Latin

Эй, бу Куйручук - 11

Общее количество слов 3979
Общее количество уникальных слов составляет 2224
30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
эшикке чыгып, эшик алдындаги куюшкандаштырылган аттардын бирин сооруга шак
эттире катуу чаап, карыган кемпирдей үнүн кубултуп кокуйлайт:
— Шабданың менен жерге кир, Баякең менен көргө Манапбайын жылас болсун!
Соолуп, болуп калгыр жебей эле таш жесемчи! Эт аңдып, табактардын түбүн жейм деп
келип, сындыра тептирип албадымбы? Эй кокуй-кокуй! — деп жатып калат.
Үйдөгү манаптар кемпирдин үнүн угуп: — Алда кокуй ай, эмне болуп кетти? Аттарды
үйдөн алыс байлатпай жаман болгон экен! — дешип, шашкан бойдон эшикке чуркап
чыгышат. Алардын эмелеки кызуу кептери, эр сайганы, жекеге чыккандары, жылкы
тийгендери жөнүндөгү сөздөрү талаалап, кемпирдин кокуйлаган үнү баарын алдастатат.
— Баракелде, баатырлар! Эчтемеден коркпогон, сунган найзаны тартпаган, сумсайып
жоодон качпаган, жылаңачтан сезбеген, жаланып жоого беттеген эрлер! Бир кемпир уйдун
богуна тайгылып жыгылса эсиңер чыгып, жүрөгүңөр түшүп калды го. Эмеле эч кимди
тушарыңарга теңебей отурбадыңар беле? Эшикке энтеңдеп чуркап чыкканыңарга жол
болсун, баатырлар! —дейт. Баатырлар сөзгө жыгылып өздөрү да аябай күлүшөт.
Куйручук жолоочулап Токмок шаарына барып, жума күнү чоң мечитке кирет.
— Молдоке, менин селдем жок эле, кандай кылам? — дейт Куйручук.
— Куруңуз болсо деле башыңызга чалып алсаңыз боло берет — дейт ыймам.
— Курум да жок эле — деп Кукең эшикке чыга калса, көчөдө кисе байланган бирөө
өтүп баратыптыр. Аны чакырып: «Сен менин чепкенимди кармап тур дагы, кисеңди мага
бер, намаз жума окуп чыга калайын» дейт.
Анын күмүш чапкан кайыш курдагы кисесинде кылаптан дүкөрт, чандуу бычак,
устара, кыскасы бардык сарамжалы толук экен. Тимеле шарак-шурак этет.
Эшикте даарат алып жатса, бир сокур киши таягы менен жер сайгылап, жол таан,
мечиттин эшигине келип, киши бар экенин билип, салам айтат.
Куйручук алик алып, «берирээк басың, нараакта туяк жер»» десе, ал элтеңдеп, эки
кадам бутун шилтегенде мечиттин эшигиндеги кудукка түшүп калат.
Балыкча сүзүп, аптыгып чыга албай жатканда Куйручук:
— Ата кокуй ая, намаз жумага даарат албай келипсиз. Кусул кылып алыңыз. Мен бери
бас десем, тетири басып, түшүп калбадыңызбы, эч нерсе эмес — деп колунан тартып
чыгарып коюп, өзү мечитке кирет.
Элдин арткы сабына кошулуп, намазга турат. Бир маалда эл менен кошо эңкейип,
намазга жыгылганда башындагы кисе шарактап кирет. Бир тобу бышкырып күлгөн
бойдон эшикке чыга баштайт.
Андан кийин алдыңкы сапка барып кошулуп, эңкейип кисени шарактатса, ал
катардагылар да бүлкүлдөп күлүп, катар сабы бузулуп, бирден чубап сыртка чыга
башташат. Анан эң алдындагы ыймамдын жанына барат. Ыймам намаз шартына ылайык,
кылчайып «салам берем» деп көрө салып күлүп жиберет да:
— Шум киши экенсиз. Намазды буздуңуз. Элдин даараты сынды. Зор күнөөгө
чалындыңыз, башыңыздагы эмне? — дейт.
— Молдоке, селде чалынгыла, жок болсо кур болсо деле жарайт деп өзүңүз
айтпадыңыз беле. Тебетейчен окуганга жол бербедиңиз. Эшиктен бирөөнүн курун алып,
чалындым. Атайлап намазды бузганым жок. Айтканыңызды кылдым. Сиз күнөөкөр
болдуңуз го. Селде таап бериң эмесе! — деп ыймамдын селдесин анын ооз айыбына алып
кете берет.
***
Куйручук Кетмен-Төбөгө жолоочулап бара жатып, Кабак деген жерде бир байдын
айлына кез болот.
— Кимдин айылы? — деп сурайт.
— Кадыма деген байдын айылы. Үч катыны бар. Телегейи тегиз, малы көп, миң коюу
бар. Тээтиги ак үй ошонуку.
Куйручук анын үйүнө барып түшсө, жаанга суу болгон жаман кара чепкенин жылаңыч
этине жамынып, согончогу жыртык кийиз байпагын отко кургатып отурган жүдөө бир
кишини көрөт.
— Сен кимсиң десе,— Кадымамын деп жооп берет. Үйдө жерге салган эски, жыртык
кийиз, жыйылган
жууркан, илдирбардуу эчтекеси жок. Үч катыны үч жерде үй оокатын иштеп
өздөрүнчө күйпүлала. Анын турмушуна ачуусу келип:
— Ой, Кадыма деген кимсиң? — деп кайта сурайт:
— Кадыма менмин — дейт.
— Оо сен, кадыбасаң, чыңкылдый кулап кет! Үйүңө
киши келсе жыртык байпагыңды чоюп, төшүңдү отко салып, коломтого сийгенсип,
отурганыңды көр! Тиги үрпөйүп отургандар эминең?—десе: — Үчөө тең катыным — дейт
Кадыма.
— Ал катындарды эмне үчүн алдың?
— Биринчисин атам алып берген, экинчиси жеңе катыным, үчүнчүсүн өзүм,
токолдукка алдым.
— Өзүңдүн үстүбашыңды оңдоп, үй ичин адам көргөндөй кылып коюп, анан үч катын
күтпөйсүңбү? Карачанын кара итиндей калтырап турасың. Миң кой айдаганың менен
үстүңдө үйрүп салаар үч кетмен топурагың жок. Катындан айланасыңбы — деп эртеси эле
элге салып эки катынынын башын ачат. Өзү алардын төркүн тарабы болуп дегендей, эки
аялга энчисин бөлдүрүп берет. Байкуш аялдар тимеле түрмөдөн чыккандай сүйүнүшөт.
***
Кыштын күнү Нарынга баратып, Соң-Көл үстүндөгү жылкычыларга конот.
Жылкычылар адатырасмы боюнча коногун берген соң:
— Куке бүгүн түнү жылкы кайтарып бер! — дешет.
— Койгула балдар, мен тимеле жатайын десе болушпайт.
— Макул! — деп атка минип, жылкыны имерип, кайра келет. Жылкычылар уктап
калган экен. Үйдүн тушунда карышкырча ыркырап, анан күркүрөп үйгө кирип, бир
жылкычыны думуктура басып, ар кай жерлерин аткып, башын думбалап, от жанындагы
сөөк менен бир капталын саал тытып таштайт. Ал шордуу чын эле карышкыр басты деп
коркконунан кыймылдабай жата берет. Карышкырча ыркырап кайра чыгып кетет.
Эртеси «кокуй ырымдап койбосоң болбойт» — деп, түлөө кылдырып, бир тай
сойдурат.
Чоногор деген байдын Арсар деген уулунун бир мыкты кочкору бар экен. Кочкорун
сат десе эч кимге сатпайт. Кадыр салып сурагандарга бербейт.
Бир күнү Куйручук менен Арсар сүйлөшүп олтурушат. Аңгыча эле асмандагы айды
көрүп, Арсар оозун ачып таң калат:
— Капырай, чак түштө да ай көрүнөбү? — дейт.
— Ой кана, калп айтпачы? Мага эмне үчүн көрүнбөйт? — деп Куйручук билмексен
болот.
— Кудай урсун! Тигине, чын айтам дейт Арсар. Карганып да жиберет.
— Эмесе мага көрүнбөйт, сага көрүндү. Күндүз кантип ай чыксын? Кудай ишиңди
илгерилетет тура — деп Куйручук баягы кочкорун сойдуруп түлөө кылдырат.
КУЙРУЧУК МЕНЕН ТҮКБАШ*
«Өнөрлүү өргө чабат, кор кылбай жанды багат» дегендей Куйручук 1916-жылы
Кытайга үрккөн мекендештеринин акыл насаатчысы, бел байлатчу шайыры, караңгыда
көз тапкан, капилеттен сөз тапкан адамы катары азып-тозгондордун ардагына айланат.
Кашкардагы жергиликтүү манап, ары чечен, ары билерманмын деген Түкбаш
Куйручукту жатыркатып, таасирин элге кеңири таркатпай, басмырлап, кордоо максатында
эл жыйылган топто ага катылат:
— Кулагы жок чунак Куйручук, Куйругу жок чолок Куйручук. Өйдө чыкса өбөксүз
Куйручук, Ылдый түшсө жөлөксүз Куйручук, Арка кылар элиң кайда?
Азык берер жериң кайда?
Ансыз да мусапыр болуп, далай кордукту, кыйынчылыкты көргөн эл бул ачуу
жекирүүгө далдырай түшөт. Жарданган боюнча ыза жутуп, дымып калат. Кайраттуу,
кыраакы Куйручук көтөрүлүп, чеченсинген төбөлдүн тике маңдайына сыңар тизелей
отура калып, кайра Түкбаштын өзүнө сөз жамгырын жаадырат:
— Кулагым чунак болсо шумкар чыгармын,
Куйругум чолок болсо тулпар чыгармын!
Кулагы узунду эшек дейбиз,
Куйругу узунду ит дейбиз.
Өбөксүз өйдө чыксам жүрөгүм таза,
Жөлөксүз ылдый түшсөм жүлүнүм таза.
Өбөк коюп өйдө болгонду оору дейбиз,
Жөлөк кылып таяк алганды ууру дейбиз.
Арыпачып алыстан келдим,
Арка болчу эл ушул.
Тентиптербип тегимден келдим,
Эне болчу жер ушул.
Көпсүнгөнгө көр бар,
Көп ичинен бөлүнөт.
Өйдөсүнгөнгө өр бар,
Өбөктөйт да жүгүнөт.
Жалгыз десең күнгө тилиң тийгени,
Жарык берген дүйнөгө.
Жарды десең айга тилиң тийгени,
Шоола чачкан дүйнөгө.
*
Ш. Бейшеналиев. «Кыргыз маданияты» гезитинен.
Ою бийик, мааниси терең бул катырган жоопко эл ыраазы болуп, күүлдөй түшөт.
Түкбаш өзү да жыгылганын туюп, баш ийкеген экен.
КАРАҢГЫДАГЫ ШАМ, ЖЕ КУЙРУЧУКТУН КУДАЙДАН КАЗАН
СУРАГАНЫ*
Өмүр кишиге бир күнү боз жоргосун мингизет — сүлкүлдөтүп, анда киши бу кең
ааламдын ээси өңдөнөт бир өзү. Тентектенет, бирөөгө камчы чабат. Текеберсинет,
бирөөгө тыңсынат. Өмүр бир күнү кишиге эшегин мингизет — элеңдетип, анда киши өз
жонуна жүк артат эшек жүгүн көтөрүп. Жалынан тери сызылат, бели майышат, ийини
жооруйт. Жап-жалпак коргошун болуп, мейнет жонунан түшпөйт. Бир күнү кишини
таптакыр мусапыр этет — узун жолдо ач, арык тербитет. Көз тунарат, тили кургайт, ырп
этерге алы калбайт. Эми жан таслим болчудай үлдүрөйт. Ошондо да киши алды жактан
көз албайт.— Өмүрүнүн өчпөсүнө тилек этип, үмүт улайт. Кудай билет? Өмүрүндө боз
жорго минген кезинен ушул ач, арык, үлдүрөк кезинде киши үмүттүү.
— Бул оор жылдары узак жолдо илкиген ач кишилерге дем берген Куйручуктун кеби:
—О айланайын эл-журт! Түндө көзгө сайса көрүнгүс караңгыда алды жактан бир шам
көргөн элем. Ал шам — жөн шам эмес.
Ушу илинген ач кишилердин жолун жарык эткен үмүтү маа шам болуп көрүндү!
Кечээ эркиме бой бербей казанымды бир чөйчөк ун, бир тулуп улпакка саткан элем.
Бир чачымдан болсо да баарыңарга ырыскы болду. Тың басып калдыңар. Бүгүн мен
Кудайымдан казан сурайын. Менин ырыскым элден эле. Кудайым да мени куру койбос.
Ооба куру койбойт, ак тилектүү пендесин! Куру койбойт!
Илкиген алсыз кишилерге Куйручуктун кеби кадимкидей дем берди.
— О Куке, айтканыңыз келсин...
— Келет! — деди Куйручук алды жактагы белбелеске карап. — келет! Өлүмдөн кийин
— өмүр келет. Аччылыктан кийин токчулук келет. Кууралдын арты жыргал болот!
— Оозуңа май...
— Кудай тегин жаратпаган киши элең...
— Айтканыма ишенгиле! Тее, кырбелести ары эңкее берип, мен Кудайымдан казан
сураймын. Чоң казан — он эки карыш тай казан! Баягы салтанаттуу тойлордо чоң очокко
асылып, арча отун жагылып, бир тайдын эти бүт бүлк-бүлк кайнаган төрт кулактуу бай
казан!
Ишенгиле, ишенгиле. Кудайым ошол казанын берет. Анан үйгө үт кирет. Ошо үт
менен бирге кут кирет. Бир эле үйгө кирген үт эмес, бүт үйгө кирген үт! Бир маа келген
кут эмес, жамы калайык калкка келген кут!
Башыңарды көтөргүлө, аягыңарды тың шилтегиле. Алдыңкы белбелеске эми эле жетип
барабыз!
Ач кишилер алды жактагы белбелестен көз айрыбай илкип келатышты. Улуу тоо койну
сырдуу, табышмактуу, көзөл, катаал, татаал. Ашуу, бели, жон, кыры колоту, тайпаңы,
төрү тиги эле ак кар, көк муз муздагына чейин түркүн өсүмдүккө бай. Көз жоосун алган
байчечекейлери үлп эткен желге ыргалат. Атыр жыты аңкыйт. Анан ошол байчечекейлүү
төрдөн булак ырдап чубурат. Анан шагылы төгүлгөн корум, жел ойногон апай бет, баш
айланткан чың, сүрдүү коркунучтуу. Анан береги бел-белеси азыр эле жетип баруучудай
ээк астында туруп, сең жакындаган сайын, ал арылай берет, арылай берет. Улуу тоонун
сыры бүт боюнча ушул белесте катылгандай: көзгө чукулдугун айтпа. Анан сен
чукулдасаң кол жетчүдөй болуп туруп, дал үмүттүн өзүндөй улам алыстаганын көр...
• Азыр эле жете барып тиги белести ары ашалычы — дейт Куйручук илкиген ач
кишилерге угуза.— Кудайым маа тайказанын берет. Казан куру кайнабайт эмеспи.
Баарыңарга жеткидей ырыс-кешигиңер ошо казанда! Тиги алдыңкы бел-белеске
чыгалычы. Баарыбызга күч бүтөт. Алдыбызга ат мингендей болобуз...
*
Т. Сыдыкбеков. «Күлкү жана өмүр» китебинен.
Бө-ө-өгг... мына бу туу бел. Оо, кагылайыи Ата конуш. Эми береги таштын тармал
бадалынын арасынан Кудайым маа он эки карыш казанын берет.
Илең-салаң басып, ач кишилер белге чыкканы жонундагы куу оокаттын жүгүн акырын
жерге коюшту. Бири ошо өз жүгүнө сүйөнө олтурду. Бири селейген бойдон алды жакка
карады үнсүз. Бири жер-сууга сыйынды, өзүнчө эле кобурап. Бири олтурууга да,
кобуроого да алы келбей үлдүрөп турду көлөкөдөй. Деле эркекке караганда мындай
алааматтарда ургаачы кайраттуу, тың, чыдамдуу болот деген кеп ушул белестен дагы
аныкталды. Энелер балдарына, жубайлар эрлерине үйрүлдү. Сүйөпталды.
— Жаныңды сеп алдырчы...
— Балакетиңди алайын сербейген. Тээтиги алды жакта түнөргөн биздин Ата-Конуш.
Ошо Ата-Конуш менен төш тирешип күрөшчүдөй Куйручук жалпыга угуза айтты,
тиги тармалданган бадалга карай басты:
— Оо Кудайым! Менин ырыскымды ушул журтумдан айткан элең. Ушу журтум менен
мен Белеске келдим. Эми өзүңдөн он эки карыш казаң сураймын. Менден эми ошо
тайказаныңды аяба. Сураганым он эки карыш. Бир эли, жарым эли кем болсо да
албаймын. Ошо бай казанымды бер колума!
Куйручук ушул кебин ач кишилерге угуза айтып, басып баратат.
Кишилер анын айтканына бүтүндөй арбалып, чынымда эле бир тайдын эти бүлк-бүлк
кайнаган берекелүү казанды көз алдына келтиришти.
Таягына өбөктөй сүйөнгөн карыя кадимкидей мыңк-мыңк күлдү:
— Оо касиеттүү куудулум ай, көрчү бизди кеби менен тойгузуп баратканын. Бу жөн
киши эмес. Кудайым Куйручуктун сураганын берет!
Ошол замат Куйручук кылчая калды:
— О эркектер, баскыла бери. Тигине он эки карыш тай казан, бай казан! Кудайым
бизге казанын берди.
Эми ошол казан толо кайнаган ырыскыны дагы аябайт. Киши ырыскысыз, Ата-Конуш
элсиз калычу беле. Баскыла, тездегиле, тездегиле!
Жаанга, күнгө, желге кубарып калган өрөө кийиздин астынан кишилер тай казанды
ачыкка алып чыгышты.
Ач кишилер тоюна түштү... Үлдүрөп баскандар тыңый түштү... Балдардын ыйы
басылды... Карыялар сакал сылашты кадимкидей... Энелер балдарын маңдайдан сылады...
Кыз-келиндердин беттерине кан жүгүрдү... Уландар бойго жеткендей жаадырай басты...
Жол бою, жол бою кызык-кызык баянды кеп салып жаагы ачылган Куйручуктун
айткандары кишилердин көңүлүн ачып, күлбөстөр күлүштү кадимкидей. Акылман
куудулдун жагымдуу кеби, угумдуу кеби, куйкум кеби кишилерге дем берди, үмүт улады,
күлкүгө кандырды, өмүрдү узартты.
Анан Куйручук Ата-Конушундагы өз дөбөсүнөн кез үзбөй ой тербеп олтурду.
Ыракаттанды жер-суу көркүнө канып, эл деминен күч алып. Кеп чакмагын чакты. Андан
күлкү тутанды.
ТУРПАНДАН КЕЛАТКАНДА
Кыргыздын үркүнүндө Куйручук Кытайдан кайтып келе жатканда жетимиш үч
кишини тамактан өксүтпөй багып келген.
Ат-Башы жакта го сыягы, көп бүлөгө жол азык табылбай, айлалары куруп келе
жатышса, чоң жолдун боюндагы көрүстөндө көр казып жаткандарды көрүп калышат.
Куйручук азган-тозгондорду бир коктуга жашырынтып коюп алиги көр казгандарга келет
да:
— Иш илгери болсун! — дейт.
— Кандай акмак кишисиң, биз эмне, кырман басып жатыптырбызбы — деп кетмен ала
чуркап, кубалап жиберишет.
Куйручук коктуга кирип тигилерди байкап турат. Казып бүтүп калгандарын баамдайт.
Көр казгандар тарап кетээри менен көрүстөнгө барып, жашынып калат. Бир оокумда
өкүрүк чыгып, жер дүңгүрөтүп эл өлүктү алып келатканын көрөт да, көрдүн ичине кирип
жатып алат. Көрүстөнгө калың эл жыйналат. Бир киши казанактын ичин көрүп чыгайын
дегенде Куйручук аны дароо буттан бекем тартып, саамга коё бербей турат. Ал өң-алеттен
кетип, бакырат. Аттуусу атын минип, жөөлөрү учкаша чаап качып жөнөйт.
Казган мүрзөнүн сыртында кереге жыгачка таңылган өлүк жатат.
— Көрдүн ичинен бир балээ чыккан экен дешип, түрдүү ойлорго кетишет.
Бир маалда жүрөк токтотуп, он чакты баатыр сымактары менен молдолору көрдүн
жанына келишет.
— Кимсиң? Адамсыңбы, перисиңби? Кай макулуктан экениңди билдир? Добуш сал! —
дешип өлүктүн жанында чай кайнам убакытка чейин турушат. Эч жооп болбогон соң бешалтоосу казанакка эңкейип карашса ичинде бир киши жатат.
Куйручук көзүн бардап, «келгиле, келгиле!» — деп коёт. Тигилер биротоло качмакчы
болгондо баягы көр казган кишилер:
— Бир качкын келип, салам айтып, иш илгери болсун дегенде кубалап жибергенбиз,
бир болсо ошол киши чыгар. Өзү бир келесоо же ашкан жиндидир. Кудай сактасын тим
эле сүйрөп чыккыла! Желмогуз чак түштө эле көргө жатып алмак беле дешет.
Бир топ киши жакаларын кармап, тобоо келтирип, казанактын кырына келишет.
— Элдин үрөйүн учурбай бери чык. Деги сен кимсиң?
— Ой журт! Силер мени эмне тегеректейсиңер? Турпандан жетимиштен ашуун киши
ачып-арып жерибизге келатабыз. Аларды элиме аман-эсен алып кеталбай, эл караанына
зар болуп, көчтүн астын утурлап, сенделип жүрсөм, мени токмоктоп кубалап салдыңар
— дейт.
— Качан! Ой киши, калп айтпа! Өзүң качып кетпедиңби. Иш илгери болсун
дебедиңби!—деп көр казгандар кыйкырышат.
— Ырас, мен ачкандан өлөт экенбиз, кокус өлүп калсак, менин да өлүгүм көмүлбөй
талаада калат. Иткуш жеп кетет. Андан көрө белен, казылуу көргө жатып өлөйүн деп
келсем, кубаладыңар. Албетте, иш илгери болсун дебегенде, ар кимдин кылган ишин
кийин кетсин демек беле? Эми болоору болду, тирүүлүккө тойдум. Кытайдан бери
балапанча жем берип, багып келаткан жетимиш үч кишим бар. Ошолор биерге жетип,
ачкадан өлмөй болушту. Өлгөндөрүн көзүм көрбөсүн. Өзүм өлсөм мейли. Белен көр
турганда кайда барып өлмөк элем.
Алып кеткиле тиги өлүгүңөрдү! — дегенде эл күлүп жиберет.
. — Кудай жалгап, адам турбайбы? Жан алгычпы дегенибизчи! — дешип эл акылэсин
жыят.
— Өлгөн киши жарды беле же бай беле? — дейт Куйручук.
: — Чоң бай эле, эми чыгыңыз, өлүктү көмөлү! — деп эл жооп берет. Анда Куйручук:
— Бай киши болсо малынан эсеп бере албайт. Мен чыкпаймын. Эсепти жакшы билем,
экөөлөп эсептеп сурагына жооп берели. Өлүктү үстүмө көмгүлө. Жетимиш үч киши араң
жан жатса, кайсы ырысыма тирүү жүрөт элем. Алардын жаманчылыгын көрбөй өлөйүн —
деп көрдөн чыкпай коёт.
— Эми эмне кыласың? Эптеп ун-талкан чогултуп берели?
— Жок болбойт. Берсеңер бир семиз уй, үч кой союп, жан башына бир пуддан эгин
бергиле. Үч күнү баарыбызды конок кылып баккыла. Эл сергип, унаа эшектер тыныгып
алса эптеп жерибизге жетип алабыз. Эгер буга көнбөсөңөр, анда чыкпаймын, кошо
көмүлөм. Мени издеп Орусиядан көп солдат келет да силерден кунумду алат. Менин элгежуртка эркелигим белгилүү — Куйручук баатыр, Кудайберди акын деген мен болом! —
дейт.
Куйручук дегенди укканда элдин баары уу-дуу түшүп, таанып, анын айткандарына
макул болушат.
КЫЗЫЛ ӨГҮЗ, КӨК СОКО
Кеминдин Коёндуу деген жеринде топ жыйын өткөрүлөт деп кеп-сөз жүрүп калат. Ал
убакта кулак— куйруктар жаңыдан жоюлуп, жаңы заман шарапаты башталган эле.
Чогулушка жер-жерден батрактар, аларды башкарган өкүмөт өкүлдөрү чакырылат. «Байманаптардын деле тобуна катышып, көрүп жүрдүм. Эми батрактарымдын тобун да
көрөйүн» деген ойдо Куйручук да барат. «Чогулуш», «жыйналыш» деген сөздөрдү
түшүнбөй кедей-кембагалдар жыйынга чогулбай коюшат. Өкүмөтчүлөрдүн айласы кетет.
Ошондо Куйручук «мен чогултамын» деп, алдына жакшы ат минип, айыл аралап ырдап
чыгат. А кезде: «Айылга ырчы келиптир» десе, уккан эл ичкен ашын жерге коюп, убапчубап жөнөшчү тура... Кеминди жакалай кыдырып, Куйручук ырдайт:
Баракелде батрак! Байдан миндиң аргымак. Токунганың жалбырак, Жүрүп кеттиң
калдырап.
Кудай берди батрак, Кудайкул атаң чакырат. Кызыл өгүз, көк соко, Беремин деп
ашыгат.
Кызыл өгүз, көк соко, Жаралыптыр темирден. Жер чийген сайын жулунат, Чарчаганды
билбеген. Чөп менен жем жебестен, Тартат жалаң май менен.
Сөзгө кулак салгыла, Топ жыйынга баргыла. Кызыл өгүз, көк соко, Берет экен алгыла!
Эл ичи күбүр-шыбыр. — Мурда жерге «отмай» дегенди төлөчү элек. Эми кызыл өгүз,
көк сокосуна жалаң май чогултуп берип турат турбайбызбы...— Дале, бизге түшкөн
түйшүк... — Кутулбайт экенбиз да салыктан дегендер көп.
Муну сезген Куйручук алардын санаасын тындырып: — Кызыл өгүз силер жеген
майды жебейт. Сызгырып да ичпейт. Өзү сасык май таап ичет. Он эки мүчөсү, ичегикарды
бүт темир болсо, силер жеген куйрукту сурап жемек беле? — дептир.
КАЛЫК ЫРЧЫГА БЭЭ БЕРДИРГЕНИ
Кабакта Канболот деген мартабалуу адам энесине аш берип, кадимки Калык ырчыга
«ырдап берсин» деп киши жиберет. Чакырылган эл толук келип аш башталат. «Калык
мына келет, ана келет» менен ашты дагы эки күнгө созуп, келген элге эки күн ашык конок
берип калат. Аш аяктаар маал жакындап, жигиттер улак тартып жаткан кезде Калык
жыйырмадай киши менен келе жатканын көрүп, Канболот Калыкка таарынып, «бүгүнкү
күн менен үч күнү күттүк, эми аш тарап калды, сыпайгерчиликке кете берсин» деп алдын
тороп киши чаптырат.
Калык келе жаткан кишилери менен кошо кайра тартып жөнөп калганда, муну уккан
Куйручук чаап жетип Калыкты алдына салып, атын соорулап: — Сен Канболотко келбей
элге келдиң. Чакырган убакта келбей үч күн кечиккениңе Канболот таарынып калды. А эл
болсо сени дале эңсеп жатат. Канболот агаңдын таарынганын, элдин эңсегенин жазгын! —
деп ашка ырдатып келет.
Калык аш бышымдай ырдап, элди ыраазы кылат. Таарынган Канболот кошумчага
келген малдан эки эчки, бир кой берип: — Эми ушуга ыраазы бол ырчым,— дейт. Калык
куюлуштуруп ырдап кирет:
Таарынычы жазылбай, Кектеп берди Канболот. Эки чанач, бир тери, Эптеп берди
Канболот. Ушуну менен элиңе, Кет деп берди Канболот! Азыр өлгөн турушат, Булар анан
кантип мал болот?
— Калык болду! Токтот!—дейт Куйручук. Ал андан ары улап ырдабай токтоп калат.
Куйручук Канболотко кайрылат:
— Канболот, Калык иниңдин тейи бузулду. Өзү айткан терини ийлеп, береги элдин
алдына салып, мынабу эки чаначтан кымыз куйгуча оозун баспасаң, оо, кымбатка туруп
каласың го...
Аш ээси дароо сөз жүйөөсүн түшүнүп, Калыкка мурда берем деп даярдап койгон бээни
бериптир.
УШУНУ АЙТА БАРГЫН!
Куйручук да бир жылдары Тер-Жайлак жайлоосуна барып, Орозбайдыкына түшүп
калат. Өктөбүр төңкөрүшүнүн иши уланып, байманаптардын ындыны өчүп берекеси
кетип турган учур болот. Деген менен тсонун арасы, борбордон алыс тургандыктан
Сары-Камыш байлары али күчүндө эле.
Орозбай Куйручукту тай союп конок кылат. Кадырлуу коногуна жакшы нээти бар
экендигин көрсөтөт. Бирок, эмнегедир сабыры суз отургандыгын Куйручук байкайт да ага
суроо узатат.
«Орозбай бу сенин саламаттыгың жайындабы же бир жериң ооруп жүрөбү? — деп
сурайт. «Ээ Куке! ден соолугум таза. Оокат жетиштүү. Ошентсе да уктасам түшүмдөн,
ойгонсом оюмдан кетпеген бир санаам бар. Жашым өйдөлөп калды. Артымда туяк жок.
Көз жумсам атанын жолун улаар уулум болбосо... мага кыйын болот го. Мына бу
байлыгым опоосуз болуп калат го... Мурасчым ким болот? Ушуга түпөйүлдөнөм» — дейт
Орозбай.
Анда Куйручук карскарс күлөт: «Орозбай! Эрке токолуңду эркекче кийинтип, арча
тору күлүк мингизип, жайы-кышы жарыша чаап жүрсөңөр төрөмөк беле?! Сенин
кабагыңды салаңдаткыдай эч күнөөң жок. Мына бу эркек кыял эрке токолуң Саадат сага
эки эркек, бир кыз тууп берет. Балдарыңдын боосу бекем, өз бойлоруна, оокатка тың,
очорбачарлуу адамдар болушат...» дейт. «Оозуңа май Куке! Ылайым эле айтканың
келсин!» деп Орозбай алкап жиберет. Куйручук да сөз илебин суутпай туруп, «Балалуу
болсоң, баш сүйүнчүсүн өзүмө жеткирип бересиңби? Жай болсо жай, кыш болсо кыш,
айылым тиги Жумгалдын көкүрөгүндө эмеспи...» — дейт.
Кийинки жылы Орозбай менен Саадат эркек балалуу болушат. Атын Кары коюшат.
Куйручукка деп бир кулундуу бээни жетелетип жиберет. Куйручук Орозбай берип
жиберген кулундуу бээни алып: «Балдарынын боосу бек болсун! Орозбай алда көрөөр
күндү алардын башына салгылык кылбасын! Ушуну айта баргын...»—дейт жиберген
кишисине.
Куйручук айткандай эле Орозбай Карыдан кийин Сейит деген уулдуу, Сандал деген
кыздуу болот. Кийинчерээк байлыгынан такыр кол жууп, итке минген кедейге айланат.
Түрмөгө айдалып, ошол жакта каза табат. Ал эми Орозбайдын балдары азыр да эл
арасында очорбачарлуу, оокаттары тың.
...Куйручуктун жогорудагы батасынын жандырмагы ушул экен. .
КОЧКОРГО АШКА БАРГАНДА
1. Кулактын түрлөрү
Кочкордун Коңорчок деген жеринде чоң аш өтүп калат. Мурунку күнү эр эңиш, балбан
күрөш болгон. Кийинки күнү эл ат чабыштын кызыгына чогула баштады. Эл ичинде
Куйручук да бар эле. Ал жоон топ адам менен дөңдө кобурашып олтурду. Алардын
ичинен бир ынабаттуу адам Куйручукка собол салып калды.
— Куке! Кандай сөз айтсаң дагы элге жагат, кулак салып берилип тыңшай калат.
Илгеркиден айтсаң ал да оорун, азыркыдан айтсаң бу да сонун! Салт сөзүңө жубанат,
куудул сөзүңө кубанат. Же илимиң жок, же билимиң жок, мындай сөздөрдү кайдан таап
аласың?— деди.
— Оой адам амалы,— деди Куйручук ага карап: — Адамда үч түрдүү кулак болот.
Аларды таш кулак, куйма кулак, акма кулак дейт. Таш кулакка сөз кирбейт. Катуу болот.
Ташка тийген ок чак этип кайып кеткендей, талаага кетет. Айтканды укпайт, укканды
айтып бере албайт. Экинчиси — акма кулак. Айтылган сөз бир кулагынан кирип, бир
кулагынан түшүп калат. Бирок, анчамынча жукжубуру сакталат. Укканын там-тандап,
толук айтып бере албайт. Кайран сөз! Сөлтөктөп аксак болуп калат! Үчүнчүсү — куйма
кулак. Айтканды бүт тыңшап угат. Кулагына куюп алат. Анан чарчурун элеп таштап,
нукура данын пайдаланат. Мындайга айтылган сөз талаада калбайт. Эмгегиң жанат.
Баягынын айтканы деп атыңды даңазалайт. Сөздү элден үйрөнөт. Куйма кулакка сөз
үйүлөт. Түгөнбөс, баалуу казынага айланат. Чачылган сайын кайра толот. Үзүлгөн сайын
улана берет. Муну билген билет. Билбеген сага окшоп мурдун көтөрүп жүрө берет,— деп
баягы өзүнө суроо бергенди сөөмөйү менен мурунга сайып койду. Эл күлүп калды.
Куйручук сөзүн аяктады.
2. Байлардан алым алганы
Ушул эле аш. — Байлардан алым алуучу элем, алар бар бекен? — деп Куйручук эки
жагын каранды. Анын минтээрин билген Куланбай деген киши алты байды катары менен
отургузуп, алардын арасына бай эмес эле Аалы сурамчы дегенди, Убайдулла ууруну да
кошуп койгон. Куйручукту сынап көрөлү, мурда тааныбайт эмеспи, жаңылып, билбей
калса, өзүн уят кылалы деген амалы болуучу. Алардын үстү-башын, кийимдерин дагы
түзүктөгөн. Куйручук өйдө туруп, катар отургандардын жанына барды. Кыдырата баарын
серп салып, Аалы сурамчыга келгенде аны саал тиктеп турду да:
— Ой баатыр, сен менден сураба, мен сенден сурабайын. Экөөбүз аман-эсен
кутулушалы,— деп аны жакадан алып, байлардын катарынан чыгарып жиберди. Эл
жабыла күлүп калды. Андан соң Убайдуллага келди. Бир аз байкап турду да? — Ой сен
жакында бир ат уурдап келген экенсиң! Ошону ээсине кайтарып бер, менин сенден
алганым ошол болсун! — деди да аны да тургузуп жиберди. Андан кийин катар олтурган
байларга кайрылып:
— Мында алты бай олтурасыңар. Силер эпке көнөсүңөр, ар бириң экиден, он эки ирик
бересиңер! Кыйыктансаңар көргүлүктү көрөсүңөр! Эртең эрте Каманбайдыкына
жеткиресиңер! Мен ошол жерде болом! — деди.
— Ээ, Куйручук, эмне үчүн беребиз? Сен жылкычы болуп жылкы айдабасаң, желе
тартып кулун байлабасаң, курейлеп кой санабасаң, эмне акың бар бизде? — деди алардын
ичинен Конок ажы.
— Адам уккусуз айыбыңар бар. Ошон үчүн бересиңер...
— Кана эмне айыбыз бар экен? Айта койчу — деди жана дагы Конок ажы.
— Силердин айыбыңар ушул,— деп Куйручук саал жылмайып байларга сөөмөйүн
кезеди: — Короо толгон коюңар бар, өрүш толгон жылкыңар бар. Бирок, адамча жашоону
билбейсиңер. Пейилиңер тар. Өзүңөрдөн дагы аяйсыңар. Азыр эле далилдеп берейин.
Карачы, тердепчардап жалаң кебезден шым кийесиңер. Шымдын сырты кокочу болуп
кирдеген. Ичин эми киши көрбөсүн! Бит баскан, кумсиркелеген. Жаныңарды айбанга
теңеп жашайсыңар! Куурап жүрөсүңөр! Мына айыбыңар ушул! Баса, айтпайын дегем...
айттырып жатасыңар. Алдагы майланышкан шымыңардын ичинде ыштаныңар да жок.
— Жок, жок. Ыштаныбыз деле бар. — Байллр жабыла жооп берип калышты.
— Эмесе, чечингилечи? Ыштаныңар болсо, он эки ирикти мен беремин. Эгер жок
болсо, он эки ирикти силер бересиңер. Кана элдин ортосуна келгиле! — деди
Куйручук. Байлар күңкүлдөшүп бирин-бири карап калышты. — Кана балдар, келгиле!
Буларды чечиндирели!? — Кукең байлардын шаштысын кетирди.
— Берели, берели! Эртең эрте Каманбайдыкына жеткирели! — Байлар бир ооздон
жооп берип калышты.
— Айланайын, кутулбасак болбой. калды. Ырбатып алгыдайбыз. Дагы бир балээеине
калбайлы,— деди жанагы Конок ажы деген бай.
Ошентип алым бүттү. Кечинде эл тарады. Куйручук Каманбайдыкына конгону кетти.
КУЙРУЧУКТУН БЕЛЕГИ
Кадыр аке жан чөнтөгүнөн күмүш чакчасын алып чыкты да, оозун кастарлай ачып,
насвайдан алаканына төгүп ээгине салды. Чакча аземделип, оймолонуп чиймеленип,
дегеле кооз жасалыптыр. Бир капталында арапча жазуу жүрөт.
— Берсеңиз?.. Чакчаңыз эң эле кооз экен,— дедим имере тиктеп. — Буга эмне деп
жазылган?
— Куруп кетсин... Бир обу жок сөз...
— Айтууга болобу?
— Көңүлүңө албасаң айтам... — деди Кадыр аке, ээгиндеги насвайды алып жатып.
Мен ойлоно калдым. «Эмнеге оюма алмак элем» дедим ичимде. Анан кызыгып уккум
келди.
— Көңүлүмө албайм, айта бериңиз?
— Жаман кишиден бир татым насвай өйдө» деген жазуу бар. — Ууртунан күлүп,
жылмайып койду.
— Кызык экен... Өзүңүз жаздыңыз беле?..
— Жок, муну Куйручук берген.
Куйручуктун белеги...
Кадыр аке ойлоно калып, сөзүн кайра улады. — Бул сөздү кишиге айта элек элем. Сага
оозумдан чыгып кетпедиби...
Мени бул сөз чындап кызыктырды. «Ушунча жашка чыгып, жан кишиге айтпаган,
кандай белек...»
— Бирөөнүн белегин сыймык менен айта жүргөн жакшы эмеспи... Болгондо да
Куйручук берсе,— дедим акырын.
— Айтылбай турган сыры бар. Эми сага айтсам болот. Корко турган жайым жок. —
Жумшак күлүп койду.
Ш. Эсенгулов. «Көч» аттуу китебинен.
Тиксон бешке чыктым. Сырды сактаганга жакшы эле бекем экемин.
_ Ушунчалык айтылбаган, балким күмүштөн уламго?
_«Билгичтигимди» көрсөтүп, айта салдым эле, Кадыр акенин кабагы бүркөлө түштү.
Мен өзүмдөн өзүм коронуп, жаңылганымды сездим.
— Капырай силерге дүнүйөнүн каары мынчалык өткөнүн дегеле түшүнбөйм. Бардык
нерсени алып келип эле дүнүйөмүлккө, акчага такайсыцар... Адамдын сөзү алтындан да
кымбат экенин билбейсиңерби? — деди төмөн караган калыбында.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 12
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов