Latin

Эй, бу Куйручук - 08

Общее количество слов 3960
Общее количество уникальных слов составляет 2129
30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Жыгылып да байге алгамын!» — деп Кукем өзү күлүп калчу дешет. — Бу баянды
Куйручуктун уулу Мукаттан уккамын,— деди Бейменжан аке.
***
Кең Чүйдүн тынайында көп эл-журт чакырылган той өтөт, ырасмыга ылайык элдик
оюн-тамаша башталат. Ошондо Жаманкул ырчы жар салып, балбан курөш болорун
баяндайт. Ар жерде топтоп болуп балбан тандагандар, кажыкужу түшүп, балбан кийчү
жаргак шым камдагандар. Көп узабай калың элдин уу-дуусу басыла түшөт. Ортого
күнтуудан келген Ак балбанды алып чыгышат. (Илгери далысы жер жыттабаган, айтылуу
балбандар ак балбан атыккан). Анын аты, атагы да көпчүлүккө дайын экен. Эч ким
даабайт. «Түшөмүн» деп бая баатырсынгандар, эрдемсип ээликкендер, жээликкендер
чоочулап дымыйт, четтей беришет.
Куйручук да балбан тандашып жүргөн болот. Аңгыча, бир жигит арыбери жетелеп
турган ак боз атка көзү түшөт. Аргымак сыны бар, асыл мал экен. Күмүш чегерилген ээр
токумдуу, үстүнө килемче жабылыптыр, көкүлүнө үкүсү тагылыптыр. Сураса,
«балбандын байгесине берилет» дейт жетелеп турган жигит. Ак бозго кызыккан Кукең
дароо — мен түшөмүн,— деп тартынбай, кийимин чечпейэтпей туруп балбанды беттеп
жөнөйт. Кыйлага дейре алышып, буттан торой чалышып, бир маалда Куйручук жыгылып
калат. Мынакей, кызыгы! Жыгылган балбан бозала болуп, ыза жутуп элге эптеп басып
келчү эмеспи. А Кукең антпейт. Тура калып, тиги бадбандан мурда элди карай
аттапбуттап артын карабай чуркап жөнөптүр. Карап тургандар анын мунусун түшүнбөй
элейип аңтаң... Куйручук түз эле баягы ак боз атка жетип, үзөңгү теппей секирип минет да
элди аралата чабат. Биртыякка, бир биякка удургутат: «Ак балбандан коркпогон мен
балбан эмей ким балбан?» — деп, бирде жоргосун салдырып, кээде таскактата калып,
аттан түшпөй коёт. Эл кыраан каткы, күлбөгөн киши жок. Ошондо Шабдан баатыр аш
ээсин чакырып:
— Ак бозду Куйручук алсын! Балбандын байгесине башка ат берели! — деген экен.
АНЖЫЯНГА САПАР
1. «Өтүгүңүздүн үнү түрдүүчө чыгат...»
Куйручук Кул деген жакын тууганын ээрчитип Анжыянга бармакчы болот. ТуураКабак ылдый, Сары-Камыш, Толук аркылуу жолго чыгат. Туура-Кабактагы Чөкө
манаптын айылына күн бата жете келишет. Арыбери өткөндө Чөкөгө кайрылмайын кетчү
эмее экен. Анткени Чөкө абыдан адамкерчиликтүү, нарк тутунган, сый билги адам болот.
...Эт бышкыча «Куйручук келди» деп чогулган элдин суроосу боюнча «башканы коюп
Манасты айт» дегендей, Манастан куюлуштуруп кеп салып отурат. Сөз улам кызуулап,
бардыгы мемиреп сөз тыңшайт. Бир маалда Чөкөнүн эки ата өтүшкөн тууганы Оркул
керегеге башын сүйөп уктап кеткен экен, кайдан билсин, «быйт» эттирип коё берет.
Отургандар конокторго сыр бербей укмаксан болушат. Чөкө Куйручуктан уялып
ыңгайсыз; боло түшүп, кырым өтүгүн ушалап, кычыратымыш болуп калат.
— Чөкө аксакал, бу өтүгүңүздүн үнү түрдүүчө чыгат экен... Мурунку үнү мындан
башкача беле? — деп Кукең азил таштайт. Эл дуу күлөт. Уктап кеткен Оркул чоочуп
ойгонуп, эки-жагын каранып, эмне болуп кетти дегенсип, Чөкөнү тиктейт. Ал бетинен
түгү чыгып, сыртка чыгып кет дегендей ишарат кылат. Оркул акырык жылып, үйдөн
чыгып кетет. «Ушул тууганың улуу сөз сүйлөнүп жатса, укканга кудурети жетпей уктап
калды, уят дагы болду. Мунун өзү да, укум-тукуму да жарыбай өтөт. Кеп билбес, аяк
бошотоор, адам түрүндөгүлөр гана чыгат мындан» — дептир Куйручук.
Эртеси Чөкө — куттуу үйдөн кур кетпейт эмеспи, бир ат минип кеткин!—деп, бир ат
тарттырат астына.— Рахмат, Чөкө аксакал. Эми, атка ат алмаш. Кулдун атын самаган
жерге жетер эмес. Жылкыңдын ичинде кула жорго бар. Ошону бер. Анча деле чоң жорго
эмес. Бирок, жүрөмал, алыска моюнбайт — дейт Куйручук сөбол салып. Куланы Чөкө өзү
да билбептир. Өйдө-төмөн көчкөндө гана жылкычылар кармап келип, жүгөн катып, оор
жүк жүктөшчү экен.
— Мен апкеле коёюн...— деп баягы Оркул чаап кетет. «Кула жоргону» жетекке алып
кайра жетип келег энтеңдеп. — Чөкө баатыр? Мен айткан кула бул эмес» башка кула... Ат
алмашканга эмне аядың? Түндөгү өтүк үшалаткан тууганың ушулбу? Бул өзү дагы
жарыбайт, элди да жарытпайт, аай,— деп, саал кейий түшөт. Угуп турган жылкычылар
таңгалышат.
— Капырай, бу конок, даана олуя окшойт. Берки куяаны кайдан билет? Өзү кишинин
көзү түшөөр деле мал эмес. Көп жылкынын эле бири... Анүстүнө Куйручуктар СарыЖайык менен келишти. Тиги Кыргоодогу жылкыларды көрүшпөсө... Кайдан билди? —
дешип өздөрүнчө күбүршыбыр.
Жылкыга дагы бир башка жигит кайра чаап барып, <баягы куланы алып келет. Кула
жоргону Кулга мингизип, «кудай жол бер?!» — деп Анжыян көздөй жол тартышат.
2. Анжыяндын базарында
Экөө узак жол жүрүп, ат тердетип Анжыянга да келишет. Анжыяндын базарында эл
жыкжыйма. Жөөлөапүп араң басышат. Мындай көп элди, жайма базардаты түрдүү өлүү
буюмдарды Кулдун биринчи көрүшү эле. Улам бирин кармалап, көпкө буйдалып, ансайын
кызыгат. Көзүнө баары эле сонун көрүнөт. Атасы Жасоол уста киши болгондуктан бир
мети, тегирмендин ташын чеккенге бир чоң балка алат. Андан соң баягы кула жоргону
сатышып, кийимкече, бөз, мата алышат. Бирок, Кул жөө калды. Кукең болбой саттырып
ийди. Ошондуктан Кулдун жүрөгү дүпөйүл.
Эми алар жержемиш базарын аралашты. Кул андасанда өрүк, мейизди жеп көргөнү
бар. Ал эми анделекти жемек тургай көргөн эмес болучу. Сонуркап бир анделек алып,
кандай жээрди билбей Куйручукту карайт. — Ээ, тууганым муну анделек деп коёт, муну
минтип соёт — деп Куйручук чайчыныдай немени үстөлдүн устүнө коюп, макиси менен
экиге бөлүп, жей башташат.— Мындан бирди жесе эле тоёт дечү эле, жыйырманы жесе да
киши тойбой турган эме го... деп Кукең кобурайт, оозу жөн турбай. Аны угуп калган
соодагер: — Ээ ака, кел мелдешебиз. Жыйырманы жеп кетсеңиз аткез, жебей калсаңыз
пулун төлөң,— деп ач кенедей жабышат. Экөө мелдеше кетет.
Куйручук анделектерди четинен алып жей баштайт. Кул узунунан тилип, сунуп турат.
Он бешти жеп бешөө калганда тигини сынамакка «эми болгону бешөө калды, укам
жесин» десе, соодагер болбойт: — Аа, койуң! Энди бирди жесең кусасың... Мелдеш деген
мелдеш. Бүт жеңт не катынсыңбы?
«Аа болуптур» деп баарын тең жеп бүтүп: — Келе дагы бешти? — дейт Куйручук. —
Оо, өлгүр! Бу анделек эмес, мени да кошо жейт го! Энди катыныма кантип барамын? —
деп соодагерди кара тер басат.
Андан арылап, мал базарга барышса, он үчон төрт жашар чамасындагы бала кара
жорго минип, өйдөтөмөн удургутуп жүрөт. Элдин баары ошого карайт. Ээси курсагы
салаңдаган, чүйлүсү буканыкындай буржуйган жоон өзүбек экен. Үч жарым миңге сурап
турат. Куйручук анын жанына барып үчкө бергин дейт.
— Мал базар көрбөгөн аркалык, жаман малды базарга алып келчү адам эмесмин! —
деп өзүбек көтөрүлө сүйлөп, ыңгыранат.
Куйручук Кулга ишаарат жасап, көзүн ымдап коёт. Кул дароо түшүнөт. — Ээ ака,
мейли кара атты алдым, анагы бурчка баралы. Пулуңду санап алгын,— деп Кукең
ылдамдай басат. Өзүбек артынан ээрчийт. Ошол убакта Кул кара жоргону жетелеп жөнөй
берет. Куйручук тигини улам алаксытып, узагыраак ээрчитип барып, бир маалда
адаштырып салат.
Элдин арасына кирип, далдоодон кийимин которуп жылаңач этине өзүбек чапан
жамынып, башына чаар топу кийип базардын оозуна келип, өткөнкеткенди карап отура
берет. Же Куйручукту таппай, же жоргосун таппай күшбыш этип, алдастап чуркаган
баягы өзүбекти көрөт да ууртуна чоң тоголок жаңгакты салып, жаагын чулчуйтуп, бир
бутун сыртына толгой отуруп, бир көзүн чалыр кишидей акшынтып, жанына келген
«өзүбегин» кадала тиктеп калат. «Ой тобоо! Жаагынын чулчугу, бутунун тойтугу, көзүнүн
көрлүгү болбосо, менин жоргомду алган адамга түспөлдөш экен да...» — деп өзүбек аны
улам карап, анан кете берет. Жамбашын сүйрөп Кукең да базардан чыгат.
ӨЛГӨН АДАМ ТИРИЛГЕНДЕ
Куйручук Чүйдөгү Шабдандын айылына барып калат. Аны Шабдан каада менен тосуп
алат. Ошол кезде казактын мартабалуу бийинин агасы өлүп, кабар келет. Шабдан
жанжөкөрлөрү менен кошо Куйручукту да ала барат. Ырасмы боюнча сөөктү жууганга
кыргыздардан бир адам киргизүүнү суранышат. Барган кыргыздардын көбү ар кайсы
шылтоону айтып макул болбойт.
— Сен кирип чыкпайсыңбы? — дейт Шабдан Куйручукка.
—• Өмүрүмдө сөөк көргөн эмес элем. Сиз атайын айтып калдыңыз. Кирсе, кирип
берейин. Бирок, сөөккө колумду тийгизе албаймын. «Биздин киши сөөккө суу куюп
<5ерүү үчүн кирет» деп уруксат сурап бериңиз, кокус колум тийип кетсе, талмам кармап
казактарга баарыбыз уят болбойлу? — дейт Куйручук.
Шабдан казактын билермандары менен Куйручукту суу куюп берүүгө макулдашат.
Сөөк жууганга беш адам кирет. Куйручук суу куюп жатып, сөөктүн оң колунун сөөмөйү,
ортону жана аты жогу саал бүгүлүп калганын байкайт. Колду тиги төртөө көп аракет
кылып жаза алышпайт. Ушундан пайдаланып, Кукең бир «сыр» көрсөткүсү келет.
...Оң жагында жууп жаткандарга байкатпай, сол жагындагы кишинин кемселинин
чөнтөгүнө алиги бүгүлгөн колду иле коёт. Чөнтөккө кол илинген киши бурулайын десе
эле, бир жак ыптасы салмактана түшөт. Карай салса, шумдугуң кур! Өлүктүн башы өйдө
көтөрүлүп келатат. Тигилерге байкатпай Кукең дагы сүйөмөлөп коёт. Өйдө туруп
келаткан өлүктү көргөндө баягы киши «ай» деп бир кыйкырып алып эшикти карай
жанталашат. Өлүктүн колу чөнтөктөн чыгып кетип, өлүк боз үйдүн керегесине жөлөнүп,
тик туруп калат.
— Өлүк тирилди! — деп кыйкырат Куйручук. Сөөк жууп жаткандар кыйсыпыр түшүп,
эшикке качып баратып, көшөгөнүн этегин басып алышат. Көшөгөнүн жиби үзүлөт. Боз
үйдө отурган аялдар «тирилген» адамды көрүшүп, чуру-чуу түшүп, биринин үстүнө бири
жыгылып, эшикке чыгышат. Боз үйдө жалгыз Куйручук гана калат. «Өлтүрдү мени,
өлтүрдү» деп ачуу үн менен кыйкыра берет. Кирүүгө эч ким даабай, жакаларын кармап,
келме келтирип көпчүлүк боз үйдөн алыстай баштайт. Ал тургай айрым коркоктордун
шашылып атка минип жөнөгөндөрү да болот. «Кандай шумдук болуп кетти» дешип эл аңтаң. Куйручук,— келгиле эле, келгиле, өлдүм, өлдүм!? — деп кыйкыра берет. Бир аздан
соң үрөйү учкан, шайы оогон киши болумуш этип, сыртка чыгат:
— Бу өлүгүңөр тирилип, мени өлтүрүп коё жаздады. Ал өлбөй эле, мен өлө турган
болдум! Араң дегенде түндүктүн жел боосуна байлан, керегеге танып салдым! Эми,
мынча болду, эмне кылайын? Жылаңач эшикке алып чыгайынбы же куран окуп кайра
жаткырайынбы? — дейт.
— Эмне кылсаң да кайра жаткыр. Каалаганыңды беремин — деп өлүктүн ээси
жалдырайт.
Кукең кайра боз үйгө кирип, элге угуза куран окуйт. — Сен тирилип эшикке чыксаң,
элдин жүрөгүн түшүрөсүң. Өлгөн кишинин тирилгени түбүндө жакшы болбойт. Жат! —
деп катуу кыйкырат. Дагы бир жолу куран окуп болуп, «Жат! Жат!» деп кайталайт.
Мындаи соц кайрадан эшикке чыгат.
— Жатпай койду. Чоң молдо келип куран окуса, жатаар беле,— деп суроо салат
жарданып тургандарга.
Бий бир чоң молдосун жумшайт. Анысы калчылдап, коркуп алган. Молдо араң басып
боз үйдөгү өлүктүн тушуна келет. Куйручук молдого «боз үйгө кирип окуңуз» десе, ал
«шарыят боюнча өлүктүн көзүн көрбөй окуйт» деп кирбей коёт. Кукең да амалданып
«анда молдоке, корксоңуз эшиктен деле окуңуз дегенде, тиги чөк түшө калып, көзүн чылк
жуумп куран окуп кирет. Куранын созбой, тез эле бүтүрөт.
— Молдоке, сиз боз үйгө кирбей койдуңуз. Өлүк менен кармашып, көнүп калбадымбы,
мен кирейин анда,— деп Куйручук дагы боз үйгө кирет.
— Кой эми, молдокем куран окуп жатат. Сиз эми чындап өлүңүз. Арты жаман болот.
Эмне дейсиз? Куран окуган молдону ала жатам дейсизби?! — деп элге угуза сүйлөйт.
Аздан соң дагы катуу кыйкырат:
— Молдоке, кудай берип салды! Шылк дей түштү! Эми кириң? Экөөлөп жаткыралы?
—. десе: — Өзүңүз эле жаткырыңыз, шарыятта экинчи өлгөн адамды молдо көрүүгө
болбойт! — дейт, молдо ого бетер калтаарып.
Куйручук өлүктү жаткырган болуп боз үйдөн чыгат:
— Молдокемдин кураны болбосо, мени менен кармаша бермек экен. Эми кире
бергиле! Кайра тириле койбос, тирилсе анда акыр кыямат болот го деп элге кайрылат.
Көпчүлүктүн үрөйү учуп калыптыр. Боз үйгө жакындабай дале коркушат. Эптүү сөз
сүйлөп, бал тилге салып араң дегенде өзү баштап аялдарды боз үйгө киргизет.
— Эми тынч жат, казак тууганым. Кыргыз баурдасыңды кошо ала жатып коё
жаздадың. Эми тирилсең келбеймнн— деп көшөгөнү ачып сыртка чыгып кетет...
Куйручукту мактагандар мындан көп. «Тобаа, ойбай, катуу уят боло жаздадык гой,
алиги эр жүрөк кыргыз болмаса» — деп казактар жакаларын карманышат.
Сөөк коюлат. Кыргыздарды абдан сыйлашат. Өлүк ээси Куйручукка ыраазылыгын
билгизет, көк нооту чепкен кийгизип, көк кашка жорго мингизет.
— Осындай керемет адамды ээрчитип жүргөнүңүзгө үлкөн рахмет — деп Шабданга
ээртокуму менен ак боз ат тартуулайт.
Жолдо келатып, Шабдан Куйручуктун намыс алпергенине ыраазы болот. Сөздөн-сөз
чыгып — тирилген өлүк менен кантип кармаштыңыз! — деп сурап калышат.
— Эр болсоңор өлүп, кайра тирилип көргүлөчү? Анан Кукеңдин кармашканын
көрөсүңөр! — деп Куйручук жооп узатат.
ЖЕТИ ЫШКЫН
Куйручук кедейлердин согумун эмитен камдайын деген ойдо Суусамырдагы байларга
жөнөп калды. Жолдон ат откозуп, тескейдин этегинен ышкын терип, куржунга салып,
канжыгасына байланып койду. Атын Атай байдын айлына бурду. Башка байлар дагы
ошол чөлкөмдө экенин билет. Атай бай жоон топ адам менен дөңдө кымыз ичип
олтуруптур. —Мына, эңсеген кишиңер да келатат! —деп калышты алыстан Куйручукту
таанышып. Эки жигит утурлап атын алды. Куйручук туягына күмүш чегерилген элик
шыйрак, жылан боор камчысын сол колуна бүктөй кармап баары менен кыдырата
саламдаша баштады. Атай байга келгенде: — Өйдө качкан кара букадай кышылдаган март
байым аманбы? — деп «чү» дегенде эле тамашалуу кебинен таштап, анын оң жагына
келип олтурду.
Атай бай жигитин чакырып: — Үйгө баргын да Айымканга айткын, жаңы кымыз
апкелсин?! Сыйлуу конок келди, конок камын жей берсин! — деп аны боз үйгө жумшады.
Куйручук сөзүн баштады. —Атай байым! Бу Суусамырдагы байлардын байы, алдуукүчтүүсү, улуусу дагы өзүң. Азыр өзүңө ылым санаган байлардан жетөөнү чакыртып бер.
Ат тердетип жөн келген жокмун. Атайын сүйлөшө турган сөзүм бар. Жетөө жакшы
көргөн жети уулун учкаштыра келсин! — деди тигиге бурулуп. Атай көп ойлонуп турбай,
Кооман, Карагул, Ити, Султанкул, Сарбан, Артык жана Садык деген байларга киши
чаптырды. Арачолодо кызыктуу кептер сүйлөлүп, күлкү күлкүнү коштоду. Аңгыча байлар
дагы бирден балдарын учкаштырып, келип калышты.
— Силерге айтаар сөзүм бар. Кааласаңар айтамын, каалабасаңар айтпай деле
коёмун...— деди Куйручук табышмактуу сүйлөп. — Ии, Куке! Айтыңыз, сөзүңүздү
угалы!—дешти байлар бир ооздон. Куйручук байлардын балдарын тегерете карады.
— Бу балдар өз балдарыңарбы же бирөөлөрдүкүбү?
— Ыя кокуй Куке! Өзүбүздүкү эмей...
— Кийин өзүбүздүкү эмес болчу дебейсиңерби?
— Кантип ошентели?..
— А жакшы көрөсүңөрбү ушу балдарыңарды? — деди жана Кукең улам түйүндүү
суроолорун берип. — Жакшы көргөн үчүн учкаштырып жүрбөйсүзбү...— дешти байлар
элейишип.
— Анда эмесе, ишти баштайлы,— деп Куйручук жанындагы куржундун оозун чечип,
балдарга бирден ышкын бере баштады.
— Мегой, балапан аңдыган мышыктай болгонум...— Мегин, түлкүнүн бачкиси
мурундаган тентегим... Карма муну, сүткө тойгон күчүктөр тогологум... деп балдардын
өздөрүнө ылайыктуу күлкүлүү ат коюп, бардыгын каткыртып, ар бирөөнө бирден ышкын
карматты. Атай байдын баласына ышкын берип жатып: «бу ышкын жети ышкынга тете»
— деди.
Үч күнү коно жатып, байлардын сыйын көрүп, кеп-сөзү менен алардын кумарын
жазды. «Кар түшкөндө бир келип кетем» деп үчүнчү күнү аттанып кетти.
Кар жаап, кыш дагы келди. Байлар кыштоого конуп, Бири-бирине атаандашып, согум
союп жатышкан убагы. Куйручук сөзүнө туруп кайрадан Атай байдыкына келип түштү.
Баягы байларды балдары менен кошо дагы чакыртты. Алар дале Кукең балдарга бирдеме
ала келгендир деген ойдо жагалданып олтурушат. Куйручук тигилерди сырдуу тиктеп,
тегерете карап айтчу сөзүн маалкатты. Бардыгы эмне деген сөз чыгаар экен дегендей
жүздөрүнөн тынчсыздануу байкалат.
— Эмесе табышмактантпай айтайын,— деди да Куйручук кебин улады: — Мен, баягы
келгенимде мынабу балдарыңарга бирден ышкын берген элем. Эсиңерде чыгар. Эми ошол
ышкынды доолап келдим. Алгандын бермеги бар... Ыгы келсе ышкындын өзүн бергиле?
Отургандар саамга дымын түштү. Андан соң күлүп калышты.
— Кана эмесе! Кыйын болсоңор кыштин күнү Кукеме ышкын таап бергиле. Балдарын
учкаштыра чаап, ышкын гана жешет... Мына силерге ышкын! — деген үндөр чыкты. —
Балээ болду го... Кыштын күнү кайдагы ышкын? Байлар тунжурап калышты. — Көп
убакыт кетирбегиле, малыңар келе турган убакыт болуп калды,— деп Куйручук да аларды
шаштырды.
Аңгыча алардын ичинен Атай бай обдулду: — Эй, байларым! Бирөөнун тоогун жеген,
каз байлайт. Кукем балдарыбызга ышкынды ырым кылып, жакшы ниети менен бергендир.
Эми, бир байталдын тезеги деле өлүп калат. Ар бириң бир ышкынга баалап бирден согум
бергиле!? Кыштын күнү кайдагы ышкынды тапмак элек. Менин уулума жетөөнө тете бир
ышкын берген. Мен жети ышкынга жыгылдым. Жети жылкы берем! Эртеңден калбай
Кукемден кутулалы...— деп байларга карады. Эл ого бетер дуулдады. «Эби менен тузакка
түшүрүп, сасыган байларды тушабай гана жыкты го» дешти күбүршыбыр болушуп.
Эртеси жети бай жети жылкы жетелеп келди. Атай бай айгыры менен алты бышты
чыкма байтал берди. Куйручук жанына жардамчы алып, жылкыларды өз айтсына айдап
жөнөдү.
КАРЧЫГА МЕНЕН ЧУЧУКТУН ОКУЯСЫ
Бишкекте болгон чоң жыйынга катышып, Жумгалга кайтып келе жаткан Байзак баатыр
Кочкордогу Канааттыкына өргүй кетүүнү чечет. Жанында Куйручук да бар. Канаат да
жыйында бир болгон. Ал кадырлуу коноктордун урматына казысы таман чыккан бээ
союп, аларга мактаныч кылып карчыга менен казынын жарымын көрсөтүп ысык үйдөгү
баканга илдирип коёт.
Арачолодо жөн турбай, Куйручуктан «сенин куржунуң кайсы?» — деп сурайт. «Менин
куржунумдун сага эмне кереги бар? Бере турган бирдемең болсо, өзүм деле салып
аламын» — деп ал дагы айтпайт. Учурдан пайдаланып Канааттын тийиштик кылганы
жатканын баамдайт. Себеби. Кукен да аны далай жолу кеп-сөзгө сындырып ал тургай ыза
кылып да койчу эмес беле...
Акыры Канаат Куйручуктун куржунун таанып, ичиндегилерди антарып, алдыга жаят.
— Сенин качан өз жаныңдан акчаң чыкчу эле, буларды өндүрүп алдың да
бчрөөлөрдөн. Эми, оокатыңды үчкө бөлөбүз. Бир бөлүгү мага, бир бөлүгү өзүңө, бир
бөлүгү менин аялыма,— деп, урсок-мокко салып куржунду кыйла бөксөртүп салат.
— Аа, «Чоң-Өтүк» мен да сага бирди кылайын... Куйручук ичинен тынат. (ЧоңӨтүк
атты койгон да Куйручук).
Жатаарда, тезекке жабылып турган эки ала капты мерчемдүү жерге катып коёт. Андан
соң аттарына өзү чөп салып, ээртокумдарын албайт. Эт желип, чай ичилип, аркы-беркини
сүйлөшүп отуруп көптө жатышат.
Күн сууктап калгандыктан Байзак менен Куйручукка «ысык үйгө»— тамга төшөк
салынат. Ал эми ат кошчу жигиттер боз үйгө жайгашат. Тамдын бир жак капталы —
Канаат менен аялы экөөнүн орду. Байзактан уялып дегендей, көшөгө тартып коюшкан.
Бээнин этине нык тойгондор кызуу уйкуга киргенде, Кукең баягы илинүү турган
карчыга менен казыны көтөрүп үйдөн чыгат. Кайра кирип, Канаат менен аялынын чечип
койгон кийимдерин бүт алып, ороп-таңып экинчи капка салат. Карчыга менен чучукту
куржунга теңдеп жетектеги атына артат да кийим-кече салынган капты өзү минген атына
бөктөрүнүп, Жумгалды көздөй жөнөп берет.
Эртең менен Байзак ойгонсо, жанында Куйручугу жок. Эшикке чыкса, аттары да
көрүнбөйт. «Дагы бир балакет ишти баштаган го» — деп шексип, арыбери басып турат.
Канаат аңгыча чукуранып ойгонуп, кийинейин десе эле кийими жок. Аялыныкы да
жымжылас. Айлалары кетип, сырттан кийим суратып төшөктөн турушат. Караса,
бакандагы эт да жок. Канаат ызалыгын билдирбей, калп күлүмүш болот.
— Анын үйүнө алып бараткан оокаттарына тийип эмне кыласың? Тамашаң башыңа
жеттиби? Канаат аялы экөө кийимин уурдатып жибериптир,— деп атагың чыгат.
Куйручуктун өнөрүн билбейукпай жүрдүң беле? Сен эмес, хан экенинен жазганбай
Шабданды эчен мүдүрүлтүп жүргөн кишиге тийиштик кылып...— деп безилдеген аялы
бир кыйла чебелеиет.
Канаат бир жигитин жумшайт:
— Куйручук көп узай элек, чакырып кел! — Чабарман Кызарттын белине
жакындаганда аттарын тушап коюп, өзү уктап жаткан Куйручукту көрөт. Аттан түшө
калып: — Эй, Куке, туруңуз! — дейт акырын түрткүлөп.
— Ии, балам келиптирсиң...
— Келдим. Сизди Канаат чакырып жатат.
— «Чоң-Өтүк» чакырганда барып чечише тургандай анда эч жумушум жок. Бара
албаймын. Уктап жатып, эч нерсени билбей, кийимкечесин уурдатып жүрсө, ал эл бийлеп
жыргатпайт. Мындан ары сак болсун! Кийимдерин алып барып бергин,— деп жигитти
кайра чаптырат.
Кийимкече баргандан кийин Байзак менен Канаат көпкө күлөт.
«Бу Куйручук барган эле жерде жөн жүрбөйт, уят кылып» демиш болуп Байзак
сыртынан жайкайт.
Байзактар келсе, Кукең атын откозуп жаймажай. Аркыберкини кеп салып отуруп
Жумгалга кирип келишет. Жолдон Байзак менен коштошуп, Куйручук өз айлына бурулат.
Баягы карчыга менен чучукту казанга салдырып, коңшуколоңдорун чакырып: «ЧоңӨтүктүн» бизге буюрган олжосу, аябай жегиле!—деген экен бапыраңдап.
КАНААТТЫ ЫЗА КЫЛГАНЫ
Кочкордо Суранчы бай чоң той берет. Жумгал, Суусамыр, Кочкордогу кудасөөк,
тууган-туушкандарын жана эл бийлеген мыктыларды чакырат. Байгесине бир үйүр жылкы
сайып ат чаптырат. Бул ат чабышка Жумгалдык манап Көкүмбай Бекболоттун Нарбаш
деген атактуу күлүгүн кошот. Бекболот да Курманкожо уруусунан.
Нарбаш далай дүңгүрөгөн аш-тойлордо эчен жолу туу жыгып, кыргыз тургай быягы
казакка, тыягы кытайга чейин таанылган тулпар экен. Кийинчерээк Кочкорлук Канаат
манаптын Кара аты дагы мыкты күлүк атыгып Нарбаш менен теңтайлаша чуркай баштайт.
Ушул тойдо да саяпкерлер күлүктөрдү сынап көрүп, Нарбаш менен Кара атка баа
беришет. — Ай, жаныбарлар, экөө тең башка күлүктөрдү теңине албай, биринбири билип,
атаандашып турат. Айтыш кыйын, экөөиүн биреө чыгат — дешет.
Калың эл жарданып, дөбөчөдө күлүктөр келчү тарапты карап турат. Аңгыча алыстан
аттар көрүнөт. Айткандай эле, алдыда Нарбаш менен Кара ат... Бирде Нарбаш озуп, бирде
Кара ат озуп, экөө катуу эрегишип чуркап келаткан болот. Канаат «менин атым чыгат!»—
деп дардактап турат. Бир-маалда, тынчы кетип: — Айланайын кара тулпарым! Намыс!
Чурка! — дейт кыйкырып.
— Канаат, бол атыңдан түш! Кара ат күүлүү келатат! Сүрөп келе калайын! — дейт
Куйручук аны шаштырып. Канаат минип турган атынан түшүп Куйручукка бере салат. Ал
шап ыргын минип, күлүктөрдү карай шукшурулуп, чаап кетет.
Мына кызык, ал Кара атты сүрөбөй эле, «Курманкожо! Нарбаш!» — деп ураан салып
Нарбашты сүрөп жөнөбөспү... Нарбаш аркан бою алдыга чыгып келет.
Канаат ызаланат. — Ия кокуй, Куке, бу эмине шылдың кылганың? Менин атымды
минип, анан менин күлүгүмдү сүрөбөй, Нарбашты сүрөгөнүң кандай?..
— Адегенде Абайылдалап Кара атты сүрөдүм. Анан калыстык кылайын деп,
Курманкожолоп Нарбашты сүрөдүм. Нарбаш ошондо озуп кетти. Бу кандайсың, Канаат?
Өзүмдүн күлүгүм чыгып келатса, анан сенин күлүгүңдү сүрөмөк белем! — дептир
Куйручук күлүп.
ЧОЙБЕК БОЛУШКА СЫН БЕРГЕНИ
Куйручук Чаектеги Чойбек болуштукуна түшөт. Болуш аны урмат менен тосуп алып,
сый көргөзөт. Андан «оң ага өзүн сынаткысы келет.
— Кана куудулум, көзү ачыгым! Кереметиңди кепке тартып, мени бир сынап көрчү,
мен кандай адаммын?..
— Болушум, кеп чынынан бузулбайт! — дептир Куйручук.
Кыраакы болуш сөз төркүнүн түшүнө калып: «болгонун болгондой айт, капа
болбоймун» деген экен. Ошондо Куйручук:
— Чойбек! Сен асмандан учкан ак шумкарсың, учканды куткарбассың! Тике качырган
арыстансың! Качырганды кайсаарсың! Желедеги боз айгырсың, желеге бөлөк айгырды
жолотпойсуң. Душманга келгенде тегирмендин ташысың, өз элиңе келгенде жайыл
дасторкон ашыеьщ. Бирок, мындан аркы басаар жолуңду боз чалып турат. Кыйын ишке
кириптер болосуң...
Анан Садыр аке айткандай, өмүр отуң кыска белем...— деп сын сөзүн бүтөт. (Айтылуу
Садыр аке дагы Чойбекти сыртынан сынап, «атаңгөрү ай өмүрү кыска болоор» деген
экен).
Эми сын түйүнүн жандыралы.
***
Чойбек менен Суусамырдын болушу Түркмөн жер талашып, өз ара көп нааразы болуп
турушат.
Кыштын бир күнү Түркмөн болуш Кочкордон келе жатып Чойбектин айылына
кайрылбай кетип бара жатса, бирөө Чойбекке келип, «Түркмөн сиз менен учурашпай,
качып баратат» дейт. «Чакырып келгиле» деп Чойбек жигиттерин чаптырат. «Мен ооруп
баратам, баралбаймын» — дейт Түркмөн. «Оорумактан өлүп кетсең да барып
кетпейсиңби!? — дешип аны аттан оодара тартып, эки жигит кар жиретип, күйүктүрүп
алып келишет. Мына ушундан тартып, Түркмөн Чойбекке огобетер кекенип калат.
...Куйручук мейман болуп кеткенден бир-эки ай өтүпөтпөй Чойбектин болуштугунда
күтпөгөн жерден кырсык башталат. Чойбектин Жалал-Абадда жашаган Абдрахман деген
соодагер досу болот. Ага «күзгө чейин миң сом карыз берип туруңуз» деп кат жазып,
киши жиберет. Акчанын ордуна Чойбек ага «миң кой берем» дептир. Ал кезде бир кой —
бир сом экен. Абдрахман анын суроосун канааттандырып «Чойбек катың боюнча миң кой
бердим» деп кат жазып берет. Миң кой дегени миң сом дегени тура... Барган киши кайра
келе жатканда астынан Түркмөн учурап калат.
— Кайдан келе жатасың?
— Жалал-Абаддан.
—• Эмнеге бардың эле?
— Чойбек Абдрахманга жиберген. Андан миң сом алып, ордуна миң кой бермей болду.
— Койчу, Чойбек кантип эле Абдрахманга миң кой бере койсун? — дейт Түркмөн.
Жигит мактанып, чөнтөгүнөн Абдрахман жазган тил катты көрсөтөт. Түркмөн катты окуп
жатканда алиги жигит атына чуркап кетет. Түркмөн арабча сабаты ачык киши болуптур,
«кой» деген сөздү «кол» деп оңдоп салат. (Араб тамгасында «й» тамгасы «л» тамгасына
оңой оңдодот). Чойбек катты окубай туруп, сандыкка каттырып койгондугун кийин
Түркмөн жанагы жигиттен чекмелеп сурап, билип алат. Ичинен тынып, кымыңдап,
«Чойбек болуш падыша өкмөтүнө каршы чыгып, Жалал-Абаддагы соодагер досунан кол
сураптыр. Ал кагазды өз көзүм менен көрдүм» деген арыз жазат уездге. Уездегилер
текшерүү жиберет. Аларды Чойбектикине Түркмөн өзү ээрчитип барат. Чойбектин эч
нерсе менен иши жок. Кадимкисиндей жаркылдап, конок камын жейт. Бир гана
кекээрлешип келбей жүргөн Түркмөндүн өзү келип калганына бир чети таңгалып, бир
чети шек санап отурат. Чай кайнамдан кийин Чойбектен баягы катты сурашат. Аларга
Абдрахмандын катын алып берет. «Миң кол бердим» деген жазууну өкушат.
Эртеси сурак жүргүзүшө башташат. Миң кол чогулбаганын, Чойбектин аскердик
камылгасы жок экенин билишсе дагы, «баары бир шектүү» деген тыянак чыгарышып, аны
ага-инилери Мырзабек, Баатырбек, Кылжырбаш жана Карыбек менен кошо сүргүнгө
айдай турган болушат.
Атасы Дыйканбай:
— Мен падыша өкмөтүнө отуз жыл кызмат кылгам. Кара санаган эмесмин. Карыганда
өз каалоом менен арыз жазып, кызматын бергем. Карыбек жаш, эрмек кылайын.
Мырзабек элиме баш-көз болсун! Экөөнү таштап кеткиле? — дейт. Текшерүүчүлөр макул
болуп экөөнү таштап кетишет. Калгандарын Бишкекке алып келип, андан ары эки жылга
Уралдагы сүргүнгө айдап жиберишет.
Эки жылдан кийин Чойбек элине аман-эсен келет. Бирок, көкүрөк оорулуу болуп
калат. Келгенден көп өтпөй кырк эки жашында дүйнөдөн кайтат.
Ошентип Куйручуктун айтканы бу жолу да туура. чыгат.
КУЙРУЧУКТУН МАНАПТАРГА СЫН БЕРГЕНИ
Бир күнү чоң жыйында Жумгалдык манаптар Куйручукка каардуу Көкүмбайды
сынаталы, эгер ал «көк дөөнүн» бетине туура сөздү жалтанбай тике айтса, анда мындан
кийин анын алдынан кыя өтпөйлү, сөзүн экк кылбайлы дешип, өз ара макулдашат.
Көкүмбай да көптүн тилине көнөт.
Ошондо Куйручуктун Көкүмбайга сын бергени:
— Маңдайы жазы, балбан төш, жолборстой мараган, көзүнүн асты менен караган,
имерилип элин кайсаган, канча жесе тойбогон, жардыга жарты кашык аш арттырып
койбогон, букараны кууруган, камырдай жууруган, бүркүт кабактуу, мүнүшкөрлүк
адаттуу, кан тырмактуу, кара жемсөө залимдин бирөө. Мунун эминесин сынайын. Таноосу
тар, баш териси калың, балдары букаранын тепкисинен чыкпайт!
Көкүмбай «менин балдарымды жаман сынайсың» деп Куйручуктун атын тартып алып
коёт.
Кетмен-Төбөлүк «бала болуш» атанган Байгазы өзүн Куйручукка сынатканы келет.
— Сынчы туурасын айтат, муну билип кой! Сенин башың куу Байгазы, этегиң куу
Байгазы, ортоң алешем Байгазы экенсиң! Сенден эркек тукум калбайт! — дептир. Чын эле
андан эркек тукум калбаптыр.
***
Бууракандык Сыдык болуштун үч аялы болот. Бирок, үчөө тең эркек төрөбөптүр. Ал
аялдарын Куйручукка сынатып көрөт.
— Сыдык азырынча бойдок экенсиң! Элиңде оозу чоң, сол эмчегинин үстүндө калы
бар, кара далы бир кыз жүрөт. Ошол сага ылайык! — дейт. Болуш сынчынын айтканына
ынанып, баягы кызды төртүнчү аялдыкка алып, андан Сатар аттуу уулдуу болот. Ал
уулунан эл камын жеген азаматтар чыгат.
Узун-Кабактагы атактуу манап Райымбекти да сындатышат. «Жери тар, эли аз экен.
Өзү чоңташтын түбүндөгү кабылан турбайбы!»— дептир аны.
ТАЛАСКА БАРГАНДА*
Отузунчу жылдары Куйручук Таласка келет. Ал кайда барса, аны ээрчигендер көп.
Чат-Базар деген жерден базарга кайрылышат. Таластык мыктылардын көбү ошерде экен.
*
Эскертүу: Жогорудагы баяндар Жумгалдык Б. Арыков, Кетмен-Төбөлүк, К. Алымкулов. Таластык Ч.
Шакетаевдин, И.Анын фондусуна тапшырылган материалдарынан пайдаланылды.
Куйручукту мурдатан тааныган Нусубалы деген киши: «Куке, биздин жакшыларыбыз
мына ушулар, буларга сың айтып койбойсузбу?»— дейт.
Куйручук тигилерди бир сыйра сыдыра тиктеп, алдыда турган Байгөнчөк уулу
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 09
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов