Latin

Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 17

Total number of words is 4264
Total number of unique words is 2187
27.3 of words are in the 2000 most common words
38.9 of words are in the 5000 most common words
44.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
- Бексултан, - деди мага. - Азыр Али келет, менин автомобилим менен НьюЙоркту кыдыртат.
"Аныңыз ким?” дегенсип тиктеп калсам:
- Али - менин кайним. Түндө силер кеч келип, үч үйүбүздүн коңгуроосун бирдей
шыңгыратканыңарда чыга калып, уруша жаздаган ачуулу неме, - Азамат Алтай
кайнисинин сырын билет да. Анын үстүнө эл уктап атканда коңгуроолорду
үстөкө-босток басканыбыз зөөкүрчүлүккө да окшоп кеткендир. Ошентсе да ал
каткырып алды. - Мен ага: "Бас, үйүңө кир да, үнүңдү чыгарба! Элимден келген
коногумдун кайсы маалда кантип келгени менен жумушуң болбосун!” деп
ачууланып койбогонумда көрөт болчусуңар көргүлүктү андан. Силер менен
Нажие балдызым кошо барат, ал жакшы адам. Сага кудагый болобу, не болот
ал?
- Сизге балдыз болсо, мага кудагый эмес, кудача болот. А өзүңүз барбайсызбы? мага Азамат Алтай менен бирге жүрүш кызык эле.
- Үйдө болушум керек... - Азамат Алтай түшүнүксүз жооп берип койду. Көрсө а
киши ооруп атыптыр. Эртеси Сание жеңеден уктум.
- Кудайбергенди госпиталга жаткызбасак, өлүп калышы мүмкүн, - деди жеңе
көзүн алаңдатып. Азамат Алтай телефондон сүйлөшкөнү өз бөлмөсүнө кетип,
менден бөлүнөр замат Сание жеңе мага ушинтип шыбырай салды.
- Оорусу эмне? - Оюм уйгу-туйгу, санаам ар нерсеге кетти. Ооруп жатып калса,
мен эмне, эшек такалаймынбы?! Ушул ой ындынымды өчүрсө, жеңенин эрин
аяп, күйүп-бышканы ичими жылытты.
- Кан басымы көтөрүлүп, түшпөй жатат. Мээсине кан куюлуп кетеби деп корком,
- жеңе көзүмү карап, жалдырап турду.
- Көп болдубу минткени? - Жеңенин түрүн көрүп, мен да кооптоно баштадым.
- О заман силер Нью-Йоркко жаңы келгенде миссияңарда ичкилик ичип
коюптур...
- Ооба, анда ичкенибиз да, ичпегенибиз да толкундангандан ууртап-татып
жүргөнбүз. Бирок антип ууртап-татыган бизде ичкенге жатпайт, жөн эле
ишаратын кылуу дейт аны, - деп тамашага чаргыта, көңүлүн жооткотсомбу
дегенимче болбой Сание жеңе тызылдап жиберди:
- Кудайбергенге эч жакпайт! Ошол силердеги банкеттен келгени саламаттыгы
начар! Госпиталда дарылан десем, тилими албады. Сизди элге узатып туруп,
анан жатам дейт. Анча көп күнгө Кудайберген чыдабайт! - жеңе ыйлаганы
эле араң турду.
Аңгыча сопсоо кишидей жаркылдап, Азамат Алтай жаныбызга келип калды.
Азамат Алтайдын табы болбой турганын жеңе мага бекер айтпаганын
түшүндүм. Демек, мен аны ооруканага жат деп, көндүрүүгө тийишмин. Бирок
оорукананын “башын ачышка” азыр чолоом тийбес. Анткени, мына-мына Али
куда келип, мени Нью-Йорктун айтылуу Манхэттенинде жайгашкан Советтик
Туруктуу өкүлчүлүккө апарып келмек. Кечээ кечинде эле ушинтип
макулдашканбыз. Аяктан эмгиче узартылбай, Вашингтондо калган визамдын
дайнын такташым керек.
Айткандай эле, “кеттикпи?” деп Али куда кирди. Азамат Алтай да “жөнөгүлө”
деп шаштырып калды.
- Миссиядагы жумушуң бүткөндөн кийин Али сага шаар көрсөтөт. Каалаган
маалыңда үйгө кайтаарсың, - деп Алиге акча берди. - Бексултандын кардын
ачырбай, ресторандан тамакка тойгузасың.
- Тамактык акчам бар, тим эле коюңуз, - десем, Азамат Алтай:
- Сен менин коногумсуң, андыктан, сенин камың Сание экөөбүздүн мойнубузда.
Антпесек, биз сени тамагыбызды аягандай атайылап Алиге кошуп берип
аткандай ойлошуң да мүмкүн, - деп жыргап күлдү.
Тамашасын сүрөп, мен да тамашаладым:
- Кудай жалгасын, акчам жанымда калат, - сыртка чыгып баратып, Сание
жеңеге акырын айттым. - Мен барчу жагыма барып келейин, анан абаны
ооруканага үгүттөсөм болобу?
- Айтыңыз, - деди жетине албай шашып, - сиз айтсаңыз көнөт. Кудайберген
сизди жактырып калды.
Нью-Йорктун элеси катары төбөсү көк тиреген бийик имараттар салынган
Манхэттен районундагы СССРдин Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу
өкүлчүлүгүнө (аны кыскартып, Совет миссиясы, же андан да жөнөкөйлөп
Миссия деп коюшат) келсем, чу деген эле жерден жакшы кабар айтышты.
- Куттуктайм! ООНдо өткөргөн кечеңиз жогорку бааны алды! - деди Туруктуу
өкүлдүн биринчи орунбасары Александр Алексеевич Равзин колумду коё
бербей, бекем кысып. ООНдо Кыргызстандын Күнүн кантип жалгыз
өткөргөндүгүм туурасында, ага Александр Алексеевич да катышып, аябай
кубанганынан анда да колумду коё бербей кысканы жөнүндө “Кыргыз туусунда”
учурунда анча-мынча айтылган.
- Кандай баа? Аны ким койгон? - дедим жагдайды түшүнө бербей.
- ООНдун коомчулугу менен кайсы өлкө кандай иш жүргүзбөсүн, баа берип,
жазып жиберишет. Жамандап жазыштан да тартынышпайт. Сиз менен биздин
ошондогу ишибиз жогору бааланыптыр. Кечеңиз чынында эле ошондой баага
татыктуу өткөн, - Бириккен Улуттар Уюмунан келген катты столунан алып,
Равзин мага сунду да, англисче билбесимди көрүп, өзү которуп берди.
- Мен аламынбы? - ичимен кубанып, Равзиндин колундагы кагазды четинен
кармадым.
- Көчүрмөсү министриңер Мурат Иманалиевде, - Равзин кагазды столунун
үстүнө таштап койду. - Бизде да калсын, - деп тамашалаган болду.
- А Президенттин иштеген иштеричи? Алар да бааланабы? - дедим.
- Ананчы! - деди Равзин. - Бааланганда да кандай! Президентиңер азамат!
Быяктагылардын оозун ачырды! Америкалыктарды суктантыш көрүнгөндүн
колунан келбейт.
Анда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын сессиясы жүрүп
жаткан учур болчу. Кыргызстандын тышкы иштер министри Муратбек
Иманалиев сессиянын ишине катышып, Нью-Йоркто жүргөнүнө бир айча болсо
керек эле. Анын кабинети Равзиндикинен үч кабат жогору. Жакшы кабарды
укканга кудуңдаган бойдон Муратка чыгып барсам, иштеп отуруптур,
учураштык.
- Визаңыз жайында, байке, - деди ал.
- Жайындасы жайында, бирок эртең-бүрсүгүндөн кел дешти. Жанымда
паспортум жок, кармап алып, ит кылышпас бекен? - деп тамашаламыш болгонум
менен, ичимен кооптонгонсуп эле турдум. Деги мындайда санаа бир жаңсыл
жүргөн дурус.
- Ким кармамак эле? - Мурат камырабай күлүп койду. Анан ООНдон келген
кагазды жетине албай, ал да окуп берди.
Али кудабыз мени көп күтүп калбасын деп, кеткиче шаштым. Бириккен Улуттар
Уюмундагы ишибиз жакшы бааланганын айтып берейин деп, жайдары келсем,
Али кабагын бүркөп, “узак!” деп башын чайкап алды да, машинеге отуруп,
эшикти тарс жапты. Айтайын деп келаткан кубанычымды айткым келбей
калды.
- Кайда барабыз? - деди Али мени сынагансып. Мен унчукпай ийин куушурдум.
Чынында да кайда барарды мен кайдан билем? Бу киши мени менен жүргөнү
өтө эле колколуу болбос бекен деп ойлоп койдум ичимен. Үйгө эле кетким
келди. Анын үстүнө абышкасынын "давлениесин" айтып, жеңе да тызылдап
калбады беле, бирок "коногума жер көргөзбөй жетип келипсиң" деп, Азамат
Алтай кайнисин каарып жибереби деген ойдо унчукканым жок. Кайда алпарса,
анда алпарсын дедим ичимен. Анткен менен Али кудабыз акылы да бар,
митаамдыгы да бар адам окшойт, көңүлүмдү жайкап, жолдо ката ар нерсени
айта баштады. Эл аралык абалды кыйын билет экен, биздин ошол кездеги
агитатор, лекторлорубуз анын жанында шоона эшкидей эмес. Бирок эч кимди,
эч нерсени жактырбаган бир кызык жайы да бар сыяктанды. Анысын адегенде
элес алган эмесмин, эртеси түшүндүм. Айтып отурса, Америка деле жаман,
Кытай, Япония деле, Түркия менен Германия андан беш бетер, СССР мындан беш
бетер жамандын жаманы. Америка менен СССР сыяктууу зор державаларды
башкарган саясатчылардан баштап, кымындай өлкөлөрдүн өкмөт башчыларына
чейин, деги эле пенде аттуудан бир дагы жактырган адамы жок өңдөнөт. Бирок
кызыгып уктум.
- Алтайды сиз киши деп келдиңизби? Ошо да кишиби! Кыйынсынат, колунан
эчтеме келбейт... - Али кудабыз жездесин жамандай баштады.
- Жездеңизди жек көрөт экенсиз, ээ? Айтып барсам кантесиң? - сөз ташуу оюмда
да жок, колуман да келбейт, сестенээр бекен деп сурасам, тооткон жок Али:
- Айтпайсыз. Айтпасыңызды билип сүйлөдүм, - деди.
Күлдүм. Капырай, көрүп тургансып айтканын? Азамат Алтай укса, капа болот
деп сыйлагандан кайын-журту менен нааразылашып калбаса экен деген ниетте
а кишинин бул сөзүн мен гезиттеги эскерүүмдө жазган эмесмин.
- Эже-карындаштарыңыз кишиби? - мен сынап сурадым:
- Саниеби? - деди Али суроомду так түшүнө бербегендей.
- Ии.
- Алтайга тийген катын да кишиби? Ал деле киши эмес!
Күлбөскө аргам жок, дагы күлдүм. Бир маалда Али мени заңгыраган бир жайга
апкелди. Кебин угуп келатып, кайда келгенибизди этибар албай калыпмын.
Көрсө, дүкөнгө алып келиптир. Кирсек бары-жоктун баары жайнайт! Кыдырып
көрдүм. Али адегенде мени менен кошо жүрүп, кеп-кеңешин айтып,
жардамдашчудай түрлөндү эле, көп өтпөй сөз сурасам, ийин куушуруп
калыптыр. Четке отуруп алды. Соода-сатыкка, дүкөндөн буюм тандаганга
башынан эбим жок. Эмне аларды билбедим. Америкага жөнөөрдө кулагым
чалып калган буюмдардан бирди-жарым сатып алган болдум да, кайра жөнөдүк.
Али да бир дүкөнгө апарды. Аны тез эле көрүп чыктым. Мында деле дүр-дүнүйө
жайнайт.
- Дүкөндөн башка дагы эмне көрсөк болот? - жолдо келатып ушинтип сурасам,
Али айтып турбаспы:
- Силерге дүкөндөн башканын кереги эмне?
Айтса-айтпаса төгүнбү! Бөлөк элдин өкүлдөрү чет жакка барса, түбөлүк эстелик
болуп калаар кооз, көркөм буюмдар сатып алат экен. Ал эми совет адамы деген
түшүнүк чет өлкөдөн чүпүрөк-сапырак, кийим-кечектин арзанын издеп,
дүкөндөн дүкөндү түрө кыдыруу дегенди билгизип калганы да чындык.
Өзүбүздө болбосо, арга канча! Бизде деле баары жайнап турса, башка өлкөдөн
самсаалап көйнөк-ыштан ташып, келесообу элибиз! Дүкөндөрдө тердепкургаганча ойлогон ойду кыстаган турмушка жеңдирип, Алилерге шылдың
болгон кайран совет адамынын көргөн күнү да курусунчу!
- Горбачев менен Буш Мадридде жолукса эле проблема чечилип калабы?
Чечилбесин өздөрү деле билет, бирок аларга испан королунун ак сарайында
тайрайып жатып кетиш кызык! Казынанын акчасын коротпой, өз
каражатыңарга барып келгиле десе, Мадрид эмес, дааратканага да барышмак
эмес. Алардын заара кылганы да элдин эсебинен. - Али СССР менен АКШнын
президенттеринин жакында Мадридде өтө турган жолугушуусу туурасында
ушинтип кеп кыла кетти.
- Башчылар жолугушуп турбаса, жүрө-жүрө согушуп кетишибиз да ыктымал, дедим кантээр экен деп. Алидей адамга түшүнүгүң тайкы, ой жорууң төмөндөй
көрүнсөң, билгенин тартынбай айтат, сууда сүзгөн балыктай ырахаттанып
сүйлөйт. Бышыксынсаң бүттү, ооз ачыра албайсың.
- Согушту чыгарыш-коюш баары бир алардын колунда эмес. Согушту
баштоочулар башка! - деди Али. Кудая тобо, ушундай ойду улуу драматург
Бертольт Брехт да айткан: “Согушту королдор баштабайт, башкалар баштайт”
деп. Ал ошону окуп алганбы же өз акылыбы?
- Ким? - десем, Али кебелбей компоюп:
- Ким экенин жан билбейт. Болуптур, Буш менен Горбачев согуш болтурбас
үчүн саякаттасын, а силерге эмне жок? Жердин түбүнөн кайсы кудай айдап
келип жүрөт силерди? Оокатыңарды кылып, үйүңөрдө отура бербейсиңерби! көрсө Али кудабызга биз да жакпайт экенбиз.
- Жаңыдан эркиндик алдык. Эл тааныбасак, жер тааныбасак, жашоону алып
кетиш кыйын болгон жатпайбы... - деп келатсам, Али дале моюн бербей, барган
сайын кыйынсынат:
- Эркиндиктин майда элге эмне кереги бар? Коюңарды кайтарып, тынч жүрө
берсеңер болмок. Койдун эти бар. Жүнү бар. Сатсаңар нан болот, кийим болот...
- Али бей, - дедим мен акыры чыдабаганда. Ал ушинтип атына түрктөрдүн “бей”
дегенин кошуп айтканды жактырат окшоду. - Байкап отурсам, сизге эчтеме
жакпайт көрүнөт. Адамдан сизге жакканы барбы деп сурабайын. Дүйнөдө сизге
жаккан өлкө барбы?
- Мага жаккан өлкөбү?.. - Али мемиреген асфальт жолду тиктеп, үн катпай жүрүп
отурду. Жооп бергиси келбей, жактырбай калганбы десем:
- Мага Финляндия жагат, - деди бир маалда.
- Сиз аякта жашап көрдүңүз беле? - дедим.
-Жок. Бир саам аэропортуна конуп өткөнбүз, - деди Али.
- Оп-баракелдээ! - деген сөз байкоостон оозуман чыгып кетти.
- Нирса? - Али түшүнбөй, мени тиктеп калды. Мен эчтеме айткым келбей ийин
куушурдум.
Үйгө келсек, Азамат Алтай күтүп отурган окшойт, сүйүнүп кетти. Мен жаткан
бөлмөгө кошо кирди. “Али кардыңы ачырган жокпу? Бүгүн да ресторанга
киргиздиби, акчаны кенен бергем”, - деди. “Ооба, ресторанга киргизди,”- деп
койдум. Чындыгында Али кечээ күнү ресторанды ойлогон да эмес. “Сэндвич"
деген “ат жалынан” шам-шум этчү оромого тойгонбуз. Бүгүнкүсүн "мен алайын"
десем, “ал” деп, камаарабай койгон. Муну эстегеним, жөн гана Алинин мүнөзүнө
толуктоо иретиндеги сөз. Ресторанга кирмек деле эмесмин, анда жайма-жай
отуруш үчүн чоло болуш керек.
Азамат Алтай архиви жөнүндө айтылбай калгандарды толуктап түшүндүрдү.
Терезеден жапжашыл тыш көрүнүп турат. Тамдардын түбүнөн жолго чейин
көпкөк чөп, тегиз кыркылган газондор. Анан асфальт. Топурагы чыккан
алакандай да ачык жер көзгө урунбайт. Ошондуктан, чаң жок, жакаң кирдебейт.
- Тиги таңылчактар эмне, аба? - дедим архивдин сөзү аяктаганда, көчөнүн
боюнда ар кайсы жерде таңылуу турган кагаздарды көрсөтүп.
- Ар ким жарабаган кагаз-кугаздарын, окуган гезиттерин ушинтип көчөгө
чыгарып коёт. Кийин атайын кызматтар алып кетет, - деди Азамат Алтай. Оюма
ар нерсе келе калды:
- Аба, - дедим, - жаман айтпай жакшы жок, көзүңүз өтүп кетсе, архивиңизди
багып алар кишиңиз барбы?
- Андай кишим жок, - деген жоопту айтты Азамат Алтай.
- Жеңечи? - дедим мен.
- Жеңеңин булар менен иши жок...
- Анда архивиңиздин тагдыры көзүңүз өтүп кетсе, тетиги таңылып жаткан
кагаздардын тагдырындай болот экен да!
- Чарчадык, эс алалы, - деп Азамат Алтай чыгып кетти.
Анан түн кирип, караңгы болуп калганда бирдеме жазып отурсам, Азамат Алтай
кирди да:
- Бексултан, архивди алып кет, - деди. Мен сүйүнгөнүмдөн:
- Ырас элеби?! - дептирмин.
- Мен бир гана айтам! - деди Азамат Алтай менин олдоксон суроомду
жактырбай.
Муну мен мурда деле гезитке жазгам. Эми кайталап отурганымдын себеби,
Азамат Алтай мага жазган бир катында “сен ушуну туура жазбапсың, архивди
берем деп өзүм айтпадым беле” дептир. Туура, өзү айтканы чын. Бирок ошондо
жазып койгон жазуумду барактасам, болгонун болгондой эле туура
“көчүрүпмүн”. Азыр да ошо бойдон көчүрүп жаздым. А балким, мурдараак
"Архивиңизди элге бербейсизби?" дегенимде, “Азамат аба жооп кайырган жок”
деп айтканымды тактоо иретинде жазгандыр? Эмнеси болсо да, Азамат Алтай
архивин сураттырбай, өзү бергенин дагы бир саам бышыктап койгонум
ашыктык кылбас. Ошондо ал:
- Албетте, архивди көтөрүп жеткире албайсың. Почта аркылуу жөнөтүш керек.
Акысы эки миң долларча болоор, аны мен төлөйм, - деген.
Чынын айтсам, архивди алып кетүүнүн жолу, шарты, каражаты оюма келе элек
болчу. "Алып кет!” дегенине эле кымылдап, кубанычым койнума батпай турган.
Эң арткы айтканын укканда жеңилдене түштүм. Залга чыксак, анда Сание жеңе,
Али, Нажие кудача үчөө турган экен. Жеңе менден колдоо болооруна ишенсе
керек, чечкиндүү болуп калыптыр. Бирок эмнегедир, мага кайрылбай иниси
Алиге кайрылды:
- Кудайбергенди госпиталга жаткырбасак, кыйналып атат.
- Сание, Бексултанды узатмайын госпиталга жатпайм дебедим беле! - ачуусу
келип турса да, үнүн көтөргөн жок, атүгүл тамашалап жиберчүдөй айтты. Экинчи госпиталыңды кулагыма угузба!
Тигилер жылып-жылып, чыгып кетти. Жактырбай кетишти. Экөөбүз калдык.
- Жаныма отурчу, жаным, - Азамат Алтай дивандан орун көрсөттү. Эми чындап
капа болду. Айтканын угуп отуруп, "ич күптүсү жеке эле ооруканада эмес ко?"
деген да ойго кеттим.
- Мына, шордуу бир агаңдын көргөн күнү ушу! Булар эми мени догдурга
жаткызышат. Кор болбой, мен өлүшүм керек эле. Чоң көчөгө чыксам, жүздөгөн
машиненин алдында тебеленип өлүү оңой. Бирок, ал жакшы өлүм эмес. Үйүм он
биринчи кабатта болсо, секирип өлөт белем, бул үйдөн секирсең өлбөйсүң.
- Сизден мен ушундай сөз угайын деп келген эмесмин! - мен жактырбай орой
айттым окшойт, Азамат Алтай:
- Ие, жаным, аның туура, - деген болду. Бир аз унчукпай калдык. Азамат Алтай
акырын улутунуп алгансыды да:
- Өмүр бүтө турган чегине жетти, жаным, эми кара жердин алдына бара берсем
да болот, - деди.
- Опоңой элеби? - дедим мен дале жактырбай. - Өмүр бою азап-тозокко моюн
бербей келип, акыры шелпейип өлүүнүн кажети не? Өлүмдү да кезеги келгенче
шаштырбоо керек ко. Анын үстүнө, мен сизге топурак салганы келген эмесмин
да быякка...
Азамат Алтай мени бир тиктеп алды да:
- Иэ, мунуң да ырас, - деди. Анан алигидей көңүлү чөгө түшкөнүн одоно көрдүбү,
сөздү дароо тамашага оодарды. - Үстүмдө татар, алдымда татар, койнумда татар,
менден чыдамкай ким бар?! - деп, жарпы жазыла каткырды да, сөзүнүн аягын
күлбөй бүтүрдү. - Татар - кыйын калк, билимдүүлөрү көп. Ошо себептен, - кайра
тамашага өттү, - "татардан аялың болсо, кабанаак ит багуунун кажети жок”
дешет да кээ бирлер.
- Аба, - мен тамашаны колдогон болуп баштадым да, ток этээр жерин айттым, сиз ошо өзүңүз туура барктаган билимдүү татарлардын айтканына көнбөй,
кыргызчылык кылып атасыз. Айыгыңыз, анан иш кылалы.
- Айыкпайм, - Азамат Алтай тамашага бурган болуп күлдү. - Сен мени үгүттөбө.
Үгүттөгөндү мен жаратпайм.
- Жок, айыгыңыз! - мен да көшөрдүм.
- Сени элге узатып коюп, анан айыгам, - Азамат Алтай дале тамашага оодаргысы
келгенсиди.
- Мен сиздин тилди алган соң, сиз да менин тилимди алышыңыз милдет ко, же
мен сизге көшөкөрлөнүп гана турушум керекпи? Антип ойлосоңуз, кадырыңыз
жан болсун, - десем, Азамат Алтай дароо:
- Тил алам, жаным, - деп жиберди. - Тил алыш үчүн ооруканага жатышым
керекпи?
- Ооба, жатыңыз.
- Жатайын, - Азамат Алтай адам сыйлаган, сөз түшүнгөн, сөздү барктаган киши
экенине барган сайын көзүм жете берди. Врачка телефон чалып, макулдашкан
соң, Сание жеңе, Али экөө Азамат Алтайды доктурга апарганы камынып
жатышкан. Президент Акаев Флоридадан саат түкүнчөдө учуп келээрин
Туруктуу өкүлчүлүктөн кабарлап, мага телефон узатышты. Демек, тосуп
барышым керек. Мамлекеттик делегациянын көбү Москвага кайтып кетип, НьюЙоркто Мурат Иманалиев экөөбүз гана калганбыз. Аэропортко чейин Миссияга
барарымды укканда, Али кудабыз:
- Бир сааттын аралыгында келип үлгүрбөсөм, Миссияңа такси чакырып кете бер,
- деди. Тышка чогуу чыктык. Бизде кан басымын дарылатканы ооруканага
түшкөн адам үч-төрт жумалап жатат. Азамат Алтай ошончо жатып калса,
күнүмдүн баары текке кетээрин ойлоп, ындыным өчкөнүн айтпай эле коёюн!
Азамат Алтай машинеге отуруп атканда мен кыжаалаттангандан айтаар оюмдун
ыгын таппай:
- Сиз ооруп жатып калсаңыз, мен канттим? - дедим.
- Күт,- деди Азамат Алтай. Албетте, айтканга оңой, ал эми менин ордумдагы
адам үчүн ар бир бош күн тозок.
- Архивиңизди эмне кылайын? “Таңдыра берейинби?” деген мааниде сурадым
дале кыжаалатым ичимде кайнап. Азамат Алтай аны түшүнгөн жок.
- Алып кет, - деди мурда айтканын дагы бекемдеп.
Үчөө ооруканага жөнөп кетти. Мен үйгө кирип, Азамат Алтайдын архивин
санасам, олчойгон-олчойгон жүздөй папка экен, мынчаны аэропорттордо
кантип ташып жүрөрүмдү ойлосом, төбө чачым тик турду. Анан кайсы бир
жылдары Хемингуэйдин Америкадан Европага саякатка жөнөгөнү жөнүндө
аялы Маринин: "Чоң чабадандан араң кырк-элүүнү алып, он бештей тайган
менен гана жолго чыктык" деп жазганы эсиме түштү да, быяктагылардын жол
азабы биздикиндей шор болбосо керек деген үмүттө, а мүмкүн, мага да
кудайдын айтканы тургандыр деп өзүмдү өзүм жооткотуп, бел байладым. Бирок,
баары бир көкүрөгүмдү өйүгөн кыжаалаттык эч басылбады. Эңгиреп ишсиз да,
кароосуз да калгансыймын.
Жарым саат өтпөй Сание жеңе келип калды:
- Үч кишиден кийин Кудайберген кирет, Али жанында калды, - деди.
Бир пастан кийин мага такси чакыртып берди да, акысы жыйырма беш доллар
болот экен, төлөп койду. Миссияда Мурат Иманалиев мени күтүп атыптыр.
Азамат Алтай архивин бергенин айтсам, ишенбей туруп ишенди. Аэропортко
чейин дагы кенен убакыт бар эле. Александр Алексеевич Равзинге кирип
учураштым да, архивдин жайын айтып:
- Азамат Алтай эки миң доллар почта чыгымын төлөмөй болду, - десем, Равзин
аки-чүкүсүн териштирип отурбастан:
- Архивиңди бекер жеткирип берем, - дебеспи!
- 22-ноябрда дипломатиялык жүк кетет, ошого коштуруп жиберем, артыңан
барып калат. Москвадан ары жагын өзүң бүтүрүп ал.
Сүйүнгөнүмдөн эмне дээримди билбей калдым. Ушундай түшүнүктүү, жакшы
кишилердин болгону үчүн кудайга ыраазы болосуң.
Президентти тоскону Туруктуу өкүл Воронцов, Равзин, Иманалиев,
өкүлчүлүктүн дагы бир-эки кызматкери болуп бардык. Кеннеди аэропорту
шамалдап, чыкыроон түшүп туруптур. Америкада тартип жакшы экенин байкоо
анчейин деле кыйын эмес. Биздегичилеп тыйып турбаса, жайылып кетмей,
жамырап кетмейлери жок шекилдүү. Бирок, жети-сегиз күндүн ичинде Аскар
Акаевдин баркы тааныла түшкөндүктөнбү, же мамлекет башчыларына болгон
Америкадагы сый-урматтын ырасмисиби, айтор, бу саам аэропорттун тартиби
бузулуп, президентибизди траптын түбүнө дейре барып тосушка уруксат
берилип, Флоридадан келген самолеттун токтогон жерине дейре коё беришти
бизди. Аскар Акаев Москвадан Нью-Йоркко бизден бир күн кийин учуп барганда
мындайга жол берилген эмес, перронго чыкпай, залда тосконбуз. А балким,
Американын ички рейстеринде азыркыдай анча-мынча "ээнбаштык” салты
бардыр? Айтор, адеп келген адамга башка жактын турмушу жаңылык көрүнүп,
жөндүү да, жөнсүз да суроолор пайда боло берет.
Президенттин Миссиядагы түнөгүнө чогуубуз менен бардык. Бир-эки күндүк
саякатынан кабар угуп, Майрам Акаеванын чайын ичип, анан эртеңки жол
тартаар маалын тактап алып, кеч кеттим. Бу саам баягы мени адаштырган
шоопур эмес, Нью-Йорктун жолун жакшы билген Саша деген бөлөк айдагыч
жеткизди. Үйгө келсем, Азамат Алтай жок, ооруканада калыптыр. Сание жеңе
менен Нажие кудача экөө эки жагыман үйрүлүп, камдап отурган тамагын бере
баштады. Аба буларга катуу табыштаган болуу керек деп ойлодум. Экөөнүн
“бапестегенине” оңтойсузданып, тамаша айттым:
- Бала-бакчада да мынчалык бапестебес.
Эжелүү-сиңдилүү эки байбиче сөзүмүн маанисине түшүнө бербей калды окшойт,
эчтеме дебестен, күлүмсүрөп гана мени жалдырап карап турушту. Түшүнбөсө,
эмнесин түшүндүрүп
отурайын
дегенчелик
кылып, түшүндүрүшкө
ниеттенгеним да жок. Же айткан тамашамдын жарытылуу бир мааниси болбосо!
Азамат Алтайдын жоктугубу, көңүлүм чөгүп, коңултактайм. Аңгыча Али келди.
Үчөө акырын сүйлөшө башташты. Өздөрүнчө кеби бардыр бир туугандар
болгон соң. Мен бата кылып коюп, коштоштум да, бөлмөмө кирип кеттим.
Болбойле коңултактайм. Эч нерсеге көңүлүм чаппайт. Үй-бүлөм, балдарымын
сүрөтүн карап отурам. Сагыныпмын. Ар кимисинин кыял-жоругу эсиме түшөт.
Элге, курбу-курдаштарыма кетким келет. Жанымда паспортумдун жоктугун
карабайсыңбы! Жанымда паспортум болгондо, самолетко билет алып алып,
эртең президентибиз менен кошо кете бербейт белем деп, ичимен өзүмчө
оолугуп коём. Азамат Алтайдын же кебин укпасам, же сөзүн укпасам, күнүнө үч
маал жеңенин чайын ичкенден башка эч иш бүтүрбөй, жөн эле жүрүп
каларымды ойлогондо жарылып
кетчүдөй буулуктум. Америкада калып
калганыма өкүндүм. Али куданын колуна түшкөн туткундан беш бетер эми ага
таптаза көз каранды болорумду ойлосом, ичим бышып барып токтойт.
Бышпагандачы! Тил билбесем, Алиге, Алиге эле эмес, бүт айлана-чөйрөмө көз
каранды болбогондо ким көз каранды болот?!
Эриккенден архивдин арасынан колума тийген бир папканы сууруп алдым да,
кош көңүл барактай баштадым. Ар кайсы жерин карайм. Түшүнүктүү, мен
тааныган тамгада жазылгандарына көз токтотом. Ошентип отуруп, бара-бара
кызыгып кетипмин, түнкү саат үчтөн өткөндө жаттым. Бирок, эмнеси экенин
билбейм, уктай албай көпкө чайпалдым. Эртеси эрте ойгонуп, кайра архивге
кириштим. Баары бир, өзүмдү өзүм алагды кылышым керек. Түшкү саат экиге
дейре Азамат Алтайга киргизбейт дешкен. Оорукананын тартиби ошондой экен.
Бизче палатанын тушуна туруп алып, терезеге бакырмай, же “киргизип койсоң”
деп, эшигин сагааламай аяктагылардын үч уктаса түшүнө киргидей эмес.
Андайды айтсаң, аң-таң калгыдай.
Саат сегизде, тамак ичер алдында Сание жеңе Алини телефон чалып ойготту да,
мени барам деген жагына апарып кел деди. Көрсө, Азамат Алтайдын өтүнүчү
ушундай болуптур.
- Дүкөндөргө барабызбы? - деди Али куда үстүбүзгө киргенде. Президентти
узатканы гана барбасам, эч кайда баргым келбегенин айттым. Азамат Алтайсыз
бош калчу күндөрүм санааман чыкпай, дале көңүлүм чөгөт. Архивге түндө
кызыккансып калганым менен, бүгүн эмнегедир мойнум жар бербегенсийт.
Мүмкүн, уйку канбагандыкыдыр? Бирок, арга канча, чайдан кийин өзүмдү өзүм
"желкелеп", архивге отургуздум да, тез эле алагды болуп кеттим. Эми мага
эрмек табылгансыды. Байкасам, олчойгон жүз папкенин баарын алып жөнөштүн
эч кажети жок экен, бирок керектүүлөрүн иргештин өзү эле толгон түйшүк
болчудай. Далай көз май түгөнөрү шексиз! Мен өмүрү архив менен иштеп көргөн
жан эмесмин. Демек, тажрыйбамын жоктугу да колумду байлап, убактымды
мүлжүй турганын түшүндүм. Кеткенче архивди иргеп үлгүрбөсөм, андан эмнени
алып, эмнени калтыраарымды билбей, оозумду ачып отурсам, Азамат Алтай
“архивимди кимге ишенип берип аткам?” деп, кайра айнып калчудай шаштым.
Иргеп үлгүрүш үчүн шашуум керек.
Бир маалда Сание жеңе эшигимди акырын ачып, чайга чакырды. Түшкү
тамактын маалы өтүп кетиптир. Мурдараак айткандан ыйбаа кылган окшойт.
Жеңенин режимин бузуп койдумбу деп, кечирим сурадым. Тамак ичип алып,
ооруканага куру кол жөнөдүк.
- Абага бирдеме сатып алабызбы? - дедим жолдо баратып.
- Иэ, гезит аларга кирак, - деп койду жеңе мен ойлогондой тамак-аштан эч
капары жок.
Мен быяктагыларды деле өзүбүздөй көрүп, жемиш-жүмүшсүз, тоок бышырып
албай, сомоюп баратканыбызга оңтойсуздандым. Көрсө, ооруканага тамак
көтөрүп барыш америкалыктардын оюна кирбеген жосун экен. Анткени,
алардын ооруканаларында бары-жоктун баары болот имиш. Кийин бир күнү
Азамат Алтайдын палатасында саат экиден түнгө дейре отуруп калдым.
- Кардың ачты го, тамак алдырып келейин, - деп Азамат Алтай мага
кайрылганын тамашалап атабы десем, чын экен.
- Аба, - дедим тамашалап, - сиз бизди минтип шакалабаңыз. Бизде тамакты
ооруканада жаткан адамга алып келет, а сиз мага тамак бергиңиз бар...
- Быякта ушундай. Айтып койсоң, ресторандагыдай даярдап
дарыланган акыңа кошулат. Айт, эмне бышыртайын?
келет. Баасы
- Кереги жок. Силер өз көнгөнүңөр менен болгула, мен өз көнгөнүбүздү жасай
албасам да, оорукананын тамагына курсак тойгузуп, жаман атты болгудай алым
жок. - Кардым ачып турса да, а жерде тердеп-кургап, тамак ичип отуруштан
тартынып, тамашалаган болуп кутулдум.
- Кыйнабайм, көнгөнүңдөй бол, - Азамат Алтай күлүп тим болду. Бул азыр
эмес, кийин бир күнү болгон сөз.
Эми болсо, тагыраак айтканда, Азамат Алтай жатып калгандын эртеси
ооруканасына келгенде биринчи көргөнүм: күзгүдөй жаркыраган тазалык.
Курорт да андай болбос бизде. "Киймиң чеч, халат кий" деген эч ким жок.
Регистратурадан фамилиясын айтсаң, колуңа "Алтай” деген пластмасса
карточканы карматып, кийрип жиберет экен. Кечки саат сегизге чейин
оорулуунун чамасына жараша сүйлөшөсүңбү, маа десең, ыр жазып же ооз ачпай
жалдырап отура берсең да өз эркиң. Куда кааласа, күндөрүм текке кетпечүдөй
үмүттөндүм. Палатада Азамат Алтайдан башка дагы бир картаң чал жатыптыр.
Ахвалы оор, тил сүйлөбөйт, бизче айтканда кыркыроо кирип калыптыр. “Биз
кеткенче өлбөй тура тургайле” деп, ичимен кооптонуп турдум. Анткени, бала
чагымдан өлүктөн корком. Маңдайында кемпири, эки балдак менен бел-көчүгүн
сүйрөп араң баскан бойго жеткен шал кызыбы, небересиби, экөө момурап
отурат.
Азамат Алтай биз келгенге көңүлү ачыла түштүбү дейин десем, өңүнө кызыл
жүгүрүп, бир соткенин ичинде сергип калган түрү бар.
- Мен бүгүн жакшымын, Сание, башымын ооруганы да басылды, - Азамат
Алтай биз менен учураша элек жатып, жакшы жагын айтты. Анан мага карата:
- Бексултаным, зеригип аткандырсың? - деп койду абалымды билгендей.
Палатада ар бир сыркоолуунун маңдайында бирден телевизор, жанында бирден
телефон турат. Азамат Алтайдын сакалын эртең менен медсестра кырып
бериптир.
- Сание, көз айнегимди, сакал алгычымды, дагы аны-мунуларымды унутпай
жеткизип берсеңер. Медсестрага сакалымды күндө кырдырып отурганым
жарабас, - Азамат Алтай бир нерсени элестетип алып, каткырып күлдү. - Бу
кайдан жүргөн ынсапсыз абышка дебейби, Сание, - анан күлбөй, - Түндө мына
ушу күйбөй өчүп турган телевизордон атам экөөбүз тиккен эки терегимди,
карындаштарымдын кичинекей курагын, эки теректин ортосунда селкинчек
тээп ырдаган келиндеримди, балдарын, дагы Рахманкулду көрдүм. Көрүп
корктум, - деди да, өлгөн Рахманкул хандын арбагынан корккон түрү деле
жок, өзү жыргап күлдү.
- Көзүңүзгө көрүнгөн экен да, демек... - мен ары жагын айтуудан тартындым
да, - галлюцинация, - деп койдум.
- Иэ, көрүнчү бу. Бирок о жерлерди мен өмүрү көрбөстүрмүн, - деди да, улутунуп
алып, дароо кошумчалады: - А, мүмкүн, Сание экөөбүз барып да калаарбыз,
буюрса...
- Ни дидиң?- байбичеси үңүлө калды.
- Буюрса, элге барып калаарбыз дейм, - деди Азамат Алтай көңүлдүү.
- Ким? - деди аялы эңкейип.
- Сен экөөбүз, Санием, - Азамат Алтай даана айтты.
- Иншалла! - деди жеңе.
- Оозуңуздан ушу жакшы сөз биринчи жолу чыкты окшойт, ээ, аба? - мен
толкундана түштүм.
- Иэ, иэ! Эмнеге болбосун, буюрса, барып калаарбыз, - Азамат Алтай
кыялындагысын гана эмес, чынын кошо айткандай болду.
Мен ичимен тобо кылдым. Ушу сөзүнөн айныбаса экен деп тиледим. Бирок бу
киши айтканынан кайтпаган адамдай сезилип атат мага. Айтор, эмнеси болсо
да, буга чейин мага эл-жерге барбайм деп, караманча кашайганына караганда, бу
сөзүндө кандайдыр бир жылыш болгонсуду...
Азамат Алтайдын сөзү башкача эле го, ошондо ындыны таптакыр чөгүңкү эмес
беле! Ооруканага жөнөөрүндө мени жанына отургузуп алып, жашоо
кордугунан көрө өлгүсү келээрин, эми “кара жердин алдына бара берсе
болоорун” айтып, мени ыңгайсыз абалга салган. Бүгүн кудайга шүгүр! Сөзү да,
көңүлү да таза. Мүмкүн, кечээги айтканы оорунун таасиридир, жаны
кыйналгандагы алсыздыктыр? А балким, көкүрөгүн такай өйүгөн кусалык, элжердин кусалыгы анын көзүнө ажалдын элесин келтирип, ээрчитип турмайы
бардыр? Андай болсо, канча жылдар бою ошого моюн бербей, тынымсыз
таймашып келатыштын өзү да урмат-сыйга арзый турган сапаттыр дедим
өзүмчө.
Кээ бир кишинин ким экени бир-эки баарлашкандан кийин эле билинип калат
да, сүйлөшчү сөзүң түгөнүп, кызыгың таркайт. Андай адамдан кача да
баштайсың. Азамат Алтайда чети оюла элек толгон сыр, кызык ойлор
жаткансыйт. Эми аны чала угуп, чала сүйлөшүп алып, кыйраткансып Бишкекке
жетип барсам, өмүр бою чийки май жегендей, өкүттө болоорум шексиз.
Ооруканада деле сүйлөшө берүүгө, иштей берүүгө мүмкүн экенин керсөм деле,
атүгүл "буюрса, элге барып калаарбыз” дегенинен кийин деле, баары бир,
ооруканада кайсы жарытылуу иш бүтсүн деген көңүлүмдөгү көңдөйлөнүү
жазылбады.
Ошо көңдөйлөнгөн бойдон эртеси ооруканага дагы барсам, кечээ эс-учу жок,
кыркыроо кирип жаткан чал туруп жүрүптүр. Аң-таң калдым:
- Ой, аба, бу абышка кечээ эле өлмөк киши эмес беле, басып жүрөт ко?! - десем,
Азамат Алтай:
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Aзаттык менен демократиянын жарчысы - 18