Latin

Кара шумкар - 08

Total number of words is 4031
Total number of unique words is 2065
30.4 of words are in the 2000 most common words
41.8 of words are in the 5000 most common words
47.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Отургандар кекиликтин бул өнөрүнө аң-таң калышты. Кудайберген жерден комузду алып,
кайра ордуна илдирип койду. Анан Дербишаалыны карап:
— Мына, сенден көрө кекилик канаттуу болсо да зээндүү экен. Сен бир жыл убара болуп
жүрүп бир күү үйрөнө албай койдуң. Кекилик баятан бери канча күү чертти, — дегенде
Дербишаалы бир кызарып, бир бозорду.
Кудайберген бул кекиликти балапан кезинде колго алып, дамаамат комуздун капкагынан
жем чачып берчү экен. Анан кантип комуз черткенди үйрөнбөсүн.
Кудайберген мүнүшкөрдүн дагы бир кызыгы бар. Боз үйдүн кире бериш босогосунан
өйдөрөөк чыгдан жаккы капшыттын аягында суусар баштанган ак тамак, ак төш, ач тайгандай
кынжыйып, субагай келген жылмаңдаган сары ар чычкан тор көз керегелердин бир көзүнөн
кирип, экинчи көзүнөн чыгып, бир орунда тынымга токтобой, көздөрүн күлүңдөтүп, кулактарын
тикчиңдетип, секирип ойноп турчу. Ар чычкандын мойнунда жумшак ийленген кайыштан ичке
тилип жасаган жарашыктуу, кадимки кыраан күлүк тайгандарга тагылчу каргылардай болгон
каргысы бар. Капырай, ошол каргысына жараша төңөлүк, илгич, шакектерин келтиргенин кара.
Анысы аз келгенсип, тегерек тогоосучу. Сары жезден илиништирип, бири-бирине чиркелген,
узундугу жарым кездей келген майда чынжырычы. Баары-баары ар чычкандын өзүнө куп
жарашат. Жөн эле куюп койгондой татынакай көрүнүп турат. Чынжырдын бир башы саканактын
жерге сайылган учуна беките байланган, экинчи жагы ар чычкандын мойнунда. Ушунун баары
бир колдон жасалып бүткөн.
Мына кызык, муну менен Кудайберген мүнүшкөр эмне кылмакчы? Байкасак, иштин жайы
мындай: боз үйдүн кереге менен чийинин ортосунан кап тешер үй чычкандар ары-бери
жөргөлөп дайым өтөт эмеспи. Көбүнчө алар чыйпылдашып, түнкүсүн тынбай чуркап турушат.
Ошондо тиги ар чычкан керегенин арасы менен жүгүрүп келаткан үй чычкандарды «тырс»
эттирип илип алат тура. Анын жемиши үй чычкан да. Чунак киши эринбей жатып, ар чычканды
мышык ордуна опоңой кызмат кылдырып алганын кара!?
***
Турдукожо комузчу менен Кудайберген бала күнүнөн бери асылкеч бурадар, ал экөө
тамашалашканда биринин сөзүн бири жөнөтпөй тосмолоп, какшыкташканда биринин сайсөөгүнөн бири какшата суу тартып алышат. Жерине жеткире уу тилдин учун аябай сайышып
жүргөн теңтуштардан. Турдукожо келгенде Кудайберген аз болгондо бир жума кетирбей, ээр
токуму менен атын ууру алып кеттиге салып, башка жакка бактырып коюп, өзүн жипсиз байлап,
мейман-туткун кыла берчү. Асылкечтик да.
Турдукожонун бар болгону эки гана күүсү бар. Ошол күүсүн үйрөнүп алганга кызыгып, бир
жылы Турдукожону Кудайберген бир ай үйүнөн кетирбей коёт. Жалаң эле күү болсо экен, анын
куйкум сөздөрүчү. «Турдукожо менен сүйлөшкөндө кырчаңгыны эмдегендей кычуум кана
түшөт» деп Кудайберген айтчу.
Турдукожо кеби-сыны жок, эки таноосу эки бетине кенен жайылган, локуйган кара чаар
киши. Көп анчалык деле алыс жерден эмес, аркы өйүзгү Туз тараптан. Бир күнү Кудайберген
Турдукожонун эриккенин жазып келейинчи деп эки ат токутат.
Турдукожо боз үйдүн төрүндө эки тизесин кайчылаштырып, чалкасынан түшүп алып комуз
чертип жатат.
— Ээй, аңырайган кудай урган, тур?
Турдукожо Кудайбергендин сөзүн капарына да албайт. Комузун кыңгыратып жата берет.
Дагы биртикеден кийин:
— Ой, турбайсыңбы!? Талаага бастырып чыгып, эрмек кылып келели? Бир оокумда
Турдукожо башын көтөрүп:
— Талаага барып эмне кылабыз?
— Куш салабыз.
— Кушуң эмне алат?
— Кыргоол алат.
— Анан эмне алат?
— Коён алат.
— Анан эмне алат?
— «Анан эмне алат» дейт тура. Кекилик, чил, өрдөк, кыргоол алат, каз алат, тоодак алат.
Турдукожо кайра чалкасынан түшүп жатып алды. Анан комуз күүсүн токтото коюп:
— Мен дагы бир кыпкызыл болуп бышкан көмөч казан алат экен десе, болбосо, буугучу
кесилбеген бышкан чучук алат экен десе, же бир семиз койдун бышырган көк карчыгасын алат
экен десе, же бир карын сары май алат экен десе... өрдөк алат, кекилик алат, кыргоол алат,
коён алат дейт, былжыраган акмак!..
Кудайберген делдейген бойдон туруп калды. Бир оокумда жылмайып күлүп, Турдукожону
карады: «Ушундай неме кишини акмак кылат экен». Турдукожо да күлдү. Анан экөө аттанып,
талаага чыгышты. Кудайберген колуна куш кондурбай, кур кол бастырды. Турдукожо ага
таңыркай карап:
— Ой, айбан, кана кушуң?
— Куш бизди жолдо күтүп турат.
— Кутуруп калгансың го дейм, сен!
Кудайберген мурутунан жылмайып, ээринин кашында илинген куш баштыктын ичинен куш
мээлейин алып кийди. Анан баштыктын түбүнөн кол башындай өпкөнү алып, үйгө жакын эски
ноолунун кырында олтурган кузгунду:
— Ээй, сугалак, кел, — деп оң колун көтөрүп, мээлейинин салаасынан кызарган өпкөнү
көрсөтүп койду. Мына кызык. Тиги ноолунун кырында олтурган жалгыз кузгун Кудайбергенди
эле күтүп тургандай лакылдап учкан бойдон келип, колуна коно калса болобу. Өпкөдөн бир-эки
чокутуп, анан кузгундун бутунда кыска кайыш боосу бар экен, аны бириктире кармап, кондуруп
алды. Турдукожо таноолорун аңырайтып, Кудайберген менен кузгундан эки көзүн албай, ат
үстүндө талып калды.
Ошол күнү Кудайбергендин кузгун салаар күнү экен. Кузгунуң эки-үч күндөн бери жем
бербей ачка коюптур. Аны балапан кезинде уядан алыптыр. Үйдүн тегерегинен алыс кетпей,
жедеп кол бала болуп калган тура. Барар жери жок. Качып-бозуу деген оюна да келбейт.
Куштай таптап чил, бөдөнө, карабоор алдырганга көндүрүп алыптыр.
Турдукожо экөө кузгунду керээли-кечке салышты. Чарчаганды билбейт экен кузгун. Чил
учса, бөдөнө учса да артынан сая түшүп, кууп жүрүп алат, куткарбайт. Башка канаттуулардай
колу менен илип албай, тумшугу менен тиштеп алат. Жаагы аттиш кычкачтан да катуу болсо ке
ЭҢ КЫЗЫК ОКУЯНЫ АЙТКАН 1 БАРАК ЖОК :( (104-105 беттер). Бул китеп кимде бар болсо,
салып жибергилечи ушу баракты, толуктап койгонго.
канда, ителги оңтоюн келтирип көк желке талаштыра далыга уруп өтөт. Ошондо бүркүт
эмес, алп кара куш болсо да, далдайып барып, жерге күч менен тиет. Анан ал өлбөгөндө ким
өлөт. Эгер сен болбосоң ошол ителги кайрылып келип, ал бүркүттүн төш этин жарып оймок да,
боор этине тоймок. Ал эргул сенден айбыгып, кайып кете берген тура.
Олтурган эл Кудайбергендин сөзүнөн кийин Рысалыга ишеништи. Болбосо өлгөн бүркүттүн
тарпын таап алып, шыпыртып жатасың дешмек.
Ошол ителги жөнүндө андан кийин да көп сөздөр айтылды. Чоң үкүнү алып жеп олтурганын
көргөндөр да болуптур. «Чоң үкү, — деди Кудайберген — ал бүркүттөн жаман. Аны ителгинин
ителгиси алат. Чоң үкүнүн тырмактарындай курч тырмак канаттууда жок. Ителги эмес, чоң үкүнү
алам деп далай бүркүттөрдүн өлгөнүн көргөм. Түптүз эле жемсөөгө асылат. Бооруна чейин
эшип жарып таштайт. Аткыган жерин курч болоттой таарыйт. Чоң үкүгө кол салган бүркүттөр,
анын тырмагы этине батканда, кутулганча шашып бакырат. Болбосо өлөт. Ителги болсо жанагы
бүркүттү алган сыяктуу артынан сая түшүп отуруп, жалпайта тээп түшүрөт. Ал дагы ителги
келатканда бүркүттөй чалкалап, улам эки бутун тосуп, тырмактарын арбайтып айбат кылат».
Арадан беш-алты күн өткөндө баягы Рысалы Кудайбергендикине дагы келип түштү.
Рысалыдан бир аз мурдараак Жээнчоро келип Кудайбергенге кушун сынатып олтурган.
Жээнчоро да Кудайбергендин жакын инилери. Куштан башка канаттуунун табын жакшы
билбейт. Куш таптап салганды да Кудайбергенден үйрөнгөн. Ал да ошол жылы көл жактан бир
тунжур чалыш бозала куш алып келип өрдөк, кыргоол, кекилик, чил, коён алдырып жүрчү. Ал
кушун тоодакка жарайт го деген үмүт менен Кудайбергенге сынатып олтурат. Кудайберген
Рысалы келе электе Жээнчоронун кушуна баа берген: «Тоодак, аңыр, жапан каздан башкага
сала бер. Кушуңдун жүрөгү тайкы, көздөрү кулаалыныкындай өлүңкү, жүндөрүндө кыраандын
белгилери жок. Чоңго жарабайт».
Аңгыча Рысалы кеп салып жиберди:
— Куке!.. Мен баягы бүркүт алган кара ителгини көрдүм. Кечээ эртең менен ат сугарайын
деп ак чийди аралай бастырып, «баатырдын» күмбөзүнүн шилисиндеги кара сууга барсам,
күмбөздүн төбөсүндө олтурган экен, тушунан чукул чыга калыпмын, чочуп уча качты. Даана
тааныдым. Баягы мен көргөн кара ителгинин өзү.
— Дал өзүбү?
— Дал өзү. Кантип жаңылайын. Боору чаар.
— Даанабы?
— Даана!
— Аны мен деле көрүп жүрөм, чоң атамдын күмбөзүнөн. Күүгүм талаша кара тоо жактан
келет. Анан күмбөздүн төбөсүнө түнөп, эртеси шашкеге чейин олтурат да, бир оокумда жок
болуп калат. Ошол тегеректен кушка коён карап жүрүп дайым эле көрөм, — деди Жээнчоро.
— Кара тоо жактан келип жүрсө, тоюту ошол жактан канып жүргөн экен. Сен ошону кушуңа
алдырып бер мага, — Кудайберген Жээнчорого жылмая карады. Жээнчоро чочуп кетти.
— Кой, Куке! Бүркүт менен чоң үкүнү алып жүргөн ителги менин кушума алдырабы.
Өлтүрүп койбойбу?
— Өлтүрбөйт! Жаман кудай урган, куштун бут-колу узун, шадылуу болот. Куш деген
ителгиден чоң келет. Ителги олтурган ордунан козголуп, эки канатын талпылдатып күүлөгөнчө
куш шамдагай эмеспи, түндүк бою көтөрүлтпөйт. Тарс илип алат да, бакыртып жерге алып
түшөт. Боюна жолотуп койбойт. Ителгинин буттары мукур, кыска болот. Куш бир колу менен
экөөнү бирдей капшыра кармайт. Экинчи колу менен баштан алат. Ителгинин кош канаты
дирилдеп, жер чапкылайт. Бүткөн боюн калтырак басат. Коркконунан эки көзүн бакырайтып,
«кекиртегимен кан алып, кокомду сууруп албаса экен» деп, куштун тумшугун тиктейт. Жаны
оозуна жакындап, тыбырап жата берет. Ошого чейин сен жетип барып, ажыратып албай жаның
жокпу? Адегенде ителгинин куш куушуруп турган эки бутун бирдей карма. Баштыгыңан үндөөч
жемиңди алып, жерге таштай койсоң, ителгини коё берет да, тиги белен этке секирип конот.
Кантип эле ал өзүнө айбат кылган жоого караганда даяр тамакты жаман көрсүн. Ителгиге сенин
колуң тийгенден кийин «мына эмне кылсаң ошо кыл, кармаарын кармап, колуңа бир
тийгиздим» деп андан кутулганча шашпайбы.
Кокус ителги бийиктеп учуп кетсе, кушту шилтебей эле кой. Куш өзү да барбайт. Анын
үстүнө күүлөнгөндөн кийин ителги кушка жеткирбейт. Ачуусу келсе, кайра кайрылып, кушуңду
бир муштап өтсө күм-жам кылат. Куш эмес, бүркүттүн сазайын берип жүргөн эргулга куш да
кеппи? Колдогу жеминдей да».
Экинчи күнү чоң шашке ченде колуна куш кондуруп атчан келаткан Жээнчоро төмөнтөн
көрүндү. Кудайберген адатынча чепкенин желбегейленип, эшигинин алдында ары-бери басып
турган. Ал Жээнчоронун жолу болбой калганын алыстан келатканда эле байкай койгон. Экөө
саламдашты. Жээнчоро озунуп сөз баштады:
— Кумбөздөн келатам, Куке.
— М... эмне болдуң?
— Э... эмне болсун! — чарчаган кишиден бетер ат үстүнөн оор үшкүрүнүп алды Жээнчоро.
— Алдыра албай калдым. Куш жакшы эле качырган, чала серпип-мүчүп калды.
— Сен куш салбай кара жерге кир, — Кудайбергендин ачуусу келди. Алдагы кашаң бээң
менен талпайы-ып бастырып барбадыңбы. Ителги күмбөздүн үстүндө эки жакка көз чаптырып
олтурган. Анан ал колундагы кушуңду алыстан көрүп, шекшинип камданды да: «Тетиги
каапырлар жөн келе жаткан жери жок. Атайылап мага келе жатышат. Кой. Күтүп олтурбай,
эртелейин. Мени куткарса, койну кенен асманым куткарат. Жер куткара албайт. Асманымдын
учу-кыйры кенен, томуктай тоскоолу жок» деп силерден мурун асманга атып чыкпадыбы? Анан
сен кушуңду ал көтөрүлгөндө шилтедиң. Балакетти жеткирсинби. Кушуң көңүл улап: «Кантейин
эми, өзүң көрдүң го, бир жери колума урунбай калды» деп ошол жердеги саздардын дөмбүл
баштарынын бирине айланып келип, конуп олтуруп албадыбы.
Дал ошондой болгон. Жээнчоро ичинде сүйлөнүп жатты: «Капырай, чунак киши,
короосунун кырына чыгып карап турган го».
Устатынан жеме укканга бир чети ыза болуп, бир чети күнөөнүн баары өзүндө экенине
туура түшүнгөн Жээнчоро атынан түшпөстөн, уятына чыдап тура албай, илең-салаң бастырып,
үйүнө кайтты. Ал узап кеткенден кийин Кудайберген да өзү менен өзү сүйлөштү. Өзүн-өзү
жеме-жукага алды: «Бул кудай урган кеңкелестин сырын билип туруп, кушту ителгиге кандай
салыш керек экендигин, анын жол-жобосун, айла-амалын, ар түркүн ыкмаларын эскерткен
эмес турбаймынбы. Менден да кетиптир. Мен кушка ителги алдырганга ээрчип жүрүп, жакшы
эле үйрөнгөндөй болду эле. Көрсө, анын бири да эсинде калган эмес экен да, шооласы жок. Бул
кеңкелес өз колу менен кушуна ителги алдыра элек тура. Бир себептен бүгүн мунун кушунун
ителги албаганы да жакшы болуптур. Ажыратканды билбей, же кушту, же ителгини өлтүрүп
алмак тура».
Арадан беш-алты күн өткөндөн кийин Кудайбергендикине Жээнчоро дагы келди. Үйдө
Кудайбергенден башка мүнүшкөрлүккө ышкыбоздордон Чомор, Сыдыкбек, Көлдөйкөн,
Жайнак, Байкубат, Рысалы, Ысактар бар болучу.
— Куке,— деди Жээнчоро шаша-буша энтиге сүйлөп. — Баягы ителгини бүгүн эртең менен
намаз убагында баягы күмбөздүн үстүнөн дагы көрдүм.
— Колуңда кушуң бар беле?
— Жок болчу. Кара-Сууга сугарганы баргам.
— Сени көргөндө уча качтыбы?
— Жок. Учкан жок.
— И, колуңда кушуң жок экенин билип «баягы каапырлар эмес экен» деп, камсыз олтурду
да. Өзү учтубу, өзүң учурдуңбу?
— Ошобу, башкабы деп өзүм учурдум.
— Жакын барганыңда учтубу же сени алыстан көргөндө эле учуп жөнөдүбү?
— Ээк алдына барганымда учту.
— Даана тааныдыңбы? Ошол ителгинин өзү бекен?
— Дал өзү. Даана тааныдым.
— Жакшы-ы...— деп Кудайберген сөзүнүн аягын жай гана созуп койду. Эми мындай
кылгыла? — Кудайберген отургандарды тегерете бир сыйра карап алды. — Бул кеңкелестин
сөзүн баарыңар уктуңар.
— Уктук-уктук,— деген үндөр биринин артынан бири куюлушту.
— Уксаңар ушундай. Бул олтургандардан кимиңер болсо да күн сайын эртели-кеч ошол
ителгиге көзөмөлчү болгула. Күмбөздүн төбөсүнө дайым келип түнөп жүрөбү же келбей
калдыбы.
— Жарайт, жарайт.
— Эгер дайым келип түнөп жүрсө, кимиңер көрсөңөр да учурбагыла, өз жайына койгула.
Эрте учабы, кеч учабы каалаган убактысында учуп кетсин. Кай бири күнү талаадан нык тойгон
болсо караа-параан көрүп, киши-кара учурбаса, чоң шашке же түшкө жакын учат. Чала тоют, же
ачка келип түнөсө эртең менен эрте учуп кетет. Жөн койгула. Беш-алты күнү дагы жайлансын.
Күмбөздүн төбөсүн өз туурундай көрүп, үйсүнүп, байырлансын. Жээнчоронун кушун ага чейин
миздеп коёбуз. Албарстай курчутуп, ителги эмес, «бүркүт алганда» кылып таптайбыз, — деп
мурутунан жылмайып Жээнчорону карап койду.
— Кушу жок эле, алдына тир таштап, жылуу канга киргенде кайра учуруп, үстүнө тузак
тартып, илинтип албайбызбы?
— Жо-ок ага келбейт. Өзү кууп, өзү аракет кылып көнгөн неме тирисин ажыратып алып,
анан тузак тартсаң келет. Сенин тириңе калбайт. «Булар кандай эле менин тамак-ашымды
даярдап, меймандос болуп калышты? Мунусунда бир балакети бар?» деп жолобойт.
Шекшинет.
— Тор жая койсокчу?
— Тор менен тиринин эмне айырмасы бар? Ага да келбейт. Шек алдырып, чочутуп алабыз.
Анан ошол бойдон бнз менен түбөлүк коштошот. Көздөн кайым болот. «Бул жерден
которулбасам булар мени соо койбойт. Мынча асылып калган эмелер бир балаа кылат» дейт
да, экинчи күмбөз эмес, алдына алтындан так даярдап койсоң да келип олтурбайт.
***
Ошондон кийин кара ителгиден Кудайберген күнүгө кабар алып турду. Кээде эрте
бешимде, кээде күүгүм талаш намаз шам, намаз дигердин ортосунда, каш карайып, эл орунга
отуруп калганда күмбөздүн төбөсүндө пайда болуп калганын угуп жатты. Эртели-кеч күмбөздүн
айланасына мал жолоттурбай, атайы киши коюп, корутуп койду. Ошого чейин Жээнчорону кушмушу менен үйүнө кетирген жок. Куш саал эттүүрөөк болчу. Кыштын чилдесинде күнүгө
салынып турган куштун эти жадо болсо да болмок эмес. Арык куш суукка байым жок келип,
илбесинге көңүлсүз чапмак. Алса, бир күндө бир-эки коён алып албаса, кийинки качыраган
коёндорго тап берип, ээсинин көңүлүн улаган болуп, ыңтайлуу жерге кайрылып конуп,
кагынып-силкинип отуруп алат арык куш. Аны Жээнчоро да билет. Ошон үчүн кушунун ичтейин
ачык коюп, эттүү алып жүргөн.
Кудайберген кушту бир жума үйгө кармап, Жээнчорону тышка чыгарган жок. Анткени, куш
эригип, делөөрүй берсин деди окшойт. Тирүү илбесин көзүнөн учуп, жылуу канды сагынгандай
болсун деди окшойт. Учканды эңсеп, көгөргөн көк асман эсине түшө берсин деди окшойт.
Жээнчорону ээрчитип алып, өзүнүн куштарынан ага бирди, өзү бирди кондурат да, талаага
жайылып келишет. Кудайбергенде куш да, ителги да, бүркүт да эки-үчтөн. Карышкыр алчу
бүркүтүн түлкүгө салбайт. Тоодак алчу кушун башка илбесиндерге көп көргөзө бербейт. Коён
алчу ителгисин коёндон башкага салбайт. А кекилик, чилге боло чүйлүсү бар.
Кийин байкасак, бул кишинин башка мүнүшкөрлөргө караганда өзгөчөлүгү ушунда экен:
Карышкыр алчу бүркүттүн канат-куйругунун сынбай, майышпай бүтүн турушун, тырмактарынын
курчун сактайт тура. Түлкүгө сала берсе бүркүттүн да сонуну тарап, же канат-куйруктарынан
сынып, кемчил тартып, тырмактары мокой берет эмеспи. Кокус карышкыр менен кармашып
калса ар шайманы шай болуш керек экен да. Алгыр кыраандардын канат-куйрук,
тырмактарынан башка эмне куралы болот? Же алардын «кылыч, мылтыгы» бар дейсиңби?
Ителги алчу куш Кудайбергендин өзүнүн куштарынын арасында деле бар болчу. Бирок алар
түлөк куштар эле.
Жээнчоронун кушу болсо жаңы куш, уядан ушул жылы учкан. Анын жаш баладай болуп
жүрөгү курч. Түлөк куштардай кекселенип тарткынчыктабайт. Өлөр-тирилерине карабай, бүркүт
болсо да, адегенде качырып сала берет. Кудайберген ошого карап жатат. Анын бул өнөрүн
өзүнөн башка бир жан билбейт.
Кара ителгинин түн кур калбай күмбөздүн чокусуна түнөп, кээ күнү эрте, кээ күнү чоң
шашкеге чейин олтуруп, анан учуп кетип жүргөнүн сыртынан багып жүргөндөр Кудайбергенге
тынымсыз жеткирип жатышты. Буга чейин Жээнчоронун кушу көзүнөн караан учуп, байлатма
жиңдидей бууракандап урунуп-беринип, делбе-тап болуп эртели-кеч туурга токтобой, канат-
куйругу менен жер сабап, табына келген мамыдагы күлүктөй маңдайындагы жайылып жаткан
талпактын жүнүн чапкылап, ийнедей учтуу курч тырмактары менен тыткылап калган учуру эле.
Ошол күнү кечинде да кара ителгинин күмбөзгө келип конгонун угушту: «Жээнчоро, — деди
Кудайберген, — сен үрүл-бүрүлдө аттан. Боз бээңди кой. Жээрде атыңды мин. Ал бээге
караганда курчураак. Кушуңду кондур да, ары токой жагы менен (далдаараак эмеспи)
бастырып кел. Шалпылдатып Кара-Сууну кечпе. Жээктей сал. Күмбөздүн дал түбүнө келгенде
кушту күмбөздүн чокусун көздөй жөн эле ыргытып жибер. Ителги отурабы, жокпу сен ага
караба. Куш көрдүбү, көргөн жокпу, сен ага да караба. Отурса алып тушөт. Жок болсо кушуң
кайрылып коно калат. Жерге жарык толук түшө электе энөө ителгинин учуудан ою жок болот.
Мурунку күнү лак тоюп келген эргул айланага көз кырын салбай, эч нерседен шеги жок үргүлөй
тартып, ыксырап отурган болуш керек. Качан гана куш төшүнө жабышканда «чар-р» дей түшөт.
Бакырып-бакырып алат. Экөө томолонуп күмбөздүн түбүнө келип түшөт. Атыңдын үстүнөн
бирөө жыга чапкандай кулап түш. Ылдам жетип, басып калбасаң бирин-бири эшип салат.
Уктуңбу?.. Ителгини кушка ошентип алдырат. Бая кун сенчилеп коёнго салгансып, алыстан
ыргытпайт».
Устанын айтканы таң атканча анын оюнан чыкпады. Таң куланөөк болгондо атын шапа-шуп
токуй салды да, кушун кондуруп, бөртө-бөртө желдирип күмбөздү көздөй салды...
Иш оңунан чыкты. Бардыгы устанын айтканындай аткарылды. Күндүн кыры кызыл омпол
тоолорунан кылайып чыгып келатканда Жээнчоро Кудайбергендикине келди. Баятан бери
ошол жакка көз чаптырып, тынч алалбай ары бери эшикте басып турган Кудайберген тиги
Жээнчоронун шаша бастырып келаткан карааны көрүнгөндө эле, анын иши оңунан чыкканын
билди. Эгер ителгини алдыра албай калса, Жээнчоро Кудайбергендикине бир жума эмес, бир
жыл бою жоломок эмес.
Ошол күнүн элдин опур-топуру Кудайбергендикинен үзүлгөн жок. Айыл-ападагы
ышкыбоздор биринен сала бири келе берди. Кудайберген ителгиге жумшак кайыштан жаңы
боо такты. Чырылдап-чыркырап, бирде чалкасынан, бирде көмкөрөсүнөн кетип, ителги
Кудайбергендин колуна конбой жаты. Күн кур эмес, жаңы эт, жылуу канга маарып, жарылып
кетчүдөй семирген ителгинин далдайган төшүнө кол батпайт. Мөңкүчүктөп жатып, бир аз тынч
ала калганда эки ийни шалк ылдый түшүп, өзүн бош катары сезет да, кыш-кыш этип оозун ачып,
үстөккө-босток акактайт. Оозун ачкан сайын түбү ачекей тили экилик жыгач айрыдай даана
көрүнүп турат. Жүрөгү түрс-түрс согуп, кургакка серпилген балыктай туйлайт.
Тегеректеген эл ителгиден көз айрышпады.
Сырткы кузгундай кара боор жүндөрү колтуктарынан тамагына чейин кызыл чаар, кара
чаар.
— Мындай ителги оңой менен колго тийбейт, — деп сөзүн баштады Кудайберген. Элдин
назары мүнүшкөргө бурулду, — уядан быйылкы учкан балапан экен. Буту, колу, тумшугу
көпкөк. Эгер бир түлөп калса, буттун бир шакеги саргарып калмак. Эки түлөсө экинчиси, үч
түлөсө үчүнчүсү. Андан ары билегине чейин саргаят. Көздүн тегеректери саргаят. Ителги
куштардын жашы түлөгүнө жараша саналат. Ал эми бүркүттөрдүкү болсо кадимки жылкынын
жашындай. Кулун, тай, кунан, бышты, асый... дегендей. А дегенде бозум, анан ым түлөк, анан
кум түлөк, анан таш түлөк... Андан ары барчын: бир барчын, эки барчын, үч барчын...
Бул даана шумкар. Шумкар болгондо да касма шумкар. Эч жеринде өөнү жок. Шумкарда
болчу белгилердин баары болсо, муну «касма шумкар» дейт. Мына мобул куйруктун
алдындагы үкүнүн жүнүндөй апаппак саңоор жүндөрдүн ар бир талынын беттерине ылдый
карата жазы сызыкча болуп кара тактар түшүп турбайбы. Шумкар жүн деп ушуну айтат. Мунуку
бадырайып даана экен. Кээ бир шумкар ителгилердики билинер-билинбес сызыкча болот.
Андай шумкарларды таза шумкар дебейт. Аны сүртмө шумкар дейт. Эми мунун ылдый
тартылган кара тактары келерки жылы (бир түлөгүнөн баштап) туурасынан так болуп түшөт.
Кадимки кекиликтин чаар жүндөрүндөй, ошондон ары өлгөнчө дапдааналанып кашкайган кара
тактар түшө берет. Касма, таза шумкарлардан башкалардыкы мындай болбойт. Мейли ак
шумкар болсун, мейли көк шумкар болсун чыныгы шумкарлардын баарыныкы ошондой.
Саңоордун алдындагы кебездей жумшак ак жүндөрүнүн беттерине ошондой кара тактарды
түшүрөт, түлөгөн сайын кара кочкул тарта берет. Кээ бир ителгилердин сырткы жүнү
күйкөнүкүндөй көгүш кызыл болот. Саңоор жүндөрүнө шумкардын тактары түшсө, аны күйкө
шумкар дейт. Мындай белгилери болбогон ителгилерди жөнөкөй, карапайым ителги деп
коюшат. Алардын чанда бирөө кыраан чыгат. Ал эми шумкар белгиси бар ителгилердин көбү
кыраан болот. Бирок алардан деле кээ бирөө жөнөкөй ителгиден да начар болуп калгандары
бар.
Бул кара шумкар чоңдугу боюнча да, кооздугу боюнча да суктанарлык экен. Мындан чоң
ителгини көрө элекмин. Тумшугу, буттары, кеби-сыны мыктынын мыктысы. Айрыкча
салааларынын арыштары бүркүттүкүнөн кем калышпайт. Мынабу жем басары, — бармак бутун
тартып койду Кудайберген, — тейтек тура. Анык кыраан ителгинин жем басары ушундай болот.
— Эми бул эмне алат? — деп жиберди топтун ичинен шашкалактаган бирөө.
— Көзүнө көрүнгөндү куткарбайт. Кеп үйрөтүштөн.
— Карышкыр, түлкү алабы? — баягы шашкалактаган неме дагы суроо берип калды.
Отургандар дуу күлүп жиберишти. Кудайберген аны шылдың кылгандай элди тегерете карап,
мурутунан жылмайды да: «Аюу, жолборс да алат» деп какшыктап койду. Эл андан бетер күчөп,
шатырап күлүштү.
Бүгүнкү жыйын ушуну менен тарады.
Эл кеткенден кийин кара шумкарды туурга кондуруп байлап койду эле, жөн отурбады.
Ачуусуна чыдабай долуланып кирди. Өз бутун өзү чокулап, кайыш боонун түйүнүн тыта
баштады. Аны байкап турган Кудайберген чийдин башында илинип турган даяр жон жырганы
мойнуна сала койду. Ителги улам башын ылдый салган сайын, майда жон жырга жыгачтар
анын ээгин жөлөп калып, тумшугун буттарына жеткирбей таштады. Болбосо ызасына чыдабай
өжөр арам албууттанып олтуруп, өз бутунун тырмактарын да бирден сууруп таштаганы турат.
Анда түбөлүк чолок болуп, керекке жарабай калат болчу. Жаны кармалган ителгинин мындай
жоруктарын Кудайберген башынан көп өткөргөн. Уя бала эмес, тор ителгилердин өжөрлөрү да
адеп колго түшкөндө ошентип өзүнөн өзү кажанып жатып, чолок болуп калышкан. Ителгинин
мындай кыялдарын чанда бирөө билбесе, мүнүшкөрлөрдүн баары эле биле бербейт.
Кара шумкарды Кудайберген бат эле тапка келтирди. Бир топко барып калган талаа түлөк
болбогондон кийин, уя-баланын түйшүгү оңой да. Ары шилтесең, ары, бери шилтесең бери
кетип, өз оюң менен болот эмеспи. Чыргаачыл болду. Далбаага кап-кайда кеткен жеринен
келет. Чоң үкүнү да алдырды. Тоодактын тобунан төрт-бешке чейин түшүрүп калат. Коёнду
болсо бир тепкенден чыгарбайт. Кузгун, айры-куйрук, көк-кытан, балта-жутар, тазжоруларды
колдогу жеминдей алып жүрдү.
Кара шумкар менен кошо дагы бир карала борбашты бакты. Борбашка жем берерде бир
кесим этти дайыма шумкардын томогосунун төбө чачына байлап коёт. Анан борбашты агыта
берет. Ал шак учуп жетип, томогонун чачысындагы этти ылдый тартып тиштегенде, ителгинин
башынан томого кошо шыпырылат. Анан ошол бир кесим этти томого-момогосу менен жулуп
келип, жерге конот да, этин жеп, томогосун ошерде калтырат. Дамамат борбаш кара
шумкардын томогосунан эт жеп жүрдү.
Кулаалы үкү (жапалак үкү) бир нерседен чочуганда тээ бийик асманга көтөрүлүп кетет.
Качан канаты талыганда жерге түшөт. Үстүнө душманын чыгарбайт. Улам өйдөлөгөндөн
өйдөлөп, салпактап айлана берет. Бийиктеп олтуруп, булутка чейин барат.
Кудайберген кулаалы үкүгө кара шумкарды томогочон коё берет. Мейли бүркүт, мейли
ителги болсун томогочон учканда жерге конбойт. Обологондон оболоп, көккө чыгып кетет.
Ташка тийип өлөмбү, сууга түшүп кетемби деп, конгондон чочушат. Көз таңмай ойногондой
темселей берет. Эки канатын далбактатып бийиктегенден бийиктеп, көтөрүлүп жүрүп отурат.
Качан гана кара шумкар жапалак үкүлөрдөн өтүп, алардын үстүнө чыкканда Кудайберген
карала борбашты артынан жиберет. Эки көзү ителгинин томогосунан өтүп турган борбаш ойкупкайкып учуп, жеңил неме бат эле көктөгү ителгиге жетип, томогосун шыпырат. Мына ошондо
алдындагы жапалак үкүнүн иши бүттү дей бер. Бир тепкенден чыгарбай топтой тоголотуп
түшүрөт. Бул ыкмага шумкар да, карала борбаш да — экөө тең жазбай көнүп, жедеп адисине
айланып бүтүшкөн.
Жазга жакын Кочкордон каркыралар өтөт. Кээде алар бир-эки жума тыныгышып, эски
айдоолорго же ээн жаткан боздорго жайылышат. Канаттуулардын ичинен каркырадан сагы
болбойт. Алардын укуруктай узун ичке моюндары созулуп, караан-параанды алда кайдан
көрөт. Жанына жакындатпайт, куш, ителги жеткенче көккө көтөрүлүшүп, булуттан да ары кетип
калышат. Анда-санда гана кулакка жагымдуу чурулдаган үндөрү ошончолук бийик асманда
жаныңдагыдай болуп угулуп турат. Алардын аркандай чубалып, желе тартып учканына
кызыгып, башын кыйшайта эрикпей карап олтурган адамдардын мойну талыйт.
Каркыралар өтүп жаткан мезгилде тегерегиндеги ышкыбоздорго Кудайберген бир күн
мурун кабар кылды:
— Эртең кара шумкарды каркырага салабыз. Кызыгына батып, тамашасын көргүңөр келсе
шашкеге чейин биздикине чогулгула.
Бул кабарды уккандар тайлуудан туяк калбай эртеси күнү Кудайбергендикине келишти.
Каркыралар тынымсыз чубап өтүп жаткан. Кээде кошогунан ажыраган кербендей чурулдашып,
асмандын ортосунда иримдей имериле калышат. Кээде кербен башчыны ээрчиген
кирекечтердей каз катар болуп биринин артынан бири (буйлаларынан байлаштыргандай)
ээрчишип, кыркаар тартып жөнөшөт. Ошондой топтор айылдын үстүнөн өтүп жатканда
Кудайберген үйүнөн кара шумкарды алып чыгып, томогосу менен учуруп ийди. Томогонун
чокусундагы чачыга байланып кызарган бир кесим эти кошо кетти. Андан эки көзүн албаган
борбаш, кондуруп турган кишинин колунан байлоодогу торсойгон карала күчүктөй
тыбырчылап, эчак көккө көтөрүлүп кеткен шумкарды көздөй жан-алы калбай жулунуп жатты.
Кара шумкар асмандагандан асмандап жылдыздады. Бир кезде тартипке түшө албай топтошуп
жаткан каркыралардан да ары өткөнсүп калды. Анан тыбырчылап жаткан карала борбаш
шумкардын артынан жөнөдү.
Борбаш бат эле жетип, шумкардын томогосун шыпырып алды окшойт. Той каркыраларга
бүлүк түшүп, карышкыр тийген койдой ызы-чуу, будуң-чаң болду да калды. Каркыралар
ылдыйлап, жерди көздөй жан талашып келе жатышат. Кара шумкар тике качырып, топту жарып
өтүп, кайра «зуу-зуу» этип, асманга атып чыгат. Аралап өткөн сайын бирден каркыра калпактай
ыргып, топ этип жерге түшүп жатты. Каркыралар улам ылдыйлагандан ылдыйлады. Жерге
жакындаган сайын кара шумкардын зуулдаган добушу күчөгөндөн күчөп угулат. Улам жерге
түшкөн каркыраларды талашып бала-бакыра, чоң-кичине ызы-чууга түшүп жатты.
Ителгиден корккон топ каркыралар кайра асманга көтөрүлө албай коюшту. Түшкөн-түшкөн
жеринде былкылдабай жер кучактап, укуруктай моюндарын сүйрөлгөн чылбырдай сулк
ташташкан. Арасынан бирин-экини баш көтөрүп, былк эткени болсо асманды айланып турган
кара шумкар ийнин кыйшайтып, канатын куушуруп, кырданып коёт. Каркыралар ансайын жерге
супарадай жабышат байкуштар. Канаттуулардан каркырадай коркок чанда болбосо, жок.
Учалбай жаткан каркыраларды тирүүлөй кармагандар да көп болду.
Ошентип бул күнү айыл ичи адам көрбөгөн кызыкка батты.
Мына ушундан кийин кара шумкар каркырачыл болду да калды. Атагы алыска кетти. Көрсө,
Кудайберген карала борбашка шумкардын томогосунан жем берип, атайылап үйрөткөн тура...
КААРДУУ КАЙНАТА
Кудайбергендин кайындары көл башында — Жети-Өгүздө болчу. Ал өмүрлүк жары
Шаарканды күйөөлөп барганга чейин көргөн эмес. Өткөн заманда бири-бирин күн мурун
сүйүшүп, өз эркинче баш кошуу деген чанда гана болбосо, жок эле да. Уул-кыздарды атаэнелери, болбосо, тыңыраак чыккан агалары бийлеп баш коштурушкан. Кудайберген менен
Шааркан да дал ошондойлордон болушкан.
Кочкордо төрөлүп, Сарала-Сазда өскөн Кудайберген Жети-Өгүздүн Шалбаасында бой
тартып чоңойгон Чыныбайдын кызы Шаарканды кайдан билсин, үч уктаса түшүнө кирген эмес.
Муну тапкан агасы Өтөнбай болчу.
Өтөнбай Чыныбай менен достошуп, акыры ысышып жүрүп, куда болушат. Калыңды бүтүп,
күйөө-кыздын баш кошор күнү жакындайт. Эл жайлоодон түшүп, Чыныбайдын айылы күзгү
шалбаасына көчүп келгенде, Кудайбергенди Шаарканга күйөөлөтүп жиберет Өтөнбай. Кыз
жигитке жагат. Жигит да кызга жагат. Чыныбайдын Өтөнбайдан алган калыңы да аз эмес эле.
Ошого карабастан Шаарканды Кудайбергенге бергиси келбейт Чыныбай. Күйөөнү жолдошжоросу менен көп ызалап, көп кырсыктайт. Алардын минип келген аттарынын жорго, күлүгүнө
карабай, четинен тердирип, эттүүрөөгүн сойдура берет. Кудайберген каардуу кайнатанын бул
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 09
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.