Latin

Эй, бу Куйручук - 10

Общее количество слов 3921
Общее количество уникальных слов составляет 2229
27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
тигил жылкычынын аялына бер. Булар сенин сойкулугуңду эч кимге айтышпайт. Эми ал
сараң байдын уулуна карады:
— Сенде күнөө көп. Эртең бийге салып тогуздап айып тарттырам.
— Атакебай, андай кылбаңыз! Мындан кийин ушул жакка бассам бутум сынсын,—
деп томпой ооз жигит жалынып жиберди. Куудул:
— Сенин төш калтаңда беш сом бар, ошону бери алып чык. Жигит титиреген колу
менен төш чөнтөгүн сыйпалап беш сом акчасын алып чыкты.
Эртең менен аттанарда Кукең беш сомду майдалап өзү жанынан бир сомду жетим
балага, эки сомун койчуга, эки сомун жылкычыга берди. «Байбиче, чепкен тиктирип
кийиңиз» деп тиги жесир аялга куржундагы беш кез трайкесин карматты. Сойку аял менен
томпон ооз Куйручуктан соо кутулгандарына сүйүнүштү.
КОШОКТУН ПАЙДАСЫ
Куйручук менен Көкүмбайдын чоң аталары айтылуу Медет датканын балдары. Экөө
жакын тууган. Кадимки Шабдан баатыр алардын Баалы деген эжесинен төрөлгөндүктөн,
Шабдан менен Көкүмбай таяке-жээн болушуп катташып жүрүшкөн.
Шабдан баатыр Жумгалга барып Көкүмбайдыкында конуп жаткан. Баатырга
учурашабыз деп келишкен Жумгалдын байлары, манаптары да арбын эле. Көз байланып,
күүгүм кирип калган кез. Үйдөгү коноктор ар кандай окуялардан кеп салып отурушкан.
Аңгыча жакын эле жерден аялдын кошогу угулду.
Үйдө ким бар биле албайм, Каралуу аял кире албайм. Жокчулуктан кыйналып,
Жаралуу боЛгон куландай. Топ жетим ачка жалдырап, Алачык калды аңгырап. Өлгөндүн
бербей акысын, Сарымсак сөгөт балдырап.
Коноктор делдейип тыңшап калышты. «Бечара Дербишаалынын жесири го?
Сарымсактын коюн багып жүрүп көчкү басып өлдү. Сарымсак ошол бечаранын таман
акы, маңдай теринин акысын бербей жүрөт» дешти. Көкүмбай бир чети Шабдандан
уялып, бир чети ачуусу келип, алаканын чапты эле бир жигити кирип келди.
— Чакыр, жанагы куу этекти! — деди. Жигит чыгып кетти. Коноктордун алдына
Сарымсак байды дыргаяктатып алып келишти.
— Кырк кой, эки саан уй, бир атты тигил Дербишаалынын жесирине азыр жеткир.
Эртең мененкиге калсаң малың бүт таланат,— деп Көкүмбай аны жекирди. Ошол түнү
жесирдин үйүнө ал айткан малды Көкүмбайдын жигиттери айдап барып берди. Жанагы
кошокту кошкон аял, Дербишаалынын жесири эмес, Куйручук эле.
ӨКҮРҮГҮМДҮ БЕР!
Байзак баатыр дүйнөдөн кайтыш болгондо, чоң ашы да кошо өткөрүлөт. Аягы Талас,
башы Чүй, Ат-Башы, Нарын, ТогузТоро, Ош, Жалал-Абаддан бери көп эл чакырылат.
Ашты жалпы жонунан Көкумбай манап башкарат. Ал эми ички ырасымдарды башкаруу
Куйручукка тапшырылат. Баштарына кызыл чүпүрөк байланган кырк жигит кошок айтып,
өкүрүп турат:
Чаар-Музоо, Көгарт, Бозбармак,
Жериң калды хан ата.
Кулжа, Текес, Үрүмчү,
Чегиң калды хан ата.
Калың саяк, сарбагыш,
Элиң калды хан ата.
Кара-Кече, Бозкоргон,
Жериң калды хан ата.
Кайгырып ыйлап көп саяк,
Элиң калды хан ата.
Касиеттүү Соң-Көлдөй,
Көлүң калды хан ата.
Ажы атанын барында,
Орустан ооп эл келген.
Орундуу адам ушу деп,
Орустар алтын чен берген.
Көктүн көркү абада,
Көкөлөп учкан куу эле,
Күлдү болуш топ элге,
Хан ата күмүштөп сайган туу эле.
Асмандын көркү абада,
Айланып учкан куу эле.
Алты болуш элине,
Хан ата алтындан сайган туу эле!
Кызыл чаар жолборстун,
Тишин алган ажы ата.
Кырчылдашар душмандын,
Үшүн алган ажы ата.
Кара чаар жолборстун
Тишин алган ажы ата.
Кас санаган душмандын,
Үшүн алган ажы ата!
Кан ата!
Алтындан кылган чен калды.
Айтылуу саяк эл калды.
Күмүштөн кылган чен калды,
Хан ата!
Күрдөөлдүү саяк эл калды.
...Ушунда Кочкордун манабы Канаат Жумгалдык туугандарына таарынып, катуу
намыстанат. Кабар айткан чарбамандардан кеткенби, айтор, Байзак ажынык кайгыш
болгонуң ал кеч угуп калат.
— Кемин, Чүй, Ат-Башы, Нарынга кабар мурда жетип, ушу турган Жумгалдан
Кызарттын белине чыгып деле кыйкырса угула турган Кочкорго кабардын кеч айтылганы
кандай? — деп туталанат. Келбей да коё албайт. Ошол себептүү Канаат таарыныч
билдирнп жигиттерин, жакын адамдарын коштоп, Байзакка өкүрбөк келет.
. Ат алган жигиттер алардын аттарын албай коёт. Ал кезде кадырбарктуу, сыйлуу
адамдар атын алмайын аттан өздөрү түшкөнү намыс болгон.
Куйручуктун ачуусу келип, Канааттын атын камчы менен башка-көзгө чапкылап: —
Атангөрү Чоң-Өтүк, биз деле силердин чөпкө какап өлгөн атаңарга өкүрүп барганбыз.
Келе өкүрүгүмдү? Өкүрүгүмдү бер! —деп аларды кайта артка кайырат. Чөпкө какап
дегени, Канааттын жакын аталары жайыт талашкан чабышта өлүптүр.
Же кетип калалбай, же кайрылып келе албай, айласы кеткен Канаат айылдан обочо
турат. «Эмне кылабыз, канткенде кутулабыз?» — деген кепти айттырып Көкүмбайга бир
жигитин жиберет. Көкүмбай:—Мек билбейм? Аны Куйручук чечет!—деп коёт. «Кантип
кутулабыз? — дейт Канаат шаа» — деп алиги жигит кайра Куйручукка келет. Анда
Куйручук: — Ой конокко келгенсип өкүрбөй келесиңер, өкүрүгүмдү берсеңер эле
кутуласыңар,— дептир.
Акыры Канаат атынын башын буруп, жигиттери менен өкүрүп түшөт.
МЫПАРДЫН АШЫНДА
Куйручук Ат-Башыда Мыпар сопу дегендин ашы болот деп барса, аш небак куралып
калган. Ал ашка кадимки Калмырза ырчы барган экен, ошону жарчы кылып, калган
ырчыларды бир жерге чогултуп мүчөсүн бергени Касымаалы деген манап тогуз жылкы,
тогуз кымкап чалан, 30 сом алып келип тилдеп жатканда Куйручук үстүнөн чыгат.
— Ырчы деген ит болот, курулай каңкылдап ашка келген аял, эркекти таңыркатып.
Иттер да чогулуп кабышып калса эл таңыркап калат, мынабул олжону Каракол, Анжиян
дубанынын ырчысы канча болсо ынтымакташып, урушпай-талашпай бөлүп алгыла дагы
жаагынарды жаап, элди аралап ырдабай тим жүргүлө,— деп Касымаалы элүүдөй киши
менен кайра тартат.
Касымаалы ошол ашты башкарган, анан калса өзүнөн башка кишини сүйлөтпөгөн,
адамдарды оюна келгендей уруп, айыптап-кыйыктаган заардуу манап экени Куйручукка
деле белгилүү болучу. Баягы тогуз жылкы, тогуз кымкап чапан, 30 сомду бир топ ырчылар
бөлмөкчү болуп, «канча ырчы барсыңар, мындай чыккыла» дешип эл четине чыга турган
болушат. Дароо эле Куйручук ошол жерден жаман ээр токумдуу ат минген үч кедейди
бөлүп алып чыгып, быякка бастыргыла десе алар болбойт: — Биз ыр билбейбиз,
айланайын аке,— дешип жалынгандарына болбостоң, оозуңарды баскыла, мага гана
жигит болосуңар,— деп унчуктурбай аттарын сабап айдап тиги ырчылардын чет жагына
тура калышат.
— Ырчылардын арасына келген сен кимсиң ой, кара киши? — деп сурашса:—Мен
Сонунмун! Бишкек дубанынан төрт ырчы эми келдик,— дейт Куйручук. Анда ырчылар
болбой:
— Тим эле кишилерсиңер, силерге олжо бербейбиз,— дешет. Ошол жерден Куйручук
абыдан бийик үнү менен: — О, Касымаалы, Касымаалы! —деп кыйкырганда, ырчылар
чочушуп: — Атандын көрү, мына бу кара кишинин ажалы жетти, Касымаалы деп атынан
айтып кыйкырат, эми ал сабайт, шордуу. Бишкек дубанынан келдик деп коёт. Кимсиң
десек, «сонунмун» деп атын да кубултуп жөн айтпай жатты эле, эми анык сонун болот ээ!
—дешип туштушунан тилдешип, жемелеп жатышты.
Кыйла узап, аш берген үйдүн жанына жетип калган Касымаалы дароо артына
кайрылды. Куйручуктун ачуу үнүн угуп, «мени минтип итче атымдан айтып чакырган
ким, кызыталак»,— деп жанагы элүүдөй кишиси менен жетип келет.
— Эмне! Сен кимсиң?! — дейт Куйручукка. Анда Куйручук тигиндей өтүп үзөнгүнү
чирене тээп кекээрлеп:
Мен Сонунмун! Башыңа тийчү союлмун. Конок бербес байлардын Кара көзүн оёрмун.
Мечиттин мунарындай, Мазардын чынарындай Жантайдын Шабданына «Кызыл дубана»
деп ат койгон, Алтымышбайдын болуш уулун Атка сүйрөтүп тап койгон, Өлөм деп
коркпогон, Өрттөн качпаган, Өлкөмдү мактаган Өз атым Куйручук, Атам Өмүрзак,
Айтышсам көңүл чак,— деген менмин.
А көгөнгө кирип, белдик байлаган сүзөнөөк кара текедей бакылдаган өзүң кимсиң? —
дегенде Касымаалы аттан түшө калып көрүшөт.
— Куке, көрбөсөк да атыңды угуучу элек, кыргыздын эрке баатыры, акыны деп
билүүчү элек, качан келдиңиз? — деп анан баягы ырчыларды тилдеп:
— Ой акмактар, Кукемдин бергенин алгыла, бербесе жок, ал эми сиздики башка болот,
бул ашты сиз билиниз,— деп атайы көтөргөн үй дайындап, айтканын аткарып тургула деп
эки жигитти жанына коюп жүрүп кетет.
Куйручук алиги олжону Каракол, Анжиян дубандарынын ырчыларына үч жылкы,
үчтөн кымкап чапан, он сомдон бөлүп, айдап апкелген жанагы үч кедейге Бишкек
дубанына тийиштүү олжолорду берип, «мындан кийин ырдабай жүргүлө» деп эл көзүнө
калп эле аларды тилдеген болот. Үчөөнө бирден жылкы, бирден кымкап чапан, он сом
бердирет.
МАЛАЙ АЖЫ МЕНЕН МАЕК*
Көркөм өнөрдү шыксыздар будамайлап анын баркын түшүргөндө ага каршы турган эл
акылмандары дегеле калтыс, калп аныктамаларга, ар кандай терс көрүнүштөргө ынабаган.
Аны калк алдында ачык сынга алган. Жамакчы ырчы сөрөй жулмалап сөз баркын
түшүргөндөй эле чала молдо дин бузарлар да: алла. ак пайгамбар, жаратылыш, тагдыр,
болмуш, бу дүнүйө, тиги дүнүйө, актык, дозок, бейиш, нур кыздар жөнүндө кеп салышып,
бирде киши ишенсе, бирде ишенбегендей укмуштарды божурашат.
Молдо, не ажы атанган киши сыйкыр сырын ачып жаткансып өз билгенин өтө бир
ишенимде таасирдүү айтышында ага түркөй киши: «Тоба... касиетинден айланайын
жарыктык!» деп ичтен күбүрөп жака кармайт. Ааламдан, дүнүйөдөн, болмуштан,
тагдырдан, маалыматы бар сергек кишилер бирде ага ынанса, бирде ынанбай жымыят. «Ээ
молдоке, ушу айтканыңыз калпысыраак болуп калды» деп күңк эткендер да болот. Жок,
деген менен көпчүлүк кепти жалганга чыгарыш кыйын. Карач, Көкөтөй, Куйручук,
Жоошбай сыяктуу акылмандар/куудулдар, акындар гана молдонун шарыятын, диний
аныктамаларын күлкүнүн, какшыктын күчү менен каймана төгүндөйт.
Бир жолу Куйручук жолоочулап келатып, Малай молдонун үйүнө конуп калды. Малай
тек айыл арасындагы анчейин молдо эмес, Мекеге барып, ажы атанган, даражалуу киши.
Чынында молдолугу да кыйла жеткилең, чечен киши. Өз төрүидө болсун, не бөтөн үйде,
калк жыйынында болсун Малай ажы — Малай молдо шарыяттан, «Курандын» тапсиринен
не тигил, бул дүнүйөлөрдөн, бейиштозоктон, тагдырдан, ырыскыдан кеп салып
олтурганында бу касиеттүү кишинии алдына чыкчу молдо да, ажы да, чечен да жок.
Көпчүлүк «жымм» Малай молдонун кебине уюп олтурушат.
Ал урматка Малай ажы өзү да көнгөн. Деле кишиден бөтөнчө иреңи суук Малай тек
бир кара жанын баккан жөн киши болсо, ага ирегеден орун тийбес беле. Ким билсин?
Кулагы калкандай, кашкабагы, бет иреңи ботколонуп, мурду баштыктай Малай өтө жай
кобурайт. Ал өзү айтпай эле алла атынан сүйлөнгөн сыйкырдуу кепти периште кулагына
шыбырап... аны касиеттүү ажы элге угузуп жаткансыйт. Салабаттуулугу, кебинин
*
Т. Сыдыкбеков. «Күлкү жана өмүр» китебинен.
сыйкырдуулугу, анан ага эч жарашпастай болуп жарадган иреңинин сууктугу — ошо
иреңи суук болуп туруп эле өзүнүн бүт олуттуу дүнүйөсү кереметтешип, алланын атайын
жиберген элчисиндей аны бийик этип койгонун көр.
Өзүндөгү ушул касиетине төп — Малайдын теги тектүү, агатуугандары малдуу,
баштуу, зобололуу.— Касиеттүү бабаларыбызга кут конгон тура. Бул кездеги биздин
тукумдун куту — Малай ажы деп сыймыктанат бүт уруу.
Өз дилинде ушундай кадырман киши менен бир Куйручукча беттешип коюшка куштар
болуп жүрчү Кукем бүгүн ошо Малай молдонун үйүнө өзү эле атайылап келген бул жолу.
Эл куудулу Куйручукту Малай жактырдыбы, жактырбадыбы. Ким билсин? Баамчыл
киши сыр бербейт дечи. Куйручукту төрүнө олтургузду. Жакшылап меймандап, сый этип
коюшту, кандан, бектен тайманбай бетке чабар «бу шайтандын достусун» шарыят
жобосуна баш ийдирип, динге киргизип коюшту ойлогон Малай молдо те Акчокуну
чулгаган коңур булуттун койнунан түшүп келген периште сымак бул жолу өтө бир
сыйкырдуу олтурду. Ар бир кеби ойлонулган кеп. Куйручукка илмек калтырбайт. «Ээ
шайтандын досу, мен алланын амирин саа угузайынчы. Сенин тилиң байланаар» деп
ойлоп коюп, деле Куйручук эшитпеген шумдуктардан кеп салды. «Өзүң билбегенди
билгенге тырыш дечү эмес беле менин сыйкырым. Молдокемдин бул айткандарын
көңүлгө түйчү» деди Куйручук өзүнө.
Куйручуктун иреңи да анча жылма эмес. Кабак-кашын күдүрөйтүп, калкандай мурутун
түктүйтүп, кобулдуу мурдун баштыктай этип, касиеттүү молдонун айткандарын кетирбей
кулагына куйду.
Куйручук келди дегенде эле айылдаштар Малайдын сегиз канат ак өргөөсүнө толуп
олтурган. Эми молдо шарыяттан кеп салып, анан актык, каралыкты, күнөөнү, кишидеги
кырсыкка үйүр каңтарды, ырыска шерик кутту кеп салып сыйкырданып, зоболосу
көтөрүлгөн сайын Куйручуктун эч үндөбөй олтурушу үйдөгүлөрдү тац калтырды. Бнри:
«Канча айтса да молдокем — теңиримдин элчиси да. Куйручуктун тили байланды» десе,
бири: «Э бу, Куйручук да бекер киши эмес. Кудайым бу кишиге кеменгердикти,
куудулдукту, тайманбас эрдикти да берип койгон. Молдокемдин баардык касиетйн
баамдап алайын деп жатат. Анан өзүнүн Куйручуктугун таанытат дечи». Тек күлкү
самагандары: «Кукем баягы өз кебинен айтсачы? Бизди күлдүрсөчү» дешти.
Бирок, Куйручук ал кишилер күткөндөй өз кебинен айтпады. Маалмаал гана үн
чыгарып, молдонун айткандарын кубаттагансып коёт.
— Баракелдее... Кудайымдын кудуреттүүлүгү аай... Молдо аны укпаган киши болот.
Анан ал кишидеги кишилик касиеттерди айта баштады. Алла таалам он сегиз миң
ааламдын тазасы, падышасы этип кишини жаратпады беле? Аны чын дээрсиз пирим деп
оң ийкине карап койду. Үйдө отурган кишилерге Малай молдонун оң ийниндеги
колдоочусу аппак болуп көрүнө түшкөнсүдү...
Бир экөөнүн бүткөн бою дүр этти. Бир-экөө алдыртадан жака карманышты. Тигил
иййндеги көрүнбөгөн сыйкырга сыйына эмне дээр экен дегендей, Куйручукка
карагандары да бар.
Куйручук калыбынан жазбады — кабаккашын жыйырды, мурутун түктөйттү. Анан:
— Баракелдее... молдокемдин айлакердиги ай-ай... Эми гана молдо Куйручукка одурая
карады:
— Куйручукжан тобаа де. Алла-алла. Айлакердик пендесинде болот.
— Э молдоке,— деди Куйручук ошол замат. —Ушу Сизге, бизге окшогон
быткылсыткыл пендесин айлалуу этип жараткан алдам кантип өзү айлакер болбосун? Сиз
тобо деңиз!
Аста күлкү угулду. Малай ажы аны укмаксанга салды. «Эй шайтандын досу» деп
ичинен Куйручукту жактырбайт:
— Алла-алла. Алла жерде да эмес, асманда да эмес. Ар бир пендесинин дилинде.
Дилин шайтан азгырып алган пендесинин тили ошо шайтандын кебин сүйлөп калур...
— Э молдоке коюңузчу! — Куйручук чочугансыды: — Пендесинин дилиндеги өз
ордун алдамчы шайтанга алдырып койсо, анда алда талаам бу сизден да, бизден да
ишенчээк, бош экен го...
Күлкү катуураак чыкты.
Малай ажы келме келтирди. Барбайган беш манжасын жакасына тийгизди.
— Азгырык кепти айтасыз да сиз...
Жөн киши ачуусуна тийгенди «ит, доңуз» деп сөксө, Малай ажы өтө кыжырына
тийгенди «сиз» деп сөгөт. Молдонун ушул адеби аны кишилерге касиеттүү кылып
көрсөтөт.
— Үйдө отургандардан Жакшыбай аке молдонун бул сырын жакшы билген киши. Ал
этиет карады:
— Жакшы болбой калдыы...
Эмине жакшы болбой калганын Куйручук өзү дагы сезди. Анан: «И жакшы болбосо
болбосун. Кийиктин издегени от, мергенчинин жумшаары ок» деп ичинен күлдү да
молдону тымызын кытыгылады:
— Молдоке, биздин элдеги бир чала молдо: Жер жети кабат, көк жети кабат дегени
чынбы?
— Ол чын! — деди Малай молдо. — Жети кабат көктүн не астында тирөөчү жок, не
үстүндө кармоочу жок. Ол Алланын амиринде...
Куйручук дагы сурады:
— Анда мусулман баласы жыргал доор сүрчү бейиш ошол жети кабат көктө экен го?
Каапырды отко куйкалачу тозок бу сиз менен бизди асыраган жарыктык жердин жети
кабатынын астында экен го?
— Аны Алла-таала өзү билет! — деди молдо таасирдүү. —Жерди мүйүзүнө көтөргөн
көк өгүз, өгүздү көтөргөн жаян, жаянды... — деп келатканда Куйручук жака карманды:
— Ал жаян мухитке чумуп кетсе, жарыктык көк өгүзгө сайгак тийсе, биз кантээр
экенбиз молдоке?..
— Тобо келтир, Куйручук! — деди Малай. — Алланын амирине шек келтирдиң?!
— Сиз да тобо деңиз молдоке! — деди Куйручук молдого. —Жаян мухитте эркинче
сүзөт. Сайгак уй бар жерде жүрөт. Бул да алдамдын амири... Кокустан тигил БешКүнгөйдүн карагайындай бир чоң сайгак ызылдап жетсе, жарыктык көк өгүз мүйүзүндө
жер турганын унута салып, куйругун чычайта жөнөсө...
Күлкү катуулап чыкты. Малай молдо не аябай ачууланбай, не кишилерге кошулуп өзү
да күлө албай, тек гана:
— Уа... Куйручукжан... ушундайыңдан мен сизди шайтандын досу деймин. Оозуңузга
шайтан түкүрүп койгон сиз да Алламдын сүйгөн пендесисиз...
Молдонун бул кебине Куйручук таң калгансыды: — Тилиңизге тишиңиз күбө,
молдоке. Мен шайтандын досу эмесмин. Анда алдам эминеге ал шайтандын досун
сүйөт?..
— Аллам пендесин топурактан жууруп жаратты! — деди молдо. Топурак жердин
каны, жаны. О жер — бардык жаныбарды өз бооруна асырап турган АНАСЫ! Мына
ошондуктан ол — топурактан жуурулган пендслер — биз жердеги жан-жаныбардын эч
бирине кастык этпеске милдеттүүбүз. Алланын кеңдиги шол, бизде пепделик күчтүү.
Аллатаалам эркибизди өзүбүзгө берип койгондуктан биз жакшылык уа жамандыкты, оң уа
терсти бирдей асырап күнөөгө батабыз. Ошондуктаи, чын дүнүйөдө ол күнөолүүнү
күнөөсүнөн тазалап жаннатка алыш үчүн тозогун чыгарды.
— Тозок каапырга дебедиңиз беле?
— Тозок кафырдыкы! Ол туура. Бул дүнүйөдө күнөөгө баткан мусулман ол күнөөдөн
арылып жаннатта болушу шарт.
Куйручук сакал сылап айтты:
:— Кудайымдын бул калыстыгы — чын калыстык экен... Акыркы соболум молдоке, бу
биздин кыргыз ошо бейишке чыкканы экиден үр кызын алат деген чынбы?
— Ликин экиден эмес, жаннатта ар бир эрдпн тизесинде бирден нур кызы олтурар...
— Оо, бул жакшы кеп экен молдоке! — деди Куйручук саал тамшана. — Бир ишене
албай турганым: ар бир эркектин тизесинде ойноор ошончо нур кызы кайдан болсун?..
Молдо эми күлгөнсүдү мыңк-мыңк:
— Ээ, шайтандын досу Куйручук. Сиз — пендесиз. Сиздин бул пенделигиңизди Аллатаала кечирет. Шонтсе да Алланын амирине шек келтире бербеңиз. Сиздин, биздин бул
дүнүйөдөгү жарларыбыз жанатта ар бири пери кызына айланаар...
Чок кармап алгандай Куйручук сапын чапчыды:
— Коюңузчу молдоке! Бул дүнүйөдөгү мырык-тырык, бучук-сучук, маңка-санка, тазмаз, анан акыл-эси абдан эле аз кургурлардын баары эле кантип ур кызы болуп кетсин
деги...
Катуу чыккан каткырыкка эми Малай молдо каяша айталбай өзү да күлдү.
— Аай шайтандын досу... шайтандын досу... хихи... Адам акылына келбес кепти
табасыз ээ?!
Куйручук күлбөдү, тек кабак-кашын түктүйттү:
— Топурак камырын аябай жууруп бул дүнүйөдө эчен бир сулууларды жараткан
кудайым Сиз менен бизди ошол эле топурагынан чала ийлеп, одурайтып-бодурайтып
жасаптыр эригип, кайдыгер... Кантип эле тигил дүнүйөгө барганда бул жактагы мырыктырык, сокур-мокур, таз-маз, акыл-эссиздердин баарын ур кызына айландырып жиберсин
деги... Молдо, молдо десе божурайт экенсиз. Аны, ажы десе апыртат экенсиз. Жер
жүзүндөгү үксөк-саксактардын баарын бейишинде ур кызына айландырып жиберчү
кудайым сизди, бизди бул дүнүйөсүндө жолборстой жигит этип жараткан го... Же бизден
топурагын аядыбы...
...Шарыят эрежесинен четтеген жарты ооз кеп айталбаган Малай молдонун үйүндө
бүгүн күлкүнүн жаагы айрылды. Малай молдо өзү да күлдү бүлк-бүлк. Үйдөгүлөрдүн да
каткырыгы таш жарып жатты. Куйручук Малай ажынын үйүндө конгондогудай күлкү эч
үйдө болгон эместир деген даңаза да тыяк-быяктагы журтка эртеси эле тарады.
— Дөбөдө жеке отурганыңызда тартыңыз! — деп малай Куйручукка теспе белек
берди. Бул анчейин белек эмес. «Мен Зобололуу Малай молдоңорду да аллаамири деген
ак кебинен жаңылткамын» деп башка жакта кеп салбагын дегени болучу.
БАЙГА ЖАНАЛГЫЧ КӨРҮНГӨНДӨ*
Касиеттүү Ысык-Көлдүн күзү да сонун. Кызыл-Омпол сол жакта олчоёт. Ортодо Чүй
теминет.
Куйручук бирде тизгиндин кош жаагын жыя кармады Керчунакты кекчейте. Бирде
мөрөйгө чапчудай темине берди алды жакка тике карап:
— Жазы серүүн, кышы жылуу, мөлдүр булактын энеси — жүз жетимиш эки өзөнү
куюп, бир тамчысын текке кетирбеген жаныбарым Ысык-Көлдөн кетпе журтум деп бир
акылман айтканда, сенин ушул берекеңди баамдаган тура ал акылман.
Баса, айтам да. Чийине төө жоголгон, төрүнө бугу ойногон. Илбирс, жолборс эки шер,
азуулудан эчендер артууларда жойлогон... Капырай көрсөң сонунду! Ташкүзгүдөй
бетинде аңкылдап аңыр толу, каркылдап карала каз толу, куркулдап ак куу толу. Өрдөк,
чүрөк, безбелдек, кызылбоор, карабоор, кыл куйрук быкыл жыйын курган илбесиндери
той өткөзүп жаткандай го кудай!
Анан калса жаныбарым Ысык-Көл атырабы жылдын төрт маалында тең көркүнөн
танбай көргөндүн көз жоосун алганы алган дечи. Кез-кезинде Кызыл-Омполдун бороону
улуп, чий ышкырып, камыш жапырылып, көл бетинде аксерке чамынып төө өркөчтөнүп,
күүшаа этип бууракандап алган соң жаныбардын көркү көкмөлдүр тартып көөлгүп
мелтирейт дейсиң. Көк асман көркү бетинде чагылышат!
*
Т. Сыдыкбеков. «Күлкү жана өмүр» китебинен.
Бу жолу Куйручук өз жан дүйнөсү менен Көл дүйнөсүнө суктанып келатты. Бир
маалда Керчунак алды жакка селт карап, кош кулагын кайчылаштырды. Тээ алды жакта
калың чийди жарып түшкөн жалгыз аяк жол менен жай басып кетип бараткан киши
көрүндү. Ылдамдай бастырган Куйручук жете келди ал жөөгө. Чукул келген дабыштан
улам жөө киши жалт карап атчанга салам айтты:
— Ассаломаалейкум!
— Аалейкума үчсалам баатыр!
Үстү жупуну, өңү керсары, арык жигиттин эти тирүү белем:
— Алигиңизалик, «үчүңүз» эмне аке? — деп күлүмсүрөдү.
Тамаша айтам деп сөзгө сына калган Куйручук түз мойнуна алды:
— Сени жөө деп, өзүм атчан келатканыма көбө түшкөнүм го, иттики. Эси жок киши
ушу менчилеп ээн жолдо калың чийдин арасында жөөгө менсинет иним. Эми менин
жөнжайымды билбей эле кой. Өз жөнүндү билдирчи?
— Жөнүмдү кебетемден эле көрүп турбайсызбы. Кол баштаган эрен эместигимди,
журт баштаган көзөл эместигимди, ушу жөө сандалган кебетем эле айтып турбайбы... Үч
жылда тору айгырлык бир байдын коюн бактым. Жалчынын жамбашында сыз төшөнчү.
Тартынганы тайтуяк. Тамагы катыксыз жарма кара аяк. Кагын ооруп калып койчулукка
жарабаган соң, Акөлөңдөгү энемдин колуна кеткемин. Ошо кеселимден жакшы болуп,
байдан акымды алайын деп келаткан жолум...
Жөөнүн аяңына улай жай бастырган Куйручуктун коюу муруту түктөйдү. Чаңкап
келаткансып тамшанды. Анан:
— Ушу сонун дүнүйөнүн бир баласы момун, он баласы зулум тура иним. Ал байыңдын
алаканы ачык беле? Же...
— Э, алаканы ачык киши мени жөө сандалтпайт эле го аке...
Койчунун жообун Куйручук кулак сыртынан кетирди. Байдын кыял-жоругун
сураштырды. Далай жерге койчуну атына учкаштырды, кеп-сөзгө алды.
Койчунун айтуусунча: бай койлуу бай экен, койлуу болгону менен ошо көп коюунун
үзүрүн өзү көрбөй эл бийлеген төбөлдөргө тартуулап, жакшылардын мүдөөсүнө жараса
өзү ошого корстон:
— Атаа, майды сугунса Сарымсак баатыр сугунсун! — деп өзү бордоп семирткен
иригин тартуулаган жакшысын мактаганда, токолу мурдун чүйрүп эликтейт:
—өзүңүз сугунгандай жыргабаңызчы... десе, байбичеси кекээр күлөт:
—байы жегенге кулу кубанат... быкшыйт... — дейт каймана.
Куйручук да күлдү:
— Ээ, ал бай байбичесинин ал «быкшыйтын» туюнбайбы?
— Туюнат эле — деди койчу. — Бай өзү кызык киши. Ашкере асан кайгы. Анан катуу
баштыгын сурабаңыз. Байбичесинин төркүнү чоң ууру. Бир жолу байбичени жазалаймын
деп төркүнүнө чоң айып тарткан. Ошондон бери малын аяп коркот. «Кың» дей албайт.
— Байбичесине «кың» дей албайт экен, ал байың токолуна «кың» дейби?
— Токолун өзү жакшы көрөт. Ошон үчүн ага да «кың» дебейт. Деги кызык...
— Ээ иним, кишилер ушундай кызык болобуз,— деп Куйручук күлгөнсүдү: — А
байбиче, токолу ынтымактуубу?..
— Байбиче улуусунат: «бийлик менде» деп. Токолу сулуусунат: «байымдын көрөркөзүмүн» деп. Деги экөөнүн кеги күч.
— Чыйылдашаар, чачташаар, күйүлөрдүн күлү жоо эмеспи.
— Байбиче, токол чачташканда байдын заманасы куурулат тимеле.
— Ээ анысы кызык экен?
— Байбичесине болушайын дейт, токолун кыйбайт. Токолуна болушса байбичеси
коломтого олтура калат тимеле.
— Кайраты жок бир бечара экен го ал бай.
— Башкага каразгөй кыйла, катындарына өзү талпак. «Катындын тажаалы жандын
башын жутат» деген макалы бар. Ушу лакабын айтаарда тебетейин башынан алып жерге
урат. Локуя калат. Чакыя калып катынча чаңырат: «Жан алгычыңды жиберчи кудай.
Болбосо өз курсагымды өзүм жара тартам»,— дейт. Катындарын коркутат. Айыгышкан
байбиче, токолу анысын тоотуп да коюшпастан чачташып, ажылдаша беришет.
— А бай өз кардын өзү жарып жибербейби, айтканындай.
— Ээ, аба, киши өз кардын өзү жаралчу беле. Койчу барар айылдын карааны
көрүнгөндө Куйручук
койчуга айтты:
— Арып-ачып барып кал, байдын отун жагып, кал, иним. Ит болсо да кеп сурар байың.
Жол ээн, жан киши жолуксачы. Кардым ачты, кайратым качты. Же көзүм бозордубу, же
чын көрүндүбү. Жалгыз бейиттен жылаңач арбак көрүндү... Анан калың чийден карала
торопойлорун ээрчиткен мегелжин такырга чыга келди... Селдейип тура калганымда арбак
да, чочколор да көздөн кайым болду дегин. Үйдөгүлөр эмине десе ошол десин, сен аны
эшитпеген бол. Чекеңди ушалап жер тиктец кал. Бар, иним жолуң ачылсын!
Ушундай деп Куйручук жээктеги камышты аралап кетти. Койчу узай берди. Куйручук
аттан түштү. Ооздугу алынып аты оттоп калганда өзү кылаага келди. Анан сырдашкансып
узакка, узакка олтурду.
Мал короого келер маалда Куйручук тигил айылдагы жанагы байдын үйүн карай тике
бастырып мамысына ат байлады. Бирок... Сыртынан аппак болун берекелүү көрүнгөн боз
үйдөн чаңк-чуңк, күш-быш эткен аламан дабыштын ичинен: «Оо, кудай ай... Ушу менин
кардымды жара тартар жан жокпу, бу жарык дүйнөдө» деген үн бая койчу айткан байдын
үнү экендиги Куйручукка жазбай таанылды.
Кынындагы кездигин шарт сууруп тигил айгып оозун жыйгычакты Куйручук үйгө
кирип барды. Көзү чекчейип, таноосу делп-делп, муруту түктүйүп, локуйган кара киши
болот бычакты жаланта тике качырганда, бандын үшү учту. Чыгданына кире качты:
— Айланайын... айланайын... жанымды кой? — деп араң айталды.
Чачташып, тырышкан байбиче, токолдун колдору бошоп өздөрү бөлүнө беришти.
«Сен кимсиң, ыйык?» дешкендей экөө бирдей жапырыла, жалтанып, жашынарга жер
табалбай, үн катпай селейишти. Ирегеде баягы койчу отурат жер тиктеп, тирүүнүн өлүгү
болуп.
Булардын эч бирине буйдалбай Куйручук чыгданга умтулду:
— Чыгдандан чык, бай! Алмустактан бери чыгдан ичиндеги табактагы сүткө киши
чөгүп өлгөн эмес. Сен да өлбөйсүң. Кудайдын таң күнү өзүң суранасың. Ал тилегиңди
берип кудай сага азирейилин жиберди. Мен саа бу жолу киши кейпинде келген
азирейилмин. Көрүнбөй келип жаныңды алсам, анда жакындарыңдын жамысы:
байыбыздын өз ажалы жетти дешмек. Өзүңдүп тилегиңе жараша мен сен тааныбаган киши
кейпинде келдим. Чыгданыңдан чыга кой, бай. Жаныңды кейитпеймин. Өзүңдү алып
кетемин. Зыкым элең. Береги жер тиктеп олтурган сенин койчуң. Насили сендей сасык
байдын бешөөнчө бар. Сен аны эздиң. Өзүн ооруттуң. Акысын төлөбөдүң. Чоң күнөөгө
баттың. Тозокто кырк кулактуу мис казанда кырк жылы кайнайсың да ал күнеөңдөн
арыласың. Байбиче, токол алып, эки ургаачыны чачташтырып койгонуң үчүн кыл
көпүрөдөн өтүп баратып тең бөлүнөсүң.
Куйручук атайы тынымга демин алды. Чыгдандын ичиндеги байдың урөйү учканы,
кардыгып-калтыраган үнүнөн сезилди:
— Жараткан... жараткан жанымды кой? Эгем?.. Малымды чачайын... башымды
тартайын... малай күтпөйүн... өзүм чарык тартынып, өз башыма өзүм малай болоюн...
Куйручук кадимки кишиче каткырып күлдү:
— А булардычы — уксүйгөн, саксайган эки албаретың ушинтип чачташа беришеби.
Мындай чачташкандар тиги дүйнөдө мис казандын түбүндө кайнайт, кырк жыл!
Куйручук ирегедеги койчуга айтты:
— Сенин бул пендеден алар акың, жакшы ат эзртокумдуу, кулундуу үч бээ, жылуу ак
тон. Куржундук эки көзү толо ырыскешик — тыяктагы карган энеңдин тирүүсүндө татар
насиби. О дүйнөдө ал мискин шейит. Ол — АНА! Сендей ак пейил уул төрөгөн АНА!
Алдыңкы жума күнү үстүңө тонуңду кийип, атыңды минип, куржунуңду салынып
бараткан кезиңде мен көк булуттун үстүндө, ак булуттун астында туруп, сенин аман-эсен
жол тартканыңды көрөмүн, мискин!
Ушул кебин айтып, Куйручук шарт үйдөн чыгып аттанып жөнөй берди.
Бай эс-учун жыйып үйдөн аста сыртка чыкканында көзүнө жан киши көрүнбөдү. Мен
өзүммүнбү, өзүм эмесминби дегенсип, ар кайсы жерин алаканы менен сыйпалады. Дале
оозуна кепсөз кирбеди. Дирилдеп далайга турду. Анан:
— Чын, тирүү окшоймун! Аксарбашылың жолунда, Теңирим! — деди.
Эртесинде аксарбашылын атап түлөө өткөрдү. Өзү да, байбиче да, токолу да боз
койдон момун болуп калышты. Жалгыз койчу жигит гана жолдон жолугуп, өзү менен
бирге келген киши жаналгычка окшой түшкөнүнө бирде аң-таң, бирде кымыңдап — жым.
Көңүлү толтсуйт. Өзүнөн өзү кубанат.
Бечара койчунун кубанар жөнү бар эле. Бай жума күнү таң эртеңден «жаналгыч»
тапшырган акысын төп берип, койчуну узатты.
Арадан күн өтпөй, ошо жума-намазы окулуп тарар менен жумгалдык акылман куудул
Куйручук бул жакка келип досунан сый көрүп, кандайдыр бир сараң байдын сөзүнө
жаналгыч болуп көрүнгөнү, сараңды чыгданына жашынтканы жөнүндө дуудуу кеп тарап
жатты калк .арасында.
КУЙРУЧУКТУН АР КЫЛ ЖОРУКТАРЫ
Куйручук Кочкордо чоң манаптар Шабдан, Баяке, Манапбай менен бирге конок болуп
калат. Сөздөн-сөз чыгып, манаптар эрдиктери, баатырлыктары жөнүндө айтып мактанып
олтурушат. Тигилердин айтымына караганда Үрүстөм, Азиретаалы, Манас азыр келип
маңдайларында турса да аларды тоготпос түрлөрү бар. Куйручук ушу маалда акырын
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 11
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов