Latin

Кара шумкар - 21

Total number of words is 4081
Total number of unique words is 2171
30.8 of words are in the 2000 most common words
42.4 of words are in the 5000 most common words
47.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Шергазы Мырза торуну мындан мурун да нечен жолу көрүп жүргөн. Атты жолдун четине
чыгарды да, жабуусун кайрып соорусун ачты.
— Атың жатып калган экен, бул ат сени кетирбейт го Шамбет, — деди Шергазы.
Шамбет ага карабай жолуна түштү. Шергазылар бир кыр ашкандан кийин, жолдон бурулуп
сазга ат чалдырышты. Шамбет Мырза торунун ээр токумун бүт шыпырып жайдактады. Отуруп
тура калып, кайра-кайра тиктеп тегерене басып, аттын ар жак-бер жагына чыга берди.
«Бул ат сени кетирбейт го Шамбет, жатып калыптыр». Бул сөз жүрөгүнүн башында туруп
алды, ичинен сүйлөндү: «Ой тобоо... Капырай!.. Шергазынын менден артыкчылыгын кара?!
Ырас эле ат жатып калган тура. Жүнүн салып, сары жыландай жылтылдап, саздын ар кайсы
дөмбүл баштарынан улам бир тиштеп үзүп, шыпылдап жерге токтобойт. Жаныбар! Тынчы кетип
табына келген экен. Кой, Белек! (Белек Мырза торуну такай чаап жүргөн бала) кайра тарталы».
Шамбет кайра келип элге кошулду.
***
Аттар эртеси күнү чабыла турган болду. Мырза тору менен Шамбетти топ арасынан
Шергазы алыстан көрдү да, жолдошторуна карап кобурады: «Карагыла, тиги тыт сакал кайра
келиптир, атында эки айып бар, билсе чыгарат, билбесе калтырат». Кандай айып экенин
жолдошторунун бирөө да сураган жок. Шергазы да айткан жок.
Саяпкерлер күлүктөрүн кечки суутууга даярдап жатканда Шамбет мырза торудан түшкө
чейин бир тер алды. Дал түштө көл жээгиндеги жашаңга тойгузуп, жумшак кумга оонатты.
Шергазы муну да байкап турду. Кечинде эл катары кайра суутуп жөнөдү.
— Тапты — деди Шамбеттин аракетин байкап турган Шергазы жолдошторуна. — Мырза
торуда эки тер бар болчу. Кайран тыт сакал. Кыйын экен. Атын оңуна салып кетти.
***
Чоң-Дөбө. Көл аягы. Болгондо да берки өйүз. Төлөктүн белине жакын. Бул Соң-Көлдүн
белгилүү жери. Жаратылышта түркүн кызыктар көп эмеспи. Көлдүн кылаасына жакын түптүз
жерден томпоюп өйдө көтөрүлүп тоо болгусу келип, анан тоо боло албай калган соң ачыган
камырдай көөп борсоюп барып туруп калган дөбө. Ага тушташ көлдүн ошол жаккы четинде
агып келип токтогон үзүк сыяктуу Баатай арал жатат. Баатай аралдын бир бурчу кургак жер
менен кол кармашып турат. Баатай арал каз, өрдөктүн мекени. Баатай аралга жазда барсаң
өрдөк, каздын кыйгач төлдөп жатканын көрөсүң. Уя баскан каз-өрдөктөр таман алдыңан «бар»
деп учат. Каздыкы же өрдөктүкү экени белгисиз, чыйылдаган балапандар коюу чыккан калың
чөптүн арасында кумурскадай жайнайт. Анан тирденип, канат-куйругу жетилип энесин ээрчийт.
Сууда сүзгөндү үйрөнүшөт. Кокус коркунучтуу бир нерседен чочуганда же өзүлөрүнчө эле
учкусу келип «дүр» дей түшсө көптүгүн ошондо көрөсүң, күндүн бетин бербей калкалап, жерге
кадимкидей көлөкө түшө калат. Ошентип кайта-кайта учушуп, кайта-кайта көлгө чалпылдап
түшө беришет. Тажашпайт, чарчашпайт. Ошолорду карап туруп өзүнчө бир ырахатка батасың.
Алардын учканын, алардын көл үстүндөгү тамашасын көз ирмебей көрүп тургуң келет. Айрыкча
бирин-бири кубалашып ойногонучу, ананайындардын, анысы да өз алдынча бир кызык.
Соң-Көлдөгү ат чабышты көргөнү келген эл ошол Чоң-Дөбөнүн айланасына күн чыккандан
тартып чогулушту. Элдин этеги Баатай аралга чейин жайылып, чети Кушмурунга жете серпилди.
Ботокандын байбичеси аш берердин алдында түш көргөн экен. Байбиче балдары менен
туугандарын үйүнө чакырып алып, түшүн жорутту.
«Баатай аралга биздин элдин жылкыларын толтура камагыла. Мейли миң, мейли эки миң
болсун. Баш байге — аралдагы жылкы бүт дегиле, менин түшүмө аян берди. Чочулабагыла,
өзүбүздүн ат чыгат, байге өзүбүздө калат».
Мына бүгүн дал ошондой болду. Байбиченин айтканындай калың жылкы аралга жык толду.
Жылкылар бири-бири менен сөйкөнүшүп, биринин куйрук жалын бири жалмалап жатышты.
Иримдин имерилген айланпа суусундай көп жылкынын орто жери чуңкураят. Тимеле
чуркураган кара таан. Көл менен аралдын эзелтен берки ээси болгон каз-өрдөктөр камалган
жылкыга аралын бошотуп берип кайда кеткени дайыны жок. Анда-санда гана чалгынчылардан
бетер бирин-серини зыпылдап учуп келишет да, кайра кетишет. Сыягы алар аралдын бош эмес
экенин байкап кетип жатышса керек.
Чабылуучу аттар чубатуудан өтүп узак кеткенден кийин адаттагыдай Шергазыны эл
тегеректешти.
— Шергазы эмне дээр экен?! — мойнун созуп, кулагын тосуп, тикирейе тиктеген көпчүлүк.
Ошол элдин арасында Ботокандын байбичеси жиберген тыңдоочу Шергазыга жабыша
калчудай колтугуна кыналып, өтө жакын турат.
«Бүгүн эки тору ат узак салгылашат. Өлбөгөн жерде калышат. Жандарын үрөйт. Эрегишип
чуркашат. Экөө тең кыл табында. Кимиси чыгаарын билбейм. Үчүнчү ат Муратаалынын боз
чаары болор. Төртүнчү болуп Ботокандын өз аты келет». Шергазы дал ушундай даана айтып
таштады. Шергазынын бул сөзүн уккан Ботокандын байбичесинин тыңдоочусу түн жутуп кеткен
жалгыз караандай болуп элдин коюусуна сиңип жок болду.
Бул ашка Жумгалдан Жаназардын тору аты да келген. Тору ат — атактуу күлүктөрдөн. Бул ат
да Шергазыга кунанынан бери белгилүү. Аягы Талас, башы Чүй, Ат-Башы, Нарын болгон
жеринде нечен чабылган ат. Бирде биринчи, бирде экинчи болуп байгеден кур калбай жүргөн
күлүк. Жаназардын колунда жок, нары жарды, нары букара болгондуктан, мындай атактуу
аттын ээси болууга акысы жок да. Ошондуктан Жаназар бар болгону үч жыл гана тору атка ээ
болду. Андан кийин атын зөөкүрлөр тартып кеткен. Бул ашта тору атка саяктын манабы
Мырзабек ээ болду. Мырзабекке Жаназардан Кочкордун болушу Канат алып берген экен.
Аттарды Чоң-Дөбөдөн көлдүн күн батышын көздөй имерилте айдап олтуруп, Кара-Кеченин
сайынан өткөрүп, анан аркы өйүзүнө салып кайра ылдый жээктетип, көлдүн түндүк тарабын
бойлото сүрүп, аркы Нарын жаккы учу үч тулгадан кое бермек болушту. Ошондо Чоң-Дөбө
менен Үч тулга өйүз-бүйүз, тушма-туш боло түшөт. Кыскасы, күлүктөр көлдүн аяк-башын толук
бир айланып келет.
Шамбет өзүнүн жакын агасы Ыбыкенин Бука тору деген аты менен түпкү сүрөөгө барып,
Кара кеченин сайынын берки кырында турду. Бириндеген күлүк аттардын карааны араңдан
зорго түш оой бешимге жакын бүл-бүл көрүндү. Бийиктен кулаган жалгыз таштай анда-санда
жерге бир тийип алыстан-алыстан келаткан бир караандын элеси көрүнөт. Бир аздан кийин
ошол элес учуп-күйүп Шамбеттин ээк алдына кирип келди. Боз чамбыл болуп топурак-чаңга
жуурулган аттын жанына келгенде араң тааныды Шамбет. «Мырза тору, өзүнүн Мырза торусу».
Артында ат жок. Дегеле бир да күлүктүн дайыны билинбейт. Мырза тору бул жолу аттардан
бөтөнчө бөлөк бөлүнүптүр. Шамбеттин сүйүнгөнүн сураба? Эмне кылаарын билалбай айласы
кетип, апкаарый түштү. Жүрөгү бууруккан кулундай туйлайт. «Дүпө-дүп, дүпө-дүп». Чекесинен
аккан муздак тер жаагы ылдый куюлуп, калың чыккан кылкандуу арпага жайылган суудай коюу
сакалдын арасына жылжып кирип билинбей жок болуп жатты.
Шамбет аттын алдынан чыгып токтотту. Бука торудан шапа-шуп учуп түштү. Мырза торунун
чамбылала көбүктөнгөн көздөрүнүн тегерегин чөнтөгүнөн жүз аарчысын сууруп чыгып, өз
бетинен аккан терди аарчыбастан мурун, шыпылдатып сүрүп жиберди. Шамбеттин жүрөгүнүн
дүбүртү Мырза торунун дүбүртүнөн кем эмес. «Түрс-турс, түрс-түрс, дик-дик, дик-дик». Анан
шаша сүйлөдү:
— Белек айланайын оозун жый! Артында ат жок турбайбы? Шашпа!.. Жай жүрүп олтур.
Тизгиниңди ээрдин кашына бекем оро! Бошотпо! Белек Шамбетти көргөндө эрээркей түштүбү,
калтаарып кетти:
— Коркуп баратам! Тизгинге алым жетпей койду! Колум карышып калды! Мырза торунун
бүгүнкүдөй чуркаганын биринчи көрүшүм! Ээрдин үстүнө токтой албай койдум. — Мындан
башка Белектен үн чыккан жок. Шамбет шашкалактап тизгин буруп, атты жолго салды. Көрсө
Мырза тору үч-төрт күндөн бери улам чабылып, улам сууту жеп жатып, кыл табына келип
калган тура. Муну кечээ дасыккан саяпкер Шергазы биле коюп: «Бул ат сени кетирбейт го,
Шамбет» дегени ушул тура.
Мырза тору узагандан узай берди. Бука торуну борбуйлата басып-басып алып, алды
кийинин карабай артынан Шамбет удаа жөнөдү. Ал ичинен кобурап, ат үстүнөн өзүнчө
күнгүрөнүп баратат: «Баатай арал, калың жылкы!» Баатай арал, калың жылкы!» Мындан башка
эч нерсе анын оюна түшкөн жок.
Жок. Аңгыча болбой Жаназардын торусу Шамбеттин он жагынан куушурулган ылаачындай
«шуу» этип өтүп кетти. Тигил аттын илебин көргөн Шамбеттин жүрөгү оозуна каптала түштү.
Алдындагы Бука тору да ала-сала күлүктөрдү шаштырган курч да, жүгүрүмдүү да жылкы эле.
Чоң-сүрөөлөрдө атты эки-үч жолу тартчу. Ал эми азыр Бука торуга эмне болду?.. Капкайдан
келаткан аттан тынч сөөк туруп, бутун буугандай тыбырап бир орунда калды. Деги жанашса
боло Жаназардын торусуна?!..
Шамбет ат үстүндө кетип баратып өз санын өзү эки-уч жолу чаап-чаап алды, анан бакырыпбакырып жиберди: «Кокуй-кокуй! Оозун жый деп эмнеге айттым экен Белекти! Бул ат жан
койбойт го, учуп баратат!» Шамбет Жаназардын тору атынын артынан эки көзүн албай ээрчий
карап, Бука торуну койгулакка алып баратат. Анын бакырганын Бука торудан башка эч жан
уккан жок. Шамбеттей нечендердин кызыгына батып келген, мындайлардын далайын
башынан өткөргөн, жээлигип желпинбеген, жамандыкты да, жакшылыкты да, ачтыкты да,
токтукту да, бардыкты да, жоктукту да, калыстыкты да, зордукту да, зулумдукту да, адилеттикти
да, сүйүнүчтү да, өкүнүчтү да — бирин ылгабай тең санап баарын батырган, баарын түпкүрүнө
терең чөгөрүп сактаган Соң-Көл гана мелтиреп жылмая карап, тымызын күлүмсүрөгөндөй
болду,
Эки белес ашкандан кийин таман астындагы жолдун өйүз-бүйүзүндө экөө эки жерде эки
бөлөк тамтаңдап ордунан тура албай жаткан Мырза тору менен Белекти көрдү Шамбет. Ат
менен баланын оозу, мурдунан кан кеткен. Ала сала көргөндө Шамбеттин бүткөн бою жүрөгүнө
бычак такала калгандай «дүр» дей түштү. «Баатай арал, калың жылкы» оозунан бадырактай
чачылып кетти. Өз көзүнө өзү ишене албады. А дегенде Белекти, анан Мырза торуну тургузуп эс
алдырды. Анан көптө барып талма оорусу бар адамдай эсин жыйды. Ат да, бала да ары бери
темтеңдеп аягы менен тик тура алышпай баштарын шылкыйтып калчылдап, улам жыгылып
кете жаздап жерди көздөй ыкыс берип жатышты. О кайда, далайдан кийин эс алышты.
Жаназардын тору атын утурлап тоскон Мырзабек болуш топтошкон жигиттери менен аттын
өлүгүнүн үстүнөн чыкты. Тору аттын ооз омурткасы омкорулуп, жүлүнү үзүлүп кетиптир. Ат
чапкан бала да жерге катуу тийген экен: «Койдурду» деген сөздү тиштенип жатып, күч менен
араң бөлүп-бөлүп айтты. Аңгыча болбой Муратаалынын боз чаарынын жыгылганы угулду. Аны
да бирөө койдуруптур.
Мырзабек болуш атынын өлүгүн тиктеп-тиктеп туруп, анан эчкирип-эчкирип өкүрүп
жиберди. Ага кошулуп кошоматчы жигиттери да ызы-чуу түшүп өкүрүштү. Мырзабек: Баатай
аралдагы калың жылкылар колума тийбей калды деп өкүрдүбү, же күлүк атынын күйүтүнө
чыдабай өкүрдүбү, айтор, өкүрөөрүн өкүрдү. Ошол топ ичинен суурулуп чыгып бир акын:
Андай тору ат элдедир,
Баасы бир жүз теңгедир
Өлгөн атка өкүргөн,
Манап болбой жерге кир
Аман болсо Канатың,
Дале берет тору атын деп ырдап кое берсе болобу?! Аттын өлүгүнөн да Мырзабек болуштун
жүрөгүнө тиги акындын ыры жаанын жебесиндей сайылды. Мырзабек шылдыңдап
ырдагандыгы үчүн акынга кордук көрсөткүсү келди. Бирок эл акынды колдоп кетти. Ал акын
Молдо Кылыч болчу.
Күүгүм талаш ошол жазда бычылган Ботокандын өзүнүн кандуу бут көк быштысы марага
биринчи болуп келди. Аны жолдон «койдуруп жыккан жан» болбоптур. «Баатай аралдагы»
калың жылкы өрүшүн бет алып «чур» дей түштү. Аралдын бети бошоору менен өрдөк-каздар
учун келип өз мекенин өзүлөрү ээлеп калышты.
«Касиеттүү байбиченин түшүнүн төп келгенин кара?!!»
[1]
Бата — чоң чабыш болгончо аттарды сынап, чакан байге сайып чабыла бере турган
оюнду «Бата» дейт.
[2]
Кемеге жарыш — майда байге.
АЛБАЧЫНЫН КАРА БОЗУ
— Албаа-албаа-албаа!..
Алыстан-алыстан үзүлүп-үзүлүп, анда-санда созолонгон үн угулат. Бул добуш жакындаган
сайын эшиктен да, үйдөн да балдар жүгүрүп чыгышып, үрккөн козулардай удургуйт. Анан
чогулуп топтошо түшөт да алар да кыйкырышат.
— Албачы келатат, албачы келатат?!.
Албачынын арабага кошкону — боруктун күң жилигиндей болгон туйтуйган тоголок кара
ооз асый. Өркөчүндө тебетейдей томпоюп өлүү жоору көрүнүп турат. Кыр аркасынан соорусуна
чейин желе тартып созулган кырчаңгысы да бар. Албачынын амалын көр. Деги эле кой!
Болбойт!.. Кырчаңгысын жымсалдап кызыл-жашыл түр салган чачылуу кооз жабуу менен үстүбашын билгизбей чүмбөттөп алыптыр. Мойнундагы шалкыраак тагылган сары коло коңгуроо
араба козголгон сайын алда кайдан шаңгырап балдардын делебесин козгойт. Анысы аз
келгенсип кара боздун башын ак сайма кулакчын менен тысырайтып кулакчындап койгон.
Ысык-Атанын оозундагы Жал арыкты бойлоп чачырап конгон калың айыл. Ошол айылдын
биринен сала бирин аралап, анда-санда атына шапалагын үйрүп, арабасын кылдыратып албачы
дунган келатат.
Арабанын алды-артында топураган майда балдар. Балдардын арасында жыңайлагы да бар,
жылаңбашы да бар, жылаңачы да бар. Алар албачыдан эки көзүн алышпайт. Жолдун
таманындагы буркураган бош топуракты кече чуркашып, чаңын асманга чыгарышат. Анан
жабалакташып биринен сала бири албачыга суроо беришет.
— Байке? Албаңызды эмнеге сатасыз?
— Териге, чапкилге[1], жүнгө.
Балдар кайра кыйкырышып, тызылдаган бойдон үйлөрүн көздөй жөнөшөт.
— Тери, жүн, чапкил! Тери, жүн, чапкил!
Үйдөн энелери жүн, терилерин колтугуна кысып, албачыны бет алып балдарын ээрчий
басышат. Албачы алган буюмдарын иреттеп арабасынын артына жыят да, анын ордуна
тигилерге тиешелүү албасын кадактап берет. Балдар колдорундагы албаларын бири-бирине
көрсөтүшөт. Култуңдашат. Эт-бетине батпай кудуңдап кубанышат. Албачы андан ары да
кыйкырып жөнөйт.
— Албаа-албаа-албаа!
Ошентип кыйкырып келатып, албачы Шергазынын айлына да жете келди.
Албачы бул өрөөндөгү айылды да нечен аралаган. Кара боз экөөнө быяктын эли да тааныш,
жолу да тааныш. Алардын шашылышы жок. Бирде токтоп, бирде жыла берет. Кара боздун бир
жаман жери, саал шал камчыраак. Көбүн эсе шапалакка сүйөнөт. Кол көтөргөндө гана бөрт-
бөрт желген болот. Болбосо көнүмүш калыбын жазбайт. Албачы буга да макул. Ал атынын
кашаңдыгына таарынбайт. Кара боздун ою менен болот. Болбоско айласы канча? Кара боздун
шыпкалган күчү ошол. Андан ары сыкса да эч нерсе жок. Мындан башка аты болсо албачы
топусун көккө ыргытпайбы?
Ошол кунү Шергазынын үйүндө топтошкон эл көп эле. Күзгү ат чабыштын камы. Күлүк
сынатуу, тап үйрөнүү, саяпкерден кенеш алуу.
— Албаа, алба, албаа!
Мына, албачы да келип калды. Дагы бул айылдан жүгүрүп чыгып жабалактаган балдар.
Дагы терисин сүйрөп, жүнүн колтуктап, кичинекейлерин колунан жетелеген энелер. Шергазы
баш болуп бир жоон тобу албачынын арабасын тегеректешти. Шергазынын көзү арабадагы
түйтук Кара бозду теше тиктейт. Анын ар жак, бер жагын карап имерилип басат. Ичке түшчү
ордочудай имере тооруп, Кара боздон эки көзүн албайт. Бул айылдан соодасы бүтүп, албачы
арабасын дагы жылдырды. Шергазынын тынчы кетти. Ал чыдай албады. Албачыны узатпай
кыйкырды:
— Ой, албачы, токто.
Албачы кара боздун тизгинин жыйды. Артына кылчайды.
— Неме болду?!
— Эчтеке болгон жок.
Шергазы албачынын көзүнө карап, ойлуу жылмайды да суроолуу тиктеди:
— Атыңы сатасыңбы?
— Жалгыз атты сатып, арабага не кошоду?
— Мен ордуна чоң жакшы ат берем. Арабакеч, балбан айгыр. Канча жүк салсаң ошончо сал.
Баарын тартат. Сеники эмне, кичинекей, түйтүк. Арабадан бат чыгат.
Албачы бир аз ойлоно калды, анан Шергазыны карады:
— Сеники кандай ат?.. Көрсө керек?!.
— Мен азыр келем. — Шергазы үйүн көздөй шаша басып, мамыда байлануу турган чоң жал
тору айгырды жетелеп келди. Тору айгыр тору айгыр экен. Деги кудайды карабаган зор жылкы.
Албачынын Кара бозун бөктөрүп койсо көтөрө чуркачудай. Буура көкүл, атан сан. Буту
пилдикиндей жоон. Белине артылып басмайыл жетчүдөй эмес. Туяктары табактай, булчуңдары
аяктай.
Айгырды көргөндө андай аттан көзү каткан албачынын эки көзү жайнай түштү. Жаман атка
жакшы ат айырбаштайт деген үч уктаса түшкө кирбеген жорук да. Албачы сүйүнгөнүнө чыдабай
күлүп жиберди:
— Болду!.. Айрыбаш кылады.
Албачы Кара бозду арабадан бошотуп, үртүгүн сыйрыды да Шергазыга берди. Шергазы
тору айгырдын чылбырынын учун албачыга карматты. Албачы тору айгырды алганына сүйүндү.
Шергазы кара бозго жеткенине кубанды.
Соода бүттү.
***
Албачы кетээри менен ошердеги чогулган топ эл Шергазынын Кара боорун тегеректешти.
Кабыргасы аркайып, бирден саналат. Арык. Кырчаңгы. Жоор. Куйругу ысылы-сууктан бузулуп
бөкөн болуптур. Сопол тартып жыдып, чубалып түшүп турат. Байкуш кара бозду үстүндөгү кооз
жабуусу гана билгизбей бешене рабдалын жашырып турган экен. Аны албачы сыйрып кеткен
соң тамтыгы чыгып, пардасы оркоюп ачылып калса болот да. Эл биринен-бири өтүп дуулдашты.
— Э кокуй киши, муну эмне кыласың?!.
— Ой, тору айгырдын бир санынан садага кетсин ушу!..
— Бул күлүк болуп эмнени кыйратат?!.
— Ушу чуркабай кара жерге кирсин,
— Кайран тору айгыр?!. Ушу жаманга кор болду ээ?!
Шергазы каухар таап алгандай сүйүнүп, жадырап-жайнап култуңдады:
— Силер билгенче качан?! Бул — мээ жок күлүк.
***
Жаз алды менен Шергазы Кара бозду көктөмгө агытты. Жоготуп жибергендей үмүтүн үзүп,
ошол бойдон эсинен чыгарып таштады. Анда-санда гана жайлоого катышкандардан сурап коюп
жүрдү. Жайлоодон мал жакага түшкөндө ар ким жалгыз-жарым кошконун ала башташты.
Шергазы жылкынын ичинен Кара бозду көргөндө кубанып кетти. Жаныбар. Толгон экен. Мейли
адам, мейли мал көңүлү өссө ошо да. Аркардыкындай эки көзү бажырайып жайнайт. Жүндөрү
кара күрөң тартып, калтардын бермет кылындай жылтылдап кулпунуп турат. Жылкыдан
бөтөнчө сулуу. Адам тике карай албайт. Көз уялат. Бели түп-түз. Үстүнө киши жатып уктагандай.
Жайлоонун ээн төрүндө оттоп жүрүп, көңүлү өскөн окшойт. Чөйчөк алып, тунук семириптир.
«Баягы албачы арабага чеккен кашаң Кара боз» деп адам оозу барып айткыдай эмес. Жону
кулундукундай таза. Жоор менен кырчаңгыдан бармак басым калбаптыр. Энесинен кайра
төрөлгөнбү, өзгөрүлүптүр жаныбар.
Ошол жылы күздөй мейли ат чабыш мейли жеке жарыш болсун, Кара боз алдына жылкы
салган жок. Дамамат биринчиликти ээлеп жүрдү. Шергазы андан кийинки жылдарда да Кара
бозду көп чапты. Байге албай куру калган учуру болбоду.
Чүйдүн Кегетисинде атактуу Эшикбайдын ашы болду. Кегетинин өндүрү элге жык-жыйма.
Чуй боорундагы күлүктөрдүн баары бүт келди. Баш байгеси эки тогуз, он жамбы. Экинчи атка
бир тогуз. Калгандарына андан азыраак байге коюлду.
Шергазы Кара бозун баласы Ныязкулуна мингизип ат чубатуудан өткөрттү. Күлүктөр кетээри
менен айылдан ээрчий келген туугандары Шергазыны тегеректешти.
— Шеке, Кара боз кандай?
— Бүгүн намыс алып бере алабы?
— Атаңдын көрү ушул Сасыкбайдын малын алдыга салып айдасак!..
Эл үстөккө-босток топтошуп, биринин артынан бири теминип, Шергазынын тегерегинде
чокмороктошот. Бүгүн Шергазынын мүнөзү баштагыдай эмес. Көңүлсүз. Бул сапар «Кара боз
сөзсүз чыгат» деп кесе айталбай олтурат. Ал кандайдыр бир аттан шек алгандай эбеп жип май
кылгыргансып туруп алды. Анан көптө барып элдин суроосуна жооп кайтарды:
— Байкадыңарбы, аттардын ичинде бир чалыш жээрде ат баратат?! — Элдин бир тобу:
«байкадык» дегендей башын ийкеди — Шегим ошондо. Ал Кеминден келди. Өмүрзак
таптаптыр. Мен билгенден Өмүрзак Чүй боорундагы саяпкерлердин алды десе алды. Күлүктүн
табын биле коет. Аттын жайын менден көп сурачу. Жылкы болгон жерине бөтөнчө шыктуу.
Күлүк ат дегенде ыкшып калат. Эт бетинен кетет. Өмүрзак жээрде атты табына келтирип
келиптир. Анын үстүнө жээрде аттын күлүктүгү менин Кара бозуман алда канча өйдө.
Шергазы токтоло калды да анан сөздүн аягын кайра улады:
— Эми мында бур иш бар. Аттарды Кең-Булуңга жеткире сүрүп кое берсе жээрде ат алыс
келет. Кокус берки Ак Бешимден кое берсе анда Кара боз эшик-төрдөй араң чыгат. Эгер АкБешимден эңкейтип кое берсе, анда Кара боз жээрде ат менен суулукташып марага тең кирет.
Байге талаш болот. А балким чыр чыгып кетиши да ыктымал.
Эл дүүдүрөңдөй түштү. Аңгыча: «Аттарды Ак-Бешимди эңкейтип кое берет экен» деген
кабар угулуп калды. Маранын туусу Боз секинин үстүндөгү кашатта желбиреп турат. Анын
жанына жан жолотпойт. Жакындаганды алда кайдан качырышып, сайгак куугандай кубалашат.
Эртең менен айдалган аттар түшкө жакын келди. А дегенде алыстап бүлбүлдөп чыгып
келаткан аттын карааны көрүндү. Күлүк чапкандардын моюндары узаргандан узарып баратат.
Эки үзөңгүсүн бутунун башы менен тээп, кокое ылдый жакты тиктешет. Кээ бирлери ителгидей
тетири салат. Бийик дөбөчөлөрдү көздөй чабышат. Жалаң саяпкерлер менен ат ээлери мындай
турсун көпчүлүктүн эси-дарты төмөн жак.
Баягы жалгыз караан жакындагандан жакындады. Жок, аңгыча болбой анын артынан дагы
бир созолонгон элес көрүндү. Ал ыргыткан таштай зуулдап, урунуп-беринип жанын жанга уруп,
берки алдыңкы аттан да катуу келатат. Чыккан ат элдин аягына илине түшкөндө ошо тараптан
чуу көтөрүлдү:
— Албачынын Кара бозу, албачынын Кара бозу!
Анын артынан сүрө келаткан кеминдиктин жээрдеси экен. Топко жакындаганда
мурдагысынан да катуу чуркады. Көрсө, чуу көтөргөн жылкы тура. Тиги көпчүлүк элдин
кыйкырык-сүрөөнүн уккандан кийин Кара боздун такымына учуп конгондой жабышты. Бат эле
эки ат марага чукул кирип келди. Үстүндөгү балдардын тизелери кагышып үзөңгүлөр урунушту.
Ээк алдында мара. Марага кошунан ажырабай экөө бирдей, кылдай тең келип тийди. Жээрде
аттын саяпкери Өмүрзак бакырып жиберди:
— Аттигин ай! Мара дагы бир аз эшик-төрдөй алыс болгондо эмне?!.
Байге талашка түштү. Эл чуулдап жатат.
— Биринчи байге менен экинчи байге кошулуп, эки атка тең бөлүнүп берилсин!..
— Жок. Андай эмес. Эки байге кошулсун. Кара боз менен жээрде кайра чабылсын.
— Экөөнүн кимиси чыкса ошонусу алсын.
Эки ат кайра чабылсын дегенде Өмүрзак жантыгынан кетти. Ал жээрдесинин күлүктүгүнө
да, күүсүнө да ишенип турат. Жана бир аз болгондо эмне? Кара бозду окустатып коймок.
Чынында кайра чабышка Шергазы көңүлсүз болчу. Ал Кара бозго көп ишене албады.
Байгени тең бөлүп алсак деген ойдо турду. Кара боздун жээрде аттан калаарына саяпкердин
көзү даана жетип турат. Талаш-тартышта Өмүрзак тарап үстөмдүк кылып кетти. Аны күч
алдырган — аш берген тарап. Айыл ошолордуку, эл ошолордуку. Шергазылар анчейин гана
төмөнкү элден келген сый меймандар. Байге аралаштырылды. Эки ат кайра чабылмак болду.
Шергазы кара бозду шар суунун жээгине алпарып жайдактады. Адегенде сооруга, анан эки
капталды муздак суу менен чакалап урду. Ат бир аз чыйрыкты. Шергазы топтон алыс бөлүндү
да алыштын жээгиндеги алыштын жашаңга Кара бозду өзү жетелеп откозду. Анын бул
жалгыздаганында жашыруун сыр бар болучу. Шергазы Кара боздун ооздугун чыгарган эмес. Ат
башын жерге салып жутунган сайын суулугунан сүйөп өйдө тартып жүрдү. Тумшугун жерге
тийгизгени болбосо, бир тал чөп үздүргөн жок. Жөн гана тоңкочуктатып, жер сүздүрүп жетелеп
турду.
Шергазынын бул амалын Өмүрзак билбей калды. Ал атын үшүк чалып кеткен алысын көк
чөпкө жайдактап кое берип курсагын кампайтып салды.
Бир аздан соң Шергазы Кара бозду сууга алып жөнөдү. Ал сууну да толук ичирген жок. Шар
аккан жеринен ооздугу менен үч-төрт каптырып-каптырып кайра тартып алды. Муну алыстан
байкап турган Өмүрзак жээрдени сууга ою менен коё берди. Ичи ысып турган ат муздак суудан
кере жутту. Топонго тойгон уйдай эки капталы кампайып чыга түштү.
Шергазы жем баштыкты кап ортолоп Кара бозго жем илди. Бул даана жемдин өзү эмес эле.
Анын ичинде тоголок дан жок. Майдаланган гана кургак бетеге бар болучу. Шергазынын
мындай «буктурмаларын» Өмүрзак элес албады. Анын оюна эч нерсе келбей Шергазы эмне
кылса ошону кылып жатты. Жээрде атка шаша-буша беш кочуш жем илип жиберди.
Эки ат кайра чабылды. Бирок, мурунку чегине жеткире айдалган жок. Буга эки тарап тең
макул болду. Көптөн кийин аттардын карааны көрүндү. Кара боз алда кайда келатат. Алыс
чыгыптыр. Ал мурдагысынан да катуу чуркап алган көрүнөт. Жерге жукпайт.
— Бүгүн буга канаты менен куш учуп жетпейт!..
Ызы-чуу. Кыйкырык. Эл дуулдайт. Бир жоон тобу дабырата чапкан бойдон элден өтүп
кеткен Кара боздун артынан кетишти.
Оо кайда! Көптөн кийин көл-шал түшүп терге чөмүлгөн жээрде ат келди. Жарылып кетчүдөй
ичи дардайып көпкөн. Эки капшыты үйлөгөн табарсыктай тарсаят. Баягы үшүк чалган балырдай
көк чөп, арпанын бүдүрлөрү куйругунун учу менен тең атат. Аны көрүп турган Шергазы: «Табын
билбесе ошо болот да» деп тим болду.
[1] Чапкил — ичтен түшкөн козунун жылбырскы көрпөсү
УЙЧУ КАРАГЕР
Ныязкул уйларды жайыттан эрте козгоду. Таң аткандан тартып көз ачырбай төгүп турган ак
жаандан да бүгүнкү Көк-Дөбөдө чогулган уйчу-койчулардын шылдыңы Ныязкулдун өтмө
катарынан өтүп, эс тарткан баланын денесин ичиркентти. Ныязкул үйгө ылдам жетүүнү самады.
Мына, ал дал ошондой кылды. Алдындагы кашаң карагер асыйды, учун чакылдак кылып алган
узун өрүмдүү камчысы менен борбуйлата-борбуйлата ачууланган мүнөздө удаа-удаа басыпбасып алды да бириндеген уйларын ар кай жерден терип чогулта баштады. Карагер такымга
чак-чак тийген камчынын уусуна чыдай албай арткы буттарын асманды карай сырактатып,
караган-черге жулдурган сопол куйругун кайра-кайра шыйпанып, анан зоңк-зоңк этип, көнүмүш
желиши менен көңүл улап бир аз жерге зөңкүлдөгөн болду. Шапалактын шак-шак эткен
добушун дуулдатып, улам-улам оң колу менен башынан айланта шилтеп, уйларын Ныязкул
бирпастын ортосунда чогултту. Дамаамат эртели кеч ар дайым алдында жүрүүчү тайтак мүйүз
баштаак кызыл уй, жолдун аркы өйүз, берки өйүзүндөгү көзү түшүп кызыккан чөбүнүн башын
улам чалып күш-быш этип, күндөгү басып көнгөн капталдагы жалгыз аяк ичке жол менен
айылды карай салды. Анын артынан желини чыңалган саан уйлар биринен сала бири
каркырадай чубады. Үйлөрүнө жакындаган сайын музоосун эстеген уйлар мөөрөп, кай бирлери
музоонун үнүн улап оңшоңдоп желди. Ак жайыктагы калын айылдын кечкисин уй тосуп чыккан
майда балдары топ-топ болуп шүдүгөрлүү жумшак шибердин үстү менен жыңайлак чуркашып,
бирден, экиден уйлардын артынан түшүп, бирөө куйруктаса, экинчиси ичке чыбык менен
чыпылдатып соорулап баратат. Эми эле тиги капталдын бетин бербей келаткан калың уйлар
бириндеп отуруп көз ачып жумганча айылдын арасына сиңип кетти.
Ныязкул күндөгүсүндөй Карагерди эшиктин алдындагы мамыга аса байлап, тизгинин
каңтарып, узун шапалагын сүйрөп үйгө кирди. Коломтодо от алоолонуп ири карагайдын
жарындылары чатырап күйүп жаткан. Сыягы баласынын жаанда суу болуп үшүгөнүн Батма апа
алдын ала билсе керек, анткени коломтодо чоктонгон жыгачтын көмүрү додолонуп калыптыр.
Эшиктен шөмтүрөп кирип келген баласын көргөндө Батма апа олтурган ордунан ыргып тура
калды. Карбаластай түштү. Эбедени эзилип кетти. Ниязкул үстүндөгү оор кийимдерин чечип
керегенин башына катарлап илди. Кийимдерден сарыккан суу этектин учуна жеткенде
туурдуктун аягындагы керегеге каланган соккон чийдин түбүнө үстөккө-босток тамчылап
тыпылдай баштады.
— Өтүгүңдү чеч... Калпагыңды сабоонун башына илип, тизгичке кыстар. Тигине, атаңдын
чепкенин жамын. — Батма апа жүктүн үстүндөгү бүктөлүп жыйылуу турган Шергазынын
тепме[1] чепкенин көргөздү.
Ныязкул шашпай акырын басып барып атасынын чепкенин үстүнө жамынды. Кайра келип
жыңайлак буттарын оттун жакасындагы коломтого сунуп, үшүгөн колдорунун манжаларын
ушалап, улам-улам чокко кайсап тапка ысыган алакандары менен томуккан беттерин басып
жылыта баштады. Анан ичиндеги думуккан күптүсү шаштырды окшойт, Токтоно албай
апасынан сурады:
— Атам кайда кеткен апа?!.
— Ажыныкында го.
Шергазы элге белгилүү атагы чыккан саяпкер болгону менен колу тайкы жетишсиз
бакырдын бири. Жалгыз ат, жалан тондуу. Бир музоолуу уйдан арбын мал күтпөгөн. Малды ким
деген жаман көрөт. Ар жагындагы көрөнгөнүн чамасы аз. Ошондуктан жайдыр-кыштыр
Сулайман ажынын топору. Сулайман ажы Шергазыга күлүгүн байлатат. Малайы катары
жумушун иштетет. Сулаймандын айлы жайлоого, арашандын ак жайыгына көчкөндө Шергазы
да кошо көчүп, конуштун бир четине сербейтип кара алачыгын тигет. Жайдыр-кыштыр
Сулаймандыкынан шорпо аңдыйт. Баласы Ныязкул жыл бою Сулаймандын ага-инилеринин,
коңшу-колоңдорунун уюн кайтарат.
Ныязкул минген Карагер Шергазынын өзүнүкү. Өткөн жылы төмөнкү чылпактагы чоң ашта
Сулаймандын боз аргымагы чыккан. Ошондо Шергазыга соогатка тийген ушул Карагер...
Анткени боз аргымакты боз аргымак кылган Шергазы. Карагерден башка Шергазыда кыл
куйруктан арам болсун, эчтеке жок. Шергазы эки жакка бастырарда атты так ушул Сулайман
ажыдан минет.
Ныязкул күндөгүдөй болбой кабагын салып, түнт мүнөздө олтурду. Уулунун бүгүнкү
бүркөөсүн апасы Батма анчалык элес албай, алдына ысыган сүт менен нан койду. Ныязкул
тамагын ичип, идишин апасын көздөй узатаары менен эшиктен атасынын добушу угулду.
Шергазы үйгө шар кирип келди. Ныязкул ордунан козголуп, улага жакка бир аз сыйлыкты.
Атасы ар дайым отуруп көнгөн ордуна барып конду. Анан Ныязкулду карады:
— Үшүдүң го, бугун, уулум, — Ныязкулдун илинип турган киймине көз жүгүртүп, — жаан
аябай өткөн экен.
Ныязкул атасына таарынып мурчуйгансыды да башын жерге салып:
— Өттү — деп күңк этти. Андан кийин көпкө чейин сүйлөгөн жок. Мурдагысындай колун
отко кактап унчукпай бултуюп олтура берди.
— Сен эмне бугун... унчукпай... бултуюп калгансың? — Шергазы баласынын кабагына карап
ойлуу тиктеди. Ныязкул ордунан күйшөлүп мукактана атасына жооп айтты. ,
— Бүгүн катуу... Аябай ыза болдум ата, — ал мурдагы калыбынан жазган жок. Башын
жерден албай мүңкүрөп сүйлөдү. Шергазы чочуп кетти:
— Эмне үчүн айланайын?!. Кимдер ал?! Сени ызалаган?!. — Ныязкул бүгүнкү болгон окуяны
атасына башынан аягына чейин айта баштады.
— Бүгүн... Түштө... уйчу-койчулардын тобу Көк-Дөбөгө чогулдук. Алардын эрмеги мен
болдум. Көбүнчө сизди жамандашты.
— Эмне деп? — Шергазы үрпөйө түштү. Ныязкул сөзүн улады.
— Атаң күлүк болчу жылкыны кулунунан тааныйт. Ат чабышта кайсы ат чыгаарын, кайсы ат
калаарын алдын ала билип, олуядан бетер какшап турат. Элдин баары аттарын сенин атаңа
сынатат. «Чап» десе чабат, «кой» десе коет. Анан атаң экөөң бир күлүк таап алып, эл алган
байгени өзүңөр эмне албайсыңар?!. Ушинтип сен уй кайтарып, атаң ар кимге кошомат кылып,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 22
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.