Latin

Эй, бу Куйручук - 16

Общее количество слов 4220
Общее количество уникальных слов составляет 2106
27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Дасторкону дайыма жайылуу, аштамагы жайнап турганы турган. Келимкетими көп.
Саймачы, оймочу да болушат. Ушакайыңга кызыкпайт. Абысындары урматташат.
ЖАБЫЛУУ КАРА ИНГЕН
Көп сүйлөбөйт, кишиге катуу айтпайт. Арбын убактысын үйтиричилиги менен
алпурушуп өткөрөт. Бала бакыралуу, карапайым келет. Текебер, кесир дегенди билбейт.
Элге да, эрге да бирдей мамиледе болот. Эрдин табылгасына көтөрүлбөйт. Бар болсо
мактанбайт, жок болсо чүнчүбөйт. Кенен оокатка да, тартыш оокатка да бүйрө. Ийнеси
баш болгон бактылууга жолугат.
БАШ КОИКОҢ
Койкоңдоп эл бийлөөгө катышат. Өңдүүтүстүү келет. Тил табышып сүйлөшө билгенге
кыйын. Кыял--жоругу, жүрүм-туруму эркек мүнөздүү. Эрин да, үй-бүлөсүн да теске салып
башкарат.
ДҮНҮЙӨКӨЙ ТОТУ
Табылганын зайыбы. Илгеркилер чүпүрөк зайып да дешкен. Эски-уску, керексиз
чүпүрөксапыракты дүнүйө көрөт. Аларды көзү кыйбайт. Ал эми табылганын зайыбы
дегени, эрдин колунан бакдөөлөт тайыса жүдөп калат. «Бирде жигит төө минет, бирде
жигит жөө жүрөт» деген. Ошол төө мингендин гана зайыбы. Жөө жүргөнгө — жүк!
ДҮР КАБАК ЧАБДАР
Дайыма кабагы бүркөө, урушка жакын. Дитине бирдеме жакпаса итатайы тутулуп,
кайырын чайыр кылат. Эрдин да, балабакыраньш да сазайын берет. «Кыялыңа өз атаң,
тууган энең гана чыдабаса» — деп айтайын десең ак уул, кызыл кызды төрөп койгон. Уулкызы чоңоюп, энесин кой дегиче кайрадан эрди карып кылат.
АЙ ЧЫРАЙЛУУ, АЧА ТИЛ
Алла-таала ага чырайды аянбай берген. Бирок, кемиткесин тилинен чыгарып, акылын
бас кылган. Колунан түзүк иш да, аш да келбейт. Тилинин заары кара чаар жыландын
тилин калпый кесип, желимдеп алгандай эле бар. Туугантуушканга, коңшуколоңго да
тили тиет. Бир эрди өмүрүнчө карып кылат.
ЭЧКИ САН ТЫИТАК
Түтүндү түрө кыдырган айылчы, узун кулак ушакчы. Эчки сымал эрбең-сербең, жаны
жаялбайт, жалакай. Сырт келбети дагы жагымдуу болбойт, көзүң тойбойт. Эки айылды
эриктирбейт, бир айылды бириктирбейт. Этегин үзө басып, түтүн чыккан үйлөрдү аңдыйт.
СУУ МУРУН СӨПӨК
Аты эле айтып турат, болгону ургаачы эле... Ушакчылыгы, айылчылыгы жок. Бирок,
дайыма жүдөмүш. Үйжайын, казан аягын ирээттүү, таза кармай албайт. Киркогу
жуулбайт. Тамакаш даярдаганды жөндүү билбейт. Өз боюна да жакшы карабайт.
МАСКӨӨДӨН ДА АЛЫС, КАИРА КЕЛБЕЙМ
Куйручук карыганда да алданкүчтөн тайбаптыр. Баскантурганы кадимки жигиттердей
шайдоот, атка мингени чыйрак эле дешет. Ал эми мурдагысындай салмактуу, орундуу,
нускалуу жана тамашалуу сөздөрүнөн эч жаңылбаптыр. Кайран кишинин көзү ачыктыгы,
кереметкасиети дагы аны өмүр бою коштоп келген тура.
Жарыктык өзүнүн ичээр суусу түгөнүп, көрөөр күнү бүткөндүгүн — өлөөрүн да
алдынала билген экен. Оорупсыркап төшөккө жатпаптыр. Өлөөр күнү күндө-гүдөн эрте
ойгонуп, атын өзү токуп минип, шаштыра бастырып, айыл аралап жөнөйт.
Малына чөп салып жаткан кошуна чал аны көрүп: — Ээ, Куке, бу таң атпай каякка? —
деп калат. — Алыска кетем, алыска! — дейт Куйручук.
— Алыска болгондо кайда? Маскөөгөбү?
— Жок, Маскөөдөн да алыс, кайра келбейм...Ал күнү айылды бүт кыдырып, тууган
туушкандарына, теңтуш абышкаларга, өзү пейили сүйгөн адам* дарга барат. Үйлөрүнө
кирип даам сызат. Кызыктуу, тамашалуу кептеринен да айтып отурат. Кетээринде: — Эми
жакшы калгыла, коштошоюн деп келдим эле, алыска кетип баратам... — дейт.
— Алыска болгондо кайда? — дешет алар дагы.
— Маскөөдөн да алыс, эми кайра келбей калдым — дептир кадимки тамашалуу
кебинен жазбай.
Ошентип, бүт айылападагылар менен коштошуп кечинде үйүнө келип түшөт. —
Намазшам болуп калды, намаз окуп алайын — деп кемпиринен жай намазын сурайт.
Кайран киши төркү үйдө намаз окуп отуруп, жай намазга жыгылган боюнча кайра
турбаптыр.
***
Куйручук Өмүрзак уулу 1866-жылы туулган, 1940-жылы дүйнөдөн кайткан.
КЕРЭЭЗ
Айылдаштардын айтымына караганда Куйручук өлөөрдөн бир күн мурун керээзин
айтат. «Мен өлгөндө мүрзөмдүн казанасын күн батыш тараптан чыгарбай, текксиче, күн
чыгыш Тарабыиан чыгаргыла!» — деп суранат. Дагы бир адаттан тышкары ырымдарды
сунуш кылат. Ал көз жумгандан кийин мүрзөсүн өзү айтып кеткендей казалы дешсе ага
молдо болбойт:— Куйручук эмне, башкалардан өзгөчөлөягөя көрдө жатмак беле?
Мусулмандардын шартына ылайык келбейт. Ковгула! ~ деп коёт. Ошентип, Куйручуктун
керээз аткарылбай туртан болот. Сөөктү жаңы сууга алып жатканда мүрзө казгандардын
бирөө чуркап келип, жанагы күн батыш тарабынан молдонун айтуусу боюнча казып
чыгарган казананын төбөсү түшүн калганын айтат.
Мүрзвнү кайра Куйручук айткандай казышат.
АР КЫЛ БАЯНДАР
Куйручук
Эл үркүн
Элүү болуш эл үркүн,
Үрккөн жерин айтайын.
Көкүрөктөн көк түтүн,
Бүрккөн жерин айтайын.
Узун-Кабак, Жумгалдан,
Убара болду курган жан,
Баш-Кууганды, Түгөлдү,
Башка кайгы үйөмбү.
Кара-Кече, Кыз-Коргон,
Каалаган адам туш болгон.
Чет-Кууганды, Жери-Сай,
Жердеген адам баары бай.
Ийри-Суу менен Ак-Далы,
Имерген байлар ат мамы.
Күнгөй-Сандык, Таш-Дөбө,
Гүлдүү сонун чөбү бар.
Көк-Булак менен Балыкты,
Баш жагында Баба-Ата —
Пири тирүү олуя.
Ылдый жагын карасам
Жумгал-Ата мазардан,
Кайдан билдиң курган жан,
Акылдан минтип шашардан,
Кең Жумгалдан каард.
Кара-Кужур; Төлөктү;
Жерим жанга өбөктү.
Ырас болсо Кочкорго,
Шаама сүрүп түнөттү.
Кара-Мойнок, Ийри-Суу,
Качырып чыкты кыргызды.
Катынбалдар канетсин,
Тоону көздөй тырмышты.
Кызыл-Дөбө, Сары-Чат,
Санасам ичим ачышат.
Шамшы менен Каракол,
Аштыгы көп мына ошол.
Кара-Булак, Чекилдек,
Кайра жерге барсак деп,
Калкыбыз жүрөт лекилдеп.
Орто-Токой, Көтмалды,
Касиеттүү Ысык-Көл,
Ойлосом жерим көп калды.
Жайлоосу жакшыкең Соң-Көл,
Май-Төр менен Кашка-Суу,
Кадырың артык башка суу.
Күмүш булак адырың,
Адамга өткөн кадырың.
Азуулары аркайып,
Аттар өлгөн замана.
Астыңкы эрди шалпайып,
Төөлөр өлгөн замана.
Чаначы бар мойнунда,
Жөөлөр өлгөн замана.
Ак сакалы чүштөдөй,
Устаканы мистедей Карылары жолдо өлдү.
Ашуу таппай белде өлдү.
Катуутурмуш курусун,
Как ошондой болду окшойт.
Карга, кузгун, ит-куштар
Тарпын талап койду окшойт.
Беделдин белин ашканда,
Куу какырды басканда.
Көздөн жашы куюлган,
Көрдүм далай муңдуу жан.
Эсеби чатак кытайдын,
Эсебин кантип билебиз.
Эсебин эптеп билсек да,
Эшегин кантип минебиз?
Боруму чатак кытайдын,
Борумун кантип билебиз.
Борумун болжоп билсек да,
Капырдын бойтосун кантип кийебиз?
КОЮКУЙРУЧУК!
АбдыкалыкЧОРОБАЕВ
Шайыры элең кыргыздын,
Убайын көрдүн турмуштун.
Тартканда жерге шум ажал,
Тайгактан бутуң жылмыштың.
Чечени элең кыргыздын,
Намыз үчүн тырмыштың.
Ким болсо да тартынбай,
Бейитин ачтың кылмыштын. .
Тамашаң таңды атырган,
Күлкүң күндү батырган.
Куюлтуп сөздү сүйлөгөн,
Куйручук баатыр, акылман.
Баатыр болуп найза жеп,
Маңдайында так болгон.
Манаптын шагын сындырып,
Маскаралап ат койгон.
Камчысын үйрүп башына,
Чабамын деп тап койгон.
Чамгарактап турганда,
Кыбасы канчу калың эл,
Чыдамсыздан кубанып,
Чырагы жанчу калың эл.
Айтычу элең адамга,
Ар бир сонун меселди.
Айтпай кантип коёмун,
Ардактуу сиздей чеченди.
Таңдайың таңшып сүйлөгөн,
Таңданып элиң дүрбөгөн.
Учуру болуп өлүмдүн
Учуп кеттиң дүйнөдөн.
Жетимиш беш жашаган
Өмүрүңдө кылганың.
Байманаптын тушунда
Өздүжатты ылгадың.
Өрнөктү элге таратып,
Бир күнү тынчып турбадың.
Калмырза булбул,
Найманбай Катарында ырдадың.
Сөзүң калды калкыңда,
Ак калпак кыргыз жалпында.
Улантабыз тарыкка,
Нуска кылып артында.
Айтылат өчпөйт ар качан,
Адамдын көөнүн ачканың.
Шум кара жер бооруна, Койбой сени тартканын.
Колума алып калемди,
Козгоп бир аз жазгамын.
КУЙРУЧУК ӨЛГӨНДӨГҮ КЕЛИНИНИН КОШОГУ
Бу жалганчы дүйнөдө,
Бузук ишти кылбаган.
Булбулу деп кыргыздын,
Букардын журту сыйлаган.
Ак бараң мылтык каңдаган,
Аркарды атып шаңдаган.
Алты уруу кыргыз чогулса,
Атакем сөзүн жардаган.
Анысын угуп улуктар,
Алдырсак деп каалаган.
Алты күн ооруп жатпастан,
Аттанып кеттиң паанадан.
Күкүктөй тилиң сайраган,
Көптүн көркү шаңдаган.
Көралбай жүргөн улуктар,
Көрсөк деп булар таңдаган.
Айтышкан менен талбаган,
Ар түрлүү сөзүн камдаган.
Абалкы өткөн байманап,
Алдына тартуу кармаган.
Ак жамбы, күмүш теңгесин Атакеме арнаган.
Эрегишкен душманга,
Ат соорусун салбаган.
Акырдан аты жем жегей,
Алыстан уккан дегдеген.
Айтышам деп байманап,
Алдына басып келбеген.
Күлүгү арпа жем жеген,
Күрүчүн басып демдеген.
Көбүнчө ата сөзүңөн,
Душманың жакын келбеген.
Кайран атам береним,
Казакка тийген керегиң.
Кара жердин алдынан,
Какшасам чыкпайт дарегиң.
Кыйыным атам береним,
Кыргызга тийген керегиң,
Боз топурак алдынан,
Боздосом чыкпайт дарегиң.
Кара атка жапкан кажары,
Капылет келди ажалы.
Кадырман атам өлгөнүн
Калың элге жаялы.
Тулпарга таккан кажары,
Туюнтпай келди ажалы.
Топурактын алдынан,
Тууганың таппай жадады.
Ак баран мылтык асынган,
Алыстан жылкы ашырган.
Алдынан чыккан душманын,
Ак жолборстой качырган.
Адырдан уулап түлкү алган,
Ак сүлөөсүн мүлк алган.
Ардактуу атам деп келип,
Алыскы элдер үн салган.
Бул дүйнөдө ким калат,
Булбул конгон тал калат.
Бул дүнүйө жалганда,
Муңданып адам зарланат..
Карысы өлсө, артында,
Нускасын жаштар карманат.
Ажал өлүм чиркинге
Аманат жаның алданат.
БАКАЧЫ КАТЫНДЫН КОШОГУ
Куйручук эл чогулган жерде санжыраны сайраган, кызыктуу, күлкүлүү кеп-сөздү
айткандан талбаган адам болгон. Анын айтуусундагы бу тамашалуу кошокту акын
Абдыкалык Чоробаев Кукеңдин өз оозунан жазып алган.
Ысык-Көлдүн Тоң болушундагы Баатыркан деген кишинин төрт катыны болот; азык
катын, бугу катын, бакачы катын, катаган катын дегендер. Бир күнү Баатыркан «мен
өлгөндө кантип кошооруңарды билейин, кана кошуп көргүлөчү, көзүмдүн тирүүсүндө
ыраазы болуп калайын, жакшы кошконуңарды мен дагы жакшы көрөмүн» дептир.
Ошондо берки үч катыны кошо албай коюп, «бакачы катын» аталган Калыйчанын
кошкондогусу:
Сөздүн башы бисмилла,
Бисмилла бүткөн миң жылда.
Кошок айтам калк тыңда.
Көтөрдүк алла салганын,
Зар какшап минтип калганым.
Бул дүйнөдө шум жалган,
Өлбөй тирүү ким калган.
Шол өлүмдү байкасак.
Бисмилла сөздүн нускасы,
Шарияттын туткасы.
Эки аятта окулган
Пайгамбардын кутбасы.
Он сегиз миң ааламда,
Шум кара жер бараары.
Анжияндаи пул алдың,
Азыктан тандап муну алдың.
Акылы жок нааданды,
Мал коротуп неге алдың?
Букардан тандап пул алдың,
Бугунун кызын тул алдың.,
Кадырын билбес жаманды,
Пул коротуп неге алдын?
Кашкардан тандап кул алдын,
Катагандан муну алдың,
Каада билбес нааданды,
Калың берип неге алдын?
Базардан тандап пул алдың,
Бакачыдан мени алдың.
Жаңыдан баркың билээрде,
Үстүмө күнү неге алдың?
Кара байтал бооз деп,
Кашкардын жолу кооз деп,
Кашкарга бардың мен үчүн.
Кайгырамын сиз үчүн.
Эки жыл жатак калганда,
Кайрылбадың мен үчүн.
Кызыл байтал бооз деп,
Кытайдын пулу кооз деп,
Кытайга бардың мен үчүн,
Кыйналамын сиз үчүн.
Кытайдан барып алдырдың,
Кызыл кашка коёнду.
Кыйналып журтуң табалбайт,
Кылымда сиздей оёнду.
Кашкардан барып алдырдың,
Кара кашка коёнду.
Кайгырып журтуң табалбайт,
Кан баатыр сиздей оёнду.
Самооруң алтын жым элең,
Сайдан өрдөк учурбас,
Сарала туйгун куш элең.
Санаасы жаман душмандын,
Башына тийген муш элең.
Салпылдаган ала көз,
Самаган ишиң ушу элең.
Көмүркөй алтын жыш элең,
Көлдөн өрдөк учурбас,
Көк ала туйгун куш элең.
Көңүлү жаман душмандын,
Көөдөнгө тийген муш элең.
Күлүңдөгөн ала көз,
Сенин көрүнчү ишиң, ушу элең.
Дөң-Талаада коргонуң,
Оо, Баатыркан ойронум,
Төгөрөктү соргонум,
Ала-Башта коргонун,
Аа, Баатыркан ойронум.
Алагөз менен Кабаны,
Айдап жүрүп соргонум.
Уу, Баатыркан ойронум!
Баатыркан Бакачыга «үстүңө күң албайм» деп айтса да убадасынын учуна чыкпастан
Канааттын иниси Байдалынын катынын бешинчи катындыкка алып коёт. Бакачы бешалты катынды жанына ээрчитип алып жаңы катынды көрмөкке барышса ал жүктүн
бурчунда жууркандарды катардап салынып чыканактап жаткан экен. Тигилер кирсе киши
келдиби, ит келдиби деп тоготуп койбойт. Ошондо Бакачы катын:
Чыккан жериң Байдалы,
Бу кесирсиң кайдагы.
Бир чөгүнгө тең кылбай,
Кайнагаң Канаат айдады.
Алты жылы эр албай,
Шоруң минтип кайнады.
Баскан жериң саз болду,
Тандап тийген эриңиз,
Баатыркандай таз болду.
Жүргөн жериң мал болду,
Тандап тийген эриңиз,
Баатыркандай чал болду,—
деп айтканда жаңы катын жооп кайтарат: — Адам ээй, Баатыркандын бул катынын
топко сала турган экен. Ырчы, сынчы белем. Муну бесер кылып коё турган экен дейт.
Ошондо Бакачы сөз кайтарып муну айткан:
Ырчы десең ырчымын,
Сынчы десең сынчымын.
Сага окшогон эмени,
Байлатып алып урчумун.
Так ошентип мен өзүм,
Көчүккө тээп турчумун.
Кесир десең кесирмин,
Сага окшогон катынды,
Антипминтип будалап,
Окутуп койчу бесермин.
Бакачы жалаң ырчылыгы менен Баатырканга жагып, катын болгон. Бакачы өлгөндө
Баатыркан үч күнү удаа көрүнө барып өкүрөт.
«ЖАЛАҢКЫЧ ЖАЛГЫЗ ЭМЕС»
(Бир актылуу комедия)
К А Т Ы Ш К А Н Д А Р:
К у д а й б е р г е н (Куйручук) — өспүрүм чагы.
С е й и т — Кудайбергендин курбусу.
Борукчу — Бай.
Ж и й д е — Борукчунун байбнчеси.
Ш а б о т о — Болуштун жигити.
К ы л ж ы р — Бакшы.
Булардан башка оорулууну көргөнү келгендер, үнсүз келин, жигит, кирип-чыккандар,
үндөр, Кара Кулак-Шердин элеси катышат. Окуя күздүн күнү, бир күндө өтөт.
БИРИНЧИ КӨРҮНҮШ
Таң азанда, ээн талаада, чийдин түбүндө Сейит эки жакты элеңдей карап, жалгыз
отурат.
Сейит (ызалуу). Таң азандан ээн талаага эмнеге ээрчитип келди? Комго оронуп уктай
бергеним жакшы эмес беле. Уктай берсем, курсагымдын ачканын дагы билген калат элем.
Мени жалгыз калтырып, кай жакка житип кетти өзү?
(Күчүктүн эркелеген сыяктуу кыңшылаган үнү угулат. Аздан соң ак шейшеп жамынган
Кудайберген алыстан көрүнөт). Эй, сен кимсиң?! Апаа!.. (Кача турган болот.)
Кудайберген (үнүн акырын чыгарып). Жаагыңды бас, бок жүрөк! Иштин баарын
бүлдүрөсүң.
(Шыпылдай басып келип, чийдин түбүнө турат).
С е й и т (үнү калтырап). Бул сенсиңби?
К у д а й б е р г е н . Анан ким болмок эле?
С е й и т. Эмне жамынып алгансың? Көрүнчү экен деп...
К у д а й б е р г е н . Көрүнчү экеним чын. Көрүнүп турамбы? Көрүнүп турам. Мунун
эмнесинен коркосуң? Кааласаң көрүнбөй коём.
С е й и т . Коркутпачы?!
К у д а й б е р г е н . Мен турганда эмнеден коркосуң? (Күчүктүн кыңшылаган үнү
кайрадан угулат) Мына, Кара-Кулак Шерим келип калбадыбы!
(Оң жагын аяр сылайт). Сейит. (коркуп). Эмне?!
К у д а й б е р г е н . Береги Кара-Кулак күчүгүмдү көрүп турасыңбы? Мурда мындан
дагы кичинекей болчу. Эми чоңоюп калды...
С е й и т . (андан бетер коркуп). Кайдагы күчүктү айтып жатасың?
К у д а й б е р г е н . (оң жагын аяр сылап). Мына, жатпайбы. Көрбөй турасыңбы?
С е й и т. Эч нерсе көргөнүм жок...
К у д а й б е р г е н . (күлүп). Коркоксуң да. Коркпосоң көрмөксүң. Коркоктугуңду
койбосоң, мен дагы көрүнбөй коём... Оозуңду ачпа! Эмне аңыраясың? (алып келген
баштыгын берип.) Ме жеп отур. Колума ушул тийди, сүзмө. Жаңы куйса керек, айран
боюнча эле жүрөт. Ичип ал, сүзмө болсо дагы тамак. Буйруса бүгүн этке тойгузам.
Сейит. Кайдан?
К у д а й б е р г е н . Кайдан экенин азыр билесиң. (Тыңшап). Мына, келатышат...
(Алыстан ыйлап келаткан аялдын үнү угулат). Алар келип калышты.
С е й и т . Алар кимдер?
К у д а й б е р г е н . Борукчу бай, аялы экөө. Жалгыз уулу өлгөндөн бери аялы экөө
күндө таң азанда бейитке келишип, ыйлапсыктап кетишет.
Сейит (сүзмө жегенин токтотуп). Байкуштарга жаман болду ээ... Жалгыз баласынан
ажырап...
К у д а й б е р г е н. Жакшы болчу беле... Ар ким пейилинен табат. Бул экөө
пейилдерин оңошпосо мындан Дагы жаман болушат.
С е й и т . Чын. Иттей сараң ээ. Үйүнө кирсең нан Дагы беришпейт.
К у д а й б е р г е н . Өгүнү баласы өлгөндө, Борукчу казанда калган шорпону бизден
кызганып, мени көсөө менен төбөгө чапты. Аялы уулуна күйгөндүн ордуна таңга маал
туруп алып, шорпонун үстүндөгү майды калпып жүрөт. Пейилдери бузук булардын.
(Аялдын уңулдап ыйлаган үнү жакындан угулат.) Алар келип калышты. Сен чийдин
желкесине Кыймылдабай жат. Мен алардын көзүнө көрүнөм.
С е й и т . Кой жүрөктөрү түшүп калат?!
К у д а й б е р г е н . Кудай албайт. Аялы экинчи экиленгенин коёт... Кыймылдабай жат.
(Ордунан ыргып туруп, сахнанын экинчи тарабына чуркап чыгып кетет).
Айдын шооласы сахнанын экинчи булуңундагы дөмпөйүп жаткан бейитке түшөт.
Сырттан улупуңшуп ыйлаган аялын жетелеген Борукчу кирет. Жибек бейитти кучактап
өксүп ыйлап жыгылат.)
Ж и б е к . (ый аралаш). Кагылайын жалгызым, ала жат! Ала жааат кагылайын
каралдым!? (Өксүйт). Он гүлүңдүн бири ачылбай ойрон болдуң каралдым! Жайнаган
кырчын кезиңде, жайрап калдың чырагым! (Өксүйт. Борукчу көз жашын тыя албай,
бүлкүлдөп ыйлап отурат). Карыганда как-бааш мастан атанып, кантип жүрөм артыңда аа!
Ала жааат кокуй ала жат!? Канга тойбос шум ажал, каралдымды соо коюп, мени албай не
койду? Тобурчагым, тойгузбай жыпар жытыңа, тозокко мени калтырып, топурак чымга
жашындың. Ботомду коюп мени албай, боздотуп койдуң көр кудай! Кокууй ала жат, ала
жааат кагылайын жалгызым!? (Борукчу куран окуп жиберет. Жибек уңулдаганын бир аз
басып, бата кылат).
Б о р у к ч у . Эми кайрат кыл, байбиче? Кантебиз, кудайдын эрки экен. Көнбөскө чара
барбы! Өксүгөн менен жалгызыбыз кайра келбейт. Эми эл көзүнө көрүнбөй кетип калалы.
Сенин келгениңди бирөө көрсө кепке калабыз. Бейит башына келелекте ургаачынын
мүрзөгө келиши күнөө болот, кетели байбиче? Кайрат кыл?
Ж и б е к . (өксүп чыңырат). Кетпейм, эч жакка кетпеейм! Эл эмес, кудайдын өзү керсө
дагы кетпейм. Жараткандын бар экени чын болсо, мени жалгызымдын артынан алып
кетсин!? Ала жат балам, ала жаат кокуй!? (Кошок кошуп жиберет).
Тулпарың калды а минилбей, Жалгызым, кайда бир кеттиң а билинбей? Жалгызым,
элесиң туурат а тирүүңдөй, Жалгызым, дагы эле жүрөм а түңүлбөй!.. Ииий, ала жат кокуй
ала жааат!?
Б о р у к ч у . Кайрат кыл эми, байбиче? Кудай артын берсин.
Ж и б е к (ыйын тып токтотуп). Артын берсинби, как баш?! Жалгызыңдын артында
калып, дагы кандай жакшылык үмүт этип турасың? Жалгызымдын артында дагы кандай
жакшылык бар ыя? Айт, как баш? (Күйөөсүнүн бетин тытып алчуудай тап берип,
жакындай отурат. Борукчу чочуп кетенчиктейт). Мындан он эки жыл мурун көксөгөн
тилегиңди эми орундатайын деген экенсиң ээ как баш?! Мен эми төрөттөн калдым. Ансыз
дагы кумайыкча кем тукум экемин. Жаш катын алсаң, уурутупчуурутуп тууп берет.
Жалгыз уулуңдун топурагы кургай электе токол көзүңдөн учуп калган экен ээ, шүмшүк!..
Б о р у к ч у . Акырын?! Кудай урган тура... Кайдагы ойго келбеген сөздү айтасың да.
Ж и б е к. Оюңа келбесе, кайдагы жакшылыкты айтып жатасың? Кана, айтчы ошол
жакшылык үмүтүңдү?..
Б о р у к ч у (ыңгайсыз). Өлгөндүн артын берсин дебегенде башка эмне дечү эле?
Артын берсин деш керек... Кудайга керек экен, алып кетти... (жашып) кантели, өзү ченде
жок чечен боло тургандай шүйкүмү бар эмес беле. Көзүгүп кетпедиби, шоруң каткырым.
Көзүгүп кетти!.. (Ыйлайт).
Ж и б е к (чыңырып). Ииий, балам баладай бала болсочу! Кокууй, көзүңө көр топурак
тыгылгыр, сенин эле көзүң тийди, сенин эле! Эми мени же, как баш! Анан артыңды
тилееп журтта кал. Ушул как башка мени кор кылбай, ала жаат балам, ала жат!..
(АкыркМ чийдин түбүндө жаткан Сейит удааудаа чүчкүрүп жиберет).
Б о р у к ч у. (селтеңдей эки жагын карап). Киши келе жатат окшойт. Байбиче кетип
калалычы? Уят болобуз го?..
Ж и б е к. Кете бер! Менин тилей турган артымда эч нерсем жок. Ушул жерде жатып
өлөм. (Кошуп.)
Жалгызым, мени жаныңа тартыып ала жат?! (Сейиттин чүчкүрүгү дагы угулат).
Б о р у к ч у. Кудай урган, чын эле киши келатат окшойт. (Ордунан туруп, Сейит
жаткан тарапка басат, бирк чийдин түбүндө жаткан Сейитти көрбөйт. Тетири басат. Ошол
учурда бейиттин артынан кепин сүйрөгөн, жылаңач бүттарын шибеңдете баскан
Кудайбергн чыгат да, өксүп ыйлап отурган Жибектин жанына жакындап келип боору
ооругандай жашык сүйлөйт).
К у д а й б е р г е н . Апаке, мени мүрзөгө тынч жаткырбай койдуң го?!.
.Жибек (ыйын токтотуп, жалт карап). Ыя?!
К у д а й б е р г е н (ыйлагысы келгендей, жашык). Үч күндөн бери сенин ыйыңды угуп,
мени суракка алганын токтотушту. Апаңдын өтүнүчүн аткар дешет алар. А мен ага
болбойм, жашай түшсүн дейм. Эмне үчүн мүрзөнүн жанына келип ыйлайт, периштелерди
кыйнап жатпайбы! Болоору болду, эми энеңдин зарын угуп, тилегин кабыл кылып кел
дешип жиберишти. Жүр анда, ала жатайын?
Ж и б е к (көчүгү менен кетенчиктеп жылып, буулган үнүн араң чыгарат. Кой, кой
кагылайын?!).
К у д а й б е р г е н (жылаңач колун Жибекке жакындата сунуп). Жүрөгой апаке?! Мынча
болду, ала жатайын. Аябай кыйналып кеттиң окшойт.
Жибек (калтырап). Жок Жоок! Ордунан туруп кетүүгө аракет кылгансыйт. Анан эсин
жоготуп, жерге кулап түшөт. Кудайберген келген жагына бурулуп, шыпылдай басып
чыгып кетет. (Сырттан Борукчу кирет).
Б о р у к ч у. Байбиче, жүр эми. Кетип калалычы? Бирөөнүн чүчкүргөнү угулгансыйт,
карасам эч ким көрүнбөйт. Я кудай, айланайын, бөөдө кырсыгыңдан сактай көр! Тур эми
байбиче?! (Кыймылсыз жаткан аялынын башын көтөрүп, анын абалын көрүп чочулайт). Я
кудай, дагы эмне болуп кетти? Жибек?! Кара көзүм кашайган турабы жараткан?! Эсиңди
жыйчы, Жибек?! Ээгин көтөрүп, денеси муздап баратабы? Олдо жараткан ай! Мынчалык
эмне таш боорлук кылып жатасың? (Шашкалактап). Кой, таң ата электе үйгө жетейин.
(Аялын артына көтөрөт). О кудай артын бере көр? Артын бере көр! Кудай?! (Чыгып
кетет).
(Айдын шооласы Сейит жаткан чийдин түбүнө түшөт. Сейит бүжүйүп жатып алган.
Күчүктүн кыңшылаган үнү угулат, андан соң өз кийимин кийинген Кудайберген
шыпылдай басып кирип, Сейиттин жанына отурат).
С е й и т (күнөөлүүдөй). Сен мени кечирип кой? Чүчкүргүм келип...
К у д а й б е р г е н . Азаматсың. Туура кылдың. Мени сени чүчкүрүп же жөтөлүп койсо
экен деп тилебедимби.
С е й и т. Чын элеби?
Кудайберген. Чын экенин көрбөдүңбү. Борукчу сага алаксыбаса, менин Жибекке
көрүнүшүм кыйын эле. Экөөнө көрүнсөм деле болмок дечи, бирок, күйөөсүнүн көрбөгөнү
жакшы болду. Мына эми, этке кай жактан тоёруңду билдиңби?
С е й и т (ийнин куушуруп). Билбейм...
К у д а й б е р г е н . Азыр барары менен Борукчу түлөө жасайт. Биз анын малын союшуп,
этин бышырышып, курсак тойгузабыз. (Күчүктүн кубанычтуу кыңшылаганы угулат. Аны
менен сүйлөшкөндөй). А ошондойбу. Мына, Борукчунун байбичеси тилден калып,
Кылжыр бакшыга киши жибериптир. Борукчу мойнуна курун салып, аксарбашыл айтып,
көзүнөн жашын куюлтуп, күндүн мурду көрүнө электе элди батага чакырганы калыптыр.
С е й и т. Аны ким айтты?
К у д а й б е р г е н (оң жагын аяр сылап). Мына, КараКулакШерим билип келе
калбадыбы... Жүр, эми элге аралашып, биз дагы эч нерсе билбегендей барып калалы.
(Ордунан шарт туруп, чыгып кетет).
С е й и т (артынан чыгып баратып, өзүнчө). Кайдагы КараКулакШернн айтат?..
Түшүнсөм өлөйүн... ( Кетет.)
ЭКИНЧИ КӨРҮНҮШ
Ошол күнү күүгүм талаш, Борукчунун үйүнүн тегереги опуртопур элге толуп,
кобурсобур угулуп турат.
Б и р и н ч и ү н . Үйгө кирбеңиздер болду. Кылжыр олуя дем салып жатат. Эртең
келиңиздер.
А я л д ы н ү н ү . Ботом, качан тилден калыптыр?
Кечөө кечйнде эле экөөбуз сүйлөшүп отурбадык беле.
Б и р и н ч и ү н . Э жеңе, кырсык кашкабактын ортосунда деген ошол. Балээни кайдан
деп болбойт. Эртең ушул маалда сиз экөөбүз эмне болоорубузду ким билиптир.
А я л д ы н ү н ү . Жаагыңа таш, арам чечек!
Э р к е к т и н ү н ү . Тилден калыптырбы же кыймылдабай калыптырбы?
А я л д ы н ү н ү . Э ары турчу үксөйбөй, сүйлөбөй калыптыр деп жатпайбы.
Б и р и н ч и ү н . Жибек жеңе түндө төшөккө амансоо... эсталма болуп калганын эртең
менен көрүптүр.
А я л д ы н ү н ү . Э айланайын кудай, бакпай балааңдан, жакпай жалааңдан сакта?!
Б и р и н ч и ү н. Эртең келиңиздер. Кылжыр олуя айланага жан жолотпогула деп
жатат.
Э р к е к т и н ү н ү. Кетели... Олуянын деми түшүп, сакайып кетсин, бечара.
Авансценанын бир тарабынан Сейит, экинчи тарабынан Кудайберген көрүнөт).
К у д а й б е р г е н . Даярдандыңбы? С е й и т. Ооба. Чоң жез чарага арчанын бүрү менен
адырашманды кошуп, боор көпмө кылып салып койдум. Кудайберген. Шамдычы?
С е й и т. Кара жыгач чөйчөккө толтура талкан салып, үстүнө мылтыктын дарысын
себелеп, кайра талкан менен жаап, сары майдан төгүп койдум. Чийге кебезден ороп, аны
дагы майлап, талканга салдым. Бардыгы тогуз шам. Алып келейинби?
К у д а й б е р г е н . Шашпа, туура кылыптырсың... Ук! Мен эшикке чуркап чыгып
«келе» дегенде, колума кармата коёсуң.
С е й и т. Аны эмне кыласың?
К у д а й б е р г е н . Кылжыр бакшы дем салып бүткөндөн кийин, ушуларды пайдаланат.
Мурда бирөөнө дем салганын көргөм. Бар эми, эшикте отун теримиш болуп, менден
көзүңдү албай тур.
С е й и т. Макул... (кетишет).
(Көшөгө ачылганда жүктүн бурчундагы салынган төшөктө Жибек кыймылсыз жатат.
Борукчу курун мойнуна салып, жерге башын ийип, чөгөлөп отурат. Кылжыр бакшы бир
нерселерди күбүрөп, аягында «сүф», ^сүф» деп, аса таягы менен Жибек жаткан төшөктүн
четин чапкылап коёт. Шабото «Олуяга» жардам берген кыяста, андан көзүн албайт).
К ы л ж ы р (дем салганын токтотуп). Оорулунун абалы оор.
Б о р у к ч у (үңкүйгөн калыбыңда). 0 кудай! Кара көзүмдү кашайтпа? Жан бүткөнгө
жамандыгым жок эле. Жаңылып жазганым болсо, кечир, кагылайын кудай!
Аксарбашылыңды айтайын. Ак боз бээмди тартайын. Кемпиримди соо кой? О жараткан?!
(Ыйлагандай бүлкүлдөйт).
К ы л ж ы р. Кечинде сыртка жалгыз чыкты беле?
Б о р у к ч у . Эсимде жок, Олуям. Ар кандай боло берчүү. Түндө саксаламат эле
жатканбыз. Эртең менен намазга туруп жатсам кемпирим кыймылдабайт. Намаз окуп
бүткөндөн кийин карасам деле ошол калыбында жатат. Уктап атабы дейин десем, уйкуга
окшобойт. Карасам, ээги көгөрүп, колу тырышып, дем алуусу оордоп калыптыр.
Колтугуна колумду салсам, денеси жылымык экен. Кыймылдатсам сезбейт. Көзүн ачпайт.
(Ый аралаш). О кудай, жамандыгыңды көрсөтө көрбө?..
К ы л ж ы р. Шейиттин үстүнө отуруптур.
Б о р у к ч у (көзү алайып). Шейиттин?..
К ы л ж ы р . О жараткан, шыпааңды ая! Жараткан пендеңе жардам кыл?! (Ордунан
ыргып туруп). КөкТаш ата келдой көр! ОлуяАта колдой көр! УлабасАта колдой көр!
ТешикТаш ата колдой көр! ЖумгалАта колдой көр! ШамшыкалАта колдой көр! Я аллла
(оорулуну тегерене басып, таягы менен көрүнгөн жерди сайгылап, жалынычтуу окуйт).
Шекер даамдуу бейкүнөө, Шейиттерим колдосун!? ОлуяПир жамынган, бейиттерим
колдосун?! Адам нээтин тазарткан, арбактарым көрүнгүн?! Жиншайтандын эпкини, ак
денеден бөлүнгүн?! (Жибекти арыбери аттап, эки жакка секирет). Жигит пири
Шаймерден, сенин күчүң колдосун?! Суунун пири Сулайман, сенин күчүң колдосун?!
Чыккан жанды кайтарыш, менден эмес кудайдан. (Эки жакка секирип, Жибек жаткан
жуурканды чапкыЛап, алкашаЛкй тердейт. Бир идиШке арча мёнен адырашман түтөтүп
келгиле?!
III а б о т о (шарт ордунан тура калып, эшикке кыйкырат). Арча менен адырашман
түтөтүп келгиле!
Сырттан жез чарага адырашман менен арчаны түтөтүп, Кудайберген кирип келет)
К ы л ж ы р. Мындай кой. (Кудайберген жез чараны Жибек жаткан төшөктүн жанына
жакын коёт. Кылжыр түтөгөн орчанын үстүнө колун арбайта жайып, ичинен күбүрөп дем
салып бир аз отурат. Сырттан арча салынган экинчи чараны көтөрүп жаш келин кирет.
Борукчу аны жек көрө карайт).
Б о р у к ч у. Экөөнүн эмне кереги бар. Алып кет нары! Сүйрөлгөн кудай аткыр!
(Келин унчукпай алып чыгып кетет. Аны менен кошо Кудайберген дагы чыгып кетет.
Кылжыр тҮтөгөн жез чараны алып, Жибекти тегерене чуркап, дем салат).
К ы л ж ы р. УмайЭне жарыктык, усулуңду бере көр?! О пайгамбар Улукман, шыпаа
чачып келе гөр?!
Жыпар киндик жаныбар, жыпарыңды убала, Шайтан чачкан эпкинди, шамал менен
кубала!?
Сүф! Сүф! Сүф! Сүф! сүф, сүф!
(Терин аарчып, төргө тизелей отура калат). Жараткан шыпаа берсин!. Эми шам жасап
келе калгыла? Тогуз чийге кебез ороп, сары майга чылап койгула. Сыркоонун башына
шам жагып, жандуу дартты өрттөйлүк. Жараткан шыпаа кылсын...
Ш а б о т о (сыртка). Шам жасап келгиле! Тогуз чийге кебез ороп, сары майдан
куйгула! (Кара жыгач аякка салынган талканга сайылган тогуз шамды көтөрүп,
Кудайберген кирип келет).
К ы л ж ы р. Бери алып кел, кагылайын? Мындай кой. Эми шамдарды жандыр!
(Кудайберген баарын айткандай илбериңки аткарат). Силер үчөөң тең тизелеп, эшик
тарапты тосуп отургула. Мен дартты шамды көздөй кубалап келем. Силер колуңарды
жайып, шамга жакындап, тегеректегиле. Алаканыңарды кенен жазгыла! Алакандын
отунан дарт аттап өтө албайт. Мен шамга жакындагында силер дагы жакындагыла. Дарт
өрттөнүп кетсин.
Сырттан экинчи шам салынгйн аякты көтөрүп Мйш келин кирет).
Борукчу (көрөр замат ачууланып). Силер эмне, жинди болгонсуңарбы!? Бу бала шамды
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 17
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов