Latin

Эй, бу Куйручук - 07

Общее количество слов 3987
Общее количество уникальных слов составляет 2159
31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
алгандан кийин эле кабагын бүркөп, колун тасмалга аарчып, тиши ооруган мүнөзд»
жаагын басып отуруп калат. Байзак дагы кесменин арасынан этин терген болуп, эки ирети
алымыш этип, калган коноктордун алышын күтүп жай олтурат.
— Куке, бир жериңиз ооруп турабы? — Эттен албайсызбы? — деп отургандар сурайт.
Куйручук унчукпайт.
— Куке, бир жериңиз ооруйбу? Бирдеме болдубу? — дейт үй ээси Рысбек
Куйручуктун эт жебей, кабак бүркөгөнүнө ыңгайсызданып.
— Ошол бирдеме болгонунан ооруп жатат го тиштерим... Сорпого бышкан камырга
коно калган эттин бүдүрү тийип кетти эле, тишим «зыр» дей тушпөдүбү, камыр камаган
тиш ушуну кылмак...»— деп баягы калыбында отура берет.
Чүйгүн эт жеп жүргөн кадырлуу конокторуна камыр коштуруп, эт тартканына Рысбек
катуу сынып калат.
Жатаар маал болуп, меймандар конок үйүнүн жанында сүйлөшүп турганда, «орун
салынып бүттү» деген кыязда бир жигит менен бир келин үйдөн чыгат. Куйручук ал
жигитти ээрчитип кайра үйгө кирет. Жигит кайра тез эле чыгып, коноктор менен
сүйлөшүп турган Рысбекти чакырып кетет.
— Ажыбыз ак шейшепке жатканды абдан жаиан көрөт. «Кудай ак болотнайга
оротконуңду кечирээк бере көр» — деп, Жалал-Абадда бир мундуз байдыкына конгондо
шейшепти алдырып салганын өзүм көргөмүн. Башка меймандарың кандай жатса өздөрү
билет. Ажы жатпаса, мен жатмак белем, ажы экөөбүздүн шейшебизди алдырып салыңыз
— дейт Куйручук Рысбекке.
Ансыз деле, ичинен сынып турган Рысбек «Куке, ажы кандай жуурканга жатат?» —
деп шашып калат. — Төөнүн көзүнүн жүнүнөн капталган, таза жибектен жасалган
жууркан жаап жүрүшөт го... — Куйручук тамашачынын аралаштыра түшүндүрөт.
— Меймандар орун даяр орун алгыла — дегенде үйгө киришсе, баарына тең
баштарына экиден ак жаздык коюлуп, бүт жибек жууркан жабылыптыр...
Рысбек эртеси шашкеде конокторунун ыгына көнүп, тайдын этин үйрүм тарттырат.
Коноктор кечкисин да Жумгалдагыдай эт жешип, жатаарда шейшепсиз жууркан
жамынышат.
Эртеси кайра тартышып, жолдо өздөрүнчө келе жатканда «Алда Куке-ай, ак
буудайдын машине унунан чачтай кылып, кесмелеп берген эттен да кактыңыз» деп калат
Байзактын бир жигити. «Ал эле дейсиңби, анысынан да бүт жууркандардын аппак
шейшебин сыйрытып салганычы... Ээ, Куке ушу эки жоругуңуз тең орозкелирээк
болбодубу» — деп дагы бирөө Куйручукка сөз тийгизе баштайт. Ошондо Байзак сөзгө
кошулуп:
— Эй баатырларым... «Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла» деген бар. Солто элинен
бизге келген конокторго аларчылап кесмелеп эт берип, шейшептүү жууркан жаба
алабызбы? Кеп ошондо. Үйрүм эт жегенди, конокторго шейшепсиз жууркан жапканды,
демек, биздин элдин салтын солтолор мыйзам катары түшүнүштү. Куйручуктун
акылмандыгына ыраазы болгула. Бая күнү «Коногум, конок үйүңдү ойлой олтур»
дегеними бекер айткан эмесмин. Эми алар бизге конокко келишсе үйрүмдөп эт тартып,
шейшепсиз жууркан жаба берсек болот. Таарынышпайт. Өзүбүз да кепке калбайбыз...
Кесмелеп эт жегенди, шейшептүү жуурканга жатканды силер эмес, мен дагы жакшы
көрөмүн. Машине ун табылат. Кайдан болсо да алдырат элек. Бирок, чачтай кылып кесме
кескенди биздин келин-кыздарыбыз үйрөнө элек. Оболу ошолор кесме кескенге
үйрөнүшсүн, ак болотнайга элибиз кеңири жетишсе, силер жакшы көргөн солто элинин
сыйына тез эле өтүп коёбуз — дептир.
БАЙЗАК БААТЫРГА ТОКОЛ АЛПЕРГЕНДЕ
Жумгалдын манабы Байзак убагында акылмандыгы, кара кылды как жарган
калыстыгы аркылуу бүтүндөй кыргызга таанылган, кадырбарктуу адам болгон. Кыргыз
менен кытайды, кыргызказактын чек араларын өтө билгичтик менен ажыратып, ого бетер
зоболосу көтөрүлгөн. Аны кадимки Шабдан ызааттап, «баатыр» дечү экен. Ошондон улам
Байзак баатыр аталып калыптыр. А чынында «баатыр», «аке» деген урматка бардык эле эл
бийлегендер жетишкен эмес.
«Бири кем дүнүйө» деген сыңары Байзак да көпкө чейин бала көрбөптүр. Байбичеси
өзүнө тете ары акылдуу, ары тараз бойлуу, терең ойлуу, кара сууга башын жууса башынан
түшкөн суу айран болуп уюп калган, аны короочусу ичип алган касиеттүү зайып болот.
Деген менен согончогу конабаптыр.
Күндөрдүн биринде Байзак баатыр Суусамыр тарапка аттанып калат. Аларга удаа
Куйручук да атка минет. Баатырдын өз жогунда анын үйүнө атайылап кайрылат да,
байбичесине: «Камынып туруңуз, баатырыңа токол алдырта келем» — дейт. Байбиче аны
демейдеги тамашадай көрүп: — Ики, кудай бардыр, баатырга токол тандап алып бергенди
сага ким коюптур? — деп күлөт. — Ыя алып бере албайт деп турасызбы?! Алып берсем,
сүйүнчүсүнө эмне бересиң? — деп Куйручук да ыкыстатат. — Баарын эле көрүп, баарын
эле билип тургандай айтасың го. Эмнени кааласаң ошону ал — дейт байбиче. Куйручук
«Болду, болду. Сөзгө туралы!» деп тигилердин артынан чаап кетет.
Байзак баатыр Кичи-Суусамырдагы Түркмөн болуштукуна өргүп калат. Болуш
баатырдын түштүгүнө баглаы козу сойдуруп, кечки тамагына тайдын этин тарттырып,
сый көрсөтөт. Ал жерде кадырлуу меймандар жайлоонун көк шиберине көлдөлөңдөй
отуруп, бал кымыздан суусунга жутуп, таза абадан искеп, табигаттын ажайып кооздугуна
бой жазат. Эриккенде аркаркулжага аңчылык кылышат. Эми эртең кайтабыз деген күнү
Куйручук алардан бөлүнүп, «Мамбет байдыкында жумушум бар эле...» деп аттанып кетет.
Көрсө, Мамбет байдын бойго жеткен кызы бар экен. Кудалаган жери жок, башы ачык
экен. Аны айыл аралап жүрүп, Кукең мурда эле билип алыптыр. Бу жөнүндө Байзакка ооз
ачпаптыр. «Кудай кошкон куда болот, пайгамбар кошкон дос болот, куда түшүп келдим»
дегенди айтып күүгүм талаш Мамбеттикине кирет. Андай сөздү капылтапылдан уккан
Мамбет таң калат:
— Куйручук, бу сенин оюнуңбу же чыныңбы? Эгер чының болсо, сен куда күтмөк
тургай, алигиче аялың жок, бойдок жүрөсүң го. Же биз билбеген балдарың барбы? Же
кайсы бир туугандарыңдын балдарына кудалайын дедиңби? Деги күйөө болчу бала ким?
Кимдин баласы?
— Күйөө балаң жалпы кыргыз элинин баатыр уулу Байзак! Мына ошого деп кызыңа
сөйкө салганы келип олтурам,— дейт Куйручук токтолбостон.
— О, Куйручук тамашаңды кой... Ал баатырга биз кайдан тең бололу? — деп шектенет
Мамбет ишенкиребей.
Анда Кукең: «Эгер мага ишенбесең, эки уулуңду тең жаныма кошуп бер. Азыр эле
барып Байзактын өз сөзүн угушсун» — деп тигини шаштырат.
Мамбет эки бирдей уулун Куйручукка кошуп Түркмөндүкүнө жиберет. Алар келишсе
Байзак баатыр төрдүн сол жак капшытында куш жаздыкка чыканактап жаткан экен.
Куйручук ээрчите келген эки жигитке ушул жерге тургула деп босогонун жанын көрсөтөт
да, өзү дароо эле Байзактын жанына барып бир нерсени шыбыраган болот.
— Я, эмне дейсиң? Деги катуураак айтчы? — деп Куйручукту зекимиш болот тиги.
Куйручук үнүн мурдагыдан да акырын чыгарып, эки колун созуп, алаканын тигинин
кулагына тосуп, бир маанилүү нерсени айтымыш этет. Байзак даана уга албай «Я, эмне
дейсиң?» — дейт дагы кайра. «Ээ, баатыр, баарын айтып бүттүм. Макулсуңбу?» — дейт
Куйручук бу жолу элге угуза сүйлөп. Тажап кеткен Байзак «макулмун» дейт, башын ийкеп
эчтеме шектенбей.
Куйручук эки жигитти ээрчитип, кайра Мамбетке келет. Болгонун айтып беришет.
Мамбет ишенет. «Болуптур! Баатыр өзү каалап айтып жатса, кызыбызды бербейбиз демек
белек. Кыз баланын акыры бараар жери күйөө эмеспи» деп демин басат. Куйручук дагы
ыкыстатат:
— Баатыр колуктусун эртең эле өзү менен кошо ала кетем деген. Эгер элдин баарын
топуратып, үйүбүзгө котолотпойбуз десеңер, кызыңарды түн бою камындырып, эртең
менен эрте себин төөгө жүктөп, жеңелери менен мага кошуп бергиле. Мен баатырды
колуктусу менен Туура-Кайыңдынын оозунан тосуп алам. Ал эми ырым-жырым, калың
малын үч-төрт күндө алып келип, колуңа салам.
Бардык иш Куйручук айткандай бүтөт. Андан соң Байзакка келип эртеси жолго
чыгаарды бышыктайт. «Чабал өрдөк мурда учат эмеспи». Атым чаалыккансып турат,
эртең силерден эрте жолго чыга берейин» деп Байзакка кулак кагыш кылат.
Эртеси түшкө жакын Байзак жоро-жолдоштору менен аттанып, жолго түшөт. Бешим
ченде Туура-Кайыңдыга жакындайт. Аңгыча алардын алдынан атына кайра-кайра камчы
уруп Куйручук чыгат.
— Оо баатыр, сүйүнчү! Сүйүнчү!.
Байзак анын кокусунан чыга калып, карбаластаганына таң калып:
— Оо болсун! Болсун! Деги ал эмине сүйүнчү? — дейт.
— Жаңы колукту сизди күтүп отурат. Тигинекей! Куш бооңуз бек болсун! — деп
Кукең колун сунат.
— Эмне дейт? Кайдагы колукту? — деп огобетер таң калат Байзак.
Түндө өзү менен макулдашып кеткенин айтат Куйручук. Байзак көпчүлүктүн көзүнчө
«макулмун» дегенин эстейт. Сөз баасын түшүнгөндүктөн, анүстүнө Куйручукту да
кыйбай Байзак аргасыз моюн сунат. Эми бардыгы Туура-Кайыңдыга бурулушат.
...Жасана кийинип, элечекти кабагына түшүрө кийген колуктуну колтуктап алган
шакылдаган эки жеңеси Байзак баатырдан көрүндүк, жеңкетай доолашып, алдынан тосуп
чыгышат.
Ошентип, байбиче менен азилдешип, Куйручук Байзак баатырга токол алып берет.
Байзактын балдары мына ошол токолдон таралат.
ЭЙ, БУ КУЙРУЧУК!
Куйручук кедей-кембагалдардын малын Анжиянга айдатып, саттырмак болот. «Семиз
малыңарды жыйнагыла, айдап барып, соодалап, үй-бүлөңөргө кийим-кече, кездеме,
кантчай алып келелип—дейт. Бардыгы макул болушат. Айылайылдан мал топтолуп, алыс
жолго бара турган белдүү эр жигиттер шайланат. Мал айдап, күтүрөп жөнөп калышат,
Жумгалдын жогору жагынан.
Ал кезде мал сатуу жөнүндө болуштун уруксат кагазы керек болгон. Жумгал өрөөнү
боюнча малды алыска сатууга Байзактын гана мөөрү жарай турган. Куйручук жолдон
Байзак баатырдын айылына кайрылып, иштин жөн-жайын түшүндүрөт. Ал Куйручуктун
эл камы үчүн кылган аракетине ыраазы болот. Малды эч жерде кармай турбаган тил кат
берет. Анан өз короосундагы көк кочкорду табыштап: — Куйручугум сенин
калыстыгыңды кийин билемин, баасын мага алып келип бергин, байгесин өзүң алгын,—
деп чыпалак алышат.
Көк кочкорду малга кошуп, узак жолго чыгышат. Жалал-Абадга келишет. Малды
оңдуу сата алышпайт. Кызык окуя ушул жерден башталат. Анткени, бул жакта кочкор
сүзүштүрүү тамашасы бар экен. Эл экиге бөлүнүп, кочкорлорун сүзүштүрүп уудуу түшүп
жатышыптыр. Эки тарап Бири-бирине кадимкидей доо коюп, жеңгени байге алып,
жеңилген жагы куру калат. Байге алган кочкорлорду тимеле туу жыккан күлүктөй
даңктап, кадырлашат экен. Жем-чөп, сабиз менен бордоп, таптай тургандыктары да
белгилүү. Тапталган кочкорлордун жүндөрүнөн май тамат. Көздөрү күйгөн шамдай
жылтылдайт. Коё берсе буканы да аңтара сүзчүдөй болуп, октос берип, сүрдүү турушат.
Ошентип, Жумгалдыктар кызык мелдештин үстүнөн чыгышты. Куйручук «Байзак
баатыр берген көк кочкорду ушул мелдешке алып чыкпайлыбы?» — деп мал айдагандарга
кеңеш салды эле, бардыгы макул болушту.
Көк кочкор тиги кочкорлордой анча чоң эмес, бирок, тыгырчыгынан келген, төрт саны
жоон, чыгырык мүйүз, жүнү кылчык жана көк боёк менен боёлгондой эле. Куйручук
калың топту жарып ортосуна кирди: — Агайын-туугандар, силердин кочкорлор дасыккан,
сүзүүнүн ыгын билет. Ал эми «аркалык кочкор» жолдо келе жатып эле, койгун десе
болбой ээлигип, биринчи жолу мелдешке кошулганы турат. Мелдештин шартык бизге
айтып берсеңер угалы — деп көпчүлүккө кайрылды.
Кара сакал, узун бойлуу киши ортого келип, мелдештин шартын айта баштады:
— Аркалык туугандар, кочкор сүзүштүрүү оюну биздин эл үчүн атадан калган салт.
Байгени калыстар чечет. Кочкорлорун эки адам жетелеп келип, экөөнү жытташтырат да
кайра алып кетет. Эгерде жытташкандан кийин сүзүшпөй калышса, анда мелдешке
кошулбайт, алып кете бересиң. Эки кочкор сүзүшүп бүткөндө жеңгенине жеңилген тарап
байге берет.
Көк кочкорго бет кылып, узун моюн, чыгырык мүйүз, куйругу көмкөрүлгөн казандай,
жүндөрү апсайган чоң кара кочкорду алып чыгышты. Очоюп, аюу кебетеленет. Көк
кочкор анын жанында бала кочкордой эле байкалат. — Оо, кокуй мунуңарды өлтүрүп
койбойбу... Мындайдын далайын жапшырган, анүстүнө силердики мурда сүзүшүп
көнбөгөн да дегендер болду. — Ээ көрөрбүз — деп сыр бербеди Куйручук, Сыягы,
«Жалал-Абаддык кочкор» далай байге алган окшойт.
Эки адам жетелеп барып, көк кочкор менен кара кочкорду жытташтырды да кайра
артка жетелеп коё беришти. Эки кочкор эки жакка саал кетенчиктеп барып, бир убакта
кудум найзакерлер качырышкандай качырышып калышты. Мүйүздөрү кагышканда «карс»
деген үн чыгып, экөөнүн тең баштары жерге кире түштү. Экөөнүн тең арткы буту, куйругу
көтөрүлө түшүп, экөө тең сендиректей калып, анан артка бир топ кетенчиктеп барышып,
кайра түтүндөй качырышты. Бу жолу эки мүйүз тийишкенде эле кара кочкор чалкасынан
кетти.
— Аркалык агайыныбыздын кочкору жеңди! Байгеси бир койдун пулу деп дароо
беришти. Ошентип көк кочкор Жалал-Абаддан Анжиянга барганча көп тамашаларга
катышып, бир да жолу жеңилбеди. Далай даңкайган кочкорлорду көмөлөтө сүзүп,
көбүнүн мүйүзүн омкорду. Көргөн элдерди таң калтырды. Көк кочкордун улам атагы
чыгып, жолду ката отуз кочкорду жеңди. Ага кызыгып «сат» дегендерге бербей жүрүп
отурушту.
Анжиянга барганда көк кочкорду дагы бир жолу мелдешке салып, аны жеңгенден
кийин,— эми бу «баатырды» мындан артык кандай баага сатмак элек,— деп
Куйручук кырк койдун пулуна саттырып жиберди. Байгени бөлүп алышып, баасын
Байзакка сактап коюшту.
Калың малды Анжыяндын базарына айдап барып сатышты. Теңинен көбү соодаланды.
«Калганын эмки аптага күтөбүз» деп шаардан алысыраак талаада кайтарып жатышты.
Ошол убакта орозо бүтүп калган мезгил болот.
— Бүгүн айбашы, эртең айт. Мен мечитке барамын — деп Куйручук жанына эки жигит
алып, шаарга жөнөйт. Намазга түшүү үчүн чоң мечитке көп эл чогулган. Куйручук элдин
арт жагына туруп калат. Биринчи жолку намаз бүткөндөн кийин экинчи намаз башталат.
Ага да Куйручук кайра кошулуп түшөт. Эл көп болгондуктан үчүнчү жолку намаз
башталат. Бу жолу да кошулат. Намазга түшүрүп жаткан ыймамдын алдына чоң жоолук
жайылып коюлган. Намаз акы жана орозо кармабагандар орозо күнөөсүнөн кутулуу үчүн
ошол жоолукка ар ким пул таштап кетүүсү парз экен.
Куйручук ыймамга таанылуу максатында үч жолку намазга акча таштайт. Анын үч
жолу намазга түшкөнүн ыймам да байкаган эле.
Эл тарап кеткенден кийин артында Куйручук калат. Ошол учурда ыймам сопусун
чакырып: — бир укмуш соопчул адамды көрдүм, тээтиги адам үч жолу намазга түштү —
дейт. Аңгыча Кукең да кепичин кийип, аларга басып келип, «ассаламуалейкум,
молдокелер» деп кол берди да:
— Экөөңүздөрдүн бир күнкү тапкан олжоңор экен. Жоолуктун пулун мен алайын,—
деп жоолукту төрт бурчунан кармап колтугуна кысат.
— Уке, бул пулда сиздин эч кандай акыңыз жок. Жоолукту таштап коюңуз — деп
ыймам кызаңдайт.
— Ээ ыймам аке, сабыр кылыңыз! Бул адам — Куйручук! Эй,— бул Куйручук! Ушул
жоолуктагы пул менен кутулсаңыз эле, кудай деңиз!—деп жанындагы сопусу колунан
кармап токтотот. Ыймам аңтаң болуп, сопусу экөө Куйручуктун артынан акмалап, сыртка
чыгышты.
...Куйручук жоолуктагы акчаларды эшиктин сыртындагы, жолдун өйүзбүйүзүндөгү
кайыр сурагандарга таратып жатты.
Бул окуяны көрүп турган ыймам «бул тегин кйши эмес» — деген ойдо сопусун
жиберип Куйручукту кайра чакыртып алды.
— Ыймам аке, сиз жанагы берген пулуңузга нааразы болуп чакырдыңызбы, же дагы
пул бергени жатасызбы? — деди Куйручук.
Ыймам анын колун кармалап: — Келиңиз, аркалык Куйручук! Сиздин кайыр сураган
адамдарга соопкерчилик кылганыңызды көрүп отурдум. Анык соопкер экенсиз. Мен ал
пулду аларга бермек эмесмин,— деп чынын айтты. Сопусуна Куйручукка бир аттын
пулун берүүнү буйрук этти.
— Ээ, ыймам аке, айтпадым беле, ушу жоолуктагы пул менен кутулсаңыз, кудай деңиз
дегем,— деп сопу кол сандыгын ачып, бир аттын пулун Куйручукка карматты. Кукең
ыракматын айтып кол алышып кете берди.
— Бул адамды кайдан билесиң? — деди ыймам сопусуна.
— Ээ ыймам аке, мындан эки жыл мурда чоң базарга барып калсам, ушул адам калың
злдин ортосунда бийик текчеге чыгып алыптыр. Аны — Куйручукту курчагандардын көбү
менменсинген соодагерлер, көпөстөр экен. «Келе беш пул бергин» дейт. Ал соодагер
унчукпаетан чөнтөгүнөн «ме алың» деп сунат. «Келе он сом» дейт. Тигиниси деле «ме
алың» дейт. Кыскасы, «бербеймин» дегендер болбоду. Куйручук алган пулду өзү албай
ошол жердеги бейбечараларга узатып турду. «Ой сен көпөсүм, бир тыйын да бербеймин
дебедиң беле? Эмне себептен бердиң? — деп эл күлкүгө тунат. Кеч бешимге чейин не бир
сараң соодагерлер «бербеймин» деп келип эле, ал сураганда чөнтөгүндөгү акчаларын
сууруйт. Мен ошон үчүн жана сизге эскертпедимби — деп сопу ыймамды жылмая карады.
Куйручук мал айдагандар менен ыймамдан алган аттын пулун тең бөлдү. Эртеси
калган малды бүт сатышып, элге деген буюм-тайымдарды аттарга жүктөп кайта Жумгалга
сапар тартышты.
МЕН СЕНИ МИНИП БАРДЫМ
Илгери казак-кыргыздын бай-манаптарынын ортосунда алык-салык жыйноо боюнча
чатак чыгып, кыргыздын оңу менен солуна айкын таанымал Шабдан Жумгалдын манабы
Мырзабекке дубай салам кат жазып, мындай ишке Куйручук жарачу эле деп ага киши
жөнөтөт. Мырзабек Жансары деген жигитин жиберип
Куйручукту алдырат да: — Сен, чечен, кара кылды как жарган калыс, тонун аңтара
кийип элди күлдүргөн куудул, көк эшек минген маскарапоз экениңди билип Шабдан
чакырткан экен, бүгүндөн калбай жөнө! — дейт Куйручукка, «эмне болсоң ошо бол» деп
табалагандай...
Куйручук макул болуп, айылдан чыгып жолдун боюнда ары өткөн, бери өткөн
байларды тосуп чыгым салат. — Сен мага жакшы ат камда, сен тебетей, сен күрмөшым,
кепич маасы дайындагын. Мен жоо менен беттешкени баратам, сен күмүшбычаккамда.
Эгер айтканымды дайындап бербесеңер Мырзабекке айтып көргүлүктү көрсөтөм,— дейт.
Болуштан корккон байлар анын айткандарын түнү менен камдап беришет. Кукең таң
куланөөк салганда сапарга чыгат. Ашуу ашып, таңдай катып, минген аты жүрбөй калганда
коштоп келаткан аттарынан улам алмаштырып минип, сабап уруп отуруп Бишкекке келип
Шабданга жолугат. Эки элдин ортосунда айрым бай-манаптардын кесепетинен
болоорболбос чыр аябай ырбап, казак менен кыргыздын ыркы бузулчудай учур экен.
Куйручук кыргыздан барган калыстар менен бирге казак өкүлдөрүнө беттешет.
Чындыктын бети ачылып, жүйөөлөшүп, акыры эки элдин ынтымагы ыдырабай жакшылык
менен бүтөт. Шабдандан сый көрүп, Куйручук бир нече күндөн кийин кайра айлына
жөнөйт. Келген соң кимден эмне алса чыпчыргасын коротпой кайтарып берет.
Мырзабек кардын сылап, эки ууртун салаңдатып, көзүн чакчайтып, Калыйча деген
кара сур байбичесинин кашында акылдаштары менен ыңгыранып отурган маалда Кукең
камчысын сүйрөп кирип барат, салам айтып. Мырзабек анын кийген кийимин көрүп
адатынча сол жаккы ууртун бүлкүлдөтүп: — Эй, куу каптал, томаяк, кантип барып келе
калдың! — дегенде:
— Мен сени минип барып келдим! — дейт Кукең. Бул сөздү укканда Мырзабектин
куйкасы курушуп, күйбөгөн жери күл боло: — Бул эмнеси? Кутурган акмактын өнөрүн
көрсөң? — деп күүлөндү.
Болуштун «бөрк ал десе баш алган» күлтүңдөгөн жигиттери дагы эмне сөз чыгаар экен
дешип чоңунун оозун тиктейт.
Саамга токтоп туруп Куйручук:— Антип айтканымдын себеби, сенин кадыр-баркың
Кызарттын белине дейре эле экен... — деди да аттанып кете берди.
ЖАЛАА
Куйручуктун бир зарыл жумушу чыгып Нарынга келип калса котолошкон эле элдер...
Көрсө, ашкан балбан, бирок, үйүнөн үрүп чыгаар ити жок, түндүк тартса төбөсү көрүнгөн
Саманкулак деген азамат жок жалаа менен айыпка жыгылып жаткан экен. Ал мындайча.
Ат-Башылык Казы деген манап «Бул менин тогуз жылкымды уурдап башка жакка
бутташтырып ашырып жиберди» деп курулай доо кылып, бийди жалдап, жазыксыз
байкушту 12 ай түрмө жазасына кестирип, анан тогуз жылкы өндүрүп алууга өкүм
чыгартат. Саманкулактай бечеранын сөзүн ким укмак, бийлик да, бий да Казынын
колунда. Өзүнө окшогон бирин экин эр жүрөк адамдар кийлигишип көрүшсө алардын
сөзүн тиги билермандар каакы оордуна көрүшпөптүр. Иштин жүйөөсүн сурап толук
билип алган Куйручук жарданып карап тургандардын арасынан алдыга чыгып:
— О, калайык! О, момун журт! Улуктар! Менин силерге айта турган сөзүм бар, ук! —
деди. Аны тааныбагандар, «Бир кокуй киши окшойт, ушул эле жетишпей тургансыган.
Ажыдаардын куйругун басып бөөдөсүнөн өлөт ээ» дешип шыпшынышат. — И жигит,
кана артың болсо айт! — деди улуктардын бири.
— Бул, Саманкулакта кенедей да күнөө жок! Муну каралап жаткан киши ким айыптуу
экенин өзү билбейт тура. Казы Куйручукту көргөндө үтүрөйүп кабаккашы бүркөлө түштү.
— Кана, сен эр болсоң ууруну көрсөтүп берчи! Кукең шашпай туруп:
— Ууру менин мурдум.
— Бул эмне дейт? Анда Куйручук: — Жоголгон жылкыны уурдаган менмин. Силер
Саманкулакты актап, мени кескиле, уурдаган малды он күндүн ичинде төлөп берүүгө
менин кудуретим жетет. Бий ары ойлонот, бери ойлонот. Кайракайра Саманкулакты
суракка алат. Ал актыгын айтып карганат. Бий эми кедейди актап, Куйручукка асылат.
Куйручук Казы менен суракта көздөшкөндө: — Я, Казым, уурдалган жылкыларды коё
туруп баягы менин минип жүргөн атымды зордуктап союп алганыңды мойнуңа
аласыңбы? Же болбосо айлыңдын жанынан жайынча өтүп бараткан адамдардын баарын
тоноп алчу элең го. Чынбы? Эгер муну калктын көзүнчө тансаң, андан бийдин алдында
жаныңды бер да танып кете бер! ^ деп лыкылдата баштаганда көпчүлүктүн көзүнчө доо
доолап, мөөрөйү үстөм болуп.чамгарактаган Казы, бу сапар мант берип кете албайт. Чын
болчу,— деп айтылгандарды мойнуна алат. Кимди айыптап, кимди кесээрин билбей
бийдин башыкатат да: — Түү, баары тең жалган... Силердин өзүңөрчө чатагыңар бар
окшойт. Ишиңерди карабаймын! Эки ортодо мени убара кылдыңар. Өзүңөрчө тынышып
алгыла!:— деп кол шилтеп кете берди. Эл Куйручуктун кыраандыгына, ажатчылдыгына,
айлакечтигине таң калды.
МАНАСЫМ БАРДА КАЙДА БОЛСО КОНОМ
Куйручук жолоочулап баратып кун кечтеп кеткендиктен жолдогу бир айылга
кайрылат. Жолоочу атын мамыга байлап салып үйгө кирип барса төрдө бир киши төө
чепкен менен башын чүмкөп алып, куурума чай ичип жаңыдан тердегени отуруптур.
Салам берсе алик албайт. Куйручуктун жини келет. Аялы казандын жанында, өзү төрдө...
Кел, отур, деген деле киши жок. Аялы куурума чайдан куюп, төргө чейин басып келип
сунуп, бошогон чыныны алып кетип турат. Тигилерге жараша мамиле кылып Куйручук
өзүн өзү билип экөөнүн дал ортосуна келип отурат. Зайыбы куурума чай куюп эрине
сунду эле Кукең аны ортодон шып илип алып, билмексен болуп иче берди. Тиги
тердегени отурган неме башын бекем тумчулап, көзүн жылтылдатып «мага качан аяк
сунат» дегенсип күтүп отурат. Ана берет жок... Мына берет жок. Тыңшаса жанындагы
чоочун кишинин чайды ууртаганы угулат. Аңгыча аяк бошогондо аял аны ала коюп, мелткалт куя эрине сунду эле Кукең тигинден мурда озунуп аны да илип ала коюп,
шоркуратып ууртап кирди. Муну билген үй ээсинин ачуусу келе түштү. Бирок ал анысын
билгизбей өзүнчө тишин кычыратып, күрсүлдөп жөтөлгөн болду.
— «Тердесем болот эле, капырай...— деп ал зайыбына каңкуулады. Аялы чоң кесеге
куурума чайдан куюп, сунуп баратканда, Куйручук аны да тиге жеткизбей кагып ала
койду да «Өх!.. Жаңыдан ымшып келатам» деп иче берди, аял мейман бошоткон аякка
кайра дагы куурма чай куюп обдулуп күйөөсүнө сунуп бараткан, Куйручук эпчилдик
менен муну да илип кетти. Аял эмне дээриң билбей оозунан алдыргаң бөрүчө мостоюп
отуруп калды. Кукеңдин эки колунда эки идиш, экөөнү алмак садмак «шор» эткизе
ууртап: «Бах! Чай эмес бекен. Тердегени аз жерден калдым...» деп чай сунган зайыяты
улам карап коёт. Үйдүн ээсинин мейманга аябай кыжыры кайнап, ичинен түтөп,
калчылдап чыкты. Коломтодогу күйүп аткан тезекти көсөмүш болуп, жини түйүлгөн
муштумуна чыгып, алдыртан зайыбын жекире тиктейт. Аял бир эрин, бир мейманды
карап жалдырайт. Куйручук билмексен болуп: —Дагы калдыбы куйчу, жаңыдан
алкашалка түшүп тердеп келатам» — деди эле берки чүмкөнүп отурган киши чыдабай
кетип, үстүндөгү чепкенди ыргытып жиберип: — Ой, сен кандай кудай урган немесиң
ыя?! — деп олуна кетти. Мейман андан калышпай: — А сен кандай төбөңдөн урган соргок
неме элен? — дейт.
Үй ээси олурайып карап: — Тоббо! Муну кудай урган турабы? — деп күүлөнө кетти.
Анда Куйручук: — Ушу сен мынабуреки чоң казан куурума чайга эле тоё калам деп
турасыңбы?! Койду сойсо башын жеп, койчусунун акын жеп, ага тойбой элди жеп,
саламга алик албай минтип оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып келжиреп турган, сен
тойбойсуң! Ооба, эч нерсеге тойбойсуң! — деп жооп кайтарды. Муну укканда үй ээси
безге сайгандай тура калып: — Бу эмне дейт?! Кокуй, кокуй көргүлүктү ушул саяктан
көрмөк болдум ээ! О кайдасыңар жигиттер! Кармагыла, бул оозуна алы жетпеген немени!
— Кокуй дебей, кок тиштеп Ата-бабабыз атам замандан бери кызыгып уккан Манастан
укпайт да, тамагын аяп, мейманды кубалаган сенде да абийир барбы?.. Манасым барда
кимдикине болсо коном. Мурду жарык кара атандай болгон, түк күтпөгөн кемпай...
Куйручук шарт чыгып кете турган болгондо тиги киши «көрүнгөнгө айтып абийиримди
кетирбесин деген тейде: — Ой, бери токточу! Кана, ачууңду коюп мындай отурчу,— деп
кара күчкө мейманга жалпактайт. Куйручук сабыр кылып төргө жылып отурду.
Мейманды анча жактыра бербей зайыбын карап: «Эт сал» дегенсиди, аялы туруп ала
баканда илинүү турган эттен салмак болду эле эри кайра аркасына кылчайып: «аз эле
салсаң» дегенсип колун жаңдап оозун чулчуйтуп шыбыраган болду. Анан мейманга
карап: — Кана эми Манасчы болсоң баштай бер. Аяк ташташыңды көрөйүн,— деди.
Куйручук үнүн тигиникиндей ичкертип: — Манастын «суу кошконунан» баштайынбы,
же...
— Эмне дейт! «Суу кошкон Манас, ынак Манас» деген да болчу беле. Сен анык бир
кокуй неме окшойсуң. Деги башымды катырбай билгениңден баштай берчи,— деди үй
ээси. Анда Куйручук тигинин жанына жакыныраак жылып отуруп, жай баракат тамагын
жасап бир көзү чалыр, үстүңкү ээрди калбайган түйрүк тиги мырзанын өзүн туурап, үнүн
да ошонукундай чыгарып:
— Ээй, Таластан чыккан эр Манас... Алтайдан келген шер Манас! Манас... Манас...
Манас...—
деп, коюп ийчүдөй колун үй ээсин карай арбаңдатып, тарбаңдатып ушул саптарды
кечке кайталай берди. Бир убакта бай: — Ой, бу сен кайра-кайра эле кулак мээни жеп
«Манас... Манас» дей бересиңби. Мындан бөлөк билгениң барбы, же калжыраган
немесиңби? Токтот мулуңду! — деди кызыраңдап. ч Куйручук: — Сага окшогон нейли
таш кишиге «Манас» да жарашчу беле? — деп аныкынан пыгып башка колу ачык бир
кедей адамдын үйүнө түнөп, таң атканча «Манастан», өзүнүн ар кандай окуяларынан,
чечен сөздөрүнөн айтып берип элдин жарпын жазды.
СУПАТАЙДЫН ТОЮНДА
Жумгалдагы чоң бай — Супатай деген адам (Балбак уруусу) эркек балалуу болуп,
баласынын атын Балбак коюп, Жалал-Абаддан 100 атка күрүч жүктөтүп келип, көп мал
союп, СоңКөлдү жайлаган элдердин баарын тең чакырып чоң той берди. Тойду Шордун
талаасына өткөрдү. Беш кишиге бир Табактан эт, бир табактан күрүч тарттырып, бир
күндү жалаң тамак берүү менен бүткөрдү. Экинчи күнү кыргыз оюндары биринен сала
бири болуп эр сайышта Жумгал тараптан чыккан Отор менен Ак-Талаа тараптын
Кыдыргыч балбаны экөө көпкө чейин сайыша албай бакандары сынып жатты. Күчөнүшүп
алган немелер узакка алышыша албай жатып бир убакта экөө бирдей аттан ыргып
кетишти. Жумгал тарабындагылар «Кыдыргыч биринчи учуп түштү» дешсе, Ак-Талаа
тарабындагылар «аттан алгач Отор ыргыды» дешип эки тарап чырдаша түшүштү. Эки топ
Куйручукту калыстыкка тартышты. Куйручук Жумгалдык
тарга карап: — Силердин Оторуңар эмне ойноп атып түшүптүрбү? Бул адилеттүүлүк э
мес, аттан экөө тең түшкөндөн кийин байгени экөө тең бөлүп алышсын! — деп калыстык
кылды. Ошентип, бир тогуз байге тең экиге бөлүндү. Эми, Көкүмбай менен Мусакожо
беттешет, эр сайышка аялдардан алып чыккыла деп калды. Мусакожо тараптагылар
Молто кызы Айша дегенди элден бата алдырып, атка мингизип Сарыкер менен Көбөй
балбандын коштоосунда алып чыгып келди. Ал бир найзасын өнөрүп кыйлага арыбери
бастырып турду. Көкүмбай тараптан эч ким чыкпай акыры байгени өзү жеке алды.
Байгеси бир өгүз, бир кымкап чепкен эле. Эңиштен атактуу Сарыкер балбанга, күрөштөн
атактуу Дөөт балбанга теңдеш чыкпай алар да байгеге жеке ээ болушту жана дагы майда
тамашалар жүрүп жатканда Куйручук эл ортосу менен атчан бастырып Мусакожонун
алдына келип: — Салоомалейкум болуш, ак калпак кийип, сарала шайы чапан жамынып,
кемпирдин молосундай болуп отурган кейпиңди көр, келе, мен минип жүргөндөй бир
жакшы ат бергин! — деп катуу сүйлөдү. Биз Мусакожо эли Мусакожонун жанында отурат
элек, балакет болуп, Куйручукту сабатат го деп турсак, антпестен кайра жаркылдап күлүп,
Абдыкерим деген жигитин чакырып, азыр бир жакшы ат алып кел деп жиберди эле,
анысы чаап барып жол жоргосу бар тору ат жетелеп келди. Куйручук атты ноктодон
кармап туруп: «Оомийин, казың карыш болсун, сакалың тизеңе жетсин, эркек уулдуу бол,
өмүрүң узун болсун! — деген бата берип, атты жетелеп кетти. Анткени Мусакожо суйдаң
сакал, казысы жерге тийген семиз киши болчу. Үчүнчү күнү ат чабылып, Шордун чатына
байге сайылып, күлүктөр Соң-Көлдүн кептешинен коё берилди. Төө баштаган бир тогуз
байгени Курткалык сокучу Бекбоонун тор аты чыгып келип ал алды. Ушуну менен той
тарады.
ЖЫГЫЛЫП ДА БАЙГЕ АЛГАН
Куйручуктун балбандык жайы дагы болгон. Балбандыкты атайы тутунбаса да чоң аштойлордо өзү тараптан балбан чыкпай калган учурларда күрөшкө түшүп байге алып, элине
намыс алперген. Он сегиз мертебе атактуу балбандар менен бет келип, он алтысын
жеңген. Бир ирет алыша албай тең чыгып, а биринде жеңилген экен. Мунусу дагы кызык!
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 08
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов