Latin

Эй, бу Куйручук - 13

Общее количество слов 3961
Общее количество уникальных слов составляет 2168
32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
макалылакаптардан кошуп, кээде көпчүлүктү күлкүгө бөлөп, кейбирде терең ойго салып,
анан кайра байкатпай ал ойлордон тартып алып сүйлөп олтурду... Кайран кишинин
сөздөрүнө кымызга суусун каңгандай болду. Айрым сөздөрү жалкуйругу желге ойногон
күлүктөрдү чубатууга салгандай элестеди. Ошол күнү кеч киргенин да сезбей калыппыз.
Аңгемесинин аягында төмөнкү сөздөрдү айтканы эсимде:
— Бу жарыкта, Өлбөй турган жан жок. Бардык макулук өлөт. Ар кимдин мойнундагы
милдет — Ар бир пенде көнөт. Асмандагы ай да өлөт, Күлүңдөгөн күн да өлөт, Ашуусу
бийик тоодо өлөт,
Агыны катуу суу да өлөт. Бу жарыкта эмне өлбөйт? Чечендердин сөзү өлбөйт.
Акындардын тили өлбөйт. Акылмандын дили өлбөйт, Жазылып калган кат өлбөйт.
Тарыкта калган ат өлбөйт, Мындан башка баары өлөт! — деди.
Аңгыча бир кызыл жүздүү абышка:—Э, Куке, ай менен күндүн, тоо менен суунун
өлгөнүн жандырып кой, балдар түшүнүп алсын,— деп калды.
— Ай менен күндүн өлгөнү, Батканда нуру өчкөнү. Аскарлуу тоонун өлгөнү, Аңга
айланып көчкөнү. Агын суунун өлгөнү, Агалбай чөөт болгону. Акыры кургап, соолгону.
—Ушундай! Мына силер менин сөзүмдү уктуңар. Үйрөнүп алгыла! Кукемдин сөзү эле
деп айта жүрсөңөр, менин өлбөгөнүм ошол!.. Аңгиче азанатпай, тели болгон жылкыдай
темтеддетпей, ашыра да кетпей, кемитип кежеңдетпей, кийинкилерге айтып бергиле!—
деген болучу жарыктык.
КУЙРУЧУКТУН КАРЫШКЫР ЧААП АЛГАНЫ
Куйручук Ак-Талаадан түш оон чыгып, Молдонун белин ашып, Соң-Көлдүн түшө
беришиндеги Жолум-Үй кыштоосун карай келе жатты. Кыштын күнү эле. Асман саал
бүркөлө тартып, кээде кар себелей калып тургандан уламбы, айтор, бети-колду
чымчыгылап, чыкылдаган суук жок. Алыс жолго көп жүрүп дасыккан алдындагы
карагердин жүрүшү шайбыр. Анүстүнө жол дагы көзүнө үйүр, сырдакана болуп калган.
...Сары-Булактын өрдөшүнө бурула бергенде Куйручук кардагы карышкырдын изин
көрдү. Абайлап караса, жалгыз эмес экөө экенин баамдады. «Кайбарлар, киши жүргөн жол
менен жүргөндөрүн...» деп койду өзүнчө. Аңгыча жолго жакын торпуда шоңшоюп
отурган карышкыр көрүндү. Коркуп, качып жөнөгөндү мындай кой, ордунан козголуп
койбойт. Тимеле, Куйручук менен учурашканы күтүп отургансыйт. Жол-жолоочунуку.
Түз эле бастыра берди. «Эмне кылаар экен» деген тейде унчукпады. Кыйкырып,
коркутпады. Өтө берди, байкамаксан болуп...
Мына кызык. Кудум мергенчинин итиндей аттын артынан ээрчип албаспы. Куйручук
ага кээде кылчайып коюп, жүрүп отурду. Кашабаңдын дагы кала тургудай түрү жок.
«Кишиден коркпогон карышкыр кол салат» дечү эле — деген ой келди башына. Дайыма
алыс жолго чыкканда «кереги тийер» деп, эч кимге көрсөтпөй катып жүрүүчү жоон саптуу
камчысын ээрдин алдынан алып, оң колуна оңтойлото бүктөй кармады. Үзөңгүнү
чечсемби деп... бирок, чечпеди. Атка оңтойсуз, бош отуруп калаарын билди. Тигил
жырткыч ичиктин этегин бурдаса, кокус оодарылып калбайын деп бара берди. Тобокелге
салды. Атты такымга басып, качканга да болбойт мындайда. Себеби, кашабаң огобетер
күчөп, куу алаары бышык. Жандуунун өжөрү, көгү, тайбасы эле — карышкыр.
Көп өтпөй ээрчип келаткан карышкыр жолдон чыга берип, шоңшоё калып, Эки-үч
жолу улуп жиберди. Каптал жактагы коктудан булаң этип, дагы бири чуркап чыгып,
тигинисине жанашты. «Аа, булар сүйлөшүп алышкан тура» —деп Куйручук ого бетер
кайраттана түштү. Эми жырткычтар аттын оң жагына чыгып, он беш кадамдай аралыктан
жандап жөнөштү. Кез-кезде ыркыраша калышат. Бири канчыгы, коктудан чыга калганы
дөбөтү экен. Опсуз чоң... Тайторпоктой бар. Бир маалда экөө кайрадан ыркыраша калып,
саамга буйдала түшүштү. «Арр» деген үн чыгып, канчыгы дөбөтүнүн омуроосуна тиш
салды.Дөбөт карышкыр тигинден алдыга озо чуркап келип, шарт бурулуп, качыра
берип, аттын үстүнө секирди. Жырткычтардын өз ара учурашканын, «сүйлөшкөнүн»
байкап, ээрге бекем отуруп, камчысын мыкчый кармап келаткан Куйручук жырткычты
маңдай тушка — эки көздүн ортосуна шилтеп калды... Карышкыр чалкасынан кетти. Төрт
аягы көктү карап, буттары тыбырап турду да, аздан соң бир ыптасына шалак дей түштү.
Арттагы каңчыгы эки жолу улупулуп алып, анан капталдай качып жөнөдү. Куйручук
карга оонаган карышкырды ат үстүндө бир-пазга карап турду. — Анык көк жал экен!
Адам ээй, киши жегиси бар — деди да жолун улады.
Кеч кирип баратты. Эл орунга олтура Сары Булактагы Чоком байдыкына келип түштү.
— Оо, кел Куке! Төргө өт. Ырас болбодубу! Ниетиңдин түздүгүн кара, тамактын
үстүнөн чыктың...— деп Чокомбай Куйручукту жылуу тосуп алды. Казандан жаңыдан
чыгарылган эт чарадан буусу көтөрүлүп, булоолонот.
Ал жай сурашып, дасторкон жайылды. Табакка кол салышып, анан кеп учугу уланды.
Куйручук жолдогу окуяны айтып берди. Бирок, Чокомбай анын сөзүнө ишене бербеди.
— Койсоңчу Куке?! Баягы көп тамашаңдын бирин айтасың да. Айтсаң эле ишенип
калгыдай жаш бала бекем. Камчы менен карышкыр дөбөттү — көк жал жырткычты
өлтүрө чаптым дегениң жомокко окшойт. Көк жал карышкыр тургай, эшиктеги жаман
короочу да өлбөс камчыга... Бир чапканда жан бергидей чымчык эмес го карышкыр деген.
Аай Куке, бу же жалган мактанганың, же мени тамаша кылганыд...
— Эгер ишенбесең, анда мелдешелиби? — деди Куйручук. Чокомбай дароо макул
болуп, экөө кол алышты. Жеңдиргени бир жылкы бермей болду.
— Чаар бээңди бересиң — деди Куйручук.
— Карагерди таштап кетесиң — деди Чокомбай. Куудулдугуна салып, башка эле бир
жорук ойлоп
кутулуп кетпесе, Куйручукту жеңдим деген оюна Чокомбай бекем турду. Эртеси
багымдатта аттар токулуп, жөнөй беришти. Жандарына Чокомбайдын бир жигитин
ээрчитип алышты.
Баягы жерге келишсе, карышкыр түгүл изи да көрүнбөйт. Алтүндө кар жааган болуучу.
— Ээ Куке, жааган карга шылтоо кылчубу, куудулдугума салам дебегин... Карагерди бере
берсеңчи — деп Чокомбай ого бетер компоёт. Өткөнкеткен алып кеткенби дейин десе,
аттын да, кишинин да изи жок. Ээн коктуга ким эле эртелеп келе койсун.
— Өлтүргөн карышкырың тирилип кеткен го ыя Куке,— деген болуп Чокоң ансайын
үстөмөндөй сүйлөп, арыбери бастырат.
— Кетмек эмес эле... Тээ аркы дөмпөйгөн жерди карачы? — деди Куйручук жигитке
жалгыз түп чийдин тушун көрсөтүп.
Жигит басып барып, ошол дөмпөйгөндү тээп көрсө, карышкырдын саноору булая
түштү. Бир кулагынан сызылып аккан кан кардын үстүнө уюп, тоңуй калыптыр. Үчөө
үйгө кайтышты. Куйручук аттан түшпөй туруп, чаар бээни байлоодон чечип алып, кош
айтышып жолун улады.
Карышкырды союп, терисин Чокомбайдын кыштоо үйүнүн бир жак капталындагы
эски ноолуга илгенде бучкагы жерге эки бүктөлө түштү.
— Атаңгөрүү даана көк жалдын өзү турбайбы... Куйручуктун колдоочусу бар деген
чын экен — деп күбүрөгөн Чокомбай карышкырдын терисин тиктеп саамга ойлуу турду.
ЖАНАКЕНИН СӨЗҮ
Ал кезде райондук сактык кассанын башчысы болуп иштөөчүмүн — деп сөзүн
баштады Жанаке карыя. — Чаектен чыгып, Кайырманы көздөй атчан бараткам. Мазардын
алдындагы кечмеликке жакындаганда эле эмнегедир оюма Куйручук түштү. «...Ал бардык
кишиден, айрыкча кызматта иштегендерден алам дегенин алат дешет. Кокус кайсы бир
күнү мага жолугуп, бирдеме сурап калса бербей койбоймунбу... Эмне болоор экен?» деп
ойлонуп келе жаткам. Ушундай ойго алаксып, кечмеликке да кирип келиптирмин. Жол
эңкейиш болчу. Мен сууга кире берерде, тиги өйүздөн бир атчан көрүндү. Токойдон чыга
калып, ал дагы сууга кирди. Карасам Куйручук экен. Жаңы эле ойлоп келаткан кишим
күтүүсүз алдыман чыга калганына апкаарый түштүм. Экөөбүз дал суунун ортосунан
кездештик. Шашкалактап салам айтып ийдим. Алик алып, сунган колумду коё бербей
туруп: «Сен кайсы балам элең?» деди. Мен Конойдун уулумун дедим. Атамдын алжайын
сурап калды.
Аңгыча, «келе алдагы он беш сомуңду» десе болобу, көрүп тургансып. Чын эле
чөнтөгүмдө башка акча жок, он беш сомум бар болчу. Кандай бергенимди билбей
калыптырмын. Кечмеликтен өтүп, бир топ бастырып келгенден кийин акыл токтотуп,
жарыктык кишиге аябай таң калгам. Колдогону, бир керемети барбы...— деп жүрдүм дейт
Жанаке карыя.
Ал сөзүн аяктаганда дымып отургандар да шыпшынып калышты.
ДЕРЕКТИРДИН ТАҢ КАЛГАНЫ
1929жылы Кайырма айылында чоң мектеп ачылып, Чүйлүк бир жигит анын деректири
болуп келет. Ал кезде мектептин деректирин эл аябай кадырлап, сыйлашчу экен. Күнүгө
бир үй аны конокко чакырып турат. Ал башка жактык болгондуктанбы, Куйручукту
жакшы билбептир. Конокко барган жеринде Куйручуктун кереметтүүлүгү, калыстыгы
жөнүндөгү көп кеп-сөздү угат. Бирок, эмнегедир ишенбейт. Аларды апыртма, жомок
катары кабыл алып жүргөн болот.
Күндөрдүн биринде ошо деректир бир үйдө отурса Куйручук жөнүндө дагы сөз жүрүп
калат. Өзү да кербезденген, бой көтөрүп турган эме экен, «Койсоңорчу ошол
Куйручугуңарды, байларды жандап жүргөн кишини да мактайсыңар. Керемети, көзү
ачыктыгы деле жалган. Ал бир алдамчы болуш керек»,— деп тетирлене сүйлөйт.
Аңгыча эшиктен ит үрүп калат. Ким болду? — деп терезеден карашса, Куйручук түз
эле ушул үйгө келатыптыр. «Куйручук экен» деп калышат. Бир жигит чуркап чыгып атын
алып, эшик ачып үйгө киргизет. Бардыгы жапырт тура калып учурашат. Баягы деректир
гана ордунан турбайт. Кукең деректирдин катарынан орун алат.
— Ушул үйдө бирөө мага кайбат айтып жатыптыр... билгенимден улам кайрылып
калдым. Насипти карачы, тамактын үстүнөн да чыгып — дейт жайланышып отуруп.
Бардыгы «кайдан билди?» дегенчелик кылышып, биринбири аңкая карашат:
— Куке, сизге кантип кайбат айталык. Бул иниңиз гана Сизди бир көрсөм болот эле
дегенинен өзүңүздү кеп кылып жатканбыз...
— Сен кайсы баламсың? — деп Куйручук алиги деректирге суроо салды.
— Мен Чүйлүкмүн, бизди Анар-Манар деп коёт. Сиз тааныбайсыз,— деди ал чыйрала.
— Атаңдын атын айтып көрчү? Атасын айтты эле, Куйручук бир аз ойлоно калып,—
сени эми толук тааныдым, угуп тур — деп сөз тизгинин бурду.
— Илгери Чүйгө барганымда, мындан көп жыл мурун силердин үйгө конгом. Атаңдын
төрт эркеги бар экен. «Куке, уулдарымды сынап бер» деп калды. —
Бул уулдарын кош менен сугаттан башкага жарабайт,— дедим. Атаң байбичесинен
катуу жазганат экен. «Жанагы кудай урган кайда жүрөт. Чакырып коёсуңбу» деди ага.
Энең узун бел, сары келин экен. Сени эшиктен көтөрүп кирди.
— Мына ушунуң эл ырыскысына аралашат. Бирок, ичи тарыраак болоор бекен дегем.
Ошол сен турбайсыңбы... десе болобу.
Деректир өзүнөнөзү үшү качып, жүдөй түштү. Отургандар шыпшынып калышты.
Андан соң: «Жанагы менин атымды алган жигитти чакырчы» деп, ага туураган эттен бир
сугунтту да деректирге аны көрсөтүп:
— Бул жигит сага эки кой берет. Бирин союп, балаңы бешикке салдыр, балалуу
болупсуң. Бирин мал кылып ал — деди.
— Болуптур, болуптур! — Деректир шашкалактап эки жолу кайталап ийди.
Куйручук кеткенден кийин: «Оо, олуяңдан айланайын, балалуу болгонумду кайдан
билди?» Мен жөрмөлөп жүргөндө үйүбүздө болуптур, ошол мен экенимди кантип
тааныды?» — деп деректир таң калыптыр.
КУЙРУЧУК МЕНЕН СОТ
Ал кезде Жумгал менен Кочкор биригип, Сталин району аталып турган учур. Райондун
борбору Кочкор кыштагына жумгалдыктар ар кандай жумуштар менен көп каттап
турушкан. Бийликтеги чоюлган чоңдордун баары Кочкордо иштешкен.
Бир күнү ошондой чоңдордун бир даары, өңкөй жаш жигиттер чогулуп, өз ара
сүйлөшүп отуруп, акынырчылар жөнүндө кызуу кепке өтүшөт. Сөздөн-сөз чыгып
дегендей, Куйручуктун куудулдугу, акындыгы, чечендиги туурасында аңгемелер айтылат.
Алардын ичинен бирөө анын көзү ачыктыгы жагдайында кеп уруп калат:
— Жарыктык, Куйручуктун өзгөчө кереметкасиети болсо керек. Эл ичинде бу
жөнүндө ар түрдүү аңыздар бар. Ал бирөөдөн бирдеме сураса же алгысы келсе, албай
койбойт. Ашык да, кем да албайт, айтканын гана алат. Алганын өзү эле алып албай, эл
менен бөлүшүп турат. Айрыкча, бей-бечераларга каралашат экен. Баарынан кызыгы
кимдин үйүндө, короосунда, ал тургай чөнтөгундө эмнеси бар экенин да билип коёт...
____
— Койсоңчу калпыңды! — дейт сот тигинин сөзүн бөлүп: — Кантип эле бирөөнүн
чөнтөгүндө эмне бар экенин биле койсун?.. Алгысы келсе албай койбойт дегениң да
кызылдай жалган. Мисалы, мен бергим келбесе, бербей эле койбоймунбу? Эмне кылып,
кантип алат? — деп келберсийт. Кыязы, Куйручукту тааныбайт да, билбейт да окшойт.
Беркилер уудуу түшүп, аны менен мелдеше кетет. Макулдашуу башталат. Кол
алышып, мелдеш—бир тай болсун! — деп бүтүм кылышат.
Күздүн күнү. Баягы мелдешкен жигиттин бири эртең менен жумушка келе жатса,
Куйручук аялдамадагы отургучта отуруптур. Эл аны тегеректеп, ар кайсыларды сурап,
каткырып жатышыптыр. Алиги жигит барып учурашып: — «Куке, качан кетесиз? — десе,
үч күндөн кийин — дейт. Жигит мелдешке катышкандарды жыйноого үлгүрөт. Баары
чогулуп Куйручукка иштин чоожайын айтышат.
— Аныңарды мага бир көргөзгүлөчү? — деп Куйручук оозун жыйгыча: — Сот
келатат... Өзү келатат. Ырас болбодубу, — деп калышат.
Сот курчап тургандар менен учурашып, бурула бергенде эле Куйручук: — Эй жигит!
Чүйдүн сары короолундай болбой, келе мага он сом бергин — дейт ыкыстатып. Ал
кыпкызыл боло түшүп, бербеймин деп айталбай, шашкалактап, чөнтөгүн оодарып,
акчасын таба албай калат.
— Эй жигит, төш чөнтөгүңдөгү паспуртуңдун ичинде турбайбы? — дейт Кукең күлүп.
Сот оң жаккы төш чөнтөгүндөгү паспортун алып, ичин караса, чын эле он сом бар экен. —
Меңиз аксакал — деп бере салат шашыпбушуп.
Куйручук элди айланта карап туруп, акчаны көйнөгү жок, жалаң этине күрмө кийип
турган адамга сунат да: — Буга эки көйнөк алып кийип, калганына энеме кант чай алып
бергин — дептир.
Баягы мелдешкен жигиттер: — Эмне үчүн, бербеймин дебей, акчаны бере салдың? —
деп сурашыптыр соттон.
— Антип айтмак тургай, чөнтөгүмдү аңтарып, паспортумду алып, акча бергенимди да
билбей калбадымбы — деп сот чынын айтат.
Кечинде соттун үйүндө мелдештин тайы союлуп, Куйручук дагы кошо конок болот.
КУЙРУЧУКТУН КОНОКТОРДУ ТАМАШАЛАГАНЫ
Ысабек, Көчөрбай, Борончу — үчөө Жумгалдын аягынан чыгып, көкүрөгүн көздөй
жолоочулап бара жатышты. Күн батаар мезгилде Багышанга жетишти. Ал күнү ошол
айылдагы Куйручуктукуна конуп, эртеси андан ары жөнөөнү ойлошту. Жолдон ат башын
бура тартышып, Куйручуктун айылын карай бастырышты. Куйручук бир топ адам менен
үйүнүн жанындагы дөбөчөдө отурган экен. Аттан түшө калып салам айтышып, элдин
катарына отурушту. Куйручук озунуп жөн-жай сурады:
— Ээ жигиттер, аттарыңар чаалыккан. Жолоочусуңар го. Каякка бара жатасыңар?
— Төмөнкү Кулжыгач элиненбиз. Базар-Турукка бара жаттык эле. Кеч кирип
калгандыктан сиздин эшик-төрдү көрө кетели деп кайрылдык аке,—деди алардын бирөө.
— Жакшы болот. Самаганыңар эле менин эшиктөрүмдү көрүү болсо, жүргүлө, — деп
жолоочуларды үйүн көздөй ээрчитип жөнөдү. Өзү астыга баштап келди да, үйүнүн
эшигин ачты:
— Мына бул эшигим. Чийин талаадан Чилжимбай тартып келген, Айымкан соккон.
Сырты кийиз, Сүйүмкан иштеп жээгин баскан. Тээтиги төр. Жыйылуу турган жүк. Анын
алдында салынуу шырдак. Эмесе, менин эшиктөрүм ушул! Көрдүңөрбү? Тилегиңер
орундалдыбы? Болду эми, кайткыла! Ашкана менен казанды карабагыла, а туралуу айткан
эмессиңер. Жолуңар болсун! Жөнөгүлө! —деди Куйручук.
Баягы үчөө эмне кыларды билбей, баштарын тырмап жер карашты. Сөз айта
алышпады. — Аттангыла! Бастыргыла! — дей берди Кукең. Же аттана албай, же үйгө
кире албай үчөөнүн айласы кетти. Бозала болуп туруп калышты. Акырында Ысабек: —
Куке, кеч кирип калгандыктан конолу, — дедик эле деп жиберди.
— Ээ, жолуңар болгурлар. Ошондой дебейсиңерби... Жаш баладай тамтаңдабай, чоң
кишидей так сүйлөп үйрөнгүлө! Болду, болду! Андай болсо, үйгө киргиле! — деди күлүп.
Боз үйдүн эшиги кайрадан ачылып, жолоочулар үйгө киришти. Жайланып төрдөн орун
алышты. Эми алар жолоочу эмес, кадырлуу коноктор эле. Мурдагыдай сүрдөбөй
демдерин басышты. Көңүлдөрү көтөрулдү. Кой союлуп, казан асылды. Куйручук ары
кызыктуу, ары күлдүргү сөздөрүнөн айтып берип, алардын жарпын жазды. Бул
жоолугушуу үчөөнүн жүрөгүндө унутулгус болуп калды.
МЕРГЕН БОЛБОЙ КУРУП КАЛ!
Апал деген жалгыз бой кемпир түн ичинде короосунан коюн уурдатып, эртеси элден
сурамжылап, Куйручуктун үйүнө келет.
— Айланайын Куйручугум! Көргөнү көзгө басаар жалгыз кызым бүгүн же эртеңден
төркүлөп келмек эле. Күйөө балам экөөнө союп берейин деп, атайын байлаган коюмду ал
түндө ууруга алдырдым. Эртеден бери барбаган үйүм, баспаган жолум калбады.
Шекшыбаасы билинбейт. Эми, ушу мен байкуштун короосуна кол салган эме оңбой
калсын дегенден башка айлам жок. Элге сөзүң өтөт. Эптеп мага бычакка илингидей бир
жандык сурап бер. Өлбөсөм карызымдан кутулаармын. Менин тилимди ким алат?.. Өзүңө
келдим. Кызкүйөөгө уят болбоюн, сөзүмдү эки кылба, — деп арызмуңун айтып, көпкө
бежирейт.
— Бара бериңиз... Кечке жуук бирөө бир чоң ирик жеткирип берет. Жоготкон коюң
табылбай калды. Издеп убара болбоңуз, кейибеңиз!? — деп кемпирдин санаасын
тындырып үйүнө жөнөтөт.
Куйручук атын токунуп минип, эч жакка бурулбай түз эле Мерген деген кишинин
үйүнө келет да, аттан түшпөй туруп: «Оо, Мерген чык бери! Чык үйүңдөн!» — деп
кыйкырат. «Шектүү шекинет» дегендей элеңдеп Мерген чыгат. Куйручукту көрүп, салам
айтканга да жарабай, апкаарый түшөт.
— Оо, Мерген болбой куруп кал сен! Анык мерген болсоң, түн жамынып айыл ичине
мергенчилик кылбай, тиги Сандыкка чыгып аркаркулжа атпайсыңбы, адал тамак
жебейсиңби!? Жалгыз кемпирдин коюн түндө атыңа өңөрүп келип, союп жепсиң. Жарты
эти азыр дагы тактанын алдында катылуу турат. Эми жабылуу аяк жабылуу бойдон
калсын! Мындан кийин уурулук кылба! Кечннде жайыттан коюң келгенде көк иригиңди
Апалга жеткирип бер. Кечирим сурагын!—деп атын моюнга бир салып, таскактата жөнөп
кетет.
ҮЧ ЖОЛУ ТОЗОККО ТҮШӨСҮҢ
Жумгалдын Өрнөк айылындагы Шералы карыя өзү айтчу дешет
... Ал колхозго башкарма болуп шайланат. Ошондон көп өтпөй, бир чети кызмат ордун
майлап, бир чети элден бата алмакка айыл аксакалдарын, колхоздун атка минерлерин
чакырып, бээ союп Туура-Терек капчыгайынын этегиндеги көк кашка суунун жээгиндеги
жашыл майсаңга казанказан эт астырат. Чаначчанач. кымыз, бозо ичилип көпчүлүк
шатырашатман. Ошол учурда тээ кыядан атчан киши көрүнөт.
— Бу ким болду? Биздин кишилерден эмес, минген аты дагы башка. Чоочун экен...
дешип көпчүлүк аны жардана карайт. Жакындаганда ээ, кокуй Куйручук турбайбы,
балдар атын алгыла, — дейт бир карыя. Шералы өзү да кошо тура калып, атын алышат. Эл
менен учурашып, кымыз ичип бир аз отургандан кийин:—Кетмен-Төбөгө жумуштап
баратам. Жолоочу жолдо эмеспи, аттанайын — дейт. — Эт бышып калды, Куке жеп
кетиңиз деп суранышат. — Ээ мейли, бышылуу тамакты таштаганда болбойт. Анын
үстүнө бу башкармаңарга да айта турган сөзүм болуп калды деп Шералыны сырдуу карап
коёт.
Эт желип бүткөндөн кийин аттанмакчы болуп, атынын суулугун кармап туруп
Шералыга мындай дейт:
— Башкармам, жанагы сага айтчу сөзүмдү ук. Элден бата алам дегениң жакшы экен.
Бирок, элдин батасы кабыл болбой калды. Карган бээ союпсуң... Аның дагы өзүңдүкү
эмес, колхоздуку тура! Колхоздун малы элдики го. Элдин малын кайра өзүнө союп берип
бата алганда, ал тийбейт. Өз малыңдан сойсоң болмок. Атаңгөрү ай, башың үч жолу
тозокко түшөт. Мага таарынба... — деп атына минип жөнөп кетет.
— Жарыктык Куйручуктун айтканы келбедиби, үч жолу түрмөгө барып келгенимди
билесиңер да! — дечү экен, Шералы карыя.
УСУБАЛЫ МЕРГЕНЧИНИН АЙТКАНЫ
Бул окуяны Казак-уулу Усубалы мергенчи айтып калар эле...
— Ээ, балам кесиптин эң жакшысы — өзүң сүйгөн, талыкпай иштеп, ошонун артынан
түшкөн кесиби. Ар бир адамдын өзү сүйгөн, каалаган кесиби бар. Дыйкандар маңдайынан
терин тамызып, кара жанын карч уруп, күнү-түнү күрөгүн ийнинен түшүрбөй, төшү
түктүү жер төшөнүп, жел жазданып уктап, суу барбаган жерине суу чыгарып, жашыл
тасмадай болуп желге ыргалган эгинин көрүп кубанса, мергенчи аска менен зоону
жамынып, астына таш салынып, чырым этип көз илинтпей, керээли кечке тоо кыдырып,
бел ашып, чуңкур, төр, колотторду артып, ар түрдүү аңдардан жолу болсо да, болбосо да
чарчапчаалыгып койбой, арча отунду жагып коюп, бел чечпей үңкүрдө жатканды ырахат
сезишет. Андан ажыраса бул дүйнө бир тыйынга арзыбайт. Ошол мергенчилердин бири
менмин. Өмүрүмдүн көбү мөңгү кучактаган аскалуу зоодо, кар жамынган чокуда, көк
жалтаң тайпаңда, үңкүрташтын арасында өттү. Мына мергенчиликтин кызыгын бил,
бүркүтүмө түлкү алдырып, чаап бара жатканда атым бутумду баса. жыгылып, оң бутум
жоон сандан сынып кетиптир. Бүркүтүмдү колума кондуруп, бутумдуканжыгама байлап
үйүмө келгем. Ошондо да сүйгөн кесибимден көңүлүм калган эмес. Көзүмө тоо элестеп,
чакыргансып турчу.
Согуштан мурунку жылдары— 1936— 1937-жылдар болушу керек. Күз айы. Дың сууп
калган кез. Түз-Ашууну ашып, Калмак-Ашууну басып, Үч-Күңгөйдү артып, Гүүлдөккө
кирип, Үч-Ташты кырчып өтүп келе жатып, дүрбү менен карасам Сары-Булактын
тайпаңда он чактыдан ашык аркаркулжалар жатат. Кудай эми бере көр деп жанымдагы
жолдошумду жана Учар деген тайганымды таштап, «аркарлардан көз айырбагын, кайда
багыт алса ошол жакка тебетейиңди булга» деп бек тапшырып, таштанташка жашынып,
кудайга жалынып өңүп жүрүп отурдум. Деле эч нерседен капарсыз оттошот. Жакындап
өңүп барып, шорголоп аккан теримди аарчып, мылтыкты бет маңдайга алып, бир кулжаны
кароолго илинтип, такыр колтукка басып жибердим, эки ала салып барып жатып калды.
Ордуман тура чуркап жетип, мууздап жибердим. Маңдайында бармак басым агы бар,
килейген күрөң кулжа экен. Жолдошум да келди. Экөөлөп союп, эки атка теңдеп артып,
Сары-Булактан ылдый түшүп, андан Жаңы-Арыкты бойлоп, бөксө жолго салып келе
жаттык эле бир киши нары жактан чыга келди. Карай салсам эле Кукем экен.
— Ассалом-уалейкум! — дедим, алик алды. Анан, мени ормоё карап: — Ия Усубалы,
менин маңдайында бармак басым агы бар, күрөң кулжам бар эле, ошону бүгүн сага
буюрган экен, атып келе жатыпсың, шыраалга баатыр! —деди.
— Айланайын Куке! Атканым чын, — деп аттан ыргып түштүм. — Алыңыз, алыңыз,
бүт эле түшүрүп берем дедим. — Кантип, жолуң болгур, атканын сен атсаң, алганын мен
алат белем. Шыраалга берсең эле болот, — деп күлдү. Мен Кукеме кулжанын бир жак
карчыгасын тартуу кылдым. Кукем ыраазы болуп батасын берип бастыра берди.
Жолдошум экөөбүз муунбай жакабызды карманып, Кукемдин билгичтигине, олуялыгына
таң калдык.
— Ия айланайын Усуке, кулжанын маңдайында бармак басым агы бар экенин, өңү
күрөң экенин кайдан билди, күнүгө барып чөп салып жүргөнсүп?.. Айтып берчүсү бар го
— дейт жолдошум улам.
ОЛДА, ЖУМАШ АЙ!
Куйручук ИчкеКызартты ашып, Кочкор тарапка бараткан экен. Жолдон Жумаш деген
адам жолугуп калат.
— Куке, бүгүн Кызарттын бороон чапкындуу оорусу кармай турган болду. Мына
шамалдын жүрүшү ылдамдап, тетири жагынан сого баштады. Белди ашып, Кочкор
тарабынан түшө албайсыз. Бизднкине эле конуп алыңыз... — деп үйүнө ээрчитип барат.
Колдон келген тамакашы менен жакшылап коноктойт. Жылуужумшак жаткырып,
сыйчылдыгын, адамгерчилигин билгизет. Эртең менен аттанар мезгилинде Куйручукка
көкүрөк өйүгөн сырын айтат.
— Айланайын олуям! Менде эркек бала жок. Коломтом кур калбас бекен... Уулдуу
болор бекенмин, батаңызды бериңиз!
— Жакшы тилек — жарым ырыс. Сенден батамды аябаймын. Аялың эмдиги жылы
ушул Маалда эркек төрөп берет. Бирок, сага айттар шартым, балага ат коёмун деп
шашпагын. Мен өзүм келип ат коюл беремин!— деп батасын берип, аттанып кетет.
Күн аптага, апта айга, ай жылга тогошуп, убакыт өтөт. Жумаш күткөн күн да келип,
эркек баланын үнүн угат. Кубанычы койнуна сыйбай, бешик той өткөзүп, бапыраңдайт.
Шааншөкөттүн, сүйүнүчтүн шарданы мекен Куйручуктун баягы, шартын унутат. «Кукем
өзү тилеп берди эле, өзүндөй эл керегине жараган адам болсун» деген илгери үмүткө
жетеленип, уулунун атын Куйручук коюп салат.
Көп узабай айткан убадасын эки кылбай, «бешик боо бек болсун!» айтып, Куйручук да
келип калат. Жумаштын жарпы жазылып, атын алып, сыйын көргөзө баштайт. — Жумаш,
алып кел балаңды? Атын коёлук,— деди дейт бир маалда Куйручук.
Жумаштын айласы кетип, кызарып-татарат. Көзүн ала качат.
— Куке, өзүңдөй эл адамы болсун...—деп атын Куйручук койдум эле...
Ушуну араң айтып, жер карайт.
— Олда, Жумаш ай! — Куйручук кейип сүйлөйт: — Айтпадым беле сага! Эми,
балаңдын бир мүчөсү кем болуп калбадыбы! Аттиң Аман болсун! — деген кебин айтып,
аттанып бастырып кетет.
Айткандай эле, баланын мурдун каражама жеп, кебетеси кемиткелүү болуп калат.
Азыр ошол Жумаштын Куйручугу Жумгалдын Кызарт айылында жашайт.
САРЫБУЛУҢГА БАРГАНДА
Күндөрдүн биринде Куйручук Сары-Булуң айылына жумуштап барып калат. Ал
кишинин келгенин эл-журт көрүшүп, сүйүнүп жакшы тосуп алышат. Ошол мезгилде элжерди билип турушкан атка минерлер чогулушуп, Кукеме өзүбүздү сынатып көрөлүчү
деп кеңешет. Куйручукту ар бири колунан келишинче урматтап, конокко чакырып
сыйлашат.
Ошентип, Куйручукка ал жердин айыл Советинин төрагасы, башкармасы,
зоотехниктери: «Куке айып этпесеңиз бизди сынап берүүңүздү сурайбыз» — дешиптир.
Адегенде баш Жагында отурган Абдыкеримди көрүп: — Сенде азыр «сокур чымын»
конуп отурган экен, ал турабы же турбайбы ким билет? — деп токтоло калып, ай, көп
туралбас... Өмүрүң узак болот, көп жашайсың! — дептир.
Андан кийин Абышаалыны көрүп: — Сен ыкчыл, билгич, жөндүү азамат экенсиң,
бирок келерки ушул маалда кандай болоор экен? — деп ал кишинин ооруп өлөөрүн билет.
Үчүнчү болуп отурган Мейманаалы деген жигитти:— Ээ, баатыр сен өзгөчө чечен,
кепке белен жигиттердин бири экенсиң. Кийинчерээк артың болбой турат, — деген экен.
Мейманаалы согушка кетип, кайтпай калат.
Төртүнчү болуп отурган Абдиев Кулубайды:
— Кулубай сенин артың жакшы болуп калды. Жылкыңдын ичинде бир кара кашка, ак
шыйрак тайың бар экен. Ошону мага бересиң, — дейт. — Куке чын эле сиз айткан бар.
Ал, алыңыз, — деп Кулубай шашып калат. Аңгыча болбой, Эмел жактагы тоодон бир бала
шашкалактап атчан чаап келет. «Кулубай аке, Абды атам түндөтөн бери чыдабай ооруп
жатат. Түнү бою от менен отурдук» — дейт бала өңү бузулуп. Кулубай атын токутуп
тоого барууга камынып калат.
Куйручук ага кайрылып: — Ээ, Кулубай бизди таштап . кете бересиңби? — дегенде: —
Куке, азыр эле өзүңүз укпадыңызбы, айып этпесеңиз барып келейин — дейт Кулубай.
Анда Куйручук: — Кулубай! Азыр бүгүнкү күндөн баштап кагазга жазып кой. Атаң Абды
дагы он үч жыл жашайт. Атаңдын суук оорусу эле кармап калган тура. Андан көрө кечээ
энесин карышкыр жеп кеткен күрөң козуңду союп, Эки-үч күнү ысыктатса оңолуп кетет.
Тоого барбайле коё тургун... Бүгүн сага эки чанач кымыз алып, бир козуну өңөрүп, бирөө
жумуштап келет. Ошол кишинин жумуштарын бүткөрүп бер. Ал сени таппай калбасын —
дептир.
Айткандай эле, Бостоң-Кайың жайлоосунан Мекеш деген киши келип калат. Аздан соң
ошол айылдагы Ажыбай деген киши Куйручуктун келгенин угуп ага келип учурашат да
үйүнө конокко чакырат.
— Ажыбай бүгүн сеникине баралбай калдым. Себеби сенин тоодогу малың түндө
корооңдон жайылып жетип, жиберген балаң койлорду таппай кала турган болду. Эртең
эрте кел, ошондо үйүңө барайын,— дейт ага.
Кулубай баягы тоодон келген баланы эшикте жүргөндө өзүнчө чакырып алат, жанагы
Куйручук айткаи «карышкыр жеди» деген койдун чынбышыгын сурайт. Анткени, бу
жөНүндө уга да элек болучу. Бала чын экенин айтат. Муну дагы Куйручук үйдө отуруп
билип коёт. «Оо, Кулубай менин айтканым чын бекен же жалган бекен» дегенде, ал күлүп,
башын ийкейт.
МЕТРЕЙДИН СӨЗҮ
Бир жолу Чүй суусунун Чым-Коргондон Токмокко чейинки аралыгьма дамба куруунун
борборуна керектүү инженердик изилдөө иштерин жүргүзүп калдым. Жанымда төрт
жумушчум бар. Аларды акысын төлөп Токмок калаасындагы Дмитрий Иванович Кулаков
деген орустун бир бөлмөсүнө жайгаштырдым. Орус абышка сексенден эчак ашкан. Ошол
киши Куйручук жөнүндө кеп салып берди. Кыргыз тилин суудай таза сүйлөйт экен.
... Шабдандын ашы болуп калды. Атамдын кеңеши боюнча ашка келген кыргыздарга
сатыш үчүн бир араба коон, бир араба дарбыз, бир араба апорт алма алып жөнөдүк. Эл
быкбырдай кайнайт. Бир аз сатып жатканбыз. Эл ушунчалык көп болгондуктан бир
заматта акчасын бербей талап кетишти. Айлабыз кетти. Атам даттанып орустарга барды
эле, алар күлүшүп: «Сенин дарбызыңды доолап кайсы кыргызды жакалайбыз», — дешти.
Айрымдары: «Тээтиги кишиге барыңыз, ошол киши ушул аймактын волостнойу», —
дешип кеңеш беришти. Кара сакал, семиз чулчуйган неме экен. Атам ага барса ал дагы
колун жайып тим болду. Калың топтун ичинде кара жорго минип бирдемелерди айтып
элди күлдүрүп, көпчүлүктү тескеп жүргөн кишини көрдүк. Ашка келген орустар да көп
эле. Алеша деген батрак «Куйручук деген шут ошо, ошонун сөзүн бүт кыргыз угат. Ошого
баргын», — деди. Ага барып атам орусчалап айтты. Мен аны кыргызчага которуп бердим.
Жалчы кыргыз балдары менен бирге ойноп жүрүп тил үйрөнүп алгам. Жанагы Куйручук
деген кара киши: «Арабаңардын жанына барып жерге таар жайып койгула»,— деди бизге.
Өзү элди аралап жар салып жүрдү:
— Ой, ашка келген калайык! Силер бул жерге куран окуй сооп табалы деп келдиңер.
Метрей орустун (Дмитрий дегени) коон, дарбызын талап жеп коюпсуңар. Мындай сооп
издеген жерге келип күнөө кылганыңарды алла-таалам кечирбейт. Жүргүлө, коонун
жебесек да төлөп берелик,—деп өзү баштап келип, жайып койгон кендирге элүү тыйын
таштады. Анын артынан келишкен кыргыздар улам беш-он тыйындан таштап жатып акча
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 14
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов