Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 06

Total number of words is 4072
Total number of unique words is 2184
28.3 of words are in the 2000 most common words
39.9 of words are in the 5000 most common words
46.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
эпосторунан окуган элем. Эр-Төштүктүн жер алдына кирип, ач болуп көргөн
кордуктарын көз алдымдан өткөрөөр элем.
Кыязы, мен курактуу болсо керек, мага окшогон уулу 1939-жылы Польшаны
фашисттик Германия менен Россия бөлүп алгандан кийин Советтер Союзуна
туткунга түшкөн уулу Сибирдин бир жеринен ата-энесине кат жазган.
Стефандын аялы мени кордогондо Стефан аялына айтканы:
- Сен адилетсиз кылып жатасың. Сенин уулуң да Сибирде туткунда. Уулуңа да
ушундай мамиле кылса, эмне деп айтат элең? - деп бир аз каккан болот.
Бирок аял өз билгенин кылат. Турмуштун кандай катаал экенин ушу жерден да
көрөсүң. Картошка казып жүргөн элек, немистердин жыйырма-отуздай
самолёттору үстүбүздөн өттү. Анда Стефандын аялы маган карап:
- Эй кызыл аскер, эй коммунист, эй азиат, бүгүн Москваң кыйрайт! - деп
ачууланат. Стефан болсо сөз чыгарбайт. Поляктардын бизди кордоп сүйлөгөн
сөздөрү: коммунистер, комсомолдор, холера, большевик эле. Холера эң начар
оору экенин билесиздер. Кем адам болгонуңду ушундайда сезесиң.
Ушинтип бир топ күн өттү. Жалданып иштегендердин аялдарына этимдин
кирдегенин, бит басканын, түнкүсүн уктай албасымды, Стефандын аялынан
коркконумду айтсам: “Токойдон отун көтөрүп кел, мончо жагам, көйнөгүңдү чеч,
сууга кайнатып, биттен куткарамын”, - деп жардам берди дагы бир полячка.
Мына
көрүңүз,
кандай
түрдүү
мүнөздүү
адамдар
бар
экенин.
Кыштактагылардын баары менен ынак тааныш болуп калгандыктан, мага боору
ооруган бирөө: "Уулум, минтип жүрө берсең, бирөө болбосо бирөө полицайга
айтып коёт, кеткин,” - деди. Ошентип, ал кыштактагылар менен коштошуп, ар
кими азык-түлүк беришип, кээде келип, түнөп кетип жүр дешти. Алардын
болжолунда кайсы кыштактарда полицайлар, немистер жоктугун айтышып
ажыраштык.
Ноябрдын орто чени. Кыштактан-кыштакка кыдырып, күүгүм
киргенче
токойдо ээндеп жүрдүм. Караңгы киргенде токойдон талаага чыгып, жолдо
баратсам, алдымдан арабада келаткандардын добушу угулду. Жакындаганда
“токто!” деп кыйкырганды угуп, жүрөгүм шуу дей түштү. Токтобоско арга жок,
арабада автоматчан полицайлар экен, алар кармап келип, сурак жүргүзүштү.
Мен лагерден качканымды айттым.
- Эмне үчүн качтың?
- Ачкачылыкка чыдабай, - деп чынын айттым.
Полицайлар өздөрүнчө сүйлөшүп, анан комендатурага телефон чалышты, бир
жаш полицай, арабакеч чал үчөөбүз бир жакка жөнөдүк.
- Мени кайда алып бара жатасыңар? - деп сурадым.
- Ошмуяны деген бир кичине калаа бар, ошого жеткизебиз. Коркпо, аякта туткун
аз, тамак берет, иштетет, - деди жаш полицай.
Кышында калчылдап, муздак сарайларда жашырынганча, жылуу түрмөдө
отурган жакшы да, а жаз чыкканда качсаң бир жөн, бадалдын түптөрүнө конуптүнөп жүрө бересиң деген ойго келдим. Жолдогу бир кыштактан өтүп бара
жатканда: “Түрмөгө жеткенче нан-пан жыйнап алсам кантет?” - деп жаш
полицайга кайрылсам, ал макул болгондой арабакеч чалды токтотту. Он-он беш
минутанын ичинде үйлөрдү кыдырып, бир килодой эт, он килодой нан чогултуп
алдым да, берген адамдарга кайра-кайра алкышымды айтып, арабага келип
отурдум. Кечке жуук Ошмуяны калаасына келип, жаш полицай комендатурага
өзү алып кирип, маган берген суроолорго өзү жооп берип, качкынды өткөрүп
алдык деген кагазын алып, чыгып кетти.
Дубалдары таштан салынган түрмөгө алып кирээрдин алдында жолдон
чогултуп алган нанымды бирден сындырып көрүп, ар бирин көзөп текшерип,
анан камерага киргизишти. Камерадагы он кишинин баары качып колго
түшкөндөр: "Кайдан качтың, кантип кармалдың?” - дегендей суроолорун
жаадырып бүткөн соң, ар кими канткенде кармалбай калат элем деп, өкүнө
башташты. Арабанын үнүн укканда эле кайра токойго кире качпай деп мен да
өкүнүп, бармагымды тиштеп отурдум. Кайта туруп өкүнгөндө не пайда, атып
салышпаса эле болду, кудайымдын жазганын көрөөрмүн деп өзүмө-өзүм кайрат
кылып, отургандарга ала келген наным менен этимден таратып бердим.
Кечинде жумуштан дагы беш киши келди, бир камерада эми он беш адам
отурабыз. Бирок лагерге караганда бул жерде бир топ эле өйдө, тамагы дурус.
Эки жумада бир мончого түшүрүп турушат. Бош учурларыбызда домино
ойнойбуз. Тыштан иштеп келгендер кээде нан ала келишет, аны бөлүп жешебиз.
Камерада калгандарды күнүгө жарым саат таза абага сейилдетет.
Түрмөдөгүлөрдүн саны көбөйсө, концлагерге кайта айдап кетет деген күбүршыбыр сөздөр жүрүп жатты. Лагерге түшкөнчө кайра качып кутулууну ойлодум.
Бирок бу жерден качыш мүмкүн эмес, түрмөнүн бийиктиги эки-үч метрдей,
башка амал издеш керек. Декабрдын он экисинде жүздөй туткунду ишке айдап
чыгышты. Немистердин танкалары өтүп, таш жолдорду бузган экен, ушуларды
түзөттүрөбүз деп, жол түзөтүшкө алып чыгышты. Биринчи Вильнодогу туткун
лагеринен качсам, эми бул жерден качыш керек деген ой менен иштеп жүрдүм.
Бизди айдап келген полицайлар суук болгондуктан, от жагып, оттун жанында
жүрүштү. Бир убакта менин жанымдагылардын бири нан көтөрүп келе
жатканын көрүп калдым да, нанды кайдан алганын сурасам, жол түзөтүп жаткан
еврейлер берди деди. Ушунда көрдүм еврейлерди да бизге окшотуп жол
түзөтүшкө алып келгенин. Аркасында сары жылдыз чапталган, көрсө Давиддин
жылдызы экенин кийин билдим. Акырын-акырын сакчылар узап баштагандан
кийин маган да нан, сүт беришти.
Таламайдын так түшүндө мен "качам” десем, алар "кач” дешти,
“айтпайсыңарбы?” десем “жок, айтпайбыз” дешти. Тумандуу күн эле. Кар баскан
токойго кирип кеттим да, бир-эки чакырымча алымдын бардыгынча чуркап
бара жаттым. Артымдан куугун сезилбейт. Ошентип, экинчи ирээт боштондукка
чыктым. Кетип баратып, бир кичинекей арыкта суу агып жаткан экен, жаза
басып алдымбы, же алымдын жоктугунанбы, айтор, сууга түшүп калдым. Көрсө
беш-алты метрден кийин көпүрө деле бар экен. Калтырап-титиреп, шөмтүрөп
суудан чыксам, бир поляк кар күрөп, короосунун жанында жүргөн экен. Бу
Белоруссияда тамак бышыра турган мештери бар, мештерин дубал катары
салышкан, үстүнө жатып ысынышат экен. Мени ошондой мештин үстүнө
жаткырып кургатышып, тамак-аш беришти. “Биздин айыл жол үстүндө да, кала
албайсың, европалыктар болсо сакташыбыз мүмкүн эле, а силердин башка
элден, башка жерден экениңерди билет да, анан бизди дагы жазалашат. Андан
көрөкчө бул жерден 40-50 чакырым жерде Польшада мусулман мечиттери бар,
диндеш катары саган жардам көрсөтөөр”, - деп айтышты.
60 чакырым басыш үчүн көп күндөр өттү. Акыры поляк татарлары жашаган
кыштакка жеттим. Жеткенимде мусулман баласы экенсиң деп тамак-аштарын
беришти. “Бирок сенин бул жерде жашаганың болбойт, биз дагы жол үстүндөбүз.
Эртең жума намаз, мечитке кел”, - деп чакырышты. Жума намазга кетип бара
жатканда орто жашар татар бир чака суу алып келип, сарайына койду. Аны
менен жакшылап жуунуп, мечитке барганыбызда адамдар толгон, бут
кийимдерин тышка калтырып, намазга олтурушту. Намазга олтурганда бала
чагым эсиме келди. Орозобу, Курман айт бекен, биз - тоңдуктар дагы Корумдуда
бир байдын салган үйү бар экен, ошол үйдүн тегерегине келип, намаз окучу элек.
Ошондо балдар аркада олтуруп, дүйнөдө диний адам кандай ар-намыстуу,
ыймандуу болушу керектиги туурасындагы молдолордун сөзүн угар элем. Так
ошол сөздөрдү арадан көп жылдар өткөндөн кийин Польшадагы татар
имамынан уктум. Татарлар дагы маган жол көрсөтүштү. Алардан согуш
Москвага жакын жерлерде жүрүп жатканын билдим. Кандай да болсо өзүбүздүн
аскерлерге кошулсам деген тилек мени азгырар эле. Поляк татарлардан жакшы
сөз, жакшы тилектерди угуп алып, дагы чыгышты көздөй сенделип жүрө
бердим. Кыштактан кыштакка, үйдөн үйгө тентиш, албетте, кордук, бирок
түрмөгө, концлагерге караганда эркиндик аты бар да.
Дүйнөдөгү зор кыйынчылыктан ачкалыктын кыйынчылыгы оордур. Аны
башынан өткөргөндөр билбесе, башка билбес. Кээде кыштак четиндеги жалгыз
үйдөгүлөр ишин иштетип, айталык, үй ээси өзү мененби, же уулдары мененби,
токойдон отун алышып кел деп жумшашат. Белчеден кар кечип, суу болгонума,
кара терге түшүп кыйналганыма кайыл, ичээр ашты, жээр нанды сурап таппай,
иштеп тапканыма төбөм көккө жетип, өзүмдү-өзүм киши катары сезем. Жакшы
иштегениме ыраазы болгон үй ээси суук сарайга барып жат дебей, үйүнө
түнөтөөр деген ойдо колумдан келишинче иштейм. Токтогон жерлеримде
ылайыгы келсе үйгө кат жазып, согуш бүткөндө салып жиберсеңер деп, кат
таштап кетип жүрдүм. Бирде болбосо, бирде кабарым жетип калаар деп, өлбөс
үмүткө бел байлайт да адам чиркин. Белорустар жакшы калк, иштегенимде
тердеп-кургап кыйналганымды, алсыздыгымды көрүп, кээси боор ооруп, жеңил
иш беришет. Тетири баратсам, полицайы жок кыштакты көрсөтүп, жолумду
түздөп коюшат.
Батыш Белоруссиянын токой арасындагы Юровщина деген айылына келдим.
Бүтүн айланасы токой, токойдун арасында 30-40 үй-бүлө жашайт экен. Ал үйбүлөнүн малдары бар, уй, жылкы, чочко, койлорун үйлөрүндә кармашат, чөп
чаап жыйнап алышкан, турмуштары ушундай жакшы көрүндү маган. Андрей
деген жигит менден улуураак болсо керек, бала-чакалуу эле. “Сени биздин
айылга калтырабыз, менден тыңыраак жашаган орто чарбалуу адамдарыбыз
бар, жол узак, биздин айылда кала бер”, - деп кеңеш берди. Кечинде бул
айылдын адамдары бир үйгө чогулуп отуруп аңгемелешет, анысы-мунусун,
уккан-көргөндөрүн айтышып, маалымат жыйнашат экен. Мен да ошол
адамдардын арасына барып олтуруп, алардын турмушу менен тааныштым. Уулу
поляк аскерлеринде болуп, немистерге туткунга түшкөндөрү да бар экен, мага
боорлору оорудубу: “Биз сени айылга калтырабыз, малыбыз бар, калкыбыз
ушундай жакшы калк, биздин балдарыбыз да немистерде, же Россияда туткунда,
аларды эскеребиз”, - деп жылуу сөздөрүн сүйлөштү.
Мени Юровщинадагы Прокопий деген тыңыраак жашаган адамдын үйүнө алып
барышты. Прокопий мындай кечелерге келбеген, өз иши менен алек болгон
киши эле. Окуган, ар нерседен кабары бар. Анын иниси немистерге туткунга
түшкөн, анын Агата деген аялы бар экен. Мен анда көп убакка калдым да, бүтүн
алардын дарттарын үйрөндүм. Прокопийдин карындашы 1916-жылдагы
биринчи дүйнө согушуна катышкан, окоп казып жүрүшкөн биздин
түркстандыктар менен таанышкан. “Биз силердин калктар менен таанышпыз,
саган окшош адамдарды көргөн элек”, - деп мени күлдүрөөр эле. Прокопий
Сергеевичтин үйү кең, маган бир такта коюп, матрац беришти. Киримди жууп,
киймим таза, курсагым ток. Эртең менен эрте турам, айылдагылар уйларын
айдап, токойдун жээгине жеткиришет. Мен аларды айдап, токойдун арасына
киргизем. Ошентип күндөр өтө берди. Согуш уланууда. Батыш Белоруссияда
немистер менен иштеген белорустар газета чыгарышат экен. Ушул газеталарды
айылдарына алып келип таратышып, согуш кай жерде жүрүп жатканы тууралу
кабар берип турушат. Мына ошондо алардын “Ни хай тибе белорус” деген
ырларын үйрөндүм. Алар аркылуу согуш кайда баратканын, кимдер жеңип,
кимдер жеңилип жатканы тууралу кабарым бар эле.
Уй багып жүрүп, талдын кабыктарын сыйрып алып, чабыра өрдүм, чабыраларды
уйдун ээлерине берип, алар мага көйнөк, батинкелер берип турушту. Белорус
калкы ар убак согуш жолунда болуп, көп кордук көргөндүктөн, көп азапка
чыдаган калк экенин ошондо үйрөндүм. Араларында анчалык көп окуп
жетишкен адамдары болбосо да, китеп жыйнаган, андан-мындан маалымат
алган адамдары бар эле. Бир күнү Тургеневдин романын алып келип берди.
Мына ошондо Тургеневдин китептери менен тааныштым. Алар Молодечная
шаарына жакын болгондуктан, Молодечнаяга барып кабар алып келишчү.
Кечкисин жыйылып отурушканда ким кайда барганы, Молодечнаядагы
немистердин көп аскерлери чыгышка кетип бара жатканын
көргөнү
туурасында айтып беришер эле. Алардын көп сөздөрүнө түшүнбөсөм да, алар
бир аз орусчалаштыраар эле.
Юровщинада жашаган күндүн акыры да келди. Бир күнү кыштакка немистердин
жазалоочу отряды келет да, чамасы, элдин жүрөгүнүн үшүн алуу үчүнбү, бир
жесир аялды эгин төккөн эмес деген шылтоо менен үйүн өрттөштү, дагы
бирөөнү партизандарды жашырып жүрүшкөн деген күнөө коюп, аялы-эри
экөөнү атып салышат. Аларга кошуп тентип келаткан эки орус качкындарын да
атып кетишет. Көп өтпөй партизанбыз дегендер пайда болду. Экөө мени
мурунтан тааныган, ушу чөйрөлүк немелер. Бири өзүн командир дайындап
алган, экинчиси Юровщина кыштагынын жаз-жай айларындагы уйчусу. Дагы
беш-алты жигит. Мени алар атайы издеп келишкен. Колума мылтык беришпей,
чаналарына отургузушту да, күүгүмдө кыштактан чыктык. Мен жашаган үйдүн
ээси мага тамак-аш, кийим-кечек берип узатышты. Булардын максаты түндөп
жүрүп, Батыш Белоруссиядан Чыгыш Белоруссияга
жетиш. Узак жолдо
көрүнгөндү талап-тоноп отурушту. Чанага чеккен аттар чарчаганда аракка
алмашып ийип, ордуна башка бирөөлөрдүн аттарын кошуп алып кете беришет.
Деги эле жакшы жылкыдан кыя өтүү жок. Менин энчиме бир бээ тийди. Эч ким
кың дей албайт, кың десе атып салуудан кайра тартпайт. Жолдо маган окшогон
төрт-бешөөнү дагы кошуп алышкан. Канча
бир күндөн кийин Чыгыш
Белоруссиядагы бир кыштакка жеттик. Өз калкыбызга келдик, эми коркунуч
жок дегенчелик кылып, үй-үйлөргө тарап кеттик. Мени 11-12 жашар кызы экөө
жашаган бир аялдыкына калтырышты. Аялдын эри согушка кетиптир. Үйдө кол
арага жарактуу эркек жок, же күч унаасы болбосо, булардын турмушу өтө эле
оор экен. Кыйналып жашаса да аялдын адамгерчиликтүү, жашырбай айткан
сырына ыраазы болуп, маган тийген энчи - кула бээни таштап кетүүнүн амалын
ойлоп, сулудан жем жедирип, суу ичирсем, бээ аксап калды. Ойдо жок жерден
бээлүү болгон бечара аял кызы менен мени кучактап алып, ыйлап коштошушту.
Партизандардан качканда
Акыры токойдогу партизандардын чоң тобуна да жеттик. Анда чатырлар, топтоп болуп жүргөн адамдар, аскерче кийинишпесе да, аскерчесинен “жолдош”
деп кайрылышат. Аттар тартиби менен байланган, эттер илинүү. Айтор,
уюшкандыкты байкадым. Менин командириме бул жер жакпадыбы же башка
себеп болдубу, айтор, тез эле батышка жол тарттык. Ошентип, кайра батышты
көздөй жөнөп баратып, бир кыштакка келгенде мага атты чанасы менен
кайтартып коюп, командир адатынча жан-жөкөрлөрүнүн коштоосунда жакшы
үйлөрдүн бирине кирип кетишти. Ошондогу партизандардын кылыктарын
көрүп, ушундай көңүлүм айнып, кандай да болсо булардан кутулуш жолун
ойлонуп жүргөн элем. Ошол күнү чананы айдай качтым. Атым да алкынып тың.
Кийим бүтүн. Башка кыштактагы бирөөгө чанасы менен атты таштадым да, жөө
кеттим.
Нечен күн-түндү өткөрүп, бир үйгө туш болдум, үйүнө кирсем, алар маган тамак
беришти, тамак ичип отурсам, чоочун партизандар келишти. "Партизандарды
издеп жүрөм” дегениме ишенишип, өздөрү менен кошо алып кетишти.
Командири өзүнө-өзү Сулико деген ат коюп алган кавказдык, бирок кайсы
улуттан экени белгисиз, түк да сүйлөбөгөн неме экен. Өтүгүн тазалаган еврейи
бар, ал үчүн ошол еврейи сүйлөйт. Командирдин ичкени арак, жегени эт. Булар
мурдагы “партизандардан" да өткөн эргулдар экен. Тегеректеги кыштактардын
мал-жанын отоп бүтүп, эт-ашты алыскы кыштактардан алып келе
башташыптыр. Бир саам Сулико жети-сегиз кишиси менен барып, кыштактагы
дыйкандардын уйларынын баарын атып, этин чанага салып кетишти буюрат.
Бир кыз "жалгыз уюбуздан бөлөк эч нерсебиз жок, тийбегиле” деп чыркыраса
болбой, бечаранын чоң энесин жылаңайлак карга тургузуп коёт. Ошол түнү
кайра келе жатканда артта калдым да, башым оогон жакка атымдын оозун
буруп, тигилерден да кол үздүм. Бир канча жуманы темселеп өткөздүм.
Куралчан кыштактан кыштак кыдырып, уурданып жүрө берип, акыры же
немистердин, же полицайлардын, же жогорудагыдай кудайдан жөө качкан
"партизандардын” туткунуна түшөөрүм шексиз. Атты эбак таштагам. Жөө,
курсагым ач.
Полицайлардын кордугу
1943-жылдын 23-апрелинде бирөөнүкүнөн тамак ичип, түнөп калдым. Үйдөгү
аял төлгө ачып: “Бүгүн "казённый домго” туш болосуз, сиздин тагдырыңыз
өзгөрөт, океандын ары жагына кетесиз, сиздин бактылуу номериңиз 58”, - деп
айтты. Төлгө төп келип, ошол эле түнү Литва полицайлары үйдү тегеректешти
да, “чык, болбосо гранат таштайбыз” деп бакырышты. Үйдөгү аялдар "чыкпасаң
бу шерменделер баарыбызды жардырып өлтүрөөрү бышык” деп жалбарышты.
Колумдагы саатты төлгө ачкан аялга чечип бердим да, тапанчаларды чакадагы
сууга салып, бир мылтык бар эле, ошол мылтыкты көргөзүп, колумду көтөрүп,
тышка чыктым. Полицайлардын бири гранаттын сабы менен менин кашымды
канжалата жара муштады. Дагы ура турган болгондо экинчи полицай урдурбай
арачалап калды. Анан үйдүн ээсин сыртка сүйрөп чыгып: “Сен эмне үчүн мунун
башын балта менен жара чаппай, үйүңө түнөтөсүң?” - деп сабады. Бечара
"мылтыгынан корктум” деген шылтоону айтып, эптеп аман калды. Үйдүн ээси
экөөбүздү арабага отургузуп, чынжыр менен таңып, баягы Ошмуяны түрмөсүнө
алып барып камашты.
Немис офицери сурак жүргүзө баштады. Убагында бул түрмөдөн качканымды
билдирбес үчүн атымды өзгөртүшкө туура келди. “Асанов Кадырмын” дедим.
Бул ат менен дагы далай сурактан өттүм. Камерада 23 киши. Кашымдын
жарааты ириңдеп күчөп кеткен. Мурда санитар болуп иштеген бир жигит
жараатты чай менен жууду, ылаажы болбогондо “ыйла" деди. “Ыйлагым келбесе,
кантип ыйлайм?” десем, "ыйлагың келбесе да ыйла” дейт санитар. Кыскасы,
көзүмдүн жашы менен жууп отуруп, жараатымды айыктырып берди. Андан
башка дары табыш мүмкүн эмес эле. Литвалык солдаттар, албетте, биз
окуппанттык аскер болуп келгенде калган өчтөрүн бизден ала баштады. Мени
эки жаш солдат суракка алып, оң колун көтөрүп бетке урганда башка тарабына
карасам, башка колу менен келип согот. Арга канча, аскер болгондон кийин
бардык кордукка чыдайт экенсиң. Ошондо экинчиси сен аны ура бербе, булар
аскер буйрук менен иштеген адамдар деп аны токтотконго аракет кылат. Ага
болбой ачуусу келгени “булар - сталиндик бандиттер" деп келип дагы урат.
Ошол Белоруссиядан алган белги азыркыга чейин сакталды. Кийин Вильно
шаарындагы Гестапонун колуна өткөрүп беришти. Жалгыз кишилик камерага
камап, эртеси суракка чакырды. Келсем, литвалык кыз: "Өмүр баяныңды
кыргызча айт”, - деди. Айтып келатып токтоп калсам эле, "токтобой айт" деп
кыйкыра берди. Үчүнчү күнү немис генералы орус тилмеч аркылуу сурак
жүргүздү, канжалата сабады. Кайра-кайра сабашат. Төртүнчү күнү өтүгүмдү
чечип алышып, бутума жыгач кепин кийгизип, дагы сабашты. Гестаподон кийин
бу түрмөгө качан, кандайча келгеним эсимде жок.
Көзүмдү ачсам, бир поляк киши оозума кашык менен суу ичирип отуруптур.
Ошондон баштап он бир айлык өмүрүм ушул түрмөнүн бир кишилик
камерасында өттү. Түрмө үч кабат. Ар бир кабатта жыйырма алтыдан камера.
Меники эң четки 26-камера. Отургучка чыгып, моюн созсом, тыш көрүнөт.
Куштардын учуп-конуп эркиндикте жүргөнү суктандырып, көңүл жибитет.
Күндөрдүн бир күнүндө түрмөдөгү туткундарга эмнегедир китеп таратып
беришти. Немистердин ал эмне максаты белгисиз. Мага Чеховдун "Степь"
повести тийди, түшүнбөсөм да кайра-кайра окуй берип, орусча үйрөнүүнүн
алгачкы кадамын тагдыр ушинтип түрмөдөн баштатты. Кийин адамдар толо
баштады. Бир кишилик бөлмөгө эки кишиден отургузушту. Ошол жердеги поляк
патриоттору немистерге каршы чыккандыктан, аларды алып келип, биздин
үстүбүзгө кошуп отургузушту. Ошондо менин жаныма алтымыштан ашып
калган, мүмкүн, жетимиштерге баргандыр, Главдин деген поляк
патриотторунун бири отурду. Ага жума сайын үйүнөн тамак-аш жеткирип
беришет. Ал маган да берет. Тамак бергенден эмес, анын жолдоштук
мамилесинен туткундагы бир тилектеш, бир максатташ адам экенин билдим.
Анда-санда ушул түрмөдө отурган уулу да атасын көрүшкө келээр эле. Анткени,
булар бир убакта Варшава менен Вильно ортосундагы транспортту тейлеген
белгилүү адамдар экен.
Күндөр өтө берди. Күнүгө жарым сааттык сейилге алып чыгышат. Бизге
окшогон элсиз-жерсиз адамдарга тыштан бир аз нан, жемиштер беришет.
Фронтто болуп жаткан окуяларды жаңы келген адамдар айтып беришет. Кызыл
Армия эми чабуулга өттү, немистердин абалы начарлады, кудай буюрса, биз
келечекте бул түрмөдөн чыгып, элибизге кошуларбыз деген үмүт пайда болду.
Главдин кырыныш үчүн усталарын алып келген, анын бирин жыгачка ороп,
сакалымды кырып жуунуп, күндөрдү өткөрөбүз. Бизге берген жергиликтүү
калктын сокмо сүлгүлөрү бар, аларды сөгүп, жип кылып кайра өрмөп, узартып
туруп, бизге тамак-аш бергенде кагаз түшүп калса, ошол кагазды жипке байлап
туруп, астыңкы катардагы бөлмөлөргө түшүрүп, нан сурайм. Түшкөн жипке нан
байлап беришет, аны тартып алып, бөлүшүп жейбиз. Албетте, ал күн сайын
болчу иш эмес. Ар кимдин жыртык байпагын чогултуп, түнү бою жамап, эртеси
акысына нан алып да жеп жүрдүк. Главдин менин кылгандарыма таң калат:
“Күн көрүштүн аракети үчүн адамдар не гана кылбайт, ушундай кылыш керек”.
Кээде түрмөдөгүлөрдүн айрымдарын түн ичинде бир жакка алып кетип, кайда,
эмнеге алып кеткендерин эч жан билбейт. Токойго алып барып, атып салышчу
имиш.
Батышкы карай бет алуу
1944-жылдын 22-февралында түрмөдөгүлөрдүн көбүн тышка чыгарып,
караңгыда бир жакка жөө айдап жөнөштү. Атканы алып бара жатышат деп
туткундар арасында ич ара сөз болуп, жашоодон үмүт үзүлүп бара жаттык.
Тегерете куралчан немис аскерлери курчаган. Ажаан иттер. Темир жолдон
поездге салышты да, Батышты карай бет алдык. Жолдон улам туткундар кошула
берди. Отураарга орун жок. Жолдо кургак тамак беришет, суу жок. Даарат
ушатпасын деген кордук болуш керек. Германияны аралап бара жатып,
вагондон Берлинди көрдүк. Францияга өткөндө Парижди да вагондо баратып
алыстан көрдүк. 4-мартта Франциядагы Брест шаарына келдик. Поездден
түшүрүп, туткундарды Атлантика океанынын жээгиндеги бул шаарды аралата
айдап баратканда быяктын калкы немис аскерлеринен жазганбай, нан бере
баштады. Немис аскерлери да мурдагыдай эмес, нан бергенди бердиң дебей,
алгандарды алдың дебей, тим коюшту. Шаардын батыш четиндеги бир сепилге
киргизип, туткундарды өмүрү көрбөгөн даамдуу тамактын түрлөрүнө
тойгузгандан кийин тил билгендерди тилмечтикке бөлүп, билбегендерди ишке
чектешти. Жарым аралда немистер Атлантика валын курдуруп жаткан учур
экен. Иш оор, он саат иштетет. Бирок, кээде эптеп шылтоо таап, ишке чыкпай
койсо да болот. Андай учурда туткундар айыл кыдырып кетебиз. Жери тооташтуу, бадалдуу, бирок калкы бай, жамандык көргөн түрлөрү жок, жегендери
эт, сүт, нанын аяшпайт.
Лагердин тамагы деле дурус. Ишке айдап бара жатканда жолдон качып калып,
француз айылдарына барып, андан нан, жумуртка тамак алып жүрдүм. Бир күнү
тамак берген үй-бүлөдөн орусча-французча сөздүк таап бер деп өтүндүм. Ар
жумада Парижге барып, соода кылып келген кызы бар эле. Маган Парижден
орусча-французча сөздүгүн алып келип берди. Ушуну менен эптеп нан таап, жан
сактап калыш аракетин кылып жүрдүм. Жумуш барган сайын оорлой берди.
Аңгыча жок жерден 1944-жылдын 6-майында туткундарды эшелонго тыгып,
кайра Германияны көздөй алып жөнөштү. Германияга кетишти ким тилесин?
Кордуктан качып, Францияда калуу
Казимир деген бир поляк баласы менен кеңешип, биз качып Францияда калабыз
дөп сүйлөштүк. Казимир французча билээр эле, менде да сөздүгүм бар, аны
менен мен туткунмун деп түшүндүрүшкө мүмкүн эле. Союздаштар Англия менен
Американын самолёттору Германияны бомбулап, быт-чытын чыгарып жаткан
заман, жолдор бузулган, көпүрөлөр кыйраган, шаарлар да кыйраган. Темир
жолдун үстүнө сакчыларды коюшту. Жолдо аскер поезди өткөндүктөн, биздин
поезд кашаң гана жүрө берди. Биздин поезд турган жерде Франциянын башка
бир жеринен ташып келе жаткан шарап бочкалары бар экен. Бочкаларды ачып,
сакчылар чакалап шарап ичишкени. Ушундан пайдаланып, поезд акырын кетип
бара жатканда мен биринчи секирдим. Вагондордун эшиктери ачык эле, таштын
үстүнө түштүм. Артымдан жолдошторум одеялдарымды ыргытышты, буттарым
сыйрылган, кан болгон. Казимир эмне үчүндүр качпады. Түнкү суукта калтырап
титиреп, самандуу бир сарайга жетип куласам деп жүрүп отуруп, ээн жердеги
эки үйгө жеттим. Отун сарайга кирсем, туш-тушу аңылдап суук, эптеп таң
атказдым. Май айы болгонуна карабастан күн суук. Уй сааганы чыккан аялга
аны-мунуну жаңсап, чала-була билген сөздөрүмдү айтып түшүндүрдүм. Аял
менин ким экенимди түшүнүп, үйүнө киргизип, бети-колуңду жуу деп, жылуу
суу берди. Анан жаңы бышырылган ысык сүтүн ичип жылып, эс алганда
киймимди алмаштырып алсам дегенчелик кылсам, “бизде кийим-кечек жок,
тигилердикине бар” деп кошунасыныкын көрсөттү. Биздин жакеттерибиздин
артында да, астында да номерлер бар эле. Ошол номурлар азыр эсимден чыкты,
менимче, алты сандуу номурлар эле. Аякка барсам, мени алып барып, сарайына
камап салышты. Немистерге өткөзүп беришет тура деп кайгырып отурсам,
түштө үйдүн кызы паднуска беш-алты түрлүү тамак көтөрүп келип берди.
Киймимди да алмаштырып беришти. Бекер эле коркуп жаткан экенмин. Темир
жол жакын экенин, аны кайтарган немистер биякка келип-кетип тураарын,
кокус көрсө, сени да, бизди да өлтүрөт дегенди жаңсап түшүндүрүштү.
Төрт-беш күндөн кийин үч поляк, бир украин, бир орус эгин отоп жүргөн бир
фермага туш болдум. Башчысы бельгиялык экен. Мени кошуп алышты. Бешинчи
күнү ферманын ээси келди. Ага менин жөн-жайымды түшүндүрүшсө, ферма
ээси коркуп, кетсин деди. Айла жок, бирок кеткенде кандай күнгө туш болот,
тагдыры не болот деп ойлогон поляк, француз, бельгиялык үчөө мени токойго
алып барып жашырышты. Бир күнү поляк, бир күнү француз тамак жеткирип
турушту. 12-майдан 27-майга чейин токойдо жалгыз жашадым. Зериккенимден
беш-алты чабыра токудум. Алардын бирин тамагын жиберип турган аялга,
экөөнү өзүмө келип-кетип, тамак ташыган жигиттерге бердим. Аңгыча темир
жолго немистер кароол коюшту. Жакындыгынан жөтөлгөндөрү угулуп турат.
Демек, бул жерде жатып жөтөлүш да, чүчкүрүш да коркунучтуу болуп
калгандыктан, мени фермадагылар ишеничтүү адамдары аркылуу колдон колго
өткөрүп олтуруп, үч-төрт күндүк жерде бир француз кыштакка жеткизишти.
1944-жылы 6-июнда Нормандияга союздаштар түшкөндө, алиги кыштакта да
"Каршылык” уюмдары түзүлүп, мен да каруума кызыл чүпүрөк байланып,
француз партизандарынын тизмесине кошулдум. Согуш жакындоодо.
"Каршычылдар" коргонуу максатында блиндаж, окоптор казып, душманга
каршы даярдык көрүлүүдө. Кийин немистер кача баштаганда француз
партизандары менен бирге курал алып, качкан немистерди ата баштадык. Аган
мен да катыштым. Бир жерде немистердин бир рота аскери качып өттү. Ушуга
кол салабыз деп партизандар бардык, бирок кол сала албадык. Себеби,
куралдары күчтүү немистер эле. Кийин Орсанбил деген кыштакка кетиришти.
Анда Томас деген чех бар эле, ал мага тилмеч болуп, ошондогу партизандар
менен болдум. Биздин Советтер Союзундагы окчачарыбыз бар, француздар
андан кандай атышты тбилишпейт, мен аларга үйрөтүп, ошол окчачар менен
жолго чыгып жүрдүк. Эч кимди кезиктирбедик.
Акыры союздук аскерлер менен Де Голлдун армиясы келип, Парижди бошотту.
Ошо кезде фашизмден боштондукка чыгарган өлкө катары Советтер Союзунун
баркы өтө бийик. Демек, Франциянын да багын ачкан Советтер Союзу деп
эсептешет француздар. Совет аскеринин киймин кийген бирөө көрүнсө жабыла
куттуктап, айрыкча катын-калач, келин-кыздары ээ-жаа бербей жыргап
тосушат. Үйлөрүнө чакырып, эч нерсесин аябай сыйлашат, белектер
тартуулашат. Бара-бара орус солдат-офицерлеринин формасындагылар көбөйө
баштады. Кийимдери таза, погондору жаркырайт. Айтор, согушуп жүргөн
жоокерлердин кийимине окшобойт. Көрсө, алардын
көбү Францияны
боштондукка жеткирген совет аскерлери эмес эле, орус формасын өздөрү
тиктирип кийип алган туткундар, же немистер тарабында кызмат кылгандар
болуп чыгат. Погондоруна каалаган чинди кадап алышкан. Андай жалган
офицерлер менен солдаттарды коноктоп жүргөндөрүн француздар үйлөрүнөн
буюмдарын уурдатып, кыз-кыркынын зордуктатканда түшүнүшөт. Кийин
андайларды советтерге кармап бере башташат.
Советтер Союзуна кетпейбиз дегендерди француз коммунисттери топтоп,
советтик лагерлерге берип турушту. Ансыз да элге кетем деген үмүт менен мен
лагерге бардым. Лагерден Батыш Белоруссиядагы партизанда болгон
сталинграддык лейтенант Сергей Сушков дегенди көрдүм. Кийин Роя деген
казармада советтик граждандардын лагерин куруп, ушул лагерде Сушков
начальник штабы болду. Бир күнү: “Кудайберген экөөбүздү тагдыр ушундай
кезиктирип жатат, сени практический занятияларга, саясий жыйналыштарга
жүгүртпөш үчүн адъютант кылып алайын", - деген сунушун айтты. Албетте, мен
сүйүндүм. Сергей менден бир жаш улуу, же бир жаш кичүү, иши кылып 23-24
жаштагы эски кызыл аскер эле. Батыш Европадагы советтик граждандарды
топтош үчүн СССРдин атайын аскер миссиясы даярдалган. Аларда эки генералы
бар эле, биринчиси Драгун, экинчиси Вихоров, мен алардын аттарын жакшы
билем, анткени, алар биздин штабга келип жүрүшкөндө Сергей тааныштырган
болучу. Бизге француздар айлык акы, тамак-аш, кийим-кечелерибизди берип
турушту. Айлык алган убакта шаар кыдырып, Париж менен тааныштым,
музейлерине бардым. Көпчүлүк музейлери жабык эле. Кичине музейлери ачык
болучу. Анткени, жакында бул шаардан согуш толкуну өткөн.
Нарындык туткун Сатар Алманбетовго кездешүү
Мен Парижди жакшы билип калдым. Анда-санда Орсанбил деген кыштактагы
партизан досторума келчүмүн. Аларга келип, тамак-ашын жеп барабар жүргөн
күндөрүм болду. Биз бир бөлмөдө үч киши жатаар элек. Начальник штаб, анын
орунбасары, анын адъюданты - мен. Бир күнү кечинде келсем, биздин шкафта
чемодан жатат, анын жанында орустардын махоркасы бар экен, жанында
дептери да жатат. Дептерин ачып карасам, латын тамгасы менен жазылган
кыргызча пьеса. Кызыгып ушу пьесаны окуп чыктым. Пьесанын автору Сатар
Алманбетов деген нарындык экен. Мен Сатар аганы "Ленинчил жаш”
газетасынын редакциясында Абдукаимов, Бөлөкбаев менен иштеп жүргөндө
көргөн элем. Бул мындан бир канча жыл илгери болсо да, ошол адам менин
эсимде калган. Кыргызстан прокурорунун орунбасарыбы, кичинекей бир
чыйрак жигит эле. Менден бир 5-6 жаш улуу болсо керек, Алма-Атадан укук
факультетин бүтүрүп келген. “Менин прогул тууралуу жазган макалам
чыкпады” деп редакторду бир аз опузалап кеткенин көргөн элем. Элес-булас
эсимден чыга баштаган ал адам. Кийин Сергей келгенде сурадым:
- Сергей, бул адам кайда?
- Биздин түрмөдө отурат.
- Эмне үчүн?
- Бул адам немистер менен иштеген колобарант экен, бир жерден грузиндер
таанышып, биздин штабга кабар беришкен, андан аны түрмөгө алышкан, - деди
Сергей.
Таң аткандан кийин чай ичип алып, ошол адамды көрөмүн деп түрмөгө бардым.
Мени түрмөнүн сакчылары тааныйт, мен кирдим.
- Сатар ага, сизсизби?
- Сатар агаң менмин, - деди.
Жанында аны менен бирге иштеген колобарант деп түрмөдө отурган татар бар
экен.
- Сен мында ким болуп иштейсиң? - деп сурашты.
- Мен начальник штабдын адъютантымын, - деп кол алышып, Сатар ага менен
тааныштым.
- Мен тамак бышыртып келемин, - десем:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 07