Latin

Кара шумкар - 14

Total number of words is 4070
Total number of unique words is 2237
30.6 of words are in the 2000 most common words
43.2 of words are in the 5000 most common words
49.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
койду, Жоробек менен тең жарыша чуркап чыккан Таканак лып деп боору менен жерге
жабыша калып, узунунан түшүп, комдонду да, бет маңдайындагы чалкайган жайык беттен эки
көзүн албай, кош кулагын тикчийткен бойдон кадалгандан кадалып, тиктегенден тиктеди.
Жоробек атын моюнга салып, артын көздөй бурулду. — Жүргүлө үйгө кайтабыз?
— Эмне үчүн?
— Калтарды кубалатпайбызбы?
— Жок. Кубалатпайбыз.
— Бул кандай кеп?
— Таканак калтар менен тиктешет.
— Качанкыга чейин?
— Ким билет. Күнүгө бир маал келип, карап кетебиз. Балким эки күн же үч кун тиктешер. —
Жоробектин жолдошторунун ындыны өчүп, ысыган илеби сууй түштү. Баштарын
шылкыйтышып, үйдү көздөй кайтышты.
Ошентип Таканак комдонгон боюнча катты да, калды. Элге: «айттын болоорунан да болоту
кызык» дегендей, качанкы Таканактын кызыл калтарды тиштегенинен да тиштебейти кызык
болуп жатты.
Күнүгө бир маал Жоробек баштаган топ жигит Таканак жаткан кайкыга келип кетишет.
Таканак бир калыпта, ордунан козголбойт. Көзүн жумбайт. Аркы өйүздү тиктегени тиктеген.
Үчүнчү күндү өткөрүп, төртүнчү күнү таң ата дабырттап чаап барышса, жаткан ордунда Таканак
жок.
— Эгер мен Таканакты жакшы таптасам, кызыл калтарды дал ушул кайкыга кууп келип,
бүгүндөн башка үч күндө тиштейт. Кокус орточо таптасам алтынчы күнү тиштейт. Соодур, начар
таптасам тогузунчу күнү тиштейт. Азыр алар куушуп кеткен экен. Жүргүлө, үйгө кайталык —
деди Жоробек. Ээрчиген жигиттердин айрымы өз оюнда: «Ай ким билет... Таканак кызыл
калтарды кубалабай эле курсагы ачканда Орто-Токойдогу көмүрчү чалдын үйүн көздөй салды
го» деп Жоробектин сөзүнө ишене бербеди.
Арадан үч күн өттү. Жоробектер баягы кайкыга келишти. Эч нерсенин шеги жок. Андан
кийин үч күн өткөрүп туруп дагы келишти. Таканак баягы мурунку ордунда Алтын-Арашан
шаркыратмасын тиктеп, эки көзүн кызартып, комдонуп жатат. Жоробектерди көрөрү менен
оозу-башын жаланып, куйругун эки капталына алмак-салмак чапкылап, кулагын жыйырып
шыйпалактап, башын ары-бери чайкап, бураңдады.
Алардын алдынан тосо эркелеп, кыңшылап жиберди.
— Кайран Таканак тиштеп койгон тура, — деди Жоробек.
— Кай жерде?
— Тиги күрткүгө көөмп салган турбайбы.
— Кызыл калтар өзүбү, Жоке?
— Өзү эмей анан?
— Баракелде.
— Деги Таканактын тиштегени чынбы? Жоке?..
— Анан эмне мени тиштеди деп турасыңарбы?..
Жоробек кыт-кыт күлүп, жадырап-жайнап кубанып, атынан ыргып түшүп Таканакты ээрчий
басты. Таканак будаланып калган күрткү карды алдынкы эки буту менен алмалап эше-эше
тартып жиберди. Кардын арасынан калтардын куйругу чыга түштү.
Жоробек ээрдин үстүнөн көрпөчөсүн алды да, кызыл калтарды ороп бөктөрүндү. Көптөн
бери ойлогон максаттары иш жүзүнө ашкан жигиттер үйлөрүнө жарыша чаап, тизгин учу менен
кайтышты. Үйгө түшөөр менен жолдошторуна Жоробек муну айтты: «Калтарды үч күндөн кийин
кечинде биздикинен көргүлө, ага чейин союп, ийлеп коем».
Айткан кечте айыл-апасы бүт чогулуп, Жоробектикине келишти. Ай караңгы. Күн бүркөк.
Жоробек түндүктү тарттырып, эшикти түшүрттү. Отту жактырбай, чырактарды өчүрттү. Үйдүн
ичин үч көтөргөн коңшулары уу-дуу. Үйгө көзгө сайса көрүнгүс караңгы түштү. Анан Жоробек
жүктүн арасынан кызыл калтардын терисин сууруп чыкты да, тумшугунун учунан кармап туруп,
силкип койду. Караңгы үйдүн ичине жылдыз чачып жибергендей, отургандар биринин өңүн
бири даана көрүштү.
Эртеси эртең менен Жоробек кызыл калтарды жабык башка илди. Кирип чыккан элдин
көзүнө калтар бирде кызыл бирде күрөң, бирде көгүш болуп, түркүн түстө кубулуп турду.
Тумшугунун учунан кармаса жүнү куйругун көздөй, куйругунан кармаса тумшугун көздөй
бермет чачып жапырылат. «Баракелде! Калтар болбосоң коё кал!»
Барыш-келиши туура алты күн жол жүрүшүп, Жоробектер Текестин бегине келишти.
Самаганын алып, кайра айылына кайтышты. Ошол кызыл калтардын баасы менен Жоробектин
коңшулары бүт оокаттанышты. Эл катарына кошулушуп кетишти.
Кийинчерээк баягы Орто-Токойдогу көмүрчү карыяга төө баштаган бир тогуз жеткирип
беришкен экен.
Жолдоштору Кутунбеттин мүнүшкөрлүгүнө, бүркүтү жедеп эле аны менен ата-бала болуп
калганына бир чети таң калышты, бир чети ыраазы болушту.
Үйдүн ээси Кутунбетти тааныйт экен. Көрсө, ал киши алгыр канаттууларга тор жайган атактуу
саятчы тура. Мындан он чакты күн мурун торуна түшкөнүн, ошондо эле «бул бүркүт
Кутунбеттики болуп жүрбөсүн» деп шек алганын отургандарга айтып берди. Ал түгүл:
«Бүркүтүңдүн үнүн таанып келген экенсиң ээ» деп Кутунбетти жылмайып карап койду.
КАШКА АТ. КАРАГЕР ЖОРГО
Супатайдын энеси Уултай — казак кызы. Казак болгондо да кайсы жердин казагы экендиги
белгисиз. Аны Уултай өзү да билбейт.
Атасы Түкө түбү тууган, ары бай, ары эл башкарган манап Байзактын колунда оту менен
кирип, күлү менен чыгып, кырк жыл өмүр сүргөн. Кырк жылдын ичинде Түкөнүн көргөн ар бир
күнү бири-биринен айырмасы жок эле. Турмуштан, жашоонун ырахатынан жедеп түңүлүп,
күдөрүн үзүп калган Түкөгө — жоо чаап, жортуулдан келген айлындагы бир «баатырдан»
жанагы Уултайды Байзак соогатка сурап берген. Уултай ал кезде он беш жаш курбалдагы кыз
болучу. Түкө Уултай менен бар болгону он жыл жашап, анан түбөлүккө көз жумган. Андан
жалгыз эркек Супатай калды. Түкө өлгөндө беш-алты жашар болчу.
Уултай өзүнө теңтуш, ыктуу бирөө менен кол кармашып, Супатайды жетимсиретпей, өгөй
да болсо аталуу кылып асыраса болмок. Антейин десе, колунда жок бечара, эркек мүнөздүү,
өңү серт, этегин тартып ээрчиген жаш баласы бар аялды ким деген даап алат?..
Супатай кагылып-согулуп адам катарына кошула баштаганда Байзак өлүп, анын ирегесинен
куйрук үзүп бөлүнүп чыгышты. Супатай улам бой тарткан сайын туруктуу, эстүү, токтоо,
турмушту бат үйрөнгөн жигиттерден болду. «Жер адамдын эмгегин жебейт, байдын көзүн
карап жүрүп жарыбадык уулум, эми дыйканчылык кылып көрөлү» деди Уултай Супатайга.
Ошондон баштап «жатакчы Супатай» атыгып, мурункуга караганда куру дегенде курсактары
жармага кенелип, ирдене башташты.
Супатай жыйырмадан ашканда, Калыйча аттуу жетим кызга үйлөндү. Калыйча тың келин
болду. Этегинен жалгап эркек төрөдү. Мурун өз баласынын атын өзү койгон Уултай,
небересинин атын да Суртай деп өзү койду. Ошондон тартып Уултай эненин үшкүрүгү басылып,
өткөнүнө өкүнбөй: «Элим, жерим, калдайган казак журтум, акем, шешем, Супатай, Суртай
баурум» деп боздогонун токтотуп, муунбагандай жакасын кармап, каниет байлап калды.
***
Илгери Уултай Байзактыкында жүргөндө жалаң отун алып от жакпастан, көнөк алып бээ да
саачу. Жайкысын кудайдын куттуу күнү таң үрүл-бүрүлдө туруп, жыңайлактанып эки этегин
кайра салып, белин жип менен буунуп, жайлоонун чучукка жеткен шыргалаң суусун кечип, кар
аралаш шүүдүрүмдү басып, өрүүнү өрү дебей өйдөлөп капталдап, жүрөгү түрсүлдөп, көкүрөгү
ачышып, өлө-тала күйүгүп олтуруп төрдүн кылда башына чачырай жайылып кеткен
жылкыларды, атчан жүргөндөй тобу менен дүбүрөтө сүрүп, кыйкырык салып желге айдап келчү
да, алдынан чуркап чыккан Супатайдын колунан нокто-чыктаны алып, кулундарды чап дедире
ыйык жалдан сермеп козудай жетелеп келип желеге байлоочу. Ошондо Супатай энеси менен
кошо кулундарды кармашып, эки жагында эки мамысы бар кериле тартылган желеге
кулундарды ноктосунан тээктешип, андан кийин да тынбастан керели кечке желе боодон
алыстап оттогон бээлерди тызылдап чуркап чогултуп, жыңайлак бутун кулундардын курч туягы
сыйра басканына карабастан бээлерди саадырчу. Уултай көзүнө үйүр алган жалаң байдын
жылкысы эмес, ошол айылдын жылкысын бүт (бирин калтырбай), ал түгүл конуп кеткен
коноктордун, суусун ичкени түшө калган ары-бери өткөн жолоочулардын аттарын да, жоготуп
жиберип чала таанып бүшүркөп турган адамдан бетер, көпкө чейин тиктеп калчу. Кай бир
учурда Супатай көнөктү карысына илип күбүрөп басып келаткан энесинен:
— Апа, ким менен сүйлөшүп баратасыз? — дегенде:
— Ким менен сүйлөшөйүн, каралдым. Байдын жылкыларына көз чаптырып.
— Арасында жорго, күлүгү барбы?
— Болсо сенден жашырат белем.
Ар жыл сайын байдын бээлери кырк-элүүдөн ашып тууйт. Жылыга Супатайга бир кулун
энчилеп коюп, тай бөлүнгөндө аягын созуктуруп кетет. Супатай бири-бири менен тиштешип
оюн салып, энесин тегерене чуркап жүргөн татынакай кулундарды көрсөтөт:
— Апа?! Бай кулунду ал десе, момунусун алайынбы?
Уултай шашпай, кебелбей туруп:
— Күлүк кайда-а балам... Байдын өрүшүнөн анчалык атанып чыкчусун көрө албадым.
Жөнөкөй гана саны өсүмдүү бодур жылкылар, — деп койчу.
***
Кеч күз болуп, дың сууп, суук түшүп, жылкычылары кыштоодогу журтуна көчөөрдүн
алдында Байзактын байбичеси Уултайды чакыртты. Демейде «беркелчи» дебеген байбиченин
оюна кандайча түшүп калдым. Деги бир чагым болбосо экен! Балдарыма залалы тийбесе эле
болду». Дал ушундай ойду ойлонгон Уултай туталанып, жүрөгү опколжуп, бүткөн боюн
калтырак басып жедеп көп кагуу жеп жүрүп жилкини түгөнгөн шордуу, байбиченин ирегесине
араң баш катып, баягы-баягы жылдарда (ушул үйдүн оту менен кирип, күлү менен чыгып жүрчү
жылдарда), өзү отуруп от калап, күл чыгарчу коломтонун жээгиндеги эски ордуна кылмыштуу
кишидей басырынып жатып араң жылып жетип, көйнөгүнүн этегин кымырынып, жүйүртө
басып отурду.
Байбиче Уултайды жылуу кабыл алды.
Кылы күбүлүп калган кундуз ичигин желбегей жамынып, чыгданына жакын олтурган
байбиче эки этегин кымырынып оң солуна күйшөлгөн болуп тамагын жасады:
— Уултай балам! Өрүм чачтарың жана элек, саамайчан кыз экениңде колума келдиң. Тукө
бечара да байымдын учугуна кара санабай пейли, ак дили менен кызмат кылып жүрүп өлдү.
Эми кудайга шүгүр де. Сен да азыр жаман болгон жоксуң. Балалуу болдуң. Келиндүү болдуң.
Дагы бир жаман чүрпөлүү болупсуң. Боосу бек болсун! Кечээ түйдөк чач кичинекей жүдөгөн
келин кезиңде сени менен тезекке бирге барган курбуларың: «улуу тоонун ары жагын тиктеп,
мойнун созуп улутунуп ыйлай берет» деп айтып келишчү. Эми ал ыйыңды ташта. Ургаачынын
эли-журту башка, эли жериңди эстебе «унут — деп акыл насаат айта баштаганда Уултайдын
эдени эзилип, байбичени ажарлуу жүзү менен карай берди.
— Бүгүн сени чакыртканым Уултай, бай жарыктык өлөр алдында «Супатайга бир тай
бергиле» деп керээз кылып кетти эле. «Өлгөндүн сөзүн тирүү сыйлабайт» болуп, ошондон ушул
күнгө чейин бере албай келатабыз. Ал, сан кара боз коюнун четинен бөлүп алдына салып
айдап, ортосу чуңкурайып күтүрөгөн саралалуу сан жылкысынан бирин минип, бирин коштоп,
көз тайгылткан көрктүү асыл дүйнөсүнөн кош атанына сылай артып кеткен жок. Жалган дүнүйө
деген ушул экен, Уултай?! Адам өлгөндө бул куураган куу дүнүйөнүн пайдасы тийбейт тура.
Өлгөндөн кийин баарыбыз ошобуз да. Мына, сени чакыртып олтурган себебим ушундай,
Уултай. Өткөн-кеткенди айтып, тирүүчүлүктө ыраазылашалы, кечиришели. Кудай арбакты эске
алып, байдын оозунан чыккан карызынан кутулайын. Баягы Супатайга берем деген тайын
берейин. Уултайымды баласы менен ыраазы кылайын, бизге бала-бото болуп калбады беле
деп чакырып олтурам.
Байбиче Уултайды тиктеп бир аз буйдала түштү да, сөзүн кайра жалгады:
— Эртең жылкы кыштоого кеткен жатат. Супатай экөөң эртең менен эрте келип, жылкы
ичинен бир тай кармап кал.
Уултайдын эки бети анардай кызарып, чекесинен чыпылдап тер чыгып кетти. Кайра-кайра
алкышың айтып, кайра-кайра башын уруп жүгүнүп жатып, байбиченин үйүнөн чыкты. Эртеси
күндүн нуру жерге чачырай электе, нокто колтугуна кыскан Супатай, энеси экөө ээрчишип
байдын жайнаган жылкысынын четине келишти. Укурук сүйрөткөн үч-төрт жылкычы жылкыны
имерип турушат. Ар жактан кундуз ичигин желбегей жамынып, буттарын аярлап шилтеп,
чарчысы чыгып очойгон байбиче жылкынын жанына жакындап, жылкычыларга жең учун
булгады.
— Мынабу, бечараларга баягы жээрде тайды кармап бергилечи, өткөн түнү бай түшүмө
кирди, арбагынан айланайын жарыктыгым. Уултай менен Супатайды оозанып жатыптыр. Таң
супа салып калган экен. Касиетиңен айланайын жарыктыкка багыштап куран окудум.
Жылкычы жээрде тайды бет алып маңдайынан түптүз басып барып, мойнунан кучактап
кармады. Жылкы кыялданып моюн буруп, көчүк салган жок. Уултайдын тайдан эки көзү өтүп,
жылкычы жанына жетелеп келгенче: туягынан тумшугуна чейин, куйругунан жалына чейин,
бат-бат көз жүгүртүп жиберди. Супатайдын ою чүрөктөй кооз тайларда болчу. Ичи күйүп
энесине тыбырчылады:
— Апа, башкасын сурайлы.
Уултай баласын чыканагы менен акырын укуп койду.
— Унчукпа!
Байбиче Уултайдын жанына кышылдап басып келди;
— Уултай, балам. Байдын өрүшүн өмүрүндө эч бир жан: жайыттан жылкысын, желеден
уюн, короодон коюн аралап, малынан мал тандап кармаган эмес экен. Аны сен менден да
жакшы билесиң балам. Таалайына буюрганын ал.
— Ооба, байбиче! Байдын өрүшүн аралабай калайын Бергениңизди алам.
— Ошент, Уултай балам. Үйүнө барганда байдын арбагына атап куран окуп койгун?
Уултай тайды алып келери менен эшигинин алдына мамы кагып орноттурду. Төрт аягын
араң кыбыратып келген жээрде тай бийик мамыга аса байланды. Келини Калыйчаны, эс тартып
чоңоюп калган небереси Суртайды чакырып, Супатайын маңдайына каратып олтуруп, жээрде
тайдын жөн-жайын айта баштады.
— Балдар, кудай бизге берди! Баарынан да бул жээрде тайдын ургаачы болгону жакшы.
Бул тай байдын өз жылкысынын тукумунан эмес. Сөөк тамырдан аза-бата жентекке келген
малдарынан көрүнөт.
Уултай бир аз токтоло түшүп, анан маңдайындагы мамыда турган жээрде тайга кол сунду:
— Муну байкагылачы, баш сөөгүндө бир кесим эт жок, кийик баш, как элес. Анык күлүктүн
башы. Эки көзүн кара, булактын көзүндөй туптунук, ботонукундай жайнайт. Жаныбардын ак
жолтой болчу маңдайы бар экен. Жалын кара, азырынча уяң жал. Бала жүнү түшө элек. Мунун
жалын эки жылдан кийин көр. Кундуздун кылындай жалтылдап чыга келет. Далысы билинбей
келип өркөчкө жабышканын. Таза, нукура күлүктөрдүн далысы өркөчкө жабышып турат.
Уултай эне сөзүн бүтүрдү. Өмүрүндө кыл куйрук күтүп көрбөгөн келин-уулу өрүшүнө миң
жылкы салгандай кубанычка батып, чечекейлери чеч боло жээрде тайдан көзүн алышпады.
***
Эки жыл өттү. Жээрде тай кунанынан быштыга карады. Сөөктүү, чалышынан келген
шадылуу заңкайган зор бээ болду. Ошол жазда Уултай эненин айтуусу боюнча Супатай бээни
Мүсүраалы байдын карагер айгырынын үйрүнө кошуп, жайлоого чыгарып жиберди. Келерки
жазда туңгуч байтал эркек карагер кулун тууп берди. Кулундан кыйтың-куйтун жүрүш чыкты.
Торолгондон тартып Суртай жоошутуп, үйрөтүп минип алчу болду. Неберисинин бул жоругуна
Уултай эне жетине албайт. Эртели кеч көрүп кубанат. Анан кайра-кайра эркелетет.
— Карааныңдаң кагылайын, карааныңдан! Каралдым! Тай мингенге жарап калган тура,
кулунум...
***
Экинчи жылы жазда Уултай бээни Калыгулдун жээрде кашка айгырынын үйрүнө коштурду.
Калыгул анча бай эмес — оокаты өз алынча адам эле. Калыгулдун жээрде кашка айгырынын
башы кайдан келгени белгисиз. Уултай муну жакшы жылкынын тукуму дечү.
Кыш өтүп, кийинки жазда, маңдайындагы кашкасын кол менен боеп жасагандай, төрт буту
ичке шыйракка чейин апаппак, адам кирдүү колу менен сыйпагыс, таптатынакай чабдар кашка
эркек кулун тууп берди жээрде бээ.
Жээрде бээден чабдар кашка кулун туулгандан тартып, Уултайдын мүнөзү өзгөрдү.
Үшкүрүнүп, басса-турса өзүнчө күңгүрөнүп, жалгыздап кобурап сүйлөй берчү болду. Эки-уч
маал жээрде бээнин кулунунун жанына келип, анын эмгенин, оттогонун, оюн салганын далай
жерге чейин жүгүрүп кетсе, артынан кишенеп, жээрде бээнин чуркаганын көрүп, анан өзүнүн
энесин эске түшүрөт. «Байкуш энем! Мен жоголгон күнү далай жерге чейин буту-бутуна тийбей,
жүрөгү жарылганча артыман ушинтип жүгүргөндүр ээ?!. Качан буттары ирмелбей калганда бети
менен көмөлөнүп жер кучактап жыгылгандыр... Жедеп, жетпей өксүп, менден биротоло
ажырап калганын билгенден кийин өксөп-өксөп, боздоп-боздоп, беттерин апчып, чачтарын
жулгандыр ээ».
Буркурап боздоп, бакырып-бакырып алар эле. Бирок бул жоругун балдарына билгизчү эмес
Уултай. Ушундай ойго чөмүлгөндө эки көзүнөн жаш мөлт-мөлт тамчылап кетчү.
Кийинки жылы да жээрде бээни кулунун ээрчитип Калыгулдун кашка айгырынын үйрүнө
кошуп жиберишти. Эл жайлоодон ылдый тартаарда; уу коргошун, ай балтыркандардын башына
күчү чыгып калган мезгилде жатакчы Супатайга жайлоодон: «Кара-Колдон Калыгулдун кашка
айгырынын үйүрү бүт ууланып, ошончо жылкынын ичинен баягы куюшканы жок, Супатай
жатакчынын жалгыз бээси өлүп, кулуну жетим калыптыр», деген ачуу кабар келди.
Бул кабарды Супатай эгин сугарып жүргөн жеринде укту. Алыштын жээгинде тушалуу турган
карагер тайын токунуп минип, кетменин такымына кысып, үйүнө капалуу келип түштү.
— Балам, жакшы мал жанга аралжы болот. Башың аман болсун. Бала-бакыра аман болсун.
Жээрде бээ эмес, ага-тууган эл журт, ата-энемен ажырап, мен деле кулак угуп, көз көрбөгөн
чоочун эл, чоочун жерге келип жан сактап, минтип силерди таппадымбы? Бээ баштан садага.
Андан көрө тайыңды мин да, түнү менен болсо да жайлоого жете кон. Кулунду алып кел.
Жайлоонун чөбү катып калды. Ал жерде сүт эмбегенден кийин жетим кулун жүдөп калат. Бүгүнэртеңден калсаң энесин издеп аяксып жоголот же ит-кушка жем болот.
Уултай ушундан акылын айтып, Супатайды жайлоого шаша жөнөттү. Кара-Кол, Чоң-Таш
алыс жайлоо. Карылуу, жүрмөл жакшы аты бар кишиге бул жерден күндүк жок. Ошого
карабастан үйүнөн бешимде бастырган Супатай тердиктин энинен чыкпаган муштумдай тайы
менен Чоң-Ташка элдин алды жатар ченде жете келди. «Жарыбагыр» карагер тай не деген
бышык тай. Жолду жолдото чоң аттарды артка калтырып, жарышса чыгып, кууса жетип жүрүп
олтурду. Өрүдө аркалуу аттан бетер желе басып, түзөңгө келгенде кадимки жорголорчо жүрүп
кетет. Жайлоого келаткандар Супатай жатакчынын карагер тайынын бүгүнкү жоругуна таң
калышты.
Эртең менен сабаалуу үйгө чогулган жайлоодогу бекерпоз элдер Супатайдын карагер
тайынан башташып, анын кечээки жол келаткандагы кыял жоруктарын айтып түгөтө албай
жатышты. Жайлоонун шернесинин эти менен кымызына мас болуп магдыраган көпкөн
«мырзалар» Супатайды эрмектешип:
— А байкуш, жатакчы. Жалгыз бээң ууланып өлүп, кудай сени төбөңдөн төрт колдоп уруп
салды ээ?! Эми кулунуңду жетелеп жөнө?!
— Кымыздан көп ичпе, кудай урган кара курсак жатакчы?! Бул сага жакпайт!
— Үйүңөн ичиңе үйүр алган жармаңды байлана келсең болмок.
— А... кургур! Болду, чакта! Көп ичсең ыксырап жолдо мас болосуң.
— Кымызга чактырып уктап калып, бээси аз келгенсип тайын жоготот эмеспи!.. Бул шордуу!
— Кой... жөн койгулачы ичип алсын байкуш! Жардынын бир тойгону — орто байыганы
деген!
— Дагы бир чөйчөк куйсунбу? Берчи?.. Көңүлдөнүп турат!..
— А кымыз көрбөгөн байкушум?!
Айтор эриккен көпкөндөрдүн бүгүнкү тамашасы Супатай жатакчыны ит талаган түлкүдөй
тытып коё бербей жатышып, түшкө жакын араң бошотушту.
***
Кашка кулун канча кылган менен бир уяда жатып бир эненин эмчегин бирге соргондук
кылды. Ал карагер тайга бат эле үйүр алды. Экөө бири-биринен ажырашса токтобой
кишенешип, кайра жолугар замат окуранып, жытташып, тип-тик туруп эки бет боло калышып
анан тизеден, ыйык жалдан тиштешип, кубалашып оюн салып ойноп калышат. Супатай эртең
менен карагер тайды топойто токуп сугатка жөнөгөндө кашка кулун кошо ээрчип жөнөйт.
Карагер тай аркандалып калган соң анын жанынан эки чалып, бир чалып, анан көк арпаны
аралап барып, кадимки чоң жылкыларча дандын башын сыдырып оттоп кирет. Жарыбагыр
десе! «Жетимдин курсагы жети кабат» деген чын, жаагы тынбайт. Арпа, сулунун камыр-сүт
болгон дүмбүл башын тырсылдатып үзүп, бырсылдатып чайнап турат. Деги ушул тайдын
керээли кечке бир жуушаганын Супатай көрө элек. Таң калат. Тайды тиктеп туруп:
«Ушундайынан энесин жуткан тура, каапыр!» — деп ойлоно кетет.
Кечинде келээр менен энеси Уултайга кашка кулундун жоруктарын Супатай кобурайт.
Уултай эне баласынын сөзүнө анчалык назар салбай, курсагы жер чийип карагер тайдын
артынан ээрчип келаткан кашка кулунга көз жиберип: «Ал ошондой тойбогон жылкы болот,
канча кылган менен жетим эмеспи?» — деп ар жагында бирдемени билип турса да, Супатайга
айткысы келбей, эч нерсе түшүнбөгөн адамдан бетер оюн бош гана таштап коет.
Супатай күз башынан жем, чөптү мол камдап алган. Кыштын катаал, жаздын катуу
кармаганына карабастан карагер кунаны менен кашка жабагысын көккө өңдүү жеткирди.
Даакысын эрте түшүрүшүп, көк тиштей электен мурун жылтырап түлөп, татынакай болуп жылкы
сынына чыга түшүштү. Эртели-кеч карагер кунанын Супатай өзү минип, кашка тайды баласы
Суртайга мингизип коет. Балада ооз жарма тай мингенден артык кандай кызык бар? Кашка
тайдын жооштугу башкача. Суртай аягынан чуркап өтсө да былк этип койбойт. Ал үзөңгүгө буту
жетпей, ээрдин кашынан кармап тырышып жатып эки бутун салаңдатып, сүйрөлүп олтуруп
зорго араң жерге түшөт. Ошондо да кулагын жапыруу деген кашка тайда жок. Суртай кашка
тайды минген сайын кубанып, тайы желип кетсе кыткылыктап борсулдап күлүп, үстүнөн жерге
түшкүсү келбей, ары-бери чаап чуу коет. Далай жерге чейин узап кетип көптө анан кайрылып
келет. Уултай эне небересинин жоругун көргөндө жүрөгү чыдай албай:
— Кокуй!.. Каранкүн! Супатай!.. Чакыр баламды! Эригип турган тай сүйрөп өлтүрөт! — деп
чебелектейт.
Анан бат эле тайдын үстүнөн Суртайды илип алышат. Суртай көпкө чейин өжөрлөнүп жатып
араңдан зорго жазылат. Тайга үйрөнүп калган Суртай күн сайын чоң энесинин мазесин алып,
убара кылып кыйнай берчү болду.
Бир жагынан өзүнүн дээринде бар жылкы, экинчи жагынан багуусу жарашкан кашка тай
жетим тайдай болбой бат чоңойду. Баягы жер чийген курсак тартылып, жазында кунандарды
жаңылткан чоң тай болуп чыга келди. Супатай он жашка толуп ат үстүндө машыгып калган уулу
Суртайга мингизип, кээде кунан чабыштарга кошуп жиберет. Бура тарткан жерден алда кайда
келет. Быш этип чарчап койбойт. Күнүгө эки чапса эки, үч чапса үч чыгат. Кашка тайдын даана
күлүк болоруна Супатайдын да көзү жетип калды.
Кашка тай кашка кунан болду. Жазгы көктөм менен агытмак болгон Супатайдын оюн Уултай
бузду.
— Чытырга бышыр! Куу мамы кылып үйрөт.
Жылкынын табын андан артык биле албаган соң, Супатай энесинин оюнан кыңк этип чыга
алган жок. Анын үстүнө Уултайдын кашка кунандан үмүтү чоң да. Муну да Супатай байкай
турган. Карагер быштысын бычтырып жайлоого кеткен аттарга кошуп агытып келди да, кашка
кунанды жайкы сугат жумушуна минип калды. Ушундан тартып Уултайдын эси-дарты кунанда
болду.
Кунан эт алып семире түшкөнүн билер замат: «Балам, кунаныңдын ичин тарт. Суут», — деп
Супатайга буйрук бере салат. Ар жумада эки күн таңашып туруу кашка кунанга өнөкөт болуп
кетти. Кай бир күнү кечинде Уултай өзү минип алып түн ортосуна чейин жок болуп кетет. Таңга
маал Супатай туруп караса кунанды жайдактап, булоолонтуп жетелеп жүргөн энесин көрөт:
«Жарыктык! Кайда барып келди экен? Ушинтип жүрүп»... Супатайдын бүткөн бою дүр дей
түшүп анан, «койчу бизди кантип таштан кетсин» — деп эсин жыйып, жайлана калат. Уултайдын
кунанды түнкүсүн, айсыз караңгыда суутуп жүргөнүн кийин өзүнөн угуп, анан санаасы тынды.
Көрсө, Уултай жаш күлүктү түнкүсүн жер таанытып жүргөн тура.
Кашка кунан таңашкан сайын эки көзү жайнап, сынына чыгып, көзгө толо түшөт. Кунанды
таңашырган күнү, Уултайда тыным болбойт. Эл бир уйкуга кеткенче кыбыратып жүрүп, терин
кургатып, түнкү сыдырымга этин муздатып, качан гана керилип, чоюлуп, силкинип, оозун ачып
эстегенде илките жетелеп келип мамыга аса байлайт.
Күз кирип келди. Бул маалда ат чабыштын күчөп турма адаты бар эмеспи. Ак-Жардагы
Айчубак айлында биринчи атка жүз козу сайган чоң ат чабыштын боло тургандыгы бат эле
угулду. Супатай Уултайга кеңеш салды.
— Апа? Ушул ат чабышка кашка кунанды кошуп көрөлүбү?
Уултай эт-бетинен кетти:
— Ээ, айланайын. Ошол чабышка кошпой кунаныңды анан кайсыга кошосуң?
— Жаштык кылабы дейм да.
— А жаман... Жакшы ат болчу кунан, жакшы адам болчу улан жаштык кылбайт. Эртеңден
баштап кунаныңдын этин тартып жемин азайт. Күлүккө ак көңүлдүк кылба. Ат чабыш чукул
калыптыр го! Ага чейин үч гана суут. Жашына толо элек күлүк көп суутуу жебейт. Арпаны алты
кочуштан ашырба. Тазалап, чаңын кетире жууп, сууга салып көптүрүп бер. Чабыла турган аттын
таз карынына барып арпа көпсө чуркатмак түгүл ичин жарат.
Ушул жылы жазда кандуу бут болуп кеткен карагер бышты жайлоосу келишип, кенен
басып, кенен оттоп жал куйругу төгүлүп, сынына чыгып суналган карагер ат болуп өзгөрүлүптүр.
Уултай «эртең ат чабыш» деген күнү кечинде карагер жоргону өзү токунду. Супатай кашка
кунанга минди. Алар үйүнөн бастырып Күмүшайдын Сайынан өтүп, Бечелдин бейитине
келгенде, күн эриген кыттай көлкүлдөп Сөөктүн тоосунун ар жагына кылт этти. Баратышта жай,
таскак менен барышты. Бечелдин кырындагы кара дөбөнүн түбүнө Уултай баласы экөө шашпай
түшүп, токумдарын оңдошуп басмайылдарын бек тартышты. Көп турбай кайра атка миништи.
Уултай адегенде акырын, жайыраак жүргүзүп келип, төмөнкү түздөн баштап, кашка кунандын
оозун бир аз создурду. Анан өзү чапанынын эки этегин тизеге бек кымтынып, карагер жоргонун
тизгинин куушура жыя тартып, эки үзөңгүнү тең тээп, Супатайдын соңунан түтүндө созула
жөнөдү. Капырай, шумдук!.. Кашка кунан го күлүк, Карагер быштыга эмне жок. Ой тобо-ой!
Карандай жоргосу менен кош таноосун барылдатып таптагы жаш күлүккө жете келет. Ооздугун
тиштеп башын чулгуп, бирде жанылып тоңкочуктап тизгинин тарттырбай жолдон чыгып кетип,
кайра жоргосун таап, таштак как жолду жер соголору менен тарсылдата уруп олтуруп күлүктү
алыс узатпады.
Супатай артына бурулуп бир жагына кыйшайып карап, чукул кирип келген энесин көрүп,
анын ат үстүндө бекем олтурганын эки тизгинди сол колго тең кармап, оң колу менен камчы
сүйөп, ошончолук катуу келе жатса да, аялдык кылып өйдө-ылдый кыйшайып кетип тизгин жыя
койбогонуна таң калат. Анан энеси жөнүндө ойлонуп: «Апам байкуштун ургаачы болуп
калганын карачы?!» — дейт ичинен.
Уултай бир кезде карагердин оозун жыйып, озуп бараткан Супатайга үн чыгарды. Жайлап
калган Супатайдын артынан дуулдата жете келип, ат үстүнөн эңкейип ыйык жалдын алдына кол
салып кашка кунандын моюн терин сылады. Андан кийин уулу экөө желе бастырып тең жүрүп
олтурушту.
— Кунаныңда чопколонгон сасык тер калбаптыр, балам. Жайлата суутууну көп жеп, ачуу
терлеринен ажыраптыр. Бүгүн көп кыйнабай сууталы. Таң атканча кезектешип, өзүбүз да
уктабай, кунанды да уктатпай жетелеп чыгалы. Күлүк ат чабылар күнү үргүлөп кетсе эти жашый
түшөт да, мууну бошоп, каруусу кетип, эртеси кара тер басып чуркабай калат.
Калыйча кайненеси менен күйөөсү келгенче көк жампадан алоолонто чоң калап, чайын
кайнатып дасторконун жайнатып койгон экен.
Уултай отураар менен чечилип сөз баштады:
— Кудай аман коюп бала-бакыраңар менен эл ичинде эсен болсоңор, эшиктеги эки ат
корооңорду койго, желеңерди уйга, өрүшүңөрдү жылкыга толтурат. — Уултай эки колун жазып
бирде сыртын, бирде ичин күйүп жаткан тезектин табына кактап манчаларын бири менен
бирин укалап сөзүнүн аягын созду. — Бул аттар силердин таалайыңарга жараша табылган мал
болуп калды. Кудай кут кылсын, балдар? Экөөнү тең бүгүн толук сынадым.
Ошол түнү Суртайды жаткырып коюп алачыгына отту чоң калап салып, улам бири келип
бири кетип, кезектешип, отко колдорун кайсашып кашка кунанды үргүлөтпөй жетелеп жүрүп
таңды атырышты. Анан алдына бир боо чөп таштап ооздугун чыгарып отко коюшту. Уултай
кунандын жанына, ээр токумду жазданып жамбаштап кырдана кетти. Кашка кунан чарчаганын
чаалыкканын, кыйналганын билбей, кургап калган ор чөптү карс-карс эттирип күрсүлдөтүп
кирди жаныбар. Асыйы толук жылкыдан бетер күпүлдөтө чөп чайнаганына кубанып, бир чети
анын карылуулугуна ичинен ыраазы болуп таң калып жатты Уултай.
Айчубактын айлы. Үйлөр тоо таяна тигилген. Айылдын ылдый жагындагы кашатта элдин
тилингени билинбейт. Улам үстү-үстүнө агылып келип жаткан көпчүлүк. Ырчысы ырдап,
чоорчусу чоордоп жүрөт.
Күлүк аттардын куйрук жалы шүйүлүп үстүндөгү балдары шымдактай жепжеңил кийинип,
баштарын ар түрдүү өңдөгү жука жоолуктар менен буунуп, биринин артынан бири чубап
«Качан айдаар экен» дегенсип, илкитип бастырып турушат. Келген аттарга Супатай көз жүгүртө
баштады. Тыягы Ат-Башы, Нарындан, быягы Кочкор, Жумгалдан кулак угуп, көз көргөн атактуу
күлүктөрдөн калып жарыбаса керек.
Супатай баласына күлүк аттардын жайын түшүндүрдү:
— Тетиги кызыл көйнөк бала минип бараткан күрөң ат атактуу Дегенбай дегендин аты.
Өмүрү чабылгандан бери байгеге Илинбей кала элек. Анын төмөн жагындагы үч аттан кийинки
кызыл атты көрдүнбү? Айчубактын баласы Султандын өз аты. Былтыр Көлдө чабылып төө
баштаган тогузга чыкты деп уккам. Ал эми тетиги жыландай сойлогон сары тору атты карачы?
Үстүндөгү баласы сары чыптама кийип турбайбы? Бул Карачтын Сары-Кызыл деген күлүгү. Бул
да атыккан ат. Бура тарткан жерден чыгып, «жылт» эттирбей жүрөт. Саяпкери мыкты көрүнөт,
кыл табында экен. Кудай билет, бүгүн ушул чыгат. Анын артындагы белине жоолук курчанып,
боз мата көйнөк кийген бала минип турган карагер — Кашеңчинин Карагери. Карагер ат
асылчыл. Карылуу жылкы. Барганча ат айдоочуну убара кылып жолдо баспай, укурук, менен
сабатып олтуруп барат. Кашеңчи Карагерин да этине келтирген экен. Жер алыс болсо биринчи
байге Карагердики. Жумгал менен Ат-Башы, Нарындан да күлүктөр келсе керек. Алардын
күлүктөрүнүн бирин да тааныбай турам. Бул аттардын ичинде не сонундары жүрөт, балким
ошолордукунан го?
Супатай тиги күлүктөрдү көргөндөн кийин кунанын кошкусу келбей, ала көңүл болуп калды.
«Байгеге илинбей калса уят болуп каламбы», — деген ойго түштү. Суртай өзүнөн-өзү туруп,
атасына дем берди:
— Тобокел кылалычы, ата?! Көп болсо калып калар. Чаппасак үйгө барганда энекемен тил
угабыз.
Суртайдын сөзүнө Супатай демөөр байлап, жетине албай, делебеси кызыды. Анан «Бар
тобокелге» салды да баласынын оюна кошулуп, макул болду. Суртай кашка кунандын үстүнө
чыкыйып олтуруп, тиги чубатуудан өтүп жаткан аттарга кошулду да шуулдаткан бойдон кетти.
Ат кетээрдин алдында атактуу Калмырза ырчы жар чакырды. Курманкул кыякчы «Ат кеттини»
кыл кыяк менен тартты. Жарчынын ырынан улам аттар Кескен таштан коё берилерин уккандан
кийин Супатай: «Жаш кунан зоругуп, жинигип калбагай эле» — деп өз ичинен дагы бир
бушайман болду.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 15
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.