Latin

Кара шумкар - 15

Total number of words is 4157
Total number of unique words is 2228
31.8 of words are in the 2000 most common words
44.8 of words are in the 5000 most common words
50.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Ат айдоочу текирең таскакка салып аттарды катуу айдады. Улам четке чыккан балдарга
сөгүнүп-сагынып укуругун кезейт:
— Ой, жашабагыр?! Төбөңдү муздата чабам. Түз бастыр!
Ат айдоочуну орой, ырайымсыз адамдан тандап коёт. Анткен себеби да бар. Атты көп
чапкан кээ бир кексе балдар өлчөгөн жерге жете электен мурун бура тартып качышат. Мындай
балдарга ат айдоочу укурук менен сес көргөзүп улам шыкап, күш-күштөп айдап олтурат.
Аттардын артында камчы үстүнө камчы уруп Кашеңчинин карагери баратат. Ат айдоочу аны
көргөн сайын улам ызырынып кыжыры кайнап сөгүнөт:
— Ушуну күлүк деп чапкан, — укурук менен сооруга бир салып баласын сөгөт. Териси
өгүздүкүндөй калың карагер аны сезип койсо экен, араң эле чочко текирең, желгени бөрт-бөрт.
Аттар Ак-Жардан ылдый Күржү-Булуңга жакындаганда алдынан бет маңдай үч атчан
жолоочу чыкты. Алардын бирөө чоң жал, чоң куйрук, сүттүү бээдей болгон чоң курсак жалпак
карагер ат минген, тегерегин тегиздеткен бөдөнө куйруктуу сакалчан, оң көзүнүн алдында
бармак басым кызыл калы бар, кара көрпө тебетейин баса кийген, пыязы боз чепкенчен толук
кара киши ат айдоочуну жандап, көп жерге чейин ээрчиди. Кетип бараткан аттардан эки көзү
өтөт. Карагер аттын үстүндө кош үзөңгүсүн каз тамандап тээп тура калып ээгин созуп жогору
көтөрүлүп, улам бир аттан бир атка көз жүгүртүп кыдыратып суктанып карайт. Бул киши
кыргыздын атактуу ат саяпкери Шергазы болчу. Ал учурда кыргызда Шергазыдан мыкты
күлүктү таанып, табын билген адам чанда бирөө болбосо, көп жок. Аттар чубатууга түшкөндө
токтоно албай жеңи желеп, этеги элеп болуп, аттардын тыяк башына бир, быяк башына бир
чаап, жаны жай таппай тынчы кетип, тыбырчылап турма Шергазынын башынан адаты. Качан
гана аттардын баарын бир сыйра көргөндөн кийин, башынан жыккан суудай жоошуп, бир
орунга токтой калып, анан чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып, чекесинен мончоктоп аккан терин
сүртүп эс ала түшчү. Ат кошкону да, кошпогону да, тепсетип кетчүдөй үймөлөктөшүп
Шергазыдан эки көзү өтүп, үстөккө-босток аттарын теминип, «Кана Шеке? Алтын шилекейиңди
чачыратчы?» дегенде, Шергазы баркылдап сүйлөп, аттардын ичине кирип чыккансып
токтолбой шар айтчу:
— Бүгүн баланчанын аты чыгып келет. Андан кийин түкүнчөнүкү, андан кийин
бастанчаныкы.
Катары менен жети атка чейин айтып коюп:
— Калган аттар байге аты каралдаш, опур-топурга кошулуп коюу чаңга аралашып келе
берет.
Дагы кошумчалайт:
— Баланчанын аты күлүк экен, ал суутуусунан кеткен. Түкүнчөнүн атынын бир тери калган.
Бастанчаныкын атынын эти семиз...
Бул эле дейсиңби? Кайсы аттын кай жерге чейин чыгып келерин, анын артынан кимдин аты
жетип басарын кошо сүйлөөчү. Кээ бир ат кошчулар Шергазы тигинтип какшап айтып олтурса
да, анын тилин албай:
— Эмне? Шергазы олуя болуп калыптырбы? Кудай билет, — дешчү. Далайлар анын тилин
албай ээлигип, аттарын кошуп жиберип жиниктирип өлтүргөндөр да болгон эмеспи. Ошол
Шергазы ушул. Шергазы Чүйдөн Кубакынын белин ашып Нарынга жолоочулап бараткан.
Алдынан айдалган күлүк аттар туура чыккан соң, өмүрү ат менен көз ачып, ошого шыгын койгон
саяпкер аларды таштап бастырып кете албай, ээрчиген себеби да ошол.
Шергазы илең-салаң тарткан эки жолдошун камчысынын учу менен имерип булгалап
чакырды. Чоң сууну бойлоп чычырканак, жапан тал аралаш чыккан токойдун жээгине түшө
калып, өлөң сазга аттарын чалдырышып көк шиберге кырдана кетишти. Шергазынын
жанындагы эки жолдошу биринен сала бири суроону үстмөндөтүшүп:
— Аттарды байкадыңызбы Шеке?
— Кайсы ат чыга турган?
— Көп ат экен го?
— Элүүчө бар го?
— Кескен таш дейби?..
— Андан тиги Шамшынын кашаты.
— Аттын далайы жолдо жинигет эмеспи.
— Малдын убалынан коркпогон эл да.
Шергазы аттар кеткен жактан көзүн албай, сүйлөгөндө да ошол жакты карап берки
жолдошторуна жооп берди:
— Бул аттардын ичинде күлүктөр бар экен.
— Деги Шеке, айтчы, кайсы ат чыгат?
— Ичинде бир чабдар кашка кунан баратат. Даана күлүк. Көзүм ошого түштү. Саяпкери да
мыкты окшойт, саал үстүндөгү баласы кичирээк экен, жаштык кылып үзө чаап койбосо ошол
кунан чыгат.
— Койчу Шеке! Жарыктык... Аттан кантип кунан чыксын?
— А... балдар, кунандын кунаны бар. Аттын аты бар. Күлүккө айла жок. Бир аз күтө туралык.
Ушерге келгенде аттар бириндеп калат.
— Койчу Шеке, бастыралы?.. Бараткан жерибиз узак.
— Жок. Кичине күтөлү? Эмгиче Кескен ташка жетип калды.
Шергазы жолдошторунун шашканына болбой, көшүп олтуруп алды. Кескен таштан бери
Шергазылар күтүп олтурган жердин ортосу да өзүнчө бир ат чабым. Ал эми мара кайда?
Шамшынын кашаты. Аңгыча болбой төмөнкү Арсы тараптан асманга созулган чаң чыкты. Оң
колун чекесине алган бойдон Шергазы ордунан ыргып турду:
— Ат келатат!
Үч жолоочу шапа-шуп аттарына минип, жолдун четине чыгып чаңдаган жакты карап
калышты.
— Аттар экен?
— Келатат!
— Атаңдын көрү ээй... Бирөө алыс чыгып алыптыр!
— Тору ат экен!
— Жок, күрөң ат көрүнөт.
Үч жолоочу, жолоочу алын билбей желденип кетишти. Ал эми ушу тапта ат кошкондор
кантип атат болду экен?
Аңгыча болбой Шергазылардын алдынан бай Карачтын сары торусу биринчи болуп
куйругун узун таштап суналып өттү. Артынан удаа Байбучактын өзүнүн Кызыл аты баратат. Бу да
күүлүү. Үчүнчү болуп Дегембайдын Күрөңү. Анын артынан Супатайдын Кашка кунаны.
Шергазы кунанды көргөндө токтоно албай кыйкырып, куйрук улаш кошо чапты:
— Айланайын балам!? Кунаның күүлүү экен, тизгиниңди жыя тарт! Каруусун кетирип
аласың! Үзө чаппа?!
Өз оюнда да ушуну ойлоп келаткан Суртай Шергазыны жалт карап алып, тизгинин
мурункудан да жыя тартты.
Шергазынын балага кыйкырган гана үнү угулду. Ал Кашка кунанга жетип, бир камчы чаап
көңүлүн ала албай калганга өкүндү. Атынын тизгинин тартып, арттагы аттарга аралаша
дабыратып келаткан эки досун токтотуп, Жоон-Арыкты бет алып Нарынды карай жолго түштү.
Жолдо карата Шергазынын жолдоштору шылдыңдаган мүнөздө какшык сөздөрдөн
билгизбей жылдырып олтурушту:
— Шеке?
— И...
— Чыгат деген кунаның өзү менен төрт го?!
— Чыгат! Акыры ошо чыгат!..
— Ой жарыктык, алдынкы үч атка бүгүн жылкы жетпейт.
Шергазы аларды кагып койду:
— Балдарсыңар!? Ат эмес силер, сайрап турган менин тилимди билбейсиңер! Мара кайда?
Дагы кенен ат чабым. Кунан чапкан бала бышык экен. Өлчөп баратат. Тизгинин ээрдин кашына
ороп алыптыр. Шашпагыла, антип-минтип Долондун капчыгайын өрдөгөнчө тиги ат чабыштан
тараган элдин алды бизге жете келет. Кайсы ат чыкканын ошолордон угабыз.
Аңгыча арттан жете келген ат чабыштан тарагандар кашка кунандын чыкканын айтышты.
***
Кашка кунан Айчубактагы чабыштан чыккандан кийин чоң күлүктөрдүн катарына кошулуп,
эл топтошкон жерде сөзгө алынып ооздон-оозго таралып жылдызы көтөрүлдү.
Кашка кунандын Айчубактагы чабыштан чыгышынын жагынан зыяны да болду. Супатай
жана анын үй-бүлөсүнүн тынчы кетти. «Кунанды сатсын» деп күнүгө бир «мыкты» жигиттерин
жиберчү болду. Акыры бербесе тартып да кете турган. Санда жок кишинин ат чапканы да
курусун! Андай неме байгесине да ээ боло албайт тура. Баягы Айчубактагы жүз козудан
Супатайга бешөө гана тийип, калганын ошердеги журт башкаруучулар соогатка деп талап
кетишкен.
Бир күнү Уултай эртең менен эрте туруп, Суранчыныкына басып барды. Суранчы
Байзактарга жакын, Түкө менен болсо негизи түбү кошулган тууган. Бирок Түкөнүн аталары жөн
чыгып, аягы кулга айланып кеткен. Суранчынын аталарынын тукумунан мыкты үзүлбөй келатат.
Акыркы мыктысы Суранчы. Суранчы бирде болуш, бирде бий. Ат жалын тартып мингени
мансап колунан кете элек. Сүйлөсө таңдайынан чаң чыккан чечен. Тыягы Сары Өзөн Чүй, быягы
Көл айланасы, Ат-Башы, Нарындан бери кадыры жетип, сөөк-тамыр күтүп, даңкы алыска учкан
адам.
Уултай эшик ачып кирип барганда Суралчы төшөктөн жаңы туруп кийимин кийинип жаткан
экен. Кичи аялы жүк жыйып, үйдүн ичин иреттеп жүрөт. Коломтодо каланган тезек карабашыл
болуп күйүп, кумгандагы суу ызылдан үн чыгарып турат. Канча кылган менен кул да болсо
тууганчылыгы бар агасынын аялы эмеспи, Уултай кирип барганда, Суранчы нары
митайымчылыгы бар, нары эл аралап жүргөн адамкерчилиги бар, түгөнгүрүн:
— Келиңиз, Уултай жеңе? Быякка чыгыңыз, — деп төр жакты көрсөтө берди. Уултай төргө
чыккандан кетеби? Жылып барып ашкана чийдин аяк жагына жүйүртө басып олтурду. Суранчы
маасысын тартып кийип жатып, токтоно албай сөз баштады:
— Уултай жеңе, келчү эмес элеңиз, үйдөн эрте баскан экенсиз?
Уултай оюнда болгон ишти ачык сүйлөгүсү келди:
— Келчү эмес элем. Келдим, кайним. — Өмүрүндө жеңе дебеген Суранчы жеңе дегенде,
Уултай кайним деди.
— Сөзүңүз болсо айта бериңиз? — Суранчы Уултайдын эмне айтаарын да билип турат.
— Жакшы киши эле болсо, жакшы боло бербейт. — Уултай сөзүнүн башын мактоо менен
баштамак болду. Анткени тигилердин тукумуна мактоо жагат. — Бир уруудан бирөө чыгат.
Бардык адамга жакшы жетеби? Супатай деле сенин жат-жалааң эмес. Распы?
Суранчы башын ийкеди.
— Түбүңөр бирге аталаш туугансыңар. Илгертен бери эскиден калган сөз бар. «Жакшы
элчил болот. Эл коргойт. Жаман үй күчүк болот, күл коргойт». Супатайдын аталары жөн чыгып
калыптыр. Арманын кудайга айтсын. Өз атасы Түкө өмүрү өткөнчө Байзак агаңдын малын
багып, ийни бүтүн кийим кийбей, карды толо аш ичпей жүрүп, бул жалган дүйнөдөн көзү өтүп
кете берди, бечара.
Уултай саал жашыгансып кетти. Анан үнүн каргылданта чыгарып:
— Кайним! Атасы Түкө кул болсо, уулу Супатайдын жакшы чыгар чамасы барбы? Анын
жорго минип, күлүк ат чаба албасына кимдин болсо да көзү жетип турбайбы? Ошондой
болгондон кийин — деп, алоолонуп күйүп жаткан отту тиктеп козголуп Уултай сөзүнүн аягын
улады, — мындан ары жанагы биздеги эки атка өзүң ээ болуп, өзүң баш көз болуп көздөп ал.
Биз жөн гана багып берүүчү малайың бололу. Эки жактан суроочу көбөйүп кетти. Ал аттар
сеники болуп калса, биздин да кулак-жаныбыз тынчый калчудан. Кезегинде кимисин минем
десең ошонусун минип тур.
Суранчы митаам, бүркүтү бөрү алгандай түгү жымырылып, жадырап-жайнап эрди башы
кыбырап, өз оюнда тартып алсамбы деп жүргөн аттар өзүнөн өзү келип колуна нак тийгенге
кубанычы койнуна батпай, бүткөн бою чымырап ичи ысып кетти.
— Жакшы болот, жеңе, жакшы болот. Супатайым менин бир тууганым. Түкө абамын
баласы. Жат-жалаа жок. Тууганбыз. Супатайдыкы меники, меники Супатайдыкы.
Дегеле кой, жапалактайт кайран эр. Мындан мурда кайда жүрдү эле. Баштатан эмне үчүн
ыба карабайт Уултайларга?!.
Уултайдын санаасын тындырып «ак пейилин» айтып, ишендирип жолго салды. Ошондон
кийии Кашка кунанга көз арткан адамдардын аягы тыйылып, тумшукка чапкандай кайтып
жатышты.
Айчубакта Кашка кунан жүз козуга чыкканда «Бул менин атым. Байгесинде эч кимиңердин
акыңар жок» — деп жүз козуну өз алаканына салып, ар кайсы мыктыларга бадырактай чууртуп,
өңүн өңдөп, түзүн түздөп, калганын өзү алып, үйлөп ийсе учкандай беш кебээсин «Мынабу сага
жетет. Көрүп турбайсыңбы, тетиги эл башкарып, журт үстүндө жүргөндөрдүн да көз акысы
бар», — деп Супатайга ээ кылбай күрсүлдөп-тартып жиберген көзөлдүн бири ушул Суранчы
болчу. «Кашка кунан кандай гана болбосун меники болот. Мен барда алар эч кимге бере
албайт. Берген жеринен да алдырып алам. Супатай аттан айлансын», — деп өз ичинен ойлонуп
жүргөн Суранчы. Карагер быштынын катуу жорго болуп баратканын билген эмес. Бүгүн
Уултайдан «Эки ат экөө тең сеники болсунду» уккандан кийин, тартып алгандан бул иш оңой
болгонун билип, эгиз эркек балалуу болгондой сүйүндү.
Уултай Суранчыныкына эмнеге барды дейсиң? Ал деле Суранчынын оюн билчү. Анын
көзүнүн тетир кыйырын байкап жүргөн ичинде. Айрыкча Айчубактагы чабышта кашка кунан жүз
козуга чыкканда байгесин Суранчы бырыксытканын, «Бул ат меники» деп көпчүлүктө
кыйкырып, атка Суранчынын ээ боло калганын Уултай байкуш эчак эле билип, эчак эле уккан.
Укмак түгүл бармагын тиштеп ичинен сызган. Баласы Супатайдын бул шум заманда күлүк ат,
чыгаан жорго эмес, өз башына өзү ээ болбосуна да Уултайдын көзү жетип турат. Супатайдын
акылы, адамгерчилиги, чечендиги, кебете-кепшири, сын-сыпаты, өңү-түсү Суранчыдан өйдө
десе өйдө, акыры ылдый эмес. Жалгыз гана айыбы — кулдугу!
Жаркырай жаз келди. Мындай жаз Кочкордо чанда бир жылдарда болот. Жумгал менен
Чүйдө чын куранда кош чыгып, бугуда мал көккө карк болуп калган кезде, Кочкор заарын
бетине алып, булуттар кубаңдап, тоо-тоонун башы менен туз сураган төөлөрчө топтошуп
локулдап желип, эки-үч күн мурун күн жылт эткенде жазды чакырып аккан сары сууларды чор
кайната тоңдуруп, тору этинен ажыраган арык-торуктарды ого бетер тоголотуп кетчү эле.
Быйыл жаз эрте да башталды, жылуу да болду. Кун чыгаары менен илеби мемиреп, үп этип
жел сокпой, майда балдар алыштагы сууда жылаңачтанып киринишип, капталдары чамбыл ала
баткак болуп, өзүлөрүн өзү май куйрукка алакандарын шапалак кылып «чак» эттире басып
алып, кулун тайларды туурап баштарын чулгуп, татырактап жүрүшөт.
Күн жааган сайын жамгырлап, арты жылуу ачылып, жөө тумандап жер боргулданып
бууланып тердеп, кадимкидей көктөй баштады. Адегенде шыбак жарылып чий дүңгөлөдү.
Анан биринин артынан бири жабалактап көк чыгып олтуруп бир жумага жетпей ой-тоо дебей
жашыл бачайыдан көйнөк кийгендей кулпунду. Жутамчылыкта козусунан качып тыбырчылаган
койлор, азыр өзүлөрү издеп мекиренип, чуркап жүрөт. Жаткан-жаткан, турган-турган жеринде
дегендей жан жаныбарлардын баары жаз жыргалына бууланып ыракаттана түшүп жаркырап
жайнап маашырланып калышты.
Чын куранда Кочкордо буурусун чыкты. Байлар бугу жаңырары менен жазгы көктөмдү
төтөлөп көчө башташты. Жакада баягы Супатай баш болгон он чакты түтүн жатакчылар
калышты. Кашка кунан Айчубакта чыккандан бери Супатайдын зоболосу көтөрүлүп, өйдөкүлөр
теңине албаса да, жатакчылары кадырлап, алар Супатайды караан тутушат.
Уултай эне бир күнү Супатайга кайрылып мындай деди:
— Кашка кунан үч маалына жетти. Бышты болду. Мындан ары мунун кунан, бышты аты
өчөт. Ат деген атка конот. Эми муну былтыркы Карагер жоргодой бычтырып, Кара-Колго коё
бер. Сөөк-саагы түзөлүп мындан да жакшы оңолуп келет. Карагер жоргону жайкы жумушуңа
минип кал. Жайлата биз аны менен алек бололу.
Супатай ат жагынан Уултайдан кеп талаша алчу эмес. Энесинин айтканын айткандай,
дегенин дегендей орундатчу. Эне-баладан бул экөөндөй бөтөнчө ынтымактуу жок эле. Кашка
бышты жөнүндө энесинин акылын «лам» дебестен кабыл алды да, иштин баарын Уултайдын
оюндагыдай аткарды. Кашка бышты жайлоого кетти.
***
Уултай жаш кезинен тартып эки ооз сөзүнүн бирөө жорго менен күлүк жөнүндө болор эле.
Илгери келин кезинде жаман кара алачыгында оттон чоң калап алып, коломтого бутун салып
олтурган Супатайга: дулдул, тулпар, аргымак, тобурчак, күлүк, жорго жөнүндөгү жомоктордон
көп айтып берчү. Супатай ошондо эле күлүккө шыктуу болчу. Энесинин жомогун жантыгынан
жата калып ынтаа коюп укчу. Түкө болсо өмүрү жылкы үстүнө чыкпай, жайдак өгүздүн жонунда
жайлап-кыштап жүргөн байкуш, жомоктун баш жагын угуп келип, керели кечке кой артынан
чой-чойлоп чарчаган неме, бат эле үргүлөп уйкуга кетчү. Уултайдын жомогун кээ бир күндөрдө
Байзактын көпкөн келин-кыздары да келип угушчу:
— Биздин жер бөксө-бөксө адырлуу чабыр келип, жайкысын таш күйгүзгөн чөл, күзгүсүн
керимсел жел жүрүп, мунарыктап куму көчүп турган жер эле. Атам анчалык ашынган бай эмес,
алынча оокаты бар, анан ченемсиз саяпкер болчу. Атамды эл кадырлашчу. Айыл мыктылары
күлүк болчу аттарын жашынан сынатып, анын табын сурап атамды колмо-колдоп турушчу.
Көбүнчө атам тулпар чапчу. Тулпар деп күнү-түнү чапса да чаалыкпаган, айлап жол жүрсө
азбаган, ач-тогуна кайыл малды айтат. Балдары токтобой жүрүп, мени улгайганда көрүп: «Эми
ушул кызым аман болсо болду. Уулум жок болсо да уул катары көрөйүн» деп, атымды өзү
Уултай коюптур. Мен эс тартып чоңоюп, алты-жети жашка барган кезде, энем эгиз эркек бала
төрөп берди. Эгиздин атын уйкаш коет тура. Мурун жерге түшкөнүн Супатай, кийинкисин
Суртай койду. Мен чоңоюп бой тартып он төрт, он бешке келгенче атам эркек кийимин
кийгизип, «кыз» деген сөз оозунан чыгып кеткендер менен урушуп жүрдү.
Атам кайда барса мени ээрчитип, жанынан чыгарчу эмес. Жорго мингизчү, күлүк болорун
атаман үйрөндүм. Атам бир жылы кумдан энеси тууп таштап кеткен балким үйүрү бир нерседен
чочулап үркүп кетсе керек жетим көк кулун таап келди. Бээге жагызып, кээде өлүү сүт берип
жүрүп, багып чоңойттук. Баладан бетер атамды, көбүнчө мени кайда барсам да ээрчип алчу.
«Талаадан таап алдык деп эч кимге айтпагыла, кудай аман койсо бул көк кулун, көк тулпар
болот» деп жүрдү атам.
Кулунунан тартып колдон тамак жеп үйрөнгөн неме, кийин чоңойгондо кайсы жерден
бошонсо, ошо замат сызган бойдон үйгө келип бир тийчү болду. Анын бир кыялы бизге жакчу.
Тулпар жашка толуп, тулпар-тулпар болуп калган кезде бир жылы күзгө жуук казактын түндүк
чети бекен, кудай ай, кай жеринен экенин обол акы толук биле албайм, баш байгесине миң
жылкы сайган атактуу бектин ашы берилери жөнүндө кабар келип калды. Атамдын күн-түнү
тынчы кетип, уйкудан безип, көк тулпарды ошол ашка даярдай баштады. Кош тизгин катып
суутуп бир тизгинин үзөңгүнүн алдынан алып келип басмайылга бекитип, жумасына үч-төрт
жолу таңашырып, өзү отко коюп, өзү терип кырып өзүнөн өзү тулпар менен убараланып жүрдү.
Кай бир учурларда атамдын эки-үч күндүк жолго чыгып кетип, ат үстүнөн тамактанып, тулпарга
тал чөп үздүрбөй, тамчы суу таттырбай чаалыктырып келип жатып калган күндөрүн көрчүмүн.
Көрсө, а киши тулпардын чыдамдуулугун сынап жүргөн тура. «Тулпарымды Уултайыма
чаптырам. Муну башка бала чаба албайт», деп энеме атамдын айтып жатканын угуп, «чапсам
экен» деп дегдеп калдым. «Эртең жөнөйбүз» деген күнү кечинде мага мингизип, айылдан
төмөн обочодо камыштуу башат бар болучу ошого «сугарып кел» деп жиберди. Супатай, Суртай
бөбөктөрүм чоңоюп, үч-төрттөргө чыгып калган. «Жакелеп» жүгүрүшүп, артыман ээрчип
чуркашканда энем чакырып аларды алаксытып калды. Эки баласын эки колуна жетелеп
баратып, эмнегедир энем мени кылчайып карап көпкө чейин тиктеди. Ал менин тулпардын
үстүндө олтурганымды көрүп, «Эркек болуп эмне калбады экен, байкушум» деп ойлоду го?!
Мен аны энем айтпаса да көз кырынан билдим. Ошентпедиби, айланайын энекем. Менин кыз
болуп калганыма өкүнбөдүбү?.. Байкуш энекем...
Башатка барып, тулпардан түшүп, ооздугун бошотуп, чылбырынын учунан кармап, оюма эч
капар албай сугарып жатканымда артыман камыш шуудурай түшүп, бир балбан кол келип туура
сыга кучактап оозумду тумчуктура басты. Тулпардын үстүнө чыга албай калып колго түшкөнүмө
көзүм жеткен соң, чылбырды коё бердим. Тулпар ойноп кетти. Аңгыча болбой биздин айыл
тараптан «жоо тийди» деген чуу чыгып калды. Мен жоонун колуна түшкөнүмдү ошондо
билдим. Колу-бутум байланып, эки көзүм таңылып көп күн, көп тун жол жүргөндөн кийин мени
чечип коюшту. Кайсы жол менен, кайдан келгенимди билген жокмун. Андан кийин да далай
күн, далай түн жол басып ушул Кочкорго келдик. Нечен бел аштык, эсепсиз суу кечтик. Алда
Супатай, Суртай боорум ай!.. Алда айланайын, апам ай! Мени эмне ошондо телмире карады
экен? Мени эмне ошондо көпкө чейин тиктеди экен? Көрсө акыркы жолу коштошкону тура.
«Сени мындан кийин көрбөйм, сен да мени көрбөйсүң» деп, тиктеген тура. Уултай көпкө чейин
тынчтана түшүп, анан: «Ошондогу энемдин эки баласын эки колуна жетелеп бараткан элеси,
күнү бүгүнкүдөй көзүмө карааны көрүнүп турат!» деп сөзүн бүтүрчү.
Уултай ушул өзү жөнүндөгү жомогунун аягына чыкканда көзүнүн жашын көл кылып, колубашы, бүткөн бою калтырап, Супатай, Суртай боорун айтып, атасын, энесин козгоп боздопбоздоп, буркурап-буркурап кетчү. Анда Супатай бала эмеспи, энесин көрүп кошо ыйлачу. Кийин
Супатай Калыйчага үйлөнүп, Суртай төрөлүп, чоңоюп тестиер болуп калганда да ушул жомогун
Уултай небересине айтып берип жүрдү. Анда келини Калыйча ал да башынан жетимдикти
өткөргөн муңдуу, шордуу да кошо ыйлачу болду.
Байзактын көпкөн келин-кыздары Уултайдын жомогунан кийин үйлөрүнө тарап бараткан
жолдо шаракташып, бөйрөктөрүн эки колдоп таянышып, жин тийгенсип эки алакандарын
чапкылашып күлүшүп:
— А байкуш, Уултай күң!.. Тулпар чапчу тура. Мактанат, андай эле тектүү жердин кызы
болсо, ошончо жылдан ушунча жылга чейин ың-жыңы жок таштап койбой, атайылап бирөө
издеп келбейт беле?
— Болбосо, ошо жоо тийген күнү артынан баатырлары кууп жетип, ажыратып калбайбы?
— «Эл башкарган көсөмү жок, жоо бетине чыкчу берени жок», чөл кыдырып эчки, төө саап
каңгып көчүп жүргөн томаяк казактардан да.
— Кур мактанганын кара байкуштун?!
— Антпегенде кантет байкуш күң?! — Ха... ха-халап, үрккөн субай жылкылардай
шатырашып шылдыңдап кетишчү.
«Ата-энем болсо өлгөндүр. Мен ошол эки эгиз бир тууганымдын атын эстеп жүрөйүн деп,
балдарымдын атын Супатай, Суртай койбодумбу?! Ошол эки бир тууганымдын эсендик,
кабарын угуп өлөр күнүм бар бекен?!» деп Уултай ар качандан бир качан ботосунан ажыраган
ингендей боздогондо адам жанына туралчу эмес. Анын экинчи арманы көк тулпарды миң
жылкы сайылган ашта бир чаппай калганы болчу.
Карагер жоргого Уултай кылдат мамиле кылчу болду. Бир күнү баласына:
— Балам, сен мунун көзүнө караба. Бул күлүк ат эмес, бир кыйналса, эртеси курчу түгөнүп,
чуркабай калгандай. «Эркенин жашы, жоргонун тери кургабайт» деген. Жоргонун иши жорго.
Жүргөндө көзүн карап аяба, катуу жүр. Кунан тайында бөжүп жоргологон жылкы чыгаан жорго
болбойт. Ал кур гана шым жыртар болот. Жорго болчу мал быштысынан тартып арбытат. Ага
чейин улам жаңылып, даана таба албай, ооздугун тиштеп тоңкочуктап алабарман салып жүрө
берет. Жоргону үйрөткөндө жазгысын айдоого салдырып үйрөтүш керек. Колтугу керилет.
Жанылууну унутат. Өмбүл-дөмбүл, аң-дөңгө салдырган түзүк болот. Буту-колу жер таанып бат
машыгат. Эки күндүн биринде кыйнап келип суутуп, таң ашырып турган жакшы. Жөн гана
жүрүштүү ат катарында минип жүрө берсе, жорго болбой жоон-жолпу ат болуп калат.
Мындай акылын Уултай Супатайга нечен-нечен айтчу. Уултай карагер жоргону өз ою менен
таптатып, өз ою менен сууттуруп жүрдү. Улам барган сайын мүчөсү чыгып, сыртына тартып
чыңалып, чатырап жооное баштады. Соорулары казанбактай көмкөрүлүп, жал, куйрук төгүлдү.
Буту-колу түзөлдү. Кийин күзгө маал жоргосуна аттын аты жетпесе, жөнөкөй чобурлар артынан
самсып, алда кайда калчу болду. Ошончосуна жараша жеткен аймаңкы. Канча чөп салсаң тал
калтырбайт. Акырына куурай таштасаң да аймайт. Мейлиң чий жулуп келип салып кой, түбүнөн
бери жейт. Арпадан бир чоң чака илсең чай кайнамда эчтеке жок. Кайра таңашкан жылкыча
окуранып ээсин карайт. Таң каласың. Жылкынын меши. Мунун сыры белгилүү болуп калды. Бул
өтө карылуу ченеми жок малдын алпы.
***
Өзүкбай болуш Суранчы менен ага-ининин баласы. Жети атасынан бери элге үстөмдүк
кылган манаптын тукумунан. Болуш болгусу келсе болуш болот, бий болгусу келсе бий болот.
Ал өмүрүндө мал күтпөгөн адам. Аны «үрүп чыгар ити жок томаяктын бири экен» деп ойлоого
болбойт. Кар жаабаган кара Кочкор өрөөнүндөгү бай жардынын малы бүт бойдон
Өзүкбайдыкы. «Малга ээмин» деп багып жүргөндөрдүн курулай убарасы. Алар малга ээ эмес.
Малдын ээси Өзүкбай. Жайкы-кышкы согуму өзүнөн өзү келип, эшигинин алдында даяр болуп
турат.
Эл жайлоого чыкканда Өзүкбай кошо чыгат. Кочкор ичиндеги кайсы гана жайлоо болбосун
ошонун бирине Өзүкбай барып конду дегенче, ал жердеги элдин тынчы кетти дей бер. Аны кой
дээр кожо, ай дээр алла жок.
Жайлоого Өзүкбай жалгыз өзү көчүп барса эмне? Анын кызматын кылып, жайды жайлата
малын союшуп, конок келгенде күн-түн дебей каралашып, аларды аттантып-тондонтуп узатып
туруш үчүн да киши керек го. «Ошондой ишине жарайбыз» деп кошо ээрчий көчүп жүргөн
кошуна-колоңдору өзүнчө бир айыл журт. Мына алардын да ичкен-жегени, сойгон согуму ошол
Өзүкбай барган жайлоодогу элдин жонунан болот. Өзүкбайдын чамгарагы көтөрүлүп, үйү
журтуна тигилер менен алды тай, аркасы кой-козу болуп, биринен сала бири, бир чети
кошоматка, экинчи чети коркконунан өрүлүк деп алпарып бере берет. Келген малдар күнүгө
союлуп турат. Анан өрүлүктүн малы түгөнүп, конок аяк көп келип карбаластап, шашылып
калганда Өзүкбай болуш туш-тушка киши чаптырат. Тай союлчу коноктор келсе тайга, кой
союлчу коноктор келсе койго чабат жигиттери. Бир бечаранын жалгыз баласына энчилеген
жорго тайы болсо да алдырып келип сойдуруп таштайт. Өзүкбайга кыңк эткен жан болбойт.
Ачуусуна тийгенин өлтүртүп коет, тамаша кылгысы келсе урдуртуп таштайт.
Өзүкбай болуш бээ байлап, саан саабайт. Анын жүз баштуу ак ордодой үйүнүн бир
капшытында кереге башы кур эмес. Кып-кызыл ышталган он чакты эркеч чанач кымыз чымчып
буулуп, ичке бучкактары дердейип, түпкү жазы булуңу ылдый карай салаңдап жерге тиертийбес болуп, илинүү турганы турган. Болуштукуна кымызды кыйгыл алып келгендерде да жан
жок. Чаначын тилдирип, кымызын төктүрүп, өзүн токмоктотуп кое берет. Экиден төрт жигит
тиги тизилип турган чаначтардын улам бирин чечип алып, бирөө түпкү бурчунан, бирөө оозун
толгой кармап, бирин көздөй бири лүк-лүк эттире уруп, кара терге түшкөнчө кымызды
чайкашат. Антпесе аларда да жан жок. Кымыз бал татыбаса кордук көрүп калышат.
Мына ушундай дөөлөтүнө мас болдубу, же кудай теңирин тааныбай көөп кеткендиктенби,
же жаш кезинен тартып болуш бий болуп ата-бабасынын сыймыгы учурдубу, айтор эмнеден
себеп болгону белгисиз Өзүкбай болуш апийим ичкенди наз кылып, анын бүткөн бойду эрите
көшүлтүп термелткен ырахатына маашырланды да, жан дили менен ошого берилип кетти.
Болуштукту да таштады, бийликти да таштады. Жалаң гана апийимди кууп ичип, ошонун
артынан түштү да калды. Апийими жок ал бир күнгө да чыдай албай турган болду.
Ошол жылы Өзүкбай болуштун айлы Сарала-Саз жайлоосундагы «Айтаке-Чуңкур» деген
конушта олтурушкан. Өзүкбайдын аялдарынын сарамжалы жоктугунан эстерине «жара чыгып»,
болуштун апийиминин түгөнүп калганын билишпейт. Бир күнү эртең мененки чайда Өзүкбай:
«Апийим бергиле», — деп аялдарына ишаарат кылса, апийим жок. Жокту күн мурун
эскертпегендиги үчүн аялдарынын жаны чыгып кетет. «Эртең кечтен калса Өзүкбай өлдү» дей
бер. Аны аялдары эмес тегерегиндеги коңшу-колоңу, жигит-жалаңы, ага-тууган, ага-иниси бүт
билет. Анан айлалары кетет. Эмне кылаарын билишпей далдайып туруп калышат.
Токмокто Өзүкбай болуштун Ажы имам деген өзбек досу бар. Апийимди жайы-кышы
жетерлик кылып, ар жыл сайын ошол Ажы имам досу даярдап берчү. Кокус түгөнүп баратса
жугун үзбөй күн мурун ошондон алдырып турчу. Мына эртең Токмокко киши чаптырыш керек
болуп калды. Өтө шашылыш. Буга бир күндүн ичинде кандай ат, кандай киши чарчабайчаалыкпай жетип барып келе алат. Токмоктон жакын бул Кочкор аймагынан апийим табылчу
бир да жер жок. Токмок менен Сарала-Саздын аралыгы нечен катмар тоолор, ортосун
Шамшынын бели туура тартып комдонгон атандай бөгөп жатат. Буга канаты бар жылкы болуп
учуп жетип барып келбесе, башка мал барып келе алчудан эмес.
Аркы бети да, берки бети да деген аттарга эки күндүк кере жол. Анан дагы түз болсо эмне?
Барчу жолдун ою-кыры, кокту-колоту, тоо-торпосу көп. Агыны катуу суусу бар. Капталдары
кыямат кайым бийик жар. Пай-пай, пай-пай! Муну ойлогон адамдын азат бою тик турат.
Өзүкбай иниси Суранчыны чакыртты. Абалды уккандан кийин иштин чатак экенин түшүнгөн
Суранчы тизгин учу менен чаптыртып Супатайдын карагер жоргосун алдыртып келди. Жоргонун
артынан Кашка атты минип Уултай да кошо келди. Болуштун ага-иниси чогулуп акыл
токтотушту. Токмокко күнүн жетип барып келгенге Карагер жоргодон башка жарачу жылкы
жок. Бир жараса ушул гана жарайт. Муну минип ким барат? Кеп ошондо калды.
Кокон Өзүкбай болуштун өзүнө жаккан бирден бир жигити. Бөрк ал десе баш
кескендерден. Өзүкбай дегенде өлөөр тирилээрине карабайт. Бирөөнү тап берип кой десе,
төбөсүн жара чаап жибергендин бири. Ал барган жерде жумуш чийки бүтпөйт. Алып кел
дегенин алып, жулуп кел дегенин жулуп келет. Өлтүрүп кел дегенин өлтүрүп келет да, уруп кел
дегенин уруп келет. Ошондоюнан Өзүкбайга жагып жүрбөйбү Кокон. «Токмокко ким барат»
дегенче эле, «Ага менден башкаңар жарабайсыңар» — деп элдин арасынан атылып чыкты
Кокон. Кокондун барышын эл туура тапты.
— Кокон жарайт. Кокон барсын!..
Кокон ошол күнү кечинде Карагер жоргону суутуп таңга маал жөнөмөк болду. Уултай
ичинде: «Башка бирөө минсе болот эле» деп кыйылып турат. Айласы канча, атка ээ болуп
калыптырбы Уултай. Ал Карагер жоргонун бир күнкү терин аяган жок. Жалгыз гана корккону:
«Тиги Өзүкбайдын арткан тамагына семирип, кой дээр, ай дээри жок көпкүлөң тартып кутуруп
турган «арам» өйдө-ылдыйды ылгабай курч жылкыны бардыктыра жүрүп, жиниктирип
өлтүрбөгөй эле» деп ошондон коопсуп, ошондон шексинип жатат.
— Кокон — деди Уултай, — Болуштан аттын күчүн эмес башын аябайбыз, ошентсе да «ат
кадырын билбеген минип өлтүрөт, адам кадырын билбеген уруп өлтүрөт» кылбай этият бол.
Ары баратканда да, бери келатканда да белдин ар жак, бер жаккы бийик капталдарынан жай
чыгып, жай түш. Андан аркысын өзүң бил. Жалгыз гана айтарым Токмокко жакындаганда көк
бедеге чай кайнам чалдыр. Токмокко жеткенде Чүйдүн суусунун ирим жерине жетелеп барып
көлбүтүп ал. Анан суу жээгиндеги жумшак кумга оонат. Ажы имам бир боо кек беде же беш,
алты кочуш жемин аябас. Ошону чайнаткандан кийин кайра тартасың.
Өмүрү сиз-бизди билбей, Өзүкбайдын айдыңы менен башка жат адамдан кагуу жебей,
оройлугу ашынган Кокон, Уултайды кабагын салып теше тиктеп туруп ага тумшугу менен корс
этип бир тийди:
— Ээ шерменде, сенин оюң менен болсом күнүн барып күнүн келе аламбы? Мага
жоргоңдун өлүү-тирүүсүнүн кереги эмне? Жорго эмес өзүм өлсөм да Өзүкемин «дарысын» бир
күндөн калбай тез алып келишим керек.
Таң ата, таң ата Сарала-Саздагы Айтаке-Чуңкурдан сыздырып Карагер жорго менен
Токмокту көздөй Кокон жол тартты. Шамшынын белинен Кочкор жаккы багытындагы торпусуна
чейинки катар-катар мойнок жолдор, кокту-колот, жыбыт-жылга, салаа-салаа белестер биринен
сала бири артта кала берди. Таңга маал чабытка чыккан таптагы кара барчындай кайкып,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 16
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.