Latin

Кара шумкар - 01

Total number of words is 4039
Total number of unique words is 2081
29.4 of words are in the 2000 most common words
41.3 of words are in the 5000 most common words
47.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
САЯТЧЫЛЫК ЖАНА АЛГЫР КАНАТТУУЛАР ЖӨНҮНДӨ БАЯН
Куш күйгөн — эригип-зерикпеген, чаалыгып-чарчабаган адамдын иши. Анын
жумушу мындай.
Чыйрак ичке кендир жиптен кадимки балыктын тору сыяктуу эле тор түйөт. Балык
тоскон кол тордун бир жак учу туюк болот эмеспи. Куштун, бүркүттүн торлору андай
болбойт. Кездеменин эниндей түйүлөт. Узундугу канча болсо мейли. Ашып калганын
бүктөп, түрүп таштайсың. Ал эми туурасы өтө эндүү болууга тийиш. Эки метрге жакын.
Торду жаярда анын бийиктиги менен тең же анча-мынча ашык, жоондугу камчы
саптай болгон төрт же алты узун чыбык кыркылат. Жерге сайыла турган учу учталат,
экинчи учу тордун жогорку жээгине байланат. Ошол чыбыктарды тегерете сайып,
кереге көздүү кендир жип менен торду айланта курчаганда, кадимки чий каланган үй
сыяктуу болуп калат. Тордун төбөсү ачык болот. Такыр жерге жайылат. Эгер кушка
арналган тор болсо ичине тирүү кекилик же чил байланат. Бул экөө табылбаса, тоокту
пайдаланса да болот. Алардын алдына жем чачып коет. Ошол тиринин бир бутуна узун
танап жиптин бир учу байланат. Экинчи учу саятчынын колунда. Ал эми саятчынын
жата турган жайы болсо тордон бир канча метр алысыраак келет. Саятчынын үйү
жалпайган чөп алачык болот же керегеси таш менен кармалып, бир киши кенен оонап
жаткандай жасалат. Үстү карагай, арчанын бүчүрлүү бутактары менен билинбегендей
жабылат.
Саятчы ошол алачыгында жатып, атайылап калтырылган кенен жылчыктан асманда
учуп бараткан куштарды даана көрүп турушу керек. Куш карагай-черлүү, бактуу-шактуу
токойдун арасына түнөп, эртели-кеч чабыттап учуп чыгат, кечке маал түнөгүнө кайтат.
Куштардын үзүлбөй өтүп тура турган тоомдуу жолдоруна тор жайылат. Ошондой
ыңгайлуу жерлерди саятчы билет. Учуп бараткан кушту алачыгынын жылчыгынан
көргөн саятчы капаста жаткан тиринин бутунан тартып бырпыратат. Аны көрө калган
куш, ителги өлөр-тирилерине карабай, качырып сала берет. Торго чалынат. Коомай
сайылып араң турган майда чыбыктар жыгылып калат. Тор чатышат. Чатышкан тордо
чалынып, балыктай мөңкүп жаткан куш же ителгини саятчы сүйүнгөн бойдон жүгүрүп
барып, бошотуп алат. Бир күндө канча түшсө баарысын тең алачыгына алып келип,
солой берет. Анан, дагы келээр бекен деп, алачыгынын жылчыгынан шыкаалап
асманды тиктеп, учкан куштарды күтүп жата берет. Мындай адамды куш күйгүч же
саятчы дейт.
Бүркүткө да ушундай тор жайылат. Тордун ичинде кеп кылып союлган коён же
байлооч бүркүт болот. Байлооч бүркүт деген бүркүттүн эң жаманы. Колунан эч нерсе
келбейт. Жапан кезинде тарп аңдып же чычкан терип жейт. Тумшугуна эч нерсе
илинбесе, бир канча күнгө чейин ачка кезерип жүрө берет. Саятчылардын мындай
бүркүттү тордун ичине байлаган себеби, асманда учуп бараткан жапан бүркүттөр тиги
жерде конуп олтурган байлоочту көргөндө, жем алып жеп отурган экен деп ойлошот.
Ошонун жемин тартып алам менен келип торго түшүп калат.
Алгыр канаттуулардын түрлөрүн ажырата албаган мүнүшкөрлөр көп. Андай
мүнүшкөрлөрдү мүнүшкөр деп атоого болбойт. Кээ бир адабиятчылардын
чыгармаларынан да алгыр канаттуулар жөнүндө чаташтырылган түшүнүктөрдү
учуратып калабыз. Маселен, туйгунга илбирс, шумкарга карышкыр алдыра коюшат.
Туйгундун колунан эмне, шумкардын колунан эмне келерин билишпейт окшойт. Ал
түгүл туйгун канаттуулардын кайсыл уругунан, шумкар кайсыл уругунан чыгаарын
ажырата алышпаса керек.
Ителги, ылаачын, жагалмай, турумтай, күйкө — булар өзүнчө бир тукум, бирибирине окшош урук. Шумкар ителгинин уругуна кирет. Анын мыктылары майда
илбесинден тартып, тоодакка чейин алат. Шумкар белгиси жок ителгилердин
кыраандары да тоодак, аңыр, каз, кузгундарды ала берет. Шумкар кооздугу менен
айырмаланат, өңү ар түрдүү болот: кара шумкар ак шумкар, көк шумкар, күйкө
шумкар, дагы ушу сыяктуу. Канаттуулардын түрүн мыкты билген кишилер аларды учуп
баратканда деле таанышат. Ителги уругундагы канаттуулардын бардыгынын (ылаачын,
жагалмай, турумтай, күйкө) канат-куйруктары учуп баратканда учтуу келип, жайыла
жазылбайт. Алар көбүнчө сызып учпай, канаттарын кагып учат. Конгон ордунан
көтөрүлгөнчө ыкшоо келет. Көтөрүлүп узагандан кийин башка канаттууларга
жеткирбейт.
Ылаачындын чоңдугу ителгиден кем эмес. Алардын өңдөрү кара чаар, кызыл чаар,
көк чаар болот. Жагалмайдын өңү да ылаачындыкындай үч түрдүү болуп, ылаачындан
кичирээк, турумтайдан чоңураак келет. «Ылаачын менен жагалмайдын алкым жүндөрү
аппак болуп, алыстан учуп келатканда эле таанылат. Жагалмай, турумтайлардын
колунан чымчыктан башка келбейт. Ылаачын ителгиден да учкул. Ителги алгандын
баарын алат. Мүнүшкөрлөр ителги менен ылаачынга томого катып салышат. Эгер
томогосу жок болсо, алса-албаса да, жетсе-жетпесе да, алыс-жакынына карабай,
көзүнө көрүнгөнгө жулуна берип, мүнүшкөрдү убара кылат.
Куш, чүйлүгө томого тартпагандын себеби, алар тигилер сыяктуу жулунбайт. Колдо
тынч олтурат. Ала турганына көзү жетсе талпынбайт. Алы жетпегенди көргөзсөң, карап
да койбойт. Куш, чүйлү, кыргыйлар учкул, шамдагай келет. Шилтегенинде алып калса
алды, жазып калса кайрылып, оңтойлуу жерди ылайыктап барып, олтуруп калат.
Үндөсөң колуна келип, шып конот. Ал эми ителги менен ылаачын качырганын ала
албай калса, андан ары жактан көзүнө эмне көрүнсө, ошол көрүнгөндү кубалап кете
берет. Ылаачын менен ителги салган мүнүшкөрлөргө аттын аты керек. Куу-куулап
кыйкырып, артынан чыргааңды сүйрөп же далбааңды булгалап жүрүп олтурасың.
Ошондо кайрылып келсе жакшы, келбесе ошондон ары жоголот. Ал эми кушту жөө
салууга да болот. Алар көп качпайт.
Туйгун, тунжур, кара кашка тынар — куштун мыктылары. Куштун түрүнө чүйлү,
кыргый да (чыбы, мыкый — кыргыйдын кичине, начарлары) кирет. Буларды да учуп
баратканда таанууга болот. Алар учканда канаттарын анда-санда ирмешет. Көбүнчө
сызып учушат. Учуп жүргөндө булардын канат-куйруктары тиги ителгилердикиндей
учтанбай, жазылып кетет. Жүндөрү да ителгилердикиндей болбой, бөлөкчө
айырмаланып турат. Булардын кыраандары жүндөрүнүн белгисинен, буту-колунан,
тумшугуман таанылат. Кыргыйдын жакшы кыраандары чил, кара боор, кыл куйрук,
таан, сагызган алат. Кекилик, өрдөк, кыргоолдордун балапандарына эле катылбаса,
чоңдоруна алы жетпейт. Өрдөктүн чүрөктөрү менен бөдөнөнү кыргыйдын баардык
түрү ала берет. Чарчашпайт. Тажашпайт.
«Туйгун» — куштун төрөсү» деген эл оозунда лакап бар эмеспи. Ал кооздугу,
келбети үчүн айтылып калган. Куштун уругунан чанда гана туйгун чыгат. Анын да чоң,
кичинеси болот. Туйгун көзүнө көрүнгөндү ала бербейт. Чоң илбесиндерди, мүнүшкөрү
жарашса, кыраандары гана алат. Болбосо туйгундун алы жетпегенин жөнөкөй кыраан
куштар деле алып коет. Шумкар алалбаган тоодак, аңыр, каздарды ителги деле алат.
Көбүнчө анын мүнүшкөрлөрүнөн болот.
Туйгунду тааныш оңой. Анын өңү, канат-куйругу кебездей аппак болот. Эч бир
жеринде өңү буруу, киргил так болбойт. Ар жылы түлөгөн сайын тооктой аппак болуп
жүрүп отурат. Картайганда буту-колу, тумшуктары, көздөрүнүн тегереги гана саргайып
кетет. Туйгунду учуп баратканда көрсөң ак куу деп ойлойсуң. Бирок ал куудай учпай,
куштай учат. Эгер туйгунду бирөө кондуруп келатканын алыстан көрсөң, ээк алдыңа
келмейин, ак корозду кондуруп алганбы деп ойлойсуң. Анын куш экенин жаныңа
келгенде гана тааныйсың. Туйгун менен шумкарды алып жүрүш, аларды салыш кандай
сонун кооздук, кандай сонун ырахат!
Туйгундун экинчи түрү — тунжур. Бул да куштун кырааны, бул да коозу болот.
«Тунжур салсаң тунасың» деген сөз ушундан улам айтылып калган. Тунжурдун
жүндөрү тиги туйгундукундай текши аппак болбойт. Сырткы жүндөрү, канаткуйруктары бозала келет да, көкүрөк жүндөрү туйгундукундай ак болот. Бирок өтө
чымкый ак эмес.
Арасында бирин-экин бозаласы да бар. Ал туйгундай түлөгөн сайын агарбай,
жөнөкөй куштардай жыл өткөн сайын көгүш тартып кетет. Мунун да кырааны, кыраан
эмеси бар.
Куштун дагы бир жакшы түрүн кара кашка тынар дешет. «Тынар салсаң тынасың»
деген элдик сөз бар эмеспи. Тынардын канат-куйрук жүндөрү жөнөкөй
куштардыкындай эле. Аны маңдайынан карасаң тааныйсың. Эки каштын ортосунан
тумшуктун башталыш түбүнө чейин кара сыр менен тартып кеткендей дапдаана ичке
кара так созулуп турат. Ошол кара из түлөгөн сайын нугун жоготпой, капкара болуп
кашкаят.
Бүркүттүн кыраандарын мүнүшкөрлөр үч түргө бөлөт: Баатыр чегир, Бай чегир, Куу
чегир.
Баатыр чегирдин жүндөрү тыкыс келет да, сыртынан караганда жылмакай,
жылтырак, сулууча көрүнөт. Кондуруп чыкканда канат-куйругу күнгө айнектей
чагылышып, алда кайдан көрүнөт. Туурда тынч алып олтурбайт. Көп талпынат.
Томогосун тартканда көзүнө эмне көрүнсө: мейли каман, мейли аюу же жолборс
болсун, алы жетпесе да, жетсе да жулуна берет.
Бай чегирдин жүнү узун, үрпөк баш келет. Туурда да, колдо да тынч олтурат. Жоош
болот. Бай чегирди мүнүшкөрлөр кирешелүү бүркүт деп эсептешет. Анткени, салынбай
үйдө турса да, үйдүн ээсине киреше өзү эле кире берет имиш.
Куу чегир бүркүттүн өтө кырааны. Аны мүнүшкөрдүн мүнүшкөрү салат. Кокус ала
турганын ала албай жазып калса, кайра келип өзүнүн ээсине кол салат. Куу чегир
туурда олтурганда көп силкинип, көп кагынат. Анын тууру, буту-колу, боочусу,
кондурган ээсинин мээлейи да майланышпай, куурап турат деп кеп кылышат
мүнүшкөрлөр.
Калган бүркүттөргө да түрлөрүнө, алгырлыгына карап, мүнүшкөрлөр өз-өзүнчө ат
коюп алышат.
КАРА ШУМКАР
УЯ ТАЛАШ
Чырпыктынын капчыгайы өрөөнү узун болгону менен эки бети кууш, тар капчыгай, өрдөп
олтурсаң улам жогорулаган сайын бийик. Улуу тоолордун алкымына чейин созулат. Бирок
башы туюк. Атчан киши түгүл жөө адам басып өтө албайт. Өрөөндүн башынан учуна чейин
коктунун таманын тең жарып, сойлогон жылаандай ийрелеңдеген анчалык чоң эмес чакан суу
агат. Капчыгайдын он жаккы бети дагы, сол жаккы бети дагы касаб жарлар. Анда-санда гана
ташка жабыша чыккан түп-түп ит мурун, шилби, арчалар алыстан-алыстан сербейип көрүнөт.
Кээ бир жерлери тимеле кылыч менен жара чапкандай типтик. Ала-сала көргөн адам жогорку
бийиктиктен туруп төмөнкү суу аккан коктунун таманын эңкейип караса башы тегеренип,
жүрөгү опкоолжуй түшчүдөн. Канаттуу куш болбосо жан дит багып карачудай жар эмес.
Ошол капчыгайдын эки бетин алмустактан бери канаттуулар уялап, канаттуулар ээлейт. Бир
уя бүркүттүкү болсо, бирөө жорунуку, бирөө ителгиники болсо, бирөө ылаачындыкы, бирөө
турумтайдыкы болсо, бирөө жагалмайдыкы. Айтор уядан уя, үңкүрдөн үңкүр. Ала карга, кара
карга, көк карга, үкү, кулаалы, айры куйрук, балта жутар, көк кутандан баштап, канаттуулардын
түркүн-түркүн түрлөрү ушул Чырпыктынын жарларында жазында жумурткалайт да, анан канат
куйругу жетилип торолгондо балапандарын учуруп кетишет. Кимиси кайда кетип, кимиси кайда
жүргөнү белгисиз. Балапандар аккүп, темир канат болуп калган учурда ошерде болсоң
өрөөндүн эки бети кой төлдөп, козу жамырап жаткандай ызы-чуу, күрү-күүгө кулак тунат.
Мамбеталы саятчы ошол жылы жазда жедеп адат болуп калган жоругун улап, ат тезегин
кургаткан жок. Чырпыктынын капчыгайын күн сайын өрдөп, анын эки бетиндеги зооаскалардын кычык-кучук ой чуңкурларына алыс-көз чаптырып, кайсынысы кандай жерге уя
салганын байкап жүрчү. Жедеп бешиктен бели чыккандан тартып алгыр канаттуулардын
артынан түшүп, тор жайып, кылтак салып, тузак тартканды өнөр көрүп калган саятчы мындайда
үйүнө бир күн да тынч алып жатабы. Дамамат кудайдын куттуу күнүн кур калтырбай көнгөн
киши кызык устүндө болуп, кесибин уланта берет эмеспи.
Ошол жылы жаздын асманынын ачык күндөрүнүн биринде Чырпыктынын капчыгайын
өрдөп олтуруп, алкымдап калган учурда бир укмуштуу кызык окуяны көзү менен көрүп,
кызыгына батты Мамбеталы. Канаттуулар жаз алды менен туутка камынып эски уяларын
оңдоп, кай бирлери жаңы уя түптөп жаткан учуру болучу. Адатта алгыр бүркүттөр улуу
тоолордун жалама аскаларынын адам баласы даап бара албагандай бийик беттеринен
ыңгайлуу жай таап, анан ошол жерге уя салат эмеспи. Айрыкча бүркүттүн балапанын алыш
оңой-олтоң иш эмес. Ага аракеттенгендер жанын оозуна тиштеп, өлөр-тирилерине карабайт.
Даана жан кечти деп ошолорду айтат. Төрт тарабы тең туптуюк бүркүт уяга айлакерлер
төбөсүнөн түшүүгө аракеттенишет. Адегенде чокусунан ылдый аркан чубатып көрүшөт. Атайын
коюлган кишилер аркы өйүзүнөн же төмөнкү оюнан аркандын учунун уяга жеткен, жетпегенин
карап турушат. Дааналап өлчөөсүн тактагандан кийин эки-үч кыл арканды кабаттай эшип, анын
бир учун уяга түшчү «баатырдын» белине бекем байлап, экинчи учун төбөсүнө житире казык
кагып, ошого бекитишет. Ал аз келгенсип үч-төрт киши кармап турат. Анан уяга түшчү
«баатырды» зоо ылдый жылмыштырып типтик коё берет. Шар коё бербейт. улам саап, аз-аздан
жылдырып олтуруп уяга жеткирет. Эми ал уяга барганга чейинки жол азабынын жүзү курусун.
«Жол азабы көр азабы» дегендей — тирүүнүн тозогу. Салаңдап түшүп баратканда этек-жеңинин
бир жери оркойгон учтуу таштарга илинип чыкпай калса не болот? Же зооканын бетиндеги
кылычтын мизиндей курч таштардын бирине туш келип аркан кыйылып кетсечи? Болбосо
уркуйган бир борчуктун ашташына аркан кыпчылып калып ары да жылбай, бери да жылбай
туруп калсачы? Бүттү... «Баатырдын» сөөгү сөпөт, эти эпет болот да калат. Ушундай эрдикти
жасайм деп далай «баатырлар» күм-жам болгон эмеспи.
Мындай бийик зоолордогу бүркүт уяга түшкөндөрдүн белине таяктан узунураак эки метрче
келген ичкерээк жыгачты туурасынан байлап коюшат. Антпесе уяга түшүп бараткан адам
чимирилип айланып кетет да, аркан жазылып олтуруп чарт үзүлөт. Ал эми байланган жыгач
болсо адамдын тегеренип кетишинен сактап, арканды жазылтпай эки башы жалама таштарды
сыдырып, улам ылдыйлап жыла берет. Белинен байланган «баатыр» ошентип олтуруп уядагы
балапандарга жетет. Андай эрдиктер ушуну менен эле бүтсө болбодубу, бүтпөйт. Кокус уядагы
балапандарына аракет кылып жаткан душмандарды бүркүттөр көрүп калса, анда балакет болду
дей бер, тиги арканга байланган киши түгүл жондо калган тобуна кол салат. Ошондой кокустук
болуп калбас үчүн кырда турган адамдар улам качырып сала берген бүркүттөрдү чочутуп
мынтык менен атып турушат. Ал түгүл балапанга барган «баатыр» да өзү менен кошо мынтык
ала кетет. Болбосо уясына жакындаган адамды иче-кардын жара тартып, серпип таштаган
бүркүттөр да болгон. Мындай эрдик иштерге баатырдын баатыры, жүрөктүүнүн жүрөктүүсү дит
багып барбаса, кокус «сен барасың»—десе эле жөнөй берип, бирок тигиндей окуяга
кабылганда «алаасын» булгаган «баатырлар» да болгон да.
Ушундай азап-тозокко чыдап билгендер эрдикти көрсөтүп, уяга жеткенден кийин, адегенде
өзү менен кошо ала барган куржунга балапандарды салып жогору жөнөтөт. Андан кийин
чокуда калган жолдоштору аны тартып алышат. Чырпыктынын зоосунда ошондой татаал уядан
бирөө бар эле. Аны жылына алп кара куштай болгон эки бүркүт ээлешчү. Башка бүркүттөр
алардан уяны талашмак түгүл жакындагандан коркчу. Жыл сайын бир же эки балапан чыгарып,
канат куйругу жетилгенден кийин учуруп кетишчү. Алардын балапандарын алыш үчүн адам дит
багып уясына бара алышчу эмес. Мамбеталы саятчынын да нечен жолу кызыгып, нечен жолу
шилекейи чууруган. Бирок колунан келген эмес. «Өлө турган жерге ким барсын» — деп эл
анын акылына муюбай коюшкан.
Мамбеталы Чырпыктынын өрдөшүн өрдөп олтуруп, баягы азаптуу бүркүт уяга
жакындаганда окшоштугу бири-биринен айырмаланбаган капкара эки ителгинин ошол уянын
оозунда чабалекейдей катар олтурганын көрдү. Аласала караганда кичирээк бүркүттөй
көрүнгөн. Бир аз көз үйүр алгандан кийин экөөнүн тең ителги экендиги даана билинди.
Мамбеталы ойлоду: «Баягы берендер быйыл келбей калышкан экен го. Өлүп калыштыбы, же
колго түштүбү? Уяны бул экөө ээлешиптир. Же булар ээн уя деп жатышабы? Кокус бүркүттөр
келсе экөөнү экөө чеңгелдеп кетет эмеспи. Андан көрө шордуулар ушундайында башка жактан
уя издеп, өз жайын табышсачы?..»
Мамбеталы ушундай ой жүгүртүп кылдыратып бастырып бараткан кезде, кайдан-жайдан
чыкканы белгисиз асмандан күркүрөгөн добуштун үнү угулду. Мамбеталы баш көтөрүп көктү
карады. Баягы кара бүркүттөрдүн бирөө— тиги ителгилер олтурган уянын накта ээси. Эки бутун
салаңдата сунуп, алакандарын арбайта ачып, шадылуу колдорунун курч тырмактарын аткурдай
арсайтып, далдайган канаттарын бооруна бекем кыса куушуруп, касташкан жоосуна найза
сунуп качырып келаткан баатырга, окшоп, тээтиги уянын оозунда олтурган эки ителгини көздөй
шукшурулуп сала берген экен кайран берениң. Бүркүттүн дуулдаган дабышынын илеби
жакындагандан жакындап, чукул кирип келгенин сезип калган ителгилер бүркүт жуп шыпырып
аларда кош ооз мынтыктын оозунан чыккан октордой отурган орундарынан типтик атылып,
экөө тең асманга көтөрүлүп чыкты. Күү менен келаткан бүркүт өз боюн өзү араң токтотуп, тигил
экөөнүн бош ордун шыпырып олтуруп калды. «Улуксатсыз эшигимди ээлеп, төрүмдү төрлөгөн
салпаяктар, канатымдын күүсү, тырмагымдын уусу менен далдайган айбатымды, күркүрөгөн
кайратымды, ормойгон тумшугумду көргөндө жүрөктөрү оозуна келип, жай аларга жай,
кирерге көр таппай безе качты бейм», — дегенчелик кылып өзүнө-өзү шердене түшкөн
берендин ачуусу чыгып, тула бою жазыла түштү окшойт, ошондон кийин канат-куйругун
камыштай шуулдаган чалгындарын кайра-кайра шалдырата-шалдырата силкип-силкип, шамал
желбиреткен отор үйдүн тутусундай эки канатын далбак-далбак каккылап, бүткөн боюн
таранып, коюу жүндүн арасынан сербейип чыккан бирин-серин талдарын иймекей чоң
тумшуктун учу менен мурунку калыбына алпарып өз-өз ордуна, өз-өз ыгына жараша коюп
жатты. Анан эки жагын каранып, айлана-чөйрөгө көз чаптырган болуп, куркуйган мойнун арыбери койкоктотуп, маңгил орок баштанган оркойгон тумшугун эки канаттын мүрүлөрүнүн
кырларына чалгы кайрагандай жанып-жанып алды да, анда-санда капкайдагыны көргөн тунук
кара көздөрү менен көгөргөн көк асманды, аны курсакка челип турган оркойгон асабалардын
шиш чокуларын биринен сала бирин сыдырып карап коюп, уясынын оозунда козголбой локуюп
отура берди.
Жанакы эки ителги коркуп калышканбы бийиктегенден бийиктеп олтурушуп, тунук
асмандын киндигине теменеден тепчилип кирип кеткендей болушту. Мамбеталынын көзүнө ал
экөө бүлбүлдөгөндөн бүлбүлдөп барып, асмандын айнектей тунук бетине эки тоголок кара
тактай кадалып калды. Бир оокумда ошол эки кара тактын бирөө көгөргөн көктөн үзүлүп
кеткендей түптүз ылдый, топтоголок кара таштай шуулдап, жакындагандан жакындаган сайын
ачуу үнүн үстөккө-босток ышкыртып келатты. Бул добуш бүркүттүн күркүрөгүнөн күчтүү десе
күчтүү, сүрдүү десе сүрдүү көрүнөт. Аңгыча болбой уянын оозунда эч нерседен капарсыз
олтурган бүркүт тиги чукул кирип келаткан каардуу добушту сезип, ордунан обдула берерде күү
менен келаткан ителги эки далынын дал ортосу көк желке талаштыра барыскан менен
ургандай уруп өттү да, кайра асманга ылаачындай типтик атып чыгып кетти. Бүркүттүн эмне
болуп, эмне койгонун кылчайып караган да жок.
Бүркүт заңгелдин башындагы уянын оозунан төмөн карай далдайган бойдон ыргыткан
тердиктей жазылып келип, суу жээгиндеги түзөңчөгө талп дей түштү. Муну көрүп турган
Мамбеталы колунан чылбыр тизгинин ыргытып жиберип, аттын үстүнөн кандай учуп түшкөнүн
билбей, тиги жайган теридей болуп жер кучактап жаткан бүркүттү көздөй чуркады. Мамбеталы
жетер менен бүркүттүн оозунан уюган-уюган кара кандардын балт-балт түшүп жатканын көрдү.
Бир аздан кийин бүркүт оозун бир-эки жолу ачып-ачып алды да, анан көздөрүн жашылдантып
жарык дүйнө менен түбөлүк коштошту.
Мамбеталы «баатырдын» жоо менен беттешпей, капыл-тапыл өлгөнүнө өкүндү. «Эр энөө
болот» деген ушул. Энөөлүгүнөн алдырды да, болбосо ошол муштумдай неменин колунан
келет беле?»
Мамбеталы бүркүттү өлүмгө кыйбай: «Кокус талуу жерине тийсе эс алдырып алам го» деген
ойдо шаша жетип барган. Ал бүркүттүк узун чалгындарынын учтарынан кармап ары дагы, бери
дагы ала салдырып көрдү. Жок, жан жок. Көрсө эки далынын ортосундагы кыр аркалар
күкүмдөй талкаланган окшойт. Мамбеталы кол тийгизген сайын сөөктөрү кычырап турду. Анан
өзүнчө кобурады:
«Кайран гана кыраан, кайран гана асыл, тирүүңдө көк асманды нечен жолу чарк айланып
сыздың ээ. Кебездей ак булуттарды жарып өтүп, далай-далай аска зоолордун катмар-кабатын,
ой-чуңкуруна чейин арытып эчки-теке, аркар-кулжаларды бир зоодон бир зоого көтөрө чаап
учкандырсың. Кезеги келгенде карышкыр, илбирс, аюу, жолборсторго да кол салгандырсың.
Мынабу карыш-карыш шадыларыңдын узундугу, уу тырмактарың өзү эле айтып турбайбы.
Ошолор кантип тирүүнүн жанын койсун, ар бирин адам дит багып карай алчудан эмес. Көргөн
көзгө эки миздүү канжардай илеби муздак учурайт. Мынабу олуп алчудай айбаттуу көк
тумшугуңдун иймекей учу далайлардын кардын эше тартып, далайлардын жүрөк, боорун
жарып, ысык канына баткандыр».
Мамбеталы бир аз токтоло калып баш чайкап оор улутунду: «Мына тагдыр деген ушул экен
го чиркин!.. «Кечээки көргөн бүгүн жок, бүгүнкү көргөн эртең жок, ушундай экен дүйнө шок».
«Карачы муну. Кайран гана асыл, кайран гана кыраан, тирүүсүндө учу-кыйырына көз жетпеген
көк асманды жеке ээлеп, бул кеңдикке менден башка бийлик кылар, менден башка эгедер
болор макулук жок деп жүргөндүр ээ. Кийин соңку өмүр менен өлүмүн ойлоду бекен бул
эргул? Ай ким билет? Малдыр-жандыр, адамдыр, айбандыр, асманда эркин учуп канат кагып
жүргөн куштур, акыр түбү айланып олтуруп өмүр аягы өлүм болуп бүтөт экен го! Туулганың чын
болсо, өлөрүң андан да чын. Туулбай калышың мүмкүн, өлбөй калышың мүмкүн эмес тура».
Ушундан кийин Мамбеталы өлгөн бүркүттүн денесин колтуктаган бойдон ооздугу менен
оттоп аткан атына жетти да, аны көрпөчөсүнө ороп бөктөрүп койду. Бөктөрүнчөктүн бир жаккы
учунан бүркүттүн тумшугу менен башы, экинчи жагынан канат куйругунун учтарына аралашып
буттары менен тырмактары арсайып чыгып турду.
Мамбеталы аттын башын буруп, жуп бастыра берерде асманда дагы күр-күр, дагы шар-шар
башталды. Барк-барк эткен ителгинин үндөрү, күн күркүрөгөндөй дүңгүрөткөн бүркүттүн
добушу угулду. Мамбеталы мойнун буруп көктү караса баягы эки ителги. Ортодо далдайган чоң
кара бүркүт. Сыягы тиги өлгөн бүркүттүн түгөйү болсо керек. Бирпастын ортосунда асмандын
тынчы кетти. Жалгыз да болсо бүркүттүн жаасы катуу. Ителгилердин биринен сала биринин
артынан түшүп, алардын үрөйүн учурчудай күркүрөп-шаркырап, сүрдүү добуш салып, аяңбуяңга келтирбей сесин алып жиберди. Ылдый тике качырса да, кайра асманга атып чыкса да,
эки канатын бооруна бек кыса куушуруп, качан гана көздөгөн жоосуна жакындай бергенде
арбайган колдорун жоон балтырларына чейин шымалана сунуп жиберип аткып алчудай абалга
келе түшөт. Кокус тиги ителгилердин бирөө анын арсайган чеңгелинин бирине илине калса,
мыкчып туруп коё берген күндө да чымындай жаны кала турган эмес. Өпкө-жүрөгү, иче-карды,
кан-жини аралашып бытмыйы чыкчудай.
Бирок, ителгинин кайсынысы гана болбосун бүркүт шукшурулуп чукул кирип келип, серпип
аларга аз эле калганда, ай эми илип кетти го дегенче болбой, андан шып буйтап асманга типтик
атып чыгат да, анан ошондон ары жоголуп житип кетпестен кайра кырданып аңтарыла түшүп
барып төмөн жагында калган бүркүттү көздөй сайылып кирет. Канча кылган менен ителгилер
аларман келет эмеспи. Өзүлөрүнөн алда канча чоң, айбаттуу десе айбаттуу, каардуу десе
каардуу, күчтүү десе күчтүү жоосунан жүрөксүп апкаарыбай, өжөрлүккө салып тартынбастан
согушуп жатышты.
Бүркүт ителгилердин бирөөнүн артынан сая түшүп, жуп чеңгелдеп кетерине чукул калганда,
экинчи ителги бүркүткө кулач бою жете келип дал ортого таамай муштап өтчүдөй камданып
калганын көрөсүң. Үстүндөгү коркунучту байкаган бүркүт алдыңкы жоосунан арткысы күчтүү
экенин сезип, кайра чалкалай калат да ага арбайган тырмактарын тосот. Андай болгондо ителги
бүркүткө жолой албай жазгап өтөт. Ителгини бүркүт, бүркүттү ителги жогору жагына
чыгарбоого аракеттенишет. Этек-жеңди жалап өткөн мынтыктын огундай бири-бирине дал
тийише албай коюшту. Канаттын күүсүнөн зуу-зуу эткен гана үндөр асмандан жерге угулуп
турду.
Бүркүт менен ителгилердин уя талашкан согушу узакка созулду. Чоң шашкеде башталган
айыгышкан кармаш күн төбөгө жакындаганда бүттү. Шуулдаган канаттар асмандын коюу
абасын уйгу-туйгу түшүрүп далай жолу чалмакейдей чалып, далай жолу кайра-кайра, ары-бери
аралаштырып, чулгуп-чулгуп ташташты көрүнөт, тунук асман мунарыктап боз түшкөндөй болуп
калды.
Мамбеталы бул эки ителгини: «Ылаачын болуп жүрбөсүн» деп далайга чейин күнөм санап
олтурган, анткени булардын кыймыл-аракети ителгилерге караганда ылаачындарга окшош эле.
Тез-тез бурулуп, тез-тез кайрылышат. Мындай шамдагайлык ылаачында болоорун Мамбеталы
беш колундай билет. Ал эми ылаачын дейин десең ылаачын ителгиден учкулдугу болбосо,
коркок келет. Бүркүттөргө алгыр канатуулардан жалгыз гана ителги кол салат. Ага караганда
булардын ителги экендиги даана.
Бүркүт жалгыздык кылдыбы, анын үстүнө улам бийиктикке тез көтөрүлүп, тез түшүп
жатканга, нары семиз (жапаныңда алгыр канаттуулардын баары семиз болот), нары эти оор
кургуруң мурдагыдай бийик көтөрүлө албай эңиштей баштады. Асмандын жогору жагын
ителгилерге алдырып жиберди. Дагы Мамбеталынын чала-моңол шектенгени, жанагы
айыгышкан катуу салгылаштын биринде тигил экөөнүн бирөө бүркүттү жон талаштыра чала-
моңол нукуп кеткендей болгон. Балким ошондон уламдыр, бүркүттүн күүсү мурдагыдай
болбой, бошоң тартып бастай түштү. Андан кийин ителгилерге каршылык да кыла албай,
айбаты да мокоп, кайраты да кеткенсип, алар качырса улам чеңгелин тосо берип, мурдакыдай
беттешип чабуулга өтө албай баш калкалап, өз жанын өзү коргогонго өттү. Эки ителги жоонун
шайманы бошоп, жөн тарткан абалын байкап калышты көрүнөт, баштагыдан да катуу күчөп,
алдан тайыган бүркүттү алма-терме, соккунун үстүнө-сокку урушуп, кайта-кайта биринен сала
бири удаа-удаа койгулакка алып жиберишти. Дагы бир согушканда ителгилер бүркүттү
жалпайтып таштамак. Акыры кандай зор күчү бар балбан болсо да — жалгыздын иши жалгыз
экен го чиркин! Тиги түгөйү болгондо эмне? Анда эки-экиден болушпайт беле. Ителгилер жеңет
беле, бүркүттөр жеңет беле аны ким билсин? Жана мурункусун жалпая электе бул берен кайда
жүргөн? Анда оюнда эч нерседен кам жок тээтиги заңгелдин башындагы соройгон шиш
чокунун учунда кечки чабыттуусун күтүп олтурбады беле. Бул кайраның качан гана түгөйү
уянын оозунан ойду карай сорок дей түшкөнүн көргөндө жүрөгү болк этип ордунан козголо
түшүп, алда кандай болду деп асманга атып чыккан болучу. Мына эми кайран гана баатыр,
кайран гана шер. Күнү кечээ учу-кыйырына көз жетпеген көгөргөн асмандын ээси жалгыз өзү
болуп, менменсип жүргөндөрдүн бири эмес беле? Карачы эми муну, кордук деген ушул экен
да? Өзүнүн он бөлүгүнүн бир бөлүгүнчө келбеген муштумдай эки ителгинин алдына түшүп, зор
башы кор башы болуп, ал-күч, кайратынан тайып, артуудан-артуу, белден-бел, кырдан-кыр
ашып, бет алган жагын көздөй «кылак-кылак» деп жан соогалап качып баратканын. Ай-ай-ай!..
Турмушуң кургур! «Баатырдын башына иш түшсө бараарга багыт, батарга чуңкур табылбайт»
деген ушул экен го чиркин! Бири кем жалган дүйнө! «Төө арык болду, дөө карып болду» деген
ушу да.
Качкан жоону качырган жоо койчу беле? Баягы эки кара ителги бүркүттүн артынан сая
түшкөн боюнча кетишип, кайра бири-бирин куушуп бат эле баркылдап жетип келишти. Каардуу
жоосун жеңгенде адамдыр, айбандыр же канаттуу куштур кубанбай койчу беле? Жүрөгү
жарылганча сүйүнүп, маңдайы кашкайганча жаркылдабайбы. Буларга да ошондой кубаныч
пайда болгон көрүнөт. Далайга чейин уяга келишпей бири-бирин ойкуп-кайкып кубалап, кайтакайта барк-барк үн чыгарышып, каардуу душмандарын айыгышкан салгылашта кайсап
таштагандарына жетине алышпай, жеңиш менен аяктаган эркиндиктерин даңазалашкандай
бири-бирине айкалышат, даң салышат. Бир аз мурун айыгышкан согуш болуп өткөн бүдүрү жок
көк асмандын жүзүн жарк эттирип күлкү-кубанычка чайып, далайга чейин ары-бери куушуп
ойноп жүрүштү. Анан бүркүттөн тартып алган бийиктеги уянын оозуна биринин артынан бири
канат ирмебестен сызып келишти да, чабалекейдей окшошуп катар олтуруп калышты.
Ал эми баягы качкан «баатырдын» тагдыры кандай болду экен? Кандай болмок эле, алкүчтөн ажыраган шордуу, жан соогалап кетип баратып тоо-таштын бирине урунуп өлгөндүр, а
балким тиги артынан сая түшкөн эки оен аны аямак беле, кууп, олтуруп жерге жабыштыра
жалпайта тээп, оозунан кара канын кулгуткандыр.
Мамбеталы саятчы отуз жыл бою кышкысын куш күйүп, жазгысын ителги, бүркүттөрдүн
балапандарын алчу. Бой тарткандан бери канаттуу куштар менен аралаш өскөн адам. Көл
айланасында чанда бирөө болбосо, андан озгон, андан кыйын саятчы мүнүшкөр жок. Ошол
отуз жыл өмүрүнүн ичинде мындай шумдук, мындай кызык окуяны биринчи жолу көрүп,
биринчи жолу үстүнөн чыгып олтурат.
Мамбеталы ар кыл ойго батып, ат үстүнөн башын шылкыйтып Көл кылаасындагы үйүн карай
кеч бешимде жолуна түштү.
ЖАЛГЫЗ БАЛАПАН
Бирде бүркөк, бирде жаркырап-жайнап чайыттай ачылып турган жаздын жанга жагымдуу
күндөрү. Булут жашып, жаан-чачын өксүбөй жабалактап, чөп чыгып жаткан учур. Ошол жаздын
башынан баштап Чырпыктынын зоокалуу бийик жарларына Мамбеталы көп барчу болду.
Бүркүттүн уясын тартып алган эки ителги Мамбеталынын тынчын алды. Отурса-турса да
оюнан кетпей конду. Чырпыктынын жарларына жыл сайын тууп балапан учурган бүркүттөн
тартып, турумтайга чейин алгыр канаттуулар көп эле болгон. Алардын бир даары
Мамбеталынын көзүнө өзүнүн үй канаттууларындай жедеп үйүр алып калган. Отуз жыл бою
алгыр канаттууларга асылып жүрүп бүркүттөрдөн, бүркүттөр болгондо да кандай бүркүттөр
дейсиң, апыртып айтканга алп кара куштай бүркүттөр, ошолордон уяны тартып алган мындай
баатырларды Мамбеталы өмүрүндө биринчи жолу көрүп олтурат. Анан кантип бул экөө эстен
кетсин, кетпейт да.
Барган сайын суу жээгиндеги жашаңга атын жайдактап коё берет да, көрпөчөсүн астына
төшөп, ээр токумун башына жазданып бирде үргүлөп, бирде ойгонуп уйкулуу көздөрүн ачакейжумакей кылып, баягы бийик зоодогу бүркүттүн уясын анда-санда тиктеп коюп кырданып жата
берет. Эки ителги биринен сала бири шак-шак учуп келип уядагы балапанга алмак-салмак кезек
менен жем ташып турушат. Ителгилер жокто өрөөндүн эки бетиндеги ызычуу кулак мээни
тундурат. Ал эми ителгилердин бирөө же экөө баркылдап жетип келгенде чыйылдаган
балапандардын да, шаңшыган эне-аталарынын да жаагы жап, Тымтырс боло калат да, өрөөндө
мемиреген тынчтык өкүм сүрөт. Качан гана ителгилердин карааны үзүлгөндөн кийин аягы ызычуу, күрүгүү кайра башталат. Мурунку эки бүркүттүн учурунда да мындай болгон эмес. Анда ар
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 02
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.