Latin

Эй, бу Куйручук - 04

Общее количество слов 3984
Общее количество уникальных слов составляет 2085
31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
киши жым дей түшөт.
— Жакшы, жакшы, жарачу уул экенсиң. Эми баатыр, менин бир ишиме жарап бере
аласыңбы? Эгер жарасаң алдагы өзүң минип жүргөн жорго менин уулумдуку, башоту
менен сеники болот.
— Айтып көрүңүз?
— Айтсам кеп мындай, тетиги сага кулагын тоскон
Шабдандын кызы мекин келиним эле, төркүлөтүп жиберсем келинимди бербей койду.
Эр окшойсук, эпке келтирип келинимди алып бер.
— Байым сөз эки болбосун?
— Болбойт уулум!
— Анда эмесе Шабданга жакыныраак барып көрүнөө тур. Ыгын өзүм табам деп жүрүп
кетти.
— Баягыдай жоргонун оозун коё берип, оройчарай Шабданга чукул келет да:
— Таксыр, тетиги адамды тааныган чыгарсыз — дейт, сөөмөйү менен көрсөтүп.
Шабдан башын ийкейт.
— Сизден сурарым ушул. Таксырым, «болуптур» деп коюнузчу,— дейт. Шабдан
акичүкүсүн аңдабай туруп эле «болуптур» деп коёт.
Куйручук карап турсунбу, дароо байга жетип: «Жорго меники болуп калды го байым,
жүрүңүз» деп, аны Шабдандын үйүнө ээрчитип барат. «Шабдан жиберди, бул байдын
келинин берсин, «болуптур» деп макулдаштык» — деп шашкалак салып жатып, байдын
келинин колуна тийгизет.
Топ бүтөт. Шабдан Байзакты үйүнө ээрчитет. Келсе кызы жок.
— Букен кайда?
— Ботом өзүң атайы киши жиберип, «болуптур» деген турбайсыңбы. Кайнатасы кошо
келип алып кетти, — дейт чочуган аялы. Ошондо Шабдан Байзакты карап:
— Атаа такыр башым, кечеки кунаным дегениң, кунан эмес эле анык күлүк турбайбы!
— деп күлүп тим болгон экен.
ЗОБОЛОНУН КӨТӨРҮЛҮШҮ
Куйручуктун жигит кези. Ар кандай кылыкжоруктары менен атагы чыгып,
өйдөсүнгөндөрдөн өчүн алып, текеберлүү далайлардын оозунан сөзүн алып, биртике
кадырбарк күтүп, кеп маштап, өз алдынча топ баштап калган учуру. Ошондой күндөрдүн
биринде ал «атактуу Шабдан баатыр Токмок калаасында кыргыздын оңсолундагы өңчөй
мыктыларынын башын коштурган чоң жыйын курат экен, Жумгалдан Көкүмбай, Байзак,
Курман баштаган бир топтору ат тандап даярданып жатышат» деген кабарды угуп, көктөн
тилегени жерден табылгандай сүйүнөт да, жүрүштүү көр байталын минип, беркилерден үч
күн мурда жөнөп кетет. Ал жакка кандай максат менен, эмнеге бараткандыгын жеке өзү
гана билет. Куйручук эки конуп Токмокко жетет. Шабдандын энеси Жумгалдык
саяктардын кызы экендигин мурда укканы бар. Ал атынын башын түптүз эле Шабдандын
айылын көздөй бурду. Мындай учурларда атактуу манаптар айылына тиешеси жок
бөлөкбөтөн немелер жөнсүз келе бербеси үчүн (андайлар айылдын сыртындагы жол
менен өтүп кетишчү) бир чети сүр катары, бир чети меймандарга ызаат көрсөтүү
максатында «жакшыларды минген атынан, кийген кийиминен, сөөлөтүнөн таанып алып
келгиле» деп тың жигиттерден атайын кароолго «кайгуулдарды» коюшкан. Шабдандын
жигиттери адаттагыдай эле жол карап турушат эле, түш ооп калган мезгилде
«жакшыларданбы» дешсе анча сөөлөтү жок, биз тааныбаган дөөлөттүү немелерденби
дейин десе ошончолук дөөлөтү жок, карапайым кийинген, ээр — токулгасы да эң
жөнөкөй, бирок басыктуу атын чапчаң теминип, адамды тике караган өзүлөрү курактуу
бейтааныш бирөөнүн бастырып келатканын бетмаңдайынан көрүп калышты. Бул бечара
өзүнө окшогондор билинбей өтүп кетчү чет жактагы жолду билбейт го, болбосо атактуу
Шабдандын айылын карай айбыкпай, атырылта бастырып келаткан кандай машаяк экен,
билбесе билдирип коёлу деген тейде бекер ашка курсагы тойсо өңүнө чыгып, анчамынча
алсыздарды абдыратканды аябагандай эрдик катары сезген, эч санаасыз эсирген немелер
меймандын «Ассалоом алейкум!» — деп кастарлап салам айтканын алик албай, экөө тең
бирдей кыр көрсөтө камчы үйрүп, аттарын туура тартып тура калышты. Куйручук да
жакшы эле албеттүү экөөнү капарына албагандай анча тогото бербеди:
— О киши менен иш жок, саламдан айланган дөбөттөр! Эки аяктап басып жүргөндүн
баарын эле адам дебейт, аюу деле эки аяктап басат. Ал эми силерге окшоп каадалуу жерге
үйүрлөп, карды тоёр замат качырып сала бергендерди «дөбөттөр» деп коёт. Киши көргөн
киши силерче аңыраңдабай азга аярлап, салам айтса алик алып, меймандын алыжайын
сурайт, анан барып дайнын сурайт, — өктөм сүйлөгөнүнөн улам мынчалык каршылыкка
эзели учурап .көрбөгөн немелердин оюна чын эле бул жигит Шабдандын жакын
өңтааныш, туугануруктарынан го деген ой келдиби, баягылар чыңа
Лып турган абалдарынан жана түшүшүп, тигинин Шабданга ким болоорун, кайдан
келе жаткандыгын уялыңкы сурашты.
— Мен Жумгалдан атайы эжемди издеп келдим, — дегенде экөө тең:
— Эжеңиз ким? — дешти жарыша.
.— Шабдандын энеси менин эжем болот.
— Оо, анда сиздер бастыра бергиле, мен эжеңизге кабарлап коёюн, — деп бирөө
айылга чапты. Баягы жигит барып: — Сизди атайы издеп Жумгалдык саяктардан
бөбөгүңүз келди, — деп угузду Шабдандын апасына. Ал киши: «Келген жигит менин
төркүндөрүмөн болсо бир үйгө киргизип жакшылап сыйлап, жылуужумшак жаткырып
койгула», — деп тапшырды. Болгон сыйын көрүп Куйручук ал күнү жатып калды. Эртеси
ал эртең менен эрте турду. Булактын муздак суусуна бетиколун чайып эжеме учурашайын
деп турду эле, ангыча эжеси чакыртып калды. Шабдандын апасы өзүнчө чоң өргөөдө
турат экен. Чакырган жигит Куйручукту коштоп келип боз үйдүн эшигин түрө бергенде
үй ичи толо адамдар экенин чукулдан байкады. Дал ушул кысталыш көз ирмемде «эгерим
көрбөгөн адамды кантип тааныр экенмин» деген күдүк ой пайда болуп, кайра ага өзү «ай,
анын да бир айласын табаармын» деп чечкиндүү жооп бере сала боз үйдүн босогосунан
аттап өтүп, көпчүлүктү эс токтото бир сыйра кыдырата караганда, көзү өзүнүн бар
кыймылын сынаакы караган төрдөгү байбичеге уруна түштү да «болду болбоду эжебиз
ушул» деген жыйынтыкка келди. Чоң өргөөгө толо отурушкан адамдарга ирээти менен
салам берип келип, «кел бу жакка өт» дегендей ишарат кылган баягы кемпир менен кош
колдоп жылуу көрүштү. Көптү көргөн, ары кыраа кемпир бөбөгүнүн али жаш туруп, бул
жакка биринчи сапар келип жатып, чоочун адамдар отурган чоң өргөөгө тайманбай кирип
келгенинен, калдастап калбай, алдыартын аярлап карап алып салттуу салам
бергендигинен улам «неси болсо да жүүнү тирүү экен» деп өзүнчө компоюп койду.
Бөбөгүнүн келгендиги жөнүндө мурда эле айтылганбы, орто саал тына түшүп,
алдыларындагы кымыздар ичилип бүткөн соң бөбөгү менен эркин сүйлөшүп алсын
дегендей, үйдөгүлөр бата жасашып, бир баштан чыга жөнөштү. Чоң өргөөдө эми экөө гана
калышты.
— Ии, эл-журт эсенчилекте турабы, аты-жөнүн, келген жайыңды сүйлөй отур? — деди
эжеси.
Куйручук эли-журту эсенчиликте турушкандыгын, эжеси тааныгандарды жана өзү
туурасында толук айтты. Андан бөлөк ортодо аркы-берки кыйла кептер сүйлөндү.
— Жөн келбеген болууң керек, эмне соболуң бар иним? — деди эжеси акырында.
— Менин сизге бир эле соболум бар, ошону аткарсаңыз экен... —деди Куйручук
каадалуу.
— Ал эмне собол, айт, тартынбай айта гой, колдон келген иш болсо аткарылаар...
— Соболум эле ушул эжеке, жакынкы күндөрдө Токмокто чоң жыйын болот эмеспи,
кыргыздын оң-солунун өңчөй мыктылары топтолгон ошол жыйын башталаар алдында
мен топтун түштүк жагынан бастырып чыгам, Шабдан жээним топтун түндүк тарабынан
бастырып чыгат. Экөөбүз тең элдин так ортосуна келип калган ченде мен: салам айтып. —
О Шабдан жээним кандай? — дейм, Шабдан болсо: Алик алып — О таяке жакшы, жакшы,
— дейт. Ошентип экөөбүз эки тарапка бастырып чыгып кетебиз. Болгону ушул.
Шабдандын апасы Куйручукту көздөрүн кымыңдата кызыга карап алып: — Болуптур
бөбөгүм, уулум менен акылдашып жообун кечке чейин берейин, — деди. Эмнегедир ак
өргөөдөн дили агарып чыккандай жеңилденип чыкты ал.
Куйручук кечти чыдамсыздык менен күтүп жатты. Бешим ченде Шабдандын бир
жигити келип Куйручуктун башын, далысын, тулку боюн, анан бутун ченеп кетти.
Таякеси жээнинин сыйын көрүп жата берди.
Шабдан Куйручуктун кабарын мурда эле уккан сыртынан, бирок, Куйручук катары
таанылганы жакындан көрө элек болчу. Эртең топ башталат деген күнү эртең менен эрте
Куйручукка сындуу карагер ат токулуп коюлду, «адамдын көркү чүпүрөк» дегендей
башына ак калпак, жарашыктуу кара чий баркыт күрмө шым, белине кемер кур, кырмызы
чепкен, бутуна намаркан маасы гөлөшү менен даярдап келип кийгизип көрүштү эле куп
жарашып калды. Куйручук Шабданга ыраазычылыгын билдирди.
Баягы жыйын болчу күн келип жетти. Тыякбыяктан чакырылган эл келип бүттү
окшоду. Тегерек тарта жыйналган элдин карааны калдайып көзгө өтө сүрдүү да, эрдүү да.
Сүйлөшүлгөн сөз боюнча Куйручук сындуу карагер атын салт бастыра топтун түштүк
тарабынан", Шабдан ак бозун минип топтун түндүк тарабынан бир учурда бастырып
чыгышты. Экөө тең элдин чок ортосуна келип калган учурда Куйручук: — Ассалоом
алейкум! Оо, Шабдан жээним кандай? — деди — качантан бери бүгүн биринчи жолу
көрүшкөндөй кабелтең үн сала.
— Алеки салам, жакшы, таяке жакшы! — деди Шабдан дагы добушун бийик чыгара
сөөлөттү. Экөө саламдашып көрүшүштү. Куйручук ага: — Даражаң өссүн, кем болбо! —
деди алкай. Экөө эки тарапты карай кылчайбай бастырып кетишти. Шабдан жыйынды
Куйручукка башкартты. Бул окуяга күбө болуп турган баягы мыктылар да, не бир чоң
сүйлөгөн манаптар да «Даңкы далай жерге тараган кадимки Шабдан «таякелеп»
мынчалык кадыр тутуп жаткандан кийин» дештиби Куйручуктан кыйла сестенип
калышты.
КАЛТАР ТЕБЕТЕЙ
Куйручук Кочкорго барса, бир айылда той болуп жаткан экен. Кочкордун алдуубелдүү
манаптары Суранчы, Мураталы, Мамырбай, Сарыбайлар менен жолугушат. Сөздөнсөз
чыгып, алар Куйручукка собол таштап калышат:
— Куке, бу сен жөн келген жоксуң. Дайыма келип, бизден айтканыңды алып кетесиң.
Эмне үчүн Төрөгелдинин Кудайбергенине барбайсың? Ал эч кимге эч нерсе бербейт.
Чычканга да кебек алдырбайт. Биз айтканыңды качан эки кылдык? Бу жолу ошол зыкымга
барып бир нерсе алып көрчү, эр болсоң. Андан кийин айтканыңды берели.
— Ээ, макул. Анын акылынан менин акылым кем болбосо, сөзүм жерде калбас. Ал
Кудайберген болсо, мен дагы Кудайберген эмесминби... — деп жөнөп кетет.
Үйүн сурамжылап билет дагы, атын мамыга байлап, үйгө кирет. Бир аял олтурган
болот. Үйдүн ичи аябай жасалгалуу. Төргө аюу талпак салынган. Түз өтүп барып эле аюу
талпакка отурат. Тиги аял тура калып: «Ал жер баатырдын орду эле» деп чыйпыйы чыгып
кетет.
— Баатырың ким?
— Кудайберген — деп жооп берет аял.
— Ошол баатырыңды урайын! Менин атым да Кудайберген. Аны да кудай берген,
мени да кудай берген, — дейт Кукең өкүмүрөөк сүйлөп. Аял унчукпай калат.
Кудайберген өзү дөңдө Эки-үч киши менен сүйлөшүп отурган экен. Чоочун кишинин
аттан түшкөнүн көрүп, үйүнө келет. Экөө учурашат. Куйручук ага энчилүү ордун бербей,
кайра аюу талпакка ого бетер келберсий отуруп алат. Өз ордуна уруксаатсыз, тоготпой
олтуруп алганына тигил тырчый түшөт:
— Куйручук, мен сенин тамашаңа таңсык эмесмин. Тамаша көрсөң, мына менден көр.
Тамашанын түрүн көргөзөм сага. Бир нерсе өндүрөм деп келгенсиң го сыягы. Мени сөзгө
жыксаң же татымдуу тамаша көргөзө алсаң, бирдеме аласың. Болбосо, кулагы узундун да
тушамышын бербеймин...
— Аа, сабыр кылыңыз. Бизден да тамаша болуп калаар — деп Куйручук секин сүйлөп,
акыл калчап, аны менен жаакташууга шашылбай, ыгына көнгөн болуп олтура берет.
Кудайберген комузду мыкты черткен, кыл кыякты сыздаткан өнөрлүү адам болуптур.
Узакка дейре Куйручукка өнөрүн көргөзөт. Кукең да кезеги келгенде узун сөздүн учугун
чубап, Кудайбергенди кеп-сөзгө марытат.
Эки Кудайберген Бири-бирине ыраазы болушат. Ал күнү Куйручук сыйлуу конок
болот. Эртең менен Кудайберген кадырлуу коногун дагы бир боз үйүнө ээрчитип кирет.
Мына эмесе, ал чоң мүңүшкөр да турбайбы! Боз үйдүн ичине кыркалакей алгыр
куштардын түрүн таптап, кондуруп коюлтур. Ителги, куштан баштап, борбашка чейин бар
экен.
Экөө токойго, суу жээктерине чыгышып, кыраан куштарга коён, кыргоол алдырышып,
кечке тамаша кылышат. Кечинде үйгө кайтышат. Жатаар маал болот. Кукең ичинен
ойлонот: «Бу аты уйкашым да оңой киши эмес турбайбы. Кечээтен бери сөзүнөн да,
сыйынан да, өнөрүнөн да кемтик кетирбей, алдырбай турат. Эми мага эч нерсе бербей
турган. Эртең эрте кетпесем, уят. Өзүм сөзгө сынып калышым мүмкүн...» Аңгыча, ууктун
билегинде кыстарылган кара калтар тебетейди көрүп, «жым» дей түшөт. Ошол тебетейдин
тегерегинде тамаша чыгарууну болжоп коёт.
... Кудайберген Төрөгелди манаптын Үркүнчү деген уулунун баласы. Үркүнчү өтө
кырс, ашкере бой көтөргөн, эч кимди теңсинбеген адам экен. Бирок, аңдыдөңдү абайлабай
көпкүлөң тартып жүрүп, жаңылыштыктай жакын карындашын ала качып алып, кепке
кемтик болуп, эл аралабай калган жаманаттысы бар. Муну Куйручук да уккан. Ушул
жараатты тиги тебетейден улам кайра чукуп коёюн деп ойлонот Кукең. Амалы эле сөз
чыгарып, сөзгө жыгуу.
Бардыгы уктагандан кийин баягы тебетейди ууктан алып, Куйручук жанына катып
коёт. Таң атып, кобур-собур чыгып калганда тебетейди эки бутуна кийип, жууркандан
чыгарып жатып алат. Кудайбергендин аялы боз үйдүн түндүгүн тартып, кайра кирсе
конок калтар тебетейди бутуна кийип жатканын көрөт.
— Кокуй!? Кокуй!? Бул кандай адепсиз конок эле... Ушундай да болобу? — деп
алаканын шак коюп кыйкырат.
— Ой эмне болуп кетти?—дейт Кудайберген башын көтөрүп.
— Эмнеси курусун! Кастарлаган коногуң калтарыңды бутуна кийип алыптыр...
Башыңа сылапсыйпап, сыйга кийип жүрсөң, мунуң бутуна кийгенин кара... Кокуй,
шылдың, киши укпасын! — Аркыберкини айтып, тыбырайт ансайын аялы.
Кудайберген төшөгүнөн өйдө болуп караса, Куйручук чын эле калтар тебетейди
бутуна кийип жатат.
— Ой, Куйручук бул эмне деген акмакчылыгың? Адам кылбаган ишти кыласың.
Кудайбергендин ачуусу келет.
— Сага окшоп, өз карындашын өзү ала качкан акмактын башынан менин бутум өйдө
эмеспи... Сен адам кылганды кылдың беле? — деп Куйручук тигини талуу жеринен
кармайт.
— Болуптур Куке, тебетейди кийип кет, — дептир Кудайберген сөзгө алдырганын
билип.
Куйручук атын минип, кулпурган калтар тебетейди кийип, баягы манаптарга
кайрылып келет.
ЖУУШАҢ МЕНЕН БООРГО САЙЧУМУН!
Илгери коңшулаш элдердин башын бириктирген аш-тойлор көп болчу тура. Ошондой
үч улут элдин башын бириктирген чоң аш болот. Ашка казак, өзбек жана кыргыздар күлүк
аттарын, балбандарын алып келишет. Ат чабыш, жамбы атыш, эр оодарыш өңдүү элдик
оюндар болуп, кезек эр сайышка жетет. Өзбек менен казак тарабынан кебетеси келишкен,
абдан зор балбан чыгат. Ал дөөдөй болгон найзакерди мыктылап жабдып, кийинтишип,
тандамал жакшы ат мингизип, найза карматып кара аламан журтка көрсөткөнү коштоп
чыгышат. Балбандын зор турпатын көрүп алышып эле кыргыз тарабынан эч ким даап,
түшпөй коёт. Тигилер баягы найзакерин элди аралата коштоп: — Кана, баатырыңарды
алып чыккыла! — деп шаштырат. Эч ким чыга турган эмес. Убакыт создугуп кетти.
Сайышка бир да бирөө даап түшпөй койгондо намыстанып кеткен кыргыз манабы: —
Кыргыз кырылып калганбы? Эмне үчүн муну менен сайышууга киши чыкпайт? Казан
кулак кайда? Сабыр сен эмне жер тиктейсиң? Булардын жанынын таттуусун кара!
Өлсөңөр өлөөрсүңөр... Бириңер чыккыла! — деп ар кимге опурулду. Бирок, кимге болсун
жан таттуу эмеспи, сайышка мурда түшүп жүргөндөр да чыкпай коюшту. Тиги манап ого
бетер элди жекирет. Калк эмне кылаарын билишпей камалып турушту. Баягы билерман
эми бирөөлөрдү — «сен чык! сен чык!» деп зордой баштады. Акыры аргасы түгөндү
окшойт:
— Мен ушинтип казак менен өзбектин жакшыларына шерменде боломбу ыя! Бу
кандай жорук! Кайда жүрөт баягы баатырсынган, чеченсинген Куйручук? Демейде анын
тили буудай кууручу эмес беле? Ал да жашынып калганбы?..
Ошондо Куйручук элдин арасынан суурулуп чыга келди да: — О, таксыр! Ачууланып
жалпы элди каарыбаңыз, элде не жазык! Баатыр болуу оңой эмес... Андай эле сизге намыс
керек болсо, башка элдин билермандарына уят болбоюн десеңиз, найзаны колго алып
өзүңүз чыкпайсызбы? Чыгыңыз, кана биз карап туралы. Жан кимге болсун таттуу... Манап
эми Куйручуктун өзүнө жабышты: — Сайышка мына сен түшөсүң!
— Макул, мен түшсө түшөйүн, — деди Куйручук.— Анда, найзанын учуна жуушаңды
аштагыла да учун аябай өтөгүлө! Болгула бачым! Тиги дөөдөй болгон найзакер дөдөй
неме го, менден өлгөнү жүргөн! Бол, учтадыңарбы? Болгула! Көөдөнүнөн сайганда
далысынан чыга түшкөндөй болсун... — деп Куйручук үнүнүн болушунча бакылдай
берди. Анын сөзү тиги найзакерге, аны коштоп жүргөндөргө да дапдаана угулуп жатты.
— Мейли өлсө... Мен аны аяп түшпөй турса, коркутуп сур көрсөтмөкчү болуп атка
конуп алган тура! Баатырдык дардайган көлөмдө эмес... Ап бали, бали! Дагы өгөй
түшкүлө! — деп Кукең башын жоолук менен таңып, ыргыштаган ак боз атты минип
жылаңач эле түшмөк болду. Берки баатырдын алып чыккан жандоочтору кыргыздар
жакка чаап келишип Куйручуктун найзасын көрүшөт да «кудай ууур... тамашалап жаткан
экен десе, чындап эле айтканындай найзасына жуушаңды аштатып алган тура!» деп
чоочушат. Куйручук андан беш бетер:
— Келе, карматып эле койгула колума. Ачуум кайнап турат, тимелечи!... — деп аябай
жини келип, буулуккан болуп атын ойдолото арыбери бастырат. Бир убакта найза да
колуна тийди. Ошондо Куйручук: — О, журт! Мага ыраазычылыгыңарды билдирип, ак
батаңарды бергиле! Мен аны менен беттешкенде эле боорун жара саям. Тигил найзакер
тарапты кылчая карап:— Атаңдын көрү, ашып кетсе кыркта экен, мейли эми өзүнөн
көрсүн... Жеңе жүргөм, жеңип эле келем, буйруса. Кана, оомийин деп койгула,— деди эле
эл түп көтөрө: «Оомийин», деп бата тартып жиберишти.
Кукең найзаны колго алып, боз атын атырылтып жылаңач ортого чыга калганда ары
жактан элчи жетип келип экөөнү сайыштырбай токтотуп, элге карап мындай деди: — О,
агайын туугандар! Калың эл, уккула! Бекер эрегиш менен эки ортодо киши өлө турган.
Эгер сиздер макул болсоңуздар эр сайышты токтотолу да, байгени эки баатырга тең бөлүп
берели!
Бул пикирге эл дагы макул болуп, эки ортодо эр өлбөй, эл намысы корголуп, күчтү
айлакердик жеңген экен.
КҮН КАЧАН АЧЫЛАТ
Жазга жуук үзүмчүлүк маалында бир нече күн катары менен күн бүркөлүп ачылбай
байлардын малы жутап четинен кырыла баштаптыр. Тоо арасындагы кыштоодон бир
короочо кою кырылган бир мырза чөп издеп жакага келатса Куйручук жолугат. — Э,
Куйручук, сен бары-жоктун баарын билчү элең. Бу, күн качан ачылаарын билесиңби? —
деп сурайт. Анда Кукең асманды кыйлага тиктеп туруп:
— Күн жарыктык, сенин өлгөн атаңдын ичи качан жарылганда гана ачылат экен...
— Ал эмне дегениң, айтып чечмелеп берип кет, — деп тиги бучкактап болбойт.
— Мырзам, сенин атаң маркум, тирүү чагында далайларды какшатып, салык салып,
алык алып чыгымдачу эмес беле? Атаңдын көзү өткөнүнө көп убакыт болсо да баягы
тирүү кезинде элден жеп-ичкендерин сиңире албай ичи көөп турат, ошонун кесепетинен
күн да ачылбай жатпайбы. Кудай буйурса бүгүн түштөн кийин сенин атаңдын ичи
жарылат... Ошондон кийин күндүн чайыттай ачылганын көрүп ал! —деп Кукең кылчайбай
кете берет. Айткандай эле күн түштөн кийин мемиреп тиет.
Менин көрдө жаткан атамдын ичинин көпкөнүн билген, анын ичи качан жарылса,
ошондон тартып күндүн ачылаарын билген Куйручук анык эле олуя экен го... — деп
мырза таң калат.
БАШЫН САТЫП АЛГАМ
Жаныбек дегендин уулу Бектен аттуу манап өзүнүн мал-мүлкүнө көзү тойбой анданмындан безип, өңчөй кудайдан жөө качкан ээнбаш, ууру, кескилерден чогултуп 40 жигит
курайт. Алардын баарысына кылыч, чокмор, найза, шалк этме, чоюн баш камдап берип
ары өткөн, бери өткөндөрдү, жарды-жалчыларды, өзүнө каршы манаптарды тоноп,
алардын жүрөгүнүн сары суусун алат. Атыккан «40 каракчы» аталып журт көкөйүнө көк
таштай тиет.
Бай, манап, болгуш, бийлер буларды теске салмак түгүл, өздөрүнүн жүрөктөрү оозуна
тыгылат. Каракчылар айылдагы бойго жеткен кыздарды да ботодой боздотуп атаэнесинен
тартып кетип турушат. Бир ооз каяша айтып кармаша кеткенди канкор манап мойнуна
кыл чылбыр салдырып, атка сүйрөтүп, адам жасабаган кордуктарды көрсөтүп
мыкаачылык менен өлтүрөт.
Куйручуктун анда толуп турган кези. Ал 40 каракчынын башчысы Бектен менен
жүздөшмөкчү болуп Токмокко келет. Куйручук келээрки базарга чейин камданып, атын
суутуп, табына келтирип турат. Базар күнү калаага сатканы айдап келаткан ар кимдин
малын тартып алышып, кайра базарга сатып жиберишкен каракчылар Токмоктун
базарынын четирээк жагындагы көк майсаңга топтолушат. Башчысы Бектен эки бутун
кара кашка атынын жалына арта салып таштап, олжологон малдардан түшкөн акчасын
эсептеп жаткан учурда Куйручук анын жанынан чукул бастырып өтүп баратса: — Токто,
томаяк! Саламың кана! Эмне салам бербей өтүп баратасың?! — деген ачуу үн чыгат.
Куйручук андан качпай бура тартып токтоп: — Олжонузга жолтоо боломбу деп, салам
бергеним жок, — дейт. — Сен мени тааныбайт окшойсуң!
— Ошо таанышайын деп келаттым эле Сизге!
— Эмне дейт! Сен кимсиң өзүң? Мындай эр жүрөк азаматты жолуктура элек
дөөгүрсүгөн немеге, бул өөн учурап, ачуусу келди. — Мени асмандан түштү дейсизби,
мырза. Атым Куйручук болот. Бектен мунун кабарын уккан эле. Аңгыча заардуу,
зордукчул манап чөнтөгүнөн 100 сом сууруп чыгат да: — Ме, Куйручук болсоң ал, бирок
мага камчы менен төбөгө бир чаптырып туруп аласың муну. Болбосо, мени төбөгө бир
чапкын да жаныңан 100 сөлкөбай бергин!—дейт, карышкырдыкындай канталаган кызыл
көзүн акшыйтып, «ушул чаба алмак беле» дегенчелик кылып. Куйручук андан тартынбай:
— Тос башыңды! — дейт. Бектен бу жөн эле кууланып жатат, деп көп анча ишене
бербей суусар тебетейин колуна кармап башын тосо берет. Куйручук үзөңгүнү чирене
тээп, табылгы саптуу жез баш камчысын бүктөй кармап туруп тигини чоку талаштыра
тартып жибергенде каракчынын көзү караңгылай түшүп, башы менен жерге сайылат.
Куйручук төш чөнтөгүнөн 100 сомун ага ыргытып: — Ушундан кийин элди карактап,
журтка бүлүк түшүргөн каракчылыгыңды коюп жүргүн! — деп табында турган күлүк аты
менен каракчылардын тобун жарып таскактата жөнөп кетет. Бектендин тигинтип,
беделинин түшкөнүн өз көздөрү менен көрүп турган каракчылар Куйрукчукту же
кубалаарын, же жөн коёрун билбей нес болуп калышат. Анткени, башын 100 сом коюп өзү
тосуп бербедиби.
Ушул окуядан кийин Бектен тигилерге өөдө карап кыр көрсөтө албай баягы кырк
жигитинен кол жууп, жазыксыз элди жабыркаткан каракчылыгын койгон экен.
КЕТМЕНТӨБӨГӨ САПАР
1. Жолдо. Кабактын кан Чөкөсүнүн үйүндө
Кетмен-Төбөнүн Үч-Терек деген жеринде саяктын өйдөчекти уруусунан Сыдык аке
деген киши болуптур. Ал жашоотурмуштун кандай болорлун алдынала билген, баамчыл,
көзү ачык экен.
Куйручук күндөрдүн биринде Жумгалдын өйдө жагынан аттанып, Кетмен-Төбөгө
барып, Сыдык акенин батасын алып келемин деп жөнөйт. Ат тердетип, Кабак чөлкөмүнө
келип, Чоң-Жекаттын Кыргоосундагы күздөп олтурушкан айылга кез келет. Атынын
башын бура тартып, бир чоң боз үйгө кайрылат.
— Абды! — деп үй ээсинин атын айтып кыйкырат. Абды эшикке чыгып, ага салам
айтып, кол алышып учурашат. Куйручукту таанып, коңшуколоңдор да келип калат.
Куке, түшүңүз, үйгө кириңиз?! — дейт Абды өтүнүп.
— Жок. Мен сеникине түшпөймүн. Конот го деп нээтиң бузула түштү. Сенин
канжыгалык эле алың бар. Үйдөгү жүгүңдүн алдында уйдун ийленген жартык териси
турат. Алып чык?! Эки канжыга алып кетемин,— дейт.
«Муну кайдан билди» дегенчелик кылып, таңгала түшүп, Абды айтканды алып чыгат.
Куйручук аттын үстүнөн түшпөй туруп, эки канжыгалык кайыш тилип алып, — мен
бүгүн Чөкөнүкүндө боломун, — деп бастырып кетет.
Чөкө Куйручукту кубанып тосуп алат. (Чөкөнү эл Кабактын кан Чөкөсү дешчү экен).
Алжай сурашып олтурушат. Куйручуктун келгенин уккандар биринен сала бири келе
баштайт. Дасторкон жайылып, самоорлоп чай коюлуп, үй ичи, тышы да конок камында.
— Малга бата кылып бергиле, — дейт чай ичилген соң Чөкө.
Бардыгы сыртка чыгышып, конокко тай союуга бата жасалат. Куйручук айланага серп
салып, кырман жакты көрсөтүп, «Бул эмине?» дейт собол салып.
— Ал жыйылган буудай. Күн ала булут болуп турганынан бастырбай жыйып койдук.
Эртең бастырабыз.
— Азыр аттарыңарды жайдактап, бүт теминге салгыла! Бүгүн күн жаабайт. Эртең
шашке ченде жаайт.
Ага чейин буудайыңар бүтөт, — деп Куйручук элди жумушка чегерет. Ал айткандай,
ал күнү көктөн тып этип тамчы тамбайт. Эртеси шашкеде гана жаан жаайт.
Чөкө ата тай сойсо да, кой сойсо да этин бүт казанга салдырчу экен. Тайдын эти бүт
казанга салынып, көпчүлүк Куйручуктун кызыктуу сөздөрүнө маашыр болушат. Бир
маалда эл андан «Семетей» айтып берүүсүн сурашат. Ал элдин суроосун канааттандырып,
«Семетей» айтат. Түн бир оокум. Олтургандардын арасынан бирөө коңурук тартып уктап
кетет.
— Коңурук тарткан ким? — деп Куйручук сөзүн токтотот. «Молдобала уктап
кетиптир» дешет аны жапырт карашып.
— Мойнуна буурчак байлаган кара дөбөттөй болбой, чык эшикке! Сага корогон кайран
Семетейим! Сенден туулган тукумдан макоо менен сакоо чыгар! — деп аны эшикке
чыгарып жиберет. Сөздү токтогон жеринен улап, таң атырат.
Кийин Куйручуктун айткандары туура келип, Молдобаланын бир баласынын тили
чулдур, бир кызы сакоо туулуптур, дагы бир баласы кемакыл макоо болуп калат. Ушул
күнгө чейин бул жөнүндө «Куйручуктун айтканы келди» дешет.
2. Сыдык аке менен жолугушуу
Эртеси Куйручук Чөкөнүкүнөн КетменТөбөгө жөнөп кетти. Жол жүрүп ҮчТерекке —
Сыдык акенин айылына да жетти. Куйручуктун келатканы эки болуш эл жыйын кылып
жатканда угулат. Каратал, Байгазы деген болуштары «Куйручукту сынайлы, жөлөмөсү
болсо, Сыдык акесин тааныр, болбосо тааныбай калар» дешип, Сыдык акенин башына
малакай кийгизип, болуштардын катарынан төмөн отургузуп коюшат. Аңгыча Куйручук
да келип калат. Эки жигит чуркап келип атын алган соң, калың элге жалпы салам айтып,
түз барып, Сыдык акеге кол берип учурашат.
— Ой эмине сен албарстыча түрүңдү бузуп кубуласың? — Тур өйдө! — деп Каратал
болушту колунан тартып тургузуп ийип, Сыдык акенин жанына отурат. Мурда көрбөсө да
акесин жазбай тааныганына эл таң калат.
Эки-үч күндөн кийин айылда чоң той болот. Тамаша, оюндар башталат. Бир маалда
баягы болуштар Сыдык аке менен Куйручукка келишиге, «азыр көк бөрү тартылат, силер
бир тарап, биз бир тарап бололу, бир таштаган батта бир кой!» дешет. Сыдык аке макул
болуп, эл эки тарапка бөлүнөт. Улакчы жигиттер тандала баштайт.
— Конок экен ушуну салгыла! — дейт Байгазы болуш балбан чалыш бир жигитти
көрсөтүп. Куйручук ордунан ыргып турат.
— Жок. Улакчыны өзүм тандап алам. Жорткондо жолу болбогОн эмени көрсөтөсүң,
бүгүн мунуңдун жолу болбойт! Менин өз атымды токугула?!
Ушуну айтып, элди аралай басат. Башында малакайтебетейи бар, сары жаргак шым
кийген жигитти колунан жетелеп элдин алдына алып чыгат:
— Маңдайың жарык! Ырыскың куюлуп турат! Жалтанбай түшө бер! — деп көпчүлүк
менен кошо батасын берет. Бул бала үч жолу түшөт. Мен Жумгалдан кой ала келген
эмесмин, үч койдун баасына акча коёмун — дейт. Он беш сомду калыстын колуна
карматат.
Куйручуктун жигити эркечтен тартылган «улакты» үч жолу удаа баттага таштап
кеткенде калыстар да, эл да абдан таң калышыптыр.
3. Кескелдирик жуткан жигит
Тойдон тарап келе жатышса, жолдон обочо бир чоң боз үй тигилип турганын көрүшөт.
Куйручук атын моюнга бир салып, кыйкырып барыш, боз үйдү камчысы менен сабап
өтүп, кайра тартаарда, үйдөн эки жигит, бир аял чуркап чыгат.
— Оо айланайын, касиеттүү Сыдык аке! Ырас болбодубу! — деп жалыныпжалбарып
жиберишет. Сыдык аке: — Айай балдар, мен эмес, ал мынабу, саяктын Куйручугу, —
дейт. Эки олуяны кетирбей үйгө түшүрсө, үйдө бир жигит төшөктө жатыптыр.
Ооруганына бир кыйла болуп, кыйкырыктан чочуп ойгонуп, «оо» — деп тура калганда,
оозунан сөөмдөй кескелдирик көк килтир болуп коломтого түшкөн экен.
4. Жумгалга кайтуу. Кулубайдыкында
Куйручук кайра Жумгалга тартаарда Сыдык аке: — «Эришиң элден, аркагың желден
болсун!» — деп бата берет. Ээртокуму, камчысына чейин даяр, маңдайында бармак
басыш кашкасы оар кара жорго мингизип, бүктөсу жазылбаган ак калпак кийгизип,
«сырдуу калпак» кем болбойсуң! — деп жөнөтүптур.
Куйручук Жумгалды каран, үйүн көздөй жүрүп отуруп, Кабактын СарыБулуңуна
келип, бүгүн жатып ат өргүзүп кетейин, — деп Кулубай деген аттуубаштуу кишиникине
кечкурун кайрылып калат.
Ушу маалда Кулубай түлөө кылайын деп агатуугандары менен койго бата кылганы
камынып калышкан болот. Үч чакырымдай жерден атчан кишинин карааны көрүнүп
калат. Кулубай: — Тээтиги киши келгиче коё туралы, ким болсо да койго чогуу бата
кылалы, — деп токтотуп коёт. Куйручук экенин таанышпайт.
Жакындай бергенде Куйручук атын камчыланып: — Оо кара ооз, мени батаңа орток
кылдың, артың оңолот, эми коюңду соё бер,— деп алыстан айтып түшөт. Ал күнү
Кулубайдыкына конот. Эртең менен: — Ой кара ооз, жылкыңда бир кара боз тай бар экен,
ошол мага буйрук! — дейт. Кулубай алып келгиле деп киши чаптырат. Баргандар
жылкынын четинен эле бир тайды кармап келип калышканда, боз үйдө отурган Куйручук
көрбөй туруп эле: — Кетем, мага буйрук тай эмес, башка тай келди,—деп ордунан турат.
Куйручукту эшикке чыгарышпай, жадынып кайра отургузушат. Өздөрү чыкса чын эле
башка тайды мамыга жаңыдан байлап жатышыптыр. Кулубайдын атасы Абды атка өзү
минип чаап барып, кара боз тайды алып келе жатканда, — мына эми өзү келди, — деген
экен Куйручук.
— Куке, кечээ артың оңолот — дедиңиз, — ал эмине сөз, — деп Кулубайдын атасы
суроо узатат баарлашып отурганда. — Төрөбөгөн аялы бар экен Кулубайдын, аны коё
берет. Башка аял алып андан балалуу болот, артың оңолот дегеним ошол, — дептир.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 05
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов