Latin

Эй, бу Куйручук - 14

Общее количество слов 3984
Общее количество уникальных слов составляет 2090
32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
толуп кетти. Ошондон бери Куйручук деген атты унухпай келе жатамын, — деген эле
Метрей.
БОЛДОМОЧУЛАРДЫ СЫНДАГАНЫ
Жумгал районунун борборунда иштеген белдүү кызматчыларды чөп чабуу өнөктүгүнө
болдомочу (уполномоченный) кылып жиберишет. Алар жолдо ала күү болуп
алышкандыктан, улам кызыйкызый кеп чыгып, өздөрүн Куйручукка сынатмакчы
болушат. Ат тизгинин бурушат.
Куйручук үйүндө Акматалы деген абышка экөө сүйлөшүп отурган экен салам айтып
киришет. Аздан соң:— Куйручук аксакал өзүбүздү сынаталы деп келдик, кимибиз
кандайбыз? Сынап бериңиз — дешет.
— Бүгүн сөз угаар чамаңар жок, ала буурул болуп алыпсыңар эртең келгиле — дейт
Кукең. Баарынын көздөрү умачтай ачылып, уялып калышат. Акматалы карыя тигилердин
шагын сындыргысы келбей: — Кой, Куке? Өзүбүздүн балдар турбайбы, атайын келип
калышыптыр, сынап берип, санааларын тындырыңыз, — деп собол салат. Куйручук
болдомочуларды бир сыйра кыдырата тиктеп алып:
— Эми балдар, болбостур. Мен болгонун гана айтам. Арманда калбагыла, өктөө
кылбагыла, — деп сынай турган болот.
— Кана, адеп кимиңер өтөсүңөр сындан дегенде Ногоев Султанбекти көрсөтүшөт.
Султанбек узун бойлуу, кабелтең, сары чийкил киши экен.
— Совет өкмөтү чыгып калып, багың ачылыптыр. Окуп, таалимтарбыя үйрөнүп,
ошонун арты менен чоң кызмат иштеп жатыпсың. Өмүрүң өткүчө кор болбойсуң. Эгер
Совет өкмөтү чыкпаганда бүркүтчү болмок кебетең бар тура. Сапсары болуп бүркүт
салып жүрмөк экенсиң. Андан башка колуңдан эчтеме келмек эмес, — дегенде баары
каткырып калышат.
— Эми, кана кимиңер? — деп Куйручук жооп күтөт. Өмүрбаев Зарипти айтышат.
Зарип тура калып: — Мен кыргыз эмесмин. Кытайдан келгем, сындатпаймын, — дей
салат. — Эмесе, эшикке чыгып кеткин, баары бир сыныма түшүп калдың — деп аны
сыртка чыгарып жиберет.
Кезек Эшкулов Абдилге келет. Аны карап туруп: — Бу балага сын жок, отура бергин!
— деп коёт колун жаңсап. Андан кийин Дүйшеев Ибраим сынга түшөт. «Бул бала өмүрү
өткөнчө өкмөттүн нанын жеп өтөт. Жаманчылык көрбөйт. Бирок, тик айткан калыстыгы
бар экен, ушунусунан саал аксайт» дейт аны.
— Тиги бала ким? — деп болдомочулардын жашыраагын сурайт өзү.
— Тойматтын уулу Эсенгул дешет отургандар. — Аа, баягы ашта эт көтөрүп баратып,
чөпкө чалынып жыгылган Тойматтын баласы го...
— Ооба, ооба — деп каткырат бардыгы.
— Кап, алда балам ай, өмүрүң кыска болот турбайбы! — дегенде Эсенгулдун башы
шылк дей түшөт. Баары аны жалтайлай карашып, катуу кейиген тейде аттанып кетишет.
Болдояючулар узагандан кийин Акматалы карыя: — Жанагы кытайдан келгем деген
жигитти баары бир сыныма түшүп калдың дедиң го Куке? Аның кандай?— ден сурайт.
— Ээ, ал түгөт, азап тартып түрмөгө отурат,— дептир жарыктык. Айткандай эле
Эсенгул согушка кетип келбей калат. Зарип түрмөгө кесилип алты жылы отуруп чыгат.
Калгандары Куйручук айткандай өмүр сүрүшөт.
ДҮКӨНЧҮДӨН КАРЫЗ КЕЗДЕМЕ АЛГАНЫ
Куйручук бир күнү конокко барып калат. Сөздөн сөз чыгып отуруп, бир топ карыя ага
сөз ыргытат:
— Көп элди кыдырып, оң менен солго аттын кашкасындай таанымал болдуң. Сөзүң
менен элге жакты.. Байманаптар да өзүңдөн жазганып сыйлап турду. Алардан
алгандарыңды кедей-кембагалдарга кармата бердиң. Канжыгана бирдеме байлана келип,
бу бизди деле сыйлап койсоң боло. Айылда беш-алты абышка калдык. Сенин аркаң менен
коёндой окшош чепкен кийсек дейбиз. Кийин Куйручук кийгизген чепкен ден айта
жүрөлүк.
Ал карыялардын соболун жөн көрүп, убада берет. Эртеси эле райондун борбору —
Чаекке келип, эл менен учурашып, дүкөнгө кирет. (Ошол убакта Чаекте жалгыз эле дүкөн
иштеп, Абдыразак деген дүкөнчү соодалачу экен).
— Мен сизден бир нерсе сурап келдим — дейт.
— Оо, кокуй Куке, сизге кантип бербей коёюн. Алчуңду айтыңыз? — дейт Абдыразак
жалпаңдап.
— Анда алты кишиге чепкен чыга турган кездемең болсо бергин?
— Ар бир чепкенге үч жарым метрден, алтооно жыйырма бир метр кетет. Бир метри он
сомдон, баары эки жүз он сом болот. Өңү кара, — деп дүкөнчү эсептеп берди.
— Мейли, мамлекеттики эмеспи, акчасын дептериңе жазып кой, көп кечиктирбей
апкелип берем — деп Кукең дүкөнчүгө ыракматын айтып кайра тартат.
Куйручук Багышанга, үйүнө келип, убадасы боюнча баягы карыяларды чакырып,
чайын берип, «чепкен тиктирип кийгиле» — деп ар биринин колуна бөлүнгөн кездемени
карматат. Бардыгы батасын берип ыраазы болушат. Арадан эки апта убакыт өтөт.
Куйручук үйүңдө уктап жатса, дүкөнчү Абдыразак түшүнө кирет. Чочуп ойгонуп кетет.
Байбиче мен Чаекке кеттим. Машине менен барып, кайра машине менен келем, атка
чөп салып койгула — деп чоң жолго чыгат.
Көп убакыт өтпөй жогортон келаткан жеңил машине көрүнөт. Ага кол көтөргүчөктү
эле, өзү токтоп калат. Ичинде үч адам бар болот. Бири обкомдун биринчи катчысы,
экинчи облаткомдун төрагасы, үчүнчүсү обулсоттун төрагасы экен. Машиненин өзү
токтогон себеби, облаткомдун төрагасы Куйручукту тааныйт тура... Ал жанындагы
кишилерди тааныштыргыча болбой, Кукең кеп-сөзгө келбестен, обкомдун катчысын
карап туруп:— Кара кундуздай жылтылдаган кара жигитим, келе жетимиш сом, — десе
эле, ал чөнтөгүнөн жетимиш сом сууруп бере салат. Облаткомдун төрагасын карап: — Ак
калтардай кылтылдаган ак жуумал жигитим келе жетимиш сом, — дегенде, ал дагы
унчукпай чөнтөгүнөн жетимишти сууруйт. «Кумда ойногон суусардай сур
жигитим, келе сен дагы жетимиш сом» — деп обулсотту тиктейт. Ал калдастай түшүп,
айтканын берет.
Алган акчаларын оң чөнтөгүнө салып, Чаекке чейин тигилерди күлдүрүп, көңүлдөрүн
көтөрүп келет. «Бу адам шумдуктуу адам экен го, эмне үчүн берем? Бербеймин деген сөз
оозго келбейт тура. Бергиң эле келип турат. Колдогону болсо керек» — деп тигилер
таңданышат.
Куйручук түз эле Абдразакка барып, баягы кездвменин акчасын колуна тапшырат.
КУЙРУЧУКТУ СӨГӨ АЛБАЙ...
Чаек — Кызыл-Туу каттамы боюнча автобуска түшүп калдык. Автобус ичинде
Куйручук жөнүндө сөз болуп калды. Сөз кезегинде Асанов Ашырбек бала кезинде эсинде
калган бир окуясын айтып берди.
Мен алты жашта болчумун. Атам ыраматылык тамашакөй адам эле. Бир күнү
«Совнарком» колхозундагы кампанын жанына көп эл чогулду. Мен да атамды ээрчип
алгам. Элге ылдыйтан үч атчан киши бастырып келди. Тургандар жалпы учурашып «Куке
келиңиз» — деп аттан түшүрдү. Мен баягы кишиден эмнегедир коркконсуп, атамдын
этегине жабышып жүрөм. Атамдын оозу жөн турбаган киши эле. — Куке, сен Куйручук
болгону бирөөдөн сөгүү уктуң беле? — деп калды. Анда ал киши: — Асан, сөккөн бул —
адепсиздик. Мен эч ким. менен урушканым жок. Бий, болуштарга сөккөнгө тете сөзүм
тийгендир. Бирок, мен эч кимден сөгүү уккан жан эмесмин! — деген жоопту берди.
Атам дале болбойт. — Андай болсо мен сени сөккөнгө киши табам, мелдешиң эмне?...
— Кандай мелдеш койсоң да мен качпаймын, — деп бажактап күлүп калды
Куйручук,— корооңдогу койлордун арасындагы байланган куйруктуу кызыл коюңду жөн
эле бере бер.
Атам ал койду качан көргөн деген ойдо таң калып,— макул. Мелдешсең эле — деп кол
алыша кетти. Көрсө, алар мурда эле азилдешип жүрүшкөн теңтуш кишилер экен. Мен
балдардын арасында жүргөм. Атам чакырып калды.
— Жүрү, Шаршени сөккөндөй, азыр мен көрсөткөн кишини сөгүп бер.
— Момпосуй берсең сөгөм эле, — дедим.
Мени колуман жетелеп жөнөдү. Оюмда «ким болсо да сөгөмүн» деп баратам. Анткени
атам мени телитеңтуштарын сөк десе эле, эрдемсип сөгө берчүмун. Ойлонбой туруп, шыр
сөкчүмүн. Эл биз жакты карап калды. Атам түз эле жанагы мен корккон кишини
көрсөтүп: — Сөк! — деди. Мен ал кишини карап алып эле, бир нерсе кармап алчудай
болуп, бакырып атамдын аягына кире качтым. Эл кыраанкаткы күлүп калышты. Атамдын
чыйпыйы чыгып, бакылдап мени жулкулдатып атат. Эмне деп жатканын билбейм. Эл
«болду Асан, уттурдуң» дешти окшойт. Мени үйгө алып кетишти. Дале ыйлап жүрөм.
Кечке жуук Куйручук эшиктен кыйкырды: — Асан жанагы сөгөнөк балаңды алып кел,
...кызыл койду сой да теңин үйгө жеткирип бер,— деди. Мен ал кишинин үнүн угуп
тактанын астына кире качтым. Атам тактанын астынан мени сууруп алып, тилдеп эшикке
жетелеп чыкты. Көзүмдүн кыйыгы менен Куйручукту карасам, көзүмө жылуу көрүнүп
калыптыр, ыйлабай калдым. Анан ал ат үстүнөн бата берди. Ата-энем кошо алакан жайды.
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр он баланын атасымын. Жашообуз жаман эмес,
жакшы. Мүмкүн Кукемдин батасы тийгендир, — деп ойлоп калам.
...Автобуста отургандар Ашырбектин айткандарына муюп баш ийкешти.
КУЙРУЧУКТУН БАЛАСЫМЫН
Куйручуктун айтканы айткандай болуп, так келген дагы бир олуялык касиети жөнүндө
менин жарык дүйнөгө келишиме байланыштуу айтылып жүрөт. Атам Султан айтчу эле:
— Кедейим, сени ушул кыдыр даарыган Куйручук тилеп берген. Анын жөнү мындайча
экен.
Энем Сейил тогуз кыз төрөгөн, эркек перзент дегенде ак эткенден, так этип жүргөн
маалы го. Күндөрдүн биринде атам тоо тараптан олжолуу келаткан болот.
Ошондо, алдынан капылтапыл Куйручук чыгат. Бири-бирине салам айтышат. Атамын
оюнда эч нерсе жок. Аңгыча болбой:
— Ай Суке бүгүнкү олжоң мага буюрган экен ээ, гдегенде атам күлүп койнундагы
суусар терини сууруп чыгат да силкипсилкип Куйручукка бере салат.
— Суке, ичиң ооруган жокпу?
— Жок.
— Суке зарылып жүргөн экенсиң ээ?.. Кудайдан бир уул тилеп берем. Атын өзүм коём,
ушуну унутпа! — деп жүрүп кетет.
Атам болсо таң калыштуу түрдө, ордунан жылбай, тигиндейде капчыгайды өрдөп бара
жаткан Куйручуктун караанын узатып кала берет. Таң калбаганда кантет: баары
Куйручуктун айткандегениндей тушматуш чыгып жатса, же илгери кийин ал киши менен
бетме-бет сүйлөшүп, сыр тартышып көргөн жан эмес. Болгону, атагын угуп келген. Бир
үйдөгү кыбыр эткен жаңылык, экинчи үйгө дайын дегендей, айылдаш да эмес. Анын эркек
балага зар болуп жүргөнүн, ал кайдан билет. Барыдан да эртең менен кыйышпас
досунукунан колкого сурап алган суусар теринин жөнүн айтпайсыңбы, тим эле ошол
убакта жанында тургансып. Ушуларды ой элегинен өткөргөн атам терең ойдо үйгө келет.
Айтканындай эле бир жыл өткөндөн кийин мен төрөлүпмүн. Кубанычы койнуна
батпаган атам сүйүнгөн бойдон Куйручуктун баягында айтканын унутуп салып,
«баламдын аты Кедейкан болсун» деп өзү коюп койгон болот. Ошондон бир жумача
өткөндөн кийин Куйручук үйгө келиптир. Ал келгенде атам үйдө жок экен. Эшикке апам
чыгат. Куйручукту көрүп: «айланайын келиңиз» деп карбаластап калат. Бирок, Куйручук
аттан түшпөйт. Атамды сурап үйдө жок экенин уккандан кийин:
— Балаңызды алып келиңиз, мурдунан чымчып бир өөп коёюн, — дейт. Апам мени
үйдөн көтөрүп чыгып колуна кармата салат.
Куйручук мени өбөт. Анан: — Атын өзүм коймок элем, бекер кылыпсыңар, мейли эми
өзүм тилеп бергем, алып кетем, — деп мени койнуна катып алып жөнөй берет.
Апамдын эси ооп калганы ушунча. Куйручук узаганча карап тура берген көрүнөт.
Артынан чуркаганга даабайт. Кечинде атам келгенде, болгон ишти айтып, Куйручуктун
мени алып кеткенин билдирет. Ошондо:
— Алда кокуй айее, таза унуткан турбаймынбы, жыластыкы,— деп кейиген атам
Куйручуктун артынан чабат. Иши оңунан чыгып, Кукемди ушул эле кайырмалык
Топчубай деген адамдын үйүнөн тааптыр.
— Мени кудай уруп, унутуп калган экенмин, кечирип кой Куке, — деп учурашкандан
кийин Кукеме жалбарат. Кукем таарынгансыйт:
— Атын өзүм коём дебедим беле?...
— Сүйүнгөнүмө чыдай албай өзүм коюп салыптырмын.
— Эми болбостур, мейли койгон атың ошо боюнча эле калсын. Бирок, Суке! Бала бир
жерининен азыраак кемий турган болуп калды. Коркпогун... Эчтеке эмес. Ме, мынабу
бетарчымды коюнуңдан чыгарба, — деп атама уулун — мени берип жөнөтөт.
Арадан жылдар өтөт. Жети жашка чыкканымча итий, оорукчан болуп, тилимден жара
кетпей көп кордуктарды көрүп жүрүп кудайдын барманы менен адам болуптурмун.
Куйручук алдынала айткан кемтигим — сүйлөгөндө кээде кекечтенип, балдырттап кетем.
Улуулардан укканым ушул. Мени «Куйручуктун баласы» деп да коюшат айылдаштар.
КУЙРУЧУК ТИЛЕГЕН БАЛА
— Садыбакас деген кишинин жалгыз баласы өлүп калат. Карыганда көргөн туягынын
кайгысы аны аябай мүңкүрөтөт. Ошондо Садыбакас алтымыштан ашып, аялы элүү бештен
эңкейген курактары экен.
«Куу баш калдым» деп куюлган жашы токтобойт Садыбакастын. — «Ала жат,
жалгызым!» дейт армандуу апа... Аларды көрүп, айлалары куруйт тууган-туушкандардын.
«Садыбакас эки күндөн бери тамак ичпей, тегерегиндеги чөптү жулуп отурат» деген кеп
Куйручукка да угулат. Ал ары ойлоп, бери ойлоп анын үйүнө келет.
— Ой, Садыбакас! Ыйыңды токтоткун! Кудайдан ийрим жана элек эле... Март
кудайдан бир эркек бала сурап берейин!
— Оозуңдан айланайын Куке! Бирок, куурап калдык го! — дептир ал ыйлаганын
токтотуп.
Куйручук бир чоң аяк жарма алдырып келип, Садыбакаска бүт ичирип кайрат айтып:
«Эркек балалуу бол!» — деп бата берет.
Ошондо бир жарым жылдан кийин төрөттөн эчак калган Садыбакастын аялы эркек уул
төрөйт. Атын Зарылбек коюшат.
УУЛУҢ УСТА БОЛОТ
Өз атам Сулайман жаш кезинен тартып, көзү өткөнгө чейин колунан балкакычкачын,
жаракшайманын түшүрбөй усталык өнөрдүн аркасы менен жашаган.
1916жылы эл үркүндө качкан эл менен кошо Турпанга барган. Ал жактан келгенден
кийин ушул эле Жумгалдагы Таш-Төбө айылындагы эжесиникине башпааналап
устачылык кесибин улантат. Айылында тегирмен жок экендигин көрүп, элдин
убаракерчилигин жеңилдетип, тегирмен жүргүзүп берет. Элдин алкышын алат. «Колу
ойногондун оозу да ойнойт» дегендей өзүнүн дагы оокаттиричилиги тың болот. Сулайман
уста деген атакка конот.
Бир күнү адатындай эле узанып отурса беш жашар уулу Сагыналыны (менин бир
тууган улуу абамы) ойноп жүргөн жеринен Куйручук өңөрүп алып өйдөкү айылды карай
кетип калгандыгын айтышат. Атам мурун Куйручуктун сырын билбегендиктенби, айтор
саамга эмне кылаарын билбей дапдаарый түшөт да атына минип артынан жөнөйт. Көргөнбилгендерден сураштырып Куйручукту Сагындык ажы деген адамдын үйүндө экенин
угат. Үйдө отургандарга салам айтып кирип барат. Куйручук баланы тизесине алып кант
берип отурганын көрүп, жетим өскөн байкуш атам аз жерден мууну бошоп ыйлап жибере
жаздайт.
— Ии, устам кел! Өзүң мага келбейт элең, балаңа жетип келдиң ээ... Эми уул меники,
тартууңду алып келсең гана аласың, —дейт күлүп Куйручук.
— Короомдо куйруктуу бир кара козу турат, ошону алыңыз, — дептир атам саал
ойлоно калып.
— Мен сенин бирөөнүн казанын түптөп, чакасын жамап, эртеден кечке от менен ойноп
атып тапкан козуңду албаймын. Өз кол эмгегиңди аламын. — Куйручук жөндүү такилип
таштайт.
— Куке, бир бычак даяр эле... Жалгыз бычакты кантип берейин. Аяшка кесме кесе
турган шамшар жасай коёюн деп атам да жөн билги көзүн ортого салат. Куйручук ал күнү
шашпай, кеч кетээрин айтат.
Сулайман шаша-буша үйүнө келип убада кылган шамшар бычакты жасап, ага баягы
өзү айткан бычакты да кошуп, кечкурун кайра келет. Куйручук бычактарды кармалап
көрүп ыраазы болуп, уктап калган баланы ойготот. «Уулуң өмүрлүү болсун! Эч качан кор
болбосун! Балабакыралуу болуп, өзүңдүн өнөрүңдү улантсын!»— деп батасын берет.
Атам аттанаарда эшикке узатып чыгып, баланы өзү өңөртүп жатып: Бу уулуң уста болот,
— деген экен.
Куйручук айткандай эле, анын батасы кабыл келип, агам Сагыналы атамды жазбай
тарткан чоң уста болду. «Бата менен эр көгөрөт. Уулума Куйручук атасынын батасы
тийип, өнөрүмдү улап отурат» деп калар эле атам жарыктык дагы.
Арадан жылдар өтөт. Агамдын жигит кези экен. Бир күнү Чет-Куугандыдан Чаекке
жумуштап келет. Куйручуктун Бийназар устаныкында экенин угуп калат. Өзүнө батасын
берген даңазалуу кишини көргүсү келип, Бийназардыкына кайрылат. «Ии илгери уста
сатып алган уулумсуң го» деп жазбай тааныйт агамды.
«Жарыктык мени беш жашымда көргөн экен. Андан бери он эки жыл өтүптүр...
Кантип тааныды?» — деген ой агамды таңгалтырат. Агам Сагыналы азыркы кезде тогуз
баланын атасы. Сексен жашка чыкты.
АЙТКАНЫ ЖАЗЕЛ КЕТПЕГЕН
1962-жылы Сары-Камыштагы Кара-Баткак айлындагы Өмүрканов Өзүбек деген
аксакалдын үйүндө конок болуп калдык. Чай ичип жайланышкандан кийин сөздөн сөз
уланып отуруп Өзүбек кутман карыя Куйручуктун айтканы айткандай, дегени дегендей
келерин, андай окуя өз көз алдында болгонун саймедиреди.
1935-жылы Кукем Кетмен-Төбө жакка баратып, ушул Өзүбек карыяныкына кудайы
конок болуп калат. Ал кезде Өзүбек кой ферма болуп эмгектенчү экен. Колунда бар
тамагын жайнатып, абдан кадырлап сыйлайт. Кукем чын пейилден конок күткөн Өзүбекке
ыраазы болуп отурат. Эртең менен аттанаар алдында
Куйручукка чапан жаап, баласы жок экенин антып, «бир бала тилеп бериңиз» деп
Кукемден өтүнүп алдына чөгөлөйт. Кукем өз ичинен келме келтирип, бата Жасап, келерки
ушул убакта эркек балалуу болорун айтып, уул көргөндөн кийин асан чакырып, атын
Кудайберген койгу деп тапшырып, Кетмен-Төбөгө жол тартат.
Кийинки жылы Сарыкүн байбиче эркек бала төрөйт. Кукемдин тапшыруусу боюнча
асан чакырып, атын Кудайберген коёт. Бала талпынып калган кездерде Куйручук эл
аралап дагы Кетмен-Төбөгө баратканын угуп, атайын алдынан тосуп Өзүбек карыя конок
күтөт. Эртең менен эрте аттанаарда Тору быштыны аземдеп токуп, Кукемдин алдына
туура тартат, анда Кукем буга ыраазычылыгын билдирип, «мага бул кунанды буйруган
жок, мага тамдын үстүндө карала аркан буйруду. Ошону алып кел» — дейт. Кунанга
такыр макул болбой экинчп кайталап, «арканды буйруду, арканды бер» деп дагы мурдагы
сөзүн тактайт. Ошондо Өзүбек уялыңкырап келинин жумшайт. Келин атайын эле жаңы
арканды албай, урунган, эски карала арканды алып келет. Ошондо Куйручук
үчкайталадым, баары бир мага буйруган аркан тамдын үстүндө калды» деп келинге
кадимкидей нааразы болуп, тетири бата берген экен жарыктык: «Орто жаштан өткөндө
көзүң көр болуп, өлөрүңде эс акылыңдан адашып, эки жамбашың чирип өлөрсүң...».
Колун жайып үй ээси менен таарынгандай коштошуп кайрылбай кете бергенин
муцайып кеп кылды Өзүбек карыя. Биз кызыгып: «балаң биз менен иштешип жүрөт, ал
эми келин эмне болду?» — дедик. Өзү бакылдаган сөгөнок адам эле, баягы адатын
карматып бурканшаркан түшүп, анан сөзүн баштады. Айтканы жазем болбой экөө тең
келди. Кудайбергеним мына. Ал эми келиним тиги Эстектин энеси эмеспи, ушул тапта
өзүңөр билесиңер үч жыл мурда көр болду. Мына эми эки жылга аяк басып баратат, заара
ушатканын билбей эки жамбаш такымынан бери эзилип кетти. Ал келинимдин кийин эле
кемпир болгондо көргөн кордугу.
Кубаным (Кудайбергенди эркелеткени) болсо өзүңөр көрүп турасыңар, чогуу
иштейсиңер, ырыскыдан кем болгон жок! — деп Өзүбек карыя сөзүн бүтүрдү.
Өзүбеков Кудайберген азыр алтымыштан ашып калган, күлпөттүү карылыктын
алдында турган аксакал адам. Көп балалуу. Атасы айткандай, ырыскыдан кем эмес,
шүгүрчүлүк, эл катарында.
АТАҢДЫ КАРГАП ӨЛТҮРӨМ
Куйручуктун тушунда Токтомат деген карыя адам болот. Көз катканда, көкүрөгүн дат
басканда Тоголок аттуу уулду көрөт. Көзүнүн карегинен айланып багат. Туяктууга
тептирбейт, тумшуктууга чокутпайт. Бала жакшы-жаманды элес албай эрке өсүп чоңоёт.
Уулу жигит болгондо атасы аны жайлуу жерден үйлөндүрүп, ирегесин бөлөт. Ошентсе да
эне-атасынын бергенин ичип, тапканын тартып кийет.
Карылык улам Токтоматты алданкүчтөн тайдырат. Бапестеп багып, абышкам деп
ардактап туруучу байбичеси да каза тапты. Тоголоктун колунда калды. Сексенден ашты.
Токсонго аяк басты. Карылыктын үстүнө катуу ооруга чалдыкты. Он ай онтоп төшөктө
жатты. Тогологу тоңдоосун мамиле жасады. Көп учурда кайрылбады. Келини
кергиштеди. Ого бетер каруусу кетти.
Бир күнү Тоголок атасынын үстүнө кирди. Төшөктөгү чал башын көтөрүп баласына
карады:
— Сен кимсиң?
— Мен Тоголокмун, — деди уулу. Өндө обдулуп бара жатып:
— Сен кимсиң? — деп дагы кайталады.
— Мен айтпадымбы! Жан алгыч эмесмин. Чоочуба! Ал сенден коркот! Келбейт! Калп
эле укмаксан болуп мени сынамыш этет — деп Тоголок ачууланды. «Ой уулум аны
менден көрбө... Сексен бештен көр! Тааныбай сурап жатамын. Эже кийтен тонду сиңди да
кийет» деген. Сен дагы бул тушамышка тушалаарсың. Тузагына түшөөрсүң. Ошондо
түшүнөөрсүң» — деп тескери карап жатып алды. Ошол учурда Куйручук кирип келди.
— Кандай Токо! Жакшысыңбы? — деди.
— Ээ Куйручугум! Жакшы менен жаманды көрүп турбайсыңбы?! Жакшы киши ушу
маалда жамбаштап төшөккө жатабы? — деди да көзүнө жаш алып, күңгүрөнүп ылдый
карады. Ал толугу менен айтпаса дагы Куйручук абалды байкады. Бир саамга жанында
эрмек болуп олтурду, кайрат айтты. Карыя менен кош айтышып, кайра тартты. Эшикке
чыкты. Тоголок да удаа чыгып, кошо басты.
— Куке, атам аябай кыйналды, же өлбөдү, жаны тынбады, эмне кыларды билбейм?
Буга бир айла таап бербейсизби? — деди Тоголок.
— Анын амалын мен табамын, каргап өлтүрүп беремин. Бирок, сен мени паралагын,
алымыма жарагын, — деп Куйручук жооп кайтарды.
— Короодогу койдун эң семизи — ак иригим бар. Ошону алыңыз...
— Болду! Болду! Бул чылбыр боосу. Өлгөндө өкүргөнүм үчүн дагы бересиң?!
Тоголок макул болуп, башын ийкеди. Куйручук Тоголокко карап:
— Каргышымдын үч түрү бар. Ар биринин өздөрүнчө тили бар. Адеп туюк
каргышымды колдономун. Чыга турган тешиги жок. Кире турган эшиги жок. Жойлой
турган жолу жок. Ойлой турган ою жок. Ошону жиберемин, бир жумага чейин каргап
өлтүрүп беремин,— деди. Жети күн өттү. Баягы мөөнөт бүттү. Тоголоктун атасы өлгөн
жок. Ал капа болуп кайра Куйручукка келди:
— Атам өлгөн жок. Баягы эле калыбында — деди.
— Мен атаңды өлтүрүүнүн аракетинде болдум. Көчүгүмв көк таш коюп күндүр түндүр
каргадым. Бирок моюн бербеди, колдогону күчтүү экен. Эпке келбеди. Эми тулуп каргыш
деген амалым бар. Ошону менен сомдоймун. Күндүртүндүр ойлоймун. Түбү чалды
койбоймун. Күтүп тур, эмики жумага чейин ойрондоймун,— деп Куйручук тигини
ишендирген сыяк кеп айтты. Тоголок кубангандай түрдө «ыракматын» айтып чыгып
кетти.
Убакыт өттү. Болжогон мөөнөт бүттү. Токтомат дале өлбөдү. Тоголоктун тилеги
орундалбады. Тегеренин дагы Куйручукка келди. Атасынын өлбөгөнү жөнүндө дагы
саймедиреп берди.
Куйручук башын чайкап: — Ай болбостур! Эми ачык каргыш дегеним бар. Ошону
колдономун,— деди. Айылападагы кадырлуу адамдарды бүт чакыртты. Көпчүлүк тегерек
тартып текши отурду. Куйручук Тоголоктун жоругун, өз атасына жасаган айбандык
мамилесин элге баяндап берди да Тоголокко карады:
— Оо ойрон! Атамды өлтүрүп бер деген ааламда жок, энемди өлтүрүп бер деген элде
жок! Бул ой кантип башыңа келди. Ирик беремин, өлтүрүп бер дедиң. Кантип дит багып
ушуну сүйлөдүң? Мен сендей акмакты сынап көрөйүн, акыл калчасын, адамча ойлонуп
көрсүн дегенимди билбедиң! Тоголок болбой тоголонгур! Туюк каргыш дегеним, ушу
бойдон туюк калсын, эч ким билбесин, элге шерменде болосуң дегеним. Кире турган эшиги жок, чыга турган тешиги жок дегеним, какшыктаганым. Ойлой турган ою жок, жойлой
турган жолу жок деп айтканыма көңүл коюп, ой чүргөсөң болмок. Ал ойлон, мындай
кылууга болбойт, жол бербеймин дегеним. Уялбай дагы кайра келдиң! Тулуп каргышыма
саламын, бир жумада өлтүрүп беремин дедим. Уйдун музоосу өлгөндө туюк союп,
терисине чөп шыкайт. Тирүүсүнө окшоштурат. Жонуна туз сыйпап, энесине жалатат. Уй
телинет, кадимкисиндей ийип берет. Ал айбандыгынан билбейт. Тулупту тирүү
музоосундай көрөт. Мен сени адам эмеспи, түшүнөр, тулуп каргышыма саламын деп
кыйытып айттым. Эки аяктуу айбаным! Буга да түшүнбөдүң... Дагы кайра келдиң.
Атаңдын өлбөгөнүнөн кабар бердиң. Эми мен Ачык каргышка саламын дедим. Акыры сен
аны көрдүң. Мына ачык каргыш дегеним ушул. Эл уксун, билсин мунуңду! Сенин бу
ооруң элге жукпасын, көпчүлүк аластап айыктырсын! — деп сөзүн бүтүрдү.
Эл жерге түкүрдү. Тоголокко наалат айтышты. Кээ бири аны урмакчы болду. Куйручук
аларды токтотту. — Урбагыла! «Камчы эттен өтөт, сөз сөөккө жетет». Акмактыгын коёр
— деди. Тоголоктун өлбөгөн төрт шыйрагы эле калды.
ҮЧ ЭРДИК
1051-жыл эле. Анда мен 5—6-класстарда окуп жүргөм. Ошол жылы Мидин Алыбаев
колуктусу Жыпариса экөө «Кыргызстан» колхозунун жылкычылары менен бирге
жайлоого чыгып эс алып жүрүштү.
Ой Кашка-Сууда отургандар, башкарма Көпчүков баштаган бир топтору
жылкычыларга Эки-үч коно жатышып, Мидиндин курч ырларынан, ар кандай кызыктуу
кептеринен угушчу. Мидикем Куйручуктун жоруктарын көп билет экен. Эртең мененки
кымызга отурганда кечке чейин сөздөн тажачу эмес. Тамакка отурганда деле баягы
куйкум сөздөрү улана берүүчү. Тегеректеген эл жанынан кетпей каткырып, боорун
тырмап, көздөрүнөн жаш аккыча күлүшчү. Кай бир койчумандар кой жайып жүрүшүп,
жылкычылардан бир эки чыны кымыз ичип келе калалы деп келишип, Мидиндин сөзүнө
кыныгып отурушуп койлорун талаалатып жибергени көп болгон. Ал тургай бээ саадырган
балдар чоң кишилерге жашынып отуруп угуп, энелерин далай кыйкыртышпадыбы.
Мидиндин сөзүнө кызыгып алгандан кийин ал жерден жылыш кыйын эле. Ачкатокко
карабай отура берер элек. Бир күнү башкармабыз: — Мидике, жакшы сөздөрүңдөн,
ырларыңдан айтып берип, бир моокумдан кандырчы,— деди адатынча. Анда Мидикем: —
Баса бир уй бердирипсиң, Жыпариса экөөбүз эмес, бүт жылкычыны айрансүткө карк
кылып, сабага да кошуп, артканын кошуна койчумандарга берип жатабыз. Чакачака сүт,
казаныбыз деле май, чөмүчүбүз деле май, айтор май көл, сүт көл болуп эле жыргап
калдык. Мындай уйду башыма түк чыкканы көргөн эмес элем. Ал уйду мага берип коюп
май планын кантип аткарасыңар? — деп калды. Көрсө какшыктап жаткан тура. Анан
мындай куюлуштурду.
Уюңдун сүтү эчкидей, Уюңдан аша кечкидей. Чакчаңдаган неме экен, Чаканы жара
тепкидей. Музоосу тийсе колуна, Коконго качып кеткидей.
Ал уйду берген ферма башчысы Рыскелди кызарыптатарып, камчысы менен жер чукуп
тим болду.
Кайрадан сөз уланып Мидин Куйручуктун жоруктарынан айта баштады: — Куйручук
өзү айтар эле. Үч эрдик жасадым, силер баа бергилечи,— деп. Эмесе, ошонусун Кукемдин
өз сөзү менен айтып берейин,— деди Мидин.
— Чоң аш болуп казактан чыккан Ак балбанга кыргыздан киши чыкпай коюп, мен
чыгам деп болбой барып, аны жыгып келдим. Бул бир эрдикке жатабы? Экинчи эрдигим:
ачарчылык жылдарында айылдан кап чогултуп, арпа топтоп келейин деп Суусамырга
бардым. Бир айча жүрүп алтыжети өгүзгө жүк арпа чогултуп, эми кетейин деп жатсам
Суусамыр элине сөз тарап калды. «Кызыл-Ойдун Ой-Терегиндеги мүрзөдө шейит бар
экен. Жаңгыз-жарым өткөн кишини мүрзөгө же Көкөмеренге алып кирип кетип
жатыптыр» деген. Корккон эл Ой-Теректен чак түштө эле бештеналтыдан топтошуп араң
өтүп калышыптыр. Кеч курун, эртең менен эрте эч ким жалгызжарым каттабайт.
Куйручук ойлонот. Эгер шейит болсо бейбечараларга жардам берет эле го, кайра шейит
алып кеткени кандай? Мында бир сыр бар. Булар бир көркоо адамдар болуу керек деген
Ьйго келип, өрүмчүгө билектей камчы өрдүрүп, аны кончуна басып, түн ортосу оогондо
Суусамырдан чыгат.
— Э, Куке, кайда барасың түн катып деген үйээсине болбойт.
— Баягы Ой-Теректеги шейит менен кармашып келем. Же шейит болом, же шейитти
жеңип келем деп болбой аттанып кетет. Ой-Терекке киши таанылар таанылбас болгондо,
таң агара жете келет. Мүрзөгө жакындай электе эле аты кошкурунуп, эки кулагын
тикчийтип баспайт. Өзү дагы келме келтирип, камчыланып келе жаткан камчысын
ыргытып жиберип, кончундагы жоон камчыны алып, атты эки жолу басып алганда, ат
камчыга ууга түшүп алдыга жөнөйт. Ушул учурда мүрзөгө чукул жерден акка чулганган
караан тике эле качырып сала берет. Ат кетенчиктеп, кошкурат. Аңгыча баягыл «шейит»
жандай келип, бир колу менен атты суулуктан кармайт, бир колу менен ээрдин кашына
асылат. Куйручук иштин жайын дароо түшүнөт да, «шейиттин» ээрдин кашына асылган
колун сол колу менен ээрге кошо бекем басып, оң колундагы чоң камчы менен атты
камчыланат. Тигил «шейиттин» колун Куйручук коё бербей эрдин кашына ныктап басып
алып аттын оозун коё берет. Анан «шейитти» чоң камчысы менен көчүккө басыпбасып
алып, «шейит болсоң мени жут, бейит болсоң мени жут» деп аттын тизгинин «шейиттин
колу менен кошо кармап, бирде «шейитке» камчы уруп, бирде атка камчы уруп жүрүп
отурат.
Баягыл ак кийимчен мүрзөдөн өтө берерде адеп колун ээрге басып биринчи көчүккө
камчы урганда эле чучуктай чаңырыптыр, ар жагында дагы бирөө чыга калган экен, ат
жеткирбей алып жүрүп кетиптир. «Шейит» чаңырып албарстыдай жалынат. Ошентип атка
сүйрөтүп отуруп Аралга жакын жердеги Түркмөн деген кишинин үйүнүн жанына келип
кыйкырат. «Түркмөн тургула, мен Куйручукмун, аял ала качып келдим». Алар сыртка
чыкканда «шейиттин» колун бошотуп жерге таштап жиберсе жамынган шейшебинин
дайны жок, далдырап айрылган, «шейиттин» араң эле жаны калыптыр. Көрсө, ал
түштүктөн келген сарт экен. Анын «шейит» эмес, адам экенин билгенден кийин
Түркмөндү ээрчитип, Ой-Теректеги мүрзөлөргө кирип, караса, мүрзөнүн арасынаи ооз
жасап, жердин алдына там салып кирип алган төрт сарт экен. Кадимкидей там, төрт
жеринде төрт чырак коюлган, экөө качып кетип, бирөө калыптыр. Куйручук аны да
кармап алып, колун байлап коюп, Түркмөн экөө тамынын ичин аңтарышса, сегиз аттын
ээр токуму чыгыптыр. Жылкы, уй, койлордун эттери, уы, талкан, эгин, тери, ала кийиз,
шырдак деги тиричиликте көзгө көрүнгөндүн баары бар экен. Алар «шейит» болуп
алышып, өйдөтөмөн өткөндөрдү карактап, өлтүрүп Көкөмеренге ыргытып жиберип, атын,
айдаган малын союп алышчу тура.
Куйручук мүрзөдөн табылган оокатты бүтүн Түркмөнгө берип, төрт ээрди артынып,
баягы байланган сартты жылаңач-жылаңайлак Суусамырга айдап барат. Ошентип, төрт
сарттын айбын ачып, Кызыл-Ойдун Ой-Терегиндеги мүрзөдөгү «тозотту бузуп» тогуз
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 15
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов