Latin

Кара шумкар - 10

Total number of words is 3972
Total number of unique words is 2052
31.0 of words are in the 2000 most common words
42.8 of words are in the 5000 most common words
49.3 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Тиги шаңшыган балапанга акыл-эсин алдырып койгон Карымшактын ичи уйгу-туйгу болуп,
ою бир жерге топтоло албай жатты. Анан жүрөгүнүн опкоолжуган дикилдеги басылгандан
кийин кеп-сөздү узарткысы келбеди. Карасур жигиттин бутунун башынан тартып, төбөсүнө
чейинки тула боюна дагы бир сыйра сыдырып көз жүгүрттү да, анан анын колунан жамандык
келбей турганын билген соң, байлоодогу балапан бүркүттүн жайын сурап кирди. Жигит малдаш
токунган буттарын жазып жиберип, далдайган далысын ары бир, бери бир куушуруп, анан
асман мелжиген тоолордун учтарына көз жиберип, жайбаракат сөзүн баштады:
— Бир жумадан ашты, кайда он-он беш күн өттү окшойт, тээте-тиги бийик чокудан төрт
бүркүт айланып учуп чыгып, көпкө чейин бирин-бири ээрчите көктө калкып жүрүштү. Дал чак
түш ченде тиги эки жолдошум үчөөбүз тамактанып жатканбыз. Биздин жогору жагыбызда
бийик чыккан коюу калың камыш бар болчу. Ал мындан да бир топ жогору, — деп колун көтөрө
шилтеп, өзөндүн суусунун жогорку агымын көрсөтүп койду карасур жигит, — аңгыча болбой
ошол айланган төрт бүркүттүн бирөө типтик куушурулуп, бизди көздөй сала берди. Түптүз эле
качырып келатат, шукшурулган бойдон. Чочуп кеттик. Колубузга кыйган талдан бир-бирден
кармап, ордубуздан тура калдык, а тиги камыштын арасына сайылган бойдон келип түштү.
Эмне болгону билинбей, ың-жыңсыз болду да, калды. Кайра учуп чыккан жок. Камыштын
арасы уйгу-туйгу болуп, чаңы асманга көтөрүлө түштү. Биз ойлодук, «коён-поён алып жеп калды
го» деп. Көптөн кийин тиги асманда айланып турган үч бүркүттөн бирөө бөлүндү. Ал дагы
типтик сайылды. Анын артынан дагы бирөө келатат. Алдыңкысы топ камышка жакындап
калганда арткысы жете келип тигинисин камышка түшүрбөй, шак илип алып, кайра асманга
чыгып кетти.
Карымшак ичинен күбүрөндү: «Алып чыгып кеткен энеси болуш керек». Карасур жигит
токтолбой сөзүн улай берди:
— Анан көктөгү жалгыз калган бүркүт эки бутун салаңдатып, күркүрөгөн бойдон катуу
келатат. Ал бүркүт камыштын арасынан торпоктой болгон бир кара немени тыбыраткан бойдон
көтөрүп чыгып, бийиктей түшкөндө колдору талып кеттиби же атайылап таштап жибердиби,
иши кылып таштап жиберди. Ал кара неме топ камышта обочо жерде жаткан уйдай кызыл
таштын үстүнө келип тийип «былч» дей түштү. — Карасур жигит сөзүн токтоткон жок, дагы
улады: — Биз үчөөбүз айран-таң калдык: «Бул эмнеси болду экен? Барсакпы, барбасакпы?
Кокус бүркүттөр бизге да тийип жүрбөсүн? Эмнеси болсо да сабыр кылып туралычы?..» деп
дүрбөп чочуп калдык, аңгыча болбой асманда айланып жүргөн үч бүркүт, тиги «былч» этип
ташка келип тийген кара неменин үстүнө биринен сала бири жабалакташып конуп жатышты.
«Бүркүттүн ачуусу келсе, кишини да алып жеп коёт» дегенди укканбыз бала кезибизде, чыны
даап аларга жакын бара албадык.
Корктук. Алар тиги карарган немесин таштап жиберип, үчөөбүздү басып калчудай көрүнүп
туруп алды көзүбүзгө. «Эмнеси болсо да бүркүттөр кеткенден кийин барып тарпынан
тааныйбыз» деген акылга келдик.
Үч бүркүт бизден айбыгышкан жок. Канаттары калдаң-кулдаң болуп, үксөңдөпсаксаңдашып, кара немени бат эле үзүп-жулкуп талап жеп жиберишти. Анан эки чоңу
мурунураак чыгып төш таяна далбактай басышты. Экөө эки чоң таштын үстүнө барып,
жайланып олтурушту. Таранып-силкиништи. Далайга чейин орундарынан козголушкан жок.
Сыягы тиги жалгыз калганын күтүштү окшойт. Ал карарган тарптын артканын жеп эле атат, жеп
эле атат, тойбой койду. Анан тигил экөө биринен сала бири шаңшып, алыстап айланып учуп
кетишти. «Тойгондон кийин артыбыздан түнөөчү жерибизге келет» дештиби, артына кайра
кайрылышкан жок. Анан биз «Эми тиги жалгыз бүркүт эмне кылаар дейсиң» деп жанына басып
бардык. Ошондо да колдорубузда бирден союл. Мына коркконду мындан билиңиз, бүркүт
көрбөгөн жаныбыз.
Тиги артта калган бүркүттүн төшү кичине казандын түбүндөй салаңдайт. Башын ылдый
салып жөргөлөп калыптыр. Боорун көтөрүп уча албай койду. Үчөөлөп кармап алдык. Тарптын
баш сөөгүнө чейин мүлжүлүптүр. Аркайган кабыргалары, этинен ажыраган чоң-чоң жиликтери
жатат. Териси дал-дал тытылган. Жүнүнөн тааныдык, жапайы каман экен. Биринчи келип
түшкөн бүркүт эмне болду деп барсак, ал өлүп жатат. Каман эки бөлүп таштаптыр. Анын
тумшук, буттары да ушунукундай көк, канат, куйругу карала экен.
— Ал дагы балапаны тура, — Карымшак кейигендей, өлгөн бүркүткө жалооруй түштү.
— Кайдан билдик. Бүркүт менен ишибиз эмне? Бизге үй жыгачтык тал керек да.
— Ошо бойдон тиги эки бүркүт кайрылган жокпу?
— Күнүгө бир-эки маал келип, көпкө чейин айланып жүрүп анан кетишет. Калың талдын
арасынан тигинин өзүн көрө албай шаңшыган үнүн угушат окшойт. Алар да шаңшыйт. Сыягы,
баамдоодо «бери чыкпайсыңбы» деп чакырышат окшобойбу. Бул бечара болсо байлоодомун
деп жооп береби? Түнкүсүн тынч. Күндүзү жаагын жанып шаңшыйт да, шаңшыйт. Эки-үч күндөн
бери алар көрүнбөйт, жок. Сыягы мындан түңүлүшүп, алыстап кеткенби. Эми бир келишсе
агытып жиберейин деп турам. Жогорулап кетип, буга да карабай калдык. Анын үстүнө талга
алагды болуп, кол бошобой да койду. Он-он беш күндөн бери эчтеке жей элек. Ачка өлө турган
болду, байкуш.
Карымшак карасур жигиттин сөзүн угуп олтуруп ичинен жылмайды. «Буга тиги бүркүттөн
көрө бир ууктук түз тал өйдө тура».
— Бүркүтүңдү агытып ийгенче мага бер?
— Тигине бир бутунан байлануу турат, керек болсо алып кет. Албасаң азыр агытам.
— Жолдошторун бирдеме деп жүрбөсүн?
— О, кокуй, алар «какшатпай агытсаңчы, бечаранын убалына калбай» деп жүрүшөт.
Кокус тиги карасур жигит «Атынды бер, болсо бербейм» десе да Карымшактын ааныйы жок
эле. Атын ээр-токуму менен кармата берип, бүркүттү жөө көтөрүп кете бермек.
Карымшак ордунан туруп атынын жанына басып барда да эки канжыгасын чечип келди.
Анан тиги карасур жигитти далдайтып ээрчитип алып бүркүткө барды. Балапандын жалгыз
бутунда байланган катуу кайышты бошотуп жигиттин колуна карматты. Ал жедеп сууга тийип
катып калган, кайыш чокойдун эски боосу экен. Анын ордуна жумшак кайыштан кабаттап боо
тагып алды: «Бүркүт табылып калабы» деп өзү менен кошо ала жүргөн мээлейин койнунан
сууруп чыгып, карала балапанды кондурду. Көптөн бери ачка тургандыктанбы жоошуп
калыптыр. Жулунуп чыр салган жок. Тапка келген бүркүттөй колго омоктуу отурду. Аттын
жанына келгенде Карымшак тиги карасур жигитти жайдары жылмая карап: «Эми баатыр,
балапан бүркүт экен, бирдемеге жараса жараар, жарабаса жарабас, өзүң деле агытып
жибергени жатыпсың, бүркүттү кур алып кетишим болбостур. Жанымда акча- тыйыным да жок.
Болбосо чайлык бирдеме берет элем, эми кур калба, мынабу олоңумду чечип берейин, ырым
кылып алып кал» деп чаболоңун төнөлүгү менен чечип берди Карымшак.
— Рахмат, жумшак жазы кайыш экен, кур кылып алайын,— жигит култуңдап сүйүнүп калды.
— Ошент, баатыр, ыраазы бол.
— Ыраазымын, ыраазымын.
— Эмесе, кайыр кош, «эки тоо бирикпейт, эки адам биригет» деген, аты-жөнүбүздү
сурашып тааныштык. Дагы айтып коёюн, атым Карымшак. Мени айылдагылар Карымшак
молдо дешет. Молдолугум деле анчалык эмес. Арапча окугам бала кезимде. Эскиче чала
моңол кат билем. Кочкордун Тармал-Сазынан болом. Уругум Азык. Сенин атың Сулайман экен.
Ак-Бекеттик өзүктөрдөн болот турбайсыңбы. Буркүт кыраан чыгып калса, сага кабар кылам.
Чакырам, болбосо атайы сени издеп айылына бир кайрылып барам. Кантип унутуп калайын,
мен да адаммын.
— Кош-кош.
— Кош-кош, аман бол.
Карымшак атына минип, карала балапанды кондуруп жолуна түштү. Карасур жигит
чаболоңду оң колуна кармаган боюнча Карымшактын артынан ээрчий карап Байдам-Талдын
токоюнда кала берди.
Экөө жакшы ажырашты.
***
Карымшак үйүнө келгенде бир коюн союп, айыл арасындагыларга түлөө өткөрдү.
Бүркүтүнүн атын «Бир олоң» койду. Мунусу да бир себептен туура ат. Кур алганым уят, ырым
болсун деп чаболоңун чечип бербеди беле баягы Байдам-Талдагы жыгаччыга. «Бир олоң» Аты
жөнүрөөк болгону менен кыраан бүркүт болду. Ар ким-ар ким: «Молдоке, бул бүркүтүңүздүн
атын которуңуз, «Бир олоң» деген ат кантип болсун» дегендерге катыра жооп берип жүрдү
Карымшак: «Алп кара куш» коён менен чычкан ала албаса, анын эмне кереги бар. Жетет ушу
«Бир олоң» деген ат».
«Бир олоң» түлкүнү коёндон оңой алып жүрдү. Кай бир убактарда алган түлкүсүн кырдан
ашырып бөктөрүп кетет. Качуу деген караманча оюна келбейт. Бала да. Төрт-беш жылга чейин
караласы тараган жок. Кыраан бүркүттөрдүн белгилери ошондой болот. Түлөгөн сайын карала
бачайындай кооз болуп келип, качан гана бир барчын болгондо караласы суюлат. «Бир олоң»
кийик жаатынан эликтен тартып аркар, тоо эчкиге чейин алды. Качырганын куткарган жок.
«Бөрү алгандын тукуму тирилебей түлкү алат» дегендей, канча кылган менен каман алган
бүркүттүн балапаны эмес беле. Карышкыр менен түлкү колдогу жеминдей болду.
«Бир олоңдун» бүркүттөрдөн башка дагы бир өзгөчөлүгү — эмнеге болсун томогосун
тартып коё бергенде, жер менен жер болуп сызып жөнөчү. Асмандап бийик көтөрүлүп уччу
эмес. Башка кыраандардай жогортон тике сайылып куушурулуп кол салчу эмес. Турумтайдай
чимирилип жер каймактап сабап жүрүп олтуруп, жердин үстүңкү кыртышына тиер тийбес, тиер
тийбестей болуп барып, анан чап этип жабыша түшчү. Мейли карышкыр, мейли түлкү болобу,
алар мунун кайдан жетип келгенин билбей калышчу. Качан гана эшик төрдөн жакын кирип
келип, анын канатынын шамалдай шуулдаган илеби урунганда билишчү. Ошондо качаарга
кабак, кирээрге чуңкур таппай айласы кетип алактап шашып калышчу. Анан «Бир олоң» аяңбуяң, аки-чүкүсүнө карап олтурабы? Бой аягын жыйдырбай, мерчемдүү жеринен капшыра
кармап, шыпырып олтура калчу. Алгыр канаттуунун кыраанынын көбү ошондой болот. Ала
турганына караанын жашырып барып тиет.
Карымшак кечкисин үйгө кайтаарда «Бир олоңду» бет келди жерге таштап атып жүрө
берчү. Бүркүттүн оордугу канчалык. Аны калдактатып көтөрүп, кечки суукта шалпактап
жүргөнчө салт бастырса үйүнө эрте келет да. А «Бир олоң» болсо Карымшактан мурун же кийин
келип, бирде короосунун кырына, бирде боз үйдүн чамгарагына келип конуп олтуруп алчу. Уя
баланын баарынан ушунусу артык да. Торго камалган карт бүркүт болсо балакетти келсинби.
Ошондон ары жоголбойбу.
«Бир олоң» мурун үйгө келсе, Карымшак келаткан экен деп билишет үй-бүлөсү, кошунаколоң, айыл-апасы. Карымшак мурун келсе «Бир олоң» артта тура ал дагы эми удаа келип калат
деп турушат.
«Бир олон» кыраан чыккандан кийин томогосуна күмүш чаптырып, эки кыска боосунун
учтарына күмүштөн чакан төңөлүк тактырып таштады Карымшак. Буларды колунан көөрү
төгүлгөн зерге уста Букарбай жасады. Акысына тебетейлик үч күрөңдүн бирин алды. (Калтардан
кийинки жүнү жакшы түлкүлөр үчкө бөлүнөт: ара күрөң, кызыл күрөң, мадыл күрөң болуп).
Күмүш боо, күмүш томого «Бир олоңго» ого бетер куп жарашып, көркүнө көрк кошту. Мурун
эле сындуу неме ошондон тартып кооз бүркүт болду да калды.
«Ушул бүркүтүмдөн Кудайбарген өөн табар бекен, таппас бекен» деген ой менен аны
сынатыш үчүн күндөрдүн биринде «Бир олоңду» кондуруп Кудайбергендикине келди
Карымшак. Кудайберген Карымшакты жакшы көрчү: «Ителги, куш, башка алгыр
канаттуулардын табын билбейт, анан бүркүткө калганда Карымшак менден жогору десе
жогору» дечү. Карымшактын колунан «Бир олоңду» өз колуна алып кондуруп олтуруп:
— Молдо, бул бүркүтүңдө өөн жок, телегейи тегиз келиптир, жалгыз гана бир айыбы —
тумшугу кыскараак экен, — деди Кудайберген. Карымшак да туура сөздү сая кетирбей өз
учурунда айтып калганды жакшы көргөн киши эле. Токтолгон жок.
— Канжарлуу мурдуңдун учун салаңдатып чымчыктан тартып бүркүткө чейин асылгандан
башка сен эл үчүн эмне керекке жарадың? Чолок мурдун быйпыйтып бизди Сарыбай эле
бийлеп жатпайбы! — десе болобу.
Канча кылган менен жакшынын иши жакшы да. Кудайберген Карымшактын сөзүнө
териккен жок.
— Байбиче, сөзгө жыгылып калдык го, — деп мандай-тескей олтурган чыгдан тараптагы
улуу аялы Шаарканды карап борс-борс күлүп койду. Үйдө булардан башка да Кудайбергендин
ага-инисинен үч-төрт киши олтурган. Алар Карымшактын сөзүнөн кийин бири-бирин алдыртан
кылыйып карап тиктешип калган. Анан Кудайберген тигинтип жылмайган соң баары
Карымшактын сөзүн кубаттап кыраан-каткы күлүштү.
***
«Бир олоңду» Карымшак үйдө жокто бир күнү баласы Зайнидин алып чыкты. Зайнидин
Корумдунун катмар кырларын кыдырып, түлкү жатактарды кагып келаткан. Кечке маал болуп
күн сууктап кетти. Жолу болбой бараткан Зайнидин үйгө кайткысы келди. Аңгыча аркы өйүздөн
капталдын таштары шыгырап, бир жоон топ аркар үрккөн бойдон кыр аша турган болду.
Алысыраак, өтө эле алысыраак. Зайнидин «Бир олоңдун» томогосун тартты. Бүркүт колдон атып
кетти. «Бар, тобокел, эмне болсо ошо болсун». Кое берди. Кетти. Кеткенде да капталды
капталдай салып, адатынча боору жерге тийчүдөй болуп сызып бараткан. Аркарлар ашкан
кырга жакындап аша берерде бүркүттүн оң канаты артына кыйраң эте түшүп, анан андан ары
мурунку калынбындай кетти. Зайнидиндин аты тың эле, чуркаганда жер таянбаган жүгүрүмдуү
кабелтең болчу. Артынан удаа жетти. Кырга чыга калса аркардын бирин чабуудан көтөрүп
жерге урган экен, бычакка келбей жан бериптир. Бүркүт аркарга тийбей, анын жанында акактап
солуп турат. Качан Зайнидин жеткенде аркардын үстүнө басып келип конду. Аркардын чабуусу
жарылып, бычак менен тилгендей иче-карды эшилип жатат. Зайнидин аркардын жаш этинен
бүркүткө анча-мынча чокутуп чала тоют кылып койду да, калганын бөктөрүнүп алып үйдү
көздөй салды. Бүркүттү ошол ордуна таштады. Бүркүт Зайнидииден мурун келиптир. Үйдө
атасы аны кондуруп олтурган экен. Шып кирип келген Зайнидинге орой көзү менен карады.
— Э балам, мунун оң бутунун боосундагы төңөлүгү кана?
— Эмне экен? Жок бекен?
— Бар болсо мени кесип алды деп турасыңбы?
— Бар эле болчу!..
— Акмак. Бүркүт салгандан кетесиңби? Бутундагы боосун карабагандан кийин.
— Бар эле болчу.
— Аркарды алган жерде байкаган жок белең?
— Бар эле болчу. Ошондо эле экөө тең бутунда жүргөн. — Зайнидин калп айтып жатат. Ал
жанагы аркардын этинен чокутарда бүркүттү жерден алып колуна кондурган, ошондо эле
төңөлүк жок болчу. Аны тиги алактап, аркар алдырганына сүйүнүп жүрүп байкабай калган. Эми
атасынан коркуп: «Бар болчу» деп олтурбайбы уялбай.
— Бар болсо анда бүркүт жолдон жолуккан бирөөгө чорт кесип алып, сатып ийген го.
Зайнидин караманча танып мойнуна албай койду. Атасы: «Бүркүт салганды билбегенден
кийин мындан ары жанына жолобо» — деп катуу жемелеп таштады.
Таң атканча Зайнидин санааркап чыкты. Акыры байкуш бала жаман акылын бир жерге
топтоду окшойт. «Атам мени мындан ары мен жокто бүркүткө жолобосун деп бир бутундагы
күмүш төңөлүгүн өзү кесип алган экен. Анткени бүркүт үйгө менден мурун келбедиби. Аны атам
кондуруп олтурган тура? Мындан ары бүркүтүнүн жанына жолобосом жолобой эле коем».
Эртеси таң заардан Зайнидинди ээрчитип Карымшак кечеки бүркүт салган жерин көргөнү
жөнөдү. Кайсы жерден аркарлардын качканын, кайсы кырдан бүркүттү кое бергенин Зайнидин
атасына туура көрсөтүп жүрүп олтурду. «Анан тетиги кырды аша берерде бүркүттун он канаты
кыңыраңдай түштү эле» деди Зайнидин. Ата-бала ошол кырга келишти. Ал жерден куураган
шилбинин дүмүрүн табышты. Аттан түшө калып карашса ошол дүмүрдүн иймейген кыска
жаракасынын башында кайыштын бир эли үзүгү менен күмүш төңөлүк жаркырап турат.
Төңөлүк баткан чыпалактай иймекей шилби темирден да катуу экен. Мына таң кала турган
тамаша. Бүркүт капталдай салып боору менен жер шыпырып учуп баратканда төңөлүк ошол
дүмүрдүн жаракасынын учуна тупа-туура тушташ келип илингенин кара. Ошондо да
буйдалбастан оң канаты кыңырая түшүп жап-жаңы кайыш боону тарс үзүп, бараткан күүсүнөн
жанбай учуп кете берген бүркүттүн күчү эмне деген күч?!
***
«Бир олоңду» Карымшак он төрт жыл удаа салды. Бүркүт карууга толду. Он төрт жылдын
ичинде «Бир олоңдун» алган карышкыр, түлкүсүнүн териси Карымшакты орто байлыкка
жеткирди. Келин алды, кыз узатты. Ошолордун бардык тасмиясы «Бир олоңдун» табылгасы
менен бүтүп жатты. Карымшак акыркы он бешинчи жылы «Бир олоңду муздай тунук түлөттү.
Анан түлөктө отургандагы семиз этинен басаңдатты. Кайра кайрып мурунку тап этине келтирди.
Ошол жылы күзгү боз кыроодон баштап эрте сала турган болду. «Быйыл камандан да кайра
тартпайт, оңуна келсе, аюу, жолборско да чабар кези келди» деп турганда «Бир олоң»
болбогон жерден кокусунан өлдү.
Карымшак бир күнү кечке маал «Бир олоңду» үйүнөн обочороок кондуруп чыгып,
чыргаанын үстүнө жем бергиси келди. Мүнүшкөрлөр бүркүттөрүн тулөткөндөн кийин,
салаардын алдында эки-үч күн мурун чыргаа бастырып, жемди ошол чыргаанын үстүндө берет.
Алардын бул амалы, бүркүтүм чыргаасына көзүн үйүр алдырсын дегени. Алыстан атасы
кыйкырды:
— Зайнидин, чыргаа тарт!
Зайнидин үйдөн чыргааны алып чыгып сүйрөп жөнөдү. Карымшак ат үстүнөн томогосун
шыпырып кое берди. «Бир олоңдун» баягы адаты турумтайдай зыпылдап жер менен жер болуп
баратат. Бирок чыргаага жеткен жок. Көтөрмө бою чукул калганда тарс эткен катуу үн чыкты.
Күү менен келаткан бүркүт маңдайынан бирөө далдап туруп союл менен чапкандай жалп дей
түштү. Ары жактан Карымшак чаап келди. Бери жактан жүгүрүп Зайнидин жетти. Чалкасынан
түшкөн бүркүт кайра аңтарылып жер кучактап, эки канатын үзүктөй жайып, балт-балт кара кан
кузуп жатат. Ата-бала ары-бери ала салдырышты. Болгон жок. Бүркүттүн көздөрү сүзүлүп өлүк
сыны кирди. Араңдан зорго оозун бир ачканга жарады. Бүттү, жаны чыгып кетти.
Жер каймактап катуу келатканда музоо аркандай турган кагылуу казыкка төшү менен келип
тийген экен. Казыктын башы чорт сыныптыр. Сыягы бүркүттүн да жүрөгү үзүлүп кетсе керек.
«Бир олоңдон» кийин Карымшак бүркүт салган жок.

АРМАНДА КАЛГАН АК КУШ
Кадыркул колуна бүркүт кондурган жок. Ал эми ителги, куш, чүйлү, кыргый, ылаачын,
жагалмайдан тартып, турумтайга чейин армансыз эле салды. Бирок, алгыр канаттууларды
таптоо жагынан Кочкор боорунда Кудайбергендин алдына чыккан бир да мүнүшкөр болгон
эмес. Көбү Кудайбергенден үйрөнгөн. Ошолордун бири — Кадыркул. Айылы алысыраак
болгону менен кыргый, куш, ителги салганда Кудайберген экөө бирге жайылышаар эле.
Комузчу Самсаалы менен Кадыркул жаны бирге курбу болчу. Самсаалы комузду
Кудайбергенден үйрөнгөн. Анын шыгы комузга жакын экенин билген Кудайберген Самсаалы
колуна кыргый кондуруп жүргөнүн көрүп: «Сен, кыргыйды ташта, комуздун артынан түш.
Мүнүшкөр боло албайсың. Мүнүшкөрдүн түйшүгү кеп болот. Тоо-тоонун башын кыдырып,
салпактап бүркүт кондуруп жүргөнгө сенин жөндөмүң жок, ага чыдай албайсың» деп тыйып
койгон. Ошондон кийин Самсаалы анда-санда гана күзгү бөдөнөнүн мезгили келгенде кыргый
кондура койбосо, башка алгыр канатууларды колуна албады. Ал эми көп учурда кыргый, куш,
ителги салгандарды ээрчип, кызыкка батып, көңүл ачаар эле.
Кадыркул менен жакын курбу болуп калганынын дагы бир себеби, Кадыркулдан дамамат
бир жакшы жорго үзүлчү эмес. Самсаалы жорго салдырганда ээрдин үстүндө ары-бери
кыйшалактай берип жоргонун күчүн кетирбей, каккан казыктай бепбекем, жарашыктуу, түп-түз
олтуруп, тизгинди туура башкара билип, жоргосун жаздырбай алып жүргөнгө өтө чебер адам
болгон. Көп мелдештерде Кадыркулдун нечен жорголорун салдырып, байге алып берген
Самсаалы.
Бир күнү Самсаалы менен Кадыркул куш жайышып талаага чыгышты. Кадыркулдун чоңунан
келген ак кушу бар эле. Күздөн тартып, кыш бою салып жүрүп, тоодактан башка илбесинди көп
алдырды. Ал күнү да алдынан качкан коенду, барпырап учкан кекилик, чилдин тобунан биринэкисин куткарышкан жок. Үйлөрүнө жакындаганда иттин өлүгүнүн тарпында олтурган кузгунду
көрүп куш Кадыркулдун колунан талпынып улам темине берди. Самсаалы Кадыркулга минтип
айтты:
— Имере тартып келип урсаңчы.
— Жок, болбойт.
— Эмне үчүн?
— Кузгундун тумшугу жаман, эки миздүү шаптан да курчтук кылат! Кокус кушту алкымдан
тартса мууздап салбайбы?
— Мууздабай кара жерге кирсин. Ал камданганча бул баштап салбайбы. Куш көңүлдөнүп
турат. Шилтесеңчи?!
Ошол учурда куш ого бетер ыкшып кайра-кайра талпынып «кое бер колумду» дегендей
мушташкан кишиче жулунуп-жулкунуп жатты. Кадыркул да көңүлдөнүп кузгунга жакындап
айланып келип кушту шилтеп калды. Кузгун ордунан типтик көтөрүлө бергенде куш шак жетип,
анын бооруна тырмак матырып тегереткен бойдон бакыртып жерге алып түштү. Кадыркул да,
Самсаалы да ат үстүнөн кулашып, будалашып жаткан кузгун менен кушка жетишти. Куш эчак
эле кузгундун башын мыкчый кармап, бир колу менен эки балтырын бириктире бекем кысып
турган экен. Кузгундун Кадыркул айткан шаптан курч тумшугу кушту кекиртектен мууздамак
мындай турсун, асты-үстү бири-бирине кабыштыра кармалып, уурттарынан кан чууруп, оозун
ачууга чамасы келбей калыптыр. Курк этерге кудурети жок. Жан соогалап, тула боюнан каруусу
качып, кош канатын солгун чапкылап, жүрөгү болк этип кабынан жарылып, дени өлүп жанынан
коштошуп бараткан тулкусу дирт-дирт этип, шайманы бошогондон бошой берди. Шамдагай
куш анын абалына боору ачымакпы. Жоо менен кармашканда көз ирмем убакыт текке кетпейт
эмеспи, тигилер келгенче, албарстай курч, ороктой иймеккей тумшугун мууздоодогу жумшак
алкымга эки-үч кайталап матырып-матырып кузгундун кекиртегинен кан алып жиберген экен.
Моюндун күрөө тамыры үзүлүп даңгыл жерге жылуу кара кочкул кан жая-жая берип жатыптыр.
Кузгун былк эткен сайын куш болоттой курч, ийнедей өткүр тырмактарын күчүнүн бардыгынча
тереңирээк жиберип кыса-кыса мыкчып, үстөккө-босток ныкып-ныкып жатты.
Кадыркул менен Самсаалы кузгундун төш этин жарып, кушту жылуу кандуу жаш этке
тоютун кандыра тойгузуп коюшту. Куштун кузгунду чымчыкча көрбөй чаңыртып алганына
кубанышып, бул куш тоодак алчудан экен го деген чоң үмүттө болуп калышты. Андан кийинки
күндөрдө да бул кушка кузгун, коен, өрдөк, кыргоол алдырып жүрүштү, бирок тоодакка көрсөтө
алышкан жок.
Бир күнү экөө акылдашып кушту Кудайбергенге алпарып сынатууну туура табышты. Канча
кылган менен Кудайберген булардын устаты. Жалаң эле устаты болбостон мүнүшкөрлүгү
жагынан да көп артыкчылык кыларын булар билет эмеспи. Кудайбергендин алдына
бүркүтчүлөр, ителгичилер, кушчулар нечен келип, кондурган алгырларын сындатканда,
айтканы айткандай, дегени дегендей болгонун бул экөө кулагы менен гана укпастан, көздөрү
менен да көрүшүп, анын билгичтигине нечен жолу таң калышкан. Канаттууга калганда
Кудайбергендин жумур баштууда жок айтып берчүсү бардай бөтөнчө «олуя» экендигине
суктанып жүрүшчү.
«Бул бүркүтүң түлкүдөн башкага жарабайт, чоңго алы жетпейт. Түлкүгө да бир жумада бир,
же эки көрсөт, көп салсаң түлкүдөн да чыгарып аласың. Анан коен уулап каласың. Коенду куш
эмес жакшы чүйлү деле алат. Анан сен колтойгон бүркүттү калдактатып кондуруп, коён уулап
жүрсөң эл-журтка уят болбойсуңбу. Андан көрө боосун чечип, томогосун шыпырып агытып
жибергениң жакшы. Эптеп бечара талаа-түздөн жемин таап, оокатын кылып жанын багып
кетсин» деп койчу. Дагы башка бүркүт алып келгендер болсо колуна кондуруп сылап-сыйпап
туруп, бүркүттүн өлчөөсүнө жараша «Бул бүркүттүн табын билсең — кыраан. Карышкырды да,
каманды да алат. Кеп өзүңдө. Таптап салышын билет» дээр эле. Тоодак алчу куш, ителгилерди
көрсө: «Коен, кекилик, чил, өрдөк, кыргоол, таан-паандан башкага жарабайт» деп так кесер
сүйлөп койчу. «Кудайберген олуя дейсиңби, ал менден артык бекен» деп куш, ителги,
бүркүттөрүн алы жетпегендерге салышып өлтүртүп алган начар мүнүшкөрлөрдүн далайы
болгон.
***
Самсаалы менен Кадыркул боз кушту кондуруп Кудайбергендикине келип түшүштү.
Кудайберген ошол күнү үйүндө эле. Кире бериште боз үйдүн оң босогосунан өйдөрөөк
капшытта бир кызыл-чаар, ак көз, кызыл куш туурунда олтурган экен. Туурдун алдында жүндүү
кара талпак түгүнөн жайылган. Куш талпынганда талпактын бетине барып түшүп, талпактын
уйпаланган жумшак коюу тыбытчаларын чала-була тытмалап кайра туурга секирип конот да,
канат-куйругун шалдырата күбүп, тумшугу менен өз ордуна туура келбей чыгып калган майда
жүндөрүн калыбына келтире коет. Кудайберген тиги салам айтып удаа кирип келген Самсаалы
менен Кадыркулду көрүп кырданган калыбынан өйдө обдула: «Келгиле, балдар, тигиндей
өткүлө» деп үйдүн аркы капшытын көрсөттү. Кадыркулдун колундагы далдайган ак куш
Кудайбергендин туурдагы кызыл кушун көргөндө ошого карата анда-санда жулунуп талпына
берди. Кадыркул кушун кайра-кайра серпип, жемсөсүнөн жөлөп тынчыта албай алек болуп
жатты. Аны көргөн кызыл куш «албууттанган акмак неме экен, ушуга теңелмек белем»
дегенчелик кылдыбы, өз туурунда коймаарек тартып, ок саадактуу токтоо өңдөнгөнсүп,
көшүлүп олтуруп калды. Бир аз тынымдан кийин Кудайбергендин аялы заңкайта оролгон ак
элечеги менен эңкейип ийилген болуп боз үйдүн эшигин чоң ачып, шалп эттирип кайра таштап
кирип келди. Кудайберген аялын карап:
— Бүбү, бул кайнилериңе чай алып кел, — деп ишаарат кылды. Көп кечикпей чай да келди.
Самсаалы менен Кадыркул чай ичкенче Кудайберген боз кушту өз колуна алып канаткуйругун сылап-сыйпап кондуруп олтурду. Ортодо көп сөздөр сүйлөндү. Дасторкон
жыйналгандан кийин Кадыркул, Самсаалыдан мурун Кудайберген кеп баштады:
— И, келипсиңер, мырзалар?
— Куке, ушул кушту сизге сынатып алалы деп алып келдик. Тоодакка жарай алабы, жокпу
деген ойдобуз?
— Буга чейин чоң илбесинге көрсөтүп көрдүңөрбү?
— Эки-үч жолу кузгун алдырдык.
— Кузгунду онуна келсе куш эмес чүйлү да алат. Жапан казга салдыңарбы?
— Жок.
— Аңыргачы?
— Жок.
— Аңыр менен жапан каз алган куш тоодакты оңой эле алып коет.
— Ал кандай? Алар тоодактан күчтүүбү?
— Кеп кичине-чоңунда, күчтүүлүгүндө эмес. Аңыр топтоп болуп жүрөт. Уя салаарына
жакындаганда экиден боло калат. Жапан каздар да ошондой. Кокус топ-топ болуп жүргөн
жапан казга кушуңду шилтеп калсаң, куш бирин илип алып олтура калганда, калганы тобун
жазбай имерилип келип сен жеткенче канаттары менен чапкылап кушту өлтүрүп ташташат. Ал
эми эки аңырдын бирөөнү куш алса экинчиси айланып үстүнө түшө калат да, экөөлөп кушту
сабап өлтүрүп жиберишет. Аңырдан канаттары менен чапкакы балбан кишинин алаканынан да
катуу тиет. Ошолорго моюн бербеген куш тоодак алат.
Кадыркул менен Самсаалы мындай окуяны биринчи угушуп Кудайбергендин оозун
аңырайып таңыркап карап калышты. Кудайберген болсо башынан өткөндөрүн айтып жаткан.
Акырында Кудайберген колунда кондуруп олтурган боз кушту карап сүйлөп, сынынын
жыйынтыгын чыгарды:
— Тоодак алчу куш коен алганда, барганыңча өлтүрүп коет. Карышкыр алчу бүркүт да
ошондой болот. Түлкү алганда, ажыратканыңча ал да өлтүрүп таштайт. Бул куш тоодак албаса,
анда мындан башка куштар тоодак албайт. Мунун теңиндей болгон тетиги момпоюп олтурган
менин кушум да тоодакчыл. Көп алдырдым. Бул кушта кыраан куштардын көп белгилери бар
экен. Он эки кашка куйруктун он экисине тең жейрен туяктын наары түшкөн. (Кыраан болчу
куштардын он эки кашка куйругунун үстүнө кадимкидей жейрендин ача тегерек туяктарындай
кара тактардын белгиси түшүп калат). Куйруктун учтары менен канаттын чалгындарынын
учтары тепетең. Көздөрү бүркүттүкүндөй туптунук. Кап-кайдагыны көрөт. Буту-колунда,
тумшугунда айып жок. Жүндөрү үкүнүкүндөй уяң эмес, кайраттуу. Өзү эркек куш экен. Далылуу,
балбан. Тегерек, туурасы жоон. Канаттуунун субагайы, узунураагы ургаачы болот. Тоголок
келип тууралжын болсо эркек болот.
Куштун устатынын мактаганына кубанып, Кадыркулдун бүткөн бою дүүлүгүп, жүрөгү
түрсүлдөп алеп-желеп болуп эки бети жарылып кетчү анардай кызарып, ичи оттуу жалынга
айланып жалбырттагандын үстүнө жалбырттап өрттөнүп баратты. Төбөсүнөн бучкактарына
чейин ысып-күйүп, албырган беттери менен кашкайган маңдайынан тартып тула боюн
сүйүнүчтүн ымшыган тери басты. Самсаалы балдырап тили келегейирээк киши эле, анда-санда
кепке аралашкан болуп, Кудайбергендин оозунан чыккан сөзгө кунт коюп назарын төшөп, зор
ыкласын салып угуп олтурду. Анан Кудайберген колундагы кушту Кадыркулдун өзүнө берип
жатып бул сөздөрүн кошумчалады:
— Тоодакка быйыл салбагыла. Түлөтүп туруп келерки жылы көрсөткүлө. Эгер быйыл
салсаңар бул кушуңар андан кийин түбөлүк тоодакты карабайт. Кийинки жылдарда тоодак эмес
аңыр, жапан каздарга да көңүлү чаппай калат. Ушул сөздү унутпагыла!..
— Жарайт-жарайт, Куке, — дешип Самсаалы менен Кадыркул Кудайбергендикинен шашабуша аттанып жөнөп кетишти. «Эмне үчүн быйыл салса тоодак ала албайт?» Бул суроону
кайрылып бере алышкан жок.
Кудайбергендин билгичтигине, бөтөнчө канаттууга калганда көзү ачыктай сынчылыгына,
анын ичине кирип чыккандай айтып тургандыгына, айрыкча айтканы айткандай, дегени
дегендей келгендигине таң калышып, бул экөөнүн кеби-сөзү түгөнбөй чечекейи чеч. Жолдужолдото Кудайбергенди биринин оозунан бири жулуп алышып, анын жакшы мүнөздөрүн ого
бетер күчөтө-күчөтө, ого бетер жерине жеткире макташып жүрүп олтурушту.
Бечелдин жалгыз бейитинен өтүп, Ортоктун тоосун карай төш таянган катар-катар тизилген
желээ дөбөлөргө жакындаганда куш ормоңдой баштады. Колдон түшө каччуудай жулунуп,
улам артка силкип кондурганга карабай, бирдеме көргөн немече колго токтободу. Кайта-кайта
кагынып-теминип, Кадыркулду убара кыла берди. Ал алаар илбесинин, же качкан коен-поенду
көргөндө ушинтип жулуна берме адаты бар эле. Самсаалы тизгинин жыйып: «Токточу, алдагы
бирдемени көрсө керек. Абайлап эки жакты тегерете карап көрөлү» деп тиги жулунган куш
менен алек болуп келаткан Кадыркулду карады. Аңгыча экөө тең көрүп «аа» дешти.
Эмнеге эле мынча жулунуп калды десе?! Алар абайлаган эмес экен, куш эчак эле көрүптүр,
ортоңку желээ дөбөнүн шилисиндеги боздо бир жорго тоодак журөт. (Жорго тоодак деген да
тоодактын бир түрү. Топ тоодактарга кошулбайт. Көбүнчө жалгыздап, кээде экиден боло калат).
Көрсө куш баятан бери жанын таштап ошону көрө калып, урунуп-беринип жаткан тура. Тоодак
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 11
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.