Latin

Эй, бу Куйручук - 02

Общее количество слов 3840
Общее количество уникальных слов составляет 2346
28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Ооз бастырыгына үстүңдөгү чепкенге кошо ат мингизем — дейт Шабдан.
Куудулдун шарапаты менен кулкутандар кара ашка союлган этке тоюнушту. Эл
оозунда элек жок. Шабданды кантип коркутканы дароо тарабаспы. Мунусу сыпайыраак
тамашалоо. Ал эми залимирээк, мытайымыраак төбөлдөрдү алсак, кетментөбөлүк
Керимбайды, кочкорлук Канаат ханды, куланактык Касымалыны, атбашылык Казыны,
көлдүк Чыныбайды ж. б. сараң сасык байлардын жагымсыз, кунаса жорукжосундарын
келекелеп, ырайымдуулук, ызаат, айкөлдүк, кайрымдуулук сындуу касиеттерге чакырып,
жуйөөгө жыккан, уяткарган окуялары арбын.
Куйручуктун куудулдугун арттырган касиеттин дагы бири — адамдын сырт келбети
менен ички маңызын (албетте, тиешелүү кишиге, ыктуу учурда), абалкы Санчы, Толубай
сынчылардын жөрөлгөсүн улантып, таамай мүнөздөмө аркылуу сүрөттөгөнүндө. Өңгөнү
коёлу, өз аймагынын азуулу манабы, мартабасы артып арааны жүргөн Көкүмбайды сынап
бер, сенин жалтанбас, адил, кыраакылыгынды байкайлы дешип дөөгүрсүгөн кыйла
манаптар бир жыйында кысмакташат. Куйручук эч тартынбастан Көкүмбайды. бадырая
тиктеп туруп минтип сынаган: «Маңдайы жазы, балбан төш жолборстой мараган, көзунүн
асты менен караган, имерилип кайтадан элин кайсаган, канча жесе тойбогон, жардыга
жарты кашык аш арттырып койбогон, букараны камырдай жууруган, бүркүт кабактуу,
мүнүшкөрлүк адаттуу, кан тырмактуу, кара жемсөө залимдин бирөө. Анын эмнесин
сынайын».
Куйручуктун чынчылдыгына, таасын аныктоосуна кыбасы канган манаптар бир ооздон
жактырышканда Көкүмбай да аргасыз күлө багып, ичинен тыныптыр. Куйручуктун эр
жүрөк, эл намысын көтөргөн баатырлыгынан кайпыта сөз кыпчыйлы. Аш, тойлордо
айтылуу лөк балбандар менен кармашууга далайлар жүрөк заадаланып даабаган
учурларда Куйручук шымаланып чыгып, а тургай айла, илээ менен бирде букача жер
чапчып булт коюп, мант бердире чарчатып, бирде ашынган атаандашынын көзүнө насбай
бүркүп, же топурак, кум чачып карайлатып жыккан жоруктары эл оозуна айтылуу, кагазда
жазылуу. Баатырлык, ыкмачы балбандыгы жагынан элдин, мыктылардын батасын алган.
Бул жаатында Куйручук өзү 1938жылы гезитке жарыяланган эскерүүсүндө 27 жашына
чейин 18 жолу күрөшкө түшкөнүн айткан.
Куйручуктун даңазасын толуктаган касиеттин мыктысы — акындык дарамети. Анын
айтыштарга түшкөнү, жарчы болгону, «Манас» айтканы белгилүү. Болгондода атактуу
Найманбай, кара жаак ырчы Калмырза менен айтышып, жеңген аңазалары талашсыз.
Кыскача, мисал келтирели. Найманбай менен Суусамырдагы жыйында айтышкан.
Солтонун манабы Чолпонкулдун шыкагына бөлөнгөн Найманбай өз тарабын мактап,
саяктарды кордоп, анысы аз келгенсип өзүн көтөрө чалып:
— Мен Балыктын уулу Найманбай,
— Кудай берген жел сөздү
— Мен айта берем ар кандай.
— Бир сөзүмдү карасаң,
— Сөөмөй менен сайгандай,
— Бир сөзүмдү карасаң,
— Каргылуу кара тайгандай — деп опурулат.
Куйручук да жооп иретинде өз жагын жактап, солтолордун кемтигин чукуп, бирок
кайраштырбоого, ынтымакка үндөп:
— Саякты кордоп кетесиң,
Солтону зордоп нетесиң.
Айбанмын деп көп айттың,
Айбан болсоң чөп салам.
Тайган болсоң бок салам,
Сенин ичиңе эми чок салам,— деп
жайлоодо чогулган элдин шатырашатман колдоосу менен мөрөйу үстөмдөйт.
Калмырза менен айтыштын жөнү мындайча. Шабдан Мекеге жөнөөрдө Токмоктогу
мечиттен кошбеш айтышып узамакчы болуп, ар дубандын мыктыларына алдынала күн
болжоп кабарлайт. Мыктылар чогулушат. Байзактын тобунда Куйручук да келет.
Чогулгандарга Шабданды, Сарбагышты мактап Калмырза заңкылдайт:
Аман барып, аман кел,
Ак боз бээни жүз сойсо,
Атын Шабдан жүз койсо,
Казак менен кыргыздан
Алды чыкпас сендей эр...
Адигине уруунун
Арбагы ооган катынга,
Анын эмнесин айтам батына,
Пайдаң тийип турчу эле
Алты болуш саякка,
Окус көзүң өткөндө
Пааналашат каякка?..
Куйручук ызаланып жулунат. «Калмырза өзү ким? Тентип, кумарпоз болуп жүргөнүн
козгоп, оозун бас кылайын» — дейт. Байзак тыят: «Ашыкпа, кези келет. Кудай жолуна
аттанган Шабданды тынч жөнөтөлү».
Кийин Көтмалдыда топ болот. Ошондо да Калмырза ырдап, бугу, саяктарды кемсинте
шыбыргактатат. Ошондо теминген Куйручукту Байзак: «Эми ортого чык. Баягы мен
айткан кезек эми келди. Катыра кайтар жообуңду»,— деп жөнөтөт. Куйручук анын айбын
чукуп, качан болсо Шабдан жакты мактап, башкаларды кордогонуңду койбодун, ырк
бузаар чагымчылсың деп жаалуу капшырат. Калмырза айтышууга жутунат. Куйручук:
«кел айтышалы, анан күрөшөлү, ооз омуртканды омкором» — деп опурулат. Шабдан
токтотот. Чыныбай Шабдан менен Байзактан өтүнүп калыстыкка чыгып, ортодогу Куйручуктун ок колунан, Калмырзаны чакырып сол колунан кармап туруп, экөөнүн ырын
териштирип, Куйручуктуку жүйөөлүү экендигин далилдеп акча уучтатат. Мындан кийин
асылышпай ырдашкыла деп ажыратат.
Айланчыктап барган Калмырзага Шабдан да нааразыланган имиш: «Ар качандан бир
качан уятка калтырасың, качан мени макта, башкалардын мыктыларын жаманда дедим.
Акыры өзүң топто сындын. Насаатчыл ырчылыкка өтчү мындан ары».
Куйручук акындык өнөрдү ыйык, асыл касиет катары урматтаган. Ооз көптүрмө кур
жамак, кунарсыз сөз кураштырамыш этип, биринен сала бири өтүп жарылдаган ырчы
сөрөйлөрдүн тизгинин кагып, Кетмен-Төбөдөгү бир ашта Куйручук төмөнкүдөй
шаңкылдап тыйган:
О Түнкатар, Түнтөй журт экен,
Түтүнү сайын ырчы экен.
Төрт болуш элде ырчы мен,
Биздин Жумгал тынч экен.
Куйручук акындардан Токтогулду барктаган. Тоголок Молдо менен көзү өткөнчө
азилдеш, сырдана катышын үзбөгөн. Өзүнөн кичүү Калыктын ырчылыгын, чынчылдыгын,
Багыштын манасчылдыгын жактаган.
Куйручук жашында гана эмес, кадырбаркка карк толгон кезинде да капшапка
капталып, куугунтук, ыза, кордук көргөн. Баарыга кызмат өтөөчү элдик таланттардын
душмандары, кордоочулары ачык да, астыртан да кол салуудан тартынбайт. Тап күрөшү
айтышкан советтик социалисттик түзүлүш чыңалып жаткан, 30жылдардын башында калк
шайыры Куйручукту «кезегинде бийлөөчүлөрдү жандаган, оокаты тың» деп кулакка
тартышкан.
Калк кастарлаган Куйручукту андай ызалоодон атактуу акын, коомдук ишмер,
партиянын Кыробкомунун мүчөсү Аалы Токомбаев 1934жылы Кочкор, Жумгалга
партиялык тазалоо өнөктүгүнө топтун жетекчиси болуп барганда таланган мал-мүлкүн
кайтарып, мүңкүрөгөн абалын ондоп, кулактыктан куткарат. Бул окуяны элден,
Жумгалдагы кадырман мугалим, кечээ жакында гана көзү өткөн Кудайберген
Карымбаевден (ошондо А. Токомбаевге шериктеш болгон) иреттүү уккам. Аалыке өзү да
эки мертебе кандайдыр адамга, болгондо да өнөр кесибиндегилерге жакшылык кылуунун
кайтарымы өзүнөн болбосо да акыйкаттан, башка бирөөлөрдөн жасаларын акылмандык
канаттануу сезим менен айтканын күндөлүгүмө түшүрүпмүн, эсиминен да чыкпайт.
Өзгөчө Куйручукту кулактан куткаргандан кийин экинчи ирет жолугушуусу кызык
болгонун, көңүлүнө жылуу илеп чөгөргөнүн бериле баяндоочу Аалыкем. Көрсө Куйручук,
биринчиден, адамдык ыраазылык парзын туйгузса, экинчиден, сезимтал кадырлуу акынга
өмүр бою оюнан чыккыс сынсыпат аныктамасын айткан экен. Ал мындайча.
А. Токомбаев узакка созулган азаптуу, ушакайыңдуу, талаштартыштуу партиялык
катарды (коммунисттерди) тазалоо Кочкордо аяктап калганда жолдоштору менен атчан
Кызартты ашып, Жумгалга сапар тартат. Капысынан туу жондо күбөлөнгөн ак тон кийген
Куйручук тосуп чыкпаспы. Жергесине Аалынын келерин бирөөлөрдөн укканбы же
сырлуу жарыктык божомолдоп туйганбы, кантсе да табышмактуу, ызаттуу жолугушту.
Жылуу учурашып, ашуудан ылдыйлап, шар аккан терең сууну жиретип алга "кечүү
баштаган Куйручук жалт карап Аалыга сүймөнчүк менен баарына угуза: — Өкүттө калган
чөлдүн бүркүтүндөн болгон кагылайын!— дебеспи.
Ат жалында, ээрде шаңкайган, ошондо отуздагы келишимдүү Аалы азаматтын
бүркүттөй, болгондо да чөлдүн кыраан, алгыр, тумшугун жанып, өкүттөсүн кандырууга
шукшурулуп көккө атыларын, демек, олжосу али алдыда ченсиз, кыраан талантты
каймана мааниде келиштире, эркелете сынсыпаттаганын кара!
Сырт дидар менен ички дараметти чакмактай, элестүү, жасемдебей баалоо олуя чалыш
Куйручуктун баамчылдык касиетинен болуу керек. Анын сыноосунан жеке Аалы эмес,
кийинчерээк 1938жылы өнөрпоздордун олимпиадасы убагында алдыңкылардан аталган
кыргыз жазуучуларынын кыйласы таанышууга, бир чети сынатууга үстүнө кирип
учурашып, өз сыпаттарын угушкан. Албетте, дароо көпчүлүккө маалымдалган. Бу саам
сыналган үчөөнө гана токтололу. Шайдоот, чечкиндүү, кажарлуу Кубанычбек Маликовду
— «арабанын четки атындай жулкунган азамат», мүнөзүнө жарашаталанты толкупташып
буркулдаган Жоомарт Бөкөмбаевди — «чуудалуу буурадай дуудар чач эргулум»,
оюнкараак, тамашакөй, жайдары окторулган Касымаалы Жантөшевди — «кагылайын, сен
энеңдин ичинде кантип жаттың экен?» — деп жардангандарды күлкүгө карктантып,
ооздон түшкүс, айтылып каларлык, ар кимине мүнөздүү сапаттарды дал таап сын берген,
касиеттүү Куйручук. Ырас эле жогоркулардын жүрүмтурумунда, келбеттеринде Куйручук
далдап айткан сыпаттоолор даана банкалчу.
Арийне, ар бир зор талант сыяктуу эле Куйручук бүткүл калкыбызга таандык.
КУЙРУЧУКТУН БАЛА ЧАГЫ
Алты жыл бутум баспады
Кудайберген — Куйручук эмчектеги кезинде итий менен сыркоолоп, дарты өтүшүп
кетип, муунжуүнгө түшүп буту баспай калат. Апасы айылчылап же бир жакка жумуштап
кеткенде төшөгү кургак турсун үчүн атайын жасаттырган чонураак бешикке уулун бөлөп
кетуүчү болот.
Айыт күнү экен. Алты жаштагы Кудайбергенди курсагын тойгузуп, баягы бешигине
бөлөп апасы айыттап кетет. Көпкө узабай коңшу айылдан айыттап жүргөн кызкелиндер
шарактап үйгө кирип калат. Үй ээн эле.
— Айт маарек болсун!..
— Ботом эч ким жок го...—дешип шыңкылдашат. Аңгыча Кудайберген бешиктен
башын чыгарып, «Силердин да айтыңар маарек болсун!»— дептир чоң кишини
кичирейтип койгонсуп. Тиги кызкелиндер саамга делдээ калышып, анан чурулдап үйдөн
качып чыгышат.
...Кантип коркушпасын, бешиктеги «ымыркай бала» көз ирмемде чоңоё калып, сүйлөп
жатса...
***
Кудайберген алтыга толуп, жети жашка оогондо буту бассын деген тилек менен
атаэнеси ырымжырым жасайт. Айылдын четиндеги ээн коктуга баланы алпарып таштап,
бир үйүр жылкыны туштуштан жапырып, үркүтүп аны көздөй айдашат. Дүпүрөп,
тебелечүдөй болуп келаткан жылкылардан коркуп Кудайберген тура калып чуркап кетет.
Аркан бою чуркап барып кармана албай кайра жыгылат. Ушундан кийин азаздан таяк
менен басканга жарап, үч айдан соң өзү биротоло басып калат. Кийинчерээк, жетиге
чыкканда мунусун айылапага жамактап ырдайт:
Абайлап уккун жашкары,
Алты жыл бутум баспады.
Атаңдын көрү бечел деп,
Атакем бир күн коктуга,
Алпарып мени таштады.
Алымбайдын жылкысы,
Айгырлары алышып.
Кулунтайы жарышып,
Жампайып жаткан шордууну,
Жалпайтып кете жаздады.
Ошондо чыккан туугандар,
Мынабу эки буттун таскагы —
деп элди күлдүрөт.
Карыжаш эрмектеп «ээ Кудайберген баягы ырыңды айтып койчу?» — дешсе,
тартынбай ырдап берет.
Кудайберген тогуз жашында апасынан ажырап калат. Ошондо:
Кайсактап издеп таппадым,
Кайгырып көздү жаштадым.
Кагылайын апаке ай,
Каргадай жалгыз жетимди,
Какшантын кимге таштадың?
Элеңдеп издеп таппадым,
Эчкирип көздү жаштадым.
Эмине кылам апаке ай,
Эрмегиң жалгыз мен элем,
Эми кимге таштадың? —
деп кошуп, өзү менен кошо элди дагы ыйлаткан экен...
түтүк түгөткөн сүт, түтүн чыккан мүрзө
Энесинен эрте ажыраган Кудайберген атасынын жакын тууганы Чыныбийдин үйүндө
башпааналап жүрүп калат. Козуулак кайтарат. Талаадан чоң капка тезек терип үйгө
ташыйт. Чыныбийдин аттарын сугарат, жемчөп берет. Эшикэликти шыпырат. Уй, эчки
саагандарга жардам берип, музооулактарын салып берет. Айтор, түйшүгү түмөн.
Түнкүсүн жаткан орду эски боз үйдүн бир жак капшыты. Чыны акеси малжандуу, бардар,
зобололуу адам. Бирок, жетим иниси менен анчалык иши жок. Көңүл салбайт. Жанын
жанга уруп, жамбашын жерге уруп үйдөгү, сырттагы жумуштарды ынтаасы менен
бүткөрүп турса дагы Кудайберген анын аялы Айымбүбүгө жакпай койду. Ушундан
уламбы, көп учурда чала тоют болуп, курсагы куркурап турат.
Ошондой күндөрдүн биринде Кудайберген жакшы амал ойлоп тапты. Суу жээктеги
жоон камыштан кесип, түтүк жасап алды. Эл кызуу уйкуга киргенде ошол түтүгүн алып,
акырын жылып чыгат, Чыныбий аялы экөө жаткан ак өргөөнүн бир ыптасы чий каланган
ашкана экенин жаземдебей билет. Ашканада чарачара бышкан сүт болоору да ага маалым.
Боз үйдүн туурдугун саал өйдөлөтүп түрөт дагы, баягы түтүгүн кереге көздөн чарадагы
сүткө сойлотот. «Курсак ток, кайгы жок» деп, кымыңдап кайра барып, өзүнүн
төшөнчүсүнө кирип кетет.
Эртең менен Айымбүбү чыгдандын ичине баш багып чоочуп алат. Таң калат.
«Капырай, бу эмнеси? Сүт кыйла бөксөрүп, каймагы бузулуп калыптыр... Кызыгың
түшкүр... Эшик деле байлануу болуучу. Бу эмнеси? — дейт ою онго бөлүнүп. Эртеси,
анын эртеси да ошондой болду. Чыныбийге айтсамбы дейт. Казанаяк катындын жумушу
эмеспи деп кагып салабы деген ойго кетет.
...Ортодо үч күнү чыгдандагы сүт абалкысындай бузулбай турду. Бирок, үч күндөн
кийин кайра да эки ирет удаа кайталанды. Айымбү эми корко баштады. «Шумдугуң кур!
Деги бул эмне деген сыр, эмне жышаан? Жакшылык эле болсо экен...» Акыры чыдабай
эрине айтып көрсө, мурда ойлонгондой кагуу жеп калды. Эл кеп кылып жүрчү ар түрдүү,
коркунучтуу имиштерди эстеди. Түндөсү чыгданды көзөмөлгө алуудан да чочуду.
Айылападагы кемпиркесектерди чакырып баабээдин жасады. Жок. Бул ырымы да жардам
бербеди. Эки-үч күнү тынчып калат деле, чарадагы мелт-калт сүтү кайра бөксөрөт.
Арачолодо Кудайберген дагы бир жаңы жоругун баштады. Козу-улак кайтарып
жүргөндө, тезек чогултканы барганда жолдон обочо калың мүрзөнүн дал жанындагы
топтошуп өскөн чийлерди түбү менен омкоруп, улам кичинеден көңдөйлөтүп каза берди.
Эртеликеч бош боло калгандагы эрмеги ошол. Арадан он чакты күн өтүп, жер алдындагы
жашыруун кепе дагы даяр болду. Үстүнө талчырпыктан жаап, чымдан калыңдап,
топурактан жок билгизбей таштап, түтүн чыккыдай тешик калтырып, өзү сойлоп киргидей
ооз жасап, түптүү чийди омкоруп эшик жапкыч кылып, айтор, оюндагысындай «үйгө» ээ
болду.
Келим-кетими, коногу көп Чыныбийдин үйүндө кой-козу тынбай союлуп турат. Ал
тургай апта кур болбой, тай да союлат. Жоон топ коноктор келсе бээ союлган күндөр
болот. Кудайберген момурап жүрө бербеди. Союлган койкозулардын керчөө,
шыйрактарын, бирден-экиден жилик эттерин билгизбей жер үйүнө ташып келип жүрдү.
Кээде жылкынын чучугун апкелип, баканга илип же унталканга солоп сүрсүткөнгө да
үйрөнүп алды. Тамакашы бапыраган эмелер муну кайдан билсин. Шек алышпады. Ал эми
Кудайберген чычымдын дайыма курсагы ток. Жер үйүнө жамбаштай жатып, күндүзү
жегени шишкебек, кээде сүрсүгөн чучук. Түнкүсүн нчкени сүт.
Чарадагы сүттүн баймабай бөксөрүп турганы Айымбүбүнү жедеп жүрөк заада кылып
бүттү. Акыры кудайарбактарга багыштап куран окутайын бир ылаажы болоор деп чечти.
Атайы молдо чакыртып, айылдагы карыкартаңдарды алдырды. Бир жандык мал сойдуруп,
этин бышырып мүрзөгө келишти. Жаңы эле тасмал жайылып, молдо куран окуй
баштаганда үстү ачык эски мүрзөнүн жанындагы үч түп чий түбү менен кошо кыймылдап,
сексеңдеп калбаспы... Шамал деле жок. Бардыгы эле карап калышты. Чийлер чын эле жер
менен кошо кыймылдап жатат. — Шумдугуң кур ай! Дагы эмне балээси...— деп
Айымбүбү ойлогучакты болбой жер алдынан итче улуган үн угулду. Бардыгы келме
келтирип, элеңдей орундарынан тура баштаганда мышыкча чаркыраган үн чыгып, баягы
чийлер түбү менен өйдө көтөрүлүп, жер алдынан түрү суук арбактын башы көрүндү.
Дыркырап баары качып жөнөштү...
Шумдуктуу кабар тез эле айылдын баш аягына тарады. Айыл ичи уудуу, күбүршыбыр.
Көбүртүпжабыртьш, кошмолоп кеп кылгандар мындан көп. Эми ар бир үй мүрзөгө келбей
эле үйүйдөн арбактарга куран окута баштады.
Бул окуядан үчтөрт күн өтпөй дагы бир табышмактуукабар угулду.Эки атчан баягы
эле мүрзөнүн жанынан өтүп келатышып, эски көрдөн кадимкидей бурулдап түтүн
чыкканын көрүшүптүр. Элдин үрөйү учуп, башы маң. Кудайга жалынып, тобо
келтиргендер, куран окуткандар көбөйдү. Акыры айыл аксакалдары кеңешип, дагы бир
жолу түп көтөрүлө көрүстөнгө барып кудай жолуна, арбактарга ак боз бээни курмандыкка
чалууну эп көрүштү.
...Молдо кырааты менен куран окуп жатты. Көпчүлүк кыбыланы карап, алакан жайып,
бата кылды. Бу жолу элдин арасында Кудайберген да бар эле.
КӨНӨЧӨКТӨГҮ КАЙМАК
Куйручук бала кезинде бир байдын үйүндө козу байлап, кой саадырышып, тезеккуурай терип жүрүп калат. Күндөрдүн биринде баягы байдын үйүнө кудайы конок болуп
кадырлуу киши келип түшөт. Конокко бай чоң урмат көрсөтөт. Козу сойдуруп, кымыз
чайкатып өздөрүнчө конок үйүндө күтүмүн келиштирет. Маек куруп кечке жанында
болот.
Куйручук кирипчыгып оокат жасап, кеч киргенде от жагып, ага улам куурай таштап,
жарык берип турган болот. Ушу убакта баягы конок Куйручукту тиктеп: — «Бай тетиги
балаңдын көзүндө кеп бар» — дейт. «Жок коногум, баламда кеп жок» — дейт бай. Ага
болбой коногу мурдагы сөздөрүн кайра кайталап, байды ишендирүүгө тырышат. «Бул
киши менин көзүмө асылды да калды, буга бир сыр көрсөтөйүн» — деп Куйручук ичинен
толгонуп калат.
Бай менен айылдаш бир жесир кемпир боло турган. Ал кемпир абдан тажаал, беймаал,
чатак чыгарганга өтө жакын киши болучу. Куйручук ошону эсине алат. Ал аңгыча зт
желип, чай ичилип дегендей жатаар маал келет. Керели кечке кымызга, этке, майга нык
тойгон конок башы жаздыкка тиер менен уйкуга кетет. Ошол кезде Кукең акырын эшикке
чыгат да, кемпирдин үйүнө шырп алдырбай кирип, кереге башында илинип турган
көнөчөктү каймагы менен көтөрө чыгат. Кайра келип коноктун колдорун, оозун, сакалын
каймак менен аябай майлап, калган каймакты көнөчөгү менен жанына коёт да, ордуна
келип жатып алат.
Эртең менен болот. Бай эрте туруп, даарат алууга киришкенде, баягы кемпир
бакырыпөкүрүп байга келет.
— Ой тынччылыкпы? — деп делдейет бай.
— Кайдан тынччылык болот! Баягы сенин куураган куу жетимин көнөчөктөгү
каймакты көтөрүп кетиптир! — деп чырылдайт кемпир.
Бай «көрөлүчү» деп түндүк жабууну кайра тарттырып, кемпир экөө боз үйгө кирип
келишет. Келсе, көнөчөк коноктун төшөгүнүн жанында турат. Аны кемпир көрө салып:
«Катыгүн бай, каймакты коногуң өзү жеген тура»— дейт дагы алаканын шак коюп эшикке
чыга качыптыр. Алардын бакылдагы менен конок ойгонот. Бай коногун карап, «Оо кудай
урган түндө тойгон жок белең? Уят эмеспи» — деп чыгып кетет. Ак жеринен күйгөн
конок башын көтөрүп: «Ой жашабагыр десе, бу эмне кылганың ыя?» — дейт. Кукең
болсо, «Өзүң жеп алып анын эмнесин мага айтасың» — деп култуюп жатып алыптыр.
АЛА ЖАТ, БАЛАМ
Субан деген байдын жалгыз баласы өлүп калат. Энеси Калыйча баласына кыркашы
берилгиче эле чоң күмбөз салдырып, айланасын коргондоттурат. «Балакатка жетелек
балага, неге мынча опсуз жумуш кылышат?» — деп эл да жактырбайт аларды. Бул аз
келгенсип, Калыйча күн сайын эртең менен көрүстөнгө барып, күмбөздү кучактап «ала
жат, балам, ала жат» — деп ыйлай берчү адат табат. Агатуугандары, абысынажындары,
молдотбакшылар кой десе болбойт. Ай айланса дагы Калыйча бул өнөкөтүн койбойт.
«Капырай ыйлап атып, эми тирилтип алмак беле... ой, обу жок катын!» — дешип айылападагылар жаман көрөт аны.
Бул кабар Куйручукка угулат. «Кой, Калыйчаны экинчи ошоякка баргыс кылайын»
деген ойго келип, бир күнү көрүстөнгө андан мурда барып ак кездемеге оронуп,
бетибашына топурак сүйкөнүп алып, күмбөздүн бир капшытына жатып алат.
Аңгыча Калыйча келип, күмбөздү кучактап: «ала жат балам» — деп ыйлай баштайт.
Бир топ убакыт өткөн соң ыйлапыйлап башын көтөрөт. Ушул маалда ак кийимчен сөлөкөт
«Апаапа! Келиңиз! Келиңиз, ала жатайын» — деп колун сунуп аны көздөй басат. Калыйча
бир бакырып алып, арт жагын карабай качат. Үйүнө
келип, өналеттен кетип жыгылат. Тилден калат. Байдын заманасы куурулуп
«байбичемден дагы ажыраймынбы?» — деп чочулайт. Садага чаптырат. Куйручук да
түлөөнүн этинен эл менен кошо жеп билмексен жүрө берет.
Калыйча он чакты күн төшөктө жатып, араң тилге келет. «Ала жат балам» деп айткыс
болот.
ЖЫЛГЫС КЫЛЫП ТУШАДЫМ
Кетмен-Төбөдөгү шоңколордун айылынан бешалты киши Чыныбийдин үйүнө конокко
келет. Кудайбергенди кечинде аттарды тушаганга жумшашат. Аттарды алып жөнөгөндө
коноктордун бирөө:
— Айланайын эртең издеп убара болбойлу, жылгыс кылып тушай көр! — дейт.
— Уктуңбу, Кудайберген? Жылгыс кыл! — дейт Чыныбий дагы тигинин сөзүнүн
удулун бекемдеп, эч нерсени таназар албай.
— Макул акелер! Жылгыс кылайын...— деп Кудайберген аттарды алдына салып, оттуу
жерге алып барат. Анын «жылгыс кыламын» деген жообуна алиги конок дагы, Чыныбий
дагы маани бербей кала беришет.
Кудайберген аттарды тушап отурбай эле, макисин алып чыгып, баарынын тең
толорсугун «чыртчырт» кесип салат.
Эртеси «коноктордун атын алып кел» десе, жылгыс кылып салгам, кантип апкелем деп
барбай коёт. Чыныбийдин ачуусу тарагыча, качып кетет. Аттарды алганы келишсе баары
тең бир орунда тегеренип чын эле жылбай калышыптыр.
...Айласы кеткен Чыныбий конокторунун ар бирине бирден ат мингизип, айылдарына
жөнөтөт.
Кудайбергенди тилдесе: — Андан артык кантип жылгыс кылам? Тушаган ат жылмак
тургай, кош аяктап секирбейби... Өзүңөр айткандай кылдым да — дептир ал жооп берип.
БЫЧАКТАРЫ ЖАЛАҢДАГАН КОНОКТОР
Дагы бир күнү Чыныбийдикине алыстан сыйлуу коноктор түшөт. Казан асылып, чай
ичилип, кымыз сунулуп дегендей, конок ырасымы жасала баштайт. Кудайбёргён эшикте
эт бышырып, самоорго чай кайнатып, кээде үйгө баш багып коноктордун чоожайын
байкап, кызмат кылып жүргөн болот.
— Эй жигит, эт быштыбы? — дейт бир маалда үйгө баш баккан Кудайбергенге
меймандардын бири.
— Бышайын деп калды аке — дейт ал.
— Эмесе тезде. Эртең эрте жолго аттанабыз, айланайын! Суупууңду ырастай бергин —
деп аны баласынтат. Баласынтканы ошол да... Кыргыздын адатсалтында келген конок
казанаякка кийлигишпейт. Конок каадасы менен отурат. Бул, бир чети ошол үйдү
сыйлагандык да эмеспи.
Бала болсо дагы баарын жакшы түшүнгөн Кудайберген «булардын өздөрүнө жараша
иш кылайын» деген ойго келет. Эт али быша элек, казанда. Бирок, Кудайберген кумган,
чылапчынын көтөрүп кирип, коноктордун колуна кыдырата суу куят. (Ал кезде коноктор
эт кесип жей турган бычактарын өздөрү ала жүрүшчү экен). Бычак, макилерин кошо
жууп, табак тартылаарын күтүп, даярданып олтуруп калышат. Эт мына тартылат, жок.
Ана тартылат, жок. Чай кайнам убакыт өтөт. Коноктордун чыдамы кетет. Бири-бирин
карап, бул эмне кылгандары дегендей кыязда эшик жакты улам карап олтура беришет.
Бычактары колдорунда. Эт желмейинче, кайра чөнтөккө салган дагы салтта жок. Айтор,
айлалары түгөнөт. Бир маалда «кандайсыңар коноктор» деп Кукең үйгө атайы баш багып
коёт.
— Ыя айланайын тамагың кана? — дешет тигилер чыйпыйы чыгып.
— Колуңарды деги жууп алдыңар, отура тургула эт бышсын, бышканда жегиле, акелер
деп Кудайберген эшикти жаап салат.
Аңгыча Чыныбий келип: — Конокторду байкап чыктыңбы? — деп сурап калат. —
Байкадым. Бычактарын жалаңдатып олтурушат, баары тең жарынып өлчүдөй болуп,—
дейт Кудайберген. «Бул дагы эмне балээ баштады» деген ойдо үйгө кирсе, чын эле баары
тең бычактарын колдоруна кармап олтурушуптур. Конокторго сыр бербей
Кудайбергендин жоругуна Чыныбий аргасыздан күлгөн болуптур.
***
Мунуң дайыма сизди элге уят кылып жүрөт. Ушундан кутулбайсыңбы? дешчү экен
Чыныбийдин агатуугандары. «Жайына койгула. Болойр бала бешигинде булкунат.
Баралына келгенде Кудайберген баарыбыздан кыйын чыгат» деп Чыныбий аларды тыйып
коёт.
ЭЛ АРАЛАГЫН
...Ошондо кичине жылдын келиши катуурак болуп, араң эле чынкурандын
жаңырышына жетти.
Куйручук жаздан тарта ашканада ийленип, ышка коюла элек эркеч чаначтын ичиндеги
куйкаланган ириктин санын, төрт кабыргасын, бээнин бир чучугун, чоң кесим жалын
көрүп жүргөн. Көптөн бери эле май жыты кылган буудай жарманы сүт катыктап ичишип,
кээде жупка жасап жеп калышчу. Бирок, тиги эттен таптакыр салышчу эмес. Байдыкына
дал ошол жутамчылыкта экөө тең суусар тебетейчен, ат жабдыктары мыкты эки жигит
келип түшүп калат. Куйручук чуркап келип аттарын алып, мамыга байлай коюп, эшик
ачып киргизди. Бай тура калып, аялы төргө көлдөлөң сала коюп жакшы кабыл алышты.
(Ал кезде кыргыздын салты боюнча конокту сүйбөсө ошол үй ээси айып тартуучу).
Бай эшикке чыгып Куйручукту чакырып «тигини кармачы, муну кармачы» — деп,
бешалты субай жандык карматты эле, бири да бычакка илинээр эмес, баары эле бака экен!
Аңгыча ал аялы менен кобураша түштү. Аялы «согумдуи этинен ооз тийсин деп
атайын арнап сактап койдум эле» деп күйөөдөгү кызынын атын айтып жатканын угуп,
Куйручук: — кайран байым туура айтат, жанагы бакалардан көрө ошол сүр эле сонун да
— деп, ичинен кымыңдап тим болду.
Эт бышып, кара жыгач табакка жакшылап жасап, үстүнө чучукту коюп, бай кичине
кыңкайып бир табак этти эки коноктун алдына салынып турган тасмалдын ортосуна
койду. «Бизге кой сойбой өлүү эт тартат» деген кыязда эки конок табакта этти
устукандабай жай олтуруп алышты. Жумгалдын көкүрөгүндө көбүнчө чий жагышчу экен.
Куйручук чийди ичкертимиш болуп улагадан өйдөлөп табакка ыкыс берип турганда,
чаранын түбүндө калган майдачүйдө эттен Куйручукка да бирдеме берсем деп, алаксып
жаткан бай коноктордун эмдигиче эттен албай олтуруп алышканын көрө коюп, «алгыла
айланайындар эмдигиче ала элексиңерби» деп чочуп кетти. Баятан ыкыс берип араң
турган Куйручук коломтодогу күлгө колунда тутамдап, күйүп турган чийдин башын
матырып алганда жарык жалп өчүп, үй караңгы боло түштү. «Силер албасаңар мен
алайын» — деп коноктун астындагы этти табагы менен эшикке ала качты.
«Бул шүмшүктү үйгө жолотпо десе болбой, ушуну кылмак» деген гана байдын
аялынын чаңкылдаган үнү угулуп турду.
Куйручук этти бир-эки күн сактап жеп, ал түгөнгөндө башка бир айылга кетип калды.
Эл жайлоого чыккан кез. Куйручук балдар менен чикит ойноп жүргөндө баягы бай келип
аны колдон алды.
Бай Куйручукту тыгыз моюндан чылбырдын бир учу менен күрмөтүп, өзү атка минип
жетелеп жөнөдү. Айылдан чыгып токтоп, анын мойнундагы чылбырды чечти да, тетиги
билектин жалбырагынан терип кел деди. Куйручук келгиче бай атынан түшүп
басмайылын чечип көрпөчөнүн бир каатын бошотуп, эки каатын ээрге бек тартып кайра
атына минди.
...Аялы күйөөсү учкаштырып келген Куйручукту көрө коюп чаңырып сала берди:
— «Өлүгүңдү көрөйүн! Бул шүмшүктү жогот. Жалгыз кызыма сактап жүргөн сүрүмдү,
салып берген коноктун этин ала качып бетибизден отубузду чыгарбадыбы. Барыдан да
коногубуз ачка жатпадыбы!..»
— Каңкылдаба! Менин баягы Бишкектен алып келген көйнөкдамбалымы,
күрмөшымымы, өтүгүмү алып кел, самын да ала чыккын,— деди бай аялына.
«Кийимдерин бир жакка бердирип илет го, самын менен эски өтүктү эмне кылат болду
экен» деп ойлоду аялы.
Бай кийимдерди, самынды Куйручукка берип: — сууга жуунуп, анан кийингин,—
деди.
Аялы өз көзүнө ишенбей, баягында табактагы этин ала качып, тиги кордукту көрсөтсө,
бүгүн болгон бир сыйра кийимин кийгизип, зыңгыратып койсо... деп, таң калып турду.
— Сен таң калба,— деди бай аялын карап,— жалгыз кызга сары майдай сактаган
сүрүңдү салып берсең; мал сойбойт деп кыяз кылып керейип эт жебей коюшту эле,
намысты мага ушул бала алып бербедиби? — Ошол эки манапты куп осол кылдың!
Кудайбергеним, кор болбойсуң! Эми от жакпай эл аралагын! — дептир ал анан.
ЖЫҢАЙЛАК КЫДЫР
Кукем жокчулук турмуштун азабын тартып жүргөн боз улан кезинде «Токмок деген
шаарда чоң базар бар экен, ошого барып иштеген киши жыргайт имиш» деген каңшаар
сөздү угуп, ал жакка барууга бел байлайт. Кеч күз болуп, суук күчөп, белбелести, тоо
этегин кар басып калган учур экен. Куур шымчан Куйручук ар кайсы жеринен жүнү
булайып чыгып турган кырк жамак чапанын жип менен курчанып, бутундагы жыртык
кийиз чокоюна самандан батек салып кийип, жолго чыгат.
Балалыктын бал үмүтү азгырган Кукем Кызарт дабанын кыркалап, Баба-Ата тоосу
аркылуу сапарын улайт. Андан ары Шамшынын белин ашып Чүйгө түшмөкчү болот.
Баба-Атанын туу белине чыкканда алдынан аппак сакалдуу, жылаңайлак карыя жолугат.
Ээн жерде жалгызжарым жүргөн чалга саал таңданат. Туурулган согончогунан кан агып
турат. Байкуш чал тимеле үшүпшишиген. Ал карыяга салам айткан Куйручук ушундай
кары кишинин кар үстүндө жылаңайлак жүргөнүнө боору ооруйт. Бутунан чокоюн дароо
чечип:— Атакебай муну кийип алыңыз,— дейт. «Жок балам, өзүң жаш экенсиң, суук өтүп
бөөдө ооруга чалдыгасың» — деп болбой коёт тиги карыя. Өз атасы Өмүрзактын бир
кездери, абалы эсине тартыла калган Куйручук «бу да менин атамдай тура» деген ойдо
зээни кейип: «Менин да сиздей атам бар, чокойду кийип алыңыз» деп караманчаңөшөрүп
туруп алат.
— Ээ балам, мейлиң, мейлиң... Мендей карыны сыйлаганың, өз атаңы сыйлаганың.
Сени кудай сыйласын, Кыдыр колдосун, тилегиңди берсин. Көзүң өтүмдүү, сөзүн ,
жетимдүү, үйүң келимкетимдүү, эришиң элден, аркагың желден болсун! Бак карасын,
таалай жалгасын, өмүрлүү бол, кор болбо, кем болбо уулум, оомийин! — деп карыя
алакан жая батасын берип, чокойду киет.
— Келе балам колуңду бер, жолуңдан калба. Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун!
— деп Куйручуктун колун кармайт. Кебездей жумшак кол ага абыдан жагымдуу
сезилиптир. Ошондо баягы карыя башка сөз айтпай шарт бурулуп арылай бергенде, көз
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 03
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов