Latin

Кара шумкар - 16

Total number of words is 4140
Total number of unique words is 2128
31.7 of words are in the 2000 most common words
45.0 of words are in the 5000 most common words
51.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
катмар-катмарлардан ашып, үстүндөгү локуйган Коконду оорсунбай, сом туяктарын таштанташка уруп Карагер жорго баратат. Күндүн эртең мененки биринчи нурлары бийик тоолордун
учтуу кыл чокуларын аймалаганда Кара-Кыянын кырына чыкты Кокон. Көзгө алыстан жакын
көрүнгөн менен Шамшынын бели дагы бир ат чабым. Өр.
Мына бул Кара-Кыя дегендин жалгыз аяк кыясынан жайчылыкта ары өткөн, бери өткөн
жолоочулар түшүп алышып атын жөө жетелеп басып, баабединин айтып жатып «а кудайлап»
араң түшөт. Ошол кыяда кетип баратып эңкейип, ылдый жагыңды карасаң бийиктигинен
башың айланып, бүткөн боюң калтырап-титиреп, жүрөгүң опколжуйт, араң ойго түшчүдөйсүң.
Өтө бийик. Тиги өлөрман, жанкечти Кокон алдындагы атка ишендиби же өлүм ага жөнөкөй
гана уктап тура калгандай тамашабы, ошол бийик капталдагы кылычтын кырындай, жүлүндөй
созулган тасма жолдон жоргонун оозун жайган бойдон өтсө болобу?! Кутурган Кокон.
Торпулардагы ар кандай чубалган ийри-буйру кыялардын бирине да токтолбостон
жоргонун кош таноолорун барпыратып, өрдө желе басыгына салып жүрүп олтуруп белге чыкты.
Жоргодон көл-шал төгүлүп тер кеткени менен каруусунан тайыган жок. «Сага жандын кереги
жок болсо, мага да кереги жок» дегенсип туу белге чыкканда тура калып бир аз эс алып алуунун
ордуна, кайра күчөп, оозун тарттырбай ооздугун качырата тиштеген бойдон ылдый карай
соёлонуп, кумду эшилте-эшилте басып Коконду кокту ылдый алып жүрүп кетти Карагер жорго.
Өйдөдө чарчабаган ат ылдыйда чарчайбы. Баягы каадасындай таштуу секиртме жолдордон
арыштап түйүлүп аттап өтүп, түз жерге түшө калса оозун жыйып жөнөдү. «Жоо базарды көчкү
алган», «Кожоянды көчкү алган», «Кара-Сайды көчкү алган» деген белгилүү дөмбүл-дөмбүл,
капчыгай кокту-колоттор жорго күчөп жүргөн сайын аңтарган барактай артта калып жатат.
Күндүн жарыгы тоо капортолоп түшүп келгенче башкы карагай, ой карагайларды аралап
ашпозчу Мырзабайдын устундук жыгачтан каршы-терши аштап жасаган үйүнө жете келди.
Эрте турган Мырзабай ашпозчу жоргонун оозун керип саламга келбей жанынан шуулдап
өтүп бараткан Коконду көрүп, «эр өлтүрүп келаткан канкор, же болбосо жоргону минип качкан
ууру» деп ойлоду. Кыйкырып токтоткусу келди, бирок Мырзабай ага чыдап бара албады.
Тигинин түрү суук. Баш алгандан кайра тартчудай эмес. Илеби кынынан суурулган муздак
кылычтай курч. Өз жанынан коркуп, чочуй түштү Мырзабай.
Антип-минтип чоң шашке болгончо шак этип Шамшынын капчыгайынын аркы оозуна чыгып
Токмоктун дүмүрөйүп карарган топ багынын караанын алыстан көрдү Кокон. Түзгө түшкөндө
жорго ого бетер күчөп эңиштеген сайын катуулагандан катуулады. Арткы эки бут жазы боорго
чак-чак тийип алдыңкы эки такыр колтукту туяктын учтары жетер-жетпес болуп илеп тартып
ирмеп келатат. Жолдон жолуккан кишилердин бирөөнө да салам бербейт, бирөөнө да баш
ийкеп койбойт. Зуулдаткан бойдон жүрүп кетет. Кокондун түрүн көрүп алар да даап учураша
алышпады. Кокус алдынан туура тарткан жан болсо өлгөн тирилгенине карабай койдуруп
кетүүдөн кайра тарта турган Кокон жок. Ой оңбогон Кокон, оой!
Баягы Уултайдын сөзүн эстедиби же өз акылына келе калдыбы, урдуруп кетип баратса
жолдун оң капталындагы тармалданып коюу чыккан ыргалган быжыгыр көрпөдөй көк беде
көзүнө чалдыга түштү. Ошону көздөй жоргонун ийиктей имерилген элпек оозун шак бурду.
Түшө калып жүгөндүн сагагын бошотуп, ооздугун шапа-шупа чыгарып жиберди да, тизгинин
жаагына түрө салды. Анан чылбырдын учунан кармап туруп бедени топ-тобу менен киши
тутамдап жулгандай жулуп, шарт-шарт чалып күрсүлдөтө чайнаганына кызыгып таңыркап карап
турду. Жаак эттин булчуңдары муштумдай, муштумдай болуп түйүлө-түйүлө түшөт
жаныбардын. Муздак көрпө беденин ширелүүлүгүнөнбү же жумшактыгынанбы мурун буга
чейин эчтеке көрбөгөндөй болуп өрүп кирди жарыктык. Заматтын ортосунда үй ордундай
жерди аймап таштады. Керээли кечке оюна койсо жаагы тына турган эмес. Беденин ээсин убара
кылбай башынан аягына чыга Карагер жорго чаап таштачудай бул кейпи менен.
Ысыкта суусап келаткан адам бир чоң аяк муздак суусунду шак тартып жибергендей
жоргонун ичи ысыганы басылып, эки көзү чанагына толуп, маңдайынан аккан мончок терлер
көл-шал болуп жерге төгүлүп жатты. Кокон токтоп турчу беле. Ооздугун салып, шып атка ыргып
минип жана сызып жөнөдү. Көз ачып жумганча Токмокко кирип барды. Көчөнү көчө деп
билбей, көчөдөгү көп элди көзүнө илбей, учуп-күйүп келаткан адамды көргөн калың топ, тең
ортосунан жарыла берип, көчөнүн эки жаккы капталдарына жабыша-жабыша калышып, жол
бошото берип жатышты. Кокон ошол бойдон токтобой Ажы имамдын короосунун дарбазасына
жеткенде аттын оозун тартты. Үзөңгү теппей ат оюнчудан бетер жерге кош аягы менен тик
секирип түштү.
Кокон бул жумушка далай келген. Бул жолу өтө шашылыш экенин түшүнгөн Ажы имам
«дарынын» белен экенин айтты. Самоор кайнап чай даяр болгончо Карагер жоргону калаанын
аркы четиндеги күпүлдөп агып, күркүрөп кирип жаткан Чүйдүн суусунун жээгине жайдактап
туруп Кокон жетелеп барды. Карагер жорго тиги күркүрөгөн сууну көргөндө көздөрү жайнап,
Коконду сүйрөгөн бойдон иримге алып кирип келди. Кокондун колунан чылбырдын учу чыгып
кетти. Кокон сууну чала-була кечип кокойгон бойдон жээкте калды. Жорго суунун тереңине
чейин кирип барып, чабак урган кишиче ары бир, бери бир кайра-кара аласала берди. Анан бир
оокумда суудан суурулуп секирген бойдон жээкке чыкты. Жээктеги сапырылган майда жумшак
кумдардын үстүнө буту колун бүгүп жата калып, оонап кирди. Кайра секирип барып, сууга
түштү. Экинчи жолу жээкке чыгып келатканда Кокон чылбырдын учунан кармай калды. Антпесе
деле качмак эмес. Жедеп жаштайынан колго өскөн мал да. Качкысы келсе суунун аркы өйүзүнө
чыга качпайбы. Аида Кокон эмне кылмак? Аңырайып өйүздү карап коюп туруп калмак.
Короого кирээри менен бастырманын көлөкөсүндөгү жыгач акырга байлап, жоргонун
алдына бир боо көк беде таштады Кокон. Анан Ажы имам менен кобурашып эки-үч чыны чай
ууртап, кайра чыкканча эчак эле бедени кайсап таштаптыр жорго. Андан кийин алты кочуш ак
сулуу илип жиберди. Аны да алеки саатта күйшөп койгонсуду. Кокондун издеп келген «зарылы»
колуна тийгенден кийин Токмокко токтоп турабы. Ал ошол замат тыз койду. Карагер жоргонун
да, Кокондун да бараар жери басар жолу белгилүү. «Кош бол, Токмок» деп кайра тартышты.
Келген жол менен кетээр жол бир жол болгону менен айырмасы бар болчу. Анткени,
Сарала-Саздан Токмокко чейинки аралык тиги белди эсепке албаганда эңкейиш. Ал эми кайра
Токмоктон Сарала-Сазга жеткенче далай жери өрлүк кылат. Өр менен эңкейиштин айырмасы
асман менен жердей да. Муну Карагер жорго билгени менен Кокон билбейт. Ал ичинен
«Мейли өр болсун, мейли эңкейиш болсун аттын оозун жыйбайм. Өлсө өлгөн жерде калсын»,
деп ойлонуп баратат. Кокус белдин ар жак, бер жагында жорго бардыгып өлө турган болсо аны
ошол жерге мууздап таштап андан ары Кокондун жөө чуркай турган мүнөзү бар.
Токмоктон чыкканда Карагер жоргону жаңы кармап мингендей оозун кое берди.
Эңкейишке караганда аттын үстүндө катуу жүргөн адам үчүн өрдө жүрүш бир аз ыңгайлуу,
жеңилирээк болот эмеспи. Өрдүн атка тынчы жок болгону менен Кокондун өзүнө тынч.
Жоргонун эмнесин аясын. Өлсө Кокон жооп бербейт. Супатай менен Уултай да атын доолап
Өзүкбай болуштун эшигин ачып башбага албайт. Муну Кокон билбесе Кокон болобу. Карагер
жоргону шуулдаткандын үстүнө шуулдатып, зырылдаткандын үстүнө зырылдатып баратат.
Жорго да өз күчүнө өзү ишенет окшойт. Кокон жоргого эрегишсе, жорго Коконго өчөшүп
бараткансыйт. «Мындай узак жол, мындай бийик дабандан бирөө эмес дагы экөө болсун мага
кеп эмес. Кимибиз чыдаар экенбиз... Менин үстүмдө жүргөн сенби, же сени учуруп алып
бараткан менби? Аны барганда көрүшөлү» дегенсип Карагер жорго улам жерди түрсүлдөтүп
ургулап, улам даңгыл жолду үстөккө-босток дүпүлдөтүп муштагылап баратат. Арткы эки бут
боорду чапкылап жүн сабаган сабоодой шым-шым. Улам катуулаган сайын сан эт менен
карчыттын булчуңдары оор жүк көтөргөн балбандардын булчуңдарындай бултуюп-бултуюп
түйүлө-түйүлө түшөт. Ушул турпаты менен Карагер жорго чарчаганды, кыйналганды билеби?
Билчү түрү жок.
Мына аяң-буяң дегенче болбой Шамшынын оозуна да жете келишти. Ошондо түш
кыңкайып, күн батышты көздөй кыйшайып бараткан. Мындан ары түгөнбөгөн капчыгай, улам
өр тарткан сайын жер өр. Бел кайда дейсиң? Дагы көп бар. Көкө кулусун. Жүрүп баратат, жүрүп
баратат Кокон. Бел. Алдынан чыккан жолоочулар тигинин түрүн көрүп, жолдун четине бура
тарта беришет да, анан ат үстүнөн кыйшайып аны карашып, көпкө чейин таңыркап калышат:
Мас го? Же жинди болгон немеби? Алыс жерден келаткан качкын болуп жүрбөсүн? Жок ууру
го. Атаңдын көрү, алдындагы аты ат эмес бекен. Ай, бул жүрүшү менен жүрүп олтурса кайран
атты өйдөлөп барганда жиниктирип өлтүрөөр бекен!»
Кокон улам жогорулап өр тарткан сайын жайлап, тузөңчө боло калган жерде баягы,
муруңку калыбы менен жүрүп олтурду, Мына баягы ой карагайга дагы келди. Мырзабай
ашпозчунун жыгач үйү көрүндү. Чүй багытынан бараткан адамдарга Мырзабай ашпозчунун үйү
оң тарапта, Кочкор жактан келаткандарга сол тарапта. Ошол учурда Мырзабай дагы эшикке
чыгып турган. «Баягы эртең мененки киши экен. Кудай урду! Мына кызык. Бул каякка чейин
жетип барып, келди. Бир күндө белди эки ашабы? Бул качкын да эмес, ууру да эмес экен. Бир
зарурат иш менен жүргөн адам. Болбосо куугун кууп жетпей калган. Жок. Куугун кууса азыр жай
өтөт эле. Бул эмне деген киши болду экен?» Мырзабай токтотуп Кокондон жай сурагысы келди.
«Ой жигит, бери бурула кет», — деп Мырзабай үн катты эле. Кокон кылчайып да караган жок.
Шып өтүп кете берди. Мырзабай таң калып делдейе түштү. «Атаңдын көрү, аты ат эмес бекен!
Бир күндө бийик дабанды эки жолу ашат деген эмне шумдук?!»
Кокон токтобой жүрүп олтуруп карагайдын башына жете келди. Андан аркы жылаңач
капчыгайлар, баягы көчкү жүрчү жерлер даана көрүнүп калды. Алардан өткөндөн кийин
белдин түбүнө жетет. Белге чейин тектир-тектир торпулар, ийри-буйру жолдор. Канча кылган
менен өр эмеспи, каптал кыяларда карагер жорго мурункусундай болбой желе басып жайлап
калды. Ошонусуна да артында ат болсо жакындай турган эмес. Эки кең таноодон чыккан ысык
дем ак бууга айланып, үстөккө-босток удаа-удаа асманга атат. Кайнап жаткан казандын
капкагын ала койгондой бурулдайт.
Күндүн нуру тоо-тоонун капталдарына жетип, акырындык менен өйдөлөп, ал эми жапыз
дөбөлөр эчак эле жоголуп, бийик чокулар терең деңиздин түбүнө чөгүп бараткан зор кемедей
болуп улам ылдыйлап баратканда Кокон туу белдин жонуна чыкты. Жоргонун тизгинин жыя
тартып бир аз көкүрөгүн бастырды да, ээрден эңкейип төмөнкү кумдуу кыяларды, быржыгыйбыржыгый торпуларды, эки жагы чубалжыган бийик тоолор менен узата кырданып созолонуп
кеткен терең капчыгайдын өрөөнүн карады. Анан күн батыш жакка жүзүн буруп, тээтиги
алыстан-алыстан аркайып көрүнгөн Кара-Кол, Сөөктүн бийик тоолорунун аркы багытына
жылмышып түшүп бараткан алтын табактын четиндей жылтыраган күндүн арткы жээгинин
кыры менен коштошту.
«Кокуй ушул тапта Өзүкемин алы эмне болуп жатты экен!»— деп Кокондун көзүнө чыдай
албай эси ооп, орто жолдо жаткан Өзүкбайдын элеси келе түштү. Кош ооз менен кур дүрмөт
аткансып эки таноосунан буу бүркүп жаткан Карагер жоргону колтукка согончогу менен кысып,
типтик ылдый бурулдаткан бойдон оозун коё берди.
Ошол тапта Өзүкбайдын шайманы бошоп, шылкыны куруп, кайта-кайта жол каратып, утур
Шамшынын бели тарапты тиктетип: «Тур карагыла! Келатабы! Көрүнөбү? Караан чыктыбы?» —
деп кургакка серпилген балыктай туйлап, үстөккө-босток чабалактап ары-бери оонап аласалып,
чыдай албай сөөгүнөн жан тери агып мончоктон айласы кетип жаткан учуру болчу. Суранчы
баш болгон эстүү баштуу ага-иниси бүт чогулуп, чый-пыйы чыгып, улам Кокон кечиккен сайын:
«Алда эмне болду» дешип, бир орунда тынч алып отура алышпай дүрбөлөңгө түшүп
шакалактап жатышкан.
Бир кезде Суранчынын оюна бир нерсе кылт дей түшүп, Коконду утурлатып курч ат менен
алдын тостуруп: «Кокондун аты жүрбөй көзүнөн караан учуп, бизге жете албай келатпасын? Чү
де! Арты кийнине кылчайбай чап. Алдынан тосуп учкан бойдон тез жет да Коконго карабай
«дарыны» алып кайт!» — деп шашылыш киши чаптырды.
Күндүн кызылы түрмөктөшкөн жүндөй болуп самсаалаган асмандагы ала булуттарды
өрттөп бара жатканда Кара-Кыянын жылаңач кырына чыга калган Кокон чабарман жигит менен
беттеше түштү.
— Эмне?
— Келе апийимди?!. , — Эмне болду?!!
— Өзүкем чыдай албай жатат?!
— Атаңдын башы — деди кара мүртөз Кокон. — Мен жердин түбүнөн бери жанымды
оозума тиштеп, жан этимди жеп, учуп-күйүп алып келатсам. Анан Өзүкеме «дарысын» өз колум
менен тапшырбай сага бере коембу? Бастыр былжырабай! Бирди көрүп каласың?!
Экөө жарышкан бойдон жөнөштү. Сарала-Саздын артууларында тиги жигит минген сөөгү
тынч курч ат Карагер жоргого теңдешип барды да, анан бузулган суунун сайынан өтүп Айтаке
конушту көздөй кеткен түз жолдо жоргонун караанын көрбөй самсып кала берди.
Эшиктин алдында тышка чыгып жол карап турган топтошкон эл күүгүм талаш дигер шамдын
ортосунда жоргону дирилдетип келип Өзүкбайдын үйүнүн эшигине Токтогон Коконду ат
үстүнөн көтөрүп түшүрүштү. Үзүлүп кете жаздап көзү аңтарылып өлүү тирүүнүн ортосунда
жаткан Өзүкбай болуш Кокондун колунан «кара дарысын» алаары менен оозуна салды. Энесин
эмген музоодой эки ууртунан шилекейи чачылып ак көбүк агып, эки көзүнөн чылпак аралаш
шоросу куюлуп какап-чакап, койдун корголундай апийимди таңдайына басып соруп кирди.
Кокон дагы бир аз чай кайнамча кечиккенде «кайран апийимкорок маңчы болуш» тиги дүйнөгө
карай көздөрүн акшыңдаткан бойдон жол тартып кете бермек экен. Жаны калды. Ой, анда
Өзүкбай болуш өлсө элге кандай тынчтык болот эле. Жаткан-жаткан жеринде, турган-турган
жеринде дегендей журт жай-жайында боло түшпөйт беле? Өлбөй калганын карачы?
Болуш эс алып, чогулган ага-тууган, ага-иниси үй-үйлөрүнө тарагандан кийин кайчы өтүп
кетип калган кишиден бетер баягы алдын тосо чапкан чабарман жигит салпактап жүрүп араң
келсе болобу?!
Карагер жоргону күтүп жаткан Уултай аты колуна тиери менен ээр токумун сыйрып таштап,
тан атканча акырын илките жетелеп жүрүп, таң нык салып чыгыш жак шоолаланганда жүгөнүн
шыпырып алып отко кое берди. Карагер жорго жашаңдан эки чалып, бир чалып, чайнаган
болду да анан куйругунун сыртына кайрып соорусун булгалап секирип оюн салган бойдон
бузулган суунун төрүнө чыгып кетти. Ал кечээ кайда барып, кайдан келгенин билбесе керек.
Чарчап-чаалыккан менен жумушу жок окшойт. Өзүнчө бир башкача мал экен да жаныбар! Ал
эми Кокон болсо Карагер жоргодон жеңилди. Ат үстүндө сөөк-саагы жанчылып, кыбыраарга
дарманы калбай катуу кыйналып калган эме, үч күн бою шишип-көөп, күнү-түнү менен төшөктө
жатып, төртүнчү күн дегенде араңдан зорго элдин катарына кошулду.
Кокон менен Карагер жоргонун кабары ошол жайда Кочкор өрөөнү эмес, Жумгалдын элине
чейин угулду. Деген аттар менен ара конуп барып, ара конуп келчү, ортосунда бийик дабаны
бар алыс жолду кыскартып, күнүн барып, күнүн келет деген эмне? Анан Кокон менен Карагер
жоргого кимдер гана кызыгып, кимдер гана таң калбайт.
Уултай Кашка атты казы байлай элегинде жайлоодон эрте күздө алдырып келди. Аттын
баштагы сыны дейсиңби? Сабагы чыгып, мойну ичкерип, башы элик баштанып, кыскасы
күмүштөй жаркырап, куйрук жалы кулпунуп, көкүлү кундуздай жалтылдап, эки кулак камыштай
типтик, эки көзү бышкан кара алчадай мөлтүрөйт. Уултай Кашка атты көрүп ичи ысып, «бөтөн
көзгө чалдыкпаса экен» деп жыйрыла түштү. Жайлоодон келгенден тартып жашаңдатып, көк
чытырга байлап, таптоого киришти.
— Деги бул Уултайда бир кеп бар?
— Бул бирди кылганы жүрөт.
— Карыган катын ат байларбы?
— Ата көрү ээй, жаман Түкө кулдун селсаяк казак катыны...
— Буга эмне жок. Башта кайда жүргөн?
— Бул кечээ эле Айчубакта кунаны чыккандан бери кутуруп калды!..
— Ой эл журт! А андай эле кыйын экен, баягы Байзактын ирегесинде жүргөндө ошонун миң
жылкысынын ичинен бир күлүк тандап чаппайбы?
— Кокус бир аттуу-баштуу кишинин катыны болсо, ааламды пыр кылмак го бул шуркуя?
— Ата кудай гана бардыр а, жаман казак күңгө.
— О жанакы Түкө кулдун уулу Супатай жатакчы кадимки ок саадактуу киши өңдөнүп атка
толтура бастырып калыптыр?!
Көрө албаган кээ бир колу жетиштүү айылдын «мыкчыгерлери» Уултай менен Супатай
жөнүндө колунан келген күңүчүл чеки сөздөрүн аяшкан жок. Биринен сала бирин удаа-удаа
жаадырып, мөндүрдөй дабыратып жатышты.
Кашка ат ошол жылы күзүндө Кочкор, Жумгал, Нарын аймагында көп чабылды. Кандуу бут
жаңы бышты болгонуна карабастан, алдыңкы байгени берген жок. Байгенин ээси да аттын ээси
да Суранчы. Суранчы Супатайга ит жеминдей бирдеме берсе берет, бербесе жок. Өзү билет, өзү
таратат. Буга Супатай катуу нааразы. Ичинен бугу кайнап, ызасын сыртына чыгара албады. Бир
күнү энеси Уултайга арманын айтты. Уултай муну билбейт бекен? Ал баласын «дың» дедирбей
басып койду. Ошондон кийин ичтеги көк түтүнүн тышка чыгара албай, думуккан куштай дым
болду да калды.
Карагер жоргону Суранчы бир күнү алдырып кетип, үстүнө чыккандан кийин жоргосуна
кызыгып, кыштата ит агытып куш салып, бербей койду. Суранчынын бул кылыгына да Супатай
жаталактады.
Жазында эл жайлоого көчөөрдүн алдында дубан-дубандагы болуштарга кат келди. Ал
каттын мазмуну мындай эле:
«Быйыл күз казакта Кожомберди султандын ашы болот. Ат чабыш, жорго салыш болот.
Казак-кыргыз болгон жери — эки бир тууган эл бүт чакырылат. Биринчи аттын байгеси миң
дилде, биринчи жоргого миң кой сайылат. Атактуу күлүк, чыгаан жоргосу бар эл күзгө чейин
даярданып келишсин».
Бул кабар чагылгандан бат тарады. Калк дүрбөп калды.
Суранчы бир күнү кечинде Карагер жоргону өзү жеткирип берди. Ал казакта боло турган
чабышты алгач уккан. Анын үстүнө Карагер жорго менен Кашка ат Суранчынын өзүнүкү
өңдөнүп, эл да «Суранчынын аты, Суранчынын жоргосу» оозанып калган. Суранчынын аркасы
болбосо бул эки ат экөө тең чабылбайт. Чыкса байгеси Суранчыныкы. Чыгып келе жаткан
үстүндөгү бала Суранчынын аталарынын арбагын чакырат. Ошондой болгондон кийин
Суранчынын аты, Суранчынын жоргосу экендиги кашкайган чындык эмеспи? Казакта боло
турган эки эл беттешкен жерде же Кашка ат, же Карагер жоргонун бири чыгып калса, Суранчыга
жаман наамбы? Зоболосу көтөрүлүп, даңкы жер жарып, мурунку дөөлөтүнүн үстүнө кошула
берет. Ошон үчүн жоргону өзү алып келип олтурат. Уултайдын саяпкер экенин Суранчы билет
эмеспи.
Супатай казактагы ат чабышка Кашка атты алпаргысы келбей көңүлсүз болуп жүрдү. Аны
Уултай билип баласын чыйралтты.
— Арам жаман! Сен Кашка аттын жал-куйругун чындап шүйө турган кезиң келди. Ушунда
чыкса сенин атагың чыгат. Кашка атка бүткүл Кочкор, Чуй, Көл айланасындагы күлүктөр тең
эмес. Бул жердеги чыккандыгы үчүн сен аны күлүк деп эсеп кылба. Чаптың-чаптың, ошо
казактагы чоң байгеге чап. Ошерден калк көзүнө көрүн.
Уултай ушинтип уулун нечен жолу кагып-силкип, нечен жолу дем берип, нечен жолу
кайраттантып Супатайдын демилгесин көтөргөн. Ошондо да Супатай:
— Казак-кыргыз жыйналган жер болсо, ага капкайдан чогулуп канаттуу аттар келет да.
Кудай билет, ошончо элден, ошончо көп аттан биздин Кашка аттын чыгарын.
Күркүрөп күз келди. Супатай менен Уултай Карагер жоргону да, Кашка атты да кыл табына
келтиришти. Эл дүрбөп, казактагы чабышка алды жөнөй баштады. Суранчы күнүгө бир маал
келип эки аттын жайын сурап, ары жак бери жагына чыгып тегеренип карап кетет. Уултай
Суранчыга:
— Бул эки ат менин колуман чыгып бүттү. Жер казыгынан сактаса элдин намысын алып
берет. Калк казына. Балким булардан да кыйын күлүктөр бар чыгар. Аны бара көрөрсүңөр.
Менин бир силерге айтаарым, ошол ашка Шергазы да барар. Шергазыга атыңарды күн мурун
көргөзүп алгыла. Мен билбеген кемчиликти ал билет. Шергазынын алдынан озгон кыргызда
саяпкер жок.
Эртеси эртең менен Супатай, Суртай казакты бет алып жолго чыгаардын алдында
мамыдагы байланган аттардын жанына келип жыйылган ээр токумдун үстүнө көчүк коюп,
Уултай эки атты тиктеп олтурду. Канчалык кадалганы менен Кашка аттын турпатынан өөн
таппады. «Ичи тышында эч кидирет жок, Бири чыгаан күлүк, бири тал- бас жорго эр азаматтын
колуна оңой менен тие койбойт да. Супатайымын кул аты өчпөй, таалайы ачылбай турганын
карачы?»
Уултай Супатай менен Суртай аттана берээрде Суртайды эңкейте тартып, кулагына
шыбырады:
— Ошент, садага кетейин каралдым, ошент!
Атка минип жуп шарт бурулуп жөнөөрдө Супатай энесинен бата сурады.
— Кудай ак жолуңарды ачсын. Зоболоңор көтөрүлүп атыңар байгелүү болсун! Тилеген
максатыбызга жетели!
Уултай эки баласынын элеси бүл-бүл болгончо, кол кирпиги талыганча тиктеп, көзүнүн
кычыгынан, бетинин жылгасына аккан жылуу жашын жоолугунун учу менен улам-улам
аарчыды. «Мени ала кеткиле! Силер казактын жерине бара жатасыңар, казактын жери менин
жерим, казактын эли менин элим! Мен казактын кызымын! Мен ал жакта өскөм. Ата-энемдин
колунда тайрактап эркелегем. Менин балалыгым, жаштык жыргал жылдарым ошол өз
жеримде — чөлдө калган. Күлүк ат чапкам, тулпар сууткам. Супатай, Суртай — эгиз бир
тууганымды аймалап өөп, боорума кысып, мойнума мингизип, кучактап көтөргөм. Мени
ошолорго алып баргыла. Мага ошолордун жүзүн көргөзгүлө....» — дегиси келип, ичи уйгу-туйгу
болуп, бугун чыгара албай, буркурап ыйлап, «баа» деп бакырып жибере жаздап, кайта-кайта
үшкүрүнүп, алачыгына жөлөнүп кала берди.
Бир аздан кийин алардын караанына Уултайдын көз кубаты жетпей калды.
***
Айылдан чыккандан алты күн дегенде казак жерине араң жетишти. Суранчы баш болгон
Кочкор, Жумгалдын залкарлары Кожоберди султандын айлында атайын бир үй тиктиришип,
ырчыларын ырдатып, чоорчуларын чоордотуп, шатыра-шатман куруп жатышкан экен. Супатай,
Суртайлар Суранчы күн мурун дайындаган үйгө келип жайланышты. Супатайга шаан-шөкөт,
ырчы-чоорчунун кереги жок. Ал Карагер жорго, Кашка ат менен алек. Тиктегени, эрмеги ошол.
Мындан башка казак жеринде Супатайдын иштей турган иши барбы?
«Күлүктөр эртең чабылатты» угуп Шергазынын тынчы кетти. Жапалдаш карагер атын
жабуулап минип, баязы чепкендин арткы этегин ат соорусуна чейин жая таштап өскүлөң
тарткан кара көрпө тебетейдин арткы жарты кырбуусун түшүрүп, жарты кырбуусун маңдайына
түрө кийип, боргулданып тердеп, казак-кыргыздын чоң байге сайылган ат чабышына токтоно
албай жетип келген. Кыргыздын кайсы бурчунан, кандай ат келгенин улам бир кишиден сурап
түкшүмөлдөп, жаны жай таппай, жамбашы жер жыттабай безеленип жүрөт шыгы ашып кеткен
саяпкер. Ал улам астынан чыккан кишиден: «Баланчанын аты келдиби, бастанчанын аты
келдиби» деп кыргызда болгон атактуу аттардын дайынын сурайт. Суранчы улам бул топтон,
улам тиги топтон табам менен олтуруп Шергазыга өлө-тала араң жетти. Шаша-буша салам
айтып, ал жай суроого да чамалары келишпей, ызы-чуу түшкөн топтун ичинен кыйналыпкысталып жатып Шергазыны бөлүп чыкты.
— Шаке, менин атымды көрүп бериңиз?
— Атың кайда?
— Тиги четте...
— Кандай ат?
— Чабдар кашка. Сиз билген аттардан эмес. Жаңы күлүк.
— Кочкор, Жумгалдан мен билбеген ат жок. Чабдар кашка болсо мурдагы жылы күзүндө
Айчубакта чыккан чабдар кашка кунан болуп жүрбөсүн?
— Ооба, ошол. Анда сиз болгон жоксуз? Уккан чыгарсыз? Көрө элексиз?
— Кермек түгүл жолдон мен сүрөгөм. Ал ат сеники болсо быйыл жаңы асый. Токто, мен
Кара боорго шашып баратам. Кайра келип сенин атыңды көрөм.
Шергазы чабагандап андан ары кетти. Суранчы таң калды:
«Ошондо жолдон Шергазы көргөн экен го?.. Көрмөк түгүл сүрөгөн тура» деп күңгүрөндү өз
ичинен:
Суранчы өзүнчө кобурап, Супатай, Суртайлардын жанына келди. Шергазынын келерин,
атты көрөөрүн айтты. Ага чейин көңүлү ылайланып, ичинен жипкире түштү. «Шергазыга
көргөзгөнүм кандай, көргөзбөгөнүм кандай?.. Ал солто Чолпонкул болуштун жээрде кашка
аргымагын таптап келсе. Бизге оң сөз айтабы? Өз атын чыгарыш үчүн Кашка атка тескери тап
айтып бузуп салбасын?» I Бул оюн Супатайга да билдирип акылдашымыш болду. Супатай
Суранчыга шар жооп кайтарды:
— Мүнүшкөр, саяпкер. сынчы элчил болот. Эл үчүн кызмат кылат. Калыстыгынан танбайт.
Калыстыгынан танса эл алдында кадыр-барктан кетет. Сыймыгы качат деген Шергазы да
ошолордун биринен. Көргөзөбүз.
***
Шергазы Кара боорду барып көрдү. Кара боор мүлдө казакты баскан, шамалдай учуп,
желдей сызган, «Чаң жукпас» деп атанган Кожомберди султандын өз аты. Боору кара, сырты
сары тору жылкы. Казакта азырынча мындан ашкан ат жок. Кара боорду байгеге кошуп
чапканда анын деми басылып, тери кургагандан кийин арткы аттар келип жүрчү. Кийинчерээк
Кара боорду казак жеринде чоң байге болбосо, майда-чүйдөгө кошчу эмес. Кара боорду
чабабыз десе, күлүктөргө кошуп чуркатпай туруп ага биринчи байгени ыйгарып беришчү. Бул
жолу да ушундай кылмак. Бирок, казак-кыргыз беттешкен жеринде дубан-дубандан күлүктөр
көп келип, чаппай коюуга мүмкүнчүлүк болбой калды. Шергазы Кара боордун даңкын көптөн
бери эл оозунан угуп жүргөн. Аны бир көрүүгө өтө ынтызар эле.
Кара боорго атайылап өзүнчө ак үй тигилген. Аны элге көргөзбөй ошол үйдүн ичине жалгыз
багышат. Саяпкер менен чапчу баладан башка ал үйгө жан каттабайт. Шергазы шаша барганы
менен күлүктү көрмөк эмес. Кокус анын саяпкер экенин билсе казактар атты үйдөн чыгарбайт
болчу. Кара боорду саяпкери оонатканы жетелеп баратканда Шергазы карп-курп алдынан
чыгып калды. Шергазынын кыргыздан чыккан атактуу сынчы экенин Кара боордун саяпкери
мурун тааныбагандыктан капарына алган жок. Эч нерсе оюна албай атты астынан туура
жетелеп өттү. Шергазы атка көз жүгүртүп, кылчак-кылчак мойнун буруп, артынан ээрчий
бастырды. Ал «Жылкыдан да ушундай асыл туулат экен го» деп, тамшанып-тамшанып алды.
Кара боордун күлүктүгүнө анын сындуу турпатына, ошого жараша табына келтирген
саяпкердин эмгегине, билгичтигине суктанды. Ал казакта өзүндөй белгилүү саяпкер жок деп
жүрсө керек. Мурдагыдай делбетап болбой өзүнөн жогорураактардан кагуу жеген адамдан
бетер бастыга түштү: «Эртең муну менен тең таймашчу кыргызда ат бар болду бекен? Ай жок
го?!»
Кара боордон узап бери бастырганда жылдызы жерге түшүп, салаңдап келаткан сынчы тиги
Кашка атты көргөндө умачтай эки көзү ачыла түштү. Бирок, Кара боордун турпаты көзүнүн
карегине сүрөтү түшүп калгансып туруп алды. Шергазы өз ичинде бушайман болду: «Бул эки ат
эртең кантээр экен?..» Ага Кара боор менен Кашка ат кош ооз мылтыктын ичиндеги дарысы тең
салынган эки жуп октой болуп элес берет. Шергазы Кашка аттын жабуусун кайрып соорусун
ачтырып кайра ордуна байлатты.
Чогулган эл Шергазынын оозунан дилде чууруп жаткансып аны кадала тиктешет:
— Супатай, — деди Шергазы көпкө чейин ойлонуп туруп. Супатайды Суранчынын саяпкери
катарында эсептеди окшойт. — Атыңда эки айып бар. Биринчиси, көп суутуу жеп уйкудан
калган. Карачы, кирпиктерин ирмөөгө зар болуп катып турат. Экинчиси, дайым тер алганда эки
желдиктин орду кургак калып келген. Ошо да чарчагандыктын белгиси болот. Бүткөн боюн
балбыратып кенен таштабай, сууткан сайын чыйралтып, этин жыйып жүргөндүктөн ошол эки
желдиктин ордунан тер чыккан эмес. Ал оңой. Аттар болсо эртең чабылат. Сага бүгүнкү
тамашанын кереги эмне? Таптаган аты чыгып элдин намысын алып берсе, саяпкерде эмне
арман? Азыр уулуң экөөң ызы-чуудан алыс, окчун ээн талаага баргыла да, атты жайдактап кое
бергиле. Казактын чыбыр түзүнүн аймагы кенен. Эзилген бетеге, боз от таптагы атты бузбайт.
Уйкудан калган ат бетегеден көп деле оттобос. Эки чалып, бир чалып анан жуушаганга кирер.
Качан уйкусу канганда, ордунан туруп керилип, адамча оозун ачып эстеп, кайра жатып оонап,
кайра туруп силкинет. Анан кургак бетегени аймап кирет. Ою менен тойгуз да, кечинде катуу
кыйнабай текирең-чокураң менен келип суутуп кой, жем бербе. Кочкордун жылаңач арпасынан
ала келгендирсиң, бетегенин үстүнө жем берсең атың катуу бузулат. Бул жердин чөбү жемден
күчтүү. Бүгүн кечкисин суутканыңда уйкусу канган эменин эки көзүнүн чарасы ого бетер толуп,
бүткөн бою жибип, кетпеген жеринен тер кетет. Эки желдиктин алдын ошондо көр, көл-шал
болот. Анан эртең менен өлбөгөн жерде калышып жанын үрөйт. Катуу салгылашат.
Эл дуулдап жиберди:
— Деги, Шеке! Кара боорбу, Кашка атпы ачыгын айтчы?
— Кудай билет. Кара боор да оңой ат эмес экен. Күлүгү күлүк. Табы тап. Жолдо кандай
кырсык болоорун ким билсин. Экөөнүн таалайлуусу чыгат.
Кашка атты тегеректеген эл тарады. Шергазы токтоно албай андан ары да жүрүп кетти.
Улам бири кетсе, бири келип күлүктөрүң көрсөтө албай «Шекелеп» жүргөндөр андан көп.
Супатай менен Суртай элден окчундап бастырышты.
Бетегеси жууркандай жумшак, апай бет, түзөң тайпакка келгенде алдыда бараткан Супатай
Карагер жоргонун тизгинин тартты да, артында камчысын тегерете имерип, эки жагын айлана
карап, ат үстүндө ичинен ыңылдап ырдамыш болуп, ойноп келаткан Суртайды карап, «Ушул
жерге токтойлу» дегенден кол булгап койду. Суртай атасына жете келди да, жолдо ойлонуп
келатканбы, унутуп эми эстегенсип сөзүн шаша баштап сүйлөдү:
— Жанагы Шергазы деген кишини мен эми тааныдым, ата?!
— Кайдан тааныйсың, мурда көрбөсөң?
— Көргөм.
— Качан?
— Айчубактагы ат чабышта ушу киши мени сүрөгөн...
— Таанысаң, биз жөнөрдө энекең айткан атактуу ат саяпкер Шергазы деген ушул киши
болот.
— Туура, туура, ошол!.. Оң көзүнүн алдында калы бар болучу. Эми билбедимби!? — Суртай
жогун тапкансып чебеленди. — Ошондо мага жакындап келип: «Тизгиниңди жый» деп
кыйкырган ушу киши.
Аттарды жайдактап бетегеге кое беришти. Ээр токумдарын жазданып, өзүлөрү да
кырданышты. Кашка ат Шергазы айткандай бетегеден эки-бир чалып, жумшак жерге бүк түшүп
жата калып, ары бир, бери бир аласалып оонап, анан тынч алып үргүлөп, адегенде тумшугун
жерге сайып, бир аздан кийин төрт бутун төрт жакка тартайта кере сунуп таштап, кадимки
кишиче коңурук тартып уйкуга кирди. Кайда?.. Оо... бир оокумда күн батарга жакын ойгонуп,
ордунан силкинип адамча оозун ачып эстеп, буту-колун сунуп керилип, анан түп-түп бетегени
каадасынча оруп кирди. Супатай эбак ойгонуп, Карагер жоргону откоруп жүргөн баласы
Суртайды чакырды. Аттарын токушуп, артын карай жол тартышты.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кара шумкар - 17
  • Parts
  • Кара шумкар - 01
    Total number of words is 4039
    Total number of unique words is 2081
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.3 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 02
    Total number of words is 4038
    Total number of unique words is 2083
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    51.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 03
    Total number of words is 4040
    Total number of unique words is 2127
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 04
    Total number of words is 3915
    Total number of unique words is 2227
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 05
    Total number of words is 3950
    Total number of unique words is 2070
    31.4 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 06
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2073
    30.2 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 07
    Total number of words is 4023
    Total number of unique words is 1971
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 08
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 2065
    30.4 of words are in the 2000 most common words
    41.8 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 09
    Total number of words is 4041
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 10
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2052
    31.0 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    49.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 11
    Total number of words is 3983
    Total number of unique words is 2089
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 2108
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 13
    Total number of words is 3941
    Total number of unique words is 2071
    30.9 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 14
    Total number of words is 4070
    Total number of unique words is 2237
    30.6 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 15
    Total number of words is 4157
    Total number of unique words is 2228
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    50.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 16
    Total number of words is 4140
    Total number of unique words is 2128
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 17
    Total number of words is 4089
    Total number of unique words is 2139
    31.2 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 18
    Total number of words is 4036
    Total number of unique words is 2374
    28.4 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 19
    Total number of words is 4168
    Total number of unique words is 2153
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.2 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 20
    Total number of words is 4197
    Total number of unique words is 2021
    33.0 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 21
    Total number of words is 4081
    Total number of unique words is 2171
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    42.4 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кара шумкар - 22
    Total number of words is 1524
    Total number of unique words is 1009
    38.3 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.