай кучактадым.
Чоң атамдан "Өмүр баяныңызды айтып бересизби? " - деп сурандым, Азамат
Алтай үшкүрүнүп алып, кантип ушул татаал тагдырга туш келгенин баян
салып берди. Бала кезин, жаш чагын, аскерге кетип, экинчи дүйнөлүк согушка
туш болгонун, туткунда азап чеккенин, андан качып бозуп жүргөн күндөрүн,
согуш бүткөндөн кийин Сталиндин кордугунан качып, Ата Журтуна баралбай
Европада калганын, андан кийин АКШга келгенин… айтор, баарын уктум.
Францияда жүргөндө бир миллион франкты лотереядан утуп алып, ошол кезде
бир тааныш жесир аялдын кызы абдан катуу ооруп, кызын дарылоого каражат
табалбай, кайгыга кайышып олтурганда, Кудайберген атам утуп алган акчасын
берип, ошол кызды кымбат ооруканаларда даарылатып, аман сактап калганы
кату таасир этти. Ушунун баарын уккандан кийин өзүмдүн Америкада
кыйынчылык тартып жүргөнүм атамдын азабына салыштырганда жыргал
турбайбы деп, өзүмдөн өзүм уяла түштүм…
Чоң атам бар кезде өз баласындай болуп эркелеп жүрдүм, бирок, аттиң, 2006жылы өз чоң атамдай болгон адамдан ажырадык! АКШдагы кыргыздар, өзгөчө
Гүлнара эжем, Филадельфия шаарынын кыргыздары - баарыбыз Азамат
Алтайдын зыйнатында тик туруп, акыркы сапарга узаттык. Мен кайрадан
жетимсиреп калдым, ал кишинин карааны мага чоң кубат-күч берип турчу
экен. Мындай керемет, касиеттүү адамды эч качан көргөн эмесмин. Азамат
Алтай болуш үчүн анын турмушун баштан кечириш керек жана бардык
кыйынчылыктарды чоң атадай жеңе билиш керек. Азамат Алтай байлык,
бийлик деп жан талашпаган, өзү жөнөкөй, таза, чынчыл, айтканын аткарган,
аткара албаса, сөз бербеген, жалган сүйлөбөгөн адам эле.
Карапайым дыйкандын үй бүлөсүндө туулгам деп айтканы менен, Азамат
Алтайга көп менменсинген ак сөөктөр теңеле албайт. Азамат Алтайдын курч
көзүн тик караш мүмкүн эмес эле, көп кишилер жанында олтура алчу эмес, чоң
атамдын мүнөзү абдан курч болчу, бирок адилет болчу, бир нерсени
жактырбаса, Президент болобу, жөн киши болобу, эч тартынбай бетине айтчу көп кишилер куйругун кысып, жооп табалбай кекечтенип, үйүнөн чыгып кетчү.
Көп кыргыздар, мен дагы арасындамын, үйүнө кечигип барганы үчүн катуу тил
укканбыз.
- Силер четте жүргөндө "Кыргыз" деген атты уятка калтырып жатпайсыңарбы!
- деп Азамат Алтай күйүп урушчу. Көп америкалыктар Азамат Алтайды абдан
сыйлап: "Бардык кыргыздар сендей болобу?" - деп сурашчу.
Курч мүнөзү менен тең Азамат Алтайдын айкөлдүгүнө, боорукерлигине чек
жок эле, канчалык кордук көрсө да, адамдык сапатын эч жоготкон эмес. Көп
кыргыздар жана башка улуттун өкүлдөрү Азамат Алтайдан көп жакшылык
көргөн. Анын тунук акылы, окумуштуулугу - биз үчүн чоң үлгү. Азамат Алтай
Европада, Америкада жашап, жергиликтүү өнүккөн элдердин жакшы жактарын
өзүнө сиңирип алган экен. Куру намыс, майда-чүйдө, көрө албастык деген
кыргыздын жаман сапаты чоң атада жок болчу. Азамат Алтай биздеги
окуяларды укканда: "Силерге боштондук бекер келди, кан төгүп алсаңар,
мамлекеттин баркын билмексиңер", - деп кейип калчу.
Азамат Алтай тууралуу бир китепке жазып бүтүш мүмкүн эмес. Бул киши
чынында Кудай берген, Азаттыкты артыкча сүйгөн, Алтай жериндей айкөл
кыргыз атуулу эле...
Уланбек Жакыпбеков.
Филадельфия, АКШ. 20-август 2008-жыл.

You have read 1 text from Kyrgyz literature.