Latin

Кара шумкар - 20

Total number of words is 4197
Total number of unique words is 2021
33.0 of words are in the 2000 most common words
45.1 of words are in the 5000 most common words
51.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Бул сөздү угаары менен конокторду жаткырып коюп Рысалы жылып жоголду.
Шергазы Кер кашкага жаңы саалган бээнин бир чака сүтүн ичирип жиберди да, анан ээр
токутуп Рысалыны мингизди: «Бат-бат чукул имерип, тегерете чап». Рысалы атты бир нече жолу
аң-дөң, коо арыктардан түйүлтүп өттү. Чапкан сайын мойнун чукул буруп, суулукту катуу
силкип, аттын башын тез буруп жатты. Бир кезде бир тоголок кара комок аттын куйругунун
астынан ыргып кеткендей болду. Түшкөн жеринен таап келип, эки таштын ортосуна коюп
талкалашты. Нанай айткандай катып, кургап калган экен. Көптөн бери ичинде сакталып жүргөнү
даана байкалды. Ой-боюна койбой бээнин жаңы саалган сүтү кууп чыккан көрүнөт. Ал эми төрт
туяктын тайпаңын кетириш оңой да. Аны ийди менен бир паста быдырала, кыр-кыр кылып,
одоно ийдилетип таштады.
«Эртең ат чабылат деген түнү Шергазы уктап жарыган жок. Ал түнү бою таң ашып турган Кер
кашка аттын жанында болду. «Эгерде Кер кашка атты чыгара албасаң башың менен жооп
бересиң!» Байзактын бул сөзү саяпкердин оюнан кетпей койду.
Ошол күнү түндүн да эч бир кирлиги жок, апачык болду. Асманды тастайтып кимдир бирөө
таптаза даңгыратып шыпырып таштагандай. Дал төбөдө апапакай күмүш табактай болуп толгон
ай гана акырын тегеренип билинбей жылып баратат. Учу кыйырына көз жеткис тунук көлдү
мекендеп, энесин тегеректеген ак куунун балапандарындай болуп сан жылдыздар айды айлана
курчап жыш топтолуп, көздөрүн бат-бат ирмеген кудум сүйкүмдү жаш балдар сыяктуу
күлүңдөшүп, алыстан-алыстан жым-жым этип татынакай, сүйкүмдүү көрүнөт. Бөтөнчө ошол
түнкү түндүн жылуусучу — мемирейт. Тээ тэтиги булут тешип, көк мелжип, учу менен көк
асманды курсакка сайып турган Ала-тоонун чокуларын алкымдай чалып оролуп, жайды
жайлата эрип бүтпөгөн ала-телек кар, муздар гана түп-түз даана тийген айдын нуруна
чагылышып алда кайдан жаркырайт. Бул түнү саяпкерлер менен күлүк аттардан башка жанжаныбар макулуктун баары тынч уйкуда, көшүлүп мемиреп жатышат.
Шергазы улам басып келип Кер кашка аттын мойнун кучактап, кайта-кайта катуу-катуу
жыттагылайт.
— Эртең журт намысын алып келе көр?!. Эл алдында шерменде кыла көрбө?! Тырмактай
тай кезиңде колума келдиң эле! Анда мен керилген кер муруттуу жигит эмес белем. Эми мына,
сен да карыдың мен да карыдым. Экөөбүз тең карыдык.
Байкуш Шергазы Кер кашка атка таң атканча жалынып-жалбарып жатып таңды да атырды.
Шергазынын муң-зарын Кер кашка ат билдиби жокпу?.. Аны ким билсин.
Шергазыны Кер кашка ат да тааныйт. Аны менен тайынан бери үйүр. Экөө бирге жатып,
бирге туруп, бирге жуушап жүргөн макулуктардай бири-бири менен ынак. Ушул убакка чейин
биринин оюна бири көнүп, биринин көңүлүн бири калтырбай келе жатышат. Кер кашка аттын
бактысына Шергазыдай саяпкер, Шергазынын бактысына Кер кашка аттай күлүк тушма-туш төп
келиш деген чанда гана боло турган тагдыр. Мындай бактылуулук турмушта көп кайталана
бербейт. Кокусунан айкалышып, капылеттен кыябына келип түшөт.
«Калың эл түмөнү түрүлө чогулуп, качан гана бир ызы-чуу болордун алдында үстүнө жепжеңил жаш балдар чабалекейдей конуп, топ-топ болгон күлүк аттар элден бөлүнүп алыскаалыска айдалаарда, өлчөгөн жерине жетип, анан кайра жапырт бурулуп жанагы чогулган элге
кошулганча ушул адам жаныман кетчү эмес эле. Карааныман карыш жылбай мени менен күнүтүнү бирге болуп ченеп жем, ченеп чөп, ченеп суу ичирип, теримди кырып, белимди сыдырып,
соорумду сылап, көзүмдү ушалап, маңдайымдан жыттап, буту-колумду кармалап, кээде
чүмбөттөп тердетсе, кээде жылаңачтап кургатып, бүткөн боюмду жеңилдетип, көңүлүмдү
сергитип калчу эле. Дал ошондой окуя дагы кайталанган турабы» дегендей мынабу жакын
адамынын кылган аракетинен улам сезип, улам шек алып, эртеңки боло турган окуяны Кер
кашка ат да байкап, Кер кашка ат да билип жаткансыйт.
«Сөзсүз ызы-чуу болот. Мындай ызы-чуу кыйкырыктар далай жолу болгон, баштан өткөн.
Эмне эле бул киши мага көптөн бери мурдагысындай жакындап, мурдагысындай имерилип,
мурдагысындай ар түрдүү аракетке салып калды десе баягы болуп жүргөн көнүмүш адаттардын
бири эртең башталат тура. Калың аттар чубатуудан өтүп, кайра тартканда кыйкырык сүрөөн,
ызы-чуу күрү-гүү түшүп, чаң буркурап асманга көтөрүлүп, жанды жанга уруп, өлбөгөн жерде
калып салгылашып, улам жүткүнүп моюн созуп, утур алды жагын талашып, бирибизге бирибиз
беттеше түшүп, каптал кагышып, урунуп-беринип, капкайдан бери учка, түпкө тийип, жер
каймактап сызган ылаачындай зып-зып этип сызып келет экенбиз го» дегендей Кер кашка ат да
кайра-кайра улутунуп кайра-кайра кош таноолорунан оор-оор дем чыгарып, алдыда боло
турган эртеңкини жүрөгү билип, жүрөгү сезип тургансыды.
Таң атканда отко коюп жатып тегеренип дагы бир сыйра атты карап чыкты Шергазы. Жок.
Көзүнө Кер кашка ат алда немедей көрүндү. Жакшы сууган экен. Кечээ күндүз жумшак кыктуу
короого оонатып, анан ошол короого атты жалгыз ээн таштап тынч уктаткан. Тегерегине кобурсобурду жолотпой, жакындап келаткан кишиге тебетейин булгалап: Ат уктап жатат, ат күч
жыйнап жатат, быягы менен кел, деп жаңсап турган. Көрсө, кандай гана жан-жаныбар болбосун
уктаганда күч жыйнап, чарчаганын унутуп, тула бою сергип, толукшуп эс алып калат тура.
Ат бүгүн Шергазынын көзүнө кадимкидей жашарып, кадимкидей башкача болуп, карт аттай
көрүнбөй жүндөрү сыртына тартып, кунан-быштыныкындай жылтылдап калыптыр. Илгериилгери баягы Ат-Башыдагы чуркаганындай оңуна келген. Шергазы ичинен кымылдап сүйүндү.
Анан Кер кашка аттын толук жаш кездеги эргип чуркап турган күндөрү эсине түштү.
***
Бул окуя мындан он жыл мурун болгон. «Көлдө сан жылкылуу Сары байдын атасы
Солтонкул байдын ашы берилет экен. Баш байгесине миң жылкы саят экен» деген кабар
жумурай журтка угулуп калат. Сарыбай өзүнүн күлүк күрөң атына ишенип, байгени оор саят.
Күрөң атты ошол кездеги казактын белгилүү саяпкери Чаргын таптайт. Чаргынды атайы казак
жеринен Каркыра тарабындагы Ысык-Ата, Сан-Таштан алып келет Сарыбай. Чаргын; «Эртең,
бүрсүгүнү ат чабыш болот дегенге чейин Күрөң ат чыгат» дей берет. Буга Сарыбайдын санаасы
тыныңкы. Өз аты чыкса, миң жылкысы өзүндө калат да.
Бул ашка Шергазы Кер кашка атты алып келет. Качан Кер кашка ат жетип барып калганда
Чаргын Сарыбайга келип: «Сиздин атыңыз бирдин соңу болуп калды» дейт. Сарыбай чочуп
кетет:
— Чыгат дебедиңиз беле?
— Чыгат дедим эле, жок, чыкпай калды,
— Эмне үчүн?
— Солтодон Баеттнн Кер кашка аты келиптир, ошол биринчи болот.
— Аны кантип билдиңиз?
— Ал тулпар. Тулпардан өтүп жылкы чуркачу беле? Чуркабайт. Кер кашка аттын дүбүртү
жакындаганда башка күлүктөр сүрдөп жол бошото берет.
— Тулпар экенин кантип билебиз?
— Мен эмес, келген күлүк аттардын баары билди, ишенбесең бүт чабууга келген күлүктөрдү
эртең Талды-Суунун суусуна айдатып барып сугарт. Эң биринчи Кер кашка ат тумшугун сууга
малмайын, бир ат да суудан ооз тийип койбойт.
Эртеси Сарыбай «Келген күлүктөрдү Талды-Суунун көк кашка шар аккан суусунан
сугаргыла» — деп буйрук берет. Анан өзү барып байкап турса, кечээки Чаргын айткандай,
бардык күлүктөр сууну Кер кашка аттан кийин ичсе болобу?..
Сарыбайдын айласы кетти. Миң жылкысынан ажыраарына көзү жетип калды. Анан
Сарыбай Шергазы баштаган солтолорду бүт чакырып алып, жакшылап конок кылып сыйлайт да,
бир ат тартуулап, «силерди чакырган эмеспиз» деген жок шылтоо айтып, Кер кашка атты
күлүктөргө коштурбайт. Бул иш Чаргындан кеткенин Шергазы билет. Анда болсо Кер кашка ат
жаш эле.
***
Анан Шергазы Кер кашка аттын Кочкордо Шерботонун ашындагы ат чабышта чуркаганын
эсине түшүрдү. Ошондо аттарды Орто-Токойдун башы — Кескен-Таштан өткөрүп, кулаган ак
ташка жеткире айдап, мараны Кара-Колдун оозундагы Ийри-Суунун четки кашатына
орнотушкан. Кара-Колдун суусунун оң өйүзүндөгү калың ак чийде Кер кашка ат өзү менен сегиз
болуп келаткан. Ошерден тосуп турган Шергазы тебетейин колтугуна кысып, кыйкырык-сүрөөгө
алып, бакырып-өкүрүп жандай чапканда Кер кашка ат алдындагы сегиз күлүктү кашаттын
этегине жеткирбей басканын карап тургандар байкап таң калышкан, Ошондо: Кер кашка аттын
буту жерге тийди десе, кай бирлери жок, буту тийген жок, эки кулагын жапырып чийдин башы
менен сызып учуп өттү, деп апыртышкан адамдар да болгон.
Кер кашка аттын көп жерлерде ушундай чуркаганы эсине түшүп, атты кайра-кайра тиктеп,
өзүнчө бир жакшылыктын жылуу илеби ургандай жан ырахатка буулана калат, Шергазы.
***
Адатта күлүктөр айдала электен мурун эл алдына бөлүнүп чыгып, жарчы акын жар салчу:
Канча атка чейин байге сайылат? Байгеси эмне? Малбы, акчабы, буюмбу? Баш байгеси канча?
Бул ашта андай шарт эмнегедир айтылбай калды. Эгерде күн мурун дайындалган иш болсо
Найманбай акын сакалын жайкалтып топтон суурулуп шаңк дей түшмөк. Андай кабардын шеги
билинбейт, тымтырс. Найманбайдын дабышы чыкпады. Эл кужу-кужу боло түштү.
«Баш байгени уксак. Биринчи аттыкы, анан экинчи, үчүнчүнүкү эмне болду экен. Кимден
сурайбыз?» «Сен бар, мен бар» боло түшүп, анан чогулган элдин салабаттуу аксакал улуу
адамдары Баякени өкүлдүккө ыйгарышты. Баяке Байзак турган топко түз бастырып барды. Бул
ишти Байзактын өзүнөн сурамак болду. Андан башка кимден сурамак. Аштын ээси ошол
Баеттин улуу баласы Байзак.
Баяке топ элдин ичинде боз жоргонун жалына оң бутун арта салып коюп, камчы сабы
менен бөйрөгүн таянып, суусар тебетейин кабагына түшүрө кийип, элдин эл, журттун журт
экени көзүнө көрүнбөй, оорусу салмактуу адамдан бетер ыңгыранып талып турган Байзакка
келип салам айтты:
— Байзак мырза, тиги чогулган эл мени сага өкүл кылып жиберишти. Биринчи аттын баш
байгеси эмне экен, ошону уга албай жатышат? — Баякени Байзак мойнун буруп бир карап алды
да токтолбостон ат үстүнөн бурк этип жооп берди:
— Укпаса, ошол элге угузуп кой. Солтонун кыл куйругун бүт сайдым. Анын үстүнө Тагайдын
үч уулунан үчтөн тогуз кул сайдым. Кулдун башчысы сен болдуң!
Баяке тумшукка чапкандай кайра тартты. Анткени ошол кездин эл бийлеген бий, болуштары
Баякени кул дечү. Карачы, Байзактын көпкөнүн. Өзүнөн алда канча улуу, атасы менен тең катар
курбалдаш сакалдуу кишини кандай какты?!.
***
Күлүктөр чубатуудан өтүп, ат айдоочулар топтоло баштады. Жер-жерлерден келген күлүк
аттардан саяпкерлер көздөрүн албайт. Бир кезде Нанай Кер кашка аттын алдынан өтүп
баратканын байкап калды. Анын үстүндө баягы «дудук-дүлөй» жүрөт. Кер кашка аттын Нанай
ойлогон эки кемтиги жоюлуп калыптыр. Нанай оң колу менен санын бир чаап алды, сыр
алдырып койгонуна өкүнүп, минип турган атын камчысы менен моюн талаштыра бир салды да,
жолдошторунун тобуна барып кошулду.
Ат үч топко бөлүнүп айдалды. Алдыңкы топту чүйлүктөр, көлдүктөр, сырттыктар, ортоңку
топту таластыктар, акыркы топту казактар алды. Казак Ногойбай атайы колко кылып: «Биз
жалпы кыргызга келген конокауз, ошондуктан, конокту сыйласаңар, бизге акыркы топту
бергиле», деп жүйөгө жыкты. Ногойбай Кыз кула деген күлүк атты таптатып алып келген. Бул ат
да казактын көп жерлериндеги атактуу аш-тойлорунда чыгып, башка аттарга байге бербей
жүргөн күлүк. Ногойбайдын амалы: «алдоо» деген жерде арттагы топтун аттары мурун
кайрылып, жолдун алдын ээлеп калат. Аз да болсо озгондун иши озгон дегендей бир топко
чейин казактын аттары узап кетет деген амал эле.
Аттар жөнөөрү менен Турап сурнайчы, Муратаалы кыякчы «Ат кеттини» тартты, калың элге
бир аз эрмек болду. Андан кийин кезек кыргыздын, казактын улуттук оюндары: эңиш, күрөш,
кыз куумай, улак тартыш, жамбы атыштарга өттү.
Күлүктөр күндүн батышын көздөй айдалып отурушуп, Шамендин кара дөбөсүнөн өтүп, үч
суунун куйганына: Кара-Балта, Ак-Суу, Чүйдүн суусуна кошулган жериндеги кумдун башынан
кайтмак болду... О... кайда?.. Кеминде үч ат чабым жер. Шергазы күн мурун «Дал ушерден кое
бергиле» деп жолдун аркы өйүз, берки өйүзүнө эки дөбө таш үйдүргөн болчу. Бул белги ат
айдоочуларга небактан бери маалым.
Ат айдоочулар ошол белгиге эки бутача жакындаганда күлүктөрдүн арт жагына чогула
калышып өз ара сөз кыла кетишти:
— Кер кашка ат картайып калды. Чыгаар чыкпасын бир кудайдын өзү билет. Шергазы эмне,
олуя бекен?! Андан көрө журттун намысын кетирбей Солтонун аттарынан бирөө чыкса экен —
деп бирөө айтса, экинчи бирөө: — ошол Солтонун аты чыксын деп кудайга жалынып
«оомийин» деп коелучу десе болобу? Ат айдоочулардын баары ага кошулуп: «оомийин» — деп
жиберишти. Араң турган балдар батаны угаары менен бура тартып «дуу» коюшту. Кимди ким
көрсүн чан асманга жете созулуп уюду да калды. Калың күлүктөр ат айдоочуларды ээ кылбай
жамыраган козудай тебелеп кетишти. Өз кылгандары өзүнө мыш. Баарынан да күлүк аттар
Шергазы болжогон жерге жетпей кайтканы жаман болбодубу?!.
***
Шергазы үч жерге үч ат койдуруп. Кер кашка атты күтүп жатты. Биринчи тоскон жери
Шамендин кара дөбөсү. Ошол дөбөнүн үстүнөн караганда ээк алдынан чууруп өткөн күлүктөр
даана көрүнөт. «Ушу жерде Кер кашка ат он аттын арты болсо, алда кайда алыс чыгып барат.
Кокус жыйырма аттын арты болсо кантээр экен. Бул чыкты, тиги чыкты болуп, байге тай-талашта
калат го? Анда менин шорум катты!!! Ажалымдын жеткени ошол! Байзак башымды ийнимен
таарып кескени ошол!!!»
Саяпкердин үшкүрүк аралаш оор улутунганын көрүшүп, жанында ат тосуп жүргөн бирин-эки
топтошкон элдин: «Ай, саяпкериң менен да куруп кал ай» деп зээни кейиди.
***
Алыстан, алыстан чаң созолонду. Мына, алды жакындан келип да калды. Күлүктөрдүн ири
алдында казактын Кыз куласы, анын артынан дагы белгисиз үч, төрт ат өттү. Өзү менен он
болуп Таластын тору аты баратат. Күлүктөр дагы өттү, дагы өттү. Кер кашка аттан дайын жок.
Шергазынын чый-пыйы чыгып, заманасы куурулуп кетти. Бир паста жаны оозуна келди. Ал
ойлоду: «Жыгылды же бирөө атайлап жолдон карасанатайлык кылды». Жок, аңгыча болбой
«жарк» этип Кер кашка аттын кашкасы көрүндү. Шергазы атты көргөндө бакырып-өкүрүп ыйлап
жиберди: «О... кокуй караңгүн! Ушул убакка чейин эмне кылып жүрөсүң?»
Рысалы эки тизгинди ээрдин кашына кайта-кайта орогон экен. Оңбогон күлапса!.. Эки колу
карышып калыптыр. Май куйругу бийик көтөрүлүп барып ээрге кайта-кайта так-так тиет. Жедеп
булчуңу көнүмүш болуп калган байкуш аны да биле турган эмес. Ал Шергазыны жалт карап
алды. Саяпкердин көз жашын көрдү. Тизгиндин оромун ээрдин кашынан улам бирден чыгара
баштады. Өзү менен жыйырма. Бирок, Кер кашка аттын күүсүндө айла жок. Кадимки жер
кыртыштап учуп бараткан ылаачын, зуулдаган гана дабыш чыгып жер тегеренип көчүп
бараткандай. Буга караганда алдыңкы аттардын аягы араң эле кыбырагансыйт. Туура жагынан
карап тургандарга Кер кашка аттын шаңы да, дүбүртүнүн сүрү да ошондой болчу. Алдындагы
үч-төрт күлүктү ошол эле жерден баскансыды. Шергазы байкуш турсунбу? Артынан чөлө койду.
Анын аты да тандалган курч аттардан. Бирок, Кер кашка атка жетмек кайда?.. Оңбогопн Рысалы
чычым. Аттын күчүн сактап, курчун кетирбей баратпайбы? Ал Кер кашка атты бүгүн эле чаап
жатыптырбы?!.
Шергазы экинчи атына жетип минди. Улам жолдон жолуккандардан Кер кашка ат канча
аттын артында баратканын сурайт. «Он аттын артында», «Жети аттын артында», «Беш аттын
артында», «Төрт аттын артында» деген сөздөрдү кайта-кайта, улам-улам уга берди. Байкуш
саяпкер дагы эле өлөөр-тирилээрине карабай жанын үрөп чаап баратат.
Үчүнчү атына минди. Үстүнө чыгаар менен дагы оозун кое берди. Ошол аты да жолдогу
күлүктөрдүн далайын басып өттү. Дагы жолуккандардан сурайт: «Кер кашка ат канча аттын
артында баратат?!»
Шергазы далай жерге барганда алдынан боз ат минип Осмонбек карыя чыкты. Бу да Кер
кашка атты утурлап турган Шергазынын туугандарынын бири.
— Осоке, Кер кашка ат канча аттын артында баратат? — деди шашкалактаган Шергазы.
— Таластын тору аты алдыда, андан кийин казактардын Кыз куласы, үчүнчү Кер кашка ат,—
деди Осмонбек. Шергазы дагы алдын көздөй сызды.
Кыз кула менен Таластын тору атына жакындаганда Рысалы ээрдин кашына оролгон
тизгиндин баарын бошотуп, аттын оозун кое берип, күлүктүн күчүн сынады. Кер кашка ат
алдыңкы экөөнө шак дей түштү. Бирок, алдыдагы эки аттын үстүндөгү балдары Рысалыны
тороп тосуп, жол бербей коюшту. Кер кашка ат эки аттын ыргыткан даңканынан обочолоп
бурулуп, жолдон чыкты да ала качкан эмедей тетирлеп жолдун сыртына салды. Аңгыча элдин
чети көрүнүп, мара жакындай түштү. Кыз куладан шып деп өтүп, кайра жолго кирди да тору ат
менен үзөңгү кагышты. Экөө тепетең баратат.
Маранын туусун кармаган ошол кезде Баеттен кийинки эл башы өңдөнгөн Рысбек болчу.
Шергазы түпкү сүрөөгө кетээрдин алдында Рысбекке айтып кеткен: «Кокус Кер кашка ат тайталаш болуп келатса көпчүлүктө ким байкап коюптур, тууну бир аз өйдөрөөк жылдырып кой».
Мына, Рысбек дал ошондой кылды. Көпчүлүк байкаган жок. Тууну бир аз жерге алыстатып
жылдырып таштады.
Рысалы элдин аягына келгенде атка эки, үч камчы басты. Кер кашка ат адатынча кулакты
жапырып жерге жабыша түштү. Таластын аты да андан калышкан жок. Дагы эки, үч секиргенде
тору аттан омуроосуна чейин аша түштү. Эл калыс эмеспи, баарын көрүп турушту.
Бирок, ошого карабастан таластыктар чыр кылды. Жете келген Шергазы:
— Андай болсо, эки атты кайра чабабыз, башма-баш болсун, — деди. Буга таластыктар
чыдаган жок. Элдин жылкысы өрүшүндө калды.
V
Баеттикине келген сайын Жантели бай Апарга айтчу:
— Апар, айланайын?! Менин жылкым көп болгону менен тукумунан Кер кашка аттан башка
күлүк чыккан жок. Бул да силердин эшигиңерге жараша болду окшойт. Энесин ээрчип келген
тай атактуу күлүк болот деген кимдин оюнда бар? Үч уктаса түшкө кирбеген иш. Кокус Кер
кашка атты сойсоңор башын өзүмө сактап койгула. Туулган жери — Кара-Кужурдагы мазар
ташка алпарып коёюн. Ары-бери өткөн эл Кер кашка аттын башы деп көрүп турганы жакшы. —
Бул сөз Апардын оюнан кетчү эмес. Эгер Кер кашка ат Баеттин ашына союлуп калса да Апар
анын башын Жантели агасына коймок. Бирок, союлбай калгандан кийин аш тараары менен
Жантели байды чакырып, Кер кашка атты тирүү-мүчө катары жетелетип жиберди. Жантели бай
ал жылы Кер кашка атты колунда кыштатып, жазында өзү туулган жайлоосу Кара-Кужурга кое
берип, күзүндө сойду. Кочкордун ошол учурдагы болуш бийлери атайы аңыз кылып: «Жантели
байдыкына барып Кер кашка аттын этинен ооз тиебиз» деп келип жатышты. Бай аяган жок.
Бирок, кандай жумшак жерин тандап салса да мүйүздөй каргыш. Болуш; бийлер «бир жума»
чайнап жүрүп жутпаса, тамактарынан өтчүдөй эмес. Анын күлүктүгү ошондо турбайбы, этинин
баары булчуң, каргыш, тарамыш.
Жантели бай Кер кашка аттын башын, төрт туягын, шыйрагы менен кошо катырып, КараКужурдун Ак-Кыясындагы мазар таштын үстүнө алпарып койду. Ошол таштын үстүндө куурап
жаткан Кер кашка аттын башы карылардын айтуусуна караганда кечээ жакынга чейин турган.
МЫРЗА ТОРУ аңгеме
Шамбет бала күнүнөн тартып атка шыктуу болду. Бул шык таятасы Бектенден оогон окшойт.
Бектен демекчи ал ким эле? Бектен — кыргыздын атактуу уулу Саадаев Жайнактын чоң атасы.
Бектен Токмоктун үстүндөгү Шамшынын өндүрүндө жашаган адам. Заманында кыргыз
журтчулугунда Толубайдан кийинки саяпкер Бектен болгон дешет карыялар. Учурунда Бектен
таптаган аттардын бирөө да байгеден кур калган эмес экен. Бирок кайран кишинин жетимиш
жаштан аша бергенде эки көзү азис болуп көрбөй калыптыр. Ошого чейин Бектендин колунан
бир-эки күлүк үзүлбөгөн окшойт. Жалгыз уулу Саадайды алтымыштан ашканда көргөн экен.
Бектен улгайып баратканда эки карындашынан төрөлгөн эки жээнин колуна алып чоңойтуптур.
Бирөө атактуу саяпкер Шергазы, экинчиси Төрөгелди баатырдын Батыркан деген уулунан
төрөлгөн Шамбет. Шамбет менен Шергазы бир тууган бөлө. Бектен айтчу эле деп карыялардан
угабыз: «Балам жаш болуп калды, өнөрүмдү үйрөтөйүн деп эки карындашымдын эки баласын
колума алдым» деп.
Ошол Бектен саяпкердин көзү көрбөй калган учурда казак элинде байгеси чоң сайылган
атактуу аш болуптур. Кабар кыргызга да жетет. Кыргыздар үч күлүк даярдайт. Ошондо
Тынайдан чыккан Бекболот бий айтат: «Атаганат, Бектен саяпкердин эки көзү көрбөй калды,
болбосо ушул үч аттын кимиси чыгаарын алдын ала билет болчу». «Анда Бектен карыяга алып
баралычы көзү көрбөсө да акылы бизден артык», дешет көпчүлүк. Ошентип талаш-тартыш
болуп жатып аттарды Бектен саяпкерге алып барышат.
Бектен өзү жаткан үйдүн туурдугун жабыкка чейин түрдүрүп керегелерин жылаңачтатат,
анан күлүк аттардын улам бирин үйдү айландыра жетелетет. Өзү жаткан үйдүн ичинде
керегелердин баштарын кармап, тыштагы жетеленген аттар менен кошо ээрчип үйдүн ичинде
баса берет. Ар бир аттын кезеги өткөндөн кийин «Бул аттын өңү кандай?» деп сурап калат
Бектен саяпкер. Карыганда кишинин кулагы да каңырыштап калат эмеспи. Жетелегенде катуу
үн чыгарып жооп беришет.
— Тору.
— Бул аттыкычы?
— Кара.
— Булчу?
— Күрөң. — Акырында Бектен саяпкер. — Тиги тору менен кара атты жөн койгула. Мына бу
кийинки жетеленип өткөн күрөң атты алып баргыла, силерге ушул ат намыс алып берет — дейт.
Мыктылар Бектендин акылына көнбөй үч атты тең алып барышып, ошол чоң ашка чабылган
күлүктөргө кошуп жиберишет. Тору ат менен кара ат байгеге жетпей орто жерде жинигип өлөт.
Күрөң ат алда кайда алыс чыгып келет. Мына ошол Бектен саяпкердин жээндери Шергазы
менен Шамбет.
***
Бир жылы жазда Кочкордон Токмоктун базарына келди да, минип турган атын сатып, анын
ордуна бир арык тору байтал сатып алды Шамбет. Жолдоштору аны жемеге алышты: «Жинди
болгонсуңбу. Жакшы атыңды сатып ордуна жаман байталды алып...» «Жок, бул жаман байтал
эмес, жамандыгы этинин арыктыгы, байкабайсыңарбы, мүчөсү жакшы экен. Кеч бооз көрүнөт.
Кышта начар багылган да, ошон үчүн арык, ошон үчүн жаман. Жерден май чыгып келатпайбы.
Күзгө чейин семирсе эшик төрдөй тору бээ болот. Арыктыгы, ичинде кулуну бар тура.
Жакшылап багам, аман-эсен тууп берсе болду. «Жаныңды берсең бээге бер», деп чоң атам
айткандай (Төрөкелди Шамбеттин чоң атасы бээ уурдап келсе, жан берип кутулуп кетчү экен.
Жан берүү казак-кыргыздын катуу каргыш, анты) бээ аттан жакшы да, төл берет, сүт берет, күч
берет.
Эгер бул байталга көзүм түшпөсө атымды сатмак эмесмин» деп койду.
Ошол тору байтал күзгө тартканда торсойгон эркек тору кулун тууду. Кулун жыл өткөн
сайын чоңоюп тай болду, кунан болду, бышты болду. Жүрө-жүрө керилген сулуу тору ат болуп
чыга келди. Кунанынан баштап чабылды. Алдына жылкы салган жок. Баатыркан уулу жарды
болчу, байыды. Алды миңге чейин, арты беш жүздөн кой күтүштү. Ошонун көбү тору аттын
байгесинен жукту. Шамбет мурут-сакалына устара тийгизчү эмес. Эркинче кое берчү.
Ошондуктан сакал-муруту бакжайып бир түп коюу алтыганадай болуп, кабак-каштын алдынан
эки бетинин оту жылтыраган көздөрү гана араң көрүнчү. Кебетесин көргөн бир жеңеси
Шамбетти шылдыңдаптыр: «Бап-бап деп эле коесуң, оозуң көрүнбөйт. Оозуң каякта?» деп.
Шамбет күндөрдүн биринде күлүк торусун минип, калың эл чогулган топко барып калат. Ал
жердегилер Шамбетке көңүл бурушпай көпкө чейин тору атты тиктеп туруп калышат. Эл сынчы
да; «Үстүндөгү жигит мырза эмес, аты мырза экен», дешет. Ошондон тартып Мырза тору аталат.
Чындыгында Мырза тору адамдын көзү тийгендей сулуу ат эле.
***
Бир жылы күздө Токтосун Шадыкан уулу Шамбет Баатыркан уулуна келди. Булар менен эки
ата өткөн тууган. «Турунбектин ашын берейин деп силерге акылдашканы келдим, (Турунбек
Токтосундун жакын агасы, болуш болуп туруп өлгөн) биринчи аттын байгесине коондой семиз
жүз торпок, жумурткадай аппак тогуз боз үй сайдым. Башка жактан келген бирөөнүн аты чыкса
айла жок. Мырза торуга ишенип турам. Кокус Мырза тору чыгып калса жүз торпокту
олжологула да, тогуз боз үйүмдү калтырып кеткиле». Токтосундун бул кенешине жалаң
Баатыркандын балдары эмес Төрөгелди уулу бүт макул болду.
***
Кочкор атанын сайында калың элдин тилингени билинбейт. Көпчүлүк опур-топурдан баш
адашат. Кыргыздын ар түркүн оюндарынын бири калбай башталып: эр сайыш, балбан күрөш, эр
эңиш, жамбы атмай, кыз куумай, кез таңмай, аркан тартмайлардын биринен сала бири кезеги
менен кайталана берди. Керден чыныдай көмкөрүлгөн апаппак тогуз боз үй катары менен
тигилген. Ар жактагы сайдын четинде коондой тоголонгон жүз торпокту эки-үч бала атчан
имерип турушат. Булар биринчи чыккан аттын байгеси.
Чабылчу аттар оюн-тамаша баштала электен эчак мурун айдалган. Кеткен күлүктөрдүн саны
баш аягы болуп жүз чамалап барды окшойт. Атбашы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Тогуз-Торонун
атактуу күлүктөрүнөн калып жарыбайт, бүт келиптир. Шамбет өзүнүн бир тууган иниси
Мамбеттин анда-санда чабыла коюп жүргөн Күрөң атын минип, түпкү сүрөөгө чейин кетти.
Түпкү сүрөө демекчи, ал күлүктөр менен кошо жеткен жерине чейин барбайт. Орто жолдо
калып, аттарды ошерден күтөт, Өзүнүн чапкан күлүгү алдыңкы аттардан өксүп жетпей келатса,
аны жандай салып чаап кыйкырык сүрөөнгө алып, соорулап олтуруп эң кур дегенде алдыңкы
эки-үч аттан өткөрүп коет. Ошону түпкү сүрөө дейт. Ал сүрөп олтуруп дагы бер жакта күтүп
олтургандарына жеткирет. Алар андан ары алып жөнөшөт.
Шамбет күлүктөрдү ээрчип барып алжанбай алышта калды. Алжанбай Арсыдагы (Арсы
жердин аты, азыркы Кочкор совхозу турган жер) моңолдордун тыңы эле. Ал ага-ини айыл журту
менен Арсынын өндүрүн ээлечү. Ошол какыраган өндүрдү көгөртүш үчүн Каракол, Сөөктүн
суусу ортосун жарып өткөн Кара коонун капталындагы (Кара коо азыркы борбору) токойдун
жээгине чейинки мелтиреген мейкин түстү сууга бастырып, чөбү калың шалбаа, даны жарылып
бышкан арпа, буудайдын талаасына айландырып берип, элинин алкоосуна ээ болгон. Күлүктөр
андан ары айдалып барып, Кулаган ак таштын маңдайынан кайра тартмак. Шамбет Алжанбай
алыштын жээгиндеги жашаңга атынын ооздугун чыгарып, күлүктөрдү күтүп олтурду. Кулаган ак
таштан ошол Алжанбай алышка чейинки аралык да өзүнчө бир чакан ат чабым келет.
Көптөн кийин Кескен таштын мойногун ашып түшө бериштеги калың чийдин арасынан
уюлгуган чаң чыкты. Бул чаң күлүктөрдүн чаңы болчу. Шамбет антип-минтип атынын ооздугун
катып мингенче аттардын алды ага жетип келди. Алдыда Мырза тору, бирок аны менен удаа
куйрук улаш келаткан он-он беш ат. Күлүктөр күүлү, буга чейин бириндеп тобу жазылбайт.
Шамбет Мырза торуну көргөндө эмнегедир алактап шаша түштү. Алышта суу мелт-калт толтура
болчу. Кечип өтө турган жайык жери деле бар эле. Шайтан шаштырган Шамбет «кече чап» деп
айтам деп туруп, «жандап чап» деп жиберсе болобу. Үстүндөгү баласы терең суусу бар бийик
алыштын астыңкы жээгине салып, улам бир жеринен өтөм деп өтө албай олтуруп көпүрөнүн
алдындагы туюкка барып кептелди. Андан ары жол. жок. Айласы кеткен Белек (ат чапкан
баланын аты), кайра тартты да баягы артта калган (Шамбет турган) жайык кечүүгө келди. Келсе
кечүүнүн кырында өз башын өзү койгулап, кокуй алатын коштоп Шамбет олтурган экен.
Аттардын бири да калбай эчак эле алыштан өтүп узап кетишиптир. Белек жайыктан шашпай
кечип алып, өлөр-тирилерине карабай күлүктөрдүн артынан Мырза торунун оозун коё берди.
Аттардын аягына топурак белдин чаң уюлгуган түзүнө жетти. Ошол чаңы асманга созулган түздө
катар-катары, тон-тобу менен далай аттарды артка таштады Мырза тору. Ак-Жардан өтүп,
Түндүктүн коосуна жеткенде аттар суюла түштү Алдыда анда-санда гана үч-төрт ат болбосо,
алыс узап бараткан аттар көрүнбөйт. Кум-Дөбөдөн өтө бергенде ал аттар да бириндеп артта
кала берди. Ошондо да Мырза торунун мойнунан чым этип тер чыкпады. Ашынган саяпкер
аттын боюна тамчы тер да калтырган эмес экен. Көрсө күлүк ат табына келгенде ымшып да
койбойт тура. Туяктан ыргыган чаңдары ар кай жерден бурт-бурт этин асманга көтөрүлөт.
Ошого болбой жер түтпөй ичип-жеп баратат. Канча күлүктү басып өткөнүн Белек билген жок. Эл
карааны көрүнүп, Кочкор-Атадан ылдыйкы желе дөбөлөр жакындады. Мурда эле барып элге
аралашып калбаса, алдында ат жок экенин Белек ошондо билди. Мырза тору артынан кууп,
ызы-чуу түшкөн топко жеткирбей ээликкен бойдон марадан өтүп барып токтоду.
Шамбет күрөң аттын күчүнө салып арткы күлүктөр менен аралаш жетип келди. Ал жолдон
ойлонгон. «Мырза тору бул жолку баш байгеден калды, деги ырым алып калсак болду» деп.
Жок, андай болбоду. Келсе Мырза тору чыгып, ырчылар биринен сала бири макташып, ат
менен Белекти ээрчип жүрүшүптүр.
Тогуз боз үйүн Токтосунга калтырып, коондой тоголонгон жүз торпокту алдына салышып
Шамбеттер жолуна түштү. Соогатка бир торпок да карматышкан жок. Төрөгелди уулу чоң айыл
эмеспи, аларга батынып бир киши да ооз ачпады.
***
1875-жылдын күз айы. Эл жайлоодон кайра тартаарда Соң-Көлдө Нарындагы Ботокандын
ашы берилди. Ал башталарына үч күн калганда ар тараптан келген элдин аягы үзүлбөй,
көбөйгөндүн үстүнө көбөйдү. Күн батаарга жакын үйүр-үйүрүн бузбай топ-топ болушуп, зыпзып-зып этип канат каккан каз-өрдөктөр көл жээгиндеги түнөгүнө кандай түшүп жатса, СоңКөлдөгү ашка келген эл да дал ошондой катарлап тигилген үйлөргө түшүп жатышты. Бул ат
чабышка да тандалган күлүк аттар жер-жерлерден тандалып көп келди.
Чоң сакал Шамбет Кочкорду баскан атактуу саяпкер. Анын Мырза торусу кийинки үч-төрт
жылдан бери алдына ат салбайт. Атагы алыска кеткен күлүк. Келбетине жараша телегейи тегиз
келген, күлүктүгү бөтөнчө. Бирок Шамбет эмнегедир үч күндөн бери өзүнө-өзү нааразы. Ал
атынын табынан жаңылып, эмне кылаар айласын таба албай жатат. Батага[1] эки жолу чапты,
чыккан жок. Мурун тарткан жерден чыгып жүргөн Мырза тору бүгүн кемеге жарышта[2] да
калды Шамбеттин айласы кетти. Өзүнчө бушайман болуп ичинен сүйлөндү: «Кой... кетейин?!
Атымдын табынан жаңылып турам. Кай жеринде кырты бар экенин биле албадым».
Шамбет элден бөлүнүп Мырза торусун алып Соң-Көлдөн кайра тартты. Чоң-Дөбөдөн өтүп
калганда алдынан топтошкон эл чыкты. Булар солтолор болчу. Ичинде Шергазы бар.
Шергазынын бул ат чабышка атайылап таптан келаткан күлүгү жок. Ал ышкылуу неме жөн гана
Соң-Көлдөгү күлүктөрдүн тамашасын көргөнү келди. Салам айтып учурашкандан кийин
Шергазы Мырза торуну тиктеп калды.
— И... Шамбет?! Эмне кайра тарттың?
— Кетким келди Шаке.
— Эмне үчүн?
— Ээ... эки-үч күндөн бери Мырза торуну кайра-кайра чапсам мурункусундай эмес, көңүл
калтырып салды.
— Тартчы атыңды, мындай?!
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 21
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.