Latin

Эй, бу Куйручук - 12

Общее количество слов 3944
Общее количество уникальных слов составляет 2245
29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
— Аныңыз чын, аба. "Мен жөн эле айта салдым. Капа болбоңуз? Белектин сырый
тезирээк билүүгө кызыктым окшойт. Ушундан кийин Кадыр аке узакка үнсүз отуруп, анан
сөзүн улады.
— Бул өзүнчө жомок. Уккан киши балким чыгадык экенине ишенбейт.
...Жарыктык Куйручук адамдын сырттаны эле! Силер аны жазымыш этип жүрөсүңөр.
Байкбомб караганда аны шум, митаамдыгы менен байманаптардын айласйй Гүгөткөн
киши катарында билсеңер керек. Ал кишинин артыкчылыгы адамды өзүнөн билгендиги,
боло турган окуяны алдынала туюп, айтканы айткандай келгендигинде болуучу.
Илгеркилер андайды «олуя» дешээр эле. Жамандык менен арамдыкка көзү жетип, ага өзү
жалгыз күрөшкөн Күрөшкөндө күч менен эмес. Айлаамал менен аз да болсо өч алган.
Ушуңдан улам аны куудул дешет. Мен ал кишйнин боорду эзип, элди күлдүрүп жатканын
көрө алганым жок. Анын акылдуу, ойлуу сөзүйөи, адамга ;;тагдырын алдынала айтып,
көздү карая туруп ким экендигин таамай билгенине көпчүлүк коркчу... Куйручук
ушундай киши . болучу.
— Белек жөнүндө айтсаңыз? — дедим кайрадан жеңилдигимди көрсөтүп
— Бул белек дагы Куйручуктун алдынала көрө билгендигинин бир далили. Кишиге
айтиаган окуяны сага айтып берейин. Ишенсең ишен, ишенбесең кой...
— Сиздин айтканыңызга качан ишенбей койчу элем. Ишенем аба...
Кадыр аке буладай сакалын сылап, узакка үңкүйүп отурду. Анан акырын күңгүрөнүп,
ичинен бир нерсени жактыргандай бышыш ийкеп койду.
— Муну укканың жакшы болду. Аны дагы атаң экөөбүз көргөнбүз. А кургурсырды бат
эле ачып коюп:
Ким билет, өлүмүнө ошол себепкер болдубу же башкабы, буйруктун иши дечи...
Эмнеси болсо да окуя Куйручук айткандай болду.
...Ал кезде сенин атаң дагы, мен дагы башкармабыз. Экөөбүздү бир аз күндүк окууга
борборго жиберишти. Үйдөн кеч аттанып, береги Багышанга эл жата араң жеттик.
— Жүр, Кукемкине кайрылып, жатып алалы. Аттарды чалдырганга тегереги кенен.
Эртең менен эрте жүрүп кетебиз деди атаң. Мен үнсүз көндүм. Ал айтканынан кайтчу
эмес.
Күз маалы эле. Жыйымтерим аяктап, малдын жайыты кеңейип калган. Куйручук чоң
үй тигип, сазга жакын отуруптур. Иттерди абалатып кирип бардык. Кукем жарыктык эшик
алдында туруптур.
— Кел, кел Сулуу карам. Сен белең — деди атаңы көрүп. (Атаңды ушинтип койчу). Ал
экөө башынан ынак эле. Аттарды байлап учурашып, үйгө киргенде кечки тамак казанда
кайнап жатыптыр.
— Мына кемпир, келишти. Айтсам болбойсуң. Көптөн бери келбеген коноктор келет.
Бир аз күтө туралы десем, «жок нерсени айтпачы, эт эзилип кетти» деп урушат. — Кукем
жайдарылана бизге даттанды.
— Качан уруштум, ботом — деди байбичеси күлүмсүрөп. Келгениңер ырас болбодубу.
Жогору өткүлө?!
— Бейили жакшы адамдар ушинтип, казан тулгадан чыга электе келет. Келериңерди
чын эле билгендей күтүпмүн. Силерди көрбөгөнүмө көп болду, ыраспы сулуу кара?
— Эки айдай болду го дейм,— деди атаң. — Баягы, бешикте бөлөнүп жаткан баланын
бел боолорун чечпей туруп, сууруп алып, өңөрүп кеткениңизден бери биле элексиз.
— Ал кызың торолуп калдыбы — деди Кукем.
— Биттенип атат. Барсаңыз алдыңыздан тосуп чыгат,— деди атаң күлүп.
— Болсун, болсун... Экөөң жасанып-түсөнүп ээрчишип калганыңарга караганда алыс
барасыңар го дейм?
— Ооба, борборго окууга баратабыз — дедим мен. Ушинтип, алжай сурашып,
тамактанып, чер жазыла
сүйлөшкөнчө төшөк орун салынды. Атаң жаздыкка башы тийээри менен уктап кетти.
Мен али уктай элек болчумун. Сыртка атчан бирөө келгендей болду. Кукем сыртка чыгып,
жолоочунун алжайын сурады. Кочкорго
бараткан адам экен, түнөп кетүүгө бурулуптур. Байбичеси ага биздин төмөн жагыбызга
орун салып берди
Чырак өчүп, түндүк тартылып, боз үйдүн ичи караңгы. Алиги жолоочу жатаары менен
коңурук тартып кирди, түгөт. Дегеле, кирпигим илинбей койсо болобу. Кукемдин да
тынчы кетти көрүнөт, бир убакта ак көйнөкчөн ак дамбалчан болуп, төшөктөн суурулуп,
эшик жакка барды. Анан акырын басып келип коңурук тартып жаткан жолоочуну басып
жыгылды. Ал олбурлуу неме көрүнөт. Конуругу тып басылып, кыйкылдай баштады. Бир
маалда кырылдапшырылдап барып, акыры дымы чыкпай калды. Мен кадимкидей коркуп
калдым. «Бул эмнеси, коңурук тартканы үчүн ушинттиби? Кудай уур, коңурук тартсак
бизди дагы ушинтет го?» — деген ойдо атаңды акырын колтукка түрткүлөдүм.
Кукем тигинин үстүнөн туруп, эшик жакка акырын шырп алдырбай басып барып,
керегеде илинип турган чапанды жамынып, төрдү карай өтүп, кайра ордуна жатып алды.
Мен тигил конокту «өлдү» деп ойлодум. Бирок ал өлбөптүр. Көптөн кийин эс алып, аябай
келме келтирип, атын токунуп жүрүп кеткендей болду.
Мен эптеп таң атырдым. Куйручуктун үйүнө түнөгөнүм ошол. Эртеменен чайда
отуруп, Кукем ачуулуу күнкүлдөдү.
— Адеби жок. Тааныбаган үйгө келсе да адеби жоктугун көрсөтөт. Жаман адатын
билген соң көрпөчөсүн төшөнүп тигиндей эле бир жерге жатып албайбы. Азыр күн
жылуу. Ал уктап, эс алышы керек экен. Биз анын коңуругун тыңшап, түн күзөтөбүзбү?
Адеби жок? Өзүнөн башканы да ойлоо керек... Эми «мага бир сыр көт рүндү» деп үйүнө
барып түлөө өткөрөт эмеспи.
— Мен аны өлүп калдыбы деп корктум,— дедим мен.
— Өлбөй жерге кирсин. Доңуздай күчтүү неме экен. Көкүрөгүн ныгыра басып отурсам
да ойгонуп койбойт.
— Мен эч нерсе турбапмын — деди сенин атаң.
— Туйбаганың жакшы болду, Сулуу кара. Аны бил: генде тура калып, менин
айыбымды ачат белең. Оңой ак жүрөк эмессиң — деп жылмайды Кукем.
— Чынында эле үйүңүзгө келген конокту жакшы кылбапсыз — деди атаң.
— Мына, ушинтет... — Кукем ойлуу отуруп, анан,— Коногум, тууганым, жакыным
досум, таанышым деп, алардын кемчилигин кечирип, жамандыгын жашырып,
Көңүл кош болсоң, сенин андан айырмаң кайсы? Ал өзү жамандыкты багып,
бапестегендик эмеспи.
— Бул айтканыңыз туура,— деди атаң тез ынанып. — "Атаганат, сиз дайым жанымда
болгонуңузда жаңылбас элем. Көчүрүп кетейинби Куке?
Мына дагы жаңылдың. Мен көчүп кетем десем, эл эмне дейт? Андан көрө сен көчүп
келсең жарашат. Колхозго башкарма болосуң. Эрөөн-төрөөнү жок.
Чай ичилип дасторкон жыйналгыча Кукем көзүн жуумп, үнсүз олтурду. Мен эшикке
чыгууга камындым. Көрсө бала экемин... Атаң кебелбей отурган. Ал Кукемдин сырын
билчү тура.
— Отур чунак бала,— деди Кукем мени. — Азыр жөнөйсүңөр... Угуп тур Сулуу кара!
Жакшы барып, жакшы келесиңер. Барган жерден олжолуу кайтасыңар. Жолуңар шыдыр
болот. Экөөңөрдүн насибиңерге жолдон бир табылга буйруду. Табылып калса, эч кимге
бербей, эч кимге айтпай сырды ичиңерге сактагыла. Кийип да айтпагыла! Ошол
өмүрүңөргө өбөк, жаныңарга жөлөк болсун! Оомийин! — деп бата кылды.
Биз эшикке чыгып аттанганда атаңдын тизгинин кармап туруп акырын өтүндү.
— Сулуу кара, көрүнүп калса мага гөлөш ала келчи? Гөлөшүм эскирип кетти деген
сөзүн угуп калдым. Атаң баш ийкеп, макул болду. Биз жөнөп кеттик. Сүрө бастырып,
Шамшынын белине жете бергенде кеч кирип кетти. Чоң таштын түбүнө имерилип, жакын
калдык. Эртең менен эрте аттанып, мен алдыга кеттим. Атаң артта кармалып калган. Белге
жакындаган сайын бетеге буралып, эң эле кооз. Аңгыча жолдун таманинда^дөМгёөиүгг1
жаткан бир нерсе көрүндү. Жакындап келсем баштык экен. Аттан эңкейип, эңип алдым да
койнума ката койдум. Ырасын айтсам атаңдан жашыргым келди. Кукемдин «эч кимге
айтпай, эч кимге көрсөтпөгүлө» дегенин эсиме түшүрдүм.
—Сен эмнени эңип алдың? — деди, атаң артымдан жете келип.
— Эч нерсе— дедим жашырып.
— Жаныңды жебе! Койнуң дөмпөйүп турбайбы?
Мен уятымдан күлүмүш этип, тапкан баштыгымды көрсөттүм. — Кызык, Кукемдин
«экөөңөрдүн насибинерге жолдон бир табылга буйруду» деп айтканы ушу го деди. Таң
калдык.
Белден эңкейип, булактын " боюна олтуруп, баягы баштыктын оозун чечтик. Ичинде
бир аз боорсок, бышкан алты керчөө, эки чучук, бир маки анан ушу чакча бар экен. Бир
чучук менен үч керчөөнү боорсокко аралаштырып жеп алдык. Артынан кол чаначка
байланган кымыздан жутуп, аттарды чалдырып эс алын отурдук.
— Мен Кукеме баа бере, албайм. Ал баасы жок адам — деди атаң.
— Мындай көрөгөчтүк чанда гана кишилерде болсо керек...
Мен үнсүз баш ийкедим. Эки табылганы экөөбүз бөлүп алдык. Ал макини алып, мага
чакчаны берди.
— Насвай чекпесем, муну эмне кылам? — дедим мен. Анткени көзүм макиге түшүп
турган. Мүйүз саптуу, келишкен маки эле..
— Азыр чекпесең, ,.кийин деле бир пайдасы тийер. Катып ал,— деди ал өкүм.
Атаң ал табылга жөнүңдө жолдошторуна ачык эле айтып жүрдү. Мен кылайып ооз
ачканым жок... Арадан жыл өтпөй согуш чыгып кетти. Экөөбүз тең чогуу жекөдүк. Ал
байкуш кайтпай калды. Мен минтип жашап жүрөм. Көп жыл өтүп, жолдоштордон ажырап
«томолой жетим» калганда, бир күнү өзүмдөн-өзүм буулугуп насвай тарткым келди.
Көмүркөйүмдүн ичинен ушул чакчаны таап алдым. Ошондон бери насвай атам...
Кадыр аке чакчасын жаны көргөндөй, кызыга айландыра карап, анан бир атым насвай
алып, ээгиде какты.
ЖОЛУҢАР ШЫДЫР БОЛСУН!*
Жыйырманчы жылдары тоо арасы кыйла жадыра баштады. Уруулар өз-өз айлы болуп
көчүп-конуу мурдагыдай. Айылдарда мектеп ачылышы, улан-кыздын окууга кызыгышы,
алгачкы басма сөз элге келиши — жаңылык. Атка минерлерде өкүмпастык, озбурлук,
эпчилдик бир аз мизи жапырылайын деп, Кеңеш өкмөтүнүн мыйзамын жактап, ага
ынанган кишилердин жаңылыкка берилиши ушунчалык дейсиң, кай бир карыя
кишилер:—Мен молодож болушту суранам — деп айыл кеңешине келет.
— Куру аякка бата жүрбөйт. Куру кепке жол көрүнбөйт. Чылбыр майламайын
молодож боло албайсыз — деп ал момунга козу сойдурга» шылуундар да бар. Беш атар
өнөрүп кишилерди ар кандай зомбулуктан коргоочу болуп жүрүп, өзү киши тоногон
тентектер да бар.
Ошондой тентек Текеатар ыстаржниктин кытмыр оюн Куйручук байкайт. Бирок, ага
кандайча тийишердин ыгын келтире албай, бир чети бу жаңы өкүматтын кишиси менин
Куйручук экенимди билбей «корс» этип коёбу же менин кебиме аябай корстон болуп,
«бирге жүр, Куке» деп биротоло мени дос этеби?Хи-хи... деп күлгөн болуп, анан теке
тургай, бука атар болсо да, балам сенин тентектигиңе бир сыр тургандыр деп жүргөн кези.
Үч-төрт эшекке бакал буюм жүктөп, жөөлөп-жалаңдап, өрөөндөгү айылдарда балачакалуу кашкарлыктар жүрүштү. Кебетелерине караганда булар баягы бир тыйынды он
тыйын эткен алдамчылардан эмес. Тек эптеп жан баккан бакылдар.
Кантсе да тигил эшектерге жүктөлгөн зумбал, куржундарда баалуу буюм бар деп
болжодубу, не канча айтса да мурду жытчыл ыстражник эмеспи, Текеатар чын эле бул
бечераларда баалуу буюм бар экенин сездиби... Ал тигилердин ээн жолго чыгышын
аңдыды.
Эл кезип, күн өткөрүп келаткан кашкарлыктар көп күттүрбөй Кочкор тарапты бет
алды. Жүктүү эшек — жүктүү эшек. Ал атам-замандан бери жүгүн көтөрүп бел басып,
ашуу ашып, кыдың-кыдың басып кишиге кызмат этип келаткан бул жаныбардын киши
үчүн күчү адал, сүтү арам. Ага бу эшек бечара деле анча кейибейт го. Себеби, эшек тургай
кишилер бирин-бири эшек этип жумшап алса, киши экен деп, ал киши экенин деле анча
аябайт дечи...
Ушул тагдырына канагат эткенсийт — жүктүү эшек кулагын шалпыйтып, бир калыпта
туягы «тып-тып», соорусу «бүлк-бүлк»...
Маалмаал ээси:
— Хы?! Анаңны... дейт сөгүп. Анан ал өзү локулдап басып, кыңылдапкыңылдап,
кайкалап, алды жактан үмүт улап келе берет, келе берет.
Жарык дүйнөдө ушундайча жан багышты парыз этин келаткан бечара кашкарлыктар
Кызартты кыйла өрдөп, тиги эле ашууну алкымдап калган кезде туурадан «паң» мылтык
атылды. Эшектер кулак силкишти. Коркуп кеткен ээлери жата-жата калышты.
Кайданжайдан чыга келген Текеатар кара аттын ойноктото, беш атарды санына таяна
келип буюрду.
— Тургула, жаныңардан үмүтүңөр болсо. Эшектен жүктөрдү түшүргүлө?!
Жанынан корккон бечералар буйрукту аткарышты. Жүгү түшүп, үстү жеңилдей калган
эшектер дүнүйө капар. Ээлери буйрукка кыңк этпей, куржун, зумбалдардын оозун сөгүп
жатышты.
Ат ойдолотуп, каарданган Текеатар тигилерди шаштыра:
— Алтынкүмүш, апийимди бөлөк койгула! Кыркма сакалчан карыя эки алаканын жая,
шалкая
түштү кейип, жалбарып:
— Уай, кудайыма кулдук, таксыр балам. Көрүп турасыз го... Бизде ой кыйбат заттар
канака болот?
*
Т. Сыдыкбеков «Күлкү жана өмүр» китебинен.
— Кууланба, чал. Аткезчиликтин ичке жолун дал сендейлер табат. Кара эшек көтөрүп
келген ак зумбал сеники го. Оозун сөк, бачым.
Карыя күнгө күйгөн шадылуу колдорун каржайган көкүрөгүнө койду:
— Ынаның таксыр балам... Ликин шу зумбалымда көр оокаттан артык кыйбат нерсе
болсо, эшегимдин тезегии...
Үстүнө кийген ак кементей күн нуруна экилене агарып, алдындагы ак боз жайдаңдап,
алчактай басып, капталдай бастырып ошол кезде Куйручук келатты. Кайран киши аппак
болуп күлүңдөгөн күн нуруна асмандан түшө калгандай жетип келди.
Текеатар шалдая түштү.
— Оо жолуң болгур — деди ага Куйручук тек: — Мылтыгыңдын үнү сен экениңди
билдирди. Саа жаңы Өкмөт алдагы беш атарды өңөртүп койгондо... Эптеп күн көргөн
бечараларды тоно деди беле?! Момундарды алдаган кызыл-кулак, сүткорлорду, апийим
жүгүрткөндөрдү карма дебеди беле! Оо, ит капсын, сени!
—буларды тинтишке акым бар — деди Текеатар.
— Акыңдын бардыгын мен да билем! — деди Куйручук түктүйүп. — Адамды
тинтүүгө акы алган киши көрөгөч болот алгач. Ошо тинтээр кишисин билип тинтет. Акым
бар деп эле наактан тинте берсең, сен ак кишинин шагын сындырасың. О ит капкырым.
Алдагы мылтыгыңды соройтпой асынып ал, ийниңе. Бул чөйрөдө сен аткыдай кийик
жок...
Текеатар дале тек турат.
— Оо тагасы — деди Куйручук карыяга. Ыстражниктин иши ушундай. Бул өрөөндө
мылтыкчаны киши тоногуч экен. .деп ойлобоңуз. Жолуңар шыдыр болсун! Куйручук
Текеатарды ээрчитип жөнөй берди.
— Бастыр Теке турмак, бука атсаң да эми эрмектешер кишиң менмин!
Өздөрүнө арка салып кетип бараткан аппак кишиге селсе карап турган карыя алкыш
узатты:
— Уаа, кудайым ак жараткан адам экен да. Эл-журту менен муң билбесин бу асыл
адам!
КУЙРУЧУКТУН КУЛАКТЫКТАН КУТУЛУШУ
Жигит кезимде Куйручуктун өз оозунан уккан элем
Сизди кулакка тартылган деп да жүрүшөт. Эгер ошол кеп чын болсо, анда кантип
кутулгансыз? — деген суроого Кукең жооп бере баштады.
— Ооба, 1931жылы кулак болгомун. Сельсоветте чогулуш өткөрүлүп, Куйручук
Өмүрзак уулу «кулак» деген чечим чыгыптыр. Муну мага туугандарым айтып келишти.
«Кулак болгондо эмне болом? Короо толгон малым жок. Минип жүргөн жалгыз атым, боз
үйүм, төшөнчүм бар. Менден эмнени алышат? — десем, отургандар жаалап:
— Оо кокуй, бу киши түшүнбөйт турбайбы? Бай болбогонуң менен бай-манаптар
менен чоогу жүргөн, ошолордой эле жашаган. Кедей болуп кыйналгак эмес. Элден алып
жеп жүргөн. Азыр да элден алып күнүгө кой-козу соёт деп атышпайбы? — дешти
туугандарым.
— Мен кедей-кембагалдардан алган эмесмин. Байлардан алчумун. Жеке эле өзүм
албай, ошол бечараларга да берип турчумун. А азыр болсо оокаттуулар өздөрү берет мага.
Мен бирөөдөн зордуктап алган жокмун. Деги менин эмне күнөөм бар? — дедим.
— Сизде күнөө болбогону менен иниңиз Жунушаалыда кеп болуп жатат. Ошол
баканооз болуп, күнөөсүз адамдарды айдатып, мал-мүлкүн тарттырып, өкмөткө өткөрүп
атпайбы... Сизди да сатып аткан ошол эмеспи дешет.
«Мен кулак эмесмин. Кулак болбойм»,— десем.
Айтып берген Отунчу Ногойбай уулу.
Андан көрө Кочкорго барып райондун жетекчилерине даттанышыңыз керек. Бишкекке
барып даттаныш керек» деп мени баарылап көндүрүп салышты.
«Эл сүйүп, өздөрү берген кой-козудан ажырап, сорпо ичпей каламбы?» — деп санаа
башыма түштү. Кой, Кочкорго деп жүрөмбү, биротоло Бишкектеги чоңдорго жолугуп
келемин деп чечтим. Кыргыз АССРынын министрлеринин төрагасы Исакеев Баялыга
бармакчы болдум. Бишкекке жетип, Баялынын үйүн сурай баштадым. Кеңсаларына
кирүүнү ойлогон жокмун. Сурамжылап отуруп, Баялы турган короого бардым. Бакшактуу,
чоң короо экен. Короонун каалгасын ачып, «Баялы» деп заңкылдадым, эч ким чыкпады.
Кайталап кыйкырдым. Үнүмдү каркыратып кыйкырдым. Үйдөн беш-алты киши удаа
чыгып, топтошуп мени таңыркап карап калышты. Аларга көңүл бурбай, үнүмдү бирде
кыркыратып, бирде каркыратып «Баялы» — деп кыйкыра бердим. «Бу соо адам эмес го»
деген үн угулду. «Дүрбөп калышса экен» деп турам ичимден. Аңгыча бир жигит жаныма
келип: — Эмне мынча кыйкырасыз? — деди. Мен ага жооп бербедим.— Деги сиз кимсиз,
эмне керек, айтпайсызбы? — деди жана. Унчукпадым. Жигит кайра басып үйгө кирди.
Мен дале кыйкыра бердим.
Аңгыча, бирөө чыгып, мени көздөй шаша басып келатат. Баялы го деп болжодум. Ал
мага жакындаганда: — Мен кулак болдум. Этият бол. Жакындаба, кулактыгым жугат
дедим эле, ал күлүп:
— Куке, сиз кулак эмессиз. Жүрүңүз үйгө деп, колтуктап жөнөдү.
Чайда отуруп сөз башталды. — Куке, малдуу болдуңуз беле? — деп сурады Баялы. —
Менде эмменин малы. Болгону минип жүргөн атым бар. Мал элде болсун! Элде болсо,
ортоктошомун. Үйүмдөн эт үзүлбөйт, мал союлуп турат. Эл топтошуп тамактанышат. Ал
эми алтын-күмүшүм жок — деп жооп бердим. Дагы көптү түшүндүрүп бердим.
— Куке, сиз эч качан кулак болбойсуз! Кочкорго барып, райондун жетекчилерине
жолуга кетиңиз. Мен кабарлап коём, аларга — деди.
Кочкорго келсем, мени издеп жүрүшкөн экен. Мекемелерине киргизип, «Сизди
кулакка туура эмес тартышкан. Кулактыктан кутулдуңуз. Мурдагыдай жашап жүрө
бериңиз» — дешти...
«Мына ушинтип кулак дегенден кутулгамын»— деп сөзүн бүтүрдү Куйручук.
КУЙРУЧУККА АДАМДАРДЫН БЕРЕСЕ БОЛУШУ
Куйручук кээде «адамдар мага өзүнөн-өзү эле бересе болуп калышат» деп койчу. Буга
мен көзмө-көз ынандым.
1937жылы, күзгү чөп чабуу мезгилинде комсомолдун Жумгал райондук комитетинин
өкүлү катары ошол кездеги «Жаңы-Арык» колхозуна дайындалгам. Милдетим — чөп
чабуу өнөктүгүнүн жүрүшүн көзөмөлгө алуу эле. Ал эми «Кара-Булак» колхозуна
мамлекеттик банктын башкаруучусу Жайлообаев деген жигит дайындалган.
Чөп чабуунун түшкү дем алуу мезгилинде Куйручук беш-алты киши менен келип
калды. Аттарын алдык. Учурашып жайланып олтургандан кийин ал жердеги көпчүлүк
Куйручукка кеп салып берүүсүн өтүнүштү. Кайран киши, кызыктуу сөздөрдөн сүйлөп,
кулактын курчун кандырды. Сөздүн кызуусу менен түшкү дем алыш эчак өтүп кетиптир.
Тышка чыктык. Аңгыча Жайлообаев мени чакырып калды.
— Сиз менен кеңешейин дедим эле... Кантсе да Жумгалдын уулу эмессиңби. Мен
Куйручук аксакалды биринчи жолу көрүшүм. Биздин Көл айланасында «Куйручук
качандыр бир кезде болгон» деп сөз кылышчу. Көрсө, Куйручук деген ушул турбайбы.
Эми өзүң кандай дейсиң? Бу кишиге акча берейин дедим эле... Акчам азыраак болуп
жатат. Берсем алаар бекен? — деп калды.
— Кээде мен сенден сураган эмесмин — деп, албай да койчу эле — дедим.
«Мейли, берсе берип көрөлү» деген экөөбүз Куйручуктун жанына басып бардык.
Жайлообаев колун сунуп учурашты.
— Аке, бул жигитти сиз менен тааныштырайын. Биздин районго мамлекеттик
банктын башкаруучусу
Айтып берген Отунчу Ногойбай уулу.
болуп келген. Өзү көлдүк болот. Сизди биринчи жолу керүшү экен. Баятан бери
сөзүңүздү угуп, ыраазы болуп, азыраак акчам бар эле, берсем алаар бекен деп суранып
жатат — дедим мен. Куйручук Жайлообаевди тике карап: — «Бересе болуп
калыптырбы?» — деди. Жайлообаев акчасын сунду.
***
...Сөз аягында айта кетейин.
Куйручук өзү атайылап сурагандарынан алам дегенин албай койчу эмес. Демек, эч ким
анын сөзүн эки кылбайт эле. Ал тургай аны өздөрү артынан издеп барып, койкозу, акча
бергендер болчу. Эң негизгиси — Кукең өзү сурап алса да, же өздөрү ага беришсе да эч
кимдин ичи ачышканын укпадым. Тескерисинче, «Куйручук менден бир кой алды»,
«Куйручукка жыйырма сом бердим!» — деп мактангандарды, кубангандарды көп жолу
көрдүм.
ҮЧ АЧКА
Куйручук күзгө жуук «Көлмө» колхозунан келатып, көз байланаар маалда БашКууганды айылына ат бурат. Көп үйдөн башкалардыкына кайрылбай, Абайылда деген
кишинин үйүнө түшөт. Отузунчу жылдардын аяк чени болсо керек. Элдин көбү жакыр,
ичсе ашка, кийсе кийимге жетишпей турган кыйын кезең экен. Ошентсе да казаны оттон
түшпөгөндөр деле айылда бар болуучу. А Куйручук мунун баарын билсе дагы атайын
Абайылдага келет.
— Келиңиз Куке келиңиз! — деп сыпайгер тосуп алат үйдүн ээси. Бирок, оокаты
өпчап, кембагал эме кадырман адамга өз оюндагыдай сыйсыпат көрсөтө албай аябай
уялып калат. Каткан калама, карандай чай менен эле жатышат.
Абайылда эртеси таң сула сала ойгонот. «Үйүмө олуя келсе коноктой албадым. Атайы
чакырып келтире албагандар канча! Кукем тургуча бир козу таап келейин. Батасын
алайын» деген ойдо карбаластай атын токунуп, жуп бастыра берерде үйдөн Куйручук да
чыгат.
— Ой, Абайылда, таңзаардан каякка? — деп токтотот аны,— же мени таштап кете
берейин дедиңби?
—. Кечириңиз аке, азыр эле... тез эле келип калам,— деп мукактанат ал.
— Сенин сырыңды билип турам. Убара болбогун, түшкүн кайра, атыңды байла! —
деген кебин айтып, Куйручук арыктагы сууга колун малып, жүзүн чаят. Экөө кайра үйгө
ээрчише кирип, Куйручук баягы каламадан сындырып ооз тийип, аттанып кетмекчи
болот.
Абайылданын көңүлү чөгүп, маанайы өчкөн. Огобетерден шагы сынып, жер карап,
кейигенсип калыптыр.
— Шылкыйба Абайылда! Мата сый көрсөтөйүн деген жакшы ниетиңди билдим. Ушу
пейлиңе ыраазымын. Таарынбаймын. Жоктун жону катуу Эмне кылмаксың? Бу силерди
үч ачка дейт! Атың да ачка, өзүң да ачка, үй бүлөң да ачка! Эми муңуңа кападар болбогун.
Буйруса, ачкан кардың тоюнат, жыртык кийимиң бүтөлөт! Үйүңө бекеринен келбедим.
Ырыскы таштап кеттим! Оомийин, ишиң оңолсун!—деп батасын берип аттанып кетет.
Ушундан көп узабай айылда шайлоо өтүп, Абайылда айыл кеңешпнин төрагалыгына
шайланат. Анысына куйрук улаш жыл айланбай короосуна мал толот, достамырлуу болот.
КОЖОМКУЛ МЕНЕН БӨЛТҮРҮК, ЖЕ КУЙРУЧУКТУН
КАЛЫСТЫГЫ
Кожомкулдун кыргыздын кыйрыпа, казактын калкына атактуу балбан катары
таанылып, эңишем дегени эңилип, күрөшөм дегени жеңилип, ача буттууга, адам аттууга
алдырбай турган чагы экен. Айрыкча, анын даңазасы казактардын айтылуу Нурмагамбет
— Балбан — Шолагын ат үстүнөн алып түшкөн соң огобетер күчөгөн кези. Балбан-Шолак
өмүрүндө Кожомкулдан гана жеңилиптир. Узакка дейре канатташ эки элден Кожомкулду
коркутар балбан чыкпайт. Эрегишер эр жок, күрпүлдөшөр шер жок, тирешерге тең жок!
Кожомкул, Кожомкул бойдон! Деген менен элден чыгат тура акыры...
Оиузунчу жылдардын аяк чечинде Бишкек уездинде чоң маараке өтүп калат. Тойго
коңшу казак, өзүбек элинен да коноктор, балбандар, чабандестер чакырылат. Адаттагыдай
эле Кыргыз атынан Кожомкул балбан күрөшкө салынат. Анын атагынан, алп мүчөсүнөн
чоочуп эч ким түшпөйт. Түшмөк кайда! Бир маалда «Көлдөн келген Бөлтүрүк балбанды
күрөштүрөбүз. Азыр алып чыгабыз» — деп калышат Көлдүк чоңдор. Бирок, мааракени
башкаргандар буга көнбөйт: — Кожомкулга казак менен өзүбектен киши чыкпады. Демек,
намыс кыргыздын колунда! Эки кыргызды күрөштүрбөйбүз... Конокторго кеп болбойлу!
— дешет.
Ал кезде Бөлтүрүктүн атагы алыс-жуукка угулуп, аттай ташты аласалдырып, койдой
ташты колтуктап басып кеткен, уйду улактай көтөргөн чагы тура. А Кокеңдин мындай
өнөр аңазасы эчак эле элге тараган болчу. Ошентип, Кожомкул менен Бөлтүрүк күрөшпөй
калат. Тойдун солуңда боз үйдө табакташ болуп калышат. Алдыртан биринбйрп сындан
өткөрөт. Экөө тең Бири-биринин купулуна толот. Көкүрөктегү балбандык демөөр эки
алпты купуя ээликтирет. «Бир кармашып көрсөк ээ» дешет ичтеринен самап. Аңгыча
алардын оюн билгенсип, Жумгал менен Көлдүн билермандары собол таштап калышат:
— Кожомкул менен Бөлтүрүктү өзүбүз эле күрөштүрбөйлүбү...
— Балбандар арманДа калбасын!
— Байгеси эки тараптан он эки жылкы болсун...Бир айдан соң, эки балбан күрөшмөй
болот. Жер
ортосу деп Кочкорду тандашат. Убада сөз бекийт. Жумгалдыктар да, көлдүктөр да өз
балбандарын алдынала даярдай баштайт. Жалаң май чөкмө буудай, күчү күрүч менен
тамактандырып турушат. Өздөрүнүн да күндүр-түндүр ойлогондору ошол күрөш эле.
Көптүн күткөн күнү келет. «Кожомкул менен БөлтүрүК күрөтшзт экен» деген кабар эл
аралайт
Кожомкулду Жумгалдын Суусамыртанан үч жолу ат котортуп Кочкорго апкелишет.
Атайы жасалган араба менен Көлдөн Бөлтүрүктү жеткиришет. «Бүгүн балбандар эс алсын.
Жол жүрүп чарчашты. Эртең күн аркан бою көтөрүлгөндө баштайбыз!» — деп эки
тараптын билермандары макулдашат.
— Ээ, Кожоке, бу Бөлтүрүктү жыгасыцбы? — деп сурашат аны жандагандар.
— Балбан балбан күрөшкө жыгамын деп түшөт. Бөлтурүк оңой балбан эмес. Айры
төштүн алдына жаткан жок элем. Буйруса, жыгамын,—дейт Кожомкул тобокел кылып.
— Кожомкулдун атагынан сүрдөбө! Жыгып бер! — дешет Бөлтүрүккө көлдүктөр.
— Кожомкул сүрдөбөй турган кишиби... Бирок, сүрдөсөм келбей койбойт белем —
дейт Бөкөң дагы шерденип.
Эки балбан Бири-биринен сестенип, кайра батылданып, намыстанып турган чагы...
Кочкордун кан базары элге толгон. Чычкан аралап өтө алгыс. Аттуусу атчан, өгүзү бары
өгүзүн минип, жөөсү жөөжалаңдап келгендер. Калыстар шайланды. Кермеге он эки
жылкы байланды.
Эл чуркурап бата берип, адеп ортого Кожомкул чыкты. Бою адамдан бир бөлөк. Ай
далысы далдаят, Айры төшү калдаят. Булчуңдары күржүйөт. Жаактары кере карыш.
Кабаккашында ач жолборстун сүрү бар Атаңгөрү ким даап бет келмек буга!
Эл чуркурап бата берип, эми Бөлтүрүк чыкты бөлүнүп. Бука моюн, буура сан бу дагы
укмуш көрүнүп. Бою Кожокеңден саал пасыраак болгону менен андан тууралжын экен.
Зыңзың этип кенебейт, анчамынча кишини бучкагына теңебейт. Ачууланган аюудай түрү
бар, Атаңгөрү балбан деп ушуну айт!
Алаңгычакты, аркы бет маңдайдагы дөбөдөн капталдай чаап, ачайкырыкты салып бир
атчан көрүндү. Артында чаңы буралат. «Токто! Токто! Оо Кожомкул! Оо Бөлтүрүк!» деп
кыйкырып келет. Эл да, балбандар да жабыла аны карап калышты. Көрсө, кайран
Куйручук экен. Аты көл-шал. — Токтогула, туугандар! — деди ал колун жаңсап элге
кайрылып:
— Оо, эл-журт! Бул опурталдуу оюнду токтотолу! Акыл калчайлы! Эки арстан
алышса, экөө тең мертинет. Эки тоо кагышса, экөө тең көчүп аңга айланат. Эгер азыр бу
эки балбанды күрөштүрсөк, экөөнүн бирөө өлөт! Аман калганы он эки мүчөсүнүн экөөнөн
айрылып, айыкпас майып болот! Бул касирет кимге керек? Кимге кызык? Айткыла? Куру
намыс кудайга жакпайт! Силер да акыл тегереткиле балбандар...
Куйручуктун кебине каршыгып, каяша айтчу киши болбоду. «Олуяңан айланайын
Билип келген тура!» — дешти. Эмеле, бирин-бири кабыландай качырып, кара жерге
жапырууга комдонуп калган балбандар да жоошуй түштү. Куйручук аларга жүз бурду:
Эгем силерге
— Экөөңөр тең элден чыккан эрен пендеден чыккан беренсиңер!
каруукүчтү мол берген.
Экөөңдүн тең балбандыгыңар ашыккеми жок бирдей төп турбайбы... Мынабу элге
тамаша керек, а силерге жан керек! Кармашпагыла! — деди.
Кожомкул менен Бөлтүрүк бу сөзгө баш ийүүгө аргасыз болушту. Анткени, Кукеңдин
сөз жүйөөсү алардан балбан эле.
Элдин көзү дале Куйручукта. Ал атынан түшүп, канжыгасынан жембаштыкты чечип
алды. Кайра элдин алдына келди.
— Оо эл! Бу делебе козголгон кыйын болот. Эки балбандын тамашасын көрөбүз,
кызыгына батабыз деп келдиңер. Демиңерге суу сепкендей болбоюн. Азыр балбандардын
башка тамашасын баштайлы! Өздөрү да өкүттө кетпесин...
Куйручук колундагы жембаштыктан зоот аттарга ылайык жуп орус таканы алып
чыкты да бирин Кожомкулга сунуп: — кабыштыра кармап көр!—деди. Ал таканы эки
учунан кармап, өзүн карай ичкери толгоду эле, така ийилип барып, «чарт» дей түштү.
Кезек Бөлтүрүккө келди. Ал экинчи таканы кош колдоп, сыртты карай имергенде, анысы
да ийиле түшүп, эки бөлүндү.
Куйручук эми жембаштыктан кыркылып, бооланган кызыл талды сууруп, балбандарга
карматты. Анысы балбандардын шадысына чакталып бооланыптыр. Кожомкул сол колу
менен талдын үстүңдү уч жагынан кармап оң колу менен ылдыйкы жагыңан мыжыга
толгоду эле, боонун кыркылган учунан кадимкидей суу агып, жерге сарыгып турду.
Бөлтүрүк да боону аткый кармап, бураганда беш манжасынан суу сызылды.
— Тээтиги, чоң жээрде кашканы чечип келгиле,— деди Куйручук жарданып турган
жигиттерге байлануу атты көрсөтүп. — Жаныбар, Камбар-Ата тукумунан мындай жоош
мал болбойт. Үркпөйт, теппейт... Мына ушул атты отуз кадамга көтөрүп барасыңар! Отуз
кадам! Окус ашырып ийгениң ала көөдөксүң, кемиткениң чабалсың!
Бир жигит жээрде кашканы жетелеп келди. Не бар, не жок дегендей, астыңкы, арткы
буттарына бошураак тушамыш салынды.
Кожомкул далдайып басып келди. Эңкейе калып, атты жонуна салып жөнөдү. Ат
окуранып алды. Бул бир укмуштай көрүнүш эле. Бөлтүрүк да кыйналыпкысталбай
ошентти.
Эки алптын тамашасына элдин жарпы жазылды. Шыпшынгандар, уудуу түшкөндөр
көп. Ар кыл сөз чубагандар андан арбын.
— Ээ Кожомкул, сен Кожомкул эмес эле Кошой турбайсыңбы?! А сен Бөлтүрүк
Бөлтүрүк эмес, анык көк жалдын өзү экенсиң!—деди Кукең балбандарды күлкүгө ала
сүйлөп. Баягы байге Куйручуктун айтуусу менен тең бөлүндү. Калктын бу күнкү
калыстыкка көңүлү көтөрүлдү.
СӨЗ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
Куйручуктун сөзүн уккан кишинин бою сергип, көңүлү кушубак тартып эргип,
кубанычка бөлөңөр эле. Куйручук кирген үйгө кут кирүүчү. Ал үйгө эл чакыртпай эле
убайчубай жыйщып, ал тургай бешиктеги баланын да ыйлаганы тыйылып, .бардыгы СӨЗ
тыңшап калганына таң калганымды эмдигиче унута албаймын. Кут кирүүчү дегеним, үйдө
дасторкон жайнап, эшикте казан толо эт кайнап, өзүнөн-өзү, той түшүп калуучу. Эл эт
жегенге эмес, сөз укканы келүүчү.
Бир жолу Куйручук Чаекке келип калды. Абышкаларды ээрчип мен да бардьш. Ал
аңгемесин айтканда кээде куюлуштуруп, кээде жамактап, сөз араларына
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 13
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов