Latin

Эй, бу Куйручук - 09

Общее количество слов 3948
Общее количество уникальных слов составляет 2230
31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Кадыркулга токтолот. «Чөлдүн ылаачыңындай кубарган неме экен. Бул заманга ыраазы
эместей көрүнөт. Кармалып кетер бекен...» — деди дейт. Андан соң Чоңмурун уулу
Жолдошалыны «жакшы эле болчу неме экен, артынан асылгандары көп го,
санааркагаңына караганда. Ак жерден бу да кармалып кетер бекен...» деди дейт жана
дагы. Үчүнчү болуп турган Төлөнгө: «Кара-Жаркетиктин белиндей болгон эме экен, бул
эл башкара албайт. Тоотоонун боорунан кийик кармап, мергенчи болчу жөнү бар» деген
баасын айтат. Булардан кийин төртүнчү болуп турган болуштун орунбасары кашка
башты: — Кашка-баш, бир торпокко башма баш, мындан эч нерсе чыкпайт! — дегенде
көрүп тургандар күлкүсүн тыя албай каткырып жиберишет.
Куйручук сын бергендердин кийинки тагдыры дал ал айткандай болгонун таластыктар
эмдигиче кеп кылышат.
«БЕШ КАМАНГА» ЖОЛУККАНДА
Күзгө маал Куйручук атын камдап, тонун шайлап дагы бир жолу Кетмен-Төбөгө
аттанат. Жолду ката улам өргүй, Узун-Кабактагы, Толуктагы эл менен эсендешип,
сапарын улады. Узун-Акмат суусун кечип, арылай бергенде алдынан жалгыз атчан
утурлай бастырды. Башында суусар тебетей, кемер кур курчанган, бейкасам чепкенинин
жакасын көтөргөн коңкогой мурун, кара мурут жигит саламга келбейэтпей эле корс этти.
— Эй, сен кимсиң? Каяктан келатасың?
Куйручук аны саамга сыдырып тиктеди да жооп узатпай атын темине берди. Тигинин
ызасы келе түштү. — Эй, эдирейтен кара мурун эминеге унчукпайсың, ыя! —деп, ал дагы
атЫн теминип калды. Куйручук дале үн катпай, буйтай бергенде, берки омуроолото
келип, тизгинден ала тургандай жүткүндү.
— Сен эмине дудуксуңбу же талкан сугунуп алгансыңбы? Кара муну! — Жолоочу
баштагы тейден атына камчы салды.
— Эй акмак! Мурдун жем баштыктай болуп...— Тигил тизгинден алды. Камчысын
үйрүп турат.
— Айткын дайныңды! Болбосо... атка сүйрөтөм.
— Тарт колуңду! — Куйручук беркинин колун кагып жиберип, тизгинин тартты.
— Эмине?.. Рыскулбектин жигитимин мен! Ырайын бузганын мунун...— Эми, ал
жеңинен тартып, өзүнө имерди.
— Атаңдын гөрү эй! Кудайдын жигити болсоң дагы... Чыккын жолдон! — Куйручук
жигиттин атын омуроолото алга теминди, жеңин тартайын десе, «тырт» дей түштү.
— Эй акылсыз, мобу чепкеним айрылса, алдагы атыңды берсең дагы албаймын!
Уктуңбу! Айтып бар, жанагы мактанган манабыңа, Жумгалдан сени жута турган бөө келе
жатат дегин. Бар! Тез жөнө!
— Омээй! Эй, бу чыныңбы же... Адегенде мага катылып турасың, анан атактуу
атабызга шек келтирген деги сен кайсы машаяксың, ыя! Мына кызык!
— Кызыкты дагы көрөлексиң, кызыталак! Мен — Куйручукмун! Уктуң беле? Ооба,
ошонун өзүмүн! Өзү тургай эки кара көзүмүн! Эми түшүндүңбү? Же дагыбы?
Тигил тизгинди бошото берип, таңгала карады: — Омеей! Кара муну! Ээй...
— Угуп алгын! Сөз бирөө, кулак экөө. Баргын айткын бекзаадаларыңа... Айтпадымбы
өзүмдүн ким экенимди!
— Чын эле ошол, Куйручук болсоң... Колдогону күчтүү дешет. Ыраспы...— Жигит
апкаарый түштү. Жалтактады.
— Сен кандай айттың, дал ошондой. Жөнөгүн зми, жолго түш! Чаап барып мени
келатат де! Тез! — Куйручук буйра сүйлөп, тигил атынын башын бура берерде кайра
токтотту.
— Кел, камчы алмашалы! Сен калыссың. Ушунда ишенишебиз. Чындык болот.
Ырас дегендей жигит камчысын сунду. Куйручуктун камчысын колуна шып эттире
илип алып, артына карабай, айылды көздөй чаап жөнодү.
Бул күнү Рыскулбек манап өзүнүн эл бийлеген алты уулун айылына чакыртып
кеңешип таиашкан. Алар али таркап кете элек болучу. Куйручуктун келатканын угушкан
соң, өз ара күбүршыбыр боло түшүшүп, көпкүлөң эмелер күпүлдөп да алышты:
«Олуялыгы, колдоочусу бар экени анык болсо, биздин ким экенибизди ажыратып, таанып
көрсүнчү! Сынайлы — дешти. — Чын колдоочусу болсо тааныйт, окус тааныбай калса,
жанагы опурулган ээн ооз сөзү үчүн оозун кемечтеп, атын жыгып алып, айылына жөө
айдайбыз!..
Куйручук айылга жакындап калганда баягы чааш кеткен жигит алдынан утурлады. Ал
эми мурдагысындай ыргыштабай жоошундай түшкөнү билинип турду. Сөздөрүн этият
сүйлөп, мырзаларынын шартшабыятын айтып берди.
— Уктум жигит, уктум. Кел экөөбүз эле шартташалы азыр, эгерде аларды таанып
койсом мага алдагы атыңды бересиңби?
— Эгерде тааныбасаңчы?
— Анда мен жөө каламын.
Жигит азга ойлоно түштү. Тарткынчыктай калды. Анысын Кукең байкай койду:
— Жүрөгү жок, аякчы десе! Болуптур, кудай езүмөкубат берсин!
...Суу бойлото тигилген жумурткадай он чакты боз үй. Дөбөгө заматта эл жыйналып
калган экен. Куйручук дөбөгө түз !бастырды. Элге алыстан кыйкыра салам айтты.
Көпчүлүк бир ооздон алик алды. Эки жигит чуркап келип аттан түшүрдү. Элдин
ортосунда тогуз кишн тебетейлерин баса кийип отурат. Рыскулбектин балдарың бирден
таанып, ар бирөөнүн атын атамай азыркы милдети эле. Өзүлөрүн мурда көрбөсө да
алардын атадан алтоо экенин билет, аттары жадында жүрөт. А тигилерге дагы үчөенү
кошуп койгондору, көз будамайлоо экенин Кукең илгиртпей түшүндү. Куйручук жигиттен
алган сегиз* кыр камчыны бекем кармап, ортога отургандарга басып келди. Элдин
кобурсобуру дымый түштү. Бүркүт карашы менен ал малдаш урунуп, жер тиктегендерди
бир сыйра карады. Күн батыш тарапта отурган таар чепкенченди жон талаштыра тартып
алды:
— Дымагын кара, кара жемсөө Дыйканбайдын! Тур өйдө! — деп аны ордунан тургузуп
жиберди. Дыйканбай жонун сыйпалай четке чыкты.
Арылай кадам таштап, өтүп баратып кайра артка жайрылып калды да, куур тонго
камчы шилтеди:
— А сен эл куруткан алдамчы Акмат эмей, эшексиңби?
Чак түштө чалмакей салган Кукең болчубу?.. — Эненди тирүүлөй жуткан Эгемберди
эмей, кимсиң? — деп анын аркасына да камчысын солоду. Эти ачышкан эме «иий!»
дегенин да жашырбай, тура качты.
— Миң койго тойбогон Миңбай ушакчы, мына сата! — Араң турган жамаачы тону
тырт айрылды.
— Баланын убалсообуна карабай, караңгыда короо жайтарткан Бактыяр имиш
сенсиңби?! — Катуу камчы ^жеген тигил кыңкыстап жиберди.
Кайран киши карап турмакпы, атайы кедей абышканын кементайын жамынган
Атаканды да жон талаштыра бир салды: А, мынабу Атакан акмакты кара! — деди,
камчысын кончуна сайып жатып.
Эми баягы адаштырмайга кошулган үчөө калган. Бизди да сабайбы дегендей
кыйпычыкташат. —Силердин жонуңар кычышкан жокпу? Рыскулбектин балдары
болгуңар келеби... Түрүңөрдү кубултпай, шүк жүргүлө! — Куйручук аларды ордунан
тургузду. Анан Рыскулбектин балдарына кайрылды:
— О, бу силер беш эмес, алты каман экенсиңер го. Током ырын ырдаарда санактан
жаңылып калганбы? — деди да карскарс күлдү.
...Куйручуктун бу жоругуна Кетмен-Төбөнү керипчойгон бу мырзалардын бирөө дагы
кайбат-каяша айталбады. Эл алдында шактары сынып, шаабайлары сууду. Куйручуктун
олуялыгынан сестеништи, колдоочусунан коркушту. Анүстүнө анын олуялыгы азыр
дагын далилденип олтурбайбы...
Куйручук Дыйканбай ээрчитип кирген үйдөн даам сызып, анын «конуп, конок
болуңуз» дегенине көнбөй атына минди. Айылдан жаңы эле узай бергенде жолун акмалап
турган да бир атчанды көрдү. Ак сур аргымак "минген, аземдүү кийим кийген ак сакалдуу
карыя бастырып келди. Рыскулбектин өзү экен.
— Жол болсун Куйручук балам! Мен боз үй тараптан баарын байкадым. Эси жок
бөлтүрүктөрүм кимге тийишерин аңдашпай чекилик кылышты. Өздөрү уят болушту.
Акылсыздыкка алдырышып, азууларын арсайтышкан сыягы. Аны үчүн улуу башымды
кичик кылыпг алдыңан тосуп, өзүм кечирим сураганым бу. Атыңды да„ даңкыңды да
уккамын уулум. Эми үйүмө кайрыл, кадырлуу коногум бол! Сыйымды көр! — Рыскулбек
ушинтип өтүнүп турду.
Карынын көңүлүн калтыруу салтта жок. Куйручук Рыскулбек менен чогуу анын үйүн
көздөй бастырды. Кулагы кепте болгону менен ак таңдай Токосунун айтылуу ыры эсине
түштү:
Акмат, Дыйкан алдамчы, Атакан, Миңбай жалганчы. Эгемберди, Бактыяр, Эл жегенге
жардамчы!
Көөмөйүндө андан аркы сөздөрү куюлушуп келди. Суналып аккан УзунАкмат тарапка
көз жиберип, кеткиче Токтогулга учураша кетүүнү болжоп койду.
ТУУРА БИИДЕ ТУУГАН ЖОК
Куйручук Көкүмбай манап менен бирге Көлдүн тескей тарабына — Тоңго барат.
Аларды ошол жактагы куда-сөөктөрү той берип чакырышкан болучу. Бул жакта
Куйручукту билбегендер, көрбөгөндөр али көп эле. «Куйручук келиптир» дегенди угуп
ага учурашканы, сөзүн угалы деп келгендери, «бир көрүп калалы» дегендер да жок эмес.
Сыйлуу меймандар атайын тигилген конок үйдө олтурушканда көлдүк Чыныбай деген
бий Куйручукка осолураак сүйлөп, тийиштик кылат. «Куйручук бу сени сынчы деп угам,
сынчы дейин десем, ырчыга окшойсуң, ырчы го десем, тыңчыга окшойсуң. Кана, кыйын
болсоң мага сын берип көрчү?» — деп өзүнүн сөзүнө өзү корстон болгондой кыткылыктап
күлөт.
— Чыныбай — дейт Куйручук. —Оозуңдан чыккан сөзүң көтөрүм уйдун
омурткасындай оркоюп калды. Бу жерде биз жоробозодо тамашалашып отурган жокпуз.
Сен мени, мен сени биринчи көрүшүбүз. Ары жагын акылга салып өзүң калчап көр. Сени
сындабаймын, таарынбагын...
Кеп жебеген Чыныбай бий асылып болбойт. «Качнай сындагын, же менден коркуп
атасыңбы?» — деп сөздү чоюп, көбөйтүп кирет.
Ошондо Куйручуктун «Бери карап угуп тур, көңүлүңдү буруп тур».. — деп Чыныбайга
сын бергени:
— Катыныңдын жанынан карыш чыксаң, кабагың бүркөлгөн, кайсарлыктын кара
шейшебин чүмкөнгөн, алдыартыңды абайлабай сүйлөгөн, аласасы барларды алты жылга
сүйрөгөн, жакынына жан тарткан, жазыксызды калтаарткан, чолок акыл, чорт аяк, ичиң
ийненин көзүндөй тар, өөдүксөөдүк кебиң бар, мурдуңдун учунан алысты көрө албаган,
какшанганга калыс болуп бере албаган кокуй экенсиң! Туура бийде тууган жок, туугандуу
бийде ыйман жок. Адилетсиздигиң алдагы башыңдан да чоң турбайбы!» — деп эл көзүнчө
ашкерелеп салат. Олтургандардын айрымдары «башыңдан да чоң экен» дегенге күлүп
жиберишет. Анткени, Чыныбайдын башы чын эле чоң экен. Ошентип, бийдин жаагы жап
болот.
ЭКИ МИҢ СОМ
Бир сапар Куйручук Токмокко келип өз жумушун бүтүрүп, кайтмакчы болот. Коңур
салкын күздүн күнү. Ушул тапта Токмок шаарында тогуз болуш солто, төрт болуш
тынайдын жыйын баштап жатканын көрүп, бул жыйынга кулжыгач Байзак баатырдын
өтүмдүү, кадырлуу экенин билип, күндөп-түндөп Байзак баатырды алып келүү акылын
ойлоп Куйручук Жумгалга жөнөйт. Максаты ошол жыйын курган манаптарды Байзак
аркылуу пайдаланып калуу. Ал катуу келатып Шамшынын оюнда Байзак баатыр
келатканда алдынан чыгат:
— Сизди Шабдан баштап көп эл күтүп жатат, бастыралы ылдам,— деп, Токмоктогу,
Икрам байдын короосуна түшүрүп, Шабданга кабар айтат.
— Тогуз болуш солто, төрт болуш тынайдын мыктыларын, силерди Байзак баатыр
зарыл жумушум бар деп чакырып жатат,— дейт дагы, конок камын көрүп, кечинде аларды
Байзактын үстүнө чакыртып келет. Тамак желген соң «бизди эмнеге чакыртыңыз эле,
Байзак баатыр» дешет.
Анда Куйручук айтат:
— Кадырлуу Байзак аксакал карып калды, карыздар болду, андыктан Байзак
баатырдын кадырын сыйлап карызынан үзгүлө, атайын келген экен,— дейт.
Күтүлбөстөн айтылган сөзгө Байзак да каршы чыга албай калат. Манаптар:
— Жакшы болот, эмне берели? — деп Бири-бирине карашат.
Анда Куйручук:
— Сен азмын дебе, манаптык кыл, төрт болуш тынай мин сом бер, бирок бир гана
киши берсин, бай эмеспи Сарбозбай чыгарсын. Тогуз болуш солтонун байы — Өзүбек
миң сом чыгарсыи,— дегенде, макул болушуп, айтылган эки миң сомду беришет.
Акчаны Куйручук алып, эшикке элден мурун чыгып, дарбазаны бекитип, кулпу салып
коюп элди чыгарбастан короого камап алат дагы, «менин эшик ачаарымды бергиле,
болбосо чыгарбайм» дегенде, Дүр манап:
— Элди зарыктырбай эшикти ач,— деп кийип турган чепкенин чечип берет.
Ушундан кийин Куйручук эшикти ачат, эл чыгып кетет. Таң атаары менен базардан
чоң куржунга батышынча асыл буюмдардан алып шыкайт да Байзак менен чоогу жөнөп
кетет.
СЕН АЙНЫСАҢ, МЕН ДА АЙНЫДЫМ
Улактын уулу Шералы деген адам жашы бир кыйла өйдөлөп, алтымыштын ашуусуна
таяп калганга дейре балалуу болбойт. Анын ак уул, кызыл кыздын атасы болсом деген ойтилеги күч эле. Санаасы сан талаага, ою он талаага бөлүнүп, атургай согончогу
канабагандыгынан улам байбичесине тили тийип, экее кез-кез ушул себептүү кермур
айтышып калган учурлары да аз эмес болуучу.
Бир жылы күзүндө ошол Шералы турган Бостоң-Кайың деген айылда чоң той өтөт.
Тойдо Шералынын кашка аты чыгып, баш байге алат. Ушу тойго келген Куйручук эл
таркаган соң, анын үйүнө кайрылып, «ат байгелүү болсун» айтып, саамга алжай сурашып
токтой калат.
— Ээ, Куке эл катары баары эле бар. Мал десе өрүш толо малым оокат десе үйүм толо
оокатым деле жетет. Ошентсе да, бу бири кем дүнүйөдө армансьгз пенде болбогондой,
мен дагы армандуунун биримин го. Башка чукакмын. Аялымдын төрөтү кечигип баратат.
Кудайдан эртеликеч жалбарып тилегенибиз да, сураганыбыз да — Бала! — деп Шералы
муңайып сүйлөйт.
— Аа, Шеке тилей турган, сурай турган жөнүң бар экен. Эптүү тура! Пейли кең, март
кудайдан бир эркек уул сурап берейин, береги кашка күлүгүңдү мага бересиңби? —
дептир Куйручук,— ат мамыда байланган күлүктү көрсөтүп.
— Оозуңа май Куке! Кашканы азыр деле алыңыз! — дейт Шералы карбаластап,
күлүктү кермеден чечмей болуп.
— Жок, адегенде бала сурап берейин! Убадама турайын! Күлүгүңдү анан алайын! Сен
дагы убадаңа тур! — дейт Куйручук тигини токтотуп.
Куйручук Шералынын зайыбын сыртка чакырып: «Эмдиги жылы жайында эркек уул
төрөп алгын!» деп ат үстүнөн бата берет. — Куке! Күлүгүңүз багылуу!» — деген Шералы
Куйручукту жакшы маанайда узатат.
Кукең айткандай эле жай капортосунда аялы уул төрөп, Шералы кубанычка бөлөнөт.
Той берет. Күтүрөгөн күз келип, бала күлүшүп калат. Аштойлордун күчөгөн учуру. Баягы
кашка ат аштойлордо алдына күлүк салбай, улам биринчи "чыгып турат. Ээсин байгеге
маарытат. Ошондой салтанаттуу күндөрдүн биринде Куйручук Шералыга келет. Дагы
аттан түшпөй учурашып: «Күлүгүмдү бер, алганы келдим!» — деп бакылдайт. Эмнегедир
Шералынын өңү өзгөрүлө түшөт. Кашка ат да мамыда байлануу болуучу.
— Куке! Мындан башка эмне аламын, канчаны аламын десең дагы макулмун. Муну
балама энчилеп койгомун... — дейт Шералынын пейли бузулуп. —Куйручук Шералынын
күлүктү бербесине көзү жетип:
— Биз, экөөбүз ушу кашкага убадалаштык эле, башкага убадалашкан эмеспиз.
Жылкыдан жыйырманы, топоздон тогузду айтсаң да албаймын! Болуптур анда, сен
айнысаң, мен да айныдым! — деп Куйручук атын такымга салып, ашыга бастырып кетет.
Ал кеткенден кийин көп узабай, кечке жуук баланын эти ысып, куса баштайт. Түнү
бою эти от менен жалын болуп кыйналып чыгат. Эртең менен чарчап калат!
БУ КУНААЖЫН СОЙКУЛУКТАН ЖАДАБАЙТ
Беш-алты киши өздөрүнчө эрмектешип айылдын четиндеги дөңсөөдө олтурушкан эле.
Арасында Куйручук да бар. Ал өткөн-кеткенден, нарктуу сөздөн кеп уруп, уккандын
кулагынын кычуусун кандырган адатын баштаган болуучу. Анда-санда булуттарды
кызылга боёп, акырындап батып бараткан күндү тиктеп, ойлоно калат. Анан аңгемесин
улайт кайрадан. Аңгыча кашаттагы булак тараптан суу көтөрүп келаткан кызыл
көйнөкчөн келин көрүндү. Эми ал сез үн саамга токтото калып, алиги келинди колун
серепчилеп карап калды. Беркилер дагы ошол жакка бурулушту. «Олда кокуй ай, алда
кокуй ай!» — деп жан-жагын карап кейип-кепчиди Куйручук.
— Ой Куке! Эмне болуп кетти? — дешти жанындагылар эч нерсеге түшүнө беришпей.
— Көрбөй турасыңарбы, Медетбектин кызыл кунаажынын!? Кара букасы капшыттан
кетпей, күрөң букасы күүгүмдө келип күл челип турганын... Адал тамак ичирбей, анык
кудай урганын! Эми бу кунаажын сойкулуктан жадабайт, согончогу канабайт! Оо,
Күласал болбой күмүрөң калгыр! — деген экен.
...Медетбек байдын ошол токолу эзели төрөбөптүр.
КУТУРГАН КИШИНИ АЙЫКТЫРУУ
Жумгалдын Таш-Дөбө айлында жашаган Жумалы деген киши өзү айтып калаар эле
дешет...
Илгери Жумалынын атасы Байөмүрдү Кең-Суу деген кыштоодон кутурган карышкыр
кааптыр. Кыргызча ырым-жырым жасашат. Бирок, ага болбой кырк күн чамасы өткөндөн
кийин Байөмүр кутуруп ооруйт. Кыйын деген молдо, бакшы, табыптарды алып келишет.
Эч айла болбойт. Көздөрү чоктой кызарып, эки ийнин кажып, күндөн-күнгө оорусу
күчөгөндөн күчөй берет. Айлалары кетип, колу-бутун байлап, боз үйдүн керегесине таңып
коюшат.
Бир күнү аксакал кишилер Жумалыга кеңеш салышат.
— Жогорку айылдардагы жараш уруусунда Кылыч молдо деген касиеттүү киши бар.
Бир айла болсоошондон гана болоор. Барып алып келгин — дешет.
Жумалынын Ак-Боз деген жакшы жоргосу болот.
Ошону минип Кылыч молдого жөнөп калат. Кыштын күнү экен. Кар калың. Жоргосу
менен кар жиретип чыйыр салдырып баратса, алдынан Куйручук чыгат. Жумалы салам
айтат. Ал алик адып, «Ии, кичине молдо каякка баратасың?» — дейт.
— Атамды кутурган карышкыр каап, ошондон ооруп жатат. Молдобакшыдан эм
болбой, күчөп кетти. Кылыч молдого баратам, чакырып келгенн—деп Жумалы көйгөйүн
билдирет.
Куйручук саал ойлоно калып, собол таштайт:
— Ой, кичине молдо... Мен атанды айыктырып берсем, алдагы Ак-Боз жоргоңду
бересиңби?..
— Берейин Куке! — дептир Жумалы сүйүнүп кетип.
— Анда азыр кайра үйүңө кете бергин. Кылыч молодон да айла болбойт. Бүгүн ал
түндө бүркүтүмдү жиберемин. Кудаа кааласа атаңа шыбаа болот. Мен Чоң-Дөбө жактагы
Нусуп уулунун айлында боломун... Эмесе, сүйлөштүк, кичине молдом,— деп бастырып
кетет.
Жумалы саал ыргылжың боло түшүп, бирок «кой Куйручук да касиеттүү киши эмеспи,
тилин алайынчы» деген ойго келип, кайра үйүнө кайрылат. Жолдон Куйручукка
жолукканын эч кимге айтпайт. Сурагандарга Кылыч молдо үйүндө жок экен деп коёт.
Түн ортосу ченде аксакалдар,— Жумалы, сен чарчадың, барып эс алчы, биз отуруп
туралы... — дешет. Жумалы там үйүнө барып уктап калат. Бир маалда эле «Жумалы тур!»
— деп кыйкырат бирөө. Эшикке чыкса,— Сүйүнчү! Атан айыкты! — дешет ар кимдер.
Боз үйгө чуркап кирсе, колу-буту чечилген атасы төрдө малдаш токунуп, келме
келтирип отуруптур.
...Көрсө, кыйналган Байөмүр уктап кетет. Чай кайнам убакыт өтүп-өтпөй, катуу чоочуп
кыйкырат дагы, «Карышкырды бүркүт алып кетти! Тигине алып кетти!—деп ойгонуп,
көзүн ачат. Аздан соң кадимкидей кеп-сөзгө келип:
— Мени чечкиле! Кудаа кааласа айыктым. Киши болдум, айланайындар! —дептир.
Ошондо гана Жумалы олтурган аксакалдарга, дүрбөп келип калган коңшу-колоңдорго
Куйручукка жолукканын, анын айткан сөзүн төкпөй-чачпай айтып берет.
— Кокуй, Куйручукту таап кел!—дешет аксакалдар. Жумалы түнү боюнча издеп
жүрүп, Кукенди таап, чакырып келет. Түлөө жасашат.
— Ой кичине молдо, убада боюнча Ак-Бозду бересиңби? — дейт Куйручук.
— Макул, алыңыз! — деп Жумалы шар жооп айтат.
— Сен жаш эмессиңби... Жоргоңду өзүң эле мингин. Убадага бек турган жигит
экенсиң! Бейилиңе ыраазымын! Мага эртең бир жакшы ирик берип жибер... дейт дары
Куйручук түлөөдөн ооз тийип кете берет.
БАТАНЫ КУЙРУЧУКТАН СУРАГЫЛА!
Кетмен-Төбөдөн «Сыдык аке», «Сыдык ажы», «Сыдык болуш» деген кадырлуу атка
конгон адам өткөн. Ал киши да өз мезгилинде акылмандыгы, олуялыгы менен жамы
кыргыз журтуна таанылган адам болуптур. Үйүнөн күнүтүнү кишикара, конок үзүлчү
эмес экен. Айрымдар сыйсыпат жасап, атайы учурашкаиы келсе, айрымдары илгери үмүт
менен ак батасын алганы кайрылышат.
Кээ бирлери жөн гана касиеттүү адамды көрө кетүүнү эңсешсе, кээ бирлери анын
үйүнөн даам сызууну кут катары эсептеп келишчү тура.
Куйручук дагы убагында Жумгалдан атайылап издеп келип ушу кишиден бата алып
кетет. Сыдык аке Куйручуктун жөн адам эместигин баамдап, аны жактырат. Келген сайын
жакшылап тосуп алып, кетеринде дайыма урмат көрсөтүп узатат. «Куйручугум мен
сөзүцдү эңсегенде, сен өзүмдү эстегенде агаңа учурашып кетип жүр» дечү экен.
...Куйручук бир топ күнү тынбай жол жүрүп Сыдык болуштукуна жетип, ага кол берип
учурашат. Куудулдун сөзүнө кумар болгон эл чакыртпай эле дагы топтолот. Анын
сөздөрүн угуп, көпчүлүк кумардан канат. Коштошоор күн да келет. Аттанар алдындагы
дасторкон жайылып, Сыдык болуш Куйручуктун жайыраак аттануусун өтүнөт. Андайда
дайыма сөзү белен Куйручук: «Сыдык аке! Мага ат мингизе турган болсоңуз аттын өңү
кер болсун! Анчалык күлүк эмес, ашкан жорго эмес, башын жерге салбай турган, ара
жолдо калбай турган, балбан бышты асый болсун! Үстүндө ээр токулгасы, башында
жүгөн, ноктосу катылуу, канжыгасында камчысы байлануу болсун!» — деп тамашага
салып, сөз кыйытат. «Болуптур, бир аз сабыр эте тургун, айтканындай болуп калаар»
дептир Сыдык аке дагы.
Астыга куюлган чыныдагы чай оозго тие электе эшик ачылып, башына кара көрпө
тебетей, үстүндө жеңил күрмө шым, бутуна өрмө чокой кийген жигит шып этип кирип,
колун бооруна алып салам айтат. Анын артынан шайы жоолугун чекесине жаба салынган,
карала чыт көйнөгүн боюна келиштире тигип, жарашыктуу кийинген келин жүгүнүп,
босого аттайт. Отургандар алик алып, удаа-удаа алкашат. Жигит шамдагай кыймылдап,
дароо кайра сыртка чыгып, кырчоого кыстара байлай койгон чаначы менен эки көздүү
куржунду ичке көтөрүп кирет да Сыдык акеге кайрылып: «Ажы аке! Сиздин батаңызды
алалы деп келдик эле. Келинчегим экөөбүз баш кошконубузга беш-алты жыл болду.
Балалуу болсок деп көп тилейбиз. Бирок, эмнегедир ошол тилегибиз чоң кудайга жетпеди.
Ошон үчүн сиздин батаңызды алалык деп келдик. Куру келе албадык. Беш жылдык
эмгегибизге байдан алган кер быштыны ээр-токулгасы, жүгөн куюшканы менен,
бөктөрүнчөгү, канжыгасына байланган өрмө камчысы менен ала келдик эле» — дейт.
Олтургандар Куйручук менен Сыдык акенин эмелеки сөздөрү дал келгенине таң калышат.
Сыдык аке Куйручукту саал үңүлө карап алып, «Батаны менден эмес, ары төрдө
отурган Куйручуктан сурагылачы... Анын касиети меникинен артыгыраак болуп турат»
дейт. Жаш жубайлар алакан жайып, баш уруп, Куйручукка таазим кылышат.
— Тилегиңер кабыл болсун! Очор-бачарлуу, ынтымак-ырыскылуу жубайлар болгула!
О кудай, сөзүмдү эки кыла көрбө! Оомийин! — деп бата берет. Сыдык аке менен
коштошуп, кер быштыга минип, Куйручук Жумгалга бет алат.
...Куйручуктан ак бата алган жигиттин аты Жээнчоро, келинчеги Барчын экен.
Кийинки жылы эркек уулду көрүшүп, улам учтары узарып, очор-бачарлуу үй-бүлө
болушат.
КУЙРУЧУКТУН АҢГЕМЕСИ
Бул аңгемени Шыйкымбай уулу Жолдошбайдан уккан элем.
Куйручукту жыйырма беш жашымда ушул Толуктан көрдүм. Жаагы кере карыш, узун
бойлуу киши экен. Омокенин үйүнө конду.
— Жер үстүндөгү манаптарды көп көрдүм — деп сүйлөй баштады Куйручук,— өз
заманында Касымбектин уулу Султангазы үч миң үйлүү чорону бүтүн билген киши экен.
Ушул мени чакыртты. Эки чакыртканда бара албадым. Үчүнчү чакыртканда бардым.
Барсам, мейман үйүн атчан жигиттер уук улап тиккен экен. Чоңдугунан бир капшытынан
сүйлөсө, быягынан үн угулбайт.
Жигиттер барган меймандарды ат алып тосуп, бизди ошол үйгө түшүрдү. Бирпас
отурган соң Султангазы жолборс ичик жамынып биздин үстүбүзгө келди.
— Үчүнчү чакыртканда араң келдиңиз Куке, менин атымды уккан жоксузбу, же мени
сүйгөн жоксузбу? Эмне үчүн келбедиңиз? — деди.
Мен анын кекете сүйлөгөнүнө түшүнүп туруп:
— Иии иним, менден кичүү экенсиң, бирок мени такып калдың. Бу манап деген иттин
богунан да көп экен дедим. Ошондо таш тиштегендей сүйлөй албай калды. Олтуруполтуруп:
— Конокко бүгүн канча киши келди? — деп жигиттеринен сурады.
— Сексен киши келди.
— Бээ союп, конок кылгыла,— деп тапшырды. Бээ союп конок кылды. Ошондо
конгондордун көзүнчө менден сөз сурап калды.
— Куке Сизди адамдан айтып туруп алат дейт. Айтпайсызбы, мен камында болуп
күтүнүп турайын,— деди.
— Мен айтып алам. Мага он топоз бересиң. Онутең кара кашка болсун, бир бука
кошосуң, букасы да кара кашка, он бир болот. Ушуну алам мен. Башка эч нерсе албаймын.
— Болуптур Куке, сиздин урматыңызга үч күн улак болот, анан жөнөтөбүз.
Үч күндөн кийин:
— Сапарга уруксат бериңиз дедим. Он кара кашка топозду кермеге байлап коюптур.
Букасы кызыл кашка экен.
— Топоз бузулуп калыптыр, букасы кызыл кашка болуп, албаймын — дедим.
Кызыл кашканы агытып жиберип, дароо кара кашка бука алып келип байлады. Ошону
менен он бир болду.
Топоздон башка мага берүүгө тогуз согум бээ байлатып, ноотудан кийим камдатып,
тогуз согум уй, тогуз ирик алып келип коюптур. Ушунун баарын мен үчүн камдаган экен.
Өзүм айткан топозду алып, башкасынын бирөөнү да алганым жок.
— Сизге арнап, баарын ырастап койдум эле, эмне үчүн албайсыз? — деди Султангазы.
— Мен тамакка көп тоюп алып, кусуп койчу адам эмесмин, өз айтканымды алам,—
дедим да жүрүп кете бердим.
Ошондо Султангазы мага баа берди:
— Ой ырахмат Куке, ушун үчүн журт аралап Куйручук атка конгон экенсиз, ырахмат!
токтобүбү токол, томпой 003 жигит
Куйручук казак туугандардан келе жаткан Шамшыны ашып кетмек. Бир коктуда төрт
үй турат. Кеч кирип калгандыктан конуп кетүүнү туура таап, атынын башын айылга
бурду. Түмөнбай байдын үч аялы бар. «Байлык эмне дегизбейт, жокчулук эмне
жегизбейт» дегендей үч аялына үч башка энчи бөлүп берген. Бул Токтобүбү деген
токолунун айылы. Ак өргөөдөн окчун тигилген эки кара алачыктын бирөө жылкычыныкы.
Бирөөндө койчусу турат. Тигилерге катарлаш тигилген дагы бир кара алачыкта орто
жашап калган жесир аял он бир, ои экилер чамасындагы эркек баласы менен Токтобүнүн
күлү менен чыгышып, оту менен киришип кара тамак үчүн жалдангандар. Куйручук токол
менен учурашып, төргө барып отурду. Түндүктү, керегенин баштарын одурая карап алып:
— Түмөнбай байдын үйү ушулбу?
— Ооба, ушул!
Куудул бешмантын чечип, тебетейин алып топучан малдаш урунду. Анан сакалын
сербеңдетип, оозун күбүрөтүп:
— А кудая парпардигер! Ак майга тоюп, кызыл чай ичип буюрса жакшы эс алат
экемин!—деп тура калып жүктүн үстүнөн жаздык алып кыйшая кетти. Токтобүбүнүн
чыйпыйы чыкты.
— Эмне жумуштап келдиңиз? Үйдүн ээси жок. Өзү барда келиңиз!
— Өзү казанын, тамакашын артына кетти беле? Аял мукактана түштү.
Эркеги жок үйгө коно албайсыз.
— Ошол сени жалгыз эси чыгат? — деп мен келип отурбаймынбы.
— Чалымын ачуусу чукул. Баары бир жаткыра албайм.
— Койнуңа жаткырбасаң жаткырба. Мен капшытка эле жатам! — деп куудул мурдун
чүйрүп, бир көзүн жуумп, бир көзүн тостойтту. Акыры жадаган аял эшикке чыгып кетип,
бир аздан кийин эки эркекти ээрчитип келди. Эркектер салам айтып киришти.
— Курдаш, жүрүңүз, биздин үйгө. Буюрган насипти татып, жатып аласыз. Бай үйүндө
жок эле. Ал жокто бул үйгө эч ким конбойт,— деди анын бири.
— Ботом, эч ким жатпайт дейсиз. Береги аял өзүм жатам!—деп жатпайбы? Жалгыз
жаткырбай мен деле жатсам эмне болот эле?
Куудул оозун кыйшайтып койгондо эркектин бирөө бышкырып эшикке чыга качты.
— Малга мал эш, жанга жан эш. Түмөнбайдын үйүнө түнөбөй эле коёюн. Мобул
жарылып бышкан көмөчтөй болгон катыны өзү жата берсин! — деп эшикке чыгып кетти.
Ай төбөгө көтөрүлүп, ой тоолор төгүлгөн нурга бөлөнүп жарык. Аңгыча тигил
коктудан бир караан чыкты. Короонун четине келип, айлананы бир аз тыңшап туруп
Токтобүбүнүн өргөөсүн көздөй басты. Ооба, ал, сойку аялдын түнкү коногу. Мындай бир
кызыктуу окуя болорун куудул жана өз белгисинде билип, тигил койчу Эрмектин үйүнө
жатпай дөңгө чыгып кеткен. Куйручук сыртка чыгып кетери менен Токтобүбү өз үйүнө
казан асып, ойношун күтүп жатты. Тигил жигит кирип барганда кылыктана тосту. Эки
кишиге ченеп салган чүйгүн этти булоолонтуп, чоң кара табакка чыгара баштады. Куудул
жанагы киши кирген жакка утурлай басты. Нары коктунун таманындагы талдын арасында
байланып турган тору кашка атты көрдү. Ачка жаныбар окуранды. Аны чечип алып
өзүнүн атынын жанына аргамжылап, жайдактап ээр токумун алып койду. Анан кайра
басып жанагы токолдун үйүнө келди. Тамагын эчакжешип, төргө керилте төшөк салып,
ага орсок тиш, томпой ооз кара жигити жатып калыптыр. Аял да чечинип жатты.
— Муздап кетипсиң. Тигил чокко жылынып келчи,— деп жумшады жигит. Токтобүбү
келип отко кактанды. Шыкаалап турган куудул:
— Ой, томпой ооз, топоз мурун. Тигил аялды бышырып жейсинби? — дегенде эси
чыккан Токтобүбу төшөгүнө кире качты. Тигил ойношу куур шымын, кемселин көтөрө
эшикке чуркады.
— Эй, Түмөнбай! Токолунду тозок отуна күйгүзүп, шишкебек кылып жеп жүргөн
неменин шиши толуптур. Карма!—деп кыйкырды. Иттер ажылдап, жыланач качкан
кишинин аркасынан кетишти. Токолдун жүрөгү оозуна тыгылып, титиреп, чүмкөнүп
жатты. Ойгонгон койчу чыга калып кыйкырды. Кудай бетин көрсөтпөсүн, айыл конгон
коктунун ичин тажаал ээлегендей кылды. Койчу жигит Куйручуктун жанына басып келди.
— Ит, куш көрдүнүзбү? — деди.
— Көрдүм, томпой ооз, топоз мурун, орто бойлуу, арам ойлуу бир ит токолдун үйүнө
шимшип кирди. Шишкебек эмес эле токолду бышырып жейин деп жатканда кыйкырып
жиберип, араң аман алып калдым! Жүрү,— деп койчуну ээрчитип барып талдын арасында
атын таппай жүргөн жанагы неменин үстүнөн чыгарды. Жылаңайлак экен. Шымын кийе
албай калтырайт. Көрсө ал «бирөөгө бекер бир чөйчөк айран куйбаган, кошунасын
көөлөп, кошомат кылып корккон адамды сыйлаган, сасык айран, көк курут, малын ит жеп,
желкесин бит жеген» Жаманбай деген сараң байдын уулу экен. Кармап алышты. «Ууру»
дешти. Акыры томпой ооз жалынып Куйручук менен койчуга чынын айтты. Үчөө чогулуп
Токтобүбүнүкүнө келишти.
— Эй, көчүгү сокудай, көкүрөктөгү эки эмчеги топудай болгон сойку, Куйручук деген
мен болом. Ооз басырыкка мобул ак эмгеги менен алдында кызматын кылып жүргөн
койчуга мен айткандарды бересиң. Тээтиги сандыгыңды ач. Беш кез карала сатинди бери
алып чык. Койчунун келинчегине бересиң. Анын алдында көк гүлдүү чыт жатат. Аны
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 10
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов