Latin

Кара шумкар - 12

Total number of words is 4065
Total number of unique words is 2108
30.5 of words are in the 2000 most common words
42.0 of words are in the 5000 most common words
48.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
солуп кирди, семиз арам. Анан үчөө арылап бастырышты. Буга чейин Кадыркул менен
Курманкулдун кара кушу салынган жок. Кара куш көрүнгөн илбесинге жулунуп, буларды
кыйнабайт. Тек гана айланага көз жүгүртүп, анда-санда Жамангулдун чаркыраган азоо кушунан
кооптонгондой ал талпынган сайын корккондугун билгизип, жүнүн үрпөйтөт да, былкылдабай
колдо нык олтурат. Кокус ал түптүз качырып сала берсе, чырылдаган бойдон аттардын төрт
аягына топ этип түшө качканы турат.
Дагы бир топ жерге чейин келгенде тиги Жамангулдун кызыл кушу канат-куйруктарын
жыйып, кышылдап акактабай эс алып калды. Буга чейин күн кере шашке болуп калган. Ошо
күнү күн кышкы күндөй болбой, күзгү күндөй ысыды. Кадыркул менен Курманкул эптеп эле
кызыл куштун качканын тилеп келатышат. «Эми бир жанагыдай болсо ээ. Күн да катуу ысыды.
Кызыл куштун эти эртең мененкиден да чыңала көптү. Кокус дагы бир асманга көтөрүлсө, үндөк
эмес артынан тирүү жаныбар ала чуркаса да, кылчайбастан жоголор эле».
Куш качып кетсе Жамангулду шылдыңдагысы бар бул экөөнүн: «Кушту кантип ушундай
салсын. Мүнүшкөр эмес турбайсыңбы? Биздин элде сендейлерди мүнүшкөр дебейт. Кушуң
жапан кезинен артык семиз тура. Анын үстүнө колуңа да үйүр алып, жоошуй элек экен. Анан
кантип колго токтосун. Мына эми эр болсоң кушуңду таап ал» деген сөзгө кудай буларды
эртерээк жеткирбей жатпайбы?!
Мампаңдап басканына караганда алыстан жапан каздай көрүнгөн бир караанга жакындап
келишсе, ала карга болуп чыкты. Аны көргөндө Кадыркул менен Курманкул: «Кушуң ала карга
алабы?» дешти.
— Алчу эле, — деди Жамангул.
— Алса, салып керчү тигиге?
— Салса, салайын, — Жамангул чукул тооруп барып, кызыл кушту ала каргага шилтеди.
Кадыркул менен Курманкул «Болсо ушундан бир айла болоор» деп ичтеринде тилеп турушту.
Куш баягысындай катуу качырып барып, ала каргага жабыша тушту. Мерчемдүү жерге тырмак
батыра албай калганбы, карга бакырып жибергенде аны колунан чыгарып ийди. Куш дагы
асманга атып чыкты. Бул жолу мурункусунан алда канча бийик көкөлөп, карааны таптакыр
үзүлдү. Кадыркул менен Курманкулдун кыбасы кана түштү: «Ай эми «колдогону» болсо да,
кызыл куштан ажырады го».
Жамангул бул экөөнөн дагы бөлүндү. Көк кашка жоргону сыздырган бойдон теңирден
тескери алыс кетти. Далай жерге баргандан кийин жоргонун тизгинин жыйып, кемерче жардын
кырына чыга калды да, колун созду. «По» деп үн чыгарганда, көк асмандын койнуна эчак житип
кеткен кызыл куш жогорку бийиктен төмөн ыргытылган таштай зуулдаган боюнча келип,
Жамангулдун колуна конду. Кадыркул менен Курманкулдун көзүнө Жамангул асмандан түшүп
келаткан топту тосуп алгандай көрүндү. Сыягы канчалык алыс жүрсө да, эки көзү Жамангулда
болсо керек кызыл куштун. Кадыркул менен Курманкул мурункудан да бул жолу төрт эли
бөксөрө түшкөндөй болушту. Баштары ат жалына салаңдап, Жамангулду бет алып, өйдө карай
албай калышты.
Жамангул келгенче экөө аргасыздан каталыктарын моюндарына алышып, кобураша
кетишти. «Ай, буга айла жок экен го! Мүнүшкөр болбосоң коё кал! Буга бир тең келсе биздин
Кудайберген тең келээр, болбосо...»
Жамангул кушуна ат үстүнөн бирдеме чокуткан болуп, булардын жанына жай бастырып
келди: «Күн да ысып кетти, бул кушту колго тийгенден бери жалгыз салып жүрчүмүн. Ошого
көнө калса керек, силерден чочугансып, жапан куштай чыркырап туруп алды. Алыс барып
үндөгөнүмдүн себеби да ошол. Үчөөбүз бир турсак, кайра кайрылып келбечүдөй. Мен муну
кечки сыдырымда салайын. Ага чейин күйүккөн деми басылып, эти муздай түшсүн. Өзөгү
коолдоп ачылсын. Учуп-конгон илбесиндерди көрүп, ышкысы күчөсүн. Түш ооганча силердин
кушту салалы. Буга кандай дейсиздер?»
Кадыркул менен Курманкул жүйөлүү сөзгө аный дешмекпи. Ансыз да Жамангул эмне десе
ошого макул болбоско аргасы жок болчу.
Күрүчтүн балындагы өрдөк, кыргоолдор кечекиден да көп. Учурсаң таранчыдай дүр дей
түшөт да, өйдө көтөрүлө түшүп, көп алыстабай, кайра экинчи орунга которулуп коно беришет.
Талашып дан тергенге кызыгып калган немелер куш эмес, бүркүт келсе да сезе турган эмес.
Кара куш түш кыйкайганча өрдөк, кыргоолу болуп жетини араң алды. Акыркы алган
сегизинчиси өрдөк болчу. Кадыркул өрдөктү куштан ажыратканы жатканда обочороок жерде
турган Жамангул чаап жете келип, сол колун жайкап жиберди: «Коё тургулачы ажыратпай».
Тигилер токтоп калышты. Анан ал ат үстүндө туруп, тиги экөөнө «Байкасаңыздар, кушуңар
өрдөктү кармап турабы же алаканы менен басып, өрдөктүн үстүндө бош конуп олтурабы?»
деди.
Кадыркул менен Курманкул дааналап көз кырын салса, Жамангул айткандай кара куш чын
эле өрдөктүн үстүндө туурда олтургандай бош олтуруптур. Тырмак батырып, мыкчыбайт. Өрдөк
байкуш коркок болот эмеспи. Куштун таман алдында былкылдабастан «өлгөн экемин» деп
мойнун укуруктай созуп, эки көзүн жалдыратып жата берген тура. Кичине козголуп койсо,
куштун колунан чыгып кетмек экен байкуш өрдөк. Баятан бери өрдөк, кыргоолдорду каруусуз
куштун кандай алып жаткандыгын, акырында ал күчтөн ажырап, колу карыша түшкөнүн тиги
ашынган мүнүшкөр түгөнгүрүң сыртынан байкап турган тура. Ал мындайдын далайын башынан
өткөргөн кыраан да. «Болду токтоткула, ошол өрдөктүн этине чала тойгузуп, сылама жемсөө
кылып койсоңор болот. Көп тойсо кышкы суукта сиңире албайт. Арык куш жем чачып, өлүп
калат. Эми кечке мен кушумду салайын» деп койду Жамангул. Жамангулдуку туура да, алар
эми салган менен да кара куштун таранчы токтотоор алы калган эмес.
Жамангул кызыл күүгүмгө чейин салды кызыл кушту. Мууздоосунан чала-була чокутуп коёт
да, кайра көк кашка жоргого шак минет. Куш кызыган сайын, улам күчөп жатты. Караңгы
түшпөсө тажай турган эмес кызыл куш. Эн акырында бир балапан бостек алды эле, ошонун
этине кушун нык тойгузуп койду. Кушка жем берип жатканда Кадыркул менен Курманкул ат
үстүнөн Жамангулду карап турушту. Бостектин жүрөгүн, бөтөгөсүн, эки бөйрөгүн кушуна
жедирген жок. Аларды ыргытып таштады. Акырында бостектин өр жүнүн тери-мериси менен
үзүп алып, ич канга ары-бери буйдалай салды да, кушка эт катарында сугунтуп жиберди. Бул
таң кала турган иш эмес. Муну мүнүшкөрдүн баары эле билет. Анын маңызын куштун жемсөөсү
шимип таштагандан кийин кадимки суусу сыгылган жүндөй кургап түшөт. Эртеси күнү алгыр
канаттуулар аны кулгуп таштайт. Ал жемсөөдөгү акыр-чикирлерди, кыл-кыбырларды өзү менен
кошо жабыштыра чыгат да, куштун ичин ачып, өзөгүн коолдотуп таштайт. Муну мүнүшкөрлөр
«коё» деп коюшат. Коёсун таштабаган алгырлар эч нерсеге көңүлү келбейт. Майга тоюп,
кылгырган адамдай жүрөгүн тиреп, дүпүйүп туруп алат. Салып жүргөн алгыры коёсун
таштабаса, мүнүшкөрлөр аларды талаага кондуруп чыгышпайт.
Булар күүгүмдө, эл тегиз орунга олтуруп, көз байланганда үйгө келишти. Бул түнкү
олтурушта Жамангулдун эки коногу ооз ачып сүйлөшкөн жок. Тек гана анын сөзүнө кулак
төшөп, жалдырап карап олтуруп беришти. Баса, эмнени сүйлөшөт ал экөө?.. Сүйлөөр жери
калдыбы? Жамангулдун бүгүнкү жоругу алардын тилин байлап салбадыбы.
— Силердин кушуңар мен болбосом түндө өлүп калат болучу,— деди Жамангул.
—Арык кушту да кыштын күнү ошондой тойгузасыңарбы? Мештин жанына тамагы сиңгенче
кармап олтурбай, кокус ошол бойдон боз үйгө алып барчу болсом, жемин чачып, майып болуп
калмак. Арык куш ашыра жем жеп койсо, түнкү суукта каруусу жок неме сиңире албайт. Кайра
оозунан кулгуп, туурдун тегерегине этин кусуп таштайт. «Куш жем чачып калыптыр» деген сөз
ошондон калган. Малдыр, жандыр, мейли канаттуу болсун, тамакты карылуусу бат сиңирет.
Жем чачкан куштун чанда бирөө аман калбаса, оңой менен тирүү калбайт. Мүнүшкөрү гана чай
суутуп берип, эки-үч күн ачка байлап, анан аман алып калат. Антпесе, өлөт. Жем чачкан куш
тилин салып, акактап калат. Анткени ичи ысыйт. Суусаак болот. Ошондо кайнаткан чайдан
тундуруп, саал жылымыгыраак кылып, таза идишке куюп, жанына коюп коюш керек. Куш анын
жылуу экенине карабай улам-улам ууртап-тата берет. Ошондо жемсөөдөгү сасык жыт чыгат.
Куш бир айыкса, ошондо айыгат. Бир жумага чейин салбай, жаңы эттен ач өзөк кылып, бир
маал чокутуп коюш керек. Тойгузуп койсо болбойт. Анда өлтүрүп аласың.
Мен кушту кышкысын семиз алып жүрөм. Куш эттүү болсо суукка байымдуу болот. Арык
куштай күчүн жоготпойт. Душманы менен кармашканда колу карышпайт. Кушту күнүгө салсаң,
анын да ышкысы жанып, сонуну тарайт. Жадап калат. Эки-үч күн үйгө таштап коюп, эргитип
туруп, анан-салыш керек. Ошондо куш бүгүнкүдөй канча болсо да чарчабай ала берет. Ага
чейин башка кыраандарың болсо эрмегиңди кыла бер. Ургундай кушту ундөкчүл кылбасаң
жоготосуң. Алыстап кеткен адамды кыйкырсаң кайрылбай кеткендей, анан асманга чыгып
көкөлөгөн канаттуу сага бурулабы? Менин кушумдун үндөккө капкайдан келип жатканынын
өзүнчө сыры бар. Бардык канаттуулардын этинен бөдөнөнүкү таттуу болот. Куш алыстаганда
«баягысынан берер бекен» деп менден эки көзүн албайт. Дайым үндөгөн сайын бөдөнөнүн эти
менен үндөп чакырам. Колума конор менен бир-эки чокутуп таткандырып коём. Ошон үчүн ал
алдагайдан келип жатпайбы.
Аңгыча тигилер суроо берип калышты:
— Сиз эмне үчүн жанагы жерде кушуңузга бостектин бөйрөктөрүн, жүрөгүн, бөтөгөсүн
берген жоксуз?
— Анын себеби бар, — Жамангул сөзүнүн аягын дагы улады, — таптагы кушка илбесиндин
бөйрөк, жүрөк, бөтөгөсүн бербеш керек. Куштун жемсөөсүндө дүпүйүп туруп алат. Аларды
туурда олтурган кушка бериш керек. Салынып турган кушка өпкө, боор, илбесиндин кол эттери
жакшы. Булар куштун тула боюна бат таркап, бат сиңет.
Кадыркул менен Курманкул баш ийкегенден башка жооп кайрышка чамалары келбеди. Ал
түгүл кушун качыралы деген күндүзгү биздин оюбузду да билип калды го дегендей кооптонуп
олтурушту. Бул түнү жатаар-жатканча куш, мүнүшкөрдөн башка сөз сүйлөнгөн жок.
Эртеси эртең менен тиги эки коногуна: — Кана, меймандар, бүгүн кандай тамаша
баштайлы, — деди Жамангул. Курманкул менен Кадыркул Жамангулдун өз ыктыярына коюшту.
— Андай болсо, — деп сөзүн улады Жамангул, — бүгүн, эртең куштар эс алсын. Алар да кечээ
улам бир киши менен көрүшкөндөй болуп чарчашты. Эгер сиздерге эп келсе, менде кош ооз
мылтык бар. Өрдөк, кыргоол Чүй суусунун аркы өйүз-берки өйүзүндө быкбырдай кайнайт. Аны
кечээ өзүңүздөр да көрүп келдиңиздер. Бүгүн ошолорго аңчылык кылсак кантет. — Эки коногу
эт-бетинен кетишти.
— Жарайт-жарайт, ошентели-ошентели.
Аттар токулуп даяр болду. Бул күнү Жамангул кечени учкаяк көк кашка жоргосун минген
жок. Ат которуптур. Анын ордуна күрөң жорго минип чыкты. Күрөң жорго — кой жорго экен.
Үстү тынч, оозу элпек. Божуп кетсе, соорусуна суу куйса төгүлгүс. Ылдамдыгын айтпа, учкан
куштай. Буттун башын кыбыратпайт. Жамангулдун кийген кийими да бүгүн башка. Жаргактан
жасалган күрмө шым. Курунун айланасын тегерете, эки ийнин каршы-терши курчаган чапталуу
дүрмөттөр. Булар бастырып чыгары менен эки ууртун эки жакка салаңдаткан чолок куйрук,
саксак жүндүү сары машке ээрчип алды. Жолдо бартаканда артка бир, алдыга бир өтөт.
Чайпалган жоргосу бар экен. Токтой калган жерде тилин салаңдатып сунуп жиберип, сөөмдөй
болгон тукул чолок куйругун сөөмөйдөй ары-бери былкылдатып, эмне тапшырсаң ошонун
баарын аткарам дегендей белин он-солго бураңдатып, эки көзүн Жамангулдан албай, жалпак
тилинин учунан шилекейин тамчылатып, жалдырап тура калат. Ал көк кашка жоргону минип,
колуна куш кондуруп чыкканда Жамангулду ээрчибей үйдө калат экен. Качан гана күрөң жорго
токулганда даяр болот окшойт.
Бул үчөө суу боюна жакындаганда бир жерде маңдай-тескей болуп, бок чокуп олтурган эки
ала карганы көрүштү. Кадыркул менен Курманкул «кантээр экен» дегенчелик кылышты окшойт:
— Тетиги эки ала карганы ата аласыңбы, — дешти.
— Атчу элем, — деп Жамангул күрөң жоргону бөжүтүп, каргалардын жанына жакындап
барганда, эки карга эки жакка тетир учту. Ат үстүнөн бир жагына кыйшая түшүп бирин, анан
экинчисин атты. Эки карга тең калпактай ыргып, жерге талп дей түштү. Андан кийин үчөөнүн
ортосундагы сөз көпкө чейин үзүлүп калды. Анан алар чоң суунун жээгине жете келишти.
Машке токой аралап, топ камыштардын калың жерине кирип кетти. Чычырканак менен саздуу
жекендердин арасындагы өрдөк, кыргоолдор шуудураган машкенин добушунан чочуп,
барпырап уча башташты. Көтөрүлө бергенде Жамангул кош ооз менен «даң» дедирип берип
калат. Камыш менен чычырканактын чычкан мурду жөргөлөгүс коюу жерине түшсө да атылган
өрдөк, кыргоолдорду саздын саз экенин, тикенектин тикенек экенин билбей, туурасынан «лак»
тиштеп, сары машке балактап алып жетип келет. Жамангулдун атканы сая кетпеди.
Анын күрөң жоргосу да жолу жок жерден жол табат. Чычырканак менен камыштарды,
талдарды башын жерге салып, сүзө качырып кирип кетет. Андай татаал жерге келгенде
Кадыркул менен Курманкул сактанышса да, чапандарынын өңүрлөрү, этек, жеңдери, шымдын
тизелеринин үкүсү чыгып, үлүлдөй баштады. Тула боюна көз чаптырган бөтөн адамга чала
түлөгөн тайлактай самсаалап тургандай байкалат. Жамангулдун жаргактан жасалган шым,
кемсели ошол эле бойдон. Эч жеринде шек жок. Ал эми булардын аттары да чычырканактын
ачуу тикендерине көзү-башын сайдырып, жалкотой болуп, жүдөп калышты. Токойдун
кысталыш жеринен өтөөрдө, камчы үстүнө камчы салсаң да жылбайт, баспайт. Башын кесип
салчуудай тык токтойт. Мындайды көргөн аттар эмес да. Кадыркул менен Курманкулдун
өзүлөрү болсо жапан мышыктын торолгон балдарын кармагандай болушту. Бети-башы
мурундарынын учтарына чейин чийилип, канталаган. Сыягы Жамангул булардын кечеки
«арам» оюн билип, билгизбей “өч алды” окшойт.
Бешимде бул күнкү тамаша аяктады.
Эртеси ителги салууну сунуш кылды Жамангул. Булар ага болбой кетебиз дей баштады.
Жамангул ого бетер күчөп: «Кой кетпегиле, андан соң бүркүт салабыз, он-он беш күн жүрүп чер
жазып кеткиле? Тиги боз үйдөгүлөрдүн да алдарына жараша ар түркүн өнөрлөрү бар!» дегенге
тигилер көңүлдөнбөй коюшту.
***
Жаманкул менен Кадыркул Кочкорду бет алып, жолго чыгышты, Жамангулдун ою менен
болсо бүркүттөн тартып турумтайына чейин ар биринин кызыгын ар башка көрсөтүп олтуруп,
бул экөөнү жаз чыкканча кетирмек эмес.
МОЮТТУН “ТӨӨ КОМДОТУ”
Алдаяр Моют Ысык-Көлдүн күңгөй тарабында — Талды-Сүуда жашаган. Бул киши жалаң
гана мүнүшкөрлүктү кесип кылбастан, саяпкерлик жагынан да көл айланасы гана эмес чектеш
казак туугандарга чейин белгилүү болгон. Атактуу аш-тойлордо чубатуудан өтүп жаткан
күлүктөргө көз жүгүртүп жатып, алдын ала жети-сегиз атка чейин айтып койчу экен, кайсы ат
биринчи, анын артынан кандай аттар келерин.
Кийин Моют саяпкерлигин таштап, мүнүшкөрлүккө ооп кеткен. Ал көбүнчө бүркүт салган.
Башка алгыр канаттуулардан бүркүттүн кызыкчылыгы жогору тураарын билген. Ошондой эле
ителги, куштарга караганда анын табылгасы кирешелүү болооруна да көзү жеткен. Бүркүттүн
кыраандарынын түрү үчкө бөлүнөт эмеспи: «Баатыр чегир» «бай чегир», «Куу чегир» болуп.
Моют үч чегирдин үчөөнү тең салган мүнүшкөр.
Моют көл башындагы Каркыра жайлоосун жайлачу.
Каркыранын Санташ жагы казактар менен чектеш. Эки элдин чек арасын Каркыранын суусу
бөлүп турат, Ошол жылы Моюттун колунда алгыр канаттуусу жок эле. Эртели-кеч кирген-чыккан
кошуналары ага асыла берчү болушту.
— Моют ава, сиз бүркүт салбай калгансызбы?
— Көңүлгө толоорлук бүркүт колго тийбеди.
— Эгер жакшы бүркүт табылсачы, салаар белеңиз?
— Салбай анан, — дейт Моют аке.
Күндөрдүн биринде өйүзгү казактардан кабар угулду. Бир койчу жайлоонун ээн төрүнө
коюн жайып коюп, суу жээгиндеги көк шиберге чалкасынан түшүп, жайкы күндүн мээр төккөн
жылуу илебине кактанып, ачык асманга көз жиберип жатса, көк мелжиген аска-зоолордун
бийик чокуларын айланып бир зор бүркүт жүрөт. Сыягы зоокалардын арасынан өзүнө жем
издеп жүрсө керек. Алгыр бүркүткө ырыскысын аскалуу тоо берет да. Алардын тоюту тоодон
канат. Бүркүт — кулаалы, же күйкө эмес талаа-түздөн чычкан, коңуз, кескелдирик терип
жегендей. Буркүттүн иши бүркүт. Койчу бүркүттүн эки канаты кандай тегеренсе, ошондой эле
көз ээрчите карап олтуруп, көшүп кетет. Бүркүт бийик тоонун аска-зоолорун айлана берет,
айлана берет. Анан бийиктен ылдыйлап, түзгө жакын тоолордун жылга-жыбыттарын, коктуколотторун түгөл кыдырат. Көзүнө эч нерсе көрүнбөйт. Бул бүркүт тоонун ой-чуңкурларын
мынчалык тинтмек эмес. Бир таштын башына конмок, канатын жыйып, эс алмак. Кантип күн
чыккандан кеч бешимге чейин бүдүрү жок көк асманда жүрсүн? Ага бир гана себеп, көптөн
бери тумшугуна эч нерсе илинбеген. Ачка. Наар сызбаганына бери болгондо он-оң беш күн
болуп калды.
Бүркүт тоо этектеринен да эч нерсе таппады. Анан төрдүн башына чейин бириндеп
жайылып жаткан койлорду көрдү. Бир кырдан далдайып чукул чыга калган бүркүттү көрүп,
койлор кокту ылдый дыр коюп, үркүп кирип кетти. Ажалың жеткир... Бир капкак куйрук боз
ирик жалгыздап оттоп турган. Ал койлордун алыстап узап кеткенин байкабай калыптыр. Бир
кезде эки жагын каранып, ээн калганын билди окшойт, чүчкүрүп-бышкырып койлордун
артынан жөнөдү. Жерге жакын капталдап сызып келаткан бүркүттүн дал маңдайынан чыкты.
Бүркүт аяк-башын тоголоктой кармап, кыбыраганга чамасын келтирбей, мыкчып олтура калды.
Колтойгон ирикти далдайган чоң бүркүт коёндой да көргөн жок окшойт.
Жайлоонун чөбү жагып, көпкүлөң тарта семирип турган койлор үрккөн боюнча уктап
жаткан койчуну тебелей чуркашты. Уйкунун кызыгына батып, магдырап жаткан койчу дыр
берген койлордун дүбүртүнөн чочуп ойгонуп кетти да, элеңдеп тура алып, үркүп бараткан
койлордун алдын тосту. Койлор тынч ала түштү. Кай бирөө оттоп, кай бирөө төрдүн башын
карап, элеңдешкен болуп жатышты. Мындай окуя далай жолу болгон. Койлор кээде ийинден
чыга калган суурду көрсө деле үркө берчү. Жайкысын мал эттенген сайын кыял күтө берет
эмеспи. Кай бирде как эткен каргадан да, кук эткен кузгундан да үркүшөт. Койчу болсо
ошондойлордун бири деди окшойт, үрккөн койлорго анчалык назар салган жок. Эгер
карышкыр, илбирс, чөө көрсө койлор токтомок эмес. Ээ-жаа бербей, коктунун аягына чейин
кире качмак. Бул жолу анткен жок. Кайра тынч алып, өр тарта жайыла баштады. Койчу да эч
нерседен кооптонбой, уйкулуу көзүн ушалап, жапыз кырга чыкты да, жантая калып жайылган
койлорго көз чаптырды.
Ортодон убакыт өтүп жатты. Бир кезде баягы кой үрккөн төрдүн башына карга, кузгун
чогула баштап, жорулар койчуну шектентти. Тарп чыккан жерди жору, кузгун алда кайдан көрөт
эмеспи. Койчу ойлоно калды: «Жана койлор ошол тараптан үркүп келбеди беле. Койдун
бирөөнү карышкыр же илбирс басып калган окшойт. Болбосо тигилер минтип чогулбайт болчу.
Эмнеси болсо да, ошондой басайынчы».
Кыра койчу мындайдын неченин башынан өткөргөн. Ал ылдамдай басып, баягы жерге жете
келди да, бир койдун тарпынын үстүнө олтурган далдайган чоң жоруну көрдү. Жакындап келсе
— бүркүт. Ал койчудан жазганып, учам деп уча албай, чала-була кош аяктап жеп жаткан
жеминин үстүнөн обочого чыга берди. Койчу койдун өлүгүн караса, эки сан куйругу менен
карчыганын канаттары (майлуу бүлкүлдөктөр), карын май, бөйрөк май, бөйрөк-сөйрөгү менен
жок. Көкүрөк, кол эттерге да бир аз тиш тийген экен. Койдун арка-моюну, ичеги-карыны, баш
сөөгү, төрт шыйрагы, үзүк-үзүк териси, тытылган топ-топ жүндөрү гана калыптыр. Койчу болгон
окуяга толук түшүндү. Тиги төбөсүндө айланып турган жору, кузгун, каргалар бүркүт калтырчу
тарпты аңдып жүргөнүн билди. Койдун башын таягынын учу менен ары-бери сайгылап өзүнчө
кобурады: «А, байкус, баягы кызыл ирик экен гой. Жалгыздап ак оттошу эди. Сен осуну
көрмөксүң гой. Осы керек саган. Расан болупту!»
Койчу бир топко чейин кызыл ириктин башын тиктеп турду. Анан тиги обочодо олтурган
бүркүттү карады. «Ой, бирим ау, куйругу кичине казандай бар эди. Ол аз келгенсип, калган этин
түп-түгөлу менен курутупту гой! Ой-бай... Карыныңа баракелде».
Койчу өлгөн ириктин тарпына караган жок. Тиги обочодо олтурган бүркүттөн өч алгысы
келди. Ал жакындап келип, бүркүттү таягы менен жон талаштыра сала турган болгондо бүркүт
көтөрүлүп уча албай, далбалактап дагы арылап секирип конду. Койчунун шилтеген таягы мүчүп,
жетпей калды. Экинчи жолу да, үчүнчү жолу да ошондой болду. Акырында бүркүттүн секирүүгө
да дарманы келбеди. Казандын түбүндөй томпойгон жемсөөсү салмактанып, аны өйдө
көтөрүлтпөй жерге тартып жатты. «Эмне кылсаң, ошо кыл» деди окшойт. Качырып келаткан
койчуга канатынын алдына башын катып, кышылдап туруп берди бүркүт. Койчу бүркүттүн
абалын билген соң, ага таяк шилтеген жок. Үстүндөгү чаар чепкенин чечти да, бүркүткө чүмкөй
жаап, орой баштады. Кайыш чокоюнун бир жаккы боосун сууруп, эки бутун бириктирип,
бүркүттүн билектерин танды. Эми койчу бүркүттүн тырмактарынан шек санабай калды. Анан
чепкенге оролгон бүркүттү колтуктап алып, кой артынан жөнөдү. Ошол кезде тунук асманда
каухар табактай тегеренген күн бийик тоолордун учтуу чокуларына чала-була нурун сүртүп
коюп, аалам менен күлүп-жайнап коштошуп, эриткен алтындай мөлт-мөлт куюлуп уясына
кирип бараткан эле.
***
Моют баш болгон бир топ киши бүркүт кармаган казактардын айылына келишти. Короо
четиндеги сокудай боз чаар таштын үстүндө ачык асманга көз жиберип, анда-санда ачуу
шаңшып коюп, локуйган кара бүркүт отурат. Ал бир жумадан бери туткунда. Таштын түбүнө
житире кагылган арча казыкта бүркүттүн узун боосунун учу чийе байланган. Ээк алдында келкикелки сулп эттер жатат. Анын бирине да ызалуу бүркүттүн тумшугу тийбептир. Ачуусу келип,
эмне кылаарын биле албай турганы бүркүттүн кабагынан байкалып турат. Желке чачын
үксөңдөтүп, каңшарлуу узун тумшугун ормоңдотуп коёт.
Моюттар бүркүттүн жанына жакын келип, ат тизгинин тартып, бир аз тура калышты. Анан
айыл четиндеги четки чоң ак үйгө барып түшүштү. Айылдын иттеринин аттуу адамдарга асылып
үргөнүнөн улам баамдаган балдар үйдөн чыга калышты да, Моюттардын аттарын алып, эшик
ачып үйгө киргизишти. Учурашкандан кийин казак, кыргыздар жайланып олтуруп калышты.
Моютту казактар тааныйт, казактарды Моют тааныйт. Илгертен бери бир өзөндөн суу ичкен,
бир өзөндө аралаш жайлаган ирегелеш бир тууган эл эмеспи. Бат эле тил табышып, бат эле
бака-шака сөзгө кирип кетишти. Токтуга (казактар козуну токту дешет) бата суралган. Эт бышып
алдыга келгенче далай кесе кыпкызыл кымыз ичилди. Далай сөздөр сүйлөндү.
Аттанар алдында сез кезегин Моют алды:
— Казак агайындар! Бүркүт кармапсыздар, көрдүк. Бүркүттү кемсинтүүгө болбойт.
Ойдогудан экен. Өзүңүздөрдө мунун баркына жете турган мүнүшкөр болсо ооз ачпайлык,
болбосо бизге кыйгыла?
Казактар бир ооздон дуулдап кетишти:
— Ой бир ау, Моют аке, бүркүт дегениң бир шымшык кой. Бас берип, бас ала турган
адамсыз кыз берип, кыз ал турган деген сөз мүнүшкеримиз болсо да, болмосо да алыңыз. Бир
шымшык сиздин кадиризден айлансын.
Моют казактардын жылуу сөзүнө ыраазы боло түштү.
— Андай болсо казак агаиндер, бул асылды кур алакан алып кетишибиз болбостур. Туур
жабарына бир ат берейин, бүркүт кыраан чыгып калса ирегелеш элбиз колкосун бөтөн алгыла?
Эки тарап тең макул болушуп, дуулдашты: «Туура-туура, солай болсун, солай болсун».
Моют ошол күнү бүркүттү кондуруп кетип, эртесинде казактарга бир ат жетелетип жиберди.
***
Бүркүт кыраан чыкты. Көзүнө көрүнгөнүн куткарган жок. Карышкырды түлкүдөй алчу болду.
Моют бүркүтүн кондуруп чыкканда бир айылдын эр-бүлөсү тайлуудан туяк калбай бүт ээрчийт.
Баары кур кайтпайт, жүктүү келет. Төр-төрлөрдө зоого жакын жайылып жаткан эчки, текени аяк
өйдө үркүтүшөт Моюттун жолдоштору. Аркар, кулжа, эчки, текенин жан сактаган жайы бийик
тоо, көк жалама касаба аскалар эмеспи. Алар үркүп барып, ошолордун бетине таш менен таш
болуп, жабышып турганда Моюттун бүркүтү бирден жонунан тартып заңгелдин башынан төмөн
карай кулатат. Кузгун учуп жеткис тип-тик бийиктен шуулдап келин түшкөн аркар, кулжа, эчки,
текеде эмне жан калсын. Дүп этип түшкөн жеринде нан болот да, калат. Ээрчип баргандардын
бирөө да кур калбай, олжого тунушат. Минип барган унааларына сылай артып келишет. Төө
комдоп барса төөнүн жүгү, өгүз токуп барса өгүздүн жүгү толот. Көп узабай Моюттун бүркүтү
«Төө комдот» атка конду.
«Төө комдот» Моюттун колуна «бозумунда» келген; «Бозум» деп ошол жылы уядан жаңы
учуп чыккан бүркүттү айтат. Бир жаш. «Төө комдотту» Моют кырк жылы салды. Кырк жылдын
ичинде Моютка ырыскы чамгарагынан куюлду. Айыл-апа, ага-тууган, ага-иниси менен байыды.
Бала-бакыралуу, уул-келиндүү болду. Ошонун баары «Төө комдоттун» табылгасы менен бүтүп
жатты. Моют «Төө комдотту» алып чыкканда, канжыгасы кур кайткан бир да күн болгон жок.
Акжолтой, кирешелүү бүркүт аталып кетти.
Акыры «Төө комдот» картайып, кыштын күнү туурдан түшүрүп койсо, бала-бакырадан
коломто талашып, далдайган төшү менен жөөлөп келип, көңдүн чогуна боорун кактап калды.
Моюттун айылы Каркыра жайлоосуна көчүп чыгышты, Ошол жылы жайында «Төө комдотко
»эркиндик берип, Моют аны агыта турган болду. Агыткан менен «Төө комдоттун» учуп кетчү
чамасы жок эле. Канат-куйругу кыскарган. Чалгындары кирпинин найзаларындай болуп
шалдырап калган. Жүндөру түпкү тыбытынан ажырап, кырчаңгыдай такырая баштаган.
Тырмактары түгөнүп, кадимки кишинин колундай мултуйган. Анан кантип коё берген күндө жан
сактамакчы шоруң каткан «Төө комдот». Учайын десе канат жок, мыкчыйын десе тырмак жок.
Моют жайкы конушуна барганда «Төө комдотко» өзүнчө чатыр жасап, чатырды дөмбүл
баштуу сазга тикти. Чатырдын ичинде ары-бери кенен жөргөлөп тургандай болсун деп, узун боо
тагып, аркандаган аттай кылып койду. «Төө комдот» күн ачыкта балбактап басып келип,
чатырдын оозунан чыга калат да, кеч киргенче күнгө какталып олтура берет. Кеч курун суук
болгондо кайра чатырга кире качат. Күн бүркөктө, жаан-чачындарда эшикке басып чыкпайт.
Чатырдын ичинде олтура берет. Моют он беш күндө бирден семиз тай союп, анын казы, карта,
майлуу ич эттеринен «Төө комдоттун» алдына таштап турду. Бүркүт бат эле семире баштады.
Көп узабай куурайдай кургап, шалдыраган канат-куйругу жулуп таштагандай күбүлүп түштү.
Андан он-он беш күн өткөндөн кийин «Төө комдот» майда жүндөн тыбытына чейин ажырады.
Жумурткадан жаңы чыккан балапандай кызыл эт болду да, калды. Ошол замат Моют «Төө
комдотко» боюнча ченеп чыптама тиктирип, кийгизип койду. Тамакты мурдагыдан да күчтөп,
мурдагыдан да көбүрөөк берчү болду. Семирген сайын «Төө комдотко» каруу, күч кирип,
күндөн-күнгө жемин ашыра жеп, учтанып чыга баштады. Бүркүт семиргенден кийин үшүбөсүн
билип, Моют анын чыптамасын сыйрып алды. Кундөн-күнгө бүркүттүн канат-куйругу учтанып,
жүндөрү коюу тартып кетти. Ан сайын Моют «Төө комдоттун» жемин күчтөп, тайдын чүйгүн
жаш эттеринен үстөкө-босток шыкай берди. «Төө комдот» казы, картаны алкылдата сугунуп,
жемсөөсү жарылчудай болуп жатты.
Эл жайлоодон кайра тартчу мезгил кирип келди. Ошого чейин «Төө комдоттун» жүндөрү
текши чыгып, түпкү тыбыттары жетилип, канат-куйруктун чалгындары кадимки жаш
кезиндегидей текшиленди, Моют жайды жайлата бүркүттүн чатырын он күндө бир которуп,
улам дөмбүл баш саздарга көчүрүп турчу. Саздын ошол дөмбүл башын бүркүт туурдай көрүп
олтурчу. Көрсө, Моют канаттуунун тырмактары нымдуу жерде бат өсөөрүн билчү тура. «Төө
комдоттун» эки бутунун тырмактары да илбирстикиндей болуп учтанып, канжардай курчуду.
Эмнени аткыса да, жара тартчудай абалга келди. Ошондон кийин «Төө комдотко» бир жума
наар сыздырган жок.
Бир күнү «Төө комдотту» күүгүм талаш кондуруп алып, айылдан алыскы дөбөгө алпарды да,
алдына жем таштап, боосун чечип алып жүрө берди. Бир жума жем жебей ачка болгон бүркүт
тойгондон кийин караңгыда учуп келе албай, ошол дөбөдө түнөп калды. Ошондон тартып
Моют «Төө комдотко» он күн такай дөбөгө жем таштап коюп жүрдү. Бүркүт аз күн болсо да
талаадан жем жегенге көнүп калды. Андан кийин Моют жем алпарганын токтотуп, «Төө
комдотко» караган жок. Бүркүт анда-санда айылдын үстүнөн учуп, «тамак-ашым түгөндү. Моют
кантесин?» дегендей көрүнө калып, кайра кетип калчу болду. Моют: «Аа... «Төө комдот» учуп
калыптыр, эми мындан ары жемди өзү таап жейт» деп койду Андан кийин бир жумага жетпей
Моюттун айылы баштаган жайлоодогу эл көл тарабындагы кыштоолоруна жапырт көчүп
кетишти.
Каркыраны «Төө комдот» жалгыз ээлеп калгандай болду.
***
Ал-бул дегенче арадан эки-үч жыл өтүп кетти. Моюттун айылы Каркырадагы журтуна эчак
конуп жайланышкан. Күндөрдүн биринде Моют баштаган жоон топ эл айыл четиндеги
дөбөчөдө кызыл чаначтан кымыз ичишип, өткөн-кеткендерден кеп таштап коюп, айланачөйрөгө көз чаптырып олтурушкан. Аңгыча асмандан айланган үч бүркүт көрүндү. Моют көпкө
чейин тиктеп туруп: «Тээтиги үчөөнүн ортосундагы менин «Төө комдотум» экен» деп койду.
Отургандар бири-бирин тиктешип, күбүр-шыбыр боло калышты:
— Моют акем картайып калган экен.
— Алжып бараткан тура, жарыктык.
— Учуп жүргөн бүркүттү кантип тааныйт.
Ошол жердегилердин шек санап турганын байкаган Моют: «Ээ балдар аай. «Төө комдот»
менин колумда кырк жыл болбодубу. Ошол кырк жылдын ичинде «Төө комдоттун» кандай
айланары, канаттарын кандай сермеп учаары, асманда жүргөндө кандай сызаары мага жат
болгон эмеспи. Ошону кантип билбейин» деп койду. Көпчүлүк бул сөзгө да толук ишенишпеди.
Анан Моют айтты:
— Эми силер ишенбей турасыңар, балдар. Тетиги үйдүн кырчоосунда байлануу турган ээр
токумдуу атты алып келгиле. Бир жаман ичмекти тоголоктоп ороп, чыргаа жасагыла. Аны узун
танап жипке байлап бергиле. Мен «Төө комдотту» чакырайын. Ошол үч бүркүттүн бирөө
чыргааны көздөй сала берип, үч жолу жакындап, үч жолу кайтып кетсе ошол менин «Төө
комдотум» болсунбу?
— Болсун, болсун,— эл дуулдап чуу көтөрүп жиберишти. Үч бүркүт дагы эле асманда, бир
ордунда айланып жүрүшөт.
Моют атка минип, оролгон ичмекти сүйрөткөн бойдон ач кыйкырыгын чаңыра чыгарып,
капталды салып жөнөдү. Аңгыча болбой ошол үч бүркүттөн ортоңку чоңураагы бөлүнүп,
күркүрөгөн бойдон чыргааны көздөй тип-тик качырып сала берди. Моют кыйкырган сайын
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 13
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.