Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 16

Total number of words is 4143
Total number of unique words is 2186
27.4 of words are in the 2000 most common words
39.1 of words are in the 5000 most common words
45.2 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Мен эч нерсе деп, унчуга албадым. Унчугуп да кереги жок болчу. Берки балдар
да унчукпады. Бири Нарынбек, экинчиси Ныязаалы. Нарынбек дегенибиз мага
жээн бажа болуп чыкты. Ошо Нью-Йоркто тааныштык. Мамлекеттик
делегациянын мүчөлөрү быяктан учуп барганыбызда Кеннеди аэропортунан
бизди тосушуп алган. Колумбия Университетине бир жылдык окууга
барганына эки айча болуптур. Ныязаалы болсо... Оо, бу жигиттин өзүнчө
кичинекей жомогу бар. Ал жомок мен үчүн Бишкекте эле башталган.
- Бексултан, Ныязаалы иниңди Бишкекке телефон берип, сага тааныштырганым
эсиңдеби? - Азамат Алтай биз адеп аэропортко келгенде жанындагыларды
тааныштырып жатып, тамашалап күлгөн. - О заман сен быякка жөнөөрдөн экиүч жума алдыда, ишиңе телефон чалсам жок болдуң. Астар деген кызматкериңе
"Бексултанга айтып кой” деп, аманат кылган Каипов ушу. Кызматкериң
айткандыр?
Мен анда иште жок элем. Азамат Алтай телефон чалып, менде иштеген Астар
Тыналиев деген жигитке: "Каиповдун уулу Ныязаалы аман-эсен Нью-Йоркко
келип, менин үйүмдө отурат. Атасына аманчылыгын билдирип койсун
Бексултан” дейт. Астар жоошураак жигит, “Кайсы Каипов?” деп сурап да
албаптыр. Бирок менин аялыма телефон чалып айткан экен, Сабира көп
Кайыповдун кайсы бири болду деп отуруп, телевидениенин режиссеру Балташ
Кайыпов эсине келет. “Алыс бир жакта балаңар жокпу?” - деп, Балташка телефон
чалса, Балташ: “Бир уулубуз кой десек болбой бирөөнөн виза сатып алып,
Америкага кеткен эле, эмне экен?” - деп ыйлап жибере жаздайт. А балким, ыйлап
да жибергендир, ким билет? Атага бала кымбат да! Мына ушул Балташ
Кайыповдун уулу Ныязаалы да бизди аэропорттон тосушкан. Эми Азамат
Алтайдын балконунда биз менен күлүңдөп отурат. Ал философия боюнча
аспирантурада окуп атып, бирөөдөн виза сатып алат да, Нью-Йоркко кетет.
Аэропорттон кечинде кайда, кимдикине бараар дайыны жок, же жанында
капчыгы калың эмес, арзан бир мейманканага жеткирип коёр деген ниетте
таксиге түшсө, таксист жакында эле СССРден кеткен еврей экен, тигинин жөнжайын угуп, анан жалданып иштеп, жаныңды багып кетээрсиң деп, бир
кореецтерге тааныштырат.
Анда Ныязаалы идиш-аяк жууп, күн-түн иштеп жүдөйт. Жарыбасына көзү
жеткенде Азамат Алтайдын телефонун таап алып: “Мен ушундай бир
кыргыздын баласы элем, кор болуп калдым”, - деп чалат. Азамат Алтай адамга
жардам керек болсо, ичкен ашын жерге коё коюп, жөнөгөн киши. Андайда
“ооруп аттым эле, чарчап турдум эле” дегендей а-бу шылтоо айтыш болбойт
экен. Ага мен өзүм күбөмүн. Ныязаалынын алигидей абалын угаар замат
адресин тактап алып келип, тойгузуп, анан биз жакка телефон чалган экен.
Ныязаалы Азамат Алтайдыкында 4-5 күн турат. Ыраматылык Садык Алдаш анда
тирүү, балдары өз алдыларынча турмуш куруп кетип, аялынын өлгөнүнө үч жыл
болуп, бир үйдө жалгыз жашап калган кези экен, Азамат Алтай Ныязаалыны
“акеңе каралашып, караан болуп тур” деп, Садыкка кошуп берет. Биз НьюЙоркко барганда Ныязаалы Садыктыкында иш таппай бош жүрүптүр.
Бая күндүз мен Азамат Алтайдан:
- Аба, айылдан келбедимби, Нарынбек менен Ныязаалыга чай берип койбосом
уят ко, келишсинби кечинде? - дегем.
- Келтир, - деп кубаттаган.
Ошо боюнча баш кошуп, Азамат Алтайдын балконунда отурганбыз.
Нарынбектин ишинде чатак жок. Англис тилин үйрөнүү боюнча компьютердик
курска кирейин десе, саатына 80 доллар төлөш керекпи, же андан да көппү, элес
албапмын, Азамат Алтай жол-жобосун үйрөтүп, бекер окутуп атыптыр. Ага
кубандык.
- Сенин абалың кандай, Ныязаалы? Аспирантураңды ушуяктан улантканы
келдиңби? – десем, Ныязаалы мени атасы менен теңтуш болгонуманбы, “аяш
ата” деп алыптыр.
- Бексултан аяш ата, мен быякка иштеп акча табайын деп келдим, - деди.
- Сени бирөө ишке чакырдыбы? - десем, Ныязаалы:
Издеп атам... - деп буйтактата жооп берди. - Аспирантураны бүткөн күндө
деле жыргачудай эмеспиз.
Чынын айтсам,бу бала мага жакпай калды. Жакпаганын жашырганым жок.
- Жаш балаң бар экен, келинчегиңи таштап, жолуң болсун сенин...
- Атамдын балдары көп, баары жаш. Турмуштан кыйналып жүрөт, атама жардам
берейин деп келдим.
Ныязаалынын бул жообу мени көп деле ынандыра алган эмес. Жөн эле атасын
бетине кармамыш болуп, элден,үй-жайынан безген эселектей көрүнгөн мага.
Чынында эстүү бала экен. Эки-үч күндөн кийин телефон чалды.
- Бексултан аяш ата, жумушка орноштум.
- Эмне жумуш?
- Кореецтердин балык дүкөнүнө орноштум.
- Баягы идиш-аягын жууган кореециңби?
- Бөлөк. Балыктан тамак-аш жасайт экен, тазалайт экен.
- Сен ошол тамак-ашын мыктап үйрөн, элге барып, балык ашкана ачып,
баарыбызды жыргат. Өзүң да жыргайсың, - дедим оюн-чындай.
- Атама акча-тыйын чогултуп барып берсем эле болду эле, - деди. Дале атасын
оозунан түшүрбөгөнүнө ичим жылыды.
- Акча колуңа тийгенде атаңы унутуп койбосоң эле болду, - деп тамашаладым.
Бир жумадан кийин дагы телефон чалыптыр:
- Бексултан аяш ата, бир жумалык акыма 150 доллар тийди. Барып майлап
берейин, - дейт.
- Ырахмат, айланайын! - Мен аябай ыраазы болдум. - Ушинтип айтып койгонуң
эле майлагандан артык! Майладым деп эсептей бер. А көрөк атаңы унутуп
койбо!
- Унутпайм, Бексултан аяш ата. Жумушу оор эле экен, он чакты сааттан ашык
иштейм, бирок, буюрса, түзүк эле тапкыдаймын. Жакшы иштеп турсам, дагы
кошкудай, тамагы да бекер. Жаткан жерим да Садык акеникинде бекер, - деп
жетине албай телефондон сүйүнгөн. Кийин мен элге жөнөп жаткан күнү да
"узатып барам” деп телефон чалганынан: "Кожоюнуңа жаман көрүнбөй
жумушуңду иште”, - деп келтирбей койгом.
Бул эки жигиттин тырышчаактыгын, далалатын, дилгирлигин
Алтай да баамдап жүрүп, ыраазы экен. Бир күнү экөө жөнүндө:
Азамат
- Мен жашыраак кезде Нарынбек менен Ныязаалыдай дагы бир үч-төрт тың
жигитим болгондо “Манас” сөздүгүн түзүп коймок элем, - деген.
- Ошого далалатыңыз болду беле? - мен кызыгып сурагам.
- Далалатым катуу болду. Бир кишинин колунан келбейт экен. Бул менин чоң
арманым! - Азамат Алтай колунан келген иштердин канча бирин жан
сактоонун айынан бөлөктөр үчүн бүтүрдү экен?!
Азамат Алтайда дагы кандай арман бар, аны териштирип отурганыбыз
адептүүлүккө деле жатпас. Чамабызга жараша баамдап, түшүнүп аларбыз. Же
анда арман аз дейсиңби?! А киши кантип жашап, кандай ой жоруйт, жүрүмтуруму кандай, бешенесине кадалган армандуу күндөр менен адам чыдагыс
оор шарттарга туруштук бере алдыбы-жокпу, бере албаса ушунча жат жакта,
айрыкча Америка сыяктуу өлкөдө күнү кечпес эле го, ушунчалык сөзгө илинген
кадыр-баркка жетпес эле го? Аны да баамдап түшүнөөрбүз. Кыйынчылык анын
адамгерчилигин, ыйманын мокото алганбы, жокпу? - бу да бизге кызыктыр,
муну түшүнүшкө да баамыбыз жетет деген ойдомун.
Адамда Адам атынын сакталышы бирөөгө жакшылык кылуудан башталат.
Азамат Алтай Ныязаалы келгени анын камын унутпай жүргөнүн билип, таң
калдым. Анткени, бизде бирөөнүн камын ойлогон адам жок болуп бараткан
сыяктуу. Бая Ныязаалы бир жумалык акысына 150 доллар алганын айтып
сүйүнчүлөсөм, Азамат Алтай кубанган жок.
- 150 долларбы?! - деп каткырган. - Силер үчүн бул кеп!..
- Эмне, азбы?
- Албетте аз, Ныязаалыныкы жалданма жумуш. Ага аз төлөйт.
- Арызданбайбы!
- Ким? Ныязаалыбы? - деди Азамат Алтай күйүп-бышып. - Антсе өзүн кууп
чыгат. Быяктын закону боюнча, жашырын келген чет өлкөлүк адам ашык келсе
деле бир саат иштешке акысы жок. Паспорту каттоодо болсо, же эмигранттык
каттоодон өтсө гана иштешке акысы бар. Ошондуктан, мен Ныязаалыны
эмигранттык каттоодон өткөрүп коюштун амалын ойлоп, бирөөнү арага
салдым. Ал иш бүтсө Ныязаалы ачык иштешке укук алат. Акысын көп
жедирбейт.
Машакаты оор, бюрократия менен чайналышып атып, анан же бүтүп, же бүтпөй
турган бул иштин жыйынтыгы эмне болгону мага белгисиз. Мен кетип калдым.
Кеп анда деле эмес. Айтайын дегеним, колунан келген жакшылыгын, билгенин
эч аябай жашаган адам элдин баарына бирдей жагабы, же жакпашы да
мүмкүнбү? Кеп мына ушунда. Деги эле тың сүйлөп, тың жүргөн адамды,
чындыкты бетке айтып, калыс жүргөн адамды көрө албастыктын тамыры
неге терең болот болду экен? Азамат Алтай эл-жерден бирөө келиптир дегенди
уккан сайын чапкылап жетип жүрүп, эңсеген кусалыгын жаза алды бекен
өткөндө? Же жердештеринин жанына жолобой качканына ичи күйүп, кайсы
биринен кагуу да жеп, тил уккан ызасына чыдабай, бирөөгө жакшылык
кылсам деген далалатынан айныган күндөрү да болду бекен? Андайын билбейм.
Бирок ушуга анча-мынча жооп болорлук иштердин күбөсү болгон жайым бар.
Үйдө отурсак, Лос-Анжелестен Полот деген кытайлык кыргыз жигит телефон
чалды. Жөн
эле ал-жай сурашкан
сыпайыкерчилик телефон эмес,
аспирантурасындагы кандайдыр бир ойку-кайкы жагдайлар, аны оңдоонун жолжобосу, тартиби туурасында сөз жүргөнсүдү. Ал жигит Азамат Алтай менен
такай телефондошуп, кеңешин угушка муктаж экен. Азамат Алтай менин мында
отурганымды айтып, экөөбүздү телефондон тааныштырды. Сүйлөштүк. Кийин
Полот Бишкекке биздин Курултайга да келип кеткен.
Азамат Алтайды кыргызга эле күйүп-бышабы десем, башка улуттардан деле
аянбайт экен. Демек, ал жаратылышынан кайрымдуу адам болуш керек.
Кыргызча үйрөнүп жүргөн вашингтондук Кетлин деген кыз Азамат Алтайдан
сабак алганы келмек экен, Азамат Алтай ооруканага жатып калып, уятына
чыдабай чый-пыйы чыгып кетти.
- Телефон чалдырып айттырып коюңуз, келип убара болбосун, - десем:
- Ал азыр жолдо келатышы мүмкүн. Эгер келип калса, менин ордума сабак
бере аласыңбы, тилчисиң го? - деп мага кайрылды.
- Мен англисче билбейм. Ал кыргызча же орусча билбесе, отурабыз да оозубузду
тиктешип.
- Сание жеңең бар, ошо таржыма кылып берет - деди.
- Мейли, окутуп көрөйүн, - дедим мен.
- Окута аласың! Эми тынч оорусам болот, - деп Азамат Алтай каадасынча
тамашалуу каткырып, кадыресе кубанды. Ошол Кетлинибиз кийин
Кыргызстанга эки жолу келип, кыргыз аялдары жөнүндө кызык диссертация
жазды. Аз-аздан кыргызча сүйлөгөнгө көнүктү. Балким, бара-бара кыргызча
жакшы үйрөнүп кетээр, же чала бойдон калаарынын жөнү башка маселе.
Америка кызынын дүйнөгө тааныла элек алакандай кыргызды алгачкылардан
болуп изилдеп, урмат көрсөткөнүндө. Кетлиндии Кыргызстанга келүүгө
көңүлү бар экенин укканда:
- Эмне себептен бизге кызыктың, башынан изилдеп жүрдүң беле? - десем:
- Кыргызстанды мен Азамат Алтайга окшоштуруп гана билем. Силер боорукер,
чынчыл, ыймандуу эл болушуңар керек, - деген жадырап. Ушундай баага
баарыбыз татыктуу болбосок да, албетте, кулагыма жакшы угулган эле.
Дагы бир мисал. Кайсы бир күнү эртең менен Азамат Алтай мага кирди.
- Кыргыз тили качан мамлекеттик тил болду эле? Кечээ бир профессор
сураганынан... - Ал мага кайрылбай эле өзүнөн өзү сурагансып, бүшүркөп
сүйлөдү. - 1990-жыл деп коюп, өзүм ишене бербей турам. Ошол туурабы? –
деп эми менден сурады.
- 1989-жыл. Сентябрь, же октябрь болуш керек, Жогорку Советтин сессиясында
бекигенин айтам...
- Ошондойбу? - Азамат Алтай өзү эстешке тырышкансып, бүшүркөгөнү дале
жазылбай турду.
Мен ошол мамлекеттик тил боюнча комиссияда жайдын ысыгында бир ай
бою катуу чырылдашкандардын бири болчумун. Сессияга бизди да, комиссия
мүчөлөрүн дегеним, чакырымыш болушкан сөз бербесе да, андыктан, жаңылбай
эле айтып аткансыйм. Азамат Алтайдын күмөн санаганы таасир эттиби, мен да
күдүксүнө баштадым.
- "Кыргызстан маданиятына” басканы эсимде, карайынчы, - Азамат Алтай
бөлмөсүнө жетээр замат “ Кыргызстан маданиятынын” таңгагын ачкан эле
бетинен издегенин тапкан экен, мага кыйкырды:
- Бексултан, мен дал өзүн ачтым! - деп жаш баладай кубана. – Демек, бул
жакшы жөрөлгө.
Анан профессорго телефон чалып, туурасын айтты.
- Бирөөгө калпычы болгум келбейт, - деди Азамат Алтай трубканы коюп
жатып. - Унутчаак болуп баратам. Мурда мындай эмес элем. Баары башымда
сакталчу. Эми карылык өз энчисин алууда... Азыркы профессордун аты-жөнү
Эдвард Олборт, Колумбия университетинде иштейт. Орто Азия элдеринин
тилин изилдөө боюнча адис. Кийин түрк тилдериндеги чыгармалардын да
библиографиясын түздүк. “Түздүк” деген себебим, ошол эмгектердин
бардыгына материалдарды мен чогултуп, мен топтодум.
Дагы бир окуяны эстеген сайын Азамат Алтайга ыраазы болом. Делегация
Америкага жөнөөрдүн алдында Азамат Алтай менен телефон чалышсам, а киши
айтты:
- Быяктын бир бай адамы силерге Нью-Йорктогу эң кымбат “Астория” деген
отелден орун алып койгон акысын өзү төлөп. Анда жатсаңар, эртеси
президентиңер Аскар баштап жаман атка каласыңар. Итке минген кедей
мамлекеттин төрөсү Нью-Йоркко келип, элдин акчасын чачты деп гезиттер чуу
салат. Муну эскертип коюш милдетим, кандай иштеш өз эркиңер. Тышкы иштер
министриңер Муратбекке да жакшылап айттым. Менимче, ал түшүндү.
Муратбек Иманалиев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясына
катышып, бизден мурда эле Нью-Йоркто болчу. Ал кыргыз делегациясын 1991-
жылдын 18-октябрында Кеннеди аэропортунда тосуп алды да, буюмдарыбызды
алгандан кийин түз эле СССРдин Бириккен Улуттар уюмундагы Туруктуу
өкүлчүлүгүнө барарыбызды айтты. Анан кайда токтоп, кайда жайгашаарыбыз
туурасында акылдашты.
- Бул боюнча эки вариант бар, - деди ал. - Биринчиси, Советтик миссиянын
жатаканасы, ал алыс, бирок арзан. Экинчиси, Азамат Алтай телефондон
эскерткен “Астория” мейманканасы.
Анда мамлекетинин туусун кире беришке илдиртип коюп падышалар,
канзаадалар, байлыгы ашып-ташыган өлкөлөрдүн башчылары токтойт экен.
Аскар Акаев бу күнү Подмосковьеде Союздук Кеңешмеге кол коюуга катышып,
эртеси келмек. Кокус “Асторияга” орношуп калсак, президентибиздин урматына
Кыргызстандын желеги илинүүгө тийиш. Жаңы эле эркиндик алып аткан
мамлекетибиздин туусун Америкада көтөрүү “сыймыгы” бизди азгырып барып
токтоду. “Кайда жатканыбыз оң?” деп тышкы иштер министрибиз Муратбек
Иманалиевден сурасак:
- Мамлекеттик делегациянын мүчөлөрүнө акыл үйрөтө албайм, бирок
“Асторияга” барсаңар, чуу чыгышы мүмкүн, - деди. Анда бир кишинин бир
түнөгөнү 4500 доллар экенин укканда:
- Кокуй, кой! Жетимге жөтөлдүн кереги не! – деп, арзан эле өз миссиябызга
кеттик. Чамасы, “Комсомольская правда” гезити ошондон чала-була каңшаар
угуп калып, “Акаев Америкадан 240 миң доллар коротуп, кайта келди” деп, беш
өрдөгүн жыйырма эсе аба жаарыта учуруп ийген болуу керек.
Делегациянын “Асторияга” жатпай кеткенин укканда Азамат Алтай мунуңар
жакшы деп абдан ыраазы болду. Эгерде ал чын эле кыргыз элинин душманы
болсо, кыргызды жаман атты болсун деп ыктытып турса, мамлекеттик
делегациянын жатаар жайына кийлигишип, башы шишиппи? Антмек түгүл
“мейли, ит боло беришсин” деп, табасы канып, кыйтыйып туруп алат эле го?
Азамат Алтайдын далай сапатын көрдүм. Жаман жактары болсо болоор (ансыз
адам кантип тирүү жүрсүн?), бирок анысын издейин деп келген эмесмин.
Кемчилик аңдыш кесибим да, ниетим да эмес. Эгер кемчилиги өзүнөн өзү
оркоюп, жанды кашайтып туруп алса, аны жымсалдап, же жашырып коюш да
максатымда жок. Адеп Кеннеди аэропортунда кыргыз делегациясына
жолукканда: “Кыргызымдын президенти ушинтип Америкага делегация баштап
келет деген үмүтүм жок эле, Кудайым бар экен!” – деп сөзүн акырына жеткире
албай, эреркегенден мууну бошогонун көрдүм. Анда 1991-жыл. Америкага
биринчи каттаган учурубуз болчу. Ошондо адашып жүрүп, Азамат Алтайдын
үйүн түн ортосунан кийин араң таап келгенимде күлкүсү тыйылбай, жаш балача
кубанганын да көрдүм. Ата-бабасынын дилин, эл-жеринин элесин эсине салган
ыр-күүлөрдү угуп ыйлаганын да көрдүм. Тамашачыл да, какшыкчыл да, ойчул
да, оюнкараак да, оор басырык да, жашык да, кайраттуу да, ызакор да,
көтөрүмдүү да кыялдарын көрдүм.
Алардыкына баргандын эртеси эле чай иче баштаганда Сание жеңе экөөнүн
меймандостугун гана эмес, “муну жейсиңби, тигини жейсиңби?” деп улам бир
тамакты алдыма жылдырып коюп, мээрими түшүп отурганына ичим элжиреген.
Карасам, өздөрү ичпей-жебей, менин камым менен отургансышат.
Оңтойсуздана түштүм да:
- Өзүңөрчү? Мен эле кепшей беремби? – деп тамашаласам, Азамат Алтай:
- Биз чайды саат 8де ичебиз. Сен уктап жатсаң, биз ачка отурабызбы? – деди
күлүп.
- Кечиресиздер... – Катуу уктап калып, буларды көп күттүрүп койгонума уялдым.
- Кечиримдүү, жаным, - Азамат Алтай менин абалымды түшүнө койду. – Адашып
жүрүп, түндө кеч келип, кеч жатпадыңбы. Сүйлөшкүм келип, саат үчтөн өткүчө
сени уктатпай алып отурган күнөө менде. Сание, алып келчи Бексултан өзү
кетирген өрүк-мейизден.
Сание жеңе Азамат Алтайга өрүктүн кагынан төрт-бешти салып берди, өзүнө
мейизден тарелкага салып алып, чай кашык менен кичинеден жеп, артынан
карандай кайнак суу ууртап коюп, күлүмсүрөп, биздин сүйлөшкөнүбүздү карап
отурду. А Азамат Алтай какты кайнак сууга чылап, маңызын кетирип, жеп
баштады.
- Ширесин сыгып таштасаңыз , эмнеси калат? - дедим.
- Каныбызда кант көп, андыктан таттууга тыйын коротпойбуз десек да болот.
Сание жеңең экөөбүз канча бир жылдан бери тамакка туз да коротпойбуз, кан
басымыбыз өйдө, - айтаарын айтып алып, өзү жыргап күлдү. Азамат
Алтайдын тамашакөйлүгү мени өгөйсүнүүдөн таптакыр бошотту.
- Бизде буларды жүрөккө, кан басымына дары деп жейт, - дедим мен эч тамашасыз.
- Ошондойбу? - Азамат Алтай менин көңүлүмдү уладыбы, какшыктадыбы, же
ырас эле ишендиби, жарпы жазыла жадырап турду. - Уктуңбу, Сание, бу биздин
тамак тура!
Ошондо оюма кетти эле. Туз буйруп, жеңе экөө элге барса, тамакты мүнөздөп
ичкен немелерди адатыбызча шыкап, кыйнай берип, оорутуп
тынар
бекенбиз деп.
Чайдан кийин Азамат Алтай “чарбасын” көрсөттү. Көп күндүк мейманына
минтип чарба тааныштыруу биздин элдин салтындагы жышаан. Мейман
басып-тураар жайына чейин таанып алып, канча жүрсө да, жатыркабай өздөй
жүрсүн деген ниетте ошенткен болуу керек. Ал салтты азыр көбүбүз унутуп да,
этибар албай да калганбыз. Азамат Алтай эл-жерден кеткенине жарым
кылым ашса да, мүмкүн, жакшы салтты эсинен чыгарбай, жөрөлгөсүн жасап
жаткандыр? Элсиз калган адамга эл-жердин топурагы алтын, салты кубат. А
балким, тим эле көрсөткөндүр? Эмнеси болсо да, барган үйдүн эшик-төрүн гана
эмес, короо-жайын кошо көрүп алсаң коомайсынбай каласың. Ири алды мен
түнөгөн бөлмөдөгү архив-папкаларынын жайгашуу тартиби, аларды кандайча
жыйнаганын түшүндүрдү. Анан Сание жеңенин бөлмөсүн сыртынан көрсөтүп
коюп, өзү жаткан бөлмөнүн балконуна алып чыкты. Андан төрт-беш түп
шабдаалы тигилген, чөбү тукабадай тептегиз, таптаза кичинекей багына
тепкич менен түштүк. Бактын аягындагы гаражда жеңил машине туруптур.
- Гезиттериңерде жазылган менин үч-төрт автомобилимдин бири ушул болуш
керек. Гараж меники, а ичиндеги автомобиль пенсиядагы балдызым
Нажиеники. Менин автомобилим сенин бөлмөңдүн астындагы гаражда турат.
Нажие биздин үйдүн биринчи кабатын, Али деген кайним, ал дагы пенсияда,
аялы София, уул-кызы төртөө үчүнчү кабатын ээлеп турушат. Сание жеңең
экөөбүзгө экинчи кабаты жетет. Алинин уулу Энвер, анын да автомобили бар,
бирок коёрго гаражы болбогондуктан, көчөгө түнөтөт. Аны да мага ыйгарган
болууңар керек, - Азамат Алтай маашырлана күлдү. Кайра келатып да сөзүн
уланта жүрдү . - Сание жеңеңе үйлөнгөн алгачкы жылдары силер “квартира”
дейсиңер го, ошондо турдук. Анан өз үйүбүздү күтүүнү чечтик.
Азамат Алтай өзү жаткан бөлмөгө кирип калган элек. Бул бөлмөдө да мен
түнөгөн бөлмөдөгүдөй машинкасы бар экен, китеп текчелери, дене-бойду
чыйралтуучу тренажеру турат бурчта. Столдун четинде “Ыйык инжил китеби”
деген көгүлтүр татынакай китеп жатыптыр, алып бетин ачсам Библиянын
“Жакынкы осуят" ("Новый завет" ) бөлүмүнүн кыргызча котормосу экен.
1991-жылы, демек, жакында эле Стокгольмдогу Библияны которуу
институтунда басылып чыгыптыр. Библияны мен биринчи ирет 1961-жылы
Москвада окуп жүргөнүмдө колума алып, ошондон бери такай окуп келатам.
Албетте, анда аны ачык окуш кайда? Жашырып окучубуз. Мындайды өз
тилибизде көрөм деп, үч уктасак түшүбүзгө кириппи? Эми өз көзүмө өзүм
ишенбей:
- Ой, аба, кыргызча го бу?! - деп жиберипмин.
- Иэ, жаным, кыргызча , - деди Азамат Алтай токтоо.
- Ким которгон?
- Мен которгом. Төлөмүш агаңдын да анча-мынча тиешеси болгон. (Мүнхендик
жердешибиз Төлөмүш Жакып уулу Кыргызстанга келип кеткенден кийин
кайтыш болуп калды, ыйманы жолдош болсун дегенден башка эмнени айтабыз
андай мусаапырчылыкта өмүрү өткөн адамдын арбагына - Б. Ж. ) - Азамат
Алтай китепти ээги менеп акырын көрсөтүп койду. - Муну мага
жиберишиптир.
- Ооба, жазылып турат.
- Мындан мурда “Евангелиенин” төртөө тең өз-өзүнчө төрт китеп болуп,
"Жакшы кабар” деген ат менен чыккан. Алар да үйдө, - деп мен жаткан
бөлмөдөн үчөөнү таап берди. - Бири кайсы бир жерде, аны да көрөсүң. Үч
китептин ар бири катуу мукаба менен тышталып, кыргызга тиешеси бар
түстүү фотосүрөттөр түшүрүлүптүр.
1973-жылы Азамат Алтайды Парижге чакыртып, Библияны которто
башташкан экен. Он беш жылча өмүрү кетиптир ага. Азыркы учурда жер
жүзүндөгү элдердин эки проценти гана Библияны өз тилдеринде которуп
үлгүрө элек. Ушул процентке илээштирбей кыргыз тилинин кадырын Азамат
Алтайдын котормосу көтөрүп калары шексиз.
- Парижге сизди ким чакыртты эле? – дедим.
- Басып чыгаруучу. “Сенден башка кыргыз таба албадым. Библияны которуп
бер” деди. Анын аты жөнү - Арапович Борис, улуту жагынан югослав. Ал менен
жазышкан каттарымды менин архивимен табасың.
Ооба, Азамат Аптайдын архивин карап отуруп, Борис Арапович жана
Араповичтин аялы менен жазышкан каттарын көрдүм. Библияны которуп
атканда иштин жүрүшү, калем акы туурасындагы каттар алар. Демек, Азамат
Алтайдын эмгегинин далили. Ошого карабастан, анын котормосун энчилеп ала
койгондор болду. Андай “авторсунган” плагиатты да, Библиянын ыйыктыгынан
коркпой-үркпөй, “Ыйык инжил” китебин көп нускада бастырып, акысы өтүп
кеткенсип, кымбат сатып, орто жерден бармагын майга батырган шылуундар
да чыкканын кулагыбыз чалган эле. Бир мисал айтайын. “Ыйык инжил”
китебин таластык бир немис адамы, дагы бир кыргыз экөөлөп которгон имиш.
Немистин айтымында, котормонун кол жазмасын улам четинен бүткөн сайын
глава-глава
кылып, Прибалтикага жеткирип, андан ары деңиз аркылуу
Щвецияга жашырын жөнөтүп турган имиш. Болуптур, Таластан Прибалтикага
кайта-кайта катташ, каттаган адамдын жолуна кеткен каражат "опоңой" эле бир
оюнчук болгондур анда деп коёлу. Бирок идеологиялык жашырын кол жазманы
бир жолу да эмес, он жолу да эмес, толгон жолу советтик чек арачылардын
байкабай калышы чындыкка түк окшобойт. “Котормочу” адегенде ушу сыяктуу
жагдайларды ойлоп алып, анан калпты ышкыртса болмок.
“Евангелиенин” кыргызчасын колума кармап турганга жетине албай Азамат
Алтайды мактап жиберген окшойм, а киши жактырбай дароо тыя сүйлөдү.
- Мени азыр көп мактап жазып атасыңар! Даңазалаштан да тартынбапсыңар!
Жетимиш жыл бою калп айтып көнгөн адатыңар оңой менен калбайт
окшобойбу. Бир автомобилимди үчөө деп жазды гезиттериңер. Пенсиямды
айына төрт миң доллар деп жазышты. Согушка чейин мени райком комсомолдун
биринчи катчысы болгон деген калпты жазышты. Мен эч качан биринчи катчы
болгон эмесмин, Тоң райком комсомолунда пионер бөпүмүнүн гана башчысы
болуп иштегем. Ошол иштен аскерге кеткем. Силерде жазылгандай, согуш
башталганда эмес, согушка чейин, 1940-жылы сентябрда аскерге чакырып,
Каунас шаарына алпарышкан. Мени Стамбул университетин бүткөн деп да беш
өрдөктү учурушту. Мен университет бүтпөгөм. Анкара университетинде үч
семестр окудум болгону. Сен экөөбүздүн каттарыбыз жарыялангандан кийин
силерде дагы бир жаман адат таап алышты. Баспай турган каттарды деле басып
атышат. Атүгүл Тоңдун “Эмгекчили" да басты, - деп абдан кейиди. - Ал жөн гана
ал-жай сураган кат болчу.
- А биздин каттардын жарыяланышын кандай дейсиз? Дооңуз жокпу? - дедим
мен.
- Доом болсо унчукпай калчулардан эмесмин, айтмакмын. Каттарыбыздын
жарыяланганын жаратам. - Азамат Алтай көргөнүн көргөндөй, оюндагысын
оюндагыдай түз сүйлөгөн шыдыр киши экен. – Бирок, Бексултан, сен да анда
калп айткансың.
- Кандайча? - мен сестене түштүм.
- Биринчиден, менден “уруксат албай каттарды жарыяладым” деп жазганың
жалган. Сен мага телефон жибербедиңби, “каттарыңызды Жалилдин гезити
сураганынан берип койдум, каршылыгыңыз жокпу?” деп. Мен “жарыяланышына
каршы эмесмин, гезитти салып жибер” дедим эле го. Демек менден ”уруксат
албай бастым” дегениң жалган.
- Анын эч жалгандыгы жок, - мен териге түштүм. - Сиз менен телефондошконго
чейин каттарды редакцияга өткөрүп ийгем да. Анда сизден жазуу жүзүндө
уруксат албаганымды айткам, - десем, Азамат Алтай жактырган жок.
- Адамдын сөзү айтканы менен жазганында ар башка болбошу керек. Оозеки
макулдашасыңарбы, кагаз жүзүндөбү, айырмасы кайсы?
Ак сөз. Адамга караганда кагазга көбүрөөк "ишенүү" бизде адатка айланган.
Бүгүн убадасын катуу берип, тил кат жаздырып албасаң, эртеси жанын жеп,
танып чыкчулар иттин кара капталынан. Адамдын баркы, сөздүн кадыры атабабанын илгерки салтындай бийик бааланбай, куучирен фарисейлар доорунда
бокко арзыбай калган. Азамат Алтай "адамдын сөзү айтканы менен жазганында
ар башка болбошу керек. Оозеки макулдашасыңарбы, кагаз жүзүндөбү,
айырмасы кайсы?” дегенде, мүмкүн, мени күнөөлөгөн деле эместир. Бирок, анын
ушул айтканын өзүмө, өз жашообузга алдым. Кагазга айланып баратканыбызга
учурунда көп туталанып, далай күңкүлдөбөдүк беле! Эч нерсе оңой албагандан
ошентчибиз. Кагаздын кулу болуп калганыбыз чындык болчу. Андай чындыкты
айтып койгон кишини душмансынтып, бакырып чыкмай да чындык болчу. Ар
ким “туш келди” ойлонбой, элдин баарын калыпка куюп койгондой окшош
ойлонтуп, окшош түшүнүктө жүрүүсүн талап кылышчу. Бирөөнү жакшыласак,
анын жаман жагы болбоого тийиш деген түшүнүк көңүлүбүзгө кыт куйгандай
орношу керек эле. Ошондуктан, А. Стамов жазгандай, "жылдыздарга чаң
жукпайт" деген кооз сөзгө ойлонбостон ооз толтурабыз. Илим жагынан
алганда да, жылдыз түгүл Күндүн да тегереги бүтүндөй чаң. Ал эми адам эч
кынтыксыз жылдызга тете десек, кемчиликсиз пендени ким жаратыптыр?
Бирөөгө сөз тийгизбей көкөлөтүп жашоонун
кесепети "керт башка
сыйынуучулукту” жаратаарын турмуш далилдесе деле түшүнүктү жибиткибиз
келбеген дартыбыз оор.
- Экинчи калпым кайсы? - дедим мен. Эмне балээни угар экем деп, кооптонуп
турдум. Бирок канчалык ачуу болсо да, баарын угушка даяр элем.
- Экинчиси, профессор Бензинг менен профессор Беннигсен деген эки башка
кишини сен бир киши кылып койгонсуң, - деди Азамат Алтай.
- Чамасы, бул менин күнөөм болуш керек, аба. Машинкеге өзүм бастым эле,
сиздин каттарды көчүрүп атканда абайлабай калгам го, - дегенимче болбой,
Азамат Алтай:
- Андайды ”абайлабай калыш” жарабайт, жаным! - деп жиберди.
Мен тамашага буруп, жымсалдагым келди да:
- Оо, аба, бизде андайлар боло берет, кейибеңиз, кийин оңдоп коёбуз, -десем
Азамат Алтай аң-таң боло:
- "Боло берет” дегениң кандай, ушинтип айткандан уялбайсыңбы? - деди. Менин
өзүбүздү какшыктаганым, ойноп болсо да оюмдагыны айтканым Азамат
Алтайга жете бербегенине оңтойсузданганымдан ого бетер күчөтө сүйлөдүм:
- Бу чипука! Эки кишини бир киши деп коюш да кеппи! Кааласак, акты кара
деп, караны ак деп деле жаза беребиз, - какшыктуу тамашанын төркүнүн
Азамат Алтай эми түшүнгөнсүдү, бирок түшүнсө да, каадасынча көңүлдүү
каткырбай, кейип:
- Иэ,билем, жаным. Силерде антип коюш оңой, - деп баш чайкады.
- Китептериңерди да, гезиттериңерди да ката көп чыгарасыңар. Аларды балдар
окуйт, тарбия алат деп ойлобосоңор керек...
Аба, сиз окууну качан, кандайча баштагансыз? - сөздүн ыгы келе
калгандыктан, Азамат Алтайга өмүрүн айттырып калууну көздөдүм.
Айтабы, айтпайбы, толук айтабы же үстүртөн жорутуп кутулабы? Кайта-кайта
суратпай, өзү эле бир айтып берүүсүн кааладым ичимен. Улам такып
отургандын эмнеси кызык! Кудай жалгап, Азамат Алтай адамды карабай туруп
көргөн, сөздү айтып бүтө элегиңде түшүнгөн кыраакы киши экен, оюмдагыны
билип тургандай шашпастан, бала чагын баштады.
- Аба, аял алганыңызды эстетип кой дедиңиз эле... - десем, Азамат Алтай
тамашалап:
- Катын тандашка келдик беле? - деп каткырды жыргап.
- Ооба, он беш катын чубатып, бирин да жактырбаганыңызды айткансыз, - мен
да тамашаладым.
Деги эле биздии маегибизде тамаша, тамашалашуу көп болду.
- Ии, сен да “катын” дейсиңби? Антишти силер одоно көрөсүңөр, билем
аныңарды, - Азамат Алтай өзүнчө жылмайып алды. - О заман Аскар Акаев Совет
миссиясында ООНдун дипломаттары үчүн банкет уюштурганда, Майрам
келинимдин көзүнчө "катын" деген сөздү айтып коём деп, жеме уктум. Азамат Алтай дагы жыргап каткырды. - Аба, деди Майрам, бизде антип
айтпайт, "аял" дейт. Менимче, эстүү келин. - Анан кайрадан тамашалап сүйлөдү.
- Ошондон кийин "катын" дешти унутуп, "аял" дешке өтсөм деп жүрдүм эле,
үйрөнгөн адаттан кутула албаганымды айтпайсыңбы.
- Тообо, 70 жыл үйрөнгөнүнөн кутула албаган биз элебиз го десе, кудай жалгап,
силер деле жүргөн турбайсыңарбы, америкалыктар, - десем, Азамат Алтай
тамашаны түшүнбөгөн кишиче күлбөй, мени бир карап алды да:
- Иэ, жаным, америкалыктар деле адам да. Быяктын да өзүнө жетээрлик тетири
жактары бар, - деди олуттуу.
- Аба, - дедим мен, - Сание жеңе көзүңүздү эле карап тургансыйт. Өңгөлөрдөн
эмес, өзүмдөн бир мисал эстейин. "Алтын аяк" деген пьесамда Макечал деген
айтат: "Эрди-катындын ырыскысы урушканы менен жалынышканында” деп,
анын сыңары, Сание жеңе менен үтүрөңдөшүп дегендейби, кыжылдашкан
учурлар болгонбу? Же америкалыктар маданиятыңардын "молдугунан"
андайды билбейсиңерби?
Азамат Алтай күлүп:
- Эмне үчүн билбейбиз, билебиз, - деди. - Бирок Сание экөөбүз, мүмкүн,
жашыбыз өөдөлөп калганда баш кошконубуздан да болуу керек, катуу
айтышпадык. О бир жылдары силер тараптан келген бир кыргызга жолуктум.
"Сание, дедим, мен ушунда бир көздөн учкан жердешим келиптир, аты-жөнүн да
билбейм, белек сатып берсек кантет, же эч болбосо, ресторандан сыйлап
коёлу" десем, Сание таарынды: "Каяктагы бирөөгө доллар коротуп кажети не?"
деп. Мен, албетте, ачуум келди, бирок жаман айтканым жок. Жөн гана "Сание,
дедим, көздөн учкан бир кыргыздан аяган долларды мен өлгөндө көрүмө ала
кетемби?!” десем, Сание эстүү адам түшүндү. Ошондон кийин долларды көп
короттуң деген сөз оозунан чыкпайт.
Кыскасы, Азамат Алтай менен Сание жеңенин бири-бирин аяшканын
жактырдым. Ушуга бир мисал айтардын алдында Азамат Алтайдын мага жазган
убадасы эсиме түштү. Ал “сен келсең, Американы кыдыртам “ деген убадасы
болчу. Эми мен үйүнө барган эртеси эле түш болоюн деп калган, ал мага
башкача кайрылды:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 17