Latin

Эй, бу Куйручук - 06

Общее количество слов 3920
Общее количество уникальных слов составляет 2203
28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Аксакал Байзак карыны. Көкүмбай, Курман, Мырзабек, Көкдөөлөрдөн миңим бар. Сен,
чалдарыңды мактайсың, Жаштарыңдан кимиң бар? Жаңшап ырдап коюуга, Жаагымда
тилим бар. Эми айтышчу болсоң кел бери! Мен айтылуу Куйручук, Атактуу саяк элдеги.
Эээй, жалгыз үйлүү Калмырзам, Ата байкуш аа, Ата кургур аа...
Жеңе албайсың сен мени! — деп шылдыңдап анын жүрүштурушун туурап күлөт).
Элдин баары күлүп калышат. Калмырза ордунан обдулуп кайра ырдай турган болгондо
Чыныбай Калмырзаны чакырып, эл ортосуна келип, Куйручукту да чакырып:
— Эл, журт, оң жагымда турган Куйручук — саяк, сол жагымда турган Калмырза —
сарбагыш. Мен экөөнө калыс тууганмын. Бул экөөнүн бүгүнкү чырлуу ырына калыс
болоюн, эл, журт, калыстыкты бүгүн мага бергиле!? —деп сурап калганда эл чуулдап:
— Чыке, сиз туура айтасыз! — дешет. Анда Чыныбай:
— Калмырза, сен Шабдан ажыга баратканда Шабданды аябай мактап ырдадың,
Шабданга мактоо жарашат, Шабданды сен эмес бүткүл эл, айрыкча орус калкы да
баалайт. Бирок сен саякты эки жолу кордоп, кемсинтип ырдаганыңа чыдабай Куйручук
сени жамандап ырдап чыкты. Бул жеке Куйручуктун эмес, бүткүл саяктын ыры. Сен түз
ырдабай өз айыбынды чукутуп алдың. Куйручук сени «түбү жок», «теги жок», «жалгыз
үйлүүсүң» деп эл ортосуна ырдап отурат. Куйручуктун бул сөзүнүн жарымысы калп болсо
да, жарымы чын чыгаар. Мындай жамандашып ырдоодон эл бузулат, чыр чыгат. Мунуң
туура эмес. Ырчылыгыңда талаш жок. Мындан кийин агымга карата чындыкты айтып, түз
ырдап жүр. Бүгүнкү ырың боюнча сен Куйручуктан жыгылдың»,— деп экөөнү жайларына
таратат. Чыныбайдын бул калыстыгына эл ыраазы болот. Калмырза шылкыйып
Шабдандын жанына отурат, Шабдан да Чыныбайдын калыстыгына кошулуп:
— Мындан ары бирөөнү мактап, бирөөнү жамандабай түз ырдап жүр!» — деп коёт.
Куйручук жанына барганда Байзак:
— Кайран Куйручугум, жарайсык, мен сени баягыда шашпа дегеним ушул болчу,—
деген экен.
БОРБАШ КУУДУЛДУН ҮЙҮНДӨ*
Бир айылда бир катын урушчаак болсо, катындын баары урушчаак дегендин чындыгы
барын бир уруунун Борбаш деген куудулу аныктагысы келди. Чоң куудулдардын таамай
айткан курч кеби, өзгөрө калган кебетеси, адам кайталагыс кыймылы эл оозунда лакап
болор жорук-жосундуу болсо, Борбашта ал касиеттердин бири жок туруп, ошо чоң
куудулдарды туурайт. Эсжинди манаптын жорук-жосунун иштейт. Бирде бука болуп жер
челгенсийт. Айгыр болуп азынайт. Кочкор болуп мекиренет. Теке болуп бакылдайт,
эшекче айкырат. Ага өз жаратылышындагы осол кыймылы, орон жосуну, кай кездери шай
келгенсийт. Албетте, ага кишилер күлөт. Бирок, күлкүнүн да күлкүсү бар деңизчи.
Борбашка күлгөндөр анын куудулдук асыл өнөрүнө эмес, туурамчылыгына, бирде орой,
бирде осол кыймылына, бирде орундуу, бирде орунсуз кеп-сөзүнө, анан ага өзү аябай
ишенгенине күлүшөт.
*
Т. Сыдыкбеков. «Күлкү жана өмүр» китебинен.
— Оо, куудул болбосоң коё кал... — Мөөрөшү буканын өзү...
— Аңкылдашы деле кадимки эшек...
— Хихи... эмнеси болсо да сокур чымыны бар өзүнүн...
— Ой, кудайдын мунусуна да каниет.
Жоошбай, Куйручугубуз жок болсо да Борбашыбыз бар!
Ушуну айткан кишилер өздөрүнүн Борбашы барына кадимкидей сыймыктанышат. Ага
Борбаш ыраазы.
Өз өнөрүн өстүрүүдө. Деген менен оозго алынды. Кадыр-баркка да ээ болуп калды.
Неси болсо да өнөрлүү киши таш жалак калбайт тура.
Кичүүлөрү — «Борбаш аке» дешсе, улуулар: Кудая шүгүр. Куру алакан эмеспиз,—
өзүбүздүн Борбашыбыз бар күлдүрөр» — дешет.
Ага көңүлү өскөн Борбаш манчыркайт. Кай кездери жакшыларына да дөгүрсүйт. Тике
айтып кепке сындырат. Бири ага ачууланат. «Ай ушунуу» деп кээрдесе, Сири ага күлөт:
— Ой койчу. Анын эмнесине ачууланасың. Өзүбүздүн Бокебиз да. Жүрө берсин
күлдүрүп...
Айтор, бир айылдын Борбаш куудулунун тентектиги да, осолдугу да кечирилди. Деген
менен уруу ичи тынч, атаанчылы аз, ынтымактуу. Ал ынтымак бечара Борбаш куудулду
семиртти. Киши семиргенде пейил күтөт деңизчи. Өзү куудул Борбаш ал пейилди эки эсе
күтүп, өзүнчө жалгыз үй олтурган кези. Анткени, уруунун ага манабы «тепсөөрүндө
калбай» көбүнчө обочо конушат. Козусун өңөрүп, кымызын чаначтап теңденип, сасык
байлар ал ага манабына союшун, суусунун жеткирип турат эмеспи.
О калк кадырлаган кишинин ырыскысы элден тура. Балким, биз ага — манапча жалгыз
үй олтурсак, союш менен суусун келип турар деген үмүт Бокенде болду.
Тирүү жан — тиштүү бака, ырыскыдан куру калмак беле. Кай кездери Бокеңдин
насиби — союш да, суусун да келип калат. Бул, менсинген Бокеңдин бар зоболосуна
сыйынгандыктан деле эмес: уруунун ынтымагынан, берекесинен. Айыл жакшыларынын
«ат качырбас боз айтырларынан». Анан баарыдан мурда: «Өз өнөрпозубуз — Бокемдин өз
кадырынан да».
Үңүлө калса кабагы каткат, кирпиксиз жүлжүк көзү нурсуз мөл, боргол мурду
баштыктай, эткэел, бет мол. Бир көргөн киши адегенде күлүп да жиберет. Ошондон улам:
«Ээ биздин мол оңтүсүбүздү көргөндө эле күлбөсүн күлөт дечи,— деп Борбаш өзүнө
корстон.
Ооба, Бокең өндүрдө жалгыз үй олтурган кези. Ат дүбүртү жакындады. Анан сырттан
үн эшитилди.
— Үйдө киши барбы?
Борбаш ыңгыранды, төрдө жамбаштап жаткан боюнча козголбой. Кайнатага кызматы
элпек келин үйдөн чыга чоочун кишиге иймене карады. Жолоочу өзүнчө эле кобурап
койду:
— Элденжурттан калган ээн үйдө жалгыз келин бар экен го.
Келин чоочуп айтты:
— Жалгыз эмесмин аке. Үйдө атамдар дагы бар!
— Аа балам, алты бакан селкинчек, андай теппей мындай теп... деп курбуларың мвнен
көңүл ачар жаркын жаң экенсиң. Сени ошол катарындан бөдүп, ушул боз өндүрдө калган
атаң— кишиби? Же... Келин чочуп айтты дагы:
— Атам киши эле аке...
Жолоочу күлгөн болду. Атынан түштү кобурап:
— Атаң киши болсо учурашайынчы...
Келин атын алып мамыга байлагычакты, жолоочу өзү эле үйгө шып кирип келди да,
төр жакка карап кырааттап салам айтты:
— Ассаломуалейкум, өз төрүндө дөңгөч болуп жаткан мырза!
Борбаш алик ордуна ыңгыранды. Сол бутун көтөрдү. Мунусу эсжинди манапты
туураганы, чоочун кишиге кыр көрсөткөнү болучу.
Жолочу тек өзүнчө кобуранды:
— Ээ, казы боломун деп, Борбаш бойдон калган «мырза» сен экенсиң го.
Борбаш жансыз дөңгөч болуп солк этпеди. Жолоочу Борбаштын оң капталын баса
отурду да бет алдынча кобурап:
— Балтасы келип бул дөңгөчтү жаргыча, жанымды сеп алдырайынчы...
Эшиктен келген келин жолоочунун жоругуна аңтаң. Не кеп айталбай, не эмине
иштерди билбей селейди. Жолоочу мурутун жаныпжанып сурап койду!
— Балтаңар барбы, балам?
—бар — деди келин сактана.
— Ак балтабы, сом балтабы?
Келин эмне дээрин билбей, мукактана түштү. Жолоочу келинди кызындай эркелетип
айтты!
— Дөңгөчсүз деле жагарга отун бар тура садагасы. Андан көрө от тутандыр,
казанынды ас. Алабакандагы чучукту, картаны сал. Ай алар аздык кылат го. Берки сүрдөн
да чүйгүндөп сал!
Калануу турган чыгдандын ары жагындагы алабаканда чучук, карта, сүр бар экенин
билген жолоочу жөн киши эмес деп келин калтаарый түштү эле:
— Коркпо садагасы. Балта, шынаасы келгенде бул дөңгөч өзү эле жарылат. Ага дейре
эт бышсын. Таң эртеден бери өксүбөй жол тартып келдим бул үйгө. Карын ач. Тездетип
жибер!
Жолоочунун кебине келин ынана түштү. Арыбери караганча отту тутандырды.
Казандын көчүгүн эмчек аймалаган жаш музоонун тилиндей жалын аймалады.
Айтканындай чучук, карта анан сүр бат эле «бүлк-бүлк» кайнап, жолоочу чырым этип,
куш уйкуну салды. Чынында уктап деле жарытпады. Тигил дөңгөч кантээр экен деп бирэки ирет «корр» эттирди коңурукту.
Дөңгөч эч белги берген жок. «Ээ, бу өзү дайнын таппай жүргөн көөдө экен.
Оюндагысын иштей берсинчи. Кайда качмак эле. Бу бейбаштыгын айтып, бийге салсам,
буюруса, Бокеңдин алдына тогуз айып тартып, тизесин кучактайт дечи».
Ушул оюна бек Борбаш чын деңгөччө солк этпейт. Эт бышкандыр деп ойлоп, жолоочу
баш көтөрдү. Сакал сылады. Эки жагына каранды. Үн чыгарды. Көңүлүндө алда бирөөлөр
менен кеңешкенсидн. Анан:
— Ээ ырчынын Аксак сарысы, сен айтчы? Киши дөңгөчкө акбалта өтөбү, сомбалта
өтөбү? Аа сомбалта деңиз! Жолоочу дагы эки жагына каранды: — Ээ сынчынын
Сынсандыгы, сен айтчы? Алыс жол тартып келаткан жолоочу ээн үйгө туш келсе, андагы
аштамакка өзү ээ болуп, карын тойгузса, аа жолоочу айып уубу, не үй ээсиби? Аа жолоочу
— мискин айыпсыз деңиз!
Жолоочу келинге жалына айтты:
— Садагасы эт бышкан тура, чыгар. Дасторкон кой. Жай олтуруп жейли эми. Келин
«кын» дебестен, жолоочунун айтканын иштеди. Жолоочу мукур кынынан нукур кестигин
чыгарды да колун, кестигин жууду. Ашыкпай картаны, чучукту кести. Ашыкпай бир
кесимден оозго салып, таңдайда эригеп май татымын алып, тамшана чайнады.
— Жарыктык, сыртты кур оттогон быштычыкманын жаясы тура. Жеген оозго жарашчу
насип экен даа...
Келин ийменип араң айталды:
— Атам да жесин, аке?
— Жок, атаң кантип жейт? — деп койду жолоочу картаны этиет оозуна салып.
Эмне дээрин билбей жаш келин буйдала калды. Жолоочу эми чучуктан кесип, оозуна
жакындатып, өтө бир сылык сурады алда кимден:
— Куучунун куур баштыгы сен айтчы? Үй ээси куудулсунса, анан ал куудулданбай
куу дөңгөчкө айланып төрдө жатып калса, аны өз сомбалтасы жара чаап отко салса
болобу? Аа, куудулсунса, куудулданалбаса, куу ит. Манапсынса, манап болалбаса, ал кек
ит. Экөө тең болалбай, элденжурттан бөлүнүп, ал жалгыз үй налса, ал көр ит...
Эртеден бери солк этпей жаткан Борбаш оонай берип обдула турду:
— Тааныдым? Тааныдым? Куйручук абам экенсиз Кечириңиз абаке! Кечириңиз?
Өзүңүз айткан менин куу иттигимди, кара иттигимди, көр иттигимди... Кечириңиз
Куйручук аба? — Борбаш Куйручуктун мойнун кучактап, жалынды-жалбарды.
.— Атым тартуу, башым тартуу. Куудул болбой куруюнчу... Мени киши болсун
десеңиз ошол куудулдук касиетиңизден жарты чымчым бере кетиңиз, жарыктыгым!
Куйручук Борбашка одурая карады: — Ээ, куудулдук — касиет дечи. Буга дейре сен
аны кандай туюнчу элең?
— Өзүңүз айткан — көр ит экемин... Кулдугум бар...
— Акын, акылман, куудул журттун төрүндө олтурчу байыртадан. Сен көр иттигиңден
боз сеңирде жалгыз үй олтурасың. Эл кыдырып, оңсолдогу журттан чыккан акылман
куудулдардан таалим алыштын ордуна... Эсжинди манаптын жоругун иштеп, үйүңө салам
айтып кирген кишиге сол бутуңду сундуң. Ушул айыбыңа тогуз айып тарттырып,
жазалатсам болор эле. Ит менен битке киши эрегишпейт дечи...
Борбаш Куйручуктун тизесин кучактады:
— Көр иттигимди кечир, аба?
— Кой? Өйдө бол! Айылдын төрүнө кон! Өнөрлүү ит күнүн көрбөйт. Ак үйдүн төрүн
күлдөтөт! Абийир сакта! Өз башыңдагы касиет өзү гүлдөйт!
— Айтканыңыз келсин...
— Табактагы ырыскыдан ал! — деди Куйручук үй ээси Борбашка.
— Экөөбүз табакташ бололу?
Куйручук улуу сөздүн учугун улай Борбаш эшитпеген кепти айтты. Кымтынып,
ийменип, коркуп олтуруп Борбаш эт жегендей да болбоду...
КУЙРУЧУК МЕНЕН КАСЫМАЛЫ
Нарында белгилүү манап Чоконун ашы өтмөкчү болот. Ашка бүт кыргыз жергеси
чакырылат. Элдин баары келет. Бирок, Ак-Талааны бийлеген Касымалы Манап эли менен
келбей калат. Ашка бир манаптын же
бир эле уруунун келбей калышы ал учурдун салтында уруу аралык чоң чатактын
болоорлугун айгинелеген.
Уруу аксакалдары отурган өргөөгө Байзак ажы баш болуп, Чоконун уулу Казы,
кайдуунун мыктылары киришет.
— Байзак ажы, ашка бу чоро туугандардан башка чакырылгандар бүт келишти. Ашты
баштай бербейбизби,— дейт Казы.
Байзак чочуп кетип, оюндагысын ортого салды:
— Алысжакын дебей, чакырган элиң бүт келсе, канатташ чоро элин, тууганың
Касымалыны катыштырбай ашты баштаймын дегениң Казы балам орозкелирээк жумуш.
Аш жалпы кыргыздын ынтымагы менен өткөнү дурус. Чоро элин, Касымалысы менен
кошо кайра чакырт. Менин пикиримди аксакалдар да жок дебейт го...
Уруу аксакалдары — Ажы туура айтат. Аш тынч, ынтымакта өткөнү жакшы — деп
жаалап калышты.
— Мага жымсагыраак айтылды, мен барбаймын — деп коюптур. Нимкыялыраак киши
эмеспи, эми мен киши жиберген менен да келбейт, Сиздин эле тилди албаса — дейт Казы.
Байзак бир аз ойлонуп туруп: — бул ишке Куйручук барсынчы,— деп коёт. Куйручук
Ак-Талаага жөнөйт.
Куйручук тааныбаган бир жигит боз үйдүн эшигин көтөрүп, аны үйгө киргизет.
Касымалы эки куш жаздыкты катар койдуруп, чалкасынан жаткан экен. Кирип келаткан
Куйручукту көрүп көзүн жуумп уктамыш болуп калат. Муну байкаган Кукең да
«Атсаломуалейкум!»—деп катуу кайкыра салам айтат. Касымалы бир көзүн кичине
жылтыратып ачып, Куйручукту тааныса да таанымаксан болуп, саламын алик албастан,
уйку сурамыш этип бир капшытына оодарылып, тетири карап жатып алат.
Куйручук да карап турмакпы, чепкенин чечип керегеге илип, кудум өз үйүндө
жүргөнсүп, жүктөгү жууркандардан алып алдына салып, эки ак жаздыкты жазданып, ал
дагы экинчи капшытты карап жатып калат. Бирок, Касымалынын бүт кыймыларакетин
тыңшап жатса, Касымалы чукуранып кайра бери карай оодарылганын баамдайт. Куйручук
да Касымалыны карай оодарылып, экөө тең Бири-бирин көздөрүн жылтыратып тиктеп
көпкө жатышат. Бир аздан кийин Касымалы кичине кыйшая калып, алаканын эки жолу
чапканда, тез эле бир жигит баш багат. Касымалы жигитке «мен иччүдөн төргө алып
келип койгун, коногум экөөбүз ойноп ичебиз» деп буйруду.
Куйручук ичинен бул эмине шумдугу деп, ал дагы Касымалыны туурап көзүн
ачыпжуумп жатса, баягы жигит чарадай болгон чоң жыгач табакты төргө апкелип коюп,
кайра чыгып кетти. Куйручук табактагы каймагы алынбаган, жаңы уюган топоздун
жуураты экенин жаземдебей билди.
Аңгыча Касымалы куду эле жаш баладай эмгектеп табакка жакындаганда, Куйручук да
аны туурады. Экөө табактын эки четинде биринбири тиктеп туруп калышты. Касымалы
кадимки тамак коруган ит сыңары «ырр» деп койду эле, ушуну күтүп турган Куйручук
«аррарр» деп барып, Касымалынын башын табактагы жууратка матырып алды. Кадимки
күр дөбөттөй күркүрөп, эки далынын үстүнөн ныгыра басып аны өйдө тургузбай койду.
— Куйручуксуңбу? — деди Касымалы.
— Ооба — деди Куйручук.
— Куке коё бер, тогуз топоз айыбым бар.
— Андан тышкары айтканымды аткарасың!
— Макул, сөзүң эки эмес.
Аңгыча жанагы жигит кирип келип «кокуй Касыке» деди эле, «таш оозуңа, бар нары»
— деп аны чыгарып жиберди.
Эртеси эртең менен аттар токулуп, аттанар алдында Касымалы кермеде байланып
турган топоздорду көрсөтүп, «Куке алаар айыбың тигине» дейт. (Куйручук эмне кылар
экен деп, сынап он топоз байлаткан). Куйручук атына минип, топоздорду санап, «айыбың
тогуз, ашканы доңуз» деп онунчу топозду бир салат да, «тогузу меники, доңузу сеники,
багыла берсин, жүргүлө кеттик» деп жүрүп кетишет.
Байзак Куйручукка «кыргыздын ынтымагы үчүн туулган, тетирлерин теске салсын деп
кудайым берген уулсуң да» деп ыраазылыгын билдирет.
КУЙРУЧУКТУН ШАБДАН БААТЫРГА ЖОЛУККАНЫ*
Бир жолу Чүй башына агайынчылап келген Куйручук шаңдуу келаткан жоон топко
кездешти. Көрсө, кеминдик төбөлдөр экен. Падышадан алган чени алданемедей көрүнүп,
карасакал нур жүздүү, кыйла келбеттүү Шабдан баатыр үстү жумшак, сыйда жал боздун
эч айныбас кой жоргосун көшүлтүп топ алдында. Куйручук токтолбой салам айтты:
— Ассаломуалейкум Шабдан баатыр! Көк-Ойроктон дем алып теминген жарыктьж
Кемин дайрасына жыбылжыган булак менен кошкон кудайыма тобо!
Алчактаган карагердин үстүндө дүмүрөйгөн сүрдүү кара киши кээрдеди:
— Эй! Баатырдын албуут дарыясына мөлтүр булак болуп кошулгудай касиетти сен
кайдан алган томаяксың ыя?!
Куйручук да ага тике одурая карады:
— Он сегиз миң ааламдын бир эгеси — Теңирим берген ал касиетти мага.
Мусулманчылык жолунда кол куушуруп салам айтсам, аликке келбестен... эртеги көк
букадай мурдун таңырайткан өзүң кимсиң, баса!
Тигил оолуга түштү:
— Берегини турган жерине атматы менен кагып киргизейинчи... Баатыр жолумду
берчи...
*
Т. Сыдыкбеков. «Күлкү жана өмүр» китебинен.
— Не дейт бу көк бука! Кан жолдо салам айткан жолоочуну кийиз казыкча жерге
кактырса саа окшогон жиндисине, Шабдан баатырың Оң менен Солго калыс боло алат
беле?.. Бугу, сарыбагыш, саяк, саруу, черик эмес, жамы казак, кыргыз менен ногой,
сарттын, акпаашанын өз журту орустун ортосундагы данакери деп жүрсө быяктагы көп
журт... Эмике Шабдан баатырың ошо жалпы эл баамдаган төппү же жанына одурайган,
күдүрөйгөн тентектерин топтоп алып, кан жолдон салам айткан жолоочумискиндерди
кийиз казыкча жерге житирип жүргөн мүйүз токмокпу?!
Бетке чаап айткан Куйручуктун алп кебине ыраазы болгон Шабдан мыңк-мыңк күлдү
да, деп койду:
— Олда Баяке ай. Бул өкүмпастыгың кепке кедерги болду го?! Узун өзөндүн кулуну —
жамы журттун куудулу Куйручукту бөлчү эмес белең?.. Ат жалында эшитээр албан баян,
күлөр күлкү келген тура! Дарыяга куяр мөлтүр булак ошол! Айткандарына кулак кансын.
Айылга жүрү, биз менен.
Куйручукту катарга алып Шабдан тизгин какты. Боз жорго соорду бүлкүлдөттү.
Баятадан жым тургандар кызык кептен кур калбайлы дешип темине бастырышты.
Кан жолдогу кеп каадасы: эл-журттун эсенчилиги, малбаштын амандыгы суралат. Эл
арасында эмнедей окуялар болду. Кандай той-тамаша, не кагылыштар өттү. Журттун
жайыты жай, көөнү тынч, пейли токпу. Же ойдо жок жерден чыга калган коога, барымта,
доо барбы?
Ушул ызааттан кийин гана кептин ыгын келтирип, Куйручукка кезек өткөрүп акылман
куудулдун уккулуктуу кебин эшитип, куудулдук жоругуна жол бою күлүп бастырууну
ойлогон Шабдан баатыр «Жанагы Баякенин оройлугу эми жуулду го» деп күлө бакты:
— Э Куйручук, жанагы айткан мөлтүр булактыгыңды аныктачы кана?..
— Баатыр жакшы эле тунук элем. Көнөкбаш ылайлап жибере жаздабадыбы.
Тыякбыягында бастыргандардан күлкү чыкты. Баяке үндөбөй булкуя каранды.
Көздөрү канталап, ачууланып келатканы байкалды. Кудай билет. Баатыр жолун тоспосо,
ал азыр куудул турмак кудайдын өз элчиси болсо да Куйручугуңуңду атына
согончоктотуп жөө айдап, Кеминдин суусунан жети жолу кечирип, атын жыгып алып,
кайда барсаң анда бар дейт беле. Же моокуму канганча сабатат беле ким билсин?..
— Э теңирге шүкүр, Баатыр,—деди буурул сакал кызыл жүздүү киши:
— Айыкпас кеселдин эми жан сергиткен күлкү дечү ыраматылык акебиз. Кепти күлкү
аралаган соң — көңүл кири тарайт деңиз — көнөкбаштан тазаланган булактай... Анан да
бу Куйручук балам. Менден көп кичүү экен, балам дейин. Жаңылбасам Жумгалдык
Кулжыгачтан го? Ая Курманкожодон! Акун, чечен, куудул үчөөнүн конушу миң. Ал
үчөөнүн теңирим чын сүйгөндөрүндө «өз журтум», «бөтөн журту» жок! Ал үчөө жамы
атпай журттун баласы. Эмесе, Куйручук баламдан бир кеп сурайын. Дал чынын айтар:
«Саяк менен сагызганга убал жок» деген накыл эминеден улам айтылды экен?..
Ар ким, бир кимдер тек жымыйышты. «Куудул эмине деген жооп айтаар экен. Деле
жооп табылаар бекен, бу тике кепке деген жымыйыштар.
«Ан чеченим, ушу кепти ыксыз жерден айттың» деп айталбай Шабдаң баатыр ансыз да
элпектенген жоргонун тизгинин какты. Бу тизгин кагуудан улам тигил чечени кеби
Баатырга жакпай калганын сезди. Сезгенде не. Атылгаи ок — жерге житти. Айтылган кеп
көңүлдө калды... Чечен чийки май жегенсип тымыды... Куйручук бөгөлбей айтты:
— Э аке ай! Бу накылдын төркүнүн өзүңүз деле билесиз го? «Ууру жашынган
коңулдун үстүндөгү бадалга сагызган коно калып: «Ууру мына! Ууру мыналап»
шакылыктайт. Тиги коңулда көчүгү бүлкүлдөгөн ууру айгакчыны сүймөк беле. Ынтымак
курса чоң эл болучу эки уруунун жакшылары өздөрү жакалашат. Саяк ал экөөнү
ынтымакка чакырса, ал экөө кошула калып, бечара саякты төпөштөшөт. Таяктан ким
сактанбасын, саяк да сактанат. Экөөнүн момунуна саяк болушат. Ошондон улам Сиз
сураган накыл кепти УУРУ менен УРУШЧААК чыгарган дешет бизде калыс журт!
Кыргыздагы эки чоң уруу — бугу менен сарыбагыш экөө бир Кылжырдын тукуму —
эки агайын журт экенин унутушуп, ынтымактары ыдырап, чабыша бергендигине
келтирип, тике айткан Куйручуктун ачык кебине Шабдан ыраазы болду. Саал намыстана
да түштү. Ушул кептин чыгышына себепкер болгон өз чеченине ичинен ачууланды.
«Жалпыга .бирдей— каранын каны, акпааша менен жамы кыргыздын ортосундагы
данакери» катары Куйручуктун кебин кубаттады.
— Төп айттың Куйручук... «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет» деген накыл байыркы Бакай
бабадан берки кеп эле. Жарыктык Улуу Тоонун суусунанбы, не биздин журттун
дуусунанбы? Кырк уруу кыргыз бир пааша боло албай койдук го...
Куйручук анчейин күлдү:
— Кокту сайын айыл. Айыл сайын көк кочкор. Андан кийин көп кочкор. Кептеше
кеткенде «бир казанга эки кочкор башын кайнатпаган» да ошолор. Кездеше келгенде:
кепке көнүшпөй карсакурс сүзүшө кетишкен да ошолор! Чоку айрылып, мүйүз сынып ошо
кочкорлор былчылдашканда... бечара кара калктын заманасы куурулат тура, баатыры.
Куйручуктун айткан сөздөрү өздөрүнө тийип жаткан соң, Шабдан кеп бурду:
— Куйручук элиңден чыккан өнөрпоздор барбы өзүңдөн бөтөн?
— Бар баатыр! — деди Куйручук. —Билимөнөр казынасы элде болот тура. Анан калса,
кудайым, биздин саякка такырыраак жерин бергени менен ырчылыкты, сынчылыкты,
манасчылыкты, анан жалпы эле шайырдыкты энчилегенби... Эчтемеге эби жок,
жетимдикте өскөн Кудайберген деген бир баласы «узун куйрукту чологуна улаган
Куйручук» атанды дейт. Анысы айыл арасындагы эле жөн кишиси саяктын. Болот калам
кармаган Ак-Талаалык Тоголок-Молдосу эзелки баба сөзүн, эмдиги элдик нусканы ак
кагазга тамгалап соңкуларга мурас калтырып жатыр. Кетмен-Төбөдөгү сарттардан
Токтогул ырчы чыкты. Ырчылыгы мыкты.
Башка калкты айталбаймын, баатыр. Биздин кыргызда, ал журттун бир тукуму
жумгалдык саякта өнөрпоздорубуз көп эле. Колдо бар алтындын баркы жок деген чын
экен. Ошо көп өнөрпоздорубузду бийликтеги кишилерибиз анча жактырбайт. Же ошол
өнөрпоздордун өз мүнөзүнөнбү, же акундун ачуу тилиненби? Айылынан адашып башка
жактан жай тапкандардын бири — Калык ырчы. Ал Акынын баласы Калык акундугу —
бетке чабаар, курч чыкты. Анан тиги Кетмен-Төбөлөп барып, Токтогул, Өтө,
Эшмамбеттерден таалим алып жаагы ачылып олтурат!
Мен көйкашкалардын үчтөн бирин атадым, баатыр. Несин сурайсыз?! Айта берсек
эмине көп, өнөрлүү көп бизде!..
Болумушту уламышка улай, терсти оңго кынай маселдете айтып, куюлуштура
капкайдагыны чубуртуп, өз уруусун да, башкаларды да сынга ала сүйлөгөн Куйручуктун
сөзүнө, ар түрдүү салттуу, нускалуу кебине, ат үстүндө келаткан киши кейпин көз
боочудай өзгөртүп жиберген касиетине баатыр ыраазы.
— Бали, Куйручук калк оозунда мактагандай бар экенсиң!
— Өнөрлүү өлбөйт деген ушул...
— Бу Куйручуктун ордунда башка киши болгондо — журт агасы болсо да бая
Баякеден кордук көрмөк.
— Э Баякеңер өзүнөзү бүгүн «ДӨӨ» көрүп, кишини ызаласа ызалар. Эртең ал
зомбугулу үчүн «БӨӨ» атанып, калайыкка жексур көрүнөт... Ошондой, незек экөө! Өзүнөзү дөө эсептеген, калк көзүнө бөө болуп каларын эрте билсе өзүнө ийги. Хихи...
Каймана айтылган Куйручуктун бул кебине Шабдан катуу ойлонуп калды.— «Бүгүн
«дөө», эртең «бөө» дегени жеке эле Баякеге тийеби? Же... «Эртенки болорду бир
куудулдун көзү көрөт, бир акундун тили билет» дешчү эле илгеркилер. Мени да
мээледиби, бу...
Куйручук да Шабдандын оюн байкагандай болду. Ал тек зериккенсип, аста баш
көтөрүп асманга кылыя карады. Аскаларга сур булут чулганып, кою көлөкө каптап
келаткан болучу... Куйручук өзүнчө эле кобурап койду:
— «Жайдын күнү жаш баладай» дегенди билги айткан экен го. Шабдан баатырдын
Токмоктон келатканына, үйүнө жетерине күйбөй кудайым нөшөрүн төктүргөн турабы?..
Эч кимден үн чыкпады. — Ылдамдай жүрсөк кантет? — деп Куйручук теминил койду
эле, туурадан үн чыкты.
— Асмандын нуру — адөөлөттүн чыгы. Жамгырга жалакайланаар эчки менен саяк жок
мында!
— Аттигиниң кимиси болсо да тигиге бир чалдырдым деп Куйручук тилин тиштей
калды тынымдай. Анан тек күлгөнсүдү:
— Эчки курусун жамгырга жалакай чычаңдап... Мен куруюн бала чагымдан
чагылгандан коркуп калган жайым бар. Эл жайлоодо. Күн күркүрөп, кара жамгыр төгүп
жиберди. Чагылган жаркылдады. Биздин саяктын эчкилери жалакайдый жалакайы.
Маараганы маарап, бакырганы бакырып, айылга жамырады. Безилдеген ээлери кудайлап
жалынышты. Ошол кезде эчкиден бетер чычаңдап капталдай чапкан атчандар көрүндү.
Алаңгычакты «чарт» атылган чагылган асманды как жарып, көкүрөгү басыла электе тигил
атчандардын бири ат-маты менен кулады. Көрсө, ал бечара агайынчылап келаткан
сарыбагыш экен! Кудаанын амирине айла жок дечи. Ошончо жалакай эчкиге, же бериде
калакайлаган саяктын бирине тийбей, чагылган сарыбагыштын атынын туягынын учунан
кулагынын учуна ойноп чыгыптыр! Ажал ушундай, жолу ичке, баатыр. Кокустан азыр
чагылган атылса, бу жолу өң сарыбагыш аман, мени чырпып кетеби?.. Тездей жүрөлү,
баатыр!
Ушуну айтып Куйручук атына камчы басты, алга узады. Беркилер үн берип күлүштү.
Күлкү, шыкак менен өр таяна тездей келатышты.
Айткандай сур булут ойноду. Баш ылдый жел сылады. Адегенде кара жамгыр ириири
тамчылай түшүп, күн күркүрөдү. Чарт эткен чагылган асманды тең жарып жиберди бейм...
Күндүн күркүрөгү капчыгайды тиретип, өрдөп баратканда Куйручук аттан ооп түштү.
Артта андан көзүн албай боз жоргону алчактата термелтип келаткан Шабдан шашып
калды:
— Жеткилечи! Оозуна шайтан түкүргөн киши эле... Айтканы келип калдыбы, балээ
болуп...
Өзү да жоргонун тизгинин какты. Аттан түшө калган киши:—Куке дегенде,
Куйручук үлдүрөдү араң:
—Чагылган...
Алаңгычакты Баатырлар да жете келишти. «Эмине болуптур?» деп сурагычакты мурда
келген киши ишенимдүү айтты:
— Чагылган тийиптир, баатыр...
— Жакшылап карагылачы. Тамыры барбы? — деген суроодон кийин биротөло жан
таслим болуп, «үзүлүп» бараткан Куйручук үлдүрөп, оозунан көк түтүн чыгарды дейсиң
— эми ага чагылган тийгенинен шектенүүгө болбоду.
— Чагылган тийгенди жерге көөлбөтөт. Оонаткыла! — деди карыя. Айтылгандай
ырымдалды. Бир аз эсине келгенсиди да келбегенсиди Куйручук. Анан калса кайран
кишинин карасур иреңи күйүп кеткенсип каракөк тарта түшүптүр.
—Куудулданса аттан кулаганы болор. Өңүнүн кара көк болушу колдон келеби,
теңири...
— Кудаанын буйругу. Куудулдун кулагында деген чын экен го. Жана өзү айткан кеби
төп келди го эгем...
Кулагы эшиткендерге өзүн ишендирип Куйручук «тиги дүйнөнү» көздөй жөнөй берди.
Өз кийими эмес, кургак, ийи жумшак тон кийди. Өз аты эмес, үстү жумшак, омоктуу атка
өңөрүлдү. Үн чыгарып, күлүп сүйлөгөн бири жок.
— Элжуртуна кабар айттыралы, баатыр!
— Эл кишиси эле. Кара ашына мал союлса оң болор, баатыр.
— Молдо ыйман айтсынчы...
Айтор, ушундай кеп-кеңешти, кейишти, өкүнүчтү угуп Куйручук азырынча «тигил
дүйнөдө». Баса, Куйручуктай калк кадырлаган кишинин өлүмү аргандай ушак-айыңга,
болжолгр жол берет дечи. — Шабдан, Шабдан башы менен жанындагы Баякесин
тыялбаптыр. Эсил Куйручукту жигитине жыга чаптырыптыр деп айтышаар. Айтышаар
эмес, айтышат ошондой ден. Эл оозунда элек жок. Бу — жоболоңдуу иш. Бир баатырга
эле эмес, жамы журтубузга көлөкө түшөт. Оң-сол кошулуп кун кубалашы да ыктымал.
Кубалашат, Куйручуктай кишинин кунун...
Жан берип жатканга ыйман ;угузуп, өлгөнгө куран окуп, тирүүлөргө шарыятты,
актыкты айтуучу Ак-Молдо — Баатырдын өз молдосу дайыма ыйык сакталган
китепкаптан «Шартлииманды» этиет алды да, аппак жаздыкчанын үстүнө жая койду.
Үйдөгүлөр ушунчалык жым болду. Коюу кирпиктери жумулуп, Ак-Молдо саал
термелгенсиди. Ансыз да ак жүздүү иреңи каймагы алынган сүттөй мелтирей түштү да
эриндери сыйкырдуу эбиреди: Ал ыйманын айтып бүтүрөр замат Куйручук да көзүн ачты.
Үстүнө айкара жабылган кымкап тон бүлк этти. Кадимкидей козголуп алды. Анан ак
кымкап тондун алдынан оң колун чыгарды. Өтө бир этиеттикте сакалын сылады.
Анан, анан... Ушу аз убакыттын ичинде «О дүйнөдөн» көргөндөрүн кеп салды.
Адегенде айткандары сырдуу эшитилди. Анан кеп төркүнү диний уламага чаап, бирде
дөөперилердин икаясына чагылыша калып жатты. Кадимкидей күлкү көңүл сергитти.
Шабдан баатыр да күлкүгө жыргады. Анан Куйручуктан өтүндү:
— Атпай журттун теңир сүйгөн асыл КИШИСИ — КУЙРУЧУГУМ! Күлкү чачкан
өнөрүңдүн күчүнө кулмун! Бизден көргөн сыйды бөтөндөрдөн деле көрүп жүргөндүрсүң.
Ал үчүн эмес — абийир үчүн өзүңдөн сурарым: «Шабдандын Ак-Молдосу тирүү мага
ыйман айтты» деген кеп оозуңдан чыкпас?
— Сыйгасый, Баатыр! Мен өзүм иштеген жоругумду Сизге жалаа жапкыдай кан
эмесмин, бек эмесмин, манап змесмин. Куйручукмун!
Аргымакка минип, өз атын коштоп, эсил Куйручук элине кайтты.
ЧҮЙГӨ КОНОККО БАРГАНДА
Илгери жумгалдыктар Чүйгө аз каттоочу дешет. Бир жылы күз айында Байзак ажы
баштаган бир топ киши, ичинде Куйручук да бар экен, Чүйгө конокко жөнөп калышат.
Жолдо баратып, эки жерден ат откозуп туштөнүшөт. Бараткандар биринен сала бири
солтолордун меймандостугу, туураган этти кесмелеп берерлиги, конокторго шейшеп
капталган жууркан жаба тургандыктары жөнүндө кызуу кеп кылышат. Суктанышат.
Мактап киришет.
— «Коногум, конок үйүңдү ойлоп отур» — дешчү эле илгеркилер — дейт Байзак
тигилерге. Бардыгы тунжурап, унчукпай калышат. Куйручук гана Байзакка кайрылып: —
Ажы бүгүн эки жосунсуз ишиме унчукпай тимеле койсоңуз... Эртеңден баштап өз
салтыбыз, өз шартыбыз менен сый көрүп, кийин коногубузду ошол жөрөлгө менен
сыйлайбыз — деди.
Куйручуктун бул сөзүнүн жүйөөсүн Байзактан башка бир дагы адам түшүнгөн жок.
Айрымдары капарына да албады. Кечке жуук солтонун мартабалуу адамдарынын бири
Рысбектикине келип түшүштү. Сыйга сый уланып, тайдын эти тартылды. Кесмеленип,
тууралган эт алдыга коюлуп, коноктор улуулата табакка кол салышты. Куйручук бир
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Эй, бу Куйручук - 07
  • Части
  • Эй, бу Куйручук - 01
    Общее количество слов 3779
    Общее количество уникальных слов составляет 2296
    28.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 02
    Общее количество слов 3840
    Общее количество уникальных слов составляет 2346
    28.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 03
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2062
    31.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 04
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2085
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 05
    Общее количество слов 3698
    Общее количество уникальных слов составляет 2209
    26.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 06
    Общее количество слов 3920
    Общее количество уникальных слов составляет 2203
    28.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 07
    Общее количество слов 3987
    Общее количество уникальных слов составляет 2159
    31.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 08
    Общее количество слов 3960
    Общее количество уникальных слов составляет 2129
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.8 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    47.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 09
    Общее количество слов 3948
    Общее количество уникальных слов составляет 2230
    31.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 10
    Общее количество слов 3921
    Общее количество уникальных слов составляет 2229
    27.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    38.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 11
    Общее количество слов 3979
    Общее количество уникальных слов составляет 2224
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 12
    Общее количество слов 3944
    Общее количество уникальных слов составляет 2245
    29.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 13
    Общее количество слов 3961
    Общее количество уникальных слов составляет 2168
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.6 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 14
    Общее количество слов 3984
    Общее количество уникальных слов составляет 2090
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 15
    Общее количество слов 3914
    Общее количество уникальных слов составляет 2318
    28.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    41.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 16
    Общее количество слов 4220
    Общее количество уникальных слов составляет 2106
    27.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Эй, бу Куйручук - 17
    Общее количество слов 3180
    Общее количество уникальных слов составляет 1532
    27.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    39.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов