Latin

Эй, бу Куйручук - 05

Общее количество слов 3698
Общее количество уникальных слов составляет 2209
26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Кийин Кулубай Айымбүбү деген төрөбөгөн аялын коё берип, башка аял алып
балачакалуу болуптур. Кулубайдын балдары азыр эл арасында.
РАЙЫМБЕКТИН АШЫНДА
1. Биздин Жумгал тынч экен
Жумгалдын этек жагындагы, КетменТөбө багытындагы СарыКамыш, Толук
болуштугун бийлеген Райымбек манап өтө кадырбарктуу, зобололуу адам болуп
Тур. Ал киши о дүйнө кеткенде уулу Кудайберген атасына бүт кыргызды — ЖалалАбад, Ош, Анжыян, Талас, Чүй, Нарынды жердеген элди чакырып ТерЖайлак
жайлоосунда чоң аш берет. Ал тургай ОлуяАта, Ташкен, Намангандан да эл келет.
Улуулардын сөзүн улап айтканга ышкыбоз, куйма кулак, сөз билги адамдар билишет.
Аксакал баатыр менен Эрназар баатыр эр сайышка түшүп, Эрназар шейит кеткен ушу...
Ал өзүнчө узун сабак сөз.
Илгертен кыргызда аштойлор акынырчыларсыз өтчү эмес го. Бул дүңгүрөгөн ашка
Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет баштаган атактуу акындар келишет. Шабдан баатыр да бу
ашка катышыптыр. Ошондо КетменТөбөлүк Токтогул, Эшмамбет, Коргол, Курман,
Жаңыбай деген ырчылар Шабданга учурашып биринен сала бири ырдап атышат дейт.
Баары тең эле Шабданды көкөлөтө мактапжактап киришет. Ал эми анын жанында отурган
Байзак баатырды таназар албай калышат. Ырга кошушпайт. Буга Шабдандын өзү дагы,
Байзак дагы ыңгайсыз боло түшөт. Себеби, Шабдан Байзакты эң жакын кеңешчиси, акыл
кошоор адамы катары абыдан сыйлапкадырлачу экен. Байзак баатырдын кабаккашын
байкаган кыраакы Куйручук аны жагымсыз жагдайдан куткаруу үчүн алиги ырчылар
ырдап бүтөөрү менен аларды карай бир эсе тамашага чалып, бир — эсе чымчып ырдап коё
берет:
Түңкатар, Түнтөй журт экен, Булар түтүнмөтүтүн ырчы экен. Түн каткандын итиндей,
Түпүрөп ырдап турчу экен. Жатакчынын итиндей, Жабылып ырдап турчу экен. Төрт
болуш элде мен ырчы, Байзаке, биздин Жумгал тынч экен! —
деп элди күлкүгө бөлөйт. Коргол обдулуп жооп бермекчи болгондо, Токтогул аны
ырдатпай тыйып коёт.
2. Акындарды жайгаштырганы
Ушул аштын ички тартибин башкаруу, тейлептескөө Куйручукка тапшырылат. Аштын
ырасмысы төрт күнгө созула турган болот. Демек, атабабадан калган салтсанаага ылайык
мейман күтүү, аларды эриктирбей көңүлүн көтөрүп, жарпын жазуу чоң озуп алуу жумуш.
:Мунун да өз эрежеси, мыйзамдары бар.
Куйручук ашка келген ак таңдай ырчыларга өзүнчө бир өргөө тиктирет. Аларга атайын
сыйсыпаат жасаттырат. Кечкисин меймандардын элижерине, соболсопкутуна
байланыштуу ырчыларды бөлүштүрүү, үйүйлөргө жайгаштыруу керек. Акындардын ак
өргөөсүндө ыр жаңырат. Таңтамаша, күлкү күчөйт.
Бир маалда аксылыктар Токтогулду сурап келишет, — бизге ырдап берсин — деп.
«Күнүтүн чапса талбаган, кара кашка аргымак берип, Токтогулду алып кетесиңер»— дейт
Куйручук. Сурагандар бир атты мамыга байлап, Токтогулду ээрчитип кетишет. Андан соң
Таластан келгендер — Эшмамбет ырчы бизге ырдап берсин дешет. — «Жалкуйругу
төгүлгөн, жарышка түшсө бөлүнгөн күлүк Эшмамбеттин баасы» дейт жана Кукең.
Корголду сураган КетменТөбөлүктөргө «Жол жоргосу дагы бар, таскактачу жайы бар,
жакшы ат берсеңер, Коргол ырдап берет силерге» — дептир. Аңгыча, Суусамыр,
Жумгалдан келген меймандар Калыкты өтүнүшөт. Анда Кукең: «Жаш болсо да жарайт
Калыгым, алыска таптап чапкыдай, ардактап жабуу жапкыдай бир тобурчак оң келе
тургандыгын» айтат. Чүйлүктөр Жаманкул ырчыны ырдап берсин» — деп киши жиберет.
«Жаманкулга бир кара кашка теке жетелеп келсеңер эле жарашат» дегенде отургандар
кыраанкаткы түшөт.
— Ой, эмне күлөсүңөр бу Жаманкулдун ыры деле эл жатаарга чейин түгөнбөйт —
дептир анда тамашаны күчөтүп. Жаманкул ал күнү таарынып ырдабай коёт.
Куйручук эртеси «кечээги ыр акыңар» — деп ырчыларга өз энчилерин — бирден ат
бердирген экен.
3. Куйручук баатыр кайдасың?
Абалтадан аштойлордун кызыгы — күлүк чабуу болгон эмеспи. Күлүк ээлери,
саяпкерлер чабандес балдар мындайда жүрөгү алып учуп, уктай албайт. Көпчүлүктүн
көңүл кушу да көкөлөйт. Кепсөздүн чордону да ушунда болот. «Кайсы тулпар чыгаар
экен, тууну кайсынысы жыгаар экен?» «Байгеге марып ким бактылуу болор экен?»
дегендей соболдор бардыгын ойлонтот. Күлүгү чыкса элдин да, эл башкарган эрдин да
намысы... Кеп байтеде эле эмес... Ошондуктан күлүктүн күлүгүн, тулпардын тулпарын
апкелишет. Аттын кулагы менен тең ойногон чыйрак балдар тандалат ат чапканга.
Жамы кыргыз чакырылган бул ашка чабылганы жүздөн ашуун камбарата тукуму
келди. Атаңгөрү ай, «чү» — десе эле «булуттуу көктүн астынан, муунду чөптүн үстүнөн»
сызчудай туйлашат. Ээлигишет. — Аттар чубатууга салынарын жар салып Найманбай
ырчы заңкылдайт.
Күлүктөр чубатуудан өтүп жатты. Көпчүлүктүн көзү аларда. Айрыкча, сай күлүк
ээлери алчытаасын жеген саяпкерлер бир да атты куру өткэрбөй сын көз менен карашат.
Көпчүлүк чуркурап бата берген соң күлүктөрдү айдап жөнөштү. КетменТөбөнүн манабы
Керимбай ары сынчыл, ары баамчыл, кыраакы, сынаакы адамдарын жыйнап:
— Менин аргымагым биринчи келет... туу жыгат, туурабы? — деп сурайт алардан.
Жооп айталбай тунжурашат. Сиздики чыгат дегендер да болот.
— Жок, сиздики бу жолу чыкпай калды, үчүнчү, төртүнчү болуп келет. Буга чейин көп
жолу баш байге алып берди эле, ошого канимет кылыңыз, — дейт кары саяпкер.
— А кимдин күлүгү чыгат экен, менин көк бууданым турганда — деп жана собол салат
Керимбай.
— Жумгалдык саяк, Мышыктын Карагери учкан куш менен жарышса утуп чыкчу мал
экен, жаныбар чуркай турган чагы экен. Ошол биринчи келет... Караандатпайт башка
күлүктөргө...
Керимбай сыр билгизбей ойлонуп калат. Карагерди чыгарбаска амал табат. Эки
мергенчи дайындап, — Эч кимге билгизбей, шек алдырбай алдын тосуп Карагерди атып
салгыла. Андан соң ал ишти силер да ден да билбеген болом. Байге толугу менен
силердики, — дейт.
Күлүктөр келе турган учур жакындайт. (Ал кезде чоң күлүктөрдү азыркыдай 3035
чакырымдан эмес, 5060 чакырым алыстыктан коё беришчү экен). Эки Шыпшайдар
мылтыктарын белендеп буйткада жашынып олтурушат. Бир маалда куйрукжалы шамалга
жайылып, артында чаңы бураган Карагер көрүнөт. Башына кызыл оромол байлаган
чабендес бала тизгинге колу карышып, ээрге бекем жабышып, ал келет. «Өпкөбоордун
тушу деп, өлөөр жериң ушу — деп», мергенчинин бири Карагер өтө берерде мылтык
сунат... Жок...— Акебай, ушундан көрө мени атып салчы!— деп мылтыгын ыргытып
жиберет ал. Экинчи мерген шашкалактап, саал узай түшкөн күлүктү мээлейт. Бирок, анын
да колунан мылтыгы түшөт. Көрсө, Карагер касиеттүү мал тура! Мергенчилер аны
мээлегенде эки колунун ордунда эки канаты бар кичинекей жылаңач бала күлүкгүн
соорусуна отура калып, канаттары менен Карагерди сооруга чапкылап баратыптыр! Эки
мергенчиге тең көрүнүптүр...
Ошентип, көкүлүн көккө ыргытып, туягын жерге мылгытып, кулагын жапыра чуркап
Карагер келет маарага. Башка аттардын өзүлөрү түгүл караандары да көрүнбөйт.
Күлүктүн ээси — Мышык деген киши (өз аты Кулжабай экен, көзү мышыктыкындай, өңү
сары болгондуктан ушинтип коюшуптур) кубанганынан ыйлап алыптыр дейт. Ал колунда
жок, кедей экен. Ага байге берилбей чыр чыгат. Чай кайнам убакыт өткөн соң гана
экинчи, үчүнчү күлүктөр келет.
— Бу жолдон кошуп жиберген ат, болбосо чоң күлүктөр удаа келчү эле го — дейт
Керимбай туталанып.
— Томаяктын атына кайдагы байге, зобололуу адамдын ашында зобололуу адамдын
күлүгү байге алганы оң дегендер да болот. Байманаптар ар кайсы шылтоону жамынып,
байгени ар кимге ыроолоп салат. Баш байге эки миң сом, алтын чегерилген ээртокумдуу,
Анжиян килем жабылган ат экен. Кадимки Токтогул акынга аттын ээрин ал дешет.
Ошондо Токтогулдун ырдаганы:
Албаймын аттын ээрин, Алганда алты боломбу? Кузгундардын колунан, Байгеси болду
коромжу. Куйручук баатыр кайдасың? Тапсаңчы мунун айласын... Көрсө боло кедей да,
Карагер аттын пайдасын. Эки миң болсо байгеси, Эки сом тийбей ээсине, Кетирип салды
айласын...
Шунда калыстыгы как жарган, катаал сөзү таш жарган кайран Кукең, тиги
«мыктылардын» колун арканжипсиз байлабай жыгып:
Балбаның жыкса бак болот,
Күлүгүң чыкса ат конот.
Манчыркаган кээ бирөө
Мансабына мас болот.
Жолдон тосуп жеп алган
Жок оокат кайдан аш болот?
Ээсине ээлик кылдырбай,
Энчилеп алып кеттиңер,
Баш байгени шак тоноп.
Апталык жерди чуркаган,
Ай туяк тулпар ат болот.
Адамдын жебей эмгегин,
Адилет жүрсөң бак конот.
Ач көздүк менен тоюнган
Аз оокат кайдан аш болот
Тура чуркап кээ бирөө
Туурадан чыгып тап коёт,
Кудайды карасаңарчы,
Карагер аттын байгесин
Куйручук минтип алып коёт, —
деп, күлүктүн ээсине байгесин толук кайтарып бериптир. Токоң да мындай калыстыкка
ыраазы болуп, Мышыктын көңүлүн көтөрөт:
Куйругунан чуу чыккан, Бүгүн ашта туу жыккан, Карагер ат жаныбар, Маңдайындаагы
бар. Кулжабай — Мышык таптаган, Саяпкери таанымал. Баракелде Мышыгым, Байгеден
күлүк чыгарган. Бишкек менен Наманген, ОлуяАта дубандан, ТерЖайлакка толтура Эл
жайылып куралган. Элирип атың туу жыгып, Эки миң теңге пул алган. Букарадан
сенчилеп, Чыккан барбы кумардан... Дегеле, Куйручуктун мындан башка учурларда дагы
чоң чырчатактарды, талаштартыштарды калыстык,
акыйкаттык менен жөнгө салгандыгы, ал тургай уруулар арасындагы тирешүүлөрдө
элчилик милдеттерди аткаргандыгы жөнүндө кептер арбын.
АК ТАҢДАЙЛАР АРАСЫНДА
(Коргол Досу уулунун айтканы*)
... Атактуу Райымбектин ашы. КетменТөбө менен Таластан, бержагы Жумгал,
Суусамырдан бир боордошкон эл бээлерин байлай, союштарын айдай барышып,
ТерЖайлактын тегизине кыркаар үй тигишти. Аш ээлери — боргемик эли дагы абыдан
камданышкан экен. Көк шиберлүү көйкөлгөн жайыкта жумурткадай аппак үйлөр жайнайт.
Коноктордун сыйсыпаатын чуктоого ар бир үйгө үчтөн жигит, экиден келин дайындалган.
Мал союлуп, эт бышырыла турган жерлер аркы Долоно — Булак суусунун жээгинде.
Илгертен меймандос кыргыздын уулкыздары ийиктей имерилип, берекелүү дасторкон
жайнатышат. Бир жагынан чай тегеренип, бир жагынан ээк черткен бал кымыз сунулат.
Аштын ички ырасымдарын башкаруу Куйручукка тапшырылган. Ар кайсы жерден,
алысжуук элден ашка отуздан ашык ырчы ат арытып келиптир. Ар кимиси өз өнөрүн
көрсөтүп, көптүн көңүлүн бурат. Конок күтүмүн алгандардын арасында боргемиктеги
Осоке деген чоң бай үй тигип келгени белгилүү болду. Жаш алган токолу Кашымкан
ашкан сулуу, көргөндүн кумар отун жандырып, кыялы, кыймылы менен эразаматтарды
мас кылат. Осоке сексенге таяп калса дагы Кашымканды катуу кызганат. Күндүртүндүр
көзөмөлдө. Эшиктен кирген жигиттерди жекире тилдейт.
Сулуу келиндин кабарын уккан Курман ырчы менен Карамырза ырчы экөө ошол
Осокеникине атайылап барышат. Көпкөлөң эмелер көз кысып, Кашымканга тийишип,
шойкомдонушат. Келин кылчаккылчак чалын карайт.
— Мусанын тайганындай улуп, ырчы дегениң жаман журт турбайбы! Кеткиле
кутубузду учурбай? — деп Осоке эки ырчыны үйдөн кууп чыгат. Ошондо ырчылардын
арасында бар элем. Курман келип Эшмамбет ыр
чыга датын айтты. Эшмамбет ачууланды. «Осоке какбашты бир каптап өтпөсөк
болбойт. Ырчыларга тил тийгизиптир!» — деп баарыбызды Осоке байдын үйүнө ээрчитип
жөнөдү. Анда менин курч, жаш кезим. — Жакшылап ырдап, сен биринчи тийишкнн, —
деди Эшмамбет мага. Мен:
— Ой Осоке абышка,
Атагың чыкпайт алыска.
Качантан бери камындың,
Кашымканды алышка.
Кызыңдан кичүү Кашымкан,
Казыр түшчү калыска.
Карылыгың жетиптир,
Мага бергин карызга! —
деп ырчылардын каптамайын баштадым.
Чоң кула жээрде минген Эшмамбет атын тартып тура калып, зоңкулдап коё берди:
— Карылык басып кысталып,
Каткан шири жыттанып.
Какчаңдаба Осоке,
*
Баянды Коргол ырчыдан уккан Жапар Кенчи уулу.
Кашымканды кызганып.
Көрүң жакын төрүңдөн,
Каларсың жерге ныкталып.
Карамырза, Курманга,
Качырдың бекер тиш салып.
Айтпаймын сөздүн жаздымын,
Артыңда калган жаштыгың.
Картайган кезде капырай,
Кашымкан сулуу жаздыгың.
Жарга согуп таштадың,
Жалындап турган жаштыгын.
Жанына батты далайдын,
Жаш аял алган пастыгың.
Ар ким кирсе кызганган,
Айтам сенин Осоке
Акылыңдын аздыгын.
Катып алам дебегин,
Кашымкандын аштыгын.
Кашымкан белиң кындырдай,
Карайсың мени тындырбай.
Өңөрүп алып кетейин,
Өлөрман чалга кор кылбай.
Алкымың аппак кылайып,
Азапты тарттым муңайып,
Жалынга түшөм сен үчүн,
Жаралдың мага ылайык.
Жайлаган жайлооң ТерЖайлак,
Жаадырайсың көз жайнап.
Кызганчаак чалга кор болуп,
Кыйналдың кургур шор кайнап!
Эшмамбет ушинтип ырдап жатты. Самсыган эл, аялэркек дебей бизди тегеректешти.
— Кокуй чаба көр Куйручукка! Береги ажылдаган иттер абийирди айрандай төгүп
жибермей болушту. Башканын тилин алышпайт булар, бир токтотсо ошол Куйручук гана
токтотот! — деп Осоке бир жигитин чаптырды. Ырдамай уланды. Токтогул Осокеге жан
тартып, болушкансып ырдады:
— Айта бербей жемени,
Ырчылар сөзгө келели.
Капа кылып албайлы,
Абабыз менен жеңени.
Аксымдык кылыш жарабас,
Ар иштин болот ченеми.
Карыны бир аз сыйлайлы,
Карөзгөйлүк кылбайлы.
Карчытынан чымчыбай,
Калыстык менен ырдайлы.
Кашымкан жеңең кашкайып,
Кадиксиз сулуу турбайбы.
Кызганып койсо карысын,
Карышкырча бурдайбы!—деп
басыла электе Кулуке ырчыны кудай урду! Ал дайыма бука минип жүрүүчү. Айтыша
кеткен ырчысынан жеңилип баратканда аттан оодара тартып букасынан түшө калып сабап
да салуучу. Акындык жайы аз, оргубаргы, зөөкүр чалыш неме эле. Анын сырын билгендер
жалтактап качып туруучу. Ошол Кулуке букасы менен элди жөөлөтүп, Токтогулду
демитип ырдай баштады:
— Кесирлүү чалды коргойсуң,
Эшмамбеттей болбойсуң.
Кесепеттүү Токтогул,
Керилип туруп муштасам,
Кемегеге сойлойсуң!
Ырчыны итке теңеген,
Осокедей какбашты,
Токтогул ким деп ойлойсун?
Айткан тилди укпайсың,
Кашымканга ыктайсың.
Атаңдын оозу Токтогул,
Алкынып барып бир койсом,
Алты күнү уктайсың!
Кулуке ушинтип жиндене баштаганда, бир чети Тотогул экөөнү арачалап, бир чети
тиги зөөкүр ырчынын көңүлүн улап, бая ыза болгон өзүн да тынчытуу үчүн эми Курман
ырдап сала берди:
— Оо, Кулуке!
Колунан кокон өнбөгөн,
Коюнан жыргал көрбөгөн.
Кокуй чал мобу өлбөгөн.
Сасык айран, көк курут,
Саясатка көнбөгөн.
Садага кетсин сулуудан,
Салпаяк чал бу өлбөгөн.
Адырга бүткөн талдайсың,
Аякка куйган балдайсың.
Ардагым сулуу Кашымкан,
Алжыган чалга кор кылбай,
Ала качсам кандайсың?
Беш көкүл сонун саамайың,
Белеске тийген айдайым,
Бекене чалга кор кылбай,
Бел байлашка кандайсың?
Көп узабай топ жарыла берип, кара кашка жорго минген, суусар тебетей кийген,
күмүш кемер курчанган өкчөлүү өтүгү менен үзөнгүнү чалкалай теминген Куйручук
келип калды. Ал топ ырчыны беттеп, эч кимден жалтанып койбой токтолбой төгүп кирди:
Оо жабыржабыр жабырлар,
Жамгыр жааса дабырар.
Жай албаган байкуштар,
Жалбыракты жамынар.
Жамыраган көп ырчы,
Ушул беле ырыңар.
Оо, дүбүрдүбүр дүбүрлөр,
Мөндүр жааса дүбүрөр.
Чычаң байкуш чычандап,
Чырканакка жүгүрөр.
Чыйылдаган көп ырчы,
Ушул беле күүңөр.
Токтогул сага не болгон,
Токтоолук кайда жоголгон.
Торпогунду алдыбы,
Осоке барып корооңдон.
Эшмамбет сага не болгон,
Эсиң кайда жоголгон.
Эшегиңди алдыбы,
Осоке барып корооңдон.
Ор текедей калжайып,
Оолугуп ырдап дардайып,
Карыяны сыйлабай,
Ээрчитип келген экенсиң
Эшмамбет жолдошжорондон.
Карамырза, Курманды,
Карандай кудай урганбы?
Каптап баарың кордойсуң,
Картайган кезде тууганды.
Койгун деймин Жолойду,
Коргол да мына чоңойду.
Кадырлуу ырчы калкына,
Карынын алдын торойбу?
Карыларын сыйламак,
Кадимден калган салтыбыз.
Ырылдашсак сыйлашпай,
Ырчылар кетет баркыбыз.
Топко ырдабай чыр кылсак,
Тоодо калат тарпыбыз.
Илгертен эле ырчылар,
Карыларын сыйлоочу,
Кутмандуу кыргыз калкыбыз!
Куйручук ырын бүтүрдү. Ырчылардын баары аны тааныйт экен. Эшмамбет
Куйручуктун «Оролмо тоонун ор теке» деп тамашалаганына ызалана түштү. Жооп кылып,
ага каршы ырдайм дегендей камданып калды эле аны Токтогул тыйып койду. Аскага
чыгып дардайып, алды жагын аңкайып карап турган чоң сакал тоонун текесин көргөнүңөр
бардыр. Эшмамбет Куйручуктун жанагы сөзүнөн улам ошого куп окшой түшкөнүнө
баарыбыз күлдүк. Анан калса ат минип турган чоң кара сакал алибеттүү ырчы күлкүгө
себепкер болду. Ангыча баягы Кулуке туурадан чыгып, Куйручукка катылып
калды:
— Кара казан кырмычык,
Кырып жеген тырмышып.
Эсине келип токтогун,
Эненди урайын Куйручук!
Куйручук маңдайындагы букачан Кулукенин букасына камчысын жаңсап тап берип койду
эле, анын букасы жер чапчып, «мөө» деп өкүрүп жиберди. Ого бетер дуулдап күлдүк.
Анан Куйручук:
— Өгүз минип дардайган,
Өкүм сүйлөп маңдайдан,
Өчөлөңдөп урушкан,
Өлөрман чалыш кандай жан?
Бука минип дардайган,
Бузуку сүйлөп маңдайдан.
Бурганактап жинденип,
Буулугуп чыккан кандай жан?
Мингениң уйдун букасы,
Кийгениң таардын жукасы.
Өшөнөшөң этесиң,
Азыр топтон кетесиң.
Кетпёгенде нетесиң.
Тамтаңдаган бузуктун,
Таанытсын кудай жетесин! —
деп качырып сала берип, буканы соорудады эле, Кулуке мурунтукка алы жетпей, букасы
өкүргөн бойдоп мөңкүп жөнөдү. Күлкү ого бетерден күчөдү. Өзгөчө обочорооктогу атчан
аялдар аябай шаңкылдашты. Куйручук эми аларга кайрылып келди:
Ой ак элечек катындар,
Ача майкуйрук капырлар.
Кызыл түпөк найзага,
Кыйшайбаган баатырлар.
Айткан тилди алгыла,
Тамашага баргыла.
Кыргыйек куштай кылтыйбай,
Бастыргыла алдыга!
Аялдар аштын тамашасы өтчү тарапка жөнөдү. Куйручук ырчыларды ээрчитип, аларга
арналып тигилген ак өргөөгө киргизди. Эшмамбетке жанынан он сом сууруп берди. «Сага
катуу айтып койдум» — деди. Ошентип жоон топ ырчылар дагы ыкка көндү.
НАЙМАНБАЙ ЫРЧЫ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮ
Суусамырдын манабы Түркмөн атасы Зарыпбекке аш берет. Чүй, Көл, Нарын, Ат-Башы,
Кетмен-Төбөдөн бери эл чакырылат. Ашты кудасы, солто элин бийлеген Чолпонкул
манапка башкартат. Чолпонкул ошол ашта саяктардын шагын сындырып, басмырлап
коюу максатында атактуу Найманбай ырчыны «саяктарды кордогун» деп жиберет. Ал
аштын жарчысы да болот. Найманбайдын Жумгалдын мыктылары — Калпа ажы, Байзак,
Көкүмбай, Мырзабек, Курман манаптар турган жоон топко келип ырдап турганы:
— Эй, билбегендер көп чыгар,
Эмесе, билинтип айтып берейин.
Алдыңарга баяндап,
Өзүмдөн кабар төгөйүн.
Мен Балыктын уулу Найманбай,
Айта берем ар кандай.
Сөздөрүмдү байкасаң,
Сөөмөй менен сайгандай.
Кээ бир сөзүм байкасаң,
Керүүдөн сызган тайгандай.
Кээ бир сөзүм кубантат,
Кымызга суусун кангандай.
Айрым айтаар сөздөрүм,
Аңдап көрсөң айбандай.
Саяктар сага кеп айтам,
Салмактуу сөздү эми айтам.
Жайыкышы жатышкан,
Биринбири атышкан.
Баштагыдан байкасам,
Баатыр болуп калыпсың.
Бири-бириңди аябас,
Каапыр болуп калыпсың.
Эми чоң Чолпонкул кеп айтат,
Чоюлган чоңдор баары айтат.
Алардын сөзүн баяндап,
Акын Накең жар айтат.
Чолпонкул эмес, Чолпонум,
Айтамгалуу солтого,
Алтын тутка болгонум.
Алты уруу элди башкарып,
Акылын таап соргонум.
Асылдын айткан сөзүнүн,
Айтайынчы болжолун.
Акмактык кылып саяктар,
Абайлабай койбогун.
Эзелтен ушу саяктар,
Ээнбаш өскөн эл болот.
Ээлиге берген өзүнчө,
Эсакылы кем болот.
Абалтан калың саягым,
Аламан өскөн эл болот,
Алыша берген өзүнчө,
Акылы тайкы кем болот.
Көпчүлүгү күүлөнүп,
Көйрөң чалыш эл болот,
Күүлөнө берип куру бекер,
Көрүнгөнгө жем болот.
Аштык айдаар жери жок,
Бел кыла турган бели жок,
Тебише берген өзүнчө,
Буларың, тентек өскөн эл болот.
Саяктар, жаны менен карыңар,
Жабыла кулак салыңар.
Баатырсынчу болсоңор,
Башына келтек чабылаар.
Чоң Чолпонкул кеп айтат,
Ордуңардан козголбой,
Бек отурсун деп айтат.
Опурулуп сүйлөбөй,
Тек отурсун деп айтат.
Күбүрөшпөй, күлүшпөй,
Тынч отурсун деп айтат.
Бакашака болбостон,
«Кынк» отурсун деп айтат.
Аткарбасаң айтканын,
Камап коёт Чолпонкул.
Ачуусуна тийсеңер,
Сабап коёт Чолпонкул.
Саяктар, айткан тилди албасаң,
Мойнуңардан байлатаар.
Жетелетип тепкилеп,
Жетимдей шоруң кайнатаар.
Өз үйүндө жүргөндөй,
Өжөрлүктү койгула.
Жарчынын кеби ушундай,
Жайланып тыптынч болгула! —
деп ырын бүтүрдү. Жумгалдын манаптары ыңгайсыз абалда калышат. Айрыкча, Байзак
баатырдын ачуусу келип: — «Бу карыган акмакка каяша кыла турган саякта бир бала
туулбай калганбы?» — деп жанжагын караса, «Мына мен чыгам!» — деп, Куйручук атын
камчысы менен такымга басып алып, адегенде «Өш дейм өш», «Кет эле, кет» — деп
Найманбайды омуроолотуп, жөөлөтүп барып, элди күлдүрүп, анан атынын тизгинин
тыкчыйта тартып, аны беттеп турган жери:
— Эй, Балыктын уулу Найманбай,
Айткан сөзүң айбандай.
Акылыңдан адашып,
Айта бербе ар кандай.
Асыласың оолугуп,
Ажына болуп калгандай.
Угуп тургун Найманбай,
Улубагын ар кандай.
Уңгулуу кептен айтпастан,
Урушканың бул кандай?
Күлгөнүңдү токтот деп,
Күүлөнбөгүн Найманбай.
Көзөлүңө айтып бар,
Күлө берем ар кандай.
Жүргөнүңдү токтот деп,
Жөөлүбөгүн Найманбай.
Карап тургун кайбарым,
Жүрө берем ар кандай.
Алты уруу элдин ичинде,
Айбанмын деп мактандың.
Танып кетээр жөнүң жок,
Тайганмын деп айтканың.
Айбан болсоң чөп салып,
Арыктатпай багайын.
Тайган болсоң тартайып,
Күнүгө өпкө салайын*
Маарап койчу кой болсоң,
Адырды көздөй жайайын.
Мөөрөп койчу уй болсоң,
Сазга айдап барайын.
Боздоп көрчү төө болсоң,
Тикендүү жерди табайын.
Кишенеп көрчү ат болсоң,
Минип алып чабайын.
Акындын сөзү так болот,
Так сүйлөсө бак конот.
Тамтаңдай берсе сага окшоп,
Талаада калып жок болот.
Тартагай шыйрак, ичке бел,
Тайган деген ит болот.
Ачка болсо тайганың,
Тарпты искеп жеп коёт.
Тайган болсоң итсиң да,
Ит болсоң Наке түгөнгүр,
Үрүп жүрүп бүттүң да.
Жорудай болбой жолуң тап,
Кажырдай болбой кайра тарт.
Эшектей болбой элден кет,
Качырдай болбой жолдон кайт!
Чолпонуңду зор дейсиң,
Саяктарды кордойсуң.
Чолпонкул качан чоң эле,
Башынан качан иши оң эле?
Чокчоңдобо тим эле,
Чолпонкулуң ким эле?
Кечээ солтодон качып келгенде,
Көтүнөн богу шорголоп,
Эр Байзакка корголоп,
Элечек кийип башына,
Уй сааган катын ал эле,
А мен уй саадырган бала элем!
Ак сакалын жайкалтып,
Башыбызда таажыбыз.
Меке — Дилде, Каабага,
Барып келген ажыбыз.
Калпа ажыны көрбөйсүң,
Көрбөй туруп сүйлөйсүң.
Анын бияк жагында,
КараОйдо жаткан карк алтын,
Бүт кыргызга баркы алтын,
Жыгылганды таяган,
Жыртылганды жамаган.
Үзүлгөндү улаган,
Чачылганды жыйнаган,
Хан Байзакты көрбөйсүң.
Көрбөй туруп сүйлөйсүң,
Анын бияк жагында,
Уйдун этин жебеген, . . .
Убадам эки дебеген,
Хан Медеттин тукуму,
Айтканынан кайтпаган,
Калпалардан бата алган,
Калкка КөкДөө атанган.
Көкүмбайды көрбөйсүң,
Көрбөй туруп сүйлөйсүң.
Анын быяк жагында,
Хан Качыке уругу,
Дыйканбайдын кулуну,
Төмөнкү Кулжыгачтын улугу,
Мырзабекти көрбөйсүң,
Көрбөй туруп сүйлөйсүң.
Анын быяк жагында,
Бала Курман атанган,
Бадышадан кат алган.
Орустардын закүнүн,
Көкүрөккө жат алган.
Курман турса көрбөйсүң,
Көрбөй туруп сүйлөйсүң.
Мына ушундай Найманбай,
Саяктарды ким дейсиң?
Санжыргасын билбейсиң.
Билсең айтпайсыңбы Найманбай,
Билбесең бокту жеген келжиреп,
Тайгандайсың Найманбай!
Кет эле кет! Нанманбай!
Өш эле өш! Найманбай!
Чөк эле чөк! Найманбай! —
деп Найманбайдып атын дагы омуроолотуп барып, ырын бүтүрөт. Эл кыраанкаткы.
Чолпонкул боз үйгө кирип кетет. Эсине ак падышанын жасоолдорунан качып, баш
калкалап Жумгалга барганы, Байзак баатырдын сөзгө сүйлөшүп, куткарып алганы түшөт.
...Жакын агалары орус солдатты өлтүртүп коёт. Ошондо аны барымтага байлап
кетишмекчи болгондо, бел ашып, Байзакка келип, бир айча жашырынып жүрүп калат.
Күндөрдүн биринде «жасоолдор издеп келатышат» деп калышат. Чолпонкулду аялча
кийиндирип, уй саадырып коюшат.
Кукең анын ушу эски жараатын куп келиштире чукуп олтурбайбы... Кечинде Чолпонкул
Куйручукту чакыртат. Ал атын мамыга байлап, салам айтып кирип, чөк түшүп, камчысын
санына таянып, Чолпонкулдун теке маңдайына олтурат.
— Куйручук акын экенсиң. Найманбай карып калган окшойт. Жаңылып калды. Ырыңды
кайталап койчу, толук укпай калдым,— дептир Чолпонкул. Кукең жанагы ырда кайра
кайталап бериптир.
— Бул ырдын жандырмагы болобу? — дейт Чолпонкул.
— Болот баатыр! — Куйручук буйдалбай жооп берет.
«Болсо, кана айтып көрчү...» дегенде Куйручуктун айтып турганы:
— Чолпонкул эмес чолпонум,
Айтамгалуу Солтого,
Алтын тутка болгонум!
Арнамыс күткөн элиңе,
Айланта салган коргонум.
Ак болот элең кетилдиң,
Ашкере күлүк экенсиң,
Анан кайра жетилдиң.
Атагы дайын кыргызга,
Атаңдын аты Тынаалы,
Артыкча бүткөн жан элең,
Аксатып койду азыраак,
Артыңдан салпылдап учкан кулаалы.
Алданын салган ишине,
Чопо анан кандай кылалы? —
дегенде эле Чолпонкул: — Болду, болду Куйручук —дейт. «Адегенде көтөрө чалдың, анан
«акболот элең кетилдиң» — деп дагы жылаандын башын чыгарып койдуң. Акын экенсиң,
жүрөгүңдө кара жок эр экенсиң, кел эми чыпалак алышып жүрөлү» деп чыпалак алышып:
«Карагул сага он эки болуш солтодон бир тобурчак ат табылаар, кара кашка тобурчакты
ээр токуму менен Куйручукка алып келип мингиз» — дейт.
Карагул Чөлпонкулдун жакшы көргөн жигити экен, өзү минип жүргөн кара кашка
тобурчакты ээр токуму менен алып келип Куйручукка мингизиптир.
КУЙРУЧУК МЕНЕН КАЛМЫРЗА ЫРЧЫ
Шабдан баатыр ажыга жөнөмөк болуп Токмок шаарындагы Аалыкан төрөнүн мечитинен
эл жакшыларына учурашын калуу үчүн кыргыздын оң-солунун бай, бийлерин чакырат.
Кулжыгач — Байзак ажы да келет. Ал жанына жакын көргөн жигити Акчоронун
Аалыбайын жана Куйручукту ала барат. Көп мал союлат, узатуу үч күнгө созулат.
Калмырза ырчы ошондо Шабданды аябай мактап, айрым урууларды жамандап ырдайт:
Аллатаалам жараткан,
Ал Мухамбет аты бар.
Асмандан түшкөн каты бар,
Азирети Аубакир,
Артынан өткөн Чалыяр.
Кудай досу Мухамбет,
Мухамбетке биз үмөт.
Каржысы жеткен адамга
Ажыга бармак зор милдет.
Эми кабыл болсун ажыңыз,
Хан болсун кырк жыл башыңыз.
Хан Жантайдан туулган
Катарда сиздей ким чыккан?
Агер чыкса бир чыгаар
Калыйпа менен Урумдан.
Эми, калк — кызыл тал, сиз — терек,
Калк кысылса сиз керек.
Калкың бирге кетүүгө
Каржысы жетпейт, жан бөлөк.
Эл — кызыл тал, сиз — терек,
Эл кысылса сиз керек.
Элиңдин бирге кетүүгө
Эби келбейт, жан бөлөк.
Бээжинден уста алдырган,
Медересе салдырган.
Түш эңкейсе бешим деп,
Динге кубат берсем деп.
Коногуна эр Шабдан
Койдун зти жетпеген.
Кожо, молдо, дубана
Эшигинен кетпеген.
Ушунча калктын баарын
Баатыр өзү эптеген.
Аксакалың Баяке,
Айлың барган ажыга.
Ак элечек салынган
Зайыбың барган ажыга.
Маамыт, Төлөн аты уйкаш,
Иниң барган ажыга.
Бул өңдөнүп кыргызда
Кимиң барган ажыга?
Ала куш, Маамыт иниңиз
Ааламды жеке билдиңиз.
Нечен сотко айланган пендени
Түбүнөн сурап токтоттуң.
Ар кылганың эр Шабдан,
Бүгүн ажыга кетип жоктоттуң.
Мен эми, илгерки өткөн элди айтам,
Өткөн элдин ичинен
Өткөн эрди айтамын.
Солтодон чыккан илгери
Эшкожо менен эр Канат.
Баатыр Шабдан төрөмө
Бар кылбаймын муну да.
Саяктан Медет болгон дейт,
Эсенгулдан Ормон дейт.
Эски адамдар көп ^актайт,
Булар да мыкты болгон деп.
Адигине Алымбек,
Арбагы оогон катынга,
Мунун несин айтам маалым деп.
Курманкожо, Кулжыгач,
Ар кимиси бирбир баш.
Кемисия кылышкан,
Эрегиштен эр өлүп,
Эсебин баатыр табышкан.
Эми убал болду саякка,
Убара болуп бечара,
Булар барат каякка?
Сарт менен ногой, дункана,
Сагынат сизди бечара.
Сагынгандын себеби,
Бербей турган Бексулга,
Медет болгон эр Шабдан.
Бекип калган катуу ишке,
Себеп болгон эр Шабдан.
Эми Ак боз бээни жүз сойсок,
Атын Шабдан жүз койсок!
Өзүндөй болбос кеменгер,
Кош эми, аман барып, аман кел! —
деп созуп бүтүрүп бери басканда Куйручук ордунан ыргып тура калат, айтышмакчы
болгондо, аны Баязак этегинен силкип отургузуп коёт. «Куйручук, азыр Шабдан
жакшылыкка баратканда сен Калмырза менен чырлашып айтышканың туура эмес.
Калмырзанын бул оозу барда далай кезигесиң, айтышаар болсоң ошого камына жүр»,—
дейт тыйып.
Шабдан ажыдан келгенден бир, эки жылдан соң Балыкчынын АкЧийинде чоң топ болот.
Бул топ беш күнгө созулат. Топтун убактылуу төрагасы Байзак, орунбасары бугу
Чыныбай дайындалат. Топ жүрүп жаткан, эс алуу маалында баягы Калмырза ырчы
саяктарды жамандап дагы ырдайт:
КызылСуу менен Шамшыда,
Сооронбайдын Дүрү бар.
Солто менен тынайдын
Соолбос кызыл гүлү бар.
Кулжыгач, Курманкожодо
Ушулардай кимиң бар?
Эми бура тартпай саяктар,
Бурулуп басып буга бар! —
деп Калмырза ырдаганда Куйручук эл ортосуна келип төмөндөгүдөй ырдайт:
Ырчы деп койсо Калмырза,
Ыгы жок сөздөн айдайсың.
Түзүктөп сөз таап айтпаган,
Сен түбү жок өскөн айбансың.
Уюткусуз ачыган,
Ирип калган айрансың.
Табышмактуу бул сөзүм
Талаага кетпейт майнабы.
Калыс болгун адамзат,
Мен айтпай эле коёюн.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 06
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов