Latin

Кара шумкар - 04

Total number of words is 3915
Total number of unique words is 2227
30.0 of words are in the 2000 most common words
43.4 of words are in the 5000 most common words
49.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Түндүк, Керкебестин катмарларына сүңгүп кирип кеттиби? Болбосо өйүзгү түздүн ак
чаптарынын бирине барбасын?» Мындай сар-санаанын нечендери Көкүмбайдын кан
тамырында түнү бою тынымсыз жүгүрүп турду.
Төшөктөн тураары менен Көкүмбай аттана турган болду. Анын карбаластап шашып кийинип
жатканын Кудайберген байкап:
— Ой эмне, таң атпай кайда барасың? — деди жаздыктан баш көтөрө.
— Аттанам, шумкарды издейм. — Кудайберген борс-борс күлдү.
— Ой, ал кой беле короодон карагандай? Же тушоолуу ат деп турасыңбы? Жер асмандын
кай жеринде жүргөнүн билесиң?
— Кечээки жерлерге барып чырга тартам. Болбосо Кара тоонун этегин бүт айланып чыгам.
— Кой, убара болбо! Ал үйүңө кетти. Ушул тапта тууруңда олтургандыр. Уя бала ителги да
каччу беле. Анын атын кыраан дейт. Ал кечээ экөөбүзгө таарынып калган. Дайым топ аралап,
топ бузуп жүргөн кыраан, кечээки эки тоодакка моокусу жазылып, кумары канган жок. Кой
десем болбой салбадыңбы.
— Кечээ кеч болуп калган, кайдан үйгө жетсин.
— Жиндисиң го дейм, ал эмне көз ачып-жумганча барат да коёт. Асмандын ашуусу бар
бекен? Суу кечип, баткакка тыгылып жатпаса, ушу турган Жумгал канаттуу кушка кеппи. Кара
шумкар Бээжинден чыкса да, көз ачып жумганча келер. Ат болбосо ал ташыркап баспай же
жинигип калгандай? Кой, убара болбо?
Көкүмбай Кудайбергендин айтканына уюбады. Уюмак түгүл анын сөзүн какшык ойлоду.
Шылдың кылган катары түшүндү. Мазактап жаткандай кабыл алды. Ачуусу келип өңү бузулуп,
сакал-муруту бириндеп (каарданганда сакал-муруту камандын жалындай сайылып, өңү башы
түктөйө түшчү) кабагын карыш салып, үйдөн даам татпастан бастырып кетти. Айылдан узап
чыкканда сөгүндү: «Акмак атаңдын көрүн урайын!.. Мен да муну киши экен деп келсе, «Токто,
мен да кошо бастырып издешейин»— дегендин ордуна, «ал кой беле, ал ат беле» дейт. Дагы
борсулдап күлүп койгонун кантейин уялбай. Жедеп үйүнөн чыкпай үй каман болгон чочко,
туугандары ушундайынан үй күчүк атантып таштаган да»
Көкүмбай ал күнү керээли кечке Кара тоонун аркы этегин, берки этегин бүт айланып чыргаа
тартып, далбаасын булгалады. Кайта-кайта куу-куулап кыйкырып жүрүп үнү да бүткөндөй
болду. Шумкардан дайын жок, шеги билинбеди. Кечке жуук жолду-жолдото бир үйгө
түшпөстөн ач-тогуна карабай ачуусу шакардай кайнаган намыска бек көк киши аттын күчүнө
салып, түнү менен үйүнө келип түштү. Келээр менен туурунда олтурган шумкарын көрдү.
ҮРКҮН
1916-жылдын күзү. Кыргыз жергесинин ар тараптарынан жырткычтардай качырып сала
берген ак падышанын куралдуу аскерлеринин кырганына чыдабай, бейкапар тынч жаткан калк
жыт алган кийиктей доңшуп үркүн калышты. Бул жүзүң курган алааматтын эмнеден чыгып,
эмнеден башталып кеткенин жумурай журт, калайык калктын азчылыгы билсе да, көпчүлүгү
билген жок. Бир даары: «Падыша Герман менен урушуп жаткан экен, аскерлери суйула
калганда кыргыз, казактардан аскер алмак болуп, болуш-болуштарга өкүл жибериптир,
өмүрүндө аскер берет дегенди көзү көрүп, кулагы чалбаган жумурай журт: «Карындан чыккан
балабызды чыркыратып туруп кантип өлүмгө кармата беребиз, мындан көрө падышанын
колуна өлүп бергенибиз оң», деп жапа тырмак каршы турган экен, ошон үчүн падышанын
кыжыры кайнап солдат жиберип элди кырдырып келатыптыр десе, «Жок андай эмес, ат, тон,
мал, мүлк, жер-сууну тартып алмак экен да кыргыз болгон жерин кайберендей качырып ак кар,
көк муз, азаба, зоо, аскаларга сүрүп таштамак болуптур, ошон үчүн аскерлер элдин артынан сая
түшүп кырып келатат» дейт, анан кыштыр-жайдыр муз төшөнүп, кар кечип, бороон-чапкында
жүргөн элден бирдеме калчу беле баары бир кырылып тукум курут болобуз да дешсе, дагы
бирөө дагы бир себептерин айтып эл арасы ызы-чуу күрүгүү түшүп, өз кулактарынан өзүлөрү
үркүп жатышты.
Бетине келгенин кырып келаткан аскерлерсиз алдынан каршы чыгып такоор кылмакка
топтошкон эл сан жагынан канчалык көп болсо да аскерлердин кылычы алда кайдан
жаркылдап, беш атары тарсылдап үн чыгарганда колунда куралы жок эл туруштук бере албай
бет-бетинен качып бозуп, безген бойдон жөнөштү. Качкан жоонун качырган жоо жаның коёбу,
куралдын күчү менен далайын кырып салышты. Муну уккан өрөөн-өрөөндөгү айылдардын эли
калып жарыган жок. Тайлуудан таяк калбай, тоо таянышып, чер токой аралап, кокту-колотторго
житип-житип жок болушту. Качып үлгүрө албай эс акылынан ажырап шашкалактап
калгандарын, бала-бакыра, кары-картаң, катын калачына карабай, артынан сая түшкөн кутурган
аскерлер бирден терип ат менен тебелетип жүрүп кылычтап ташташты. Өз эл, өз журтунан
ажырап, чуру-чуу түшкөн байкуштар, тээтиги карарып-түнөрүп мунарыктап боз түшкөндөй
чамбыл тартып батыштан чыгышты, чыгыштан батышты карай төө өркөчтөнүп чубалжып жаткан
катмар-катмар бийик тоолордун ары жагынан бүлбүл көрүнүп, айчылык алыс жаткан Кытай
жерин көздөй жол тартышты. Там-ташы, мал-мүлкүнө кайыл болуп, кырылгандан калган аттуужөөлөр бет алган жагына самсып жөнөштү. Бир даары сыйынтка коргологон кекиликтердей
аскер эмес как эткен карга, кук эткен кузгун көрбөй турган туңгуюктарга түшүп, чилче
бириндеди. Мөөрөгөн уйлар, маараган койлор, ботосунан ажырап боздогон төөлөр, үйүрүйүрүнөн адашкан жылкы, энесин издеп чыңырган кулун тайлар кокту-колот, жыбытжылгаларда жапайы кийиктердей топ-топ болуп ээлеген ээси жок калышты.
Көкүмбайдын айылы сүрдүккөн элдер менен кошо Соң-Көлгө ашып түшүп, кыштын күнү ал
жерге да токтоло албай күндүз жүрбөй, түн жамынышып жолу жок буруу жерлер менен Нарын,
Атбашынын тоолорун аралап олтурушуп Аксайга жетип, Аксайдын суугуна да чыдай алышпай
азап-тозок менен Көкарттын белин ашып, өлдүм-талдым дегенде тирүү калгандары
Какшаалдын капчыгайына түшүп, Үч-Турфан тарапка бет алышты.
«Кимди ким билди, Быржыбайды там басты» болуп, ар ким өз айылы, өз үй-бүлөсү менен
алек. Кимдин эмне болгонун, ким өлүп, ким калганын эстен танып жүрөксүп калган байкуштар
бири-бирин жоктошко чамасы келбеди. Үйүрүнөн адашкан жалаң мал эмес, аягы менен
дайынсыз жоголгон катын-калач, кыз-кыркын, бала-бакыра да көп болду. Ызы-чуу, күрүгүү
түшүп акылына келе албай улуп-уңшуп буркурап боздогондору канча? Кайран гана байкуш
момун эл чачылды. Чачылганда да кудайды карабай чачылды бечаралар.
Качкындарды барган жеринде баш коштуруп бир жерге топтоштурууга эстүү-баштуу
адамдар болобу. Болгон күндө да акылынан ажырап алдастап калган шордуулар биринин
тилин бири ала турган эмес. Ар кимиси урукурукка, айыл-айылга бөлүнүп, Аксы, Үч-Турфан,
Үрүмчү, ары жагы Текес, Кияз, Кулжага чейин элирген элдин учу созулуп кетти.
Көкүмбайды ээрчиген отуз чакты түтүн Дуулат уулу Куйручук баш болуп Какшаалдын өрөөнү
түгөнгөн жердеги майда чабырларды пааналашты. Кокту баш сайын жылжып аккан суулары
бир аз да болсо карагай-черлүү, токойлуу. Түп-түп жапан тал, чычырканак майда-майда
жылгын, кыска-кыска жекен, камыш. Жери кара, кар түшпөй, отун-сууга кенен окшоду. Дагы
бир жакшы жагы коктусу сайын короо-короо кой кыштаткан жергиликтүү кыргыздар көп экен. А
деп барганда ошончо малдын баары ошол элдин өзүлөрүнүкү го деп болжошкон, кийин-кийин
сураштыра келгенде андай болбой чыкты. Көрсө Үч-Турфан, Үрүмчү, Кашкардагы уйгур
байларынын малы тура. Кыргыздар ошолорго жалданган малай шордуулар экен,
Какшаалдын өрөөнүнө кар түшпөгөнү менен карандай суугу какшатып турду. Качкындарда
калкаланар үй-жай жок. Жергиликтүү кыргыздардан айланса болот. Канча кылган менен бир
боор өзүлөрү дале өп-чап экен. Ошентсе да болбой эл журтунан азып-тозуп келген бир
боорлоруна колдорунан келген жардамдарын аяшкан жок. Түтүнү куру калбай аяктап, табактап
жыйнашып жыйырма бутка жакын дан чогултуп беришти.
Качкындар үстүн тал, чычырканак, алтыкана менен жабуулаган болушуп, жарга жамай үңкүр
казышты да ошого суурдай сойлоп кирип кетишти. Антпегенде айласы канча байкуштардын.
Мында да жергиликтүү кыргыздардын жакшылыгы тийди. Ар бир түтүндү куру калтырбай, эскиуску жууркан, төшөк, алдыларына салынар кийиз-кече, талпак-тулпак, казан, тулга, идиш-аяк
чогултушуп беришти. Мурдагыга караганда жоктон көрө жогору болуп оңуп калышты.
Жаз кирип келди. Бул жердин жазы жаанчыл, көктөмү эрте болот экен. Канчалык күнү-түнү
менен күргүштөп жамгыр төксө дагы жери таштак келип, суу терең сиңбейт окшойт. Чөбү узун
эмес, кыска. Ой, кырына чыккан бетеге, шыбактардын бою сөөмгө жетпейт, ашып кетсе төрт
эли. Жазгысын майда малдары бат ирденип, кыштан илбип чыккан арык-торугу тез көтөрүлүп,
куйрук байлап эт ала баштайт экен. Көрсө жери кургак, таштуу болгону менен кыска чөбү күчтүү
болот турбайбы? Улам төш таянып өр тарткан чыбырларында топ-топ болуп үркүп чыккан, төө
тапан, карга тырмак, алтыкана, ак тикен. Булар төөнүн тамагы да. Төөлөрү ошолорду жеп
өркөчтөрү жайы-кышы бирдей ийилбейт, типтик.
Эл үрккөндө: «Эмне кыласың, бул бечара бөйдөдөн бөйдө жолдо өлөт коё берсеңчи»,—
дегенге болбой Көкүмбай кара шумкарды кондура келген Какшаалга. Мына эми ошол кара
шумкар кыйынчылыкта бир айыл элди багып жатат. Какшаалдын адыр, түздөрүндө коён деген
койдой жайылат. Жергиликтүү эл ителги, куш салганды билишпейт экен. Бирин-серин мергенчи
капканчылары бар. Алар да түлкү, карышкыр, кийик уулаганга кызыгышып, коёнго анчалык
көңүлдөнүшпөйт окшойт.
Көкүмбай менен Куйручук кыш бою кара шумкарга он-он бештен коёнду күнүгө тептирип
келишет. Айлындагы түтүндүн үй-бүлөөсүнө жараша экиден, бирден бөлүштүрүшөт. Бул
жердин боздорунда тоодактар да көп болот экен. Кай бир күндөрдө андан да көп алдырышат.
Майда тал, түп-түп чычырканактардын арасында кыргоол дегендер жүнүн жейт. Бостек кызыл
короздору чуркулдашып жүгүрүп жүрүшөт. Кара шумкарды токойдун үстүнөн айландырып
коюшуп, өзүлөрү аларды аралап учуруп турушат. Кыргоолдор түнттөрдөн түз уча албай тип-тик.
учушат эмеспи. Үстүндө шумкар айланып турганын кайдан билишсин, барпырап көтөрүлө
бергенде кара шумкар кырдана түшүп уруп өтөт. Кыргоолдор ыргыткан тебетейдей топ этип
түшүп турат. Эл муну менен да шорпо-шилеңден өксүбөй оокаттанып жүрүштү. Ошентсе да дан
жааты кыйын болуп бала-бакыра, кары-картаңдар жазгы үзүмчүлүккө жакындаган сайын чыдай
албай балапандардай чыйпылдай башташты.
Бир күнү Куйручук Бозала деген айылдашын ээрчитип, жүз коёндун терисин артынып ҮчТурфандын базарына жөнөдү. Кудай жалгап коёндун териси ал жакта пул экен. Бат эле өтүп
кетти. Эки атка сылама жүгөрү ун, сагыра нан артынып жетип келишти. Дандын иши дан да. Дан
таткандан кийин аз да болсо өңү-баштарына кызыл кирип, айыл ападагы бала-чака, карыкартаңдар тыңый түштү. Айылдагылар Үч-Турфандын кабарын сурашты. Куйручук көргөнүн
көргөндөй, болгонун болгондой айтып берди:
— Жүзү курусун, арып-ачкан качкындарга базардын ичи жык. Күнүмдүк курсактын айынан
бирин-экин жылт эткен буюмдарын ит жеминдей бирдемеге баалап беришет экен, шаардын
байларына катын, кыздарын чыркыратып сатып жүргөндөр андан көп. Жалаң ичкен тамагы
үчүн баш-оту менен кирип берген эр азаматтардан пайдаланып Үч-Турфандагы байлар бекер
күчкө маарыган. Кочкордон, Жумгалдан, Кеминден, Ысык-Көлдөнбүз дегендер батпайт.
Үстүндө үйрүп салган кийимдеринен тамтык жок. Өң-алеттен кеткен ач арбактай болгон
адамдардан баш адашат. Андан көрү кудай кара шумкардын боосун бек кылса аларга
караганда биз бир аз жакшыраак көрүнөбүз. Көкүмбайдын каңырыгы түтөп, баш чайкап жер
тиктеди.
— Ай-ай-аай, эл байкуш кантер экен? Созулса да үзүлбөсө болду. Кудай түбөлүгүн түз кыла
көр?!
***
Кынык тапкан Куйручук менен Бозала арасынан үч-төрт күн өткөрүп туруп Үч-Турфанга коён
терилерин артынып бара беришчү болду. Ушундай күндөрдүн биринде базарды аралап
жүрүшсө, бир жигит топ арасынан жүгүрүп келип Куйручукту мойнунан кучактап бакырып
басып жыгылды:
— Айланайын Куке, аман-эсен жүрөсүңбу? Кудай сени чын көргөздүбү, калп көргөздүбү?!
Түшүм болбой, өңүм болсо экен! Кудайга ыраазымын сени көрсөткөн! —Эки көздөн куюлган
жаш эки жаактан ылдый агып салаа-салаа. Куйручук аны жакасынан өйдө тартып тургузуп туруп
төшкө бир койду:
— Эй... Кудай урган немесиң го. Көтөнү түшкөн аюудай бакырган. Деги өзүң кимсиң кан
базардын ортосунда шолоктогон. Бул быкпырдай кайнаган эл үркүп кетпейби. «Бир балаа
болгон экен» деп, аты-жөнүңдү айтчы. Кайдан болосуң, ким болосун?!.
— Мени тааныбай турасыңбы, Куке? Жумабай эмесминби, Мойнок — Шакирдин иниси. Эл
үрккөндө тентип жүрүп ушул жерге келгем. Сегиз жашар жалгыз эркек балам жолдо ачкадан
өлдү. Жан багыш кыйын экен аялым экөөбүз Ибрайым-Ло деген уйгурдун кызматын кылабыз.
Оту менен кирип, күлү менен чыгабыз. Берген тамагын акыбызга чегерет. —Жумабай көпкө
чейин солуктап ыйлай берди. Куйручук:
— Болду эми кудай урган басыл?! Ойношун карматып эринен таяк жеген аялдай
үңүлдөбөй!.. Бул жер ыйлай турган жер эмес, акмак десе, басыл, кайрат керек! — Жумабай
бышактап жатып көптө барып басылды. Анан Жумабайдан Куйручук байдын жайын сурады:
— Деги байын кандай бай?
— Бул Үч-Турфанда андан озгон бай жок. Жүз нар, жүз качыры бар. Кытайдан тартып
Индияга чейин кербен жөнөтүп соода жүргүзүп турат. Кой, жылкы, уй, төөсүнүн эсеби жок. Аны
тоо арасында кыргыз малайлары багат.
— Оо, чоң бай экен. Үйүндө жумшаган малайлары канча?!
— Көп... Бөтөнчө качкын кыргыздар келгени бекер күчкө туйтунду.
— Эмесе сен бүгүн байындын үйүн мага сыртынан көргөзүп кой.
— Жарайт.
Жумабай Куйручукту улам бир ийри-буйру тар көчөнү айландырып олтуруп байдын
дарбазасына алып келди. Байдын үйүн сыртынан көргөндөн кийин Куйручук Жумабай менен
коштошту. Тогуз күндөн кийин келерин айтты. Жумабай тогуз күндү бирден санап Куйручукту
күтүп жатты.
***
Базарга алып келген коён терилерин пулдагандан кийин Бозалага ат-тонду көздөтүп коюп,
Куйручук Ибрайым-Лонукуна жетти. Ибрайым-Лонун дарбазасынын босогосун аттап кирип
барганда Жумабай баш болгон он чакты качкын кыргыздар короонун ичинде таңгак-таңгак
жүктөрдү ар жагындагы оозу ачылган кампалардын бирине тоголотуп киргизип жатышкан экен.
Жумабай Куйручукту көрүп селт эте калганда Куйручук башын чайкап, көзүн кысып койду.
«Сыягы таанымаксан бол» деген белгиси окшоп калды. Жумабай тынч ала түштү. Куйручук:
— Лоңор үйүндөбү? — деди.
— Үйүндө.
— Кайсы эшигинен кирет?
— Ортодогусунан.
Куйручук көргөзгөн эшикти ачып кирип барганда каалганын түбүндө кылыч байланып турган
жигит какайып тура калды.
— Ибрайым-Ло үйүндөбү?
— Үйүндө. Кирүүгө уруксат жок.
— Мен ал кишиге тартуу алып келдим.
— Туруп туруңуз мен кабарлайын. — Жигит кирип кетти. Куйручук көп күткөн жок. Кароолчу
жигит кайра чыгып: «Кире бериңиз» деп баш ийкеди. Куйручук салам айтып кирип барганда
Ибрайым-Лого катарлаш эки жаш жигит олтурган экен, ордуларынан атып тура калышып
Куйручукка кол тапшырышты. Ло кызыл топучан, кызыл нооту чапанын жамынып бир бутун
сунуп, бир бутун бүгүп жолборс талпактын үстүндө олтуруптур. Ордунан козголуп сунган бутун
тартып да койгон жок. «Мындай келиң» деп, Куйручукка оң капталын көрсөткөн болду. Туруп
турган эки жигитти карап ээгин көтөрүп ишаарат кылды эле, ал экөө буттарынын башы менен
аяр басышып ошол замат ээрчишкен бойдон эшикке жылып-жылып чыгып кетишти. Сыягы
алыстан жаңы келген кербен башчылары көрүнөт. Ло Куйручукту карай мойнун буруп:
— А... жол болсун, качкын кыргыз, — деди.
Ибрайым-Ло алтымыштан ашып калган сакал чачына ак кирген, бирок кубакай өңүндө
бырышы жок, жүзүнө караганда анчалык карыдай эмес, чуйлүсү кочкордукундай кабат-кабат
бүктөлгөн, жаздык Кучактатып койгондой курсагы бар, аны көргөндө Куйручук: «Арам дөөлөткө
семирген иттин бирисиң го», деп ичинен ой жүгүртүп койду,
— Мына буларды сизге тартуулап келдим — деп кичинекей боз таар куржундун бүчүсүн
чечип, анын ичинен кепке ылайыктап союлган кыргоолдордун кооз кызыл короздорунун
терилерин биринен сала бирин алып Лонун астына коё баштады. Ибрайым-Ло аларды көпкө
чейин тиктеп-тиктеп туруп, эки алаканын чаап койду. Үйдүн бир капталынан эшик ачылып, узун
чачтуу орто жашаган аял чыга келди.
— Мынабу качкын кыргыздын тартуусун алып кет, — деп аялга күңк этти. Аял үн-сөзгө да
келбей тогуз кызыл короздун терисин чогултуп кучактаган бойдон кайра ошол чыккан эшигине
кирип, экинчи кайрылбай жок болду да калды.
— Тартууңа эмне аласың, качкын — деп Ло Куйручукка мойнун бурду.
— Өзүмдүн каалаганымды алам — деди Куйручук. Лонун ачуусу келип, өңү бузула түштү:
— Каалагакыңдыбы?
— Ооба каалаганымды, азыр албайм: Тогуз күндөн кийин келем, ошондо айтканымды
айткандай орундатасың?! Ибрайым-Ло: «Бул тентиген качкын кыргыз эмне дөөрүп жатат» —
деди окшойт: — Жолуңа түш, качкын — деп кол шилтеп койду. Куйручук бошогон куржунун
колтуктап, артын карабай шарт чыгып кетти.
Дарбазанын сыртында Жумабай жолдоштору менен күтүп турган экен. Куйручук аны: «Бери
кел» деп, обочолотуп барып далай сөз үйрөткөндөй болду. Жумабай боору катканча ыкшып
күлүп: «Макул Куке, макул» дегенге араң чамасы келип, Куйручуктан бөлүнүп кала берди.
***
Куйручук кеткенден кийин Ибрайым-Ло көпкө чейин ойлонуп калды: «Бу тентиген качкын
кыргыз түгүл, бүтүндөй Кашкар, Турфан, Үрүмчү, Аксы, ары жагы Текес, Кыяз, Кулжадан бери
менин жүзүмө эмес, артыман ушак айткан адам жок эле. Бул тентиген качкын кыргызды кара!..
Аттигиниң ай! Эмне соо кетирдим, жок кылып таштабай?! Ай-ай-аай, (оозун карманды). А...
мейли ажалы тартса тогуз күндөн кийин келер. Келбесе ошондон ары жоголсун».
Үч күн өткөндөн кийин дагы алыска кире жөнөттү Ибрайым-Ло. Анан эртеден бери жүк
жүктөшүп чарчаган малайларынын жанына басып келди да:
— Эй, кыргыздар, — деп койду. Малайлардын баары жалдырап карап калышты. — Ана
күнкү келген ырайы суук карачаар качкынды тааныйсыңарбы?
— Тааныйбыз — деди Жумабай жолдошторунан мурун озунуп, — ал Куйручук деген олуя
адам.
— Анын кандай олуялыгы бар?
— Айтканын аткарбаган адамды дубалап эшек кылып таштайт. Ибрайым-Лонун бүткөн бою
кара курт чаккандай «дүр» дей түштү.
— Ушундакамы?!
— Ушундака — деди Жумабай. Биздин элде бир байга кекиликтин тогуз жумурткасын
тартуулап барса, бай айтканын бербей койгон экен биздин көзүбүзчө дубалап эшек кылып
таштаган, болгондо да ургаачы эшек. — Ибрайым-Ло өң-алеттен кетти:
— Ушундакамы?!
— Ооба, ушундака. Ошол байкуш ургаачы эшекти эркек эшектердин баары аша берип,
өлтүрө турган болгондо, байдын балдары Куйручукка жалынып-жалбарып, ыйлап-сыктап
барып жүрүп анын айтканын аткаргандан кийин анан дубасын кайра жандырып байды адам
кебетесине келтирген. — Ибрайым-Ло колтугунда жылаан сойлоп жүргөндөй типтик секирди.
Көз ачып жумганча купкуу болуп өң-алеттен кетти. Шыргалаң суудан жылаңач чыккандай
калтырап титиреди.
— Ушул распы? — деп берки малайлардан сурады. — Рас — дешти баары бир ооздон.
— Калп айтсам кара башымды жутайын, өз көзүм менен көргөм. Ошондон кийин бай
баштагы калыбына келе албай келесоо чалыш болуп калды, — деп жиберди Жумабай даана
каксыз ишендириш үчүн. Ибрайым-Ло тумшукка чапкандай бурулуп үйүн көздөй жөнөдү.
Бул сөздү уккан күндөн тартып Лонун тынчы кетти. Үрүмчүдөгү мечиттерди бүт кыдырып
имамдардын баарынан сурап чыкты. Көпчүлүк имамдар ушундай көз боочулук илим болоорун,
көбүнчө арабиядан окугандар колдонорун айтышты.
Тогуз күндөн кийин Куйручук келди. Ал эң мурун Жумабайга жолугуп Лонун абалын сурап
алган. Куйручуктун тышта турганын угуп Ибрайым-Ло дарбазасынын эшигин чала-була аттап
чуркап чыкты. Эки колун бооруна алып, белин бүгүп, Куйручукту көрөрү менен башын ийип
таазим этти. Анан Куйручукту колтуктап ички конок үйүнө алып кирип кетти. Бир аздан кийин
тышта калган Бозаланы чакыртып алышты.
Бул түнү Куйручук менен Бозала дүр-дүйүм аштын башы кошулган түркүн тамактардан
татышып конок болушту. Чөп алачыктын ичинде сыз жерде жатышкан байкуштар катуу уктап
калышкан экен улуу шашкеде бачайы жууркан, ак шейшеп, куш жаздыктан баш көтөрүштү.
Эртең мененки чай дасторкон жыйылгандан кийин Ибрайым-Ло эки колун бооруна алып:
— Каалаганыңызды айтыңыз, олуя аке, — деп Куйручукка таазим кылды. Куйручук
токтолбостон туруп:
— Тогузду алдыңбы, тогузду бересиң, — деди.
— Куп, олуя аке! Тогузуңуздун жайын айтыңыз?
— Бир төө, бир ат, бир качыр, бир кап буудай ун, бир кап таруу шак, бир кап жүгөрү шак,
бир кап күрүч, жүз мата, жүз кес ак камсуп, баарын кошсоң төө баштаган бир тогуз деген ошо
болот. Ибрайым-Ло эки колун бооруна алып куп таксыр олуя, айтканыңыз айткандай аткарылат,
— деди.
Куйручук: «Булардын үстүнө катыныңды кошуп бересиң» десе да, Ибрайым-Ло даяр эле.
Ибрайым-Лодон олжосун алгандан кийин Куйручук менен Бозала шаардан узап жолго
чыгышты. Мындай «сыйкырды» Куйручук Үрүмчү менен Үч-Турфандын байларына бир эмес,
бир канча жолу жасады. Тапкан табылгасын арып-ачып тентип жүргөндөргө бөлүп берип
жүрдү.
1918-жылы Какшаал өрөөнүнө жаз демейдегиден эрте келди. Жан-жаныбардын тула боюна
жаздын жылуу соккон жели жумшак урунуп, эртели кеч эркелеткендей сылап турчу болду. Жаз
жышааны жакшылык алып келчүдөй. Күн жаркырап чыгып, кызарып батат. Келип жүргөн
келгин куштар да быйылкы жазда жылдагыдан он-он беш күнчө эрте келишти. Жүзүндө кирити
жок мелтиреген тунук көк асмандын бетине жабышкандай учуп бараткан каркыралардын
карааны калың. Келчү жагынан келатып, барчу жагына бараткандай көрүнөт. Тээ тетигинчелик
бийиктен желеленип созулган бойдон ошончолук көкөкулусунда сызып баратышса да чурулдап
чуркураган үндөрү кап-кайдан келип жердегилерге ашпай-шашпай угулат.
«Биз дагы силердин жерге баратабыз. Эл-журтуңарга жакшылык келген, бакты, таалай,
ырыс төгүлгөн. Силер кимди күтүп жатасыңа'р жүргүлө, жүргүлө биздин артыбыздан» дегендей
канаттарын кадимки кол булгагандай булгашып, анда-санда ирмешет, жарыктык каркыралар.
***
Алыстан айылды карай кыйкырып чаап келаткан атчан эки адамдын карааны көрүндү.
Жакындап келсе Куйручук менен Бозала экен. Алар мындан бир жумача мурун Үрүмчүгө
кетишкен. «Алда кандай болуп кетти» деп кулак түрүп чогулуп турган байкуш эл жаман
кепелеринен чубап чыгышып, үрккөн кийиктерден бетер топтошо түшкөндө биринчи болуп
Куйручуктун чаңырган үнү чыкты. Аты кара терге түшкөн. Өзү да боргулданып бүткөн, Артында
удаалаш Бозала:
— Сүйүнчү эле, сүйүнчү! Кудай берип таштаптыр! — Оң колунда мыкчый кармаган
тебетейин булгалактайт. Деле болбойт. Үстөккө-босток кыйкырып күчөп. — Берчү кудай
бериптир. Ак падыша тактан кулап түшүптүр! Журт башына боорукер, акыйкат падыша»
туруптур.
Куйручук аттан кулап түштү. Сүйүнгөндөрүнө чыдабай кары байбичелер Бозала экөөнүн
башынан суу айландырып чачышып, ырымдап жиберишти. Улам бир үңкүрдөн чуркап
чыгышып, кудайлап ыйлап-сыктап жүрүшкөн катын-бала, кары-жаш: «О кудай, эл-журтту
көргөзө көр. Айланайын, Жумгал ата! Жүзүңдү көрүп, шибериңе оонап, тунук сууңан жутар
бекенбиз».
— Өлгөнүңөн калганың тирүү жетсең жутасын, — деп элдин демин Куйручук өзү басты.
Анан Көкүмбай Куйручук менен Бозаланы: — Эми деги мындай олтургулачы, оозуңар жакшы
экен. Уккан-көргөнүңүрөдү толук айткылачы — дегенде, жер кепе, чөп алачык, үңкүрдөгүлөр
үймөлөктөшүп аларды басып калышты. Куйручук чекесинен мончоктой тоголонуп кулаган
терлерин оң сөөмөйү менен улам-улам шыпырып таштап, бака-шака түшүп бажыраңдап сөз
баштады.
— Ак падышаны кудай урганда да тас төбөсүнөн уруптур. Кемирейген шүмшүк
кемирейиптир. Балшабек деген баатыр чыгыптыр. Анын Ленин деген акылман иниси бар экен.
Ошол бадышанын тактысына бепбекем олтуруптур. Ленин акылман жарды-жалчы, кедейкембагалдарга боорукер экен. Зоот-бабиригин жумушчуларга берди дейт. Байлар ээлеген
жерди дыйкандарга өткөрдү дейт. Бадышанын бардык жердеги бийлиги кулап, бийликтин
баары Лениндин колуна өттү дейт. Баса, Ленин акылман Кеңеш өкмат деген өкматты ойлоп
чыгарыптыр. Бардык ишти кеңешип бүтүрүшөт окшойт.
— Аскерлер да ошого баш иет бекен? — деп чурулдап жиберишти жедеп солдаттардан
жүрөгү түшүп калган байкуштар.
— Кантет! Эмне деп дөөрүп жатасыңар? Бадышанын тагына олтурган кишиге аскерлер баш
ийбей коёбу? Жумурай журт бүт баш ийип жатса.
— А... Кудай айланайын ошол акылман Лениндин өмүрүн узун кыла көр?!
— Куда кааласа өмүрү узун болот. — Куйручук сөзүн андан ары улантты — «Үркүндө качып
кеткен кыргыз, казактарды кайра эл-журтуна жыйып келгиле» — деп Кытайдын шаар-шаарына,
айыл айылына өкүл жибериптир Ленин акылман. Алардын бир-экөөнө Үрүмчүдөн жолугуп
калдык. Качкындар чурулдашып алардын этегине эрмешип-ээрчип жүрүшөт. Кытайдын
өкмөтүнө да Ленин кат кылып берген экен. Кытай өкмөтү да акылман Ленинди сыйлайт
окшойт. Же баштатан доспу экөө? Алар да кыргыз, казактын эл журтуна кайтышына
жардамдашып жатыптыр. Кыскасы угаары менен сүйүнгөндөрүнө чыдабай ыйлап-сыкташып,
чурулдап-чуркурап жүргөн байкуш качкындарды көрүп келдик.
— А... Кудай айланайын, жалгай көр, жалгай көр! — Чогулган катын-калач, кемпир-чалдар
жүрөгү жарылгаңча кубанышып бышактап ыйлап жатышты.
— Жалгаганы ушул да, мындан ары кудай байкуш эмне кылмак эле — Куйручук сөзүн дагы
улады. — Баягында быякка качканга үлгүрө албай, тоо токой, караган черди аралап туңгуюкка
кирип кеткен шордуулардын баары бири-бирин кекиликче чакырып жүрүшүп чогулушуп, тамташына келип орун-очок алып калышыптыр.
— А кудай айланайын, ошондой болсун. Оозуңа май, Куке!
— Келе майыңар болсо чоң сугунткула, дал ошондой болуптур. — Караташтын майыбы, эл
дуу күлүп калышты.
***
1918-жылдын жаркырап жайы келди. Улуу тоолордун капталдарындагы карлары эрип,
кылымдардан бери козголбогон кат-кат мөңгү муздар гана күндүн нуруна күзгүдөй чагылышып
алыстан-алыстан жылтылдап көрүнөт. Ашуу белдер ачылып ар жагына да, бер жагына да
жүргүнчүлөр каттап калган. Эл-журт тараптан жакшылыктын доңшоорун уккан качкындар күнтүн тынбайт. Анча-мынчасында гана унаа болбосо, көпчүлүгү жөө жалаң. Биринин артынан
бири калбай убашып-чубашып сапырылган элден жол тийбейт. Ошончолук азап-тозок тартып
өлгөн-житкенине, арып-азганына карабай кыйналышып баратышса да жүрөктөрүндө кубаныч
бар, жүздөрү жарык, дене боюн дүүлүктүрүп күчүнө-күч, демине-дем кошуп тулкусун ысыткан,
улам мурункусунан кийинкиси кубанычтуу жакшылык кабарлар. Эл-журттун кайраты кабелтең,
бийиктиги аска зоодой, тереңдиги деңиздин ириминдей ийрилет. Туулуп өскөн өзөн суу, ата
конушка жетип жыгылсак дегенде эки көзү төрт, чечекейи чеч болуп баратышат.
Мындан эки жыл мурун ата бабабыз көрүп билбегенкандай эл, кандай журтка туш болор
экенбиз дешип томого туюк болуп, артынан найзасын мелтирете сунган жоосу бар болсо да
кыштын күнү бороон-чапкынга аралашып, ак кар, көк музга карабай бел ашпады беле бул эл.
Мына эми жайдын толугунда, күндүн ачык жарык болуп жаркырап тийген жылуусунда,
артынан мынтыгын түтөткөн душманы жок, алдынан күлүп жайнап кучак жайып тосуп алар
боордоштору бар жерине кетип баратышат бул эл.
«Күлкү менен ыйга ар Жок» деген сөз чын окшойт. Эл болгондон кийин болбой койбойт
тура. Бирөө баягы (мурунку) тополоңдо аягы менен дайынсыз жоголуп кеткендерин эстеп
ыйласа, дагы бирөө ач, жыңалач, ач бел, куу жолдо өлүп, ит менен кушка жем болуп көмүлбөй
калгандарын жоктоп ыйлашат. «Сүйүнчү» деген кабар кулакка кандай гана сонун угулат.
Атыңдан айланайын эле сөз да! Угулары менен жүрөккө жетип, бойду эритет эмеспи?! Элдин
ыйлаганынан сүйүнгөнү көп. Муңканганынан күлгөнү көп. Кайгылуусу да сүйүнгөнүнөн ыйлап
баратат, сүйүнгөнү да сүйүнгөнүнөн ыйлап баратат.
Көкүмбай менен Куйручуктун айылы да тиги самсыган элди көрүп дүрбөп калды. Унаа деген
жок. Жалгыз Көкүмбайда бир ат бар. Ал да болсо баягы Ибрайым-Лодон Куйручуктун алдап
келген торусу. Аны Көкүмбай, көк качырды Куйручук минди. Чөп алачык, жер үңкүрдөгү отузга
жакын түтүндүн оокаты бел ашып качканда кырк-элүү унаага араң батып келди эле, эми
ошолордун баарын чогултканда бир төөгө жеңил жүк болду. Төөнү да Ибрайым-Лодон
Куйручук «согуп» келбеди беле. Бул элдин үркүп качканда минип келген бирден кыл
куйруктары бар болучу. Алар ошол жазда эле жер үшөп арыгынын үстүнө кум сирке, көк бит
басып, кырылып калган. Айыл боору менен жылып, дагы кудай жалгасын, эки жакка каттаганда
жергиликтүү кыргыздар (чериктер) күч унаасын берип турушчу. Эл дүрбөп көчө баштаганда
алар берген аттарын чогултуп кетишкен.
Көч козголордун алдында баягы байкуш Жумабай катыны экөө кол кармашып, тердепкургап жетип келишсе болобу. Көрсө: «Жакшылык кабар жылт этээри менен качып жүрө
бергиле» деп, Кукем эскертип жүрчү тура, аларга.
Жолго чыгып калган Көкүмбайлардын көчүн алдынан тороп, шоодой-шоодой ондон ашык
салт атчан кишилер тосуп чыкты. Көчтөгүлөр: Алдан эмне болуп кетти? деп селдейип-селдейип
туруп калышты. Алардын бирөө Көкүмбайга демитип камчысын үйрүп:
-— Шумкарды берип кетиңиз! — деди.
— Эмне учүн? — Көкумбайдын сакал-муруту сербейе түштү.
— Ошон үчүн.
— Ошон үчүнүң кандай?
— Ошон үчүнүм момундай! — деп ат менен омуроолотуп келип Көкүмбайды төбө
талаштыра камчы менен басып-басып алды. — Бизди Ибрайым-Ло жиберди, ал киши
шумкардын кабарын уккан да. Көкүмбай кумсара түштү.
— Бере албайм.
— Анда көчө албайсың! — Көчтөгүлөр чуркурап жиберишти. — Бойго жеткен кызыбыз бар
ошону алгыла да, шумкарды таштагыла?
— Качкан кыргыздардын кыздары иттин кара капталынан. Ибрайым-Лого кыз таңсык эмес.
Күнүгө бир кызды түнкүсүн катын кылып, күндүзү айдап жиберип жатат. Ага кыздан да шумкар
кызык.
Эл ары кетти, бери кетти, акыры өкүм зордуктун жүзү курусун, Көкүмбай томогосун
шыпырып алып кыска боосу менен шумкарды кармата берди да, өзү үшкүрүнүп атынын жалын
тиктеп, ээрдин үстүндө өбөктөп туруп калды.
— Томогосун кошо бер? — деди бирөө. Ар жактан Куйручук атырылды:
— Кыргызсыңарбы? Ата бабадан келаткан шарт бар да, баш кийимди берчү беле! Ырым
болот, берилбейт. Кокус томогосун талашсаңар шумкардын башын жулуп алабыз, силерге да
жок, бизге да жок.
Зордукчулар бастырып кетишти. Шумкар Көкүмбайды карай жулунуп талпынып баратат.
Көкүмбай шумкардын карааны үзүлгөнчө эки көзүн ирмебей тиктеп-тиктеп туруп, качан гана
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 05
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.