Latin

Эй, бу Куйручук - 03

Общее количество слов 3987
Общее количество уникальных слов составляет 2062
31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
ирмемге ойго алаксый түшкөн Куйручук «жакшы барыңыз ата» деп кошбеш айтууну
ойлоп, ага умтула калганда аппак сакалы Мурдагыдан узарып, жайкала түшүп, карыя
заматта көздөн кайым болот. Кардагы из да жок, а чокой ошол эле ордунда калыптыр.
КУЙРУЧУК ЖИГИТ КЕЗИНДЕ
Токмоктогу күндөр. Куйручук балбан
Куйручук 16—17 жашка чыгып, кызматка толук жарап калган кезинде иштеп пул
табам деп атасына көрүнбөй чыгып Токмок шаарына келет. Ал жердеги бир байдын
дүкөнүнө кароолчулукка орношот. Мурда шаарды көрбөгөн эме ошол эле күнү эл
чогулган жерге келсе кишилер топтоп болуп чай ичип отурушат, Куйручук аларга жакын
барат.
— Келиң, отуруңуз, чай берейинби? — дейт сатуучу өзбек.
— Мейлиңиз,— деп отура калат. Самоорчу алдына чай, нан коёт.
Атаңдын көрү, менин кардым ач экенин айттырбай билген ушундай да мээрман,
адамкерчиликтүү адам болорбу деп берген чайын ичип алып басып кетип баратса, баягы
чай берген неме жакалап калат, «чаканы бербейсизби»,— деп.
— Чака үйдө эле, алып келип берейин, мени жакалаба!—десе тиги коё бербейт. Ал
жерден Куйручук качат,— сага бере турган чакам жок, өзүң чакырып чай бересиң да,
кайта чака "дейсиң, чака бош эмес, ичинде суу бар,— деген соң, тиги самоорчу:
— Мени маскара кылат, баччагар!—деп иреңи бузулуп кууп барып кармап алат. Экөө
чатакташып турса бир байбача ортолоруна түшө калып, эмне болгонун сураса
жогоркудай. Байбача жанынан ал үчүн он тыйын төлөп бошотуп алып, шаар көрбөгөн
бала экен, мындан ары кагылаар дейт да үйүнө алып барып акыга иштетет. Үч күндө
ташый турган көмүрдү бир күндө ташып түгөтүп байдын тамагын ичип, берген акчасын
чөнтөгүнө салат. Бай болсо баланы ичинен жактырып түпкүлүктүү малай кылып алуу
максаты менен шаардагы дүкөндөрүнө күзөтчү кылат. Айына эки сом элүү тыйын берүүгө
макулдашат. Ошол кезде шаардан бир ууру чыгат. Ал көпчүлүктү тажаткан ууру экен. Бир
күнү Куйручук аны атайы аңдып жүрүп бир казан палоону
Демделгей жеринен көтөрө качканда кармап алып байларга тапшырган соң, бул
эрдигин жактырышып, айлыгын жети сом кылып көбөйтүп беришет. Анткени бул ууруну
буга чейин эч кимиси кармай алышкан эмес. Ошондон кийин Куйручук күзөткө атчан
тура турган болот.
Мындан бир ай чамасы өткөн соң ууру дүкөндүн төбөсүн тешип жатканын көрүп
калып, аны аңдыйт. Баягы ууру дүкөндүн ичине кирип көлөшкө толтура акча тыгып,
тамдын үстүнө ыргытып жиберет. Ал өзү чыга электе Куйручук тамдын үстүнө
ыргытылган көлөштү акчасы менен алып, тезинен чаап жетип коңгуроо кагып элди
чогултат. Ууру дүкөндүн ичинде камалып турса да бирөө даап кол сала албай, акыры
Куйручук кирип, байлап чыгат. Куйручуктун айлыгы эми он беш сом болот.
Ошентип ар кыл күлкүлүү окуялары, берегидей эрдиктери жана карандай тыңдыгынын
аркасында элге алынып, кийимкечеси оңолуп, минерине аты болуп Токмок шаарында
дурус жашап турганында атасы Өмүрзак издеп таап, Жумгалга алып кетет. Эмгегине деп
берген жалгыз бээсин Көкүмбай манап чыгым үчүн деп келээри менен тартып алып коёт.
Ошондо да Чүйдөн таап келген биртике акчакаражатын жумшап аял алып, үй күтөт.
Барабара эр жетип, Куйручук билегинде күчү бар, эңишкенди эңген, ллышканды жеңген,
оозунда сөзү бар, келбети чыңаган темирдей, кара шириңки, муруту тик, бүркүт кабак, өзү
сүрдүү, орто бойлуу өткүр азамат болуп чоңоёт.
Бир күнү Куйручук Кочкордогу бир ашка барып калса балбан күрөшкө түшүүнү талап
кылат. Бет келгени атактуу чоң балбан болсо, анын бир кармоосунан чыкпай бат эле
жыгылып калат да өзүнүн «Балбак» деген ураанын чакырып чуркаган бойдон барып атты
минген боюнча элди тегерете чаап «мен жыгылдым, байгени жыгылган алат» деп элди
күлдүрүп, байгеге сайган атты ноктолоп алып: «мен кеңешип туруп жыгылгамын, жалган
десе балбаныңар Токтосун деген манаптын жанын алып берсин, болбосо мен
Кекүмбайдын жанын алып беремин»,— деп көшөрүп жатып мөөрөйдү алып алган экен.
Чүйдүн талаасында казак, кыргыздын чоң манаптарынын баары чогулуп, эки элдин
байыркы чабуулдары туурасында кеп козголуп, эрегише кетип балбан күрөштүрмөк
болушат. Казактын чоң балбанына эч Ким чыкпай Куйручук чыгат. Ал казактын
балбанына алы жетпесин билген соң бетинен аткып, чеңгелдеп, аялбуял кылбастан колу
тийген ар кайсы жерлерин тырмактап кан чыгарып, элди күлдүрүп отуруп жыгып кетет.
Ошондо казактын Ногойбай деген төрөсү үч күн мөөнөт менен Олоңжетпес деген
балбанын алдырат. Катуу ызаланган немелер күрөштүн мөөрөйүнө 1000 сом саят.
Болжонгон күндө Олоңжетпес келип казак, кыргыз тобунун дал ортосуна келип олтурса
дөбөдөй эле көрүнүп калат. Куйручуктун да айласы кетип эптеп эле жыгыштын амалын
издей баштайт.
Куйручук чыкканда эле жылаңаяк, жылаңачтанып буканы туурап күркүрөп, жер
чапчып келет. Балбандын жанына келгенде да ага жакын жолобой кыйгачтап, сыртын
салып букаларча күркүрөп туруп алат. Олоңжетпес жакындап кармашайын дегенде жер
чапчып кум аралаш топурактан чеңгелдей келип тигини көзгө болжоп уруп калганы. Ал
эки колу менен көздөрүн ушалап, түкүрүнүп туруп калганда Куйручук Олоңжетпести бар
күчү менен жаакка урат. Олоңжетпес артынан кууп калат, улам кылчактап топурак чачып,
буйтап барып жаакка дагы шак эттире чаап качат. Куйручук элди айланып, береги
кылыктарын көрсөтө берет. Элдин күлкүсү талааны жаңыртат. Олоңжетпес тигини кууп
же жетпей, элдин күлкүсүнө капталып күшүлдөпбышылдап өлөөрчө суй. жыгылат.
Акырында нарыбери буйтап туруп Куйручук аны дал төшкө сүзгөндө Олоңжетпес
жыгылып калат. Жыгылганда да куйрукка тээп башын аттап качат. Элдер күрөш эмес эле
тамаша көрүп жаткансып күлүп атып эстери ооп калышат. Ногойбай мөөрөйдү бербей
турган болгондо Куйручук «анда балбаныңды кайра алып чык» деп чарчап жылбай калган
Олоңжетпести кыстай берет. Аргасы түгөнгөн Ногойбай мөөрөйдү берип кутулат.
КӨБӨГӨНДҮН ТАКЫБАЛАРЫ
Кочкордо Көбөгөн деген манап болгон. Ал кезде кыргыз арасында жүргөн
өзүбектердин көбү элдеги насыяларын жыйнап, биринэки кылып элди алдап карызга
батыруучу б. а. байманаптар бир жактан эзсе, букара элди алар экинчи жагынан эзип,
азапка малыитып турушкан. Өзүбектер динди мыкты билген (эл ал убакта динге аябай
ишенишкен) кишилер өңдөнүп «төрөбөгөн аялды төрөтөбүз» дешип тумар жазып бере
салышып, ал аз келгенсип аялдарды алдашып жана башка көптөгөн айлаамалдары менен
адамдардан козу, кой, аркан, жип өңдөнгөн өзүлөрүнө керектүү оокаттардан алып
турушкан. Ушундай кесиптеги «Көбөгөндүн такыбаалары» дечү үч бай өзүбек Токмоктон
чыгып Көбөгөндүн элиндеги аласанасыяларын жыйноого келип калышат. Булар элдин
берген козу, коюн да жөн ала беришпей кулагын карыштап, жонун басып, жактырбай
кыйнап, өтө арзан баага түшүрүшүп бейбечараларды токсон алакеттен өткөрүшөт.
Бир күнү Куйручук Көбөгөндүкүнө барса Көбөгөндүн байбичеси айтат: «Ушул
соодагерлердики өттү, бир жагынан элдин берген малын жактырышпай кууланышса,
экинчи жагынан келиндерди алдашат. Дегеле ушулардыкыбы...— деп. Буларга бир сыр
көрсөтүүнү ойлойт да ал түнү Куйручук чогуу мейман болуп баягылар менен бирге конок
үйгө алардын баш жагына жатып алат. Түнү кадимкидей эле суук болуп калган кышка
чукул убак. Бир маалда бирөө аттарын чөпкө койгону эшикке чыгып кетет. Ордуна
Куйручук жатып алат да эшикке чыккан өзүбек кайта кирээрде ит болуп ыркырайт. Ал
киши үйгө кирип жылуу төшөгүнө жатууга эки көзү төрт болуп, бир нече жолу «Исмат
аке! Исмат аке!» деп секин чакырса да Исмат акеси кебелбей уктап жатат. Бир маалда
айласы кетип керегеден камчы алганда Куйручук орун которуп өз төшөгүнө барып жатат.
Ал адам камчысы менен ордуна жатып алган итти чабам деп, жанында жаткан байдын
бетин жара чаап салат. «Кокуй эле кокуй» деп уйкусунан чоочуп бай турат, эмне болуп
кеткенине такыр түшүнбөй карайлашып баары ойгонушат. Байдын бетинен каны
токтобойт көпкө чейин өзүбектер бири-бири менен урушушат, «сиз кылдыңыз, сиз
кылдыңыз» — дешип. «Мен сизди чапкан эмесмин, ушул жердеги ордума жатып алган
итти чаптым эле» деп анысы болбойт. Эми эмне кылабыз, баш да айрылды, ак шейшеп
салынган сыйлуу жууркан-төшөктөр да булганды, баарынан да эртең элдин бетин кантип
карайбыз, дешип, дурусураак акыл таба алышпай турушса Куйручук аларга айтат:
— Бир гана жолуңар калды, эч кимге билинбей кеткиле, болбосо, кыргыздар
шылдыңчыл эл болот, эртең эле силерди шылдыңдап чыгышат. Кайда барсаңар да журтка
күлкү болосуңар, кутулбас айыпка жыгыласынар!—Анын айтканын макул алышып,—
ушул ишти эч кимге жарыялай көрбөң,— деген үчөө түнү менен качып жоголушат. Эл
насыя төлөөдөн кутулуп өңүп калышат.
ӨЛГӨН СЕН ЭМЕС, ТИРҮҮ МАГА ОТУН ЖОК
Куйручук Байзак баатырга үзөңгүлөш жүрүп, эл аралаганга чейин, демек, боз улан
курагында атыккан ууру болуптур. Ал уурулугу менен өзүнүн кара жанын гана эмес,
бейбечараларды да кошо баккан. Жалаң байлардан уурдаган. Бирок, бир да бирөө аны
күнөөгө тартып, айыпка жыга албайт. Айлакерлиги, сөз билгендиги менен кутулуп кетчү
экен. Коркпой-үркпөй, ээн-эркин айыл ичинде жүрө берүүчү дешет.
...Көл кылаасындагы Чырпыкты деген жерде бир чоң бай той берүүгө камынат. Ал
учурда Куйручуктун ошол чөлкөмдө жүргөнүн көрүшөт. «Баягы суу жукпас жүрөт дейт.
Эки-үч күндө той башталат. Биз той берип топурап жатканда, тигил жылкыма кол салаары
бышык. Кой муну башкалардай эркелетип отурбай, ким көрдү кылып салайын» деген ойго
келет бай. Ары ойлонуп бери ойлонуп бир жигитти Куйручукту таап, чакырып келүүгө
жумшайт. Алар келгиче дагы бир жигитине тапшырма берет:
— Сен ары балбан, ары шерсиң. Бир кишиге алың жетет. Мага жанагы Куйручук деген
суу куйдуну жок кылып бер. Үстүңө үй көтөртүп, айдаганыңа мал берем. Экөөбүздөн
башка, муну эч бир жан билбесин. Жаныңа киши кошсом, эртедиркечтир билинип калат.
Жалгыз өзүң бүткер. Куйручук келгенде аны алаксытып турам. Ал келери менен шек
билгизбей айылдын четиндеги мүрзөгө барып, эски күмбөздөрдүн бирине жашынып жата
бер. Мүрзөлөрдүн берээк жагында той камылгасына үйдүрүп койгон отун бар. Отунду ары
ташып, мүрзөгө жакын жыйып салгын. Куйручукту ошол отунга жумшайм. Аттан оодара
тартып, башка чаап, колу-бутун таңып, оозуна чүпүрөк тыгып, үстү ачык көрдүн бирине
ыргытып салгын. Калганын өзүң билесиң — дейт.
Дүнүйөгө кызыккан эр көкүрөк жигит байдын айтканына макул болот. Көп өтпөй
Куйручук да келип калат. «Кел баатыр, биздин айылга келчү эмес элең» деп бай аны аттан
түшүрүп үйүнө киргизет. Астына дасторкон жайдырып, кымыз сунат. Кепке тартып, бир
кыйла убакытка алаксытат. Андан соң «Жыйырма жылкы, отуз кой союлат тойго. Отун
деген неме опсуз керек. Мага кол кабыш кылып бер бүгүн. Кайра келип коногум бол.
Тойдун астынан . ооз тийгизейин» деп Куйручукту баягы отунга жумшайт. «Бу сасыган
бай мага кандай эле жалпаңдап калды?» — деген суроого өзүнчө жооп издеп, Кукең баягы
отунду апкелгени жөнөйт. Кыраакы эмеспи. Шектенип калат. Ээрдин астына катып
жүргөн жоон саптуу, сабынын башында коргошун уютулган камчысын алып, жеңинин
ичинен кармап, калың мүрзөнүн жанында аттан түшпөй арыбери бастырып турат. Ангыча
баягы эргул арбак кейиптенип, мүрзөдөн чуркап чыгып, Куйручуктун атын суулуктан
кармайт. Бетиб-ашын көөлөп, тытылган эски кийим кийип алган болот.
— Сен кимсиң? Быякка эмне келдиң? дейт.
— Мен кишимин. Мобу отунду алганы келдим — дейт Куйручук.
— А мен арбакмын. Отунду мен аламын — дейт ал, Куйручукту оодара тартмакчы
болуп, бутунан толгоп. «Атаңдын оозуга-урайын! Өлгөн сен эмес, тирүү мага отун жок»
деп, «арбакты» чокудан ары камчынын сырты менен басып калат. Сендиректеп калганда,
күүлөнүп барып экинчи жолу шилтейт. Тигил башынан кан жая берип, көмкөрөсүнен
жыгылат. Аттан ыргып түшүп, Эки-үч жолу өзөртө тебет. Биротоло өлбөгүдөй кылып,
эсин оодарып, атынын чылбырын чечип, колубутун бекем, чиелеништире байлап,
мүрзөнүн арасына сүйрөп салат.
...Отунду артынып, байдын үйүнө келет. Куйручукту көрүп, байдын тынчы кетет.
«Тигини бир балээ кылып келген экен» деп ойлойт.
— Мүрзө жактан сага кишикара жолуккан жокпу? — деп сурайт, билмексен болуп.
— Жолукту. Арбакмын деп, отунду талашат. Өлгөн сен эмес, тирүү мен отун таппай
жүрөм, биякта бай той берген жатат деп чокуга чаап, келген жагына кууп ийдим. Эмгиче,
арызданып олтургандыр тыяктагыларга — дептир Кукең байды огобетер чоочутуп.
Айласы түгөнгөн бай акыры Куйручукка чынын айтат. Кечирим сурап, жалыныпжалбарат. «Элге айтып, мени шерменде кыла көрбө?! Эр жигиттин ичине ээр-токумдуу ат
батыптыр. Ичиңде болсун!»— дейт. Тойго соймокчу болгон бир бээсин берет.
— Ой тиги «арбагыңарды» алып алгыла, биротоло арбак болуп калбасын? — деп,
Куйручук бээни жетелеп, атын камчыланып жолго түшөт.
КАЛЫЙ БАЙДЫ КОРКУТКАНЫ
Куйручуктун анда жаш кези. Көкүмбай манаптын атасы Чыныбий Токмоктогу Калый
деген байга көп береселүү болуп калат. Убагында төлөй албай айласы кетет. Бир күнү
Калый бай атайы аттанып келип: «карызыңды бүт бергиниң, болбосо шорук кылам» —
деп жатып алат.
— Чыныбийдин наамынан баарыбыз тең эле алганбыз. Баарылап төлөйлү,— дешип
Курманкожонун мыктылары жылкы чогулта баштайт.
Карыздоону өндүрүп, Калый бай кайра кетүүгө кам урат. Малга кароо эме
жылкылардын ичинен бир жоргону тандатып жетекке алып, өз атын минип жолго чыгат.
Жылкыларын жигиттеринен айдатып жиберип, алардын артынан өзү женейт. Муну
байкаган Куйручук утурлап алдыга кетет.
Жол калың мүрзөнү аралап өтөт. Алды саз. Ал саз жээгине атын тушап, кийимин бүт
чечип, саздын кара баткагына оонап, үстү ачык мүрзөгө жашынып калат.
Жайдын күнү кымызга тойгон Калый ат үстүндө үргүлөп келет. Айланага серп салып,
тушуна келгенде Кукең чуркап чыгып, жетектеги жоргонун жүгөнүн шыпырып жиберип
аны өзүнүн мойнуна илип коёт. Бир аз барган соң, артка чалкалап тартынып,
кетенчиктейт.
Калый «чү» деп артын карайт. Кудай бетин көргөзбө! Жетелеп келатканы баягы жорго
эмес эле, көрдөн чыга калган жалаңкыч! Эси ооп, аттан кулайт...
Куйручук сууга барып жуунуп, кийимин кийип, атына минип кайра келет. Тиги дале
эси ооп, кыңкыстап жатат. Байды атына өңөрүп, Чыныбийдин үйүнө апкелет.
— О кокуй, буга эмине болду? — деп сурашат.
— Жогортон келатсам, мүрзөнүн арасында жатыптыр. Бечаранын араң эле жаны бар...
Калый көптө барып араң эсине келет. — Мага көрүнчү көрүндү. Жетелеген жылкым,
тири укмуш! Кантип келип калдым? —деп аялуу таңыркайт.
— Мүрзөнүн арасында жатыптырсың. Куйручук келатып, көрүп калып апкелди. Көрүп
калганы ырас болуптур! Болбосо...— дешет үйдөгүлөр ага.
Катуу коркуп калган бай түндөсү уктай албай, улам чоочуп, кыйналып чыгат.
— Малы менен да жерге кирсинчи! Өлсөм да үйүмө барып өлөйүн! Мен эми
кетейин,— дейт эртең менен Чыныбийге.
— Жаныңызга бир киши кошолу, малды жигиттериң айдап кете берсин. Бий да дагы
андан кооптонот.
— Айланайын бий! Жанымды Куйручук алып калыптыр. Ошону эле кошуп бер,— деп
өтүнөт бай.
...Куйручук Калый байды коштоп, анын үйүнө келет. Сыйын көрөт.
АЙТЫЛЫП КАЛЧУ ИШ БОЛДУ
Куйручуктун жаңыдан гана Куйручук аталып, Байзак ажы аны ээрчитип эл аралатып
жүргөн кези экен. Демек, кадырбаркы, калыстыгы, уңгулуу сөзү узун элдин учуна, кыска
элдин кыйырына жете элек убак.
Жайдын толугунда Соң-Кел жайлоосунда Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа, Нарын
тараптагы байманаптардын жыйыны өткөрүлүп калат. Куйручук да Байзак ажы менен
кошо келет. Чоң жыйын башталгыча ар кай жерде өзүнчө майда «кеңешмелер» өтүп
жаткан болот. Куйручук мындайыраактагы калың топко кошулуп, өзү тааныгандары
менен сүйлөшүп отурган эле... Кукең жөн турчубу, жанындагыларга күбүршыбыр сөз айта
салса, он чакты адам дуу күлүп калат. Баятадан элдин ортосуна чыгып сүйлөп жаткан
манаптын уулу «мага күлүп жатышабы» деген ойдо Куйручукка: — «Жөн отурбайсыңбы,
камчы менен чоку талаштыра бир салчу жигит экенсиң» дейт. Куйручук ага атырылып: —
«Жөн отурган кишиге асылбагандай кылып, чоку талаштыра чаап акылына келтирүүчү
баш сенде экен» — деп жооп кайтарат.
Анда жигит:
— Томаягым, жазыксыз кишини башка чапкандын айыбы ээр-токумдуу ат, билесиңби?
— Билем. Чап мени башка! Күрөң жорго меники, чаба албайсыңбы, тос башыңды, мен
чабамын! Кер кашка сеники!—деп Куйручук ордунан атып турду.
Манаптын уулу мени кантип чаба алсын деген кыязда «кана мени чапчы» деди эле,
Куйручук камчысын бүктөй кармап, аны баштан ары тартып жиберди. Суусар тебетей
жерге ыргып түштү.
— Тигине кер кашка ээр токуму менен сеники — деп Куйручук Байзак ажынын
жанына келип олтурду. Баласынын чокудан ары бирди жегенине ызаланган манап
ажынын жанына келди.
— Ажы жөн турган баланы бул балаңыз чокудан ары бир салды. Чатак чыкса бизден
көрбөңүз?!
— Анан кимден көрөбүз? Эки бала чокуга чапмай ойноп, кунун өздөрү бычканын бүт
эл көрүп олтурбайбы — деди Байзак.
Тиги манап бир чети сөз жүйөөсүнө багынып, бир чети Байзактын зоболосунан
жалтанып, аргасыз унчукпай басып кетти. Чоң жыйын да аяктады.
«Эл аттанганда Куйручугум жөө калбаш» — деп Байзак ажы Куйручукка бир
жигитинин атын алып берди. Ал аттын кандай экенин, өңү-түсүн толук баамдабай,
шашкан тейден Куйручук эл менен кошо конокко кирип кетти.
Эл үлүштүн* коногун жеп эшикке чыкканда, Байзак ажы менен кетүүнү ойлогон
Куйручук эми жанагы атын тааныбай калды. «Куйручугумду ызалап коюшпасын» деп
*
Үлүшжыйындарда, топтордо берүлүүчү тамак.
өзүн Байзак ажы күтүп калганын билип, аябай шашып калды. Кермеде элүүдөн ашуун ат
байлануу эле. Айласы кетти. Аңгыча кудай жалгап бир боз үйдөн өзү жакшы тааныган
мергенчи мылтыгын асынып чыга калбаспы. Анын мылтыгын алып, милтесине өзү от
коюп, ошол жерде топурап тургандарга «атыңарды алгыла, мен өзүмдүн атымды атамын!»
— деп кыйкырды.
— Манаптын баласын башка чапкан эме, атса атып салат — дешип, бардыгы аттарын
шашып-бушуп чече качышты. Кермеде жалгыз гана ат калды. «Мылтыктын сүрү кыйын
да, атымды эми тааныбадымбы» — деп күлүп, мергенчиге ыракматын айтып, мылтыгын
кайра берди.
— Ээ, Куйручугум, сага чогоолдук да, балалык да жарашпайт. Бирок, бүгүнкү эки
окуяң тең айтылып калуучу иш болду — деди ага Байзак ажы жолдо келатып.
КАСЫМАЛЫ БИЙДИ ЧОКУГА ЧАПКАНЫ
Кочкордо Касымалы деген бий болот. Аксым, көпкүлө киши экен. Өткөн-кеткенди,
айылына келгендерди чакырып алып «он сом берейин, башка бир чаптыр» деп кыйнай
бермей адат табат. Анын бул обу жок тамашасы элге жакпайт.
Бир күнү үйүнүн жанындагы көк майсаңда он чакты адам менен кымыз ичип отурса,
жолдон жолоочулап барган Куйручук өтүп калат. «Эй бери келе кет» дейт Касымалы аны
колун булгалап чакырып. Куйручук атынын башын бурат.
— Мени билесиңби? — дейт Касымалы.
— Билбей анан, башка чапкыч Касымалы эмессиңби. Башы шишип алигиче айыкпай
жүргөндөрдү да билем — деп жооп берет Куйручук.
— Анда мындай, он сом берейин, башыңды тос! — дептир Куйручукка.
— Ой Касыке, мен жыйырма сом берейин, сен башыңды тосуп көрчү? — дейт
Куйручук ага.
Эч кимден мындай сөз укпаган бий «мени кантип чаба алмак эле» деген ойдо,—
жыйырма сомуң болсо, кана чаап көрчү?.. деп тебетейин алып, башын тосот. Куйручук
камчысын бүктөй кармап, тигини чокудан ары тартып алат. Касымалы башын мыкчып,
сыңар тизелеп отуруп калат. —Мээң ордуна келгей эле, алгы башыңдын акысын — деп,
алдына жыйырма сомду ыргытып, Кукең жөнөп кетет.
Куйручук жаңыдан Байзак ажыга кошулуп, жигити катары кызмат кылып жүргөн
убагы экен. Башы жарылып, ыза болгон бий эртеси бешалты кишини Жумгалдын КараОйундагы Байзак ажыга жиберет. Алар Касымалы бийдин айтуусу боюнча Байзакка
даттанышат.
— Жигитиңиз жосунда жок жорук кылып бийди төбөгө чаап отурат. Аныңыз жазасын
алып, айыбын тартмайын бий эшикке чыгып, элдин жүзүн кантип карайт? Сөзгө сөлтүк,
кепке кемтик болбойбу... Мартабалуу адамга кол көтөргөн жигитиңиздин күнөөсү чоң
болуп калды го... Кандай дейсиз ажы? — дешип маселени кабыргасынан коюшат.
— Көрүп тургандар бар беле? — дейт Байзак аларга.
— Бар. Ушул келген алты кишинин үчөө көрүп турган чапканын — деп үч кишини
көрсөтүшөт.
«Эмесе, ушу турган баарыбыз калыс бололу. Жалганды сүйлөбөйлү. Кудай угуп турат.
Күнөөсү болсо, Куйручукту айыпка жыгабыз» — деп Байзак ажы Куйручукту чакыртат.
Ал болгонун болгондой айтып берет. —Ушундай беле? — деп алиги үчөөнөн сурайт
Байзак. Алар чындыктан кача алышпай, аргасыз баш ийкешет.
— Анда, Касымалы башын жыйырма сомго баалап, Куйручукка саткан турбайбы.
Уялып тим болуп калбай, кайра элчи жиберип дооматын арткан күнөө өзүндө эмеспи.
Айта баргыла, камчы менен башка чапкан кандай экенин билип жүрсүн! Тентектигин
койсун?! — деп Байзак ажы Кочкордон келгендерди кетирип жиберет.
...Ушул окуядан кийин тамашакөй бий мындай тамашасын таштаптыр.
ТУРУСБЕК МАНАПТЫ САБАГАНЫ
Куйручуктун алыскы элге тааныла элек жигит убагы. Күндөрдүн биринде жолоочулап
баратып, Чектеги Мырзабек манаптын үйүнө кайрылып калат. Кадырман болуш болсо
дагы Мырзабек жолоочуну өзү аттан түшүрүп, жарык кабагы, жакшы саламы менен тосот.
Алты канат ак үйдө экөө кымыз ичип отурганда Мырзабек сөз арасында өтүнүп калат:
— Куйручук эр элең, тиги үйүң күйгүр Турусбекти менин алдымда ыза кылып, шагың
сындырып уруп бербейсиңби? — Ушунуку мага өтүп жүрөт,— дейт. Ошол убакта
Турусбек эл арасьш бөлүпжарып, чагым салып, Биялы, Түркмөн манаптар менен биригип,
анын болуштугуна залака тийгизип, жер-суу талашып тургандыктан эки манаптын аябай
басташып, катуу нааразылашкан кездери экен.
— А уруп берсем, эмине бересиң? — дептир дароо Кукең.
— Айтканыңды беремин,— дейт манап дагы чечкиндүү сүйлөп. —Анда, Асанбектин
кара кашка аргымагын алып берсең, уруп берем Турусбекти! — деп Куйручук да шар
кетет. Буга Мырзабек макул болот.
— Эмесе, Турусбекти ушу бүгүн эле конокко чакыргын. Бирок, биздин үстүбүзгө
жигиттерин киргиздирбе...— деп Кукең айлаамалын ошол замат эле ичинен болжоп коёт.
Экөө кеңешип алышат.
Жоолашкандардын да чакырган конокко келмейи бар. Салтты бузмагы жок. Турусбек
эки жигити менен аттан түшөт. Жандаган жигиттерди башка үйгө киргизишет. Конок үйгө
Турусбек, Куйручук жана Мырзабектин Сарт-Молдосу жайгашат. Алар адегенде чай
ичип, андан соң бал чайкаган кымыз ичип олтурушат. Сарт-Молдо шарияттан кеп салат.
Турусбек Куйручукту тааныса дагы манаптыгына салып, аны атайы таанымаксан болот.
Тоотпогон түр көргөзүп, манчыркап огобетер куудулдун кучунашына тиет.
Бир маалда колго суу куюлуп, тасмал жайылып, тайдын эти тартылат. Ушул учурда
Мырзабек жүйөө таап, эт тарткан жигитти жумшаган болуп үйдөн чыгып кетет. Турусбек
манап эмеспи, Куйручук этти устукандап, туурап берет деген ойдо олтурган болот.
Табакка өзү кол салмак кайда... Муну Кукең жакшы билет. Ал келалга келбей эле,
тигилерден озунуп, бир улуу устуканды алып, шашпай, чүйгүндөтө кесип жеп олтура
бериптир. Молдо манапты, молдону манап карайт. Таңгалышат. Куйручук унчукпайт. Ого
бетер алардын напсисин ачып, жиндерине тийип, казыкартадан оозуна салып, картылдата
чайнап, шорпону шоркурата ууртайт.
Турусбектин аябай чыдамы кетет: «Ой, этти устукандабайсыңбы?» — дейт акырая
карап. А Кукең болсо, камырабай «көзүң жокпу? Эмине, колуң жокпу? Алып жей
бербейсиңби, табактан!» деген сөздү айтып, ууртунан жылмаят. Ошондо «сен кайдагы
акмаксың ыя!» — деп ачуусу келип, опурулат. «Алдында турган тамакты жөн жебеген
акмак сенсиң да» — деп шылтоо таппай турган Куйручук манапты басып жыгылат. СартМолдо «өлтүрдү» эле, «өлтүрдү!» — деп кыйкырат. Мырзабек жигиттери менен кирип
келсе, Кукең Турусбекти жыгып, башын керегеге такап муунтуп алган экен. Экөөнү
ажыратышат.
— Уяттуу конокторго эт туурап бербей, кайда жүрөсүңөр ыя? — дейт Мырзабек
жигиттерин жемелемиш этип. Ошондо да Кукең:
— Мырзабек! Кайдагы бир акмагың менен табакташ кыласың мени! — деп камчысын
алып жер сабайт. Ал эми Турусбек иштин жайын түшүнгөн окшойт, үндөбөй отуруп,
аттанып кетет. Куйручук убада боюнча кара кашка аргымакты токутуп минип, өзүнүн
атын жетекке алып, жолго салат.
Кийин кайсы бир тойдо Куйручук Турусбекке жолугуп калат.
— Ай Куке... баягыда Мырзабектин тилине кирип, мага колуң тийди ээ, каапыр!—дейт
Турусбек таарынычын айтып.
— Туке, сен да бир аргымак берсең, эми Мырзабект сага уруп берейин!—деп тамашага
чалып, Кукеси кутулуп кетет.
СООДАГЕР САРТТЫ КОРКУТКАНЫ
Черикчи деген байдын соодагер сарт досу болуптур. Ал жылына үч жолу унаасына
мата бөз жүктөп, Жалал-Абаддан Жумгалга каттап туруучу экен. Келген сайын Черикчи
экөө сүйлөшүп алып, апкелген кездеме, чүпүрөктөрүн улам кымбаттатып элди алдоону
өнөкөткө айлантат. «Зарылдын пулу күйөт» дегендей, кыйналыпкысталса да эл бечара
малга айырбаштап турат. Элден чогулган малды Черикчи экөө түштүккө айдатып, базарга
сатып улам олжого туйтунушат.
...Күндөрдүн биринде Куйручук Жумгалдын ылдый жагынан өйдөкү айылдарга бара
жатса, кыяда кетип бараткан чоочун атчанды көрөт. Эки атка сылай жүк жүктөп, жетекке
алып жайбаракат. Аттардын артынан жүк жүктелген качыр ээрчип алыптыр.
Чиркештирип байлаган жиби жок болсо дагы үйрөтүп койгонсуп аттардын соңунда. Акыл
калчап көрүп, чоочун атчан кадимки соодагер сарт экенин Куйручук жаземдебей билет.
«Атаңгөрү көпөс, ушул тоюнбай койду. Буга бир кызыкты кылайын. Баягы Калый байдын
жүрөгүн түшүргөн усулумду колдонойун» деп кыска жолго салып, атынын жүрүшүн
ылдамдатып, тигинден алдыга озуп кетет. Жапсарга атын тушап коюп, Баш Куугандынын
көрүстөнүнө жетпейрээк ченден сарттын келишин күтөт. Кийимин дырдай чечип, ылайга
оонап, бетибашына шыбанып, тебетейин тетирисинен кийип жашынып турат. Бир маалда
илкипсалкыган сарт да келет. Кукең шырп алдырбай басып барып, алдыңкы жетектеги
аттын жүгөнүн шыпырып, өзүнүн мойнуна илип коёт. Калың мүрзөнүн тушуна келгенде
чылбырды саал артка чирене тартып, мышыкча мыёлоп жиберет. Сарт артын жалт карап
алып, «ааа» деген боюнча кылчайбай качып женейт. Аты көлшал болуп, эптеп Черикчи
байдын үйүнө жетип, ээрден ооп түшөт.
Куйручук сарттын унааларын өз айылына алып барып жүктөрдү түшүрүп, бир айыл
элди бүт чакырып, үй башына калыстык менен бөлүштүрүп берет. Кечинде жанына
жардамдашаар бала кошуп, сарттын аттары менен качырын Черикчи байдыкына
жеткирет.
— Түгөл-Суунун аркы өйүзүндө оттоп жүрүшүптүр. Баамдасам чоочун мал. Анын
үстүнө качыр бизде кайдан болсун. Сураштырып көрсөм, сарт досуңдун өткөнү көргөндөр
бар экен. Алып келдим — дейт.
— Айланайын Куке? Малы менен да, матасы менен да жерге кирсин? Андан көрө бу
шордуу өлүп калып, балээсине мен калам го?—деп Черикчи бай чебеленет. — Эки күндөн
кийин тилге келет. Бир аз киши болот. Көзүнүн тирүүсүндө элине жеткир, өлсө да өз
үйүндө өлсүн! — дейт дагы Куйручук аттанып кетет.
ШАБДАН МЕНЕН МАКУЛДАШУУ
Байманаптардын өкүмү сүргөн убак. Курманкожону Көкүмбай менен Курман,
Кулжыгачты Байзак, Чойбек, Мырзабек, Суусамыр элин Түркмөн, Сары-Камыш,
Чаткалдан беркини Райымбек билчү. Булардын ичинен айрыкча, Байзак дубанга маалым
айлакер, акылман, сөзү эки болбогон элдик киши экен. Учурунда кыргыздын ханы
зсептелген Шабдан да сыйлап, айтканын эки кылчу эмес дешет. Жыл санаты белгисиз,
кайсы бир жылдары Чүй боорунда чоң жыйын болуп, ага Байзак чакырылат. Жөнөөр
алдында. Куйручук жетип барыптыр.
— Ажы-Ата! Сиз менен кошо барып келсемби? Суранып келдим,— дейт. Байзак бир аз
ойлонуп туруп:
— Куйручугум, азыр кунансың, убагында өзүм деле алпарам,— дейт. Анда Куйручук:
— Кунандан күлүк чыкпайбы...— дегенде,— болуптур тентегим, кошул,— деп кошо
ээрчитип жөнөптүр.
Бел ашып, суу кечип жүрүп отурушуп Чүй өрөөнүнө түшүшөт. Болжогон жерге
келишсе, эл кара таандай. Байзакты гана күтүп калышса керек. Байзак топтолушкан элге
барбай мындай бура тартып көрүнө бир дөбөчөгө барып токтойт. Аттарынан түшүп
жаңыдан жайланыша баштаганда Шабдан жигиттери менен келип Байзакка учурашып
калат.
Куйручук элдин эң акырында Шабданга колун берип, колун колунан чыгарбай,
«таксырым сизден бир нерсе сурагым келди, бересизби?» дейт.
Менин кунанчыкма ушул деп күлүмсүрөйт Байзак Шабданга. Куйручук ого бетер
батылдана түшөт.
— Берсе берейин, айтып көр — дейт Шабдан.
— Берсеңиз ушул, эртең топто кулагыңызга үч жолу шыбырайм, ошого макул
болуңуз,— дейт. Шабдан болуптур дегендей баш ийкептир.
Эртеси топ ачылат. Куйручук бир жигиттин жоргосун көрүп, аны жактырып ээсинен
сурап алат. Жорго колго тийген соң кайран Кукең тизгинди жыя кармап, үзөнгүнү чирене
тээп, кыйгачтай жөнөйт.
Андан соң камчысын булгалап:
— Элжурт, сөзүңөрдү токтоткула, тартип сактагыла, жыйын эми баштала турган
болду,— деп өзүнчө эле жар салып жүрүп олтурат да жоргону топураңдата Шабданга
жетип келет.
— Таксырым, кечөөңкү сөз оюңдадыр, — деп кулагына эңкейимиш болот деле кайра
тартат.
Арыбери удургутуп эл көзүнө көрүнүп коёт да Шабданга дагы келет. Кулагына
эңкейип дагы эч нерсе айтпай кайра жөнөйт. Аны эч ким топко жарчы кылып дайындаган
эмес. Максаты — Шабдандын жакын, ишенимдүү адамы катары элге көрүнүп, өзүн
жамыжуртка таанытып коюу эле.
Обочодо Куйручуктун бул кыймыларакетин курсактуу, чедирейген, башына суусар
бөрк кийген өңү сары, мурутчан бир адам байкоос алып турган экен.
— Ай жигит токточу — дегенде Куйручук токтой калат.
— Кайсы элденсиң?»
— Саяк болом.
— Ысымың ким?
— Кудайберди, Куйручук.
— Эки атыңдын кимисине ишенебиз?..
— Кудайбердиге...
— Аа чындыгында, кудай берген жигит көрүнөсүң, бу Шабданга кандайча
жакындыгың бар?
— Жакындыгым деле жок, ушу топту сен бийлейсиң деген. Муну уккан соң чоң курсак
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 04
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов