Latin

Эй, бу Куйручук - 15

Общее количество слов 3914
Общее количество уникальных слов составляет 2318
28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
өгүзгө арпа жүктөп Жумгалга келет. «Бу экинчи эрдигим деп эсеп кылып жүрөм. Муну
кандай баалайсыңар» — деп калар эле Куйручук.
Үчүнчү эрдигим — дале ошол ачарчылык жылдар. Тогуз-Торого барып калдым. Кыш
жазга утурумдап калган, жаш кар лапылдатып жаап жатат. Жумгалга кетейин деп жалгыз
чыгууну тобокелге салдым. Атым ишеничтүү эле. Тогуз-Торонун Ит-Жол деген жолуна
салып келатсам алдыман жөө кишинин изи кетиптир. Колунда таягы бар окшойт. Чарык
чокойчон экен, таманы жарым кеске жакын көрүнөт. Ушундай учурда жалгыз жөө жүргөн
сен дагы эразаматтын бири экенсиң деп ойго батып келатсам, баягы издин артынан
тамандары тайлак төөнүн таманындай болгон эки дөбөт карышкырдын изи кетиптир.
Эмнеси болсо ушул жигиттин көзүн көрүп калайын, бул эки карышкыр бириксе соо
коюшпайт деп катуураак жүрдүм. Ит-Жолдун капчыгайына кире вериште коргон бар эле.
Ошого жетип келдим. Коргонго жакындаган атым кошкуруп баспайт. Камчы менен
басып-басып алганда чукул кирип бардым. Ноолунун тегереги айланта кан.
Карышкырдын издери жатат. Короого кирген боюнча адамдын изи кайра чыкпаптыр.
Атчан кирип бардым, короонун ичи да бүт кан. Короонун ичинде үстү жабык каалга,
терезеси жок там бар экен. Тамдын эшигинин алды да кан. Аттан түшө калып эки жакты
карасам эчтеке көрүнбөйт. Ичине баш бакканда баягыл жигит көзгө чалдыга түштү.
Карышкырдын бири өлүп жатат. Жигиттин бир колунун күң жилигинин этин кийими
менен кошо жулуп кеткен экен, сөөгү кашкайып көрүнүп турат. Мен эшиктен
башбакканда эле «адамзатсыңбы?»— деп бир ооз сөзгө келип, башка сүйлөөргө дарманы
келбей жан берди дейт. Аңгыча болбой тамдын оозунда турган атым төрдү карай өтө
качты, жерди сыйпаласам муштумдан чоңураак таш колума уруна түштү. Эшик жакты
карай калсам дөбөт карышкырдын бири мени тиктеп турган экен. Мен да ташты кармаган
боюнча аны тиктеп калдым. Экөөбүз тең кирпик ирмешпей бир азга тиктеше түштүк.
Тиктешип тура бергенден пайда жок, баары бир тиги атырылып келип кол салат деген
ойго келдим. «Чын колдогонум болсоң колдо» — деп туруп колумдагы таш менен тумшук
талаштыра уруп калдым. Карышкыр каңк дей түшүп чалкасынан кетти, атты коё берип,
ыргып жетип алкымдан алдым. Белимдеги кыңырагымды алып дароо кекиртегин шылып
жиберип, атыма келип чылбырынан кармасам калчылдап турган экен. Чындап ошол
жерден колдогонум колдоду, болбосо... Атты бекем байлап эки карышкырды союп
терилерин бөктөрүп, баягы жигиттин сөөгүн өңөрүп алып, Ит-Жолдун капчыгайына алып
келип, Каргакузгун жебегендей кылып жашырдым. Бул — бир эрдик. Буга силер кандай
баа бересиңер? — деп калаар эле Куйручук — деп Мидин отургандарга саймедиреп
берген.
КУЙРУЧУККА ШАРШЕНДИН КЕЛГЕНИ
Кадимки куудул Шаршен Куйручуктун кабарын сыртынан угуп ага жолугуп
амандашсам, азилдешип, сүйлөшуп көрсөм, алтындан баалуу сөздөрүн угуп, таалимин
алып, куудулдугунан куржунга салып келсем деп тилек кылат. Бир күнү атайын камынып,
Жумгалды карай жолоочулап жөнөйт. Шамшынын белин ашып, Кызарттын дабанын
басып, төртүнчү күнү дегенде Жумгал өрөөнүнө келди.
Кечке маал күн баткан убакта Куйручуктун айылына жетип, анын үйүн сурамжылап,
аттан түшүп, эшик ачып үйгө кирди. Үйдүн ичи толгон эл. Алар Шаршенди жабыла карап
калышты. Көпчүлүгү алыстан келген меймандар окшоду. Шаршен босого жактан баштап,
кыркалай отургандарга бирден кол берип, имерилип төргө өттү. Куудулмун деп ыраактан
келген соң, Куйручукка
куудулдардын салтында учурашмагы абзел болучу. Ал Куйручукка жетип, колун бек
кыса кармап коё бербей:
— Амансызбы, эсенсизби? Оо жарыктыгым, саламатта турасызбы? — деген сөзүн
улам кайталап, көчүгүн чайпады.
— Ээсине эркелеген кара дөбөттөй болгон сен кимсиң? Эмне куйругуңду
бултакдатасың? Коё бер колумду? — деди Куйручук.
— Туура айтасыз. Ээмди жаңы көрүп эркелеп жатпаймынбы? — деп Шаршен дагы
көчүгүн чайпап койду.
— Оо, кудай ургур, итче эркелебей, кишиче эркелесең боло?..
— Ырас, ырас, итче эркелебей кишиче эркелейинчи... ха-ха-ха — деп Шаршен өңүбашын өзгөртүп, көзүн сүзүп, мурдун чүйрүп, таноосун дердеңдетип калды.
— Мурунтугун каңтара түргөн кара бука мурунданып, мурдуңду чүйрөсүң да, мен сага
кунаажын белем?
— Капырай жагынып жатпаймынбы, жарыктык...
— Букача жагынасыңбы? — деп кошумчалады Куйручук.
— Мунуңуз да туура экен. Анда адамча жагынайынчы,— деп дагы өңүн өзгөртүп,
оозун ачып, тилин сунуп, мурдун кышылдатып, Куйручукту жөөлөмүш этти. Куйручук:—
Энесинин эмчегин эмген топоздун музоосундай түрткүлеп, мурдуңду кышылдатасың...
Деги ким болосуң? Колумду коё бер,— деди.— Жарыктык, атайын учурашайын деп
келсем мурдума эле асылып калдыңыз да, деги муну жоготоюн, мурун базарга алпарып
сатайын. Акда эмне дээр экенсиз — деди да колун коё берип таарынган өңдөнүп жанына
олтуруп калды.
— Сатып алгыдай сенин мурдуңду маңка атка жем баштык кылмакчыбы? Же өпкө
ордуна бере турган үкүсү бар дейсиңби? Жалаа кылбай аман кет. Мурдуң өзүнө эле
буюрсун. Эми дайыныңды айткын деди Куйручук.
— Шаршенмин!
— Ээ Чүйдүн топозумун дегин...
— Сиз өзүңүз ким болосуз?
— Куйручук боломун.
— Ээ, Т.янь-Шандын текеси турбайсызбы?
Эл күлкүгө тунду. Шаршендин купшуңдап куудулданганына, Куйручуктун элестүү,
таамай таап айткан сөздөрүнө ыраазы болушту. Экөө жанаша олтурушту.
Таанышып, тамашалашсам,
Кол беришип, койкоңдошсом, Жүз көрүшүп сүйлөшсөм, Бакылдашып, баарлашсам —
деген тилегим буюруса орундалмай болду, Куке!—деди сөз арасында Шаршен жарпы
жазылгандай.
Шаршенди Куйручук үч-төрт күнү жанына алып эл аралатты. Сый көргөздү. Калк
кастарлаган чечендин ар түркүм сөздөрүнө чери жазылып, көңүлү көк асмандай ачылып,
Шакең бешинчи күнү дегенде кайра Чүйгө бет алды.
***
Кийин Куйручук жөнүндө Шаршендин: «Өзү ырчы, көрөгөч сынчы экен. Бет алган
жагынан тартпаган, бир киши астынан туура баспаган, сөзгө бай, чечен, беттешкендер
Куйручуктун сөзүнө куйкаланган экен эчен. Жөн билгилигинде даба жок, жок нерсеге
күйпөлөктөгөн санаа жок, адамдын сырын билген, айтууга сөзү белен, кара жаак, көк жал
киши экен Куйручук» — дегени бар.
КУЙРУЧУКТУН ЖАЗУУЧУЛАРГА СЫН БЕРГЕНИ
(Мидиндин айтканы)
«Мидиндин өз оозунан уккамын, анын өз сөзү менен айтайын» — деп, Жумгалдагы
Чаек кыштагынын тургуну Сабырбек Кулмамбет уулу кеп салаар эле.
1939-жылдын жайында Бишкекке Куйручук келиптир, жазуучулар менен жолугушуп,
сүйлөшөт экен деп калышты. Күтүп турдук. Көп узабай келип калды. Баарыбыз Кукеме
кол берип учураштык. Алжай сурашып, азыраак отурган соң, Куйручук өзү эле айттырбай
таанышууга өттү. Меселдете сүйлөп, четибизден эле собол салып сын бере баштады.
— Ат качырбас ала айгыр деген ушу. Мунун калем
кайраты да жакшы. Өмүрү да узак экен!—деди Аалыны көрсөтүп.
— Ээ, мынабу жигиттин сапары бүтмөгүнө жакындап калыптыр. Алыска кетет.
Болбосо, тулкусунан ыр түнөк алган жигит тура... дебеспи Жусуп Турусбековду карап.
— Арабанын четки атындай жулкунган бу кайсы балам? — Кубанычбек Маликовду
бизден өзү сурап калды. Күлүп жооп бердик.
— Ооба, укканым бар. Баягы жылы Суусамырга барып, бу замандын алпы
Кожомкулдун үйүндө конок болуп, бир баглан козунун этин жеке өзү жеп, тойбой калып,
берген этиңер ушул элеби деп табагын тегеретип жиберген жигит ушу турбайбы...—
Баарыбыз тең каткырып калдык.
— Сөзмөр, куйма кулак экенсиң балам. Урмат сыйдан куру болбойсуң. Өмүрүңө өкүт
кылбагыдай жашайсың,— деди анан ал Кубанычбек тууралуу.
— А мынабу, атан төөнүн тизе жүнүндөй саксагай баш, өз чачын өзү тебетей кылып
кийип алган кайсы бала? — деди Жоомартка бурула берип.
— Жоомарт Бөкөмбай уулу, Токтогулдун жээни болот! — деп Касымаалы
баарыбыздан озунуп жооп бере салды.
— Бу тармал балама кудайым чоң өнөрдү аянбай бериптир. Атаңгөрү ай, бирок,
өмүрүнүн кыскасын кара! — Ушуну айтып Куйручук саал тунжурай түштү. Баарыбыз тең,
өзүбүздү ыңгайсыз сезип, эмнегедир жер карадык.
— А береги, үстүңкү эрди менен көк, астыңкы эрди менен жер шыпырган немеңер
энесинин ичинде кантип жүрдү экен? — Кукем, эми баятадан сөзгө кыпчыла калып,
чеченсинип олтурган Касымалы Жантөшевге карады.
— Энем талаада тезек терип жүргөндө эле, түшө качыптырмын,— дей салды дагы
Касымаалынын оозу жөн турбай.
— Ай ушу сенин энеңдин сабаасынын кеңдигине баракелде! — деди Куйручук.
Баарыбыз дагы каткырдык. Таш тиштегенсип, Жантөшевдин жаагы жап болду.
— А бул улууңузга кандай сын, баа бересиз? — дешти мени — Мидинди көрсөтүшүп.
— Көчүгү илбирс, көкүрөгү карышкыр, картаң өрдөк мурунданган шылдыңчыл,
тамашакөй уул экенсиң. Сөзүңдү сыйласа жамакчы, өзүңдү сыйлабаса аракчы
турбайсыңбы. Булбул тилдүү, күкүк үндүү акын да болорсуң. Ап баламай, бирок таалайың
тайкы! — деген эле Кукем...
* Жазган китептин жаратманы.
— А сенин балам, жолуңду боз чалып турат, тирүүңдө жакшылык көрбөйсүң,
өлгөндөн кийин арбагың чоң болот! — деп Алыкул Осмоновду айткан.
***
Кыстырма сөз: Куйручуктун кыргыздын белгилүү акынжазуучуларына алдынала
айткан сынын турмуш да ырастаганы журтубузга белгилүү— (Э. Ө.).
куйручуктун чоң өнөрпоздорго сын бергени
(Белгилүү комузчу, ырчы Шекербек Шеркуловдун айтканы)
1937-жылдын май, июнь айларында Нарын облусуна гастролго барып калдык.
Кыргыздын кадимки кыраан таланттары катарыбызда. Жер кыдырып, эл көңүлүн көтөрүп
дегендей, акыры Жумгалдын «Кызыл-Туу» колхозуна оюн койдук. Салт боюнча кечкурун
алты канат боз үйдө конок болуп, уй мүйүз тарта малдаш урунуп, кымыз ичип олтурдук.
Аңгыча, бир сакалдуу киши боз үйдүн босогосун аттады. Төрдө отурган Калык ордунан
тура калып, өзү басып барып учурашты. Биз да дүрбөп калдык. Көрсө ал киши Куйручук
экен. Көзүнөн оту жанып, карс-карс күлдү:
— Ордуңарга отура бергиле, азаматтар! Бул үй өзүбүздүкү...
Куйручук менен Калык алжай сурашып олтурушту. Анан Калык ар бирибизди
тааныштыра баштады. Жарыктык Кукем мурда эч бирөөбүздү көрбөсө дагы таасын
баалап таштады:
— Карамолдо Орозов...
— Кош ооз мылтык мурунданып, бул кыл тырмаган жагынан биринчи адам, астына
башка комузчуну чыгарбайт.
— А бу Чалагыз Иманкулов...— Муну да билем, Карамолдо экөө жердеш, күңгөй
саяктардан. Дандырга бышкан шырмак токоч беттенип, комузду жакшы чертет. Экөөбү
тең мыкты комузчулар турбайбы. Бири-бирине шакирт кишилер...
— Алымкул Үсөнбаев...
— А бу киши 1912-жылы Шабдан баатырдын ашында ырчылардын сабында болгон.
Ошондо «Бадышам» деген ырын уккамын. Бөксөсү жок, төкмөсү көп акыш болот
дегемин. Алымкул жерден оюп алгандай, калмактын чөйчөк жылкысы кейиптенип,
текиреңтаскагынан жазбайт...
— Шаршенди билесиз го...
— Билбей анан. Шаршенди мен күчүк кезинен багып чоңойткомун. Кийин дөбөт
болгондо Кукесин тааныбай, кээде борсулдап коюп жатпайбы. Баламдай көрүп, ак
батамды бергем, топоздун музоосу тумшуктанып, азыр куудулдуктун кыйыны.
Шаршенден кийин кыргызда кыйын куудул чыкпайт...
— Молдобасанды укканыңыз бардыр?
— Мунун атасы Мусулманкул Ак-Талаадагы мыкты деген кишилердин бири эле. А бу
уулу Молдобасандьш «Манас», «Семетейди» айтып, секетпайды ырдаганык угуп жүрөм.
Анык манасчынын обону мына ушу Молдобасанда. Акындыгы, комузчулугу да,
обончулугу да бар. Төрт аягы тең жорго, кудай колдогон адам.
Анан Куйручук Мусаны карап калды:
— Жаңыдан тууп, музоосун жалагылап турган ак уй көздөнгөн бу ииим кайсы?
— Куке, бул Баеттин уулу Муса деген обончу, кыякчыбыз ушу, өзүбүздүн инилерден
эмеспи...
— Кана жигитим, ырдап көрчү,— деди Кукем анда. Муса «Арпанын Ала-Тоосунанды»
созолонтту.
— Айланайын, үнүң тунук турбайбы, сен тоо булбулу экенсиң! — деп ал ыраазы
болуп, анан Абдылданы көрсөттү:
— Бу тээтиги Аксы, Турпандагы куурулган кытай кейиптенген иним кайсы элден?
— Бу Түштүк Кыргызстандан, Байышов Абдылда деген эл кыякчыбыз...
Эмнегедир Кукем эч нерсе айтпады, саал башын ийкеп, тек Жумамүдүнгө өтүп кетти:
* Баянды угуп, кагазга түшургөи Кубат Осмонбет уулу.
— Мобуреки көзүн жыртып тешкенсиген, сойгон түлкү ооздонгон балам кайсы?
— Жумамүдүн Шералиев, баарыбыздын кичүүбүз, инибиз, өзү Ат-Башылык...
— О айланайын, сен Кыдыр даарыган жан экенсиң! Бирок, сенден акын же ырчы
чыкпайт, мыкты обончу, болосуң. Обонуңду созо бер балам...
Боз үйдө отурган артисттерге өз баамын айтып, кезек мага да жетти:
— Мынабу кырчаңгы чабдар кер бышты сыяктанган ким, кайсы элден?
— Куке, Шекербек Шеркулов деген жигит ушу, Таластан болот?..
— Иним сенден жакшы комузчу чыгат. Комузуңдун аркасы менен элге алынасың.
Ырчылыгың да бар тура! — деп баамын айтты мага.
Ушундай куп сындаган, тамаша аралаш сөздөр уланып, касиеттүү Кукем аягында
Калыкка да кайрылды:
— Арабанын четки атындай жулкунган, кайкы бел карагердей инимди көптөн бери
билем, өзүбүздүн Жумгалдан эмеспи. Акын аттууга жемин жедирбейт, күдүк ой
калтырбайт. Ак таңдайларга тең болсо тең, асты кем эмес... Силер дагы кийин
баамдарсыңар, Калыктын ырчылык баатырдыгы да бар. Мындай касирет чанда бир
акында болот.
Курсак жаш сорполуу эт менен, көңүл жакшы айтылган кеп менен тойду. Акырында
Куйручук баарыбызга ак батасын берди.
ЫЙЫК БАЛА
1976-жылы Жумгалдын Багышан айылына барып, Куйручуктун өз уулу Мукат
аксакалга жолукканымда, а кишинин өз оозунан буларды уккамын,— дейт Алтымыш
Ашыракман уулу.
— Атамдын эмчектеги баладай жылаңач, сакалы чубалжып турган колдоочусун
кичңнекей кезимде көргөмүн. Чамасы бешалтыдагы кезим болсо керек. Атам: «Мукат,
садага болоюн, мен намаз окуп атканда үстүмө кирбей жүр, агер кирип калсаң, намаз
окулуп бүткөнчө кайра эшикке чыкпай, уктабай отур» деп кээ-кээде эскертип калар эле.
Бир күнү төркү үйгө кирип барганымда атам намаз окуп атыптыр, жанында аксакалы
эшик төрдөй чубалган жылаңач бала ойноп олтурат. Берки бурчтагы көлдөлөңгө акырын
жантая калып, бирде атамды, бирде берки сакалчан баланы карайм. Эмнегедир коркконум
жок. Атамдын баягы эскерткен сөзүн эстеп, жакшы эле уктабай олтургам. Намаз өтө
узакка созулгансып, денем талыкшып, кирпиктерим жабышып баратканын бир билем.
Аңгыча, төбөм зың дей түшкөнүнөн көзүмдү ачсам, атам мени төбөгө бир коюп,
маңдайымда ачууланып туруптур:
— Сени менен эки Куйручук чыкмак эле. Эми болбой калды, жай турмушуңду өткөрө
берерсиң! — деп кайта башыман сылап басып кетти. — Мукат аксакал чокчо сакалын
сылай өкүндү.
КЕРЕМЕТ ЖӨНҮНДӨ КЕП
Куйручук бир күнү райондун борбору Чаек кыштагына келип, Кудайберген Карымбаев
деген кызматкердин үйүнө кайрылып калат. Үйдөгүлөр эшикте жүрүшсө керек.
Бешиктеги кызды чечип алып, башын чыгарып, куржунуна салып, канжыгасына байлап
аттанып жөнөй берет. Ошол убакта наристенин чоң энеси көрүп калып, «Айланайын, бул
эминең? Таштап кет!» дейт жалынып. Кыздын энеси да чуркап келип безилдейт.
Канжыгагадагы кыз күлүп жүрөт дейт атакелеп Куйручукту...
— Үйдө жууркандын арасында отуз эки сом акча турат. Ошону мага апкелип чечип
ал!—дептир.
Эне отуз эки сомду алып чыгып, кызын канжыгадан чечип алат. Куйручук «Кызың
өмүрлүү болсун!» деген батасын берип жолун улайт. «Эч кимге барбай, качып ыйлачу
эле... Капырай!» — дешип таңгалышат. Бей эле акчага чыгым болдум дебей эне кубанат.
Кайненеси да бир улак түлөө кылалы дейт сүйүнүп.
Куйручук ырымдаган ошол кыз кийин бой жеткенде айтылуу Мидинге жубай болгон
Жыпарийса экен.
***
Бешалты адам ашканада пиво ичип олтурушуптур. Аңгыча Куйручук тууралуу кеп
башталат. Арасында Жумгалга келгенине аз эле болгон Байкарин деген чүйлүк сот бар
экен. Ал тигилердин сөзүн бөлүп:
— О койсоңор боло Жумгалдыктар! Калыгыбыз мындай, Куйручугубуз андай! — деп
эле мактакасыңар. Калык ырдаса ырдагандыр. А Куйручук өзү эле билип алат, айтканы
айткандай келет дебегилечи... Мага келип көрсүнчү! Кереметин көрөйүн! — дептир.
Ошол учурда эшиктен аңдып тургансып, Куйручук шып кирип келет. Баягы сотко
тигиле карап: «Келе, чөнтөктөгү кырк сомуңду?!» дептир. Олтургандардын баары
апкаарый түшүп, орундарынан тура калышат. Соттун колу калчылдап жатып,
чөнтөгүндөгү кырк сомду Куйручукка кармата салат. Жыйырма сомун жанындагыларга
таштап, калганын жолдогуларга беремин, а сен көзүңдү ачып жүр, көп жылы сот болосуң
деп ал эшикке узайт.
— Ии Куйручукту көрдүңбү?..
— Ушулбу?..
— Ооба, жана сен келип эле көрсүнчү деген Куйручуктун өзү!
— Жоок, адегенде мага ажыдаар кебетеленип көрүнгөн. Анан адам экени байкала
түштү—дептир сот.
Куйручук кээде кээ бир адамдарга бүркүт, жолборс, же карышкыр болуп көрүнчү
дешет.
Маматемир деген карыя мындай эскерчү экен:
— Көк-Ой мектебинде деректир элем. Азыркы чоң жолдун күн жүрүш жээгиндеги
таарумду сугарып жүргөм. Бүтө жаздап калгам. Караңгы жаап, көз ирмелген маал. Аңгыча
бир атчандын карааны жолго токтой калып, «Ой, Маматемирсиңби?» деп үн салды.
Үнүнөн улам тааный коюп, айдоонун четине чыгып келдим. Салам айттым. «Келе
колуңду» деп, колумду кыса кармап учурашты да «Кана. кара кашка козуңду соёсуңбу? —
деди күлүп Куйручук. «Соёюн, бирок...» дедим апкаарып. «Ии, сен биле элексиң, жүрү
үйүңө» — деп мени ээрчитип жөнөдү. Үйгө келсем чын эле кара кашка козу байланып
туруптур.
Бата кылып, баягы козуну союп кирдик. Атам Сулайман жин окуган молдо болчу.
Көрсө, баласы элирме менен ооруган бирөө таштап кеткен экен козуну. — Эчтеме эмес!
Баласы айыгат! — деп койду Куйручук.
Эт бышкыча сыртка чыктык. Кобурашып басып турдук. Бир маалда Кукем тунжурап,
унчукпай калды. Аздан соң гана: — Маматемир, бул жер мурда Он-Тал деген жер эле. ОйТал аты өчүп, Көк-Ой атка конуп кетти. Жери бир кес ылдыйлап кетиптир. Эли бир
алааматка учурайт... Деген кебин айтып, дагы унчукпай калды. Мен аң таң болдум. Такып
сурабадым. Сурасам деле жактырбай коймок. Ал күнү конок каадасын кылдык. Эртеси
эрте туруп, коштошуп узап кетти.
Ошондон көп өтпөй улуу согуш башталды. Көк-Ойдун да эразаматтары согушка кетти.
Ага удаа ачарчылык, оору каптап айылдагы жүз жыйырма түтүндүи токсону өлүмгө
дуушар болду. Согушка кеткен эрбүлөнүн көбүнөн кара кагаз келди... Мындай апаат ал
жылдары Жумгалдын көп жеринде болгон. Бирок, Көк-Ойдо өзгөчө эле..
АЛТЫН БАШ ЖӨНҮНДӨ БАЯН
— Куйручук Байзак баатырдын акылмандыгын, сөз билгилнгин дайыма урматтап
эскерчү экен. Андан убагында уккан баалуу баяндарды, санжыраларды куйма кулактыгы
менен улаган, элге жайылткан Куйручук болгон. Мен «Алтын баш жөнүндөгү» кепти
Куйручуктун өзүнөн уккан карыялардан уктум эле,— деди Абдыхалил аке.
***
— Илгери Узун-Кабактын Тер-Жайлагында өткөн чоң манап Райымбектин айтылуу
ашында кетментөбөлүк Эрназар баатыр менен жумгалдык Аксакал баатыр эр сайышка
түшкөн. (Ал кезде сайышкан эрлерди балбан деп да коюшкан).
Эрназар балбан күрөшкө чыгып, айры төштүн алдына жатпаган, эңишип ээрден көчүгү
кылтайбаган, сайышып найзага солк этпеген, баатырдын баатырын жеңген, балбандын
балбанын эңген пендеден өзгөчө жаралган шер экен. Зорлугу андан кийин көрүнгөн
Кожомкулдай бар болчу дешет. Ошондо отуз бир жашка толуп, айда болуп турган убагы
турбайбы. Атагы кыргыздын ал учу менен бул учуна угулган Эрназарга даап чыгуу оңой
эмес да. Ал эми Аксакал андан кичүү. Күрөшкө, эңишке түшкөн балбандыгы жок болгон,
бирок, эр сайыштан эченди аңтарып аттан түшүргөн, ал тургай айрымдарын өлтүрө сайып,
канкор атыга баштаган эрен экен а дагы. Бою жапалдаш, кең далылуу, жайык төш эле
дешет аны.
Ошентип эки тарап эки баатырды сайышка даярдап, чуктап кийиндире баштайт.
Саяпкер билерманы ат тандап, кашкөй калысы найза камдап калышат. Эрназар:
«Аксакалдын арманы ичинде калбасын» деп ага атайы киши жиберет. — Мага чыкпасын,
жашында жайрап калат! — деген Эрназардын сөзүн айтып келет бири. — Түшүмдө кара
чаар жыландын башын чайнагам! — деп күлүп коёт дейт анда Аксакал камырабай.
(Ырасында анын ушундай түш көргөнү чынга жанашат). Найзага түшөр күнү ошол түшүн
Байзак манап баш болгон өз мыктыларына айтыптыр. Алар «түшүң жакшы экен,
баатырды жайлайсың!» — деп жорушат. Ушу түшүнөн соң Эрназардан башта оголе
чоочуп, сестенген Аксакал кыйла шердене түшөт.
Эми, Аксакал тарабындагылар кетментөбелүктөргө тыңчы да, ырчы да жиберишет.
Тыңчысы тиги баатыр кандай кийингенин, кандай ат мингенин билип келмек. Ырчысы
Эрназар атка мингенде анын жүрөгүнүн үшүн алып, коркутуп ырдамак.
«Эрназардын камы бүттү. Бука моюн экен, үстүнкү топчулугу жетпей, чуркулдайы
гана ачык калды. Зооту саал кичинелик кылып, өйдө чойсо жете бербей, жайык төштүн
өйдөңкү алакандай ачыгына булгаары төшөлдү» дейт баягы тыңчылыкка барганы. Муну
Аксакал ошо замат көңүлүнө түйүп койгону. Аксакалдын да камы аяктады. «Өлсө дагы
аттан түшпөсүн!» дешип анын күйөрмандары амалкөйлүк кылып, жаргак шымдын ичинен
эки жоон санды чылбыр менен байлап, багалектен өткөрүп, жигин билдирбей басмайыл
менен кошо бек тартып коюшат.
Чаар ат минип, адегенде Аксакал баатыр чыгат алдыга. Ошондо баягыгатайы
жиберилген ырчынын Эрназардын жүрөгүнүн үшүн алмакка ырдап турганы:
— Тээтигил,
Ак боз ат минип болкойгон, Айбалтадай колтойгон. Сайып жыйып он төрттү, Шейит
кылган жетини, А дүйнө жайга узатып, Таттырган бейиш тузунан, Таптырган урдун
кызынан, Ал саяктардын Аксакал, Сан кыргыздын баатыры.
Эрдемсинген эй Эрназар, Ал сени саямын деп жатыры!
Ырчынын бу ырына кулак салдыбы же салбадыбы, ким билсин? Эми Эрназар баатыр
чыкты дейт, чоң жээрде кашкага камчы уруп. Сайышмакчы жер түз эмес, саал айдөш экен.
Эрназар эңкейиштен төмөндөтө, Аксакал өөдөлөтө качырышмай болот.
Калыстын белгиси берилип, эки баатыр качырышып жөнөйт. Беттеше келгенде
экөөнүн тең найзасы ортосунан сынып кетет. Көрсө, бул алардын адепки тоорушмагы,
сынашмагы болгону.
Экинчи беттешүүдө найзакерлер мурдагыдан катуу качырышат. Тулпарлардын
туягынан түтүндөй чаң бурайт. Көпчүлүк демин ичине алып, көздөр ошоякта. — Жаныбар
чаар ат бу жолу башкача чуркап алыптыр! Коёндой бөгүп, кайта эликтей ыргып, кош
кулагын жапырып баратканын кер! Ай, Аксакал соо койбой калды! — дешет сынаакылар.
Как жүрөктүн тушу деп, кан жутар кезиң ушу деп Эрназар барат чу коюп. Оозомуртка
тушу деп, оңбос жери ушу деп Аксакал барат чу коюп. Эки тулпар, эки эр эми бет
келгенде, «карс» деген үн угулуп, чаң ызгып эле калганы. Аксакал чаар аттын соорусуна
чабыла түшүп, башы төмөн шылкыйып ооп баратып, кайра эптеп оңоло калып, ээрдин
кашына колу жабышат. Чаар ат эстүү мал экен, кишенеп жиберип, ээрге өбөктөп ээси
оогон ээсин өзү тарабына ала качып жөнөйт. Ал эми чоң жээрде кашка эмнегедир бир
орунда тегеренип калды дейт. Ээрден копшолуп, козголуп да койбой ат үстүндө зоңкоюп
Эрназар отурат. Адегенде көпчүлүк анын эмне болгонуна түшүнө бербейт. Бешалты
жигит ага чаап жетип, баатырды көргөндө өкүрүп жиберишет. Өкүрбөгөндө кантмек алар!
Кокодон кирген найза көк желкеден көрүнүп турса! (Аксакал Эрназардын баягы ачык
калган чуркулдайын болжоп саят. Найза кабаттап койгон булгаарыны жырып, төш
сөөктүн үстүңкү кырын жемирип өтүп, андан тайып, чуркулдайдан кирип, оозомуртканы
талкалайт да шилиден эки карыштай чыга түшүп токтойт. А берки коко жактагы сыныгы
тутамга толор калат)!..
Эрназардын баатырдыгын кара! Өкүргөндөрдү Колун жаңсап өзү токтотот. Тизгинди
тартып, үзөңгүнү тээп, соо кишидей аттан түшөт дагын он беш кадамдай басып барып,
кыбыланы карап сынар тизелеп отурат. Саамга асманды тиктейт. (Жарык дүйнө менен
коштошкону да). Анан кош колдоп кокодогу найзаны өзү жулуп салат! «Кор» этип кан
жайыла берип, кайран эр ошондо бүк түшөт! Өлүп баратып да аттан түшпөй өлүп баратып
да жеңилип бербей, баатыр акыры жер кучактап жыгылат. Жеңилүү, багынуу деген эмне
экенин билбеген кайран шер акыры ажалдан гана жеңилип, ажалга гана багыныптыр!
***
Кетмен-Төбө тараптан отуздай киши Жумгалдын чоң манабы ошол кезеңде
кыргыздагы кадырмандардын бири — Байзак баатырга доо менен келишет.
— Балбан саймай бар эле, башка саймай жок эле! Урматтуу баатыр, силердин балбан,
биздин балбанды башка сайып өлтүрүп отурат. Наркты буздуңар, салтты буздуңар! Эмесе,
кан төлөйсүңөрбү же кун төлөйсүңөрбү? — дейт жоон топту баштаган киши.
Байзак баатыр жанжагына сыдыра көз жүгүртүп, жай, калбаат сүйлөй баштайт:
— Алибетте, Эрназардын өлгөнү жаман болбодубу... Кандай болсо дагы жан кыйылды.
Өмүр үзүлдү. Ушул жагы өкүндүрөт. Ушул жагы жаман болду. Аллатаалабыз пендесине
ар кандай ажал жазган эмеспи. Бирине октон, бирине оттон, бирине чоктон, бирине
зоодон, а бирине суудан, а бирине найзадан! Эрназардын көрөр күнү бүтмөгү, ичер
суусунун түгөнмөгү найзадан экен! Эгемдин бу жазганына биз эмине демекчибиз?..
Тууганым, сен наркты, салтты буздуңар деген маселетти айтып турасың. Сөзүңө
караганда өзүң наркты, салтты билбейт окшойсуң? Угуп тургун! Наркты салт ээрчийт.
Экөө ажырабайт. Нарктын жолу менен алганда эр сайышка түшмөк болгон киши уулу
өлүмгө башын байлайт. Бул баатырлыктын салтына да ылайык келет. Ал эми эки
баатырдын кимиси найзадан ажал табаарын эгемден бөлөк жан киши билбейт. Силер
балбаныңарды сайышка салаарда анын эпадам өлүп калар жагын ойлогон жок белеңер?..
Ойлонбой салган болсоңор нарк ошондо эле бузулган! Ээ тууганым, эми, «кан
бересиңерби же кун бересиңерби?» деген соболуңа келели. Салтка таянганда сайыштан
өлгөн эрдин канына кан бермей жок! Кан бермей бер экенин мен билбеймин, агер
билгениңер болсо айтып көргүлө! А кун төлөө жөнүн антканда кеп башка. Найзадан
набыт кеткен балбандын куну эр сайыштын байгесинде бычылуу. Эки балбандын бири
көз жумса, байге ошол тарапка, кун ордуна берилет. Салтта ушундай! Эми, эрежешарт
жөнүн айталы... Эр сайыштын эрежешартын бузган балбан Айып тартат. Муну калыстар
тактамагы, чечмеги оң. Агерде, Аксакал эрежешартты бузуп сайган болсо, анда ага айып
тарттырабыз! Мен Эрназардын жараатын көргөн жокмун го, буерде отурамын... Башка
сайды деп айтып турасыңар... Алтын баш деп эмнеликтен айтылат? Алтын баш деген
эмине?
...Акылды алдына баскан алтын табактын үстүнө чач чыгат. Андан ылдый тагдырың,
таалайың жазылган жазы маңдайың. Мындан соң келбетиңе көрктү, сүрдү берген
керилген эки кашты, алаканыңа бассаң ага баткан, тарта салсаң асман-жер, бүт аалам
баткан, адамдын шамчырагы — эки көздү айткан. Анан төмөнгө куюлуп мурун түшөт.
Кийинкиси, туздаамдын, насип менен шыбаганын эшиги — эки эрин. Ылдый жагына беш
убак намазда эркелетип сылаган сакал чыккан ээкти жараткан. Мына ушундан өйдө карай
Алтын баш деп аталат! Адамдын акылэсин, тулкубоюн башы башкарат. Ошондуктан аны
өзгөчө баалап, Алтын деп айтабыз!Оозомуртка алтын башка кирбейт, ал денеге
тиешелүү. Малды мууздордон мууздап сойгондо деле оозомурткасы денеде калат
турбайбы.
Байзактын сөзү баарыш ынандырат. Көпчүлүк саамга дымып калат. Байзак сөзүн дагы
улайт:
— Азыр калыстар дайындалсын. Жумгалдан беш киши, Кетмен-Төбөдөн беш киши,
баары он киши барып Эрназардын жараатын көрүп келсин. Жараат кокого жетсе, айыпты
ойлонолу! Калыс башчы калкы тааныган Куйручук болсун! Нарк менен салттын, эреже
шарттын жолунан тайбайлы! Урушуп чабышып не муратка жетебиз? Эр өлдү! Эми эл
арасын жамандык аралабасын! Көктө Көк-Теңир кудайыбыз бизди көрүп, угуп турат!
Калыстар баатырдын жараатын көрөт. Зор адамдын мойну узун, опсуз жоон турбайбы.
Найзанын жарааты кокого бир элдей жетпептир. Калыстар ушуну айтышат.
— Эмесе, Аксакал баатыр Эрназар баатырды башка сайган эмес, денеге сайган! — деп
Байзак баатыр бүтүм чыгарат. Ашка келген аламан журт чабышпай, чырдашпай тарайт.
КУЙРУЧУКТУН АЯЛЗАТЫ ТУУРАЛУ АЙТКАНДАРЫ
«Аял — эне. Аял — жашоо башаты. Аял — үйдүн куту, ырыскынын шам чырагы».
«Уул жаман болсо муун кетет, аял жаман болсо конок кетет». Аялзатын илгеркилер
жалпы жонунан он экиге бөлөт. Бул тууралуу Байзак ажыдан укканым бар. Эмесе, мен
дагы кеп салып берейин. Силер дагы айта жүргүлө, бизден кийинкилер да билип алышсын
муну — деп кайран Куйручук айтчу экен.
АЛТЫН СОГОНЧОК, ЖЕЗ ШЫРГЫИ
Аялзатынын эң мыктысы. Көрккелбетин, шыңга боюн жез шыргыйга теңеп,
кадырлапбарктап, ызаат кылышкан. Ак уул, кызылкыздын энеси болгондугу алтын
согончок деп бааланган. Илгери эл эгеси ордо үйгө башы ача, аземдүү жез бакан тиреп
койгон. Аны менен ак ордонун түндүгүн көтөргөн. Мунусунда да купуя маани бар. Жез
шыргый үйгө көрк берип турган. Демек, мыкты аял жез шыргыйдай үй көркү, үйүңдүн
тиреги дешкени:
АРКАР ЭМЧЕК, АГЫЛГӨИ ТАРАЗ
Балабакырлуу болсо дагы келишимдүү тараз бою, келин сыны кетпейт. Керилген
сымбатынан жазбайт. Ошондон улам мындай ургаачыны кайберендин ыйыгы аркарга
теңеген. Аллатаала зайыпзатына бөлгөн акылэске да ашыгыраак эгедер болгондон улам
акылгөй атанган. Адеби адам баласына жагат. Элге, агатууганга мамилеси дайыма
адамкерчиликтүү.
АК КӨРПӨ ЖАИЫЛ
Жүрүмтуруму айыпсыз, ала жипти аттабайт. Баш кошкон эрин абыдан кадырлайт.
Күйөөсүн күкүктүн баласындай багат. Өзү оор басырыктуу, келбеттүү келет. Ата салтын,
каада, үрпадатты жакшы билет. Үйүнө кадырбарктуу коноктор көп келет. Эри дайыма
зайыбы менен акылдашып иш кылат. Ошондуктан эринин иши ар дайыма алга жылат.
АК ЖООЛУК ДЕЛБИР
Ашкере чырайлуу, сулуу. Жарык маңдайы, жаңырган айдай каштары, узун кирпиктүү
бото көздөрү, кырдач мурду, ак жуумал жүзү, кызыл гүл эриндери, койкогой мойну
бирине-бири төп келет. Төгүлгөн узун чачы, кыргыйкуш мүчөсү сымбатын оголе
арттырып турат, келбетинен кемитке таппайсың. Дайыма жарашыктуу кийинип жүрөт. Үй
оокатка тың, бүйрө.
ЖАЙЫЛ ДАСТОРКОН
Колу ачык, пейили кенен, бардар. Ушунусу менен элге жагат. Казаны оттон түшпөйт.
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 16
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов