Latin

Кара шумкар - 18

Total number of words is 4036
Total number of unique words is 2374
28.4 of words are in the 2000 most common words
40.5 of words are in the 5000 most common words
47.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Колуна салмактуураак камчы алып, үстүнө жука бешмант, башына калпагын кийбестен, топу
кийди. Жорголор элден бөлүнгөндөн баштап айдалды. Анткени ат айдоочулардын айтууна
караганда улуктардын тапшырмасы ошондой көрүнөт. Жорголор менен келаткан экиден төрт
киши, ат тизгинин буруп орто жолдо калышты.
Жорголор белгилүү жерге жеткенден кийин, ат айдоочулар аларды катарга тизди да,
жапайы канаттуулардын танабын тарткандай шарт эттирип кое беришти. Адегенде үрккөн
жылкыдай бири-бирине урунуша кетишти. Андан кийин кимди ким көрсүн, коюу туман уюп
тополоңу тоз болуп жер дүңгүрөдү да калды. Көптөн кийин барып алдыңкылары топтон
бөлүнүп, желе тарта учкан каркырадай чубалжышты. Карагер жорго каадасынча Супатайды
алып учуп тарткан жерден бута атым бөлүндү. Казак-кыргыздын булуң-бурчтарынын
далайынан шыпкалып көп жорголор чогулса да, байкоодо Карагер жоргого теңдеш бир да
жорго жок көрүнгөнсүйт. Супатай ээрдин үстүнө нык олтуруп, эки үзөңгүнү алдын көздөй учкай
тээп, тизгинди жыя кармап, урдургандын үстүнө урдуруп зыркыратып баратат. Бирөө качып,
калганы кууган эмедей, артынан жабалактаган калың жоргонун дүбүртү мөндүрдөй дарбыйт...
Алыстан-алыстан, жолдо тосуп турган баягы төрт кишинин карааны майда нокот сыяктуу
бүл-бүл көрүндү. Улам жакындаган сайын ошолор экени даана болду. Супатай аларга бат эле
жете келди. Ал төртөө да аттын оозун ченебей кое беришип, Карагер жоргонун артынан сая
түшүштү. Салган жерден курч аттар жоргого жабыша калды. Барган сайын өксүй беришти.
Супатай казак-кыргыздын чогуусунда Карагер жоргону эл көзүнө көзүктүргүсү келдиби,
ошондон марага чейин оозун жыйган жок. Марадагы элдин аягынан «деген» курч аттар менен
кууп жоргого куйрук улаш илеше албай коюшту. Эл катуу дуулдады:
— Баракелде!
— Мал болбосоң кое кал...
— Жорго деп ушуну айт!
— Жок. Бул тегин мал эмес — канаттуу жылкы!..
Дуу-дуу басылгандан кийин, баягы Суранчы барып дагы кур келди. Биринчи жоргонун даеги
миң кой экенин, аны казак-кыргыздын «улуктары» соогатка талап кеткени угулду.
Тамаша бүттү. Эл тарай баштады. Ат менен жоргонун байгесинен ырымга бир тыйын албай
Супатай, Суртайлар бозоруп кайтышты.
***
Эл тараары менен Сары талаа өзгөрдү. Мунарык түшүп, ак куюн жүрүп шамалдай баштады.
Бирпастын ортосунда тоо-тоонун башын булут чүмкөдү. Бирде үзүлүп, бирде кошулуп тынчы
кетти.
Түрмөктөлгөн кара булут канатын жайып нөшөрлөп төгүп жиберди. Кечетен берки
«улуктар» олтурган дөбөнүн дал өзү да карарып-түнөрүп калды. Ал жерди мөндүр, жамгыр
аралаш катуу сел каптап кетти окшойт. Обору кеткен зулумдардын отурган ордунан
жийиркенип, Сары талаа өз бетин өзү тазалап жууп жатса керек.
Чагылган жаркылдап, оттугун чагып, куусун тамызды.
Жанагы «улуктар» аттанган дөбөдөн, жалыны алоолонуп, кызарып өрт чыкты. Түйдөктөлө
буралган кара кочкул коюу түтүн көкөлөп, жалындын илеби асмандын бооруна жабыша түштү.
Сары талаа жууп кетире албаганын шыркырата куйкалан, жалындатып өрттөп жаткан көрүнөт.
***
Супатай менен Суртай күндөп-түндөп жүрүп олтурушуп Токмокко келишти. Алар бая күнү
казактагы ат чабышка баратып, шаардын чет жакасындагы жапыз салынган боз тамдардын
бирине конуп кетишкен. Шаардын ошол казак тарабындагы чоң суу жаккы жээгин дунгандар
ээлешкендиктен «дунган көчө» деп аталат. Ошол көчөнүн дал орто ченинде, чатырынын үстүн
камыш менен бойролоп жапкан жарашыктуу чакан эки бөлмөлүү татынакай там бар. Малы жок
болсо да дубалынын бир жак капталын илгери үмүткө бастырмалап койгон. Оокатка бүйрө,
короосунун артында өзүнө тиешелүү үй ордундай жерге сабиз, пияз, калемпир аралаш түркүн
жашылчалардын баш-баштарынан калтырбай айдаган Губар деген дунган жигит ушул тамдын
ээси. Жанагы жашылчалардын жетилгендерин четинен үзүп, эртели кеч базарга алпарып сатып,
аялы экөө эки-үч жаш балдарын багып оокат кылышат. Губар Супатай менен жакшы таанышып,
ошол казакка аттанган түнү экөө тең башынан өткөргөн азап-тозокторун, бечарачылыктарын
калтырбай жерине жеткире муңдашып, таңкы тоок чакырганга чейин укташкан эмес. Эртең
менен аттанаарда достошуп ажырашкан. «Сиз кайра «өтөөрдө келмей коймоң» — деп Губар
какшап калган.
Губар бая күндүз ат чабыштан келаткандардан Супатайдын дайынын сураган. Жоргосу да,
аты да чыкканын уккан. Ошол замат соодасын таштап, үйүнө чуркап аялына сүйүнчүлөгөн.
Базардан он чакты боо беде сатып келип, эчак аттарга даярдап койгон. Губар үй-бүлөсү менен
тынчы кетип улам казак тоо жаккы жолду тиктеп жатканда, Супатай уулу экөө анын короосун
имерилип дарбазасына жакындай түштү. Губар бала чакасы менен чуркап чыгып досун
кубанычтуу тосуп алды.
Супатай менен Губар бул түнү да укташкан жок. Атка көптөн бери урунду болуп жүргөн
Суртай башы жаздыкка тиер менен көшүлдү. Супатай төшөк үстүндө чыканактап жатып, укканкөргөнүн чыпчыргасын коротпой айтып берди. Мындай абал дунгандарда да оор экенин айтып,
Губар Супатайдын сөзүн улады. Ал өмүрү өткөнчө аялы менен Илирдин кулу болуп калганын,
Илир жыл бою иштетип, акысына тоголок дан, кокон тыйын төлөбөгөндүгүн айтып, сөзүнүн
акырында жаш балача бышактап жиберди.
Губардын аялы Фюхер, көрбөгөн аяшы Калыйча белек-бечкек арнап Супатайдын куржунуна
салды. Супатай менен Суртай эртең мененки насипти Губардын үй-бүлөсү менен чогуу
татышып, камчыларын сүйрөп эшикке чыгышты. Артынан Губар менен Фюхер узатып кошо
басышты. Жуп аттанаарда сомодой-сомодой болгон, аттары шайдоот, камчылары өрүмдүү,
канга тойгон даңгыттардан бетер уурттары салаңдаган, далдайган-далдайган он чакты жигит ат
үстүнөн обдулуп, дубалдын кырынан моюндарын созо: «ушунда экен, ушунда экен» деп
кобурашты. Буларды жалт карай салып, бир жамандык жышаанды сезгендей Супатайдын
жүрөгү «шуу» дей түштү. Бүткөн бою титиреп, колу-башы калтырап кетти.
Алардын ичинен бирөө өкүм кыйкырды:
— Ой, алдагы эки атты бери жетелеп чык!
Супатай апкаарып калды. Жооп кайтарганга күтүшкөн жок. Короонун каалгасын
талкалашты. Губардын илинип араң турган дарбазасы тиги жигиттердин балбан колдоруна
туруштук бере албай качырап кыйрады. Баары аттарын жүткүнтө теминип, тепсетип өлтүрчүдөй
короого кирип келишти. Эки жигит аттан түшө калып, бирөө Кашка атты, бирөө Карагер
жоргону жетеледи. Супатай жүгүрүп барып Карагер жоргонун суулугуна асылды. Губар Кашка
атты тизгинден алды. Атчан тургандары Супатайды да, Губарды да өрүмдүү жоон камчылар
менен чоку талаштырып басып-басып алышты. Супатайдын төбөсүнөн тебетейи ыргып жаак эти
жарылып, башы эки-үч жеринен айрылып, көзүнөн от чагыла түштү. Суртай чыңырган бойдон
кулачын жайып бетинен кан шоргологон атасын кучактап жыгылды. Супатайдын колунан тизгин
чылбыр чыгып кетти. Көздөрү ымыр-чымыр болуп, жер караңгылай түштү.
Демейде бир боо сабиз талашып «таа» дегенде чогула калчу дунгандар, Губар он жолу
«тааласа» да карап туруп бирөө басып келген жок. Алардын да келбегени туура. Тигилер
белгилүү Боронбайдын жигиттери. Кокус аларга кол салса, Илир менен Булардын жигиттери
Боронбайдын жигиттерине болушат. Бөөдө таяк жешет. Губардын «таасы» талаага кеткен «таа»
да.
***
Шамшынын бели. Бул атактуу дабан. Кимдер гана ашпады дейсиң. Төрт түлүк малын
чубатып санжыргалуу салтанат менен байлар да ашкан дабан. Таманын ташка тилдирип, кар
менен музду жыңайлак кечип шыймылчагын какшатып, жилик сөөгүн сыздатып, согончогун
канатып мал артынан темтеңдеп малайлар да ашкан дабан. Найза, кылычын жалаңдатып,
тулпарларын бургутуп, кумду эшилте бастырып, ташты омкортуп каздырып, өрүдөн секиртип,
ылдыйдан түйүлтүп, нечен-нечен баатырлар да ашкан дабан. Каргаса кар жаап, жалгаса
жамгыр жаап, кара бетине алганда жайдын чилдесинде да жол бербей, бороон-чапкын түшүп,
булут ойноп, куюн кутуруп, будуң болуп өңгүрөп жатып алмасы бар дабан. Короосу менен
койду, үйүрү менен жылкыны, кызыл-тазыл жасалгасы менен көчтү, бойго жеткен нур жүздүү
кызды, болуп турган жылдыздуу уулду, капталдан музу чарт этип, көз ирмегенче «шып» дей
түшүп көчкүсү басып жок кылган дабан.
Мына ушундай көчкүсү жүрүп, тоодон ташы кулап, капчыгайынан суусу үйөрлөп, кар муз
аралаштыра агызып, бетине алып турган күнү Супатай баласы экөө жөө-жалаңдап жаралуу
кийиктей ээрчишип келатат.
Супатай, Суртайдын Токмоктон чыкканына эки күн болот. Эгер ат менен жүргөндө бул
белди кечээ эле ашып кетишмек.
Күн төбөгө келгенде «Карасайды көчкү алган» жылганын аягына келишти. Жолдун оң
жаккы жээгиндеги сандык ташка көчүк басып бир аз эс алышты да, куржундун оозун чечип,
Губардыкы берген тузу жок момодон, шылдырап аккан мөңгүнүн суусуна ымдап эки-үчтөн
жешти. Суртай кечетен бери атасынан калышпай келатат. Ал катуу чарчады. Улам токтогон
жерде колу түшкөн кулундай чалкасынан түшүп асманды карап жата калат. Ал азыр да момону
кырданып жатып чайнап олтурат:
— Токмокко токтобой, тун катып жүрүп олтурсак болмок, ата?
Супатайдын камчы жеген башы салмактанып, оң жаккы кашынын үстүнөн шүйшүн аралаш
чыпылдап аккан суу жарага жабышып, таңылган жука чүпүрөктүн сыртынан сызылып тамчылап
турат. Ал өзүнүн кабелтеңинен туруштук берип эрдин кесе тиштеп, тырышып араң басып
келатпайбы? Баласынын айрым суроолоруна жооп бербей да калат.
— Кыбырайлы. Тур. Көтөр тиги баштыгыңды. Ал таягыңды. Баары бир алар жолдон да
тосмок. Ээн жерде өлтүрүп да коюшмак. Экөөбүз үчүн ким өч алат? Апамбы? Апаңбы?
Губардыкынан алганы жакшы болду. Эми алардын бизде атасынын акысы калган жок! Алчусун
алды, Мен Боронбайдын кыязын көрүп, казак жеринен эле алат го дегем. Жүр кеттик.
Супатай Карасайды көчкү алган жерден тез өтүп кеткиси келди. Бул жердин сыры белгилүү.
Бир күн мурун жаш кар түшүп калса эски карын кошо шилеп көчкү жүрөт. Кечээ кар түшкөн.
Бүгүн да дал ошондой болгон турат.
Мындан он чакты жыл мурун ушул жерде кайгылуу окуя болгон. Карасай деген бай Чүйгө
мал төлдөтүп көктөп, кайтып Кочкорго келатканда, анын көчүн ушул жерден көчкү баскан.
Тигине... Тээтиги капталдагы кашааланган кар жер кыртышы менен «шып» жылып келип ушул
коктуну бууп, дөмпөйүп дөбө болуп туруп калган. Анда эмнелер гана жердин алдында калбады
дейсиң? Бойго жеткен эки кызы, жаңы үйлөнгөн келин-уулу, бала-бакырасы болуп
жыйырмадай киши, атан төө, айгыр аттарга артылган көз тайгылткан дүнүйөсү менен алеки
саатта жок болгон.
Супатайдын жүрөгү солкулдап, Суртайды билектен алып, ылдамдап энтелеп шашып өттү.
Өтө бергенде кар жарылып чарт этти. Көчкү. Мөңгүгө толуп, кум-таштар кошо жылып, эпкини
капчыгайдын аркы бетине серпиле түштү. Кар-кум аралаш коюу куюн чаң тумандай уюду.
Тарткылыгы жок байкуштар аман калбадыбы...
Супатайдын бүткөн бою титиреп жүрөгү опкоолжуду. Суртайга коркконун билдирген жок.
Артынан көчкүнүн дабышы «шуу» дегенде «Ата-а» деп бакырып, Суртай Супатайдын этегине
жабышты.
— Коркпо айланайын. Бул жер. Кудай өзү сактады.
Белге жакындашты. Дабан көрүнүп калды. Бороон.
Борошо аралаштырып кум учуруп, кар бурганактап туу белдин өзүн уюлгутуп боройлото
келип уруп турат. Соккон бороон аркы өйүз, берки өйүздөгү жалама зоолордон тайлактын
боздогонундай созулган жаңырык үн чыгарат. Үстөкө-босток бороон. Майда кум менен кургак
карды аралаштырып асманга ак куюндатып учуруп барып, анан кайра жерге топурак төккөндөй
себелейт.
Күнү кечээ ушул белди булар Карагер жорго, Кашка ат менен ашпады беле? Анда бул
бороон кайда жүргөн? Ал күнү күн чайыттай ачык болуп, мемиреп жылуу тийбеди беле. Анда
аттуу-жөөлүү жолоочулар да үзүлбөй каттап жатпады беле. Кана алардын бири? Бүгүн
мындайда...
Туу белге канчалык тырышса да Супатай баласы менен чыга албады. Жол тайгак. Көк
жалтаң муз. Белдин өзүнө көтөрмө бою чукулдаганда бороон улуп, кар аралаш борошолор
ышкырып келип экөөнү кайра таңылчактай томолотуп учурат. Супатайдын этегинен тартып,
Суртай жылдырбайт. Супатай төрт аяктап дагы эмгектеп жылып жөнөйт. Эми бүгүн түнгө калса,
бүттү. Супатай, Суртай жок. Аталуу-балалуу экөө эки жерге, төгүлбөгөн уйдун карынындай
томпоюшат. Мына бу дуулдап турган бороон кимдин жанын койсун? «Тилсиз жоо» деген ушул.
Жалынганыңды билеби? Качан гана Супатай, Суртай экөөнү тоңдургандан кийин күн чайыттай
ачылып бороон токтоп, шамал басылаар. Мунусун ким билсин? Эртеси күндүз жору-кузгунга
той түшүп капкаяктагысы чогулбайбы? Болбосо түнкүсүн топтошкон бөрүлөр жыт алып, ар
кимиси ар кайсы жондордон улуп, бирин-бири чакырышып тарпын калтырбай кийимине чейин
тытып-талап кетишеби, ким билет?..
Супатайдын жан тери келип, акыркы кайратын топтоп, төрт аяктап тырмышып, улам эки
колдоп тырмактап кар чапчып, Суртайды чыргадай сүйрөп, олтуруп, өлө-тала белге чыкты. Эки
бети албырып, кара көк тартып түтөгүп, жүрөгү жарылып кетчүдөй сокту. Туу белге токтошкон
жок. Кайра бороон учуруп кетчүдөй чочулашып мас кишидей тампалаңдап, чыкыйга койгондой
сендиректей түшүп, белдин берки багытын көздөй эңиштеп жөнөштү. Суртай улам
эңкейиштеген сайын атасынан алыстай берди. Качан гана Супатайдын карааны үзүлүп
баратканда «ата-а» деп чыйылдап ый аралаш үн чыгарды. Супатай артып жалт карай салды.
Суртай телчиккен козудай чайпалып, араңдан зорго аяк шилтеп, атасынын бутун кучактай
жыгылды. Узунунан түшүп эчкирип ыйлап жиберди.
— Эмне болду, тегеренейин?
— Бутум...
Супатай шашкалактап баланын буттарын карады. Чокойдун таманы түшүп манчалары
кызарып турат. Бала качыраган кар аралаш тоң жерди далайдан бери жыңайлак басып
келаткан экен. Эки бутунун беш манчалары менен согончокторун эчак эле үшүк алыптыр.
Бармактары барсайып ыйлактанып турат.
Супатай чокоюн сууруп жиберип, баланын эки бутун эки колтугуна, жылаңач этине кысты.
Акырында сай-сөөгү какшап, кылгырган көз жашы эки каректин кычыгын айлана тегеренди.
Узун кирпиктерин удаа-удаа ирмеп-ирмеп алды эле, жиби үзүлгөн мончоктой жылуу жаш
чубурду...
***
Калыгул менен Торсо балбан, жорголор келгенден кийин, көпчүлүктө кымкуут, ызы-чуу
түшкөн опур-топурдан адашып, Супатай менен Суртайды таппай калышкан. «Алдыда болсо
жете барарбыз, артта калса бизди табар» деген ой менен озунуп жүрө беришкен. Алар ошо
бойдон Супатайларга жолукпай Кочкорго мурун келишти. Торсо менен Калыгул тигилерди
кырсык чалганын кайдан билсин, келээри менен ат үстүнөн түшпөстөн Уултайды сүйүнчүлөштү.
Уултай, келини экөө акмалап жол карайт. Балдары улам кечиккен сайын чый-пыйы чыгып,
Шамшынын белинен көздөрүн айрыбайт.
Бир күнү намаз дигер менен намаз шамдын ортосунда артынан ээрчиген эрбеңдеген
баласы бар, мойнунда асынган баштык-уштүктүү эки караандын үйүнө жакындап калганын
алачыгынын кырчоосуна сүйөнүп олтурган Уултай даана көрдү. Уултай аны Суранчынын айлы
тараптан куугунтук жеп, конорго үй таппаган кайырчылар деп ойлоду. Уултайдын көз алдына
Карагер жорго, Кашка атты минип алчактата бастырып келаткан Супатай менен Суртайдын
элеси келип турган. Эшик төрдөн жакын ээк астына келгенде, алдыңкысы Супатай экенин
тааный коюп, ордунан тура калам деп, Уултай эки-үч мүдүрүлүп көмкөрөсүнөн жыгылып кетти.
Бери жактан бутун араң шилтөөгө жарап келаткан Супатай, энесин кучактай жыгылды. Калыйча
үйдөн жүгүрүп чыгып Суртайды басып калды.
Уултай эсин жыйып, үйдөн чөйчөккө суу куюп чыгып балдарынын башынан имере
айландырып ырымдады. Анан баары үйгө кирип коломто тегеректешти. Калыйча отту калап
алоолонткон экен. Ала-сала көргөндө эстери чыгат деди окшойт, Супатай башынын жараатын,
бетинин айрылганын анчейин үшүккө алдырган өңдөнүп, оттун жарыгынан далдаалап,
караңгылаткан болуп, Калыйча менен Уултайдан коомайланып олтурду. Отко жылыган сайын
бүткөн бою жибип, энеси тынчын алган суроолорго жооп бере баштады.
Өмүрүндө мындай сүйүнүч бактылуу көп адамдардын турмушунда болгондур, бирок
Уултайдыкындай болгон эмес чыгар. Бул Уултай үчүн биринчи сүйүнүч, биринчи бакыт.
Уултайдын жүрөгү кабына токтобой, мойнуна чалма түшкөн азоодой түрсүлдөп сокту. Бүткөн
бою титиреп, колдору карышты. Жаагынан ылдый жылуу тер суудай агып көл-шал түштү.
Ысыганына чыдабай караптап кетти. Келини, балдары чурулдап үстүнө түшө калып, бетине
муздак суу чачышты. Уултай көптө барып эс алды. Ал солуктап, өпкөсү көөп уйкусу чала канган
жаш балача оозун кере-кере ачып эстеди. Анан акылын топтоп, эсин жыйды. Үй ичи көз
ирмемге тынчтана калды. Башында тозулуп бараткан кош бүктөм бөз жоолугунун бир учун
жазып, маңдай терин шыпырып, бетин сүрттү. Кайра оңдоп салынып, балдарына бир сыйра көз
жүгүрттү Уултай. Оор улутунду. Бардык күчүн жыйып туруп эки капшытын кере дем алып, катуу
үшкүрүп жибергенде нечен жылдан берки ичинде сакталып, чел байлап үй тигип, жедеп кычып
калган ачуу күйүттүн үйү бузулуп кетип, оозунан оттун илебиндей ысык буу чыкты. Уултайдын
өндүрү коолдоп илдетинен ажыраган дартмандай жеңилип, ичи ачыла түштү:
— Кудайга эч арманым жок — сөзүнүн башын ушундай баштады, — мал да болсо Кашка ат,
Карагер жоргого ыраазымын. Акыбетими кайтарды. Эмгегимди жеген жок. Мен ал экөө
аркылуу ойлогон оюма, тилеген тилегиме, көксөгөн максатыма жеттим. Күйүтүмдү күбүдүм.
Бугумду чыгардым. Ал эки аттын байгесин талаган улуктар тойбогонун тойгузуп, жыртыгы болсо
бүтөп, жылаңачын болсо кийиндирип алсын. Башыңар аман болсун. Мал табылат.
Таякелериңди таяп берген эки атта эмне арманыңар бар, садага кетейиндер...
Уултай сөзүн токтотуп, эки жагына күйшөлүп бир аз тынч ала түштү. Суртай чөнтөгүнө кол
салып бетаарчысын сууруп чыкты да, учундагы түйүнүн чечип, жылтыраган бир тегерек нерсени
Уултайга сунду.
— Энеке? Ушул шакекти өз колуң менен чоң энеңе бер деп таякелерим аманат
тапшырышты эле.
Уултай шакекти ала коюп, оң алаканына салып оттун жарыгына тиктеп-тиктеп туруп, эки
колун уучтаган бойдон бооруна кысып, эчак оюнан чыгып унут болгон казак тилинде бакырды:
— Ше-шема-у-бу ше-ше-м...
***
Малдуулар жайлоого тегиз көчүп, жакада баягы Супатай жатакчы баш болгон үч-төрт түтүн,
ар кайсы эски тамдарды маанектешип олтурушат. Эгиндин алды баш алып, жаз жайга айланып,
үркөр чыгып айгыр агызчу Кара-Кол, Сөөктүн суусу эчак тартылып, шалбаанын чөбү кара
кочкулданып дүүлүгүп калган.
Супатай быйыл жалгыз эмес. Суртай кол арага кирип, атасы менен кошулуп кулак байлап,
суу жайып, ала терет. Жайдын ачуу тийген кактама күндөрүнүн биринде Супатай, Суртай экөө
этин күнгө каарышып боргулдана тердеп арпа сугарып жүрүшкөн. Алар өстөн алыштан
эңкейишти көздөй тик аккан урма кулак сууга чым токтотуп, тогоонду байлай албай убара
болуп жатышат. Супатай улам ар жактагы алыштын жээгиндеги кыртыштан казандын оозундай
чымдарды кетмендин уңгусуна чейин батыра чаап кучактап көтөрүп келет. Суртай атасы койгон
чымды сууга бекем басып токтотуп тура албай, улам суунун шарына жулдуруп жиберет.
Ошентип эки жагын карабай суу менен алагды болуп убараланып жаткан Супатай менен
Суртай, коштоо аттары бар, маңдайына келип чукул тура калган үч-төрт кишини, качан гана
салам бергенде көрүштү.
— Казактар!.. Таякелер!..
***
Супатайдын кара алачыгынын түндүк жабуусу үч күндөн бери тартылбайт. Тегерегинде
кыбыраган жан жок. Жадаганда эртели-кеч шырп алдырбай добуш салып турган Ала мойнок
кара ити да көрүнбөйт. Үйүнүн тушунан обочороок үйүлгөн эки-үч каптай тезеги турат. Тезектин
жанында жамаачылуу шырымал кара таар, түбү жыртык кабырылган эски дагырасы жатат.
Үйдүн ичинде казаны менен тулгасынан башка тиш чукуур калбаптыр.
Бул кабар жайлоодогу элге дуу тарады.
КЕР КАШКА АТ
Жайда келген Апар, жазда кете турган болду. Төркүлөп келген кызы кайтаарына чукулдап
калган кезде Кубаттын тынчы кете баштады. Элде болгон жоргонун жоргосун, күлүктүн күлүгүн
тандатып, Апар жактыргандын бирин койбой алдырып келди. Мунун баары Апарды
жөнөтүүнүн камы болчу.
Бир күнү эртең менен айылдын ак сакал, көк сакалдары Кубаттын үйүнүн жанындагы
дөбөчөгө чогулушту. Бул чогулуу жаңылык эмес, ар күнү ушундай адат болуп калган. Ошол
дөбөдөгү эл тарамайын, Апар атасынын жанынан козголчу эмес. Апарга эрөөн жок. Ал эркек
катары сүйлөйт, эркек катары басат. Сөзү түз болсо да түз, кыйшык болсо да түз. Анткени,
солтонун атактуу манабы Баеттин аялы, Кочкордун зөөкүр манабы Кубаттын кызы — Апар...
Олтургандардын кобуру басыла түшкөндө Кубат ордунан күйшөлүп Апарды карады да,
кайра аркы өйүз тарапка жүзүн буруп, маңдайкы Жантели байдын айылын тиктеди. Анан:
— Тээтиги өйүзгө Жантели бай менен сен ага-ининин баласысың, — Кубат көзүн он
колтугунда олтурган Апарга жүгүрттү, — Куттуксеит атаңдын балдарынын улуусу ошол Жантели.
Миң жылкысы бар. Бай. Төркүлөп келген кыз кетээринде төркүндөрүнүн баары менен
коштошуп кетет. Бүгүн жигит-жалаңыңды ээрчитип ошол Жантели агаңкына бар. Жайы келсе
кондуруп калаар. Ыгына жараша бол.
Апар атасынын сөзүнө уюду.
Жазга жуук Кара-Кужурдун берки өйүзүндөгү Кашка-Сууда Кубат уулунун, аркы бетиндеги
шилбилүү колотто Жантели баш болгон Куттуксеит уулунун айылы олтурчу. Апар ошол күнү эрте
бешимде жолдоштору менен Жантели байдыкына келип түштү. Кайсы гана төркүнү болбосун
Апарды кожодой колдоп, ат үстүнөн көтөрүп алып түшүрүп, көтөрүп атказып турушту. Кимкимисинен Апар кур чыккан жок. Каалаган күлүк жоргосун минип, көзү түшкөн асылын кийип
жатты. Мына Жантели да Апарды узатаар алдында жылкычыларын чакырып буйрук кылды:
— Кыздын төркүндөн кур кеткени болбойт. Жылкыны аралап ичинен тандап туруп Апарга
болбой кеткен бир жакшы бээ кармап бергиле, жетелеп кетсин.
Ошол замат колдун учу жеткис, жалы жерге тийген, тишке токтоп калган сары тору бээ даяр
болду. Апарлар айылдан бир топ узаганча жыртылган кементайдай, жонундагы даакысын
самсаалаткан эркек кер кашка тайды Жантели таш короого каматып койду. Бул тай сары тору
бээнин кысыр эмдиси эле. Кер кашка тай короого жалгыз токтободу. Энесинин карааны
үзүлгөнчө жаны-маны калбай тыбырчылады. Чыңыргандын үстүнө чыңырып, кишинегендин
үстүнө кишинеп жатты. Анан чыдай албай тегерек тарткан таш короонун айланасын чимириктей
чимирилип, тегерене чуркады. Бир кезде короонун төрүнөн эңкейиш жагын көздөй күүлөнүп
келип, типтик түйүлдү. Бийик кармаган таш короонун кырына буттары илинбей алда кайда аша
секирди да, элеси бүл-бүл көрүнгөн энесинин артынан чымын-куюн болуп, жер каймактап
учкан турумтайдай сызгандан сызып, зыпылдагандан зыпылдады. Акыры ыргыткан таштай
зуулдаган боюнча энесине барып бир тийди.
Кер кашка тай качканда Жантели байдын жылкычылары аттарынын күлүктүгүнө
чиренишип, анын артынан соелонто чөлө коюшкан. Деле кой... Жетип алчудан бетер... Тайдын
жакындатпасына көзү жеткен Жантели алыстап бара жаткан куугунчуларды ителги салган
эмедей үстөккө-босток айкырып, өкүрүп-кыйкырып, тебетейин колуна алып далбаадай
булгалап жатып чакырып алды. Куугунчулар тоо таянган бөрүдөн өксүгөндөй самсаалап кайра
тартышты. Алкынган семиз айгырлардын соорулары саамал куюп чайкаган чаначтай тарс
жарылып кетчүдөй дындыят. Омуроосунан тартып туягынын кундузуна чейин чамбыл-ала тер.
Буркулдаган ак көбүк. Жогортон төмөн тоголонуп мөлт-мөлт, тып-тып тамган тамчы суулар.
Устанын кол көөрүгүнө окшоп аттардын эки капшыттары бирде дардайып көөп, бирде бастыга
түшөт. Кош таноолор дердең-дердең, күш-быш, куш-быш. Кымызга тойгон жылкычылардын
баштарынан жөө тумандай ымшып көк буу булоолонот. Жантели бой үрккөн аркардай болуп
алдына чогула калган жылкычыларын жай-жайына таратты: — Жөн койгула!.. Бир тай экен!..
Кетсе кетсин!..
II
Апар келгендин эртеси Бает Шергазыны алдырды. Эшиктин алдындагы тартылган кермеде
кирдүү кол менен сылагыс жыйырмадан ашык нечен сонун жорго-күлүктөр зымга конгон
чабалекейдей тизилип турду. Бает желбегейленип ошол тарапты бет алганда, эшик үйдө
жүргөн элдин бири да калбай Шергазы экөөнүн айланасына топтолушту. Жок... Ал Баетке
кызыгып анын дөөлөтү менен салтанатына таңыркашпады.
Элдин көзү саяпкерден өтүп кетти. Анын оозунан кандай илеп чыгаарын күтүп турушту. Бает
желбегей чапандын ичинен эки карчытын эки колдон таянып, чыканактарын уркуйтуп,
кермедеги жайдакталган аттарды карап ээгин көтөрдү:
— Кана, Шергазы... мына бул тизилип тургандар Апар жеңеңдин төркүндөрүнөн келген
күлүк-жорголор экен. Баарын бирден талдап чыкчы, ичинде керекке жарачусу барбы?
Шергазы аттарга бир сыйра көз жүгүртүмүш болду. Анан бурулуп Баетти карады:
— Таксыр?! Бул турган аттарды жана сиздин үстүңүздө кирээрдин алдында эле көргөм.
— И... Бар бекен бирдемеси???
— Бар. Бирөө гана.
«Кайсы болду экен?» дегенсип элдин баары жапырт Шергазынын оозун тиктеп калышты.
Шергазы колтугун кере оң колун алдыга созуп, керменин эң аяк жагына байланган чоң жал
сары тору бээнин жанында бош турган мотурайган Кер кашка тайды көргөздү. Баеттин чеке
териси кош кабаттанып, жыйылган жүктөй бүктөлө түштү. Бул каардангандагы белгиси эле.
Анын сырын билген эл жымжырт боло калды. Көптө барып анан кекээрлүү сүйлөдү:
— Мунун эмнесине мени кызыктырып жатасың? — Бает көзүн жүлжүйтүп, кирпигинин
арасынан араң жылтыратып Кер кашка тайды тиктеди. Шергазы ишеничтүү жооп кайтарды:
— Мээ жок күлүк, таксыр!
— Күлүк болсо сен алып кет! — Бает бурулуп басып кетти. Кайра артына кылчайды да — бул
сөзүмдү эсинен чыгарбай көңүлүнө түйүп кой, сынчым?!. Кокус күлүк болбой калса, башыңды
айырбаштаганың! Аттын ээси мен?!. Тапчы сен бол!..
Бает: «Тиги нечен сонун аттар турса мени шылдың кылгансып мунун жактырганы даакысы
түшө элек тай» дегендей кабаарыды.
Чогулган элдин баары сынчыны аягандай ичиркене түштү. Анан төбөгө союл тийгендей
сендиректешип туш-тушка тарашты. «Кокус күлүк болбой калса башыңды айырбаштаганың!» —
ага жеткирип койчу сөз да.
Шергазы Кер кашка тайды ээгинен чалып үйүнө кайтты. Сынчынын жүзүнө коркуунун,
жүрөксүп апкаруунун жышааны кирген жок. Анын ордуна жакшылыктын, чоң ишеничтин,
сүйүнүчтүн элестери көз алдынан өткөнсүп турду. Кер кашка тай колго тийгенде калтар алган
барчындай жымырайып, эки бети тамылжып, кызара түштү.
Сыягы бул кубанычтын, өзүнө-өзү бекем ишенгендиктин белгиси болсо керек.
***
Кер кашка тайдын даңкы кунанынан башталды. Кыраан ылаачын таасын мүнүшкөрдүн
колуна уядан учаары менен тийгендей, Кер кашка тай да кылдат саяпкердин колуна ооз
жармасында тийди. Аягы Талас, башы Сары өзөн Чүй, өйүзгү Казак жергесинде болгон атактуу
аш-тойлордо Кер кашка ат чабылбай калбады. Ошонун баарында биринчиликти берген жок.
Көл айланып да чабылды. Алдына жылкы салбады. Баеттин мурунку даңкы да аз эмес эле.
Анын үстүнө Кер кашка аттын дүбүртү кошулду.
— Баеттин Кер кашка аты!.. Баеттин Кер кашка аты!..»
Бул сөз узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жете кетти. Алакандай кыргыз мындай
турсун, аркы өйүздөгү этектүү казак элине бүт жайылды. Ал эми Кер кашка атты Кер кашка ат
кылган саяпкер — Шергазы жөнүндө анчалык сез козголгон жок.
Арадан арбын жылдар зуулдап өтүп жатты. Кер кашка ат малды санга, сандыкты пулга
толтурду. Баеттин байлыгы ачып-кычып, түтөгөндүн үстүнө түтөп жүрүп олтурду. Бирок
Шергазынын төбөсүнөн үкүсү чыккан жапма тебетейи менен, эскилиги жеткен кара таар тепме
чепкени үстүнөн түшкөн жок. Кер кашка атты кунанынан бери чапкан Рысаалынын да этеги
узарып чекеси тердебеди. Кулдураган жаргак шымы чаптап койгондой жамбашына жабышып,
как ээрде көчүгү такылдап жан этин жеп жүрдү.
— Ай опасыз дүйнө, жалгыз эле Баеттин маңдайына бүттүң беле, Шергазы менен Рысаалы
жакты бир кылчайып карап койсоң боло?!
III
Ак-Сай. Адырдан-адыр, белден бел өрдөгөн сайын өрөөнү түгөнбөйт. Китептин барагындай
коктуларынын көбүчү. Биринен-бирин ажыратып болбойт. Окшош. Учу-кыйрына көздүн кубаты
жеткис. Башы тээ-тээтиги Акбайтал, Кең-Суу, Жылдыз көлдөн башталып олтуруп, аягы Арпага
чейин созулат. Айланасы кол менен жасалгансып Ала-Тоо менен кырдалган. Аркы өйүз, берки
болуп беттешкен өндүрдүн өрүшүнө бүт кыргыздын малы чогулса чайкооруна келе турган жер
эмес. Айланайын, биздин ата-бабалар!.. Кандай гана сонун жерлерди мураска калтырышкан
бизге?!
Дал ушул Ак-Сайда өткөн тарыхый окуялардын бирин бабаларыбыздан кандай уксак дал
ошондой кагаз бетине түшүрүү колубуздан келээр бекен?!.
Ак-Сайдын суусу Какшаалды бет алып бурулган жерде чатыр таштын өндүрү башталат.
Ошол өндүрдүн этек жагын кыркып дагы бир кашка суу агып түшөт. Бул суу да Ак-Сайдын
суусуна куят. Чатыр таштын күн батыш тарабы жанагы Кашка суунун жээги түзөң келет. Эзелден
берки эски конуштар. Кара кыягы белден. Калың жеринен тайлар адашат. Ошол килемдей
кулпунган көк шибердеги жууркандай жумшак түздөргө бир жумадан бери манаттай апаппак
боз үйлөр чоң чыныдай көмкөрүлүп жабыла тигилди да алар кийиздин бетине калчаган
упайдын чүкөсүндөй жайнап кетти. Боз үй дегендин кайдан келип, кайдан койгонун жан
билбейт. Айтор, Кашка-суунун жээгиндеги чатыр таштын өндүрүнө караган тектир-тектир иек
конуштар боз үйгө шыгырап жыш толду да калды.
Суу жээктей катар-катар кемеге казылып, саны жүзгө жеткенде токтоду. Жүз казан асылып,
жүз бөлөк түтүн чыкты. Кимдин жылкысы болбосун колго урунуп, колго илинсе суроо-сопкуту
жок айдалып келип, анын күлүк жоргосун бооз-кысырын, жаш-карысын ылгабай семизин
тандап, жоо малындай жара тарттырып кемеге башына бирден-экиден жардырып жиберишти.
Бул Ат-Башыдагы Черик «Ажыке баатырдын» ашынын башталышы болду.
Ажыке басып кирген душмандын белин сындырып, өрт аралап кан кечип, жоонун мизин
кайтарып, туусун кулаткан, журт намысы үчүн салгылашып, журт сактап, эл коргогон баатырдан
эмес болчу. Ал жети атасынан бери жергиликтүү элдин жилкинин соолутуп, канын соруп, баш
көтөргөнүнүн башын түбүнөн таарый кесип, кедей-кембагал, жетим-жесир, бей-бечеранын
каарына калган канкор «баатырлардан» болчу. Мына ошол Ажыке канкордун ашы дагы
калктын тынчын алып, журтту кана-шала түшүрүп, элге ызы-чуу бүлүк салуу менен бериле
турган болду.
Ажыкенин ашын иниси Турдуке бийледи. Ар жагы Үч Турпан, Үрүмчү, Кашкар, быягы
Кочкор, Жумгал, Көл айланасындагы жумурай журттан бери чакырылды. Тиги чатыр таштагы
кумурсканын уюгундай кайнаган эл, тээтиги суунун жээгиндеги катар казылган жүз кемеге,
андан булаган түтүн, союлган мал ошол «Ажыке баатырдын» ашынын дүрбөлөңү.
Биринчи аттын байгесине 500 жээрде кашка бээ, жүз төө, жүз соот, жүз чопкут чектелди.
Мунун баары элден кылычтын мизи, найзанын учу менен чогулган. Калган байгелер да ошого
тете. Турдуке баш байгеге сайылуучу малды өзү жактырып, өзү көрүп, өз көз алдынан чубуртуп
өткөрүп алып жатты. Жанынан күйүп жаткансып эки өркөчтүн биринин эле учуучу кыңыр болуп
калган төөнүн мойногун кылыч менен кесе чаап, алып келген ээсин токмоктотуп кайра жөнөтүп
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 19
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.