Latin

Эй, бу Куйручук - 17

Общее количество слов 3180
Общее количество уникальных слов составляет 1532
27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
бая эле алып келбедиби. Алып кет! Кыбыраган сүйрөткү!..
(Келин алып келгенин көтөрүп чыгып кетет).
Кылжыр (ордунан ыргып туруп). О жараткан, пендем десең шыпаа кыл!.?
(Манчаларын арбайтып, бир нерсе кууп келе жаткандай. Жибекти тегеренип басат).
Азыткынын эпкини, чык! Жиншайтандын эпкини, чык! Көзү көрбөс, кулагы укпас, жытты
ылгабас, акты билбес, ашынган ыплас дарт, чык! (Чөгөлөй отура калып, шамды карай
тизелеп кууйт). Мына, силерди карай баратат. Алаканыңарды кенен жазгыла! Тоскула!?
Шамга жакындагыла?! Мына, мына, отту карай баратат! Тоскула! Жакындагыла! Мына,
мына!.. (Ушул учурда чөйчөктөгү күйгөн шам «дүп» эте атылып, от жалындай түшөт.
Тизелеп отургандардын баары чалкасынан кетишет. Кыйлага тыным. Баардыгы өңалеттен
кетип, коркуп калган түрлөрү бар.) О жараткан, шыпаа кылдың. Шүгүр, .шүгүр!.. Дартты
кармадык. Эпкиндин күчү өлчөөсүз күчтүү экен, кандай болуп күйгөнүнөзүңөр көрдүңөр
го. Я жараткан, шыпаа болду, шыпаа болду.
Б о р у к ч у. Айтканыңыз келсин, олуям! Шабото (эсин жаңы жыйып). Кудая тоббо!
Көргөн көзүмө ишенбейм... Күчүңүз күч экен, жарыктык!..
Кылжыр (колун жаңсап). Тек! Менден эмес, кудайдан, пендем...
Кудайберген. Олуям, сакалыңыздын учу күйүп калыптыр.
Кылжыр (сакалын сылап көрүп). Эч нерсе эмес, бул жакшылыктын белгиси.
(Борукчуга, мактанычтуу). Болду. Тилегиң кабыл келди, бай. Бизден күткөнүңүздү
бердик, эмки кезек Сизде... (Калп күлөт). Байбичең сакайып кетет. Эртең көзүн ачып
калат, буйруса.
Борукчу (кубанып). Айтканыңыз келсин, олуям! Сизден тартуумду аябайм! (Сыртка)
Эй, кымыз алып келгиле! Олуям чарчады. Суусады. Жутсун. Суусунун кандырсын.
(Кымыз көтөрүп келген келинге). Тамагыңарды тездеткиле.
К ы л ж ы р. Эми бул үйдөн эртерээк кетели. Сыркоо тынч эс алсын. Мен эртең менен
келип, дагы дем салам.
Борукчу (карбаластап). Жарайт, олуям! Тамак. Кымыз жутуңуз?
Шабото (Кылжырга кымыз куюлган кесе сунат). Келиңиз.
Кылжыр (Кудайбергенди тигиле карап). Берегн бала кайдан келген?.. Берчи ушул
балага! Кымызга сугу өтүп кетти.
Шабото (Кудайбергенге кымызды сунуп жатып). Бул бала баятан бери бизге жардам
берип жүрбөйбү. (Ушул учурда Кудайберген колуна тийген кымыздытартып жиберип
кайра сунат).
К ы л ж ы р. Дагы бергиле! Тойсун. Анан биз ичели. Бул баланын сугу күчтүү экен.
(Кудайберген экинчи кесени тартып жиберип кайра сунат).
Б о р у к ч у. Туура байкадыңыз, олуям. Бул баланын шүйкүмү бузук, көзү жаман
(Шаботого). Башка кесеге кымыз куй!..
К ы л ж ы р. Бул балага дагы бергиле!
Шабото (Кудайбергенге төртүнчү кесени сунуп жатып). Дагы канча кеселик курсагың
бар?
Кудайберген (тартынбай). Жетимдин курсагы жети кабат имиш, жетөөнү ичем.
Б о р у к ч у. Ой ырыскешигиңди ичкир!
Кудайберген. Антпеңиз, сыркоого сообум тийет,
бай.
Кылжыр (кыжаалаттана). Бергилечи ичсин.
Шабото (Борукчуга). Байке, жеңемдин аманэсен сакайып кетиши үчүн, ушул бүгүн
пейлиңизди кенен салыңызчы?!.
Кудайберген (акырын кесени тартып жиберип). Мына, жети кабат курсагым толду.
Эми ичпейм.
Шабото (күлүп)., Азаматсың жетимчем, өлбөсөң киши болосуң.
К у д а й б е р г е н. Ошону өзүм билип, өлбөскө аракет кылып жүрөм. Элге аркамды
тийгизейин дейм.
Б о р у к ч у. Ой купшундаган жетим. (Баары мыскылдуу күлгөн болушат. Сырттан
келин кирип, колго суу куя баштайт).
Кудайберген (ыргып туруп). Мага бер, жеңе. Сууну мен куюп жиберейин.
(Кудайберген суу куят, тигилер күңкүлдөп бата берген болушат). Башканы аясаңар дагы,
жетимдерден жакшы батанарды аябагыла. Ал бизге ат мингизгендей демөөр болот.
Шабото (күлүп). Тилегиң кабыл келсин, жетимчем. К ы л ж ы р (мыскылуу
жылмайып). Бул шум бала экен.
Кудайберген. Жок. Менин максатым шумдануу эмес. Ар бир айткан сөзүмдү, жасаган
ишимди рн эки мүчөмдөн, алтымыш тамырымдан, мээмдин эки миң бөлүкчөсүнөн сыгып
чыгарам. Аным ташка тамга баскаит дай так болсун дейм. Сиз дагы ошентесизби, олуям?
Болбосо, баятан бери шумданып, эки жакка секирип, жерди сабап, дем салып
жаттыңызбы?
Кылжыр (ачуулуу). Тек патчагар! Кудайта күнөкөр болосуң!
Ш а б о т о (ыңгайсыз күлүп). Бул жетимчеде эс бар. (Кудайбергенге). Кана, эми этти
туурап жибересиңби?
Кудайберген. Туурабагандачы! Жалаңкычтай туурайт эмесминби.
К ы л ж ы р. Жалаңкычтай дейби?.. (Кудлйбергенди жактырбай тиктейт. Анан
толорсукту чүкөсү менен омуруп ыргытат). Карма, толорсугун же!..
Кудайберген (илип алып). Жебегендечи! Аталуу бала кулак жейт. Атасы жок
жетимдер, жерде жаткан туяк жейт. Толорсук жакшы эмеспи, каргыш өтпөйт. Чүкөсү оң
экен. (Койнуна салып)., Ушуну менен жүз чүкө болду. Оңолорума жакшы деп, оң
чүкөлөрдү чогултуп жүрөм. Ыракмат! Мага тилегениңиз өзүңүзгө тийсин. Пейлиңизден
табыңыз, олуям!..
Борукчу (калп күлүп). Көңүлүңүзгө албаңыз, олуям. Бул бала өөдүксөөдүк сүйлөй
берет.
Кылжыр (Кудайбергенди жактырбай карап). Этти жалаңкычтай туураса бизди кошо
туурап коюп жүрбөсүн, бай. Бул баланы эшикке чыга тур десеңчи? Биз өзүбүз эле туурап,
тынчыраак жейли.
Борукчу (Кудайбергенге). Барчы кагылакын? Эшикке чыга турчу? Коноктор кеткенден
кийин кел...
Кудайберген. Мейли... (Эт салынган табакты көтөрүп ордунан турат).
Борукчу. Ал эмнең? Коюп кой, бала?!
Кудайберген. Жалаңкыч куру кетпейт. Андан калса жалаңкыч жалгыз эмес (жөнөй
берет).
Б о р у кч у (Кудайбергендин этегинен тартып). Коюп кой, табакты, жубарымбек!
Кудайберген (сыртка). Жалаңкычтар, келгиле!? (Сырттан Сейит чуркап кирип келет.
Кудайберген колундагы табакты кармата койгондо ал кайра чыгып
кетет. Борукчу Сейитке умтулганда Кудайберген бошонуп, экөө сыртка качышат.
Шабото бырс күлөт).
Борукчу (ачуулуу). Эмнеге күлөсүң, шалтурук! Кармабайсыңбы?!.
Шабото (кебелбей). Акырын байке, шерменде болосуң...
К ы л ж ы р (кызаңдап). Бул эмне деген маскаралык?!
Ш а б о т о. Ачууланбаңыз, олуям? Бул жетим айылга таанымал. Биздин Көкүмбай
болуштун жакын тууганы болот. Мындан жаман иштерди жасаганда дагы тийгизбей
койгон. Бул үчүн ачуу көрсөтпөйлүк...
К ы л ж ы р. Чийдин түбүн үңкүр кылып казып алган ушулбу?
Ш а б о т о. Ошол бала ушул... Сөзүндө эми бар дешет...
К ы л ж ы р. Иии де... Тукумда кеп бар тура...
Борукчу (күнөөлүдөй карбаластап). Айып этпеңиз, олуям? Кайра казан астырып
жиберейин?
К ы л ж ы р. Жок, Мына бу буйруганды жеп, аттанамын. Калганын эртең... эртең
сүйлөшөбүз. (Алар устуканын мүлжүп, сүйлөшкөн болуп отурушканда сахна күңүрттөйт.
Жарык авансценада турушкан Сейит менен Кудайбергенге түшөт. Сейит жиликти мүлжүп
жатып кыткылыктайт) .х
Кудайберген. Сен эмне күлөсүң?
С е й и т. Билбейм... Бирок, иттей күлкүлүү болду ээ? «Жалаңкыч жалгыз эмес» деп сен
мага табакты кармата салганда Борукчу мага жетем деп, арча салынган табакка чалынып,
хихихи... Сеннн сөзүң иттей күлкүлүү болду, хихихи...
Кудайберген. Болду. Жөн же!.. Күлкүлүү эч нерсе жок. Биз бирөөнү күлдүрөлү деп
жүрөбүзбү? Түшүнчү!? Арнамысты сакташ үчүн, адамдай жашаш үчүн, акыйкатчындык
үчүн, анан да кара жанды багыш үчүн аракет кылып жүрөбүз, ыраспы?
С е й и т. И, ооба...
Кудайберген. Анда эмнебиз күлкүлүү? Арыжок киши күлкүчү болот. Күлбөй жүр.
Өзүңдү өзүң маскаралаба! Ак ниетиң менен жасаган ишиңе өзүң күлсөң оозумурдуң
кыйшайып калат, билдиңби?
Сейит (алаңдап). И, ооба, макул... Күлбөйм.
Кудайберген (ойлуу). Анык тамашаны эми баштайм.
Сейит. Эмне?..
Кудайберген. Борукчу азыр олуясын узатканы сыртка чыгат. Анан,.. Сен алыс кетпей,
үйдүн сыртынан тыңшап тур!
С е й и т. Эмнени?..
Кудайберген. Аны шашпай түшүнөсүн...
Ушул учурда Кылжыр коштошуп сыртка чыгат. Жарык үйдүн ичине түшөт.
Кылжырдын артынан Шабото, Борукчу кошо кетишет. Төшөктө жаткан Жибек жалгыз
калат. Кудайберген шып кирип барып, эртең менен мүрзөдө сүйлөгөндөй үн менен
сүйлөйт).
Эже, эртең менен мүрзөдө сизге көрүнгөн мен болчумун. Коркпой эле коюңуз, ал
арбак эмес. Угуп атасызбы? Көзүңүздү ачсаңыз, мына мен болчумун. Тааныдыңызбы?
(Жибек жаткан калыбынан кыймылдабайт. Кудайберген койнунан тизмедей кылып
бышык кайышкатизип алган жүз чүкөнү сууруп чыгат да, колуна орой кармап, жуурканды
сыйрып жиберип, кыймылсыз жаткан аялды жамбашка тартып жиберет).
Ж и б е к (селт эте башын көтөрүп, экилене кыйкырат). Айий! Сен кимсиң, чечек?1
Кудайберген. Куучуң болом. Тур өйдө! Эмне экиленесиң? (Экинчи жолу тартып
жиберет).
Ж и б е к (экилене кайра кыйкырып, тура калууга аракет кылат да, кайра эси оогондой
төшөккө кулайт). Өлдүүм!..
Кудайберген. Өлүмдөн калдың, тур өйдө! (Чүкө менен удааудаа тартып жиберет).
Эшикке сүйрөп чыгам, тур өйдө!
Жибек (төшөктөн башын көтөрүп). Өлүгүңдү көрөйүн бейит, атандын акысы барбы,
менде?!.
Кудайберген. Өлүгүмдү сага көрсөтпөйм. Уулуңду ала жат дейсиң да, мен көрүнө
койсом, жан талашыл качасың. Ал аз келгенсип, эртеден бери экиленип, сүйлөбөй, элдин
баарын дүрбөтөсүң. Анткорлонбой тур өйдө! Болбосо азыр эшикке сүйрөп чыгып,
мүрзөнүн жанындагы окуяны элге кыйкырам. (Бутунан кармап сүйрөй турган болот).
Ж и б е к (анткорлоно). Ай, ай, чечек! Жеңесине кантип ушундай одоно мамиле
жасасын. (Ойкуштана, куру күлүп). Сен эми өйдөтөмөндү түшүнүп калган жигитсиң да...
Кудайберген. Ойкуштабай тур өйдө! (Чүкөбаштык менен дагы тартып жиберет). «Ала
жат балам» деп анткорлонгонуңду танасыңбы?
Жибек (жуурканга жашына тыбырап). Жок, садагаң кетейин! Танбайм, болду?.. (Ушул
учурда Борукчу кирип келип көргөн көзүнө ишенбей, аңырайып карап калат. Кудайберген
чүкө баштыгы менен сабап кирет, аял ордунан туруп, үйдүн ичин тегерене качат).
Кудайберген. Жүз койдун оң чүкөсү, жиншайтанды кууп чык! Мени кылбай убара,
жиншайтанды кубала? Чык! Чык!
Жибек (жалынып). Болду, кагылайын, болду?!
Кудайберген. Сүйлөдүңбү?
Ж и б е к. Сүйлөдүм...
Кудайберген (Борукчуну тикирейе карап). О ыштансызым, күнөө сенде экен. Үч
күндөн бери аялынды арбактар сыртка чыккан маалда бейитке апарыпсың. Жандуу дарт
ошол жерден жугуптур. Аны жашырып, калп айтып, кудайга күнөкөр болдуң.
Б о р у к ч у. Аны кантип билдиң, чычым?
Кудайберген. Көзүң айтып турат. Мына, азыр мага ишенбей, атамдын арбагына шек
келтирдиң. Ырас айтамбы бай?..
Б о р у к ч у. Жок, шүмшүгүм...
Кудайберген. Аялыңды айыктырганымды көрүп турасыңбы, бай?
Борукчу. Ал сенин колуңдан келген жок, моло!
Кудайберген. Эмесе угуп тур, ыштаны жок?
Б о р у к ч у. Ыштаным жайында, шүмшүгүм...
Кудайберген. Таар шымыңды чечип көрчү, бай? Шыпыра албайсың... Азыр мен аны
элдин алдында шыпырам... Үч күндөн бери аялынды ээрчитип бейитке барып
жүргөнүңдү, аялың «ала жат балам» деп экиленгенин, эртеден бери элге «үйдө жатып
тилден калды» деп калп айтканыңды кыйкырам. Анда да тансаң, өмүр бою аялың
кыймылдабай шал болот. Өзүңдүн эки көзүңдү чеч басып жетелеткенге киши таппай
каласың. Малмүлкүң талаага чачылып, өлгөндө өлүгүндү жер албай, сөөгүң
каргакузгунга... (тескери бата тарта турган болот. Борукчу чөгөлөй калып колун кармайт).
Б о р у к ч у. Ай, ай баатыр, антпе? Анткндей мен...
Кудайберген. Аялындын айыгышын чын элетиледиң беле, бай?
Борукчу. Тилебегендечи! Ушунун алдында менин кеткеним жакшы эмеспи,
кагылайын!
Кудайберген. Анда азыр менин айтканымды аткарасыңбы же...
Б о р у к ч у. Айтып көрчү...
Кудайберген. Демек, аялыңды айыктырганыма ишенбей турупсуң да?.. (Үйдүн ичин
айландыра карап). Өз убалың өзүңө... Жалынса да сөзүңдү кайра укпаймын... (кыйкырып).
КараКулакШер, кайдасың?! Келчи!?
Борукчу (чөгөлөп, жалынычтуу). Айай, балам, кыйкырба? Элге мени уят кылба?..
Ж и б е к. Кыйкырба, садагам?.. Чын эле сенин колуң тийгенде эсиме келе түштүм.
Азыр куландан соомун. Айтканыңды аткарабыз. Мүрзөгө барганыбызды элге айта көрбө?
Жалгызымдын арбагы тынч жатсын.
Б о р у к ч у. Ошент балам. Каалаганыңды кылалы. Ырас эле колдогонуң бар окшойт,
байбичеме шыпаа болду. Таарынчың болсо кечир, садага болоюн?..
Кудайберген. Айтканыңар чынбы?
Экөө жарыша. Кантип калп айталы...
Кудайберген. Андай болсо, үстүмө чепкен жаап, башыма суусар тебетей кийгизип,
төргө төрт бүктөп төшөк салып, үстүнө мени отургузгула.
Борукчуу. Бол, кемпир, кыймылда. Сенин сакайып калганыңа жетине албай
турбаймынбы! Тебетей жерге кирсин...
Кудайберген (Борукчуга). Азыр сен эшикке чыгып мына мындай деп жар айткын! О эл,
уккула! Жакшылап уккула! Кемпириме жандуу дарт тийип, Кылжыр бакшыны чакырдым
эле, эм түшпөдү. Азыр эле көз ачып жумганча өзүбүздүн балабыз Кудайберген куландан
соо сакайтып койду. Кудайбергенди биз байкабай жүрүппүз, көрсө көзү ачык, оозунда эми
бар олуя жаралган турбайбы! Мен ага ишендим. Кемпирим айыкты, калайык! Келип
көргүлө?! Азыр Кудайберген менен кемпириме арнап ак боз бээ соём, батасына келгиле!?»
деп кыйкыргын. Ошентип да, ак боз бээңди жетелеп келип, бата тиле. Макулсуңбу, бай?..
Б о р у к ч у. Макулмун, кагылайын...
Жибек (Кудайбергендин үстүнө чепкен жаап, башына суусар тебетей кийгизип,
төрдөгү төшөктү көрсөтөт). Отурагой садагасы?.. (Кудайберген төшөккө отурганда
шыбырап). Биздин мүрзөгө барганыбызды элге айта көрбө?..
ҮЧҮНЧҮ КӨРҮНҮШ
Кудайберген (укпагандай,сыртка). Сейнт кайдасың?
С е й и т (кирип келип, төрдө чыкчырылып отурган курбусун көрүп, ишенбегендей). Бу
сенсиңби?..
Кудайберген. Сейит!.. Керегедеги камчыны ал! Сыртта байланып турган Борукчу
байдын жоргосун мингин дагы Көкүмбай абама барасың. Ал кишиге менден салам айтып,
болгон окуяны төкпөйчачпай түшүндүрөсүң. Эмнени айтаарды билесиңби?
Сейит (мукактана). Ббилем го...
Кудайберген. Анан ак боз бээнин батасына чакырып жатат дегин. Түшүндүңбү, мени
чакырып жатат деп айт!..
Ж и б е к (шыбырап). Менин «ала жат уулум» дегенимди айттыра көрбө?
Б о р у к ч у (карбаластап). Болуш келсе уят болобуз го... Камкашек... Я байбиче...
Кудайберген (Сейитке). Жөнө! Тез кел! (Сейит арты менен жылып чыгып кетет.
Кудайберген оңжагын аяр сылап). О, келдиңби, КараКулакШерим! Баардыгы ойдогудай
болду. Жийде байбичени жеңил айыктырдың. Борукчу бай сенин касиетинди эми сезип,
жолубузга Ак боз бээни чалганы турат... Жок, жок, кутманым, сен бар үчүн менин
оозумда эмим бар. (Жанын аяр сылап кадыр эсе кеңешет. Борукчу менен Жибек ооздорун
ачып аңырайып карап турушат).
* Жибек (күйөөсүнө шыбырап). Ким менен сүйлөшүп жатат?
Борукчу (шыбырап). Акылынан адашса керек...
Кудайберген. Борукчу бай. Келме келтир!.. И ошент... Мына ушул ниетиңде тур.
Көнүлүңдү бузба, айыбын тартасың... Жакшы, жакшы... Үйгө ырыскы толду. Ушул
оюңдан жазба Бар эми эшикке чыгып элге жар айта бер. (Борукчу сыртка кетет. Сахна
күңүрттөйт. Калың жылкынын дүбүртү угулуп, алыстан жележорто келаткан КараКулакШердин элеси көрүнөт. Көшөгө жабылат. Борукчунун элге жар айтканы угулуп
турат).
Көшөгө
ТҮШҮНҮКТӨР
Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ. Эл жазуучусу. «Жазуучулар арасында», «Борбаш
куудулдун үйүндө», «Куйручуктун Шабдан баатырга жолукканы», «Караңгыдагы шам же
Куйручуктун кудайдан казан сураганы», «Жолунар шыдыр болсун!», «Малай ажы менен
маек», «Байга жаналгыч көрүнгөндө» деген аңгеме, баяндарды жазган. («Күлкү жана
өмүр» китебинен). Китебинде жалпы гана бир тема болгондуктан, аталган темалар
түзүүчү тарабынан коюлду.
Шүкүрбек БЕИШЕНАЛИЕВ. Эл жазуучусу. «Кудайберген», Куйручук менен Түкбаш»
деген макала, баянды жазган. («Кшргыз маданияты» гезитинен).
Буудайбек САБЫР уулу, жазуучу. «Куйручуктун аңгемеси», «Турпандан келатканда»,
«Куйручуктун ар кыл жоруктарынан» деген баяндарды жазган. (Гезитжурналдардан, ;Эл
куудулдары» деген китебинен). Бишкек шаарында жашайт.
Шакин ЭСЕНКУЛОВ, жазуучу. «Куйручуктун белеги» деген аңгемени, «Жалаңкыч
жалгыз эмес» деген пьесаны жазган. (Жазуучунун өздүк архивинен). Жумгал районундагы
Чаек кыштагында жашайт.
Эркалы ӨСКӨНАЛЫ уулу, жазуучу. Ушул китептин жаратманы. «КетменТөбөгө
сапар», «Алтын баш жөнүндө баян», «Райымбектин ашында», «Үч жолу тозокко
түшөсүң», «Канаатты ыза кылганы», «Өкүрүгүмдү бер», «Куйручуктун карышкыр чаап
алганы», «Бу кунаажын сойкулуктан жадабайт», «Алты жыл бутум баспады», «Түтүк
түгөткөн сүт, Түтүн чыккан мүрзө», «Кожомкул менен Бөлтүрүк», «Мерген болбой куруп
кал!», «Туура бийде тууган жок», «Маскөөдөн да алыс, кайра келбейм» деген баяндарды
жазган. Жумгал районундагы Чаек кыштагында жашайт.
Аманжан АЖЬШАЙ уулу. «Көнөчөктөгү каймак», «СарыБулуцга барганда деген
баяндарды жазган. Жумгал районундагы Өрнөк айылында жашайт. Баяндар
адабиятташтырылып, кайра жазылды.
Абдыхалил МОЛДАЛЫ уулу. «Эл аралагын», «Калык ырчыга бээ бердиргени»,
«Чүйгө конокко барганда», «Айтылып калчу иш болду», «Куйручук менен Касымалы»,
«Жанакенин сөзү», «Деректирдин таң калганы», «Сен айнысаң, мен да айныдым»,
«Куйручуктун аялэаты тууралуу айткандары» деген баярдарды жазып берген. Жумгал
районундагы Чаек кыштагында жашайт. Баяндар адабиятташтырылып, кайра жазылды.
Бексултан АРЫКОВ. «Жети ышкын», «Карчыга менен чучуктун окуясы», «Өлгөн адам
тирилгенде», «Чойбек болушка сын бергени», «Куйручук менен сот», «Болдомочуларды
сындаганы», «Дукөнчүдөн карыз кездеме алганы», «Эй, бул Куйручук» деген баяндарды
жазып берген. Баяндар адабиятташтырылып, кайра жазылды.
Бейманжан ИСАК уулу. «Үч ачка», «Жыгылып да байге алган» деген баяндарды айтып
берген. «Ала жат балам», «Калтар тебетей», «Калый байды коркутканы», «Турусбек
манапты сабаганы», «Кутурган адамды айыктыруу», «Куйручук тилеген бала»,
«Найманбай ырчы менен беттешүү» деген баяндарды жазып берген. Жумгал районундагы
Куйручук айылында жашайт. Баяндар адабиятташтырылып, кайра жазылды.
Отунчу НОГОЙБАЙ уулу. «Куйручуктун кулактыктан кутулушу», «Куйручукка
адамдардын бересе болушу» деген баяндарды жазып берген. Жумгал районундагы Чаек
кыштагында жашап, көзү өттү. Баяндар адабиятташтырылып, кайра жазылды.
Кедейкан СУЛТАНОВ. «Шабдан менен макулдашуу», «Куйручуктун баласымын»
деген баяндарды жазып берген. Жумгал районундагы Кайырма айылында жашайт.
Баяндар адабиятташтырылып, кайра жазылды.
Токтосун БЕЙШЕНАЛЫ уулу. «Усубалы мергенчинин айтканы», «Олда, Жумаш ай!»
деген баяндарды жазып берген. Жумгал районундагы Кызарт айылында жашайт. Баяндар
адабиятташтырылып, кайра жазылды.
Сейит АРЗЫМАТОВ. «Үч эрдик» баянын жазып берген. Жумгал районундагы
Кайырма айылында жашайт. Адабиятташтырылып кайра жазылды.
Абдыкожо ЖАРБАНАЛЫ уулу. «Куйручукту сөөгө албай...» баянын жазып берген.
Жумгал районундагы Куйручук айылында жашаит.
Кадырбек ЭГЕМБЕРДИ уулу. «Жылгыс кылып тушадым», «Өлгөн сен эмес тирүү мага
отун жок», «Бычактары жалаңдаган коноктор», «Соодагер сартты коркутканы»,
«Касымалы бийди чокуга чапканы» деген баяндарды айтып берген. Жумгал ранонундагы
Арал айылында жашайт.
Нуралы ЖЕКШЕНКУЛ уулу. «Айтканы жазем кетпегеи» баянын жазып бсрген.
Жумгал районундагы Кайырма айылында жашайт. Кайра жазылды.
Сабырбек КУЛМАНБЕТОВ. «Керемет жөнүндө кеи», ;Жазуучуларга сын бергени»
баяндарын айтып берген. Жумгал районундагы Чаек кыштагында жашап, көзү өттү.
Кампа ЖАПАРКУЛОВ. «Анжыянга сапар», «Кызыл өгүз, көк соко» баяндарын жазып
берген. Жумгал районундагы ТашДөбө айылында жашайт. Баяндар адабиятташтырылып,
кайра жазылды.
Манапбай КЕРИМБАЕВ. «Батаны Куйручуктан сурагыла», «Байзак баатырга токол
алпергендс», «Ушуну айта баргын» деген
баяндарды жазган. («Кыргыз маданияты гезитинен»), Бишкёк шаарында жашайт.
Багымбүбү СУЛАЙМАНОВА «Уулун уста болот» деген баянды айтып берген. Жумгал
районундагы Чаек кыштагында жашайт.
Кудайберген КАРЫМБАЕВ. «Кочкорго ашка барганда», «Сөз жөнүндө сөз»,
«Куйручуктун конокторду тамашалаганы», «Атанды каргап өлтүрөм», «Куйручукка
Шаршендин келгени» деген баяндарды жазган. Ардагер мугалим, эки китептин автору.
Жумгал районундагы Чаек кыштагында жашап, көзү өткөн. (Баяндар аньм өздүк
архивинен алынды).
Касымалы БЕКТЕНОВ. «Жуушаң менен боорго саям». «Куйручук» (1966) деген
китептен. Көзү өткөн.
Жапар КЕНЧИЕВ. «Ак тандайлар арасында», «Токтобубү токол, томпой ооз жигит»,
«Кошоктун пайдасы», «Метрейдин сөзү», «Керээз» деген баяндарды жазып берген.
Бишкек шаарында жашайт.
Абдысалам ОБОЗКАНОВ. Кыргыз улуттук ИАсынын ага илимий кызматкери.
«Куйручук атка конгону», «Токмоктогу күндөр», «Көбөгөндун такыбалары», «Зоболонун
көтөрүлүшү», «Күн качан ачылат», «Башын сатып алгам», «Манасым барда кайда болсо
коном», «Жалаа», «Супатайдын тоюнда», «Чоң манаптарга сын бергени», «Таласка
барганда», «Эки мин сом», «Мыпардын ашында», Куйручуктун опузасы» деген баяндарды
жазган. Булардан сырткары ИАнын фондусундагы Абдыкалык Чоробаев жазып
тапшырган («Кош Куйручук!» «Куйручук өлгөндөгү келининин кошогу», «Бакачы
катындын кошогу») материалдарды китепке сунуш кылган. Бишкек шаарында жашайт.
Кубат ОСМОНБЕТОВ. «Куйручуктун чон өнөрпоздорго сын бергени» деген баянды
жазган. («Кыргыз маданияты» гезитинен). Бишкек шаарында жашайт.
Каныбек АЖЫМҮДҮНОВ. Куйручуктун «Эл үркүн» аттуу ыр баянын Куйручуктун өз
уулу Мукаттан жазып алган. Бишкек шаарында жашайт.
Алтымыш АШЫРАКМАНОВ, «Жаңайлак Кыдыр», «Ыйык бала» деген баяндарды
жазып берген, Бишкек шаарында жашайт.
Жолочу САДЫБАКАСОВ. «Беш каманга жолукканда» деген баянды жазып берген.
Жумгал районундагы ЧоңДөбө айылында жашайт.
МАЗМУНУ
КИТЕП ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
КУЙРУЧУК АТКА КОНГОНУ
ЖАЗУУЧУЛАР АРАСЫНДА
КУДАЙ БЕРГЕН
КУЙРУЧУКТУН БАЛА ЧАГЫ
КӨНӨЧӨКТӨГҮ КАЙМАК
АЛА ЖАТ, БАЛАМ
ЖЫЛГЫС КЫЛЫП ТУШАДЫМ
БЫЧАКТАРЫ ЖАЛАҢДАГАН КОНОКТОР
ЭЛ АРАЛАГЫН
ЖЫҢАЙЛАК КЫДЫР
КУЙРУЧУК ЖИГИТ КЕЗИНДЕ
КӨБӨГӨНДҮН ТАКЫБАЛАРЫ
ӨЛГӨН СЕН ЭМЕС, ТИРҮҮ МАГА ОТУН ЖОК
КАЛЫЙ БАЙДЫ КОРКУТКАНЫ
АЙТЫЛЫП КАЛЧУ ИШ БОЛДУ
КАСЫМАЛЫ БИЙДИ ЧОКУГА ЧАПКАНЫ
ТУРУСБЕК МАНАПТЫ САБАГАНЫ
СООДАГЕР САРТТЫ КОРКУТКАНЫ
ШАБДАН МЕНЕН МАКУЛДАШУУ
ЗОБОЛОНУН КӨТӨРҮЛҮШҮ
КАЛТАР ТЕБЕТЕЙ
ЖУУШАҢ МЕНЕН БООРГО САЙЧУМУН!
КҮН КАЧАН АЧЫЛАТ
БАШЫН САТЫП АЛГАМ
КЕТМЕНТӨБӨГӨ САПАР
РАЙЫМБЕКТИН АШЫНДА
АК ТАҢДАЙЛАР АРАСЫНДА
НАЙМАНБАЙ ЫРЧЫ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮ
КУЙРУЧУК МЕНЕН КАЛМЫРЗА ЫРЧЫ
БОРБАШ КУУДУЛДУН ҮЙҮНДӨ
КУЙРУЧУК МЕНЕН КАСЫМАЛЫ
КУЙРУЧУКТУН ШАБДАН БААТЫРГА ЖОЛУККАНЫ
ЧҮЙГӨ КОНОККО БАРГАНДА
БАЙЗАК БААТЫРГА ТОКОЛ АЛПЕРГЕНДЕ
ЭЙ, БУ КУЙРУЧУК!
МЕН СЕНИ МИНИП БАРДЫМ
ЖАЛАА
МАНАСЫМ БАРДА КАЙДА БОЛСО КОНОМ
СУПАТАЙДЫН ТОЮНДА
ЖЫГЫЛЫП ДА БАЙГЕ АЛГАН
АНЖЫЯНГА САПАР
ӨЛГӨН АДАМ ТИРИЛГЕНДЕ
ЖЕТИ ЫШКЫН
КАРЧЫГА МЕНЕН ЧУЧУКТУН ОКУЯСЫ
КАНААТТЫ ЫЗА КЫЛГАНЫ
ЧОЙБЕК БОЛУШКА СЫН БЕРГЕНИ
КУЙРУЧУКТУН МАНАПТАРГА СЫН БЕРГЕНИ
ТАЛАСКА БАРГАНДА
«БЕШ КАМАНГА» ЖОЛУККАНДА
ТУУРА БИИДЕ ТУУГАН ЖОК
ЭКИ МИҢ СОМ
СЕН АЙНЫСАҢ, МЕН ДА АЙНЫДЫМ
БУ КУНААЖЫН СОЙКУЛУКТАН ЖАДАБАЙТ
КУТУРГАН КИШИНИ АЙЫКТЫРУУ
БАТАНЫ КУЙРУЧУКТАН СУРАГЫЛА!
КУЙРУЧУКТУН АҢГЕМЕСИ
КОШОКТУН ПАЙДАСЫ
ӨКҮРҮГҮМДҮ БЕР!
МЫПАРДЫН АШЫНДА
МАЛАЙ АЖЫ МЕНЕН МАЕК
БАЙГА ЖАНАЛГЫЧ КӨРҮНГӨНДӨ
КУЙРУЧУКТУН АР КЫЛ ЖОРУКТАРЫ
КУЙРУЧУК МЕНЕН ТҮКБАШ
КАРАҢГЫДАГЫ ШАМ, ЖЕ КУЙРУЧУКТУН КУДАЙДАН КАЗАН СУРАГАНЫ
ТУРПАНДАН КЕЛАТКАНДА
КЫЗЫЛ ӨГҮЗ, КӨК СОКО
КАЛЫК ЫРЧЫГА БЭЭ БЕРДИРГЕНИ
УШУНУ АЙТА БАРГЫН!
КОЧКОРГО АШКА БАРГАНДА
ЖОЛУҢАР ШЫДЫР БОЛСУН!
КУЙРУЧУКТУН КУЛАКТЫКТАН КУТУЛУШУ
КУЙРУЧУККА АДАМДАРДЫН БЕРЕСЕ БОЛУШУ
ҮЧ АЧКА
КОЖОМКУЛ МЕНЕН БӨЛТҮРҮК, ЖЕ КУЙРУЧУКТУН КАЛЫСТЫГЫ
СӨЗ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
КУЙРУЧУКТУН КАРЫШКЫР ЧААП АЛГАНЫ
ЖАНАКЕНИН СӨЗҮ
ДЕРЕКТИРДИН ТАҢ КАЛГАНЫ
КУЙРУЧУК МЕНЕН СОТ
КУЙРУЧУКТУН КОНОКТОРДУ ТАМАШАЛАГАНЫ
МЕРГЕН БОЛБОЙ КУРУП КАЛ!
ҮЧ ЖОЛУ ТОЗОККО ТҮШӨСҮҢ
УСУБАЛЫ МЕРГЕНЧИНИН АЙТКАНЫ
ОЛДА, ЖУМАШ АЙ!
САРЫБУЛУҢГА БАРГАНДА
МЕТРЕЙДИН СӨЗҮ
БОЛДОМОЧУЛАРДЫ СЫНДАГАНЫ
ДҮКӨНЧҮДӨН КАРЫЗ КЕЗДЕМЕ АЛГАНЫ
КУЙРУЧУКТУ СӨГӨ АЛБАЙ...
КУЙРУЧУКТУН БАЛАСЫМЫН
КУЙРУЧУК ТИЛЕГЕН БАЛА
УУЛУҢ УСТА БОЛОТ
АЙТКАНЫ ЖАЗЕЛ КЕТПЕГЕН
АТАҢДЫ КАРГАП ӨЛТҮРӨМ
ҮЧ ЭРДИК
КУЙРУЧУККА ШАРШЕНДИН КЕЛГЕНИ
КУЙРУЧУКТУН ЖАЗУУЧУЛАРГА СЫН БЕРГЕНИ
ЫЙЫК БАЛА
КЕРЕМЕТ ЖӨНҮНДӨ КЕП
АЛТЫН БАШ ЖӨНҮНДӨ БАЯН
КУЙРУЧУКТУН АЯЛЗАТЫ ТУУРАЛУ АЙТКАНДАРЫ
АЛТЫН СОГОНЧОК, ЖЕЗ ШЫРГЫИ
АРКАР ЭМЧЕК, АГЫЛГӨИ ТАРАЗ
АК КӨРПӨ ЖАИЫЛ
АК ЖООЛУК ДЕЛБИР
ЖАЙЫЛ ДАСТОРКОН
ЖАБЫЛУУ КАРА ИНГЕН
БАШ КОИКОҢ
ДҮНҮЙӨКӨЙ ТОТУ
ДҮР КАБАК ЧАБДАР
АЙ ЧЫРАЙЛУУ, АЧА ТИЛ
ЭЧКИ САН ТЫИТАК
СУУ МУРУН СӨПӨК
МАСКӨӨДӨН ДА АЛЫС, КАИРА КЕЛБЕЙМ
КЕРЭЭЗ
АР КЫЛ БАЯНДАР
КОЮКУЙРУЧУК!
КУЙРУЧУК ӨЛГӨНДӨГҮ КЕЛИНИНИН КОШОГУ
БАКАЧЫ КАТЫНДЫН КОШОГУ
«ЖАЛАҢКЫЧ ЖАЛГЫЗ ЭМЕС»
БИРИНЧИ КӨРҮНҮШ
ЭКИНЧИ КӨРҮНҮШ
ҮЧҮНЧҮ КӨРҮНҮШ
ТҮШҮНҮКТӨР
Адабий көркөм басылыш
ЭЙ, БУ КУЙРУЧУК!
Аңгеме, баяндар
Элден жыйнаган
Эркалы Өскөналы уулу
Редактору К. Жидеева
Басманын редактору А. Макешов
Сүрөт редактору 3. Мидинова
Тех. редактору М. Курбанбаева
Корректору Р. Сакелова
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов